Кат башы

1:1 Урматтуу Теопил, арабызда болуп өткөн окуяларды көп адамдар аңгеме кылып жаза башташты. 2 Биз бул окуяларды тээ башынан бери аларды өз көзү менен көрүп, күбө болгон Жакшы Кабар жарчыларынан уккан элек. 3 Эми, ошол окуялардын баарын баштан-аяк кылдаттык менен изилдеп чыккан соң, мен да сизге ырааты менен жазып жиберүүнү туура таптым. 4 Менин максатым — мурдагы сиз алган таалимдердин аныгын билдирүү.

Жакыя пайгамбардын дүйнөгө келери тууралуу кабар

5 Иудея аймагынын падышасы Ироддун убагында Абыяуруусунан чыккан Закир аттуу бир динкызматчы болгон. Аялы Элизабет да Арун уруусунан эле. 6 Экөө тең Кудай алдында ак жашап, Эгебиздин бардык осуят-парыздарын так аткарышчу. 7 Элизабет төрөбөгөндүктөн, алар балалуу болушкан эмес. Ал экөө улгайып да калышкан эле. 8 Закир ошол кезде өз уруусунун кезеги келип, динкызматчы катары Кудайга кызмат кылып жүргөн. 9 Бир күнү динкызматчылар арасындагы салт боюнча чүчү кулак кармашканда, Закирге Эгебиздин ийбадатканасына кирип, жыттуу чайыр түтөтүү милдети тийди. 10 Ал бул милдетин аткарып жатканда, калың эл сыртта сыйынып турду. 11 Ошондо чайыр түтөтө турган тактанын оң капталында Эгебиздин периштеси пайда болду. 12 Аны көргөн Закир селт этип, коркуп кетти. 13 Бирок периште ага: — Закир, коркпо! Сыйынган үнүң Кудайга жетти. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, атын Жакыя койгун. 14 Кубанычың койнуңа батпай, сүйүнөсүң. Анын туулушу көп адамдарды кубанычка бөлөйт. 15 Эгебиздин алдында мартабасы бийик болот. Арак-шарапты оозуна албайт. Энесинин ичинен эле Ыйык Рухка толот. 16 Ысрайыл урпактарынын көбүн өздөрүнүн Кудай Эгесине кайра алып келет. 17 Аталарынын көңүлүн балдарына буруп, тоң моюндардын жүрөгүн жибитип, Эгебиздин келишине элди даярдаш үчүн Илияс пайгамбардын күч-кудурети менен Эгебизден мурда келет, — деди. 18 — Муну мен кантип биле алам? Өзүм карыдым, кемпирим да улгайып калды, — деп сурады Закир периштеден. 19 Периште: — Мен Кудай алдында турган Жебирейилмин. Сага ушул кабарды сүйүнчүлөш үчүн жиберилген элем. 20 Убагы келгенде, айткан сөзүм аткарылат. Бирок сөзүмө ишенбей койгонуң үчүн тилден калып, айтканым аткарылган күнгө чейин сүйлөбөйсүң, — деди. 21 Бул арада Закирди күтүп турган эл анын ийбадатканада мынчалык кармалганына таң калып турушту. 22 Закир эл алдына чыкканда, сүйлөй албады. Ошондо анын ийбадаткананын ичиндеги ыйык бөлмөдөнаян көргөнүн түшүнүштү. Ал кол жаңсап, сүйлөй албай, дудук болуп калды. 23 Диний милдети бүткөн соң, Закир үйүнө кайтты. 24 Көп узабай эле Элизабет кош бойлуу болду. «Эл алдында "төрөбөс" деген атка калтырбай, Эгем мага назарын салды», — деп ал беш ай бою үйүнөн чыкпады.

Кудай жиберген Куткаруучунун дүйнөгө келери тууралуу кабар

26 Элизабеттин боюндагы баласы алты айлык болгондо, Кудай Жебирейил периштени Галилея аймагындагы Назарет шаарында жашаган Мариям аттуу бир кызга жиберди. 27 Ал Дөөт падышанын тукумунан чыккан Жусуп деген кишиге башы байланган эле. 28 Периште Мариямга келип: — Амансыңбы, Кудайдын мээри түшкөн кыз! Эгебиз сага жар болсун! — деди. 29 Бул сөздү укканда, Мариям абдан таң калды. «Бул кандай саламдашуу болуп кетти?» — деп ойлонуп туруп калды. 30 Ошондо периште мындай деди: — Мариям, коркпогун, сага Кудай ырайым кылды. 31 Кош бойлуу болосуң да, уул төрөйсүң. Атын Ыйса кой! 32 Ал улуу инсан болуп, Кудай Тааланын Уулу аталат. Кудай Эгебиз Ага бабасы Дөөттүн падышалык тактысын берет. 33 Ал Ысрайыл элине түбөлүк падышалык кылып, Анын падышачылыгына чек болбойт. 34 — Бул кандайча болот, мен али күйөөгө чыга элекмин да? — деди Мариям периштеге. 35 — Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт да, сага Кудай Тааланын кудуретинин көлөкөсү тиет. Мына ошол себептен төрөлө турган ыйык бала Кудай Уулу аталат. 36 Эжең Элизабетти карачы! Адамдар аны «төрөбөс» дешчү эле, бирок ал да азыр, карыган чагында, боюна эркек бала бүтүп, кош бойлуу болгонуна алты ай болуп калды. 37 Себеби Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок, — деп айтты периште. 38 Ошондо Мариям: — Мен Эгебиздин кулумун. Айтканыңыздай болсун, — деди. Анан периште көздөн кайым болду.

Мариямдын Элизабетке барышы

39 Ушул окуядан кийин Мариям шашылыш түрдө Иудеянын тоолуу жериндеги шаарга жөнөдү. 40 Анда жашаган Закирдин үйүнө кирери менен Элизабет менен учурашты. 41 Мариямдын үнүн укканда, Элизабеттин курсагындагы бала туйлап кетти. Элизабет Ыйык Рухка толуп, кубанганынан мындай деп кыйкырып жиберди: 42 — Сен аялдардын ичинен таалайлуусуң. Ичиңдеги балаң да таалайлуу. 43 Эгемдин энеси мага келгендей мен ким элем? 44 Саламыңды укканда, ичимдеги балам сезип, туйлап жиберди. 45 Ишеними бар, бактылуу жан экенсиң. Себеби сага айткан сөздөрүн Эгем сөзсүз орундатат.

Мариямдын кубаныч ыры

46 Мариям болсо мындай деди: — Эгемди жаным урматтайт. 47 Куткаруучум — Кудайым Абдан мени сүйүнттү, 48 Назарын салып кулуна Моюн сунганым көрдү. Эми бардык урпактар, «Таалайлуу» деп аташып, Атымды даңазалашат. 49 Кудуреттүү Кудайым Мага чоң урмат көрсөттү. Ысмы ыйык Кудайдын, 50 Андан корккон пенделер, Укумдардан тукумга, Мээримине бөлөнөт. 51 Кудурети менен Ал, Улуу иштер жасаган: Көпкөндөрдүн ниетин, Чачыратып, кыйраткан. 52 Күчтүүлөрдү тактыдан Ал шыпырып түшүргөн. Алсыздарды көтөргөн, 53 Мусаапыр, ачыккандарга Берекесин мол төккөн. Байларды кур кол жөнөткөн. 54 Түп атабыз Ыбрайымга Жана да урпактарына Боломун деген мээримдүү, Сөздөрүн эстеп убада, Кызматчысы Ысрайылга Ар дайым көмөк көрсөткөн. 56 Мариям үч айдай эжесинин жанында болуп, анан үйүнө кайтты.

Жакыя пайгамбардын дүйнөгө келиши

57 Элизабет ай-күнүнө жетип, уул төрөдү. 58 Эгебиздин ага кылган бул ырайымын коңшу-колоңдору, тууган-туушкандары угуп, алар да Элизабеттин кубанычына ортоктош болушту. 59 Бир жума дегенде, алар баланы сүннөткө олтургузуп, Закир деп атасынын атын коймокчу болушту. 60 Бирок энеси: — Жок, аты Жакыя болот! — деп каршы чыкты. Алар: 61 — Сенин уругуңда мындай аттуу эч ким жок го, — дешти да, 62 кол жаңсап, атасынан кандай ат койгусу келерин сурашты. 63 Атасы колуна бир тактай алды да, «ысымы Жакыя болсун» деп жазып койду. Буга баары таң калышты. 64 Ошол эле замат Закирге тил кирип, Кудайды алкай баштады. 65 Айланада жашагандардын баарын Кудайдын коркунучу каптап, бүтүндөй тоолуу Иудеяда бул окуялардын тегерегинде кеп-сөз жүрдү. 66 «Бул бала ким болор экен?» — дешип, уккандардын баары бул окуяларды эсине түйүштү. Анткени баланы кудуреттүү Эгебиз Өзү колдогону анык эле.

Закирдин пайгамбарлык сөзү

67 Баланын атасы Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарлык сөзүн айтты: 68 — Ысрайылдын Кудайы — Эгебизге алкыш-даңк! Анткени Ал элине Келди дагы, куткарды. 69 Өз кулунун — Дөөттүн Тукумунан жаратып, Кудуреттүү Куткаруучу Мына эми жиберди. 70 Тээ мурдатан касиеттүү Пайгамбарлар аркылуу Кудай бизге айткандай, 71 Касташкандарыбыздан Жек көргөндүн баарынан Бизди келип куткарар. 72 Ата-бабаларыбызга Ырайымдуу болом деп, Өз ыйык келишимин Түбөлүк унутпайм деп, 73 Бабабыз Ыбрайымга Берген антын эстеп, Ал 74 Айыгышкан жообуздун Колдорунан кутказат. Эч нерседен коркпостон, 75 Өмүр бою алдында Ыйык жана адилет Болуп кызмат кылабыз. 76 Сен болсо, оо, наристем, Кудайыбыз Тааланын Пайгамбары аталып, Жараткан Өз элинин Күнөөлөрүн кечирип Куткарарын билдирип, Эгебиздин алдынан Жол даярдап чыгасың. Өз элине кайрымдуу Жана дагы мээримдүү Кудайыбыз мына эми Бизге ичи элжиреп, Куткаруунун ак таңын Жаркыратат асмандан, Караңгы менен өлүмдүн Болгондорго алдында Чачыратат жарык-нур, Тынчтыгына алпарган Ак жолуна багыттайт. 80 Ал эми бала эрезеге жетип, эл алдына чыкканча ээн чөлдө жашады. ‎

Куткаруучу Машаяктын дүйнөгө келиши

2:1 Ошол күндөрү Рим падышасы Август мамлекетте жашаган элдин баары каттоодон өтсүн деген буйрук чыгарды. 2 Бул губернатор Кирини Сирия жерин бийлеп турган кездеги биринчи эл каттоо болчу. 3 Элдин баары катталуу үчүн өз-өз шаарларына жөнөштү. 4 Жусуп да Галилеянын Назарет шаарынан Иудеядагы Дөөт шаары — Бейтлехемге жөнөдү. Себеби ал Дөөт тукумунан эле. 5 Сөйкө салынып, Жусупка башы байланган, кош бойлуу Мариям да бирге барды. 6 Алар шаарга келгенде, жата турган жайда орун жок болгондуктан, ай-күнү жетип турган Мариям тун уулун малканада төрөп, баланы ороду да, акырга жаткырып койду.

Койчулар жана периштелер

8 Ошол жерде түнкүсүн талаада койлорун кайтарып койчулар жүрүшкөн. 9 Күтүлбөгөн жерден алардын алдында Эгебиздин периштеси пайда болуп, Эгебиздин улуу нуру айлананы жарык кылып жиберди. Койчулар аябагандай коркуп кетишти. 10 Бирок периште аларга: — Коркпогула! Мен бүтүндөй элди сүйүнтө турган улуу кубанычты кабарлап жатам: 11 Бүгүн Дөөт шаарында силердин Куткаруучуңар дүйнөгө келди. Ал — Эгебиз Машаяк. 12 Мына бул нерсе силер үчүн жышаан болсун: силер акырда оролуу жаткан наристени көрөсүңөр, — деди. 13 Аңгыча периштенин жанында дагы башка көптөгөн периштелер пайда болушту да: 14 — Көктө Кудайга урмат болсун! Жер бетинде Анын сүйгөн жандарына тынчтык болсун! — деп Кудайды даңкташты. 15 Периштелер асманга кетишкенде, койчулар бири бирине: — Жүргүлө, Бейтлехем шаарына барып, Эгебиз бизге билдирген бул жаңылыкты көрүп келели, — дешти. 16 Алар тез эле шаарга келишти да, Мариямды, Жусупту жана акырда жаткан наристени көрүштү. 17 Көрүшкөн соң, наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти. 18 Муну уккандардын баары койчулардын сөзүнө таңданышты. 19 Мариям болсо баарын көңүлүнө түйө берди. 20 Койчулар Кудайды даңктап, Ага мактоо айтып, кайра кайтышты, анткени көргөндөрүнүн баары периштенин айтканындай болуп чыккан эле.

Наристеге Ыйса деген ысымдын коюлушу

21 Бир жума өткөн соң, баланы сүннөткө олтургуза турган маал келди. Ошондо бала бойго бүтөрдөн мурда периште атап кеткендей эле атын Ыйса коюшту.

Ата-энесинин Ыйсаны Кудайга табыштоосу

22 Муса пайгамбардын китебинде жазылган мыйзам боюнча алардын адалдануу мөөнөтүаяктаганда, баланы Эгебиздин алдына алып баруу үчүн Иерусалимге алып келишти. 23 Анткени Эгебиздин мыйзам китебинде: «Ар бир биринчи төрөлгөн эркек бала Эгебиздики!»— деп жазылган. 24 Алар Эгебиздин мыйзамы боюнча эки бактекти же көгүчкөндүн эки балапанын курмандык үчүн алып келүүгө милдеттүү эле. 25 Ошол убакта Иерусалимде Шемон аттуу адам жашаган. Ал Ысрайыл элинин азаттыкка чыгар мезгилин күтүп жүргөн адил, такыбаа, Кудайдын Ыйык Руху даарыган киши болчу. 26 Ыйык Рух ага: «Жараткан Эгенин Машаягын көргүчө өлбөйсүң» — деп алдын ала айткан эле. 27 Ошол күнү ал Ыйык Рухтун жетегинде ийбадатканага келген. Тоораттагы мыйзамда көрсөтүлгөндөй, баланы Кудайга табыштоо расмисин аткаруу үчүн ата-энеси Ыйсаны алып келгенде, 28 Шемон наристени колуна алды да, Кудайга алкыш айтып, мындай деди: 29 — Оо, Эгем, Өзүң мурда айткандай, Кулуң эми тынчтык менен көз жумсун. 30 Бүт элдерге даярдаган куткарууңду, Башка элдердин көзүн ачар нуруңду, Өз элиңдин, Ысрайылдын сыймыгын Эми мына көрдү менин көздөрүм. 33 Наристе тууралуу айтылган бул сөздөргө ата-энеси таң калды. 34 Шемон аларга батасын берди да, Мариямга: — Бул бала Ысрайылдагы көптөгөн адамдардын кулап калышына жана өйдө көтөрүлүүсүнө себепкер болот. Жашыруун сырларды ачыкка чыгаруучу талаш-тартыштардын белгиси болот. 35 Өзүңдүн да жүрөгүңө канжар сайылат, — деп айтты. 36 Ашыр уруусунан чыккан Пануилдин кызы Анна аттуу пайгамбар аял да ошол жерде жүргөн. Ал күйөөсү менен болгону жети жыл бирге жашап, анан жесир калган эле. 37 Сексен төрт жаштагы бул аял киши орозо кармап, сыйынып, күнү-түнү Кудайга табынып, ийбадатканадан чыкчу эмес. 38 Ал Ыйсага басып келип, Кудайыбызды алкыштады да, Иерусалимдин боштондукка чыгар күнүн күтүп жүргөндөрдүн баарына наристе бала жөнүндө айта баштады. 39 Жусуп менен Мариям Эгебиздин мыйзамындагы парыздардын баарын аткарып бүтүшүп, Галилеядагы өз шаарына кайтышты. 40 Бала болсо Кудайдын берекелүү батасына маарып, акылга толуп, чоңоё берди.

Ыйса Атасынын үйүндө

41 Ыйсанын ата-энеси жыл сайын Куткарылуу майрамына Иерусалимге келип турушчу. 42 Ыйса он эки жашка чыкканда, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамдаганы келишти. 43 Майрам бүтүп, үйүнө кайтып баратышканда, Ыйса Иерусалимде калып калды. Ата-энеси муну билбей, 44 башка жолоочулар менен жүрсө керек деп ойлошту. Бир күндүк жолду басып өтүшкөндөн кийин, Аны туугандары менен тааныштарынын арасынан карашып, 45 таппаган соң, кайра Иерусалимге издеп келишти. 46 Үч күн өткөндө, устаттардын кебин тыңшап, суроо берип, ийбадаткананын короосунда олтурган жеринен табышты. 47 Ыйсаны уккандар Анын зээндүүлүгүнө жана айткан жоопторуна таң калып олтурушкан экен. 48 Ата-энеси да Ыйсаны көргөндө таң калышты, бирок энеси Ага: — Балам, бул эмне кылганың?! Мына, атаң экөөбүздүн шорубуз катып, Сени издеп, барбаган жерибиз калбады! — деди. 49 Ыйса аларга: — Мени издөөнүн эмне кереги бар эле? Атамдын үйүндө болушум керек экенин билген эмес белеңер? — деп жооп берди. 50 Бирок Жусуп менен Мариям Анын сөзүнүн маанисин түшүнүшкөн жок. 51 Ыйса ата-энеси менен Иерусалимден Назаретке келди. Ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо мунун баарын көңүлүнө бекем түйдү. 52 Ыйсанын ою да, бою да өсүп, Кудайга да, адамдарга да сүйкүмдүүлүгү артты. ‎

Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы

3:1 Рим мамлекетине Тиберий башчылык кылганы он беш жылга караган кез эле. Иудея аймагына Понтий Пилат губернатор болуп, Галилея аймагына Ирод, Итурея менен Трахонит аймактарына Ироддун иниси Филип, Абилен аймагына Лусаний акимчилик кылып турушкан. 2 Ал эми Анас менен Каяп жогорку динкызматчылар болгон. Ошолордун тушунда чөлдө күн өткөргөн Закирдин баласы Жакыяга Кудайдан сөз түштү. 3 Ошондон баштап, Жакыя Иордан дарыясынын айланасындагы бардык аймактарды кыдырып, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниетти өзгөртүүнү жана сууга чөмүлүү расмисинен өтүүнү жар салып жүрдү. 4 Ышая пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган жери бар: «Жар салгандын чөлдө үнү угулат: "Даяр кылган Эгебиздин жолдорун, Талаадагы басар жерин түздөгүн! 5 Кокту-колот толтурулсун бардыгы, Түздөтүлсүн тоо-дөбөнүн бардыгы. Ийри-буйру жолдор дагы оңдолсун, Тегизделсин өңгүл-дөңгүл жерлер да. 6 Мына ошондо тирүү жандын бардыгы Кудайымдын куткаруусун көрүшөт"». 7 Көп адамдар сууга чөмүлүү расмисинен өтүү үчүн Жакыя пайгамбардын алдына келишти. Жакыя аларга карап, мындай деди: — Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан кантип качууну силерге ким көрсөттү эле? 8 Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! Өзүңөрчө: «Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат. 9 Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат. 10 Эл андан: — Эми биз эмне кылышыбыз керек? — деп сурады. 11 — Эки кийими барыңар бирин кийими жокко бергиле, тамак-ашы барыңар да ошенткиле, — деди ал. 12 Сууга чөмүлүү расмисинен өткөнү келгендердин арасында салыкчылар да бар эле. Алар Жакыяга келишип: — Устат, биз эмне кылышыбыз керек? — дешти. 13 Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла! — деп жооп берди Жакыя аларга. 14 Аскер адамдары сурашты: — Бизчи? Кандай кылышыбыз керек? Жакыя аларга: — Эч кимди зордобогула, кордобогула жана алган айлыгыңарга ыраазы болгула, — деп жооп берди. 15 «Машаяк ушул болду бекен?» — деп үмүттөнүп, күтүп турган жамы журтка Жакыя мындай деди: 16 — Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жүрөм, менден алда канча кудуреттүү бирөө келе жатат. Мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт. 17 Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампасына жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат. 18 Жакыя элге дагы башка көп насааттарды айтып, Жакшы Кабарды жарыялады. 19 Ал аймак башчысы Ироддун да кылгандарын айтып, ашкере кылды. Ирод бир тууган инисинин аялы Иродияны алып, жана башка дагы көп жамандыктарды жасаган эле. 20 Анысы аз келгенсип, үстүнө дагы кошуп, Жакыяны түрмөгө камады.

