The Old Testament of the Holy Bible

Башталыштар 1

Жарыктын жаратылышы

(1:1-5) Адегенде Кудай таала асман менен жерди жараткан... Жер жарала электе ааламда башаламандык өкүм сүрүп, жердин орду каңгыpап ээн болуп, сууга толгон туңгуюкту каpаңгылык басып жаткан. Ошол туңгуюктун үстүнөн Кудай тааланын Руху учуп жүргөн. Анан Кудай таала: “Жаpык пайда болсун!” — деп жаpыкты пайда кылган. Жарык купулуна толуп, аны караңгыдан бөлүп, “күндүз” атаган. Караңгылык болсо “түн” аталган. Кеч кирип, таңаткан. Бул биринчи күн.

Аба катмарынын жаратылышы

(1:6-8) Анан Кудай таала: "Туңгуюктун ортосунда катмар болсун да эки жагында калган сууларды бөлүп турсун!" — деген. Айтканы айткандай болгон. Анан астында калган сууларды үстүндөгүлөрдөн ажыратып, ортосуна аба катмарын жараткан да аны "асман" деп атаган. Анан кеч кирип, таң аткан. Бул экинчи күн.

Жердин жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылышы

(1:9-13) Анан Кудай таала: “Асман алдындагы суулар бир жерге чогулсун да, кургактык пайда болсун!” — деген. Айтканы айтканындай ордуна келген. Ошондо Кудай таала кургактыкты “жер”, ал эми топтолгон сууларды “деңиздер” деп атаган. Бул жараткандары көңүлүнө абдан жаккан. Ушундан соң Кудай таала: “Жер өз түрүнө жараша, уругунан көбөйө турган өсүмдүктү жана мөмөсүндө уругу бар даракты өстүрсүн!” — деген. Баары Кудайнын айтканындай болуп, жараткан нерселери көңүлүнө жаккан. Ошентип, үчүнчү күндүн кечи кирип, таңы аткан.

Күн, ай, жылдыздардын жаратылышы

(1:14-19) Анан Кудай таала: “Күндүздү түндөн бөлүп туруу үчүн, жышаан-белгилер үчүн, мезгилдер, күндөр, жылдарды билдирип туруу үчүн асманда шам-чырактар болсун! Алар асмандан жерге нурун чачып турсун!” — деген. Кудайнын айтканы айтканындай болгон. Ошентип, Кудай таала эки чоң жарыкты жаратып, асманга коюп койгон. Чоңураагын күндүз, ал эми кичинерээгин түндө башкарып туруу үчүн жараткан. Ошондой эле жылдыздарды жараткан. Алар жарыкты караңгыдан, күндү түндөн бөлүп турсун үчүн, ар кандай жышаандар үчүн, күндөр менен жылдарды белгилөө үчүн, күн-түн дебей жер бетин башкарып туруу үчүн жаратылган. Жараткандарынын баары Кудайдын купулуна толгон. Ошентип, төртүнчү күндүн кечи кирип, таңы аткан.

Суу жаныбарлары менен канатуулар дүйнөсүнүн жаратылышы

(1:20-23) Анан Кудай таала: “Суу ар кандай жаныбарларды жаратсын, асманда канаттуулар учсун!” — деген. Ошентип, Кудай таала чоң-чоң балыктар менен түрлүү-түрлүү суу жаныбарларын жана канатууларды жараткан. Жараткандары көңүлүнө жагып: “Көбөйгүлө, жер-сууларды толтургула!” — деп аларга батасын берген. Ошентип, бешинчи күндүн кечи кирип, таңы аткан.

Жан жаныбарлар дүйнөсүнүн жана адамдардын жаратылышы

(1:24-25) Анан Кудай таала: “Жер түр-түрүнө жараша ар кандай жаныбарларды жаратсын!” — деген. Так ошондой болгон. Кудай таала жараткандарынынын жакшы экенин көрүп, абдан ыраазы болгон. Ошентип, Кудай таала кургакта жашай турган, ар түрдүү, ар кыл жан-жаныбарлар дүйнөсүн жараткан. Ушундан соң Кудай таала: “Эми, өзүбүздүн образыбыздай, өзүбүзгө окшотуп адам2 жараталы. Алар бүт жер бетине жана жан-жаныбарларга бийлик кылышсын”, — деген да, өзүнүн образындай, өзүнө окшотуп, Aдамды жараткан. Кудай таала адамдарды эркек жана аял кылып жараткан. “Өркүндөп-өскүлө, көбөйгүлө, жер бетин толтургула, жан-жаныбарлардын баарына бийлик кылгыла”, — деп аларга батасын берген. Анан: “Мен силерге жер бетиндеги уруктай турган өсүмдүктөрдү, жемишинде уругу бар дарактарды жегенге бердим. Ал эми жер бетинде кыбыр эткен жан-жаныбарлар менен канаттуулар чөп жешсин!” — деген. Баары Кудай тааланын айтканындай болгон. Кудай таала жараткан нерселеринин сонун экенин көргөндө, баары купулуна толуп, абдан ыраазы болгон. Ошентип, алтынчы күндүн кечи кирип, таңы аткан.

Башталыштар 2

Ыйык күн

(2:1-3) Асман-жер менен андагылар ушундайча жаратылган. Кудай таалабыз бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алган. Ал күнгө батасын берип, ыйык күн деп жарыялаган.

Бейиш багынын жаратылышы жана адамзат тарыхынын башталышы

(2:4-17) Асман-жерди Теңир ушундайча жараткан. Бирок дароо эле жер жайнаган өсүмдүктөр өсүп чыга калган эмес. Анткени жамгыр жаачу эмес, анын үстүнө жерге көз салып, иштеткенге киши да жок эле, тек гана буу көтөрүлүп, бүт жер бетин суугарып турчу. Теңир адамды топурактан жаратып, ичине демин үйлөгөндө ал тирүү жан болуп тура келди. Чыгыштагы бир жерге бейиш орнотуп, аны ошого жайгаштырды. Анан көрүнүшү татынакай, жегенге жакшы ар кандай дарактарды өстүрдү. Бейиштин так ортосуна өмүр бере турган жана жакшылык-жамандыкты тааныта турган дарактарды өстүрдү. Эденден бейиш багын суугаруу үчүн бир дарыя агып чыкчу да кийин төрткө бөлүнүп кетчү. Бөлүнүп аккан дарыянын бирөөсү Фисон деп аталып, таза алтындуу, асыл ташка жана акакка бай Кыбыла аймагынан агып өтөт. Экинчиси Гишон деп аталат да Куш жергесиненен агып өтөт. Үчүнчүсү — Тигр, ал Ассириянын чыгыш жагынан өтөт. Төртүнчүсү - айтылуу Евфат дарыясы. Жерди иштетип, сактасын үчүн Теңир Адамды Эден багына кигизип койду. Анан: “Бардык дарактардын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытуучу дарактын жемишинен жебе! Жеген күнү өлөсүң”, — деп катуу эскертти.

Обо эненин жаратылышы

(2:18-25) Анан Теңир мындай деди: “Кой, Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес экен, өзүнө окшош жардамчы жаратып берели”. Теңир топурактан жасалган бардык жан-жаныбарлады Адамдын алдына аткойдуруш үчүн айдап келгенде, ал баарына ат коюп чыкты. Бирок Адам үчүн жер жайнаган макулуктардын ичинен өзүнө ылайык шерик табылбады. Ошондо Теңир аны терең уйкуга салып, бир кабыргасын сууруп алды да, ордундагы этин кайра өстүрүп койду. Кабыргадан аял-кишини жаратып, Адамга алып келди. Ошондо Адам аялды көрүп: “Сөөгүмдөн чыккан сөөк — ушул, этимден чыккан эт — ушул, ошондуктан "аял" атайм, себеби бул эркектен алынды”,— деп абдан сүйүнүп кетти. Ушул себептүү адам ата-энесин калтырат да, аялына кошулат. Экөө тең жылаңач болсо да, бири-биинен эч уялышкан эмес.

Башталыштар 3

Шайтандын азгырыгы жана күнөө

(3:1-7) Теңир жараткан жапайы жаныбарлардын ичинен эң митаамы жылан болгон. Ал аялга келип: — Эй, аял, Кудай таала силерге эч бир дарактын жемишинен жебегиле дегени ыраспы? — деди Кудай тааланын сөзүн бурмалай. — Жок, андай эмес, — аял аны менен сөзгө кирди, — бардыгынан эле жей берсек болот, бир гана бактын ортосундагынын жемишин жей турган болсок, ал тургай колубузду эле тийгизсек өлүп калабыз. — Койсоңчу, өлбөйсүңөр. Эгер андан ооз тийсеңер, көзүңөр ачылып, жаман-жакшыны айрып-таанып, өзүндөй болуп каларыңарды Кудай таала жакшы билет. Аял дарактын жемиши жегенге жакшы да, көз жоосун алган кооз да экенин көрдү. Баарынан да билим берери кызыктырды. Анан жемишинен жеди. Күйөөсүнө берип, аны да жегизди. Ошол замат экөөнүн тең көзү ачылды. Жылаңач экенин көрүшүп, анжир жалбырагынан белдерине байлана калышты.

Күнөөнүн кесепети

(3:7-24) Салкын түшкөн маалда бейишти аралап жүргөн Теңирдин үнүн угуп, экөө тең жашына калышты. Теңир: — Адам, кайда жүрөсүң? — деп үн катты. — Бейиштен үнүңдү угуп, коркконумдан жашынып турам, анткени жылаңачмын,— деди Адам дарактын далдаасынан. — Жылаңач экениңди кимден уктуң? Мен жебе деген дарактан жеген жок белең? — Сен берген аял берди эле жедим, — деди Адам аялына шылтап. Ошондо Теңир аялга кайрылып: — Эмне үчүн ушундай кылдың? — деди. Аял: — Жылан мени азгырып кетти, — деди жыланга шылтап. Ошондо Теңир жыланга кайрылып: "Жан-жаныбарлардын алдында сага каргыш тийсин, боортоктоп, өлөөр- өлгөнчө чаң жутуп өт! Аял экөөңдү бири-бириңе өч кылам. Аялдын тукуму менен сенин тукумуң бири-бирине душман болот. Ылайым сен анын тукумунун согончогун чагып кал да, анын тукуму болсо сенин башыңды жанча бассын!” — деп каргап салды. Аялга: “Кош бойлуу кезиңде азап чегип, кыйналып жүрүп, көз жарасың. Күйөөңө байланып, анын кол астында өтөсүң!”— деди. Адамга болсо мындай деди: “Аялыңын тилине кирип, осуятымды бузганың үчүн сенин айыңан мынабу жер каргышка калды. Эми өмүрүң өткөнчө кыйынчылык менен оокат кыла турган болосуң. Мындан ары жер сага тикенек менен уйгак өстүрөт. Чөп-чар жеп, өзүң алынган топуракка кеткиче, маңдай териң төгүлүп, наныңды табасың. Анткени сен топураксың, ошондуктан кайра топуракка кетесиң!”

Адам ата менен Обо эненин бейиштен куулушу

(3:20-24) Адам аялына “Өмүр”деген ат койду, анткени кийин ал бүткүл адамзаттын энеси болуп калды. Теңир Адам ата менен Обо энеге териден кийим жасап кийгизди. “Мына, Адам жакшылык-жамандыкты билип, биздей болуп калды, эми ал өмүр дарагына кол созуп жүрбөсүн. Жемишинен жеп алып, түбөлүк жашап калбасын”,— деди Теңир. Ошондуктан аларды бейиштен чыгарып салды да Чыгыштагы өмүр берүүчү даракка барчу жолду айланып турган оттуу кылычка жана периштеге кайтартып койду.

Башталыштар 4

Адам ата менен Обо эненин алгачкы балдары

(4:1-16) Кийинчерээк Адам ата менен Обо эне эки уулдуу болушту. Кенжеси Абыл койчу болуп чоңойду, ал эми улуусу Кабыл болсо дыйкан болду. Бир күнү Кабыл жер-жемиштен Теңирге тартуу апкелди. Абыл да койлорунун төлбашыларынын ичинен семизин тандап апкелди. Ошондо Теңир Абылдын кумандыгын кабыл алды да Кабылдын тартуусун да, өзүн да карабай койду. Буга Кабылдын ичи күйүп, арданып, өңү кумсарды. "Эмне ачууланып жатасың?! — деди ага Теңир, — неге жүзүң кумсарды?! Эгер кылган ишиң жакшы болсо, неге түз карабайсың? Эгер жаман болсо, анда сени күнөө азгырып жатканы, сага бийлик кылгысы келип, жүрөгүңдүң босогосунда турат, бирок сен киргизбей ага үстөмдүк кыл!" Бирок Кабыл ызасын ичине каткан бойдон калып калды. Бир күнү инисин талаага ээчитип барды да, өлтүрүп салды. — Иниң кайда? — деп сурады Теңир ошондон кийин. — Мен эмне, ага кароолчу белем? — деди Кабыл корсулдай, күнөөсүн мойнуна албай жашырып. Бирок Кудай: — Эмне кылып салдың? Бир тууганыңдын каны жерден мага зарлап жатпайбы. Эми бир тууганыңдын канын жутууга оозун ачкан жердин каргышы сага тиет. Айдасаң талааңдан түшүм ала албай, жерден жер кезген, тентимишке айланасың, — деди. — Бул ашыкча оор жаза, — деди Кабыл догурунуп, — сен мени бул жерден кубалап жатасың, эми сенин алдыңан башка жакка тентип, жер кезип кетем, анан жолуман чыккандын колунан өлөм. — Жок, андай болбойт. Сени ким өлтүрө турган болсо, толугу менен кун төлөйт. Теңир ушинтти да аны жолуктурган бирөө өлтүрүп койбосун деген белги салып берди.

Кабылдын урпактары

(4:16-22) Ошентип, Кабыл Эдендин чыгышында жайгашкан Нод аталган жерге барып отурукташты. Үйлөнүп, бала-чакалуу болду. Шаар куруп, аны Энох деп баласынын аты менен атады. Энохтон Ирад, Ираддан, Мехиаел, Мехиаелден Мафусал, Мафусалдан Ламех. Ламехтин эки аялы болгон. Ада деген аялынан: Явал менен Ювал. Явалдын балдары чабан болушту. Ювалдын балдарынан музыканттар чыгышты. Зилла деген аялынан: Тубалкаин жана Ноема (кызы). Тувалкаиндин балдарынан темир усталар чыгышты. Ламех аялдарына мындай деди: "Аялдарым Ада жана Зилла! Сөзүмдү, кунт коюп уккула! Өзүмдү өзүм жаралап, уулумду өлтүрүп алдым. Эми, Кабыл үчүн жети эсе өч алынса, мен үчүн жетимиш эсе алынат".

Шеттин төрөлүшү

(4:25-26) Адам ата Кабыл кеткенден кийин дагы бир уулдуу болду. Ошондо Обо эне: "Кабыл өлтүрүп салган Абылымдын одуна Кудай таала башкасын берди", — деп аны Шет атады. Шет да уулдуу болуп, атын Энош койду. Ошол кез адамдар Теңирге жаңыдан таат ибдат кыла башташкан убак эле.

Башталыштар 5

Адам атанын урпактары

(5:1-32) Кудай таала адамдарды өз бейнеси боюнча, өзүнө окшош кылып жараткан. Аларды эркек-аял кылып жаратып, ошол күнү ак батасын берип, адам атка кондурган. Адам 130га чыкканда өз бейнеси боюнча, өзүнө окшош дагы бир уулдуу болуп, Шет атаган. Шеттен кийин дагы 800 жыл жашап, көптөгөн уул-кыздуу болуп, 930 жашка чыгып каза болгон. Шет 105ке чыкканда Энош туулган. Кийин дагы 807 жыл жашап, көптөгөн уул-кыздуу болуп, 912 жашында дүйнөдөн кайткан. Энош 90го чыкканда Каинан төрөлгөн. Каинан төрөлгөндөн дагы 815 жыл жашап, көп уул-кыздуу болуп, 905 жашында каза болгон. Каинан 70ке чыкканда Малелеил төрөлгөн. Андан соң дагы 840 жыл жашап, көптөгөн уул-кыздуу болуп, 910 жашында дүйнөдөн өткөн. Малалеил 65ке келгенде Яред төрөлгөн. Кийин дагы 830 жыл өмүр сүрүп, көптөгөн уул-кыздуу болуп, 895жаш курагында каза болгон. Яред 162ге чыкканда Энох төрөлгөн. Кийин дагы 800 жыл жашап, көп уул-кыздуу болуп, 962 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Энох 65ке чыкканда Мафусал төрөлгөн. Мафусал төрөлгөндөн кийин Энох (Идрис) дагы 300 жыл Кудай тааланын алдында жашап, көп уул-кыздуу болгон. Бир күнү ал кайып болуп кеткен. Кудай таала аны тирүүлөй асманга алып кеткен. Мафусал 187ге келгенде Ламех төрөлгөн. Кийин дагы 782 жыл жашап, көп уул-кыздуу болуп, 969 жаш курагында көзү өткөн. Ламех 182ге чыкканда Нук төрөлгөн. "Теңирдин каргышына калган жерди иштете берип, оор мээнеттен чарчадык, Нук бизге тыныгуу алып келет", деди ал. Нук төрөлгөндөн дагы 595 жашап, 777 жашында каза болгон. Нук 500гө чыкканда Сим, Хам, Жапас деген үч уулдуу болгон.

Башталыштар 6

Кудай Рухунун адамдардан алынышы

(6:1-7) Жер бетинде адамдар улам көбөйө беришти. Кудай тааланын уулдары (кызматчылары деген мааниде) адам баласынын кыздарынын суулуулугуна кызыгып, аларга үйлөнө башташты. Ошондо Теңир: "Адамдар абдан бузулуп кетишти, алар 120 жылдан ашык жашашпасын,мындан ары менин Ыйык Рухум пенделердин боюнда калбайт!" — деди. Алардан төрөлгөндөр баатыр, алп23адамдар болгон менен ак жашашчу эмес. Теңир адамдардын ой-санаалары, ниеттери бузулуп, ар дайым жамандыкты самап калышканын көрүп, жаратканына өкүнүп, ичинен сыздады. Ошондуктан жараткан жандарынын баарын кырып жок кылууну чечти.

Топон суу башталаарда

(6:8-22) Бир гана Нук аттуу адам Теңирден ырайым тапты. Анткени ал замандаштарынан айырмаланып, Кудай тааладан ыйбаа кылып, ак жашачу. Анын Сим, Хам жана Жапас аттуу үч уулу бар эле... Жер бети жамандыкка толуп кетти. Кудай таала мунун баарын көрүп турду да акырында Нукка: "Бүттү, жер бетиндеги кыбыр эткен жандын баарын кырам. Жер бети жамандыкка толуп кетти. А сен эң мыкты жыгачтан бир үкөк кур. Узуну 300, туурасы 50, бийиктиги 30 чыканак болсун. Yкөктүн ичи тышын суу өтпөс кылып, чайырлап, төбөсүнөн терезе оюп, капталынан эшик чыгар. Ичин үч кабат кылып, бөлмөлөргө бөл. Мен жер бетин топон сууга бастырып, кыбыр эткен жандын баарын жок кылам. А сени менен келишим түзөм, үй-бүлөң менен ошол үкөккө кирип аман каласың. Сени менен бирге аман калсын үчүн үкөккө ар кандай жаныбарлардын да эркек-ургаачысынан жуп-жуп кылып киргиз. Ошондой эле бардык канатуулардан, жандыктардан, сойлоочулардан жуп-жуп болуп киришет. А сен болсо өзүңө да, кемеге кире тургандарга да азык даярда!" — деди. Нук Кудай тааланын айтканын айтканындай орундатты.

Башталыштар 7

Топон суу

(7:1-24) Топон суу каптаардан жети күн мурун Теңир Нукка мындай деди: "Мына бул адамдардын арасынан сенин гана адил экениңди көрдүм. Ошондуктан үй-бүлөң менен үкөккө кир.Ошондой эле тукумун сактап калуу үчүн төрт түлүк малдан жана канаттуулардан эркек-угаачы кылып жети жуптан, ар кандай жаныбарладан эки жуптан ала кир. Жети күндөн кийин жамгыр нөшөрлөтүп, жерди сууга бастырам", — деди. Нук Теңирдин айткандарын баарын орундатты. Ошол кезде ал 600 жашта болчу. Жогоруда айтылгандардын баары киргенден 7 күн өткөндө Теңир үкөктүн эшигин жапты. Бул күн 2-айдын он 7-күнү эле. Ошол убакта Нук 600 жашта болгон. Анан туңгуюкта ачылып, асмандан жаан куюп, топон суу жер бетине келди. Нөшөр 40 күн, 40 түн созулду да үкөктү көтөрдү. Ташкын болсо уламдан-улам күчөп, тоолордун үстүнөн 15 чыканакка ашып кетти. Жер бетиндеги дем алган жан менен абада учкан канаттуунун баары суу астында калды. Yкөктүн ичиндегилер гана аман калышты. Суу болсо 150 күн бою ташкындап турду.

Башталыштар 8

Топон суунун токтошу

(8:1-12) Кудай таала үкөктөгүлөрдү эстеди да жер бетине шамал соктуруп, сууну тарта баштады. Жамгыр токтоп, жер алдынан атырылган суулар тыйылды. Жүз элүү күн дегенде, топон суу башталгандан ашык-кеми жок беш ай өткөндө үкөк Арарат тоосунун чокусуна урунду. 10-айдын биринде тоолордун чокулары көрүндү. Ошентип, суу уламдан-улам ылдыйлай берди. Нук 40 күн өткөндөн кийин терезеден бир кузгунду сыртка учурду. Ал жер кургаганча улам учуп кетип, кайра учуп келип жатты. Андан кийин жерден суу кеткендигин билүү үчүн көгүчкөндү кое берди. Бирок ал конууга жай таппай Нукка кайтып келди. Нук 7 күн күтө туруп, көгүчкөндү кайра учурду эле кечке маал зайтун дарагынын жаш жалбырагын тиштей келди. Ошондон улам Нук жер үстүнөн суунун тартылганын билди. Дагы 7 күн күтө туруп, баягы көгүчкөндү сыртка учуруп жиберди. Бул сапар ал артына кайтпады.

Жердеги жашоонун кайрадан уланышы

(8:13-22) 601-жылдын 1-айынын биринде Нук үкөктүн төбөсүн ачып караса жер тоборсуп калыптыр. Дагы бир ай жыйырма алты күн өткөндө жер бети толугу менен кургады. Ошондо Кудай таала Нукка мындай деди: "Yй-бүлөң менен үкөктөн чык да жан-жаныбарлардын баарын агыт. Алар туш-тушка тарап, көбөйүшсүн". Нук сыртка чыгып, үкөктүн ичиндегилердин баарын кое берди. Анан Теңирге курмандык чала турган жай куруп, бардык адал малдан жана канатуулардан алып, курмандыкка багыштап, өрттөп жиберди. Нуктун бул курмандыгынын жыты Теңирге жакты жана Теңир мындай деди: "Адам баласынын ниети жаштайынан эле зулумдукка толгон болсо да экинчи жерди анын айынан каргабайм. Бул кылганымдай кылып, мындан ары жер бетиндеги тирүү жандарды кы байм. Эми мындан быякка жер жер болуп турганында эгим-терим, ысык-суук, жай-кыш, күн-түн үзүлбөйт.

Башталыштар 9

Кудай Нук менен анын балдарына батасын берет

(9:1-7) Кудай таала аман калган адамдарга: "Өсүп-өнүп, жерге толгула!"— деп батасын берди. Дагы мындай деди: "Жан-жаныбарлардын баары силерден айбыгып, сестенип турушсун. Аларды силердин кол алдыңарга бердим. Көгөргөн чөптү бергенимдей эле бардык кыбыр эткен жанды да жегенге уруксаат кылдым. Бирок канын агызбай туруп, этин жечү болбогула. Анткени кан — бул жан. Адам канын төккөн а бир жан: мейли жырткыч болобу, мейли адам болобу, жоопко тартылат. Кимде-ким адам канын төксө, анын канын башка адам төгөт, анткени адам Кудай таалага окшоштурулуп жаратылган. Силер көбөйүп, жер бетине тарап, өсүп-өнгүлө".

Кудайдын убадасынын белгиси

(9:8-17) Анан Нук менен анын балдарына айтты: "Силер менен, урпактарыңар менен, үкөктөн чыккан жан-жаныбарлар менен мындай деген түбөлүктүү келишим түзөм: мындан ары же бетин сууга бастырбайм. Келишим белгиси — асан-үсөн болсун. Жер бетине булут каптатканымда ошону көрө калам да ушул келишимди эстейм".

Сим, Хам жана Жапас

(9:18-28) Ошентип, топон суудан кийин аман калган Нуктун үй-бүлөсүнөн жер бетинде адамзаттын жашоосу кайрадан уланды. Нук дыйканчылык кылып, жүзүмзар отургузду. Бир күнү жүзүмдөн шарап жасап ичип алып, мас болуп, чатырынын ичинде жылаңач жатып калды. Муну Канандын атасы Хам көрүп калып, Сим менен Жапаска айтып чыкты. Бул эки бир тууганы болсо аны менен кошо күлүшпөстөн, атасынын этин кароодон ыйбаа кылышып, далысы менен киришти да атасын жаап коюшту. Нук ойгонгондо кенже уулунун кылганын билип: "Канан курусун, бир туугандарына кулдун кулу болсун!"- деп каргап салды. Дагы мындай деди: "Симдин Теңирине алкыш. Жапас өрүшүн жайып, Симдин чатырларына көчүп кирсин! Канан болсо буларга кул болсун!" Нук топон суудан кийин дагы 350 жыл жашады. 950 жашка чыгып, каза болду.

Башталыштар 10

(10:1) Сим, Хам жана Жапас топон суудан кийин көптөгөн балалуу болушту. Төмөндө алардын урпактарынын санжырасы.

Жапастын урпактары

(10:2-5) Гомер, Магог, Мадай, Яван,Фувал, Мешех, Фирас. Гомерден Аскеназ, Рифат, Фогарма. Явандан Елиса, Фарсис, Киттим, Доданим. Жер Ортолук Деңизди айлана тегерегин жердегендердин баары ушул Жапастын укум-тукумдары. Ар бир баласынын өз жери болуп, көбөйүп, өз алдынча элге айланган.

Хамдын урпактары

(10:6-20) Хуш, Мисираим, Фут, Канан. Хуштан: Сева, Хавила, Савта, Раама, Савтеха. Раамадан: Шева, Дедан. Атактуу баатыр Нимрод да Хуштун баласы. Ал көзгө атар мерген болгон, ошондон улам эл арасында "Теңир алдында мергенчи Нимроддой..." деген сөз калган. Анын падышалыгына алгач Вавилон, Эрех жана Сенаар өлкөсүндөгү Аккад кирген. Ал Ассирияга келип, Ниневия, Реховофир, Калах жана атактуу Ресен шаарын курган. Мисираимден: Лудим, Анамим, Легавим, Нафтухим, Патрусим, Каслухим чыккан. Булардан филистимдиктер менен кафторлуктар келип чыккан. Канандан: Сидон, Хет, Иевусей, Аморрей, Гергесей, Евей, Аркей, Синей, Арвадей, Семарей, Химафей. Кийин булар бүт жер жүзүнө чачырап кетишкен. Булардын жери Сидондон тартып Герарга карай Газага чейин, анан Содом, Гоморра, Адма жана Севоимден Лашага чейин созулат. Булардын баары Хамдын урпактары. Ар бир уруунун өз эне тили, жери болуп, ар башка элдерди түзүп кетишкен.

Симдин урпактары

(10:21-32) Сим Жапастын улуу агасы. Анын урпактарынын бири Евер. Симден Елам, Ассур, Арфаксад, Луд, Арам. Арамдан Уц, Хул, Гефер, Маш. Арфаксаддан Сала. Саладан Евер. Еверден Фалек, Ёктан. Фалектин тушунда жер бөлүм башталган. Ёктандан Алмодад, Шалеф, Хасармавеф, Иерах, Гадорам, Узал, Дикла, Овал, Авимаил, Шева, Офир, Хавила, Иовав. Булар Меша менен Чыгыштагы тоолордун ортосундагы аралыкта жашашкан46. Меша Сефарга жакын. Симдин урпактары ушулар. Бул Нуктун балдарынын санжырасы. Топон суудан кийинки адамзаттын түп аталары ушулар.

Башталыштар 11

Тилдердин келип чыгышы

(11:1-8) Ошентип топон суудан аман калган Нуктун балдарынан адамзат тукуму кайра уланды. Ал убакта улут, тил боюнча бөлүнүү деген жок болгон. Баары бир тилде сүйлөп, Чыгышта көчүп-конуп жүрүп, акыры бир түз жер таап, ошол жерге отурукташты. Жашаган жайын мурдараак таштан салышса, эми бышкан кыштан сала башташты. "Жер бетине тарап кетпес үчүн шаар куруп, ичине чокусу көк тиреген мунара куруп, атыбызды чыгарып алалы", — дешти. Теңир адамдардын куруп жаткан шаары менен мунарасын көргөнү келип: "Карачы бир эл, бир тилдүү адамдардын эмне кылып жатышканын. Эми буларды токтото албайсың. Кой, түшөлү да бири-бирин түшүнбөс кылып, тилдерин аралаштырып салалы", — деди. Анан ошондой кылды. Алар бири-бирин түшүнө алышпай, ишин токтотууга мажбур болушту да топ-топ болуп туш-тушка тарай башташты. Мына, азыркы дүйнө жүзүндөгү тилдердин келип чыгуу башаты ошол жерден башталган. Ошол себептен адамдардын тили аралашып калган жердин аты Вавилон6аталып калган. Сим менен Хамдын балдары Жакынкы чыгыш менен түштүк жакка тарап отурукташты. Жапастын балдары болсо Жер Ортолук Деңиз жакка ооп кетти. Алар уруу-урууларга бөлүнүп, тилдери башка, өз алдынча эл-журт боло башташты. Азыркы адамзат — ошолордун тукумдары.

Симдин урпактарынын санжырасы жана Ибраимдин ата-теги

(11:10-32) Арфаксад — Симдин топон суудан 200 жыл өтүп, 100 жашында көргөн уулу. Кийин ал дагы 500 жүз жыл жашап көп уул кызга ата болгон. Арфаксад 35 жашында Сала төрөлгөн. Андан кийин да көп уул-кыздуу болуп, 438 жашында көз жумган. Сала 30га чыкканда Евер төрөлгөн. Андан кийин да көп уул-кыздуу болуп, 433 жыл жашаган. Еверден Фалек менен Ёоктан. (Фелектин тушунда жер бөлүм болгон.) Ёктандан Алмодад, Шалеф, Хацармавеф, Иерах, Гадорам, Узал, Дикла, Овал, Авимаил, Шева, Офир, Хавила, Аюба. Булар Мешадан чыгыш тоосу Сефарга чейин отурукташкан. Фалек төрөлгөндө Евер 34 жашта болгон. Кийин дагы көп бала- чакалуу болуп, 464 жашында каза болгон. Фалек 30га чыкканда Рагав төрөлгөн. Андан кийин да бала-чакалуу болуп, дагы 209 жыл жашаган. Рагав 32ге келгенде Серухтун атасы болгон. Андан кийин да дагы башка көптөгөн уул-кыздуу болуп, 239 жашында көз жумган. Серух 30 жашында Нахорду көргөн. Кийин дагы бала-чакалуу болуп, 230 жашында дүйнөдөн өткөн. Нахор 29 жашында Фарра төрөлгөн. Кийин дагы 119 жыл өмүр сүрүп, көп уул-кыз көрүп, каза болгон. Фарра 70ке чыкканда үч уулдуу болгон: Ибраим, Нахор, Аран. Арандан Лут чыккан. Аран атасы Фарранын тирүүсүндө эле, туулган жери — Халдей өлкөсүнүн Ур шаарында каза болгон. Ибраим Сарага үйлөнгөн. Сара төрөбөс аял болгон. Нахор болсо Арандын Милка деген кызын алган. Арандын Иска деген дагы бир кызы болгон. Фарра туугандары менен Халдей элинин Ур деген шаарында жашаган. Ал бир күнү уулу Ибраимди, небереси Лотту, келини Сараны жанына алып, жашаган жеринен чыгып, Канан жерине бет алган. Бирок Каранга жеткенде, сапарын токтотуп, ошол жерде отурукташып, 205 жашында каза болгон.

Башталыштар 12

Кудайдын Ибраимге берген убадасы

(12:1-3) Каранда Теңир Ибраимге мындай деди: "Ибраим, эли-жериңди таштап, мен көрсөткөн өлкөгө жөнө! Сенин тукумуңан улуу эл жаратып, сага ак батамды берем. Сени алкагандар алкышымды алышат, каргагандар каргышка дуушар болушат. Сен аркылуу жер жүзүнүн бардык элдерине менин батам тиет".

Кудайдын Ибраимге берген экинчи убадасы

(12:4-9) Ибраим тил алып, аялын, инисинин баласы Лутту, тапкан-ташыганын, кол алдында кызматчыларын алып, Кудай айткан өлкөнү көздөй жол тартты. Ошол кезде Ибраим 75те эле. Бул өлкөнүн аты — Канан. Ибраим аны аралап, Шехем деген жерге жеткенде ага Теңир аян берип: "Ушул жерди урпактарыңа берем" деп убада этти. Ибраим ага көрүнгөн Теңирге атап, ошол жерге курмандык чалчу жер курду. Андан ары карай жылып олтуруп, Бетель шаарынын чыгыш тарабындагы тоо тарапка барып, Бетель батышында, Гай шаары чыгышында калгандай кылып чатырын тикти. Дагы бир курмандык чалчу жай куруп, Теңирге тайынды. Андан соң Негев тарапты беттеп, дагы сапар тартты.

