Ыйса — Кудайдын адамга айланган Сөзү

1:1 Адегенде Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон. 2 Сөз башынан эле Кудай менен болгон. 3 Кудай баарын Сөз аркылуу жараткан жана жаратылган нерсенин бири да Ансыз пайда болгон эмес. 4 Сөз өмүрдүн башаты болгон. Ошол өмүр адамзатка жарыгын төктү. 5 Жарык караңгыда жаркырады, караңгы болсо жарыкты жеңе албады. 6 Кудай жиберген Жакыя аттуу бир адам болгон. 7 Ал Жарыкка күбө болуп, бардык адамдарды Ошого ишендирүү үчүн келген. 8 Жакыя өзү Жарык болгон эмес, ал Жарык тууралуу кабарлоо үчүн гана келген болчу. 9 Ар адамга жарыгын төкчү чыныгы Жарык бул дүйнөгө келе жатты. 10 Ал Өзү бул дүйнөдө бар эле, дүйнөнү Ошол жараткан болчу, бирок дүйнөдөгүлөр Аны тааныбады. 11 Өзү тандаган элге келди, бирок алар Аны кабыл алышпады. 12 Ал эми кабыл алып, Ага ишенгендердин баарына Кудайдын балдары болуу укугун берди. 13 Алар табигый жол менен же пенденин каалоосу менен эмес, Кудай аларга чыныгы өмүр бергендиктен гана Анын балдары боло алышты. Алар түпкү аталары ким болгонунан же адамдардын каалоосунан эмес, Кудай Өзү аларды балдары кылган. 14 Сөз адам болуп, арабызда өмүр сүрдү. Ошондо биз Кудай Атанын жалгыз Уулунун чексиз улуулугун көрдүк. Кудайдын болгон ырайымы менен акыйкаты Анда эле. 15 Жакыя Ал жөнүндө мындай деп жар салды: «"Аркамдан келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон" деген кишим ушул». 16 Анын чексиз ырайымынан баарыбыз батанын үстүнөн батага ээ болуп келе жатабыз. 17 Муса пайгамбар аркылуу мыйзам берилсе, Ыйса Машаяк аркылуу ырайым менен акыйкат берилди. 18 Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес, Аны бизге Атасына эң жакын болгон жалгыз Уулу таанытты.

Жакыянын Машаяк тууралуу айтышы

19 Иерусалим шаарындагы иудей башчылары тарабынан ким экендигин билип келүүгө жиберилген динкызматчылар менен лебиттерге Жакыя жооп берүүдөн баш тартпай: — Мен Машаяк эмесмин, — деп ачык айтты. 21 Алар: — Анда сен кимсиң, Илияспайгамбарсыңбы? — деп сурашты. — Жок, ал эмесмин, — деп жооп берди Жакыя. — Мүмкүн сен келе турган Пайгамбарчыгарсың? — Жок. — 22 Жиберген кишилерибизге жооп бергендей бололу. Сен өзүң жөнүндө эмне дейсиң? 23 Ошондо Жакыя мындай деди: — Мен, Ышая пайгамбар айткандай, «Эгебизге жолду түздөгүлө!»— деп чөлдө жар салган кабарчымын. 24 Бул адамдар фарисейлер тобунан эле. 25 Алар Жакыядан дагы: — Эгер Машаяк да, Илияс да, келе турган Пайгамбар да болбосоң, эмне үчүн адамдарды Кудай жолуна чакырып сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүрөсүң? — деп сурашты. 26 Жакыя: — Мен тек гана сууга чөмүлдүрүү расмисин өткөрүп жүрөм. Араңарда силер тааныбаган бирөө турат. 27 Ал өз ишин менден кийин баштайт, ошентсе да мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө татыксызмын, — деди. 28 Бул окуя Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өтөп жүргөн Иордан дарыясынын чыгышындагы Бейтани айылында болду.

Кудайдын курмандык козусу

29 Кийинки күнү Жакыя өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: — Карагыла, Кудай жиберген курмандык козу ушул! Бул адамзаттын күнөөсүн мойнуна алат. 30 «Менден кийин келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон» деп, ушул тууралуу айткан элем, — деди. — 31 Мен муну таанычу эмесмин, бирок Ысрайыл элине тааныштырып, адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүү үчүн келдим. 32 Жакыя Ал жөнүндө дагы мындай деди: — Мен Ыйык Рухтун көгүчкөн кейпинде көктөн түшүп, Ыйсага конгонун көрдүм. 33 Аны мурда чындап эле таанычу эмесмин, бирок мени сууга чөмүлдүрүү расмисин аткарууга жиберген Кудай: «Рухтун кимге конгонун көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол», — деген эле. 34 Мен көрүп, Ыйсанын Кудай Уулу экенине күбө болдум.

Ыйсанын алгачкы шакирттери

35 Эртеси күнү да Жакыя эки шакирти менен ошол жерде турган эле. 36 Ал өтүп бараткан Ыйсаны көрүп: — Карагыла, Кудай жиберген курмандык козу ушул! — деди. 37 Эки шакирти Жакыянын айтканын угары менен Ыйсаны ээрчип жөнөштү. 38 Ыйса артына бурулуп, алардын келе жатканын көрдү да: — Эмне керек эле? — деди. Алар: — Рабби (устат дегенди билдирет), каерде турасыз? — дешти. 39 Ыйса: — Келип, көрүп кеткиле! — деди. Алар барып, Ыйсанын турган жерин көрүшүп, ал күнү Аны менен бирге болушту. Бул түштөн кийинки убак эле. 40 Жакандын сөзүн угуп, Ыйсанын артынан ээрчиген экөөнүн бири Ысман-Петирдин иниси Идрис болчу. 41 Ал биринчи бир тууган агасы Ысманга барып: — Биз Машаяк ким экенин билдик! — деди. 42 Анан аны Ыйсага ээрчитип келди. Ыйса Ысманга карап: — Сен Жакан уулу Ысмансың. Мындан ары атың Кефа(«таш» дегенди билдирет) болсун, — деди. 43 Эртеси күнү Ыйса Галилея аймагына бармакчы болду. Ал Филипке жолугуп: — Жүр, Мага кошул, — деди. 44 Филип да Идрис менен Петир турган Бейтсайдадан эле. 45 Филип болсо Натанайылга барды. — Биз Муса Тооратта жазган жана башка пайгамбарлар да өз жазмаларында айтып кеткен Машаякка жолуктук! — деди ага Филип, — ал — Назареттик Жусуптун уулу Ыйса! 46 Бирок Натанайыл: — Деги Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле? — деди. Филип: — Анда бар да өзүң көрбөйсүңбү! — деди. 47 Ыйса келе жаткан Натанайылды көргөндө: — Ичинде эч бир кири жок, накта ысрайылдык мына ушул, — деди. — 48 Сиз мени кайдан билесиз? — деди Натанайыл буга таңыркай. — Мен сени Филип чакыра электе эле анжир дарагынын түбүнөн көргөм. 49 Ошондо Натанайыл: — Устат, сиз чындап эле Кудай Уулу экенсиз! Ысрайыл падышасы сиз экенсиз! Буга эми көзүм жетти, — деди. — 50 «Сени анжир дарагынын түбүнөн көргөм» дегениме эле ишенип жатасыңбы? Али мындан да зор нерселерди көрөсүң! 51 Ыйса дагы мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эми силер көктүн ачылганын көрөсүңөр. Ал жерде Кудайдын периштелери асманга чыгып, асмандан Адам Уулуна түшүп турушат. ‎

Ыйсанын тойдо көрсөткөн керемети

2:1 Эки күндөн кийин Галилеядагы Каана деген айылда бир үйлөнүү тою болуп калды. Ыйсанын энеси ошол жерде болчу. 2 Ыйса да шакирттери менен бирге тойго чакырылды. 3 Шарап түгөнгөндө, энеси: — Шараптары түгөнүп калыптыр, — деди. 4 Ыйса энесине: — Бул ишти Мага коюңуз. Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек, — деп жооп берди. 5 Деген менен энеси малайларга: — Эмне десе, ошону кылгыла! — деди. 6 Ошол жерде иудейлердин диний салтына ылайык даарат алууга арналган, ар биринин ичине он чака суу сыйчу алты таш идиш турар эле. 7 Ыйса малайларга аларды толтурууну буюрду. Малайлар идиштерди сууга мелт-калт кылып толтурушту. 8 Ыйса аларга ошондон сузуп алып, тойбашыга алпарууну буйруду. Тигилер ошондой кылышты. 9 Тойбашы шарапка айланган алиги суудан татып көрдү, бирок бул шараптын кайдан экенин билген жок. Муну суу сузуп алган малайлар гана билишчү. Тойбашы таң калды да, үйлөнүп жаткан жигитти чакырып алып: — 10 Баары адегенде шараптын жакшысын беришет да, коноктор кызып калган кезде начарын беришет. А сен болсо шараптын жакшысын ушул убакытка чейин сактаптырсың, — деди. 11 Ушундайча Ыйса керемет-жышаандарынын алгачкысын Галилеядагы Каана шаарында жасап, Өзүнүн улуулугун көрсөттү. Шакирттери болсо Ага ишеништи. 12 Андан кийин Ыйса энеси, бир туугандары жана шакирттери менен бирге Капарноом шаарына барып, ал шаарда бир нече күн туруп калды.

Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу

13 Иудейлердин Куткарылуу майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге барды. 14 Ийбадаткананын короосунда өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү. 15 Аркандан камчы жасап алып, соодагерлердин баарын кой, өгүздөрү менен кошо короодон кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын теңгелерин чачып, үстөлдөрүн оодарып таштады. — 16 Мунуңарды жоготкула бул жерден! — деди Ал көгүчкөн сатуучуларга. — Атамдын үйүн базарга айландырбагыла! 17 Ошондо «Сенин үйүңдүн камын жеп, ичим өрттөнүп жатат»деген Ыйык Жазуудагы сөздөр шакирттердин эсине түштү. 18 Иудей башчылары: — Мындай кылууга кандай акың бар? Аны кандай кереметтүү жышаан менен көрсөтө аласың? — дешти. 19 Ыйса: — Бул ыйык үйдү бузуп көргүлө, Мен аны үч күндө кайра тургузам, — деп жооп берди. 20 Иудей башчылары: — Бул ыйык үй кырк алты жыл бою салынган. Сен аны үч күндүн ичинде кайра тургузмакчысыңбы? — дешти. 21 Ыйса болсо «ыйык үй» деп Өзүнүн денесин айткан эле. 22 Ошондуктан Ыйса өлүмдөн кайра тирилген кезде шакирттери Анын ушундай дегенин эстешип, Ыйык Жазууда жазылган жана Ыйса айткан пайгамбарлык сөздөргө ишеништи. 23 Ыйсанын Иерусалимде, Куткарылуу майрамы маалында кылган кереметтерин көргөн көп адамдар Ага ишеништи. 24 Бирок Ыйса бардык адамдардын ой-ниеттерин билип, аларга ишене бербеди. Адам баласынын көңүлүндөгүсүн Өзү деле билгендиктен, бирөөнүн адамдар тууралуу маалымат берүүсүнө муктаж да болгон жок. ‎

Кудайга кантип жакындоого болот?

3:1 Фарисейлер арасында Никадим аттуу иудей эл башчыларынын бири бар эле. 2 Ал бир түнү Ыйсага келди да, мындай деп сурады: — Устат, Кудайдан келген мугалим экениңизди билебиз, себеби сиздин керемет-жышаандарыңызды Кудайдын колдоосусуз эч ким жасай албайт. 3 Ыйса ага мындай деп жооп берди: — Сага бир чындыкты айтып коёюн: кимде-ким кайрадан туулбаса, Кудай Падышачылыгын көрө албайт. — 4 Карыган адам кантип кайра туулат? Энесинин курсагына кирип, экинчи жолу бул дүйнөгө кайра туулмак беле? — деп сурады Никадим. — 5 Сага бир чындыкты айтып коёюн: пенде сууга чөмүлүп, Ыйык Рухтан туулбаса, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт, — деп жооп берди Ыйса. — 6 Денеден — дене, Рухтан — рух туулат. 7 «Кайрадан туулууга тийишсиңер» дегениме таң калба! 8 Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кеткенин билбейсиң. Ыйык Рухтан туулган киши менен да ушундай болот. — 9 Муну кандайча түшүнсө болот? — сурады Ыйсадан Никадим. — 10 Ысрайылдын дин мугалими болуп туруп, ушуну билбейсиңби? — деди Ыйса. — 11 Сага бир чындыкты айтып коёюн: биз билгенибизди сүйлөп, көргөнүбүздү айтабыз, а бирок силер айткандарыбызды кабыл албайсыңар. 12 Мен силерге жердегилерди айтсам ишенбейсиңер, анан көктөгүлөр жөнүндө айтсам кантип ишенесиңер. 13 Көктөн келген Адам Уулунан башка эч ким көккө чыккан эмес. 14 Муса чөлдө жасалма жыланды жогору көтөрүп койгондой, Адам Уулу да көтөрүлүп коюлууга тийиш. 15 Ошондо Ага ишенүүчү ар ким түбөлүк өмүргө ээ болот. 16 Кудай адамзатты ушунчалык катуу сүйгөндүктөн, Ага ишенүүчү ар ким өлбөстөн түбөлүк өмүргө ээ болсун деп, Өзүнүн жалгыз Уулун курмандыкка берди. 17 Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө адамзатты жазалоо үчүн эмес, куткаруу үчүн жиберди. 18 Ага ишенүүчүлөр жазага тартылбайт, ал эми ишенбегендерди жазалоо үчүн эбак эле өкүм чыгарылган, анткени алар Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей коюшту. 19 Ал эми жазанын мааниси мындай: жерге Кудайдын жарыгы түштү, бирок кылган иштери жаман болгондуктан адамдар караңгылыкты артык көрүштү. 20 Жамандык жасаган ар ким жарыкты жек көрүп, кылган иштери ашкереленбес үчүн да ага жолобойт. 21 Ал эми ким акыйкат жолунда жүрсө, кылган иштеринин Кудайдан экендиги көрүнүп турсун деп, жарыкка келет.

Жакыянын Ыйсага жол берип, урматтоосу

22 Ушундан кийин, адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүргөн Ыйса жана Анын шакирттери Иудея аймагында дагы бир нече убакыт туруп калышты. 23 Жакыя болсо Салим шаарынын жанындагы Айнон деген жерде суу көп болгондуктан чөмүлдүрүү расмисин ошол жакта аткарып жүрдү. Адамдар келип, чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты. 24 Ал кезде Жакыя али абакка алына элек болчу. 25 Бир күнү Жакыянын шакирттери менен бир иудейдин ортосунда диний тазалануу салтына байланыштуу талаш чыгып кетти. 26 Алар Жакыяга келип: — Устат, Иордандын чыгыш жагында сиз менен бирге болгон киши эсиңиздеби? Ал тууралуу өзүңүз күбөгө өтүп, айтып бербедиңиз беле? Ошол киши адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүрөт. Элдин баары ошого барып жатат, — дешти. 27 Жакыя аларга мындай деп жооп берди: — Кудай Өзү бербесе, эч ким эч нерсе ала албайт. 28 «Мен Машаяк эмесмин, тек гана анын алдынан жиберилген кабарчысымын» дегениме өзүңөр күбөсүңөр. 29 Колуктусу бар киши күйөө жигит эмеспи. Ал эми күтүп турган күйөө жолдош анын келе жатканын угуп, кубанат. Айтканыңарды угуп, менин да кубанычым койнума батпай турат. 30 Силер кеп кылган адамдын зоболосу көтөрүлүп, меники төмөндөшү керек. 31 Көктөн түшкөнү баарынан улуу, ал эми, мен сыяктуу, жерден пайда болгону жерге таандык болот да, жердеги нерселер жөнүндө сүйлөйт. Көктөн түшкөн ал — баарынан улуу! 32 Ал өзүнүн көктөн уккан-көргөнүн айтат. Бирок анын айткан кабарын эч ким кабыл албайт. 33 Ал эми анын сөзүнө кулак салган ар ким Кудайдын акыйкат экенин ырастайт. 34 Кудайдын жибергени Анын кабарын жарыялайт. Кудай ага Ыйык Рухун ченемсиз берет. 35 Асмандагы Атабыз Өзүнүн Уулун сүйүп, бардык бийликти анын колуна тапшырган. 36 Кудай Уулуна ишенгендер түбөлүк өмүргө ээ, ал эми аны укпагандар ошол өмүрдү көрбөй, Кудайдын каарына калышат. ‎

Кудайга кантип табынуу керек?