Ыйсанын чөмүлүү расмисинен өтүшү

21 Эл сууга чөмүлүү расмисинен өтүп жатканда, Ыйса да чөмүлдү. Чөмүлгөндөн кийин, сыйынып турганда, асман ачылып, 22 көгүчкөн кейпинде Ыйык Рух үстүнө түштү. Ошондо көктөн: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» — деген үн чыкты.

Ыйсанын ата теги

23 Ыйса Өз кызматын баштаганда отуз жаштын тегерегинде болчу. Ал адамдардын ою боюнча Жусуптун уулу деп эсептелчү. Демек, Анын санжырасы мындай: Ал Жусуптун, Элийдин, 24 Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун, 25 Мататайдын, Амостун, Ноомдун, Эслинин, Нагайдын, 26 Мааттын, Мататайдын, Шимейдин, Жасектин, Жоданын, 27 Жаханандын, Ырыстын, Зоробабылдын, Шелтиелдин, Неринин, 28 Мелхинин, Адынын, Косамдын, Элмадамдын, Эрдин, 29 Жашыянын, Элийезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин, 30 Шемондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, Элиякимдин, 31 Мелейдин, Меннанын, Мататтын, Натандын, Дөөттүн, 32 Жесейдин, Абыттын, Обоздун, Шалмондун, Наасондун, 33 Аминадаптын, Рамдын, Эсрондун, Перестин, Жүйүттүн, 34 Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Терахтын, Нахордун, 35 Серухтун, Регунун, Пелектин, Эбердин, Шеланын, 36 Кайнандын, Арпакшаттын, Шемдин, Нухтун, Лемектин, 37 Матушалдын, Анактын, Эреттин, Махалалилдин, Кайнандын, 38 Эноштун, Шеттин, Адам атанын, Кудайдын Уулу. ‎

Шайтандын сыноосу

4:1 Ыйык Рухка толгон Ыйса Иордандан кайтып келе жатып, Анын таасири астында чөлгө барды. 2 Чөлдө кырк күн бою ибилистин сыноосунан өттү. Кырк күн эч нерсе жебегендиктен, бул күндөр өткөндө абдан ачка болду. 3 Ошондо ибилис Ага: — Кудайдын Уулу болсоң, мына бул ташка буюрчу, нан болуп калсын! — деди. 4 Ыйса ага мындай жооп берди: — Ыйык Жазууда: «Адам жалаң эле нан менен жашабайт!»— деп жазылган. 5 Мындан соң, ибилис Ыйсага кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн бардык падышачылыктарын көрсөтүп: 6 — Ушул падышачылыктардын үстүнөн болгон толук бийликти, алардын атак-даңкын сага берем. Анткени мага укук берилген: аны кимге кааласам, ошого бере алам. 7 Сен мага табынсаң, баары сеники болот, — деди. 8 Ыйса ага: — Ыйык Жазууда: «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!»деп жазылган, — деп жооп берди. 9 Ошондо ибилис Аны Иерусалимдеги ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп: — Эгер Кудайдын Уулу болсоң, ушул жерден боюңду таштап жиберчи! 10 «Кудай Өзүнүн периштелерине сени сактоону буйрат, 11 ташка бутун уруп албасын деп, алар сени колдоруна көтөрүшөт»— деп жазылган эмеспи, — деди. 12 Ыйса ага мындай жооп берди: — «Кудай Эгеңди сынаба!»— деп жазылган. 13 Ибилис Ыйсаны бардык жагынан сынап бүткөн соң, Андан убактылуу кетип калды.

Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы

14 Ыйык Рухтун күчүнө толгон Ыйса Галилеяга кайтып келди. Ал жөнүндө кабар жер-жерлерге тарады. 15 Ыйса синагогаларга кирип, элге таалим берип, алардын мактоосуна арзыды. 16 Бир күнү Ал Өзү өскөн Назарет шаарына келди. Адатынча дем алыш күнү синагогага барды. Ал Ыйык Жазуудан окуп берүү үчүн ордунан турганда, 17 Ага Ышая пайгамбардын китебин сунушту. Ыйса китепти ачып, мындай деп жазылган жерин тапты: 18 «Эгемдин Руху үстүмдө, Анткени Ал Мени тандады, Жакшы Кабар айтууга Жакырларга дайындап. Бошонорун туткундар, Сокурлардын көздөрү Көрөрүн кабар кылууга Жана эзилгендерди Эркиндикке чыгарууга, 19 Эгебиздин кечирим Бере турган мезгилин — Ырайым кылар жылын да Жар салууга жөнөттү». 20 Ыйса китепти жаап, кызматчыга кайтарды да, таалим берүү үчүн жайгашып отурду. Синагогадагы элдин баары тең Аны тигиле карашты. 21 Ошондо Ыйса: — Силер уккан Ыйык Жазуудагы сөздөр бүгүн аткарылды, — деди. 22 Баары Ага ыраазы болушту да, оозунан чыккан кереметтүү сөздөргө таң калышып: — Ой, бул Жусуптун эле баласы эмеспи? — дешти. 23 — «Дарыгер болсоң өзүңдү айыктыр!» деген макалды айтарыңар бышык, — деди Ыйса аларга, — «Капарноомдо кылгандарыңды бул жерде, өз мекениңде да кыл» дээрсиңер. 24 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: өз элинде пайгамбардын кадыры жок болот. 25 Чын айтып жатам: Илияс пайгамбардын тушунда үч жыл алты ай бою асмандан тып эткен тамчы тамбай, бардык жерде ачарчылык болгондо, Ысрайылда жесирлер көп эле. 26 Бирок Кудай Илияс пайгамбарды ошолордун эч кимисине жибербестен, Сидон аймагындагы Сарепта шаарында жашаган бир жесирге алып барды. 27 Элиша пайгамбардын тушунда да Ысрайылда пес дартына чалдыккандар көп болгон, бирок алардын бири да айыкпастан, сириялык Нааман аттуу киши гана айыккан. 28 Муну укканда, синагогада отургандардын баары катуу ачууланышты. 29 Тура калышып, Ыйсаны шаардын сыртына кууп чыгышты да, ылдый кулатмакчы болуп, шаар жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты. 30 Бирок Ыйса аларды аралап өтүп, кетип калды.

Жинге чалдыккан киши

31 Ыйса Галилеядагы Капарноом шаарына түшүп келди да, дем алыш сайын элге таалим берип жатты. 32 Адамдар Анын таалимине таң калып жатышты, себеп дегенде Анын сөзүндө кудурет бар эле. 33 Бир күнү синагогада жинге чалдыккан бир киши жүргөн. Ошол киши кыйкырып жиберди: 34 — Эй, назареттик Ыйса! Биз менен кандай ишиң бар? Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя? Мен билем Сенин ким экениңди: Сен — Кудайдын ыйыгысың! 35 Ыйса жинди тыйып: — Үнүңдү бас! Бул кишиден чыгып кет! — деди. Жин ошол кишини турган жеринде жыгып, эч кандай зыян келтирбестен, чыгып кетти. 36 Элдин баарынын үрөйү учуп, өз ара: — Кара күчтөрдү бийлик менен чыгара кууган, бул кандай кудурет болду экен? — дешти. 37 Ошентип, туш-туш жакка Ыйса жөнүндө сөз тарап кетти.

Ыйсанын көп адамды айыктырышы

38 Ыйса синагогадан чыгып, Ысмандын үйүнө келди. Үйдө анын кайненеси ысытма болуп, катуу ооруп жатыптыр. Ыйсадан аны көрүп берүүсүн суранышты. 39 Ыйса аялдын маңдайына басып келип, ысытманы басар замат, ал куландан соо тура калып, дароо конокторун тейлей баштады. 40 Күн батканда элдин баары ар кандай оорулууларды Ыйсага алып келе башташты. Ыйса ар биринин үстүнө колун коюп, аларды айыктырып жатты. 41 Көп адамдардын ичинен жиндер: «Сен Кудай Уулусуң!» — деп бакырып, чыгып кетип жатты. Ыйса аларга Өзүнүн Машаяк экенин айтууга тыюу салды, анткени жиндер Анын Машаяк экенин билишчү.

Ыйсанын синагогаларда Жакшы Кабар айтышы

42 Таң атканда, Ыйса ээн жерге барды. Калың эл Аны издеп келип, кетирбестен өздөрү менен алып калгылары келди. 43 Бирок Ыйса аларга: — Мен башка шаарларга да Кудай Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабарды жеткиришим керек, анткени Кудай Мени ошол максат менен жиберген, — деди. 44 Ошентип, Ыйса Иудея жериндеги синагогаларда элге Жакшы Кабарды жар салып жүрдү. ‎

Ыйсанын алгачкы шакирттерин тандашы

5:1 Бир күнү Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде турган эле. Кудай сөзүн угууга келген эл көп болгондуктан кысылып турду. 2 Ошондо Ыйса жээктен эки кайыкты көрдү. Кайыктардан түшкөн балыкчылар торлорун жууп жатышкан. 3 Кайыктардын бири Ысмандыкы эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, жээктен ары бир аз түртүп коюусун өтүндү. Анан олтуруп алып, элге таалим бере баштады. 4 Сөзүн бүткөндө, Ысманга: — Көлдүн терең жерине сүзүп барып, балык кармаганга торлоруңарды салгыла, — деди. 5 Ысман: — Оо, устат, түнү менен мээнеттенип, эч нерсе кармай албадык. Бирок сен айтып жаткан соң, торлорду салып көрөйүн, — деди. 6 Торлорун салышканда, балык мол түштү. Балыктын көптүгүнөн торлору айрыла баштады. 7 Ошондо экинчи кайыктагы жолдошторуна кол булгап, жардамга чакырышты. Алар келишип, эки кайыкты тең балыкка толтурушту. Жүгүнүн оордугунан кайыктар сууга чөгө түштү. 8 Муну көргөн Ысман-Петир Ыйсанын бутуна жыгылып: — Оо, таксыр, менден кетчи, мен күнөөкөр адаммын! — деди. 9 Анткени ушунчалык көп балык түшкөнүнөн өзү да, жанындагылар да үрөйү учуп, коркуп турушкан. 10 Ысмандын шериктери болгон Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан да ушундай абалда эле. Ошондо Ыйса Ысманга карап: — Коркпо, мындан ары балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип алып келүүнү үйрөтөм, — деди. 11 Алар кайыктарды жээкке чыгарып салышты да, баарын таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

Пес оорулуу адамдын айыгышы

12 Ыйса ошол жердеги айылдардын биринде жүргөндө, Ага бүткөн боюн пес баскан оорулуу адам жолукту. Ал Ыйсаны көрөрү менен алдына келип, чөк түшүп, жалынды: — Оо, таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз. 13 Ыйса колун созуп ага тийгизди да: — Каалаймын, айыккын! — деди. Оорулуу ошол замат айыгып кетти. 14 — Бул тууралуу эч кимге ооз ачпа! — деп буюрду Ыйса бул адамга. — Бар да, өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының. 15 Ыйса жөнүндө кеп-сөз дагы жайылып, көптөгөн адамдар Анын сөзүн угуп, дарттарынан айыгыш үчүн туш-тараптан Ага келип жатышты. 16 Ыйса болсо ээн талаага барып, сыйынып турду.

Шал болгон адамдын айыгышы

17 Ыйса таалим берип отурган күндөрдүн биринде Эгебиздин кудурети оорулуулардын айыгуусунан көрүнүп жатты. Галилея менен Иудея аймактарынын туш-тарабынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, дин мугалимдери да Ыйсанын таалимин угуп олтурушкан. 18 Аңгыча бирөөлөр шал болгон адамды төшөнчүсү менен көтөрүп келишти. Аны үйгө киргизип, Ыйсанын алдына коюуга аракет кылышты, 19 бирок элдин көптүгүнөн өтө алышпады. Ошондо алар тамдын үстүнө чыгышты да, төбөсүн тешип, оорулууну төшөнчүсү менен Ыйсанын алдына түшүрүштү. 20 Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал адамга: — Пендем, күнөөлөрүң кечирилди! — деди. 21 Дин мугалимдери менен фарисейлер болсо өз ара: — Бул адам Кудайга акарат келтирип атат. Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат? — дей башташты. 22 — Эмне деп жатасыңар ичиңерден? — деди Ыйса, алардын оюн билип, 23 — «Күнөөлөрүң кечирилди!» деп айтуу оңойбу, же «Ордуңан тур да, бас!» деген оңойбу? 24 Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар! Ыйса ушундай деди да, шал болгон кишини карап: — Сага айтам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар! — деди. 25 Шал киши ошол замат баарынын көз алдында ордунан туруп, төшөгүн алды да, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү. 26 Баарын тең коркунуч басып, аң-таң болушуп: — Биз бүгүн акылга сыйбаган укмуштуу окуяны көрдүк! — деп, Кудайды даңкташты.

Лебинин шакирттикке тандалышы

27 Ушундан соң, Ыйса сыртка чыгып, салык жыйноочу жерде олтурган Леби аттуу кишини көрдү. — Менин жолума түш! — деди Ыйса ага. 28 Ал ордунан тура калды да, баарын таштап, Ыйсанын артынан басты.

Ыйса күнөөкөрлөрдү ниетин өзгөртүүгө чакыруу үчүн келди

29 Леби Ыйсаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Анын үйүндө салыкчылардын жоон тобу жана дагы башка адамдар Ыйса менен бирге дасторкондо отурушту. 30 Дин мугалимдери менен фарисейлер буга нааразы болушуп, Ыйсанын шакирттерине мындай дешти: — Эй, силер эмне үчүн салыкчылар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондон ичип-жеп отурасыңар, ыя?! 31 Ыйса аларга: — Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. 32 Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, — деди.

Орозо тутуу маселеси

33 Дин мугалимдери менен фарисейлер Ыйсага: — Жакыянын шакирттери бат-бат орозо тутуп, сыйынышат экен. Фарисейлердики да ошондой кылышат. Сенин шакирттериң болсо, орозо тутпастан, ичип-жей беришет экен! — дешти. Ыйса аларга мындай деди: 34 — Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, аларды орозо кармагыла деп мажбурлоого болобу? 35 Күйөө жигит алардан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошондо тутушат. 36 Ыйса аларга мындай бир ибарат айтты: — Эч ким жаңы кийимден айрып, эски кийимге жамабайт. Эгер жамаса, анда жаңы кийим да жыртылат, жаңы жамаачы да эски кийимге жарашпай калат. 37 Эч ким жаңы шарапты эскирген чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. 38 Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек. 39 Эч ким эски шарапты ичкен соң, жаңысын сурабайт. Ал: «эскиси жакшы экен», — дейт. ‎

Дем алыш күн тууралуу

6:1 Дем алыш күндөрдүн биринде Ыйсага шакирттери менен эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Шакирттери буудайдын башын жулуп, ушалап, жеп баратышты. 2 Муну көргөн кайсы бир фарисейлер Ыйсага: — Силер эмне үчүн дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатасыңар? — дешти. 3 — Дөөт жанындагылары менен ачка калганда эмне кылганын окуган жок белеңер? 4 Ал Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? Бирок ал нанды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон, — деди Ыйса аларга. 5 — Адам Уулу — дем алыш күндүн да ээси, — деп кошумчалады Ыйса.

Колу сенек адам

6 Дем алыш күндөрдүн дагы биринде Ыйса синагогага кирип, таалим берип, сөз сүйлөп калды. Синагогада оң колу сенек бир адам бар эле. 7 Дин мугалимдери менен фарисейлер Ыйсадан кынтык издешип, оорулууну айыктырар бекен деп аңдып турушту. 8 Алардын мындай оюн билген Ыйса колу сенек адамга: — Ордуңан тур да, алдыга чык! — деди. Ал ордунан туруп, алдыга чыкты. 9 Ошондо Ыйса дин мугалимдери менен фарисейлерге кайрылып, мындай деди: — Силерге бир суроо берейин: дем алыш күнү жакшылык менен жамандыктын кайсынысын кылуу керек? Жанды куткаруу керекпи, же куратуу керекпи? 10 Ыйса баарын бир сыйра кыдырата карап алды да, алиги кишиге: — Колуңду сун! — деди. Ал сунары менен, колу айыгып кетти. 11 Тигилер болсо кутургандай жинденишип, Ыйсаны эмне кылсак экен деп, өз ара акылдаша башташты.

Он эки шакирттин элчиликке тандалышы

12 Ошол күндөрдүн биринде Ыйса сыйынуу үчүн тоого барып, түнү бою Кудайга сыйынды. 13 Күн чыкканда, шакирттерин чакырып, арасынан он экисин тандап, аларды элчи деп жарыялады. 14 Алар төмөнкүлөр эле: Ыйса Петир деп атаган Ысман, анын иниси Идрис, Жакып, Жакан, Филип, Барталамей, 15 Матай, Том, Алпейдин баласы Жакып, Динчил атка конгон Ысман, 16 Жакыптын баласы Жүйүт жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

Ыйсанын адамдарга таалим берип, айыктырышы

17 Ыйса шакирттери менен тоодон түз жерге түшүп келди. Анын жанына көптөгөн шакирттери жана бүткүл Иудеядан, Иерусалимден, деңиз жээгинде жайгашкан Тир менен Сидон аймактарынан келген көп эл чогулду. 18 Алар Ыйсанын сөзүн угуп, ооруларынан айыгуу үчүн келишкен эле. Кара күчтөргө байланып, кыйналгандар да сакайып кетип жатышты. 19 Элдин баары Ыйсага колун тийгизүүгө аракеттенип жатышты, анткени Андан чыккан кудуреттүү күчтөн баары айыгып жатты. 20 Ошондо Ыйса шакирттерин карап мындай деди: — Жардылар, силер бактылуусуңар, Кудай Падышачылыгы силердики. 21 Азыр ачка жүргөндөр, силер бактылуусуңар, Акыры тоюнасыңар. Азыр ыйлап жүргөндөр, силер бактылуусуңар, Кубанып күлөсүңөр. 22 Адам Уулуна ишенгениңер үчүн Жек көрүндү кылышып, Элден бөлүп салышып, Шылдыңдашып, кордошуп, Жаманатты кылышса, Бактылуусуңар силер. 23 Ошол күндөр келгенде, Шаттангыла кубанып. Эң чоң сыйлык асманда, Күтүп турат силерди.Алардын аталары пайгамбарларды да ошондой куугунтукка алышкан! 24 А бирок азыр байлар, Шордуусуңар силер! Алчуңарды азыртан Толугу менен алдыңар! 25 Азыр курсагы токтор, Шордуусуңар силер! Ачкадан кезересиңер! Азыр жыргап күлгөндөр, Шордуусуңар силер! Кайгырасыңар боздоп! 26 Элдин баары макташса, Шордуусуңар силер!Алардын аталары жалган пайгамбарларга да ошентишкен. 27 Бирок Мени угуп турган, калайык, сага айтам: Душманыңды сүйгүнүң, Сени жаман көргөнгө, Жакшылык кылгының. 28 Каргаганды алкагын, Кордогон адам үчүн сыйын, 29 Бир жаагыңа чапканга Экинчисин тосуп бер, Тонуңду сыйрып жатканга Көйнөгүңдү кошуп бер. 30 Ким сураса, бергиниң, Кайра андан доолаба. 31 Өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл. 32 Өзүңөрдү сүйгөндөрдү сүйгөнүңөр үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Өздөрүн сүйгөндөрдү күнөөкөрлөр деле сүйүшөт. 33 Өзүңөргө жакшылык кылгандарга жакшылык кылганыңар үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Мындайды күнөөкөрлөр деле кылышат. 34 Кайтарып берер деген адамдарга гана карыз бергениңер үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Чыпчыргасын коротпой кайра алуу үчүн күнөөкөрлөр деле бири бирине карыз беришет. 35 А силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, кайра алам деп үмүттөнбөстөн бергиле. Ошондо сыйлыгыңар чоң болот жана Кудай Тааланын балдары болосуңар, анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да бирдей мээримдүү. 36 Силер асмандагы Атаңардай боорукер болгула. 37 Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар, өкүм чыгарбагыла, ошондо өзүңөргө да өкүм чыгарылбайт, кечиргиле, ошондо өзүңөр да кечирилесиңер. 38 Бергиле, ошондо силерге да берилет: марттык менен салынган, ныктап толтурулган, ыкшалган, ашып-ташкан өлчөмдө алдыңарга төгүлөт. Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет. 39 Ыйса сөзүн ибарат түрүндө улады: — Сокур сокурду жетелей алабы? Экөө тең чуңкурга түшүп кетпейби. 40 Шакирт устатынан өйдө болбос. Бирок жетилсе, устатындай боло алат. 41 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү кыпынды көрөсүң? 42 Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү кыпынды алып коёюн», — деп кантип айтасың? Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү кыпынды кантип алышты билесиң. 43 Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ошондой эле начар дарак жакшы жемиш бербейт. 44 Ар дарак жемишинен билинет. Тикенектен анжир, бадалдан жүзүм теришпейт да, туурабы? 45 Анын сыңары, жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет. Адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат. 46 Эмнеге силер мени «Эге, Эге» дейсиңер да, айтканымды кылбайсыңар? 47 Мага келип, сөздөрүмдү угуп, аны аткарган киши кимге окшош экенин айтып коёюн. 48 Ал жерди терең казып, пайдубалын ташка орнотуп туруп, үй курган киши сыяктуу. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, ал былк этпейт. Себеп дегенде, ал мыкты салынган. 49 Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн пайдубалсыз, жерге эле салып койгон адамга окшош. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, үйү ошол замат кулайт. Кулаганда да катуу кулайт. ‎

Римдик жүз башынын ишеними

7:1 Ыйса элге сөзүн айтып бүтүп, Капарноомго жөнөдү. 2 Римдик бир жүз башынын аябай жакшы көргөн кулу ооруп, өлүм алдында жаткан экен. 3 Жүзбашы Ыйсанын келгенин угуп, ага эл башчыларын жиберип, кулун айыктырып берүүсүн суранды. 4 — Ал жардамыңа татыктуу киши, 5 анткени биздин элибизди жакшы көрөт, синагогабызды куруп берген да ошол, — деп, эл башчылары Ыйсага чоң өтүнүч менен кайрылышты. 6 Ыйса макул болуп, алар менен бирге жөнөдү. Үйгө жакындап калышканда, жүз башы досторун жиберип, мындай деп айттырды: — Келип, убара болбой эле коюңуз, таксыр. Менин босогомду аттаганыңызга татыксызмын. 7 Ошол себептен алдыңызга өзүмдүн барышымды ылайык көрбөгөн элем. Кулумдун айыгышына бир ооз сөзүңүз эле жетет. 8 Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» — десем, барат, башкасына: «Кел!» — десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» — десем, жасайт. 9 Ыйса муну укканда, таң калып, элге кайрылды: — Силерге айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин! 10 Жиберилген кишилер үйгө кайтып келишип, кулдун айыгып кеткенин көрүштү.