Ибраимдин Египетке түшүшү

(12:10-20) Ошол кездеги кургакчылык болуп, Канан катуу жутагандыктан Ибраим убактылуу жашоо үчүн Египетке жөнөдү. Жетээрде Сарага: "Сен сулуу аялсың. Сени кордош үчүн булар мени өлтүрүшөт. Ошондуктан сурагандарга мени агам деп койсоң, бизди жылуу тосуп алышат да, жанымды сактап каласың", — деди. Египеттиктер Саранын абдан сулуу аял экенин көрүштү. Хансарайындагылар фараонго аны мактап барышты. Фараон Сараны сарайына алдырды. Ибраимди агасы деп ойлоп, Сара үчүн жылуу мамиле кылып, төрт түлүк мал менен кулдан мол берди. Бирок Теңир Сара үчүн фараондун бүт үй-бүлөсүнө, малына катуу оору каптатты. Ошондо Ибраимди чакырып алып: “Эмне үчүн мага мындай кылдың? Эмне үчүн Саранын аялың экенин айтпадың? Эмне үчүн карындашым дедиң? Аялдыкка алайын дегем, эми ал да кет!” — деди. Ошентип, Ибраимди аялы, бүт мал-мүлкү менен кошо өз жеринен чыгартып жиберди.

Башталыштар 13

Ибраимдин Кананга кайтып келиши

(13:1-4) Ибраим кайрадан Негев чөлүн аралап, Бетел менен Гайдын ортосуна жасаган баягы курмандык чалчу жайга келип, Теңирге тайынды. Лут да кошо келди. Ошол кезде Ибраим абдан бай эле.

Луттун Ибраимден бөлүнүп кетиши

(13:5-18) Лут Ибраим менен көчүп-конуп, жанында жүрдү. Эми, экөөнүн малынан жайыт тарып, койчулары чатакташа баштагандыктан, бөлүнүүгө туура келди. (Анда ошол жерде канандыктар менен перестиктер жашоочу.) Ошондо Ибраим Лутка мындай деди: "Биз тууганбыз, экөөбүз араздашпайлы, чабандарыбыз да чатакташпасын. Карачы, жер көп, сен менден бөлүн: солго кетсең мен оңго кетейин, оңго кетсең, мен солго кетейин", — деди. Иордандын айланасы шылдырап аккак сууга бай, бейиш багындай, мисир жериндей, ажайып жер эле. Лут ошол Иордандын жээгин жактырып, Содом тарапты карай, чыгышка көчүп кетти. (Бирок Содомдун эли ыйманын жеген адепсиз адамдар болгон.) Ибраим болсо Кудай буюрган Канан жеринде калып калды. Лут кеткенден кийин Теңир Ибраимге үчүнчү ирет келип: "Чар тарабыңа көз чаптырчы. Ушунун баарын сага жана урук-тукумуңа бердим. Укум-тукумуңду эсеп жеткис кылам. Эми бар да көз алдыңдагы жерди узун-туурасынан аралап чык. Мен сага ушул жерди берем", — деди. Ибраим Хеврондогу Мамренин ыйык теректердин жанына көчүп барып, Теңирге курмандык чала турган жай курду.

Башталыштар 14

Луттун туткунга түшүшү

(14:1-13) Сенаар падышасы Амрафел, Елласар падышасы Ариох, Елам падышасы Кедорлаомер, Гоим падышасы Фидал, Сиддим өрөөнүндө (азыркы Туздуу деңиз) аскерлери биригип турган Содом падышасы Бера, Гомарра падышасы Берша, Адма падышасы Шимевер, Сигор аталган Бела падышага каршы согуш ачышат. Бул падышалар он эки жыл бою Кедерломерге кызмат кылып келип, он үчүнчү жылга караганда ага каршы чыгышыптыр. Ошондуктан 14-жылы Кедерломер менен анын шериктери аларга каршы согуш ачышып, рефаимдерди Аштероф-Карнаимде, зузимдерди Гамда, эмимдерди Шаве-Кирифаимде, хоррейлерди Сеир тоосунда чөл менен чектешкен Эл-Фаранга чейин таш-талканын чыгарышат. Анан Кедолаомер түндүккө жортуул жасап, Ен-Мишпатка (Кадес деп да аталат) жеткенде амаликтерди жана Хасасон-Тамарада жашаган аморрейлерди басып алат. Ошол убакта Содом, Гоморра, Адма, Севоимдин жана Беланын падышалары биригип алышып, Сиддим өрөөнүндө душмандары менен согушууга чыгышкан. Алар Кедерломер, Фидал, Амрафел, Ариох менен согушушат. Төрт падыша беш падыша менен согушат. Сиддим өрөөнүндө көптөгөн жабышкан чайыр толтурулган абдан көп чуңкурлар бар эле. Содом менен Гоморранын падышалары качып кетишет да көп жоокерлер ушул чуңкурларга түшүп, көбү тоо тарапка качып кутулушат. Ошондо баскынчылар Содом менен Гоморранын мүлкүн тоноп, Содомдо жашаган Лотту да мал-мүлкү менен кошо байлап кетишет. Аман калган бирөө Ибраимге акыбалды кабар жеткиргени чаап жөнөйт. Ал убакта Ибраим амморейлик Мамренин эмен токоюна жакын жерде жашап турган. Мамре, Ешкол, Анер бири-бирине жардамдашабыз деп келишим түзүшөт. Бул келишимге Ибраим да кошулат.

Ибраимдин Лутту куткарып алышы

(14:14-17) Луттун туткундалганын укканда, Ибраим үйүндө туулуп өскөн кулдарын куралдантып алып, 318 кишиси менен баскынчыларды Дандан кууп жетип, түндө карп-күрп үстүнөн басып, таш-талканын чыгарат да Лутту бошотот. Тигилерди болсо Дамаскинин түндүк тарабына сүрүп салып, уурдалган мүлктүн баарын: аялдар менен кызматчыларды, ошондой эле Лутту да бүт мүлкү менен кайтарып алып, жеңиштүү кайтып келе жатканда азыркы Падыша өрөөнү деп аталган жерде Содомдун падышасы алдынан куттуктап тосуп чыгат.

Маликсадык

(14:18-24) Ошондой эле Эң Жогорку Кудуреттин ыйык дин кызматкери — Салам падышасы Маликсадык да нан, шарап менен алдынан тосуп чыгып: "Ибраим, асман-жердин ээси - Эң Жогорку Кудурет сага батасын берсин! Душмандарыңды жеңип чыгууга жардам берген ага даңк!" — деп батасын берди. Ибраим ага согуштан түшкөн олжонун ондон бир бөлүгүн берди. Содом падышасы Ибраимге: "Адамдарымды мага бер да мүлктү өзүңө калтыр" дегенде ал мындай деп жооп берди: "Кийин Ибраимди мен байыттым дебешиң үчүн Эң Жогорку турган Теңирге, асман-жердин Ээсине колумду жайып, шоонаңды да албайм деп ант берем. Кулдарым жеп койгонду гана кабыл этем. Мага согушта жардам кылган шериктерим: Анер, Ешкол, Мамрий өз энчисин ала беришсин. А мага эч нерсеңдин кереги жок."

Башталыштар 15

Кудайдын Ибраимге уул берем деген убадасы

(15:1-21) Бир түнү Ибраим аян көрдү. — Ибраим, кадырың жам болсун, коркпо. Сенин калканың — менмин. Сага абдан чоң сыйлык берем, — деди ага Теңир. — Оо, Кудай Эгем, мени бактылуу кылгыдай эмне бере алат элең. Бала бербедиң, эми мына, үйүмдөгү Дамаскилик кул артымда калып, мураскерим болот. Теңир ага: — Мураскериң ал болбойт, өз балаң болот, — деди да алачыгынан сыртка алып чыгып, жылдыздарды көрсөтүп: — Санап чыга аласыңбы. Тукумуң ушунча болот, — деди. Ибраим Теңирдин бул айткан сөзүнө ишенди. Теңир анын бул ишенимин чыныгы адилдик катары кабыл кылды. Анан: — Мен сага ушул жерди ээлик кылууга берүү үчүн халдейлердин Урунан алып чыккан Теңирмин, — деди. Ибраим: — Теңири Кудай таалам! Бул жер меники болорун эмнеден билсем болот? — деп сурады. Теңир ага: — Мага бир ноопас, чебич, кочкор, бактек жана жаш көгүчкөн алып кел, — деди. Ибраим апкелип, канаттуулардан башкасын ортосунан жара чаап, бөлүктөрүн ошол бойдон бири-биринин тушуна койду. Аңгыча ит-куштар учуп келе башташты. Ибраим этке кондурбай коруп турду. Күн бата уйку басып, көзү илинип кетти. Түндө түш көрүп, Теңирдин үнүн укту: — Билип ал! Балдарың чет жерде келгин катары жашап, төрт жүз жыл кул болушат, ошондон кийин аларды эзгендерди жазалап, ал жерден көп мал-мүлк менен алып чыгам. Сен өзүң болсо терең карып, көз жумасың, урпактарың жат элден төртүнчү тукумунда, Амор элинин күнөөлөрү чегине жеткенде кайра келишет, — деди. Күн батканда караңгы басып, өлүмтөлөрдүн жара чабылган жеринен түтүн менен от мамычасы сыяктанган нерсе аралап өттү. Ошентип Теңир Ибрайым менен ошол күнү Мисирдин четиндеги дарыя менен Евфрат дарыясынын ортосунда жашаган элдердин жерин берем деп келишим түздү. Ал элдер: кенейлер, кенезейлер, кедмонейлер, хеттер, ферезейлер, рефаимдер, аморрейлерлер, канандыктар, гергесейлер жана евусейлер.

Башталыштар 16

Исмаилдин төрөлүшү

(16:1-16) Ибрайымдын Кананда турганына он жылдын жүзү болсо да байбичеси Сара көз жарган жок. Саранын египеттик Агар аттуу күңү боло турган. Сара күйөөсүн Агарга үйлөнтүп, төрөлгөн баланы багып алууну чечти. Ошентип Ибраим Канан жерине келгени он жылдын жүзү болгондо Сара аны күңүнүн койнуна салып берди. Ибраим аялынын тилин алып, Агарды токолдукка алды. Күңдүн боюна бүткөндө, төрайымына кербездене баштады. Ошондо Сара: "Сенин айыңан жабыр тартып отурам, күңүмдү койнуңа салып бердим эле, эми кош бойлуу болуп алып, мени көзүнө илбей калды. Экөөбүзгө Теңир калыс",- деп күйөөсүнө даттанды. "Күң сеники эмеспи, — деди Ибраим ага, — эмнекылам десең өзүң билесиң да". Сара күн көрсөтпөй, кууруй баштаганда күңү чыдай албай качып кетти. Агарга ээн талаадагы Сурга барчу жолдун боюндагы кудуктун жанынан Теңирдин периштеси кезигип: — Саранын күңү Агар, кайдан келатасың? Кайда баратасың? — деди. Агар: — Мырзайымымдан качып чыктым, — деди. Периште: — Кой Агар, мырзайымыңа кайта барып, айтканында бол. Мен сенин тукумуңду сансыз көп кылам. Сен азыр кош бойлуусуң, уул төрөйсүң, атын Исмаил коесуң. Теңир зарыңды укту. Исмаил агайындарына каршылаш жашайт, — деди. "Мага көз кырын салып жүрүүчү Теңирди көрдүм", — деп, Агар ошол кудукту "Кам көргөн тирүү Теңирим" атады. Ал кудук азыр деле ошол Кадес менен Бареддин ортосунда турат. Агар Саранын үйүнө кайтып барды. Ай-күнү келгенде сексен алты жаштагы Ибраимге уул төрөп берди. Ибраим баласынын атын Исмаил койду.

Башталыштар 17

Сүннөт

(17:1-14) Ибраим токсон тогузга чыкканда Теңир ага келип:"Мен Кудуретүү Теңирмин. Мага берилип, ак жаша. Экөөбүздүн ортобуздагы келишимди бекитип, урпактарыңды эсепсиз көбөйтөм", — деди. Ибраим жүзтөмөндөп жыгылды. "Айтканым айткандай болот, — деди Теңир сөзүн улай,— сен көп элдердин атасы болосуң, ошондуктан мындан ары Ибраим эмес, Ибрайым аталасың. Сенин урпактарыңдан падышалар чыгат. Сенин, урпактарыңдын Кудай тааласы болом деп түбөлүктүү келишим бекитип, сен азыр мусаапыр болуп, жер кезип жүргөн Кананды сага жана сенин укум-тукумуңа биротоло энчилеп берем. Бирок өзүң да, урпактарың да укумдан-тукумга менин силер менен түзгөн келишимиме ак болгула. Силер тараптан эркек аттууңардын бири калбай сүннөттөлүүгө тийишсиңер. Силер менен түзгөн келишимимдин белгиси — ушул. Араңардагы ар бир эркек наристе: өзүңөрдүкүбү же акчаңарга келген башка элдикпи, сегиз күндүгүндө сүннөткө отургузулушу керек. Бул силердин денеңерге басылган келишим белгиси болсун, силер аны укумдан-тукумга сакташыңар керек. Сактабаган киши эл ичинен жоготулсун, анткени ал келишимимди бузган болуп саналат".

Кудайдын Ибрайымга бир жылдан кийин уулдуу болосуң деген убадасы

(17:15-27) Кудай таала Ибрайымга дагы мындай деди: — Эми аялыңды Сара дебей, Сарра деп жүр. Мен анын этегин жалгап, ал аркылуу сага дагы бир уул берем. Саррага ак батамды берип, көптөгөн улуттардын түп энеси кылып, балдарынан падышаларды чыгарам. Ибрайым буга ишене бербеди. Бетин басып: "Чал-кемпирге кайдагы бала", — деп ичинен күлдү. Анан: — Исмайылым эле аман болсо экен,— деди. Ошондо Кудай: — Так ушул Саррадан уул көрүп, атын Исхак коесуң. Мен Исхак менен келишим түзүп, анын урпактары үчүн ошол келишимди түбөлүккө бекитем. Исмаил тууралуу айтканыңды да эшиттим. Ага да батамды берип, урук-тукумун абдан көбөйтүп, он эки уруубашынын атасы кылам. Андан улуу эл жаралат. Бирок мен келишимди Сарра эмки жылы ушул маалда төрөй турган Исхак менен түзөм, — деди да Ибрайым менен сүйлөшкөнүн токтотуп, көккө көтөрүлүп кетти. Ибрайым Теңир айткандай кылып, үйүндөгү сүннөттөлүүгө тийиштүүлөрдүн баарын сүннөттөп чыкты. Өзү да сүннөткө олтурду. Ошондо ал токсон тогуз жашта эле.

Башталыштар 18

Көктөн түшкөн үч конок

(18:1-16) Теңир "ыйык теректер" деп аталган жерде жашаган Ибрайымга дагы жолукту. Ал түшкө маал, күн куйкалап турганда чатырынын оозунда ойго батып отурган эле. Бир оокумда башын көтөрүп, каршысында турган үч кишини көрдү. Ордунан атып туруп, тосо чуркап, ийиле салам берди. "Мырзалар,— деди ал,— мендей кулуңарды кыя басып, өтүп кетпегиле деп өтүнөм. Азыр колу-бутуңуздарды чайкаганга суу апкелдирем. Мына бул дарактын көлөкөсүнө отуруп, тыныгып алыңыздар. Мен болсо нан апкеле калайын, сапарыңыздарды өзөк жалгап алып, анан улантыңыздар". Тигилер макул болушту. Ибрайым чатырына шаша кирип, Саррага ундун мыктысынан үч чара жууруп, калама жасай салууну дайындады. Өзү бадага жүгүрүп барып, эң семиз торпокту тандап, аны кызматчысына сойдуруп, казан астырды. Анан конокторго айран-сүт жана эт тартып, тамактанып жатканда жанында кызмат кылып жүрдү. — Сарра кайда? — деп сурашты алар Ибрайымдан. Ал: — Чатырда, — деди. — Келээрки жылы так ушул маалда сага дагы келем, ошондо аялың Сарра уул төрөйт,— деди тигилердин бири. Сарра болсо мунун баарын Ибрайымдын артында, чатырдын кире беришинде туруп алып тыңшап турган. Күйөөсү менен бирге карылыкка моюн сунуп калган анын этек кири да эбак токтоп калган болчу. Ошондуктан ишенбей: "Кайдагы бала кемпирге?! Төрөм да арыды" деп ичинен күлдү. Муну тигил киши билип коюп, Ибрайымга айтты: — Сарра эмнеге күлүп жатат? Теңирдин колунан келбеген иш барбы?! Айтканым айткандай болот. Сага айткан маалда келгенимде Сарра уулдуу болот. Сарра коркуп кетип: — Коюңуз, күлгөн жокмун,— деди танып. Бирок тиги киши: — Жок, күлдүң!— деди. Алар ордунан туруп, Содом тарапка жөнөштү. Ибрайым аларды узатып чыкты.

Содом калаасы үчүн Ибрайымдын ортого түшүп, жалынуусу

(18:17-33) "Эмне кыла турганымды Ибрайымдан жашырмак белем, — деди Теңир ичинен,— сан жеткис, күчтүү эл ал аркылуу жаралып, бүт адамзатка бата ошол аркылуу тиет эмеспи. Аны мен артында калган туяктарына ак жашоону осуяттасын деп, ошентсе, ага айткандарымдын баарын орундатайын деп тандап албадым беле". Анан Ибрайымга карап: "Содом менен гоморралыктар абдан күнөөкөр эл деп көп уктум. Эми чындыгын өз көзүм менен көрүп келейин деп баратам",— деди. Ошондо жанындагы кишилер бурулуп, Содомду көздөй басышты. Ибрайым болсо Теңирдин маңдайында калып, ага жакын басып келди да: — Бузукуга кошуп, адилди да жок кыласызбы? Балким шаарда элүү адил адам бар чыгар? Ошолор үчүн ал жерге ырайым кылбай коесуңбу? Адил адамды бузуку менен бирге өлтүрүп таштаарыңа түк ишенбейм. Бүткүл ааламдын Калысы адилетсиз өкүм чыгармак беле? — деди. — Эгер Содомдон элүү адилди тапсам,— деп жооп берди Теңир ага,— анда ал жерге ырайым кылам. — Мен сиздин алдыңызда чаңмын, пендемин, ошого карабай Эгеме дагы сөз айтууга батындым, эгер элүүгө бешөө жетпей калсачы, ушул жетпей калган бешөө үчүн бүт шаарды кыйратасызбы? — Кырк беш адил үчүн кыйратпайм. Ибрайым кемитип отуруп онго түшүрдү. Теңир он адил табылса да кыйратпоого убада кылып, Ибрайымдын жанынан кетти. Ибрайым болсо чатырына кайтты.

Башталыштар 19

Адепсиз содомдуктар

(19:1-14) Кечкурун бул эки периште Содомго келишти. Лут шаар дарбазасынын жанында отурган. Бул экөөнү көргөндө ийиле салам айтып, үйүнө конуп кетүүнү өтүндү. Башында булар макул болушпады, бирок Луттун кыйылып суранганынан үйүнө келишти. Лут алардын курсагын тойгузуп, жакшылап сыйлады. Бирок коноктордун башы жаздыкка тие электе, Содомдун эли жаш-карысы дебей, шаардын тегерек четинен бери жыйылып келип, Лутка: "Кечинде сеникине келгендерди чыгарып бер, көңүл ачып алалы",— деп чуулдашты үйдү тегеректеп. "Агайындар, кыянаттык кылбагыла! Эр көрө элек эки кызымы берейин, каалаганыңарды кылгыла. Бирок буларга тийбегиле, булар менин кудайы конокторум", — деди Лут каалганы артынан жаба чыгып. Содомдуктар болсо: "Тур мындай! Муну кара, келгин болуп туруп, башкарганын көр тимеле, эми сени тигилерден беш-бетер кылабыз!" — дешип, аны туш-туштан каалгага кыса башташты. Ошондо үйдүн ичиндеги алиги экөө эшикти ачып, Лутту ичкериге киргизип, эшикти кайра жаап алышты. Ал эми сырттагылардын баарын эшикти таба алгыс кылып, көздөрүн карайлатып салышты. "Туугандарың бар болсо чыгып айт, бул шаардан тезирээк кетишсин. Теңир бул шаардын жамандыгы жөнүндө көп уккандыктан аны жер менен жексен кылууга бизди жиберди", — дешти Лутка. Лут сыртка чыгып, күйөө балдарына айтты. Бирок Луттун айткандарын азил катары кабыл алышкан алар ишенишпеди.

Луттун Содомдон качып чыгышы

(19:15-26) — Бол, аялың менен кыздарыңды алып, биерден тезирээк качып чык! — деп периштелер Лутту таңатпай шаштыра башташты. Лут эмне кылаарын билбей деңдароо болуп турганда, эки периште аларды колунан сүйрөп, шаардын сыртына чыгарып салышты. Ошондо бирөөсү: — Эми бул чөлкөмдүн эч жерине токтобостон аркаңарга карабай, тоого качып кутулгула,— деди. — Жок, таксыр! — деди Лут,— ырас, сиз мага зор жакшылык кылдыңыз, бирок мен тоого качсам кутула албайм. Мына жакын жерде чакан шаар бар, ошого качсам кутулам. Ал чакан эмеспи. Периште: — А мейли, сен үчүн аны жок кылбайын, бирок, кач эми тезирээк ошол шаарга, сен жетмейин ишимди баштай албайм,— деди. Лут эки кызы менен өзү айткан шаарга күн чыкканда жетти. Аялы болсо жолдо артын карай салып, туз мамыга айланып, катып калды.

Содомдун кыйратылышы

(19:23-29) Ошондо Теңир асмандан от аралаш күкүрт жаадырып, Содом менен Гоморра жайгашкан өрөөндүн таш талканын чыгарды. Эч нерсе соо калган жок... Ибрайым саар менен бир күн мурда Теңир менен сүйлөшкөн жерге барып, ылдый жакты караса өрөөндү уюлгуган түтүн басып жатыптыр. Ошентип, Кудай таала күнөөлүү шаарларды жок кылаарда Ибрайымды эске алып, анын инисин аман сактап калган.

Луттун урпактары

(19:30-38) Лут өзү тандап алган шаарда калгандан коркуп, эки кызы менен тоодогу үңкүрдө жашай баштады. Бир күнү улуу кызы кичүүсүнө мындай деди: "Аттиң, бардык жерде эркек-аял турмуш куруп, тукумун улашат. Атабыз болсо карып, үйлөнүүдөн калды. А бизге күйөө болгудай бул жерде эркек да жок. Ошондуктан атабыздын тукумун улантуу үчүн аны мас кылып туруп, койнуна жатып чыгалы". Ошентип, алар муну ишке ашырышты: биринчи түнү эжеси, экинчи түнү сиңдиси жатып чыкты. Лут болсо эч нерсени билген жок. Кийин ошол эки кыздан моав эли менен аммон эли келип чыккан.

Башталыштар 20

Ибрайым менен Сарра Филистимде

(20:1-18) Ибрайым түштүктөгү Герар шаарына көчтү. Сурагандарга Сарраны "карындашым" деп жүрдү. Бир күнү ошол жердин падышасы— Абдумалик Сарраны сарайына алдыртты. Ошондо Кудай анын түшүнө кирип:" Бирөөнүн аялын алдырганың үчүн өлөсүң!"— деди. Бирок Ал Саррага тие элек эле. Ошондуктан: "Теңири, менде күнөө жок. Күнөөсүз эле өлтүрүп саласыңбы? Ибрайым аны "карындашым" деп өзү айтпадыбы! Сарра да Ибрайымды "агам" деди го! Жок, Теңир, менин ниетим ак, колум да таза",— деди. "Көңүлүңдө кир жоктугунан күнөөдөн сактап калдым,— деди ага Кудай, — эми Сараны эрине бер. Анын күйөөсү пайгамбар. Аны өзүң үчүн ибадат кылдыр, ошондо аман каласың. Эгер бербесең бүт үй-бүлөң менен сөзсүз мерт болосуң". Абдумалик таң атаары менен бүт кызматчыларын жыйнап, түндө көргөн аянды айтканда баарынын үрөйү учту. Анан Ибрайымды чакыртып: — Айтчы, сага кандай жамандык кылдым? Аз жерден эли-журтумду чоң күнөөгө киргизип кое жаздадың го! Сен мындай кылбашың керек эле! Кандай ой менен ушундай кылдың? — деди. — Бул жердиктерди Кудай тааладан коркпогон эл экен деп ойлоп, аялымы тартып алуу үчүн мени өлтүрүп салышабы деп корктум, — деди Ибрайым жооп берип, —аялым чынында эле аталаш карындашым. Кудай таала ата- энемдин үйүнөн жер кезүүгө алып чыкканда андан: "Кайда барсак да агам де" деп суранган элем",— деди. Абдумалик ага бай белектерди тартуу кылып, аялын колуна тапшырды да каалаган жеринде жашоого уруксаат берди. Эл алдында Сарранын жүзү ак болсун деп Ибрайымга миң дилде берди. Анан Ибрайым Теңирге сыйынды. Ошондо Абдумалик, анын аялы жана күңдөрү төрөбөс ооруудан айыкты.

Башталыштар 21

Кудайдын убадасынын аткарылышы

(21:1-8) Теңир айткан маалда Сарра жүз жаштагы чалы Ибрайымга уул төрөдү. Ибрайым баласынын атын Исхак коюп, Кудай осуяттагандай сегиз күндүгүндө сүннөткө отургузулду. "Кудай багымы ачты, эми уулдуу болгонумду уккандар кубанычыма ортоктош болот. Чиркин десең, мени төрөп, бала эмизет деп ким ойлоптур? Бирок карыса да Ибрайымды уулдуу кылдым", - деп Сарранын кубанычы койнуна батпады.

Агар менен Исмайылдын куулушу

(21:8-21) Исхак эмчектен чыккан күнү атасы чоң той берди. Ошол убакта Исмаил он төрттө эле. Бир күнү Сарра анын Исхакты келекелеп жатканын көзү чалып калды да Ибрайымга: "Мынабу күңдү баласы менен кошуп кууп жибер. Анын баласын Исхагым менен энчилеш кылгым келбейт",— деди. Ибрайым баласын ойлоп, ичи ачышты. Бирок Кудай таала: "Балаң менен токолуң үчүн кабатыр болбо. Байбичеңин тилин ал, анткени сенин уругуң Исхак аркылуу көбөйөт. Күңүңдүн баласынан да эл жаратам, анткени ал да сенин уругуң",— деп анын көңүлүн жубатты. Ал эртеси таңазанда турду да, нан менен бир чанач сууну Агардын ийнине артып, баланы колуна жетелетип, жолго салды. Агар чөлдө баратып, Вирсавиянын тушунда адашып кетти. Суусу да түгөнүп калды. Ошондо баланы бадалдын түбүнө жаткырып, өлгөнүн көзүм көрбөсүн деп, бута атым жерге отуруп алып, канкакшап, ыйлай баштады. Кудай баланын үнүн укту. Ошондо Кудайнын периштеси: "Агар, сага эмне болду? Коркпо, балаңдын үнү Кудайга жетти. Кой, ыйлаба, тур да балаңды колунан ал. Мен андан чоң эл жаратам",— деп Агарга кудукту көргөздү. Агар чаначын толтуруп, баланын суусунун кандырды Кудай бала үчүн кам көрдү. Ал Фаран чөлүндө мерген болуп чоңойду. Эр жеткенде энеси ага Мисирден аял алып берди.

Ибрайым менен Абдумаликтин келишими

(21:22-33) Бир күнү Абдумалик аскербашысы менен Ибрайымга келип: "Кудай таала колдогон киши экенсиң. Ошондуктан мен сага кандай жылуу мамиле кылган болсом, сен да мага, балама, небереме, конок катары жашап турган жерге ошондой мамиле кылам деп убада бер, мен ошон үчүн келдим",— деди. Ибрайым убада берди, бирок Абдумаликтин адамдары зордук менен тартып алган кудукту айтып, нааразылыгын билдирди. Абдумалик бул тууралуу эч ким айтпаганын, биринчи жолу угуп жатканын айтты. Ошондо Ибрайым ага төрт түлүк малдан тартуу этип, аны менен тынчтык келишим түздү. Ибрайым бул келишимден сырткары жети козу тартуу этип:"Булар кудукту мен казгандыгыма кепил болушсун", — деп Абдумаликтен ант алды... (Ошондон улам ал жер Вирсавия (ант кудугу) аталып калган.) Тигилер кеткенде Ибрайым Вирсавияга бак отургузуп, анын жанында түбөлүктүү Кудай — Теңирге тайынды. Ошентип, ал Филистим жеринде келгин катары, бир топ жашап турду.

Башталыштар 22

Ибрайымдын ишеними

(22:1-19) Ушул окуялардан кийин Кудай Ибрайымдын ишенимин сынамакчы болуп, бир күнү: — Ибрайым, Ибрайым! — деп үн катты. — Кулак сизде, — деди Ибрайым. — Жалгыз уулуң, көкүрөк күчүгүң — Исхагыңды алып, Мориа жерине бар, ошол жердеги тоолордун бирөөн көргөзөм, ошонун чокусуна чык да аны курмандыкка чалып, денесин өрттөп жибер Ибрайым эртеси кулан өөк туруп, эшегин токуп, курмандыкты өртөөгө жетерлик отун алды да үйүндө өскөн эки малай баланы жана уулу Исхакты ээрчитип, жолго чыкты. Ибрайым үч күн дегенде Кудай айткан жерди алыстан көрдү. Ошондо малайларына: "Силер эшектин жанында калгыла, уулум экөөбүз тыякка барып, таат-ибадат кылып келели" деп, аларды калтырып, отунду уулунун жонунаартып, өзү от менен бычакты алды да жолун улантты. — Ата,— деди Исхак бир оокумдан кийин сөз баштап. — Кулак сенде, балам. — Атаке, оттук менен отун мына, а курмандыкка чалынып, өрттөлө турган козу кана? — Уулум, аны убагында Кудай өзү караштырып коет, — деди Ибрайым ага жооп берип. Ошентип, Кудай көргөзгөн жерге жетип келишти. Ибрайым курмандык өрттөй турган жай жасап, баласы Исхакты таңып туруп, каланган отундун үстүнө жаткырды да колун бычакка сунду. Ошондо көктөн: "Ибрайым, Ибрайым!"— деген Теңирдин периштесинин добушун эшитти. "Балага кол көтөрбө,— деди ал,— Кудайны урматтаганыңды, жалгыз балаңды да менден аябаганыңды көрдүм". Ибрайым артын кылчая карап, калың бутага мүйүзү менен чалынып турган кочкорду көрдү. Ошону алып, уулунун ордуна курмандыкка чалып, өрттөп жиберди. (Ибрайым ал жерге "Теңир керегиңди берет" деп ат койгонунун себеби ошондон. Эл азыр да ал жерди "Теңир Тоодо Кудай керегиңди өзү берет",— деп коет.) Периште Ибрайымга экинчи ирет асмандан үн катты: "Теңир мындай дейт: "Мен үчүн жалгыз уулуңду аябай, ушул ишке барганың үчүн өзүмдүн атым менен ант берем: сени ак батама карк кылам, жыбыраган жылдыздардай, көл жээгиндеги кумдай кылып, урук- тукумуңду көбөйтөм, алар кастарынын шаарларын ээлейт, сенин уругуң аркылуу жер жүзүндөгү калктардын баарына батам тиет. Себеби сен менин тилимди алдың".Ибрайым жолдон малайларын алып, Вирсавияга кайтып келип, ал жерде жашап турду.

Нахордун урпактары

(22:20-24) Ушул окуялардан кийин ал: "Нахор да карындашыңыз Милкадан көп бала- чакалуу болуптур",— деген кабар укту. Алар: Уц, Вуз, Кемуил, Кесед, Хазо, Пилдаш, Идлаф, Вафуил. Кемуилден Арам. Вафуилден Рабига. Токолу Реумадан: Тевах, Гахама, Тахаш, Мааха.

Башталыштар 23

Сарранын дүйнөдөн кайтышы

(23:1-20) Сарра 127 жетиге чыгып, Канан элиндеги, Кириат-Арбада көз жумду. Ибрайым аялын жоктоп ыйлап, абдан каттуу кайгырды. Анан хеттиктердин алдына келип: — Мен жериңиздерде жүргөн бир карып, мусаапыр адаммын. Маркумумду койгонго жериңиздерден сатып алайын дедим эле,— деди. Алар: — О аксакал, биз сизди Кудайнын адамы деп билебиз. Мүрзөбүздүн эң мыкты жерине көмө бериңиз, эч кимибиз каршы болбойбуз,— деп жооп беришти, чын жүрөктөн кабыл алышып. Ошондо Ибрайым аларга таазим кылып, дагы мындай деди: — Эгер маркумумду көмгөнгө макул болсоңуздар, анда Цохардын баласы Ефрондон талаасынын четиндеги үңкүрдү сиздердин алдыңыздарда толук баасына мага сатуусун сурап берсеңиздер экен. Бүт шаар эли ошол жерде жыйылып турган. Ефрон ошол элдин арасында эле. Ал баарына угуза: — Коюңуз, аксакал, талааны үңкүрү менен кошо ушул элдин көзүнчө бекер эле берейин. Сизге белек болсун. Маркумуңуздун сөөгүн кое бериңиз,— деди. Ибрайым эл алдында таазим этип, Ефронго: — Акчасын берейин, айтканыма көнүп, алып кой, — деди элге угуза. Ефрон: — Аксакал, жер көп болсо төрт жүз күмүш дилде турат, экөөбүз үчүн бул бир нерсеге арзырлык акча беле? Маркумуңуздун сөөгүн кое бериңиз,— деди. Ибрайым аны угуп чыгып, элге угуза айтылган наркты санап берди. Ошентип, ошол талаа, үңкүрү, бак-дарактары жана башка нерселери менен кошо мүлдө хет элинин көзүнчө толугу менен Ибрайымдын карамагына өттү. Кемпири Сарраны ошол жерге көмдү.