4:1 Ыйса Жакыяга караганда көбүрөөк шакирт таап, чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жатат деген сөз фарисейлерге жетти. 2 Бирок чынында Ыйсанын Өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүп жүргөн эле. 3 Мындай кабардын фарисейлерге жеткенин билген Ыйса Галилеяга кайра кетип калды. 4 Ыйса Самария аймагы аркылуу жол жүрүүгө тийиш эле. 5 Ошондуктан Ал Самариядагы Шыкар шаарына келди. Ал Жакып өз баласы Жусупка мурас кылып калтырган жерге жакын жайгашкан. 6 Ошол жерде «Жакып кудугу» деп аталган кудук бар болчу. Жол жүрүп чарчаган Ыйса кудуктун жанына отура кетти. Түшкө маал эле. 7 Шакирттери тамак сатып алуу үчүн шаарга кетишкен. Ошол кезде бир самариялык аял кудуктан суу алганы келди. Ыйса андан: — Ичкенге суу берчи, — деп өтүндү. 9 — Өзүңүз иудей болуп туруп, менден, самариялык аялдан суу сураганыңыз кандай? — деп таң калды аял. Мындай дегени, иудейлердин самариялыктар менен такыр мамилеси болгон эмес. 10 — Эгер Кудайдын сага эмне бергиси келгенин жана суу сураган адамдын ким экенин билсең, анда сен Анын Өзүнөн сурар элең, ошондо Ал сага өмүр суусун бермек, — деди Ыйса ага. 11 — Мырза, — деди аял, — суу сузар идишиңиз жок экен, кудук болсо терең, анан ошол өмүр суусун кайдан аласыз? 12 Же ушул кудукту калтырган түп атабыз Жакыптан да улуусузбу? Ал өзү да, балдары да, малы да ушундан суу ичкен. 13 Ыйса ага мындай жооп берди: — Бул суудан ичкен адам кайра дагы суусайт. 14 Ал эми кимде-ким Мен берген суудан ичсе, ал түбөлүк суусабас болот. Мен берчү суу анын ичинде түбөлүк өмүр тартуулоочу кайнар булакка айланат. 15 Анда аял: — Мырза, мага да ошол суудан бериңизчи. Мен да мындан ары чаңкабайынчы, суу алам деп бул жерге келе бербейинчи, — деди. 16 Ыйса ага: — Барып, күйөөңдү чакырып кел, — деди. 17 — Менин күйөөм жок, — деди аял. — Күйөөм жок дегениң туура, — деди Ыйса. 18 — Сен беш жолу күйөөгө чыккан элең, бирок азыркың күйөөң эмес. Муну туура айттың. 19 Аял Ыйсага: — Мырза, пайгамбар экениңизге көзүм жетип турат. 20 Бирок биздин ата-бабаларыбыз мына бул тоонун башындаийбадат кылышчу экен, ал эми силер, иудейлер, табынуучу жай Иерусалимде гана болуш керек дейсиздер, кайсынысы туура? — деди. 21 — Айтканыма ишен: асмандагы Атабызга бул тоонун башында жана Иерусалимде гана эмес, бардык жерде табына турган убакыт келет, — деп жооп берди Ыйса. 22 — Силер кимге табынып жүргөнүңөрдү билбейсиңер, биз болсо билебиз. Анткени Кудай иудейлер аркылуу адамзатты куткармак. 23 Чыныгы табынуучулар Атабызга Рухун жетегинде, акыйкатты таанып табына турган убакыт келет. Ал тургай келип да калды. Атабыз ушундай табынуучуларды каалайт. 24 Кудай Өзү — Рух. Ошондуктан Ага табынгандар Рухтун жетегинде, акыйкатты таанып табынуулары керек. 25 Буга аял: — Машаяк келерин билем. Ал келгенде бизге баарын айтып берет, — деди. 26 — Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың, — деп жооп кайтарды Ыйса.

Бышып турган эгин талаасы

27 Ошол арада шакирттери кайтып келип, Ыйсанын бир аял менен сүйлөшүп отурганына таң калышты. Бирок эч кимиси «Андан эмне сурап жатасың?» же «Эмнеге аны менен сүйлөшүп жатасың?» деп сурашпады. 28 Аял кумарасын коё калып, шаарга кетти да: — Жүргүлө, менин кылган иштеримдин баарын так айтып берген кишини көргүлө! Машаяк ошол болуп жүрбөсүн? — деп элге айта баштады. 30 Муну уккан эл шаардан чыгып, Ыйсага карай бет алышты. 31 Ушул арада шакирттери Ыйсадан: — Устат, тамактанып алыңыз? — деп өтүнүп жатышкан эле. 32 Ыйса аларга: — Менин жей турган башка тамагым бар, силер аны билбейсиңер, — деди. 33 Шакирттери түшүнүшпөй: «Ага бирөө тамак алып келип бердиби?» — деп бири биринен сурашты. 34 — Менин тамагым, — деди Ыйса, — Мени Жибергендин каалоосун ишке ашырып, Анын тапшырганын толук орундоо. 35 Анан силер: «Эгин себилгенден кийин төрт ай өткөндө, оруу башталат» дейсиңер. Мен болсо: «Эгин талаасын жакшылап карагылачы, ал тегиз бышып, баштарын ийип, орууга даяр турат», — деп айтам. 36 Азыртан эле орокчулар эмгек акыларын алып, түбөлүк өмүргө арналган түшүмдү жыйнап жатышат. Ошентип, эгинди эккен да, оргон да чогуу кубанат. 37 «Бири сепкенди бири орот» деген макал ушул шартка туура келип турат. 38 Мен силерди Мага түшүм алып келүү үчүн, силер эмгек кылбаган жерге жумшадым. Башкалар мурда эмгек кыла башташкан, эми силер алардын ишине кошулуп жатасыңар. 39 Ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү жанагы аялдын: «Ал менин кылган иштеримдин баарын айтып берди», — деген сөзү аркылуу Ыйсага ишене башташты. 40 Ошондуктан алар Ыйсага келип, конуп кетүүсүн өтүнүштү. Ошентип Ыйса эки күн ошол жерде болду. 41 Анын сөзүн угуп, дагы көбүрөөк адамдар ишеништи да, 42 аялга: «Биз эми сенин айтканың боюнча эле ишенип калбастан, анын сөзүн өз кулагыбыз менен угуп, чынында адамзаттын Куткаруучусу ошол экенин билдик», — дешти.

Падыша кызматчысынын баласынын айыгышы

43 Эки күндөн кийин Ыйса ал жерден ары карай Галилеяга кетти. 44 (Ал Өзү бир жолу «пайгамбар өз элинде кадырлуу болбойт» деген эле.) 45 Галилеялыктар Ыйсаны жылуу кабыл алышты, анткени алар да Иерусалимдеги Куткарылуу майрамына барып, Анын кылган бардык кереметттерин көрүшкөн болчу. 46 Ошентип Ыйса үйлөнүү тоюнда сууну шарапка айландырган Галилеядагы Каана айылына дагы келди. Ошол кезде чоң кызматта иштеген бир кишинин баласы Капарноомдо ооруп жаткан. 47 Ал Ыйсанын Иудеядан Галилеяга келгенин угуп, Ага барды да: — Келип, баламды сакайтып берсеңиз экен, өлүм алдында жатат, — деп жалынды. 48 Ыйса: — Кудуретимди далилдей турган ажайып-жышаандарымды көрмөйүнчө силер ишенбейсиңер! — деди. 49 Падыша сарайында чоң кызматта иштеген адам болсо: — Оо, мырза, балам өлүп кала электе келиңизчи! — деди. 50 Ошондо Ыйса: — Үйүңө бара бер, балаң аман-эсен! — деди. Ал Ыйсанын айткан сөзүнө ишенип, кетип калды. 51 Үйгө жакындаганда, алдынан кулдары тосуп чыгышып: «Балаңыз аман-эсен», — деп сүйүнчүлөштү. 52 Ал кулдарынан баласынын абалы кайсы убакта жакшырганын сурады. Кулдары өткөн күнү түшкү саат бирде ысыгы кайтканын айтышты. 53 Ошондо ал Ыйсанын: «Балаң аман-эсен» дегени дал ошол саатка туура келгенин билди. Ал өзү да, үйүндөгүлөрү да — баары тең Ыйсага ишенип калышты. 54 Ошентип, Ыйса Иудеядан Галилеяга келгенден кийин экинчи ирет кереметтүү жышаан көрсөттү. ‎

Ыйсанын Бейтсайдадагы оорулууну

5:1 Бир аз убакыттан кийин иудейлердин дагы бир майрамы болуп, ошого катышуу үчүн Ыйса Иерусалимге жөнөдү. 2 Шаардын «Кой дарбаза» деп аталган дарбазасынын тушунда бир көлмө бар эле. (Анын эврейче аталышы — Бейтсаада.) Тегерегинде түркүктүү беш бастырма салынган. 3 Аларда сокурлар, аксактар, шал оорусуна чалдыккандар, дагы башка көптөгөн оорулуулар жатышчу. 5 Бул жерде отуз сегиз жылдан бери ноокастап жаткан киши бар эле. 6 Ыйса анын жатканын көрүп, көптөн бери оорулуу экенин билген соң: — Сакайгың келеби? — деп сурады. 7 — Ооба, мырза, бирок көлмө толкуганда сууга түшүрөр адамым жок. Мен жеткиче башка бирөө түшүп алат, — деди оорулуу. 8 — Ыйса ага: — Тур, төшөнчүңдү ал да, баскын! — деди. 9 Жанагы киши ошол замат эле оорусунан айыгып, төшөнчүсүн алды да, басып кетти. Бул окуя дем алыш күнү болгон эле. 10 Ошондуктан иудей башчылары айыккан адамга: — Бүгүн дем алыш күн эмеспи? Төшөнчүңдү эмне үчүн көтөрүп жүрөсүң? Мыйзам боюнча бүгүн иш кылууга болбойт! — дешти. 11 Анда айыккан адам аларга: — Мени айыктырган киши: «Төшөнчүңдү ал да, бас!» деген эле, — деди. 12 Тигилер болсо: — «Төшөнчүңдү ал да, бас!» дегендей ал ким өзү?! — дешти. 13 Элдин көптүгүнөн айыккан киши Анын ким экенин билбей калган, анткени Ыйса калың элдин арасына кирип сиңип кеткен. 14 Кийинчерээк Ыйса жанагы кишиге ийбадаткананын короосунан жолугуп, мындай деди: — Мына, сен айыктың, мурункудан да жаман акыбалга туш болгуң келбесе, мындан ары күнөө кылба! 15 Жанагы киши иудей башчыларына барып, аны Ыйса айыктырганын айтты. 16 Ыйса ушуну дем алыш күнү жасагандыктан, Аны куугунтукташты. 17 Ыйса аларга мындай деди: — Атам эмгектен кол үзбөйт. Ошондуктан Мен да үзгүлтүксүз эмгектенип жатам. 18 Мындан кийин иудей башчылары Ыйсага мурункудан бетер каршылашып, өлтүрмөкчү болушту. Себеби Ал алардын диний дем алыш күнүнүн эрежелерин гана бузбастан, Кудайды «Менин Атам» деп, Өзүн Кудайга теңеди.

Кудай Уулунун бийлиги

19 Ыйса аларга мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Атасынын кылып жаткан иштерин көрбөсө, Уулу өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Атасы кылып жаткан иштерди Уулу да кылат. 20 Атасы Уулун жакшы көрөт, ошондуктан Өзү кылганынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай силер таң кала турган, мындан да зор кереметтерди көрсөтөт. 21 Атасы өлгөндөрдү тирилтип, өмүр бергендей, Уулу да каалагандарын тирилтет. 22 Атасы Өзү эч кимди соттобойт. Ал бардык сотту Уулуна тапшырган, 23 ошондуктан Атасын урматтаган ар ким Уулун да ошондой урматтасын. Ал эми кимде-ким Уулун урматтабаса, Аны жиберген Атасын да урматтабайт. 24 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сөзүмө кулак салып, Мени Жибергенге ишенген ар ким түбөлүк өмүргө ээ, ал кыямат сотуна тартылбайт, тескерисинче, рухий өлүмдөн чыныгы өмүргө өттү. 25 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: руху өлүктөр Кудай Уулунун үнүн уга турган убакыт келет, ал тургай келип да калды. Ошол үндү уккандардын руху тирилет. 26 Себеби Атасынын Өзү өмүрдүн булагы болгон сыяктуу, Уулун да өмүрдүн булагы кылган. 27 Ал Адам Уулу болгондуктан, Атасы Ага сот жүргүзүү бийлигин да тапшырган. 28 Буга таң калбагыла, анткени көрдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. 29 Ошондо өлгөндөр көрдөн туруп келишет: жакшылык кылгандары — өмүр сүрүү үчүн, жамандык кылгандары — соттолуу үчүн тирилишет. 30 Мен Өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Кудайдан укканыма жараша гана соттойм. Менин сотум адилеттүү, анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени Жибергендин эркин аткарууну көздөйм.

Ыйсанын чыныгы табияты тууралуу далилдер

31 Эгерде Мен Өзүм гана күбөлүк берип жаткан болсом, анда күбөлүгүм чындыкка жатмак эмес. 32 Мага кепил боло турган башка Бирөө бар, Анын сөзүнүн акыйкат экенин билемин. 33 Ырас, силер Жакыяга өкүлүңөрдү жибердиңер. Жакыя болсо чындыгын айтты. 34 Өзүм тууралуу адамдын күбөлүгүнө муктаж болбосом да, муну силер куткарылсын деп айтып жатам. 35 Жакыя жарык чачыратып, жанып турган чырак эле, а силер болсо бир аз убакыт гана анын жарыгында шаттангыңар келди. 36 А бирок Менин күбөлүгүм Жакыяныкынан да күчтүүрөөк. Себеп дегенде асмандагы Атабыздын Мага аткар деп тапшырган иштери — азыркы аткарып жүргөн жакшы иштерим — Мени Ал жибергенине күбөлүк берүүдө. 37 Мени жиберген Атабыз Өзү да Мен жөнүндө күбөлүк берди. Бирок силер эч качан Анын үнүн угуп, жүзүн көргөн эмессиңер. 38 Анын сөзү да жан дүйнөңөрдөн орун алган эмес, ошол себептүү жиберген Уулуна ишенбейсиңер. 39 Силер Ыйык Жазууларды изилдөө аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар, ал эми Ыйык Жазуулар Мен жөнүндө күбөлүк беришет. 40 А бирок силер чыныгы өмүргө ээ болуу үчүн Мага келүүдөн баш тартасыңар. 41 Мен адамдардан урмат күтпөймүн. 42 Силердин жүрөгүңөрдө Кудайга деген мээримдин жок экенин билем. 43 Атамдын атынан келсем да, Мени кабыл албай жатасыңар, бирок башка бирөө өз атынан келгенде кабыл аласыңар. 44 Бири бириңерден урмат күтүп, ал эми жалгыз Кудайдан боло турган чыныгы урматты издебей жүргөн силер эмнеге ишениш керек экенин кантип биле алмак элеңер? 45 Мен силерди Атабыздын алдында айыптайт экен деп ойлобогула. Айыптоочу бар: ал — өзүңөр үмүттөнүп жүргөн Муса пайгамбар. 46 Эгер чындап эле Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен тууралуу жазып кеткен. 47 Бирок Мусанын жазгандарына чындап ишенбесеңер, Менин сөздөрүмө кантип ишене аласыңар? ‎

Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу

6:1 Бир аз убакыттан кийин Ыйса Галилея көлүнүн чыгыш тарабына сүзүп өттү. (Ал Тиберия көлү деп да аталат.) 2 Оорулууларга жасаган керемет-жышаандарын көргөндүктөн, көп эл Ыйсаны ээрчиди. 3 Ал тоого чыгып, ошол жерде шакирттери менен сүйлөшүп отурду. 4 Бул — иудейлердин Куткарылуу майрамынын алды болчу. 5 Ыйса көз жүгүртүп караса, калың эл Аны көздөй келе жатыптыр. Ошондо Филипке: — Буларды тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алабыз? — деди. 6 (Ыйса муну Филиптин ишенимин сыноо үчүн айткан, себеби эмне кылмакчы болгонун Өзү билип турган.) 7 — Бизде эки жүз күмүш теңгегекелчү нан болуп, ар бир адам бир сындырымдан жегенде да баарына жетмек эмес эле, — деп жооп берди Филип Ага. 8 Ошондо башка бир шакирти — Ысман-Петирдин иниси Идрис Ыйсага мындай деди: 9 — Бул жерде бир бала жүрөт, анын беш арпа наны менен эки балыгы бар экен. Бирок ушунча кишиге алар эмне болмок эле? 10 Бирок Ыйса: — Адамдарды жайгаштыра бергиле! — деди. Көк майсандуу ошол жерге беш миңге жакын киши жайгашты. 11 Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди да, жайгашкандарга таратсын үчүн шакирттерине берди. Балыктан да ар бирине каалашынча берди. 12 Баары жеп, тойгон соң, шакирттерине: — Ысырап болбосун үчүн нандын артканын жыйнап алгыла, — деди. 13 Алар кишилер жегенден калган арпа нандын үзүмдөрүн жыйнаганда, он эки себет толду. 14 Адамдар Ыйса жасаган ошол кереметти көргөндө: — Дүйнөгө келүүгө тийиш болгон Пайгамбар — так ушул, — дешти. 15 Ыйса алардын «күтүлбөгөн жерден кармап, падыша шайлап алабыз» деген оюн туюп, кайрадан Өзү жалгыз тоого кетип калды.

Ыйсанын суу үстү менен басышы

16 Кеч киргенде, Ыйсанын шакирттери көлгө барып, 17 бир кайыкка түшүп, көлдүн ар жагындагы Капарноомго бет алышты. Караңгы кирип калса да, Ыйса аларга али келе элек болчу. 18 Ошондо катуу шамал болуп, көл толкуй баштады. 19 Алар беш-алты чакырымдай жүргөндөн кийин, суу үстү менен кайыкка басып келе жаткан Ыйсаны көрүп, коркуп кетишти. 20 Ыйса аларга: — Коркпогула, бул Мен элемин! — деди. 21 Шакирттери Ыйсаны тосуп алмакчы болушту. Ошол замат кайык алар бет алган жээкке жетип калды.