Ыйсанын жесирдин баласын тирилтиши

11 Арадан көп өтпөй, Ыйса Найын шаарына жөнөдү. Шакирттери менен кошо жоон топ эл чыкты. 12 Шаар дарбазасына жакындаганда, өлүк көтөрүп келе жаткандарга кезигишти. Өлгөн адам бир жесирдин жалгыз баласы экен. Жесирдин жанында бир топ адам бар эле. 13 Аны көргөндө, Эгебиздин боору ооруп кетти. — Ыйлабаңыз, — деди Ал аялга. 14 Анан басып келип, табытка колун тийгизди. Көтөрүп бараткандар тык токтой калышты. Ошондо Ыйса: — Жигит, сага айтам, тургунуң! — деди. 15 Өлүк башын көтөрүп, отура калды да, сүйлөй баштады. Ыйса аны энесинин колуна тапшырды. 16 Баарынын үрөйү учуп: «Арабыздан улуу пайгамбар чыгыптыр, Кудай Өз элин куткарууга келиптир!» — деп Кудайды даңкташты. 17 Ыйса тууралуу мындай сөз бүткүл Иудеяга жана анын тегерек-чекесине жайылды.

Ыйса жана Жакыя пайгамбар

18 Бул окуялар тууралуу Жакыя өз шакирттеринен кабардар болду. 19 Ошондо ал шакирттеринин экөөсүн чакырып алып: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» — деген суроо менен Ыйсага жөнөттү. 20 Алар Ыйсага келишип: — Бизди Жакыя жиберди. Ал сенден: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтөлүбү?» деп сурап жатат, — дешти. 21 Ыйса ошол маалда көп адамдарды илдет-дарттарынан айыктырып, кара күчтөрдөн арылтып, көптөгөн сокурлардын көзүн ачкан эле. 22 Ыйса аларга: — Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле: сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат. 23 Ушул кылгандарымды көрүп туруп, Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, — деди. 24 Жакыя жиберген адамдар кеткенде, Ыйса элге Жакыя тууралуу мындай деди: — Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы? 25 Айткылачы, деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Тигине, кооз кийинип, шаан-шөкөттө жашагандар хан сарайларда жүрүшөт. 26 Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коёюн: ал пайгамбардан да улуу. 27 Ыйык Жазууларда Кудай: «Мына, Сенин алдыңан кабарчымды жиберемин. Ал Сенден мурда барып, басар жолуңду даярдайт»,— деп ушул адам жөнүндө айткан. 28 Силерге айтып коёюн: энеден туулгандардын бири да Жакыядан улуу эмес! Бирок Кудай Падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да андан улуу. 29 Ыйсанын сөзүн угуп турган элдин баары, ал тургай салыкчылар да, Кудайдын айтканын ак деп санашты. Анткени алар Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өтүшкөн болчу. 30 Ал эми бул расмиден мурда өтүшпөгөн фарисейлер менен дин мугалимдери Кудайдын аларга деген тилегин кабыл алышпады. 31 Ошондо Ыйса мындай деди: — Азыркы замандын адамдарын кимге салыштырсам? Деги алар кимге окшош? 32 Базарда олтуруп алып, бири бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок кошсок, эмнеге ыйлабайсыңар?!» — деген жаш балдарга окшош. 33 Анткени кадимки тамактарды ичип-жебеген Жакыя келди эле, «буга жин тийиптир» дешти. 34 Башкаларга окшоп ичип-жеген Адам Уулу келди эле, «бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен!» — дешти. 35 Бирок кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.

Фарисей жана күнөөлүү аял

36 Фарисейлердин бири Ыйсаны конокко чакырып калды. Ыйса анын үйүнө келип, дасторкондун жанына жамбаштап жатты. 37 Аңгыча ошол шаарда жашаган бир күнөөкөр аял Ыйсанын фарисейдикинде экенин билип, атыр май куюлган идишин көтөрүп, сырттан кирип келди. 38 Аял Ыйсанын аягына олтура калып, Анын бутуна көз жашын төгүп, ыйлай баштады. Анан Ыйсанын буттарын чачы менен сүртүп, өпкүлөп, атырын сыйпады. 39 Ыйсаны конокко чакырган фарисей муну көрүп, ичинен: «Эгер бул чын эле пайгамбар болсо, ага колун тийгизип жаткан аялдын ким жана кандай экенин билмек. Анткени бул күнөөгө баткан аял да», — деп ойлоду. 40 Ошондо Ыйса ага кайрылып: — Ысман, сага айта турган сөзүм бар, — деди. — Айтыңыз, устат, — деди Ысман. 41 Ошондо Ыйса мындай деди: — Бир киши эки адамга карызга акча берет. Биринчисине беш жүз, экинчисине элүү күмүш теңгебериптир. 42 Бирок алардын төлөгөнгө эч нерсеси жок болгондуктан, ал экөөнүн тең карыздарын кечип коёт. Эми айтчы: ушул экөөнүн кимисинин ага деген сүйүүсү көбүрөөк болот? 43 Ысман: — Көбүрөөк карызы кечирилген адамдыкы болуш керек деп ойлойм, — деди. — Туура айттың. 44 Ыйса ушундай деди да, аялды карап туруп, Ысманга мындай деп айтты: — Бул аялды көрдүңбү? Мен сенин үйүңө киргенде, сен Менин бутума суу куйган жоксуң. Бул аял болсо көз жашы менен бутумду жууду, чачы менен аарчыды. 45 Сен Мени бетимден өөп, тосуп алганың жок. Бул аял болсо келгенимден бери бутумду тынымсыз өпкүлөп жатат. 46 Сен башыма май куйбадың,бул аял болсо буттарымды атыр менен майлады. 47 Ошол себептен сага айтып коёюн: бул аялдын көп күнөөлөрү кечирилди, андагы мээримдин көптүгүнүн себеби мына ушунда. Ал эми кимге аз кечирилсе, анын мээрими да аз болот. 48 Анан аялга: — Күнөөлөрүң кечирилди! — деди. 49 Ошондо анын жанында олтургандар: «Күнөөлөрдү да кечире алган, деги бул ким өзү?» — дешти бири бирине. 50 Ыйса аялга айтты: — Сени ишенимиң куткарды, жакшы баргының! ‎

Ыйсанын жолун жолдогон аялдар

8:1 Мындан кийин Ыйса шаар-кыштактарды аралап, Кудай Падышачылыгына үгүттөп, Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү. 2 Анын жанында он эки шакирти жана бир топ аялдар бар эле. Бул аялдардын бир нечесин Ыйса кара күчтөрдөн куткарып, ооруларынан айыктырган. Булар ичинен жети жин чыккан магдалалык Мариям, 3 Ирод падышанын хан сарайынын башкы кызматчысы Кузанын аялы Жахана, Сусанна жана башка көптөгөн аялдар эле. Алар колунда бар болгон нерселерин Ыйсага арнап, Ага кызмат кылып жүрүштү.

Дыйкан тууралуу ибарат

4 Туш тараптан элдер агылып келип, чогулганда, Ыйса ибарат менен сүйлөй баштады: 5 — Бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр. Сепкен уругунун кээси жол боюна түшөт да, тепсендиде калып, чымчыктарга жем болот. 6 Кээ бири таштак жерге түшүп, өсө баштайт да, ным жетпей куурап калат. 7 Кээси тикен арасына түшөт. Анан тикен өсүп чыгып, аны басып калат. 8 Кээ бири жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, жүз эсе түшүм берет. Анан Ыйса үнүн катуу чыгарып: — Уга турган кулагы барлар уксун! — деди. 9 Шакирттери Андан: — Бул ибараттын мааниси кандай? — деп сурашты. 10 — Кудай Падышачылыгынын сырларын билүү мүмкүнчүлүгү силерге берилген, — деди Ыйса. — Башкаларга болсо Мен ушинтип ибарат менен сүйлөп жатам, ошондуктан алар: «Караса да, көрүшпөйт, Тыңшаса да, түшүнбөйт». 11 Ибараттын мааниси мындай: урук — бул Кудайдын сөзү. 12 Ал эми жол боюна түшкөн урук мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угушат, бирок ибилис келип, ишенбесин, кутулбасын деп, жан дүйнөсүнө түшкөн сөздү уурдап кетет. 13 Таштак жерге түшкөн үрөн болсо, Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок тамыры болбогондуктан, бир азга гана ишенишип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка кабылар замат ишенимден баш тартышат. 14 Тикендердин арасына түшкөнү болсо, Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана жашоодогу кумарларга алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат. 15 Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү, Кудай сөзүн угуп, туура кабыл алып, таза жүрөктөрүнө сактаган адамдарды билдирет. Алар дайыма жемиш берген үрөнгө окшош. 16 Эч ким шамды жаккан соң, үстүнөн идиш менен жаппайт, керебеттин астына да катпайт. Үйгө киргендер анын жарыгын көрсүн деп, шамдалга коёт. 17 Анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас, билинип калбас жашыруун иш болбойт. 18 Ошондуктан кунт коюп уккула: кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.

Ыйсанын энеси жана бир туугандары

19 Бул убакта Ыйсага энеси менен бир туугандары келип, элдин көптүгүнөн Ага өтө алышпады. 20 Ыйсага: — Энең менен бир туугандарың сени көрөлү деп сыртта турушат, — деп билдиришти. 21 — Энем менен бир туугандарым, — деди Ыйса аларга жооп берип, — бул — Менин сөзүмдү угуп, аны аткаргандар.

Көлдөгү бороондун токтошу

22 Күндөрдүн биринде Ыйса шакирттери менен кайыкка түшүп: — Көлдүн аркы бетине өтөлү! — деди. 23 Сүзүп бара жатышканда, Ыйса уктап калды. Ошол кезде көлдө катуу бороон башталып, кайыкка суу кире баштады. Алар коркунучтуу абалда эле. 24 Ошондо шакирттери Ыйсаны ойготушуп: — Устат, устат, өлдүк! — дешти. Ыйса ордунан тура калды да, бороон-чапкынга тыюу салды. Бороон ошол замат басылып, айлана жымжырт боло түштү. 25 Анан шакирттерине бурулуп: — Ишенимиңер кайда кетти? — деди. Үрөйү учкан шакирттери аң-таң болуп, бири бирине: Бороон-чапкынды башкара алган бул ким өзү? Бороон ага баш ийип, тынчып калбадыбы? — дешти.

Жин даарыган адамдын айыгышы

26 Алар Галилеянын маңдайында жайгашкан Гераса жергесине сүзүп барышты. 27 Ыйса жээкке чыкканда, көптөн бери жин даарып ооруган, ошол жердеги шаардын бир тургуну алдынан чыкты. Ал үйгө турбай, кийим кийбей, мүрзөлөрдө жашачу экен. 28 Ал Ыйсаны көрө коюп, кыйкырып жиберди да, алдына жыгылып: — Эй, Кудай Тааланын Уулу Ыйса, мени менен кандай ишиң бар?! Сенден суранам, мени азапка салбачы! — деди. 29 Себеби Ыйса кара күчкө: «Бул кишиден чык!» — деп буйруган болчу. Бул адамды кара күч көптөн бери кыйнап келиптир. Аны чынжыр менен байлап, кишендешсе да, үзүп таштап, жинге айдалып, чөлгө кетип калчу экен. 30 Ыйса андан: — Атың ким? — деп сурады. — Түмөн! — деп жооп берди ал. Анткени бул кишинин ичине түмөндөгөн жиндер кирип алышыптыр. 31 Жиндер Ыйсага: — Бизди туңгуюкка кетире көрбө! — деп жалынышты. 32 Ошол жерде бир чоң бада чочко жайылып жүргөн. Жиндер ошол бадага кирүүгө Ыйсадан уруксат сурашты. Ыйса уруксат берген соң, 33 алар ошол адамдан чыгып, чочколорго киришти да, чочколор өздөрүн жардан көлгө таштап, чөгүп өлүштү. 34 Муну көрүп турган бадачылар качып жөнөштү. Алар шаар-кыштактарга барып, көргөндөрүн айтышты. 35 Эл болгон ишти көрүү үчүн Ыйсага келди. Алар жиндерден бошонгон адамдын кийимин кийип, акыл-эсине келип, Ыйсанын аяк жагында олтурганын көрүп, аябай коркушту. 36 Ал адамдын жинден кутулганын көргөндөр бул жөнүндө аларга айтып беришти. 37 Ошондо герасалыктардын баары бир ооздон Ыйсадан алардын жеринен кетишин өтүнүштү. Себеби баары тең катуу коркуп калышкан эле. Ыйса кайрадан кайыкка түшүп, артына кайтты. 38 Жиндерден кутулган адам аны да кошуп алуусун суранды. Бирок Ыйса: 39 — Үйүңө бар да, Кудайдын сага эмне кылганын айтып бер, — деп, аны коё берди. Ал шаарга кайтып, Ыйсанын ага кылган жакшылыгын элдин баарына жарыя кылды.

Тирилген кыз, сакайган аял

40 Ыйса Гераса тараптан кайтып келгенде, эл Аны тосуп чыкты. Алар Ыйсаны күтүп турушкан эле. 41 Аңгыча синагоганын башчысы болгон Жайыр аттуу бир киши келип, Ыйсанын алдына чөгөлөп, үйүнө келүүсүн суранды. 42 Анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан экен. Ыйса Жайырдын үйүнө бара жатканда, эл Аны туш-туштан кысып жатты. 43 Элдин арасында он эки жылдан бери ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял бар эле. Ал колундагысынын баарын дарыгерлерге сарптап, бирок биринен да айыга алган эмес. 44 Ошол аял Ыйсанын артынан келип, кийиминин этегине колунун учун тийгизди. Тиер замат кан кеткени токтоду. 45 Ошондо Ыйса: — Ким Мага колун тийгизди? — деди. Баары: — Биз эмес! — дешти. Ошондо Петир менен анын жанында тургандар: — Устат, эл сени тегеректеп кысып турушса, «ким мага колун тийгизди» дегениң кандай? — деди. 46 Бирок Ыйса: — Кимдир бирөө Мага колун тийгизди, себеби Менден кудурет чыкканын сездим, — деди. 47 Аял жашырына албасын көрүп, коркконунан калтырап, Ыйсанын алдына жыгылды да, кандай максат менен колун тийгизгенин жана дароо айыгып кеткенин бүт элдин алдында айтып берди. 48 Ыйса аялга: — Кызым, ишенимиң сени айыктырды, жакшы бара кой, — деди. 49 Ыйса сөзүн аяктай электе, синагога башчысына анын үйүнөн бирөө келип: — Кызыңыз каза болду. Эми устатты бекер убара кылбай эле коюңуз, — деди. 50 Муну уккан Ыйса: — Коркпо, тек гана ишенгин, кызың айыгат, — деди. 51 Ошентип, Ыйса синагога башчысынын үйүнө келди. Ал Петир, Жакан, Жакып жана кыздын ата-энесинен башка эч кимге үйгө кирүүгө уруксат берген жок. 52 Баары боздоп, ыйлап жатышты. Ошондо Ыйса: — Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, уктап жатат, — деди. 53 Кыздын өлгөнүн билгендер Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. 54 Ыйса болсо кыздын колунан кармап, үнүн катуу чыгарып: — Кызым, тургун! — деди. 55 Ошондо кыздын жаны кайтып, ал ошол замат ордунан турду. — Кызга тамак бергиле! — деди Ыйса. Анан аң-таң болуп турган ата-энесине: 56 — Бул окуяны эч кимге айтпагыла! — деди. ‎

Он эки шакиртке берилген тапшырма

9:1 Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга бардык жиндердин үстүнөн бийлик, ооруларды айыктырууга кудурет берип, 2 элге Кудай Падышачылыгын жар салууга жөнөттү. 3 — Жолго эч нерсе албагыла, — деди Ыйса аларга, — Таяк да, баштык да, нан да, акча да, ашык кийим да албагыла. 4 Кайсы үйгө кирсеңер, ошол үйдө калып, ошол үйдөн жолго чыккыла. 5 Эгерде бир жерден силерди кабыл албай коюшса, анда ал шаардан кетип баратып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла. 6 Шакирттер жолго чыгышып, айылдарды аралап, жер-жерлерге Жакшы Кабарды таратып, оорулууларды айыктырып жүрүштү.

Ироддун Ыйсаны көргүсү келгени

7 Болуп жаткан окуялардын баары аким Иродго жетти. Эл арасында ар кандай сөз жүрүп, бирөөлөрү: «Жакыя пайгамбар тирилиптир!» — десе, 8 башкалары: «Илияс пайгамбар келиптир!» — деп, дагы башкалары: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир!» — деп жатышты. Ошондуктан Ироддун башы катты. 9 «Мен Жакыянын башын алдырдым эле. Бул ким болуп кетти?» — деп, ал Ыйсаны көргүсү келди.

Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу

10 Элчилер кайтып келип, кылган иштерин Ыйсага айтып беришти. Ыйса аларды ээрчитип алып, Бейтсайда деген шаарды көздөй жөнөдү. 11 Муну билип калган эл аркасынан барды. Ыйса аларды тосуп алып, Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып, айыгууга зар болгондорду айыктырып жатты. 12 Күн кечтеп баратканда, он эки шакирти Ага келип: — Эми элди коё бер, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, түнөп, жегенге бир нерсе таап алышсын, анткени биз чөлдө турабыз, — дешти. 13 — Жегенге бир нерсени силер бергиле! — деди Ыйса аларга. — Колубузда беш нан менен эки балыктан башка эч нерсебиз жок. Мына бул элдин баарына тамак сатып алганы баралыбы? — дешти он эки шакирти. 14 Анткени ошол жерде беш миңге жакын адам турган. Ыйса аларга: — Элди элүү-элүүдөн бөлүп олтургузгула, — деди. 15 Шакирттери Анын айтканындай кылышты. 16 Ошондо Ыйса беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди. 17 Баары жеп, тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.

Ыйсанын Машаяк экендиги

18 Ыйса эл жок жерде сыйынып отурган. Шакирттери жанында болчу. Ыйса алардан минтип сурады: — Эл Мени ким деп эсептешет? 19 Шакирттери: — Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир деп жатышат, — дешти. 20 Ыйса алардан: — Ал эми силер Мени ким деп эсептейсиңер? — деп сурады. Ошондо Петир: — Сен Кудайдын Машаягысың! — деп жооп берди. 21 — Менин ким экенимди эч кимге айтпагыла! — деди катуу эскертип Ыйса. 22 — Адам Уулу көп азап чегип, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан четке кагылып, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш!

Ким Ыйсанын чыныгы шакирти боло алат?