Башталыштар 24

Ибрайымдын кулуна берген осуяты

(24:1-10) Ибрайым жашы өр тартып калды. Теңир аны бардык жактан берекелүү кылды. Күндөрдүн биринде ал башчы кулуна мындай деди: — Сен азыр уулум Исхакка аялды бул жердиктерден эмес, менин ата- журтума барып, ошол жактан алып берем деп, асман-жердин Кудайынын атын оосанып ант бергин! — Куп болот, төрөм,— деп жооп берди кулу,— бирок келин бул жакка келгиси келбесечи, анда уулуңду сен чыккан жерге кайтарышым керекпи? — Антпегин! Уулумду ал жакка кайтарбагын! Мени атамдын үйүнөн, киндик каным тамган жерден алып чыккан, "урук-тукумуңа ушул жерди берем!" деп ант кылган Көк Теңири алдыңан периштесин жиберип, жолуңду ачат. Эгер келин сени менен келгиси келбесе, анда анттан башың бош. Бирок эч качан уулумду ал жакка кайтарбагын! Кул ант берди. Анан кожоюнунун төөлөрүнөн онду алып, ар түрдүү кымбат-баа буюмдардан артып, бир топ киши менен Месопотамиядагы Нахордун шаарына жөнөдү...

Ибрайымдын кулунун Исхакка колукту табышы

(24:11-61) Кечке жуук, кыз-келиндер суу алганы чыгаар маалда, төөлөрдү кудуктун жанына токтотту да: "Оо Теңир, кожоюнум Ибрайымдын Кудайы — Кудай таала! Кожоюнума ырайым кылып, келинге бүгүн туш кыла көр. Мына, мен ушул кудуктун жанында турам, кыздар шаардан суу алганы чыгып жатышат. Кимисине: "Кумараңды эңкейтчи, суу ичип алайын" дегенимде, "Ичиңиз, төөлөрүңүзгө да сузуп берейин" дегенин сенден деп билейин",— деп сыйынып турду. Сөзүн аяктай электе бир кыз шаардан кумарасын көтөрүп чыга келди. Ал Нахордун небереси — Рабига эле. Рабига абдан чырайлуу, эркек колу тийбеген кыз болчу. Ал булакка түшүп келип, кумарасын толтуруп, өйдө жөнөгөндө кул алдынан торой чыкты да: — Садагасы, бир аз суу ичкизчи, — деди. Кыз дароо ийининен кумарасын түшүрүп, кулдун суусунун кандырды да: — Төөлөрүңүзгө да сузуп берейин, кангыча ичип алышсын, — деп, калган сууну аштоого куя сала, кайрадан кудукка чуркап кетти. Бу киши үн катпастан, Кудай жолумду ачты бекен деп, кызды таң кала карап турду. Төөлөрдүн суусуну канганда, кызга чоң алтын сырга менен эки билерикти салып, андан: — Кагылайын, кимдин кызысың, ошону айтчы? Атаңкынан бизге түнөөгө жай табылаар бекен?— деп сурады. Кыз ата-тегин айтып: — Биздикинде тоют көп, түнөк да бар,— деди. Ошондо Ибрайымдын кулу тизе бүгүп, Теңирге таазим этти. "Менин кожоюнум Ибрайымдын Кудайы — Теңири Кудайга алкыш,— деди бу киши,— кожоюнумдан мээрими менен берекесин аябастан мени түптүз инисиникине апкелиптир". Кыз болсо бул окуяны жүгүрүп барып, энесине айтты. Рабиганын Лабан деген агасы боло турган. Ал карындашынын жаңы жасалгаларын көрүп, андан чоочун адамдын сөзүн укту да ага жетип барып: — Эй, Теңир жалгаган адам, үйгө кириңиз, неге сыртта турасыз? Сизге да, төөлөрүңүзгө да жай даярдап койдум,— деди. Ошондон соң тигил киши үйгө кирди. Лабан төөлөрдү жайдактап, отко койду. Анан конокторго суу куюп, тамак тарттырды. Ошондо кул: — Жөн-жайымды айтмайынча наар сызбайм, — деди. — Анда кулак сизде. — Мен Ибрайымдын кулу болом,— деп сөзүн баштады ал,— Теңир кожоюнума береке төгүп, абдан байытты. Төрт түлүк малдан берди, алтын-күмүшкө карк кылды, кул-күңдөрүн көбөйттү. Кемпири карыганда болсо, уулдуу кылып сүйүнттү. Азыр төрөм ошол баласына колундагысынын баарын берген... Кул Ибрайымга берген антын, бүгүнкү кудуктун мойнундагы окуяны — баарын төкпөй-чачпай айтып келип: — Эми, төрөмө бир жакшылык кылалы деген ниетиңер болсо, айткыла, болбосо аны да айткыла, мындан ары кайсы жолго түшөрүмдү билип алайын,— деди. Ошондо Лабан менен Батуил: — Бул Теңирден экен. Сизге жакшы-жаман дей албайбыз. Рабига алдыңызда турат. Алып кетсеңиз болот. Теңир айткандай, кожоюнуңуздун баласына аял болуп берсин,— дешти. Ошондо кул Теңирге терең таазим этип, куржунунан алтын-күмүшүн, кийитин алып чыгып, Рабигага берди. Кыздын агасы менен энесин да кымбат баалуу белектерден кур калтырбады. Анан Ибрайымдын кишилери ичип-жеп, жатып калышты. Кул эртеси туруп, кетүүгө уруксаат сураганда кыздын агасы менен энеси: “Кызыбыз дагы беш-он күн биз менен турсунчу”, — деп өтүнүштү. “Кудай жолумду ачты, эми мени кармабаңыздар, кожоюнума барайын”, — деп кул макул болбоду. Ошондо алар кыздын өзүнөн сурап көрөлүчү дешти да аны чакырып алып: “Кетесиңби бу киши менен?” — деп сурашканда кыз: “Кетем”,— деди. Ошондо алар Рабигага: “Карындашыбыз, сен миң-сандаган урпактардын энеси бол ылайым, балдарың душмандарынын шаарларын ээлешсин!” — деп бата беришип, баккан энеси менен Ибрайымдын адамдарына кошуп, жолго узатышты. Рабига кызматчы кызы экөө төөлөргө минип, тиги кишинин артынан ээрчишти. Исхак ошол кезде Канандын түштүк жагында турчу. Ал "Кам көргөн тирүү Кудайым100" деген кудуктан кайтып келип, бир аз ой жүгүртүү үчүн күүгүм кирген маалда ачык талаага чыккан. Аңгыча келе жаткан төөлөрдү көзү чалды. Рабига да ай-талаадагы адамды көрүп, төөдөн түшө калып, кулдан: — Алдыбыздан келе жаткан киши ким? — деп сурады. Кул: — Кожоюнум, — деп жооп берди. Рабига үлбүрчөгүн ала коюп жамына калды. Кул болсо Исхакка кылган ишин төкпөй-чачпай баяндап берген соң, Исхак Рабиганы маркум энеси Сарранын чатырына киргизди. Ошентип Рабига Исхактын аялы болду. Исхак Рабиганы берилип сүйүп, энесине болгон кусалыктан жеңилдеди.

Башталыштар 25

Ибрайымдын дүйнөдөн өтүшү

(25:1-10) Кийин Ибрайым Хеттура аттуу аял алып, андан Зимран, Ёкшан, Медан, Мадиан, Ишбак, Шуах деген балалуу болду. Иокшандан Шева, Дедан. Дедандан Ашурим, Летушим, Леюмим. Мадиандан Ефа, Ефер, Ханох, Авида, Елдага. Ибрайым колундагы байлыгынын баарын уулу Исхакка мурастап берди, ал эми токолдорунан төрөлгөн балдарына белектерди берип, көзү тирүүсүндө эле Исхактын жанынан алысыраак, чыгыш тарапка жөнөтүп жиберди. Ал жүз жетимиш бешке чыгып, өмүргө тоюп, көз жумду. Сөөгүн балдары: Исхак менен Исмайыл энеси Сарра коюлган жерге коюшту. Ибрайымдын көзү өткөндөн кийин Кудай анын уулу Исхакка батасын берди. Ал "Кам көргөн тирүү Кудайым" кудугуна жакын жерде жашап турду.

Исмаилдин урпактары

(25:12-18) Исмаилден булар тараган: Навайоф, Кедар, Адбеел, Мивсам, Мишма, Дума, Масса, Хадад, Фема, Иетур, Нафиш, Кедма. Исмайылдын урпактарынын он эки уруу башчысы ушулар. Исмайыл жүз отуз жетиге чыгып, каза болду. Андан он эки көчмөн уруу тарады. Алар Кыбыладан тартып, Египеттин алдындагы Сурга чейинки аралыкты мекендеп, көчүп-конуп, мурда айтылган пайгамбардык сөздөгүдөй агайындарына каршылашып жашашты.

Исхактын урпактары

(25:19-26) Исхак Рабигага үйлөнгөндө кырк жашта эле. Бирок, Рабига менен жашаганына жыйырма жылдын жүзү караса да аялынын согончогу канабады. Ошондо Кудайга жалынды. Кудай зарын угуп, Рабиганын боюна эгиз бала бүттү. Алар энесинин кардында жатканда эле бири-бири менен тебише баштагандыктан Рабига: "Кокуй, бул эмнеси?" — деп Теңирге сыйынды. "Ичиңде эки уруу эл жатат,— деди ага Теңир,— эки башка эл чыгат, бири экинчисинен күчтүүрөөк болуп, чоңу кичирээгине кызмат кыла турган болот". Ошентип, Рабига ай-күнү жетип, эгиз төрөдү. Биринчиси бүткөн бою кызыл түк болгондуктан Исав аталды. Экинчиси түгөйүнүн согончогун кармай чыкты. Ага Жакып деген ат коюлду.

Исавдын жеңил ойлуулугу

(25:27-34) Балдар эр жетти. Исав талаа кезген аңчы болсо, Жакып чатырдан чыкпаган жоош бала болуп өстү. Атасы илбээсин этин жакшы көргөндүктөн, Исавды өзгөчө сүйчү, ал эми Жакып болсо энесинин сүйүктүү баласы эле. Бир күнү Исав аңдан чарчап келсе иниси тамак бышырып жатыптыр. Ал казанда кайнап жаткан көжөнү көрө сала Жакыпка: — Бол эми, мага бачымыраак мынабу кызылынан берчи, курсагым ачты,— деди. (Ошондон улам ал кийин Едом (мааниси кызыл) аталып калган.) Жакып ага: — Алды менен мага тунгучтук укугуңду сат, анан берем,— деди митаамданып. — Ачкадан өлүп баратам, өлүп калсам туңгучтук энчимден не пайда? Ала бер нары! — деди Исав чыдамы кетип. — Анда ант бер,— деди Жакып. Исав ант берип, укугун бир нан менен бир кесе жазымык көжөгө алмаштырды. Жакыптын бергенин жеп алып, кагынып силкинип, ордунан туруп басып кетти.

Башталыштар 26

Исхак Филистимде

(26:1-11) Исхак жашаган жерде, мурда Ибрайымдын тушунда болгондой катуу ачарчылык жүрүп, ал Абдумаликтин жери тарапка жол тартты. Ошондо Теңир алдынан чыгып: "Египетке түшпөй мен айткан жерде жаша! Мен дайыма сага жар болуп, батамды берем. Атаңа берген антымды орундатып, ушулжерлердин баарын балдарыңа берем. Аларды жыбыраган жылдыздардай кылып көбөйтөм. Сенин уругуң аркылуу жер жүзүндөгү мүлдө адамзатка батам тиет. Себеби атаң Ибрайым тилимди алып, айтканымдын баарын сактаган" дегенинен улам ал Герарда калып калды. Рабиганы аялым десем ага көз арткандар көзүмдү тазалайбы деп коркуп, сураган кишилерге карындашым деп койчу. Анткени Рабига ай-чырайлуу, келишкен сулуу аял эле. Арадан бир топ убакыт өттү. Бир күнү Абдумалик терезесинен Исхак менен Рабиганын жубайларча ойноп жатканын көрүп калды. Анан Исхакты чакырып алып: — Рабига аялың турбайбы кокуй! Эмнеге карындашым дедиң? — деди. — Ооба таксыр, анын айынан мени өлтүрүп коюшабы деп... — деди Исхак мукактанып. — Бул эмне кылганың? Элден бирөө аялыңа жакындап кое жаздады, антсе, бизди күнөөгө батырмаксың. Абдумалик буларга тийген киши өлүм жазасына тартылат деп элге жарыя кылды.

Исхактын Филистимден куулушу жана Абдумалик менен түзгөн келишими

(26:12-33) Исхакка Теңир жар болуп, ошол жылы сепкен эгининен жүз эселеп түшүм жыйнап алды. Анын дүнүйөсүнүн үстүнө дүнүйө кошулуп отуруп, абдан байып кетти. Ошондон улам филистимдиктер ич күйдүлүк кылышып, атасы Ибрайымдын көзү тирүүсүндө анын кулдары казган кудуктардын баарын көмүп, кыянаттык кыла башташты. Абдумалик да "биерден кет, анткени бизден күчтүү болуп кеттиң" дегенинен Герар өрөөнүнө көчүп кетти. Тигилер толтуруп салган кудуктарды кайрадан тазалап, аларга атасынын көзү тирүүсүндөгү аттарын кайра берди. Бир жолу Исхактын кулдары кудук казып жатып, кайнар булакка туш болушту. "Бул суу биздики" деп, герардык чабандар Исхактын чабандарынан талаша кеткенинен Исхак аны "Талаш кудук" атап, башка кудук казганы кетип калды. Экинчисин да талашып, касташа башташканынан аны "Жаңжал кудук" атап, аны да калтырып, үчүнчү кудукту казды. Бул кудукту эчкимиси талашпады, ошондо Исхак: "эми өрүшүбүздү жайып, өркүндөп өсөбүз" деп аны "Кең өрүш кудук" атады да Вирсавияга журт жаңыртты. Ошол түнү ага Теңир аян берип: "Мен атаң Ибрайым сыйынган Кудаймын. Сен коркпо, ар дайым жаныңда болуп, батамды берем. Кулум Ибрайым үчүн урпагыңды көбөйтөм ",— деди. Исхак курмандык чала турган жай орнотуп, Теңирге тайынды. Ошол жерге чатырын тигип, кулдарына кудук каздырды. Ошол күндөрдүн биринде аскербашчысын жанына алып, Абдумалик келди. Исхак аларга: — Ии, келип калыпсыңар! Өчөшүп, араңардан кууп жибербедиңер беле?— деди зекий. — Теңир колдогон киши экениңди ачык билип, сени менен ант менен бекитилген келишим түзүүнү чечтик. Ошондуктан бири-бирибизге шарт коелу: биз сага тийишпей, жакшылык гана кылып, тынчтык менен кое бердик эле, мына, сага Теңир эми батасын берип отурат, эми сен да бизге жамандык кылбайм деп ант бер. Исхак аларды жакшылап сыйлап, эртеси эрте туруп, алар менен ант бекитип, тынчтык менен узатып койду. Ошол күнү Исхактын кулдары суу таптык деп кабар жеткиришти, Исхак аны "Вирсавия" атады. Ошол жердеги шаар азыр Вирсавия деп аталат. Ал эми Исав болсо кыркка чыкканда хеттик эки аял алды. Бирок Исхак менен Рабига бул келиндеринен көп убайым жешти.

Башталыштар 27

Жакыптын агасын алдап, тунгучтук укунгун сатып алышы

(27:1-29) Исхак абдан карып, көзү көрбөй калды. Ошондо улуу баласын чакырып алып мындай деди: — Уулум, мен карыдым, өлөөр күнүм белгисиз. Бачымыраак курал-жарагыңды ал да илбээсин атып келип, сүйгөн тамагымды жасап бер, өлө элегимде сага батамды берип калайын. Рабига тыңшап турган. Улуусу талаага кетээр менен укканын Жакыбына айтып берди. — Эми, балам, тилимди ал,— деди Рабига Жакыпка, — короого барып, семиз улактан экини апкел. Мен атаң сүйгөн тамакты жасайын. Сен астына апарып, өлөөр алдында батасын алып кал. — Агам Исав түктүү адам, а мен болсом сыйдамын да? Кокус, сыйпалап калса, калпым чыгып, алдында алдамчы болсомчу? Батасын эмес каргышын алып калбайын,— деди Жакып коркуп. Энеси ага: — Каргыш-балакетиңди мен алайын, тил алып, айтканымды апкел! — деди. Жакып энесинин тилин алып, айтканын апкелди. Рабига чалынын сүйгөн тамагын жасады. Анан Жакыпка үйүндө илинип турган улуу уулунун сый кийимин кийгизип, колу-мойнуна улактын терисин ороду да тамакты колуна карматып, атасынын үстүнө киргизди. — Атаке,— деди Жакып босогону аттап. Исхак: — Атаң айлансын, кайсы баламсың?— деди бүшүркөп. — Тун уулуңуз Исавмын, айтканыңызды аткардым. Туруп, илбээсинимди жеп, батаңызды бериңиз. — Тез эле атып келе калдыңбы, балам?— деди Исхак шекший. Жакып: — Анткени сиз сыйынган Теңир алдыма салып берди,— деди. — Жакын келчи балам, Исавымсыңбы же жокпу сыйпалап көрөйүн. Жакып жанына барды. Исхак сыйпалап көрүп: "Кудая тообо, дабышы Жакыптыкы да колдору Исавдыкындай",— деп кобуранып алды да: — Уулум Исав сенсиңби? — деп сурады дагы бир мертебе. Жакып: — Ооба,— деп жооп берди. — Анда апкел, айланайын, илбээсиниңди жеп, батамды берейин. Жакып атасынын алдына энеси даярдаган тамакты апкелип койду. Атасы берген тамагын жеп, шарабын ичип бүттү да: — Уулум, келип, бетимден сүйчү,— деди. Жакып басып барып, бетинен өпкөндө, атасы анын үстүндөгү Исавдын кийиминин жытын сезип, мындай деп батасын берди: “Теңир жалгаган талаанын жытындай болгон жытыңдан айланайын! Ылайым Кудайым сени жамгырдан, берекелүү жерден, эгин менен ширеден кем кылбасын! Калктар сенин кызматыңды кылышсын! Элдер сенин алдыңда, таазим этишсин! Агайын-туугандарыңдын бийи болгун! Сага наалат айткандар, өздөрү наалатка калсын! Сени алкагандар алкышка тунушсун!”

Пайдасыз өкүнүч

(27:30-40) Жакып атасынын алдынан чыгаар менен талаадан Исав келди. Ал да тамак жасап, атасынын алдына апкелди да: — Ата, туруңуз, илбээсинимди жеп батаңызды бериңиз,— деди эч нерседен бейкапар. — А кимсиң сен? — Тун уулуң Исавмын. Исхак селт элтип, катуу чочуп кетти. — Кокуй, анда сенин алдыңда илбээсин апкелген ким эле? Мен анын бергенин жеп, батамды берип койбодумбу? Эми батам анын үстүндө калды. Ошондо Исав: — Ата, мага да батаңызды бериңиз, — деп туталанып ыйлап жиберди. А бирок атасы: — Иниң куулук менен келип, сага бере турган батамды алып кетти,— деди. — Аты бекеринен Жакып эмес экен анын, ал мени эки ирет сызга отургузду. Адегенде туңгучтук укугумду, эми болсо мага тийиштүү батаны алдап алды,— деди Исав, ичи өрттөнүп, — ата, чындап эле мен үчүн батаңыздан калтырган жоксузбу? — Алда балам ай, мен аны сага бий кылып, бардык агайындарын кол алдына бердим. Эгин менен ширеге карк бол дедим. Эми сага эмнени берейин? — Атаке, батаңыз бирөө элеби? Исав өңгүрөп, ыйлап жиберди. Ошондо Исхак ага мындай деди: "Ээ балам, сен жер соорусунан оолакта, көк шүүдүрүмүн көрбөй, алыс жакты мекендейсиң. Кылычың менен жан багып, иниңе кызмат кыласың. Сенин да саатың келет бир убактарда. Ошондо башыңа катылган ноктону, силкип таштайсың".

Алдамчылыктын алгачкы жемиши

(27:41-46) Исав ошондон баштап, Жакыпты жек көрүп калды. "Атамдын көзү өтөөр кез келатат, ошондо аны өлтүрөм", — деди ал. Бул сөз Рабигага жетип, ал Жакыбын чакыртып алды да: "Агаң көзүңдү тазалайм деп коркутуп жатат. Эми, балам, тилимди ал, тезирээк Карандагы агамкына кач. Агаңын ачуусу тарап, сенин ага кылган ишиңди унутканча, ошонукунда жашай тур. Кийин киши жиберип, алдырып алам. Бир күндө экөөңдөн тең ажырап, көзүмдү кашайткым келбейт?"— деди.

Башталыштар 28

Каранга сапар

(28:1-9) Исхак Жакыпты чакырып алып, батасын берди да "канандыктардан аял алба!" деп катуу эскертти. “Месопотамиядагы таятаңкына барып, таякең Лабандын кыздарынан ал, — деди ал, — кудуреттүү Кудай жалгап, укум- тукумуңду көбөйтүп, көп улуттардын түп атасы кылсын. Ибрайымга берген батасы сага жана сенин урпактарыңа тийип, азыр бөтөн адам болуп жашап жаткан жердин ээси бол”. Ошентип, Исхак баласын жолго салды. Исав болсо мунун баарын байкап турган. Жакып ата-энесинин тилин алып, Месопотамияга кеткенин да көрдү. Атасынын сөзүнөн канандык аялдарды жактырбаганын билди. Анан Исмайылга барып, эки аялынын үстүнө анын кызын алды.

Жакыптын түшү жана Кудай менен биринчи жолугуусу

(28:10-22) Күн батканда, Жакып бир жай таап, таш жазданып, жата кетти. Түшүнө жерден көккө чейин жетип турган шаты кирди. Кудайдын периштелери аны менен чыгып-түшүп жатыптыр. Анан ошол шатынын жанында турган Теңирди көрдү. Ал Жакыпка мындай деди: "Мен — Теңирмин, атаң Ибрайым менен Исхактын Кудайымын. Жаткан жериңди сага жана урпактарыңа берем. Тукумуң кумдай көп болуп, төрт тарапка жайылат. Сен жана сенин урпактарың аркылуу мүлдө адамзатка батам тиет. Мен сага жар болуп, кайда болбо — коргойм, кийин сени ушул жерге кайра алып келем. Убадамды орундатмайын сени калтырбайм". Жакып ойгонуп кетип: "Бул жерде Теңир бар экенинде шек жок, а мен билбептирмин! Бул жер касиеттүү жер экен, биерде Кудайдын үйү бар экен, көккө кире турган эшик экен",— деди эси чыгып. Эртеси кулан өөк туруп, жазданган ташын эстелик катары койду да үстүнө май куйду. Ал жерди Бетель атап, анан мындай деп сөз берди: "Эгер Кудай мага жар болуп, ушул сапарымда аман сактап, ичер тамагым менен киер кийимимден аздыртпай, үйүмө аман келсем, анда сыйынчу Кудайым — Теңир болот. Эстелик катары койгон мына бул ташты ага табына турган жай кылам. Теңир, ошондо мага берген нерсеңдин бардыгынан ондон бирин сага берем".

Башталыштар 29

Жакыптын таекеси Лабандын үйүнө келиши

(29:1-14) Жакып күн чыгыштагы өлкөгө келип, талаадагы кудукту тегерете жуушап жаткан үч короо койго туш болду. Койчулар малы түгөл чогулганда кудуктун оозундагы килейген ташты жылдырып, малын суугарып алып, кайра ордуна коюп коюшчу. — Бурадарларым, кай жерден болосуңар? — деп сурады Жакып чабандардан. — Каранданбыз,— дешти бир ооздон. — Нахордун Лабан деген баласын тааныйсыңарбы? — Ооба, тааныйбыз. — Күүлүү-күчтүүбү? — Күүлүү-күчтүү, сак-саламатта. Тигине, кызы Рахила коюн айдап келе жатат. — Али күн эрте го, койлорду жыйнай турган маал боло элек. Суугарып алып, дагы жая түшкүлө! — Койлор түгөл жыйылып, кудуктун оозун ачмайынча суугара албайбыз. Жакып койчулар менен сүйлөшүп жатканда жайган коюн айдап Рахила келип калды. Жакып таякеси Лабандын кызы менен малын көргөндө, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, аларга суу ичкизди. Анан Рахиланы бетинен сүйүп, буркурап ыйлап, ким экенин айтты. Кыз жүгүрүп барып, муну атасына жеткирди. Атасы жээнинин кабарын угаары менен алдынан тосо чыгып, бооруна кысып, бетинен өөп, үйүнө алып кирди. Жакып ага болгон ишти айтып бергенде: "Бир боорум келиптир" деп жадырап жайнап кабыл алды.

Жакыптын Лабанга Рахила менен Лия үчүн өтөгөн кызматы

(29:15-30) Арадан бир ай өттү. Бир күнү Лабан Жакыпка: — Жээним, тууганым болгонуң үчүн бекер иштешиң керекпи? Айтчы, акыңа эмне берейин? — деди. Лабандын Лия, Рахила атуу эки кызы бар эле. Лия анча сулуу эмес болсо, Рахиласы ай-чырайлуу, мүчөсү келишкен татынакай кыз эле. Ошондуктан Жакып Рахилага көңүлү түшүп, Лабанга: — Кичүү кызыңыз үчүн жети жыл иштеп берүүгө даярмын,— деп жооп берди. — Жаттан көрө сага бергеним дурус эмеспи, мейли, үйүмдө жашай бер. Жакып Рахила үчүн жети жыл кызмат өтөдү. Ал Рахиланы сүйгөндүктөн, бул жылдар тез эле, зымырап өтүп кетти. "Таяке,— деди ал ошондо Лабанга келип,— мөөнөтүм бүттү, эми колуктумду бериңиз, үйлөнгүм келип жатат". Лабан элдин баарын чакырып, күтүрөтө той берди. Кеч киргенде Рахиланын ордуна Лиясын жетелеп келип, Жакыптын үстүнө киргизди. Кызына өз күңү — Зельфаны күңдүккө берди. Таң атканда Жакыптын жанындагы Лия болуп чыкты! Ошондо ал Лабанга жетип келип: — Бул эмне кылганыңыз? Сизге Рахила үчүн кызмат кылбадым беле? Эмнеге мени алдап койдуңуз? — деди. — Биздин салтыбыз боюнча улуусунан мурда сиңдисин күйөөгө берүүгө болбойт. Мейли, Лиянын келиндик жумалыгы бүтсүн, анан Рахиланы да беребиз. Бирок ал үчүн дагы жети жыл иштеп берүүгө тийишсиң! Жакып буга көнүп, бир жума Лия менен болгондон кийин Рахилага үйлөндү. Лабан бул кызына да Кудай деген күңүн кызмат кылууга кошуп берди. Жакып Лияга караганда Рахиланы көбүрөөк сүйчү. Ал үчүн дагы жети жыл таякеси Лабанга кызмат өтөдү.

Башталыштар 30

Жакыптын урпактары

(29:31- 30:24) Теңир күйөөсү анчейин сүйбөгөнүн көрүп, Лияга ырайым кылды. А Рахила болсо төрөбөс аял эле. Лия кош бойлуу болуп, уул төрөдү. "Теңир башыма түшкөн азапка назарын салды, эми эрим мени сүйө турган болот", — деп биринчисин Рувим атады. Экинчисин төрөгөндө: "Сүйүктүү жары эмесмин деп зарлаганымды угуп, Теңир муну да берди", — деп анысын Ысман атады. Үчүнчүсүн төрөгөндө: "Күйөөм мага эми жабышат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим", — деп мунусун Левий атады. Төртүнчүсүн төрөгөндө: "Эми Жаратканды мактайм", — деди. Ошондуктан анын аты Яхуд коюлду. Ушундан кийин төрөтү токтоду. Рахила өзү төрөбөс болгондуктан эжесине көз артып: — Мага бала бербесеңиз өлөм!— деди Жакыпка бир күнү. — Мен сени туубас кылган Кудай таала белем! — деди Жакып буга кыжыры кайнап. — Кудайны караңызчы, — деди Рахила ошондо — ал менин күңүм, ошо менен жатыңыз, ал тиземе төрөп берип, андан балалуу болуп алайын. Ошентип Рахила күңүн эрине алып берди. Күңү Жакыпка эки уул төрөдү. Биринчисин төрөгөндө Рахила: "Теңир мен үчүн ортого түшүп, зарымды угуп, мага уул берди", — деп анын атын Дан койду. Экинчисин төрөгөндө: "Эжем менен таймашып, аны жеңип алдым", — деп, аны Неффалим атады. Лия да өзү төрөбөй калганда эрине күңүн салып берди. Ал да Жакыпка эки уул төрөдү. Биринчисин төрөгөндө Лия: "Бул не деген бакыт!" — деди да, аны Гад атады. Экинчисин төрөгөндө: "Мен таалайлуумун, эми аялдар мени бактылуу деп аташат",— деп аны Ашыр атады. Оруу-жыюу маалынын бир күнү Рувим талаадан ышкы алмасы деп атала турган жемишти таап алып, энесине апкелди. Муну төрөбөй жүргөн Рахила көрүп калып, Лиядан: — Уулуң апкелген жемишти мага берчи,— деп суранды. — Күйөөмдү ээлеп алганың аз келгенсип, эми баламдын алмасына асылдыңбы! — деди Лия чуучуңдап. Рахила: — Мейли, анда балаңдын алмасы үчүн Жакып ушул түнү сени менен жатсын, — деди алмадан көзү өтүп. Жакып кечке маал талаадан кайтканда Лия алдынан чыгып: "Сиз бүгүн меникинде болосуз, анткени уулум апкелген махабат алмасына сизди сатып алдым", — деп, аны үйүндө алып калды. Кудай Лиянын тилегин орундатып, кош бойлуу кылды. Ал бешинчи уулун төрөгөндө: "Күңүмдү күйөөмө алып бергеним үчүн Кудай мага сыйлык берди", — деп аны Иссахар17атады. Ушундан соң дагы бир уул төрөдү. "Жараткан мага эң сонун белек берди, эми эрим меникинде жашайт, анткени мен ага алты бала төрөп бердим",— деп аны Завулон атады. Алтынчысынан кийин кыз төрөп, Дина атады. Кудай Рахиланы эстеп, төрөбөстүктөн айыктырды. Рахила уул төрөп: "Шерменделигимди Кудайым алып таштады, Теңирим мага дагы уул берет",— деп аны Жусуп атады.

Жакыптын байлыгы

(30:25-43) Жусуп төрөлгөндөн кийин Жакып Лабанга мындай деди: — Эми, таяке, үй-бүлөмү алып, өз жериме кетүүгө уруксаат бериңиз. Үй-бүлөм үчүн кылган кызматымды билесиз. — Жээним, эгер көңүлүңдү тапкыдай бир жакшылык кылган болсом, кал деп суранам! Сен үчүн Теңир мени ырыс-кешиктүү кылып атканын байкап жүрөм. Айтчы, кылган кызматың үчүн канча төлөп берейин? — деди Лабан аны кое бергиси келбей. — Сизге кылган кызматымды билесиз. Мага чейин малыңыз аз гана эле, эми кандай көбөйгөнүн көрүп турасыз. Менин келишим менен сизди Теңир жалгады. Эми мен өзүмүн үй-бүлөм үчүн да иштешим керек да. — Айтчы, сага эмне берейин?! — Эч нерсе бербей эле коюңуз. Бир шартымды аткарсаңыз эле кайрадан коюңузду багып берем. Бүгүн короолоруңузду аралап, темгил, ала кой-эчки менен кара козуларды бөлүп коеюн. Мындан ары ушундай мал менин кызмат акым болсун. Кийин менин кызмат акымды көргөнү келгениңизде, менден мала эмес эчки менен кара эмес кой чыкса, демек уурдалган. Сиздин алдыңызда актыгымды ошентип текшерсеңиз болот. — А макул, айтканыңдай болсун. Лабан ошол күнү жогоруда айтылган малды бөлүп, балдарына берди да, Жакыптан үч күндүк жолдой жерге көчүп кетти. Жакып болсо анын калган малын багып кала берди. Жакып куут маалында терек, бадам жана чынардан жаш чыбык кыйып алып, ар-ар жерин агарта аарчып, мал суугарган аштоолорго салып койду. Мал чыбыктарды карап суу ичип, ошол эле жерде жалгашкандыктан темгил, ала төлдөй башташты. Жакып бул төлдү Лабандын малынан бөлөк кармап, төмөн жакка айдап турду. Ар дайым куут убагында тың мал келсе аштоого чыбык салып, начар мал келсе салчу эмес. Натыйжада малдын тыңы Жакыпка калып, начары Лабанга тийип турду. Ушундай жол менен Жакып абдан байып кетти. Артын төрт түлүк мал басып, кул-күңдөрү көбөйдү.