Ыйса — чыныгы өмүр тартуулай турган «нан»

22 Кийинки күнү көлдүн чыгыш жагында калган эл Ыйсанын шакирттери түшкөн жалгыз кайыктан башка эч бир кайыктын болбогонун эстешти да, Ыйсанын алар менен бирге кайыкка түшпөй, шакирттери өздөрү гана кеткенин билишти. 23 Эгебиз Ыйса Кудайга шүкүрчүлүк келтирип сыйынгандан кийин, эл нан жеп тойгон кечээги жерге дагы башка кайыктар Тиберия шаары жактан келип жатты. 24 Ыйса менен шакирттеринин бул жерде жок экенин билген эл жанагы кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп, Капарноомго жөнөштү. 25 Алар Ыйсаны көлдүн аркы жээгинен табышканда: — Устат, бул жерге качан келдиң? — деп сурашты. 26 Ыйса: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кереметтүү жышаан көргөндүктөн эмес, нан жеп тоюп калганыңардан гана Мени издеп жүрөсүңөр. 27 Күнүмдүк тамак эмес, түбөлүк өмүр бере турган тамак үчүн аракеттенгиле! Аны силерге Адам Уулу гана бере алат, анткени Кудай Ата муну ошого дайындаган, — деди. 28 Ошондо алар Ыйсадан: — Кудайдын каалоосун аткаруу үчүн эмне кылышыбыз керек? — деп сурашты. 29 Ал: — Анын жибергенине ишенгиле, Кудайдын каалоосу — ошол, — деди. 30 — Сен кандай кереметтүү жышаан көрсөтөсүң? — деп сурады эл Андан. — Биз көрүп, анан сага ишенели. Кандай иш кыласың? 31 «Аларга жей турган нанды көктөн берди» деп Ыйык Жазууда жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен. 32 Ыйса аларга: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: көктөн нан берген Муса эмес, көктөн чыныгы нан берип жаткан Менин Атам. 33 Себеби көктөн түшүп, адамзатка өмүр берүүчү — Кудайдын наны, — деди. 34 Анда эл: — Мырза, бизге дайыма ошондой нан берип туруңузчу! — деди. 35 Ыйса мындай деп жооп кайтарды: — Мен — өмүр нанымын. Мага келгендер эч качан ач кетпейт, ишенгендер эч качан чаңкабайт. 36 Бирок Мен силерге: «Мени көрсөңөр да, Мага ишенбейсиңер» дегем. 37 Асмандагы Атабыз берген адамдардын бардыгы Мага келет, Мен болсо аларды кубалабайм. 38 Көктөн Өз каалоомду эмес, бирок Мени Жибергендин эркин аткаруу үчүн түштүм. 39 Жибергендин каалоосу болсо — Анын Мага берген адамдарынын бирин да жоготпой, баарын тең кыямат күнү кайра тирилтүүм. 40 Себеби Атамдын каалоосу — Анын Уулун көрүп, Ага ишенген ар бир адамды түбөлүк өмүргө ээ кылуу. Мен аны кыямат күнү кайра тирилтип алам. 41 Иудей башчылары Ыйсанын «көктөн түшкөн нан — Менмин» дегенине нааразы болуп, 42 «мынабу Жусуптун уулу Ыйса эмеспи? Анын ата-энесин биз билебиз го? Анда ал кандайча "көктөн түштүм" дейт?» — деп күңкүлдөштү. 43 Ыйса аларга мындай деди: — Күңкүлдөшпөгүлө! 44 Мени жиберген Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт. Мен аны кыяматта кайра тирилтип алам. 45 Пайгамбарлардын жазмаларында «Кудай алардын баарын үйрөтөт»деп айтылган. Атамды угуп, андан таалим алган ар ким Мага келет. 46 Арийне, Кудайдан келгенден башка эч ким Атабызды көргөн эмес. Атабызды көргөн — жалгыз ошол гана. 47 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким Мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ. 48 Мен — өмүр нанымын. 49 Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешсе да, акырында өлүштү. 50 Бирок азыркы көктөн түшкөн нандын касиети мында: андан жеген адам өлүмгө дуушар болбойт. 51 Мен — көктөн түшкөн тирүү нанмын. Бул нандан жеген адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Бул нан — Менин денем, аны Мен адамзат чыныгы өмүргө ээ болсун деп, курман кылам. 52 Ошондо иудей башчылары: — Бул кандайча бизге денесин жесин деп бере алат? — деп өз ара айтышып, талаша башташты. 53 Ыйса аларга мындай деди: — Силерге Мен чындыкты айтып коёюн: эгер Адам Уулунун денесин жеп, канынан ичпесеңер, чыныгы өмүргө ээ болбойсуңар! 54 Кимде-ким Менин денемди жеп, канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ болот жана Мен аны кыямат күнү кайра тирилтемин. 55 Себеби Менин денем — чыныгы азык, каным — чыныгы суусундук. 56 Денемди жеп, канымды ичкен ар ким Мени менен тыгыз байланышта болот. Мен да аны менен тыгыз байланышта болом. 57 Мени түбөлүк тирүү Атабыз жиберди жана Мен Ал аркылуу өмүр сүрөм. Ошол сыяктуу денемди жеген киши да Мен аркылуу чыныгы өмүр сүрөт. 58 Көктөн түшкөн нан мына ошондой. Ал ата-бабаларыңар жеген таттуу нандай эмес: алар акырында өлгөн, ал эми бул нанды жеген ар ким түбөлүк өмүргө ээ болот.

Ыйсанын сөздөрү чыныгы өмүргө жеткизет

59 Ыйса муну Капарноомдогу синагогада таалим берип жатканда айтты. 60 Муну уккан шакирттеринин көбү: — Абдан оор сөздөр экен, ким муну угуп тура алат?! — дешти. 61 Бул нааразылыкты байкап калган Ыйса аларга мындай деди: — Ушул сөз силерди ызалантып жатабы? 62 Анда Адам Уулунун келген жагына көтөрүлгөнүн көргөн кезде эмне дейсиңер? 63 Өмүрдү Ыйык Рух берет, ал эми пенденин колунан эч нерсе келбейт. Силерге айткан сөздөрүм аркылуу Рух берүүчү чыныгы өмүргө ээ боло аласыңар. 64 Бирок араңардагы кээ бирөөлөр ишенишпейт. Ыйса ишенбегендердин ким экенин жана ким Ага чыккынчылык кыларын башынан эле билгендиктен ушундай деген болчу. 65 — «Асмандагы Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт» дегенимдин себеби ошол, — деди Ыйса сөзүнө кошумчалай. 66 Ушул күндөн баштап шакирттеринин көбү Ыйсадан баш тартып, ээрчибей калышты. 67 Ошондо Ыйса он эки шакиртинен: — Силердин да кеткиңер келген жокпу? — деп сурады. 68 Ысман-Петир: — Эгем, сенден кетсек, кимге барабыз? Түбөлүк өмүргө жеткирүүчү сөздөр сенде гана бар. 69 Биз сенин Кудайдын жиберген ыйыгы экениңе ишенип, эми ошого көзүбүз жетти, — деди. 70 Ыйса аларга: — Ушул он экиңди Өзүм тандап алган эмес белем? Ошондо да араңардагы бирөө ибилистин жетегинде, — деди. 71 (Ал Ысман Искариоттун уулу Жүйүт жөнүндө айткан эле. Ал «он экинин» бири болгону менен, кийин Ыйсаны сатып кеткен.) ‎

Бир туугандарынын Ыйсаны түшүнбөөсү

7:1 Андан кийин Ыйса Галилея аймагында жүрдү. Иудей башчылары өлтүрмөкчү болгон соң, ал жерде калгысы келбеди. 2 Иудейлердин Чөп алачык майрамы жакындап калган. 3 Ыйсанын бир туугандары Ага: — Иудеяга бар, ал жердеги шакирттериң да кереметтериңди көрүшсүн. 4 Эл көзүнө түшкүсү келген адам кылган иштерин жашырбайт. Сен ушундай кереметтүү иштерди кылдың, эми өзүңдү бүт дүйнөгө тааныт, — дешти. 5 Бир туугандары да Ыйсага ишенишчү эмес. 6 — Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек, — деди Ыйса аларга. — Ал эми силер үчүн качан болсо да ыңгайлуу. 7 Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Себеби Мен анын иштеринин жаман экенин ашкерелеп жүрөм. 8 Майрамга бара бергиле! Мен азыр бул майрамга барбайм. Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек. 9 Ал ушундай деп, Галилеяда калып калды.

Ыйсанын чөп алачык майрамындагы таалими

10 Бир туугандары майрамга кеткен соң, Ыйса да элге билинбей, жашыруун жолго чыкты. 11 Иудей башчылары майрамда Аны аңдып, кайда экенин сураштырып жүрүштү. 12 Келген элдин арасында ар кандай күбүр-шыбыр сөз жүрүп жатты. Бирөөлөрү Аны: «Жакшы» десе, башкалары: «Жок, элди азгырып жүрөт», — дешти. 13 Бирок иудей башчыларынан корккондуктан, эч ким Ал тууралуу ачык сүйлөшкөн жок. 14 Майрамдын жарымы өтүп кеткенде, Ыйса ийбадаткананын короосуна келип, элге таалим берди. 15 Иудей башчылары таң калышып: — Бул атайын даярданбай туруп, Ыйык Жазууларды кантип түшүнүп алган? — дешти. 16 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Сөзүм Меники эмес, Мени Жибергендики. 17 Кудайдын эркин аткаргысы келген ар кимге бул сөздүн Кудайдан же Менин Өз оюмдан келип чыккандыгы белгилүү болот. 18 Өз оюнан чыгарып сүйлөгөн ар ким өзүнүн гана беделин ойлойт, ал эми аны жибергендин беделин ойлогон кишиге ишенсе болот. Анын оюнда арамдык жок. 19 Силерге Муса Тоорат китебиндеги мыйзамды берген эмес беле? Чынында бириң да ошол мыйзамды тутунбайсыңар. Анда неге Мени өлтүрмөкчүсүңөр? 20 Ошондо алар: — Сага жин тийдиби? Ким сени өлтүрөм деп жатат? — деп сурашты. 21 — Мен дем алыш күнү бир керемет жасадым эле, — деди буга Ыйса, — баарыңар ошондон аң-таң калып отурасыңар. 22 Ал эми Муса сүннөткө олтургузууну буйругандай (чындыгында бул расми Мусадан эмес, андан мурунку ата-бабалардан калган), силер ошол буйрук боюнча туулгандан кийинки сегизинчи күнү, ал күн дем алыш болсо деле, балдарыңарды сүннөткө отургузуп жүрөсүңөр. 23 Ошентип, Мусанын мыйзамы бузулбасын деп, балдар дем алыш күнү да отургузулуп келет. Эмне үчүн анда бир адамдын бүтүн боюн дем алыш күнү таптаза кылып айыктырганым үчүн ачууланасыңар? 24 Сырткы гана көрүнүшүнө карабай, калыс сот жүргүзгүлө!

Ыйса жөнүндө талаш-тартыш

25 Ошондо иерусалимдиктердин арасынан бирөөлөр мындай дешти: — Башчылар өлтүрөбүз деп жүргөн киши го бул? 26 Карасаңар, ачык эле эл алдында сүйлөп жатат! Эмне үчүн буга эч нерсе дешпейт? Же чын эле мунун Машаяк экенине башчылардын көзү жеттиби? 27 Машаяк келгенде, анын кай жактан келерин эч ким билбейт. Ал эми анын кайдан экенин биз билебиз да. 28 Ошол кезде ийбадаткананын короосунда таалим берип отурган Ыйса үнүн катуу чыгарып: — Менин ким экенимди, кайдан келгенимди билесиңерби? — деди. — Мен Өзүмөн Өзүм келген жокмун. Мени Жиберген эч качан жалган айтпайт. Силер Аны билбейсиңер, 29 Мен болсо билем, себеби Мен Ошондон келдим, Мени Ошол жиберди. 30 Бул сөзү үчүн Ыйсаны кармоого умтулушту. Бирок эч кимиси кол салууга даабады. Анткени Анын Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-сааты али келе элек эле. 31 Бирок көп адамдар: «Машаяк келгенде, мындан да артык кереметтерди көрсөтөт дейсиңби?» — деп Ыйсага ишене башташты. 32 Эл арасындагы ушундай күбүр-шыбыр фарисейлерге жетти. Ошондо жогорку динкызматчылар менен фарисейлер Ыйсаны кармап келүүгө ийбадаткана сакчыларын жиберишти. 33 — Дагы бир аз убакыт араңарда болом, — деди Ыйса аларга, — Андан кийин Мени жибергенге кайтам. 34 Мени издейсиңер да таппайсыңар, себеби Мен турган жерге силер бара албайсыңар. 35 Ошондо иудей башчылары өз ара мындай деп сүйлөшө башташты: — Биз таба албагыдай кайда барат? Чет өлкөгө тарап кеткен биздин адамдарыбызга барып, башка улуттарды да окутмакчыбы? 36 «Мени издейсиңер да таба албайсыңар», «Мен турган жерге силер бара албайсыңар» дегени эмнеси?

Өмүр берүүчү кайнар булак

37 Майрам аягындагы эң маанилүү жана улуу күнү Ыйса эл алдына чыгып: — Кимдин жан дүйнөсү суусаса, Мага келип ичсин! 38 Ыйык Жазууларда жазылгандай, ким Мага ишенсе, анын жүрөгүнөн өмүр берүүчү суу ташкындап агат, — деди. 39 Ыйса бул сөзү менен Ага ишенгендер кийинирээк кабыл ала турган Ыйык Рухту айткысы келген. Анткени Кудай Ыйсаны али Өз улуулугуна бөлөй элек болгондуктан, Ыйык Рухун төгө элек болчу. 40 Ыйсанын сөзүн уккан кээ бирөөлөр: — Чынында эле бул келүүгө тийиш болгон пайгамбардын өзү,— дешсе, 41 башкалар: — Бул — Куткаруучу Машаяк, — дешти. Дагы башкалар: — Жок! Машаяк Галилеядан келмек беле! 42 Ыйык Жазууларда Машаяк Дөөт падышанын тукумунан, Дөөттүн ата-мекени Бейтлехем шаарчасынан чыгат деп жазылган эмеспи? — дешти. 43 Ошентип, Ыйса тууралуу талашып, эл экиге бөлүндү. 44 Бир нече адам Аны кармоого умтулушту, бирок да кол салууга батынышпады.

Иудей башчыларынын Ыйсага ишенүүдөн баш тартышы

45 Ыйсаны кармап келүүгө жиберилген сакчылар кайтып келишкенде, жогорку динкызматчылар менен фарисейлер алардан: — Эмне үчүн аны бул жакка алып келген жоксуңар? — деп сурашты. 46 Сакчылар: — Ушуга чейин бир да адам ал сыяктуу сүйлөгөн эмес, — дешти. 47 Ошондо фарисейлер: — Эмне, ал силерди да алдап кеткенби? 48 Деги башчылар менен фарисейлердин ичинде ага ишенген бирөө-жарым болгонбу?! 49 Жок, ага Тоорат мыйзамын билбеген, каргышка калган эл гана ишенет! — дешти. 50 Бир ирет түн ичинде Ыйсага келип кеткен жана ошол жердегилердин арасында болгон Никадим мындай собол таштады: 51 — Мыйзам боюнча бирөөгө өз оозунан угуп, териштирбей туруп өкүм чыгарууга болобу? 52 — Эмне, сен да галилеялыксыңбы? Ыйык Жазууларды оку! Галилеядан пайгамбар чыкпайт, ошону билип койгун! — деди ага башка фарисейлер. 53 Андан кийин баары тең үй-үйлөрүнө тарап кетишти. ‎

Күйөөсүнүн көзүнө чөп салып кармалган аял

8:1 Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти. 2 Эртеси күнү таң эртең менен кайтып, ийбадаткананын короосуна барды. Мүлдө калайык Анын алдына келди. Ыйса отуруп алып, элге таалим айтты. 3 Ошол кезде бир нече дин мугалимдери менен фарисейлер күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жаткан жеринде кармалган аялды алып келип, ортого тургузушту да, 4 Ыйсага карап: — Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды! 5 Тоорат мыйзамында Муса бизге: «Мындайлар таш бараңга алынып өлтүрүлсүн!»деп буюрган. Сиз буга кандай дейсиз? — дешти. 6 Алар Ыйсаны сынап, айыпка жыгууга шылтоо табыш үчүн гана айтышты. Бирок Ыйса эңкейип сөөмөйү менен жерге бирдемени жазып, аларга көңүл бөлбөдү. 7 Тигилер улам-улам сурай берген соң, башын көтөрүп: — Араңарда ким күнөөсүз болсо, аялга биринчи болуп таш ыргытсын, — деп, 8 кайрадан эңкейип, жазганын уланта берди. 9 Алар бул сөздү укканда, адегенде улуулары, андан кийин калгандары биринин артынан бири кете башташты. Ыйса менен ортодо турган аял гана калды. 10 Ошондо Ыйса башын көтөрүп: — Аялзаты, айыптоочуларың кайда кетти? Сага эч ким өкүм чыгарган жокпу? — деп сурады. 11 — Эч кимиси, оо, мырза, — деди аял. — Мен да сага өкүм чыгарбайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба! — деди Ыйса.