23 Ыйса элге кайрылып мындай деди: — Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын, күн сайын өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанынан кечүүгө даяр болуп, артыман түшсүн. 24 Анткени ким өз жанын сактап калам десе, аны жоготот, ал эми ким Мен үчүн жанынан кечсе, ал ага кайрадан ээ болот. 25 Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өзүн өзү куруткандан же өз жанынан айрылгандан адамга не пайда? 26 Кимде-ким Менден же Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Өзүнүн, Атасынын жана ыйык периштелердин кудурети менен көктөн келгенде, андан баш тартат. 27 Силерге айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө, көз жумбайт.

Тоодогу кубулуш

28 Ушундан бир жумача өткөндө, Ыйса Петирди, Жаканды жана Жакыпты кошуп алып, сыйынуу үчүн тоого чыкты. 29 Ал сыйынып жатканда, бети башкача болуп өзгөрө түштү. Кийими да аппак болуп, жылтылдап калды. 30 Аңгыча эки киши пайда болуп, Ыйса менен маектеше баштады. 31 Асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Муса менен Илияс пайгамбарлар Ыйсанын Иерусалимде өлүп, Кудайдын эркин ишке ашыра тургандыгы жөнүндө кеп кылышты. 32 Петир менен анын жанындагы жолдошторун болсо уйку басып турган. Алар ойгонушуп, асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Ыйсаны жана Анын жанындагы эки кишини көрүштү. 33 Тигил кишилер кетип бара жатканда, Петир Ыйсага айтты: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Кел, үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска. Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес. 34 Петир сүйлөп жатканда, бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрдү. Булут аларды каптаганда, шакирттеринин үрөйү учту. 35 Ошол убакта булуттан үн чыкты: — Бул Менин тандап алган Уулум Ыйса, Аны уккула! 36 Бул үн чыккандан кийин, алар Ыйсанын жалгыз калганын көрүштү. Шакирттери үн катпай, көргөндөрүн ошол күндөрү эч кимге айтышкан жок.

Жин даарыган баланын айыгышы

37 Кийинки күнү тоодон түшүп келишкенде, аларды көп эл тосуп чыкты. 38 Аңгыча эл арасынан бир киши Ыйсага минтип кыйкырды: — Устат, суранам, баламды көрүп берчи, жалгызым эле. 39 Туруп-туруп эле жини кармайт да, чаңыртып, калчылдатып, оозунан көбүк чыкканча кыйнагандан кийин араң кетет. 40 Шакирттериңен жинин кубалап чыгаргыла деп сурансам, колдорунан келбей койду. Ошондо Ыйса: 41 — Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери, — деди. 42 Бала басып келатканда, жин аны көтөрө чаап, калтырата баштады. Ыйса кара күчтү тыйып, баланы айыктырды да, атасына тапшырды.

Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

43 Карап турган элдин баары Кудайдын улуулугуна таңданышты. Анын кылганына элдин баары таң калып карап турганда, Ыйса шакирттерине айтты: 44 — Бул сөздөрдү эсиңерге түйүп алгыла: Адам Уулунун кишилердин колуна түшөрүнө аз калды. 45 Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн жок. Бул сөз алар үчүн жашыруун сыр болгондуктан, маанисин түшүнүшпөдү. Кайра сурагандан болсо коркушту.

Кимдин жолу улуу?

46 Шакирттердин арасында «кимибиздин жолубуз улуу болду экен» деген ой туулду. 47 Ыйса алардын мындай оюн туюп, бир кичине баланы колуна алды да, мындай деди: 48 — Ким ушундай баланы Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы. Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы. Анткени араңардагы эң кичүүдөй болуп жүргөнү баарынан улуу.

Силерге каршы болбогон силер тарапта

49 Ошондо Жакан: — Устат, сенин ысмыңды оозанып, адамдардан жиндерин кууп чыгарып жүргөн бирөөнү көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, — деди. 50 — Тыюу салбагыла, — деди Ыйса, — ким силерге каршы болбосо, ал силер тарапта.

Самариялыктардын Ыйсага сыртын салышы

51 Көккө кетер убактысы жакындап калганда, Ыйса Иерусалимге барууга камданып, 52 алдын ала элчилерин жөнөттү. Алар Ыйсага жай камдоо үчүн Самариядагы бир айылга келишти. 53 Бирок Ыйсанын Иерусалимге баратканы сыртынан билинип тургандыктан, самариялыктар Ал келгенде кабыл алышпады. 54 Алардын мунусун көргөн шакирттер Жакан менен Жакып: — Эгебиз, асмандан от түшүп, буларды жалмап кетсин дейлиби? — дешти. 55 Ыйса аларды тыйып койду. 56 Ошондон кийин алар башка кыштакка өтүп кетишти.

Ыйсаны ээрчип, шакирти болгусу келгендер

57 Жолдон бир киши Ыйсага: — Сен кайда барбагын, мен артыңдан калбайм, — деди. 58 Ыйса ага: — Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, — деди. 59 Анан башка бирөөгө: — Менин жолума түш, — деп айтты. Тигил: — Таксыр, адегенде үйгө барып, атамдын кашында болуп, ал өлгөндө сөөгүн коюп келейин. Ушуга уруксат этиңиз! — деди. 60 Бирок Ыйса ага: — Өз өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! Сен болсо бар да, Кудайдын Падышачылыгын жарыя кыл, — деди. 61 Анда дагы бирөөсү айтты: — Таксыр, мен сизди ээрчийм, бирок адегенде үй-бүлөм менен коштошуп келүүгө уруксат бериңиз. 62 Ыйса ага жооп кайтарып: — Минткениң сени Кудай Падышачылыгына ылайыксыз кылат. Себеби буурусунду кармап, артына кылчактаган адамдай болуп жатасың, — деди. ‎

Ыйсанын жетимиш эки шакирти

10:1 Ушундан кийин Эгебиз Ыйса Өзүнө дагы жетимиш эки шакирт тандады. Аларды Ыйса Өзү да барайын деген шаар-кыштактардын баарына Өзүнөн мурун эки-экиден жиберип, мындай деди: 2 — Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла. 3 Кана эмесе, баргыла, Мен силерди карышкырлардын арасына козуларды жибергендей жөнөтүп жатам. 4 Капчык да, баштык да, ашыкча бут кийим да албагыла жана жолдо бирөөлөр менен саламдашып, убактыңарды коротпогула. 5 Кандай үйгө кирсеңер да, адегенде: «Үйүңөрдө тынччылык болсун!» — деп, батаңарды бергиле. 6 Эгерде ошол үйдө саламыңарды кабыл алууга даяр адам бар болсо, батаңар кабыл болот, эгер болбосо, батаңар өзүңөргө кайтат. 7 Алдыңарга койгон ашка топук кылып, ал үйдө калгыла. Анткени кызматчы эмгек акысын алууга татыктуу. Үйдөн үйгө өтпөгүлө. 8 Шаарга киргениңерде, анын тургундары кабыл алышса, анда тамагын жегиле, 9 ооруларын айыктыргыла да, «жакында силер Кудайдын башкаруусунда болосуңар!» деп жар салгыла. 10 Эгерде кабыл албай коюшса, анда көчөлөргө чыгып: 11 «Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды кайра өзүңөргө наалат катары кагып жатабыз. Бирок билип койгула, Кудай Падышачылыгы жакындап калды», — дегиле. 12 Силерге айтып коёюн: кыямат күнү келгенде, ал шаарга караганда Содом шаарынажеңилирээк жаза колдонулат. 13 Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бейтсайда! Эгерде силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак эле катуу кайгырып, кенептен кийим кийип, күлгө олтуруп, ниеттерин өзгөртүшмөк. 14 Эми кыямат кайымда Тир менен Сидондун акыбалы силердикинен жеңилирээк болот. 15 А сен, Капарноом, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок! Кудай сени жердин түпкүрүнө житире чабат. 16 Кимде-ким силерди укса, Мени укканы, кимде-ким силерди четке какса, Мени четке какканы, ал эми кимде-ким Мени четке какса, Мени Жибергенди четке какканы. 17 Жетимиш эки шакирт жүздөрүндө кубаныч менен кайтып келишип, Ыйсага: — Эгебиз, сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да багынышты! — дешти. 18 Ыйса аларга: — Мен шайтандын чагылгандай болуп, жерге түшкөнүн көрдүм. 19 Мына, мен силерге жыландар менен чаяндарды таптап, жоонун бардык күчтөрүн жеңе турган бийлик бердим. Эч нерсе силерге зыян кыла албайт. 20 Бирок жиндердин силерге багынганына эмес, атыңардын бейиштеги китепке жазылганына кубангыла. 21 Ыйык Рухка толгон Ыйса кубанычтан катуу толкунданып кетти. — Оо, Ата, асман менен жердин Эгеси! — деди Ал. — Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, бала сыяктангандарга ачып бердиң. Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың. 22 Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасынын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким билбейт. 23 Анан шакирттерине бурулуп, мындай деди: — А силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угат. 24 Силерге айтып коёюн: далай пайгамбарлар менен падышалар силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.

Боорукер самариялык

25 Ошондо бир дин мугалими ордунан туруп, Ыйсаны сынай сурады: — Устат, эмне кылсам түбөлүк жашайм? 26 Ыйса ага: — Тооратта эмне деп жазылган? Эмнени окуп жүрөсүң? — деди. Тигил айтты: 27 — «Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бар күч-кубатың менен, бардык акыл-оюң менен сүйжана башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»— деп жазылган. 28 — Сен туура жооп бердиң, — деди Ыйса ага. — Ушундай кыл, ошондо түбөлүк жашайсың. 29 Тиги болсо өзүн актагысы келип: — А менин жакын адамым ким? — деп сурады. 30 Ошондо Ыйса мындай ибарат менен жооп берди: — Бир адам Иерусалимден Иерихон шаарына түшүп келе жатып, жолдо каракчыларга туш болот. Алар анын кийимин сыйрып алып, аябай сабап, чала өлүк кылып таштап кетишет. 31 Ошол жол менен бир динкызматчы түшүп бара жаткан. Ал бул кишини көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет. 32 Дагы бир лебит ушул жол менен бара жатып, бул адамды көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет. 33 Аңгыча бир самариялык жолоочу келет. Ал бул кишини көрүп, боору ооруп, 34 жанына басып келип, жарааттарын шарап менен жууп, май менен майлап, таңып, эшегине артып, мейманканага алып барып, ага кам көрөт. 35 Кийинки күнү мейманкананын ээсине эки күмүш теңге берип: «Бу кишиге кам көрүп кой. Эгер артык чыгым болсоң, кайтканымда кайрып берем», — дейт. 36 Эми сен кандай деп ойлойсуң: ушул үчөөнүн кимиси каракчыларга туш болгон кишиге жакын адам болот? 37 Мыйзамчыл Ыйсага карап: — Албетте, кайрым кылганы, — деп жооп берди. — Бар, сен да ушундай кыл! — деди Ыйса ага.

Адам баласы үчүн эң керектүү нерсе — Ыйсанын жанында болуу

38 Ыйса шакирттери менен жолун улантып келе жатып, бир айылга келди. Бул айылдан Марта деген бир аял Аны үйүнөн тосуп алды. 39 Бул аялдын Мариям аттуу сиңдиси бар эле. Ал Ыйсанын аяк жагына олтуруп алып, сөзүн угуп жатты. 40 Марта болсо конокту жакшылап күтүүнүн камын ойлоп, убара тартып жүрдү. Ал Ыйсанын алдына келип: — Таксыр, сиңдимдин кызматтын баарын жалгыз мага таштап койгону сизге баары бирби? Ага айтып коюңузчу, мага жардамдашсын, — деди. 41 — Ээ, Марта, Марта! — деди ага Ыйса, — сен убара болуп, көп түйшүк тартасың. 42 Бирок керектүүсү — бир эле нерсе. Мариям жакшы жагын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт. ‎

Сыйынуу тууралуу таалим

11:1 Бир күнү Ыйса бир жерде сыйынып отурду. Ал сыйынуусун аяктаганда, шакирттеринин бири: — Эгебиз, Жакыя өз шакирттерине үйрөткөндөй, сен да бизге сыйынганды үйрөтчү, — деди. 2 Ыйса аларга айтты: — Сыйынганыңарда мындай дегиле: Оо, Кудай Ата! Сенин атың урматталсын. Сенин падышачылыгың келсин. 3 Күнүмдүк наныбызды күн сайын бере көр. 4 Бизге жамандык кылгандардын баарынын Күнөөлөрүн кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечир. Бизди азгырыкка кирип кетүүдөн сакта. 5 Ыйса сөзүн улап, дагы мындай деди: — Бирөөңөрдүн досуңар бар болсун дейли, түн ортосунда досуна барып: «Досум, карызга үч нан берип турчу, 6 сапардагы досум келип калып, алдына коёрго эч нерсем жок болуп жатат», — дейт. 7 Үй ээси болсо: «Эй, койчу, тынчымды албай, эшикти кулпулап салгам, бала-чакам да төшөгүмө кирип, жатып алышты, эми туруп, сага бере албайм», — дейт. 8 Силерге айтам: үй ээси досчулук үчүн бербесе да, өтүнө берип, тажаткандыгынан улам туруп, канча сураса, ошончо берет. 9 Ошондуктан силерге айтып коёюн: сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат. 10 Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат. 11 Араңардагы баласы балык сураса, жылан берген ата барбы? 12 Жумуртка сураса, чаян кармата салганчы? 13 Ошентип, силер жаман болсоңор да, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер, андан бетер, асмандагы Атаңар да сурагандарга Ыйык Рухту берет.

Ыйса жана шайтан

14 Бир жолу Ыйса бир адамды дудук кылып койгон жинди андан кууп чыкты. Жин чыкканда, дудук сүйлөй баштады. Муну көргөндөр аң-таң болушту. 15 Кээ бири: — Бул жиндерди алардын башчысы — Бээлзебулдункүчү менен кубалап жатат, — дешти. 16 Кээ бири сынап, асмандан кереметтүү жышаан көрсөтүүсүн талап кылышты. 17 Мындай ойлорун билген Ыйса аларга айтты: — Ичинен бөлүнүп-жарылган мамлекет кыйрайт, ыркы кеткен үй-бүлө соо калбайт. 18 Эгер шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып, ичинен бөлүнүп-жарылса, анын падышачылыгы кантип соо калат? А силер болсо «Бээлзебулдун күчү менен жиндерди кубалап жатат» дейсиңер. 19 Эгер Мен Бээлзебулдун күчү менен кубалап жатсам, анда өзүңөрдүн адамдарыңар кимдин күчү менен кубалап жатышат? Ушул себептен алар силерге сот болушуп, катаңарды ашкерелешет. 20 Эгерде Мен жиндерди Кудайдын кудурети менен кубалап жаткан болсом, демек, силерге Кудайдын Падышачылыгы жетти. 21 Эгерде күчтүү адам курал-жарак алып, үйүн кайтарып турса, анда анын мүлкү коопсуздукта болот. 22 Бирок андан ашкан күчтүү бирөө кол салып, жеңип алса, анда анын ишенген куралын тартып алып, колуна түшкөн олжону таратып жиберет. 23 Ким Мен тарапта болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат.

Кайра келген жиндер

24 Адамдан чыккандан кийин, кара күч эс ала турган жай издеп, суусуз жерлерди кезет. Таба албаган соң: «Кой, чыккан үйүмө барайын», — дейт. 25 Келип, өзүнүн чыккан жеринин шыпырылып, тазаланганын көрөт да, 26 кайра барып, өзүнөн да жаман жети жинди ээрчитип келет. Анан баягы адамга кайра кирип, жашай баштайт. Ошондо бул адамга мурдагыдан да оор болот. Ким бактылуу? 27 Ыйса сүйлөп жатканда, эл арасынан бир аял мындай деп кыйкырып жиберди: — Сени курсагына көтөрүп, эмчегин эмизген эне кандай бактылуу! 28 — Кудай сөзүн угуп, аткаргандар андан да бактылуу, — деди Ыйса.

Жышаан көргүсү келгендер

29 Туш-туштан адамдар келип, жыйылган эл көбөйгөндө, Ыйса сөзүн мындай деп баштады: — Азыркы муун — бузулган муун, ал кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт. 30 Себеби Жунус Нинеби шаарындагылар үчүн кереметтүү жышаан катары жиберилгендей, Адам Уулу да бул муун үчүн кереметтүү жышаан болот. 31 Түштүкханышасы да тирилип, ушул муунду айыпка жыгат, анткени ал Сулаймандын акылман сөзүн угуп кетейин деп, дүйнөнүн аркы четинен келген. А бул жерде болсо Сулаймандан да улуу Бирөө турат. 32 Нинебиликтер кыямат кайымда ушул муун менен бирге кайра тирилип, аны айыпка жыгат, анткени алар Жунустун сөзүн угуп, ниеттерин өзгөртүшкөн. А бул жерде болсо Жунустан да улуу Бирөө турат.

Дененин шамы

33 Эч ким шамды күйгүзүп туруп, жашыруун жерге же идиштин алдына катып койбойт. Тескерисинче, киргендерге жарыгын чачсын деп, шамдалга коёт. 34 Адамдын көзү — анын чырагы. Ошондуктан көзүң тунук болсо, бүт денең да жарык болот. Эгерде көзүң арам болсо, бүт дене-боюң караңгыда калат. 35 Ошондуктан байка: сендеги жарык караңгы болуп жүрбөсүн. 36 Эгерде бүт денең эч караңгысыз, жарык болуп турса, анда сага шам жарыгын чачып турган сыяктуу, бүтүндөй жарык болосуң.

Сырты жалтырак, ичи калтырактар

37 Ыйса муну айтып жатканда, фарисейлердин бири Аны конокко чакырды. Ыйса анын үйүнө кирип, дасторкондун жанына жамбаштап отурду. 38 Анын тамак алдында кол жуубаганын көрүп, фарисей таң калды. 39 Ошондо Эгебиз ага мындай деди: — Фарисейлер, азыр силер чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңерде талоончулук менен жамандык ашып-ташыйт. 40 Акылсыздар, сыртын жараткан Кудай ичин да жараткан эмеспи? 41 Андан көрө, идиштин ичиндегисин мусапырларга бербейсиңерби, ошондо бардык нерсеңер таза болот эле го! 42 Бирок фарисейлер, силердин шоруңар куруйт, себеби жалбыз, адырашман, ар кандай жашылчалардын түшүмүнүн ондон бирин зекетке бересиңер да, Кудайдын мээрими менен калыстыгынан четтеп кеттиңер. Бирок бул жагына да көңүл буруп, тигил жагын да калтырбашыңар керек болчу. 43 Эй, фарисейлер, шоруңар куруйт. Силер синагогаларда алдыңкы орундарда олтурганды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын сүйөсүңөр. 44 Шордуусуңар силер, анткени адамдар байкашпай, үстүнөн басып жүргөн көрлөргө окшошсуңар. 45 Ошондо дин мугалимдеринин бири: — Устат, бул сөзүң бизге да тийип жатат, — деди. 46 Ыйса ага мындай деди: — Дин мугалимдери, силердин да шоруңар куруйт. Силер оор, адам чыдагыс диний эрежелерди башкалардын жонуна артып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагыңарды да тийгизип койбойсуңар. 47 Силердин шоруңар куруйт, себеби аталарыңар өлтүргөн пайгамбарларга күмбөз куруп, 48 алардын кылгандарын туура деп эсептеп, ал тургай ошого макул экениңерди көрсөтүп жатасыңар. 49 Ошондон улам Кудай Өзүнүн даанышмандыгы менен: «Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберем, бирок алардын кээсин өлтүрүп, кээсин сары изине чөп салып, кубалашат» деген. 50 Ошону менен дүйнө жаратылгандан бери 51 — Абылдантартып, курмандык жай менен эң ыйык жайдын ортосунда өлтүрүлгөн Закирге чейинкилердин баарынын каны ушул муундан талап кылынат. 52 Дин мугалимдери, силердин шоруңар куруйт! Силер билимдин ачкычын колуңарга алып алып, өзүңөр да кирбей, кирейин дегендерге да бут тосуп келгенсиңер. 53 Ыйса сүйлөп бүтүп, үйдөн чыкканы жатканда, дин мугалимдери менен фарисейлер ичинен жаман ойлошуп, сөзүнөн кыйкым издеп, суроолорду жаадырышты. ‎

Кудайды урматтагыла жана чындыкты коркпой, ачык айткыла

12:1 Ушул арада миңдеген киши жыйылып, алар бири бирин кыса баштады. Ошондо Ыйса адегенде шакирттерине кайрылып, мындай деди: — Фарисейлердин ачыткысы — эки жүздүүлүктөн алыс болгула. 2 Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт. 3 Ошондуктан караңгыда айткан сөзүңөрдү жарыкта угушат, үйдүн ичинде кулакка шыбырап айткан сөзүңөр үйдүн төбөсүнөн жар салынат. 4 Досторум, силерге айтам: денени өлтүрүп, андан кийин башка эч нерсе кыла албаган адамдардан коркпогула. 5 Кимден коркуш керектигин айтып коёюн: өлтүргөндөн кийин тозокко түшүрүүгө кудурети бар Кудайдан корккула! 6 Беш чымчык бир аз эле тыйынга сатылат эмеспи. Бирок алардын бирин да Кудай унутта калтырбайт. 7 А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар. 8 Силерге айтып коёюн: ким Мени эл алдында ачык тааныса, Адам Уулу да Кудай периштелеринин алдында аны ачык тааныйт. 9 Мени эл алдында четке какканды Мен да Кудай периштелеринин алдында четке кагам. 10 Адам Уулуна каршы сөз айткан адам кечирилет, бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт. 11 Силерди синагогадагы элдин, башчылардын, бийлик башындагылардын алдына алып барышканда, кантип же эмне деп актанышты же эмнени айтышты ойлоп, түйшүк тартпагыла. 12 Эмне дешти Ыйык Рух ошол саатта силерге үйрөтөт.

