Ыйса Машаяктын санжырасы

1:1 Ыбрайымдын тукумунан чыккан Дөөт падышанын тукуму Ыйса Машаяктын санжырасы: 2 Ыбрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана анын ага-инилери, 3 Жүйүттүн Тамар аттуу аялынан Перес менен Зерак, Перестен Эсрон, Эсрондон Рам, 4 Рамдан Аминадап, Аминадаптан Наасон, Наасондон Салмон, 5 Салмондун Рахап аттуу аялынан Обоз, Обоздун Рут аттуу аялынан Абыт, Абыттан Жесей, 6 Жесейден Дөөт падыша туулган. Дөөт падыша Урийдин жесирине үйлөнүп, андан Сулайман туулган. 7 Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абыя, Абыядан Аса, 8 Асадан Жашапат, Жашапаттан Жорам, Жорамдан Узия, 9 Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Эзекия, 10 Эзекиядан Манаш, Манаштан болсо Амос, Амостон Жошия, 11 Жошиядан Экония жана анын бир туугандары туулган. Ушундан соң, Жүйүттүн эли Бабылга зордук менен көчүрүлгөн. 12 Бабылга көчүрүлгөндөн кийин Экониядан Шелтиел, Шелтиелден Зоробабыл, 13 Зоробабылдан Абыют, Абыюттан Элияким, Элиякимден Азор, 14 Азордон Садок, Садоктон Аким, Акимден Элиют, 15 Элиюттан Элазар, Элазардан Матан, Матандан Жакып, 16 Жакыптан Жусуп туулган. Жусуп Машаяк аталган Ыйсаны төрөгөн Мариямдын күйөөсү болот. 17 Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейинки мезгилдин аралыгында он төрт муун, Дөөттөн Бабылга көчүрүлгөн мезгилге чейин он төрт муун, Бабылга көчүрүлгөндөн Машаяк төрөлгөнгө чейинки аралыкта он төрт муун өткөн.

Ыйса Машаяктын төрөлүшү

18 Ал эми Ыйса Машаяк мындайча төрөлгөн: сөйкө салынып, Жусупка башы байланган, келечекте төрөлө турган Ыйсанын энеси Мариям күйөөгө чыга электе эле Ыйык Рухтан кош бойлуу экендиги маалым болот. 19 Болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан Мариямды эл алдында шерменде кылгысы келбей, жашыруун башын ачып коюуну чечет. 20 Ушундай ойлоп жүргөндө, Жараткан Эгенин периштеси түшүнө кирип, мындай дейт: «Жусуп! Дөөттүн тукуму, колуктуң Мариямды алгандан коркпо! Анткени боюндагы Бала Ыйык Рухтан бүткөн. 21 Төрөгөндө Балага Ыйсадеген ат коёсуң, анткени Ал Өз элин алардын күнөөлөрүнөн куткарат». 22 Мунун баары Жараткан Эгенин Өз пайгамбары аркылуу айттырган сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. 23 Ал мындай дебеди беле: «Бир кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, атын Имануэл коюшат».(Мунун мааниси: Кудай биз менен.) 24 Жусуп ушул түштөн кийин Жараткан Эгенин периштесинин буйругу боюнча колуктусу Мариямга үйлөнөт. 25 Бирок ал төрөгөнгө чейин аны менен төшөктө чогуу жатпайт. Аялы Уул төрөгөндө, Балага Ыйса деген ат коёт. ‎

Акылмандардын Ыйсага таазим кылышы

2:1 Ыйса Ирод падышанын тушунда Иудея аймагынын Бейтлехем деген шаарында төрөлдү. Чыгыштан Иерусалимге келишкен акылмандар: 2 «Иудейлердин жаңы төрөлгөн падышасы кайда болду экен? — деп адамдардан сурамжылашты. — Биз күн чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик». 3 Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти. Аны менен бирге бүткүл Иерусалим калкы да дүрбөлөңгө түштү. 4 Ирод жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин баарын чакырып алып: — Машаяк кай жерде төрөлүшү керек эле? — деп алардан сурады. 5 — Иудеянын Бейтлехем шаарында, — деп жооп беришти алар, — анткени бир пайгамбарга Кудай мындай деп жаздырып кеткен: 6 «Жүйүттүн Бейтлехеми, сен Жүйүттүн Бир дагы чоң шаарынан кем эмессиң, Анткени Менин элим Ысрайылдын Койчусу — Башкаруучу сенден чыгат». 7 Муну укканда, Ирод акылмандарды жашыруун өзүнө чакырып алып, жылдыздын чыга турган мезгилин тактады. 8 — Барып, баланын кайда экенин так билиңиздер! — деди ал жылдыз саноочуларды Бейтлехемге жөнөтүп жатып, — мен да барып, таазим кылып келишим үчүн, тапканыңыздарда мага кабарлап коюңуздар. 9 Жылдыз саноочулар падышанын айтканын угушуп, жолго чыгышты. Аңгыча алар чыгыштан чыккан жылдызды көрүштү. Жылдыз Бала жаткан жайдын үстүнө келип токтогонго чейин анын жетегинде жүрүп отурушту. 10 Жылдызды көргөн алар ушунча катуу сүйүнүшүп, кубанычтары койнуна батпады. 11 Үйгө киришкенде, Баланы жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Чөк түшүп, Балага таазим кылышты да, баштыктарын ачып, белектерди: алтынды, ладан жана мүр деген жыпар жыттуу заттарды тартуу кылышты. 12 Андан соң келген жолунан башка жолго салып, өз өлкөлөрүнө кайтышты. Башка жолго салышканынын себеби, түш көрүп, «Иродко барбагыла» деген аян алышкан эле.

Мисирге качуу

13 Алар кетишкенден кийин, Жусуптун түшүнө Жараткан Эгенин периштеси кирип: — Тур да, Баланы жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Ирод Баланы өлтүртмөкчү болуп, адамдарына издеткени жатат. Мен сага кайт демейинче ошол жакта бол! — деди. 14 Жусуп түндө ордунан туруп, Баланы жана Анын энесин алып, Мисирге жөнөп кетти. 15 Ал жакта Ирод өлгөнгө чейин болду. Анткени Жараткан Эгенин: «Мен Уулумду Мисирден чакырып алдым»деп, пайгамбарынан айттырган сөзү орундалышы керек болчу.

Ироддун «наристелерди өлтүргүлө» деген буйругу

16 Ирод акылмандардын амалдуулук кылганын түшүнүп, кыжыры кайнап, каарданды. Жоокерлерин жиберип: «Бейтлехемде жана анын тегерек четинде төрөлгөн эки жашка чейинки балдардын баарын кырып салгыла!» — деген буйрук берди. Эки жашка чейин деген себеби акылмандардан сурап, билип алган убакыттан улам эле. 17 Жеремия пайгамбар аркылуу айтылган пайгамбарчылык сөз ушундайча аткарылды. Ал мындай деген: 18 «Жүйүттүн Рама аттуу шаарынан Күйүттүү бир кошок үнү угулат. Муңга толуп, балдарынан айрылып, Соороно албай боздоп жатат Ракыйла, Анткени анын бүт балдары кырылган».

Мисирден кайтып келүү

19 Ирод өлгөн соң, Жараткан Эгенин периштеси Мисирдеги Жусуптун түшүнө кирип, мындай деди: 20 — Тур да, Баланы жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө! Анткени Баланы жок кылабыз дегендер өлүштү. 21 Жусуп турду да, Бала менен Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди. 22 Иудеяда Ироддун ордуна анын баласы Архелай падышалык кылып турганын угуп, ал жакка баргандан коркту. Түшүндө көргөн аяндагы эскертүүдөн улам Галилея аймагы жакка өтүп кетти. 23 Галилеяга келип, Назарет аттуу шаарга жайгашты. Ушундайча «Ал назареттик деген атка конмок» деп пайгамбарлар аркылуу алдын ала айтылган сөз аткарылды. ‎

Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы

3:1 Ошол күндөрдө болсо Жакыя чөмүлдүрүүчү Иудея чөлүнө келип: 2 — Ниетиңерди өзгөрткүлө! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды, — деп жар салды. 3 Бир кезде Ышая пайгамбар: «Жар салгандын чөлдө үнү угулат: "Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун, Талаадагы басар жерин түздөгүн!"»— дегенде ушул Жакыя тууралуу айткан болчу. 4 А Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн токулган чапан кийип, белин булгаары кур менен бууп алчу. Жегени чегиртке менен жапайы аарынын балы эле. 5 Иерусалим калкы жана Иудеянын башка бардык шаарларынан жана Иордан дарыясынын тегерек-четиндегилердин баары убап-чубап ага келип жатышты. 6 Келгендер күнөөлөрүн мойнуна алып, Жакыянын Иордан дарыясындагы чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты. 7 Алардын арасында чөмүлүү үчүн келген көп фарисейлер менен садукейлер да бар эле. Жакыя аларды көргөндө, мындай деди: — Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан качууну силерге ким көрсөттү эле? 8 Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! 9 Өзүңөрчө: «Биз Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат. 10 Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат. 11 Ниеттерин өзгөртсүн деп сууга чөмүлдүрүп жүрөм, бирок мага караганда алда канча кудуреттүү бирөө аркамдан келе жатат. Мен анын бут кийимин көтөрүп жүргөнгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт. 12 Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампага жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.

Ыйсанын сууга чөмүлүү расмисинен өтүшү

13 Ушундан кийин Ыйса Галилеядан Иорданга Жакыянын чөмүлдүрүү расмисинен өтүү үчүн келди. 14 Жакыя ага каршы болуп: — Чынында сууга чөмүлдүрүү расмисинен мени сен өткөрүшүң керек, бирок сенин мага келгениң кандай? — деди. 15 Ыйса ага мындай деп жооп берди: — Эми муну жөн кой, анткени адилеттүүлүктүн бардык талаптарын ушундайча аткарышыбыз керек. Ошондо Жакыя макул болду. 16 Ыйса чөмүлөрү менен суудан чыкты да, капысынан асман ачылганын жана үстүнө көгүчкөн кейпинде Кудайдын Руху түшүп келатканын көрдү. 17 Ошондой эле асмандан бир үн чыкты: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын». ‎

Шайтандын сыноосу

4:1 Ушул окуядан соң, ибилистин сыноолорунан өткөрүү үчүн Кудайдын Руху Ыйсаны чөлгө алып келди. 2 Кырк күн, кырк түн орозо кармаган Ыйса аягында ачка болгонун сезди. 3 Ошондо азыткы келип: — Эгерде сен Кудайдын Уулу болсоң, мынабу таштарга айтчы, нан болуп калсын, — деди. 4 Ыйса: — Ыйык Жазууда: «Адам жалаң нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,деп жазылып турат, — деди. 5 Ошондо ибилис Аны ыйык шаар Иерусалимге алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө чыгарып койду да: 6 — Кана, Кудай Уулу болсоң, өзүңдү төмөн таштап жиберчи, анткени «Кудай Өзүнүн периштелерине буйрук берет, алар сенин бутуңду ташка тийгизбей илип кетишет»,деп жазылган эмеспи, — деди. 7 Ыйса: — «Кудай Эгеңди сынаба!»,деп да жазылган, — деп жооп берди. 8 Ибилис Ыйсага дагы келип, Аны абдан бийик тоого алып чыгып, бул дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен алардын байлыгын көрсөтүп: 9 — Эгерде алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын сага берем, — деди. 10 Ыйса ага мындай жооп берди: — Жогол нары, шайтан, «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!»— деп жазылып турат! 11 Ыйса ушундай дегенде, ибилис Андан кетип калды да, периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.

Ыйсанын Галилеядагы кызматынын башталышы

12 Ыйса Жакыянын камалганын угуп, Галилеяга кетип калды. 13 Бирок Ышая пайгамбар аркылуу айтылган Кудайдын сөзү аткарылышы үчүн Назаретте калган жок, келери менен Забулун жана Напталы урууларына караган Галилея көлүнүн жээгиндеги Капарноом шаарында жашап калды. Ышая пайгамбар болсо мындай деген: 15 «Иордан дарыясынын ары жагында, Деңизге алып барчу жол боюнда Жаткан жер — Забулун да, Напталы да, Башка улуттар жашаган Галилея! 16 Караңгыда жашаган эл Көрдү улуу жарыкты! Нур төгүлдү болгондорго Далдаасында ажалдын!». 17 Ошол убактан тартып Ыйса: — Ниетиңерди өзгөрткүлө! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды, — деп жар сала баштады.

Ыйсанын алгачкы шакирттери

18 Галилея көлүнүн жээги менен басып бараткан Ыйса эки бир тууганды: Петир аталган Ысманды жана Идристи көрдү. Алар көлгө тор салып жатышкан болчу, анткени алардын кесиби балыкчы эле. 19 Ыйса аларга мындай деди: — Жүргүлө, Мени менен, силерге балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип апкелүүнү үйрөтөм! 20 Алар болсо ошол замат торлорун таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү. 21 Ыйса андан ары баратып, дагы бөлөк эки бир туугандарды: Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бир кайыкта олтуруп алып, торлорун жамап жатышкан. Ыйса аларды Өзүнө чакырды. 22 Алар ошол замат кайыкты да, андагы атасын да калтырып, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

Ыйсанын Галилеядагы адамдарга таалим берип, айыктырышы

23 Ыйса Галилеяны кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, Кудайдын Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабарды жар салып, адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырып жүрдү. 24 Ал тууралуу кабар бүткүл Сирия аймагына тарап кетти. Адамдар Ага ар кандай илдет-дартка чалдыккандарды, жаны сыздап ооругандарды, жин тийгендерди, талмасы барларды, шал оору болуп калгандарды алып келишип, Ыйса аларды айыктырды. 25 Ошондо Галилеядан, Оншаар аталган жерден, Иерусалимден, Иудеядан жана Иордан дарыясынын ары жагынан көптөгөн адамдар Анын артынан жөнөштү. ‎

Ыйсанын тоодогу таалими

5:1 Ыйса чогулган элди көрүп, тоого чыкты. Жайгашып олтурган соң, шакирттери жанына барышты. 2 Ошондо Ал сөзүн баштап, аларга мындай таалим берди: 3 — Момундар бактылуу! Анткени Асман Падышачылыгы ошолордуку! 4 Кайгыргандар бактылуу! Анткени Кудай аларды сооротот! 5 Алсыздар бактылуу! Анткени жер алардын энчисине тиет! 6 Адилдикке чаңкагандар бактылуу! Анткени Кудай алардын суусунун кандырат! 7 Кайрымдуулар бактылуу! Анткени Кудай аларга кайрым кылат. 8 Дили тазалар бактылуу! Анткени алар Кудайды көрүшөт! 9 Ынтымакка чакыргандар бактылуу! Анткени Кудай аларды «балдарым» деп чакырат! 10 Адилеттик үчүн куугунтук жегендер бактылуу! Анткени Асман Падышачылыгы ошолордуку! 11 Менин шакирттерим болгонуңар үчүн сөгүп, куугунтукка алып, силер тууралуу жалган сөздөрдү айтышса бактылуусуңар! 12 Кубангыла! Шаттангыла! Анткени силерди асманда чоң сыйлык күтүп турат! Силерден мурда да пайгамбарларды ошондой куугунтукка алышкан. 13 Силер — жердин тузусуңар! Эгер туз даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Ал эч нерсеге жарабай калат. Сыртка алып чыгып, тепсендиге ыргытып гана жибериш керек. 14 Силер бул дүйнөдөгүлөр үчүн жарыксыңар. Тоо башында турган шаарды эч ким жашыра албайт. 15 Шамды жаккан соң, аны идиштин астына эмес, шамдалга коюшат да ал үйдө отургандардын баарына жарыгын чачат. 16 Анын сыңары, силер да адамдарга жарыгыңарды чачкыла! Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташсын!

Тоорат мыйзамынын аткарылышы

17 Мени Тоорат мыйзамын же пайгамбарлар жазмаларын жокко чыгарганы келди деп ойлобогула. Мен аларды жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим. 18 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: асман-жердин жашоосу бүтмөйүн, Тоорат мыйзамындагы бардык нерселер аткарылмайын, Тоорат мыйзамынын тамгасы тургай, тамгасынын эң кичинекей сызыкчасы да жок болуп кетпейт. 19 Ошондуктан кимде-ким Кудайдын ушул эң кичине осуяттарынын бирин жокко чыгарса жана адамдарды ошондой окутса, ал Асман Падышачылыгында эң кичине болот. Ал эми осуяттарды аткарып, башкаларды да ошого үйрөткөн адам Асман Падышачылыгында улуу болот. 20 Силерге айтып коёюн, эгерде фарисейлер менен дин мугалимдеринин адилдигинен силердики ашып түшпөсө, анда Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.

Ачууну кармай билүү тууралуу

21 Байыркыларга «киши өлтүрбө»жана «ким киши өлтүрсө, сот алдында айыпталат» деп айтылган сөздү силер уккансыңар. 22 Мен болсо силерге айтам: кимде-ким боордошуна ачууланса, ал сот алдында айыпталат. Ким боордошуна: «Сен көңдөйсүң!» десе, ал жогорку сотко тартылат. Ким: «Сен наадансың!» десе, ал тозок отуна татыктуу. 23 Ошондуктан Кудайга курмандык жайга тартуу алып келип, анан ошол жерден боордошуңдун сага бир нерседен нааразы болуп калганын эстесең, 24 анда тартууңду курмандык жайдын жанына калтыр да, барып, алгач боордошуң менен элдеш. Анан кайра келип, тартууңду Кудайга бер. 25 Доочуң менен тез жараш, жолдо сотко баратканда эле көңүлүн тап, антпесең ал сени соттун колуна тапшырат. Сот болсо сакчыларга өткөрүп берип, зынданга каматат. 26 Сага бир чындыкты айтып коёюн: акыркы тыйыныңды бермейинче, ал жактан чыкпайсың.

Никени таза күтүү тууралуу

27 Силер «ойноштук кылба»деп айтылган сөздү уккансыңар. 28 А Мен силерге айтам: кимде-ким башка бирөөнүн аялын арам ой менен карап койсо, ал оюнда аны менен ойноштук кылып койду. 29 Эгерде сени оң көзүң күнөөгө түртүп атса, аны оюп сал да ыргытып жибер, анткени бүт денең менен тозокко ыргытылгандан көрө, бир мүчөңдөн айрылганың артык эмеспи. 30 Эгерде оң колуң күнөөгө түртүп атса, кыя чап да өзүңдөн алыс ыргыт, анткени бүт денең тозокко түшкөндөн көрө, бир мүчөңдөн ажыраганың жакшы. 31 Мурда: «Кимде ким аялын коё берсе, ага ажырашуу катын жазып берсин!»деп айтылган. 32 А Мен силерге айтам: ойноштук кылуудан башка себеп менен аялын коё берген адам аялын ойноштуккатүртөт. Ошондой эле күйөөдөн чыккан аялга үйлөнүү да ойноштук кылганга жатат.

