Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы

1:1 Бул Кудай Уулу Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабардын башталышы: 2 Ышая пайгамбар жазып кеткендей: «Мына, Сенин алдыңан, Кабарчымды жиберем. Ал Сага жол даярдайт». 3 «Жар салгандын чөлдө үнү угулат: "Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун, Талаадагы басар жерин түздөгүн!"». 4 Жакыя чөлгө келип, адамдарды сууга чөмүлдүрүп, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниеттерин өзгөртүп, сууга чөмүлүү керек экендигин жар салып жүрдү. 5 Бүткүл Иудея аймагындагылар жана иерусалимдиктер ага барышып, күнөөлөрүн моюнга алышып, өздөрүн Иордан дарыясында чөмүлдүртүп жатышты. 6 Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн жасалган кийим кийип, кайыштан белбоо тагынып, чегиртке менен жапайы аарынын балын жеп тамактанчу. 7 Ал: — Арка жагыман менден алда канча кудуреттүү бирөө келатат. Мен эңкейип анын бут кийиминин боосун чечкенге да татыксызмын. 8 Силерди мен сууга чөмүлтөм, ал болсо Ыйык Рухка чөмүлтөт! — деп жар салды.

Ыйсанын сууга чөмүлүү расмисинен жана сыноолордон өтүүсү

9 Ошол күндөрдө Ыйса Галилея аймагындагы Назарет шаарынан келип, Иордан дарыясында Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттү. 10 Ал суудан чыкканда, асмандын ачылганын жана Ыйык Рухтун көгүчкөн кейпинде үстүнө түшүп келатканын көрдү. 11 Ошондой эле асмандан үн чыкты: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын». 12 Ушундан соң, Рух Ыйсаны дароо ээн талаага алып кетти. 13 Жапайы жаныбарлар мекендеген ээн талаада кырк күн шайтандын сыноосунан өттү. Периштелер болсо Ага кызмат кылышты.

Ыйсанын биринчи шакирттери

14 Жакыя камалган соң, Ыйса Галилея аймагына келип, мындай деп Кудайдын Жакшы Кабарын жарыялады: 15 — Убакыт-сааты келип, Кудайдын падышачылыгы жакындап калды! Ниетиңерди өзгөртүп, Жакшы Кабарга ишенгиле! 16 Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Ысман менен анын иниси Идристи көрдү. Алар кесиби балыкчы болгондуктан көлгө тор салып жатышкан болчу. 17 Ыйса аларга: — Жүргүлө, Мени менен, силерге балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип апкелүүнү үйрөтөм! — деди. 18 Алар ошол замат торлорун таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү. 19 Ыйса ал жерден бир аз узагандан кийин, кайыкта торлорун оңдоп жатышкан Зебедейдин балдары: ага-ини Жакып менен Жаканды көзү чалды. 20 Көрөрү менен аларды Өзүнө чакырды. Алар болсо атасы менен мардигерлерди кайыкка калтырып, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

Жинге чалдыккан киши

21 Ыйса шакирттери менен бирге Капарноом шаарына келип, дем алыш күнү синагогада таалим берди. 22 Ыйсанын таалимине эл таң калды, анткени Ал дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бардай таалим берчү. 23 Алардын синагогасына ошондо кара күчкө байланган бир киши капыстан кирип келип минтип катуу бакырды: 24 — Биз менен сенин эмне ишиң бар, назареттик Ыйса! Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя! Бил-е-е-м, ким экениңди, сен Кудайдын ыйыгысың. 25 Ыйса ага: — Үнүңдү бас да, андан чыгып кет! — деп буйруду. 26 Кара күч жанагы кишини калчылдатып, катуу чаңырык менен андан чыгып кетти. 27 Баарынын үрөйлөрү учуп, бири бирине: «Бул эмне ыя? Күчтүү окуубу? Бу киши кара күчтөргө да бийлик менен буйрук кылып, алар ага баш ийип атышат!» — дешти. 28 Ошентип, Ыйса тууралуу кабар бүткүл Галилея аймагына тез эле тарап кетти.

Ыйсанын көп адамды айыктырышы

29 Синагогадан чыгары менен Ыйса Жакып жана Жакан менен бирге Ысман менен Идристин үйүнө келди. 30 Ысмандын кайненеси ысытма болуп ооруп, төшөктө жаткан. Аял жөнүндө Ага дароо айтышты. 31 Ыйса ага жакын басып келип, колунан алып, өйдө тургузду. Аял ошол замат ысытма оорусунан айыгып, Ыйсаларды коноктой баштады. 32 Кеч кирип, күн батканда болсо эл Ыйсага бардык оорулуулары менен жиндерге чалдыккандарын алып келишти. 33 Бүт шаар эли Ыйса турган үйдүн эшигинин алдына чогулуп калды. 34 Ыйса ар кандай оору менен ооруган көп адамдарды айыктырды, көптөгөн жиндерди кууп чыкты. Жиндер Ыйсанын ким экенин билгендиктен аларга сүйлөгөнгө тыюу салды.

Ыйсанын Галилеядагы таалими

35 Ыйса эртеси таң атпай туруп, үйдөн чыкты да, Өзү жалгыз ээн жерге барып, Кудайга сыйынды. 36 Ысман менен анын шериктери Ыйсаны артынан издеп барышып, 37 табышкан соң: — Баары сени издеп жүрүшөт! — дешти. 38 Ыйса аларга: — Жүргүлө, жакын жердеги айылдарга баралы. Ошол жерде да Жакшы Кабарды жар салышым керек. Анткени Мен ошол үчүн келгемин, — деди. 39 Ошентип Ыйса бүтүндөй Галилея аймагын кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, адамдардан жиндерди кубалап жүрдү.

Пес оорулуу адамдын айыгышы

40 Бир пес оорулуу адам Ыйсага келип, чөк түшүп, мындай деп жалбарды: — Эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз. 41 Ыйса бу кишиге боору ооруп, колун сунуп ага тийгизди да: — Каалаймын, айыккын! — деди. 42 Ошол замат тиги кишинин денеси пестен арылып, айыгып кетти. 43 Ыйса катуу эскертип: 44 — Байкагын, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, бирок өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының!— деп, аны дароо кайра жөнөттү. 45 Ал киши болсо, мындай чыгары менен элдин баарына болгон окуяны жар салып, айтып кирди. Ошондон улам Ыйса шаарга түз кире албай, сыртта, ээн жерлерде калууга аргасыз болду. Эл болсо Ыйсага туш-тараптан агылып келип жатты. ‎

Шал болгон адамдын айыгышы

2:1 Арадан бир аз күндөр өтүп, Ыйса кайрадан Капарноомго келди да, Анын үйдө экени баарына маалым болду. 2 Көптөгөн эл жыйылып, эшигинин алдында бут коёрго жер калбады. Ыйса болсо аларга Кудайдын сөзүнөн таалим бере баштады. 3 Шал оорулууну көтөрүп келишкен төрт адам 4 элдин көптүгүнөн Ыйсага жакындай албай, Ал турган бөлмөнүн үстүн ачып, төбөсүн тешишти да, оорулууну төшөнчүсү менен кошо төмөн түшүрүштү. 5 Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал оорулуу адамга: — Балам, сенин күнөөлөрүң кечирилди! — деди. 6 Ошол жерде олтурушкан дин мугалимдеринин кээ бирөөлөрү ичинен: 7 «Мынабу эмне деп жатат! Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат!» — дешти. 8 Алардын бул оюн дароо туя койгон Ыйса мындай деди: — Силер эмне үчүн мындай ойлоп жатасыңар? 9 «Күнөөлөрүң кечирилди!» деген жеңилби же «Тур, төшөгүңдү ал да бас!» дегенби? 10 Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетиндеги күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар! Анан шал кишиге: 11 — Сага айтам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө жөнө! — деди. 12 Шал оорулуу киши ошол замат тура калып, төшөгүн алды да, баарынын көз алдында сыртка чыгып кетти. Баары жакаларын кармашып: — Ой, тобо, эч качан мындай нерсени көргөн эмес элек! — деп, Кудайды даңкташты.

Лебинин шакирттикке тандалышы

13 Ыйса кайрадан Галилея көлүнүн жээгине барды. Ошол жерге келген элдин баарына таалим берди. 14 Өтүп баратып, салык жыйноочу жайда олтурган Алпейдин уулу Лебини көрдү да ага: — Менин жолума түш, — деди. Леби ордунан туруп, Ыйсаны ээрчип жөнөдү. 15 Кийинчерээк Ыйса шакирттери менен бирге Лебинин үйүндө конок болуп, дасторкондун чекесинде жамбаштап жатты. Ыйсанын артынан ээрчип жүргөн көп салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр да Аны менен бир дасторкондон тамак жеп жатышты. 16 Ыйсанын салыкчылар жана күнөөкөрлөр деп четке кагылган адамдар менен бирге олтуруп тамак жеп олтурганын көрүшкөн фарисей тобундагы дин мугалимдери Анын шакирттерине: — Эй, эмне үчүн бул салыкчылар менен күнөөкөрлөргө кошулуп, бир дасторкондон тамак жейт? — дешти. 17 Муну уккан Ыйса: — Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, — деди.

Орозо тутуу маселеси

18 Жакыянын шакирттери жана фарисейлер орозо тутуп жүрүшкөн. Ошондуктан кээ бир кишилер Ыйсага келишип: — Жакыянын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери орозо тутушат, а эмне үчүн сенин шакирттериң тутушпайт? — дешти. 19 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, алар орозо тутушабы? Күйөө бала араларында турган кезде, аларга орозо тутууга болбойт! 20 Алардын арасынан күйөө бала алына турган күндөр келет, алар орозону ошондо тутушат. 21 Жаңы кийимден алынган жамаачыны эски кийимге эч ким жамабайт, анткени жаңы жамаачы эски кийимди айрып, жыртыгын мурдагысынан да чоң кылып коёт. 22 Эч ким жаңы шарапты эски чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек.

Дем алыш күнү тууралуу

23 Дем алыш күндөрүнүн биринде Ыйсага эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Жолдо баратканда, шакирттери эгиндин баштарын жула башташты. 24 Муну көргөн фарисейлер Ыйсага: — Карачы, эмне үчүн шакирттериң дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! — дешти. 25 Ыйса аларга: — Өзүнүн жана жанындагы адамдардын карды ачып, бир нерсе жегенге зар болуп турганда, Дөөттүн эмне кылганын силер окуган жок белеңер? 26 Ал Абыятар башкы динкызматчы болуп турганда, Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? Бирок ал нанды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон,— деди. 27 Ыйса сөзүн мындайча аяктады: — Адам дем алыш күнү үчүн эмес, тескерисинче, дем алыш адам үчүн жаратылган! 28 Андыктан Адам Уулу дем алыш күнүнүн да ээси. ‎

Колу сенек адам

3:1 Ыйса кайрадан синагогага келди. Синагогада колу сенек бир адам бар эле. 2 Ошол кишини дем алыш күн экенине карабай айыктырар бекен деп, фарисейлер Ыйсаны айыпка жыгуунун амалын издеп, алдыртан байкап турушту. 3 Ыйса болсо, колу сенек адамга: — Алдыга чык, — деди. 4 Анан тигилерге кайрылып: — Дем алыш күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же кууратуу керекпи? — деди. Тигилер унчугушпады. 5 Ыйса аларды каардуу көзү менен кыдырата карап, ушунчалык таш боордугуна кейиди. Анан жанагы колу сенек кишиге: — Колуңду сун! — деди. Тигил колун сунар замат айыгып кетти. 6 Ошондо фарисейлер сыртка чыгышып, Ирод тараптагылар менен чогулушуп, алар менен бирге кантип Ыйсанын көзүн тазалаштын жолун сүйлөшүштү.