Дүнүйөкорлуктан алыс болуу жөнүндө ибарат

13 Эл арасынан бирөө: — Устат, агама айтып коюңузчу, мурасты мени менен бөлүшсүн, — деп кайрылды. 14 Ыйса ал кишиге: — Ким Мени силерге сот же бөлүштүргүч болуп берсин деди эле? — деди. 15 — Анан элге кайрылып: — Этият болгула, ар кандай дүнүйөкорлуктан алыс болгула, анткени адам өмүрү анын мал-мүлкүнүн көптүгүнө байланыштуу эмес, — деди. 16 Ошондон кийин Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди: — Бир байдын эгин талаасы жакшы түшүм берет. 17 Бай ичинен ойлонот: «Эмне кылсам? Эгин жыяр жайым жок. 18 Кой, минтейин: кампаларымды бузайын да, кайра чоңураак кылып салып, бардык эгиним менен мал-мүлкүмдү ошо жерге коёюн. 19 Анан өз жаныма айтам: жаным, көп жылдарга жете турган байлыгың жатат. Эми эс ал, ич, же, шапар тээп шаттан». 20 Бирок Кудай ага: «Эй акылсыз, бүгүн түнү жаныңды алганы келишет. Жыйган-тергениң кимге калат?» — дейт. 21 Керт башы үчүн байлык топтоп, Кудайды эсине албаган адам ушундай болот.

Көр оокаттан өйдө болуп, Кудайга ишенгиле

22 — Ошондуктан силерге айтып коёюн, — деди Ыйса шакирттерине карап, — «Эмне жейбиз» деп жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла! 23 Тамактан жан, кийимден дене артык да. 24 Каргаларды карагылачы, алар эгишпейт да орушпайт, кырмандары да, кампалары да жок. Аларды Кудай азыктандырып турат. Ал эми алардан силердин айырмаңар кандай чоң. 25 Кимиңер түйшүктөнүп, өзүнө бир карыш бой кошо алат? 26 Эгерде ушундай жарыбаган нерсе колуңардан келбесе, башкаларды ойлоп, куру убара тартуунун эмне кереги бар? 27 Кызгалдактардын өскөнүн карагылачы, алар эмгектенишпейт, жип да ийришпейт. Бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес. 28 Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар! 29 Ошондуктан не жеп, не ичебиз деп кабатыр болбогула! 30 Дүйнөдөгү элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин Атаңар буларга муктаж экениңерди билет. 31 Андан көрө, Кудай Падышачылыгы жөнүндө ойлогула, ошондо калганы силерге кошулуп берет.

Чыныгы байлык асманда

32 Коркпогун, кичинекей кой короо! Атаңар падышачылыгын силерге мурас кылууну ылайык көрдү. 33 Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр бергиле! Эскирбес, көөнөрбөс байлыктарды көккө жыйнагыла. Ал жакка ууру да жакындай албайт, күбө да жей албайт. 34 Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.

Ыйсанын кайтып келишине даяр болгула!

35 Ар дайым белиңер буулуу, чырагыңар жагылуу болсун! 36 Үйлөнүү тоюнан кайта турган ээсин күтүп, каалганы кагылар замат ачууга даяр турган адамдардай болгула. 37 Ээси келип, кызматчыларынын уктабай күтүп турушканын көрсө, ошол кызматчылар таалайлуу. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ээси аларды олтургузуп коюп, өзү белин бууп алып, кызмат кылат. 38 Эгер ээси түн ортосунда болобу, таң азанда болобу келип, кулдарынын уктабай, сергек тургандарын көрсө, анда алар таалайлуу. 39 Силер билгендей, эгер үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле. 40 Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.

Ишенимдүү жана ишенимсиз кул

41 Ошондо Петир: — Эгебиз, бул ибаратты бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы? — деп сурады. 42 Ыйса мындай деп жооп берди: — Үйдөгү кулдарына тамак-ашын убагында берип туруш үчүн кожоюн дайындап кеткен ишеничтүү жана акыл-эстүү башчыны элестеткиле. 43 Кожоюну келгенде тапшырылган ишин аткарып жаткан кызматчы бактылуу! 44 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кожоюну аны бүт үй мүлкүнө башчы кылат. 45 Эгер ошол кызматчы ичинен: «Кожоюнум жакында келбейт», — деп, башка кулдарды уруп сабап, жеп-ичип, масчылыкка берилсе, 46 кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келет да, башын жара чаап, ишенимсиздер менен кошо жазага тартат. 47 Ээсинин каалоосун билип туруп, даярданбаган, анын каалоосун аткарбаган кул көп таяк жейт. 48 Ал эми билбей калып, жазага татыктуу иш кылган кул азыраак таяк жейт. Ошол сыңары, кимге көп берилсе, ошондон көп талап этилет, кимге көбүрөөк ишенип тапшырылса, андан көбүрөөк суралат.

Ыйса үчүн бөлүнүү болот

49 Мен асмандан жерге от таштоо үчүн келдим. Ошол от тезирээк жанышын кандай каалар элем! 50 Мен өзгөчө чөмүлүүдөнөтүшүм керек, ошол саатым келгиче канча кыйналам. 51 Силер Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлойсуңарбы? Жок, бөлүнүү алып келдим десем туурараак болот. 52 Анткени мындан ары бир үй ичинде эле беш киши өз ара бөлүнө башташат: үчөө экөөнө каршы, экөө үчөөнө каршы болуп, бөлүнөт. 53 Атасы каршы болуп өз уулуна, Уулу да атасына каршы болот, Энеси каршы болуп өз кызына, Кызы да энесине каршы болот, Кайнене каршы болуп келинине, Келин да кайненеге каршы болот.

Өз учурунда элдеш

54 Ыйса элге мындай деди: — Силер батыштан каптап келаткан булутту көргөндө, «жамгыр жаайт» дейсиңер, анан чынында эле жамгыр жаайт. 55 Түштүктөн шамал соксо, «күн ысык болот» дейсиңер, анан чындап эле ысык болот. 56 Эй, эки жүздүүлөр, көк менен жердин кубулушун ажырата билесиңер, ал эми азыркы убактын кандай экенин кантип ажырата билбейсиңер! 57 Эмне үчүн кандай кылуу туура экенин өзүңөр калыстык менен чечпейсиңер? 58 Доочуң менен сотко баратканыңда, жолдо андан кутулганга тырыш. Антпесең ал сени сотко сүйрөп келет да, сот жазалоочунун колуна өткөрөт, жазалоочу болсо зынданга салат. 59 Айтып коёюн: акыркы тыйыныңды бермейинче, ал жактан чыкпайсың. ‎

Ниетиңерди өзгөрткүлө

13:1 Ушул убакта Пилат өлтүргөн галилеялыктар тууралуу Ыйсага кабарлашты. Пилат аларды малдарын курмандыкка чалып жаткан жеринен өлтүрткөн эле. 2 Ыйса бул кабарды айткандарга айтты: — Бул адамдардын күнөөсү галилеялыктардын баарыныкынан чоң болгондугу үчүн ушундай балээге туш болушту деп ойлойсуңарбы? 3 Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди өзгөртпөсөңөр, баарың тең ушинтип куурайсыңар. 4 Силоом мунарасы басып калып, каза тапкан он сегиз кишинин күнөөсү Иерусалимде жашагандардын баарыныкынан көбүрөөк болгон деп ойлойсуңарбы? 5 Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди өзгөртпөсөңөр, баарың тең ушинтип куруйсуңар.

Ниетти өзгөртүүгө бир аз убакыт бар

6 Ушундан кийин Ыйса мындай ибаратты айтып берди: — Бир адамдын жүзүмзарында олтургузулган анжир дарагы болуптур. Ошол адам жүзүмзарына келип, анжир дарагынан жемиш издеп, таба албайт да, 7 багбанга айтат: «Үч жылдан бери келип, мына бул анжирден жемиш издейм, бирок таба албайм. Ошондуктан аны кыйып сал, бекер эле жерди ээлеп турат». 8 Багбан айтат: «Таксыр, быйыл да коё туруңузчу. Мен тегерегин жумшартып, кык төгүп көрөйүн. 9 Жемиш берип калар. Эгер бербесе, анда эмки жылы кыя бериңиз».

Бүкүр аялдын дем алыш күнү айыгышы

10 Бир дем алыш күнү Ыйса синагогалардын биринде таалим берип калды. 11 Ал жерде жиндин таасиринен улам он сегиз жылдан бери такыр белин көтөрө албай бүкүрөйүп калган бир аял бар эле. 12 Ыйса ошол аялды көрүп, чакырып алды да: — Аял, дартыңдан кутул! — деп, 13 колун үстүнө койду. Ошол замат бели жазылып кеткен аял Кудайга алкыш айта баштады. 14 Муну карап турган синагога башчысы Ыйсанын дем алыш күнү айыктырганына кыжырланып, элге: — Иш кыла турган алты күн бар го! Айыгууга дем алыш күнү келбестен, ошол күндөрү келгиле! — деди. 15 Эгебиз ага айтты: — Эй, эки жүздүү! Өзүңөр дем алыш күнү өгүзүңөрдү же эшегиңерди акырдан чечип алып, сугарганы жетелеп барбайсыңарбы? 16 Ал эми он сегиз жыл бою шайтандын байлоосунда келген Ыбрайымдын мына бул кызын дем алыш күнү куткарса болбойт беле? 17 Ыйсанын бул сөзү Ага каршы болгондордун баарын уят кылды. Турган эл Анын кылган улуу иштеринин баарына кубанып жатышты.

Сары кычынын даны тууралуу ибарат

18 Ушундан соң, Ыйса мындай деди: — Кудайдын Падышачылыгын эмнеге салыштырсам? Аны эмнеге окшоштурсам? 19 Ал бир адамдын өз багына эккен кипкичинекей сары кычынын данынаокшош. Урук өнүп, чоң өсүмдүккө айланат да, бутактарына канаттуулар уя салат. 20 — Кудайдын Падышалыгын эмнеге окшотсом? — деди Ыйса сөзүн улантып, 21 — ал бир аялдын камыр ачытыш үчүн үч чара унга салган ачыткысына окшош, — деди.

Бейиштин эшиги тар

22 Ошентип, Ыйса шаар-кыштактарды аралап, Иерусалимге баратты. 23 Кимдир бирөө Андан: — Таксыр, аз гана адамдар куткарылабы? — деп сурап калды. Ыйса ага айтты: 24 — Кудай Падышачылыгына тар эшиктен кирүүгө тырышкыла! Силерге айтып коёюн: көп адамдар кирсек дешет, бирок кире алышпайт. 25 Эгер үй ээси ордунан туруп, эшиктерин жаап алса, сыртында каласыңар да, эшигин каккылап: «Таксыр, эшикти ачып койчу бизге» дейсиңер. Үй ээси болсо: «Мен силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм!» дейт. 26 Ошондо силер: «Сени менен бир дасторкондо даамдаш элек го, биздин көчөлөрүбүздө таалим берип жүрбөдүң беле!» дей баштайсыңар. 27 Үй ээси болсо: «Силерге айтып жатам, эй, ыймансыздар, кимсиңер, кайдансыңар, мен билбейм, көзүмө көрүнбөй жоголгула!» дейт. 28 Ошондо Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана башка бардык пайгамбарлардын Кудай Падышачылыгында калганын көрөсүңөр, а силер болсо сыртка кууласыңар. Анан боздоп, тишиңерди кычыратып, ачууланасыңар. 29 Чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келгендер Кудай Падышачылыгынан орун алышат. 30 Ошондо биринчи болуп калган акыркыларды жана акыркы болуп калган биринчилерди көрөсүңөр.

Ай, Иерусалим, Иерусалим!

31 Ошол убакта фарисейлерден кимдир бирөөлөр келип: — Бул жерден кетип калчы, Ирод сени өлтүрөм деп жатат, — дешти. Ыйса аларга айтты: 32 — Барып, ал түлкүгө айтып койгула: «Мен бүгүн, эртең жиндерди кубалап, оорулууларды айыктырам да, үчүнчү күнүишимди аяктайм». 33 А бирок кантсе да, Мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү сапарымды улантам, анткени пайгамбардын Иерусалимдин сыртында өлүшү мүмкүн эмес да! 34 Ай, Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудай жиберген адамдарды таш бараңга алдың. Аттиң, балапандарын бооруна чогултуп, канатына калкалаган тоок сымал, канча ирет сенин элиңди чогултайын дедим, бирок силер каалаган жоксуңар. 35 Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат. Силерге айтып коёюн: «Эгебиздин атынан Келатканга урмат!» деп айтар убак келгиче, Мени көрбөйсүңөр. ‎

Мыйзам жана ырайым

14:1 Ыйса дем алыш күндөрүнүн биринде фарисейлердин кайсы бир башчысынын үйүнө конокко келди. Фарисейлер Ыйсанын артынан акырын байкап турушту. 2 Ошол убакта денесине сары суу толуп, шишик басып ооруган бир адам Ыйсанын алдына келди. 3 Ошондо Ыйса фарисейлер менен мыйзамчылардан: — Дем алыш күнү дарылоого болобу? — деп сурады. 4 Тигилер унчугушкан жок. Ыйса оорулууга колун тийгизип, айыктырды да үйүнө жиберди 5 анан тигилерге: — Араңардан кимиңер баласы же өгүзү чуңкурга түшүп калса, ал дем алыш күнү экенине карабай дароо сууруп чыгарбайт? — деген суроо берди. 6 Алар болсо бул суроого жооп бере алышпады.

Төрөпейилдик жана кичипейилдик

7 Конокко чакырылгандар орун тандап, төргө өтүп жатышты. Муну байкаган Ыйса ибарат менен мындай деди: 8 — Бирөө сени тойго чакырса, төргө жулунба. Коноктордун бири сенден сыйлуураак болуп калып, 9 экөөңдү тең чакырган адам жаныңа келип: «Бу кишиге ордуңду бер» деп калбасын. Ошондо уят болуп, улагага өтүп барып олтурганга туура келет. 10 Конокко келгениңде, төмөн жакка олтуруп жүр. Сени чакырган киши басып келип: «Досум, төргө өт» дегенде, жаныңдагылардын алдында мартабаң арта түшөт. 11 Анткени ким өзүн өзү көтөрсө, кемсинтилет, ал эми ким өзүн төмөн кармаса, көтөрүлөт.

Сыйлыкты Кудайдан күт

12 Ошондон кийин чакырган адамга Ыйса айтты: — Түштө же кечинде тамак жасап, конок чакыра турган болсоң досторуңду, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар кайра өзүңдү чакырып, бергениңди кайтарышат. 13 Ошондуктан жакыр, майып, чолок, сокурларды чакыр. 14 Алар сага кайра кайтарганга эч нерсеси болбогондуктан бактылуу болосуң. Анткени кыяматта, адилеттүүлөр тирилген кезде, тиешеңди аласың.

Чакырылгандар жана тандалгандар

15 Ыйса менен дасторкондун жанында жамбаштап жаткандардын бири Ага: — Кудай Падышачылыгынан даам сыза турган адам таалайлуу! — деди. 16 Ыйса ага мындай деди: — Бир киши чоң той тамагын берип, көп адамдарды чакырат. 17 Тамактанар маал келгенде, чакырылгандарга кулун жөнөтүп: «Келгиле, баары даяр болду» деп айттыртат. 18 Ошондо баары сүйлөшүп алгандай кечирим сурай баштайт экен: «Жер сатып алдым эле, барып көрүп келбесем болбойт, мени кечирип кой», — дейт биринчиси. 19 Экинчиси: «Беш жуп өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү баратам, мени кечирип кой», — дейт. 20 Үчүнчүсү болсо: «Мен аял алдым, ошондуктан бара албайм», — дейт. 21 Кул ээсине кайра келип, баарын айтып берет. Ошондо үй ээси каарданып, кулуна: «Тез бар да, шаардын аянттары менен көчөлөрүн кыдырып, жакыр, майып, сокур, чолокторду алып кел бул жакка!» — дейт. 22 Кийин кул ээсине келип: «Таксыр, буйругуңду аткардым, бирок дагы бош орундар бар!» — дейт. 23 «Жолдорго чык да, чарбактарды, кашааларды аралап өтүп, адамдарды келүүгө мажбур кыл, үйүмдүн ичи толсун!» — дейт ээси. 24 Силерге айтып коёюн: жанагы чакырылгандардан эч кимиси менин тамагымдан экинчи ооз тийишпейт!

Ким Ыйсанын шакирти боло алат?

25 Жолдо Ыйсаны көп эл ээрчип келе жатты. Ыйса аларга кайрылып мындай деди: 26 — Ким Мага келип, бирок ата-энесин, үй-бүлөсүн, бала-чакасын, тууган-туушкандарын, атүгүл өз өмүрүн Менден артык көрсө, ал Менин шакиртим боло албайт. 27 Мени өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөнээрчиген адам да Менин шакиртим боло албайт. 28 Араңардан бирөө мунара кургусу келсе, анда ал адегенде отура калып, сарптала турган чыгымды эсептебей, аягына чыгарганга каражаты бар-жогун калчабай туруп, ишке киришеби? 29 Пайдубалын куярын куюп алып, калганын бүтүрө албаса, айланадагылар: 30 «Бул кайран баштаарын баштап алып, аягына чыккан жок!» — деп шылдыңдашпайбы. 31 Же бир падыша башка бир падышага каршы согушка аттана турган болсо, келе жаткан каршылашынын жыйырма миң аскерине өзүнүн он миңи менен туруштук бере алабы же жокпу — олтура калып, акылдашпайбы? 32 Туруштук бере албаса, каршылашы тээ алыста экенинде эле ага элчи жиберип, жансоога сурайт. 33 Ушул сыяктуу эле араңардан кимиңер болбосун колунда болгондун баарынан баш тартпаса, Менин шакиртим боло албайт. 34 Туз — жакшы нерсе, бирок ал даамын жоготуп койсо, кайра калыбына келтирүүгө болобу? 35 Болбойт, анткени ал кыртышка да, кыкка да жарабай калат. Ошондуктан аны ыргытып жиберишет. Уга турган кулагы барлар уксун! ‎

Күнөөкөр ниетин өзгөртсө, көктөгүлөр кубанат

15:1 Бир күнү көптөгөн салыкчылар менен ар кандай күнөөкөр адамдар Ыйсанын жанына Анын сөзүн укканы келишти. 2 Ошон үчүн фарисейлер менен дин мугалимдери: «Ал күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бир дасторкондон тамак жейт экен!» — дешип, нааразы болушту. 3 Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди: 4 — Эгер араңардагы жүз кою бар бирөөнүн бир кою жоголуп кетсе, ал токсон тогузун ээн талаага таштап, жоголуп кеткенин тапкыча кыдырып издебейби? 5 Таап алган соң, кубанычы койнуна батпай, койду ийнине артып, 6 үйүнө келет да, жоро-жолдошторун, коңшу-колоңун чакырып: «Жоголгон коюмду таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» — дейт. 7 Силерге айтып коёюн: ниетти өзгөртүүнүн кажети жок деп, өздөрүн такыбаа санаган токсон тогуз адамдан көрө, ниетин өзгөрткөн бир күнөөкөр үчүн көктөгүлөр көбүрөөк кубанышат. 8 Же болбосо, он күмүш теңгеси бар аял теңгелеринин бирин жоготуп алса, шамдарын күйгүзүп, үйүн шыпырып-сыйрып, тапмайынча кылдаттык менен издебейби? 9 Тапкан соң, курбу-курдаштары, коңшу-колоңдорун чакырып алып: «Жоготкон теңгемди таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» — дейт. 10 Ошондуктан силерге айтам: бир күнөөкөр ниетин өзгөртсө, Кудайдын периштелери зор кубанычка бөлөнүшөт.