Ант тууралуу

33 Ошондой эле силер байыркыларга карата айтылган мындай деген да сөздү уккансыңар: «Ант-убадаңды бузба! Жараткан Эгеңдин алдында берген анттарыңды аткар!» 34 А Мен силерге айтам: эч кандай ант берип, карганбагыла! «Мына, асман турат!» дебегиле, анткени асман Кудайдын тактысы. 35 «Жер урсун!» дебегиле, анткени жер Кудайдын бут койгучу. Иерусалимди оозанып карганбагыла, анткени Иерусалим улуу Падыша — Кудайдын шаары. 36 Башыңарды сайып да ант бербегиле, анткени андагы бир тал чачты ак же кара кылууга да кудуретиңер жетпейт. 37 Бирок жообуңар түз болсун: же ооба, же жок дегиле, а мындан ашыгы — азгыруучудан.

Таш менен урганды аш менен ур

38 Силер: «Көзгө көз, тишке тиш!»деп айтылганын да уккансыңар. 39 А Мен силерге айтам: силерге жамандык кылгысы келгендерге каршы чыкпагыла, оң жаагыңарга чапканга сол жаагыңарды тоскула. 40 Соттошкусу келип, көйнөгүңөрдү талашкандарга, чапаныңарды да чечип бергиле. 41 Силерди өзү менен бир чакырым басып барууга мажбурлагандар менен эки чакырым баргыла. 42 Силерден карыз алгысы келгендерге аркаңарды салбагыла.

Душмандарды сүйүү тууралуу таалим

43 Силер: «Боордошуңду сүй, бирок душманыңды жек көр!»деп айтылган сөздү уккансыңар. 44 А Мен силерге айтам: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. 45 Ошондо асмандагы Атаңардын уул-кыздары болосуңар. Анткени Анын күнү жамандарга да, жакшыларга да бирдей чыгып, жамгыры адилдерге да, адил эместерге да бирдей төгүлөт. 46 Өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кандай сыйлык берилмек эле? Салыкчылар деле ошондой кылышат эмеспи. 47 Боордошторуңарга гана сый көрсөтсөңөр, эмне өзгөчө иш кылган болосуңар? Бутпарастар деле ушундай кылышат эмеспи? 48 Силер дагы асмандагы жеткилең Атаңардай жеткилең болгула. ‎

Кайрымдуулук тууралуу таалим

6:1 Эл алдында адилсингенден сак болгула. Болбосо силерге асмандагы Атаңардан сыйлык болбойт. 2 Ошондуктан кайыр-садага бергениңерди айтып, жар салбагыла. Адамдардын алдында даңкын чыгарыш үчүн эки жүздүүлөр синагогаларда жана көчөлөрдө ушундай кылышат. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар мындай кылуусу менен эмитен эле сыйлыктарын толук алып бүтүштү. 3 А сен кайыр берсең, даңазалабай, жашыруун бер. Оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин. Ошондо жашыруун нерселерди да көрүп туруучу Кудай Атаң сага сыйлыгыңды берет.

Сыйынуу тууралуу таалим

5 Сыйынганыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула: анткени алар элге көрүнүш үчүн синагогаларда, жолдордун кесилиштеринде туруп алып сыйынганды өтө жакшы көрүшөт. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар сыйлыктарын алып бүтүштү. 6 Сен болсо сыйынганыңда төркү үйүңө кир да, эшигиңди жаап алып, жашыруун жерлердеги Кудай Атаңа сыйын, ошондо жашыруун жерден сени көрүп турган Атаң сага сыйлыгыңды берет. 7 Сыйынганыңарда, башка элдерге окшоп, маанисиз сөздөрдү кайталап, маңыздана бербегиле. Алар ушундай сыйынсак, Кудай бизди угат деп ойлошот. 8 Ал эми силер алар сыяктуу болбогула, анткени Кудай Атаңар эмнеге муктаж экениңерди Андан сурай элегиңерде эле билет. 9 Силер мындайча сыйынгыла: «Асмандагы Атабыз. Сенин атың урматталсын! 10 Сенин падышачылыгың келсин! Асмандагыдай эле жерде да Баары Сенин эркиңдегидей болсун! 11 Күнүмдүк наныбызды күн сайын бере көр, 12 Бизге жамандык кылгандардын Күнөөлөрүн кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечир. 13 Бизди азгырыкка кирип кетүүдөн сакта да Азгыруучудан куткар». 14 Эгер силер башкалардын туура эмес иштерин кечирсеңер, анда силердикин да асмандагы Атаңар кечирет! 15 Ал эми силер башкалардыкын кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин туура эмес иштериңерди кечирбейт!

Орозо тутуу тууралуу таалим

16 Орозо тутканыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула. Алар орозо тутуп жатканын элге көрсөтүш үчүн кабактарын бүркөшөт. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар өз сыйлыктарын эмитен эле алып алышты. 17 Силер болсо адамдардын алдында эмес, жашыруун жерде да бар Атаңардын алдында орозо тутуп жатканыңарды көрсөтүү үчүн бети-башыңарды жууп, таранып-сыланып алгыла. Ошондо жашыруун нерселерди да көрүүчү Атаңар силерге сыйлыгыңарды берет.

Чыныгы байлык асманда

19 Байлыгыңарды жерге жыйбагыла. Жерде же күбө жеп кетет, же дат басып калат, же уурулар дубалыңды тешип, уурдап кетишет. 20 Андан көрө, байлыгыңарды асманга жыйгыла. Ал жактан күбө да жей албайт, дат да баспайт, уурулар да дубалды тешип, уурдап кете алышпайт. 21 Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот. 22 Адамдын көзү — анын чырагы. Ошондуктан көзүң тунук болсо, бүт денең да жарык болот. 23 Эгер көзүң арам болсо, бүт дене-боюң караңгыда калат. Демек, сендеги жарык караңгыга айланып калган болсо, ал караңгылык абдан жаман!

Кудай жана байлык тууралуу

24 Эч бир кул эки кожоюнга бирдей кызмат кыла албайт: же бирин сыйлайт да, экинчисин жек көрөт, же бирине берилип, экинчисине көңүл кош мамиле кылат. Ошол сыяктуу Кудай менен акчага бирдей кызмат кыла албайсыңар! 25 Ошондуктан силерге айтам: «Эмне жеп, эмне ичебиз» деп, жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла. Тамактан жан, кийимден дене артык да. 26 Чымчыктарды карагылачы, алар эгин экпейт да орбойт, кампаларга да чогултпайт. Аларды асмандагы Атаңар багып жатат. А силердин алардан айырмаңар алда канча чоң эмеспи? 27 Кимиңер түйшүк тартып, өмүрүңөрдү бир аз болсо да узарта аласыңар? 28 Ошондой эле эмнеге кийим-кечектин камын жеп, түйшүктөнөсүңөр? Кызгалдактардын өсүп турганын карагылачы, алар эч кандай эмгек кылышпайт. 29 А бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес. 30 Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар! 31 «Эмнени жейт болдук экен? Эмнени ичер экенбиз? Эмнени кийер экенбиз?» деп түйшүктөнбөгүлө! 32 Башка элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин асмандагы Атаңар булардын баарына муктаж экениңерди билет. 33 Силер баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө ойлоп, Анын каалаганын аткаргыла! Ошондо Ал силерди жанагылардын баарына жеткизет. 34 Андыктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла, себеби эртең тарта турган түйшүктөрүңөр башка, ар күндүн кыйынчылыгы өзүнө жетет. ‎

Өзгөлөрдү соттобогула!

7:1 Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. 2 Анткени өзгөлөрдү кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар. Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат. 3 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң? 4 Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», — деп кантип айтасың? 5 Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү чамындыны кантип алышты билесиң. 6 Ыйык нерселериңерди иттерге бербегиле, берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла; чочколор аларды тепсеп таштайт, иттер кайрылып келип, өзүңөрдү каап алат.

Сурагыла, издегиле, тыкылдаткыла!

7 Сурагыла, ошондо силерге берилет, издегиле, ошондо табасыңар, тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат! 8 Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат. 9 Араңарда баласы нан сураса, таш бергендер барбы? 10 Балык сураса, жылан кармата салганчы? 11 Ошентип, силер жаман болсоңор да балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер, андан бетер асмандагы Атаңар да сурагандарга жакшы нерселерди берет. 12 Ошентип, качан болсо да, өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл. Бул Тоорат менен пайгамбарлардын жазмаларында айтылгандарга дал келет.

Түбөлүк өмүрдүн дарбазасы тар

13 Тар дарбазадан киргиле, анткени апат болор жерге алып баруучу жол да, дарбаза да кенен жана ошол дарбазадан кирип жаткандар көп. 14 Өмүргө алып баруучу дарбаза менен жол ушунчалык тар жана ал дарбазаны тапкандар аз.

Өсүмдүк жана анын жемиши

15 Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар кой терисин жамынып келген ач карышкырлар. 16 Аларды кылган иштеринен ажыратып тааныйсыңар. Тикенектен жүзүм же анжир теришпейт. 17 Ошондой эле жакшы дарактын жемиши да жакшы, жаман дарактын жемиши да начар болот. 18 Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ал эми начар дарак жакшы жемиш бербейт. 19 Жакшы жемиш бербеген дарак чаап салынат да отко ыргытылат. 20 Ошондуктан жалган пайгамбарларды кылган иштеринен таанып-билесиңер.

Мен силерди тааныбайм!

21 Мени «Эге! Эге!» дегендердин баары эле Асман Падышачылыгына кире бербейт. Асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана киришет. 22 Сот күнү көп адамдар Мага: «Эге! Эге! Сенин атың менен пайгамбарчылык кылбадык беле? Сенин атың менен жиндерди кубалабадык беле? Сенин атың менен ажайып-кереметтерди жасабадык беле?» — дешет. 23 Ошондо Мен аларга: «Силер кимсиңер, Мен билбейм, көзүмө көрүнбөй жоголгула, күнөөкөрлөр!» — дейм.

Эки куруучу

24 Ошондуктан Менин ушул сөздөрүмдү угуп, аны аткарган үйүн таш үстүнө курган акылдуу адамга окшош болот. 25 Жаан нөшөрлөп, дарыялар ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кыйрабайт, анткени таштын үстүнө курулган. 26 Ал эми ушул сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн кумга курган акылсыз адамга окшош. 27 Жаан нөшөрлөп, суу ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кулайт. Кулаганда да катуу кулайт.

Ыйсанын бийлиги

28 Ыйса сөзүн аяктаганда, чогулган эл Анын таалимине таңданды. 29 Анткени Ыйса алардын дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бар инсандай таалим берди. ‎

Пес оорулуу адамдын айыгышы

8:1 Ыйса тоодон түшүп келгенде, чогулган элдин көбү Анын артынан ээрчиди. 2 Аңгыча пес оорулуу бир адам жакын келип, таазим этип, мындай деди: — Таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз. 3 Ыйса ага колун тийгизди да: — Каалаймын, айыккын! — деди. Ошол замат ал оорусунан айыгып кетти. 4 Ошондо Ыйса ага айтты: — Байкагын, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, бирок өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының. 5 Ыйса Капарноомго киргенде, Ага римдик жүз башы басып келди да: 6 — Таксыр, кызматчым үйдө ооруп, ордунан тура албай, катуу кыйналып жатат, — деген өтүнүч менен кайрылды. 7 Ошондо Ыйса ага: — Мен барып, айыктырайын, — деди. 8 Бирок жүз башы: — Таксыр, босогомду атташыңызга мен татыктуу эмесмин, бирок бир ооз сөз айтсаңыз эле, кызматчым айыгып кетет. 9 Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» — десем, барат, башкасына: «Кел!» — десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» — десем, жасайт, — деп жооп берди. 10 Муну укканда, Ыйса таң калып, аркасынан ээрчип келаткан элге айтты: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин. 11 Силерге айтам: чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келген көп адамдар Асман Падышачылыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге той дасторконун тегеректеп, жамбаштап жатышат. 12 Падышачылыкты мурастап ала турган эл тыштагы капкараңгы жайга кубаланат. Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратып, боздошот. 13 Анан Ыйса жүз башыга: — Бара бер, ишенимиңе жараша болсун, — деди. Ушул саатта кызматчы айыгып кетти.

Ыйсанын көп адамды айыктырышы

14 Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайненеси ысытма менен ооруп, төшөктө жатканын көрдү. 15 Ыйса аялдын колун кармаганда, ысыгы кайтып, аял айыгып кетти. Анан ордунан туруп, Ыйсаны коноктой баштады. 16 Кеч киргенде, жин даарыган көп адамды Ыйсага алып келишти. Ыйса алардагы жиндерди сөзүнүн кудурети менен кууп чыкты да илдеттеринен айыктырды. 17 Илгери Ышая пайгамбар аркылуу мындай деп айтылган: «Ал биздин алсыздыктарыбызды Өзүнө алды жана ооруларыбызды көтөрүп кетти».Ыйса аларды айыктыруу менен жогорудагы пайгамбардык сөздү ишке ашырды.

Ыйсаны ээрчип, шакирт болгусу келгендер

18 Айланасындагы жыйналган элди көрүп, Ыйса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө өтүүнү буюрду. 19 Ошондо бир дин мугалими басып келип: — Устат, сен кайда барбагын, мен артыңдан калбайм, — деди. 20 Ыйса ага: — Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, — деп жооп берди. 21 Дагы бир шакирти Ыйсага: — Таксыр, адегенде үйгө барып, атамдын кашында болуп, ал өлгөндө сөөгүн коюп келейин да анан сизди ээрчийин. Ушуга уруксат этиңиз, — деди. 22 Ыйса ага: — Сен артыман түш. Өз өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! — деди.

Көлдөгү бороондун токтошу

23 Ыйсаны ээрчип, шакирттери да кайыкка түшүштү. 24 Аңгыча деңиз катуу толкуп, кайыктын кырынан суу ашып кире баштады. Ыйса болсо уктап жатты. 25 Шакирттери жанына келип: — Устат! Куткар! Өлө турган болдук! — деп Аны ойготушту. 26 Ошондо Ыйса аларга: — Эмне мынча коркосуңар, ишеними аздар! — деди да, ордунан туруп, шамал менен деңиздин токтошу үчүн буйрук берди. Ошол замат айлана тыптынч болуп, мемирей түштү. 27 Бул окуяны көргөндөр аң-таң болушуп: — Шамал менен деңизди да багындырган бул кандай адам? — дешти.

Жин даарыган адамдардын айыгышы

28 Көлдүн аркы өйүзүндө жайгашкан Гадара деген жерге сүзүп барышканда, жин даарып ооруган эки киши үңкүрлөрдөгү мүрзөлөрдөн чыга калышып, Ыйсанын алдынан тосушту. Алар ушунчалык кутуруп кетишкендиктен ал жол менен эч ким өтө алчу эмес. 29 Аңгыча алар кыйкырып жиберишти: — Эй, Кудай Уулу, биз менен кандай ишиң бар?! Бизди күн мурунтан эле азапка салганы келдиңби? 30 Алардан алысыраакта болсо бир топ чочко жайылып жүргөн. 31 Жиндер Ыйсадан: — Эгер бизди кубаласаң, тээтигил чочколордун арасына жибер, — деп өтүнүштү. 32 — Баргыла! — деди Ыйса. Жиндер адамдардан чыгып, чочколорго кетишти. Ошол замат чочколор тобу менен жардан деңизге кулап, сууга чөгүп өлүштү. 33 Чочко кайтаргандар болсо качып жөнөштү да шаарга келип, болгон ишти баарына жар салып, жин оорулуулардын кантип айыкканын айтышты. 34 Ошондо бүткүл шаар эли Ыйсаны утурлай чыгып, Ага жолукканда: «Биздин жерибизден кетип калчы», — деп жалбарышты. ‎

Шал болгон адамдын айыгышы

9:1 Ыйса кайыкка түшүп, кайрадан көлдүн берки өйүзүндөгү Өзү жашаган шаарына келди. 2 Аңгыча адамдар шал болуп ооруган бирөөнү төшөгү менен көтөрүп, алдынан тосуп чыгышты. Ыйса алардын Өзүнө ушундай ишеним артып турганын көрүп: — Кайрат кыл, балам, күнөөлөрүң кечирилди! — деди. 3 Ошондо кээ бир дин мугалимдери: — Бул Кудайга акарат келтирип атат! — деп өз ара күңкүлдөштү. 4 Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: — Эмне үчүн силердин ичиңердеги ойлоруңар жаман? 5 Кайсынысы оңой: «Күнөөлөрүң кечирилди!» дегенби же: «Ордуңан тур да бас!» дегенби? 6 Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар! Анан шал оорулууга карап: — Тур да, төшөгүңдү көтөрүп, үйүңө жөнө! — деди. 7 Киши ордунан туруп, үйүнө жөнөдү. 8 Чогулгандарды коркунуч басып, адамдарга ушундай бийликти берген Кудайды даңкташты.

Матайдын шакирттикке тандалышы

9 Ыйса андан ары баратып, салык жыйноочу жерде олтурган Матай аттуу кишини көрүп калды. Ага: — Менин жолума түш! — деди. Матай ордунан турду да, Ыйсаны ээрчип жөнөдү. 10 Ошол күнү кечинде, Ыйса бир үйдө, дасторкондун жанында жамбаштап жатты. Көптөгөн салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр ошол үйгө келип, Ыйсанын жана анын шакирттеринин катарынан орун алышты. 11 Муну көргөн фарисейлер Ыйсанын шакирттерине: — Эй, эмне үчүн силердин устатыңар салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр менен чогуу бир дасторкондон тамактанып жатат? — дешти. 12 Ыйса муну угуп, аларга айтты: — Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. 13 Баргыла да «Мен курмандыктан көрө, боорукердикти каалайм»деген сөздүн маанисин билип алгыла. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим.

Орозо тутуу маселеси

14 Ушул окуядан соң, Ыйсага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн шакирттери келип, суроо беришти: — Эмне үчүн биз да, фарисейлер да тез-тез орозо тутабыз, ал эми сенин шакирттериң андай кылышпайт, ыя? 15 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, алар эмнеге кайгырмак эле? Бирок үйлөнгөн жигит алардан алына турган күндөр да келет, алар орозону ошондо тутушат. 16 Эч ким жаңы кездемеден эски кийимге жамаачы жамабайт. Антпесе, жаңы жамаачы эски кийимди жыртып, жыртыгы мурдагыдан да аңырайып калат. 17 Жаңы шарапты эски чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек, ошондо чанач да, шарап да аман калат.

Тирилген кыз, сакайган аял

18 Ыйса аларга ушуларды айтып жатканда, жергиликтүү башкаруучулардын бири келди да, таазим кылып: — Кызым каза болуп калды. Бирок сен барып, колдоруңду үстүнө койсоң эле кайра тирилет, — деди. 19 Ыйса ордунан туруп, анын артынан жөнөдү. Шакирттери да ага кошулду. 20 Аңгыча он эки жыл бою ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял Ыйсанын арка жагынан басып келип, Анын кийиминин этегине колун тийгизди. 21 «Кийимине эле колум тийсе, айыгам!» деди аял өзүнчө. 22 Ыйса болсо артына кайрылып, аны көрдү да: — Кайрат кыл, кызым, ишенимиң сени айыктырды, — деди. Ошол сааттан баштап аял оорусунан кутулду. 23 Ушундан соң, Ыйса башкаруучунун үйүнө келип, муңканган чоор үнүн угуп, ызы-чуу болуп жаткан элди көрдү. 24 Анан аларга: — Ары тургула! Кыз өлгөн жок, ал жөн эле уктап жатат! — деди. Ошондо алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. 25 Чогулгандар кетишкенде, Ыйса үйгө кирди да, кызды колунан алып ордунан тургузду. 26 Бул окуя тууралуу күбүр-шыбыр туш-тарапка тарады.