Башталыштар 31

Жакыптын Кудай менен кездешүүсү жана Лабандан жашыруун качып чыгышы

(31:1-18) Бир күнү Жакып Лабандын балдарынын: "Атабыздын жыйган-тергенин шылып алып, байып кетти",— дешкенин кулагы чалып калды. Лабандын кабагы да баштагыдай болбой калганын байкады. Ошол убакта Теңир ага: "Ата-журтуңа кайт, мен жаныңда болом", — деди. — Атаңардын кабагы башкача болуп калыптыр, бирок атамдын Кудайы дайыма жанымда, — деди Жакып эки аялын жайытка чакыртып алып. Атаңарга болгон күчүмдү үрөп, кызмат кылганымды өзүңөр деле билесиңер. Ал болсо мени алдап, эмгек акымды он жолу алмаштырды. Бирок Кудай анын мага кыянаттык кылуусунан сактады. "Темгил мал сеники болсун" дегенде малдын баары темгил төлдөп, "ала-буласы сеники болсун" дегенде баары тең ала-була төлдөдү. Мына, Кудай өзү атаңардын малын алып, мага берип салды. Бир жолу куут маалында түш көрдүм. Түшүмдө эчкилерге секирген текелердин баары темгил, ала экен. Анан Теңирдин Периштеси мага: "Карачы, текелердин өңүн: баары темгил, ала, анткени Лабандын сага кылган иштеринин баарын көрүп турам. Мен Кудаймын, Бетелде сен эстелик ташка май куюп, мага убада кылгансың. Эми, сен бул жерден чык да мекениңе кайт!"— деди. — Атабыздын бизге сеп катары берээр эч нерсеси жок. Бизди жаттай көрдү! Калыңдан түшкөн акчаны болсо жеп алды! Ошондуктан атабыздан Кудай алып койгон мүлк бизге жана балдарыбызга тийиштүү. Эми сиз Кудайдын айтканын кыла бериңиз, — дешти ага Рахила менен Лия. Ошондо Жакып үй-бүлөсүн төөгө мингизип, тапкан-ташыганынан түк калтырбай алып, атасы Исхакка баруу үчүн дарыяны кечип өтүп, Галаад тоосуна бет алды.

Куугун

(31:19-42) Жакып жолго чыкканда Лабан кой кыркынга кеткен болчу. Ошондон пайдаланып, Рахила атасынын буркандарын уурдап кетти. Жакып болсо, кетерин айтпай арамейлик Лабандын жүрөгүн уурдап кетти. Анын кеткени Лабанга үч күн өткөндөн кийин жетти. Угаары менен туугандарын алып, Жакыптын артынан сая түшүп, Галаад тоосунда тигилген чатырынын үстүнөн чыкты. Ал да ошол жерге чатырын тикти. Ошол түнү Кудай Лабандын түшүнө кирип: "Жакыпка жаман-жакшы сөз айтып, опузалаба!"— деди. Бирок Лабан эртеси күнү Жакыпка мындай деп күпүлдөдү: — Ээ ботом, бул эмне кылганың? Мени алдап, кыздарымды олжологонсуп алып кеткениң эмнең? Жашыруун жыла качып, айтпай кеткениң кандай? Шаан-шөкөт менен узатат элем го? Коштошоордонеберелерим менен кыздарымдын бетинен сүйүп калгангада мүмкүнчүлүк бербедиң. Мунуң — акылсыздык. Атаңардын Кудайы кечээ түшүмө кирип: "Жакыпка өйдө-төмөн сөз айтпа!" деген, болбосо силерге жамандык кылып коюуга деле күчүм жетет. Атаңдын үйүн катуу сагыныптырсың, өзүң эле кете бербейт белең, менинбуркандарымды кытып алганың эмнең? — Кыздарыңызды алып коер бекенсиз деп корктум, — деди Жакып ага, — туугандарыбыздын көзүнчөкарап чыгыңыз, буркандарыңыз кимден табылса, аман калбасын. (Жакып Рахиланын кытып алганын билген эмес эле.) Ошентип, Лабан Жакыптын, Лиянын, эки күңдүн, Рахиланын чатырларын тинтип, буркандарын таппады. Анткени Рахила аларды төөнүн чомуна катып, үстүнөн минип алган. Атасы жанына келгенде: "Таксыр, кечириңиз, ооруп атам, ордуман тура албайм", — дей салды. Лабан издеп-издеп таппаганда, Жакыптын ачуусу келип, аны менен үрпөңдөшө кетти. — Не жазыгым, не күнөөм үчүн мынча артымдан сая түштүңүз!? Буюмдарымдын баарын карап чыгып, сизгетаандык бир нерсетаптыңызбы!?Кана, туугандардыналдында көрсөтүңүзчү! Ортобузда калыс болуп беришсин. Жыйырма жылдан бери кызматыңызды кылдым, бала салган мал болбоду, коюңуздан жебедим, жырткыч тытканын алдыңызга апарбадым — мындайлар менин чыгашам болуп турду. Күндүз жоголсо да, түндө жоголсо да, менден доолап алып турдуңуз. Күндүз — ысыктан, түндө — сууктан куурап, уйкумдан бездим. Сиздикинде жыйырма жылым ушундай өттү. Он төрт жыл эки кызыңыз үчүн, алты жыл малыңыз үчүн кызмат кылдым, а сиз болсо кызмат акымды он мертебе алмаштырдыңыз. Эгер атам Ибрайымдын Кудайы, Исхактын Коргоочусу жар болбогондо мени кур кол кое берет элеңиз. Бирок Кудай башыма түшкөн мүшкүл менен кылган мээнетимди көрүп, таламымды талашты.

Жакып менен Лабандын келишими

(31:43-55) Ошондо Лабан: — Аялдарың — менин кыздарым, балдарың да, малың да меники. Көзүң көрүп тургандын баары мага караштуу. Эми кыздарым менен алар төрөп берген неберелериме бир нерсе кыла алмак белем? Кой, андан көрө кел, экөөбүз келишим түзөлү. Бул келишим экөөбүздүн ортобузда күбө болсун, — деди. Ошондо Жакып бир ташты алды да эстелик катары ошол жерге орнотуп койду. Анан туугандарына карап: — Таш терип келгиле, — деди. Туугандары таш терип келишип, дөбө кылып үйүштү да үстүндө олтуруп алып, баары чогуу тамактанышты. Лабан бул дөбөнү "Кепил Дөбө" деп, ал эми Жакып болсо "Күбө Дөбө" деп атады. — Бүгүнтөн баштап экөөбүздүн ортобузга ушул таштөбө күбө, — деп, Лабан аны Галаад деп атап койду. Лабан: — Экөөбүз бири-бирибизден кеткен соң Теңир экөөбүздүн тең үстүбүздөн кароол болуп турсун! Эгерде менин кыздарымды жакшы карабай, үстүнө аял алсаң, экөөбүздүн ортобузда адам болбосо да дөбөдөн Теңирдин карап турганы эсиңде болсун! — деди. Ошондон улам бул дөбө "Кароол мунарасы" деп да аталат. Лабан Жакыпка дагы мындай сөздөрдү айтты: — Мына, ташдөбө менен мен орноткон эстелик ортобузда турат. Арам ой менен ушул таштөбөдөн мен сен жакка аттабайын, сен мен жакка аттаба. Бул экөө ошого күбө болушсун. Ибрайым менен Нахордун жана алардын ата-бабаларынын Кудайы ортобузда сот болсун. Ошондо Жакып атасы Исхак ыйбаа кылган Кудайдын атынан ант берди. Анан тоонун башында курмандык чалып, туугандарын чакырып, кудайы берди. Баары ичип-жешип, ошондо түнөп калышты. Таң сүргөндө Лабан ордунан туруп, неберелери менен кыздарынын бетинен өөп, батасын берди. Ушундан соң үйүнө кайтып кетти.

Башталыштар 32

Исавка Жакып келатат деген кабардын жетиши

(32:1-22) Жакып өз сапарын андан ары улантты. Жолдон ага Кудайдын периштелери жолукту. Аларды көргөндө: "Бул жерде Кудайдын үйү бар экен" деп, ошол жерди "Кудайдын Yйү" деп атап койду. Жакып андан ары Сеир жергесиндеги Эден аймагында жашаган агасы Исавка алдынан чабарман жиберип: — Силер менин таксырыма мындай дегиле: кулуңуз Жакып сизге салам айтты. Ушул кезге чейин Лабандыкында турдум. Көп сандаган төрт түлүк малым, кул-күңдөрүм менен кайтып келатам. Ошондуктан таксырымдын алдында ырайым табайын деген ниетте алдыңыздан өтүп коюу үчүн чабарман жиберип отурам, — деп айттырды. Чабармандар Жакыпка кайта келип: — Агаңыздын алдына бардык. Ал жанына төрт жүз кишини алып, сизге карай келе жатат, — дешти. Жакыптын жаны чыгып, жүрөгү оозуна тыгылды. Дароо адамдары менен малын экиге бөлүп, эки жакка жайгаштырды. "Исав кол салып, бир бөлүгүн жок кылса, экинчиси аман калат" деп ойлонду ал. — Аталарым Ибрайым менен Исхактын Кудайы! Мени "киндик каның тамган ата-журтуңа кайт, мен сага жакшылык кылам" деген Теңир. Мендей кулуңа кылган ырайымың менен жакшылыктарыңдын эч бирине мен татыксызмын, анткени мына бул Иордан дарыясын куу таяк кармап кечип өттүм эле, эми мына, эки короо малдуу болуп кайтып баратам. О Теңир, мени агамдын колунан куткарагөр, мен андан корком, өзүмө кошуп, бүт үй-бүлөмдү кырып салбасын. Мен сага жакшылык кылып, сенден тараган урпактардын санын деңиз жээгиндеги санаса сан жеткис кумдай көп кылам деп өзүң айткансың, — деп жалбарды Жакып. Анан ошол жерде түнөп калды. Ушундан соң эки жүз эчки, жыйырма теке, эки жүз кой, жыйырма кочкор, ботолору жанында чуркаган отуз саан төө, кырк уй, он өгүз, жыйырма ургаачы, он айгыр эшекти малынан бөлүп алып, агасы Исавка тартуу иретинде жөнөттү. Yйүр-үйүргө бөлүп, ар бир үйүрдү кулдарына өзүнчө дайындап: — Алдыман жөнөгүлө да үйүр менен үйүрдүн ортосунан аралыкты кармагыла, — деди. Биринчи кулуна: — Агам Исав алдыңан жолугуп: "Кимдин кулусуң? Кайда баратасың? Айдаган малың кимдики?" деп сураганда: "Кулуңуз Жакыптыкы. Булар таксырым Исавка жиберген анын тартуусу. Өзү артыбыздан келе жатат" де, — деп буюрду. Мал айдаган экинчи, үчүнчү, жана башка кулдарынын баарына ушул сөзүн айтып чыкты. "Исавка жолукканыңарда ушундай дегиле. Кулуңуз Жакыптын өзү да артыбыздан келе жатат дегиле", — деп айтып чыкты. Мындай кылганынын себеби ал ичинен: "Алдыман жиберген тартууларым менен жүрөгүн жибитип, көңүлүн алайын да анан жүз көрүшөйүн, балким мени кабыл алаар" деп ойлогон эле. Ошентип анын белектери алдынан жөнөдү,өзү болсо ошол түнү журтта түнөп калды. Бирок түн ичинде ойгонуп, эки аялын, эки күңүн жана он бир баласын алып, Явок өзөнүнүн аркы жээгине өткөздү. Алардын артынан колунда болгон нерсесинин баарын алып өттү да өзү жалгыз калды.

Жакыптын Кыдыр менен төртүнчү ирет кезигиши жана Исраил атка конушу

(32:24-32) Жалгыз калган Жакып менен кимдир бирөө таң атканга чейин күрөшүп чыкты. Жеңе албай баратканын көрүп, жамбашын чыгара сокту. Анан Жакыпка: — Кое бер мени, карачы таң атып кетти, — деди. — Батаңды бермейин кое бербейм, — деди Жакып тырышып. Тиги: — Атың ким? — деди. — Жакып. — Мындан ары атың Жакып эмес, Исраил болот, анткени сен Кудай менен күрөштүң, эми адамдарга үстөмдүк кыласың, — деди баягы. Ошондо Жакып да андан: — Сен да атыңды айт! — деп сурады. Тигил: — Менин атымды билип эмне кыласың, — деди да Жакыпка ошол жерден батасын берди. "Мен Кудайдын жүзүн көрсөм да аман калдым" деп, Жакып ошол жерди "Кудайдын жүзү" атады. Жакып жамбашынан сылтып, "Кудайдын жүзүнөн" өтүп баратканда күн чыкты. Ошол себептен Исраилдин урпактары бүгүнкү күнгө дейре малдын жамбашынын тарамышын жешпейт, анткени Жакып менен күрөшкөн баягы Кудурет анын жамбашындагы тарамышка колун тийгизип койгон эле.

Башталыштар 33

Жакыптын Исав менен элдешүүсү

(33:1-20) Жакып алды жагына көз чартырып, агасы Исавдын төрт жүз адам менен келе жатканын көрдү. Ошондо балдарын Лияга, Рахилага жана эки күңүнө бөлүп берди да күңдөрүн балдары менен алдыга, Лияны балдары менен ортого, ал эми Рахила менен Жусупту арт жакка жайгаштырды. Өзү болсо алдыга чыгып, агасынын алдына келип, башын жерге жеткизе ийип, жети ирет жүгүндү. Ошондо Исав Жакыптын алдынан тосо чуркап, мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөп, экөө тең шолоктоп ыйлашты. Анан Исав Жакыптын артындагы аялдары менен балдарын көрүп: — Булар кимдериң? — деп сурады. Жакып: — Кудайдын кулуңузга белек эткен балдары, — деп жооп берди. Ошондо күңдөр балдары менен басып келип таазим этишти. Алардын артынан Лия да балдары менен келип таазим кылды. Акырында Жусуп менен Рахила да келип, таазим этишти. Ошондо Исав: — Менин жолуман жолуккан күтүрөгөн малың эмне үчүн? — деди. Жакып: — Таксырым сиздин алдыңызда ырайым табуу үчүн, — деп жооп берди. Исав: — Боордошум, менде көп, өзүмө жетет, сеники сенде эле калсын, — деди. — Жок, алдыңыздан ырайым тапкан болсом, сунган белегимди алып коюңуз, анткени мен сиздин жүзүңүздү көргөндө Кудайдын жүзүн көргөндөй болдум. Сиз мени жылуу кабыл алдыңыз. Эми менин берген батамды кабыл этип коюңуз, анткени Кудайым мага ырайым этип, баарын берди, — деп, Жакып агасын көндүрдү. Исав анын тартуусун кабыл алды да: — Эми жөнөйлү, мен алдыңан барайын, — деди. Жакып: — Таксырым, балдардын жаш, бодо малым менен кара малымдын саамал экенин көрдүңүз, катуу айдап жөнөсөк малдын баары бир күндүн ичинде кырылып калат. Ошондуктан, сиз бара бериңиз, а мен болсом мал менен балдардын басыгына жараша акырын басып, Сеирден жолугушайын, — деди. Исав: — Жанымдагы адамдардын бир нечесин сага калтырайын, — дегенде Жакып: — Мунун кандай кереги бар? Таксырымдын көңүлүн тапсам эле болгону, — деп жооп берди. Ошентип Исав ошол эле күнү өз жолуна түшүп, Сеирге кайтып кетти. Жакып болсо Суккот тарапка барып, өзүнө үй, малына короо салды. Ушундан улам ал жер "Короо" аталып калган. Кийин Месопотамиядан аман-эсен кайтып, Канан жергесиндеги Шехем шаарына келди да анын дарбазасынын алдына жайгашты. Шехемдин атасы Еммордун балдарынан жүз күмүш теңгеге ошол жердеги талаанын бир бөлүгүн сатып алып, чатырын тикти. Анан курмандык чалчу жай куруп, аны “Исрайылдын Кудай тааласы”деп атады.

Башталыштар 34

Зордук

(34:1-31) Бир күнү Лиянын Жакыпка төрөп берген Дина аттуу кызы ошол жердик кыздар менен таанышсам деген максатта сыртка чыкты. Ошол жердин акими — Евеялык Еммордун баласы Шехем алдынан чыгып, аны кармап алып зордуктап салды. Динага ашык болуп, жаны жармашып калган ал кыздын көңүлүн таба сүйлөдү. Анан атасына барып "мага ушул кызды алып бер" деп суранды. Кызын Еммордун баласы бузуп койгону Жакыпка угулду. Бирок балдары талаада мал жайып жүргөндүктөн улам, алар келгиче эч кимге ооз ачпады. Ал эми Шехемдин атасы болсо Жакып менен сүйлөшкөнү алдына келди. Ошол убакта Жакыптын балдары да талаадан келип калышты. Иштин жайын укканда түнөрүшүп, абдан ачууланышты, анткени Шехем Жакыптын кызын бузуп, Исраилдин абийирин төктү. Бул туура эмес иш эле. Еммор сөз баштап: — Кызыңарга баламдын көңүлү түшүп калыптыр, эми кызыңарды бергиле. Куда-сөөк бололу, ынтымакта жашайлы. Жер болсо кенен, чарба күтүп, ээлик кылгыла, — деди. Шехем болсо: — Көңүлүңөрдү тапсам эле болгону, айтканыңарды берейин, калыңын канча деп бычсаңар макулмун, кызды эле берсеңер болду, — деди. Ошондо Жакыптын балдары Шехем менен Емморго митайымдык менен жооп беришти. Анткен себеби алардын карындашынын абийирин тепселеп кетпедиби Шехем. — Жок, андай кыла албайбыз, сүннөткө олтургузулбаган адамга карындашыбызды бере албайбыз, бул биз үчүн уят иш. Силер да бизге окшоп, бардык эркек аттууңар сүннөткө олтурганда гана макулдугубузду беребиз. Анан кыз алып, кыз беришип, куда-сөөк бир эл, бир журт болуп, чогуу жашайбыз. А эгер айтканыбызга көнбөй, сүннөткө олтурбасаңар, кызыбызды алабыз да кетип калабыз. Бу сөздөр тигилерге жагып калды. Атасынын эң сыйлуусу болгон жаш жигит Жакыптын кызына ашык болуп калгандыктан айткандарына буйдалбастан макул болду. Анан атасы экөө шаардын дарбазасына келип, андагы жашагандарга: — Бул адамдардын бизге жаман ою жок экен. Жерибизге келип, чарбасын жүргүзө беришсин, жер кенен эмеспи. Кыз алып, кыз беришип, туугандашалы. Бирок баарыбыз алар сыяктуу сүннөткө олтурсак кана алар биз менен жашап, бир эл, бир журт болууга макул болушат экен. Биз менен бирге турса малы-мүлкүнүн баары биздики болот да. Айтканына көнсөк эле болду, биз менен калышат, — дешти. Шаар дарбазасынан кирип-чыккандардын баары алардын тилин алып, сүннөткө олтургузулушту. Yч күндөн кийин баары ооруп жатканда Динанын агалары — Жакыптын эки уулу Ысман менен Левий кылычтарын алып, тайманбастан шаарга кол салып, эркек аттуунун баарын кырып салышты. Еммордун өзүн да, баласы Шехемди да өлтүрүшүп, анын үйүнөн Динаны алып чыгып кетишти. Жакыптын башка балдары өлтүрүлгөндөргө келип, карындашын бузганы үчүн шаарды тоноп кетишти. Бодо малы болобу, кара малы болобу, эшеги болобу, шаардагы, талаадагысынын баарын айдап кетишти. Бардык байлыктарын олжолоп, балдарын, аялдарын туткундап, үйлөрүндөгү дүнүйөсүнүн баарын тоноп кетишти. Бирок Жакып Ысманменен Левийге: — Силер ферезейлер менен канандыктарга мени жек көрүндү кылып, куураттыңар. Адамым болсо аз. Эгер булар чогулуп алып кол салышса, мени жеңип, үй-ичим менен тыптыйпыл кылат, — деди. Бирок алар: — Эмне үчүн анда карындашыбызды сойкудай көрүп, намысын тебелеп тепседи, — деп жооп беришти.

Башталыштар 35

Жакыптын Кудай менен бешинчи ирет кездешүүсү

(35:1-9) Кудай Жакыпка: — Жыйнал да Бетелге барып, ошерде жаша. Агаңдан качып баратканда көрүнгөн Кудайга курмандык чала турган жай кур, — деди. Ошондо Жакып үйүндөгүлөргө, жанындагылардын баарына кулактандырды: — Алып жүргөн бөтөн кудайларды таштагыла да, тазалануу расмисинен өтүп, кийимиңерди алмаштыргыла. Бетелге барабыз. Ал жерде башыма мүшкүл түшкөндө зарымды угуп, сапарымда жар болгон Кудайга курмандык чала турган жай курам. Колунда болгон чет элдиктердин бардык буркандарын, кулактарындагы сөйкөлөрүн Жакыпка беришти. Жакып аларды Шехемге жакын жердеги бир эмендин түбүнө көмүп салды. (Ушул күнгө чейин алардын кай жерде экенин эч ким билбейт). Анан Шехемден чыгып кетишти. Айлана-тегеректеги шаарларга Кудай коркунуч туудургандыктан Жакыптын балдарынын артынан сая түшүп кууганга дити барбады. Жакып жанындагы бардык адамдары менен бирге Канан жергесиндеги Лузга (башкача айтканда Бетель) келди. Келип, курмандык чала турган жай куруп, ал жерди Эль-Бетель деп атап койду. Анткени так ушул жерден агасынан качып баратканда Кудайга жолуккан эле. Ошол кезде Рабиганын баккан энеси каза болуп, сөөгү Бетелден бир аз ылдыйдагы эмендин түбүнө коюлду. Жакып аны "Ый Эмен" деп атады.

Жакыптын Кудай менен алтынчы жолку кездешүүсү

(35:9-15) Месопотамиядан кайтып келгенден кийин Жакыпка Кудай кайрадан көрүнүп, батасын берди. "Сенин атың — Жакып. Бирок мындан ары Исрайыл болосуң", — деп, Жакыпты Исраил атка кондурду. "Мен кудуреттүү Кудаймын, — деди ал Жакыпка, — өркөнүң өссүн. Сенден бир эл чыгат. Андан башка да көптөгөн башка элдердин атасы болосуң. Ибрайым менен Исхакка берген ушул жерди сага жана сенин урпактарыңа берем". Ушуну айтып, ал жерден көккө көтөрүлүп, көздөн кайым болду. Жакып Кудай менен сүйлөшкөн ошол жерге таштан эстелик коюп, үстүнө шарап куюп, май менен майлады да Бетель деп атады.

Рахиланын каза болушу

(35:16-21) Анан Бетелден чыгып, сапарын улантышты. Ефрафага бир аз калганда Рахиланын ай-күнү жетип, төрөдү. Төрөтү абдан оор болду. Толготуп жатканда аначы кемпир: — Коркпо, мунуң да уул, — деди. Жаны чыгып баратканда баланы Бенони деп атап кетти. Бирок атасы Бенжамин деп атады.. Ошентип Рахила каза болуп, Ефрафага бараткан жолдо сөөгү көмүлдү. Жакып бейитине эстелик курду. Ошол таш эстелик дале да турат.

Жакыптын балдары

(35:22-26) Жакып ал жактан чыгып, Гадер мунарасынын арт жагына жетип, чатырын тигип, отурукташты. Ошол элде жашап жүргөндө Рубими ВКудай деген токолунун койнуна кирип, атасынын төшөгүн булгады. Бул иш Исраилге да жетти. Жакыптын он эки баласы бар эле: Лиядан: тун уулу Рубим, андан кийинкиси Ысман, Левий, Яхуд, Иссахар жана Завулон. Рахиладан: Жусуп менен Бенжамин. Рахиланын күңү Кудайдан: Дан менен Неффалим. Лиянын күңү Зелфадан: Гад менен Асир. Булар Жакыптын Месопотамияда туулган балдары.

Исхактын дүйнөдөн кайтышы

(35:27-29) Жакып Хеврон деп аталган Кириф-Арбадагы Мамреге, атасы Исхакка кайтып келди. Ибрайым менен Исхак бөтөн адамдар катары журттан журтка көчүп-конуп жашап турушкан жер ушул жер. Исхак жүз сексенге чыгып, терең карып, өмүргө тоюп, о дүйнө кетти. Уулдары Исав менен Жакып анын сөөгүн жерге беришти.

Башталыштар 36

Исавдын санжырасы

(36:1-19) Исавдын санжырасы мындай: (Исавдын урпактарынын дагы бир аталышы — Едом.) Исав канандыктардын кыздарына үйлөндү. Алар: хеттик Елондун кызы Ада, евеялык Сивеондун баласы Ананын кызы Оливема жана Исмайылдын кызы, Навайофтун карындашы Васемаф. Ададан Елифаз, Васемафтан Рагуил, Оливемадан Иеус, Иеглом жана Корей аттуу балалуу болду. Булар Исавдын Канан жеринде көргөн балдары. Бир күнү Исав аялдарын, уул-кыздарын, үйүндөгү кызматчыларынын баарын алды да, Канан жергесинде тапкан мал-мүлкүн түгөл жыйнап, иниси Жакыптын жанынан башка жакка көчүп кетти. Себеп дегенде алардын мал-мүлкүнүн көптүгүнөн жашаган жерине батпай калышты. Ошентип Исав Сеир тоосуна барып, отурукташты. Сеир тоосунун койнунда жашаган едомдуктардын түп атасы Исавдын санжырасы бул: Исавдын уулдары: Ада деген аялынан Елифас, Васемафа деген аялынан Рагуил төрөлгөн. Елифаздан Феман, Омар, Цефо, Гафам жана Кеназ. Елифаз Фамна деген токолунан Амалик аттуу бала көргөн. Исавдын Ада деген аяланынан тарагандар ушулар. Рагуилден Нахаф менен Зерах, Шамма менен Миза төрөлгөн. Булар Исавдын Васемафа деген аялынан көргөн балдары Оливема деген аялынан болсо булар чыккан: Юс, Еглом жана Корей. Исавдан чыккан уруу аксакалдары булар: тун уулу Елифаздан Феман аксакал, Омор аксакал, Сефо аксакал, Кеназ аксакал, Корей аксакал, Гафам аксакал, Амалик аксакал. Булар Едом жериндеги Елифаздын Ада деген аялынан көргөн уулдары. Рагуилден тараган уруу аксакалдары булар: Нахаф аксакал, Зерах аксакал, Шамма аксакал, Миза аксакал. Булар Рагуилдин Едом жеринде Васемафтан көргөн балдары. Оливемадан болсо төмөндөгү уруу аксакалдары төрөлгөн: Иеус аксакал, Иеглом аксакал, Корей аксакал. Ананын кызы Оливемадан көргөн Исавдын балдары ушулар. Мына, Исавдан чыккан уруу аксакалдары ушулар. Булар жалпысынан Едом деп да аталат.

Сеирде жашаган жергиликтүү элдин санжырасы

(36:20-30) Ошол жердин түпкү жашоочулары болгон Сеирдин Хорей деген жеринен чыккан кишинин балдары: Лотан, Шовал, Цивеон, Ана, Дишон, Эцер жана Дишан. Булар Едомдогу Сеирдин балдары хорейлердин уруу аксакалдары. Лотандан Хори менен Геман чыккан; Лотандын Фамна деген карындашы болгон Шовалдан Алван, Манахаф, Эвал, Шефо жана Онам. Сивеондон: Аиа менен Ана. Ушул Ана, ээн талаада атасынын коюн кайтарып жүрүп, ысык суунун булагын таап алган. Ананын балдары булар: Дишон менен Оливема. (Оливема — кызы.) Дишондон Хемдан, Эшбан, Ифран жана Херан. Эцерден Билган, Зааван жана Акан. Дишандан Уц менен Аран. Сеир жергесинде жашаган хоррейлердин уруу аксакалдарынын атын улуусунан тартып, атын атай кетсек, төмөнкүдөй: Лотан аксакал, Шовал аксакал, Сивеон аксакал, Ана аксакал, Дишон аксакал, Эцер аксакал, Дишан аксакал.

Исрайылга чейинки Едомдогу падышалар

(36:31-43) Исраилдин тукумдары бийликке келгенге чейин Едом жергесин төмөнкү падышалар бийлеп турган: Дингавалык Беордун баласы Бела. Ал өлгөн соң Босоралык Зерахтын баласы Иовав. Андан кийин феманийлердин жеринен чыккан Хушам. Андан кийин Авифтен чыккан Бедаддын баласы Гадад. (Гадад Моав талаасындагы майданда мидиялыктарды жеңген). Андан кийин масрекилик Самла такка олтурган. Анан дарыянын боюнда жайгашкан Реховофтон чыккан Шаул. Анан Ахбордун баласы Баал-Ханан. Анан Пау шаарынан чыккан Гадар. (Гадардын аялы Мегетавеель Мезагавдын баласы Матреданын кызы болот). Исав төмөнкү уруу аксакалдарынын түп атасы болот: Фимна, Алва, Иетеф, Оливема, Эла, Пинон, Кеназ, Феман, Мивцар, Магдиил, Ирам. Ар бир уруунун жашаган жери ушул уруу башчыларынын аты менен аталып калган.

Башталыштар 37

Жусуп жана анын бир туугандары

(37:1-4) Жакып атасы Исхак көчүп-конуп мекендеген Кананда өмүр сүрдү. Анын урук-тукумунун тарыхы төмөнкүдөй: Жусуп он жети жашынан тартып аталаш бир туугандары менен бирге атасы Жакыптын коюн кайтарды. (Бир туугандары Кудай менен Зелфадан төрөлгөндөр). Алардын үстүнөн атасына жаман кабарларды ташып турду. Карганда көргөн көкүрөк күчүгү болгондуктан Исраил Жусупту балдарынын ичинен өзгөчө сүйчү. Ошондуктан кооз чапан тигип берди. Ошондо атасынын Жусупту артык сүйгөнүн көргөн бир туугандары Жусупту жек көрүшүп, аны менен жылуу сүйлөшө албай калышты.

Жусуптун түшү

(37:5-11) Бир күнү Жусуп түш көрүп, аны бир туугандарына айтып берди. Анын түшүн укканда алар Жусупту мурдагыдан бетер жек көрүп калышты. Жусуп аларга мындай деген эле: — Көргөн түшүмдү айтып берейин, угуп чыксаңар: талаада боо байлап жүрүптүрбүз. Аңгыча менин боом тикесинен тура калды. Силердин боолоруңар болсо аны тегеректеп алып, таазим кылышты. Муну укканда бир туугандары: - Эмне, бизге падыша болосуңбу? Биздин үстүбүздөн бийлик кыласыңбы? — дешти кекетишип. Айтып берген түшү үчүн мурдагыдан да катуу жек көрүп калышты. Андан соң дагы түш көрүп, аны да айтып берди: — Мага күн, ай жана он бир жылдыз таазим кылып жатышыптыр, — деди ал. Ошондо атасы: — Бул эмне деген түш! Эмне, мен, энең жана бир туугандарың сенин алдыңа жүгүнгөнү келет дегени турасыңбы? — деп жемеледи. Бир туугандарынын ичтери күйдү, бирок атасы бул сөздү көңүлүнө сактап калды.

Жусуптун бир туугандары тарабынан Египетке кулдукка сатылышы

(37:12-28) Бир күнү Жусуптун агалары атасынын коюн жайганы Шехемге кетишти. Жакып Жусупка: — Сен да барып агаларыңа кошул, — деди. Жусуп: — Куп болот ата, мен даярмын, — деп жооп берди. Ошондо атасы: — Агаларың аман-эсен бекен, малы жайындабы, барып көрүп кел да мага айтып бер, — деди. Ошентип атасы аны Хеврон өрөөнүнө жиберди. Жусуп Шехемге келип, изденип, агаларын таба албай жүргөндө аны бир киши көрүп калып: — Эмне издеп жүрөсүң? — деп сурады. — Кой кайтарып жүргөн агаларымды издеп жүрөм, — деп жооп берди ал, — сиз көргөн жоксузбу? — Алар биерден кетип калышты. Дотанга барабыз деп жатканын кулагым чалган, — деди жолоочу. Жусуп Дотанга барып, агаларын ошерден тапты. Агалары алыстан көрүшүп, өздөрүнчө масилет курушуп, өлтүрүүнү чечишти. — Карасаңар, "түш көргүч" келатат. Өлтүрүп туруп, какшыган кудукка ыргытып жиберели да атабызга жырткыч тытып кетиптир дейли, ошондо түшүнө эмне болорун көрөбүз, — дешти алар бири-бирине. Рубим бул сөздү угуп, Жусупту сактап калгысы келди. "Кой өлтүрбөйлү! — деди ал, — андан көрө кудукка таштап салалы, бирок кол көтөрбөйл ү!" Рубим Жусупту алардын колунан куткарып, атасына кайра жиберүү максатын көздөп ушуну айтты. Жусуп жакын келгенде үстүндөгү кооз чапанын сыйрып алышты да, өзүн какшыган кудукка ыргытып жиберишти. Анан тамактанганы отурушту. Аңгыча, күтүлбөгөн жерден Галааддан Египетке сапар тарткан арабдардын карааны көрүндү. Төөлөрүнө ар кандай жыттуу заттарды артып алышыптыр. Ошондо Яхуд ордунан туруп: — Бир тууганыбызды өлтүрүп, канкор болгондон эмне тапмак элек? Андан көрө, мына бул арабдарга сатып жиберели. Ага кол көтөрбөйлү, башкасын кой, ал биздин бир тууганыбыз эмеспи, өзүбүздүн аталаш, кандаш инибиз го акыры, — деди. Баары макул болушту. Анан мидиялыктар жанына келгенде аны кудуктан тартып чыгарышты да, он эки күмүш теңгеге сатып жиберишти. Алар аны Египетке алып кетишти.