Ыйса — Кудайдын бул дүйнөдөгү жарыгы

12 Ыйса дагы бир жолу элге сүйлөп отуруп, мындай деди: — Мен — бул дүйнөдөгүлөр үчүн Кудайдын жарыгымын. Мени ээрчиген киши мындан ары караңгыда жүрбөй, өмүрдүн жарыгына ээ болот. 13 Ошондо фарисейлер: — Сен өзүңө жалгыз өзүң гана күбөсүң, ошондуктан күбөлүгүң жарабайт, — дешти. 14 — Мен Өзүмө жалгыз Өзүм гана күбөлүк берсем да, күбөлүгүм акыйкат. Себеби Мен кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди да, кайда барарымды да билбейсиңер. 15 Силер пенденин ою боюнча өкүм чыгарып жатасыңар, Мен болсом эч кимге өкүм чыгарбайм. 16 Өкүм чыгарсам да, жалгыз Өзүм эмес, Мени жиберген Атам менен бирге чыгарам. 17 Силердин Тоораттагы мыйзамыңарда да «эки адамдын күбөлүгү чындык»деп жазылган эмеспи? 18 Мен Өзүмө Өзүм күбөмүн. Мени жиберген Атам да Мага күбө. 19 — А сенин атаң кайда? — деп сурашты алар. — Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер, — деди Ыйса аларга. — Эгер Мени билсеңер, анда Атамды да билмексиңер. 20 Ыйса бул сөздү ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнүн жанында таалим берип отурганда айтты. Бирок Аны эч ким кармаган жок. Анткени Анын Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-сааты али келе элек эле.

Ыйсанын бара турган жайы

21 Ыйса кайрадан элге кайрылып мындай деди: — Мен бул жерден кетемин. Силер Мени издейсиңер жана күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен баруучу жерге силер жете албайсыңар. 22 Ошондо иудей башчылары өз ара: — «Мен баруучу жерге силер жете албайсыңар» дегени ал өзүн өзү өлтүрмөкчү болгонубу? — дешти. 23 — Силер жерденсиңер, Мен болсо көктөнмүн, — деди Ыйса сөзүн улай, — силер ушул дүйнөлүксүңөр, Мен болсо бул дүйнөлүк эмесмин. 24 Ошондуктан Мен силерге «күнөөкөр бойдон өлөсүңөр» дегем. Мен Өзүмдү ким десем, дал ошол экениме ишенбесеңер, анда чындап эле күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. 25 Ошондо тигилер: — Киммин дедиң? — дешти. Ыйса жооп кайтарып айтты: — Силерге эң башынан бери эле киммин деп айтып келатсам, дал ошонун Өзүмүн. 26 Силер тууралуу айтып, өкүм чыгара турган себептерим көп. Бирок Мени жиберген — акыйкат, Мен адамдарга ошондон укканымды айтамын. 27 Ал көктөгү Атасы жөнүндө айтып жатканын тигилер түшүнүшкөн жок. 28 Ошондуктан Ыйса сөзүн улап: — Силер Адам Уулун жогору көтөрүп койгондо, Мен Өзүмдү ким десем, дал ошол экенимди жана бардыгын Өз каалоом менен эмес, асмандагы Атабыз кандай үйрөткөн болсо, ошондой сүйлөгөнүмдү билесиңер. 29 Мени жиберген Мени менен бирге. Мен ар дайым Ага жакканды кылгандыгымдан, Атам Мени жалгыз калтырбайт, — деди. 30 Ыйса муну айтып жатканда, көптөгөн адамдар Ага ишеништи.

Машаяк берүүчү эркиндик

31 Ыйса Өзүнө ишенгендерге мындай деди: — Эгер силер айтканымды эсиңерге сактап, ошого ылайык жашасаңар, чыныгы шакирттерим болосуңар. 32 Ошондо акыйкатты таанып каласыңар жана ал силерди эркин кылат. 33 Алар: — Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, анан «эркин болосуңар» дегениң кандай? — дешти. 34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким күнөө жасаса, ал — күнөөнүн кулу. 35 Бирок кул эмес, уул гана атасынын үйүндө түбөлүк жашайт, буга анын акысы бар. 36 Анын сыңары, эгер силерди Кудай Уулу эркин кылса, чындап эркин болосуңар. 37 Ыбрайымдын тукуму экениңерди билем. Бирок Мени өлтүрөбүз деп жатасыңар, себеби сөздөрүмө жүрөгүңөрдөн орун берген жоксуңар. 38 Мен Атамдан көргөндөрүм жөнүндө айтып жатам. Силер болсо өзүңөрдүн түп атаңардан укканыңарды кылгыла. 39 — Биздин түпкү атабыз Ыбрайым, — дешти алар. Анда Ыйса мындай деди: — Силер чындап эле Ыбрайымдын балдары болсоңор, анын кылганын кылмаксыңар. 40 Бирок анын ордуна силер Кудайдан уккан акыйкатты жеткизген Мени өлтүргүңөр келип жатат. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес. 41 Ошентип, силер өзүңөрдүн рухий атаңар кылганды жасап жүрөсүңөр. Алар Ыйсага жооп берип: — Биз никесиз туулган эмеспиз! Биздин бир гана Атабыз бар, Ал — Кудай. 42 Анда Ыйса мындай деди: — Атаңар чындап эле Кудай болсо, Мени жакшы көрмөксүңөр. Себеби Мен Кудайдан келдим, өз алдымча келген жокмун, Мени Кудай жиберди. 43 Менин сөзүмдү эмне үчүн түшүнбөй жатасыңар? Анткени аны уга албайсыңар. 44 Силердин атаңар — ибилис, ошонун күнөөлүү кумар-каалоолорун аткаргыңар келет. Ал эң башынан баштап эле канкор болгон жана эч качан акыйкат тарабында турган эмес. Анткени анда эч бир калыстык жок. Ал калпты өзүнүн күнөөлүү табиятына жараша айта берет. Себеби ал жалганчы, бардык калптын атасы. 45 Мен акыйкатты айткандыгымдан Мага ишенбейсиңер. 46 «Күнөө кылдың» деп кимиңер Мени ашкерелей аласың? Эгер акыйкатты айтсам, эмне үчүн Мага ишенбейсиңер? 47 Ким Кудайга таандык болсо, Анын сөзүн угат. Силердин укпай жатканыңар Кудайга таандык эместигиңерден.

Ыйса Ыбрайымдан мурда бар болчу

48 Ошондо иудей башчылары: — «Самариялыксың, сага жин тийиптир» деп туура айткан экенбиз! — дешти. 49 — Мага жин тийген эмес, Мен Атамды урматттайм, бирок силер Мени кордоп жатасыңар, — деп жооп кайтарды Ыйса. 50 — Мен Өзүмдүн атак-даңкымды чыгарууга тырышпайм. Муну кылып, чечим чыгара турган башка Бирөө бар. 51 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Менин сөзүмдү бек туткан адам эч качан өлүм бетин көрбөйт. 52 Анда алар: — Сага жин тийгенине эми чындап эле көзүбүз жетти. Ыбрайым да, пайгамбарлар да өлүшкөн, а сен болсо: «Менин сөзүмдү бек кармаган киши эч качан өлүм даамын татыбайт» дейсиң! 53 Сен эмне, көзү өтүп кеткен түп атабыз Ыбрайымдан да кудуреттүүсүңбү? Пайгамбарлар да өлүшкөн, өзүңдү ким деп ойлойсуң? — дешти. 54 — Эгер Өзүмдү Өзүм даңктасам, мунум эч нерсеге арзыбай калмак, — деди Ыйса аларга жооп берип. — «Биздин Кудайыбыз» деп айтып жүргөнүңөр — Менин Атам болот. Менин даңкымды чыгаруучу — Ошол. 55 Силер Аны тааныбайсыңар. А Мен тааныйм. Эгер тааныбайм десем, силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен тааныйм жана айткандарына баш ием. 56 Түп атаңар Ыбрайым Менин дүйнөгө келер күнүмдү көрөрүнө кубанган эле. Ал көргөн жана кубанган. 57 — Али элүүгө да чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүм дейсиң?! — дешти анда алар. 58 — Силерге бир чындыкты айтып коёюн, — деди Ыйса жооп кайтара, — Мен Ыбрайым туула электен мурун эле бар болчумун. 59 Ошондо алар ачууланышып, Ыйсаны ташбараңга алуу үчүн жерден таш алышты. Бирок Ыйса араларынан өтүп, көздөн жашырынды да, ийбадатканадан чыгып кетти. ‎

Тубаса сокурдун айыгышы

9:1 Ыйса жолдо бара жатып, тубаса сокур адамды көрдү. 2 Шакирттери андан: — Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлгөнүнө өз күнөөсү себеп болдубу же ата-энесиникиби? — деп сурашты. 3 Ыйса: — Өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон жок, анын өмүрүндө Кудайдын кудурети көрүнсүн үчүн ушундай төрөлгөн. 4 Жарык барда Мени жибергендин тапшырган иштерин жасашыбыз керек, караңгы түшкөндөн кийин эч ким эч нерсе кыла албайт. 5 Мен бул дүйнөдө турганда дүйнөдөгүлөр үчүн жарыкмын, — деп жооп берди. 6 Ушундай деп, жерге бир түкүрдү да андан ылай жасады. Ылайды сокурдун көзүнө сүйкөп: 7 «Силоом көлмөсүнө бар да, жууп ташта!» — деди. («Силоом» деген сөздүн мааниси — жиберилген киши). Ал барып, бетин жууду да, көзү ачылып, кайтып келди. 8 Ошондо коңшулары жана мурда кайырчы болуп жүргөнүн көргөндөр таңгалышып, бири бирине: — Мынабу ушу жерде кайыр сурап отурган адам эмес беле? — дешти. 9 Бирөөлөрү: — Ошол, — дешсе, башкалары: — Жок, бул ага окшош гана киши, — дешти. Өзү болсо: — Ошол сокур адам менмин, — деди. 10 Адамдар андан сурай башташты: — Көзүң кантип көрүп калды? 11 — Ыйса деген киши ылай жасап, көзүмө сүйкөп: «Силоом көлмөсүнө бар да, жууп ташта!» — деди. — Мен барып, бетимди жуудум эле, ошол замат көзүм көрүп калды. 12 — Ал өзү кайда кетти? — дешкенде, — Билбейм, — деп жооп берди ал.

Фарисейлердин айыккан адамды тергөөсү

13 Ушундан кийин алар мурда сокур болгон кишини фарисейлердин алдына алып келишти. 14 Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн — дем алыш күн болчу. 15 Фарисейлер да алиги кишиден көзү кантип көрүп калганын сурашты. — Бир киши көзүмө ылай сүйкөдү, мен бетимди жуудум да, мына эми көрүп турам, — деп жооп берди ал. 16 Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү: — Бул киши Кудайдан келген эмес, себеби ал дем алыш күндүн тартибин бузду, — дешсе, башкалары: — Күнөөкөр киши ушундай кереметтерди кантип жасай алат? — дешти. Ошентип, алар эки жаатка бөлүнүштү. 17 — «Жанагы киши көзүмдү ачты» дейсиң, кана, ал тууралуу дагы эмне айтасың? — деп, алар сокурдан дагы сурашты. Мурда сокур болгон киши: — Ал пайгамбар адам, — деди. 18 Бирок иудей башчылары көзү ачылган кишинин мурда сокур болуп, эми көрүп калгандыгына ата-энесин чакыртканча ишенишкен жок. 19 Ата-энеси келгенде алардан: — Сокур төрөлгөн балаңар ушубу? Эми ал кандайча көрүп калды? — деп сурашты. 20 Алар: — Мунун балабыз экенин, анын сокур болуп төрөлгөнүн билебиз. 21 Бирок эми кандайча көзү көрүп калды, ошону билбейбиз, көзүн ким ачканын да билбейбиз. Өзүнөн сураңыздар, бала эмес го, өзү айтып берсин, — дешти. 22 Ата-энеси корккондугунан ушундай дешкен, анткени иудей башчылары: «Ким Ыйсаны Машаяк десе, синагогадан чыгарылсын», — деп чечим чыгарып коюшкан эле. 23 Ата-энесинин «өзүнөн сураңыздар, бала эмес го» дешкени ушул себептен эле. 24 Ошондо иудей башчылары мурда сокур болгон кишини экинчи ирет чакыртышты. — Кудайдан коркуп, чыныңды айт! — дешти алар. — Жанагы, сени айыктырган кишинин күнөөкөр экенин биз билебиз. 25 Тиги болсо: — Ал киши күнөөкөрбү, жокпу, анысын билбейм. Бир нерсени гана билем: мен сокур элем, эми көрүп калдым, — деди. 26 — Ал сага эмне кылды? — деп сурашты алар андан. — Көзүңдү кантип ачты? 27 — Мен сиздерге жана айттым го, бирок уккан жоксуздар. Эмне үчүн дагы уккуңуздар келип жатат? Сиздер да анын шакирти болгуңуздар келип жатабы? — деди ал. 28 — Анын шакирти сенсиң, — дешти ошондо алар аны жекиришип. — Биз Муса пайгамбардын шакиртибиз. 29 Кудайдын Мусага сүйлөгөнүн биз билебиз, ал эми жанагынын кайдан келгени бизге белгисиз. 30 — Анын кайдан келгенин билбегениңиздер кызык экен, — деди жанакы киши. — Ал менин көзүмдү ачпадыбы. 31 Кудай күнөөкөрлөргө кулак салбайт. Ал эми ким Аны урматтап, каалоосун аткарса, ошого кулак саларын билебиз. 32 Дүйнө жаралгандан бери мен сыяктуу тубаса сокурдун көзүн бирөө ачты дегенди эч ким уккан эмес. 33 Ал киши Кудайдан келбесе, эч нерсе жасай алмак эмес. 34 Ошондо алар буга каршы чыгып: — Сен тубаса күнөөкөр болуп туруп, бизди окуткуң барбы? — деп, аны синагогадан кууп чыгышты.

Рухий сокурлук

35 Алиги кишини синагогадан кууп жиберишкенин Ыйса укту да аны таап: — Адам Уулуна ишенесиңби? — деп сурады. 36 — Мырза, анын ким экенин айтыңызчы, мен ишенейин, — деп жооп берди ал. 37 Ыйса мындай деди: — Сен Аны көрдүң, Ал азыр сени менен сүйлөшүп жатат. 38 — Эгем, ишенем! — деп алиги адам Ыйсанын бутуна жыгылды. 39 Ыйса: — Мен бул дүйнөгө сокурлар көрө алсын үчүн, ал эми көзү көргөндөр сокур болсун деп өкүм чыгаруу үчүн келдим, — деди. 40 Бул сөздү ал жерде турган бир нече фарисейлер да угуп калышып: — Эмне, анда биз да сокурбузбу? — дешти. 41 Ыйса: — Эгер сокур болсоңор, анда күнөөңөр болмок эмес. Бирок азыр «көзүбүз көрөт» дегениңерден улам күнөөлөрүңөр мойнуңарда калат, — деди. ‎

Койчу жана анын койлору

10:1 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким кой короого эшиктен кирбестен, башка жагынан ашып түшсө, ал — ууру жана каракчы. 2 Ал эми ким эшиктен кирсе, койлордун кайтаруучусу ошол. 3 Кароолчу ага эшикти ачып берет, койлор аны үнүнөн таанышат. Ал өзүнүн койлорун атынан чакырып, жайытка чыгарат. 4 Чыгарган соң, алардын алдында баштап басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат. 5 Жат кишини ээрчибей, качышат, себеби анын үнүн таанышпайт. 6 Ыйса бул ибаратты чогулгандарга айтып берди, бирок алар Анын сөзүнүн маанисине түшүнүшкөн жок.

Чыныгы өмүргө киргизүүчү дарбаза

7 Ошондуктан Ыйса сөзүн улай мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: койлор кирүүчү дарбаза — Менмин. 8 Менден мурун келгендердин баары ууру жана каракчы болушкан. Бирок койлор аларды угушкан жок. 9 Мен — дарбазамын. Менден киргендин өмүрү сакталат. Ал ээн-эркин кирип чыгат жана жайыт табат. 10 Ууру уурдап, союп, ойрондоо үчүн келет. Мен болсо адамдар чыныгы өмүргө, болгондо да берекелүү өмүргө ээ болушсун деп келдим. 11 Мен — жакшы койчумун. Жакшы койчу койлору үчүн жанын аябайт. 12 Жалчы болсо койчу эмес, койлор да аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, оторду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, туш тарапка чачыратат. 13 Жалчы оторду таштай качат, анткени ал — жалчы, койлордун камын ойлобойт. 14 Мен жакшы койчумун. Асмандагы Атабыз Мени кандай жакшы билсе, Мен да Аны ошондой жакшы билем, ошол эле сыяктуу, Мен Өз койлорумду кандай жакшы билсем, алар да Мени ошондой жакшы билишет. Мен койлорум үчүн жанымды кыям. 16 Бул отордон башка да койлорум бар, ошолорду Өзүмө алып келүүм керек. Алар үнүмдү угуп, Мени таанышат, ошондо бардыгы бир гана койчусу бар короо болушат. 17 Атам Мени жакшы көрөт, себеби Мен кайрадан ээ болоюн деп, койлорум үчүн жанымды кыям. 18 Жанымды эч ким Менден тартып албайт, аны Өз каалоом менен курман кылам. Жанымды курман кыла турган да, кайтып ала турган да бийлигим бар. Бул — Мага Атамдын тапшырган милдети. 19 Ушул сөздөн улам иудей башчылары эки жаат болуп, дагы айтыша кетишти. 20 Көпчүлүгү: «Буга жин тийиптир, сандырактап жатат, эмнеге угуп турасыңар?» — дешти. 21 «Бул жин тийген кишинин сөзү эмес! Жин сокур кишинин көзүн ача алмак беле?» — дегендер да болду.