Сокурлардын айыгышы

27 Ыйса андан ары баратканда, эки сокур киши артынан түшүп: — Дөөт Уулу, бизге боорукердик кыла көр! — деп кыйкырышты. 28 Ыйса үйгө киргенде, сокурлар Анын жанына келишти. Ыйса аларга: — Силерге жардам бере аларыма ишенесиңерби? — деди. Алар: — Ооба, таксыр, — деп жооп кайтарышты. 29 Ошондо Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизип туруп: — Ишенгениңердей болсун, — деди. Ошондо тигилердин көздөрү ачылып, көрө башташты. 30 Анан Ыйса катуу эскертип: — Абайлагыла, бул окуя тууралуу эч ким билбесин! — деди. 31 Алар болсо үйдөн чыгары менен баарына Ыйса тууралуу айтып киришти.

Дудуктун айыгышы

32 Айыккан сокурлар сыртка чыкканда, кимдир бирөөлөр Ыйсага жин оорудан улам дудук болгон кишини алып келишти. 33 Ыйса жиндерди кууп чыкканда, дудук сүйлөп кирди. Эл: — Эч качан мындай укмуш Ысрайылда болгон эмес! — деп таңданышты. 34 Ал эми фарисейлер: — Бул жиндерди алардын башчысынын күчү менен кубалап жатат, — дешти.

Кароосуз калган койлор

35 Ыйса көптөгөн шаар-кыштактарды кыдырып, алардагы синагогаларда таалим берип, Падышачылыктын Жакшы Кабарын жарыялап, адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырып жүрдү. 36 Көптөгөн адамдарды көрүп, боору ооруду, анткени алар туш-тушка чачырап койчусуз калган койлордой болчу. 37 Ошондо шакирттерине: — Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. 38 Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла, — деди. ‎

Он эки шакиртке берилген тапшырма

10:1 Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар кандай кара күчтөрдү кууп чыга турган бийлик, ар кандай оорулар менен алсыздыктарды айыктыра турган кудурет берди. 2 Булар Ыйсанын он эки элчиси эле. Алардын аттары мындай: биринчиси Петир деп да аталган Ысман жана анын иниси Идрис, Зебедейдин уулу Жакып жана анын иниси Жакан, 3 Филип жана Барталамей, Том жана Матай салыкчы, Алпейдин уулу Жакып жана Тадай, 4 Ысман Динчил жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот. 5 Ушул он эки кишини Ыйса жөнөтүп жатып, мындай буйрук берди: — Башка улуттагылардын жерине барбагыла жана самариялыктардын шаарына кирбегиле. 6 Анын ордуна адашкан койлордой болгон Ысрайыл элине гана баргыла. 7 Барганыңарда аларга: «Жакында силер Кудайдын башкаруусунда болосуңар!» — деп жар салгыла. 8 Оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, пес оорулууларды сакайткыла, жиндерди кубалагыла. Бекер алдыңар, бекер бергиле. 9 Алтын, күмүш, жез акча да белбооңорго түйбөгүлө. 10 Жолго баштык да, ашык кийим да, бут кийим да, таяк да албагыла. Анткени иштегендин тиштегенге акысы бар. 11 Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, алгач силерди кабыл алууга даяр адамдын барын аныктагыла, анан ошол жерден кеткиче ошол адамдыкынан башканыкына көчпөгүлө. 12 Босогону аттаарыңарда: «Тынччылык болсун!» деп, батаңарды бергиле. 13 Эгер ошол үйдө саламыңарды кабыл алууга даяр адам бар болсо, батаңар кабыл болот, эгер болбосо, батаңар өзүңөргө кайтат. 14 Ал эми силерди кабыл албай, айткан сөзүңөргө кулак салышпаса, анда ошол шаардан же үйдөн чыгып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла. 15 Чынын айтайын, кыяматтагы сот күнүндө ал шаарга караганда, Содом менен Гомор шаарларына жеңилирээк жаза колдонулат.

Боло турган куугунтуктар жөнүндө

16 Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жөнөтүп жатам. Ошондуктан жыландай кыраакы, көгүчкөндөй ак көңүл болгула. 17 Адамдардан абайлагыла, алар силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат. 18 Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдына алып барышат. Алардын жана элдин алдында күбөгө өтүп, Мен жөнүндө айтып бересиңер. 19 Ошондо «кантип айтабыз, эмнени айтабыз» деп түйшүк тартпагыла. Эмне дээриңерди ошол саатта Кудай оозуңарга сала берет. 20 Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт. 21 Бир туугандар бири бирин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине каршы чыгышып, аларды өлүмгө салып беришет. 22 Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким аягына чейин чыдаса, куткарылат. 23 Бир шаардан зордук көрсөтүшсө, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып жатам: силер Ысрайылдын шаарларын кыдырып чыккыча, Адам Уулу келип калат. 24 Шакирт устатынан, кул ээсинен өйдө эмес. 25 Шакирт устатындай, кул ээсиндей боло алса, ошол жетиштүү. Үй ээсин Бээлзебулдеп атап жатышса, үйүндөгүлөрүн андан бетер тилдебей коймок беле. 26 Ошондуктан алардан коркпогула, анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт. 27 Силерге караңгыда айтып жатканымды жарыкта айткыла. Кулагыңарга шыбырап айтылып жатканды үйдүн төбөсүнө чыгып алып жар салгыла. 28 Силерди өлтүрүп коюш колунан келе тургандардан коркпогула. Алар жаныңарды өлтүрө албайт. Андан көрө, жаныңарды да, денеңерди да кууратып, тозокко салууга кудурети бар Кудайдан корккула. 29 Эки чымчык бир аз эле тыйынга сатылат, туурабы? Эгерде Кудай Атаңардын эрки болбосо, алардын бири да топ этип жерге кулабайт. 30 А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. 31 Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.

Ыйсаны кабыл алуу жана Андан баш тартуу

32 Ким Мени эл алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм. 33 Мени эл алдында четке какканды, Мен да асмандагы Атамдын алдында четке кагам.

Ыйса бул дүйнөгө ажырым алып келди

34 Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлобогула! 35 Мен тынчтык эмес, уулун атасынан, кызын энесинен, келинин кайненесинен ажырата турган кылыч алып келдим. 36 Адам баласынын душмандары — өз үйүндөгүлөрү. 37 Атасын же энесин Менден артык сүйгөн адам Мага жарабайт. Баласын же кызын Менден артык сүйгөн адам Мага жарабайт. 38 Ошондой эле өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн, Мени ээрчиген адам да Мага жарабайт. 39 Өмүрүн аяган адам аны сактамак турсун жоготуп алат, ал эми ким Мен үчүн өмүрүн жоготсо, ал аны кайрадан табат.

Чыныгы сыйлык

40 Ким силерди кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы. 41 Пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алган адам, пайгамбарга бериле турган сыйлыкты алат. Кудайдын каалоосу менен жашаган адамды Кудайдын каалоосу менен жашаган адам катары кабыл алган адам, Кудайдын каалоосундай жашаган адамга бериле турган сыйлыкты алат. 42 Шакирттеримдин эң кичинесин Менин шакиртим катары кабыл алып, бир чыны муздак суу берсе, анда, силерге чын айтам, ал адам тиешелүү сыйлыгын сөзсүз алат.

11:1 Ыйса он эки шакиртине насаат-буйруктарын айтып бүтүп, ал жерден кетти да, Галилеянын шаарларына таалим берип, Жакшы Кабарды жар салууга жөнөдү.

Ыйса жана Жакыя

2 Ал эми Жакыя болсо Машаяктын кылган иштери тууралуу түрмөдө отурган жеринен кабардар болду. Ошондо ал шакирттерин Ыйсага жиберип: 3 «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?»— деп суратты. 4 Ыйса аларга: — Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле: 5 сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат. 6 Ушул кылгандарымды көрүп туруп, Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, — деп жооп берди. 7 Жакыя жиберген адамдар кеткенде, Ыйса элге Жакыя тууралуу мындай деди: — Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы? 8 Айткылачы, деги эмнени көрөлү деп бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Кооз кийимчендер ал жакта эмес, тигине, алар падыша сарайларда. 9 Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коёюн: ал пайгамбардан да улуу. 10 Ыйык Жазууларда Кудай: «Мына, Сенин алдыңан кабарчымды жиберемин, ал Сенден мурда барып, басар жолуңду даярдайт»,— деп ушул адам жөнүндө айткан. 11 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: энеден туулгандардын бири да Жакыя чөмүлдүрүүчүдөн улуу эмес! Бирок Асман Падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да андан улуу. 12 Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн күндөрүнөн тартып азыркы кезге чейин Асман Падышачылыгына күч колдонуп келишкен жана күчтүүлөр аны тартып алышууда. 13 Анткени Жакыянын кызматы Муса калтырган Тоорат мыйзамы менен башка пайгамбарлардын китептериндеги алдын ала айтылгандарды жыйынтыктайт. 14 Эгерде сөзүмдү кабыл алгыңар келсе, анда Жакыя — бул кайтып келүүгө тийиш болгон Илиястын өзү. 15 Уга турган кулагы барлар уксун! 16 Азыркы замандын адамдарын кимге окшотсом? Алар базарда олтуруп алып, бири бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок кошсок, эмнеге ыйлабайсыңар?!» — деген жаш балдарга окшош. 18 Анткени кадимки тамактарды ичип-жебеген Жакыя келди эле, «буга жин тийиптир» дешти. 19 Башкаларга окшоп ичип-жеген Адам Уулу келди эле, «бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен» — дешти. Бирок кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.

Ыйсанын сөзүн кабыл албаган шаарлар

20 Ошондо Ыйса Өз кереметтерин баарынан көбүрөөк көрсөткөн шаарларды уруша баштады. Анткени алар ниеттерин өзгөртүшпөдү: 21 — Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бейтсайда! Эгер силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак эле катуу кайгырып, кенептен кийим кийип, күлгө олтуруп,ниеттерин өзгөртүшмөк. 22 Бирок силерге айтып коёюн: эми кыямат кайымда Тир менен Сидондун акыбалы силердикинен жеңилирээк болот. 23 А сен, Капарноом, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок! Кудай сени жердин түпкүрүнө житире чабат. Анткени сенде жасалган укмуштар Содомдо да жасалган болсо, анда ал бүгүнкү күндө бар болмок. 24 Бирок Мен силерге айтып коёюн: кыямат кайымда силерге караганда, Содом шаарына жеңилирээк болот.

Чарчап-чаалыккандарга сүйүнчү

25 Ошол убакта Ыйса мындай деди: — Оо, Ата, асман менен жердин Ээси! Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, жаш бала сыяктангандарга ачып көрсөттүң. 26 Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың. 27 Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким жакшы билбейт. 28 Оор мээнеттин каамытынан башы чыкпай, түйшүк жүгүн көтөрүп жүрүп, чарчап-чаалыккандар, баарыңар Мага келгиле! Мен силерди эс алдырам. 29 Менин каамытымды кийип, Менден таалим алгыла, анткени Мен жоош-момунмун жана жөнөкөймүн. Ошондо жаныңар жай табат. 30 Анткени Менин каамытым жакшы, жүгүм жеңил. ‎

Дем алыш күнү тууралуу

12:1 Дем алыш күндөрдүн биринде Ыйса эгин талаасын аралап өтүп бара жатты. Жанындагы шакирттери ачка болуп, буудайдын башын жулуп жей башташты. 2 Муну фарисейлер көрүп калышып Ыйсага: — Карачы, шакирттериң дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! — дешти. 3 Ыйса мындай жооп берди: — Дөөт жанындагы адамдар менен бирге ач калганда эмне кылганын окуган жок белеңер? 4 Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды жанындагылар менен бирге жебеди беле! Бирок ал нандарды жегенге эч акысы жок болчу. Аларды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон. 5 Дин кызматчылар ийбадатканада дем алыш күнү ошол күндүн мыйзамын бузуп коюшса да айыпсыз экендиги тууралуу Тоорат мыйзамынан окуган жок белеңер? 6 Силерге айтып коёюн: бул жерде ийбадатканадан да улуу Бирөө турат. 7 Эгерде силер Кудайдын: «курмандыкты эмес, боорукердикти каалайм!»деген сөзүнүн маанисин түшүнгөн болсоңор, анда айыпсыз адамдарды соттобос элеңер. 8 Анткени Адам Уулу дем алыш күнүнүн да ээси!

Колу сенек адам

9 Ыйса ал жактан кетип, синагогага келди. 10 Синагогада колу сенек бир адам бар эле. Ошол жерде тургандардан бирөөлөр Ыйсадан кынтык таап, айыпка жыгуу максатында: — Кудайдын мыйзамы боюнча дем алыш күнү да адамды айыктырууга болобу? — деп сурашты. 11 Ыйса: — Бир кою дем алыш күнү чуңкурга түшүп калса, араңардан кимиңер аны көрүп туруп, алып чыкпай таштап коёт? 12 Адам баласы койдон алда канча өйдө эмеспи! Демек, дем алыш күнү жакшылык кылса болот, — деди. 13 Анан колу сенек адамга кайрылып: — Колуңду сунчу! — деди. Тигил адам сунары менен айыгып, берки колу соо колундай болуп калды. 14 Ошондо сыртка чыгып кетишкен фарисейлер өз ара Ыйсаны кантип өлтүрүш керектигин акылдашышты.

Ыйса — Кудайдын сүйүктүү Кулу

15 Ыйса болсо алардын бул ниетин билип, ал жактан кетип калды. Анын аркасынан көп эл ээрчиди. Ыйса алардын баарын айыктырып, 16 адамдарга Өзү жөнүндө жарыя кылууга тыюу салды. 17 Кудайдын Ышая пайгамбар аркылуу айткан сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду: 18 «Бул Менин тандап алган Кулум, Жаным ыраазы болгон Сүйүктүүм. Мен Анын үстүнө Өз Рухумду түшүрөм, Ал бардык элдерге өкүмүмдү жарыя кылат. 19 Талашпайт да кыйкырбайт, Көчөдө кыйкырып жатканын эч ким укпайт. 20 Менин өкүмүмдү аягына жеткирмейин, Бүктөлгөн камышты сындырбайт, Быкшыган шамды өчүрбөйт. 21 Ага бардык улуттар үмүттөрүн артышат».

Ыйса жана шайтан

22 Аңгыча жин даарыган бир сокур, дудук адамды Ыйсанын алдына алып келишти. Ыйса аны айыктырды. Сокур дудук сүйлөп, көзү көрүп калды. 23 Элдин баары таң калып: — Бул Дөөттүн урпагы эмеспи? — деп бири биринен сурашты. 24 Муну угуп калган фарисейлер: — Бул жиндерди алардын башчысы — Бээлзебулдункүчү менен кубалап жатат. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес! — дешти. 25 Алардын оюн билген Ыйса мындай деди: — Ичинен бөлүнүп-жарылган мамлекет кыйрайт, ыркы кеткен шаар же үй-бүлө соо калбайт. 26 Эгер шайтан шайтанды кубалап жатса, демек, ал өз ичинен бөлүнүп-жарылып, өзүнө өзү каршы чыкканы. Анан анын падышачылыгы кантип аман калмак эле? 27 Эгер Мен жиндерди шайтандын күчү менен кубалап жаткан болсом, анда өзүңөрдүн шакирттериңер кимдин күчү менен кубалап жүрөт? Ушул себептен шакирттериңердин кылган иштери силерге калыс болсун. 28 А эгер Мен жиндерди Кудайдын Руху менен кубалап жаткан болсом, демек, силерге Кудай Өз Падышачылыгын орното турган мезгилдин келип жеткени! 29 Алдуу адамдын үйүнө кирген бирөө алды менен анын өзүн байлабай туруп, үй-мүлкүн кантип тоноп кетет? Алдууну байлагандан кийин гана анын үйүн тоной алат. 30 Ким Мен тарапта болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат. 31 Ошондуктан силерге айтып коёюн: адам баласынын күнөөлөрү менен жаман сөздөрү бүт кечирилет, а бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт. 32 Кимде ким Адам Уулуна каршы сөз айтса кечирилет, а бирок Ыйык Рухка каршы сүйлөгөн адам бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да кечирилбейт.

Дарак жана анын мөмөлөрү

33 Даракты жакшы баксаңар, мөмөсү да жакшы болот, жаман баксаңар, мөмөсү да жаман болот. Анткени дарактын кандай экени мөмөсүнөн билинет. 34 Эй, жылан тукумдары! Өзүңөр жаман болуп туруп, анан кантип жакшы сөз сүйлөй алмак элеңер? Анткени адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат. 35 Жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет. 36 Силерге айтып коёюн: адамдар оозунан чыккан ар бир куру сөзү үчүн кыяматтагы сот күнү Кудай алдында жооп беришет. 37 Анткени айткан сөзүң боюнча акталасың жана соттолосуң.

Жышаан көргүсү келгендер

38 Ошондо дин мугалимдери менен фарисейлердин кээ бири Ыйсага: — Устат, сиздин бизге бир кереметтүү жышаан көрсөтүшүңүздү каалайбыз, — дешти. 39 Ыйса мындай жооп берди: — Бузулган жана күнөөкөр муун кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт! 40 Жунус деңиз жырткычынын курсагында үч күн, үч түн болгон сыяктуу Адам Уулу да жер түбүндө үч күн, үч түн болот. 41 Нинебиликтеркыямат кайымда ушул муун менен бирге кайра тирилип, аны айыпка жыгат, анткени алар Жунустун сөзүн угуп, ниеттерин өзгөртүшкөн. А бул жерде болсо Жунустан улуу Бирөө турат. 42 Түштүкханышасы да тирилип, ушул муунду айыпка жыгат, анткени ал Сулаймандын акылман сөзүн угуп кетейин деп, дүйнөнүн аркы четинен келген. А бул жерде болсо Сулаймандан да улуу Бирөө турат.

Кайра келген жиндер

43 Кара күч адамдан чыккан соң, жанына тынчтык издеп, какшыган чөлдөрдү кыдырып-кыдырып таппайт. 44 Анан: «Кой, чыккан үйүмө кайра барайын» деп кайра келет да, анын шыпырылып, жыйналып бош турганын көрөт. 45 Кайра барып, өзүнөн ашкан жети жинди ээрчите келет да, кирип, жашай башташат. Ошондо жанагы адамдын кийинки абалы мурункусунан да жаман болот. Азыркы жаман замандын адамдары менен так ошондой болот.