Көл жээгиндеги калың эл

7 Ыйса шакирттери менен бирге Галилея көлү тарапка кетип калды. Галилея жана Иудея аймактарынан, 8 Иерусалимден жана Идумея аймагынан, Иордандын чыгыш тарабынан, Тир жана Сидон шаарларынын айланасынан адамдар Ыйсанын кылган иштерин угушуп, Ага жоон топ болуп агылып келип жатышты. 9 Топураган көп элдин Ыйсаны жөөлөп кысканынан улам Ал шакирттерине: — Мага бир кайыкты камдагыла, — деди. 10 Ыйса көп адамдарды айыктырган болчу, ошондуктан оорулуулар Ага колдорун тийгизүүгө жулунуп жатышты. 11 Кара күчкө чалдыккандар болсо Ыйсаны көргөндө алдына кулап: «Сен Кудайдын Уулусуң!» — деп чаңырып жатышты. 12 Ыйса аларга Өзүнүн ким экенин жарыя кылууга катуу тыюу салды.

Он эки элчинин тандалышы

13 Анан Ыйса тоого чыгып, Өзү тандап алган бир нече кишини чакырды. Алар келишкенде, 14 арасынан он экисин Өзү менен бирге болууга дайындап, буларды элчилер деп атады. Аларды жар салууга жөнөттү да, жиндерди кууп чыгуу бийлигин берди. 16 Төмөндө ошол он эки элчинин аттары: Ысман (Ыйса ага Петир деген ат койду), 17 Зебедей уулу Жакып жана анын иниси Жакан (Ыйса аларды Боонергестер деп атады, аттын мааниси «Күн күркүрөөнүн уулдары»), 18 Идрис, Филип, Барталамей, Матай, Том, Алпей уулу Жакып, Тадай, ДинчилЫсман, 19 ошондой эле кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

Ыйса жана шайтан

20 Ушундан соң, Ыйсалар үйгө келишти. Кайрадан эл жыйылып, шам-шум этип алууга да мүмкүнчүлүктөрү болбой калды. 21 Бул тууралуу кабар Ыйсанын жакындарына жеткенде, алар Аны алып кетүү үчүн келишти, анткени эл: «Бул акылынан адашыптыр», — деп сөз кылып жаткан болчу. 22 Иерусалимден келген кээ бир дин мугалимдери болсо: «Мунун ичинде Бээлзебулбар! Бул жиндерди алардын ошол башчысынын күчү менен кубалап жатат», — дешти. 23 Ошондо Ыйса аларды чакырып алып мындай деген ибарат айтты: — Кантип шайтан шайтанды кубалай алат? 24 Эгер мамлекет өз ичинен бөлүнүп-жарылса, кыйрайт. 25 Эгер үй-бүлөнүн ыркы кетсе, соо калбайт. 26 Эгер шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып, бөлүнүп-жарылса, анда соо калбайт, соодасы бүтөт. 27 Алдуу адамдын үйүнө кирген бирөө алды менен анын өзүн байлабай туруп, үй-мүлкүн кантип тоноп кетет? Алдууну байлагандан кийин гана анын үйүн тоной алат. 28 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: адам баласынын күнөөлөрү менен жаман сөздөрү бүт кечирилет, 29 а бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, анда ал эч качан кечирилбейт, ошол күнөөсү түбөлүк мойнунда калат. 30 Ыйса бул сөздү кээ бир адамдардын: «Муну кара күч басыптыр!» — дегенинен улам айтты.

Ыйсанын энеси жана бир туугандары

31 Ушундан соң, Ыйсанын энеси менен бир туугандары келишип, сырттан туруп Аны чакыртышты. 32 Ыйсанын айланасында толтура адамдар олтурган болчу. Алар Ыйсага: — Энең, инилериң жана карындаштарың келип, сыртта сени чакырып жатышат, — дешти. 33 — Менин энем менен бир туугандарым кимдер? — деди аларга Ыйса. 34 Анан айланасында олтургандарды сыдыра карап алып: — Менин энем менен бир туугандарым булар! 35 Анткени ким Кудайдын каалоосун аткарса, ошол Мага бир тууган ага-ини, эже-карындаш жана эне болот, — деди. ‎

Дыйкан тууралуу ибарат

4:1 Ыйса кайрадан көл жээгинде элди окута баштады. Ошондо жыйылган элдин көптүгүнөн кайыкка түшүүгө туура келди. Эл болсо жээкте карап турду. 2 Ыйса ибарат менен көп нерселерди айтып, аларды окутту. Ал элге мындай деди: 3 — Кулак салып, угуп алгыла: бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр. 4 Сепкен уругунун кээси жол боюна түшүп, чымчыктарга жем болот. 5 Кээ бири аз гана топурагы бар таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат. 6 Күн чыкканда күйүп, тамыры терең болбогондуктан куурап калат. 7 Кээси тикен арасына түшөт. Анан тикен өсүп чыгып, аны басып калгандыктан ал түшүм бербейт. 8 Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси отуз, кээси алтымыш, кээси жүз эсе түшүм берет. 9 Ыйса аягында мындай деди: — Уга турган кулагы барлар уксун!

Ибараттын мааниси

10 Ыйса жалгыз калганда, он эки шакирти менен бирге айланасында тургандар Андан ибараттардын мааниси тууралуу сурашты. 11 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Кудайдын Падышачылыгынын сырларын билүү силерге буюрган. Ал эми сырттагы, жанагыларга болсо баары ибараттар аркылуу айтылат. 12 Ошондуктан алар: «Караса да, көрүшпөйт, Тыңшаса да, түшүнбөйт. Кайрылышса Кудайга, Кечирилмек күнөөсү».

Дыйкан тууралуу ибараттын мааниси

13 Анан Ыйса аларга мындай деди: — Бул ибараттын маанисин түшүнбөй жатасыңарбы? Анда башка ибараттарды кантип түшүнөсүңөр? 14 Дыйкан сепкен урук — Кудайдын сөзү. 15 Жол боюна түшкөнү мындай адамдарды билдирет: булардын жүрөгүнө Кудайдын сөзү себилет, бирок алар угары менен эле шайтан дароо жетип келе калып, жүрөктөрүнө себилген сөздү уурдап кетет. 16 Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет. 17 Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартышат. 18 Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан, 19 бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана башка каалоолорго алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат. 20 Ал эми жакшы кыртышка түшкөндөрү Кудай сөзүн угуп, кабыл алган адамдарды билдирет. Мындай адамдар отуз, алтымыш, жүз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.

Шам тууралуу ибарат

21 Ыйса дагы мындай деди: — Шамды идиштин же керебеттин астына коюш үчүн жагышабы? Аны шамдалга коюшпайбы? 22 Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт. 23 Уга турган кулагы барлар уксун! 24 Ыйса аларга дагы мындай деди: — Укканыңарды байкагыла! Кандай өлчөмдө көңүл бөлсөңөр, ошондой өлчөмдө силерге түшүнүк берилет, ал тургай ашыгы менен берилет. 25 Кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.

Кудай Падышачылыгынын жайылышы тууралуу ибарат

26 Ыйса дагы мындай деди: — Кудай Падышачылыгы мындай: адам айдоо талаасына урук себет да, 27 түнү уктап, күндүзү туруп, уруктун кандайча өсүп-өнүп жатканын билбейт. 28 Жер аны өзү өстүрөт: алгач көгөртүп, анан баш байлатып, анан башын данга толтурат. 29 Адам болсо дан бышары менен эгинине орок салат, анткени оруу-жыюу маалы келип жетет.

Сары кычынын даны тууралуу ибарат

30 Ыйса дагы мындай деди: — Кудай Падышачылыгын дагы эмнеге салыштырса болот? Аны кандай ибарат менен сүрөттөп берейин? 31 Ал жерге эгилген, бул дүйнөдөгү уруктардын эң кичинеси болгон сары кычы данына окшош. 32 Ал эгилген соң, өсүп чыгат, анан бакчадагы бардык өсүмдүктөрдөн ашып кетет. Чоң-чоң бутак жайып, көлөкөсүнө канаттуулар пааналап, уя салышат. 33 Ыйса элге ушул сыяктуу дагы көптөгөн ибараттарды айтып, алардын сиңирүүгө кудурети жеткиче Кудайдын сөзүнөн таалим берди. 34 Ал элге жалаң ибарат менен сүйлөдү, ал эми шакирттери менен калганда, аларга ибарат менен айтылгандардын баарысынын маанисин чечмелеп, түшүндүрүп берди.

Көлдөгү бороондун токтошу

35 Ошол күнү кечинде Ыйса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө барабыз деп айтты. 36 Ошондуктан шакирттери элден бөлүнүп, кайыктын ичинде олтурган Ыйсага кошулушту. Жанында башка кайыктар да бар болчу. 37 Анан катуу бороон башталып, кайыктын капталына урунган толкундар ичине ашып, ичи толо баштады. 38 Ыйса болсо кайыктын куйрук жагында жаздык жазданып, уктап жатты. Шакирттери Аны ойготушуп: — Устат, өлө турган болдук! Бизди ойлосоң боло! — дешти. 39 Ыйса ордунан туруп, бороонго тыюу салып, толкундарга: — Басыл, токтогун! — деп буйруду. Бороон тынчып, айлана жымжырт боло түштү. 40 Анан шакирттерине кайрылып: — Эмне мынчалык коркоксуңар? Ушул убакка чейин ишене алган жоксуңарбы? — деди. 41 Үрөйлөрү учкан шакирттери өз ара: — Бороон менен деңиз да баш ийген бул ким болду экен? — деп сүйлөштү. ‎

Жин даарыган адамдын айыгышы

5:1 Анан алар көлдүн аркы өйүзүнө жайгашкан Гераса аймагына келишти. 2 Ыйса кайыктан түшөрү менен, мүрзөлөрдүн арасынан кара күчкө чалдыккан бир киши чыга калып, алдынан тосуп чыкты. 3 Бул кишинин жашаган жери мүрзө болчу. Эч ким аны, ал тургай чынжырлар менен да байлап кармап кала алган эмес. 4 Көп ирет колун кишендеп, бутун чынжыр менен байлашса да ал чынжырларды үзүп, кишендерди талкалап бошонуп кетчү. Аны баш ийдиргенге эч кимдин күчү жетпеген. 5 Ал күн-түн дебей тоо-дөбөлөрдү, мүрзөлөрдү аралап далбастап, өкүрүп-бакырып, өзүн өзү таш менен уруп, жарадар кылчу. 6 Бул киши Ыйсаны алыстан көрүп, чуркап келип, алдына чөгөлөдү да: 7 — Эй, Ыйса, Кудай Тааланын Уулу, мени менен кандай ишиң бар?! Кудай акы, сенден суранам, мени азапка салбачы! — деп бакырып жиберди. 8 Анткени Ыйса андагы кара күчкө: «Кара күч, бул кишиден чыгып кет!» — деген болчу. 9 Ыйса андан: — Атың ким? — деп сурады. Ал: — Менин атым түмөн, анткени биз көппүз! — деп жооп берди. 10 Анан аларды ошол аймактан кууп чыкпоосун өтүнүп, Ыйсага кайра-кайра жалынып-жалбарышты. 11 Ошол жердеги тоонун боорунда чоң бада чочко оттоп жүргөн. 12 Кара күчтөр Ыйсага жалбарышып: — Бизди чочколорго жибере көр, ошолордун ичине кирелик, — дешти. 13 Ыйса уруксат берди. Кара күчтөр адамдан чыгып чочколорго киришти. Ошондо эки миңдей чочкодон турган баданын баары жабыла тик жардан көлгө кулап чөгүп өлүштү. 14 Чочко кайтаргандар болсо артка карай чуркап жөнөштү да, муну шаар-кыштактарга жарыя кылышты. Ошондо адамдар болгон окуяны көрүп келүүгө чыгышты. 15 Алар Ыйсага келишип, ичинде түмөн жини бар кишинин кийим кийип, акыл-эси жайында олтурганын көрүшүп, жүрөктөрү ооздоруна тыгылды. 16 Окуяны көргөндөр болсо, аларга бул жин оорулуу адам менен чочколор эмне болгонун айтып беришти. 17 Ошондо герасалыктар Ыйсадан алардын жеринен кетишин сурана башташты. 18 Ыйса кайыкка түшкөндө, мурда жин даарып ооруган киши Аны менен кошо кетүүнү суранды. 19 Ыйса болсо ага уруксат берген жок: — Өз үй-бүлөңө бар да, Эгеңдин сага эмне кылганын, сага кандай кайрым көрсөткөнүн айтып бер, — деди. 20 Ошондо баягы киши артына кайтып, Оншаар аталган аймакта Ыйсанын ага кылганын айтып, жарыялай баштады. Уккандардын баары таң калып жатышты.