Элдин Ыйсага ишенбей коюшу

22 Мындан кийин Иерусалимде ийбадаткананы Кудайга кайрадан багыштоо майрамы болду. Кыш убагы эле. 23 Ыйса ийбадаткананын короосундагы Сулайман падышанын атындагы түркүктүү бастырманын ичинде ары-бери басып жүрдү. 24 Иудей башчылары Аны курчап алып: — Канчага чейин бизди ээликтиресиң? Машаяк болсоң, ачыгын айт! — дешти. 25 — Мен айттым го, силер болсо ишенбей койдуңар, — деди Ыйса аларга. — Атамдын атынан кылып жүргөн иштерим ким экенимди айтып жатышат. 26 Бирок силер ишенбейсиңер, себеби Менин оторумдан эмессиңер. 27 Менин койлорум үнүмө кулак салышат. Мен аларды жакшы билем. Алар Мени ээрчишет. 28 Мен түбөлүк өмүрдү ошолорго берем, алар эч качан курут болушпайт. Менин колуман эч ким аларды тартып ала албайт. 29 Аларды Мага берген Атам баарынан улуу. Атабыздын колунан да эч ким тартып ала албайт. 30 Мен асмандагы Атабыз менен бирмин. 31 Бул сөздү уккан иудей башчылары Ыйсаны таш бараңга алуу үчүн дагы жерден таш алышты. 32 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: — Көз алдыңарда Атабыз тапшырган көп жакшы иштерди кылдым. Кайсынысы үчүн Мени ташбараңга алгыңар келип жатат? 33 — Сенин жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайды кордогонуң үчүн ташбараңга алабыз, — деп жооп беришти алар. — Сен адам болуп туруп, өзүңдү Кудай кылып жатпайсыңбы! 34 Ыйса жооп берип мындай деди: — Ыйык Жазууңарда «силер кудайларсыңар»деп жазылган жери бар эмеспи. 35 Кудай Анын сөзү жеткирилгендерди «кудайларсыңар» деген экен. Ал эми Ыйык Жазуунун күчүн жоюш мүмкүн эмес экенин биз билебиз. 36 Анда асмандагы Атабыз Өзү атайын дайындап дүйнөгө жиберген Мен «Кудай Уулумун» десем, кандайча Кудайга акарат келтирдиң деп айта аласыңар? 37 Атам тапшырган иштерди аткарып жүрбөсөм, Мага ишенбей эле койгула. 38 Ал эми аткарып жүргөн болсом, анда сөзүмө ишенбесеңер да, кылган иштериме ишенгиле! Ошондо силер асмандагы Атабыз Мени менен, Менин болсо Аны менен тыгыз байланышта экенимди түшүнөсүңөр. 39 Алар Ыйсаны кайрадан кармап алмакчы болушту, бирок Ыйса араларынан суурулуп чыгып, кетип калды. 40 Ушундан кийин, Ыйса кайрадан Иордан дарыясынын аркы бетине — мурун Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өтөп жүргөн жерге барып, ошол жерде жүрдү. 41 Ага көп адамдар келишип, өз ара: «Жакыя эч кандай керемет көрсөткөн жок, бирок анын бул киши жөнүндө айткандарынын баары чындык экен» — дешти. 42 Ошентип ал жерден көп адамдар Ыйсага ишенип калышты. ‎

Лазардын оорудан кайтыш болушу

11:1 Лазар деген бейтанилик бир киши ооруп жатты. Мариям да эжеси менен ошол айылда турчу. 2 (Кийинчерээк Эгебиздин бутуна жыттуу май сүйкөп, чачы менен кургаткан так ушул Мариям болчу. Ооруп жаткан Лазар болсо анын бир тууган агасы эле.) 3 «Эгебиз, жакшы көргөн кишиңиз ооруп жатат», — деп, эже-сиңди Ыйсага кабар жиберишти. 4 Ыйса муну укканда: — Бул оору өлүм менен бүтпөйт, тескерисинче, Кудайдын улуулугун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул иш аркылуу Кудай Уулунун кудуреттүү улуулугу көрүнөт, — деди. 5 Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана алардын бир тууганы Лазарды өтө жакшы көрсө да, 6 Лазардын оору экендиги тууралуу кабар жеткенде, ошол жерде дагы эки күн болду. 7 Андан соң, шакирттерине мындай деди: — Жүргүлө, Иудеяга кайра баралы! 8 — Устат, иудей башчылары жакында эле сени ташбараңга алып, өлтүрмөкчү болушпады беле? — дешти шакирттери Ага, — Эмне, ошол жакка дагы бармакчысыңбы? 9 — Бир күндүн он эки сааты жарык эмеспи? — деди жооп кайтара Ыйса. — Адам күндүз жүрсө, мүдүрүлбөйт, анткени бул дүйнөнүн жарыгын көрөт. 10 Ал эми түн ичинде жүрсө, жарыгы жок болгондуктан мүдүрүлөт. Ыйса андан ары дагы мындай деди: 11 — Досубуз Лазар катуу уйкуда жатат. Мен барып аны ойготоюн. 12 Шакирттери: — Мырза, уктап жатса жакшы, анда айыгат, — дешти. 13 Ыйса Лазардын өлгөнүн кыйыр түрдө айткан эле, а шакирттери болсо кадимки уйкуну айтып жатат деп ойлошту. 14 Ошондо Ал ачык айтты: — Лазар өлдү, 15 бирок силерди ойлоп, ал жакта болбогонума кубанып жатам, анткени бул аркылуу силер ишенимге келе аласыңар. Эми жүргүлө, Лазарга баралы. 16 Ошондо Том-Эгиз башка шакирттерге: — Кеттик, биз да Устат менен бирге өлөлү! — деди.

Лазардын кайра тирилиши

17 Ыйса Бейтаниге жеткенде, Лазардын өлүп, көргө коюлганына төрт күн болгонун укту. 18 Бейтани менен Иерусалимдин аралыгы үч эле чакырымдай болгондуктан, 19 көптөгөн адамдар Марта менен Мариямга көңүл айтууга келишкен экен. 20 Ыйсанын келе жатканын уккан Марта алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо, үйдө калды. 21 Марта: — Эгем, эгер сиз бул жерде болсоңуз, иним өлмөк эмес эле да. 22 Бирок эмне сурасаңыз, Кудайдын азыр болсо деле сизге берерин билем, — деди. 23 Ыйса ага: — Иниң кайра тирилет, — деди. 24 — Кыяматта, кайра тирилүү күнү анын да тирилерин билем — жооп кайтарды Марта. 25 — Кайра тирилүү менен чыныгы өмүр — Менмин, — деди Ыйса. — Мага ишенген адам өлсө да, өмүр сүрө турган болот. 26 Мага ишенип өмүр сүргөн адам эч качан өлбөйт. Буга ишенесиңби? 27 Марта: — Ооба, Эгем, сиздин дүйнөгө келе турган Кудай Уулу жана Машаяк экениңизге ишенем — деди. 28 Анан ал Мариямды тымызын чакырып алды да: — Устат келип калды, сени чакырып атат, — деди. 29 Муну угары менен Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү. 30 Бирок Ыйса дале айылга кирбептир, ал баягы Мартага жолуккан жерде экен. 31 Мариямдын жанында көңүл айтып олтурушкандар анын шашылыш чыгып кеткенин көрүшкөндө, артынан кошо чыгышып, «көрүстөнгө барып кошок кошкону кетти го» деп ойлоп калышты. 32 Мариям Ыйса турган жерге келди да Анын бутуна жыгылды. — Оо, Эгем, — деди ал, — Сиз бул жерде болсоңуз, бир тууганым өлбөйт эле. 33 Ыйса Мариям менен анын артынан келгендердин кошок кошуп, ыйлап турганын көргөндө, катуу үшкүрүнүп, каңырыгы түтөп кетти. 34 — Аны каерге койдуңар? — деди Ыйса. — Эгебиз, келип көрүңүз, — деп жооп беришти алар. 35 Ыйсанын көзүнөн жаш агып кетти. 36 Ошондо адамдар өз ара: — Карасаңар, Лазарды кандай ал жакшы көргөн! — дей башташты. 37 — Сокурдун көзүн ачкан бул тигини да ажалдан арачалап кала албас беле? — дегендери да болду. 38 Ыйса дагы бир үшкүрүнүп алып, көрүстөнгө басып келди. Көр болсо оозу таш менен жабылган үңкүр эле. 39 Ыйса: — Ташты алып салгыла! — деп буюрду. Ошондо маркумдун эжеси Марта: — Эгем, ал жыттанып баратат, жатканына төрт күн болуп калды, — деди. 40 — «Ишенсең, Кудайдын кудуретин көрөсүң» дебедим беле, — деди Ыйса ага. 41 Ташты үңкүрдүн оозунан алып салышканда, Ыйса көктү карап мындай деди: — Ата, үнүмдү укканыңа ыраазымын! 42 Мени дайыма угарыңды билсем да, муну айланамда турган эл Мени Сенин жибергениңе ишенсин деп айтып жатам, — деп сыйынды. 43 Анан: — Лазар, чыккын! — деп кыйкырды. 44 Ошондо колу-буту кепинге оролгон Лазар көрдөн чыга келди. Анын башы-көзү да таңылуу эле. Ыйса жанында тургандарга: — Кепинин чечип салгыла, бассын, — деди. 45 Мариямга келишкендердин көбү Ыйсанын керемет ишин көрүп, Ага ишенип калышты.

Ыйсага каршы бүтүм

46 Бирөөлөр фарисейлерге барып, Ыйсанын кылганын айтып беришти. 47 Ошондо жогорку динкызматчылар менен фарисейлер диний жогорку кеңештин мажилисин чакырышып, өз ара мындай деп сүйлөшүштү: — Кандай кылсак, жанагы киши көптөгөн укмуштарды жасап атат. 48 Аны ушул бойдон калтыра турган болсок, элдин баары ага ишенип кетет. Анан римдиктер келип, касиеттүү үйүбүздү да, элибизди да чаап алышат. 49 Ошол мезгилде башкы динкызматчы болгон Каяп ордунан туруп, мындай деди: — Силер эч нерсени билбейсиңер! 50 Бүтүндөй эл ойрон болгондон көрө, ошол эл үчүн бир адамдын өлгөнү бизге дурус болорун ойлосоңор боло! 51 Каяп муну өз оюнан чыгарып айткан жок, бирок ошол мезгилде башкы динкызматчы болгондуктан, Ыйсанын эл үчүн өлөрүн алдын ала айткан болчу. 52 Ооба, Ыйса Ысрайыл эли үчүн гана эмес, жер жүзүнө таралган башка элдердеги Кудайдын балдарын бир үй-бүлө кылуу үчүн да өлүүгө тийиш болчу. 53 Ошол күндөн баштап иудей башчылары Ыйсаны өлтүрүүнүн жолун ойлонуштура башташты. 54 Ошондуктан Ыйса мындан ары Иудеяда ачык жүрбөй, чөлгө жакын жердеги Эфрайым деген айылга кетип, ал жерде шакирттери менен бирге болду. 55 Куткарылуу майрамы жакындап калган эле. Өлкөнүн туш тарабынан көптөгөн адамдар майрам алдындагы диний тазалануу салтын аткаруу үчүн Иерусалимди көздөй агылып, чыгып бара жатышты. 56 Алар ийбадаткананын жанынан Ыйсаны издешти. Короодо топтолуп тургандар: «Кандай деп ойлойсуңар, ал да майрамга келер бекен?» — деп бири биринен сурашты. 57 Себеби жогорку динкызматчылар менен фарисейлер: «Кимде-ким Ыйсанын кайда экенин билип калса, кабар берсин!» деген буйрук чыгарышкан эле. ‎

Ыйсага көрсөтүлгөн урмат

12:1 Куткарылуу майрамынан алты күн мурун Ыйса Бейтаниге келди. Бул айылда Ал өлүмдөн кайра тирилтип алган Лазар турчу. 2 Ошол жерде Аны конокко чакырышты. Марта кызмат кылып жүрдү. Ыйса менен бирге отурган коноктордун арасында Лазар да отурган эле. 3 Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган, таза, кымбат баалуу майдан жарым литрдей алып, Ыйсанын бутуна куйду да, анан аны чачы менен сыйпады. Үй ичи майдын аңкыган жыпар жытына толуп чыкты. 4 Анда Ыйсанын шакирттеринин бири, кийинчерээк Ага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот мындай деди: 5 — Эмне үчүн бул майды үч жүз күмүш теңгеге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берген жок? 6 Ал муну кембагалдардын камын ойлогондуктан эмес, ууру болгондугунан айтты: ортого түшкөн акчаны сала турган баштыкты асынып жүргөн ал түшкөн акчадан өзүнө кытып алып коюп турчу. 7 Ыйса ага: — Бул аялды жайына кой! Ал май куюу салтын аткарып, денемди көргө коё турган күнгө даярдады. 8 Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а Мен жаныңарда дайым эле боло бербейм, — деп тыйып койду. 9 Ыйсанын Бейтаниде экенин көп адамдар угушуп, Ыйса үчүн гана эмес, Ал өлгөндөн тирилткен Лазарды көрүү үчүн да келишти. 10 Жогорку динкызматчылар аны да өлтүрмөкчү болушту. 11 Минткен себеби, Лазар башынан өткөргөн кереметтен улам, көп адамдар аларды таштап, Ыйсага ишенип кетишти.

Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

12 Кийинки күнү майрамга чогулган эл Ыйсанын Иерусалимге келерин угушту. 13 Алар колдоруна пальма бутактарын кармап, шаардын сыртына чыгып: «Осанна!Эгебиздин атынан келе жатканды Кудай жалгасын!Ысрайылдын падышасын Кудай жалгасын!» — деген үндөр менен Ыйсаны тосуп алышты. 14 Ыйса бир такайды таптыртып, ошого минип алган эле. Ыйык Жазууларда бул тууралуу алдын ала мындай айтылган: 15 «Эй, Иерусалим, коркпогун! Карачы, сенин падышаң Такай минип келатат!» 16 Ыйсанын шакирттери муну убагында түшүнүшкөн эмес. Ыйса кайра тирилгенден кийин, элдин ушундайча тосуп алганын эстешип, бул сөздөрдүн Ал жөнүндө жазылганын билишти. 17 Ыйса Лазарды көрдөн сыртка чакырып алып, өлүмдөн кайра тирилткен кезде бирге болгон көп кишилер бул ишти көргөнүн айтып жатышты. 18 Мындай керемет кылганын уккан эл ушул себептен да Анын алдынан тосуп чыкты. 19 Ал эми фарисейлер өз ара: — Көрдүңөрбү, эч нерсе колуңардан келбей калды! Элдин баары анын артынан ээрчип кетти! — дешти.

Бир нече гректин Ыйсаны издеши

20 Майрам убагында Иерусалимде Кудайга ийбадат кылууга келгендердин арасында бир нече грек да бар эле. 21 Алар Галилеянын Бейтсайда шаарынан чыккан Филипке барышып: — Мырза, биз Ыйсаны көрсөк дедик эле, — дешти. 22 Филип муну Идриске барып айтып, анан экөө Ыйсага жеткизишти. 23 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Адам Уулунун улуулукка жетер убакыт-сааты келип калды. 24 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгер буудайдын даны жерге эгилип, анан өлбөсө, анда ал жалгыз бойдон калат. Эгер ал жерге эгилип, өнүп, өзү өлсө, ошондо гана мол түшүм берет. 25 Ким өз жанын баарынан артык көрсө, ал андан айрылат. Ал эми кимде-ким бул дүйнөдө өз жанын аябаса, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат. 26 Ким Мага кызмат кылгысы келсе, Мени ээрчисин. Мен кай жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ал эми Мага кызмат кылган ар кимди асмандагы Атабыз урматтайт.

Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

27 Азыр абдан кыйналып турам. Эмне дейин? «Ата, Мени ушул азаптуу сааттан куткар» дейинби? Жок! Мен бул күнгө атайын дал ушуну баштан кечирүү үчүн жеттим да. 28 Ата, Өз атыңды улуулукка бөлөй көр! Ошондо көктөн: «Мен Аны улуулукка бөлөдүм жана мындан ары да бөлөй берем» деген үн угулду. 29 Ошол жерде турган элдин арасынан бирөөлөрү: «Күн күркүрөдү», — дешсе, башкалары: «Ага периште сүйлөдү», — дешти. 30 Ыйса аларга: — Бул үн Мен үчүн эмес, силер үчүн. 31 Эми бул дүйнөнүн соттолор маалы келди. Эми бул дүйнөнүн башкаруучусукуулат. 32 Мен жерден өйдө көтөрүлүп, улуулукка бөлөнгөнүмдөн кийин, адамдардын баарын Өзүмө чакырам, — деди. 33 Бул сөздү Ал Өзүнүн кантип өлөрүн билдирүү үчүн айтты. 34 Ошондо жыйылган эл: — Биз Ыйык Жазуудан «Машаяк түбөлүк жашайт» деп окуган элек. Анан кандайча сен Адам Уулу көтөрүлөт дейсиң? «Адам Уулу» дегениң ким? — дешти. 35 Ыйса аларга мындай деди: — Жарык дагы бир аз убакыт силер менен бирге болот. Силерди кара түн басып калбоо үчүн жарык барда жүрө тургула. Анткени түндө жүргөндөр кайда бара жатканын билишпейт. 36 Араңарда жарык барында ага ишенгиле, ошондо жарыктын балдары болосуңар. Ыйса ушундай деди да, алардан узап, элдин көзүнөн жашырынды.