Ыйсанын энеси жана бир туугандары

46 Ыйса чогулгандарга сүйлөп жаткан. Аңгыча энеси жана бир туугандары келип, Аны менен сүйлөшөлү деп сыртта күтүп турушту. 47 Ошондо кимдир бирөө: — Сени менен сүйлөшкүсү келип, энең жана бир туугандарың сыртта турушат, — деди. 48 Ыйса ушул сөздү айтканга карап: — Менин энем менен бир туугандарым кимдер? — деди. 49 Анан колун шакирттери тарапка сунуп: — Менин энем менен бир туугандарым булар! 50 Анткени ким асмандагы Атамдын каалоосун аткарса, ошол Мага бир тууган ага-ини, эже-карындаш жана эне болот, — деди. ‎

Дыйкан тууралуу ибарат

13:1 Ушундан соң, Ыйса үйдөн чыгып, кайрадан көл жээгинде элди окута баштады. 2 Ошондо жыйылган элдин көптүгүнөн кайыкка түшүүгө туура келди. Эл болсо жээкте карап турду. 3 Ыйса көп нерселерди ибараттап айтты. Ал мындай деди: — Бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр. 4 Сепкен үрөндөрдүн кээси жол боюна түшүп, учуп келген чымчыктарга жем болот. 5 Кээ бири аз гана топурагы бар таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат. 6 Бирок күн чыкканда күйүп, тамыры терең болбогондуктан куурап калат. 7 Кээси тикендин арасына түшөт. Анан өсүп чыккан тикен астында басылып калат. 8 Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси жүз, кээси алтымыш, кээси отуз эсе түшүм берет. 9 Уга турган кулагы барлар уксун!

Ибараттын мааниси

10 Шакирттер Ыйсага келип: — Эмне үчүн тигилерге ибараттап айтып жатасың? — деп сурашты. 11 Ыйса мындай жооп берди: — Анткени Асман Падышачылыгынын сырларын билүү силерге буюрган. Аларга болсо буюрган эмес. 12 Кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилип, аныкы көбөйөт. Ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат. 13 Ушул себептүү Мен аларга «карап турушса да көрө алышпасын, тыңшап турушса да уга алышпасын» үчүн башкаларга ушинтип ибарат аркылуу сүйлөп жатам. 14 Ошондуктан Ышая пайгамбардын айткандары аткарылат. Ал мындай деген: «Уксаңар да эч нерсе туйбайсыңар, Карап туруп эч нерсе көрбөйсүңөр. 15 Анткени Бул элдин дилин дат басып, Оорлошуп кулагы, Көздөрү калган тунарып. Антпесе көрмөк көздөрү, Кулактары ачылмак, Жүрөгү туймак алардын. Мага кайтып келишип, Сакайтмакмын аларды». 16 А силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угат. 17 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: далай пайгамбарлар менен адилдер силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.

Дыйкан тууралуу ибараттын мааниси

18 Ошондуктан силер дыйкан тууралуу ибараттын маанисин угуп алгыла: 19 Кудайдын Падышачылыгы тууралуу сөздү угуп, бирок маанисин түшүнбөгөнгө азгыруучу келет да анын жан дүйнөсүнө түшкөн Кудайдын сөзүн уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөндүн мааниси ушуну билдирет. 20 Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамды билдирет. 21 Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартат. 22 Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү менен акчанын азгырыгына алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат. 23 Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү болсо Кудай сөзүн угуп, маанисин түшүнгөн адамды билдирет. Мындай адам жүз, алтымыш, отуз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.

Отоо чөптөр тууралуу ибарат

24 Ыйса аларга дагы бир ибаратты айтып таалим берди: — Асман Падышачылыгы өз талаасына жакшы үрөн сепкен адамга окшош. 25 Бирок, эл уктап жатканда душманы келип, буудайлардын арасына отоо чөптөрдүн үрөнүн себет да кетип калат. 26 Буудай көгөрүп, баш байлай баштаганда, отоо чөптөр да кошо чыгат. 27 Ошондо талаанын ээсине кулдары келип: «Төрөм, сиз талааңызга жакшы үрөн эктиңиз эле го. Отоо чөптөр кайдан чыга калды?» — дешет. 28 Кожоюн: «Душмандарымдын бирөөсү кылган муну», — деп жооп берет. Кулдары: «Барып, отоп салалыбы?» — дешет. 29 Кожоюн: «Кереги жок, отоо чөптөрдү жулабыз деп, алардын тамыры менен кошо буудайларды жулуп салышыңар мүмкүн. 30 Оруу-жыюу маалы келгичекти өсө берсин. Кийин орокчуларга адегенде отоо чөптөрдү жулдуруп, өрттөө үчүн боо-боо кылып байлатып, буудайды болсо өзүнчө кампаларыма төктүртөм», — дейт.

Сары кычынын даны тууралуу ибарат

31 Ыйса аларга дагы бир ибарат айтты: — Асман Падышачылыгы бир адам өз талаасына эгип койгон сары кычынын данына окшош. 32 Сары кычынын даны уруктардын эң кичинеси болгон менен өсүп чыкканда, бардык өсүмдүктөрдөн чоң болот да, бутактарына канаттуулар учуп келип уялаган даракка айланат.

Камыртуруш тууралуу ибарат

33 Ыйса аларга дагы бир ибарат айтып берди: — Асман Падышачылыгы бир аял камыр ачытыш үчүн үч чара унга салган ачыткыга окшош.

Ыйсанын ибарат менен айтышынын себеби

34 Ушунун баарын Ыйса элге ибарат кылып айтты, ибаратсыз аларга эч нерсе айткан жок. 35 Пайгамбар аркылуу айтылган сөз аткарылышы үчүн ушундайча сүйлөдү. Пайгамбар мындай деген: «Мен ибарат менен сүйлөйм. Дүйнө жаралгандан бери жашыруун болуп келген нерселерди жарыя кылам».

Отоо чөп тууралуу ибараттын мааниси

36 Ошондо Ыйса элди коё берип, үйгө кирди. Шакирттери жанына келип: — Талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — дешти. 37 Ыйса аларга мындай деди: — Жакшы үрөн сепкени — бул Адам Уулу. 38 Талаа болсо бул дүйнөнү билдирет. Жакшы үрөн — бул Кудай Падышачылыгынын атуулдары. Отоо чөптөр болсо азгыруучунун ишин кылган адамдар. 39 Аларды сээп кеткен — ибилис, оруу-жыюу мезгили — акыр заман, орокчулар — периштелер. 40 Ошондуктан акыр заманда да отоо чөптөр отолуп отко ыргытылгандай окуя болот. 41 Адам Уулу Өз периштелерин жиберип, Өз падышачылыгынан бардык азгырыктар менен дин безерлерди тердирет. 42 Анан аларды жалбырттап күйгөн мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштерин кычыратышат. 43 Ошондо адил адамдар асмандагы Атасынын Падышачылыгында күндөй болуп жаркырашат. Уга турган кулагы барлар уксун!

Катылган кенч тууралуу ибарат

44 Асман Падышачылыгы талаага катылган кенчке окшош. Аны бир киши таап алып, эч жанга билгизбей кайра катып коёт да, кубанганынан колундагынын баарын сатып жиберип, кайра ошол талааны сатып алат.

Бермет тууралуу ибарат

45 Дагы Асман Падышачылыгы таза берметти издеген соодагерге окшош. 46 Ал кымбат баалуу берметти таап, аны сатып алуу үчүн келип, колундагысынын баарын сатып жиберип, ошол берметти сатып алат.

Тор тууралуу ибарат

47 Дагы Асман Падышачылыгы деңизге ыргытылып, ар түрдүү балыктарды жыйнап алган чоң торго окшош. 48 Тор толгондо, аны жээкке сүйрөп чыгышып, анан олтуруп алып жакшысын себеттерге салышып, жамандарын ыргытып жиберишет. 49 Акыр заманда ушундай болот: периштелер келип, жаман адамдарды адилдерден бөлүп алышат да, 50 жалындаган мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

Асман Падышачылыгы тууралуу билим

51 Анан Ыйса шакирттерине: — Айткандарымдын баарын түшүндүңөрбү? — деди. Шакирттери: — Ооба, — деп жооп беришти. 52 Ыйса сөзүн улады: — Ошондуктан Асман Падышачылыгы тууралуу билимге ээ болгон ар бир дин мугалими өзүнүн кенч сактагыч жайынан жаңы буюмдарын да, эски буюмдарын да сыртка алып чыккан үй ээсине окшош.

Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы

53 Ыйса ушул ибараттарын айтып бүтүп, ал жактан кетип калды. 54 Анан Өзүнүн чоңоюп өскөн шаарына келди да, андагы синагогага барып, таалим берди. Анын таалими адамдарды таңдантты. «Мындай акылмандык менен укмуштарды жасай турган кудуретти ал кайдан алды экен? 55 Бул биздеги эле жыгач устанын баласы эмеспи?! Энеси — Мариям, ал эми Жакып, Жосе, Ысман жана Жүйүт бир туугандары эмеспи?! 56 Карындаштарынын баары тең арабызда жашашат го?! Мынчалык акылмандык менен кудуреттин баарын ал кайдан алды болду экен?!» — дешип, 57 Ыйсага ишене албай баштары катты. Ыйса болсо: — Пайгамбар бардык жерде кадыр-барктуу болсо да, өз эл-журту менен үй ичинде анын кадыры билинбейт, — деди аларга. 58 Алардын ишенбестигинен улам Ыйса ал жерде көптөгөн укмуштарды жасаган жок. ‎

Жакыянын өлүмү

14:1 Ошол убакта Ыйса жөнүндөгү кабар Галилеянын акими Иродко жетти. 2 Ал малайларына: — Бул Жакыя чөмүлдүрүүчү, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон, — деди. 3 Ирод бир тууганы Филиптин аялы Иродиянын айынан Жакыяны карматып, кишендеп, түрмөгө отургузуп койгонунан улам ушундай деген эле. 4 Анткен себеби Жакыя: «Сенин Иродияга үйлөнгөнүң туура эмес!» — деп айткан болчу. 5 Ушул сөзү үчүн Ирод аны өлтүргүсү келди, бирок элден корккондугунан батына албады, себеби эл Жакыяны пайгамбар деп эсептечү. 6 Анткен менен Ироддун туулган күнүндө Иродиянын кызы меймандардын алдында бийлеп, Ироддун купулуна толду. 7 Ошондо Ирод ага каалаган нерсесин берүүгө ант берди. 8 Иродиянын кызы болсо, энесинин кеңеши боюнча: «Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын азыр табакка салып, алдырып келиңиз» деди. 9 Кыздын сураганы падышаны капалантса да, меймандарынын алдында берген антынан улам талабын орундатууну буюрду. 10 Жакыянын башын кесип келүү үчүн түрмөгө кишилерин жиберди. 11 Алар башты табакка салып келип, кызга беришти. Кыз болсо энесине алып барып берди. 12 Ошондо Жакыянын шакирттери келип, анын сөөгүн алып чыгып, көргө коюшту да, Ыйсага барып, болгон ишти айтып беришти.

Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу

13 Бул кабарды уккан Ыйса кайыкка түштү да элден бөлүнүп, ээн жерге жалгыз кетип калды. Ыйсанын кайык менен кеткенин уккандар шаарлардан чыгып, жөө-жалаңдап артынан түшүштү. 14 Ыйса кайыктан чыкканда, көптөгөн элди көрүп, аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды. 15 Кеч киргенде, шакирттери Ага келип: — Бул жер ээн экен, кеч да болуп кетти, ошондуктан элди коё бер, айылдарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, — дешти. 16 Бирок Ыйса аларга: — Элдин кетишинин кереги жок, жегенге бирдемени силер бергиле, — деди. 17 Шакирттери: — Бул жерде эч нерсебиз жок, болгону беш нан менен эки балыгыбыз гана бар, — дешти. 18 Ыйса: — Аларды Мага алып келгиле, — деди. 19 Анан элди чөптүн үстүнө олтургула деп буйруду да, жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 20 Баары жеп тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду. 21 Аялдар менен балдарды айтпаганда, жеген эркектердин эсеби беш миңдей эле.

Ыйсанын суу үстү менен басышы

22 Ушундан соң, Ыйса шакирттерин кайыкка олтургузду. Элди коё бергичекти Өзүнөн мурда аркы өйүзгө сүзүп өткүлө деп буюрду. 23 Элди таркаткан соң, Өзү жалгыз сыйынуу үчүн тоого чыкты. Түн киргенге чейин тоодо жалгыз калды. 24 Кайык болсо жээктен алыстап, бет маңдайдан соккон шамалдан улам чоң толкундарды жирей, араң жылып баратты. 25 Таң азанда Ыйса суу үстү менен басып, шакирттерине келди. 26 Анын суу үстүнөн басып келе жатканын көргөн шакирттердин үрөйү учуп, Аны арбак экен деп ойлоп, корккондугунан бакырып жиберишти. 27 Ыйса ошол замат аларга: — Коркпогула, бул Мен элемин! — деди. 28 Петир болсо: — Устат, эгер бул сен болсоң, анда «суу үстү менен басып кел» деп буйручу мага, — деди. 29 Ыйса: — Кел, — деди. Ошондо Петир кайыктан чыгып, суунун үстү менен Ыйсага жөнөдү. 30 Бирок шамалды көрүп, коркуп кетти. Чөгүп баратып: — Эгем, мени сактап кал! — деп кыйкырып жиберди. 31 Ыйса дароо колун созуп, аны сүйөй калды да: — Ишеними аз десе, эмне үчүн шектендиң? — деди. 32 Алар кайыкка түшкөндө, шамал басылды. 33 Кайыктагылар Ыйсага таазим кылышып: — Сен чындыгында Кудай Уулусуң, — дешти.

Генисареттеги оорулуулардын сакайышы

34 Алар көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, Генисарет жерине жетишти. 35 Жергиликтүү эл Ыйсаны таанышып, бүткүл аймакка кабар таратып, Анын алдына бардык оорулууларды алып келишти. 36 Анан Ыйсадан «алар жок дегенде киймиңиздин этегине колун тийгизсе болобу» деп суранып жатышты. Ал эми колун тийгизгендердин баары куландан соо болуп айыгып кетип жатышты. ‎

Ата-бабалардын салты

15:1 Ошондо Иерусалимден фарисейлер менен дин мугалимдери келип, Ыйсага мындай дешти: 2 — Эмне үчүн шакирттериң улуулардан калган салтты бузуп жатышат? Алар кол жуу расмисин сактабай эле нан жешет экен. 3 Ыйса аларга мындай жооп берди: — А өзүңөрчү? Эмне үчүн өзүңөр салттарыңарды шылтоолоп, Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар? 4 Кудай эмне деди эле? «Ата-энеңди сыйла»,«Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!»— деген. 5 А силер: «Эгер ким атасы же энесине: "силерге бере турган нерсемдин баарын Кудайга багыштадым" десе, 6 анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот» деп, элге үйрөткөн ушул салтыңар менен Кудайдын сөзүн жоюп салдыңар. 7 О, эки жүздүүлөр! Силер тууралуу Ышая пайгамбар таамай айтыптыр: 8 «Тили менен Мени сыйлап жатса да, Дили менен бул эл Менден алыс бейм 9 Адам салтын Меники деп окутуп, Мага келип табынганы пайдасыз».

Адамды арам кылган эмне?

10 Анан Ыйса элди чакырып алып, дагы мындай деди: — Кунт коюп уккула да, түшүнүп алгыла. 11 Адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан нерсе арам кылат! 12 Ыйса ушундай дегенде, шакирттери басып келишти да: — Билесиңби, сенин сөзүңдү угуп, фарисейлер абдан таарынып жатышат? — дешти. 13 Ыйса болсо шакирттерине: — Менин асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат. 14 Алардан оолак болгула, алар сокурлардын сокур жетекчилери. Сокур сокурду жетелесе, экөө тең чуңкурга кулап түшөт, — деп жооп берди. 15 Ошондо Петир буга: — Бул ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — деди. 16 Ыйса: — Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби? 17 Адамдын оозуна кирген нерсе ашказандан өтүп, сыртка чыгарын билбейсиңерби? 18 Адамдын оозунан чыккан нерсе болсо жүрөктөн чыгат да, аны арам кылат. 19 Анткени адамдын жүрөгүнөн арам ой, адам өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузукулук, уурулук, жалган-жалаа, уу сөздөр чыгат. 20 Адамды ушулар арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин сактабай тамак ичиш адамды арам кылбайт, — деп жооп берди.

Чет элдик аялдын ишеними

21 Ыйса ал жактан чыгып, Тир менен Сидон шаарлары тарапка кетип калды. 22 Аңгыча алдынан ошол жерде жашаган канаандык бир аял тосуп чыгып: — О, Дөөттүн Уулу! Ырайым кыла көрүңүз мага, таксырым! Кызымды жин даарып, катуу кыйналып жатат, — деп кыйкырды. 23 Ыйса болсо жооп бербеди. Ошондо шакирттери Ага келип: — Бул аялды коё берип койчу. Аркабыздан калбай кыйкырып келатат, — деп суранышты. 24 Бирок Ыйса: — Мен Ысрайылдын жоголгон койлоруна гана жиберилгем, — деп жооп берди. 25 Тигил аял болсо Ыйсага жакын келип, чөк түшүп: — Таксыр, мага жардам кылсаңыз, — деп жалынды. 26 Ыйса: — Балдардын нанын алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес, — деди. 27 Аял: — Ооба, таксырым, бирок иттер деле кожоюндарынын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи! — деди. 28 Ошондо Ыйса: — О, аял! Ишенимиң күчтүү экен, тилегиң кабыл болсун, — деди. Ошондо аялдын кызы дароо айыгып кетти.

Ыйсанын көп адамдарды айыктырышы

29 Ыйса ал жактан чыгып, Галилея көлүнө барды да, тоого чыгып отурду. 30 Ошондо Ага аксак, чолок, сокур, дудук жана башка көптөгөн оорулууларды алып, көп эл келди да, аларды Анын алдына коюшту. Ыйса баарын сакайтты. 31 Дудуктарга тил кирип, майыптар айыгып, сокурлардын көзү көрүп калганын көрүп турган эл аң-таң болуп, Ысрайыл табынган Кудайды даңктады.

Ыйсанын төрт миң кишини тойгузушу

32 Ыйса шакирттерин чакырып алып: — Элге боорум ооруп атат. Үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерселери жок. Алар жолдо алсырап, жыгылып калбас үчүн Мен аларды ачка коё бергим келбей турат, — деди. 33 Шакирттери: — Бул ээн талаада ушунча элдин баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан алабыз? — дешти. 34 Ыйса: — Канча наныңар бар? — деп сурады. Алар: — Жети нан дагы бир нече кичинекей балыгыбыз бар, — деп жооп беришти. 35 Ошондо Ыйса элди жерге олтургузгула деп буйруду да, 36 алиги жети нан менен балыктарды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 37 Баары жеп, тоюнушту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, жети себет толду. 38 Аялдар менен балдарды айтпаганда, жеген эркектердин эсеби төрт миңдей эле. 39 Ушундан соң, Ыйса элди коё берип, Өзү кайыкка түшүп, Магадан аймагына келди. ‎

Жышаан талап кылуу

16:1 Фарисейлер менен садукейлер келип, Ыйсаны сынап, асмандан бир жышаан-белгикөрсөтүшүн суранышты. 2 Ошондо Ыйса айтты: — Силер кечинде: «Күн кызарып батты, демек эртең аба-ырайы жакшы болот», — дейсиңер. 3 Эртең менен: «Бүгүн жаан-чачын болот, анткени асман кызарып турат», — дейсиңер. Асман кубулуштарын билесиңер да, ал эми заман өзгөртчү окуяларды билбейт экенсиңер. 4 Бузулган жана күнөөкөр муун кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт! Ыйса ушундай деди да, аларды калтырып, башка жакка кетип калды.