Жусуп тууралуу суук кабар

(37:29-36) Рубим болсо кудукка келип, Жусупту таппай калды. Ошондо күйүттөн кийимин тытып, бир туугандарына келди да: — Бала жок кудукта! Эми эмне кылдым, каран күн! — деп боздоду. Анан алар бир улакты союп, Жусуптун кийимин ошонун канына чылашты да атасына алып келип: — Муну биз талаадан таап алдык, балаңыздыкы эмес беле? — дешти. Жакып таанып: — Баламдыкы! Жырткыч тытып салган турбайбы кокуй күн. Баламды тытмалап салган турбайбы! — деп, күйүтүнөн кийимин тытып, аза күттү. Көп убак бою уулун жоктоп ыйлады. Уул-кыздарынын баары сооротууга аракет кылышты, бирок ал сооронгусу келбеди. — Уулумду жоктоп боздогон бойдон тиги дүйнөгө кетем, — деп, Жусупту жоктоп, ыйлай берди. Ошол убакта Египетте мидиялыктар Жусупту фараондун кызматкери, падыша сарайынын сакчыларынын башчысы Потифарга сатып жиберишти.

Башталыштар 38

Яхуд жана Тамара

(38:1-30) Ошол кезде Яхуд бир туугандарынан кетип, Адуллам шаарынан чыккан Хира дегендин жанына барып жашап калган эле. Ошол жерден бир канандык аял менен таанышып, ага үйлөндү. Аялдын атасынын аты Шуа. Ал ага уул төрөп берди. Атын Ер койду. Андан соң дагы бир эркек бала төрөп, атын Онан коюшту. Үчүнчү баласынын атын Шела коюшту. Шела төрөлгөндө Яхуд Хезивде эле. Улуу уулуна Тамара аттуу кыз алып берди. Ердин жүрүш-турушу жаман болгондуктан, Теңирге жакпай, ал аны өлтүрдү. Ошондо Яхуд орто баласына: — Бар да жесир жеңеңе үйлөн. Кайниси катары анын алдында парызыңды аткар, агаң тукум курут болбосун, — деди. Бирок Онан баласы баары бир ага тиешелүү болбосун билип, жеңеси менен жатканда уругун төшөккө түшүрүүчү. Агасынын тукуму уланышын каалоочу эмес. Бул кылганы Теңирге жакпады, ошондуктан аны да Теңир өлтүрдү. Ошондо Яхуд келини Тамарага: — Төркүнүңө барып, кичүү уулум чоңойгончо күтө тур, — деди. Мындай дегенинин себеби — Шеласы да берки балдарындай өлүп калабы деп коркконунан эле. Ошентип Тамара кайра үйүнө кетти. Арадан бир нече убакыт өтүп, Яхуддун аялы кайтыш болду. Аза күндөрү аяктаганда Яхуд досу Хира экөө Тимнага барышты. Ал жерде булардын койлору кыркында эле. Тамарага болсо кимдир бирөө: "Кайнатаң кыркынга барууга камынып жатат", — деген болчу. Ошондо Тамара кара кийимин алмаштырып, бетин үлбүрчөк менен жаап алып, Тимнага бараткан жолдогу Енаим деген шаардын кире беришине олтуруп алды. Анткени ал Яхуддун кенже уулу Шеланын бойго жеткенин, бирок алиге чейин өзүнүн ага аялдыкка берилбегенин угуп жүргөн. Яхуд олтурган аялды көргөндө сойку деп ойлоду, анткени анын бети жабылуу эле. Жолдун жээгине алып барып: — Канча турасың? — деди. (Келинин тааныбады). Аял: — Эмне бересиз? — деди. Яхуд: — Короомдон бир улак берип жиберейин, — деди. — Макул, улакты берип жибергиче күрөөгө бир нерсе калтырасыз. — Эмне калтырайын? — Боосу бар мөөрүңүз менен таягыңызды, — деди Тамара. Яхуд ага сураганын берди. Анан ага жакындап, боюна бүтүрдү. Тамара болсо үйүнө барып, бетине жапкан үлбүрчөгүн чечип, кайрадан кара кийимин кийинди. Яхуд улакты алып барып, күрөөгө калтырган баягы буюмдарын алуу үчүн досу Хираны жиберди. Бирок Хира барып, аялды ордунан таппады. Енаимдик кишилерден: — Бул жерде жол боюнда олтурган сойку аял кайда кетти, — деп сураштырды. Алар: — Биерде эч качан сойку аял олтурган эмес, — деп жооп беришти. Хира Яхудка кайтып келип: — Таппадым, ошердик кишилер бул жерде эч качан сойку болгон эмес дешти, — деди. Яхуд: — Буюмдарды сактап жүрө берсин. Эл үстүбүздөн күлбөсө эле болду. Акысын төлөп берейин деп аракет кылсам, сен таппай келдиң, — деди. Арадан үч айдай өткөндө кимдир бирөө Яхудка келип: — Келиниң сойкулук кылып, боюна болтуруп алыптыр, — деди. Ошондо Яхуд: — Шаардан сыртка алып чыгып өрттөп жибергиле, — деп буйруду. Сыртка алып чыгып баратышканда келин: — Мен мына бул буюмдардын ээсинен кош бойлуу болдум. Карап көргүлө: бул боолуу мөөр менен таяк кимдики? — кайнатасына айттырып жиберди. Яхуд өзүнүн буюмдарын таанып: — Аныкы туура. Мен өз парызымды аткарган жокмун. Аны балам Шелага алып беришим керек болчу, — деди. Яхуд кийин эч качан аны менен жатпады. Ай-күнү жетип, көз жара турган кез келгенде боюнда эгиздер жатканы билинди. Толгоо тартып жатканда эгиздин бири колун чыгара калды. Ошондо аначы аял кармай калып, кызыл жипти байлады да: — Ушунусу биринчи төрөлдү, — деди. Бирок анысы колун кайра тартып алып, экинчиси төрөлдү. Муну көргөн аначы аял:“Ой, кантип сен жолуңду жарып чыга алдың?” — деп таңданды. Ошондуктан тун уулунун аты Перес коюлду. Андан соң колуна кызыл жип байланган тели төрөлүп, ага Зара деген ат коюлду.

Башталыштар 39

Жусуп жана Потифардын аялы

(39:1-20) Исмаилиттер Жусупту Египетке алып барып, фараондун бир кызматкери болгон Потифарга сатып жиберишти. Ал падыша сарайынын кароол башчысы эле. Теңир Жусупка жар болуп, ишине ийгилик берди. Ал египеттик кожоюнун үйүндө жашап турду. Кандай жумуш кылса да Теңир жолдош болуп, иштин майын чыгара кылганын кожоюну байкап жүрдү. Потифарга жагып, өзүнүн менчик кызматчысы кылып, бүт үй-чарбасын башкарууну анын колуна өткөрүп берди. Ошондон тартып, Жусуп үч ү н Теңир египеттиктин үй-бүлөсүнө батасын жаадырды. Үйүндөгү, талаасындагы бардык нерселерине береке кирди. Потифар бүт бийликти Жусупка өткөрүп берди. Жеген нанынан башка эч нерсе менен иши болбоду. Жусуп зыңкыйган сулуу жигит эле. Ошондуктан кожоюнунун аялынын көзү түшүп, азгырып, төшөккө жатканга сунуш кыла баштады. Жусуп анын мындай сунушун четке кагып: “Коюңуз, мен бул жерде экенимде кожоюнумдун эч нерсе менен иши жок, анткени мага ишенет. Колундагысынын баарын мага өткөрүп берди. Бул үйдө менин аброюм кожоюнумдуку менен бирдей, ал сенден башка эч нерсесин менден аяган жок. Анан кантип мен ушундай уятсыз ишке барып, Кудай алдында күнөө кыла алам?” — деди. Аял болсо күндөн күнгө Жусупка асылганын койбоду. Бир күнү Жусуп иш менен үйгө кирип калды. Үй кызматчыларынын эч кимиси жок эле. Аңгыча баягы аял Жусуптун чапанынан кармай калып: “Жүр, жатабыз!” — деди. Жусуп чапанын аялдын колуна калтырып сыртка качып чыкты. Аял Жусуптун чапанын таштай качканын көргөндө үй кызматчыларын чакырып: “Муну карагылачы! Булеврейди күйөөм бизди кордотуу үчүн үйгө алып келиптир. Бул менин бөлмөмө кирип келип, мени зордуктамакчы болду эле, күчүмдүн барынча чаңырып жибердим. Чаңырганымда сыртка чапанын жаныма таштай качты”, — деди. Ушундай деп чапанды Жусуптун кожоюну үйгө келгенге чейин өзүндө кармап турду. Анан күйөөсү келгенде баягысын кайталап айтып берди: “Жанагы үйгө апкелген еврей кулуң менин бөлмөмө кирип келип, мени кордоду. Бирок кыйкырып жибергенимде чапанын жаныма таштап, сыртка качып кетти. Муну укканда Жусуптун кожоюнунун кыжыры кайнады. Жусупту кармап, түрмөгө каматты.

Жусуп түрмөдө

(39:20-23) Ошентип, Жусуп падышанын туткундары турган жерде камакта жатты. Теңир жар болуп, түрмө башчынын ырайымын тартуулады. Түрмө башчысы Жусупту башка бардык камактагылардын үстүнөн башчы шайлап, түрмөнүн ичиндеги иштердин баарына жоопкер кылып койду. Жусуптун кылган иштеринин эч нерсесин көзөмөлдөп, убара болбой оңуп калды, анткени Жусупту Теңир колдоп, бардык иштерине ийгилик берип турду.

Башталыштар 40

Жусуптун түрмөдөгү падыша кызматчыларынын түштөрүн жоруусу

(40:1-23) Бир нече убакыт өтүп, фараондун баш шарапчысы менен баш наабайчысы кожоюнунун каарына калышты. Аларга ачуусу келген фараон сакчылардын башчысынын үйүндөгү түрмөгө салып салды. Так ушул жерде Жусуп да камакта болчу. Алар көп убакыт түрмөдө жатышты. Түрмө башчысы Жусупту аларга кызмат кылууга дайындады. Бир түнү бул экөө эки башка маанидеги түш көрүштү. Эрте менен Жусуп келип, алардын кабатырланып, тынчсызданып жатканын көрдү да: — Бүгүн эмне мынчалык тынчсызданып атасыздар, — деп сурады. Алар: — Ар бирибиз түш көрүп, жоруганга адам жок, — деп жооп беришти. — Түш жоруу Кудайдан бериле турган касиет, — деди Жусуп аларга, — түшүңөрдү мага айткыла. Ошондо баш шарапчы мындай деди: — Түшүмдө бет алдымда турган жүзүм сабагын көрдүм. Анын үч бутагы бар экен. Бүчүр байлары менен гүлдөп, мөмөлөрү бышты. Мен болсо анын жемиштеринен терип, ширесин фараондун чөйчөгүнө сыгып, ага сунуп жатыптырмын. Жусуп мындай жооп берди: — Түшүңүздүн мааниси мындай: үч сабак — бул үч күн. Үч күндөн соң фараон сизди бошотуп, мунапыс кылат да, кайра ордуңузга коет, анан сиз ага мурдагыдай эле шарап сунасыз. Ошондо, баары жайындагыдай болгондо, мени эстей көрүңүз, мага кайрым кылып, мени фараондун эсине салыңыз, мына бул түрмөдөн чыкканга жардам бериңиз. Анткени мени еврейлердин жеринен уурдап келишкен, ошондой эле бул жерде да түрмөгө салына тургандай эч бир жаман иш кылган жокмун. Баш наавайчы баш шарапчынын түшүнүн жакшы жорулганын көрүп, ал да Жусупка өзүнүн түшүн айтып берди: — Мен да түш көрүп, түшүмдө башыма үч себет нанды көтөрүп баратыптырмын. Эң үстүңкүсүндө падышага арналган ар кандай бөлкөлөр, токочтор бар эле. Аларды болсо чымчыктар чокуп жатышыптыр. Жусуп ага мындай жооп берди: — Түшүңүздүн мааниси мындай: үч себет — бул үч күн. Үч күндөн соң падыша сизди бошотот да башыңызды алат. Денеңизди жыгачка асып коет. Чымчыктар келип, этиңизди чокуп жейт. Ушундан үч күн өтүп, фараон туулган күнүн белгилеп, бардык кызматчыларын чакырып, чоң той берди. Баш шарапчысы менен баш наавайчысын бошотуп, башка кызматчыларынын алдына алып келди. Баш шарапчысын мурдагы ордуна койду, ал эми баш наавайчысын болсо өлтүрдү. Баары Жусуптун айтканындай болду. Бирок баш шарапчы Жусупту таптакыр көңүлүнө албай, унутту.

Башталыштар 41

Фараондун түшү

(41:1-36) Ушундан эки жыл өткөндө фараон түш көрүп, түшүндө дарыянын жээгинде турду. Дарыядан сүлкүлдөгөн семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрүштү. Аңгыча тыртайган арык дагы башка жети уй чыгып, жанагы уйлардын жанына келишти да, аларды жеп салышты. Ушул жерден фараон ойгонуп кетти.Бирок кайрадан уйкуга кирип, түшүндө бадырайган дандуу жети буудайдын өсүп чыкканын көрдү. Аңгыча алардын артынан чөлдүн шамалынан улам даны кагайып, бүрүшүп-чүрүшүп калган дагы жети буудай өсүп чыгып, бадырайган дандуу берки буудайларды жеп салышты. Фараон ойгонуп кетип, түш көргөнүн түшүндү. Эрте менен тынчы кетип, Египеттин бардык балчы-даанышмандарын чакырып, аларга түшүн айтып берди. Бирок эч кимиси анын түшүн жоруй алышпады. Ошондо баш шарапчы фараонго: — Таксырым, күнөөлөрүмдү бүгүн эстеп олтурам. Бир кезде падышам кулдарына ачууланып, баш наавайчы экөөбүздү сакчылардын башчысынын үйүндөгү түрмөгө салган болчу. Ошондо экөөбүз тең бир түндө эки башка маанидеги түш көргөнбүз. Түрмөдө биз менен бирге түрмөбашчынын кулу болгон бир еврей жигит бар эле. Ал биздин түшүбүздү жоруп берген. Ошонун жоруганы ордунан чыкты: мен ордума келтирилдим, тиги болсо дарга асылды, — деп сүйлөй баштады. Фараон киши жиберип, Жусупту чакыртты. Жусупту шашылыш түрдө түрмөдөн алып чыгышты. Жусуп чачын алдырып, кийимдерин алмаштырып кийди да фараонго келди. Фараон Жусупка: — Түш көрүп, жоруй турган адам таппадым. Сени түш жоруй алат дешти, — деди. — Бул менин колумдан келбейт, бирок Кудай сиздин пайдаңызга жооп берет, — деди Жусуп. Ошондо фараон Жусупка түшүн айта баштады: — Түшүмдө дарыянын жээгинде туруптурмун. Аңгыча дарыядан сүлкүлдөгөн семиз жети уй чыга калып, камыштын арасына киришти. Бирок алардын аркасынан кынжыйган арык дагы башка жети уй чыкты. Мен мындай арык уйларды Египеттин эч жеринен көргөн эмесмин. Алар семиз уйларды жеп салышты. Ошондо деле курсактары билинбеди, мурдагыдай тыртайган бойдон кала беришти. Анан мен ойгонуп кеттим. Кайра көзүм илинип кетип, дагы түш көрдүм: бадырайган дандуу жакшынакай жети буудайдын өсүп чыкканы кирди. Аңгыча алардын артынан чөлдүн шамалынан улам кагайып, үлдүрөгөн дагы жети буудай өсүп чыкты да, беркилерди жеп койду. Бул түштү уламаларга айтып берсем эч кимиси жоруй албады. Жусуп фараонго жооп берди: — Фараондун түштөрүнүн мааниси бир: Кудай өз амирин фараонго алдын ала кабарлаптыр. Жети семиз уй — бул жети жыл. Жети жакшынакай буудай да жети жылды билдирет. Семиз уйлардын артынан чыккан жети тыртайган арык уйлар да жети жылды билдирет. Чөл шамалынан улам кагайып, үлдүрөп калган жети буудай да жети жыл ачкачылыкты билдирет. Кудай өз амирин фараонго алдын ала айтып бериптир дегеним ушундан. Бүт Египет жергесинде береке төгүлгөн молчулуктун жети жылы жакындап келе жатат. Алардан кийин жети жыл ачарчылык болот. Молчулук жылдары унутулуп, алардан из калбайт, жер бети ачарчылыктан жабыркайт. Баягы молчулуктун артынан келген жети жыл ачарчылыктын айынан мурдагы берекеси төгүлгөн жылдар билинбей калат. Анткени ачарчылык абдан катуу болот. Ал эми бир эле маанидеги түштүн кайталанышы бул кабардын Кудайдан экенин жана ал айткандарын жакында ишке ашырарын тастыктап турат. Ошондуктан фараон азыртан кечикпей бир акылдуу, даанышман адамды таап, Египет жерине башчы шайласын. Бардык жерде көзөмөлчүлөрдү дайындоого буйрук берип, молчулуктун жети жылында түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйнатсын. Алар келе жаткан жакшы жылдардагы бардык түшүмдөн шаарлардагы кампаларга чогултуп, кайтарышсын. Бул кийин келе турган ачарчылык жылдарында керек болот. Ошентип адамдар кырылуудан аман калышат.

Жусуптун Египетте бийликке келиши

(41:37-57) Жусуптун сөздөрү фараонго жакты. Ал кызматчыларына: — Кудайдын Руху даарыган мындай башка кишини кайдан табабыз? — деди. Анан Жусупка кайрылып: — Ушунун баарын Кудай сага ачып берип жаткан соң, демек, сендей акылдуу, даанышман башка адам жок. Сен менин бүткүл мамлекетимдин үстүнөн башчы болосуң, элим сага баш ийет. Мен сенден тактым менен гана бийигирээк болом, — деди да Жусупту кызматка дайындады. Колундагы мөөр шакегин чыгарып, колуна салды. Үстүнө кымбат чапан жаап, мойнуна алтын мончок такты. Падыша арабаларынын экинчисине отургузуп, эл аралатып: "Таазим кылгыла!" деп алдынан жар салдырды. Ошентип, бүткүл Египетке башчы кылды. Анан:“Мен падыша катары сага айтып коеюн:сенин уруксатыңсыз бүт Египет жеринде эч ким эч нерсе кыла албайт”, — деди. Фараон Жусупка Сафнат-панеах деген жаңы ат койду. Күншаар деген шаардын дин кызматкери Потифардын кызы Асенафаны алып берди. Ошентип Жусуп Египетти кыдырып, башчылык кыла баштады. Фараондун алдына келгенде Жусуп отузда эле. Жусуп фараондун жанынан чыгып, бүткүл Египтет жерин кыдырганы жөнөдү. Жети жыл бою жер түшүмүн мол берип, берекелүү болду. Жусуп Египеттеги жети жылдын түшүмүнөн жыйнап, шаарлардагы кампаларга төктүрдү. Ар бир шаарга айланасындагы талаанын түшүмүн жыйды. Ушунчалык мол түшүм жыйнап, көптүгүнөн сан жетпей акырында санабай да калды. Ачарчылык жылдары келгенге чейин Гелиополистик дин кызматкеринин кызы Асенафадан эки балалуу болду. Кудай менин азап-кайгым менен атамдын үйүн унутканга күч берди деп, биринчисин Манас20 атады. Азап тарткан жеримде мени бала-чакалуу кылды деп, экинчисин Ефраим атады. Ошентип, Египеттеги молчулуктун жети жылы бүтүп, Жусуп алдын ала айткандай ачарчылыктын жети жылы башталды. Египеттен башка өлкөлөрдүн баарында ачарчылык болуп, Египеттин бардык жерлеринде болгон жок. Ачарчылык Египетке жеткенде эл нан сурап, фараонго жалына баштады. Фараон аларга: “Жусупка барып, ал эмне десе, ошону кылгыла!”— деди. Бүт жер жүзүн ачарчылык каптап, Жусуп бардык кампаларын ачып, египеттиктерге нан сата баштады. Ачарчылык болсо Египетте күчөгөндөн күчөй берди. Бүт жерде ачарчылык болгондуктан, Жусуптан дан сатып алуу үчүн Египетке туш тараптан адамдар келип жатышты.

Башталыштар 42

Жакыптын он баласын Египетке жибериши

(42:1-5) Жакып Египетте дан бар экенин угуп, балдарына: — Неге карап отурасыңар? Египетте дан бар деп уктум, барып, бизге нан сатып келгиле. Бөөдө, ачкадан өлүп калбайлы, — деди. Ошентип дан сатып алуу үчүн он бир тууган Египетке аттанышты. Ал эми Жусуптун иниси Бенжаминди болсо Жакып бир тууганына кошподу. "Кырсыкка кабылып калбасын" деди ал.

Жусуптун тогуз бир тууганын кайра Кананга жөнөтүшү

(42:6-28) Ошентип, Исраилдин балдары башкалар менен бирге дан сатып алганы Египетке келишти. Анткени Кананда ачарчылык эле. А Жусуп болсо ал жерде башчы болчу. Бир туугандары анын алдына келип, жерге жете баштарын ийип, таазим кылышты. Жусуп агаларын көрүп, тааныды. Бирок тааныбагандай түр көрсөтүп, алар менен кырс сүйлөштү: — Эй, кайдан келдиңер силер? — Канандан, тамак-аш сатып алалы дедик эле, — дешти агалары. Жусуп агаларын тааныды, бирок агалары аны таанышкан жок. Ошондо Жусуп алар тууралуу көргөн түшүн эстеди. Анан аларга: — Силер тыңчысыңар, биздин жерибиздин алсыз жактарын тымызын билиш үчүң келдиңер, — деди жекирип. — О таксыр, андай дебеңиз, кулдарыңыз тамак-аш сатып алганы келишти. Биз, кулдарыңыз, баарыбыз бир атанын балдарыбыз, чынчыл адамдарбыз, өмүрү тыңчы болуп көргөн эмеспиз, — дешти булар бөжөңдөшүп. — Жок, силер бул жердин алсыз жактарын билгени келгенсиңер, — деди Жусуп кайталап. — Биз, кулдарыңыз, он эки бир тууганбыз. Баарыбыз Кананда жашаган бир кишинин балдарыбыз. Кенжебиз атабыз менен калды, дагы бирөөбүз каза болду. — Айтпадым беле тыңчысыңар деп. Силерди мындайча текшерем: фараондун өмүрү менен ант берем: кичүүңөр келмейин бул жактан чыкпайсыңар! Бирөөңөрдү жибергиле, иниңерди алып келсин, а силер болсо кайтарууда болосуңар. Анан чын айтып жатасыңарбы же жокпу белгилүү болот, эмесе фараондун өмүрү менен ант берем: силер анык тыңчысыңар. Жусуп ушундай деди да аларды үч күнгө кайтартып койду. Үчүнчү күнү аларга мындай деди: — Дегенимди аткаргыла, ошондо аман каласыңар, анткени мен Кудайдан корккон адаммын. Эгерде чынчыл адамдар болсоңор, анда бирөөңөр жаткан жериңерде калсын да калганыңар ачка олтурган үй-бүлөңөргө тамак-аш алып барып бергиле. Ал эми сөзүңөр ырасталып жана өлбөшүңөр үчүн кенже иниңерди мага алып келгиле. Тигилер макул болушту. Анан бири-бирине: "Бир тууганыбызга карата кылган күнөөбүз үчүн жазаланып жатканыбыз анык. Бизге жалынып жатканда анын кыйналып жатканын көрүп, укпай койгон элек. Ошон үчүн ушул кырсыкка дуушар болуп олтурабыз", — дешти. Рубим аларга айтты: — Балага каршы күнөө кылбагыла деп силерге айткан жок белем? Силер укпай койдуңар. Эми мына анын канынын азабын тартып жатасыңар. Ортодо тилмеч тургандыктан Жусуптун түшүнүп жатканын алар билишкен жок. Жусуп мындай чыгып, өксүп ыйлады. Кайра келип, алар менен сүйлөшүп, арасынан Ысманды алды да, алардын көз алдында байлады. Анан кызматчыларына каптарын данга толтуруп, ар биринин акчасын өз-өз кабына кайра салып, жолго азык берүүнү буйруду. Ошентип бир туугандарыэшектерине дан артып, жолго чыгышты. Жолдо түнөгөнү жатып, бирөөсү эшегине жем берейин деп кабын ача салса оозунда акчасы жатат. Муну дароо бир туугандарына билдирди. Жүрөктөрү түшүп: "Кудайдын бул кылганы эмнеси?" — дешти бири-бирине.

Жакыптын балдарынын Канандагы атасына кайтып келиши

(42:29-37) Кананга келип, баштарынан өткөргөндөрүн Жакыпка төкпөй-чачпай айтып беришти: "А жердин өкүмдары бизге катаал мамиле кылып, тыңчылар катары кабыл алды. — Биз ак жашаган адамдарбыз, эч качан тыңчы болгон эмеспиз, атадан он эки элек, бирөөбүз арабыздан алынды, эң кенжебиз болсо атабыз менен Кананда, — дедик биз. Тигил жердин өкүмдары болсо: — Ак экениңерди мындайча текшерем: бирөөңөр калсын, калганыңар ачка олтурган үй-бүлөңөргө азык апарып бергиле да мага кенжеңерди алып келгиле. Ошондо тыңчы эмес, чынчыл адамдардан экениңерге ишенем. Анан бул жерде ишиңерди кыла берсеңер болот, — деди". Ушуну айтып, анан каптарын бошотуп жатышканда ар биринин түйүнчөккө салынган акчасы өз-өз каптарынан чыкты. Муну көргөндө баарынын үрөйү учту. Атасы Жакыптын да жүрөгү түштү. Ошондо Жакып: — Силер мени балдарымдан айрыдыңар, Жусуп жок, Ысман жок, эми Бенжаминди да алганы турасыңар, шорумду куруттуңар го! — деди. Рубим атасына: — Мен балаңызды кайра алып келип, өз колуңузга тапшырбасам, анда менин эки баламды өлтүрүп салыңыз. Балаңызды мага бериңиз, кайра алып келип берем, — деди. — Балам силер менен барбайт. Агасы өлүп, энеден жалгыз калды. Баратканыңарда жолдо кырсык болсо бөөдө ак чач баскан башымды азапка саласыңар, — деп Жакып көнбөдү.

Башталыштар 43

Жакыптын он уулун кайрадан Египетке жөнөтүшү

(43:1-15) Ачарчылык күчөгөндөн күчөй берди. Египеттен алып келген азыкты жеп бүтүшкөндө Жакып балдарына: — Дагы барып, бир аз азык-түлүк алып келгиле, — деди. Ошондо Яхуд: — Жанагы киши бир тууганыңар менен келбесеңер көзүмө көрүнбөгүлө деп катуу эскерткен. Эгер инибизди кошуп берсеңиз, анда барып, сизге азык-түлүк сатып келебиз, антпесеңиз барбайбыз, анткени жанагы киши кенжеңер менен келбесеңер көзүмө көрүнбөгүлө деген, — деди. Жакып: — А кишиге дагы бир инибиз бар деп, эмне үчүн башыма балээ үйдүңөр? — деди. Балдары: — Ал биз тууралуу, уруубуз тууралуу сурады. "Атаңар али тирүүбү? Дагы бир тууганыңар барбы?" деди. Анан биз сураганына жараша жооп бердик. Иниңерди алып келгиле деп айтарын кайдан билдик? — деп жооп беришти. Анан Яхуд Жакыпка мындай деди: — Балаңызды мага кошуп бериңиз, барып келели. Ошондо биз да, сиз да, бала-чакабыз да аман калабыз. Ал үчүн жоопкерчилик менин мойнумда болсун, менден сураңыз, эгер аны кайра алдыңызга алып келбесем, түбөлүккө айыптуу болоюн. Маалкатып, чое бербесек эки жолу барып келип калат элек. Жакып: — Анда мындай кылгыла: бул жактын эң мыкты жер-жемиштери: бальзам, бал, жыпар жыттуу стиракс менен ладан, мисте менен жер жаңгактан алиги адамга тартуу ала баргыла. Акча да ала баргыла. Бирок жанагы кабыңарга кайра салынган акчаны өз колуңар менен кайтарып бергиле, а балким жаңылыштыктыр. Иниңерди да кошуп алгыла, жанагы кишиге кайра баргыла. Кудуреттүү Кудай ошо кишинин жүрөгүн жибитип, силерге кайрым кылдырып, силерди да, тыяктагы бир тууганыңар Бенжаминди да кое берсин. А мен баласыз калсам, калайын, — деди акыры. Ошентип айтылган белектерди, мурункудан эки эсе көп акчаны жана Бенжаминди алышып, Египетке жетишти да Жусуптун алдына келишти.

Жусуптун үйүндөгү той

(43:16-34) Алар менен бирге келген энелеши Бенжаминди көргөн Жусуп, үй-чарбасын башкаруучу кулуна: — Бу кишилерди үйгө киргиз да, малдан союп, тамак даярда. Түшкү тамакты булар мени менен чогуу жешет, — деп буюрду. Тигил киши кожоюнун айтканын аткарып, үйгө киргизди. Жусуптун үйүнө киргизилгенин көргөндө булар коркуп кетишти. "Мурда каптарыбызга кайра салып коюшкан акча үчүн ушундай кылып жатышат. Үйгө киргизип туруп, бизге күтпөгөн жерден кол салып, эшектерибизди тартып алып, өзүбүздү кул кылганы жатышат" деп ойлошту. Кире бериште турган Жусуптун үй башкаруучу кулуна жакын басып келишип: — Таксырыбыз, уксаңыз, биз мурда азык сатып алганы келип кеткен элек. Талаада түнөп калып, жатаарда каптарыбыздын оозун чечсек ар бирибизде мурда канча акчабыз болсо, ошончо акча жатыптыр. Мына, эми өз колубуз менен кайтарып берип жатабыз. Ал эми азык сатып алуу үчүн башка акча алып келдик. Мурдагы акчаны каптарыбызга ким салып койгонун билбейбиз, — дешти. Үй башкаруучу кул: — Камтама болуп, коркпогула. Силердин жана атаңардын Кудайы салып койгон, а мен акчаңарды алгам, — деди да Ысманды алып келди. Анан Жусуптун үйүнө киргизип, алардын колу-бутуна суу куйду. Эшектерине от салды. Жакыптын балдары болсо белектерин түшкө, Жусуптун келер убагына белендеп коюшту, анткени аларга Жусуп менен тамактанышаары айтылган болчу. Жусуп үйгө келгенде, колдорундагы белектерин беришип, жерге жете ийилип, таазим кылышты. Жусуп алардын ден-соолугун сурап, анан: — Силер айткан кары атаңар күүлүү-күчтүүбү? Аман-эсенби? — деди. Бир туугандары: — Сиздин кулуңуз, биздин атабыз аман-эсен, али тирүү, — деп жооп беришти да тизе бүгүп, жүгүнүштү. Жусуп энелеши Бенжаминди көрүп: — Силер айткан иниңер ушулбу? Кудай сага мээримин төксүн, уулум, — деди. Айтары менен дароо шашылыш түрдө ары басып кетти, анткени бир тууганына болгон сезими жүүнүн бошотуп, көз жашы ыргып кете жаздады. Төркү үйүнө кирип алып, эчкирип ыйлады. Анан бетин жууп, кайратына келди да, сыртка чыгып, тамакты чыгарууга буйрук берди. Жусуп өзүнчө, бир туугандары өзүнчө, ошердеги египеттиктер өзүнчө тамактанып жатышты. Анткени египеттиктер еврейлер менен бирге бир үстөлдөн тамактанууну жийиркеничтүү, пастык деп эсептешип, чогуу тамактана алышпайт. Жусуптун бир туугандары анын алдында улуулашып, өз-өз ордуларына тизилип олтурушту. Туну тун уулга тиешелүү ордун, кенжеси өзүнө тиешелүү ордун ээлешти. Бири-бирин карап таңданышты. Жусуптан алардын алдына тамак тартылды. Бенжаминдин шыбагасы башкаларынын ар бириникине караганда беш эсе көп болду. Жусуп мене бирге ичишти, ичкенде да мас болгуча ичишти.

Башталыштар 44

Жоголгон чөйчөк

(44:1-17) Жусуп үй башкаруучу кулуна: — Бу кишилердин каптарын көтөрө алышынча тамак-ашка толтур, анан ар биринин акчасын кабынын оозуна салып кой. А менин күмүш чөйчөгүмдү болсо кенжесинин кабына данга берген акчасы менен кошо салып кой, — деп буюрду. Ал так ошондой кылды. Эрте менен жарык киргенде булар эшектери менен бирге кое берилди. Шаардан узаша электе Жусуп үй башкаруучу кулуна айтты: — Тигилерди кууп жет да: "Эмне үчүн жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер? Бул чөйчөк менин кожоюнум ичкен, бал ачкан чөйчөк ко?" — де. Кулу кууп жетти да ушундай деди. Ошондо тигилер: — Таксыр, бул айткандарыңызды кандай түшүнсө болот? Коюңуз, биз андай ишке барбайбыз. Каптарыбыздын оозунан тапкан акчабызды сизге тээ Канандан кайра алып келип бердик эле го, анан кантип кожоюнуңуздун үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек? Кимибизден чөйчөк табылса, ошого өлүм, а биз таксырыбызга кулчулукка кетели, — деп чурулдашты. — Макул деди, — кул, — айтканыңардай болсун, кимден чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, калганыңарда айып жок. Тигилер бат-баттан каптарын жерге түшүрүшүп, ар бири өз кабынын оозун чечишти. Кул улуусунан тартып кичүүсүнө карай тинтип чыгып, чөйчөктү Бенжаминдин кабынан тапты. Тигилер күйүттөн кийимдерин тытышып, ар бири өз жүгүн өз эшегине жүктөп, шаарга кайтып келишти. Яхуд бир туугандарын баштап, Жусуптун үйүнө келди. Ал үйүнөн кете элек экен. Келип, анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. Жусуп: — Бул эмне кылганыңар? Мендей көзү ачык адам сөзсүз таап аларын билген эмес белеңер? — деди. Яхуд: — Таксырыбызга эмне деп айтмак элек? Не демекпиз? Кантип актана алабыз? Кудай кулдарыңыздын айыбын тапты. Мына эми биз сизге кул болдук. Баарыбыз, биз да, чөйчөк табылган да, — деди. — Жок, мен андай кылбайм, — деди Жусуп, — кимден чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, а калганыңар тынчтык менен атаңарга бара бергиле.