Элдин Ыйсага ишенүүдөн баш тартышы

37 Ыйса алардын көз алдында көп эле керемет-жышаандарды көрсөтсө да, көпчүлүк Ага ишенбеди. 38 Ошону менен Ышая пайгамбардын мындай сөзү ордунан чыкты: «Бизден уккан кабарга, Эгем, кимдер ишенди? Кудуретин Эгенин Кимдер көрүп, билишти?» 39 Ышая дагы бир жерде көпчүлүктүн эмне себептен ишене албагандыгы жөнүндө мындай деген: 40 «Кудай байлап көздөрүн, Көкүрөгүн көр кылган. Көзү көрбөйт алардын, Туйбайт дагы жүрөгү. Айыктырам десем да, Терс жолдорун таштабайт, Мага кайтып келишпейт». 41 Ышая пайгамбар Ыйсанын улуулугун алдын ала көрүп, Ал туралуу ушундай деп айткан эле. 42 Ошентсе да, иудей башчыларынын көбү Ыйсага ишеништи, бирок фарисейлер синагогадан чыгарып жибербесин деп, Ал тууралуу ачык сүйлөшкөн жок. 43 Себеби алар Кудай берүүчү урматты эмес, адамдан көрсөтүлө турган урматты артыгыраак сүйүшчү.

Ишенбестиктин аягы

44 Ыйса үнүн бийик чыгарып, мындай деди: — Мага ишенген киши Мага эле эмес, Мени жибергенге да ишенет. 45 Мени көргөн киши Мени жибергенди да көрөт. 46 Мен — Мага ишенген ар ким караңгы түндө калбасын деп, дүйнөгө келген Кудайдын жарыгымын. 47 Сөзүмдү угуп, аны карманбаган ар кимди айыптай турган Мен эмесмин. Мен адамзатты айыптоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келдим. 48 Бирок Мени четке кагып, сөзүмдү кабыл албагандардын соту белен: Менин сөзүм аларды кыямат күнү соттойт. 49 Себеби Мен аларды Өз оюмдан чыгарып айткан жокмун, эмнени жана кандай айтышым керектигин Атам буйруган. 50 Анын сөздөрү ишенгендерге түбөлүк өмүр тартууларын билем. Менин оозумдан чыккан сөздөрдүн баары — асмандагы Атабыздыкы. ‎

Кичи пейилдиктин үлгүсү

13:1 Куткарылуу майрамынын алды эле. Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына барар саатынын жакындап калганын билди. Ал бул дүйнөдөгү Өз адамдарын дайыма жакшы көрчү, азыр да аларга болгон чексиз мээримин көрсөттү. 2 Кечинде Ыйса шакирттери менен бирге тамактанууга отурду. Буга чейин ибилис Ысман Искариоттун уулу Жүйүттүн ниетине Ыйсага чыккынчылык кылууну салып койгон эле. 3 Бирок Ыйса Атасы бүткүл бийликти Анын колуна берип койгонун жана Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билген. 4 Ыйса дасторкондон туруп, үстүнкү кийимин чечти да, белине сүлгүнү байланды. 5 Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин буттарын жууп, сүлгү менен аарчый баштады. 6 Ысман-Петирдин маңдайына келгенде, ал Ыйсадан: — Эгем, сен менин бутумду жууганы турасыңбы? — деп сурады. 7 — Эмне кылып жатканымды сен азыр эмес, кийинчерээк түшүнөсүң, — деди Ыйса. 8 — Мен сага бутумду эч убакта жуудурбайм! — Эгер жуубасам, анда Мени менен энчилеш болбойсуң. 9 — Эгем, андай болсо, бутумду гана эмес, колу-башымды да жуугун. 10 — Жуунган киши таптаза, ал бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес. 11 Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан «бирок баарыңар эмес», деди. 12 Шакирттеринин бутун жууп бүтүп, кийимин кийип ордуна отургандан кийин: — Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? — деди. 13 — Мени «Устат», «Эгем» дейсиңер, мунуңар туура, себеби Мен чындап эле дал Ошонун Өзүмүн. 14 Демек, Мен Эгеңер жана Устатыңар болуп туруп, кул сыяктуу бутуңарды жуусам, анда дал ошентип силер да бири бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. 15 Мен силерге кандай кызмат кылсам, силерди да ошондой кылсын деп, үлгү көрсөттүм. 16 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кул ээсинен өйдө эмес, элчи да аны жибергенден жогору эмес. 17 Эми силер бул чындыкты билесиңер, ушуну иш жүзүнө ашырсаңар, анда абдан бактылуусуңар.

Ыйсанын саткындын ким экенин айтышы

18 «Силер тазасыңар» деп баарыңарды айтканым жок, тандаган адамдарымды билем, бирок Ыйык Жазуудагы: «Табакташ болуп жүргөн кишим, Мага каршы чыкты»деген сөз аткарылышы керек. 19 Мен муну бул сөз аткарылардан мурда айтып жатам, кийин, аткарылган соң, Менин дал ошонун Өзү экениме ишенесиңер. 20 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким Мен жиберген адамды кабыл алса, Мени да кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы. 21 Ушул сөздөн кийин Ыйса катуу үшкүрүнүп алды да: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: араңардан бирөө Мени сатып кетет, — деди. 22 Шакирттери Ыйсанын кимди айтып жатканын түшүнбөй, аң-таң болушуп, бири бирин карашты. 23 Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакирти Анын жанында жамбаштап жаткан. 24 Ысман-Петир кимди айтып жатканын сурап билчи деп жанагы шакиртке ымдап белги берди. 25 Тигил Ыйсага бурулуп: — Эгем, ал ким? — деп сурады. 26 Ыйса: — Бир үзүм нанды табакка малып, кимдин оозуна салсам, ал ошол, — деди. Андан соң, бир үзүм нанды табакка малып, Ысман Искариоттун уулу Жүйүткө сунду. 27 Жүйүт нанды алары менен шайтан анын жан дүйнөсүн ээлеп алды. Ыйса Жүйүткө: — Кылайын дегениңди бачымыраак кыл! — деди. 28 Отургандардын эч кимиси Ыйсанын ага эмне үчүн мындай дегенин түшүнгөн жок. 29 Акча баштыгы Жүйүттө болгондуктан, кээ бирөөлөрү Ыйса ага «майрамга керектүү нерселерди алып кой» же «жакырларга бир деме берип кой», деп жатат го деген ойдо калышты. 30 Жүйүт болсо нанды жеген соң, дароо сыртка чыгып кетти. Ошол убакта түн кирип калган эле.

Ыйсанын жаңы осуяты

31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди: — Эми Адам Уулу улуулукка бөлөнөт. Ал аркылуу Кудайдын да улуулугу көрүнөт. 32 Ал Кудайдын улуулугун көрсөтсө, Кудай да Аны улуулукка бөлөйт. Бул жакын арада ишке ашат. 33 Балдарым, эми араңарда аз гана убакыт болом, кийин Мени издейсиңер. Иудей башчыларына айткан сөзүмдү азыр силерге да айтам: Мен бара турган жерге силер азыр бара албайсыңар. 34 Силерге жаңы осуят калтырам: бири бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири бириңерди сүйгүлө! 35 Бири бириңерге болгон сүйүүдөн улам, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет.

Ыйса Петирдин «Аны тааныбайм» дээрин алдын ала айтат

36 Ысман-Петир Ыйсадан: — Эгем, кайда бара жатасың? — деп сурады. Ыйса ага: — Мен бара жаткан жакка сен азыр ээрчип бара албайсың, кийинчерээк артымдан келесиң, — деди. 37 Петир: — Эгем, азыр эмне үчүн ээрчий албайм? Сен үчүн жанымды кыюуга даярмын, — деди. 38 Ыйса ага мындай деди: — «Сен үчүн жанымды кыюуга даярмын» дейсиңби? Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз кыйкыргыча, «Аны тааныбайм» деп үч жолу айтасың. ‎

Ыйса Машаяк — Кудайга алып баруучу жалгыз жол

14:1 Кайгыга батпагыла! Кудайга ишенгиле, ошондой эле Мага да ишенгиле! 2 Көктөгү Атамдын үйүндө жай көп. Эгер андай болбосо, силер үчүн жай даярдаганы бара жатам деп айтмак белем? 3 Барып, даярдап бүткөндөн кийин кайтып келип, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн жаныма алып кетем. 4 Мен бара жаткан жакка алып баруучу жолду билесиңер. 5 Эгем, кайда бара жатканыңды билбейбиз, анан кантип ал жакка алып баруучу жолду билмек элек? — деп сурады Том. 6 Ыйса ага: — Мен — жол, чындык жана өмүрмүн. Мен аркылуу болбосо, асмандагы Атабызга эч ким бара албайт. 7 Менин ким экенимди билген үчүн, Атамды да билип каласыңар. Эми Аны билип, көрө баштадыңар, — деди. 8 Ошондо Филип: — О, Эгем, бизге Атабызды көрсөт, ошондо жетиштүү болот, — деди. 9 Ыйса мындай деп жооп берди: — Мен көптөн бери жаныңардамын, ошондо да Менин ким экенимди билген жоксуңбу, Филип? Мени көргөн адам, Атабызды да көргөнү. Эмне үчүн Атабызды көрсөт дейсиң? 10 Мен Атабыз менен, ал эми Атабыз Мени менен тыгыз байланышта экенине ишенбейсиңерби? Силерге айткан сөздөрүмдү Өз оюмдан чыгарып айткан жокмун. Мени менен тыгыз байланыштагы Атабыз Мен аркылуу Өз ишин иштеп жатат. 11 Менин Атабыз менен, ал эми Атабыздын Мени менен тыгыз байланышта экенине ишенгиле! Буга ишене албасаңар, кылган кереметтеримден улам Мага ишенгиле. 12 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Мен кылгандай кереметтүү иштерди Мага ишенген адам да кылат, ал тургай андан да зор кереметтүү иштерди кыла алат, себеби Мен Атабызга барып, Ыйык Рухту жиберем. 13 Атабыздан Менин атыман эмне сурасаңар да, аткарып берем. Ошондо Атабыздын улуулугу Уулу аркылуу көрүнөт. 14 Менин атымдан эмне сурасаңар да Мен аткарып берем.

Ыйык Рухтун келери тууралуу убада

15 Силер Мени жакшы көрсөңөр, буйруктарымды аткаргыла. 16 Мен Атабыздан силерге дагы Бирөөнү жиберүүсүн өтүнөм. Ал силерди колдоп, түбөлүк бирге болот. 17 Ал — акыйкаттын Руху. Бул дүйнөдөгүлөр Аны кабыл ала албайт, себеби Аны көрө да, биле да албайт. Ал эми силер билесиңер, анткени азыр Ал жан дүйнөңөрдө жашайт жана кийин да жашай берет. 18 Мен силерди жетимсиретпей кайра келем. 19 Бир аз убакыттан кийин бул дүйнөдөгүлөр Мени андан ары көрбөй калышат, ал эми силер көрөсүңөр, анткени Мен кайра тирилем, силер да түбөлүк өмүргө ээ болосуңар. 20 Ошол күнү силер Мен Атам менен, өзүңөр Мени менен, Мен болсо силер менен тыгыз байланышта экенимди билип каласыңар. 21 Буйруктарымды көңүлүнө сактап, аткарып жүргөндөр — Мени сүйгөндөр. Мени сүйгөндөрдү Атам сүйөт. Мен да аларды сүйүп, Өзүмдү аларга ачып берем. 22 Ошондо Жүйүт (Искариот эмес) Ыйсадан: — Эгем, сен өзүңдү кандайча бүт дүйнөгө эмес, бизге гана ачмакчысың? — деп сурады. 23 Ыйса мындайча жооп берди: — Ким Мени сүйсө, айткандарымды бек тутат. Атам да аны сүйөт жана Биз ага келип, аны менен бирге жашайбыз. 24 Мени сүйбөгөндөр Менин сөзүмдү тутунушпайт. Силер угуп жүргөн сөздөрдү Өз оюмдан чыгарып айтканым жок. Алар Мени жиберген Атабыздын сөздөрү. 25 Мен бул сөздөрдү азыр араңарда жүргөн кезде айтып жатам. 26 Ал эми Атабыз Менин атымдан колдоочуңар — Ыйык Рухту жиберет. Ал Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салып, баарын үйрөтөт. 27 Мен силердин жаныңарга тынчтык берип кетем. Өз жанымдын тынчтыгын берип кетем. Менин бере турганым адамдар берип, жок болчу тынчтык эмес, ошондуктан жүрөкзаада болуп, корко бербегиле. 28 Силерге: «Мен кетип атам, бирок силерге кайтып келем» дебедим беле. Эгер Мени чын жүрөктөн жакшы көрсөңөр, Атабызга баратканыма кубанат элеңер, анткени Атабыз Менден улуу. 29 Ушулардын баары ишке ашкан кезде, силер Менин айткандарыма ишенип калууңар үчүн, буларды азыр, алдын ала айтып жатам. 30 Эми Мен силер менен көпкө сүйлөшө албайм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу жакындап калды. Ал Менин үстүмөн бийлик жүргүзө албайт. 31 Бирок адамзат Мен Атабызды жакшы көрөрүмдү билүүгө тийиш. Ошол себептүү эмне кылсам да, Ал айткандай кылам. Эми тургула, бул жерден кетели. ‎

Жүзүм сабагы жана бутактары тууралуу ибарат

15:1 Мен — чыныгы жүзүм сабагымын, Атам болсо — багбан. 2 Мендеги жемиш бербеген ар бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш бергендерин дагы көбүрөөк берсин деп тазалап, бутайт. 3 Ошол сыяктуу силерге айткан сөзүм аркылуу силер тазардыңар. 4 Мени менен тыгыз байланышта болгула, Мен да силер менен тыгыз байланышта болом. Бутак сабакта болбосо, өзүнөн өзү жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу силер да Мени менен тыгыз байланышта болмоюн, жемиш бере албайсыңар. 5 Мен сабакмын, силер болсо бутактарымсыңар. Ким Мени менен тыгыз байланышта болуп, Мен да аны менен тыгыз байланышта болсом, ал мол түшүм берет. Менден бөлүнүп, силер эч нерсе кыла албайсыңар. 6 Ким Мени менен байланышта турбаса, ал кесилген бутак сымал сыртка ыргытылат да куурап калат. Анан чогултулуп, отко ташталып, күйүп кетет. 7 Эгер Мени менен тыгыз байланышта болуп, сөздөрүм көкүрөгүңөрдө болсо, эмне кааласаңар да сурасаңар, аласыңар. 8 Силер мол жемиш берсеңер, Атамдын зоболосу көтөрүлөт. Ошондой эле чыныгы шакирттерим болосуңар. 9 Атабыз Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйдүм. Менин сүйүүмдү көкүрөгүңөргө түйүп жашагыла! 10 Мен Атамдын буйруктарына баш ийип, Анын сүйүүсүн көкүрөгүмө түйүп жашаганымдай, силер да Менин буйруктарыма баш ийсеңер, Менин сүйүүм да силердин ичиңерде жашайт. 11 Бул сөздөрдү Менин кубанычым силердин жүрөгүңөрдө жашасын жана кубанычыңар толук болсун деп айттым. 12 Силерге айтар осуятым бул: бири бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө! 13 Өзүн достору үчүн курман кылуудан өткөн улуу сүйүү жок. 14 Эгер Менин айткан сөзүмдү аткарсаңар, Мага доссуңар. 15 Силерди мындан ары кул дебейм, кул ээсинин иштерин билбейт. Мен силерди досторум деп атайм, анткени Атамдан уккандарымдын баарын силерге айтып бердим. 16 Силер Мени эмес, Мен силерди тандап алдым да, барып, жемиш берсин деп, ошол жемишиңер түбөлүктүү болсун деп дайындадым. Ошондо Менин атымдан эмне сурасаңар да Атабыз берет. 17 Силерге калтыра турган осуятым бул: бири бириңерди сүйгүлө!

Күнөөкөр дүйнөнүн кастыгы

18 Эгер дүйнө силерди жек көрсө, анын силерден мурда Мени жек көргөнүн эстегиле. 19 Эгер силер да ушул дүйнөгө таандык болсоңор, силерди өз адамдары катары жакшы көрмөк. Бирок Мен силерди бул дүйнөнүн ичинен тандап, бөлүп алдым, эми бул дүйнөлүк эмессиңер, ошондуктан ал силерди жек көрөт. 20 «Кул ээсинен өйдө эмес» дегенимди эстегилечи. Алар Мени кодулап, куугунтукташса, демек, силерди да кодулап, куугунтукташат. Менин сөздөрүмдү угушса, анда силердикин да угушат. 21 Мунун баарын Мени ээрчигениңер үчүн кылышат, себеби алар Мени жибергенди түшүнүшпөйт. 22 Мен бул дүйнөгө келип, сүйлөбөсөм, бул дүйнө айыптуу болбос эле. Эми болсо, күнөөсүнөн актанууга эч шылтоосу жок. 23 Мени жек көргөндөр Атамды да жек көрүшөт. 24 Эгер Мен башка эч ким кылбаган кереметтеримди алардын арасында көрсөтпөгөн болсом, айыптуу болушмак эмес. Бирок Алар кереметтеримди көрүшкөнү менен, Мени да, Атамды да жек көрүшөт. 25 Алардын мыйзамындагы «себепсиз жек көрүндү болдум»деген сөз ушундайча ишке ашат. 26 Мен силерге Атабыздан Колдоочу жиберем: акыйкатты билдирүүчү ошол Ыйык Рух Атабыздан келип, Мен жөнүндө ачык айтып берет. 27 Силер да Мен жөнүндө айтып бересиңер, себеби кызматымдын башынан баштап эле жанымдасыңар.