Тирилген кыз, сакайган аял

21 Ыйса кайрадан көлдүн аркы өйүзүнө жеткенде, жоон топ эл Аны дагы курчап алды. Ал көлдүн жээгинде турганда, 22 синагога башчыларынын бири болгон Жайыр деген киши келип, Ыйсаны көрүп, Анын бутуна жыгылып: 23 — Кызым өлүм алдында жатат. Келип, кызыма колуңузду коё көрүңүз, айыгып, аман калсын! — деп жалбарды. 24 Ыйса Жайыр менен анын үйүнө жөнөдү. Кошо жөнөгөн көп эл Ыйсаны туш-тушунан жөөлөп баратты. 25 Ошол тополоңдун ичинде он эки жыл бою ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял бар эле. 26 Ал көп дарыгерлерге барып, алардан шыпаа табалбай, кыйналып, колунда болгон нерсесинин баарын сарптап бүтсө да, ден-соолугу түзүк болбой эле кайра начарлап бараткан. 27 Бул аял Ыйса тууралуу укканда, ичинен «кийимине эле колум тийсе, айыгам» деп эл арасынан билинбей Анын артынан келип, кийимине колун тийгизди. 29 Кан кеткени тып басылып, аял айыкканын сезди. 30 Ошол эле убакта Ыйса да Өзүнөн күч чыкканын сезип, айланасындагы элге кайрылып: — Ким Менин кийимиме колун тийгизди? — деп сурады. 31 Шакирттери Ага: — Карачы, сени канча адам туш-тушуңдан кысып турат! А сен болсо «ким Мага колун тийгизди» дейсиң, — дешти. 32 Ыйса болсо колун тийгизген ким экенин көрүү үчүн айланасын карай берди. 33 Ошондо өзү менен эмне болгонун билген аял коркконунан калтырап-титиреп басып келди да, Ыйсанын алдына жыгылып, болгон чындыкты төкпөй-чачпай айтып берди. 34 Ыйса болсо тигил аялга: — Кызым, ишенимиң сени айыктырды. Жакшы бара кой, дартыңдан сакайып кет, — деди. 35 Ыйса сөзүн бүтө электе, синагога башчысы тараптан адамдар келишип: — Кызыңыз өлдү! Эмне үчүн устатты дале убара кылып жатасыз? — дешти. 36 Ыйса болсо алардын сөзүн укту, ошентсе да синагога башчысына: — Коркпо, тек гана ишенгин, — деди. 37 Анан Петир, Жакып жана анын иниси Жакандан башкалардын бирөөнө да артынан барганга уруксат бербеди. 38 Алар синагога башчысынын үйүнө келишип, ызы-чуу түшүп ыйлап, өкүрүп жаткандардын үстүнөн чыгышты. 39 Ыйса алардын арасына кирип: — Эмнеге ызы-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Кыз өлгөн жок, уктап жатат, — деди. 40 Ошондо алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. Ыйса болсо баарын үйдөн сыртка чыгарып, өлгөн кыздын ата-энеси менен үч шакиртин алып, сөөк жаткан жайга кирди. 41 Кирип, кыздын колун кармады да: — Талита, куми! — деди. Мунун котормосу: «Кызым, сага айтам, тургун!» 42 Кыз ошол замат туруп, нары-бери баса баштады. Ал он экиде болчу. Муну көргөндөр абдан таң калышты. 43 Ыйса болсо аларга бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буйруду жана кызга жегенге бир нерсе бергиле деди. ‎

Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы

6:1 Ыйса ал жактан кетип, шакирттери менен бирге кайрадан Өзүнүн чоңоюп өскөн шаарына келди. 2 Дем алыш күнү болгондо, синагогага барып таалим бере баштады. Ошол жердеги көпчүлүк Ыйсанын таалимин укканда: — Булардын баарын бу кайдан алды? Ага кандай акылмандык берилди экен? Мындай укмуштар кантип анын колунан келип жатат? 3 Бу жыгач уста эмес беле? Мариямдын уулу, Жакып, Жосе, Жүйүт жана Ысмандардын бир тууганы го бул? Карындаштары да биздин арабызда турушат го? — деп таң калышты. Ошентип алар Ыйсаны четке кагышты. 4 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: — Пайгамбар бардык жерде кадыр-барктуу болсо да, өз жери, туугандары жана үй-бүлөсүнүн ичинде анын кадыры билинбейт. 5 Ыйса ал жерден бир нече оорулууга колун коюп айыктыргандан башка эч кандай кереметтерди көрсөтө албады. 6 Алардын ишенбестигине ушунчалык таң калды. Ошондон кийин Ыйса айлана-тегеректеги айыл-кыштактарга барып, андагыларга таалим берип жүрдү.

Он эки шакиртке берилген тапшырма

7 Анан он эки шакиртин чакырып алып, эки-экиден кызматка жөнөтө баштады. Аларга кара күчтөрдү башкарганга бийлик берди. 8 — Жолго жалгыз таяктан башка эч нерсе: нан да, баштык да албагыла, белбооңорго тыйын да түйбөгүлө, 9 бирок бут кийим кийгиле да, ашык кийим албагыла! — деп буйруду. 10 Дагы мындай деди: — Кайсы үй силерди кабыл алса, барган жериңерден кеткиче, ошол үйдө калгыла. 11 Эгерде кайсы бир жерде силерди кабыл албаса жана сөзүңөрдү укпаса, анда ал жактан чыгып баратып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла. 12 Ошентип алар жолго чыгышып, адамдарга ниетиңерди өзгөрткүлө деп жар салышты. 13 Адамдардан көп жиндерди кубалап чыгышып, далай оорулууларды май менен майлап айыктырып жүрүштү.

Жакыянын өлүмү

14 Мунун баары Ирод падышага жетти. Анткени бардык жерде Ыйсанын аты чыгып кетти. Кээ бирөөлөр: «Бул Жакыя чөмүлдүрүүчү, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон», — дешти. 15 Кээ бирөөлөр болсо: «Бул Илияс пайгамбар!» — дешсе, дагы бирөөлөр: «Бул байыркы пайгамбарларга окшогон дагы бир пайгамбар!» — дешти. 16 Ирод муну укканда: «Бул мен башын алдырган Жакыя! Ал тирилип кеткен турбайбы!» — деди. 17 Жакыяны Ирод өзү киши жиберип карматып, камакка алдырткан. Ирод иниси Филиптин аялы Иродияга үйлөнүп алган. Жакыяны ал ошол аялы үчүн түрмөгө отургузган. 18 Анткени Жакыя Иродго: «Иниңдин аялын алып алганың туура эмес!» — деген. 19 Ошондон улам Иродия Жакыяны өлтүргүсү келип, кекенип, бирок анысын ишке ашыра алган эмес. 20 Анткени Ирод Жакыянын адил жана ыйык адам экенин билип, коркконунан аны коргоп жүргөн. Айткан сөздөрүнө ар дайым тынчсызданып жүрсө да, аны укканды жакшы көргөн. 21 Акыры Иродиянын күнү тууган учур келди. Бул Ироддун туулган күнүндө болду. Ал ак сарайда иштеген өзүнүн бардык чоңдорун, аскербашыларын жана Галилея аймагын башкарган адамдарды чакырды. 22 Иродиянын кызы келип, бийлеп, Ирод менен анын жанында олтурган коноктордун купулуна толду. Ошондо падыша кызга: — Менден каалаганыңды сура, сурооңду орундатам! — деди. 23 — Каалаганыңды берем, керек болсо падышачылыгымдын жарымын сурасаң да берем! — деп ант кылды. 24 Кыз барып энесинен: — Эмне сурайын? — дегенде, энеси: — Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын, — деди. 25 Кыз дароо падышага чуркап барып: — Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын азыр табакка салып, алдырып келишиңизди каалайм! — деп талап кылды. 26 Кыздын өтүнүчү падышаны абдан кайгыртты. Бирок коноктордун алдында берген анты үчүн ага жок деп айткысы келбеди. 27 Ошондуктан бир желдетин жиберип, Жакыянын башын кесип келүүнү буюрду. Желдет түрмөгө барып, Жакыянын башын алды да, 28 табакка салып келип, кызга берди. Кыз болсо энесине берди. 29 Бул окуяны уккан Жакыянын шакирттери келип, анын сөөгүн алышты да, көргө алып барып коюшту.

Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу

30 Жиберилген элчилер кайтып келишип, Ыйсага барышты да, эмне кылып, эмнени окуткандарын төкпөй-чачпай айтып беришти. 31 Келип-кетип жаткан элдин көптүгүнөн, Ыйса менен Анын шакирттеринин тамактанып алганга да чолосу тийбей жаткан. Ошондуктан Ыйса шакирттерине: — Өзүбүзчө ээнирээк жерге барып, бир аз эс алып алалы, — деди. 32 Ошентип алар өздөрү жалгыз кайыкка олтурушуп, ээн жерге жөнөштү. 33 Көп адамдар алардын бараткан жагын көрүп, ким экенин таанып калышты. Анан бардык шаарлардан жөө-жалаңдап чыгып, алар бараткан жерге алардан мурда чуркап жетишти. 34 Ыйса кайыктан түшкөндө, топураган элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлорго окшош эле. Ыйса ошол жерде көп нерселерди айтып, аларга таалим бере баштады. 35 Кеч кирип бараткандыктан шакирттери келип: — Бул жер ээн, убакыт болсо кеч болуп кетти. 36 Элди коё бер, айланадагы айыл-кыштактарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, — дешти. 37 Ыйса болсо: — Жегенге бирдемени силер бергиле, — деди. Шакирттери: — Бизди барып, эки жүз күмүш теңгежумшап, буларга нан сатып келгиле дегени турасыңбы? — дешти. 38 Ыйса: — Канча наныңар бар? Барып, карап келгилечи, — деди. Алар барып карап келишип: — Беш нан, эки балык бар экен, — дешти. 39 Ошондо Ыйса аларга элдин баарын көк чөптүн үстүнө топ-топко бөлүп олтургузууну буйруду. 40 Эл катар-катар болуп, жүз-жүз, элүү-элүүдөн топко бөлүнүп олтурушту. 41 Анан Ыйса жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди. Эки балыкты да баарына бөлүп берди. 42 Баары жеп, тоюшту. 43 Анан нан менен балыктын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду. 44 Жеген эркектердин эсеби беш миңдей эле.

Ыйсанын суу үстү менен басышы

45 Ыйса элди таратып жатып, ошол эле убакта шакирттерин дароо кайыкка салып, көлдүн аркы өйүзүндөгү Бейтсайдага Өзүнөн мурда барсын үчүн жөнөтүп жиберди. 46 Элди тараткан соң, сыйынуу үчүн тоого чыкты. 47 Кеч кирип, кайык көлдүн ортосуна барып калганда, Ал Өзү жалгыз жерде турган. 48 Ошондо шакирттеринин толкундар менен алышып, жандалбастап жаткандарын көрдү. Анткени шамал алардын бет маңдайынан согуп, калак шилтеш кыйын болуп турган. Анан таң азанда шакирттерине суу үстү менен басып келип, жандап өтө берейин деди. 49 Ошондо шакирттери көрүп калышты да, Аны арбак экен деп ойлоп, бакырып жиберишти. 50 Аны көргөндө, баарынын эси чыкты. Ыйса ошол замат аларга: — Коркпогула, бул Мен элемин, — деп сүйлөй баштады. 51 Анан аларга кошулуп кайыкка түштү. Шамал ошол замат тып басылды. Шакирттери ушунчалык таң калып, ооздору ачылды, 52 анткени акыл-сезимдери тунарып калгандыктан, нан менен болгон кереметтин маанисин түшүнүшкөн эмес эле.