Яхуддун Бенжамин үчүн суранычы

(44:18-34) Ошондо Яхуд Жусупка басып келип, мындай деди: — Мырзам, сиз менен ачык сүйлөшкөнгө уруксат этиңиз, кулуңузга ачуулана көрбөңүз, анткени сиз фараон менен бирдейсиз. Бизден: "Атаңар же дагы башка бир тууганыңар барбы?" — деп сураган элеңиз. Биз карган атабыз бар экенин, анын карганда көргөн көкүрөк күчүгү бар экенин, ошол кенжеси бир тууганы өлүп калып, энеден жалгыз калганын, атабыздын аны артыкча жакшы көргөнүн айткан элек. Сиз: "Кенжеңерди апкелгиле, көрөйүн", — дегенсиз. Биз: "Ал атасын таштап келе албайт, антсе атабыз сар-санаадан өлүп калат", — дегенбиз. Сиз бизге: "Кенже бир тууганыңар келбесе, экинчи көзүмө көрүнчү болбогула!" — дедиңиз. Биз барып, сиздин кулуңуз, биздин атабызга сөздөрүңүздү кайталап айтып бердик. Анан атабыз: "Дагы барып, бир аз азык сатып келгиле", — деди. "Бизге кайра барууга болбойт, эгер кенже инибиз кошо барса барабыз, анткени ансыз тиги кишинин алдына бара албайбыз", — дедик биз. Ошондо сиздин кулуңуз, а биздин атабыз бизге мындай деген: "Аялым Рахиланын мага эки бала төрөп бергенин билесиңер. Бирөөсү менден чыгып кетип, кайрылбады, жырткыч тытып салды окшойт деп ойлоп калдым. Эми муну да алып кетип, бир кырсыкка кабылсаңар, мына бу ак баскан чачым менен көргө тыгасыңар." Эми сиздин кулуңузга, атабызга, бул баласы жок барсак, муну көргөндө ал өлөт. Анткени анын жаны бул баласына биротоло байланып калган. Ошентип биз сиздин ак чач кулуңузду, атабызды, кайгы менен көргө жаткызабыз. Анын үстүнө мен: "Эгер балаңызды кайра алып келбесем, өмүр бою алдыңызда айыптуу болоюн", деп ага сөз берип койдум эле. Ошондуктан мен, баланын ордуна калып кулуңуз болоюн да ал агалары менен бирге кетсин. Анткени бул инимсиз кантип атама барам? Атамын күйүткө батып, кырсыкка кабылганын көргүм келбейт.

Башталыштар 45

Жусуптун бир туугандарына өзүн ачып бериши

(45:1-23) Мындан ары жанындагылардын алдында өзүн кармоого Жусуптун кудурети жетпеди: — Кеткиле жаныман! — деп кыйкырып жиберди. Эч ким калбай калганда Жусуп өзүнүн ким экенин агаларына айкын кылды. Өкүрүп ыйлаган үнүн египеттиктер да, фараондун үйүндөгүлөр да угушту. Жусуп агаларынан: — Мен Жусупмун, атам тирүүбү? — деп сурады. Агалары анын алдында тайсалдап, жооп бере алышпады. — Бери келгиле, — деди аларга Жусуп. Алар басып келишти. Ошондо Жусуп аларга мындай деди: — Мен силер Египетке сатып жиберген бир тууганыңар Жусупмун, бирок эми кайгырып, бушайман болбогула. Өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн мени Кудай силердин алдыңардан жибериптир. Анткени жер бетинде боло турган ачарчылыктын жети жылынын эки жылы араң өттү. Бул жылдары айдашпайт да орушпайт. Силерди тукум курут кылбастан улуу куткарылууну тартуу кылыш үчүн Кудай мени алдыңардан жибериптир. Демек, мени силер эмес, Кудай жибериптир. Ал мени фараонго ата болдуртуп, бүт үй-ичине башчы шайлап, бүткүл Египетке эгедер кылды. Эми тезирээк атама барып: уулуңуз Жусуп: "Кудай мени бүткүл Египетке эгедер кылды, тезирээк келиңиз, маалкатпаңыз, Гесем деген жерде жашайсыз. Өзүңүз да, балдарыңыз да, неберелериңиз да, төрт түлүк малыңыз да — бардык мал-мүлкүңүз менен менин жанымда болосуздар. Ошо жактан сизди багып турам, анткени ачарчылык дагы беш жылга созулат. Антпесеңиз өзүңүз баш болуп бүт үй-бүлөңүз, дегеле сизге караштуунун баары жакырлыкка батып каласыздар", деди, — дегиле. Мына, айткан сөзүмө силер да, иним Бенжамин да күбө. Атама менин Египеттеги кадыр баркым тууралуу, өз көзүңөр менен көргөндөрүңөр тууралуу айтып, атамды тезирээк бул жакка алып келгиле. Ушундай деп, Жусуп иниси Бенжаминдин мойнунан кучактап, өпкө кагып ыйлады. Бенжамин да ыйлап турду. Анан агаларынын баарын бетинен өөп, кучагына кысып, ыйлады. Ушундан соң агалары аны менен сүйлөшүштү. Фараондун үйүнө Жусуптун бир туугандары келиптир деген сөз жетти. Муну укканда фараон өзү да, кулдары да кубанышты. Анан фараон Жусупка мындай деди: — Бир туугандарыңа мындай кылгыла деп айт: малыңарга жүк артып, Кананга баргыла да атаңарды, бала-чакаңарды алып мага келгиле, мен силерге Египеттин эң мыкты жеринен берем, анын берекесин жеп жыргайсыңар. Сага болсо буйрук берем: ушундай кылгыла: Египеттен балдарыңарга, аялдарыңарга арабаларды алгыла да атаңарды алып келгиле. Калган мүлкүңөргө ичиңер ачышпасын, анткени Египеттеги эң жакшы нерселердин баары силердики болот. Жакыптын балдары так ушундай кылышты. Жусуп аларга фараондун буйругу боюнча арабаларды берип, жолго керектүү нерсе менен камсыз кылды. Ар бирине бирден ашыкча кийим берди, ал эми Бенжаминге болсо үч жүз күмүш акча, беш артыкбаш кийим берди. Ошондой эле он айгыр эшекке Египеттин эң мыкты жемиштеринен артып, жолдо керек болот деп он ургаачы эшекке нан жана башка керектелүүчү нерселерди артып, бир туугандарын жолго чыгарды. "Чырдашпагыла!" — деп эскертти узатып жатып.

Сүйүнчү

(45:25-28) Ошентип алар Египеттен чыгып, Канандагы атасы — Жакыпка келишти. Келип ага: — Жусуп тирүү экен! Ал бүткүл Египет элинин үстүнөн башчылык кылып атыптыр! — деп кабарлашты. Жакып ар кандай ойго кетип, аларга ишенген жок. Алар Жусуптун айткандарын төкпөй-чачпай айтып бергенде жана Жусуп ал үчүн жиберген арабаларды көргөндө гана Жакып жанданып, ишенди. — Чындап эле уулум Жусуп тирүү экен, көзүм өтө электе барып, көрүп келейин, — деди Исраил.

Башталыштар 46

Жакыптын Египетке көчүп келиши

(46:1-7) Ошентип Исраил колунда барын бүт алып, Вирсавияга келди да атасы Исхак сыйынган Кудайга курмандык чалды. Түндө Кудай ага келип: — Жакып! Жакып! — деди. — Кулак сизде, Эгем! — деди Исраил. — Мен Кудаймын, атаңдын Кудайымын, Египетке баргандан коркпо, анткени ал жерден сенин уругуңдан улуу эл жаратам. Мен Египетке сени менен барам, анан өзүм кайра андан алып чыгам. Жусуп өз колу менен сенин көзүңдү жабат. Жакып Вирсавиядан жолго аттанды. Балдары фараон жиберген арабаларга атасын, балдарын, аялдарын салып, Кананда тапкан мал-мүлкүн алып Египетке келишти. Ошентип Жакып бүт урук-тукуму менен Египетке келди. Уул-кыздарын, неберелерин, бүт урук тукумун өзү менен бирге Египетке алыпкелди. Төмөндө ошолордун санжырасы берилди:

Жакыптын Египетке келген урпактарынын тизмеси

(46:9-27) Жакыптын туну Рубим. Рубимдин балдары: Ханох менен ФКудай, Хецрон менен Харми. Ысмандын балдары: Емуил, Ямин, Огад, Иахин, Цохар, Канандык аялынан төрөлгөн Саул. Левийдин балдары: Гирсон, Кааф жана Мерари. Яхуддун балдары: Ир, Онан, Шела, Фарес, Зара; бирок Ир менен Онан Кананда каза болушкан. Фарестин Есром жана Хамул деген балдары болгон. Иссахардын балдыры: Фола, Фува, Аюб, Шимрон. Завулондун балдары: Серед, Елон, Яхлеил. Жакыптын Месопотамиядан Лиядан көргөн балдары ушулар. Дина деген кызы да бар эле. Уул-кыздарынын саны бардыгы болуп отуз үч. Гаддын балдары: Цифион, Хагги, Шуни, Эцбон, Ери, Ароди жана Арели. Асирдин балдары: Имна, Ишва, Ишви, Бриа жана алардын карындашы Серах. Бриадан: Хевер, Малхиил. Булар Лабан кызы Лияга кызмат кылуу үчүн энчилеп берген Зелфадан көргөн Жакыптын балдары. Баары болуп он алты адам. Жакыптын Рахила деген аялынан: Жусуп жана Бенжамин. Жусуп Египеттеги Гелиополис деген шаардагы диний кызматкер Потифардын кызы Асенафадан көргөн балдарынын аты: Манас менен Ефрем. Бенжаминдин балдары: Бела, Бехер, Ашбел, Гера, Нааман, Эхи, Рош, Муппим, Хуппим, Ард. Булар Жакыптын Рахилден көргөн балдары. Бардыгы болуп он төрт киши. Дандан: Хушим. Неффалимден: Яхсеил, Гуни, Ясер, Шиллем. Булар Лабан кызы Рахилге берген ВКудайдан көргөн Жакыптын балдары. Баары болуп 7 киши. Аялдарынан сырткары Жакыптын Египетке келген уул-кыздарынын жалпы саны алтымыш алты. Египетте Жусуп эки уулдуу болду. Египетке келген Жакыптын бүт үй-бүлөсүнүн саны жетимиш адам эле.

Жусуптун кеңеши

(46:28-34) Гесемге барчу жолду көрсөтүп берсин деп, Жакып Яхудду алдын ала Жусупка жиберди. Ошентип, баары Гесемге да жетип калышты. Жусуп өзүнүн арабасын даярдап, атасын Гесемден тосуп чыкты. Көрүп, мойнуна асылып, шолоктоп ыйлады. Исраил Жусупка: "Тирүү экенсиң, жүзүңдү көзүм көрдү, эми өлсөм мейли", — деди. "Мен барып фараонго айтайын, — деди Жусуп атасына жана анын бүт үй-бүлөсүнө, — Кананда жашаган бир туугандарым жана атамдын бүт үй-бүлөсү мага келишти. Алар чабандар, бүт малын айдай келишиптир дейин. Эгер ал силерди чакырып, кесибиңер тууралуу сурап кала турган болсо: "Биз, кулдарыңыз, ата-бабаларыбыз сыяктуу эле бармактайыбыздан тартып мал баккан адамдарбыз", — дегиле. Ошондо силерди Гесемге жайгаштырат, анткени египеттиктер үчүн чабан аттуунун баары пас, жийиркеничтүү эсептелет".

Башталыштар 47

Жакыптын фараонго батасын бериши

(47:1-11) Жусуп фараонго келип: "Атам менен бир туугандарым Канандан колунда болгон бардык малын айдап келип калышты, азыр Гесемде", — деп кабарлады. Анан бир туугандарынан бешөөн алып, фараондун алдына алып келди. Фараон алардан: — Кесибиңер эмне? — деп сурады. - Биз, кулдарыңыз, ата-бабаларыбыз сыяктуу эле чабан болобуз, — деп жооп беришти алар, - Кананда катуу жут болуп, малыбызга от жок болгондугунан ушул жерде жашай туралы деп келдик. Кулдарыңызга Гесемде жашаганга урусаат бериңиз. Фараон Жусупка карап: — Атаң менен бир туугандарың сага келишти, Египет жери сенин колуңда, аларды эң мыкты жерине жайгаштыр. Гесемде жашаганга уруксаат бер. Эгер арасында жөндөмдүүлөрүн билсең менин малыма көзөмөлчү кылып кой, — деди. Жусуп атасын алып келип, фараон менен тааныштырды. Жакып фараонго батасын берди. — Канчага келдиңиз? — деп сурады фараон андан. Жакып: — Жүз отуз жыл жер кезип жүрөм. Аз жашап, көп кыйынчылыктарды көрдүм, ата-бабаларымдын курагына жетпедим, — деди да фараонго батасын берип, андан чыгып кетти. Ошентип Жусуп атасы менен бир туугандарын Египетке жайгаштырып, фараондун буйругуна жараша Египеттин эң мыкты жери — Раамсес аймагынан энчи бөлүп берди. Атасын, бир туугандарын, атасынын бүт үй-бүлөсүн керектөөсүнө жараша үзбөй азык менен камсыздап турду.

Ачарчылык

(47:13-26) Бүт жер бетинде дан-азык калбай, ачарчылык абдан күчөдү, Египет жери да, Канан жери да каатчылыктан кабыргасы кайышты. Жусуп дан сатып, Египет менен Канандын бардык акчасын баарын жыйнап алды да фараон жашаган хансарайга алып кирди. Египетте да, Кананда да акча калбады. Ошондо бүткүл египет эли Жусупка келишип: — Бизге азык бер, көз алдыңда өлгөнүбүздөн не пайда, акчабыз болсо түгөндү, — дешти. Жусуп: — Акчаңар түгөнсө малыңарды айдап келгиле, данды малыңарга алмаштырам, — деп жооп берди. Ошентип алар эми малдарын айдап келип жатышты. Жусуп бир жыл бою жылкыларына, майда малына, кара малына, эшектерине дан алмаштырып, аларды камсыз кылып турду. Эми аларда мал да калбады. Ошондо тигилер дагы келишип: — Таксыр, ачыгын айтсак, акчабыз калбады, бүт малыбыз да сизге өттү. Тулку боюбуз менен менчик жерибизден башка эч нерсебиз калбады. Көз алдыңызда өзүбүз да, жерибиз да куураганынан не пайда? Жерибиз менен кошо өзүбүздү дан-азыкка сатып алыңыз да бизге урук бериңиз. Ачкадан өлүп, египет жери каңгырап ээн калгандан көрө жерибиз менен бирге фараонго кул бололу, — дешти. Ошондо Жусуп бүткүл Египет жерин фараон үчүн сатып алды. Ачарчылыктан жабыркаган египеттиктер жерлеринин баарын сатышты. Жердин баары фараондун карамагына өттү. Египеттин бүт элин Жусуп кул кылды. Диний кызматкерлердин гана жерине тийген жок, анткени аларга фараондон жер бөлүнүп, ошондон азыктанышчу. Ошол себептен алар жерлерин сатышкан жок. Анан Жусуп элге айтты: — Мен өзүңөрдү да, жериңерди да фараонго сатып бердим. Мына урук, алгыла, сепкиле. Оргонуңарда түшүмдүн бештен бир бөлүгүн фараонго бересиңер да калганын уруктукка, бала-чакаңарга жана башка үйүңөрдө жашагандарга сарптагыла. — Таксыр, сиз бизди сактап калдыңыз, сиздин ырайымыңызга ээ бололу, а фараонго кул бололу, — деди эл. Ошентип, Жусуп Египет жеринде түшүмдүн бештен бирин фараонго бериш керек деген мыйзам киргизди. (Ал мыйзам ушул китеп жазылып жаткан убакта да иштеп турган). Бул мыйзам диний кызматкерлердин гана жерине тиешеси жок эле, анткени алардын жери фараонго сатылган эмес.

Жакыптыр керээзи

(47:27-31) Исраил Гесемде өмүр сүрүп, ээлик кылып, бала-чакасы өсүп-өнүп абдан көбөйүп кетти. Жакып Египетте он жети жыл жашады. Жүз кырк жети жашка келди. О дүйнө кетер маалы жакындап калганын сезгенде уулу Жусупту чакырып алып, ага мындай деди: — Көңүлүңдөн орун тапкан болсом, колуңду тиземе коюп, ырайым этип, ишеним көрсөтүп, сөөгүмдү Египетке койбоймун деп ант бер. Ата-бабаларымдын жанына жатайын. Бул жактан алып чыгып, ошолордун мүрзөсүнө көм, — деди. Жусуп: — Айтканыңыздай кылам, — деди. Ошондо Жакып: — Ант бер, — деди. Жусуп ант берди. Ошондо Исраил төшөгүнүн баш жагына туруп, баласы Жусупка таазим кылды.

Башталыштар 48

Жакыптын Ефрем менен Манаска батасын бериши

(48:1-22) Бир күнү Жусупка атасынын ооруп жатканы тууралуу кабар жеткирилди. Жусуп эки баласы Манас менен Ефремди алып, атасынын алдына жөнөдү. "Уулуңуз Жусуп келе жатат" деген кабарды уккан Жакып, күчүн жыйнап, төшөгүнө олтурду. Жусуп келгенде ага мындай деди: — Кудуреттүү Кудай Канан жергесиндеги Лузда көзүмө көрүнүп, батасын берген. Анан айткан: "Мен сенин укум-тукумуңду абдан көп кылам, көптөгөн элдерди чыгарам, сен өлгөндө ушул жерди урпактарыңа түбөлүккө мураска берем. Азыр болсо Египетке сага келгенге чейинки төрөлгөн эки балаң меники болот. Рубим менен Ысман сыяктуу эле Ефрем менен Манас меники болушат. Кийинки балдарың сага калат, өз энчисине алыша турган жерде бир туугандарынын аттарынын алдында аталышат... Рахила Месопотамиядан келе жатканымда Ефрафага бир аз жетпей жолдо көз жумган болчу. Сөөгүн ошол жерге койгом. (Ефрафа азыр Бетлехем деп аталат). Исраил Жусуптун балдарын көрүп: — Булар кимдер? — деп сурады. Жусуп: — Менин балдарым, Кудай мага ушул жерден ушуларды берди, — деп жооп берди. — Бери алып келчи, батамды берейин, — деди Жакып. Карылыктан көзү начарлап, даана көрө албай калган эле. Жусуп балдарын алып келгенде, Жакып алардын бетинен сүйүп, кучагына кысты. "Сенин өзүңдүн жүзүңдү көргөндөн түңүлүп калган элем, Кудай мага балдарыңды да көрсөтүп олтурат" деди ал. Жусуп атасынын тизесинде олтурган балдарын алып, жерге жете баштарын ийип таазим кылды. Анан эки баласын тең жетелеп, Ефремди Исраилдин сол колуна туштап оң колунан алып, ал эми Манасты болсо оң колуна туштап, сол колунан алып, атасына жакын алып келди. Бирок Исраил оң колун созуп, кичүүсү болгонуна карабай Ефремдин башына, ал эми сол колун Манастын башына койду. Манас Жусуптун тун баласы экенине карабай атайын ушундай кылды. Анан Жусупка карап туруп, мындай деп бата тиледи: — Аталарым Ибрайым менен Исхак сыйынган, ушул убакка, ушул күнгө чейин мени кайтарып, багып келген Кудай, башымды ар кандай жамандыктан куткаруучу Периште ушул балдарга батасын берсин. Менин жана менин ата-бабаларым Ибрайым менен Исхактын аттары менен аталышсын. Жер бетинде өркөнү өсүп, көбөйүшсүн. Жусуп атасы оң колун Ефремге койгонун көрүп, капа болду. Ефремдин башынан Манастыкына которуп коюу үчүн атасынын колун кармап: — Ата, мындай эмес, тун балам мунусу, оң колуңузду ушунун башына коюңуз, — деди. Бирок атасы: — Билем, уулум, билем. Андан да улуу эл жаралат, бирок кичүүсү андан улуурак болот, кичүүсүнүн урпактарынан көп сандаган эл чыгат, — деп макул болбоду. Ошентип ошол күнү аларга батасын берди: — Исраил сенин атыңан: "Кудай Ефрем менен Манаска берген батасын сага берсин!" деп бата берет. Ошентип ал Ефремди Манастан өйдө койду. Эми мына мен о дүйнөгө аттанганы турам, силерге Кудай жар болуп, ата-бабаларыңардын жерине кайра алып барат. Мен сага бир туугандарыңдан өзгөчөлөп, Аморрейлерден согушуп жатып, тартып алган кыркалуу жерди энчиңе кошуп берем.

Башталыштар 49

Жакыптын балдарына берген пайгамбардык батасы

(49:1-28) "Чогулуп келип, уккула менин сөзүмдү, Баяндайын алдыда жаткан күндөрдү. Жакыптан чыккан чүрпөлөр кулак салгыла, Атакеңер Исрайыл айтар сөздөрдү. Туңгучум Рубим — кайратымдын башаты, Күч-кубатым, эң биринчи дүрмөтүм, Кадырымдын, дарманымдын чокусу. Кумарландың кирген суудай оргуштап, Бирок эми жарыбайсың эч качан. Анткени сен ала жипти аттадың, Өз атаңдын ак төшөгүн булгадың. Ысман, Левий жатындаш бир туугандар, Кылычтарын зөөкүрлүккө жуугандар. Катышпаймын курган кеңешиңерге, Кадыр-баркым кетирбеймин силерге. Туталанып, канкорлукка бардыңар, Алжаңдашып, курмандыкка чалдыңар. Каргыш тийсин ачууңарга силердин Кыжырыңар келгенде таш боорсуңар. Каргыш тийсин каарыңарга силердин, Тутансаңар ченемсиз зөөкүрсүңөр. Мен силерди туш-тарапка таратам, Исраилдин ичинен чачыратам. Яхуд сени боордошторуң ардактайт, Кастарыңды алкымынан аласың, Агайындын урмат-сыйын татасың. Уудан келген жаш арстаным — Яхудум! Ким даап сени тургуза алат ордуңдан? Эгедериң, дүйнө жүзү баш ийчү, Чыныгы Хан бул дүйнөгө келгиче, Хан таягы сенин колуңан түшпөйт, Уругуңан өкүмдарлар үзүлбөйт. Жүзүмзарга коделегиң аркандап, Шиңгилине эшегиңди байлайсың. Кийимиңди шарабына жубасың, Чапаныңды ширесине чылайсың. Жылт-жылт этет сенин көзүң шараптан, Сүттөн тишиң аппак болуп кашкаят. А Завулон деңиз жээгин мекендейт, Кемелерге баш калкалаар жай болот, Ээлегени Сидонго чейин созулат. Чымыр эшек сыяктанган Иссахар, Жүктөн чарчап, жатып алат турбастан, Жаткан жайы жакшы экенин көргөндө, Ошол жердин жагымдуусун билгенде, Жүк артууга тосуп берет далысын, Макул болот кулдай иштеп бергенге. Дан өзүнүн уруусуна баш болот. Оролуп, жылан сымал жатып алып, Жолдон өткөн атты туякка чагат, Чабандесин чалкасынан кулатат. Оо Теңир өзүң сактайгөр. Топурап келип, Гадка чабуул жасашат, Бирок кайра кутулууга шашышат. Ашыр жери — берекелүү, семиз жер, Падышага эчен түрдүү даам берер. Маңкайган ак маралдайсың Неффалим, Так өзүңдөй улактарды төрөйсүң. Түшүмү мол жүзүм сабак — бул Жусуп, Бутактары дубалды ороп, салаңдап, Суу боюнда өсүп турат жайкалып. Эчен ирет, жебелерин агытып, Жаа тарткандар түзүк эле касташты. Бирок жаасы ийилбеди Жусуптун, Булчуңдары кубатынан тайбады. Анткени аны Кудай өзү колдоду. Жолдош болду Исраилдин Чабаны, Опол тоосу, таянаары, кубаты, Атакеңдин караан кылган Кудайы. Ошол сага жардам берсин ылайым, Кудуреттүү сага берсин батасын, Көктөн сага берекесин жаадырсын, Жер астынан ырыскысын аттырсын, Сүт берсин да төл берсин. Карт тоолордун баталарынан ашкан, Түбөлүктүү дөбөлөрдүкүн баскан, Ыраа кылсын атакеңдин батасын. Башыңа консун түбөлүк ушул баталар. Бир туугандар арасынан Тандалган, Баш-аягың ак батага маарысын. Бенжамин — жырткыч карышкыр, Тытмаласа тоногонун таң эртең, Бөлүштүрөт олжосун кеч киргенде." Исраилдин он эки уруу урпактары ушулар. Аларга атасы ушуларды айтты. Айтып, батасын берди, бергенде да ар бирине өзгөчө, өзүнө тиешелүү батасын берди.

Жакыптын керээзи жана дүйнөдөн кайтышы

(49:1-29) Андан соң мындай керээзин айтты: "Мен ата-бабам кеткен жакка жөнөгөнү турам. Сөөгүмдү хеттик Ефрондун тааласындагы үңкүргө, ата-бабаларымдын жанына койгула. Ал үңкүр Канан жериндеги Мамреге кире беришинде жайгашкан, Махпелдин талаасында. Аны Ибрайым сөөк коюу үчүн атайын хеттик Ефрондон талаасы менен кошо сатып алган. Ибрайым менен анын аялы Сарраны да, Исхак менен анын аялы Рабиганы да ошол жерге коюшкан. Так ошерге эле мен Лияны көмгөм. Бул талаа үңкүрү менен кошо хеттиктерден сатып алынган." Жакып уулдарына керээзин айтып бүтүп, төшөгүнө бутун сунуп, жатты да, о дүйнө кетти.

Башталыштар 50

Жакыптын сөөгүн коюу

(50:1-14) Жусуп атасынын бетин бетине кысып, ыйлап жатты, өөп жатты. Анан өзүнүн кызматчылары — дарыгерлерлерге атасынын сөөгүн мумиялоого буюрду. Дарыгерлер айтканын аткарууга киришишти. Арадан кырк күн өттү. (Мумиялаганга ушунча күн керек.) Египеттиктер аны жетимиш күн бою жоктоп ыйлап, аза күтүштү. Ушул күндөр аяктаганда Жусуп хан сарайдын кызматчыларына айтты: — Эгерде мен көңүлүңөрдөн орун алган болсом, анда фараонго атам менден ант алып, калтырган керээзин айтып бергиле. (Жусуп мындай деди дегиле:) "Атам: "Мен о дүйнө кеткени турам, сөөгүмдү Канандагы өзүмө арнап казган мүрзөгө апарып көм", — деген. Эми болсо барып, атамын сөөгүн коюп келгенге уруксат этиңиз". (Жусуптун айтканын фараонго жеткиришти.) Ошондо фараон: — Атаңа берген антың боюнча барып, сөөгүн коюп кел, — деди. Уруксат алган соң Жусуп, жолго чыкты. Аны менен фараондун бардык кызматчылары, хан сарайдагы, бүткүл Египеттеги аксакалдар кошо чыгышты. Ошондой эле Жусуптун бүт үй-бүлөсү, бир туугандары, атасынын үй-бүлөсү да кошулду. Бала-чакасы менен малын гана Гесемге калтырышты. Арабалар менен атчандар да чыгышып, ээрчиген эл өзүнчө эле бир чоң топ болду. Иордан дарыясынын боюндагы Горенгаатадага жеткенде чуруу-чуу түшүп, өкүрүп ыйлашты. Жусуп атасын жоктоп ыйлап, жети күн аза күттү. Канандыктар, ошол жердин жашоочулары, өкүрүктү угуп: "Бул египеттиктер өтө катуу ыйлап, аза күтүп жатышат!" — дешти. Ошондон улам Иордандын боюнда жайгашкан ошол жер "Египеттиктердин ыйы" аталып калган. Жакыптын балдары атасынын осуятын аткарышты: сөөгүн Кананга алып барып, Мамренин жанында жайгашкан Махпелдин талаасындагы үңкүргө коюшту. Бул үңкүрдү Ибрайым хеттик Ефрондон мүрзө кылуу үчүн сатып алган. Жусуп атасын көмүүгө кошо чыккандардын баары менен бирге Египетке кайра келди.

Жусуптун бир туугандарына көрсөткөн ырайымы

(50:15-21) Атасы өлгөндөн кийин Жусуптун бир туугандары: "Жусуп, бизди жек көрүп, кылган жамандыктарыбыз үчүн өч алгысы келсе эмне кылдык?" — деп кабатырлана башташты. Жусупка киши жиберип мындай деп айттырышты: — Атабыз өлөөр алдында бизге: "агаларың сага жамандык кылышкан, бирок сен аларды айып-кинесин кечир", — деп Жусупка айтып койгула деген. Азыр биз сенден атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир, деп кайрылып олтурабыз. Муну укканда Жусуп өксүп ыйлады. Бир туугандары өздөрү да келип: — Кулуң бололу, — деп алдына жыгылышты. Жусуп: — Коркпогула, мен Кудайдан корккон адаммын. Мага жамандык кылгыңар келди эле, бирок Кудай аны жакшылыкка айлантып жиберди. Азыр өзүңөр көрүп тургандай көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн ал ушундай кылыптыр. Ошондуктан коркпогула, мен силердин өзүңөрдү да, бала-чакаңарды да багам, — деди. Ошентип жылуу сөздөрдү айтып, алардын санаасын тынчытты.