16:1 Силерге мунун баарын Мага деген ишенимиңерден тайбооңор үчүн айттым. 2 Синагогалардан чыгарыласыңар, ал тургай силерди өлтүрүп жаткан адам: «Кудайга кызмат кылып жатам!» деп ойлогон күндөр да келет. 3 Алар муну Атабызды да, Мени да тааныбагандыктан жасашат. 4 Мен буларды башыңарга ушундай күн түшкөндө, ушундай болот деп алдын ала айтып кеткенимди эстегиле деген максатта айттым. Араңарда жүргөндүктөн кызматымдын башында силерге буларды айткан эмесмин.

Ыйык Рух — биздин колдоочубуз

5 Эми Мен Мени Жибергенге кайтып бара жатам. Бирок бириң да кайда бара жатканымды ушуга чейин сураган жоксуңар. 6 Эми, айткан сөздөрүмдөн кийин кайгыга батып турасыңар. 7 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: силер үчүн Менин кеткеним дурус! Себеби эгер кетпесем, силерге колдоочу келбейт. Эгер кетсем, барып, Аны силерге жиберем. 8 Ал келген соң, бул дүйнөнүн күнөө, адилеттик жана сот жөнүндөгү ойлорунун ката экендигин ашкере кылат. 9 Алар күнөө эмне экенин түшүнүшпөйт, анткени Мага ишенбей жатышат. 10 Алар адилеттик эмне экенин түшүнүшпөйт, анткени Мен Атабызга баратам жана силер мындан ары Мени көрбөйсүңөр. 11 Алар сот эмне экенин да түшүнүшпөйт, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу сотко тартылды. 12 Силерге айтар сөзүм али көп, бирок азыр айтсам, көтөрө албайсыңар. 13 Акыйкаттын Руху келген соң, Ал силерди акыйкатка жетелейт, себеби Ал Өз оюнан чыккан сөздү эмес, Атабыздан укканын жана келечекте боло турганын айтат. 14 Ал силерге Менин айткандарымды жеткирип, улуулугумду көрсөтөт. 15 Атабыздагынын баары Мага таандык. «Менин айткандарымды силерге Ыйык Рух жеткирет» деп ошондуктан айттым.

Ажырашуу кайгысы жана кайра көрүшүү кубанычы

16 Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайрадан көрөсүңөр. 17 Ошондо Ыйсанын кээ бир шакирттери: — «Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайра көрөсүңөр» дегени эмнеси? «Асмандагы Атабызга баратам» дегенин кандайча түшүнсө болот? 18 «Бир аз убакыт» дегеничи? Эмне жөнүндө айтып жатат? — дешти. 19 Ыйса алардын сурагысы келгенин туюп, мындай деди: — «Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайра көрөсүңөр» деп айтканымды түшүнбөй, бири бириңерден сурап жатасыңарбы? 20 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: силер боздоп, зарлайсыңар, ал эми бул дүйнө кубанып шаттанат. Ооба, кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат. 21 Аялдын ай-күнү жеткенде, толгоо тартып кыйналат. Төрөгөн соң, наристе дүйнөгө келди деп кубанганынан кыйналганын унутуп коёт. 22 Силер да ошондой болуп азыр кайгырып жатасыңар. Кайгырбагыла, Мен силерди кайрадан көрөм. Ошондо силердин жүрөгүңөр кубанычка толот. Ал кубанычты силерден эч ким тартып ала албайт. 23 Ошол күнү Менден бир нерсе жөнүндө сурашыңардын зарылчылыгы болбой калат. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Атабыздан Менин атымдан эмне сурасаңар да, Ал берет. 24 Буга чейин Менин атымдан эч нерсе сураган жоксуңар. Кубанычыңар толук болсун үчүн сурагыла, аласыңар! 25 Мен буларды силерге кыйыр түрдө айттым. Мындан ары кыйыр түрдө сүйлөбөй, Атабыз тууралуу ачык айта турган кез келет. 26 Ошол кезде Менин атымдан сурай турган болосуңар. Силер үчүн Атабыздан Менин өтүнүшүмдүн зарылчылыгы болбой калат. 27 Себеп дегенде, силер Мени жакшы көрүп, Кудайдан келгениме ишенгениңер үчүн Атабыз да силерди жакшы көрөт. 28 Мен дүйнөгө Атабыздан келгем, эми бул дүйнөнү таштап, кайрадан Атабызга баратам. 29 Ошондо шакирттери: — Азыр кыйыр түрдө эмес, ачык сүйлөдүң. 30 Сен баарын билериңе көзүбүз жетти. Эми бир нерсе сураштын кереги да жок. Ошондуктан Кудайдан келгениңе ишенебиз, — дешти. 31 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Эми ишенесиңерби? 32 Силер туш-тарапка чачырап, ар кимиң үйлөрүңөргө качып кете турган убакыт келе жатат, ал тургай келип да калды. Мени жалгыз таштап кетесиңер. Бирок Мен жалгыз эмесмин, себеби Атабыз Менин жанымда. 33 Мен буларды силер Мени менен тыгыз байланышта болуп, жаныңар тынчтыкка бөлөнсүн деп айттым. Бул дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула: Мен бул дүйнөнү жеңдим. ‎

Ыйсанын шакирттери үчүн сыйынуусу

17:1 Ыйса ушуну айтып бүткөндөн кийин, көккө карап туруп мындай деди: — Оо, Ата, убакыт-саатым келип калды. Уулуң Сенин улуулугуңду көрсөтө алсын үчүн Аны улуулукка бөлөй көр. 2 Себеби Ага берген адамдарыңдын баарына түбөлүк өмүр берсин деп, бардык адамзаттын үстүнөн болгон бийликти Анын колуна өткөзүп бердиң. 3 Түбөлүк өмүр бул — бирден бир чыныгы Кудай болгон Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машаякты таануу. 4 Мага тапшырган ишиңди аяктап, жерде улуулугуңду көрсөттүм. 5 Дүйнө жаратыла электе жаныңда жүрүп, улуулукка бөлөнгөн элем. Оо, Атаке, эми да, жаныңда болгонумда, ошол улуулугуңа кайрадан бөлөй көр. 6 Бул дүйнөдөн тандап берген адамдарыңа Мен Өзүңдү тааныттым. Алар Сага таандык эле, Мага бердиң. Алар Сенин сөзүңдү көкүрөктөрүнө түйүп алышты. 7 Мага тапшырганыңдын баары тең Сенден чыкканына эми алардын көздөрү жетти. 8 Себеби Мен Сенин сөзүңдү жеткиздим эле, алар кабыл алышты. Сенден келгенимди чындап түшүнүп, Мени Өзүң жибергениңе ишеништи. 9 Бул дүйнө үчүн эмес, Өзүң Мага табыштаган адамдар үчүн өтүнүп жатам. Себеби алар Сага таандык. 10 Мендегинин баары Сеники, Сендегинин баары Меники эмеспи. Ошол себептүү алар аркылуу Мен улуулукка бөлөндүм. 11 Мындан ары Мен жерде калбай, Сага бара жатам, бирок алар жерде калышат. Оо, ыйык Ата! Өзүң Мага берген ысмың аларга калканыч болсун! Биз сыяктуу алар да бир болушсун. 12 Араларында жүргөнүмдө, Мага берген ысмыңдын кудурети менен аларды коргоп, аман сактап жүрдүм. Шору куруй турган бир адамдан башка бирин жоготкон жокмун. Ыйык Жазууда айтылган ошол адамдын кылчу иши ушундайча ордунан чыкмак. 13 Эми болсо Өзүңө бара жатам. Бирок Менин кубанычым толугу менен аларда болсун деп, бул сөздөрүмдү азырынча, жерде экенимде айтып турам. 14 Аларга Сенин сөзүңдү жеткиздим. Мага окшоп, алар да бул дүйнөгө караштуу эмес, ошондуктан дүйнө аларды жек көрүп калды. 15 Аларды бул дүйнөдөн алып чык деген жерим жок, азгыруучудан сактай көр деп гана сурап турам. 16 Булар да Мен сыяктуу бул дүйнөгө караштуу эмес. 17 Аларды акыйкатың менен Өзүңө багыштап, ыйык кыл. Сенин сөздөрүң — акыйкат. 18 Сен бул дүйнөгө Мени жөнөткөндөй, Мен да аларды бул дүйнөгө жөнөттүм. 19 Сага өздөрүн чындап багыштасын деп, алар үчүн Сага Мен Өзүмдү багыштайм.

Ыйсанын келечектеги шакирттери үчүн сыйынуусу

20 Менин жанымдагы шакирттерим үчүн гана эмес, алардын айткандары аркылуу Мага ишенип кала турган бардык адамдар үчүн да өтүнүп турам. 21 Оо, Атаке! Мени Сен жибергениңе адамзаттын ишенүүсү үчүн, Сенин Мени менен, ал эми Менин Сени менен тыгыз байланышта турганыбыздай ишенүүчүлөр да экөөбүз менен тыгыз байланышта туруп, баары тең бир болушса экен. 22 Алар да биз сыяктуу бир болсун деп, Мага берген улуулугуңду аларга бердим. 23 Мен булар менен, Сен болсо Мени менен тыгыз байланыштасың. Мени Сен жибергендигиңе, Мени кандай жакшы көрсөң, аларды да ошондой жакшы көрөрүңө адамзаттын көзү жетсин үчүн Мага ишенүүчүлөр ушундай толук биримдикке жетишсин. 24 Атаке, Мага тапшырган адамдарыңдын Мен болчу жерде болушун каалайм. Сени жакшы көргөндүгүмдөн аалам жарала электе эле Мага улуулукту тартуулаган элең. Ошол улуулукту алар да көрүшсө экен. 25 Оо, адилеттүү Ата! Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү Сени таанышпайт, бирок Мен тааныйм. Мени Сен жибергениңе шакирттеримдин да көздөрү жетти. 26 Мен аларга ким экениңди ачып берип, мындан ары да ача бермекчимин. Ылайым Мага деген мээримиң алардын ичинде болсун, Мен да алардын жүрөгүнөн орун алайын. ‎

Ыйсанын кармалышы

18:1 Ыйса сыйынып бүтүп, шакирттери менен бирге шаардын сыртына чыкты да, Кедрон сайынын ары жак бетине өттү. Ал жакта бир бак бар эле. Ал шакирттерин ээрчитип, ошонун ичине кирди. 2 Ыйса бул жерде шакирттери менен тез-тез жолугушуп тургандыктан, Ага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да бул жерди билчү. 3 Ал римдик аскердин бир тобун жана жогорку динкызматчылар менен фарисейлер берген бир нече сакчыларды ээрчитип келди. Алардын колунда чырак, шамана жана курал бар эле. 4 Алдында эмне күтүп турганын билген Ыйса бактын ичинен чыгып, алардан: — Кимди издеп жүрөсүңөр? — деп сурады. 5 Алар: — Назареттик Ыйсаны! — деп жооп беришти. Ыйса: — Мен дал Ошонун Өзүмүн! — деди. Саткын Жүйүт да ошолор менен турган эле. 6 Ыйсанын «Мен дал Ошонун Өзүмүн!» дегенин угушканда, алар кетенчиктешип, жерге жыгылышты. 7 Ыйса аларга кайрадан: — Кимди издеп жүрөсүңөр? — деди. — Назареттик Ыйсаны, — дешти алар. 8 — Мен дал Ошонун Өзүмүн дедим го! Эгерде издегениңер Мен болсом, анда жанымдагыларды коё бергиле! — деди Ыйса. 9 Ыйсанын «Мага бергендериңдин бир да бирин жоготкон жокмун» деп айтканы ушундайча аткарылды. 10 Ошондо Ысман-Петир канжарын кынынан сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты. (Кулдун аты Малк эле.) 11 Бирок Ыйса Петирге: — Канжарыңды кынына сал! Же Атабыздын эркин аткарбашым керек деп ойлойсуңбу? — деди.

Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы

12 Аскер тобу менен миңбашы жана иудей башчыларынын сакчылары Ыйсаны кармап алып, колун байлашты. 13 Аны алды менен Анаска алып барышты. Ал ошол мезгилде башкы динкызматчы болуп турган Каяптын кайнатасы эле. 14 «Бүтүндөй эл ойрон болгондон көрө, ошол эл үчүн бир адамдын өлгөнү жакшы» деп иудей башчыларына кеңеш берген Каяп ушу болчу. 15 Ысман-Петир менен дагы бир шакирт Ыйсанын артынан жүрүп отурушту. Бул шакирт башкы динкызматчынын таанышы болгондуктан анын үйүнүн короосуна Ыйса менен бирге кирди. 16 Петир болсо дарбазанын сыртында калды. Башкы динкызматчынын таанышы болгон жанагы шакирт сыртка чыгып, дарбазачы малай кыз менен сүйлөшүп, Петирди да ичкериге киргизип алды. 17 Малай кыз Петирден: — Сен да ушу кишинин шакирти эмессиңби? — деп сурады. Петир: — Жок, — деп макул болгон жок. 18 Күн суук болгондуктан, кулдар менен сакчылар от жагып, тегеректеп, жылынып турушту. Петир да ошолордун арасында жылынып турду. 19 Башкы динкызматчы Ыйсадан Анын шакирттери жана берген таалими жөнүндө сурады. 20 Ыйса мындай деп жооп кайтарды: — Мен эл алдында ачык айтып келдим. Ар дайым синагогада, ийбадаткананын короосунда таалим берип жүрдүм. Мен эч нерсени жашыруун айткан жокмун. 21 Эмнеге Менден сурап жатасыз? Сөзүмдү уккандардан сураңыз, Менин эмне айтып жүргөнүмдү алар билишет. 22 Ыйса муну айтканда, ошол жерде турган сакчылардын бири Аны жаака чапты да: — Эй, башкы динкызматчыга да ушинтип жооп бересиңби? — деди. 23 — Туура эмес айтсам, далилдеп бер, эгер туура болсо эмнеге уруп жатасың? — деди Ыйса ага. 24 Ушундан кийин Анас Ыйсаны байлануу бойдон башка башкы динкызматчы — Каяпка жиберди. 25 Оттун табына жылынып турган Ысман-Петирден жанындагылар: — Сен да тигинин шакирттеринен эмессиңби? — деп сурашты. Ал: — Жок, — деп дагы макул болбоду. 26 Ошондо башкы динкызматчынын кулдарынын бири, Петир кулагын шылый чапкандын тууганы: — Сени бакта тигинин жанынан көрбөдүм беле, — деди. 27 Петир үчүнчү ирет танды. Так ошол кезде короз кыйкырды.

Ыйса Пилаттын алдында

28 Таң заарда иудей башчылары Ыйсаны Каяптын үйүнөн римдик губернатордун акимчилигине алып келишти. Дин боюнча башка улуттагылардын жайына кирүү адамды арам кылгандыктан, жогорку динкызматчылар акимчиликтин босогосун атташпады. Антпесе алар Куткарылуу майрамындагы тамакка катыша албай калмак. 29 Ошондуктан Пилат аларга өзү чыгып: — Бул кишиге кандай айып коюп турасыздар? — деп сурады. 30 Алар ага: — Бул кылмышкер болбосо алдыңызга алып келбейт элек, — деп жооп беришти. 31 Пилат: — Аны өзүңүздөр алып кетип, өз мыйзамыңыздар боюнча соттой бериңиздер! — деди. Иудей башчылары: — Бизде бирөөнү өлүм жазасына тартуу укугу жок, — дешти. 32 Өзүнүн кандай өлүүгө тийиштүү экенин алдын ала айткан Ыйсанын пайгамбардык сөзү ушундайча аткарылды. 33 Пилат акимчиликтин ичине кайра кирип, Ыйсаны чакыртып алды да: — Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады. 34 Ыйса: — Бул сөз өзүңүздөн чыктыбы же бул ушундай деп Мен тууралуу сизге башкалар айттыбы? — деди. 35 Пилат: — Мен, эмне, иудей белем! Сени мага өзүңдүн элиң менен жогорку динкызматчылар кармап келишти. Эмне иш кылып койдуң эле? — деп сурады. 36 Ыйса: — Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, кызматкерлерим Мени иудей башчыларынын колуна түшүрбөө үчүн күрөшмөк. Бирок Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес, — деп жооп берди. 37 Пилат андан: — Демек, падыша экенсиң да? — деп сурады. Ыйса ага: — Падыша экенимди өзүңүз айттыңыз. Мен акыйкатты жарыялаш үчүн төрөлдүм жана ошол максат менен дүйнөгө келдим. Ким акыйкат тарабында болсо, Менин үнүмдү угат, — деди. Пилат: 38 — Акыйкат деген эмне? — деп сурады да, кайра эл алдына чыгып, аларга мындай деди: — Мен андан эч кандай айып таппай турам. 39 Сиздердин салтыңыздар боюнча Куткарылуу майрамына карата дайыма бир кылмышкерди бошотуп берчү эмес белем. Мен сиздерге «иудейлердин падышасын» бошотуп берейинби? 40 Ошондо алар бир добуштан: — Аны эмес, Бараббаны! — деп, кыйкырышты. Барабба болсо каракчы эле. ‎