Адашкан уул

11 Ыйса дагы мындай деди: — Бир адамдын эки уулу болуптур. 12 Бир күнү кенже уулу: «Ата, менин энчимди бериңиз!» — дейт. Ошондо атасы бар дүнүйөсүн балдарына бөлүп берет. 13 Көп өтпөй кенжеси өзүнө бөлүнгөн энчинин баарын алып, алыс жерге кетип калат. Ал жерден өз билгениндей жашап, колундагы дүнүйөсүн чачып жок кылат. 14 Ошол кезде ал жерде катуу ачарчылык болуп, бул бала да ач-жылаңач калат. 15 Анан ошол өлкөнүн бир тургунуна барып, жалчы болуп орношот. Жалдап алган киши аны талаага жиберип, чочколорун кайтартып коёт. 16 Ал бала чочколор жеген кабык менен курсагын тойгузууга зар болчу экен, бирок аны да ага эч ким ыраа көрбөптүр. 17 Бир күнү ал эсине келип, минтип ойлонот: «Атамдын канчалаган малайлары нанды кенен жеп жүрүшөт, а мен болсом бул жерде ачкадан куурап, өлө турган болдум. 18 Кой, атама барайын да: "Ата, мен Кудайга күнөөкөр болдум, сиздин алдыңызда да айыптуумун. 19 Эми мен сиздин уулуңуз деп аталууга да татыксызмын. Мени жалчыларыңыздын катарына кошуп алыңызчы", — дейин». 20 Ошентип ал атасына жөнөйт. Ал үйүнө жете электе, тээ алыста келе жатканда эле атасы аны көрөт. Көргөндө ичи элжиреп, алдынан чуркап чыгып, мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөйт. 21 Уулу болсо ага айтат: «Ата, мен Кудайга күнөөкөр болдум, сиздин алдыңызда да айыптуумун. Эми мен сиздин уулуңуз аталууга да татыксызмын!» 22 Бирок атасы кулдарына мындай деп буйрук берет: «Балама тезирээк эң мыкты кийим алып келип, үстүнө жапкыла, колуна мөөрлүү шакек салгыла, бутуна өтүк кийгизгиле! 23 Бордолгон ноопазды жетелеп келип, сойгула! Жеп-ичип, тойлойлу! 24 Себеби менин бул балам өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды!» Анан баары тойлой башташат. 25 Бул убакта улуу баласы талаада жүргөн. Ал талаадан кайтып келатып, үйүнө жакындаганда ыр-күү менен бийлеп-чордогондордун добушун эшитет. 26 Малайлардын бирин чакырып алып: «Эмне болуп жатат?» — деп сурайт. 27 «Иниңиз келди. Атаңыз аны аман-эсен көргөнү үчүн бордолгон ноопазын сойду», — деп жооп берет малай. 28 Ошондо ал ачууланып, үйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, өтүнсө да көнбөй, ага: 29 «Канча жылдан бери кызматыңызды кылып келатам. Бир да жолу сөзүңүздү эки кылбадым. Бирок сиз досторум менен отуруп, көңүл ачуум үчүн жок дегенде бир улак да берген эмес элеңиз. 30 Ал эми бузулган аялдар менен бирге сиздин мүлкүңүздү жалмап салып келген мына бул балаңызга бордолгон ноопазды союп бердиңиз», — дейт. Анда атасы мындай дейт: 31 «Ээ, балам, сен ар дайым жанымдасың да. Менин мал-мүлкүмдүн баары сеники. 32 Бирок бүгүн кубанып, тойлош керек. Себеби сенин бул иниң өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды». ‎

Акылдуу кул

16:1 Ыйса шакирттерине кайрылып мындай деген ибарат айтып берди: — Бир бай болуптур. Анын үй чарбасын башкарган кызматчысы бар экен. Ага ошол кызматчысы тууралуу: «Мүлкүңдү ысырап кылып жатат!» — деген сөз жетет. 2 Муну укканда, ал кызматчысын чакырып: «Эмне үчүн сен жөнүндө ушундай сөз жүрүп жатат? Кылган ишиңдин эсебин бер. Эми мындан ары бул кызматта иштей албайсың!» — дейт. Ошондо үй чарбаны башкарган кызматчы ичинен минтип ойлонот: 3 «Эмне кылсам? Ээм кызматтан алып жатат. Кара жумушка жокмун, кайыр сураштан уялам. 4 Аа, кызматтан кеткен соң, адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн эмне кылуунун амалын таптым». 5 Анан ээсине карыз болгондорду бир-бирден чакыра баштайт. Биринчисинен сурайт: «Ээме канча карызсың?» 6 — «Жүз бочке май карызмын». «Тил катыңды ал да, тез отура калып, элүү деп жаз». 7 Андан кийин экинчисинен сурайт: «А сен канча карызсың?» — «Жүз кап буудай». «Тил катыңды ал да, сексен деп жаз». 8 Ээси кара ниет кызматчысын акыл таап кеткени үчүн мактады. Чынында эле бул дүйнөнүн адамдары өзүнө окшогондордун арасында жарыктын адамдарынанкөрө тапкычыраак. 9 Мен да силерге айтам: бул бейоопа дүйнөнүн байлыгын пайдаланып, дос күткүлө. Ошентип, бул байлыгың өтүп кеткенде, алар силерди бейиштен кучак жайып тосуп алышсын. 10 Кичине иште ишенимдүү болгон киши, чоң иште да ишенимдүү болот. Кичине иште ишенимдүү болбогон киши, чоң иште да ишенимдүү боло албайт. 11 Андыктан бул бейоопа дүйнөнүн байлыгында ишенимдүү болбосоңор, чыныгы байлыкты силерге ким ишенип тапшырат? 12 Эгерде силер башка бирөөгө караштуу байлыкта ишенимдүү болбосоңор, өзүңөрдүкүн силерге ким берет? 13 Эч бир кул эки кожоюнга бирдей кызмат кыла албайт: же бирин сыйлайт да, экинчисин жек көрөт, же бирине берилип, экинчисине көңүл кош мамиле кылат. Ошол сыяктуу, Кудай менен акчага бирдей кызмат кыла албайсыңар!

Тоорат мыйзамы жана Кудай Падышачылыгы

14 Мунун баарын угуп турушкан дүнүйөкор фарисейлер Аны шылдыңдап күлүштү. 15 Ыйса аларга айтты: — Силер өзүңөрдү адамдардын алдында такыбаа көрсөткүңөр келет, бирок Кудай силердин ниетиңерди билет. Себеп дегенде адамдар жогору баалаган нерсе, Кудай алдында жийиркеничтүү. 16 Тоорат мыйзамы менен пайгамбарлардын доору Жакыяга чейин созулду, андан бери Кудай Падышачылыгы жар салынып жатат жана баары ага өз күчү менен кирүүгө аракеттенип жатышат. 17 Бирок Тоораттын бир чекити жоголгуча, асман менен жердин жок болуп кетиши оңой. 18 Аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам өзү ойноштук кылган болот. Ошондой эле күйөөдөн чыккан аялга үйлөнүү да ойноштук кылганга жатат.

Тиги дүйнөдөгү бай менен кедей

19 Бир бай киши болуптур. Ал кымбат чапан менен шайы көйнөк кийип, күндө шапар тээп жыргачу экен. 20 Ошондой эле Лазар аттуу бир кедей болуптур. Бүткөн боюн жара баскан ал бай жеген тамактын калдыктарына зар болуп, анын дарбазасынын жанында жатканда, иттер келип жараларын жалашчу экен. 22 Бир күнү бул кедей каза болуп, периштелер аны Ыбрайым жаткан жайга алып барып коюшат. Бай да өлүп, көргө коюлат. 23 Тозокто кыйналып жатып, бай көзүн ачып карап, Ыбрайымдын жанындагы Лазарды көрөт. 24 Ошондо мындай деп жалынып жиберет: «Ыбрайым ата, мени аяп, Лазарды жиберип коюңузчу, колунун учун сууга малып, тилиме тамызып койсун, мына бул от-жалындан катуу кыйналып жатам». 25 Бирок Ыбрайым мындай дейт: «Эй, балам, тирүүңдө кандай жашаганыңды эстечи: сен жыргадың, ал эми Лазар болсо куурады. Бирок азыр ал бул жерден сооронуч тапты, а сен болсо кыйналып жатасың. 26 Анын үстүнө бул жактан силер жакка, силер жактан биз жакка өткүсү келгендер өтө албас үчүн ортобузга түпсүз туңгуюк орнотулган». 27 «Ата, андай болсо аны менин атамдын үйүнө жиберип коюңузчу, 28 беш бир тууганым бар эле, ошолор да бул азаптуу жайга келбес үчүн жакшылап эскертип, күбө болуп берсин», — деп суранат бай. 29 Ыбрайым болсо мындай дейт: «Аларда Муса менен башка пайгамбарлар бар эмеспи, ошолорду билишсин». 30 «Жок, Ыбрайым ата, — дейт бай, — эгер өлгөндөрдөн бирөө аларга барса, алар ниеттерин өзгөртүшөт». 31 Ошондо Ыбрайым айтат: «Муса менен пайгамбарларга кулак салбаган алар тирилип барган адамга да ишенишпейт». ‎

Азгырыктар

17:1 Ыйса шакирттерине дагы мындай деди: — Күнөөгө батырган азгырыктар сөзсүз келет, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору куруйт. 2 Мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батыргандан көрө, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок. 3 Ошондуктан өзүңөргө этият болгула. Эгер боордошуң сага жамандык кылса, зекип кой. Эгер күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир. 4 Эгер ал бир күндө жети иретсага жамандык кылып, кайра жети ирет күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир.

Ишеним жөнүндө

5 Элчилери Ыйсага: — Ишенимибизди арттырчы! — дешти. 6 Эгебиз аларга мындай жооп берди: — Эгер сары кычынын данындай ишенимиңер бар болсо, мына бул турган тыт дарагына: «Тамырың менен жулун да, деңизге олтургузул!» десеңер, тилиңерди алат эле.

Кудайга кызмат кылуу жөнүндө

7 Ыйса дагы мындай деди: — Араңардан бирөөнүн жер айдаган же кой кайтарган кулу болсун дейли. Кул талаадан келгенде, ага: «Тез келип, дасторконго өт!» дейби? 8 Тескерисинче: «Мага тамак бер! Тамактанып бүткөнүмчө, мени тейлегин, андан кийин өзүң тамактанарсың!» дебейби? 9 Ал буйругун аткарганы үчүн кулуна алкыш айтмак беле? 10 Ошол сыяктуу, силерге берилген буйруктардын баарын аткарган соң: «Биз эч нерсеге арзыбаган кулдарбыз. Милдетибизди гана аткардык», — дегиле.

Пес оорусунан айыккан он киши

11 Ыйса Самария менен Галилея аймактарын аралап өтүп, Иерусалимге жол тартты. 12 Ал бир айылга жакындаганда, пес менен ооруган он адамга туш болду. Алар оолак туруп алышып: 13 — Эй, устат! Ыйса, бизге ырайым эт! — деп кыйкырышты. 14 Ыйса аларды көрүп: — Баргыла, денеңерди динкызматчыларга көрсөткүлө! — деди. Алар жолдо баратышканда, денелери пестен айыгып калды. 15 Бирөөсү айыкканын көрүп, Кудайды кыйкыра даңктап, кайтып келди да, 16 Ыйсанын бутуна жыгылып, алкышын жаадырды. Бул киши самариялык болчу. 17 Ошондо Ыйса: — Айыккандар он киши эмес беле? Калган тогузу кайда? 18 Мынабу башка уруулуктан башкалары Кудайга мактоо айтыш үчүн келишкен жокпу? — деди. 19 Анан айыккан адамга кайрылып: — Тур, бара бер, сени ишенимиң айыктырды, — деди.

Ыйсанын экинчи жолку келиши жөнүндө

20 Фарисейлер Кудай Падышачылыгынын качан келишин сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди: 21 Кудай Падышачылыгы көзгө көрүнүп келбейт. «Бул жерде» же «тигил жерде» деп да айтууга болбойт. Мынакей, Кудай Падышачылыгы силердин эле араңарда. 22 Ыйса шакирттерине карап, мындай деди: — Адам Уулу менен өткөргөн күндөрдүн бирин көрсөк деп эңсеген кез келет, бирок көрө албайсыңар. 23 Ошондо силерге: «Машаяк тигил жакта» же «бул жакта» дешет. Бирок аларга барбагыла да, ээрчибегиле. 24 Анткени Адам Уулу Өзүнүн келер күнүндө асмандын бир четинен экинчи четине чейин жарык кылган чагылгандай баарына айкын көрүнөт. 25 Бирок адегенде Ал көп азап чегип, бул уруу тарабынан четке кагылышы керек. 26 Нухтун убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот. 27 Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту. Бирок топон суу келип, баарын басып калды. 28 Лут жашаган убакта да ушундай болгон: баары жешкен, ичишкен, соода-сатык жүргүзүшкөн, эгин эгишкен, үй салышкан. 29 Бирок Лут Содом шаарынан чыккан күнү асмандан от аралаш күкүрт жаап, баарын кыйратты. 30 Адам Уулу келген күнү да так ошондой болот. 31 Ошол күнү ким үйдүн төбөсүндө жүрсө, үй ичинде калган буюмдарымды алып чыгам дебесин, ким талаада жүрсө, артына кайтпасын. 32 Луттун аялын эстегиле! 33 Жанын сактоого аракеттенген адам, жанынан айрылат, ким жанын Кудай үчүн аябаса, аны сактап калат. 34 Силерге айтып коёюн: ошол түнү бир үйдө жаткан эки адамдын бири алынат, экинчиси калтырылат. 35 Жаргылчак тартып олтурушкан эки аялдын бири алынат, экинчиси калтырылат. 36 37 Ошондо шакирттери Ыйсадан: — Эгебиз, бул кай жерде болот? — деп сурашты. — Тарп кай жерде болсо, жорулар да ошол жерге жыйылары баарына белгилүү эмеспи, — деп жооп берди Ыйса. ‎

Кудайдан сураган алат

18:1 Ыйса шакирттерине дайыма сыйынып, кайгыга чөкпөө керектигин насааттап, мындай ибаратты айтты: 2 — Бир шаарда Кудайдан да коркпогон, адамдардан да уялбаган казы болуптур. 3 Ошол эле шаарда дагы бир жесир аял турчу экен. Ошол аял казыга улам-улам келип: «Доочумдан мени коргой көрүңүз!» — деп суранат. 4 Бирок көпкө чейин казы аны коргогусу келбеди. Акырында ал ичинен: «Мен Кудайдан да коркпойм, адамдардан да уялбайм. 5 Бирок мына бул жесир мага тынчтык бербей жатканы үчүн коргоп коёюн, антпесем кайта-кайта келе берип, тажатат», — дейт. 6 Ыймансыз казынын айтканын көрдүңөрбү, — деди Эгебиз сөзүн аяктап жатып. 7 — Ал эми Кудай Өзүнө күнү-түнү жалбарып турган, Ал Өзү тандап алган пенделерин коргобой, анан зарыктырмак беле? 8 Силерге айтып коёюн: Кудай аларга коргоону маалкатпай жиберет. Бирок Адам Уулу келгенде жер бетинен ишенимди табар бекен?

Өзүн көтөргөн басынтылат, төмөн кармаган көтөрүлөт

9 Өздөрүн такыбаа санашып, өзгөлөрдү өйдөдөн карашкан кээ бирөөлөргө Ыйса мындай ибаратты айтты: 10 — Эки адам сыйынуу үчүн ийбадатканага барышыптыр: бири фарисей, экинчиси салыкчы экен. 11 Фарисей туруп алып, мындай деп сыйынат: «О, Кудай! Мен башкалардай талап-тоногуч, адамдарды какшатып жабыр тарттыргыч, нике бузгуч же мынабу турган салыкчы сыяктуу болбогонума шүкүр! 12 Бир жумада эки жолу орозо кармайм, бардык кирешемдин ондон бирин сага берем». 13 Арт жагында турган салыкчы болсо башын көтөргөнгө да батына албай, капаланып, көкүрөгүн койгулап:«Оо, Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр!» — деп сыйынат. 14 Силерге айтып коёюн: фарисейден көрө, бул киши үйүнө акталып кайтат. Анткени өзүн көтөргөн ким болбосун басынтылат, ал эми өзүн төмөн кармаган ар ким көтөрүлөт.

Кудай Падышачылыгын наристедей кабыл алуу керек

15 Колун коюп, батасын берсин деп, Ыйсанын алдына балдарды да алып келишти. Шакирттери муну көрүп, алып келгендерди жемелеп, уруша башташты. 16 Бирок Ыйса балдарды жанына чакыртып, шакирттерге айтты: — Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Кудай Падышачылыгы ошондойлордуку. 17 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага эч качан кире албайт, — деди.

Бай адам

18 Башчылардын бири Ыйсадан: — О, жакшы устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек? — деп сурады. 19 Ыйса ага минтип жооп берди: — Эмне үчүн Мени жакшы деп жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. 20 «Ойноштук кылба, киши өлтүрбө, уурдаба, жалган күбө болбо, ата-энеңди сыйла»деген осуяттарды билесиң да. 21 — Булардын баарын жаштайымдан сактап келатам, — деди башчы. 22 Ыйса муну укканда: — Сага дагы бир нерсе жетпейт: бар да, колуңдагы дүнүйөңдүн баарын сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, — деди. 23 Ал муну укканда, катуу кайгырды. Анткени ал абдан бай эле. 24 Ыйса анын терең кайгырганын көрүп: — Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын! 25 Байдын Кудай Падышачылыгына кирүүсүнөн көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой, — деди. 26 Муну уккандар: — Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? — дешти. 27 Ыйса: — Адамдын колунан келбеген менен, Кудайдын колунан келет, — деди. 28 Петир болсо: — Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз, — деди. 29 Ыйса шакирттерине: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгы деп, үйүн, аялын, туугандарын, ата-энесин, балдарын таштап чыккан адам 30 бул дүйнөдө андан да көп эсе жакшылык таап, акыретте болсо түбөлүк өмүргө ээ болот, — деди.

Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы

31 Ыйса он эки шакиртин жанына чакырып алып, аларга: — Биз азыр Иерусалимди көздөй баратабыз. Ошол жерде Адам Уулу тууралуу жазылган бардык пайгамбарчылык сөздөр ишке ашат. 32 Аны башка улуттагылардын колуна тапшырышат. Алар Аны кордоп, шылдыңдашат, бетине түкүрүп, 33 сабашат, аягында өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет, — деди. 34 Бирок шакирттери Ыйсанын айтканынан эч нерсе түшүнүшпөдү. Бул сөздөр алар үчүн купуя сыр эле, ошондуктан айтылган сөзгө маани беришкен жок.

Сокурдун айыгышы

35 Ыйса Иерихон шаарына жакындап калганда, жолдун четинде бир сокур кайыр тилеп олтурган эле. 36 Алдынан топураган эл өтүп бара жатканын угуп: — Эмне болуп кетти? — деп сурады. 37 — Назареттик Ыйса өтүп баратат! — дешти Ага. 38 Ошондо сокур: — Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр! — деп кыйкырып жиберди. 39 Алдыда келе жаткандар болсо: — Унчукпа! — деп тыюу салышты. Бирок ал: — Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр! — деп, мурдагыдан да катуу кыйкырды. 40 Ошондо Ыйса токтоп, сокурду жанына алып келүүнү буюрду. Сокур маңдайына келгенде, Ыйса андан: 41 — Сага эмне кылышымды каалайсың? — деп сурады. Ал: — Таксыр, көзүм көрүп калса экен! — деди. 42 Ыйса ага: — Көзүң көрсүн, ишенимиң сени айыктырды, — деди. 43 Ошол замат сокурдун көзү көрүп калды. Ал Кудайга алкышын жаадырып, Ыйсанын артынан ээрчиди. Муну көргөн элдин баары Кудайды даңкташты. ‎

Закайдын Кудай жолуна түшүшү

19:1 Ыйса Иерихон шаарын аралап өтүп баратты. 2 Ошол жерде Закай аттуу киши бар эле. Ал салыкчылардын чоңу болуп, абдан бай болчу. 3 Ал Ыйсаны көрүүгө, ким экенин билүүгө куштар эле. Бирок боюнун кыскалыгынан, анын үстүнө элдин көптүгүнөн улам көрө албады. 4 Ыйсаны көрүү үчүн алдыга жүгүрүп барып, бир тыт дарагына чыкты, себеби Ыйса ошол жол менен өтүшү керек эле. 5 Ыйса ошол тушка келгенде, жогору жакты карап: — Закай, тезирээк ылдый түш! Мен бүгүн сенин үйүңө конушум керек, — деди. 6 Закай дароо төмөн түшүп, Ыйсаны кубаныч менен тосуп алып, конок кылды. 7 Муну көргөндөрдүн баары нааразы болушуп, өз ара күңкүлдөштү: — Ал күнөөкөрдүн үйүнө конокко барган эмнеси?! 8 Закай болсо ордунан туруп: — Таксыр, мүлкүмдүн теңин кедей-кембагалдарга берем. Эгер бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, аны төрт эселеп кайтарып берем, — деди. 9 Ошондо Ыйса: — Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди! Анткени бул киши да Ыбрайым атанын чыныгы урпагынан экен. 10 Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди, — деди.