Жусуптун дүйнөдөн өтүшү

(50:22-26) Жусуп урук-туугандары менен Египетте жашап турду. Жүз он жашка келди. Ефремдин чөбөрөсүнө чейин көрдү, ошондой эле Манастын баласы Макирдин балдары да Жусуптун тушунда төрөлүштү. Өлөөрүнө аз калганда бир туугандарына: "Мына, менин да кетээр саатым жакындап калды. Бирок Кудай силерге келип, Ибрайымга, Исхакка жана Жакыпка берем деп ант берген жерге алып чыгат", — деди. Анан Исраилдин балдарына: — Кудай силерге келет, ошондо менин сөөгүмдү бул жактан алып чыккыла, — деп керээз айтып, убада-антын алды. Ошентип, Жусуп жүз он жашында көз жумду. Денесин мумиялап, Египеттеги табытка салып коюшту. Муса пайгамбардын экинчи китеби Тоораттын тутамына кирген бул китепти Мисирден чыгуу деп да атап коюшат. Египетте Жакыптын тукуму өсүп-өнүп чоң элге айланат. Ошол кезде башка падыша такка олтуруп, израилдиктердин көбөйгөнүнөн чочулап, согуш болуп кетсе душмандарыбызга өтүп, бизден кетип калат деп деп коркот. Ошондо аларды оор жумушка салып, шаар курдуруп, абдан кыйнайт. Бирок алар ого бетер дүркүрөп өсө берет. Айласы кеткен фараон еврей аялдарын төрөткөн аначы кемпирлерге эркек балдарды өлтүрүүнү буйрат. Аначы кемпирлер болсо Кудайдан корккон, ыймандуу адамдар болушкандыктан наристелерди өлтүрүшпөйт. Бул үчүн аларга Кудай батасын берет. Ошондо фараон ар бир төрөлгөн эркек баланы дарыяга ыргытууну буюрат. Ушул буйрук күчүндө турган кезде Левий уруусундагы бир кишинин аялы ажайып сонун, эркек бала төрөйт. Жан адамга көргөзбөй үч ай бою жашырып багат. Жашырууга чамасы келбей калган убак жеткенде баланы суу өтпөй тургандай кылып чайырланган себетке салып, дарыяга коё берет. Баланын эжеси болсо алыстан акмалап карап турат. Ошол кезде фараондун кызы жолдоштору менен дарыянын жээгинде сейилдеп жүргөн болот. Дарыяда агып келаткан себетти көргөн ал жанындагы бир күңүнө себетти суудан алып чыгууну буйрат. Алып чыкса ичинде бир наристе ыйлап жаткан болот. Ханзаданын балага боору ооруп, бир күңүн эмчек эмизе турган аял таап келүүгө жумшаганда ал баланын энесин алып келет. Аялга ханзада акча төлөп, баланы бактырат. Наристе чоңоюп, ханзаданын баласы аталат. Ханзада ага Муса деген ат коёт. Муса деген аттын мааниси болсо “суудан алынды” дегенди билдирет. Бир топ убакыт өтүп, Муса боордошторун көргөнү барат. Алар оор жумуштан, эзүүдөн кыйналып, арып-азып калышкан эле. Бир египеттик башчы кандаштарынын бирин сабап жатыптыр. Эки жагын карап, эч ким жок экенин көргөн соң египеттикти өлтүрүп туруп, кумга көөмп салат. Эртеси күнү болсо эки еврей бири-бири менен мушташып жаткан болот. Басып барып, ажыратайын дегенде алдуурагы: “Сенин ишиң канча, ким сени бизге башчы кылып койду эле, же кечээки египеттикти өлтүргөндөй мени да өлтүргөнү турасыңбы?” - деп ажылдайт. Муса киши өлтүргөнү билинип калганын билип коркуп кетет. Чынында эле фараон бул ишти билип калып Мусаны өлтүрмөкчү болот. Ошондо Муса чөл тарапка качат. Чөлдө жашаган мидиялык бир кишиге жалданып, коюн кайтарат. Кийин анын кызына үйлөнүп, эки балалуу болот. Ошол кезде баягы фараон каза болуп, ордуна башка адам такка олтурат. Бирок да еврейлердин жашоосу жеңилдебейт. Өлөөрчө кыйналган алардын зары акыры Кудайга жетет…

Египеттен чыгуу 1

Египеттен чыгуу 2

Египеттен чыгуу 3

Мусанын Жараткан Эге менен кездешүүсү

(3:1-22) Муса талаада кой жайып жүрүп бир күйүп жаткан бадалды көрөт. Бадал алоолонуп, жалбырттап жатса да эмнегедир күйүп кетпейт. Таңкалган Муса жакындап барса жалындын ичинен: - Муса, Муса! - деген үн чыгат. - Кулак сенде Эгем! - Жакындаба, бутуңду чеч, анткени сен турган жер ыйык! Мен сенин аталарың: Ибрайым, Исхак, Жакыптын Кудайымын! Мен өз элимдин Египетте азап тартканын көрдүм, боздогон үнүн уктум, ошондуктан аларды куткарганы баратам. Мен аларды египеттиктердин жеринен алып чыгып, сүт менен бал аккан жерге алып барам. Сен фараонго бар да менин элимди Египеттен алып чык! - Эгем, фараонго барып, израилдиктерди Египеттен алып чыккыдай мен ким элем? - Мен сени менен болом, мына, сени жөнөткөнүмдүн белгиси: сен элди Египеттен чыгарганда, ушул тоо башында Кудайга таат-ийбадат кылысыңар. - Мейли, мен Исрайылдын уулдарына барып: “ата-бабаларыңардын Кудайы мени силерге жөнөттү”, - дейин. Ошондо алар мага: “Анын ысмы ким экен?” - десе, эмне дейм? - Мен Эгедермин. Исрайылдын уулдарына ошентип айт: мени силерге Эге жиберди, - де. Кудай Мусага дагы мындай деди: - Исрайылдын уулдарына айтып кой: “Силердин ата-бабаларыңар: Ибрайымдын, Исхактын жана Жакыптын Кудайы - Эге мага көрүнүп: “Мен силерге Египетте эмне кылып жатышкандарын көрдүм. Ошондуктан мен силерди Египеттин эзүүсүнөн алып чыгып, сүт, бал аккан, канандардын, хеттердин, амордуктардын, перездиктердин, хевтиктердин жана евусейлердин жерине алып барам” деп айтты де. Исрайыл аксакалдары сени угат, ошондо алар менен чогуу фараонго барып: “Еврейлердин Кудайы - Эге бизди чакырып жатат, ошондуктан чөлгө, үч күндүк жолго бизди бошот, биз Кудайыбыз - Эгеге курмандык чалалы” дегиле. Бирок мен билем, эгерде күчтүү кол менен мажбур кылбаса, фараон силерге уруксат бербейт. Андыктан мен бардык кудуретим, кереметим менен Египетти кыйратам. Ошондон кийин ал силерди ко? берет. Ал эми силерге египеттиктердин көзүнчө ырайым кылам да кетип баратканда, куру кол кетпейсиңер. Ар бир еврей аял өз коңшусунан жана үйүндө жашагандардан алтын-күмүш, кийим-кечекти ала чыгат. Ошентип, уул-кыздарыңарды кийинтип, египеттиктерден олжолуу кетесиңер.

(4-баптан баштап 19-баптын 26-сүйлөмүнө чейин али которула элек)

30. Жылына үч жолу менин урматыма майрам өткөр: 1) Авив айында, мен айткандай кылып, жети күн бою ачытылбаган нан жеп, Калама майрамын майрамда. Силер бул айда Египеттен чыккансыңар. Эч ким менин алдыма кур кол келбесин. 2) Талаага эккен ар кандай эмгегиңдин биринчи түшүмү үчүн Түшүм майрамын өткөр. 3) Күзүндө болсо, талаадагы түшүмүңдү жыйнап бүткөндө Чөп Алачык майрамын майрамда. Жылына үч мертебе элиңдеги эркек аттуунун баары Жараткан Эгеңдин алдына табынууга келиши керек. 31. Мага арналып чалынган курмандыктын канын ачытылган тамактын үстүнө куйбагын жана майрамда мага аталган курмандыктын этин таңга чейин калтырба. 32. Жериңдеги түшүмдүн алгачкы жемиштерин Кудай Эгеңдин ыйбадатканасына алып кел. “Улакты энесинин сүтүнө бышырба.”

Египеттен чыгуу 4

Египеттен чыгуу 5

Египеттен чыгуу 6

Египеттен чыгуу 7

Египеттен чыгуу 8

Египеттен чыгуу 9

Египеттен чыгуу 10

Египеттен чыгуу 11

Египеттен чыгуу 12

Египеттен чыгуу 13

Египеттен чыгуу 14

Египеттен чыгуу 15

Египеттен чыгуу 16

Египеттен чыгуу 17

Египеттен чыгуу 18

Египеттен чыгуу 19

Мыйзам

Кудайдын тоо үстүнө түшүп келиши

(19:16-25) ... Үчүнчү күнү таң эрте Синай тоосунун үстүндө күн күркүрөп, чагылган чартылдап, калың туман уюлгуп, аябагандай катуу тартылган сурнайдын үнү угулду. Кошуундагы элдин үрөйү учуп, жүрөгү оозуна тыгылды. Ошондо Муса Кудай менен кездештирүү үчүн элди кошуундан алып чыгып, тоонун этегине жайгаштырды. Синай тоосу болсо от оронуп, Жараткан Теңирдин анын үстүнө түшкөнүнөн улам түтөп жатты. Андан чыккан түтүн мештен чыккандай уюлгуп турду. Эл коркконунан калчылдап турушту . Сурнайдын үнү да күчөгөндөн күчөй берди. Муса сүйлөп, ага Кудай үн чыгарып, жооп берип жатты. Анан Жараткан Эге Синай тоосунун чокусуна түшүп келди да Мусаны өзүнө чакырды. Муса чыгып барды. Ошондо ал Мусага: - Төмөн түшүп барып, элге эскертип кой: мени көрөм деп жулунбасын, эмесе көбү кырылып калат. Менин жазама кириптер болбосун үчүн мага жакындап келе турган диний кызматкерлер да өздөрүн ыйыктап, тазалашсын! - деди. Муса: - Эл Синайга чыгып келе албайт. Себеби буга чейин сен бизге: “Тоону айланта сызык сызып, аны ыйык деп жарыяла!” деп буйрук бергенсиң, - деди. Ошондо Жараткан Эге: - Жөнө, түшүп барып, Арунду жаныңа ала кел. Ал эми диний кызматкерлер менен калк жазама кабылбасын үчүн мени көрөм деп жулунбасын, - деди. Муса тоодон түшүп, Кудайдын айткандарын элге жарыялады.

Египеттен чыгуу 20

Он осуят

(20:1-21) Төмөнкү осуяттардын баарын Кудай өзү айтты: I. “Сени Египет жергесиндеги кулчулуктан алып чыккан Кудай Эгең менмин. Менден башка кудайларың болбосун!” II. “Асмандагы, жердеги, жер алдындагы суудагы эч нерсенин элесин тартып, буркан жасаба! Аларга табынба да кызмат кылба! Анткени сенин Кудай Эгең менмин. Мени жек көргөндөрдү аталарынын айыбы үчүн үчүнчү-төртүнчү тукумуна чейин жазалоочу, мени сүйгөндөргө миңинчи тукумуна чейин мээрим төгүүчү адамдарды башка жалган кудайлардан өтө кызгануучулук менен сүйгөн Кудаймын.” III. “Кудай Эгеңдин атын жөн эле оосана бербе! Эгең өзүнүн атын курулай оосангандарды жазасыз калтырбайт!” IV. “Эсиңде болсун: ишемби күндү ыйык тут! Алты күн иштеп, бардык иштериңди кылсаң болот, бирок жетинчи күн Кудай Эгеңе арналган ыйык ишемби күн! Ишемби күнү өзүң да, уул-кыздарың да, кул-күңдөрүң да, мал-салың да, үйүңдө жүргөн келгиниң да эч кандай жумуш кылбасын! Анткени асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандардын баарын жараткан Эгең да алты күн эмгектенип, жетинчи күнү эс алган. Ошондуктан ишембиге батасын берип, аны өзгөчө ыйык күн кылган.” V. “Ата-энеңди сыйла, ошондо Кудай Эгең сага берип жаткан жерде жашоо күндөрүң узун болот!” VI. “Киши өлтүрбө!” VII. “Бузуктук кылба!” VIII. “Уурдаба!” IX. “Жакыныңды жамандаба!” X. “Жакыныңдын үйүнө, аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, дегеле эч нерсесине көз артпа!” Күн тарсылдап, от жалындап, сурнай тартылып, тоо түтөгөндө карап турган эл кетээнчиктеп, коркуп, алыстан байкап турду. - Биз менен сен сүйлөшсөң, угабыз. Кудай сүйлөсө өлүп калабызбы деп коркуп жатабыз, - деди эл Мусага. - Коркпогула, - деди Муса элге кайрылып, - силерди сынаш үчүн, бет алдыңарда Кудайдын коркунучу болуп, күнөө кылбашыңар үчүн ал силерге түшүп келди. Эл алыстан карап турду. Муса болсо Кудай турган кара булуттун кучагына кирип кетти...

Курмандык чалчу жайга байланыштуу мыйзамдар

(20:22-23:19) Кудай Мусага мындай деди: 1. “Исраилдин балдарына айтып бар: көктөн силерге кантип сүйлөгөнүмдү көрдүңөр. Менин алдымда күмүштөн болобу, алтындан болобу буркандарды жасабагыла! Мага курмандык чалчу жайды мага топурактан жаса. Бүтүндөй өрттөлүүчү же ыраазычылык курмандыгы үчүн апкелген койлоруңар менен өгүздөрүңөрдү ошонун үстүнө койгула. Мага табынуу үчүн дайындалган бардык жерлерге келип, мен силерге батамды берем. Эгерде курмандык чала турган жайды таштан кура турган болсоңор, анда жылмаланган таш колдонбогула. Кескич тиер замат ал ташты арам кыласыңар. Мага курмандык чалчу жайга тепкич жасаба; аны менен чыгып келем деп, этиң көрүнүп калбасын.”

Кулдарга карата мамиле тууралуу мыйзамдар

Мына бул мыйзамдарды аларга жарыя кыл: 2. Эгер сатып алган кулуң еврей болсо, алты жыл иштесин да жетинчи жылы эч нерсе төлөбөстөн азатыкка чыксын. Жалгыз бой келген болсо, жалгыз кетсин. Аялы менен келген болсо, аялы экөө кетсин. Эгер аны сен үйлөгөн болсоң жана сен алып берген аялдан бала-чакалуу болсо, анда аялы менен балдары сенде калсын да, өзү жалгыз кетсин. Эгер ал: “кожоюнумду, аялымды, балдарымды жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм” десе, анда аны табына турган жайга алып кел да эшиктин, же анын кашегинин тушуна тургузуп, кулагын шибеге менен теш. Ошентип, ал сага түбөлүккө кул болсун. 3. Эгер кимдир бирөө кулчулукка кызын саткан болсо, анда кыз үчүн мыйзам башка. Аял эркек кулдардай эркиндикке чыга албайт. Эгерде кыз үйлөнөйүн деген максатта сатып алган кишиге жакпай калса, анда сатып алган киши кыздын атасына аны кайра сатып алууга уруксат бериши керек. Өзү чанган аялды бөтөн элге сатканга акысы жок. Эгерде баласына алып берсе, кызындай көрсүн. Эгер аялынын үстүнө кошуп, дагы аял ала турган болсо, мурункусу тамак-аштан, кийим-кечектен жубайлык мамиледен кур калбасын. Эгерде ушул үч парызды аткара албаса, анда аял эч нерсе төлөбөстөн эркиндикке чыксын.

Зөөкүрлүккө каршы мыйзамдар

4. Кимде ким бирөөнү чаап жиберсе, анан а киши өлүп калса, анда өлүм жазасына тартылсын. Эгер кокусунан, кырсык болуп, Кудайдын буйругу менен анын колунан бирөө каза тапса, анда өлтүрүп алган киши үчүн силердин араңардан качып барып, баш калкалай турган жай дайындап коём. Эгер кимде ким бирөөнү атайлап, амал менен өлтүрсө, анда андай адам мага курмандык чалчу жайга качып келсе да, өлүм жазасына тартылсын. 5. Кимде ким ата-энесине кол көтөрсө, өлүм жазасына тартылсын. 6. Кимде ким адамды сатуу үчүн же пайдалануу үчүн уурдаса, өлүм жазасына тартылсын. 7. Кимде ким ата-энесин сөксө, өлүм жазасына тартылсын. 8. Эки адам уруша кетип, таш же муштуму менен бирөөсүн бир койсо, ал эми тигил өлбөсө, бирок төшөккө жатып калып, үйүнөн таякчан чыкканга жараса, анда урган кишиси өлүм жазасына тартылбасын да тигинин жумушка жарабай калган күндөрүнүн айлыгы менен дарыланууга кеткен каражатын төлөп берсин. Кимде ким өзүнүн кулун же күңүн таяк менен уруп, мүрт кетирсе, анда жазалансын; бирок алар бир-эки күнгө чейин өлбөсө, анда жазаланбасын, анткени кул анын өзүнүн менчиги. Эгерде адамдар мушташып жатканда бирөөсү боюнда бар аялды уруп жиберсе, анан аялдын боюнан түшүп калса, бирок башка зыян болбосо, анда урган адам ошол аялдын эринин айткан акчасын сот алдында төлөп берсин. А эгер башка зыян келтиргени табылса, анда жанга жан берилсин. Көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут, күйүккө күйүк, жараатка жараат, шишикке шишик төлөнсүн. Эгерде кимде ким кулун же күңүн көзгө муштап, зыян кылса, анда көз үчүн анын башын эркиндикке чыгарсын; эгерде тишин ыргыта койсо, ошол тиш үчүн азат кылсын.

Малга байланыштуу кырсыктар тууралуу мыйзамдар

9. Эгерде бир кишини же аялды өгүз сүзүп өлтүрсө, анда ошол өгүз ташбараңга алынып өлтүрүлсүн; анын этин эч ким жебесин; кожоюну болсо жазага тартылбасын. Эгерде өгүзүнүн сүзөнөөк экенинен кожоюну мурда эле кабардар болуп туруп, кайтарбай койсо, ал эми өгүз бир кишини же аялды сүзүп өлтүрсө, анда өгүз ташбараңга алынып өлтүрүлсүн да кожоюну өлүм жазасына тартылсын. Эгер кожоюндун өмүрү үчүн кун төлөп кутулууга уруксаат кылынса, бычылган кунду төлөп, жанын куткарып алсын. Өгүз сүзүп өлтүргөн адам эркек болобу, ургаачы болобу ушул мыйзам колдонулсун. Эгер өгүз кулду же күңдү сүзүп өлтүрсө, өгүздүн ээси кулдун же күңдүн ээсине отуз күмүш теңге төлөп бериши керек; өгүз болсо таш бараңга алынып, өлтүрүлсүн. Эгерде бирөө чуңкурдун үстүн ачып таштап, же казган чуңкурунун үстүн жаппай койсо, анан ага бирөөнүн өгүзү же эшеги түшүп калса, анда чуңкурдун ээси малдын ээсине төлөп бериши керек. Малдын өлүмтөсү болсо чуңкурдун ээсинде калат. Эгерде бирөөнүн өгүзү коңшусунун өгүзүн сүзүп өлтүрсө, тирүү өгүздү сатып, акчасын экөө тең бөлүп алышсын; өлгөн өгүздүн этин да тең бөлүшсүн. Эгер өгүздүн сүзөөнөктүгүн кожоюну мурдатан эле билсе, бирок кайтарбаса, анда сүзүп өлтүргөн өгүздүн кунуна өзүнүн өгүзүн берсин, ал эми өлгөн өгүз аныкы болот.

Уурулукка, аманатка, бирөөнүн мүлкүнө келтирилген зыянга байланыштуу мыйзамдар

10. Кимде ким өгүз же кой уурдап, союп салса, же сатып жиберсе, анда бир өгүз үчүн беш өгүз, бир кой үчүн төрт кой төлөп берсин. Эгерде бирөө түндө ууруулук кылыш үчүн үйдүн түбүн казып атканды уруп жиберсе жана ал өлүп калса, анда уурунун каны үчүн ал жооптуу эмес; бирок күндүз ушундай кылса айыптуу болот. (Ууру уурдаган нерсесин төлөп бериш керек. Эгер төлөөргө эч нерсеси болбосо, анда ууруну уурдаган нерселеринин куну үчүн сатыкка салышсын.) Эгерде уурдап алган мал: өгүз болобу, эшек болобу, кой болобу уурунун колунан тирүү табылса, ууру эки эселеп төлөп берсин. 11. Кимде ким бирөөнүн талаасына же жүзүмзарына малын коё берип, тепселетсе, анда өзүнүн талаасы менен жүзүмзарынын эң мыкты жеринен төлөп берсин. Эгер бирөө от жакса, анан ал от куу тикендерге жармашып, анан боолорго, түшүмгө же талаага өтүп кетсе, анда от жаккан киши чыгымдын баарын төлөсүн. 12. Эгер кимде ким бирөөнүн аманатка калтырган акчасын же буюмун үйүнөн уурдатса жана ууру табылса, анда ууру эки эселеп төлөп берсин. Эгер ууру табылбаса, анда үйдүн ээси соттун алдына келип, бирөөнүн акчасына тийген жокмун деп касам ичип, ант берсин. Кандай гана талаш иш болбосун: өгүзгө байланыштуубу, койгобу, кийимгеби, кандайдыр бир жоголгон буюмду кимдир бирөө “бул меники” деп талашкан ишке байланыштуубу - баары сотто каралыш керек. Соттор кимди айыптуу деп тапса, ал боордошуна эки эселеп төлөп берүүгө тийиш. Эгер кимде ким бирөөдөн аманатка эшек, өгүз, кой же башка бир малды алган болсо, анан ошол алган малы өлүп калса, же майып болсо, же бирөө айдап кетсе жана айдап кеткенин көргөн эч ким болбосо, анда аманат алган киши Кудай алдында боордошунун малын уурдаган жокмун деп ант берсин. Бул антка малдын ээси ишенип, кабыл алыш керек, ал эми ант берген киши төлөөгө милдеттүү эмес. А эгер аманатка алган малды уурдатып жиберген болсо, малдын ээсине төлөп берсин. Эгер малды жырткыч тытып кеткен болсо, анда буга далил катарында тарпын алып келсин. Жырткыч тытып кеткен үчүн ал төлөп берүүгө милдеттүү эмес. Эгерде бирөө боордошунан ижарага кандайдыр бир мал алып, анан аны ээсинин көзү жок учурда майып кылып койсо, же мал өлүп калса, анда төлөп берсин. Эгер бул учурда малдын ээси бар болсо, анда төлөөгө милдеттүү эмес. Эгер малды кандайдыр бир суммадагы акча төлөп, ижарага алган болсо, ошол акча малдын куну катары эсептелсин.

Жүрүш-туруш, адеп-ахлакка жана динге байланыштуу мыйзамдар

13. Эгер кимде ким никеге тура элек кыздын башын айлантып, жатып койсо, анда ага калың төлөп берип, аялдыкка алсын. Эгер кыздын атасы ага кызын берүүгө макулдугун бербесе, анда кыздарга бериле турган калыңды төлөп бериши керек. 14. Сыйкырчы өлтүрүлсүн. 15. Мал менен жыныстык катнаш кылган адам өлтүрүлсүн. 16. Жалгыз Жараткан Эгеңерден башка кудайларга курмандык чалган адамдын көзүн тазалагыла. 17. Келгинди кысымга алба да аны эзбе, анткени бир кезде Египет жергесинде өзүңөр да келгин катары жашагансыңар. 18. Жетим-жесирлерди кысымга албагыла. Эгерде аларды кысымга ала турган болсоңор, алар мага зарлайт, ошондо мен алардын зарын угам да, каарданып, силерди өлтүрөм, анан өзүңөрдүн аялдарыңар жесир болуп, балдарыңар жетим калышат. 19. Эгерде менин элимдин арасындагы кембагал бирөөгө карызга акча берген болсоң, анда аны кысмакка ала бербе да, үстүнө үстөк кошпо. 20. Эгер боордошуңдун кийимин күрөөгө алган болсоң, күн батканча аны кайтарып бер. Анткени кийим анын жалгыз жамынчысы, денесин жапканы. Ансыз боордошуң кантип уктамак эле? Ошондуктан ал мага зарлап жибергенде мен анын үнүн угам, анткени мен боорукермин. 21. Сотторду жамандаба! Элиңдин башчыларына тил тийгизбе! 22. Кырманың менен шире сыккыч жайыңдагы алгачкы жемишиңди мага кечеңдетпестен алып кел. Тун уулдарыңды мага бер. Өгүзүңдүн да, коюңдун да биринчи төлүн мага арна. Жети күн энесинин жанында болушсун да сегизинчи күнү мага алып кел. Ошондо менин ыйык элим болосуңар. 23. Талаадан жырткыч тытып кеткен этти жебегиле, аны иттерге таштагыла.

Адилеттүүлүк жана чынчылдыкка байланыштуу мыйзамдар

24. Ушакка кирбе да бузукунун сөзүнө кошулба. Көпчүлүктүн артынан ээрчип, жамандыкка барба, аларга кошулуп, адилеттике жатпаган жалган күбөлүккө өтпө. Талаш иште кембагалдын укугун тепсеп, бет карамалык кылба. 25. Эгерде касташкан кишиңдин адашып кеткен өгүзүн же эшегин таап алсаң, ага айдап келип бер. Эгерде анын өгүзү же эшеги жүгүн көтөрө албай, жатып калган болсо, анда аны көз жаздымда калтырба, аны менен кошо жүгүн чечиш. 26. Сотто кембагалды укугун тепселебе. Адилетсиздиктен оолак бол, айыпсыз менен ак адамды өлүм жазасына тартпа, анткени мен мыйзамсызды актабаймын. Пара алба, анткени белек-бечкек дегениң көздүүлөрдүн көзүн кашайтып, адилеттүүлөрдүн ишин бузат. 27. Келгинди кысымга алба: силер келгиндин жандүйнөсүн жакшы билесиңер, анткени өзүңөр да Египетте келгин болгонсуңар.

Эс алуу жылы жана күнү тууралуу мыйзам

28. Талааңа алты жыл эгин эгип, түшүмүн жыйна, жетинчи жылы болсо эс алдырып, тим кой, элиңдин арасындагы бей-бечаралар азыктанып, алардан калгандарын жырткычтар жешсин. Жүзүмзарың менен, май дарактарыңды да ушундай кыл. Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал; өгүзүң, эшегиң, үйүңдө төрөлгөн малайың жана келгин дем алып алсын. 29. Мен айткандардын баарын сактагыла! Башка кудайлардын аттарын атабагыла, алардын аттары оозуңардан чыкпасын!

Египеттен чыгуу 21

Египеттен чыгуу 22

Египеттен чыгуу 23

Египеттен чыгуу 24

Египеттен чыгуу 25

(25:1-9) Жараткан Эге Мусага мындай деди: “Исрайылдын балдарына айт: мага тартуу-белектерин алыпкелишсин. Мага чын жүрөктөн белек алып келген ар бир адамдын татуусун кабыл кылгыла. Алтын, күмүш, жезди, көгүш, кара кочкул, пушту түстөгү жүндөрдү, ак шайы кездемелерди123, кой-эчкинин кызыл, көк түстөгү терилерин, алтыгана дарагын, шамдалга куюлуучу жана түтөтүлүүчү жыттуу майды, оникс ташын жана диний кызматкердин кемсели менен төш калтасына тагыла турган асыл таштарды. Силер алардан ушул тартууларды кабыл алышыңар керек. Элдин арасында жашап турушум үчүн алар мага ыйык үй жасашсын.”

Египеттен чыгуу 26

Египеттен чыгуу 27

Египеттен чыгуу 28

Египеттен чыгуу 29

Күнүмдүк курмандыктар тууралуу

(29:38-46) Жараткан Эге Мусага мындай деди: “Күндө үзгүлтүксүз түрдө бир жашар эки эркек козудан мага курмандык чал. Бирөөн эрте менен, экинчисин кечинде. Биринчи козу менен кошо таза олива майынын чейрегине жуурулган бир литрдей жакшы буудай ун алып кел. өстүнө тартуу катары шараптын чейрегин куй. Экинчи козуну кечинде алып кел да ошол эле өлчөмдөгү унду, майды жана шарапты кошо тартуу эт. Бул Эгеңер болгон мага арнаган тамак курмандыгыңар, анын жыты мага жагат. Укумдардан тукумдарга ушул өрттөлүүчү курмандык ыйык үйдүн кире беришинде мага тартуу кылынып турушу керек. Ошол жерден мен эл менен жолугушуп, силерге сүйлөйм.”

Египеттен чыгуу 30

Кудай үйүнө төлөнүүчү акылар

(30:12-16) Жараткан Эге Мусага мындай деди: “Исрайылдын балдарын эл каттоодон өткөргөнүңдө ар бири өз жаны үчүн кун төлөсүн, ошондо катоо жүрүп жатканда ар кандай коркунучтуу дарттар аларга жармашпайт. Каттоого кирген ар адам белгиленген суммадагы акча берүүгө тийиш. Мага курмандык катары ар бир адам муну берүүгө милдеттүү. Катоодон өтүп жаткан жыйырма жаштан өйдө ар бир эркек ушул сумманы мага төлөшү керек. Өз жанынын куну катары ушул курмандыкты берип жатканда бай ашык бербесин, кедей кем бербесин. Ушул Исрайылдын уулдарынын куну катары берилген курмандыкты жыйнап ал да ыйык үйдүн керегине жумша. Бул салык алардын өмүрүнүн куну болот да, мен аларды коргош үчүн эсиме салам.”

Египеттен чыгуу 31

Египеттен чыгуу 32

Египеттен чыгуу 33

Египеттен чыгуу 34

Египеттен чыгуу 35

Египеттен чыгуу 36

Египеттен чыгуу 37

Египеттен чыгуу 38

Египеттен чыгуу 39

Египеттен чыгуу 40

Leviticus 1

Leviticus 2

Leviticus 3

Leviticus 4

Leviticus 5

Leviticus 6

Leviticus 7

Leviticus 8

Leviticus 9

Leviticus 10

Leviticus 11

Leviticus 12

Leviticus 13

Leviticus 14

Leviticus 15

Leviticus 16

Leviticus 17

Leviticus 18

Leviticus 19

Leviticus 20

Leviticus 21

Leviticus 22

Leviticus 23

Leviticus 24

Leviticus 25

Leviticus 26

Leviticus 27

Numbers 1

Numbers 2

Numbers 3

Numbers 4

Numbers 5

Numbers 6

Numbers 7

Numbers 8

Numbers 9

Numbers 10

Numbers 11

Numbers 12

Numbers 13

Numbers 14

Numbers 15

Numbers 16

Numbers 17

Numbers 18

Numbers 19

Numbers 20

Numbers 21

Numbers 22

Numbers 23

Numbers 24

Numbers 25

Numbers 26

Numbers 27

Numbers 28

Numbers 29

Numbers 30

Numbers 31

Numbers 32

Numbers 33

Numbers 34

Numbers 35

Numbers 36

Deuteronomy 1

Deuteronomy 2

Deuteronomy 3

Deuteronomy 4

Deuteronomy 5

Deuteronomy 6

Deuteronomy 7

Deuteronomy 8

Deuteronomy 9

Deuteronomy 10

Deuteronomy 11

Deuteronomy 12

Deuteronomy 13

Deuteronomy 14

Deuteronomy 15

Deuteronomy 16

Deuteronomy 17

Deuteronomy 18

Deuteronomy 19

Deuteronomy 20

Deuteronomy 21

Deuteronomy 22

Deuteronomy 23

Deuteronomy 24

Deuteronomy 25

Deuteronomy 26

Deuteronomy 27

Deuteronomy 28

Deuteronomy 29

Deuteronomy 30

Deuteronomy 31

Deuteronomy 32

Deuteronomy 33

Deuteronomy 34

Joshua 1

Joshua 2

Joshua 3

Joshua 4

Joshua 5

Joshua 6

Joshua 7

Joshua 8

Joshua 9

Joshua 10

Joshua 11

Joshua 12

Joshua 13

Joshua 14

Joshua 15

Joshua 16

Joshua 17

Joshua 18

Joshua 19

Joshua 20

Joshua 21

Joshua 22

Joshua 23

Joshua 24

Judges 1

Judges 2

Judges 3

Judges 4

Judges 5

Judges 6

Judges 7

Judges 8

Judges 9

Judges 10

Judges 11

Judges 12

Judges 13

Judges 14

Judges 15

Judges 16

Judges 17

Judges 18

Judges 19

Judges 20

Judges 21

Ruth 1

Ruth 2

Ruth 3

Ruth 4

1 Samuel 1

1 Samuel 2

1 Samuel 3

1 Samuel 4

1 Samuel 5

1 Samuel 6

1 Samuel 7

1 Samuel 8

1 Samuel 9

1 Samuel 10

1 Samuel 11

1 Samuel 12

1 Samuel 13

1 Samuel 14

1 Samuel 15

1 Samuel 16

1 Samuel 17

1 Samuel 18

1 Samuel 19

1 Samuel 20

1 Samuel 21

1 Samuel 22

1 Samuel 23

1 Samuel 24

1 Samuel 25

1 Samuel 26

1 Samuel 27

1 Samuel 28

1 Samuel 29

1 Samuel 30

1 Samuel 31

2 Samuel 1

2 Samuel 2

2 Samuel 3

2 Samuel 4

2 Samuel 5

2 Samuel 6

2 Samuel 7

2 Samuel 8

2 Samuel 9

2 Samuel 10

2 Samuel 11

2 Samuel 12

2 Samuel 13

2 Samuel 14

2 Samuel 15

2 Samuel 16

2 Samuel 17

2 Samuel 18

2 Samuel 19

2 Samuel 20

2 Samuel 21

2 Samuel 22

2 Samuel 23

2 Samuel 24

1 Kings 1

1 Kings 2

1 Kings 3

1 Kings 4

1 Kings 5

1 Kings 6

1 Kings 7

1 Kings 8

1 Kings 9

1 Kings 10

1 Kings 11

1 Kings 12

1 Kings 13

1 Kings 14

1 Kings 15

1 Kings 16

1 Kings 17

1 Kings 18

1 Kings 19

1 Kings 20

1 Kings 21

1 Kings 22

2 Kings 1

2 Kings 2

2 Kings 3

2 Kings 4

2 Kings 5

2 Kings 6

2 Kings 7

2 Kings 8

2 Kings 9

2 Kings 10

2 Kings 11

2 Kings 12

2 Kings 13

2 Kings 14

2 Kings 15

2 Kings 16

2 Kings 17

2 Kings 18

2 Kings 19

2 Kings 20

2 Kings 21

2 Kings 22

2 Kings 23

2 Kings 24

2 Kings 25

1 Chronicles 1

1 Chronicles 2

1 Chronicles 3

1 Chronicles 4

1 Chronicles 5

1 Chronicles 6

1 Chronicles 7

1 Chronicles 8

1 Chronicles 9

1 Chronicles 10

1 Chronicles 11

1 Chronicles 12

1 Chronicles 13

1 Chronicles 14

1 Chronicles 15

1 Chronicles 16

1 Chronicles 17

1 Chronicles 18

1 Chronicles 19

1 Chronicles 20

1 Chronicles 21

1 Chronicles 22

1 Chronicles 23

1 Chronicles 24

1 Chronicles 25

1 Chronicles 26

1 Chronicles 27

1 Chronicles 28

1 Chronicles 29

2 Chronicles 1

2 Chronicles 2

2 Chronicles 3

2 Chronicles 4

2 Chronicles 5

2 Chronicles 6

2 Chronicles 7

2 Chronicles 8

2 Chronicles 9

2 Chronicles 10

2 Chronicles 11

2 Chronicles 12

2 Chronicles 13

2 Chronicles 14

2 Chronicles 15

2 Chronicles 16

2 Chronicles 17

2 Chronicles 18

2 Chronicles 19

2 Chronicles 20

2 Chronicles 21

2 Chronicles 22

2 Chronicles 23

2 Chronicles 24

2 Chronicles 25

2 Chronicles 26

2 Chronicles 27

2 Chronicles 28

2 Chronicles 29

2 Chronicles 30

2 Chronicles 31

2 Chronicles 32

2 Chronicles 33

2 Chronicles 34

2 Chronicles 35

2 Chronicles 36

Ezra 1

Ezra 2

Ezra 3

Ezra 4

Ezra 5

Ezra 6

Ezra 7

Ezra 8

Ezra 9

Ezra 10

Nehemiah 1

Nehemiah 2

Nehemiah 3

Nehemiah 4

Nehemiah 5

Nehemiah 6

Nehemiah 7

Nehemiah 8

Nehemiah 9

Nehemiah 10

Nehemiah 11

Nehemiah 12

Nehemiah 13

Esther 1

Esther 2

Esther 3

Esther 4

Esther 5

Esther 6

Esther 7

Esther 8

Esther 9

Esther 10

Job 1

Job 2

Job 3

Job 4

Job 5

Job 6

Job 7

Job 8

Job 9

Job 10

Job 11

Job 12

Job 13

Job 14

Job 15

Job 16

Job 17

Job 18

Job 19

Job 20

Job 21

Job 22

Job 23

Job 24

Job 25

Job 26

Job 27

Job 28

Job 29

Job 30

Job 31

Job 32

Job 33

Job 34

Job 35

Job 36

Job 37

Job 38

Job 39

Job 40

Job 41

Job 42

Забур 1

Арсыздардын жыйынына барбаган, Адашкандар баскан жолдо турбаган, Адепсиздер менен бирге олтурбаган, Алланын айтканына моюн сунган, Ар убак аны эсинен чыгарбаган, Ак баталуу ушундай кылган адам. Дарыянын боюнда өсүп турган, Дайыма жемиштерин берип турган, Дегеле жалбырагы соолубаган, Даракка окшош болот мындай адам. Деги койчу, кандай ишке киришпесин, Дайыма ийгиликтен арылбаган. Ал эми ыймансыздар болбойт андай, Ар дайым бырыксышат учкан чаңдай, Андыктан сот күнүндө тура алышпайт, Адилдердин жыйынында боло алышпайт. Анткени адилдерди Теңир сактайт, Ал эми адепсиздер ойрон болот.