Фарисейлер менен садукейлердин таалими тууралуу

5 Шакирттер аркы өйүзгө барышты да, бирок нан алганды унутуп калышты. 6 Ыйса аларга айтты: — Абайлагыла, фарисей менен садукей ачыткысынан сак болгула. 7 Алар өз ара: «Биз нан албаганыбыз үчүн айтып жатат го», — дешти. 8 Ыйса муну билип, аларга: — Ай, ишеними аздар! Эмнеге өз ара нан ала келбептирбиз деп жатасыңар? 9 Кылгандарымды дале түшүнгөн жоксуңарбы? Өткөндү эстебейсиңерби? Беш нан беш миң кишиге жетип, артканын жыйнап алганыңарда канча себет болду эле? 10 Жети нан төрт миң кишиге жетип, арткандарын жыйнагандачы? 11 Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула дегенимде нан тууралуу айтпаганымды кандайча түшүнбөйсүңөр? — деди. 12 Ошондо шакирттер Ыйсанын ачыткыдан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сак болууну айтканын түшүнүштү.

Ыйсанын Машаяк экендиги

13 Ыйса Филип Кесария деген шаардын аймагына келгенде, шакирттерине мындай суроо берди: — Мени, Адам Уулун, эл ким деп эсептешет? Шакирттери: — Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси Жеремия же башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, — дешти. 15 — А силерчи, — деди Ыйса аларга, — силер Мени ким деп эсептейсиңер? 16 Ошондо Ысман-Петир: — Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң! — деп жооп берди. 17 Ыйса айтты: — Сен бактылуу адамсың, Баржунус уулу Ысман, анткени муну сага кан менен денеден турган пенде эмес, асмандагы Атам ачып берди. 18 Мен да сага айтам: сен Петирсиң,ушул аска таштын үстүнө Мен Өзүмдүн Жыйынымды курамын, аны өлүм да жеңе албайт. 19 Мен сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем, жер бетинде эмнеге тыюу салсаң, ал асманда да тыюу салынган болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат кылсаң, ал асманда да уруксат берилген нерсе болушу керек. 20 Ушундан соң, Ыйса шакирттерине: — Менин Машаяк экенимди эч кимге айтпагыла! — деп катуу эскертти.

Ыйса Өзүнүн азап тартып өлөрүн алдын ала айтат

21 Ушул убактан баштап Ыйса Иерусалимге барышы керектигин, андан эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан көп азап чегип, өлтүрүлөрү, анан үчүнчү күн дегенде кайра тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу айта баштады. 22 Петир Аны четке чакырып алып: — Кой, анын бетин ары кылсын, устатым, сени Кудай сактасын! — деп Ага каршы болуп кирди. 23 Ыйса Петирге бурулуп: — Жогол Менден, шайтан! Мага тоскоол болуп жатасың, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн ойлоп жатасың! — деди. 24 Анан шакирттерине мындай деди: — Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн! 25 Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот. 26 Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат? 27 Анткени Адам Уулу Атасынын кудурети менен периштелеринин коштоосунда көктөн келет да, кылган иштерине жараша ар кимге тиешелүү шыбагасын берет. 28 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери Адам Уулунун Падыша болуп келгенин көргөнгө чейин көз жумбайт. ‎

Тоодогу кубулуш

17:1 Ушундан алты күн өткөндө, Ыйса Петирди жана бир туугандар Жакып менен Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоого алып чыкты. 2 Алардын алдында Ыйсанын кебетеси өзгөрүп, бети күндөй нурланып, кийимдери болсо аппак болуп, жаркырап кетти. 3 Аңгыча Муса менен Илияс пайда болуп, Ыйса менен маек курушту. 4 Ошондо Петир мындай деди: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Кел, үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска. 5 Петир сөзүн аяктай электе бир аппак, жаркыраган булут аларга көлөкөсүн түшүрүп, ошол булуттан үн чыкты: — Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса. Мен Ага ыраазымын. Аны уккула! 6 Муну уккан шакирттердин үрөйү учуп, жерге кулап түшүштү. 7 Ошондо Ыйса келип, аларга колун тийгизди да: — Коркпогула, өйдө тургула! — деди. 8 Шакирттер өйдө карап, жалгыз Ыйсадан башка эч кимди көрө алышпады. 9 Тоодон түшүп келатышканда, Ыйса аларга: — Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин бул көрүнүш тууралуу эч кимге ооз ачпагыла! — деп буйруду. 10 Ошондо шакирттери: — Эмне үчүн дин мугалимдери «Машаяк келерден мурун Илияс келиши керек» дешет? — деп сурашты. 11 Ыйса: — Туура, алды менен Илияс келип, баарын ордуна келтирет. 12 Силерге айтып коёюн: Илияс келди, бирок аны тааныбай, ага өз каалагандарын кылышты. Эми Адам Уулу да алардын колунан азап чекмекчи, — деп жооп берди. 13 Ошондо шакирттери анын Жакыя чөмүлдүрүүчү тууралуу айтып жатканын түшүнүштү.

Жин даарыган баланын айыгышы

14 Ыйса шакирттери менен чогулган элге басып келгенде, бир киши Ыйсанын алдына чөгөлөй калып: 15 — Устат, менин балама боорукерлик кыла көр, анын талмасы бар, ошондон азап чегип, кыйналууда. Далай ирет от менен сууга боюн таштады. 16 Шакирттериңиздин алдына алып бардым эле, айыктыра алышпады, — деди. 17 Ошондо Ыйса: — Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! — деди. 18 Баланы алып келишкенде, Ыйса буйрук берип, баладан жинди кууп чыкты. Ошол замат ал айыгып кетти. 19 Ошондо шакирттери Ыйсадан өзүнчө: — Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? — деп сурашты. 20 — Ишенимиңердин аздыгынан, — деп жооп берди Ыйса аларга. — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сары кычынын данындай кипкиченекей ишенимиңер болсо, мына бул тоого: «Бул жактан тигил жакка которул!» — десеңер, которулат. Силердин колуңардан келбеген нерсе болбойт. 21

Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

22 Шакирттери менен Галилеяда бир жерде болушканда, Ыйса аларга айтты: — Адам Уулу кишилердин колуна түшөт, 23 Аны өлтүрүшөт, анан үчүнчү күнү Ал кайра тирилет. Муну укканда, шакирттери абдан кайгырышты.

Ийбадатканага төлөнчү салык

24 Ыйса шакирттери менен Капарноомго барганда, ийбадатканага төлөнүүчү салыкты жыйноочулар Петирге келип: — Устатыңар салыкты төлөмөк беле? — дешти. 25 Петир: — Төлөйт, — деди. Петир үйгө кирип, сүйлөйүн дегенде, Ыйса озунуп: — Сен кандай дейсиң, Ысман, жердеги падышалар салык менен жылдык төлөмдү кимдерден алышат? Өз элиненби же башкаларданбы? — деген суроону узатты. 26 Петир: — Башкалардан, — дегенде, Ыйса: — Анда өз эли — салыктан эркин. 27 Бирок аларды нааразы кылбоо үчүн деңизге барып, кайырмак сал да, биринчи түшкөн балыкты алып, оозун ачсаң, бир тыйын бар, ошону алып, экөөбүз үчүн берип кой, — деди. ‎

Кимдин жолу улуу?

18:1 Ошол убакта Ыйсага шакирттери келип: — Асман Падышачылыгында кимдин жолу улуу болот болду экен? — деп сурашты. 2 Ыйса бир кичине баланы чакырып алды да, шакирттеринин ортосуна тургузуп туруп, мындай деди: 3 — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: жан дүйнөңөрдү жаш балдардыкындай кылып өзгөртпөсөңөр, Асман Падышачылыгына кире албайсыңар. 4 Ким өзүн ушул наристе баладай момун тутса, Асман Падышачылыгындагы улуу — ошол. 5 Ким Мен үчүн ушундай баланы кабыл алса, Мени кабыл алганы.

Азгырыктар

6 Кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңиздин эң терең жерине ыргытылганы оң болмок. 7 Азгырыктардын көптүгүнөн бул дүйнөдөгүлөрдүн шору куруйт. Күнөөгө батырган азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору. 8 Эгерде сени колуң же бутуң күнөөгө азгырып жатса, анда аны кыя чап да, өзүңдөн алыс ыргытып жибер. Колу-бутуң соо бойдон тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, колу-бутсуз бейишке чыкканың жакшы! 9 Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң соо тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.

Жоголгон кой тууралуу ибарат

10 Сак болгула, мына бул карапайым адамдардын бирин да капарыңарга албай койбогула, силерге айтып коёюн: булардын периштелери Менин асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат. 11 12 Кандай деп ойлойсуңар: эгер жүз кою бар адамдын бир кою жоголуп кетсе, токсон тогузун тоого таштап, адашканын издебей жатып алабы? 13 Эгер таап алса, анда, силерге бир чындыкты айтып коёюн, токсон тогуз адашпаган койлоруна караганда, таап алган алиги кою үчүн көбүрөөк кубанат. 14 Ошонун сыңарындай, асмандагы Атаңар Мага ишенген мына бул карапайым адамдардын биринин да жоголуп кетишин каалабайт.

Күнөө кылган боордоштор тууралуу

15 Эгер боордошуң сага жамандык кылса, анда бар да, жекече сүйлөшүп, күнөөсүн бетине айт. Эгер сөзүңдү укса, анда аны менен кайрадан ынтымакка келгениң. 16 Укпай койсо, анда «ар кандай иш эки-үч күбө тарабынан ырасталышы үчүн»өзүң менен дагы бир же эки кишини ээрчите бар. 17 Аларды да укпай койсо, анда жыйынга айт. Эгерде жыйынды да укпай койсо, анда ал сен үчүн Кудайды тааныбаган адам же салыкчы катары эсептелсин. 18 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: жер бетинде эмнеге тыюу салсаңар, ал асманда да тыюу салынган нерсе болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат берсеңер, ал асманда да уруксат кылынган нерсе болушу керек. 19 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгерде жерде экөөңөр макулдашып алып, бир нерсени сурасаңар, асмандагы Атам силер үчүн ошону кылып берет. 20 Анткени Менин урматыма чогулган эки-үч адамдын арасында Мен өзүм болом.

Ырайымсыз кызматчы

21 Ошондо Петир Ыйсага келип: — Устат, менин боордошум мага жамандык кылса, канча жолу кечиришим керек? Жети жолу кечирсем жетеби? — деди. 22 Ыйса ага айтты: — Жети жолу дебейм, бирок жетиден жетимиш жолу дейм. 23 Мындай дегенимдин себеби — Асман Падышачылыгы өз кызматчылары менен эсептешкиси келген падышага окшош. 24 Адегенде ал падышага ат башындай күмүш карызы бар адамды алып келишет. 25 Төлөгөнгө чамасы жетпегендиктен падыша аны аялы жана бала-чакасы менен кошо, ошондой эле колундагы болгон нерсесинин баарын сатып, карыздын эсебине берүүгө буйрук чыгарат. 26 Ал киши падышанын бутуна жыгылып: «Бир аз күтө туруңуз, мен сизге баарын кайтарып берем», — деп жалынат. 27 Ошондо падышанын боору ооруп, кызматчыны бошотуп, бардык карызын кечип коёт. 28 Ал азаттыкка чыгып, өзүнө жүз күмүш теңгекарыздар болгон бир кызматташ жолдошуна келет да: «Бардык карызыңды төлө!» — деп аны алка-жакадан алып, муунтуп кирет. 29 Ошондо кызматташ жолдошу алдына жыгылып: «Бир аз күтө турчу, мен сага берем», — деп суранат. 30 Тиги көнбөй, карызыңды төлөмөйүнчө жатасың деп аны зынданга салат. 31 Муну көргөн башка кызматташтары терең кайгыга батышып, падышага болгон ишти төкпөй-чачпай айтып беришет. 32 Ошондо падыша баягы кишини өзүнө чакырып алып, мындай дейт: «Эй, адепсиз кызматчы! Сен суранганыңдан карызыңдын баарын мен кечип койгон элем. 33 Мен сага ырайым көрсөткөндөй, сен да өз кызматташыңа ырайым көрсөтүшүң керек эмес беле?» 34 Ошентип, каарданган кожоюн: «Карызыңды толук кайтарып бергенче, эркиндикке чыкпайсың!» — деп, аны желдеттердин колуна салып берет. 35 Боордошуңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силердин ар бириңерге жогорудагыдай кылат. ‎

Ажырашуу маселеси

19:1 Ыйса сөзүн аяктап, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын чыгыш жагындагы Иудея аймагына келди. 2 Көп эл Аны ээрчип барды. Ал жактан Ыйса алардын арасындагы оорулууларды айыктырды. 3 Ошондо фарисейлер бир кынтык табуу ниетинде Ыйсага келишип: — Эркек ар кандай себеп менен аялын коё берсе болобу? — деп сурашты. 4 — «Кудай башында адамдарды аял-эркек кылып жараткан»дегенин окуган эмес белеңер? — деди Ыйса аларга жооп берип. 5 — Андан соң, Кудай: «Ошол себептүү эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялына кошулат да, экөө бир дене болушат»,— деген. 6 Ошондуктан алар эми экөө эмес, бирөө. Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын. 7 Алар Ыйсага: — Анда кандайча Муса ажырашуу катын жазып коё берсиндеп осуят калтырып кеткен? — дешти. 8 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Муса тоң моюндугуңардан улам силерге аялыңарды коё берүүгө уруксат берген, бирок башында мындай болгон эмес. 9 Мен болсо силерге айтам: ойноштук кылуудан башка себеп менен аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам өзү ойноштук кылган болот. 10 Ошондо шакирттери Ыйсага мындай дешти: — Эгерде эркектин аялынын алдындагы милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгону оң. 11 Ыйса аларга мындай деди: — Бул сөзүмдү баары эле кабыл ала алышпайт. Кимдин аны кабыл алууга кудурети жетсе, ошолор гана кабыл алышат. 12 Анткени кээ бирөөлөр тубаса майып болгондуктан, үйлөнгөнгө жарамсыз, кээ бирөөлөрдү адамдар зордоп бычып салышат, кээ бирөөлөр болсо Асман Падышачылыгы үчүн өздөрүн атайлап аял албас кылышат. Кимдин муну кабыл алууга кудурети жетсе, кабыл алсын.

Ыйсанын балдарга батасын бериши

13 Ошондо колун коюп, сыйынып батасын берсин деп, Ыйсанын алдына жаш балдарды алып келишти. Шакирттери болсо алып келгендерди жемелеп, уруша башташты. 14 Бирок Ыйса: — Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Асман Падышачылыгы ошондойлордуку, — деди да, 15 алардын башына колун коюп, батасын берип сыйынды. Андан соң, ал жактан башка жакка жөнөп кетти.

Бай жигит

16 Аңгыча бир киши Ыйсага жакын басып келип: — О, устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн кандай жакшы иш кылышым керек? — деп сурады. 17 Ыйса ага: — Жакшы иш тууралуу Менден эмне үчүн сурап жатасың? Бир эле Жакшы бар. Түбөлүк өмүргө ээ болгуң келсе, Кудайдын осуяттарын сактап жүр, — деп жооп берди. 18 Ал Ыйсага: — Кайсы осуяттарын? — дегенде, Ыйса: — Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, жалган күбө болбо, 19 ата-энеңди сыйла,башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй,— деди. 20 Жанакы жигит Ыйсага: — Мунун баарын сактап келатам, дагы эмне жетишпейт? — деди. 21 Ыйса: — Жеткилең болгуң келсе, анда бар да, колуңдагы дүнүйөнү сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, — деди. 22 Муну укканда, жигиттин кабагы бүркөлгөн бойдон жолуна түштү, анткени ал абдан бай эле. 23 Ыйса ошондо шакирттерине кайрылып мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кандай кыйын! 24 Дагы бир нерсени айтып коёюн: байдын Кудай Падышачылыгына киргенинен көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой. 25 Муну укканда, шакирттери: — Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? — дешти, айран-таң болушуп. 26 Ыйса аларга карап: — Адамдын колунан келбегени менен, Кудайдын колунан баары келет, — деди. 27 Ошондо Петир ордунан тура калып: — Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз. Эми бизге кандай сыйлык берилет? — деди. 28 Ыйса жооп кылып, шакирттерине мындай деди: — Мени ээрчиген силерге бир чындыкты айтып коёюн, бардык нерселер кайрадан жаңы болгон кезде, Адам Уулу Өзүнүн даңкка оронгон көктөгү тактысына олтурганда, силер да он эки такка олтуруп, Ысрайылдын он эки уруусун башкарасыңар. 29 Кимде-ким Мен үчүн үйлөрүн, же эркек же кыз бир туугандарын, же ата-энесин, же балдарын, же менчик талаасын таштаса, ал таштаганы жүз эселеп кайтарылып, түбөлүк өмүрдү мураска алат. 30 Ошентип, азыр биринчи болуп жүргөндөрдүн көбү акыркы болуп калышат, ал эми азыр акыркы болуп жүргөндөр биринчи болушат. ‎

Жүзүмзардагы жалчылар тууралуу

20:1 — Ыйса дагы мындай деди: Асман Падышачылыгы өзүнүн жүзүмзарында жалдап иштетүү үчүн эртең менен эрте жумушчуларды издеп чыккан адамга окшош. 2 Тапканда, күнүнө бир күмүш теңгеден төлөп берем деп убадалашып, аларды жүзүмзарына жиберет. 3 Саат тогуздарда көчөгө чыгып, базар жакта кыларга иши жок турган дагы бир нече кишилерди көрөт. 4 Анан аларга: «Силер да менин жүзүмзарыма баргыла, тийиштүү акыңарды нак төлөп берем», — дейт. 5 Алар болсо дароо жүзүмзарга жөнөшөт. Жүзүмзардын ээси саат он эки чендерде да, үчтөрдө да чыгып, так ушундай кылат. 6 Акырында саат беш чендерде дагы бир ирет көчөгө чыгып, дагы ишсиз турган бир нече кишилерди көрөт да аларга: «Эмне үчүн эртеден бери бул жерде ишсиз турасыңар?» — дейт. 7 Тигилер ага: «Себеби эч ким бизди жалдаган жок!» — деп жооп беришет. «Силер да жүзүмзарга баргыла», — дейт жүзүмзардын ээси. 8 Кеч киргенде, жүзүмзардын ээси чарба башчысына мындай деп буйрук берет: «Жалданган кишилерди чакырып, эмгек акыларын төлө. Биринчи эң акыркыларына берип, башында келгендери менен аягында эсептеш!» 9 Ошондо саат бештерде келгендери бир күмүш теңгеден алат. 10 Биринчи келгендери көбүрөөк алабыз го деп турушкан, бирок алар да бир күмүш теңгеден алып калышат. 11 Ошондо алар нааразы болуп, жүзүмзардын ээсине даттана башташат: 12 «Мына бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. А сен болсо эртеден кечке маңдай терибизди төгүп, мээ кайнаткан ысыкта иштеген бизди тигилерге теңеп салдың». 13 Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине мындай деген экен: «Эй, дос, мен сага туура эмес эч нерсе кылганым жок. Башында бир күмүш теңгеден деп сүйлөшпөдүк беле. 14 Ошондуктан акыңды ал да, жолуңа түш. А мен мына бул акыркы келгенге да сага берген акыны бергим келет. 15 Өз менчигиме эмне кылсам өз эрким! Менин ак көңүлүмөн кылган жакшылыгыма сенин ичиң күйүп жатабы?» 16 Ошентип, акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болушат.

Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы

17 Ыйса Иерусалимди көздөй баратып, жолдо он эки шакиртин жанына чакырды да, аларга мындай деди: 18 — Мына, биз Иерусалимге баратабыз, Адам Уулун жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Ал өлүм жазасына кесилет. 19 Ошондо кордоп, сабап, жыгачка керип туруп, колдоруна мык кагып, асып салуу үчүн башка улуттагылардын колуна тапшырышат. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет.

Жакан менен Жакыптын энесинин өтүнүчү

20 Ошондо Зебедейдин аялы уулдары Жакан жана Жакып менен келип, Ыйсанын бутуна жыгылып, андан бир нерсени суранып жатты. 21 Ыйса ага: — Сизге Менден эмне керек? — деди. Аял: — Айтып койчу, менин мына бул эки уулум сенин падышачылыгың орногондо, бири оң жагыңа, бири сол жагыңа отурсун, — деди. 22 Ыйса: — Силер эмне сураганыңарды билбейсиңер. Мен иче турган азап чөйчөгүнөн иче аласыңарбы? — деди. Алар: — Иче алабыз, — деп чуулдашты. 23 Ыйса: — Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичесиңер, бирок оң жана сол жагыма кимди отургузууну Мен эмес, Атам Өзү чечет. Ал кимди Өзү алдын ала дайындаса, ошону олтургузат, — деди. 24 Буларды укканда, берки экөөнө калган он шакирттин кыжыры кайнады. 25 Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып, мындай деди: — Бу дүйнөдөгү элдердин өкүмдарлары өз элине үстөмдүк кылып, төрөлөрү күч менен бийлик жүргүзөрүн билесиңер. 26 Бирок силерде мындай болбосун, тескерисинче, араңардан ким чоң болгусу келсе, силердин кызматчыңар болсун. 27 Ким биринчи болгусу келсе, силерге кул болсун. 28 Анткени Адам Уулу бирөөлөрдү Өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, бирөөлөргө Өзү кызмат кылып, Өз жанын көп адамдардын күнөөсү үчүн кун катары берүүгө келген.

Эки сокурдун айыгышы

29 Ыйса шакирттери менен бирге Иерихондон чыгып баратканда, алардын артынан көп адамдар ээрчип жөнөдү. 30 Аңгыча жол боюнда олтурган эки сокур Ыйсанын өтүп баратканын угуп: — Оо, таксыр, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр! — деп кыйкырып жиберишти. 31 Көпчүлүк аларга «унчукпагыла» деп тыюу салышты. Тигилер болсо андан бетер катуу кыйкырышып: — Оо, таксыр, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр! — дешти. 32 Ошондо Ыйса токтоп, аларды чакырды да: — Силерге эмне кылышымды каалайсыңар? — деди. 33 Алар: — Таксыр, көзүбүз көрүп калса экен, — дешти. 34 Ыйсанын тиги экөөнө боору ооруп, алардын көздөрүнө колун тийгизди. Ошол замат көздөрү көрүп калган алар Ыйсанын артынан түшүштү. ‎

Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

21:1 Ыйса шакирттери менен Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге айылына келгенде, жанындагы эки шакиртине мындай деди: 2 — Мынабу маңдайдагы айылга баргыла! Ага кирериңер менен такайы жанында, өзү болсо байлануу турган бир эшекти көрөсүңөр. Аларды чечип алып, жетелеп келгиле. 3 Эгер бирөө бирдеме десе: «Эгебизге керек болуп жатат», — дегиле. Ошентсеңер, силерге дароо беришет. 4 Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошол пайгамбар минтип айткан экен: 5 «Иерусалим калкына мындай кабар салгыла: Карагыла, келатат силердин момун Падыша! Келе жатат эшекти жана дагы эшектин Кодигине минип Ал». 6 Эки шакирти барып, Ыйсанын айтканындай кылышты. 7 Эшекти такайы менен жетелеп келишип, кийимдерин үстүнө жабышкан соң, Ыйса такайга минди. 8 Көп адамдар Анын жолуна кийимдерин чечип, башкалары дарактардын бутактарын кесип алып, төшөп жатышты. 9 Ал эми Ыйсанын алды-артында бараткандар: — Дөөттүн Уулуна осанна!Эгебиздин атынан келатканды Кудай жалгасын! Көктөгү Кудайга осанна! — деп кыйкырып жатышты. 10 Ыйса Иерусалимге киргенде, бүт шаар эли кыймылга келип: «Бул ким болду экен?» — деп бири биринен сурап жатышты. 11 Ыйсаны ээрчиген эл: «Бул Галилеядагы Назарет шаарынан чыккан Ыйса пайгамбар», — дешти.

Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу

12 Ыйса ийбадаткананын короосуна кирип, соода кылып жаткандардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштырып олтургандардын үстөлдөрү менен курмандык үчүн көгүчкөн сатып олтургандардын орундуктарын оодарып салды. 13 — «Менин Үйүм сыйынуу үйү аталат»деп жазылган, — деди Ал, — ал эми силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жиберипсиңер! 14 Ыйса ал жерде болгондо, Ага сокурлар менен чолоктор келишип, Ал аларды айыктырды. 15 Ыйсанын жасаган кереметтерин жана ийбадаткананын короосундагы жаш балдардын: «Дөөттүн Уулуна осанна!» деп кыйкырып жатканын көргөн жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин кыжыры кайнап, 16 Ыйсага: — Булардын эмне деп жаткандарын уктуңбу? — дешти. — Ооба, — деп жооп берди Ыйса, — «Наристелер менен эмчектеги балдардын оозуна Өзүңдү мактоонун сөздөрүн салдың»деген Ыйык Жазуудагы сөздү эч качан окуган эмес белеңер? 17 Ушундан соң, Ыйса ийбадатканадагыларды таштап, шаардын сыртына чыкты да, Бейтани кыштагына барып, анда түнөп калды.

Соолуп калган анжир дарагы

18 Эртең менен эрте шаарга кайтып келатып, Ыйса ачка болгонун сезди. 19 Анан жол боюнда өскөн бир анжир дарагына көзү түштү. Жакын келип, жалбырактан башка эч нерсе таппай: — Ылайым жемиш байлабай кал! — деди. Анжир ошол замат куурап калды. 20 Муну көргөн шакирттери аң-таң калышып: — Ой, тобо, кантип анжир бир заматта соолуп калды! — дешти. 21 Ыйса аларга мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгерде ишенимиңер бекем болуп, эч шектенбесеңер, анжирге кылынган кереметтен алда канча керемет иштерди кыласыңар! Эгер мына бул тоого: «Ордуңан жыл да, деңизге кула!» — десеңер, талабыңар орундалат. 22 Сыйынганда, ишеним менен эмне сурасаңар да аласыңар.

Ыйсанын бийлиги тууралуу суроо

23 Ыйса ийбадаткананын короосунда олтуруп таалим берип жатканда, жогорку динкызматчылар менен эл башчылары басып келишип: — Сен буларды кайсы бийлигиң менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? — дешти. 24 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер, анан Мен да кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтам. 25 Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы? Ошондо тигилер өз ара мындай деп акылдаша кетишти: — Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт. 26 Адамдардан десек, элден коркобуз, анткени баары Жакыяны пайгамбар деп эсептешет. 27 Анан Ыйсага: — Билбейбиз, — деп жооп беришти. Ыйса да аларга: — Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм, — деди. Эки уул жөнүндө ибарат 28 — Төмөнкү ибаратты кандай түшүнөсүңөр? — деди Ыйса, — Бир кишинин эки уулу болот. Ал биринчисине келип: «Балам, бүгүн сен жүзүмзарга барып иштеп кел», — дейт. 29 Баласы болсо: «Баргым келбей жатат», — дейт. Бирок кийин оюн өзгөртүп, жөнөп кетет. 30 Экинчисине барып, ага да биринчисине айтканын айтат. Анысы: «Макул, ата», — дейт да, бирок барбай коёт. 31 Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды деп ойлойсуңар? Ыйсага алар: — Албетте, биринчиси, — деп жооп беришти. Ыйса аларга мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: салыкчылар менен сойкулар Кудайдын Падышачылыгына силерден мурда барат. 32 Жакыя пайгамбар силерди ак жолго салууга келди эле, ага силер ишенбей койдуңар, ал эми салыкчылар менен сойкулар болсо ишеништи. Муну көргөндөн кийин да силер оюңарды өзгөртүп, ишенген жоксуңар!

Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат

33 Ыйса сөзүн андан ары улантып мындай деди: — Эмесе, дагы бир ибаратты угуп алгыла: бир дыйкан болуптур. Ал жүзүм тигип, айланасын коргондойт. Жүзүм ширесин сыгып алгыдай чуңкур казып, кароол мунара курат. Анан жүзүмүн багбандарга ижарага берип, өзү бир жакка кетет. 34 Жүзүм тере турган маал келгенде, түшүмүнөн алып келгиле деп ижарачыларга кулдарын жөнөтөт. 35 Ижарачылар болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабап, бирин өлтүрүп, дагы бирин таш менен урушат. 36 Дыйкан кайрадан мындан да көбүрөөк кулдарын жөнөтөт. Тигилер болсо буларды да биринчилердей кылышат. 37 Кийинчерээк: «Кой, уулумду жиберейин, балким андан ийменишээр», — деп аларга уулун жөнөтөт. 38 Ижарачылар болсо уулун көргөндө өз ара: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат», — деп 39 аны кармап алып, жүзүмдүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат. 40 Эми, жүзүмдүн ээси келгенде, ижарачыларды эмне кылат? 41 — Бул кара ниет ижарачыларды шорун курутуп өлтүрөт. Ал эми жүзүмдү болсо түшүмүн өз убагында берип тура турган бөлөк ижарачыларга берет, — деп жооп беришти Ага. 42 Ошондо Ыйса мындай деди: — «Куруучулар жаратпай, Таштап салган таш эле, Пайдубалдын негизи Болуп калды ал эми. Биз таң калган бул ишти Өзү кылды Эгебиз»деген сөздү Ыйык Жазуудан эч качан окуган жок белеңер? 43 Андыктан айтып коёюн: Кудайдын Падышачылыгы силерден алынат да, анын жемиштерин бере турган башка элге берилет. 44 Ким бул ташка куласа, талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат. 45 Ыйсанын ибараттарын уккан жогорку динкызматчылар менен фарисейлер мунун өздөрү тууралуу айтылганын түшүнүштү да, 46 Ыйсаны кармамак болушту. Бирок чогулган эл Ыйсаны пайгамбар деп эсептегендиктен, алардан коркушту. ‎

Үйлөнүү тою тууралуу ибарат

22:1 Ыйса ибарат менен сүйлөгөнүн улантып, мындай деди: 2 — Асман Падышачылыгы баласын үйлөнтүп, той берген падыша сыяктуу. 3 Ал үйлөнүү үлпөтүнө чакырылган конокторго «тойго келиңиздер» деп айттырып, кулдарын жөнөтөт. Бирок тигилердин келгенге көңүлү жок болду. 4 Ошондо падыша кайрадан бөлөк кулдарын жумшап: — Баргыла, чакырылгандарга: «Тамак даяр, букаларым да, бордолгон малдар да союлуп, баары даяр. Тойго келиңиздер», — деп айткыла, — деди. 5 Тойго чакырылган коноктор болсо падышанын сөзүн этибарга албай, туш-тушка басып кетишти: бири айдоо талаасына кетсе, экинчиси соодасына, 6 дагы башкалары болсо кулдарын кармап алып, кордоп, анан өлтүрүп салышты. 7 Ошондо падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберип, жанагы канкорлорду кырып, шаарын өрттөдү. 8 Анан кулдарына айтты: — Үйлөнүү тою го даяр болчу, бирок чакырылгандар татыксыз экен. 9 Ошондуктан жөнөгүлө да жолдордун кесилиштерине барып, жолуккандардын баарын тең тойго чакыргыла! 10 Баягы кулдар жолдорго барып, жамандарды да, жакшыларды да, иши кылып жолуккан адамдардын баарын чогултуп келишти. Ошентип, той үйү жамбаштап жаткандарга жык-жыйма толду. 11 Аларды көргөнү келген падыша той кийимин кийбеген бирөөнү байкады. 12 Анан ага мындай деди: — Эй, дос, той кийимисиз бул жакка кантип кирип кеттиң? Тигил болсо үн катпады. 13 Ошондо падыша кызматчыларына: — Мунун колу-бутун байлап туруп, сырттагы караңгылыкка ыргытып таштагыла! Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратып, өкүрүшөт! — деди. 14 Анткени чакырылгандар көп болот, бирок тандалгандар аз.

Салык төлөө маселеси

15 Ушундан кийин фарисейлер кетип калышты да, Ыйсанын кебинен бир кынтык таап, сөзүнөн кармайлы деп акылдашышты. 16 Анан Ыйсага өзүнүн шакирттери менен Ироддун жолун жолдоочуларды кошуп, мындай деп айтыш үчүн жөнөтүштү: — Устат, сиздин чынчыл экениңизди билебиз. Бирөөгө жагынууга аракет кылбайбыз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарды Кудайдын акыйкат жолун окутасыз! 17 Эми бизге айтыңызчы, сиз кандай ойлойсуз: Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу? 18 Ыйса алардын мындай жаман оюн билип: — Эй, эки жүздүүлөр, эмнеге Мени сынап жатасыңар? 19 Мага салыкка төлөнө турган бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү! — деди. Алар бир күмүш теңгени алып келишти. 20 — Анан бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? — деди Ыйса ошондо аларга карап. 21 — Падышаныкы, — дешти алар. Ыйса: — Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! — деди. 22 Тигилер мындай сөздү укканда, таң калышып, Ыйсаны калтырып, кетип калышты.

Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо

23 Ошол эле күнү өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти: 24 — Устат, Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн тукумсуз өтүп кетсе, анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын!»— деп жазып кеткен. 25 Бизде жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү. 26 Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Анан үчүнчүсү да ошондой болду. Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту. 27 Эң аягында аял да көз жумду. 28 Эми, кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы. 29 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Ыйык Жазууларды да, Кудайдын кудуретин да билбегендиктен жаңылып жүрөсүңөр! 30 Анткени адамдар өлүмдөн кайра тирилгенде, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт, алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат. 31 Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилери тууралуу Кудайдын силерге эмне дегенин окуган эмес белеңер? Ал: «Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын»деген. Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! 33 Ошондо Ыйсанын таалимин угуп турган калайык Анын сөзүнө таң калышты.

Улуу осуят

34 Ыйсанын садукейлердин оозун жапканын уккан фарисейлер өзүнчө чогулуп келишти. 35 Алардын арасынан бир дин мугалими Ыйсаны сынап мындай суроо берди: 36 — Устат, Тоораттагы эң улуу осуят кайсы? 37 Ыйса ага мындай жооп берди: — «Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен сүй» 38 Бул эң улуу жана биринчи осуят. 39 Экинчиси буга окшош: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй» 40 Мусанын мыйзамы да, пайгамбарлардын окутуулары да мына ушул эки осуятка негизделген.

Машаяк тууралуу суроо

41 Фарисейлер чогулганда, Ыйса мындай суроо берди: 42 — Машаяк тууралуу кандай ойдосуңар? Ал кимдин тукуму? — Дөөттүн, — деп жооп беришти алар. 43 Ыйса аларга мындай деди: — Анда кандайча Дөөт Ыйык Рух аркылуу Аны Эгем деп айткан? 44 Ал: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай, Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»,—деген. 45 Демек, эгер Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот? — деди аларга. 46 Эч ким бул суроого жооп бере албай койду. Ушул күндөн тартып эч ким батынып, Ага суроо бере албады. ‎

Дин мугалимдери жана фарисейлер тууралуу

23:1 Ыйса чогулган эл менен шакирттерине кайрылып мындай деди: 2 — Дин мугалимдери менен фарисейлерде Мусанын мыйзамдарын силерге чечмелеп берүү бийлиги бар. 3 Ошондуктан алардын айткандарын аткаргыла да сактагыла, бирок кылгандарын кылбагыла. Анткени алар өздөрү айткандарын аткарышпайт. 4 Оор, адам чыдагыс диний эрежелерди башкалардын жонуна артып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагын да тийгизип коюшпайт. 5 Алар эмне кылышса да, элге көрүнүш үчүн кылышат. Ичине Ыйык Жазуунун аяттары салынып, маңдайлары менен колдоруна байлануучу кутучаларды чоңойтушуп, чапандарынын этегин обу жок узартышат. 6 Аш-тойлордо төрдө, синагогаларда алдыңкы орундарда олтурганды жакшы көрүшөт. 7 Базарларда элдин «устат» деп эпилдеп саламдашып турганын сүйүшөт. 8 А силер болсо бири бириңерге боордошсуңар! Ошондуктан «устат» деп аталбай эле койгула! Анткени баарыңардын Устатыңар бир! 9 Эч кимди «ата» дебегиле, анткени баарыңардын бир Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар. 10 Эч кимди «жол башчы» деп да айтпагыла, анткени баарыңардын бир эле жол башчыңар бар! Ал — Машаяк. 11 Араңардагы эң чоңуңар силерге кызматчы болсун! 12 Ким өзүн өзү көтөрсө, ал басынтылат, ал эми ким өзүн өзү басынтса, ал көтөрүлөт.