Он дилде жөнүндө ибарат

11 Ыйса Иерусалимге жакындап калгандыктан, Аны угуп турган калайык Кудай Падышачылыгы келет деп ойлошчу. 12 Ыйса аларга мындай ибарат айтты: — Бир ак сөөк адам хандыкка шайланып келиш үчүн алыс өлкөгө жөнөйт. 13 Кетерде өзүнүн он кулун чакырып алып, ар бирине бирден алтын дилдеберип: «Мен кайтып келгиче, бул акчаны иштетип тургула!» — дейт. 14 Бирок эли аны жек көрчү экен. Ошондуктан анын аркасынан элчи жөнөтүшүп: «Анын бизге хан болушун каалабайбыз», — деп айттырышат. 15 Бир күнү ошол киши хан шайланып, кайра кайтып келет. Берген акчаларынан кимиси кандай пайда өндүргөнүн билиш үчүн кулдарын жанына чакыртат. 16 Биринчиси келип: «Таксыр, сиздин акчаңыздан он дилде пайда түшүрдүм», — дейт. 17 Хан ага: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум! Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми он шаардын акими бол», — дейт. 18 Экинчиси келип: «Таксыр, сиздин акчаңыздан беш дилде пайда түшүрдүм», — дейт. 19 Хан ага: «Сен да беш шаарга аким бол», — дейт. 20 Үчүнчү кул келип: «Таксыр, мына дилдеңиз, мен аны түйүнчөккө түйүп сактадым. 21 Мен сизден корктум, анткени сиз койбогон жерден алган, экпеген жерден оргон катаал адамсыз», — дейт. 22 Хан ага: «Эй, ыймансыз кул, сени өз оозуңдан чыккан сөзүң менен жазалайм! Менин койбогон жерден алып, экпеген жерден оргон катаал адам экенимди билчү белең? 23 Анда эмне үчүн дилдемди акча иштеткендерге берип койбодуң? Келгенимде, кирешеси менен албайт белем», — дейт. 24 Андан соң, жанындагыларга айтат: «Мындан дилдени алып, он дилдеси барга бергиле!» 25 «Таксыр, анын он дилдеси бар го», — дешти алар. 26 Анда хан: «Силерге айтып коёюн: кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат. 27 Мени өздөрүнө хан кылууну каалабаган душмандарымды ушул жерге алып келип, менин көзүмчө башын алгыла!» — дейт.

Ыйсанын Иерусалимге кириши

28 Ыйса сөзүн бүтүп, Иерусалим тарапка жолун улантты. 29 Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге менен Бейтани айылдарына жакындаганда, Ыйса эки шакиртин жөнөтүп жатып, аларга мындай деди: 30 — Мына бу маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен эч ким мине элек такай байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле. 31 Эгер бирөө: «Муну эмне чечип жатасыңар?» десе, «Эгебизге керек болуп жатат», — деп жооп бергиле. 32 Шакирттер барып, Ыйсанын айтканын табышты. 33 Алар такайды чечип жатканда, анын ээлери: «Эшекти эмне чечип жатасыңар?» — дешти. 34 Шакирттер: «Эгебизге керек болуп жатат», — деп жооп беришти. 35 Алар такайды Ыйсага жетелеп келишти да, чапандарын чечип, ага жаап, Ыйсаны мингизишти. 36 Ыйса аны минип баратканда, урмат-сый көрсөтүшүп, жолуна чапандарын төшөштү. 37 Зайтун тоосунан төмөн түшө турган жолго жеткенде, шакирттеринин баары мурда жасаган кудуреттүү кереметтер үчүн Кудайды кубана даңктай башташты: 38 — Эгебиздин атынан келаткан Падышаны Кудай жалгасын!Көктө бейкуттук болсун, Кудайга урмат болсун! 39 Ошондо эл арасындагы кээ бир фарисейлер Ыйсага: — Устат, шакирттериңди тыйгын! — дешти. 40 Бирок Ыйса аларга мындай жооп берди: — Силерге айтып коёюн: эгер алар унчукпай калышса, анда таштар кыйкырып жиберишет.

Ай, Иерусалим, Иерусалим

41 Ыйса шаарга жакындап калганда, аны карап туруп, ыйлап жиберди да мындай деди: 42 — Ушул күнү тынчтык үчүн эмне керек экенин, жок дегенде, сен билсеңчи. Бирок ал азыр сенин көзүңдөн жашыруун. 43 Башыңа каран күн түшүп, касташкандарың айланаңды казып, туш тарабыңдан кысымга алышат. 44 Таш-талканыңды чыгарып, койнуңдагы балдарыңды кырышат. Кудайдын сага келген саатын билбей калганың үчүн сени жер менен жексен кылышат.

Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу

45 Ошондон кийин Ыйса Иерусалимдеги ийбадаткананын короосуна кирип, андагы соодагерлерди кууп чыга баштады. 46 Аларга: — Ыйык Жазууда «Менин үйүм сыйына турган үй болсун»деп жазылган. А силер аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жибериптирсиңер!— деди. 47 Ыйса ар күнү ийбадаткананын короосунда таалим берип жүрдү. Ал эми эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери Анын көзүн тазалоо амалын издей башташты, 48 бирок бул максаттарын ишке ашыра турган жолду таба алышпады. Себеби жамы журт Ыйсанын маңдайынан кетпей, сөзүн угушар эле. ‎

Ыйсанын укугу тууралуу суроо

20:1 Ыйса ийбадаткананын короосунда таалим берип, Жакшы Кабарды жарыялап жүргөн ошол күндөрдүн биринде жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери эл башчылары менен бирге келишип, 2 Ага суроо беришти: — Бизге айтчы, сен буларды кайсы бийлигиң менен жасап жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? — дешти. 3 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер: 4 Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле? Кудайданбы же адамдарданбы? 5 Ошондо тигилер өз ара мындай деп акылдаша кетишти: — Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт. 6 Адамдардан десек, элдин баары бизди ташбараңга алат, анткени алар Жакыяны пайгамбар деп эсептешет. 7 Анан Ыйсага: — Кимден экенин билбейбиз, — деп жооп беришти. 8 Ыйса да аларга: — Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен жасап жатканымды айтпайм, — деди.

Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат

9 Анан Ыйса элге кайрылып, мындай ибаратты айтты: — Бир киши болуптур. Ал жүзүм тигип, аны багбандарга ижарага берип, өзү узак убакка бир жакка кетет. 10 Жүзүм тере турган маал келгенде, жемишинен берсин деп ижарачыларга бир кулун жөнөтөт. Бирок ижарачылар аны сабап, куру кол кайтарып жиберишет. 11 Ошондо жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жиберет. Алар аны да сабап, кордоп, куру кол жиберишет. 12 Үчүнчүсүн жибергенде, аны да жарадар кылып, тышка ыргытып салышат. 13 Ошондо жүзүмзардын ээси: «Эми эмне кылсам? Жанымдай көргөн уулумду жиберейин. Балким, андан ийменишээр», — дейт. 14 Ижарачылар болсо уулун көргөндө, өз ара акылдашып: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат», — дешет да, 15 аны жүзүмдүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат. Эми жүзүмдүн ээси эмне кылат? 16 Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмдү башкаларга берет. Муну угуп турган эл: — Анын бетин ары кылсын! — деп жиберишти. 17 Ыйса аларга карап: — Ыйык Жазуулардагы: «Куруучулар жаратпай, Таштап салган таш эле, Пайдубалдын негизи Болуп калды ал эми»деген сөз эмнени билдирет? 18 Ким бул ташка куласа, талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат, — деди.

Салык төлөө маселеси

19 Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери бул ибараттын ал тууралуу айтылганын түшүнүштү да, ошол эле замат кармамак болуп, бирок элден коркушту. 20 Сөзүнөн кыйкым таап, римдик губернатордун колуна тапшырып, соттотуу үчүн алар Ыйсаны аңдытып, такыбаа болумуш болуп, анткорлонушкан тыңчыларын жиберишти. 21 Тыңчылар Ыйсага мындай суроо узатышты: — Устат, сиздин ак сүйлөп, туура таалим берериңизди билебиз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарга Кудайдын акыйкат жолун окутасыз. 22 Айтыңызчы: Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу? 23 Алардын арам оюн байкаган Ыйса: 24 — Мага бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү. Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? — деди. — Падышаныкы, — дешти алар. 25 Ыйса: — Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! — деди. 26 Ошентип алар Аны эл алдында сөзүнөн кармай албай, Анын жообуна таң калышып, унчуга албай калышты.

Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо

27 Ошондо өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти: 28 — Устат! Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн тукумсуз өтүп кетсе, анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын»,— деп жазып кеткен. 29 Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү. 30 Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. 31 Анан үчүнчүсү да ошондой болду. Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту. 32 Эң аягында аял да көз жумду. 33 Эми, кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы. 34 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Бул дүйнөдөгүлөр аял алышып, күйөөгө тийишет. 35 Ал эми бейишке татыгандар кайра тирилгенде, о дүйнөдөн аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт. 36 Алар периштелер сыяктуу эч качан өлбөйт, анткени кайра тирилтүүчү Кудайдын балдары болуп калышат. 37 Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилерин Муса өзү да күйүп турган бадал жөнүндөгү аңгемеде билдирген. Ал Эгебизди Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы жана Жакыптын Кудайыдеген. 38 Демек, Кудай — өлгөндө 39 Ошондо дин мугалимдери: — Устат, сиз абдан жакшы жооп бердиңиз! — дешти. 40 Мындан соң, эч ким батынып, Ага суроо бере албады.

Машаяк тууралуу суроо

41 Ыйса аларга мындай деди: — Эл эмне үчүн Машаякты Дөөттүн тукуму дешет? 42 Дөөт Забур китебинде: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай: 43 Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»— деген. 44 Демек, Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот?

Эки жүздүү динчилдерден сактангыла

45 Элдин баары Ыйсаны угуп турганда, Ал шакирттерине кайрылып мындай деди: 46 — Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын, синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула! 47 Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот. ‎

Жесир аялдын зекети

21:1 Айлананы карап, Ыйса ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнө акчаларын салып жаткан байларды көрдү. 2 Ошондой эле колунда жок бир жесир аялдын да эки тыйын салып жатканын көрдү. 3 Ошондо Ыйса айтты: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул колунда жок жесир аял баарынан көп салды! 4 Анткени баары өздөрүнөн артканын зекетке беришсе, бул аял өзү бечара болуп туруп, колунда болгонун бүт салып берди, — деди.

Акыр заман качан болот?

5 Кимдир бирөөлөр ийбадаткана асыл таштар менен жасалгаланып, Кудайга арналган тартуулар менен кооздолгонун сөз кылып жатышты. Муну уккан Ыйса аларга кайрылып: 6 — Силер ушул имаратты көрүп турасыңарбы? Таш үстүнө таш калбай, баары талкалана турган күндөр келет, — деди. 7 Алар Ыйсадан: — Устат, бул качан болот? Ушулар ишке ашар алдында кандай жышаан болот? — деп сурашты. 8 Ыйса: — Сак болгула, алданып калбагыла! Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» жана «Акыр заман жакындады!» дешет. Алардын артынан ээрчибегиле! 9 Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги тартипсиздиктер тууралуу угасыңар. Бирок коркуп, үрөйүңөр учпасын! Анткени алгач ушулар болушу керек. Бирок булар акыр заман жакын экенин билдирбейт, — деди. 10 Ыйса дагы мындай деди: — Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. 11 Жер-жерлерде катуу жер титиреп, ачарчылыктар, жугуштуу оорулар болот, көктө коркунучтуу кубулуштар жана улуу жышаандар көрүнөт. 12 Ал эми ушунун баары ишке ашардан мурда Мага ишенгениңер үчүн силерге зордук көрсөтүп, кодулашат, синагога сотторуна кармап берип, абакка камап, ал тургай падышалар менен өкүмдарлардын алдына алып барышат. 13 Силер болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мен тууралуу айтып бересиңер. 14 Ошондуктан өзүбүздү кантип актайбыз деп алдыртан түйшүк тартпоону көкүрөгүңөргө түйүп алгыла! 15 Себеби Мен силерге кастарыңар каршы чыга да, сүйлөй да албай тургандай чечендик менен даанышмандыкты берем. 16 Силерди, атүгүл ата-энелериңер, бир туугандарыңар, жакындарыңар менен досторуңар да кармап берип, кээ бириңерди өлтүрүшөт. 17 Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. 18 Бирок башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт. 19 Туруктуулук менен өзүңөрдү сактап калгыла.

Иерусалимдин кыйрашы тууралуу алдын ала айтуу

20 Иерусалим шаарын душмандын аскерлери курчап алганын көргөнүңөрдө, анын каңгырап ээн кала турган кези жакын калган экен деп билгиле. 21 Ошондо Иудеядагылар тоолорго качсын, Иерусалимдегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми шаардын сыртындагылар ичине киришпесин! 22 Себеби ошол убак — Кудайдын элге тиешелүү шыбагасын бере турган убагы. Ушундайча Ыйык Жазуудагы бул тууралуу жазылгандардын баары жүзөгө ашыш керек. 23 Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору. Анткени жер бетин ырайымсыз зордук-зомбулук чулгап, бул элдин башына каардуу жаза жаайт. 24 Алар кылычтан кырылып, колго түшүп, башка элдиктерге туткунга кетишет. Башка элдиктер башкарган доор бүткүчө, Иерусалим алардын таманына тепселет.

Ыйсанын кайра келиши

25 Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болуп, жерде деңиздер албууттанат, элдердин үрөйү учуп, эмне кыларын билишпейт. 26 Жер бетине келе жаткан коркунучтарды күтүп, адамдар эстерин жоготот. Анткени аалам күчтөрү багытынан таят. 27 Ошондо алар улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун көрүшөт. 28 Силер бул окуялар боло баштаган кезде, өйдө туруп, жогору жакты карагыла, себеби ошол убакта куткарыла турган кезиңер жакындап калат. 29 Андан кийин Ыйса муну ибарат аркылуу түшүндүрдү: — Анжир дарагын жана башка дарактарды карагылачы. 30 Жалбырактары чыга баштаганын көрсөңөр, жай жакындап калганын билесиңер. 31 Анын сыңары, ушул окуялардын башталганын көргөнүңөрдө, Кудай Падышачылыгы жакын калганын билгиле. 32 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт. 33 Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет. 34 Бирок өзүңөргө сак болгула! Той-тополоңго берилип, мас болуп, же күндөлүк тиричиликтин түйшүгүнө кирип кетпегиле! Анткени Мен кайтып келе турган күн капысынан келет. 35 Ошол күн жер бетинде тургандардын баарынын башына түшкөн тор сыяктуу күтүлбөгөн жерден карп-курп кирип келет. 36 Ошондуктан апаттардан кутулуп, Адам Уулунун алдында туралгыдай болуу үчүн ар качан сергек болуп, сыйынгыла! 37 Ыйса ар күнү кечке чейин ийбадаткананын короосунда таалим берип, кечинде шаардан чыгып, Зайтун тоосуна барып, ошол жакта түнөп жүрдү. 38 Таң атпай элдин баары Аны угуу үчүн ийбадатканага келишер эле. ‎

Ыйсага каршы бүтүм

22:1 Калама майрамы жакындап калган эле. Аны Куткарылуу майрамы деп да коюшат. 2 Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери элден корккондуктан Ыйсаны өлтүрүүнүн тымызын жолун издешти. 3 Ошондо «он экинин» бири — Жүйүт Искариоттун ичине шайтан кирди. 4 Ал жогорку динкызматчыларга жана ийбадаткана сакчыларынын башчыларына барып, Ыйсаны аларга кантип кармап берерин сүйлөштү. 5 Алар абдан кубанып, Жүйүткө акысын төлөөгө макул болушту. 6 Жүйүт аларга убада кылып, Ыйсаны эл жок жерден кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.

Акыркы кечки тамак

7 Ошентип Калама майрамынын биринчи күнү да келип калды. Ошол күнү бир козуну курмандыкка чалышчу. 8 Ошондуктан Ыйса Петир менен Жаканды жиберип: — Барып, бизге майрам тамагын даярдагыла, — деди. 9 — Тамакты кай жерге даярдайлы? — деп сурашты алар. 10 Ыйса мындай жооп берди: — Шаарга киргениңерде, бир кумура суу көтөрүп бараткан адам жолугат. Аны ээрчип ал кирген 11 үйдүн ээсине: устатыбыз сага жиберип, «шакирттерим менен чогуу Куткарылуу майрамынын тамагын жей турган бөлмө кайсы» деп сурап жатат дегиле. 12 Ал силерге үстүнкү кабаттагы төшөктөр салынып, конокко даярдалган чоң бөлмөнү көргөзөт. Тамакты ошол жерге даярдагыла. 13 Алар барышканда, баары Ыйса айткандай болду анан майрам тамагын ошол жерге даярдашты. 14 Кечки тамак учурунда Ыйса элчилери менен дасторкон жанында жамбаштап жатып, 15 аларга: — Азап чегеримдин алдында мына бул Куткарылуу майрамынын тамагын силер менен бирге жешти абдан эңсеген элем. 16 Силерге айтып коёюн: Кудай Падышачылыгында куткарылуу майрамынын чыныгы мааниси толук ачылганча, мындан ары бул тамактан ооз тийбейм, — деди. 17 Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп, аларга: 18 Силерге айтып коёюн: мындан ары, Кудай Падышачылыгы орногуча, эч кандай жүзүм шарабын ичпейм, — деди. 19 Анан нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып: — Бул — силер үчүн берилип жаткан Менин денем. Мени ушундай кылып эскерип жүргүлө, — деди. 20 Анан бир чөйчөктү колуна алып, мындай деди: — Бул чөйчөк — силер үчүн төгүлчү каным менен бекий турган силер менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишим. 21 Бирок Мени өз колу менен кармап бере турган саткын Мени менен бирге дасторкон башында отурат! 22 Анткени Адам Уулу алдын ала белгиленген жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. 23 Ошондо шакирттери: — Аны ким сатканы жүрөт? — деп бири биринен сурай башташты.

Ким улуу?

24 Шакирттеринин арасында кимибиз улуу болдук экен деген талаш башталды. 25 Ыйса аларга мындай деди: — Дүйнөдөгү падышалар эл үстүнө үстөмдүк кылышат, эл бийлегендер «эл камын көргөндөр» деп аталышат. 26 Бирок силер андай болбогула. Тескерисинче, улууңар кичүүдөй, башчыларыңар кызматчыдай болушсун. 27 Кимиси улуу: дасторкондун жанында жамбаштап жатканбы, же ага кызмат кылып турганбы? Жамбаштап жатканы улуу да, туурабы? Бирок Мен силердин араңарда кызматчы катары кызмат кылып жүрбөймүнбү. 28 Бирок силер Менин башыма кыйынчылык түшкөн кезде жанымда болдуңар. 29 Ошондуктан Атам Мени падышачылык кылганга дайындагандай, Мен да силерге бийлик берем. 30 Силер Менин падышачылыгымдагы дасторкондон даам татасыңар да, такка олтуруп, Ысрайылдын он эки уруусун башкарасыңар.

Ыйса Петирдин «Аны тааныбайм» дээрин алдын ала айтат

31 Эгебиз Ыйса Ысман-Петирге: — Ысман, Ысман! Буудайды электен өткөргөн сыяктуу, шайтан да силерди сыноодон өткөрүүнү талап кылды. 32 Бирок Мен сенин ишенимиң жоголуп кетпесин деп сыйындым. Сен болсо ишенимге кайтып келгениңде, боордошторуңдун да ишенимин бекемде, — деди. 33 Ысман Ыйсага: — Эгем, сени менен бирге абакка да, ажалга да даярмын! — деди. 34 Бирок Ыйса: — Петир, сага айтамын: ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, — деп жооп берди. 35 Ошондон кийин Ыйса шакирттерине: — Мен силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө, бир нерсеге муктаж болдуңар беле? — деди. Алар: — Жок, эч нерсеге, — деп жооп беришти. 36 Ыйса аларга: — Бирок мындан ары кимдин капчыгы болсо, алып алсын. Кимдин баштыгы болсо, көтөрүп алсын. Кимде канжар жок болсо, кийимин сатып ийип, канжар сатып алсын. 37 Анткени силерге айтып коёюн: «Аны кылмышкерлердин катарына кошушту»деп Ыйык Жазууда айтылган сөз Менин өмүрүмдө аткарылышы керек. Себеби Мен тууралуу айтылган сөздөр аткарылбай койбойт, — деди. Шакирттер: 38 — Эгебиз, мына бул жерде эки канжар бар, — дешти. Ыйса аларга: — Жетет, — деди.