Генисареттеги оорулуулардын сакайышы

53 Алар көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, Генисарет жерине жетишти да кайыкты жээкке байлашты. 54 Кайыктан түшөрү менен жергиликтүү эл Ыйсаны дароо тааный коюшуп, 55 бүткүл аймакты аралай жүгүрүп өтүшүп, Анын кайда экенин угушкан жерге оорулууларды төшөктөрү менен көтөрүп алпкеле башташты. 56 Ыйса кайда барбасын: айыл-кыштактарга болобу, шаарларга болобу, адамдар оорулууларын базар болчу жерлерге жаткырып коюшуп, «алар жок дегенде киймиңиздин этегине колун тийгизсе болобу» деп суранып жатышты. Ал эми колун тийгизгендер болсо айыгып кетип жатышты. ‎

Ата-бабалардын салты

7:1 Фарисейлер менен Иерусалимден келген дин мугалимдери Ыйсанын жанына жыйналышты. 2 Ыйсанын шакирттеринин кээ бири арам колу менен, тагыраак айтканда, колдорун жуубай нан жеп жатканын көрүштү. 3 Анткени фарисейлер башка иудейлердин баары сыяктуу эле колдорун улуулардан калган салтка ылайык жуумайын тамак жешпейт. 4 Ошондой эле базардан келгенди жуумайынча ооздоруна алышпайт. Мындан башка дагы табактарды, чайнектерди, идиштерди, керебеттерди жууп-тазаламай деген, өздөрү кабыл алышкан толгон-токой салттары бар. 5 Ошондуктан фарисейлер менен дин мугалимдери Ыйсага: — Эмне үчүн шакирттериң улуулардан калган салтты бузуп жатышат? Алар кол жуу расмисин сактабай эле нан жешет экен, — дешти. 6 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Эки жүздүүлөр, Ышая силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылып, жазып кеткен: «Тили менен Мени сыйлап жатса да, Дили менен бул эл Менден алыс бейм. 7 Адам салтын Меники деп окутуп, Мага келип табынганы пайдасыз». 8 Силер Кудайдын осуяттарынан баш тартып, адамдардын салттарын кармайсыңар. 9 Ыйса дагы мындай деди: — Өзүңөрдүн салттарыңарды карманыш үчүн Кудайдын осуяттарынан баш тартканыңар жакшыбы? 10 Муса мындай деген эмеспи: «Ата-энеңди сыйла»жана «Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!» 11 А силер болсо: «Эгер ким атасы же энесине: "силерге бере турган нерсемдин баарын ‘корбан’, башкача айтканда, ‘Кудайга багыштадым’" десе, 12 анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот» деп, 13 элге үйрөткөн ушул салтыңар менен Кудайдын сөзүн жоюп салдыңар. Буга окшогон дагы башка көп нерселериңер толуп жатат.

Адамды арам кылган эмне?

14 Анан Ыйса элди чакырып алып, дагы мындай деди: — Мага кулак салып, түшүнүп алгыла! 15 Адамды анын ичине сырттан кирген нерсе эмес, ичинен чыккан нерсе арам кылат. 17 Ыйса көпчүлүктөн бөлүнүп, үйгө киргенде, шакирттери Ал айткан сөздүн маанисин сурашты. 18 — Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби? — деди Ыйса аларга. — Адамдын ичине сырттан кирген бир да нерсе аны арам кыла албайт. 19 Анткени ал адамдын жүрөгүнө эмес, курсагына кирет да, сыртка чыгып кетет. (Ыйса муну менен бардык тамак адал дегиси келген.) 20 Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат, — деп улантты Ыйса сөзүн, 21 — анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн арам ой, бузукулук, уурулук, адам өлтүрүүчүлүк, 22 ойноштук, ач көздүк, кара ниеттик, алдамчылык, кумарлануучулук, көрө албастык, уу сөздөр, текебердик, акмакчылык чыгат. 23 Ушул жамандыктын баары ичтен чыгып, адамды арам кылат.

Чет элдик аялдын ишеними

24 Ыйса ал жактан чыгып, Тир аймагы жакка жөнөдү. Ошол жерден бир үйгө кирип, турган жерин бирөөлөр билишин каалабады. Бирок баары бир жашырына алган жок. 25 Анткени кара күчкө чалдыккан кызы бар бир аял Ыйса жөнүндө угары менен жетип келип, Анын бутуна жыгылды. 26 Бул аял эврей эмес, сирофиникиялык болчу. Ал Ыйсадан кызынын ичиндеги жинди кууп беришин суранып жалбарды. 27 Ыйса болсо ага: — Кой, адегенде балдардын курсагы тойсун, алардын нанын иттерге ыргыткан жакшы эмес, — деди. 28 — Ооба таксырым, — деди аял, — бирок иттер деле балдардын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи? 29 Ошондо Ыйса ага: — Ушул сөзүң үчүн бара бер, жин кызыңдан чыгып кетти, — деди. 30 Аял үйүнө келип, кызынын төшөктө жатканын жана жиндин чыгып кеткенин көрдү.

Дүлөйдүн айыгышы

31 Ыйса Тир аймагынан чыгып, Сидон шаарынан өтүп, Оншаар турган жерди аралап, Галилея көлүнө жөнөдү. 32 Аңгыча кимдир бирөөлөр жакшы сүйлөй албаган, кулагы да такыр укпаган кишини алып келишип, Ыйсадан ага колун коюп, айыктыруусун сурап жалбарышты. 33 Ыйса аны элден өзүнчө бөлүп барып, эки кулагына сөөмөйлөрүн тыкты. Анан сөөмөйүнө түкүрүп, тигинин тилине тийгизди. 34 Андан соң, асманга карап, терең дем алды да оорулууга: — Эффата! (мааниси: ачыл!), — деди. 35 Ошол замат дүлөйдүн кулагы ачылып, тилге келди да кадимкидей сүйлөй баштады. 36 Анан Ыйса элге бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буюрду. Бирок канчалык тыюу салган сайын, ошончолук кайра күчөшүп кеп кылышты. 37 Айран таң калган эл: — Ал кылгандын баары жакшы экен: ал тургай дүлөйлөрдү уктуруп, дудуктарды сүйлөтүп жатат! — дешти. ‎

Ыйсанын төрт миң кишини тойгузушу

8:1 Ошол күндөрдүн биринде кайрадан абдан көп эл чогулуп, жегенге тамак табылбады. Ыйса шакирттерин чакырып алып: 2 — Элге боорум ооруп атат, үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерселери жок. 3 Эгерде ушул бойдон үйлөрүнө таратып жиберсем, жолдо шайы ооп калат, анткени арасында алыстан келгендери да бар, — деди. 4 Шакирттери: — Мынча элди тойгуза турган нанды бул ээн талаадан ким таба алат? — дешти. 5 Ыйса: — Канча наныңар бар? — деди. Алар: — Жети, — деп жооп беришти. 6 Ошондо Ыйса элди жерге отургузгула деп буйруду. Анан жети нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да элге таратуу үчүн шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 7 Алардын дагы бир аз кичине балыктары бар эле. Ыйса шүкүрчүлүк келтирип, аларды да таратууну буйруду. 8 Баары жеп, тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, жети себет болду. 9 Жегендердин эсеби болсо төрт миңдей киши эле. Анан Ыйса аларды үйлөрүнө коё берип, 10 дароо шакирттери менен бирге кайыкка олтуруп, Далманут аймагына келди.

Фарисейлердин жышаан талап кылышы

11 Кээ бир фарисейлер Ыйсага келишип, Аны менен талаша башташты. Ыйсаны сынашып, асмандан бир жышаан-белги көрсөт деп талап кылышты. 12 Ыйса терең үшкүрүнүп алды да: — Бул адамдар эмне үчүн Менден жышаан-белги талап кылышат? Силерге бир чындыкты айтып коёюн: бул муунга эч кандай белги берилбейт! — деди. 13 Анан аларды калтырып, кайрадан кайыкка олтурду да, көлдүн наркы өйүзүнө кетип калды.

Фарисейлер менен садукейлердин таалими тууралуу

14 Кайыкта бир эле нан бар болуп чыкты, анткени алар нан алганды унутуп калышкан экен. 15 Ыйса шакирттерине: — Абайлагыла, фарисейлер менен Ироддун ачыткысынан сак болгула! — деди. 16 Алар өз ара: «Биз нан албаганыбыз үчүн айтып жатат го», — дешти. 17 Ыйса муну билип, аларга: — Эмнеге нан ала келбептирбиз деп жатасыңар? Кылгандарымды дале түшүнгөн жоксуңарбы? Алардын маанисин биле элексиңерби? Дале көкүрөгүңөр көрбү? 18 Көзүңөр туруп, көрө албай жатасыңарбы? Кулагыңар туруп, уга албай жатасыңарбы? Эсиңерде жокпу: 19 Мен беш нанды беш миң кишиге сындырып бергенимде, силер чогулткан калдыктары канча себет болду эле? — деди. Шакирттери: — Он эки, — дешти. 20 Ыйса: — Төрт миң кишиге жети нанды сындырып бергенимде, арткандары канча себет болду эле? — деди. Алар: — Жети, — дешти. 21 Ошондо Ыйса аларга: — Дале түшүнө элексиңерби? — деди.

Бейтсайдадагы сокурдун айыгышы

22 Бейтсайдага келишкенде, Ыйсага бир сокурду алып келишип, ага колун тийгизип, айыктырып коюусун суранып жалбарышты. 23 Ыйса аны колунан алып, айылдын сыртына жетелеп чыкты. Анан анын көзүнө түкүрүп туруп, колун үстүнө койду да: — Бирдеме көрүп жатасыңбы? — деди. 24 Сокур киши көз тигиле карап: — Адамдарды көрүп турам. Алар басып жүргөн дарактарга окшош, — деди. 25 Ыйса кайрадан колун анын көзүнө койду. Ошондо ал көз тигиле карады да, бул жолу айыгып, баарын ачык көрүп калды. 26 Ошондо Ыйса: — Айылга кирбе! — деп аны үйүнө жиберди.

Ыйсанын Машаяк экендиги

27 Анан Ыйса шакирттерин ээрчитип, Филип Кесария деген шаардын жанындагы айылдарга жөнөдү. Жолдо шакирттеринен: — Эл Мени ким деп эсептешет? — деп сурады. 28 — Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, — дешти шакирттери. 29 — А силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер? — деди Ыйса. Петир: — Сен — Машаяксың! — деп жооп берди. 30 Ошондо Ыйса аларга: — Менин ким экенимди эч кимге айтпагыла! — деп катуу эскертти.

Ыйса Өзүнүн азап тартып өлөрүн алдын ала айтат

31 Анан Адам Уулу көп азап чегип, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан четке кагыларын, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш экендигин айтып, шакирттерин окута баштады. 32 Ал муну аларга ачык айтты. Ошондо Петир Аны четке чакырып алып, каршы болуп баштады. 33 Ыйса болсо бурулуп, шакирттерин карады да Петирге: — Жогол Менден шайтан, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн ойлоп жатасың! — деп аны урушуп койду. 34 Анан эл менен шакирттерин чакырып алып мындай деди: — Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн. 35 Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн жана Жакшы Кабарым үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот. 36 Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? 37 Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат? 38 Кимде-ким мына бул бузулган, күнөөкөр муундун алдында Менден жана Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Атасынын кудурети менен ыйык периштелеринин коштоосунда көктөн келгенде, андан баш тартат.

9:1 Ыйса аларга дагы мындай деди: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери күч-кудурети менен келген Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө, көз жумбайт».

Тоодогу кубулуш

2 Ушундан алты күн өткөндө, Ыйса Петирди, Жакыпты жана Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоого алып чыкты. Анан алардын көз алдында Ыйсанын кебетеси өзгөрүп кетти. 3 Кийимдери аппак болуп жаркырап, дүйнөдө эч ким агарта албагандай түскө айланды. 4 Анан Илияс менен Муса пайда болуп, Ыйса менен маек курушту. 5 Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска. 6 Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес, анткени баары коркуп турушкан. 7 Анан бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрүп, булут ичинен: «Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса, Аны уккула», — деген үн чыкты. 8 Алар айланасын карай калышса, жанында Ыйсадан башка эч ким жок экен. 9 Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин көргөнүңөрдү эч кимге айтпагыла!» — деп буйруду. 10 Алар бул сөздү унутушпай, бири биринен: «Өлгөндөрдөн тирилет дегени эмнеси?» — деп сурашты. 11 Анан Ыйсадан сурашты: — Эмне үчүн дин мугалимдери «Машаяк келерден мурун Илияс келиши керек» дешет? 12 Ыйса: — Туура, алды менен Илияс келип, баарын ордуна келтирет. Ошондой эле Адам Уулу да, Ыйык Жазууларда айтылгандай, көп азап чегип, жек көрүндү болууга тийиш эмес беле? 13 Бирок Мен силерге айтам: Илияс чын эле келди жана ага Ыйык Жазууларда жазылгандай, өз оюна келгендерин жасашты, — деп жооп берди.