Дин кызматчылардын эки жүздүүлүгүн ашкерелөө

13 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени Асман Падышачылыгынын эшигин жаап, адамдарды киргизбей жатасыңар. Өзүңөр да кирбейсиңер, киргени жаткандарды да киргизбейсиңер. 15 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени бир кишини өзүңөрдүн диниңерге киргизиш үчүн деңиздерди сүзүп өтүп, жердин четине чейин барасыңар, анан максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе көп тозокко татыктуу кылып чыгарасыңар. 16 Сокур жол башчылар, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер: «Ким ийбадаткана менен ант берсе эч нерсе болбойт, ал эми ким ийбадатканадагы алтын менен ант берсе, айткан сөзүн аткарыш керек» дейсиңер. 17 Акылсыздар жана сокурлар, кимиси улук: алтынбы же алтынды ыйык кылып турган ийбадатканабы? 18 «Ким курмандык жай менен ант берсе, эч нерсе болбойт, ал эми анын үстүнө коюлган тартуу менен ант берсе, анда ал айткан сөзүн аткарыш керек» дейсиңер. 19 Сокурлар, кайсынысы маанилүү: тартуубу же тартууну ыйыктап турган курмандык жайбы? 20 Курмандык жай менен ант берген адам курмандык жайдын өзү менен да, анын үстүндөгүнүн баары менен да ант берет. 21 Ийбадаткана менен ант берген адам, ийбадаткананын өзү менен да, анын ичинде жашаган Кудай менен да ант берет. 22 Асман менен ант берген адам Кудайдын тактысы менен жана анда олтурган Кудай менен да ант берет. 23 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Жалбыз, адырашман, зиренин түшүмүнүн ондон бирин зекетке бересиңер, ал эми мыйзамдагы маанилүү нерселер: калыстык, боорукердик жана Кудайга ишенимдүүлүктү калтырып койдуңар. Силер ушуларды сактап, тигилерди да калтырбашыңар керек болчу. 24 Сокур жол башчылар, силер чымынды чыпка менен сүзүп аласыңар, бирок төөнү жутуп коёсуңар! 25 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңерде талоончулук менен сугалактык ашып-ташыйт. 26 Сокур фарисей, чыныңдын сырты таза болуш үчүн биринчи ичин тазалап ал. 27 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер акталып, кооздолгон күмбөз сыяктуусуңар! Күмбөз сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлүктөрдүн сөөк-саагына, ар кандай ыпластыкка толгон. 28 Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан элге такыбаа көрүнгөнүңөр менен, ичиңер толо эки жүздүүлүк менен күнөө. 29 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер пайгамбарларга күмбөз куруп, адилдердин эстеликтерин кооздоп, анан: 30 «Эгер биз өткөн ата-бабаларыбыздын убагында жашаган болсок, анда пайгамбарлардын канынын төгүлүшүнө эч кошулмак эмеспиз», — дейсиңер. 31 Ушунуңар менен өзүңөрдүн пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн тукуму экениңерди айгинелеп жатасыңар. 32 Макул, ата-бабаларыңардын күнөө чөйчөгүн толтура бергилечи, эмне болор экен. 33 Кара чаар жыландар, ажыдаардын тукумдары, тозоктогу жазадан кантип качып кутулар экенсиңер? 34 Карагыла, силерге Мен пайгамбарларды, акылмандарды, дин мугалимдерин жиберем. Алардын кээсин өлтүрөсүңөр жана жыгачка керип саласыңар, кээсин синагогаларда сабатасыңар жана сары изине чөп салып, шаардан шаарга кубалайсыңар! 35 Адилеттүү Абылдын канынан тартып, эң ыйык жай менен курмандык жайдын ортосунда силер өлтүрүп тынган Барахтын уулу Закирдин канына чейинки адилеттүүлөрдүн жер бетинде төгүлгөн бардык каны үчүн жаза тартасыңар! 36 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ошонун баары үчүн азыркы муундун адамдары, силер айыптуу болосуңар!

Ай, Иерусалим, Иерусалим!

37 Ай, Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудай жиберген адамдарды ташбараңга алдың. Аттиң, балапандарын бооруна чогултуп, канатына калкалаган тоок сымал канча ирет сенин элиңди чогултайын дедим, бирок силер каалаган жоксуңар. 38 Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат. 39 Силерге айтып коёюн: «Эгебиздин атынан Келатканга урмат!»деп айтар убак келгиче, Мени көрбөйсүңөр. ‎

Ыйса ийбадаткананын кыйрай турганын алдын ала айтат

24:1 Ыйса ийбадаткананын короосунан чыгып, кетип баратты. Ошондо шакирттери Ага келип, ийбадаткананын өзүн көрүп чыгууну сунуш кылышты. 2 Ыйса аларга: — Мунун баарын көрүп турасыңарбы? Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Таш үстүндө таш калбай, мунун баары талкаланат, — деди.

Акыр заман алдындагы кыйынчылык, куугунтуктар

3 Ыйса Зайтун тоосунда олтурганда, шакирттери элден бөлүнүп, Анын алдына келип сурашты: — Айтчы, бул качан болот? Сенин келериңдин жана акыр замандын алдында кандай жышаан болот? 4 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин! 5 Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» дешет да, далай адамды алдап кетишет. 6 Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги согуштар тууралуу имиш-имиштерди угасыңар. Бирок байкагыла, коркуп, үрөйүңөр учпасын! Андайлар болушу керек, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт. 7 Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. Жер-жерлерде ачарчылыктар болуп, жер титирейт. 8 Толгоо башталгандагы азаптар сыяктуу, мунун баары боло турган азаптардын башталышы гана. 9 Ошондо өзүңөрдү кыйноого салып берип, өлтүрүшөт. Менин шакирттерим болгонуңар үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар. 10 Ошондо көп адамдар Мага болгон ишенимден баш тартышат, бири бирине чыккынчылык кылышат, бири бирин жек көрүшөт. 11 Көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болуп, көп адамдарды алдап кетишет. 12 Анан, күнөөлөрдүн көбөйүшүнөн улам, шакирттеримдин көбүнүн сүйүүсүнүн табы кайтып кетет. 13 Бирок ким акырына чейин туруштук берсе, куткарылат. 14 Кудай Падышачылыгынын Жакшы Кабары бүткүл жер бетине жарыяланып, бардык элдерге айтылат. Анан акыр заман келет.

Улуу алаамат

15 Касиеттүү ийбадатканада Данияр пайгамбар айткан жийиркеничтүү арам нерсенин турганын көргөнүңөрдө (муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын), 16 Иудеядагылар тоолорго качсын, 17 ким үйдүн төбөсүндө турса, бир нерсесин алам деп үйүнө кирбесин, 18 ким талаада жүрсө, кийимин алам деп артына кайтпасын. 19 Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору. 20 Силердин качып кутула турган күнүңөр кыш убагына же дем алыш күнүнө туш келбесе экен деп сыйынгыла. 21 Анткени ошол күндөрдө аалам жаралгандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөн улуу алаамат болот. Мындай алаамат келечекте да болбойт! 22 Эгер Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан аман калбас эле. Бирок Жараткан Эге Өзү тандап алган адамдары үчүн ошол күндөрдү кыскартат. 23 Ошондо силерге бирөө: «Машаяк бул жакта» же «тигил жакта» десе, ишенбегиле. 24 Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, эгер мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды да алдап кетүү үчүн улуу жышаандар менен кереметтерди көрсөтүшөт. 25 Мына, Мен силерге муну алдын ала айттым. 26 Ошондуктан, эгер силерге бирөөлөр: «Тигине, Машаяк чөлдө!» десе, чыкпагыла, «Мына, Машаяк төркү үйдө» десе, ишенбегиле. 27 Анткени чыгыштан батышка чейин жарк эткен чагылган айкын көрүнгөндөй, Адам Уулунун келиши да айкын болот. 28 Ошондой эле тарп кай жерде болсо, жорулар да ошол жерге жыйылары баарына белгилүү эмеспи.

Ыйсанын кайра келиши

29 Ошол алаамат күндөрдөн кийин дароо эле «Күндүн бети карарып, Ай калат төкпөй өз нурун Көктөн кулап жылдыздар Асмандагы күчтөр да Түгөл келет кыймылга». 30 Ошондо асманда Адам Уулунун жышааны пайда болот. Жер бетиндеги элдердин баары өкүрүп ыйлап, улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун көрүшөт. 31 Сурнайдын катуу үнү менен Ал Өз периштелерин жиберип, алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.

Акыр заманга жакын калды

32 Анжир дарагынан сабак алгыла. Анын бутактары жумшарып, жалбырагы чыга баштаганда, жай жакындап калганын билесиңер. 33 Анын сыңары, мунун баарын көргөнүңөрдө, кыяматтынбосогодо турганын билгиле. 34 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт. 35 Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.

Адам уулунун келишине даяр болгула

36 Ал кайсы күнү, кайсы саатта келерин Атабыздан башка эч ким билбейт. Ал убак асмандагы периштелерге да, ал тургай Уулуна да белгисиз. 37 Нух пайгамбардын убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот. 38 Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту. 39 Бирок топон суу келип, баарын басып калгыча эч нерсени түшүнүшпөдү. Адам Уулунун келиши да ошондой болот. 40 Ошондо эки адам талаада болот, бири алынат да экинчиси калтырылат. 41 Жаргылчак тартып олтурган эки аялдын бири алынат да экинчиси калтырылат. 42 Ошондуктан сак болгула, анткени Эгеңер кайсы күнү келерин билбейсиңер. 43 Бирок силер билгендей, үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле. 44 Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.

Ишенимдүү жана ишенимсиз кул

45 Кожоюну үй-чарбасына кызмат кылган кулдарына тамак-ашын өз убагында берип туруш үчүн аларга башчы кылып шайлап кеткен ишеничтүү жана акыл-эстүү кулду элестеткиле. 46 Тапшырылган кызматын аткарып жатканда кожоюну келип калса, ошол кул бактылуу! 47 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кожоюну аны бүт үй мүлкүнө башчы кылат. 48 Эгерде ошол кул ниети бузулуп: «Кожоюнум жакында келбейт», — деп, 49 башка кулдарды уруп сабай баштаса, аракечтерге кошулуп алып, жеп-ичсе, 50 кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келет да, 51 башын жара чаап, эки жүздүүлөр менен кошо жазага тартат. Ал жактагылар жаза тарткан жайда өкүрүп, тиштерин кычыратышат. ‎

Он кыз тууралуу ибарат

25:1 Асман Падышачылыгы орноордо абал төмөнкү аңгемедегидей болот: он кыз чырактарын көтөрүп, күйөө жигитти утурлап чыгышат. 2 Алардын бешөөсү акылсыз, бешөөсү акылдуу болушат. 3 Акылсыздары чырактарын көтөрүп чыгышат, бирок май куюлган идиштерди өздөрү менен кошо алышпайт. 4 Акылдуулары болсо чырактары менен кошуп, идиштерине май да куюп алышат. 5 Күйөө кечигип жаткандыктан баарынын көзү илинип, уктап кетишет. 6 Түн ортосунда: «Күйөө келатат! Тосуп чыккыла!» деген кыйкырык угулат. 7 Ошондо баягы кыздардын баары ордунан турушат да чырактарын оңдошот. 8 Акылсыздары болсо акылдууларга: «Майыңардан берип тургулачы, чырактарыбыз өчүп баратат!» — дешет. 9 Бирок акылдуулары: «Май силерге да, бизге да жетпей калбасын үчүн, май саткандарга барып сатып алгыла», — деп жооп беришет. 10 Тигилер май сатып алганы кетишкенде, күйөө келип, даяр тургандар аны менен бирге тойго киришет да эшик жабылат. 11 Кийинчерээк берки кыздар да келип: «Таксыр, таксыр, эшикти ачып коюңузчу», — деп суранышат. 12 Күйөө болсо: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мен силерди тааныбайм», — деп жооп берет. 13 Ошондуктан сак болгула, анткени күндү да, саатты да силер билбейсиңер.

Үч кул тууралуу ибарат

14 Бир бай киши алыска кетип баратып, кулдарын чакырып, үй-мүлкүн аларга табыштайт. 15 Бир кулуна ат башындай күмүштөн бешти, экинчисине экини, дагы бирине бирди, ар бирине алардын алы жетишинче берет да жолго чыгат. 16 Ат башындай беш күмүш алганы ошол замат аны ишке жумшап, дагы ат башындай беш күмүш киреше табат. 17 Эки күмүш алганы да ошентип дагы эки күмүш кошуп алат. 18 Бир күмүш алганы болсо барат да, кожоюнунун күмүшүн жерге көмүп салат. 19 Көп убакыт өткөн соң, баягы кулдардын кожоюну келет да, алар менен эсептеше баштайт. 20 Беш күмүш алганы дагы бешин алып келип: «Таксыр, сиз мага ат башындай күмүштөн бешти бердиңиз эле, мына, дагы беш күмүш пайда түшүрдүм», — дейт. 21 Кожоюну: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Кичинеге ишенимдүү болдуң, эми чоңго ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», — дейт. 22 Эки күмүш алганы келип: «Таксыр, сиз мага ат башындай күмүштөн экини бердиңиз эле, мына, дагы эки күмүш пайда түшүрдүм», — дейт. 23 Кожоюну: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми чоңго ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», — дейт. 24 Ал эми бир күмүш алганы болсо келип: «Таксыр, мен сиздин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип алган катаал адам экениңизди билем. 25 Ошондуктан сизден коркуп, тышка алып чыгып, күмүшүңүздү жерге катып койгон элем. Мына күмүшүңүз алыңыз», — дейт. 26 Ошондо кожоюну: «Эй, ыймансыз жалкоо кул! Менин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип аларымды билчү белең? 27 Анда эмне үчүн күмүшүмдү акча иштеткендерге берип койбодуң? Келгенимде кирешеси менен албайт белем. 28 Мындан бир күмүштү алгыла да, он күмүшү барга бергиле. 29 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет да баары мол болот, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат. 30 Ал эми мына бул жарабаган кулду сырттагы караңгы туңгуюкка ыргытып жибергиле. Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратышат», — дейт.

Акыр заманда болуучу сот

31 Адам Уулу бардык периштелердин коштоосунда улуу шаң-салтанат менен келгенде, Ал Өзүнүн падышалык тактысына олтурат. 32 Анын алдына бардык улуттардан адамдарды чогултушат. Ошондо койлордон эчкилерди бөлгөн койчу сыяктуу, Ал элдерди бири биринен бөлөт. 33 Койлорду оң жагына, эчкилерди болсо сол жагына жайгаштырат. 34 Анан Падыша оң жагындагыларга айтат: «Менин Атамдын батасын алгандар, келгиле, дүйнө жаратыла электе эле силер үчүн даярдалган падышачылыкты мураска алгыла! 35 Анткени Мен ачка болгонумда, силер тамак бергенсиңер, суусаганымда, суусунумду кандыргансыңар, сапарда жүргөнүмдө, үйүңөргө кабыл алгансыңар, 36 жылаңач калганымда, кийиндиргенсиңер, ооруп жатканымда, алымды сураганы келгенсиңер, түрмөдө олтурганымда, көргөнү келгенсиңер». 37 Ошондо адил адамдар: «Падыша, качан биз сиздин ачка жүргөнүңүздү көрүп, тойгуздук эле? Суусаганыңызды көрүп, суусунуңузду кандырдык эле? 38 Качан сапарда жүргөнүңүздө үйүбүзгө кабыл алдык эле да жылаңач калганыңызда кийиндирдик эле? 39 Качан ооруганыңызды же түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге бардык эле?» — деп сурашат. 40 Ошондо Падыша мындай жооп берет: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Менин эң карапайым боордошторумдун бирине кылган жакшылыгыңар, Мага кылганыңар». 41 Ошондо Падыша сол жагындагыларга айтат: «Менин жанымдан кеткиле, ибилис менен анын периштелерине даярдалган түбөлүк отко түшкүлө, каргыш ургандар! 42 Анткени ачка калганымда, силер тамак бербедиңер, суусаганымда суусунумду кандырбадыңар, 43 сапарда жүргөнүмдө, үйүңөргө кабыл албадыңар, жылаңач калганымда, кийим бербедиңер, ооруп жатканымда, түрмөдө олтурганымда көргөнү келбедиңер». 44 Ошондо булар да: «Падыша, качан биз сиздин ачка калганыңызды, суусаганыңызды, сапарда жүргөнүңүздү, жылаңач калганыңызды, ооруп жатканыңызды, түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге кызмат кылбай койдук эле?» — дешет. 45 Ошондо аларга да Падыша мындай деп жооп берет: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул эң карапайым адамдардын бирине кылбаганыңар — Мага кылбаганыңар». 46 Ошондо булар түбөлүк азапка, ал эми адилеттүүлөр болсо түбөлүк өмүргө кетишет. ‎

Ыйсага каршы бүтүм

26:1 Ыйса сөзүн аяктады да, шакирттерине карап: 2 — Эки күндөн кийин Куткарылуу майрамы болот, ошондо айкаш жыгачка кадаш үчүн Адам Уулу кармап берилет, — деди. 3 Ошол кезде жогорку динкызматчылар жана эл башчылары Каяп деген башкы динкызматчынын короосуна чогулушту да, 4 Ыйсаны куулук менен кармап, өлтүрөлү деп чечишти. 5 Бирок алар: — Эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, муну майрам убагында кылбайлы, — дешти.

Бейтанидеги Ыйсага көрсөтүлгөн урмат

6 Ыйса Бейтаниде пес оорулуу Ысмандын үйүндө дасторкондун жанында жамбаштап жатканда, 7 кымбат баалуу атыр май куюлган идишин көтөрүп, бир аял келди да башына идишиндеги майды куюп жиберди. 8 Муну көргөн шакирттеринин кыжыры кайнап: — Мындай ысырапчылыктын не кереги бар? 9 Андан көрө, кымбат баага сатып туруп, акчасын жакырларга берсе болот эле го, — дешти. 10 Ыйса алардын бул оюн билип: — Эмнеге аны кыжалат кылып жатасыңар? Ал Мага жакшы иш кылды. 11 Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а Мен жаныңарда дайыма эле болбойм. 12 Бул аял май куюу салтын аткарып, денемди көргө коюуга даярдады. 13 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.

Жүйүттүн чыккынчылыгы

14 Ошондо Жүйүт Искариот аттуу бир шакирти жогорку динкызматчыларга барып: 15 — Мен аны кармап берсем, эмне бересиңер? — деди. Жогорку динкызматчылар отуз күмүш теңге санап беришти. 16 Ошол убактан баштап, Жүйүт Ыйсаны кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.

Куткарылуу майрамына арналган тамак

17 Калама майрамынын биринчи күнү Ыйсага шакирттери келип: — Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерде жегиң келет, каерге даярдайлы? — дешти. 18 Ыйса аларга мындай деди: — Шаарга барып, баланча деген кишини таап, ага: «Устатыбыз: "Менин убакыт-саатым жакындап калды, шакирттерим менен чогуу сеникинде Куткарылуу майрамын өткөрүп алалы", — деди», деп айткыла. 19 Шакирттери Ыйса буюргандай кылышты да, Куткарылуу майрамынын тамагын даярдашты. 20 Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен бирге дасторкондун жанында жамбаштап жатты. 21 Анан алар тамактанып жатканда мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып жатам: араңардан бирөө Мени сатып кетет! 22 Шакирттери бу сөзгө абдан капа болуп, биринин артынан бири: — Эгем, мен эмеспи? — дей башташты. 23 Ыйса: — Табакка Мени менен бирге колун салган киши Мени сатып кетет. 24 Адам Уулу Ыйык Жазууда Өзү тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. Ал адам туулбай туна чөксө, өзүнө жакшы болмок, — деди. 25 Ыйсага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да: — Устат, мени айтып жаткан жоксуңбу? — деп сурады. Ыйса: — Муну сен өзүң айтып алдың, — деди.

Акыркы кечки тамак

26 Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып: — Алгыла, жегиле, бул Менин денем, — деди. 27 Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп: — Баарыңар мындан ичкиле, 28 анткени бул көп адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным. 29 Силерге айтып коёюн: мындан ары, Атамдын Падышачылыгында силер менен бирге жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай жүзүм шарабын ичпейм, — деди. 30 Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да, Зайтун тоосуна жөнөштү.