Жоокерлердин Ыйсаны мазакташы

19:1 Ушундан кийин Пилат Ыйсаны камчы менен сабаттырды. 2 Бир топ жоокер тикенектен таажы жасап, Ыйсанын башына кийгизишти да, кочкул кызыл чапанды желбегей жабышты. 3 — Жашасын иудейлердин падышасы! — деп алдына тура калып, шылдыңдашып, Аны жаакка чапкылашты. 4 Пилат кайрадан сыртка чыгып: — Караңыздар, мен муну сиздердин алдыңыздарга алып келе жатам: мен мындан эч кандай күнөө таба албадым, ошону билип коюңуздар, — деди. 5 Тикенек таажы менен кырмызы чапанчан Ыйса сыртка чыкты. Пилат элге: — Ал киши мына! — деди. 6 Жогорку динкызматчылар менен алардын сакчылары Ыйсаны көргөндө: — Жыгачка кадап сал аны, жыгачка! — деп кыйкырышты. Пилат аларга: — Силер кадагыла! Мен андан эч кандай күнөө таппадым! — деди. 7 Жогорку динкызматчылар ага: — Бизде мыйзам бар, ошол мыйзам боюнча бул өлүүгө тийиш. Себеби бул өзүн Кудай Уулумун деп, Кудайга акарат келтирип жүрөт, — дешти. 8 Пилат муну укканда, мурункудан бетер коркуп кетти. 9 Ал Ыйсаны кайрадан акимчиликтин ичине алып кирди да: — Сен кайдан келдиң? — деп сурады. Бирок Ыйса ага жооп берген жок. 10 — Мени менен сүйлөшкүң келбейби, ыя? Сени бошотуп жиберүү да, жыгачка кадап салуу да менин колумда экенин билбейсиңби? — деди. 11 — Көктөн берилбесе, Мага бийлигиңиз жүрбөс эле. Ошондуктан Мени кармап бергендин күнөөсү сиздикинен көбүрөөк, — деди. 12 Ушул сөздөн кийин Пилат Ыйсаны бошотуунун айласын ойлоду, бирок иудей башчылары: — Эгер бошотуп жиберсең, Рим падышасына дос эмессиң! Өзүн өзү падышамын деген ар ким падышага каршы, — деп кыйкырышты. 13 Ушул сөздөн кийин Пилат Ыйсаны сыртка чыгартып, Ташаянттагы (бул аянттын эврейче аталышы — Габата) сот орундугуна отурду. 14 Бул Куткарылуу майрамынан бир күн мурда, түшкө маал болгон эле. Пилат иудей башчыларына: — Мына, падышаңыздар! — деди. 15 Бирок алар: — Алып кет аны! Алып кет! Кадап сал жыгачка! — деп чуулдашты. Пилат аларга: — Мен жыгачка падышаңыздарды кадайынбы? — деп суроо берди. Жогорку динкызматчылар: — Биздин Рим падышасынан башка эч кандай падышабыз жок, — деп жооп беришти. 16 Акырында Пилат алардын айткандарына көнүп, Ыйсаны айкаш жыгачка кадоого буйрук берди. Ыйсаны кармап алып кетишти.

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

17 Ал Өз айкаш жыгачын Өзү көтөрүп, шаардан чыкты да, «Баш сөөк жайы» деген жерге карай бет алды. Бул жердин эврейче аталышы — Голгота. 18 Жоокерлер жазалана турган дагы эки адамдын ортосуна Ыйсаны коюп, айкаш жыгачка кадашты да, өйдө көтөрүп коюшту. 19 Пилат такта жасаттырып, айкаш жыгачтын өйдө жагына бекиттирди. Тактада «Бул — назареттик Ыйса, иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле. 20 Муну көптөгөн адамдар окушту, себеби Ыйса жыгачка кагылган жер шаардан алыс эмес эле, анын үстүнө жазуу эврейче, латынча жана грекче болчу. 21 Жогорку динкызматчылар Пилатка келип, мындай дешти: — «Иудейлердин падышасы» эмес, «Мынабу иудейлердин падышасымын деди» деп жазыңыз. 22 Пилат ага: — Бүттү, мен жазарымды жазып койдум, — деп жооп берди. 23 Жоокерлер Ыйсаны жыгачка кадагандан кийин, анын сырт кийимин төрткө бөлүп алышты. Көйнөгүн да алышты. Көйнөк башынан аягына чейин токулуп жасалган эле. 24 Андыктан алар бири бирине: — Муну айрыбастан чүчү кулак кармашып, кимге тиерин билелик, — дешти. Ыйык Жазууда «кийимимди бөлүп, өз ара чүчү кулак кармап жатышат»деп айтылган үчүн алар ушундай кылышкан эле. 25 Ыйса керилген айкаш жыгачтын жанында Анын энеси, таежеси, Клеоптун аялы — Мариям жана магдалалык Мариям карап турушкан. 26 Ыйса энеси менен анын жанында турган, өзгөчө жакшы көргөн шакиртин көргөндө, энесине: — Эми мынабу сиздин балаңыз болсун! — деди. 27 Андан кийин шакиртине: — Эми бул аял сенин энең болсун! — деди. Ошол сааттан баштап шакирти Ыйсанын энесин өз үйүнө алды. 28 Ыйса бардык тийиштүү нерселердин ордуна келгенин билип, Ыйык Жазуудагы сөздүн ырасталышы үчүн: — Суусадым, — деди. 29 Ал жерде начар шарап куюлган кумара турган эле. Ошондо бир соргучту андагы кычкыл ичимдикке малып, иссоп бутагына бекитишти да Ыйсанын оозуна такашты. 30 Ыйса аны татып көрүп: — Аткарылды! — деди да, башы шылк этип, жан берди. 31 Бул окуя жума күнү болуп, эртеси дем алыш күн эле. Иудей башчылары айкаш жыгачка кадалгандардын сөөктөрү дем алыш күнү жыгачтарда илинген бойдон калышын каалашпады. Ошондуктан Пилатка барышып, алардын шыйрактарын сындыра чаап, сөөктөрүн жыгачтан түшүрүп, алып таштоосун суранышты. 32 Ошентип жасоолдор келишти да, Ыйса менен бирге кадалган эки кишинин шыйрактарын сындыра чабышты. 33 Ыйсага келишип, Анын өлүп калганын көргөн соң, шыйрагын сындырышпады. 34 Бирок жасоолдордун бири Ыйсанын бооруна найзасын малып алды. Ошол замат кан менен суу чыкты. 35 Муну өз көзү менен көргөн киши силерди да ишенсин деп ушуларды жазды. Анын сөздөрү чын. Ал чындыгын айтып жатканын билет. 36 Ыйык Жазуудагы «Анын бир да сөөгү сынбайт!»деген сөз орундалууга тийиш эле, ошол үчүн ушундай болду. 37 Ыйык Жазуулардын дагы бир жеринде: «Алар өздөрү сайып салган кишини көрүшөт»деп жазылган.

Ыйсанын көргө коюлушу

38 Мындан кийин ариматиялык Жусуп деген киши Пилатка барды. Ал Ыйсанын шакирти болгону менен, мунусун иудей башчыларынан жашырып жүргөн болчу. Эми ал Пилаттан Ыйсанын сөөгүн көргө коюу үчүн алып кетүүгө уруксат берүүсүн суранды. Пилат макулдугун бергенде, Жусуп барып, сөөктү алып кетти. 39 Мурда бир жолу Ыйсага түн ичинде келип кеткен Никадим да маркумга сүйкөй турган мүр чайыры менен алой майынын жүз кадактай аралашмасын алып, ушул жерге келди. 40 Иудейлердин сөөк коюу салты боюнча алар маркумдун сөөгүн өздөрү алып келген жыттуу заттар менен шыбап, ак кепинге орошту. 41 Ыйса кадалган тушта бир бак болор эле, анда али эч ким коюла элек, жаңы оюлган бир көрбар болчу. 42 Дем алыш күн жакындап, анын үстүнө көр да жакын жерде болгондуктан, алар Ыйсанын сөөгүн ошонун ичине коюшту. ‎

Ыйсанын тирилиши

20:1 Жуманын биринчи күнү таң азанда магдалалык Мариям көргө келип, анын оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып калганын көрдү. 2 Ал Ысман-Петир менен Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып, аларга: — Эгебизди көрдөн алып кетишиптир! Кай жерге коюшканын билбейбиз — деди. 3 Петир менен ошол шакирт дароо шаардан чыгып, көргө бет алышты. 4 Экөө тең чуркаган бойдон жөнөп, бирок алиги шакирт Петирден ылдамыраак жүгүргөндүктөн, көргө биринчи жетти. 5 Анан эңкейип кепиндин жатканын көрдү да, бирок ичине кирбеди. 6 Ошол кезде анын артынан Ысман-Петир да жетип келип, түз эле көргө кирди. Ал да кепин менен Ыйсанын башын орогон сүлгүнүн жатканын көрдү. Бирок сүлгү кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан экен. 8 Анан биринчи болуп келген алиги шакирт көргө кирди. Ал көрдү да ишенди. 9 Ал кезде алар Ыйык Жазуулар боюнча Анын өлүмдөн кайра тирилүүгө тийиш экендигин алиге чейин түшүнүшө элек эле. 10 Ушундан кийин шакирттери үйлөрүнө кайтышты.

Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү

11 Мариям болсо үңкүрдүн жанында ыйлап турду. Ыйлап жатып, ал эңкейип, көрдүн ичин карады. 12 Ичинен ал ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен. 13 Периштелер ага: — Аялзаты, неге ыйлап турасың? — дешти. Ал периштелерге: — Эгемди алып кетишиптир, эми кай жерге коюшканын билбейм, — деди. 14 Ушуну айткандан кийин артына бурулган ал Ыйсанын турганын көрдү, бирок тааныбады. 15 Ыйса андан: — Аялзаты, неге ыйлап турасың? Кимди издеп жүрөсүң? — деп сурады. Мариям аны багбан экен деп ойлоп: — Мырза, аны алып кеткен сиз болсоңуз, кай жерге койгонуңузду айтыңызчы, мен алып келейин, — деди. 16 Ошондо Ыйса ага: — Мариям, — деди. Мариям Ыйсага бурулуп, эврейче: — Раббуни! — деди. Бул сөз «устатым» деп которулат. 17 Ыйса ага: — Мени кармаба, себеби Мен али Атабызга көтөрүлө элекмин. Боордошторума барып, Менин Атама — силердин да Атаңарга, Менин Кудайыма — силердин да Кудайыңарга көтөрүлөрүмдү айт! — деди. 18 Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Эгебизди көргөнүн жана Анын бул айткандарын кабарлап, айтып берди.

Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү

19 Ошол эле күнү кечинде Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулушуп, иудей башчыларынан корккондуктан, эшиктерин бекитип отурушкан эле. Капилеттен Ыйса ортосунда пайда болуп: — Ассалом алейкум! — деди. 20 Ыйса муну айткандан кийин, аларга эки колундагы жана боорундагы жараттарын көрсөттү. Шакирттери Эгесин көрүшкөнүнө өтө кубанып кетишти. 21 — Ассалом алейкум! — деди Ыйса экинчи ирет. — Асмандагы Атабыз Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди дүйнөгө жиберем. 22 — Ушундай деп, Ал шакирттерине демин үйлөп мындай деди: — Ыйык Рухту кабыл алгыла! 23 Кимдин күнөөсүн кечирсеңер, кечирилет, ал эми кимдин күнөөсүн кечирбесеңер, аларды Кудай да кечирбейт. 24 Он эки шакирттин бири Том-Эгиз Ыйса келген кезде алардын арасында жок эле. 25 Башка шакирттер: — Биз Эгебизди көрдүк, — дешкенде, ал: — Мен анын колунан кагылган мыктардын ордун көрүп, манжамды мыктардын изине, колумду бооруна тийгизмейинче, тирилгенине эч ишенбейм, — деди. 26 Бир жумадан кийин Ыйсанын шакирттери дагы ошол үйгө чогулушту, Том да алар менен бирге болчу. Эшик бекитилүү эле, бирок Ыйса келди да, ортого туруп: — Ассалом алейкум! — деди. 27 Андан кийин Томго кайрылып: — Менин колума манжаңды тийгизип, колумду боорума коюп көр да, ишенбөөчү болбой, ишенүүчү бол! — деди. 28 Том ага: — Эгем менин! Кудайым менин! — деди. 29 Ыйса ага: — Том, сен Мени көргөндүгүңдөн ишенип жатасың, бирок көрбөй туруп ишенгендер кандай бактылуу, — деди. 30 Ыйса шакирттеринин көз алдында бул китепте жазылбаган башка дагы көптөгөн ажайып-жышаандарды көрсөттү. 31 Ал эми мунун баары силер Ыйсанын Машаяк, Кудай Уулу экенине ишенип, ишенгениңерден улам чыныгы өмүргө ээ болсун деген максат менен жазылды. ‎

Ыйсанын көл жээгинен шакирттерине көрүнүшү

21:1 Мындан кийин Ыйса Тиберия көлүнүн жээгинде дагы бир жолу шакирттерине көрүндү. Бул мындайча болду: 2 Ысман-Петир, Том-Эгиз, Галилеядагы Каана шаарынан чыккан Натанайыл, Зебедейдин уулдары жана Ыйсанын дагы эки шакирти бирге жүрүшкөн. 3 — Балык кармаганы баратам, — деди Ысман-Петир аларга. Алар: — Биз да барабыз, — дешти да, сыртка чыгып, кайыкка түшүштү. Бирок бул түнү алар эч нерсе кармай алышпады. 4 Таң эрте Ыйса жээкте турган эле. Шакирттери болсо анын Ыйса экенин билишкен эмес. 5 Ыйса аларга: — Эй, балдар, балыгыңар барбы? — деди. — Жок! — деп жооп беришти шакирттери. 6 — Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар, — деди Ыйса. Алар торун таштап, түшкөн балыктын көптүгүнөн кайра тартып чыгара алышпады. 7 Ошол кезде Ыйсанын жакшы көргөн шакирти: — Бул Эгебиз го, — деди Петирге. «Бул Эгебиз!» дегенди укканда, сырт кийимсиз жүргөн Ысман-Петир көйнөгүн байлана калып, сууга секирди. 8 Башка шакирттери болсо кайык менен жээкке жөнөштү, анткени алар жээктен алыс эмес, жаа атымдайаралыкта жүрүшкөн. Ошентип алар балыкка толгон торду сүйрөтүп келишти. 9 Жээкке чыкканда, чоктун үстүндөгү балык менен нанды көрүштү. 10 Ыйса аларга: — Балыгыңардан алып келгиле! — деди. 11 Ысман-Петир кайыкка барып, чоң балыкка толгон торду жээкке тартып чыгарды. Тордо жүз элүү үч чоң балык бар экен. Балык ушунча көп болсо да, тор жыртылбаптыр. 12 Ыйса аларга: — Эми келип тамактангыла! — деди. Шакирттеринин эч кимиси «сен кимсиң?» деп суроого батынышпады. Бул киши өздөрүнүн Эгеси экендигин алар билип калышкан. 13 Ыйса басып келип, нанды алып, аларга берди. Балыктан да берди. 14 Бул Ыйсанын өлүмдөн кайра тирилгенден берки шакирттерине үчүнчү жолу келүүсү эле.

Ыйсанын Петирге берген тапшырмасы

15 Алар тамактанып алгандан кийин Ыйса Ысман-Петирден: — Жакан уулу Ысман, буларга караганда Мени сен көбүрөөк сүйөсүңбү? — деп сурады. — Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Өзүң деле билесиң, — деди Петир. Ошондо Ыйса ага: — Козуларымды бак! — деди. 16 Ыйса андан экинчи ирет: — Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? — деп сурады. Петир: — Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Сен билесиң го, — деп жооп кайтарды. Ыйса ага: — Койлорумду кайтар! — деди. 17 Ыйса үчүнчү жолу: — Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? — деп сурады. «Сен Мени жакшы көрөсүңбү?» деп үчүнчү ирет сурагандыктан Петир капа болуп: — Эгем, Сен баарын билесиң да, Сени жакшы көрөрүмдү да билесиң, — деди. Ошондо Ыйса ага мындай деди: — Койлорумду бак! 18 Сага бир чындыкты айтып коёюн: жаш кезиңде кайда баргың келсе, өзүң чеччүсүң, карыганыңда колуңду сунуп бересиң, башка бирөө байлайт да, каалабаган жагыңа алып барат, — деди. 19 (Ыйса бул сөздөрдү Петирдин кандайча өлүп, Кудайды улуулукка бөлөөрүн билдирүү үчүн айтты.) Ушундан кийин ага: — Менин артыман түш! — деди.

Ыйса жана Анын жакшы көргөн шакирти

20 Петир артын карап, Ыйсанын өзгөчө жакшы көргөн шакиртинин ээрчип келатканын көрдү, ал дасторкон башында Ыйсанын жанында жамбаштап жатып: «Эгем, Сени сатып кетчү ким?» — деп сураган шакирт эле. 21 Петир ошол шакиртти көргөндө: — Эгем, а булчу? — деди. 22 Ыйса: — Кааласам, Мен кайтып келгенче ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне? Сен болсо Менин артыман түш! — деп жооп берди. 23 Мындан кийин Ыйсага ишенгендердин арасында «бул шакирт өлбөйт» деген сөз тарап кетти. Бирок Ыйса Петирге «өлбөйт» деген эмес, «кааласам Мен кайтып келгенче ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне?» деген эле. 24 Ушунун баарына күбө болуп, жазып алган ошол шакирт.Биз анын жазгандары чындык экенин билебиз. 25 Ыйса жасаган дагы башка көп нерселер бар. Алардын баарын бир-бирден жазып чыга турган болсо, анда жазылган китептер, менимче, бул дүйнөгө сыйбай кетмек.