Жин даарыган баланын айыгышы

14 Ыйсалар калган шакирттердин жанына басып келишип, аларды тегеректеп турган көптөгөн элди жана алар менен талашып-тартышып жаткан дин мугалимдерин көрүштү. 15 Аны көрөрү менен элдин баары катуу таңданышты. Анан алдынан тосо чуркап чыгып, Аны менен саламдашышты. 16 Ыйса алардан: — Эмне тууралуу талашып жатасыңар? — деп сурады. 17 Элдин ичинен бирөө Ага: — Устат, мен сага жин уруп, дудук кылган уулумду алып келдим эле. 18 Жини кармаганда эле боюн жерге уруп, оозунан көбүгү чыгып, тишин кычыратып, тырышып жатып калат. Шакирттериңен жинин кубалап чыгаргыла деп сурансам, колдорунан келбей койду, — деп үн катты. 19 Ошондо Ыйса: — Эй, ишеними жок эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! — деди. 20 Алар баланы Ыйсанын алдына алып келишти. Жин Ыйсаны көрөрү менен баланы калчылдатып кирди. Ал жерге кулап, оозунан көбүгү чыгып, ары-бери тоголонуп жатты. 21 Ыйса анын атасынан: — Уулуң качантан бери мындай? — деп сурады. — Бала кезинен бери, — деди атасы, 22 — жин аны өлтүрүү үчүн далай ирет от менен сууга салды. Эгерде колуңуздан келсе, бизге ырайым кылып, жардам берегөрүңүз! 23 — Эгер колумдан келсеби? — деди Ыйса ага. — Ким ишенсе, ага баарын жасай алам. 24 Баланын атасы ошол замат: — Ишенем! Дагы катуураак ишенгенге жардам кыла көр! — деп боздоп жиберди. 25 Элдин агып келип жатканын көрүп, Ыйса кара күчкө: — Дудук жана дүлөй кылчу жин, Мен сага катуу буйрук кыламын: чыгып кет да, экинчи кирбегин! — деди. 26 Жин ачуу чаңырып, баланы катуу калчылдатып, анан чыгып кетти. Бала өлүктөй болуп жатып калгандыктан баары: «Өлдү!» — деп жатышты. 27 Бирок Ыйса аны колунан алып, турууга жардамдашты эле, ал турду. 28 Ыйса үйгө киргенде, шакирттери Андан өзүнчө: — Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? — деп сурашты. 29 Ыйса: — Аны сыйынуу менен гана кууп чыгарууга болот! — деп жооп берди.

Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

30 Ыйса шакирттери менен ал жактан чыгып, Галилея аймагын аралап өтүп баратты. Ал Өзүнүн кайда экенин эч ким билбөөсүн каалады. 31 Анткени шакирттерине: «Адам Уулу кишилердин колуна түшөт, Аны өлтүрүшөт, анан үчүнчү күнү Ал кайра тирилет», — деп айткан болчу. 32 Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн эмес, сурагандан болсо коркушкан.

Кимдин жолу улуу?

33 Алар Капарноомго келишти. Үйгө киришкенде, Ыйса алардан: «Жолдо эмнени талаштыңар?» — деп сурады. 34 Шакирттери үндөшпөдү, анткени алар жолдо арабыздан кимибиздин жолубуз улуу деп талашкан эле. 35 Ыйса олтурду да, он эки шакиртин чакырып алып, мындай деди: — Ким биринчи болууну кааласа, баарынын акыркысы жана баарынын кызматчысы болсун. 36 Анан бир кичине баланы алып, алардын ортосуна тургузуп койду. Анан аны кучактап: 37 — Ким ушундай балдардын бирин Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени эмес, Мени Жибергенди кабыл алганы, — деди.

Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта

38 Ошондо Жакан: — Устат, сенин ысмыңды оозанып, адамдардан жиндерин кууп чыгарып жүргөн бирөөнү көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, — деди. 39 Ыйса болсо мындай деди: — Ага тыюу салбагыла. Менин атыман укмуштарды жасагандын бирөө да дароо эле Мен жөнүндө жаман сөз айта албайт. 40 Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта. 41 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким силерге «булар Машаякка караштуулар» деп, Мен үчүн бир чыны суу берсе, ал сөзсүз өз сыйлыгын алат.

Азгырыктар

42 Ал эми кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок. 43 Эгерде колуң сени күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки колуң менен тозоктун өчпөс отуна кеткениңден көрө, майып болуп бейишке чыкканың жакшы. 45 Эгерде сени бутуң күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки бутуң менен тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, чолок болуп бейишке чыкканың жакшы. 47 Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, анда аны чукуп сал! Эки көзүң соо тозокко ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы. 48 Ал жакта аларды жеген курттар эч качан өлүшпөйт жана аларды куйкалаган от эч качан өчпөйт. 49 Кудайга тартуу кылынган нерселер туз менен тазаланган сыяктуу бардыгыңар азап отунан өтөсүңөр. 50 Туз — жакшы нерсе! Эгер ал даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Жан-дүйнөңөрдө «туз» болсун жана өз ара ынтымактуу жашагыла. ‎

Ажырашуу маселеси

10:1 Ыйса ал жактан чыгып, Иудея аймагына келди да, Иордан дарыясынан өттү. Кайрадан көп эл чогулду жана Ал адатынча аларга таалим берди. 2 Ошондо фарисейлер бир кынтык табуу ниетинде Ыйсага келишип: — Эркек аялын коё берсе боло береби? — деп сурашты. 3 — Муса силерге эмне деген осуят калтырды эле? — деди Ыйса аларга жооп берип. 4 — Муса ажырашуу катын жазып берип, аялын коё бергенге уруксат кылган,— дешти алар. 5 Ошондо Ыйса аларга: — Бул осуятты ал силерге тоң моюндугуңардан улам жазган. 6 Бирок Кудай башында адамдарды аял-эркек кылып жараткан. 7 «Ошол себептүү эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялы менен кошулат да, 8 экөө бир дене болушат».Ушундайча алар эми экөө эмес, бирөө. 9 Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын, — деди. 10 Үйгө киришкенде, шакирттери Ыйсадан бул тууралуу кайра сурашты. 11 Ыйса аларга: — Аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам аялынын көзүнө чөп салган болот. 12 Эгер аялы күйөөсүнөн кетип, башкага тийсе, ал да ойноштук кылган болот, — деп жооп берди.

Ыйсанын балдарга батасын бериши

13 Колун коюп батасын берсин деп, эл Ыйсага жаш балдарды алып келди. Шакирттери болсо алып келгендерди жемелеп, уруша башташты. 14 Муну көргөндө, Ыйса ачууланып мындай деди: — Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Кудай Падышачылыгы ошондойлордуку! 15 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага эч качан кире албайт. 16 Анан балдарды кучагына алды да, аларга колун коюп, батасын берди.

Бай адам

17 Ыйса жолго чыкканда, бир киши жүгүрүп келип, алдына чөгөлөп: — О, жакшы устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек? — деп сурады. 18 Ыйса болсо ага минтип жооп берди: — Эмне үчүн Мени жакшы деп жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. 19 «Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, жалган күбө болбо, алдап эч нерсе тартып алба, ата-энеңди сыйла»деген осуяттарды билесиң да. 20 — Устат, — деди ал, — мунун баарын жаштайыман сактап келатам. 21 Ыйса ага карап туруп, мээрим менен: — Сага дагы бир нерсе жетпейт: бар да, колуңдагы дүнүйөңдүн баарын сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, — деди. 22 Муну укканда, жанагы киши кабагы бүркөлүп, кайгыга баткан бойдон жолуна түштү, анткени ал абдан бай эле. 23 Ыйса айланасын кыдырата карап, шакирттерине: — Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын! — деди. 24 Анын айткандарына шакирттери таң калышты. Ыйса болсо сөзүн улантты: — Балдарым, Кудай Падышачылыгына кирүү кандай кыйын! 25 Бай адамдын Кудай Падышачылыгына киргенинен көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой. 26 Шакирттери андан бетер таң калышып, өз ара: — Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? — дешти. 27 Ыйса аларга карап: — Адамдын колунан келбегени менен, Кудайдын колунан келет. Кудай баарын жасай алат, — деди. 28 Ошондо Петир Ыйсага: — Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз, — деди. — 29 Силерге бир чындыкты айтып коёюн, — деди Ыйса аларга, — Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн үйлөрүн же эркек же кыз бир туугандарын же ата-энесин же балдарын же менчик талаасын таштап чыккандын баарына азыр, ушул убакта, жүз эсе көп үй, бир тууган, эне, бала жана жер кайра берилет, куугунтукка да алынат, ал эми келечекте болсо алар түбөлүк өмүргө ээ болушат. 31 Азыр биринчи болуп жүргөндөрдүн көбү акыркы болушат, ал эми азыр акыркылардан болуп жүргөндөрдүн көбү биринчи болушат.

Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы

32 Ыйса шакирттери менен Иерусалимге кетчү жолдо баратты. Ал таң калып келатышкан шакирттеринин алдында эле. Ал эми алардын артындагылар коркуп келатышкан. Ыйса кайрадан он эки шакиртин жанына чакырып алып, Өзүн алдыда эмне күтүп тургандыгын айтты. 33 — Мына, — деди Ал, — биз азыр Иерусалимге чыгып баратабыз. Адам Уулун жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Алар Аны өлүм жазасына кесишип, башка улуттагылардын колуна тапшырышат. 34 Башка улуттагылар Аны кордошуп, бетине түкүрүшүп, сабашып, акырында өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет.

Жакып менен Жакандын өтүнүчү

35 Ошондо Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан басып келишип: — Устат, биздин суранычыбызды аткарышыңды каалар элек, — дешти. 36 Ыйса: — Силерге эмнени аткарып беришимди каалайсыңар? — деди. 37 Алар: — Мындан кийин салтанаттуу улуулугуңа ээ болгон кезде, бирибизди оң, бирибизди сол жагыңа олтура тургандай кыл, — дешти. 38 — Силер эмнени сурап жатканыңарды билбейсиңер, — деди Ыйса ошондо. — Силер чындап эле Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичип, Мен өтө турган чөмүлүүдөн өтө аласыңарбы? 39 — Ооба, — деп жооп беришти алар. — Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичесиңер, Мен өтө турган чөмүлүүдөн силер да өтөсүңөр, — деди Ыйса, 40 — бирок оң же сол жагыма олтургузуу Менин колумда эмес, ал мурдатан кимге даярдалган болсо, ошого берилет. 41 Буларды укканда, Жакып менен Жаканга калган он шакирттин кыжыры кайнады. 42 Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып, мындай деди: — Бу дүйнөдөгү элдердин өкүмдарлары өз элине үстөмдүк кылып, төрөлөрү күч менен бийлик жүргүзөрүн билесиңер. 43 Бирок силерде мындай болбосун, тескерисинче, араңардан ким чоң болгусу келсе, силердин кызматчыңар болсун. 44 Ким биринчи болгусу келсе, баарыңарга кул болсун. 45 Анткени Адам Уулу бирөөлөрдү Өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, бирөөлөргө Өзү кызмат кылып, Өз жанын көп адамдардын күнөөсү үчүн кун катары берүүгө келген.