Гетсеман багындагы сыйынуу

39 Ыйса шаардан чыгып, адатынча Зайтун тоосуна жөнөдү. Шакирттери Анын артынан ээрчишти. 40 Ошол жерге жеткенден кийин Ыйса аларга: «Шайтанга азгырылбас үчүн сыйынгыла!» — деди. 41 Өзү алардан таш ыргытымдай оолагырак барып, тизеледи да, мындай деп сыйынды: 42 — Ата, эгер кааласаң, ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун! 43 Ошол учурда көктөн бир периште келип, Ыйсага көрүнүп, Ага кайрат берди. 44 Ыйса ого бетер берилип сыйынды. Анын тери кан тамчыларындай болуп жерге тамды. 45 Ыйса сыйынып бүтүп, ордунан турду да, шакирттеринин жанына келип, алардын кайгыдан чарчап, уктап калганын көрдү. 46 Ошондо аларга: — Эмне уктап жатасыңар? Шайтанга азгырылып кетпес үчүн сыйынгыла! — деди.

Ыйсанын кармалышы

47 Ыйса сөзүн аяктай электе, топурап, бир топ адамдар келди. Аларды он эки элчинин бири, Жүйүт баштап жүрүптүр. Ал Ыйсага жакындап, өпмөкчү болду. 48 Бирок Ыйса ага: — Жүйүт, сен өөп туруп, Адам Уулуна кыянаттык кыласыңбы? — деди. 49 Ыйсанын жанындагылар эми эмне боло турганын сезишти да: — Эгебиз, канжар менен чабышпайлыбы? — дешти. 50 Алардын бирөөсү башкы динкызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты. 51 Бирок Ыйса: — Токтоткула! — деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, аны калыбына келтирип, айыктырып койду. 52 Өзүн кармоого келген жогорку динкызматчыларга, ийбадаткана сакчыларынын башчыларына жана эл башчыларына Ыйса мындай деди: — Каракчыга каршы аттангансып, кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар. 53 Күн сайын силер менен кошо ийбадаткананын короосунда жүргөнүмдө, Мага кол көтөргөн жок элеңер, эми болсо силердин мезгилиңер келип, бийлик — караңгылыктыкы.

Ысман Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы

54 Алар Ыйсаны кармашты да, башкы динкызматчынын үйүнө алып барышты. Ал эми Петир артынан акмалап, ээрчип келди. 55 Сакчылар короонун ичине от жагып, тегерете жылынып отурушканда, Петир да алардын арасына барып кошулду. 56 Бир малай аял оттун жарыгынан анын отурганын көрө койду да, тигиле карап: — Бул да ошолор менен бирге жүргөн болчу, — деди. 57 Петир ага: — Ай, аял, койсоңчу, мен аны тааныбайм, — деп мойнуна албады. 58 Көп өтпөй дагы бирөө аны көрө коюп: — Сен да ошолордун бирисиң, — деди. Бирок Петир ал кишиге да: — Эй, койсоңчу, мен алардан эмесмин, — деди. 59 Бир сааттай убакыт өткөн соң, дагы бирөө: — Чынында эле, бул да анын жанында жүргөн, өзү да галилеялык экен, — деп баса айтты. 60 Бирок Петир ошол адамга: — Эй, сен эмне деп жатканыңды түшүнбөдүм?! — деди. Ал сүйлөп бүтө электе короз кыйкырды. 61 Эгебиз бурулуп, Петирди карады. Ошондо Петир Эгебиздин: «Ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың» деген сөзүн эстеди да, 62 сыртка чыгып, өксүп ыйлады.

Жогорку кеңештин алдында

63 Ыйсаны кармап турган кишилер Аны сабап, кордук көрсөтүштү. 64 Анын башын таңып туруп, уруп: — Кана, пайгамбарчылык кылып, сени ким урганын айтып берчи! — деп мазакташты. 65 Алар Аны дагы башка көптөгөн жаман сөздөр менен кордошту. 66 Таң атканда, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери жыйналышып, Ыйсаны өздөрүнүн жогорку кеңешке алып келишти. 67 — Эгер сен Машаяк болсоң, бизге айтчы! — дешти алар Ыйсаны суракка алып. Ыйса аларга: — Силерге айтсам, ишенбейсиңер! 68 Суроо берсем, жооп бербейсиңер! 69 Бирок ушул кезден баштап Адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагында олтура турган болот,— деди. 70 Ошондо бардыгы: — Демек, сен Кудайдын Уулу экенсиң да? — дешти. Ыйса аларга: — Дал ошонун Өзү экенимди өзүңөр айтып турасыңар, — деп жооп берди. 71 Андан кийин муну уккан алар: — Бизге башка далилдин кереги жок! Биз муну анын өз оозунан уктук! — дешти. ‎

Ыйса Пилаттын алдында

23:1 Чогулгандардын баары ордуларынан туруп, Ыйсаны Пилатка алып барышты да, 2 айыптай башташты: — Биз мына бул кишинин элибизди бузуп жүргөнүн жана Рим падышасына салык төлөөгө каршы чыкканын аныктадык. Ал өзүн Машаякмын, мындайча айтканда, Падышамын деп жүрөт, — дешти. 3 Ошондо Пилат Ыйсадан: — Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады. Ыйса: — Өзүңүз айтып турасыз, — деп жооп берди. 4 Пилат жогорку динкызматчылар менен жыйылган элге кайрылып: — Мен бул адамдан эч бир күнөө таппай турам, — деди. 5 Бирок алар ого бетер күчөшүп: — Бул киши Галилеядан баштап, ушул жерге чейин бүткүл Иудеяга өз таалимин таратып, элди ээликтирип жүрөт, — дешти. 6 Пилат Галилея тууралуу укканда: — Бул киши галилеялыкпы? — деп сурады. 7 Ыйсанын Ирод бийлеген аймактан экенин билген соң, Пилат Ыйсаны ошол майрам күндөрү Иерусалимде жүргөн Иродго жөнөттү.

Ыйса Ироддун алдында

8 Ирод Ыйсаны көргөнүнө аябагандай кубанды, себеби Ал жөнүндө кабардар болуп, Андан бир керемет көрсөм деп, көптөн бери көксөп жүргөн эле. 9 Ирод Ыйсага көп суроо берди, бирок Ыйса алардын бирине да жооп берген жок. 10 Ошол жерде турушкан жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери болсо Ыйсаны күчүнүн барынча каралап жатышты. 11 Ошондо Ирод да жоокерлери менен бирге Ыйсаны кордоп, мазактады да, үстүнө падыша чапанын жаап, кайра Пилатка жиберди. 12 Ушул кезге чейин касташып келген Пилат менен Ирод ошол күнү дос боло калышты.

Ыйсаны өлүмгө кыюу

13 Пилат жогорку динкызматчыларды, уруу башчыларын жана элди чакыртып алып, 14 мындай деди: — Мына бул адамды элди бузуп жүрөт деп, мага алып келдиңиздер. Мына, мен аны өзүңүздөрдүн көз алдыңыздарда суракка алып, бул адамдан силер айыптагандай эч бир күнөө таппадым. 15 Ирод да ошентти, анткени мен бул адамды ага жөнөткөн элем. Демек, ал өлүм жазасына тартыла тургандай эч кандай кылмыш кылган жок. 16 Ошондуктан аны сабатып туруп, бошотуп жиберем, — деди. 17 18 Бирок чогулган элдин баары: — Өлтүр аны! Бизге Бараббаны бошотуп бер! — деп чуулдашты. 19 Барабба болсо шаарда көтөрүлүш чыгарып, киши өлтүргөндүгү үчүн түрмөгө камалган эле. 20 Пилат Ыйсаны коё бермекчи болуп, кайрадан элге кайрылды. 21 Бирок алар: — Аны айкаш жыгачка кер! Аны айкаш жыгачка керип сал! — деп чуу салышты. 22 Пилат алардан: — Бул киши кандай жамандык кылды? — деп үчүнчү жолу сурады да, мындай деди: — Мен андан өлүм жазасына тарта тургандай эч айып таппай турам. Ошондуктан сабатып туруп, бошотуп жиберейин. 23 Бирок алар бир ооздон: — Аны айкаш жыгачка керип сал! — деп кыйкыра беришти. Акыры эл менен башкы диний кызматчылардын кыйкырыктары үстөмдүк кылып, 24 Пилат алардын талабына көнүүгө аргасыз болду. 25 Көтөрүлүш чыгарганы жана киши өлтүргөнү үчүн түрмөгө камалган адамды алардын суранычы боюнча бошотуп жиберди, ал эми Ыйсаны алардын ыктыярына тапшырды.

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

26 Жоокерлер Ыйсаны жазалай турган жерге алып бара жатышканда, айылдан шаарга келе жаткан Ысман аттуу киринеялыкты кармап алышып, ага айкаш жыгачты артып, Ыйсанын аркасынан көтөртүп коюшту. 27 Ыйсаны өтө көп эл ээрчип келе жатты. Көптөгөн аялдар боздоп, ыйлап баратышты. 28 Ыйса аларга кайрылып, мындай деди: — Оо, Иерусалим аялдары! Мен үчүн ыйлабагыла, өзүңөр үчүн жана балдарыңар үчүн ыйлагыла! 29 Себеби «Согончогу канабаган, бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу!» дей турган, азаптуу күндөр келет. 30 Ошол убакта адамдар тоолорго: «Үстүбүзгө кулагыла!» дөбөлөргө: «Бизди көөмп калгыла!»деп айта турган болушат. 31 Эгер жашыл даракты ушундай кылып жатышса, анда куураган жыгачка эмне болот? 32 Жоокерлер Ыйса менен бирге эки кылмышкерди да өлтүрүүгө алып баратышты. 33 Алар «Баш сөөк жайы» деген жерге келишкенде, Ыйса менен кошо кылмышкерлерди да, бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты. 34 Ыйса: — Оо, Ата, буларды кечире көр! Алар эмне кылып жатышканын өздөрү билишпейт, — деди. Жоокерлер чүчү кулак кармашып, Ыйсанын кийимдерин өз ара бөлүп алышты. 35 Эл муну карап турду. Башчылар да Ыйсаны мазакташып: — Ал башкаларды куткарчу эле. Эгер чын эле ал Кудай тандаган Машаяк болсо, эми өзүн куткарып көрсүнчү! — дешти. 36 Жоокерлер да алдына келип, Ага кычкыл ичимдик сунушуп: 37 — Эй, иудейлердин падышасы болсоң, өзүңдү куткарбайсыңбы, — деп Аны кордошту. 38 Жыгачтын өйдө жагында «Бул — иудейлердин падышасы» деп грек, латын жана эврей тилдеринде жазылган такта кагылуу эле. 39 Ыйсанын жанына жыгачтарга кагылган эки кылмышкердин бири Аны мазактай: — Сен Машаяк эмессиңби? Кана, өзүңдү да, бизди да куткарбайсыңбы! — деди. 40 Экинчиси, тескерисинче, аны тыйып: — Кудайдан коркпойсуңбу? Өзүң да бул жазага тартылдың го. 41 Биз го кылган иштерибизге жараша тийиштүү жазабызды алдык. Бул болсо эч жамандык кылган жок, — деди. 42 Ошондон кийин Эгебизге: — Ыйса, падышачылыгыңа келгенде, мени эстей көр, — деди. 43 Ыйса: — Сага бир чындыкты айтып коёюн: бүгүн сен Мени менен бирге бейиште болосуң! — деди.

Ыйсанын өлүмү

44 Түшкү саат он экилерде күн тутулуп, бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду. Ийбадатканадагы көшөгө тең ортосунан айрылып, экиге бөлүндү. 46 Ыйса бар үнү менен: — Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырып жатам!— деп кыйкырды. — Ушундай деп, Ал акыркы демин чыгарды. 47 Ушул окуяларды көрүп турган римдик жүз башы: — Бул адам, чынында эле, ак экен! — деп, Кудайды даңктады. 48 Кызык көргөнү чогулуп, бул окуяга күбө болгон эл көкүрөгүн койгулап, катуу кайгырып, шаарга кайтышты. 49 Ал эми Ыйсаны тааныгандардын бардыгы жана Галилеядан бери ээрчип келген аялдар ушунун баарын алыстан карап турушту.

Ыйсанын көргө коюлушу

50 Жогорку кеңештин Жусуп аттуу мүчөсү бар эле. Ал Иудеядагы Ариматия шаарынан чыккан, ак пейил, адил адам болчу. 51 Ал иудей жетекчилеринин чечими менен ишине макул болбогон, Кудай Падышачылыгын күтүп жүргөн киши боло турган. 52 Эми ал Пилатка барып, Ыйсанын сөөгүн сурап алды. 53 Аны жыгачтан түшүрүп алып, ак кепинге ороду. Аска ташты оюп жасалган, али эч ким коюлбаган бир көргө алып барды. 54 Бул иш даярдануу күнү кечинде, дем алыш күнү жаңы башталган маалда болду. 55 Ыйса менен бирге Галилеядан келген аялдар Жусупту ээрчип келишип, көрдү да, анын ичине сөөктүн кандай коюлганын да көрүштү. 56 Алар шаарга кайтышып, атыр менен жыттуу май камдашты. Дем алыш күнү болсо Тоорат мыйзамына ылайык эч иш кылбай, эс алышты. ‎

Ыйсанын тирилиши

24:1 Жуманын биринчи күнү таң азанда алиги аялдар даярдап коюшкан атыр менен жыттуу майларды алышып, көргө келишти. 2 Келгенде, көрдүн оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып, алынып салынганын көрүштү. 3 Алар ичине кирип, Эгебиз Ыйсанын сөөгүн табышпады. 4 Эмне болгонун түшүнбөй аң-таң болуп турушканда, жаркыраган кийимчен эки киши пайда болду. 5 Аялдар катуу коркуп, баштарын жерден ала албай турушканда, беркилер мындай дешти: — Эмнеге тирүүнү өлүктөрдүн арасынан издеп жүрөсүңөр? 6 Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Ал мурда, Галилеяда жүргөнүндө айткан сөздөрүн эсиңерге түшүргүлө. 7 Силерге: «Адам Уулун күнөөкөр адамдардын колуна кармап беришет, Аны айкаш жыгачка керишет, үчүнчү күнү болсо Ал кайрадан тирилет», — дебеди беле. 8 Ошондо аялдар Ыйсанын бул сөздөрүн эстешти. 9 Мүрзөдөн кайтып келип, бул тууралуу он бир шакиртке жана башкалардын баарына кабарлашты. 10 Элчилерге бул кабарды жеткизгендер — магдалалык Мариям, Жахана, Жакыптын энеси Мариям жана башка аялдар эле. 11 Бирок бул сөздөрдү элчилер куру сөз деп, ишенишкен жок. 12 Петир болсо ордунан тура калып, мүрзөнү көздөй жүгүрдү. Жетип келип, эңкейип, көрдүн ичин карады. Ал кепиндердин гана жатканын көрүп, бул ишке таң калып, кайра артына жөнөдү.

Ыйсанын эки шакиртине көрүнүшү

13 Так ошол күнү шакирттердин экөө Иерусалимден он чакырымдай аралыкта жайгашкан Эмаус деген айылды көздөй жол тартып, 14 болуп өткөн окуялар тууралуу сөз кылып баратышкан. 15 Бул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда, Ыйса жакындап келип, аларга кошулуп калды. 16 Бирок алардын көзү байланып калгандыктан Аны таанышкан жок. 17 Ыйса алардан: — Эмне жөнүндө сөз кылып жатасыңар? — деп сураганда, шакирттер токтой калышты. Алардын өңдөрү капалуу эле. 18 Анан Клеоп аттуусу мындай деди: — Иерусалимге келип, жакын арада эле анда болуп өткөн окуя жөнүндө билбеген жалгыз сен окшойсуң? 19 — Кайсы окуя? — деп сурады Ыйса. — Назареттик Ыйса жөнүндөгү, — дешти алар. — Ал Кудайдын да, бүтүндөй элдин да алдында кудуреттүү иши жана сөзү менен таанылган пайгамбар эле. 20 Биздин жогорку динкызматчыларыбыз менен эл башчыларыбыз өкүм чыгартып, аны айкаш жыгачка керип өлтүртүштү. 21 Ал эми биз, Ысрайыл элин куткаруучу — ошол деген ишеним менен үмүттөнгөн элек. Анын үстүнө бул окуянын болгонуна мына бүгүн үчүнчү күн. 22 Бирок арабыздан бир топ аялдар эртең менен эрте көргө барышып, анын сөөгүн таппай кайра келишип, бизди аябай таң калтырышты. Аларга периштелер көрүнүп, «Ыйса тирүү» дешиптир. 24 Ошондо дагы башкалары мүрзөгө барып, аялдардын айтканындай эле Ыйсанын көрдө жок экенине ынанышты. 25 Ошондо Ыйса аларга айтты: — Эй, баамсыздар! Пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарына эмнеге дале ишенбейсиңер! 26 Машаяк Өз улуулугуна жеткенден мурун ушул азаптардан өтүш керек эмес беле? 27 Анан Ыйса аларга Муса жана башка бардык пайгамбарлардан тартып, Ыйык Жазуулардагы Өзү тууралуу айтылгандарды чечмелеп, түшүндүрүп берди. 28 Алар бара жаткан айылга жакындаганда, Ыйса жолун андан ары улай тургандай түр көрсөттү. 29 Бирок шакирттер: — Бүгүн биздикине конуп калсаңчы, анткени кеч кирип, күн батайын деп калды, — деп өтүнүштү. Ыйса алар менен бирге калмакчы болуп, үйгө кирди. 30 Алдыларына тамак келгенде, Ал Кудайга ыраазычылык келтирип, нанды сындырып, шакирттерине сунду. 31 Ошондо гана алардын көзү ачылып, Ыйсаны таанышты. Бирок Ыйса ошол замат көздөн кайым болду. 32 Шакирттер өз ара: — Эсиңдеби, жолдо ал бизге Ыйык Жазуулардын маанисин ачып, түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз от болуп жалындабады беле? — дешти. 33 Ошол замат ордуларынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти да, он бир шакиртти жакын адамдары менен чогулуп олтурушкан жеринен табышты. 34 Алар Эгебиздин чындыгында эле кайра тирилип, Ысманга көрүнгөнүн кеп кылып жатышкан экен. 35 Эки шакирт дагы жолдо болгон окуяны жана Ыйсаны нан сындырып жатканда таанып калышканын айтып беришти.

Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү

36 Алар ушундай деп сүйлөшүп жатканда, Ыйса алардын ортосунда Өзү пайда болду да: — Ассалом алейкум! — деди. 37 Жүрөгү түшкөн алар Аны арбак экен деп ойлошту. 38 Ошондо Ыйса аларга айтты: — Неге коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар? 39 Колдорумду, буттарымды карап көргүлө, бул Мен Өзүммүн. Мени кармап көргүлө, анткени арбактын Меникиндей эти менен сөөгү болбойт. 40 Ыйса ушундай деди да, аларга колдору менен буттарын көрсөттү. 41 Алар кубанганынан ишене албай, аң-таң болуп турушту. Ошондо Ыйса: — Жегидей бир нерсеңер барбы? — деди. 42 Алар Ага куурулган балыктын бир үзүмүн сунушту. 43 Ыйса аны алып, алардын көзүнчө жеди. 44 Анан аларга айтты: — Силер менен бирге жүргөн кезде эле: «Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын китептеринде жана Забурда Мен жөнүндө айтылгандардын бардыгы аткарылышы керек», — деп айткам. 45 Ошондо Ал Ыйык Жазуулардын маанисин түшүнүүгө шакирттердин акыл-сезимин ойготту. 46 Анан сөзүн улап: — Дагы мындай деп жазылган: «Машаяк ушул азапты башынан өткөрүп, үчүнчү күнү өлүмдөн кайра тирилиши керек 47 жана ниеттерин өзгөрткөн адамдардын күнөөлөрү кечирилет деп, Анын атынан Иерусалимден баштап, бардык элдерге кабар жарыялоо керек». 48 Силер болсо буга күбөсүңөр. 49 Мен силерге Атам убада кылган Ыйык Рухту жиберем. Силер болсо жогорудан келе турган ошол кудуретке толгуча Иерусалимде болгула! — деди.

Ыйсанын асманга көтөрүлүшү

50 Ыйса шакирттерин шаардын сыртына алып чыгып, Бейтаниге жакын жерге ээрчитип келди да, колун жайып, батасын берди. 51 Бата берип жаткан маалда алардан алыстап, көккө көтөрүлө баштады. 52 Шакирттери тизе бүгүп, Ага таазим кылышты. Анан кубанычтары койнуна батпай, Иерусалимге кайтып келишти да, 53 ар убакта Кудайды даңазалап, ийбадатканада жүрүштү.