Ыйса Петирдин Аны тааныбайм дээрин алдын ала айтат

31 Ошондо Ыйса аларга мындай деди:— Баарыңар ушул түнү Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет!»— деп айтылган. 32 А бирок кайра тирилген соң, силерден мурда Галилеяга барам. 33 Ошондо Петир Ыйсага: — Сени баары таштап кетсе да, мен эч качан таштабайм! — деди. 34 Ыйса ага: — Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, — деди. 35 Петир Ыйсага: — Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сени тааныбайм деп айтпайм, — деди. Шакирттеринин баары тең ушундай дешти.

Гетсеман багындагы сыйынуу

36 Ушундан соң, Ыйса шакирттери менен бирге Гетсеман деген жерге келди. Анан шакирттерине: — Мен тигиндей барып сыйынып келгенче, ушул жерде отура тургула, — деди. 37 Анан Өзү менен кошо Петир менен Зебедейдин эки уулун алып кетти да, терең кайгыга батып, кыйнала баштады. 38 — Жаным өлгүдөй кыйналып турат, — деди Ал, — ушул жерде калып, уктабай Мени менен бирге тура тургулачы, — деди. 39 Өзү бир аз ары барып, жүзтөмөндөп жыгылды да: — Атаке, эгер мүмкүн болсо ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун! — деп сыйынды. 40 Анан шакирттерине келип, алардын уктап калганын көрдү да, Петирге: — Бир саат Мени менен бирге уктабай тура алган жоксуңарбы? 41 Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, — деди. 42 Анан кайрадан обочолонуп, Кудайга сыйынды: — Атаке, эгер бул азап Мага тиймейинче өтпөсө, анда Сенин каалаганыңдай болсун! 43 Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатканын көрдү. Алар аябай чарчагандан уктап калышкан эле. 44 Ыйса кайрадан алардан кетип, баягы эле сөздөрүн кайталап, үчүнчү ирет Кудайга сыйынды. 45 Анан шакирттерине дагы келгенде, мындай деди: — Эх, дале уктап, эс алып жатасыңарбы. Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармалып бериле турган убакыт жакындап калды. 46 Тургула эми, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.

Ыйсанын кармалышы

47 Ыйса сөзүн аяктай электе, «он экинин» бири — Жүйүт келип калды. Жанында жогорку динкызматчылар менен эл башчылары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле. 48 Ыйсаны кармап бере турган киши аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, силер издеген киши — ошол. Ошону кармагыла», — деп белги берген болчу. 49 Анан дароо Ыйсага басып келип: — Салам, устат, — деди да, бетинен өптү. 50 Ыйса болсо ага: — Досум, мында эмне кылып жүрөсүң? — деди. Ошондо тигилер Ыйсага кол салып, Аны кармашты. 51 Ыйсанын жанында тургандардын бири канжарын сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун кулагын шылый чапты. 52 Ошондо Ыйса шылый чапканга: — Канжарыңды кынына сал! Анткени кылыч алгандар кылычтан кырылышат. 53 Же Мен азыр Атамдан сурансам, Ал Мага миңдеген периштелерди жибербейт деп ойлойсуңбу? 54 Бирок анда кантип Ыйык Жазууда ушундай болуш керек деген сөз аткарылат? — деди. 55 Анан дароо чогулгандарга карап: — Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангансып, кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар. Күн сайын ийбадаткананын короосунда таалим берип отурганымда Мени кармаган жок элеңер. 56 Бирок эмне болсо да, пайгамбарлар жазмаларындагы сөздүн баары аткарылсын, — деди. Ошондо шакирттеринин баары Ыйсаны таштап, качып кетишти.

Жогорку кеңештин алдында

57 Ыйсаны кармагандар Аны дин мугалимдери менен эл башчылары чогулуп турушкан Каяп деген башкы динкызматчынын алдына алып келишти. 58 Петир алыстан Ыйсаны акмалап келип, башкы динкызматчынын короосуна чейин барды. Анан короого кирип, аягы эмне менен бүтөр экен деп, көрүү үчүн сакчылардын арасына кирип олтурду. 59 Жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңеш Ыйсаны жазага тартуу үчүн Ага каршы жалган күбө издешти, 60 бирок көптөгөн жалган күбөлөр келишсе да, алардын айткандары бири бирине туура келбеди. Бирок кийинчерээк келген экөө: 61 — Бул киши: «Кудайдын ыйык ийбадатканасын бузуп, үч күндөн кийин кайра тургузуп коё алам» деген, — дешти. 62 Ошондо башкы динкызматчы ордунан туруп Ыйсага: — Булардын сага жөнүндө айткандарына берер жообуң жокпу? — деди. 63 Ыйса болсо унчуккан жок. Ошондо башкы динкызматчы Ыйсадан: — Тирүү Кудайдын алдында антыңды алайын, айтчы деги бизге, Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби? — деди. 64 Ыйса башкы динкызматчыга: — Өзүңүз айттыңыз. Бирок Мен силерге бир нерсени айтып коёюн: мындан ары Адам Уулунун Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр,— деп жооп берди. 65 Ошондо башкы динкызматчы кийимин айрып жиберип: — Бул Кудайга акарат келтирди! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Уктуңарбы, ал азыр Кудайга акарат келтирди! 66 Буга эмне дейсиңер? — деди. Тигилердин баары: — Өлүм жазасына тартылышы керек! — деп чуулдашты. 67 Анан Ыйсанын бетине түкүрүп, муштагылап, жаакка чаап: 68 — Эй, Машаяк, кана, ким урду, айтчы? — дешти.

Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы

69 Петир болсо сыртта, короодо олтурган. Аңгыча ага бир малай кыз басып келип: — Сен! Сен да галилеялык Ыйса менен бирге болгонсуң! — деди. 70 Петир болсо бардыгынын алдында: — Эмне деп жатканыңды түшүнбөйм, — деп ага макул болгон жок. 71 Дарбаза тарапка баратканда, ал жактан дагы башка малай кыз көрүп калып: — Мына, бул киши да назареттик Ыйса менен бирге жүргөн, — деди. 72 Петир карганып: — Мен ал кишини тааныбайм, — деп дагы макул болбоду. 73 Бир аздан кийин ошол жерде турган адамдар Петирге келишип: — Сен чындап эле тигилердин бири экенсиң, ошолордон экениңди тилиң да айтып турат, — деди. 74 Ошондо Петир аларга: — Кудай урсун, ал кишини тааныбайм, — деп карганып-шиленип кирди. Ошол кезде короз кыйкырды. 75 Ошондо Петир Ыйсанын: «Ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың!» деген сөзүн эстеди да, сыртка чыгып, өксүп ыйлады.

Ыйса Пилаттын алдында

27:1 Таң атканда, жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын баары чогулуп, Ыйса өлүм жазасына тартылсын деген чечим чыгарышты. 2 Ыйсаны байлап, алып барышты да римдик губернатор Пилаттын колуна тапшырышты.

Жүйүттүн өлүмү

3 Ошондо Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Ыйсанын өлүм жазасына кесилгенин көрүп, оюн өзгөрттү да, жогорку динкызматчылар менен эл башчылары берген отуз күмүш теңгени кайра кайтарып берди. 4 — Бейкүнөө кишиге чыккынчылык кылып, күнөө кетириптирмин, — деди ал аларга. Бирок алар: — А биздин кандай тиешебиз бар? Өзүң бил, — деп жооп беришти. 5 Жүйүт теңгелерди ийбадатканага ыргытып жиберип, сыртка чыгып, асылып өлдү. 6 Жогорку динкызматчылар болсо теңгелерди терип алып: — Бул теңгелерди ийбадаткананын казынасына салганга болбойт, анткени бул адам канынын куну, — дешти да, 7 өз ара акылдашып туруп, башка улуттуктардын сөөгүн коюу үчүн «Карапачынын талаасы» деп аталган жерди сатып алышты. 8 Ошондон улам ал талаа ушул күнгө чейин «Кандуу талаа» аталып калган. 9 Жеремия пайгамбардын: «Ысрайылдын эли ушул Адамга Койгон бааны — отуз күмүш теңгени Алар алып, 10 Эгем мага айткандай, Сатып алды "карапачы таалаасын"»,—деген сөзү аткарылды.

Пилаттын сурагы

11 Ыйсаны болсо губернатордун алдына алып келишти. Губернатор: — Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады. Ыйса: — Өзүңүз айтып турасыз, — деди. 12 Ал жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын койгон айыптарына эч нерсе деп жооп кайтарбады. 13 Ошондо Пилат ага: — Сага канча деген айыптар айтылып жатканын сен, эмне, укпай жатасыңбы? — деди. 14 Бирок Ыйса алардын бир да сөзүнө жооп кайтарган жок, ошондуктан Пилат абдан таң калды.

Ыйсаны өлүмгө кыюу

15 Куткарылуу майрамына карата губернатордун элге алар сураган бир кылмышкерди түрмөдөн бошотуп берүү адаты бар эле. 16 Ошол кезде алардын Барабба деген абдан белгилүү бир адамы түрмөдө болчу. 17 Ошондуктан алар чогулушканда, Пилат: — Силерге кимди бошотуп беришимди каалайсыңар: Бараббаныбы же Машаяк аталган Ыйсаныбы? — деди. 18 Анткени Пилат алардын Ыйсаны көрө албастыктан кармап бергенин билчү. 19 Пилат сот орундугуна олтурганда, анын аялы бир кишини жиберип: «Жанагы адил кишиге тийбе, анткени таңга жуук көргөн түшүмдө ал үчүн көп азап чектим», — деп айттырды. 20 Бирок жогорку динкызматчылар менен эл башчылары «Бараббаны чыгарып, Ыйсаны өлтүрүүнү сурангыла» деп чогулгандарды үгүттөп коюшкан эле. 21 Губернатор чогулгандарга: — Силерге экөөнүн кимисин бошотуп беришимди каалайсыңар? — деп дагы кайрылды. Чогулгандар: — Бараббаны, — деп жооп беришти. 22 Пилат: — Анда Машаяк аталган Ыйсаны эмне кылайын? — деди. Тигилер болсо баары бир ооздон: — Айкаш жыгачка кадалсын! — дешти. 23 Пилат аларга: — Ал эмне жамандык кылды? — деди. Бирок алар мурдагыдан да катуу ызы-чуу түшүп: — Айкаш жыгачка кадалсын! — деп бакырышты. 24 Пилат сөзүнөн эч кандай пайда чыкпасын жана ызы-чуунун күчөп баратканын көрүп, сууну алды да, чогулгандардын алдында колун жууп: — Мен бул кишинин канына айыпкер эмесмин! Муну кылган силер өзүңөрсүңөр! — деди. 25 Чогулгандардын баары: — Мунун каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда болсун! — деп чуулдашты. 26 Ошондо Пилат Бараббаны бошотуп берди. Ыйсаны болсо сабатты да, айкаш жыгачка кадап салууга буйрук кылды.

Жоокерлердин Ыйсаны мазакташы

27 Губернатордун жоокерлери Ыйсаны акимчиликке алып барышып, Анын алдына бүт полкту чогултушту. 28 Ыйсаны чечинтишип, үстүнө кочкул кызыл чапан жабышты. 29 Тикенектен таажы жасашып, башына кийгизишти да оң колуна таяк карматып коюшту. Анан алдына чөгөлөй калып: «Жашасын иудейлердин падышасы!» — деп келекелешти. 30 Бетине жаба түкүрүп, колундагы таякты алып, башка ургулай башташты. 31 Шылдыңдап бүтүшкөндө, үстүндөгү кочкул кызыл чапанды сыйрып алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти да, айкаш жыгачка кадаганы алып жөнөштү.

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

32 Жолдо киринеялык Ысманды жолуктурушуп, аны Ыйсанын айкаш жыгачын көтөрүп барууга мажбурлашты. 33 Голгота (мунун мааниси: «Баш сөөк жайы») деген жерге келишкенде, 34 алар Ыйсага өт кошулган шарапты беришти. Ыйса ооз тийип көрүп, ичкиси келбеди. 35 Айкаш жыгачка кадагандар чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүшүп, 36 ошол жерде Ыйсаны кайтарып олтурушту. 37 Алар Ыйсанын башынын жогору жагына Анын айыбы жазылган тактаны бекитишти. Тактада «Бул — Ыйса, иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле. 38 Ыйса менен кошо дагы эки каракчыны бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты. 39 Өтүп бараткандар Ыйсаны кордоп, баштарын ийкегилешип: 40 — Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө кайра тургузуучу! Кудайдын Уулу болсоң, айкаш жыгачтан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы! — деп жатышты. 41 Жогорку динкызматчылар да аларга кошулуп, дин мугалимдери жана эл башчылары менен бирге: 42 — Башкаларды куткарыптыр, өзүн болсо куткара албай турат! Ысрайылдын падышасы имиш, айкаш жыгачтан түшсүнчү, кана, биз ага ишенип калалы. 43 Кудайга таянчу эле, кана, кааласа, аны бошотсунчу, анткени «мен Кудайдын Уулумун» дечү эмес беле! — дешти. 44 Ыйса менен кошо кадалган каракчылар да Аны кордоп жатышты.

Ыйсанын өлүмү

45 Түшкү саат он экилерден баштап, бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду. 46 Саат үчтөрдө Ыйса: — Эли, эли! Лама сабахтани?— деп катуу үн менен боздоп жиберди. Бул сөздүн мааниси: «Кудайым ай, Кудайым! Эмне үчүн Мени таштап кеттиң?» 47 Ошол жерде тургандардын кээ бири муну угуп: — Бул Илиясты чакырып жатат, — дешти. 48 Ошол замат алардын бири жүгүрүп барып, соргучту сирке сууга малды да, таяктын учуна сайып алып, Ыйсанын оозуна такады. 49 Ал эми башкалары: — Токточу, көрөлү, Илияс келип, аны куткарар бекен! — дешти. 50 Ыйса болсо дагы бир жолу катуу кыйкырып, анан жан берди. 51 Ошол замат ийбадатканадагы көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп айрылды. Жер силкинип, таштар быркырады. 52 Көрлөр ачылып, көптөгөн ыйыктар тирилди. 53 Кийин, Ыйса тирилгенде, алар көрлөрүнөн чыгып, ыйык шаар Иерусалимге киришти да, көп адамдардын көзүнө көрүнүштү. 54 Жердин силкингенин жана андан башка болуп жаткан окуяларды көрүп, үрөйлөрү учкан римдик жүз башы жана аны менен бирге Ыйсаны кайтарып тургандар: — Бул чындыгында Кудайдын Уулу болгон экен! — дешти. 55 Ошол жерде алыстан карап турган көптөгөн аялдар да бар эле. Булар Ыйсага кызмат кылып, Аны Галилеядан бери ээрчип келишкен болчу. 56 Алардын арасында магдалалык Мариям, Жакып менен Жосенин энеси — Мариям жана Зебедейдин аялы бар эле.

Ыйсанын көргө коюлушу

57 Кеч киргенде, ариматиялык Жусуп аттуу бир бай адам келди. Ал да Ыйсанын шакирти болчу. 58 Ал Пилатка келип, Ыйсанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүгө буйрук берди. 59 Жусуп сөөктү алып, таза кездемеге ороп, 60 асканы оюп өзүнө арнап жасаган жаңы көргө жаткырды да, оозун чоң таш менен бекитип туруп, кетип калды. 61 Магдалалык Мариям менен дагы башка Мариям болсо ошол жерде, көрдүн маңдайында отурушкан.

Көрдөгү күзөт

62 Кийинки күнү, жуманын эртесинде жогорку динкызматчылар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулушуп, 63 ага: — Мырза, жанагы алдамчы көзү тирүүсүндө: «үч күндөн кийин тирилем» дегенин эстедик. 64 Шакирттери келип, сөөгүн уурдап алып, элге: «Ал тирилди», деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан үчүнчү күнгө чейин көр жакшылап бекитилсин деп буйрук бериңиз. Эгер алар ушундай кылышса, анда алардын бул алдамчылыгы биринчисинен да жаман болот, — дешти. 65 Пилат аларга: — Сакчылар мына, алгыла да, эми билгениңердей кылып, кайтара бергиле! — деп жооп берди. 66 Ошондо алар барып, көрдүн оозундагы чоң ташка мөөр басып, сакчыларга кайтартып коюшту. ‎

Ыйсанын тирилиши

28:1 Дем алыштын эртеси, таң азанда магдалалык Мариям менен дагы башка Мариям көрдү көргөнү келишти. 2 Аңгыча абдан катуу жер титирөө болду. Анткени Жараткан Эгенин периштеси асмандан түшүп, көрдүн оозундагы ташты жылдырып таштап, үстүнө отуруп алган болчу. 3 Ал күн нурундай жаркырап, кийими кардай аппак эле. 4 Сакчылар андан коркконунан калчылдап, өлүк кишилердей болуп, катып калышты. 5 Периште болсо аялдарга минтип сүйлөдү: — Силер коркпогула! Анткени айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем. 6 Ал бул жерде жок, Өзү айткандай, тирилип кетти, келип, жаткан жайын карагыла! 7 Анан тез барып, шакирттерине: «Ыйса өлүмдөн кайра тирилип кетиптир, силерден мурда Галилеяга барат, Аны ошол жактан көрөсүңөр» дегиле. Силерге айтарым ушул! 8 Бир чети коркуп, бир чети аябай кубанган аялдар көрдөн шарт бурулуп, Ыйсанын шакирттерине кабарлаганы чуркап жөнөштү. 9 Аңгыча алардын алдынан Ыйса жолугуп: — Саламатсыңарбы, — деди. Аялдар жакындап келип, бутунан кучактап, Анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. 10 Ыйса аялдарга: — Коркпогула, боордошторума барып айткыла, алар Галилея аймагына барышсын, Мени ошол жактан көрүшөт, — деди.

Сакчылардын сатылып кетиши

11 Аялдар жолдо баратышканда, сакчылардын айрымдары шаарга барып, жогорку динкызматчыларга болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришти. 12 Жогорку динкызматчылар эл башчылары менен жыйын өткөрүшүп, чечим кабыл алышты. Анан жоокерлерге көп акча берип: 13 — «Түндө, биз уктап калганыбызда, шакирттери келип, аны уурдап кетишти» дегиле. 14 Эгер муну губернатор угуп калса, анда анын көңүлүн биз жайгарабыз, силер болсо кам санабагыла, баарын өзүбүз бүтүрөбүз, — дешти. 15 Сакчылар болсо акчаны алып, тигилер айткандай кылышты. Ал эми бул жалган сөз иудейлердин арасында ушул күнгө чейин кеңири тарап, айтылып жүрөт.

Ыйса шакирттерине көрүндү!

16 Он бир шакирт болсо Ыйса «баргыла» деп буюрган Галилеядагы тоого келишти. 17 Ал жерден Ыйсаны көрүшүп, Анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. Алардын кээ бири мунун чындык экенине ишене албай турушту. 18 Ыйса шакирттерине жакын келип, мындай деди: — Көктөгү да, жердеги да бийликтин баары Менин колума берилди. 19 Ошондуктан барып, бардык элдерди Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүрүп, Менин силерге буйругандарымдын баарын сактоого үйрөтүп, Мага шакирт кылгыла! Мына, Мен акыр заманга чейин, бардык убактарда, силер менен бирге болом.