Бартимей сокурдун айыгышы

46 Анан Иерихонго келишти. Ыйса шакирттери менен көптөгөн элдин коштоосунда Иерихондон чыгып баратканда, Тимейдин уулу сокур Бартимей жол боюнда кайыр сурап олтурган эле. 47 Өтүп бараткандын назареттик Ыйса экенин кулагы чалып калып: — Оо, Дөөттүн Уулу Ыйса, мага ырайым кыла көр! — деп кыйкыра баштады. 48 Көп адамдар ага «унчукпа» деп тыюу салышты. Бартимей болсо ого бетер үнүн бийик чыгарып: — Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр! — деп кыйкырды. 49 Ыйса токтоду да: — Аны бери чакыргыла! — деди. Алар сокурду чакырышып: — Коркпо, тур, сени чакырып жатат, — дешти. 50 Бартимей чапанын силкип таштап, ордунан ыргып тура калды да Ыйсага келди. 51 Ыйса: — Сага эмне кылышымды каалайсың? — деди. — Устатым, — деди сокур, — көзүм ачылса экен! 52 — Бара бер, — деди Ыйса, — ишенимиң сени айыктырды. Ошол замат сокурдун көзү көрүп калды. Анан ал жолго чыгып, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөдү. ‎

Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

11:1 Алар Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге жана Бейтани айылдарына келишти. Ошерден Ыйса эки шакиртин жөнөтүп жатып, 2 аларга: — Мынабу маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен эч ким мине элек такай байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле. 3 Эгер бирөө: «Эмне кылып жатасыңар?» — десе, «Эгебизге керек болуп жатат. Ал муну кайра дароо эле берип жиберет», деп жооп бергиле, — деди. 4 Шакирттери барып, такайдын көчөдө, эшиктин түбүндө байланып турганын көрүштү. Аны чечип жатышканда, 5 ошол жерде тургандардын арасынан бирөөлөр: — Эмнеге эшекти чечип жатасыңар? — деп сурашты. 6 Шакирттер Ыйса үйрөткөндөй жооп беришкенде, аларды коё беришти. 7 Алар эшекти алып келип, кийимдерин үстүнө жапкандан кийин, Ыйса ага минди. 8 Көп адамдар кийимдерин жолго төшөп жатышса, дагы башкалары талаадагы дарактардын бутактарын кесип келип, төшөп жатышты. 9 Ал эми Ыйсанын алды-артында бараткандар: — Осанна! Эгебиздин атынан келатканды Кудай жалгасын! 10 Дөөт атабыздын келе жаткан падышалыгын Кудай жалгасын! Көктөгү Кудайга осанна!— деп кыйкыра башташты. 11 Ыйса Иерусалимге кирип, ийбадатканага барды да, баарын карап чыкты. Анан кеч кирип калгандыктан шаардан чыгып, он эки шакирти менен Бейтаниге келди.

Каргышка калган анжир дарагы

12 Кийинки күнү, Бейтаниден келатышканда, Ыйса ачка болгонун сезди. 13 Тээ алыстан жалбырактуу анжир дарагын көрүп, жемиши бар бекен деп жакын басып барды. Бирок келип жалбырактардан башка эч нерсе таппады, анткени анжирдин убагы али келе элек болчу. 14 Ыйса ошол даракка: — Ылайым, мындан ары эч ким жемишиңди жебесин! — деди. Шакирттери болсо муну угушту.

Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу

15 Ошону менен Иерусалимге жетишти. Ыйса ийбадаткананын короосуна келип, андан соодагерлерди кууп чыга баштады. Акча алмаштыргандардын үстөлдөрүн көңтөрүп, көгүчкөн сатып олтургандардын отургучтарын оодарып салды. 16 Эч кимге кандайдыр бир буюмду ийбадаткананын короосу аркылуу алып өтүүгө уруксат бербеди. 17 Анан аларга: — Ыйык Жазууда жазылган: «Менин үйүм бардык элдердин сыйынуучу үйү деп атала турган болот!»* Силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айландырып жибериптирсиңер!— деп таалим айтты. 18 Муну жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери угуп калышты да, Ыйсанын көзүн тазалоо амалын издей башташты. Себеби бүт эл Анын таалимдерине таң калып жаткандыктан, Андан коркушту. 19 Кеч киргенде, Ыйса шакирттери менен шаардан чыгып кетти.

Анжир дарагынын мисалы

20 Кийинки күнү эртең менен эрте шакирттери баягы анжир дарагынын жанынан өтүп баратышып анын тамыры менен куурап калганын көрүштү. 21 Мурдагы окуя Петирдин эсине түшүп: — Устат, карачы, сен каргап салган анжир дарагы кагайып калыптыр! — деди. 22 Ошондо Ыйса аларга: — Кудайга ишенгиле. 23 Силерге бир чындыкты айтып коёюн, эгер ким мына бул тоого: «Ордуңан жыл да, деңизге кула!» деп ичинен шектенбей, айтканындай болоруна ишенсе, анын айтканы аткарылат. 24 Силерге айтып коёюн: сыйынганыңарда эмне сурасаңар да, аны алганыңарга ишенгиле, ошондо сураганыңарды аласыңар. 25 Ошондой эле сыйынып турганыңарда асмандагы Атаңар каталарыңарды кечирсин үчүн силер да башкаларга кандайдыр бир нааразычылыгыңар болсо, кечиргиле, — деди. 26

Ыйсанын бийлиги тууралуу суроо

27 Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадаткананын короосунда жүргөндө, Ага жогорку динкызматчылар, дин мугалимдери жана эл башчылары басып келишип: 28 — Сен буларды кайсы бийлигиң менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? — деп сурашты. 29 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер, анан Мен да кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтам. 30 Айтыңыздарчы, Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы? 31 Ошондо тигилер: — Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт дешип, өз ара акылдаша кетишти. 32 Элден коркконунан «адамдардан» деп да айта алышпады, анткени баары Жакыяны пайгамбар деп эсептешчү. 33 Анан Ыйсага: — Билбейбиз, — деп жооп беришти. Ыйса да аларга: — Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм, — деди. ‎

Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат

12:1 Ыйса аларга ибарат менен сүйлөй баштады: — Бир киши болуптур. Ал жүзүм тигип, айланасын коргондойт. Жүзүм ширесин сыгып алгыдай чуңкур казып, кароол мунара курат. Анан жүзүмүн багбандарга ижарага берип, өзү бир жакка кетет. 2 Жүзүм тере турган маал келгенде, жемишинен алып келгиле деп ижарачыларга бир кулун жөнөтөт. 3 Ижарачылар болсо кулду кармап алып, сабап, куру кол кайтарып жиберишет. 4 Ошондо ал кайрадан дагы башка кулун жиберет. Ижарачылар болсо бу кулдун башын жарып, кордоп туруп кайтарып жиберишет. 5 Ал дагы бир кулун жөнөтөт. Ижарачылар аны да өлтүрүшөт. Башка кулдарын жөнөткөндө да, аларды же сабап, же өлтүрүп салышат. 6 Акыры жанындай көргөн уулу калып, ошону жибериш керек болот. Ошондо «уулумдан ийменишээр» деп, аларга уулун жөнөтөт. 7 Ижарачылар болсо өз ара: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат!» — дешет да, 8 аны кармап алып, өлтүрүшүп, жүзүмдүн сыртына ыргытып салышат. 9 Эми жүзүмдүн ээси эмне кылат? Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмдү башкаларга берет. 10 «Куруучулар жаратпай, Таштап салган таш эле, Пайдубалдын негизи Болуп калды ал эми. 11 Биз таң калган бул ишти Өзү кылды Эгебиз»деген сөздү Ыйык Жазуудан эч качан окуган жок белеңер? 12 Ошондо бул ибараттын алар тууралуу айтылганын түшүнүштү да, Ыйсаны кармамак болушту, бирок элден коркуп, Аны калтырып кетип калышты.

Салык төлөө маселеси

13 Ыйсаны сөзүнөн кынтык таап айыптоо максатында эл башчылары тарабынан жиберилген бир нече фарисейлер менен Ироддун жолун жолдоочулар 14 келишти. Алар Ыйсага: — Устат, сиздин чынчыл экениңизди билебиз. Бирөөгө жагынууга аракет кылбайсыз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарга Кудайдын акыйкат жолун окутасыз! Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу? Биз салыкты беришибиз керекпи же бербешибиз керекпи? — дешти. 15 Ыйса алардын эки жүздүүлүгүн билип: — Эмнеге Мени сынап жатасыңар? Бир теңге алып келгилечи, көрөйүн! — деди. 16 Алар алып келишти. — Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? — деп сурады Ыйса алардан. — Падышаныкы, — дешти алар. 17 Ыйса: — Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле, — деди. Ошондо алар Ыйсага таң калышты.

Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо

18 Ошондо өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти. 19 — Устат, Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн өтүп, артында аялы эле калып, тукум калбаса, анда анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын», — деп жазып кеткен. 20 Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү. 21 Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Анан үчүнчүсү да ошондой болду. 22 Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту. Эң аягында аял да көз жумду. 23 Эми кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы. 24 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Ыйык Жазууларды да, Кудайдын кудуретин да билбегендиктен жаңылып жүрөсүңөр силер, чынбы? 25 Анткени адамдар өлүмдөн тирилгенде, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт, алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат. 26 Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилери тууралуу Мусанын китебинин күйүп турган бадал тууралуу бабынан окуган эмес белеңер? Ал жерде Кудай Мусага: «Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын»,— деген. 27 Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! Силер катуу жаңылып жүрөсүңөр.

Улуу осуят

28 Ошол жерде дин мугалимдеринин бири бул талашты угуп турган. Ал Ыйсанын аларга жакшы жооп бергенин көрдү да, басып келип: — Тоораттагы эң биринчи осуят кайсы? — деп сурады. 29 Ыйса ага: — Бардык осуяттардын эң биринчиси: «Ук, Ысрайыл, Эгебиз, биздин Кудайыбыз — жалгыз Эге. 30 Ошондуктан Аны чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен, бар күч-кубатың менен сүй!» 31 Экинчиси бул: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»Ушул экөөнөн чоң осуят жок, — деп жооп берди. 32 — Жакшы, устат, — деди дин мугалими, — «Кудай жалгыз жана андан башка жок, 33 Аны бүткүл аң-сезимиң, түшүнүгүң жана бүт күч-кудуретиң менен сүйүш керек жана башкаларды өзүңдөй сүйүү бардык өрттөлүүчү курмандыктар менен тартуулардан маанилүүрөөк» деп чындыкты айттыңыз. 34 Ыйса анын абдан жөндүү жооп бергенин көрүп: — Сиз Кудай Падышачылыгынан алыс эмес экенсиз, — деди. Ушундан соң, эч ким батынып, Ага суроо бере албады.

Машаяк тууралуу суроо

35 Ийбадаткананын короосунда таалим берип жатып, Ыйса мындай деп сурады: — Эмне үчүн дин мугалимдери Машаякты Дөөттүн тукуму дешет? 36 Ыйык Рух аркылуу Дөөт өзү: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай: Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»,— деген. 37 Демек, Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот? Көп адамдар Анын сөзүн кубануу менен угушту.

Дин мугалимдеринен сак болгула

38 Ыйса дагы мындай деп таалим берди: — Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын, 39 синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула! 40 Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот.

Жесир аялдын зекети

41 Ыйса ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнүн маңдайында элдин акча салып жатканын байкап олтурду. Көпчүлүк байлар көп-көптөн салып жатышты. 42 Ал эми колунда жок бир жесир аял келди да, эки тыйынын салды. 43 Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул колунда жок жесир аял баарынан көп салды! 44 Анткени баары өздөрүнөн артканын салышса, бул аял өзү жакыр болуп туруп, колунда болгонун бүт салып берди, — деди.

Ийбадаткананын кыйрашы тууралуу

13:1 Ыйса ийбадаткананын короосунан чыгып баратканда, шакирттеринин бири ага: — Устат, карачы, бу не деген таштар, не деген имараттар! — деди. 2 Ыйса ага: — Сен ушул заңгыраган имараттарды көрүп турасыңбы? Таш үстүндө таш калбай, мунун баары талкаланат, — деди.

Акыр заман алдындагы кыйынчылык, куугунтуктар

3 Ыйса ийбадаткананын тушундагы Зайтун тоосунда олтурганда Петир, Жакып, Жакан жана Идрис Андан өзүнчө минтип сурашты: 4 — Айтчы, бул качан болот? Ушунун баары ишке ашар алдында кандай жышаан болот? — дешти. 5 Ыйса аларга мындай деди: — Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин! 6 Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» дешет да, далай адамды алдап кетишет. 7 Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги согуштар тууралуу имиш-имиштерди угасыңар. Бирок коркуп, үрөйүңөр учпасын! Андайлар болушу керек, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт. 8 Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. Жер-жерлерде жер титиреп, ачарчылыктар болот! Толгоо башталгандагы азаптар сыяктуу, мунун баары боло турган азаптардын башталышышы гана. 9 Силер болсо өзүңөргө сак болгула! Силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат. Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдында суракка алынасыңар жана аларга Мен жөнүндө айтасыңар. 10 Акыр заман болордон мурда, бардык элдерге Жакшы Кабар жетиши керек. 11 Силерди соттоо үчүн кармап, алып жөнөшкөндө, эмнени айтабыз деп алдын ала түйшүк тарпагыла, ошол саатта Кудайдан эмне берилсе, ошону айткыла! Анткени силер эмес, Ыйык Рух сүйлөйт. 12 Бир туугандар бири бирин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине каршы чыгышып, аларды өлүмгө салып беришет. 13 Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким аягына чейин чыдаса, куткарылат.

Улуу алаамат

14 Жийиркеничтүү арам нерсенин касиеттүү ийбадатканада турганын көргөнүңөрдө(муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын), Иудеядагылар тоолорго качсын, 15 ким үйдүн төбөсүндө турса, бир нерсесин алам деп үйүнө кирбесин, 16 ким талаада жүрсө, кийимин алам деп артына кайтпасын. 17 Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору. 18 Бул окуялар кыш убагына туш келбесе экен деп сыйынгыла. 19 Анткени ошол күндөрдө Кудай ааламды жараткандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөн алаамат болот. Мындай алаамат келечекте да болбойт! 20 Эгер Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан аман калбас эле. Бирок Жараткан Эге Өзү тандап алган адамдары үчүн ошол күндөрдү кыскартып койгон. 21 Ошондо силерге бирөө: «Машаяк бул жакта», же «тигил жакта» десе, ишенбегиле. 22 Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, эгер мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды да алдап кетүү үчүн жышаандар менен кереметтерди көрсөтүшөт. 23 Силер болсо абайлагыла! Мен силерге баарын алдын ала айттым.

Адам Уулунун келиши

24 Ошол алаамат күндөрдөн кийин «Күндүн бети карарып, Ай калат төкпөй өз нурун. 25 Көктөн кулап жылдыздар Асмандагы күчтөр да Түгөл келет кыймылга». 26 Ошондо улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулункөрүшөт. 27 Анан Ал периштелерди жиберип, алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.

Анжир дарагынан алынган мисал

28 Анжир дарагынан сабак алгыла. Анын бутактары жумшарып, жалбырагы чыга баштаганда, жай жакындап калганын билесиңер. 29 Анын сыңары, ушул окуялардын башталганын көргөнүңөрдө, кыяматтынбосогодо турганын билгиле. 30 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт. 31 Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.

Ыйсанын келер убагын Кудай гана билет

32 Ал кайсы күнү, кайсы саатта келерин Атабыздан башка эч ким билбейт. Ал убак асмандагы периштелерге да, ал тургай Уулуна да белгисиз. 33 Ошондуктан абайлагыла, сак болгула! Анткени ал убакыт качан келерин билбейсиңер. 34 Бул үйүн таштап алыс сапарга чыгарда кулдарына бийлик берип, алардын ар бирине тиешелүү иш тапшырып, кароолчусуна сак болууну буйруп кеткен киши сыяктуу болот. 35 Ошондуктан сергек болгула! Анткени үй Ээсинин качан келерин билбейсиңер. Ал кечинде, же түн жарымында, же таң эрте короз кыйкырганда, же күн чыкканда келип калышы мүмкүн. 36 Күтпөгөн саатта келип, уктап жатканыңарда үстүңөрдөн чыкпасын! 37 Силерге айтып жатканымды баарына айтам: сак болгула! ‎

Ыйсага каршы бүтүм

14:1 Куткарылуу жана Калама майрамына эки күн калган эле. Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери Ыйсаны куулук менен кармап өлтүрүүнүн жолун издешти. Бирок алар: 2 — Эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, муну майрам убагында кылбайлы, — дешти.

Бейтанидеги Ыйсага көрсөтүлгөн урмат

3 Ыйса Бейтаниде пес оорулуу Ысмандын үйүндө дасторкондун жанында жамбаштап жатканда, нард деген өсүмдүктөн жасалган, таза, кымбат баалуу атыр май куюлган идишин көтөрүп, бир аял келди да, идишти сындырып, атырды Ыйсанын башына куйду. 4 Ошондо үйдө отургандардын кээ биринин кыжыры кайнап, бири бирине: — Атырды эмне мынча бекер ысырап кылды? 5 Эмне үчүн бул майды үч жүз күмүш теңгеге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берген жок, — дешти. Ошентип алар аялды катуу сынга алышты. 6 Ыйса болсо мындай деди: — Бул аялды жайына койгула! Эмнеге аны кыжалат кылып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш жасады. 7 Жакырлар ар дайым жаныңарда болот. Каалаган убагыңарда аларга жакшылык кыла бересиңер. А Мен дайыма эле жаныңарда болбойм. 8 Бул аял колунан келгенин жасады: май куюу салтын аткарып, денемди көргө коюуга даярдады. 9 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.

Жүйүттүн чыккынчылыгы

10 «Он экинин» бири — Жүйүт Искариот Ыйсаны кармап берүү ниети менен жогорку динкызматчыларга барды. 11 Алар болсо анын айтканын укканда сүйүнүп кетишип, акча убада кылышты. Ошентип ал Ыйсаны кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.

Куткарылуу майрамына арналган тамак

12 Калама майрамынын биринчи күнү — Куткарылуу майрамына карата бир козуну курмандыкка чалышчу. Ошондо шакирттери Ыйсага: — Сага Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерге барып даярдашыбызды каалайсың? — дешти. 13 Ошондо Ыйса эки шакиртин жиберип жатып, аларга мындай деди: — Шаарга баргыла, анан алдыңардан бир кумара суу көтөрүп бараткан адам жолугат. Аны ээрчип баскыла да, 14 ал кирген үйдүн ээсине: устатыбыз сага жиберип, «шакирттерим менен чогуу Куткарылуу майрамынын тамагын жей турган бөлмө кайсы» деп сурап жатат дегиле. 15 Ал силерге үстүнкү кабаттагы төшөктөр салынып, конокко даярдалган чоң бөлмөнү көргөзөт. Тамакты ошол жерге даярдагыла. 16 Шакирттери шаарга келгенде, баары Ыйса айткандай болду анан майрам тамагын ошол жерге даярдашты. 17 Кеч киргенде, он эки шакиртин ээрчитип Ыйса да келди. 18 Анан жамбаштай жатып, тамак ичип жатышканда, Ыйса: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мени сатып кетет; ал азыр Мени менен бирге тамактанып жатат, — деди. 19 Шакирттери бу сөзгө капа болуп, биринин артынан бири: — Мен эмеспи? — дей башташты. 20 — Ал Мени менен чогуу бир табакка колун салган он эки шакиртимдин бири, — деди Ыйса аларга. 21 — Не болсо да, Адам Уулу Ыйык Жазууда Өзү тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. Ал адам туулбай туна чөксө, өзүнө жакшы болмок!

Акыркы кечки тамак

22 Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып: — Алгыла, жегиле, бул Менин денем, — деди. 23 Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, аларга берди. Баары андан ичишти. 24 Анан Ыйса аларга мындай деди: — Бул көп адамдар үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным. 25 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мындан ары, Кудай Падышачылыгында жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай жүзүм шарап ичпейм. 26 Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да, Зайтун тоосуна жөнөштү.

Ыйса Петирдин Аны тааныбайм дээрин алдын ала айтат

27 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: — Баарыңар Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун уруп өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет»деп айтылган. 28 А бирок Мен кайра тирилген соң, силерден мурун Галилеяга барам. 29 Ошондо Петир Ыйсага: — Сени баары таштап кетсе да, мен таштабайм! — деди. 30 Ыйса ага: — Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, — деди. 31 Петир болсо айтканынан кайтпай: — Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сени тааныбайм деп айтпайм, — деди. Шакирттеринин баары тең ушундай дешти.

Гетсеман багындагы сыйынуу

32 Ушундан соң, алар Гетсеман деген жерге келишти. Анан Ыйса шакирттерине: — Мен сыйынып келгенче, ушул жерде олтура тургула, — деди. 33 Анан Өзү менен кошо Петирди, Жакыпты жана Жаканды алып кетти да, терең кайгыга батып, кыйнала баштады. 34 — Жаным өлгүдөй кыйналып турат, — деди Ал, — ушул жерде калып, уктабай тура тургулачы. 35 Анан бир аз ары жакка басып барып, жерге жыгылды да, эгер мүмкүн болсо, ушу алдыда турган азаптын Ага тийбей өтүп кетишин суранып сыйынды. 36 — Ата, о Атаке, — деди Ал, — Сенин колуңдан баары келет. Ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок... Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун! 37 Кайра келип, үч шакиртинин уктап жатканын көрдү да, Петирге: — Ысман! Уктап жатасыңбы! Бир саат уктабай олтура албадыңбы? 38 Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, — деди. 39 Анан кайра ары барып, дагы баягы сөздөрдү айтып сыйынды. 40 Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатканын көрдү. Алар аябай чарчагандан уктап калышкан эле. Ошондуктан эмне деп жооп беришти билишпеди. 41 Анан үчүнчү жолу келгенде, мындай деди: — Эх, дале уктап, эс алып жатасыңарбы! Болду! Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармалып берилчү убакыт келди! 42 Тургула, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.

Ыйсанын кармалышы

43 Ыйса сөзүн аяктай электе, «он экинин» бири — Жүйүт келип калды. Жанында жогорку динкызматчылар, дин мугалимдери жана эл башчылары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле. 44 Ыйсаны кармап бере турган киши аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, силер издеген киши ошол. Кармагыла да, өтө сактык менен алып кеткиле», — деп белги берген болчу. 45 Анан дароо Ыйсага басып келип: — Устат! — деди да, бетинен өптү. 46 Ошондо тигилер Ыйсага кол салып, Аны кармашты. 47 Ошерде тургандардын бири канжарын сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун кулагын шылый чапты. 48 Ошондо Ыйса: — Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангансып кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар. 49 Күн сайын силер менен кошо ийбадаткананын короосунда болуп, таалим берип жүргөнүмдө кармаган жок элеңер. Бирок эмне болсо да Ыйык Жазуулардагы сөз аткарылсын, — деди. 50 Ошондо шакирттеринин баары Аны таштап, качып кетишти. 51 Жылаңач этине кездеме оронгон бир жаш улан Ыйсанын артынан баратты. Жоокерлер аны шап кармай калганда, 52 ал оронгон кездемесин таштай салып, качып кетти.

Жогорку кеңештин алдында

53 Ошентип Ыйсаны башкы динкызматчынын алдына алып келишти. Бардык жогорку динкызматчылар, эл башчылары жана дин мугалимдери ошол жерге чогулушту. 54 Петир алыстан Ыйсаны акмалап келип, башкы динкызматчынын короосуна чейин барды. Ал жерден сакчылар менен бирге отуруп, отко жылынды. 55 Жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңештин бардык мүчөлөрү болсо Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн жалган күбө издеп, бирок таба алышпады. 56 Жалган күбөгө өткөндөр көп болсо да, алардын айткандары бири бирине туура келбеди. 57 Ошондо бир нече киши орундарынан туруп, Ыйсага мындай деген жалаа жабышты: 58 — Биз мунун: «Мен мына бул адам жасаган ийбадаткананы бузуп, үч күндөн кийин адам жасабаган башкасын тургузамын» дегенин укканбыз. 59 Алардын мындай дегени да бири бириникине дал келбеди. 60 Ошондо башкы динкызматчы ортого чыгып, Ыйсага: — Булардын сен жөнүндө айткандарына берер жообуң жокпу? — деди. 61 Ыйса болсо үндөгөн да, бир нерсе деп жооп берген да жок. Ошондо башкы динкызматчы Ыйсадан: — Ыйык Кудайдын уулу Машаяк сенсиңби? — деп сурады. 62 — Менмин, — деди Ыйса ага жооп берип, — Силер Адам Уулунун Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр. 63 Ошондо башкы динкызматчы кийимин айрып жиберип: — Бизге дагы кандай күбөлөр керек? 64 Мунун Кудайга акарат айтканын баарыңар уктуңар! Буга эмне дейсиңер? — деди. Жыйналгандардын баары бир ооздон Аны өлүмгө татыктуу деп чечим чыгарышты. 65 Кээ бири Ыйсанын бетине түкүрүшүп, көзүн жаап, жаакка чаап: — Кана, ким урду, айтчы! — дей башташты. Сакчылар да Аны бетке койгулашты.

Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы

66 Петир төмөн жакта, короодо турганда, башкы динкызматчынын малай кыздарынын бири келип, 67 оттун жанында жылынып турган Петирди көрдү да, ага тигиле тиктеп: — Сен да назареттик Ыйса менен бирге жүрчүсүң! — деди. 68 Петир болсо: — Эмне деп жатканыңды билбейм да, түшүнбөйм да! — деп макул болбоду. Анан жолдун жанындагы короого чыкканда, короз кыйкырды. 69 Малай кыз аны кайрадан көрүп, ошол жерде тургандарга: — Бул ошолордун бирөөсү, — деп айта баштады. 70 Петир дагы макул болгон жок. Бир аздан кийин ошол жерде тургандар Петирге: — Сен чын эле ошолордун бирисиң, анткени галилеялыксың, — дей башташты. 71 Петир болсо: — Кудай урсун, силер айтып жаткан ал кишини тааныбайм, — деп карганып-шиленип кирди. 72 Ошол замат короз экинчи ирет кыйкырды. Ошондо Петир Ыйсанын: «Короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың», — деген сөзүн эстеди, да өксүп ыйлай баштады. ‎

Ыйса Пилаттын алдында

15:1 Таңазанда жогорку динкызматчылар шашылыш түрдө эл башчылары, дин мугалимдери жана жогорку кеңештин бардык мүчөлөрү менен жолугуп, чечим чыгарышты да, Ыйсаны байлап алып барып Пилаттын колуна тапшырышты. 2 Пилат Ыйсадан: — Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады. Ыйса: — Өзүңүз айтып турасыз, — деди. 3 Жогорку динкызматчылар Ыйсага көп айыптарды тагышты. 4 Ошондуктан Пилат Ага кайрадан: — Жооп бергиң келбейби? Карачы, сага канча көп айыптар айтылууда! — деди. 5 Бирок Ыйса буга да эч жооп кайтарган жок, ошондуктан Пилат таң калды.

Ыйсаны өлүмгө кыюу

6 Куткарылуу майрамына карата дайыма Пилат алар сураган бир кылмышкерди бошотуп берчү. 7 Ошол кезде көтөрүлүш убагында өзүнүн шериктери менен киши өлтүргөн Барабба деген бир киши түрмөдө олтурган. 8 Эл Пилаттан адатта алар үчүн жасаган ишин талап кылып, чуулдай башташты. 9 Пилат аларга: — Силерге «иудейлердин падышасын» бошотуп беришимди каалайсыңарбы? — деди. 10 Пилат Ыйсаны жогорку динкызматчылар көрө албастыктан кармап бергенин абдан жакшы билип туруп ушундай деди. 11 Жогорку динкызматчылар болсо элди Бараббаны бошотуп берүүнү суроого козутушту. 12 Пилат элге дагы бир кайрылып: — Анда силер «иудейлердин падышасы» деп атаган кишини эмне кылышымды каалайсыңар? — деди. 13 Алар: — Айкаш жыгачка када! — деп кыйкырышты. 14 Пилат аларга: — Ал эмне жамандык кылды? — деди. Бирок алар мурдагыдан да катуу ызы-чуу түшүп: — Аны айкаш жыгачка кадап сал! — деп бакырышты. 15 Пилат болсо элге жагыныш үчүн аларга Бараббаны бошотуп берди, Ыйсаны болсо сабатты да, айкаш жыгачка кадап салууга буйрук кылды.

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

16 Жоокерлер Ыйсаны акимчиликтин короосуна алып киришти да, бүт полкту чогултушту. 17 Анан Ыйсага кочкул кызыл чапан жабышып, тикенектен таажы жасап башына кийгизишти да: 18 «Жашасын иудейлердин падышасы!» — деп салам бере башташты. 19 Шылдыңдап камыш менен башка чабышып, түкүрүшүп, чөгөлөй калып, жүгүнүп жатышты. 20 Мазактап бүтүшкөндө, үстүндөгү кочкул кызыл чапанды сыйрып алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти да, айкаш жыгачка кадаганы алып жөнөштү. 21 Жолдо айылдан келе жаткан Искендер менен Руптун атасы — киринеялык Ысманды жолуктурушуп, аны Ыйсанын айкаш жыгачын көтөрүп барууга мажбур кылышты. 22 Ошентип Ыйсаны Голгота (мунун мааниси: «Баш сөөк жайы») деген жерге алып келишти. 23 Ал жерден Ага дененин кыйналганын басуучу мүр чайыры кошулган шарап беришти. Бирок Ыйса аны ичкен жок. 24 Айкаш жыгачка кадагандар кимисине эмнеси тиер экен деп чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүп жатышты. 25 Ыйсаны айкаш жыгачка кадашканда, саат эртең мененки тогуздарга жакындап калган болчу. 26 Анын айыбын көрсөтүп турган тактада «Бул — иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле. 27 Аны менен кошо дагы эки каракчыны бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты. 28 29 Өтүп бараткандар Ыйсаны кордоп, баштарын ийкегилешип: — Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө кайра тургузуучу! 30 Айкаш жыгачтан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы? — дешти. 31 Ошондой эле жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери да Ыйсаны мазакташып, бири бирине: — Башкаларды куткарыптыр, өзүн болсо куткара албай турат! 32 Машаяк, Ысрайылдын падышасы имиш, айкаш жыгачтан түшсүнчү, кана, көзүбүз менен көрөлү да, биз ага ишенип калалы, — дешти. Ыйса менен кошо кадалгандар да Аны кордоп жатышты.

Ыйсанын өлүмү

33 Түшкү саат он экилерде бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду. 34 Саат үчтө Ыйса: — Элои, элои! Лама, сабахтани?— деп катуу үн менен боздоп жиберди. Бул сөздүн мааниси: «Кудайым ай, Кудайым! Эмне үчүн Мени таштап кеттиң?» 35 Ошол жерде тургандардын кээ бири муну угуп: — Карасаңар, Илиясты чакырып жатат, — дешти. 36 Бирөөсү жүгүрүп барып, соргучту сирке сууга малды да, таяктын учуна сайып алып, Ыйсанын оозуна такады. Ал эми башкалары: — Токточу, көрөлү, Илияс келип, аны айкаш жыгачтан чыгарар бекен! — дешти. 37 Ыйса болсо катуу кыйкырды да, жан берди. 38 Ийбадатканадагы көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп айрылды. 39 Айкаш жыгачтын маңдайында турган римдик жүз башы Ыйсанын ушундай өлүмүн көргөндө: — Бул адам чын эле Кудайдын Уулу экен, — деди. 40 Ошол жерде алыстан карап турган аялдар да бар эле. Алардын арасында магдалалык Мариям, кичүү Жакып менен Жосенин энеси Мариям жана Саломия да турган. 41 Булар Ыйсага кызмат кылып, Аны Галилеядан бери ээрчип келишкен болчу. Булардан башка да Ыйса менен бирге Иерусалимге келген көптөгөн аялдар турду.

Ыйсанын көргө коюлушу

42 Ариматиялык Жусуп Кудай Падышачылыгын өзү да күтүп жүргөн, жогорку кеңештин кадыр-барктуу мүчөсү болчу. Кеч кире баштаганда, ал Пилаттын алдына тартынбай кирип барды да, андан Ыйсанын сөөгүн берүүнү сурады. Ошол күн дем алыштын мурунку күнү — даярдануу күнү болчу. 44 Пилат Ыйсанын тез эле өлүп калганын укканда, таң калды. Жүзбашыны чакырып алып: — Анын өлгөнүнө көп болдубу? — деп сурады. 45 Жүзбашынын жообун уккан соң, Жусуп Ыйсанын сөөгүн бердиртти. 46 Жусуп ак кепин сатып алды да, сөөктү айкаш жыгачтан түшүрүп, кепинге ороп, аскага оюлуп жасалган көргө койду. Анан чоң ташты томолотуп келип, көрдүн оозун бекитти. 47 Магдалалык Мариям менен Жосенин энеси Мариям Ыйсанын сөөгүн кайда коюшканын карап турушту. ‎

Ыйсанын тирилиши

16:1 Дем алыш өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана Саломия болушуп, Ыйсанын сөөгүн майлап келүү үчүн жыттуу майларды сатып алышты. 2 Анан жуманын биринчи күнү таң азанда мүрзөгө жөнөштү. 3 Жолдо өз ара: — Көр оозундагы ташты бизге ким жылдырып берер экен? — деп келишти. 4 Бирок карашса, таш жылып калыптыр! Таш болсо абдан чоң болчу. 5 Көргө кирип, оң тарапта отурган ак кийимчен бир уланды көрүп, үрөйлөрү учту. 6 Улан болсо: — Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жүрөсүңөр! Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Анын сөөгү коюлган жер мына. 7 Эми болсо баргыла да, шакирттерине жана Петирге муну айткыла: Ал силерден мурун Галилеяга барат. Өзү айткандай, силер Аны ошол жактан көрөсүңөр, — деди. 8 Айран таң калып, коркунучтан калтыраган аялдар көрдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Бул окуядан жүрөктөрү түшүп, эч кимге эч нерсе айтышпады.

Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү

9 Жуманын биринчи күнү таң азанда тирилген соң, Ыйса ичинен жети жинди кубалап чыгарган магдалалык Мариямга биринчи көрүндү. 10 Мариям Анын боздоп ыйлап олтурушкан шериктерине барып, көргөнүн айтып берди. 11 Бирок алар Ыйсанын тирүү экенин жана Мариямдын Аны көргөндүгүн угушса да, ишенишкен жок.

Ыйсанын эки шакиртине көрүнүшү

12 Мындан соң, Ыйса айылга бара жатышкан эки шакиртине башкача кейипте көрүндү. 13 Эки шакирт кайтып келип, калгандарына көргөндөрүн айтып беришти, бирок аларга да ишенишпеди.

Ыйсанын он бир шакиртине көрүнүшү

14 Мындан кийин Ыйса тамактанып олтурушкан он бир шакиртине көрүндү. Шакирттеринин өздөрү да ишенбей, Өзүнүн тирилгенин көргөндөргө да кежирленип ишенбей коюшканы үчүн аларды урушту. 15 Анан Ыйса аларга мындай деди: — Бүт жер жүзүн кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла. 16 Ким ишенип, чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат. 17 Ишенгендерди бул жышаандар коштойт: алар Менин атым менен жиндерди кубалашат, жаңы тилдерде сүйлөшөт, 18 жыландарды кармап алышса же уу ичип алышса, зыян тартышпайт, оорулууларга кол коюшса, алар айыгып кетишет.

Ыйсанын көккө көтөрүлүшү

19 Ушул сөздөрдү айтып бүткөн соң, Эгебиз Ыйса көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына — ардактуу орунга олтурду. 20 Шакирттер болсо, бардык жерлерде ушул Жакшы Кабарды таратып жүрүштү. Эгебиз аларга жар болуп, айтылган сөздү кереметтүү жышаандар менен ырастап жатты. Аялдар Петир менен Анын шериктерине барып, өздөрүнө айтылган сөздүн баарын кыскача айтып беришти. Ушундан соң, Ыйса шакирттери аркылуу күн чыгыштан күн батышка чейин түбөлүк куткарылуунун ыйык жана өлбөс-өчпөс кабарын таратты.