Забур 2

Эмне үчүн элдер ээлигип, Болбогон ойду ойлошот? Өкүмдарлар биригип, Теңирге каршы чыгышат? Эгебиз шайлаган Уулду, Эмне үчүн алар тоотпойт? “Кишендерин талкалап, Чынжырларын үзөбүз, Бийлигинен бошонуп, Каалагандай жүрөбүз”. Мындай мылжың ойлорун, Көктөгү Теңир бүт билет. Тагынан төмөн көз салып, Сен менин сүйгөн Уулумсуң. Жердеги бардык элдерди, Берейин сага сурагын. Темир таягың менен, Карападай талкалап, Багынтасың бардыгын.’” Андыктан силер, эй, хандар, Эсиңерге келгиле! Бул дүйнөнүн чоңдору, Бул сөздү дилге илгиле! Ыйбаа кылып Теңирден, Аларды шылдыңдап күлөт. Анан өңү сурданат, Кабагын бүркүп, эскертет, Ошондо хандар титирейт, Анткени ал мындай дейт: “Ыйык Тоомдун үстүндө, Падышамды шайладым. Теңир Тоонун үстүндө, Машаякты тандадым”. “Мен, — дейт анда Падыша, — Теңирдин сөзүн жар салам, Ал мага айтты мындай деп: “Бүгүн мен сени туудурдум, Ага кызмат кылгыла. Кудайдан коркуп, калтырап, Алдында тизе бүккүлө. Уулду урматтагыла, Антпесеңер силерге, Каарын төгүп жакында, Баарыңарды кыйратат. Башпаана издеп Теңирден, Баргандар ага бактылуу. Аларды коргоп, балээден, Ак батасын мол берет.

Забур 3

Забур 4

Забур 5

Забур 6

Забур 7

Забур 8

Забур 9

Забур 10

Забур 11

Забур 12

Забур 13

Забур 14

Забур 15

Оо Жараткан Кудайым, Ыйыксың да тазасың. Кимге буруп ырайың, Кимди кабыл аласың? Ала жипти аттабай Сага толук баш ийген Кир сөз оозунан чыкпай Сага ишенген ак дилден, Ушак-айың айтпаган, Жалган жалаа жаппаган, Бирөөгө каршы айтылган Уу сөздү кабыл албаган. Сени танган, мерезге Кошулбастан жек көргөн. Сенден корккон пендеге Тилектеш болуп, чын сүйгөн. Айтканына бек турган, Дегендерин аткарган. Зыян тартар болсо да Убададан кайтпаган. Акча деген сөз укса Эт бетинен кетпеген Бирөө зар болуп турса Пайда үчүн гана бербеген. Жең ичинен сүйлөшүп, Чындыкка көө жаппаган. Акты каралаш үчүн, Сотто пара албаган. Ушундай кылып жашаган Эч качан тайбайт жолунан. Жараткан дайым жар болот, Иши чыгып оңунан.

Забур 16

Забур 17

Забур 18

Забур 19

Башыңа мүшкүл иш түшсө, Эгем зарыңды уксун! Азирети Жакыптын Кудайы башпаанаң болсун! Ылайым ыйык үйүнөн Жардам сага жиберсин! Касиеттүү тоосунан Колдоо сага жиберсин! Чалган курмандыктарың Эмнени самаган болсоң Тандап алган адамын, Эгемдин сактап тураарын, Эми мен чындап түшүндүм. Кубаттуу колу куткарат, Асмандан ага жооп берет. Мактанышат кээ бирлер: “Арабабыз мыкты” деп, Мактанышат кээ бирлер: “Аттарыбыз мыкты” деп, А биздин мактанганыбыз — Эсине түшсүн Эгемдин. Көңүлүнө куп келип, Ыраазы болсун ылайым. Тилегиңе жеткирсин. Ушулардын бардыгын Кудай сага бергенде Сүйүнүп ыр ырдайбыз. Жараткандын ысмына Тууну көкөлөтөбүз. Берсе экен Эгем ылайым. Жараткан Ээбиздин ысмы. Эми кара, тигилер, Турбас болуп, кыйрашты. Биз болсок башты көтөрдүк, Былк этпейбиз, эми биз. Оо Жараткан Кудайым Падышаңды сактайгөр. Зарлап турса кулдарың, Аларга жооп берегөр.

Забур 20

Забур 21

Кудайым ай, Кудайым! Калтырдың мени сен неге? “Куткар” деп зарласам укпай, Алыстап кеттиң сен неге? Жүзүңдү бурдуң сен неге? Кудайым ай, Кудайым! Күндүз зарлап, жалынам, А бирок такыр укпайсың. Түндө боздоп, кыйкырам, А бирок жообуң укпаймын. Мактап ырдаган элдин, Арасында жашаган, Ата-бабам бел байлап, Ар балээден кутулган, Касиеттүү Ыйыгым. Илгери аталарыбыз, Каран түнгө кабылса, Жардам сурап, жалынса, Куткарчусуң ар дайым, Калышчу эмес уятка. Эми мени карачы, Адам эмей курт болдум. Элдин шылдыңдаганы, Жек көргөнү мен болдум: “Ишенчү эле Кудайга, Бошотсунчу, кана эми! Жакса эгер Кудайга, Куткарсынчы, кана!”- деп, Жебирешип, мазактайт, Карап турган калайык. Оо Жараткан Теңирим, Жалгыз сенде үмүтүм. Мени менен иши жок, Чүчү кулак кармашып, Кийимим бөлүп жатышат. Оо Эгем, мени таштаба! Оо Кубатым, шашагөр, Өзүң мага жардамга. Дөбөттөрдүн колунан, Асыл жаным куткарчы. Арылдаган жырткычтын Араанынан сактачы. Сүлкүлдөгөн буканын Мүйүзүнөн сактачы. Боордошторума барып, Топ жыйында мактайын, Атыңды даңазалайын. Эй, уккула баарыңар! Кудайдан корккон пенделер, Даңктагыла Кудайды! Жакыптын укум-тукуму, Даңктагыла Кудайды! Исрайылдын балдары, Кудайдан ыйбаа кылгыла! Мүңкүрөп, азап чеккендин, Муң-зарын Кудай укканда Четке кагып, жек көрбөйт, Андайдан жүзүн жашырбайт. Оо Жараткан Теңирим! Топ жыйында сайраган, Мактоо ырларымда-сен. Эй, Кудайдан корккондор! Шерттеримди аткарып, Курмандыкка мал соем! Кедейлер келип, тоюшсун. Эмчектеги кезимден, Кам көргөнсүң мен үчүн, Сенсиң багаар-көрөөрүм. Туулгандан сага арналгам. Курсактан эле Эгемсиң, Эми кетпечи менден Карачы, азабым жакын, Жалгыз сен менин жардамчым. Топураган букалар, Сүлкүлдөшүп, камалап, Туш-тушумдан кысышып, Курчоого алып алышты. Ач арстандай ырылдап, Араандарын ачышты. Шайым ооп алсырап, Күчүм суудай төгүлдү, Сөөктөрүм чачылды. Кайратымдан дайын жок Эрип кеттим желимдей. Какшыган чоподой болуп, Алым кетип, шалдайдым. Тилим кургап, кайрылып, Алкымыма тыгылды. Ажалдын топон чаңына, Калтырдың эми кантейин. Дөбөттөр курчап алышты, Кара ниет, таш боорлор, Колу-бутум көзөштү. Он эки мүчөм ажырап, Сөөктөрүм саналат. А тигилер карачы, Тамаша кылып турушат. Эй, уккула баарыңар, Кудайды издеп жүргөндөр! Мактагыла Теңирди! Кылымдардан кылымга, Кудайдан корккон жүрөктөр Жашай берсин түбөлүк. Төгөрөктүн төрт бурчу, Эсине салсын Ээсин, Кайрылып ага келишсин! Оо Эгем сенин алдыңда, Жамы каапыр уруулар Баш ийип, таазим этишсин! Себеби бардык калктардын, Бийлөөчүсү-Жараткан! Кудайга атап мал сойдум, Ооз тийгиле баарыңар, Кудайга таазим эткиле! Топуракка айланчу, Эй, пенделер, баарыңар, Эгеме тизе бүккүлө! А менин урук-тукумум, Эгеме кызмат кылышат. Келечекте урпактар, Кудайды таанып калышат. Төрөлө турган жандарга Кудайдын адилеттигин, Анын кылган иштерин, Жар салып, даңазалашат.

Забур 22

Забур 23

Забур 24

Забур 25

Забур 26

Забур 27

Забур 28

Забур 29

Забур 30

Забур 31

Забур 32

Забур 33

Забур 34

Забур 35

Забур 36

Забур 37

Забур 38

Забур 39

Забур 40

Забур 41

Забур 42

Забур 43

Забур 44

Забур 45

Забур 46

Забур 47

Забур 48

Забур 49

Забур 50

Забур 51

Забур 52

Забур 53

Забур 54

Забур 55

Забур 56

Забур 57

Забур 58

Забур 59

Забур 60

Забур 61

Забур 62

Забур 63

Забур 64

Забур 65

Забур 66

Забур 67

Забур 68

Забур 69

Забур 70

Забур 71

Забур 72

Забур 73

Забур 74

Забур 75

Забур 76

Забур 77

Забур 78

Забур 79

Забур 80

Забур 81

Забур 82

Забур 83

Забур 84

Забур 85

Забур 86

Забур 87

Забур 88

Забур 89

Забур 90

Забур 91

Забур 92

Забур 93

Забур 94

Забур 95

Забур 96

Забур 97

Забур 98

Забур 99

Забур 100

Забур 101

Забур 102

Забур 103

Забур 104

Забур 105

Забур 106

Забур 107

Забур 108

Забур 109

Забур 110

Забур 111

Забур 112

Забур 113

Забур 114

Забур 115

Забур 116

Забур 117

Забур 118

Забур 119

Забур 120

Забур 121

Забур 122

Забур 123

Забур 124

Забур 125

Забур 126

Забур 127

Забур 128

Забур 129

Забур 130

Забур 131

Забур 132

Забур 133

Забур 134

Забур 135

Забур 136

Забур 137

Забур 138

Забур 139

Забур 140

Забур 141

Забур 142

Забур 143

Забур 144

Забур 145

Забур 146

Забур 147

Забур 148

Забур 149

Забур 150

Сулайман пайгамбардын накыл сөздөрү

Бул китептин жазылыш максаты

Акылмандык 1

Адамдар акыл үйрөнүп, Макалга түшүнүшсүн деп, Накыл сөз менен нусканын, Төркүнүн дилге илсин деп, Адал өмүр сүрүүнүн, Адилеттүү жашоонун, Кара кылды как жарган Калыстык менен соттоонун, Жолун билип алсын деп, Жазылыптыр бул китеп. Карапайым окуса Туура чечим чыгарып, Жаш улан көз жүгүртсө Билгени дагы көбөйүп, Жазылыптыр, өссүн деп. Даанышман эгер окуса Билимин дагы арбытат, Кеменгерлер окушса Пайдалуу кеңеш табышат. Ибарат менен макалды, Көсөмдөрдүн сөздөрүн, Томуктай сөз ичине Тоодой акыл батырган, Табышмактуу кептерин, Түшүнүшүп калышат. Сулайман пайгамбардын уулуна айткан насыяттары. Акылман болуунун башы – Жараткан Ээбизден коркуу. Насыят менен акылдан Наадандар гана качышат. А сен болсо жан балам, Атаңдын насаатын уккун! Энекеңдин сөзүнө Кол шилтеп басып кетпегин! Анткени булар башыңа Гүлтаажы болуп кийилет, Мончок болуп тагылат Жан балам сени кооздойт. Кагылайын кулунум, Күнөөкөрлөр азгырса Ээрчип кетпе, садагам! «Жүрү, бизге кошулгун, Буйга жерге жайгашып, Кыябы келе калганда, Бирөөнүн канын төгөбүз. Айбы жокту аңдыйбыз, Капталынан кол салып, Бүкүлү жуткан мүрзөдөй Түрүүлөй жутуп иебиз, Көргө башын тыгабыз. Түрлүү-түркүн кымбат баа Мүлкүн тартып алабыз. Үйлөрүбүздүн ичин Тундурабыз олжого. Жүрсөңчү сен да биз менен, Шыбагалаш болосуң, Казынабыз бир болот». Ушундай дешсе, оо уулум, Кошулуп алып, аларга Жолго чыга көрбөгүн! Алардын баскан жолуна Шилтебегин бир Кадам. Анткени алардын буту Жамандыкка жүгүрүп, Кан төгүүгө абдан тез. Чымчыктардын көзүнчө Тор жайганың бекер да. Ошол сыңар байкагын Булардын казган чуңкуру, Башкалар үчүн эмес, Өздөрү түшөөр чуңкурлар, Аларга башкалар түшпөй, Бирөөлөр үчүн казганы, Өздөрүнө тор болот. Бирөөнүн колундагысын Ушундай болот, эңсеген, Ушинтип бүтөт аягы. Бирөөнүн тапкан байлыгы Жукпайт тартып алганга. Акылмандыктын чакырган үнү Тогуз жолдун тоомунда, Көзгө урунт жайларда, Эл топтолгон жерлерде, Шаардын босогосунда, Даанышмандык жар салып, Адамдарга кайрылат: «Качанга дейре наадандар Наадандыкты сүйүшүп, Макоолуктан жыргашат? Качанга чейин акмактар Кудайдан түшүүчү таза Билимди жек көрүшөт? Эгерде мени угушса Жүрөгүмдү ачмакмын, Сырларымды айтмакмын. Бирок чакырганымда Кулак салбай коюшту. Колумду сунган кезимде Эч ким карабай койду. Айткан кеңештеримдин Баарын четке кагышты. Каталарын бетке айтсам, Кабыл албай коюшту. Ушундай кылышканы үчүн Балээге батышкан кезде Мен да күлөм аларга. Ооматтары кеткенде Мен да жарпымды жазам. Кара шамал өңдөнүп, Каптаган кезде коркунуч, Балээлер куюндай болуп, Капилеттен басканда, Кайгы менен жокчулук Аларды тооруп алганда, Жалбарышаар мени издеп, Мен болсом аларды укпайм. Сыйыпалашаар да таң атпай, Мен болсом такыр табылбайм. Билим алууну жектеп, Теңирден ыйбаа кылууну Каалашпаганы үчүн, Айткан кеңештеримди Угушпаганы үчүн, Каталарын бетке айтсам, Жек көрүшкөнү үчүн, Арам иштериңердин Тартасыңар залалын. Кара ниетиңердин Татасыңар жемишин. Анткени акылсыздарды Өжөрлүгү курутат. Тилазар дөөпөрөстөрдү Корстондугу жок кылат. Ал эми мени сыйлаган, Айтканыма баш ийген, Жамандыктан коркпостон, Доорон сүрөт тынчтыкта».

Акылмандык 2

Акылмандыктын адептик пайдасы

Көңүлгө түйсөң сөзүмдү, Осуяттарымды тутсаң, Акылмандыкты издеп, Ичиңден ой жүгүртсөң, Билим алууну эңсеп, Түшүнүккө умтулсаң, Алтынды издеген сыңар, Катылуу кенчти тинткендей, Даанышмандыкты издесең — Жараткандан коркууну Үйрөнөсүң ошондо. Кудайдын Ким экенин Билесиң, балам , Ошондо. Анткени акылмандыкты Жараткан Эгебиз берет. Таза билим, нак акы, Анын сөзүнөн келет. Кудай адилди сактайт, Түз жүргөнгө ал-калкан. Акыйкат тарабын жактап, Өзүнүн ыйыктарынын Өмүрүн ар дайым сактайт. Акыл берет Жараткан. Акыйкат деген эмине, Калыстык деген эмине, Кайсы жол түз экенин, Сан жолдордун ичинен Жакшылары кайсылар? Ошондо билип каласың. Жандүйнөңдүн ичинен Даанышмандык жай алып, Жаныңа билим жакканда, Түшүнүк сени кайтарат, Акылмандык калкалайт, Ыплас жолдон куткарат, Калпычы кишиден сактайт, Түз жолдон тайып, актыкты Таштагандардан сактайт. Жамандык кылып жыргаган, Бузуктукка кубанган, Жүргөн жолдору кыйшык, Жандардан алыс кылат. Бал тилин салган бирөөнүн Аялынан кутказат. Аялдар бар, шайкелең, Жаш кезинен баш кошкон Жан шеригин чанышкан. Андай аялдын үйү- Ажалга алып барчу үй. Анын жүргөн жолдору Көргө баштап апарат. Ал үйгө кирген эч бир жан Кайра чыга албай калат, Кайрадан доорон сүрө албайт. Ошондуктан жан балам, Адилет адамдар өткөн Жолдор менен жүргүнүң. Такыбаалар жашаган Ак жолдорго түшкүнүң. Анткени эңсеген жерди Адилет мураска алат. Ыймансыздар кырылат, Адепсиздер кыйылат.

Акылмандык 3

Акылмандык чыныгы өмүрдү берет

Осуят, насаатарымды, Көкүрөгүңдө сакта! Менин айткан сөздөрүм Өмүрүңдү узартып, Жаныңды жай алдырат. Мээрим менен акыйкат Кетпесин сенден ылайым. Аларды мойнуңа ороп, Жүрөгүңө түйүп ал. Кудайдын да, элдин да Мээрими менен сүйүүсүн Ошондо, балам, табасың. Жараткан Эгедериңе Чын жүрөктөн ишенгин, Акылыңа таянба, Өз билемдикке салба. Жатсаң дагы, турсаң да Кудайды билип жүргүнүң, Ал сени колдойт, ошондо. Акылдуусунба, өзүңчө. Жараткандан корккунуң, Жамандыктан качкының. Ошентсең дениң сак болот, Сөөктөрүң ирденет. Колуңдагы нерсеңдин Эң жакшысын ага бер. Ошентип сыйла, Эгеңди. Ошентсең кампаларыңа Эгин толот жыйылып, Чаначтарың мелтилдеп, Саамал кымызга толот. Эгеңдин тарбиялоосун Четке какпагын, уулум! Айыбыңды көрсөтсө Ачууланба, таарынып! Кимди көңүлү сүйсө Ошону Кудай жазалап, Тарбиялагысы келет. Баласына атасы Жакшылык тилеген сыңар Кудай да жакшы болсун дейт. Кандай адам бактылуу? Даанышмандыкты таап, Ызааттаган бактылуу. Даанышмандыктын баасы Алтындан алда канча өйдө. Андан түшкөн киреше Алтындан түшкөндөн артык. Баалуу асыл таштардан Акылмандык нарктуураак. Көңүлүң эңсегендерден Эч бири ага тең келбейт. Узак өмүр сүрүүнү, Байлык менен атакты Акылмандык апкелет. Ага ээ болгон адам Куунап, тынчтыкта жашайт. Кабыл алгандар үчүн Ал-өмүрдүн дарагы . Ичине сактаган адам Акыйкатта таалайлуу. Асман-жерди орноткон, Туңгуюктарды ачкан, Булуттан жамгыр жаадырган Кудайдын акылмандыгы. Айланайын жан балам! Ошону колдон чыгарба, Бек сакта акылмандыкты. Ошондо ал жаныңа Чыныгы өмүрдү берет, Жашооңду кооздойт. Кысылбай өмүр сүрөсүң, Эч качан мүдүрүлбөйсүң, Жатаарда чочулабайсың, Уйкуң тынч болот мемиреп. Ыймансыздар коркутуп, Өлтүрөбүз дешкенде, Жүрөгүң титиреп, коркпойт. Анткени таянган аскаң, Жараткан Теңириң болот, Ал сени тузактан сактайт. Колуңдан келип турганда Зар болгонго жардам бер. Колуңда бар кезиңде Эртең кел дебе коңшуңа. Жамандык көңүлүндө жок, Эч нерседен бейкапар, Жаныңда жашап жатканга Кара ойлоп, ниетиңди бузба! Сага зыян кылбаса Себепсиз жаңжал чыгарба. Зөөкүрлөргө теңелбе, Алардын кылгандарынын Бирин да сен кылбагын! Анткени бузулган адам Кудай алдында арам. Адилет жашап, ак жүргөн Эгемдин калканычында. Ыймансыздын үйүнө Кудайдын каргышы тиет. Адилеттин үйүнө Кудайдын батасы тиет. Теңир көпкөнгө күлөт, Момундарга кайрымдуу. Акылдуу сыйга ээ болот, Акылсыз уятка калат.

Акылмандык 4

Баарынан акылмандык кымбат

Атаңдын айткан кебине. Жакшылап түшүнүү үчүн Ынтааңды коюп уккунуң. Айткандарым маанилүү, Таалимдерим керектүү. Осуяттарымды сакта, Көкүрөктөн чыгарба! 3Атам бар болчу менин да, Эркеси элем энемдин. Жан атам мени окутчу: «Осуяттарымды тутуп, Бек сактап жаша!» — деп айтчу. Оо жан балам сага айтам: Акылмандыкка умтулгун, Билимди издеп таап ал. Ушуну эстен чыгарба! Сөзүмдү четтей баспасаң, Колуңду шилтеп салбасаң – Ал сенин жаныңды коргойт. Жакшы көрсөң сөзүмдү, Ал сага башпаанек болот. Эң башкысы – таза акыл, Таза акылды издегин, Мал-мүлкүңө алмаштыр! Акылды өйдө бааласаң, Ал да сени көтөрөт. Эгерде ага жармашсаң, Атагыңды чыгарат, Кооз гүлтаажы кийгизет. Акыл сени кооздойт. Оо жан балам уккунуң, Айткандарым кабыл ал, Ошондо жашооң узарат. Мен сага акылмандыктын Жолун таалимдеп жатам, Түз жолго багыттап жатам. Эгерде уксаң, айтканым: Бассаң жолуң тарыбайт, Чалынбайсың, жүгүрсөң. Осуяттарды бек сакта, Таштап, кетип калбагын! Аларсыз кантип жашайсың? Адепсиздерге кошулба, Кара ниетти жолдобо. Алардын жолун таштагын, Ал жол менен баспагын, Андан кыя бас дагы, Карабастан өтүп кет. Анткени мындай адамдар Арамдыктын нанын жеп, Уурулук шарабын ичип, Бир жамандык кылмайын Жаздыкка жата алышпайт. Жыгышпаса бирөөнү Уйкусунан безишет. Адилеттер жүргөн жол – Толук жарык болгуча Уламдан-улам агарган Таңдагы күндүн нурундай. Бузукулар жүргөн жол – Чылк караңгы түнгө окшош. Алар неге такалып, Чалынаарын билишпейт. Айланайын уулум! Айтканыма кулак сал, Сөзүмдү кунт коюп уккун, Жүрөгүңө түйүп кал! Жүзүңдү бурба, жалтактап. Таап алган кишиге, Өмүр болот айтканым. Ден-соолугу чың болот. Оо балам, бардыгынан да Ниетиңди түз кылгын, Жашоодо бардык нерсенин Башаттары-ниеттен . Оозуңдан калпты алып сал, Кытмыр сөздү алыстат, Көз карашың түз болсун, Кадамың ойлонуп ташта, Чынчыл жашап, бекем бол! Адилеттиктин жолунан Оңго дагы кыйшайба, Солго дагы кыйшайба! Жамандыкка барбагын.

Акылмандык 5

Бузуктукка барба

Акыл айтам көңүл бур, Сөздөрүмө кулак сал. Ошондо эстүү болосуң, Сөзүң орундуу болот. Бирөөнүн жары сүйлөсө Балдан таттуу туюлат, Майдай жумшак сезилет. Азгырылсаң аягы Ачуу бүтөт шыбактай, Алданып калсаң ал сени Курч шамшардай жаралайт. Аягы көргө жорголоп, Буту тозокко сүйрөйт. Ал ак жолдон адашкан Өзүнүн абалын билбейт. Ал аялды ээрчибе! Эми, уулум, тил алгын, Сөзүмдү четке какпагын: Андан алыс болгунуң, Үйүнө жакын жолобо, Босогосун аттаба! Эгерде мындай кылбасаң, Кадырыңдан айрылып, Көрө турган күнүңдүн Башкалар көрөт, үзүрүн. Күчүңдү пайдаланышат, Бирөөнүн пайдасы үчүн Маңдай териң төгүлөт. Анан алдан тайганда Белиңден кубат кеткенде Үшкүрүнүп онтойсуң, Арман кылып айтасың: «Насааты неге жек көрдүм? Айбымды айтса укпадым? Насаатчыларым айтканга Эмне үчүн кулак салбадым? Эми мына кашайып, Эли журттун алдында Шерменде болуп отурам». Ушундай дейсиң жан балам. Өз кудугуңдан ич сууну , Көчөлөргө жайылып, Булактарың акпасын. Алар ар кимге эмес Өзүңө гана буюрсун . Булагың баталуу болсун, Жаш кезиңде үйлөнгөн Аялыңан рахат ал. Ал сенин ак маралың, Моймолжуган элигиң, Дайыма андан рахат ал, Махабаты жыргатсын. Айланайын жан балам Башкаларга кызыгып, Бөлөктү өөп не керек? Пенденин жүргөн жолдору Жаратканына маалым, Билет ал баскан жолдорун. Ээнбаш адам өзүнүн Иштеринен тутулат. Тузак болот, күнөөсү, Тордой чырмалып алат. Ал насааттан ажырап, Ойрону чыгып, жок болот. Акылсыздыгынын көбүнөн Адашууга кабылат.

Акылмандык 6

Кепилдикке өтпө

Айланайын перзентим, Бирөө үчүн кол берип, Кепил болсоң башка үчүн Кармалганың, сөзүңдөн, Чырмалганың, тилиңден. Анда мындай кылгының: Кол алышкан кишиңден Өзүңдү бачым бошоткун. Баргын да алдына жыгыл, Кулдук уруп, жалынгын. Уйку бербе, көзүңө, Жабышпасын кирпигиң. Колдон чыккан кийиктей Бул капкандан кутулгун. Аңчынын колунан качкан Куштай андан бошонгун. Жалкоолук жакшылыкка апарбайт. Эй жалкоо, барып карачы Кумурсканын жашоосун, Ошондон үйрөнсөң боло. Башчысы да жок анын Көзөмөлчүсү да жок, Өкүмдары деле жок. Бирок жайлап нан жыйнайт, Оруу-жыйуу маалында Азык камдайт өзү үчүн. А сен канча уктайсың, Уйкуңдан качан турасың? Кичине чырм эте түшсөң, Колуңду бооруңа алып, Жата турсаң бир азга, Жолоочу сымал үйүңө Кирип келет, жакырлык, Каракчы сымал тамыңа Жулунуп кирет, муктаждык. Жаман адам белгиси Кытмыр, адепсиз адам, Басып жүрөт, калп айтып. Көзүн ымдап, кол жаңсап, Адамдын башын айлантат. Амал-айла ниетинде, Ар дайым ою-жамандык, Бөлүп-жарууну себет. Бирок аны капыстан Кырсык үстүнөн басат, Күтпөгөн жерден жыгылат, Жардам бербейт ага эч ким. Кудайга жакпаган жети нерсе Мына бул алты нерсени (Жети десем көп болбос) Жараткан абдан жек көрөт: Менменсинген көздөрдү, Калпты сүйлөгөн тилди, Айыпсыз кан төккөн колду, Арам ойлуу жүрөктү, Жамандыкка тез бутту, Соттогу жалган күбөнү, Калп сүйлөп, агайындардын Арасын жарган ушакчыны. Ата-энеңдин тилин ал. Шуркуяга жолобо. Айланайын перзентим! Атаңдын буйругун сакта, Энеңдин насаатын чанба. Жүрөгүңө жазып ал, Моюунуңа ороп ал. Алар сени жетектейт, Уктап жатканда коргойт, Ойгонсоң аңгемелешет: Аягы суюк аялдын Тилинен сени сактоого Осуятым-шамчырак. Насыятым-жарык. Таалимдерим чыныгы Өмүргө апаруучу жол. Анын чырайлуу жүзүн, Ичиңден асти каалаба, Ирмеп койсо кирпигин Ээрчип кетпе артынан. Анткени сойку аялдан Бир туурам нанга зар болуп, Жакырлыкка баткан көп. Ал эми эри бар аял, Асыл жанды тузактайт. Койнуна бирөө от салса Кийими күйбөй калабы? Чоктун үстүнөн басса Таманы күйбөй калабы? Бирөөнүн аялын бузган Жазасыз калып калабы!? Ага тийишип койгон Айыпсыз калбайт, акыры. Ачка болуп турганда, Өзөк жалгап алганга Уурулук кылып жатканда Кармалганды тутушса Адамдар аны жектешпейт. Бирок кармалып калып, Жети эселеп кун төлөйт, Баардык үй-мүлкүн берет. Ойноштук кылган-акылсыз, Өз жанынын душманы. Таяк жеп, шерменде болот, Шерменделиги кетпейт. Анткени эри кызганып, Каарданып жулунуп, Кек алчу күнү аябайт. Кабыл албайт, эч бир кун, Канча белек берсең да Эч качан ыраазы болбойт.

Акылмандык 7

Аял жандуу болбо

Сөзүмдү ичиңе сакта, Жүрөгүңө түйүп ал. Осуяттарымды карман! Карегиндей көзүңдүн Таалимдеримди сакта! Ошондо жакшы жашайсың. Манжаларыңа байлап, Жүрөгүңө жазып ал. Акылмандыкты «эже» деп, «Кызым» дегин билимди, (Ушундай жармаш аларга). Ошондо алар сакташат, Бал тилин салып азгырган Шуркуя аыалзатынан. Тереземден бир күнү Карап турсам көчөнү: Эне сүтү кете элек Топ жаштардын ичинен Көзүм түштү бирөөнө. Сойку жашаган үйдүн Бурчундагы аянттан Өтүп бара жатыптыр. Анын үйүнө барчу Жолго түшүп алыптыр. Күүгүм кирген маал эле, Караңгыны жамынып, Түндө бара жатыптыр. Алдынан чыкты аңгыча Сойкуча кийинген аял. Ойлогон ою арам, Ойсоңдогон, каткырган, Тамизи жок аял-ал. Аягы үйүндө турбайт. Бир карасаң көчөдө, Бир карасаң базарда, Көрүнгөн үйдүн бурчунда Көзүн сүзүп, жалаңдайт. Ал бозойду тутту да Моюнуна асылып, Беттеринен өпкүлөп, Уялбай мындай деп атты: «Шерттеримди аткарып Бүгүн курмандык чалгам , Үйдө эт-ашым арбын. Ошондуктан сени издеп Тосуп чыккам алдыңан. Жакшы болду-таап алдым. Килемдеримди төшөп, Мисирдин не бир ажайып, Маталарынан каптап, Салып койгом төшөктү. Уктай турган бөлмөмө Атыр септим, аңкытып. Кирсеңчи, таң сүргөнчө, Эркелешип, эзилип, Махабатка баталы. Күйөөм болсо үйдө эмес, Алыскы сапарга кеткен. Жанына көпкө жетээрлик Акчаны салып кеткен. Ай толгончо кайрылбайт». Ошентип, тигил шум аял, Бал тилин салып, азгырып, Ээрчитип кетти бозойду, Жумшак сүйлөп уландын, Ээлеп алды жүрөгүн. Союлаарын билбестен Бара жаткан өгүздөй, Ок тиерин туйбастан, Боорун жебе тешкиче, Арыш керген бугудай. Жайылган торго умтулуп Тутулаарын сезбестен, Бой таштаган чымчыктай, Бозой анын артынан Ошол замат жөнөдү. Балдарым, эми уккула, Сөзүмө көңүл бургула. Шуркуя жүргөн жолдорго Жүрөгүңөр чаппасын, Ал жолдо сандалбагыла. Анын артынан барып, Кулагандар көп болгон, Көп алдуулар кыйрашкан. Анын жашаган үйү – Тозокко апаруучу жол.

Акылмандык 8

Акылмандыктын чакырган үнү

Зар какшап, муңканып жаткан Акылмандык эмеспи? Ал көрүнөө жайларда, Жолдордун айрылышында Көчөлөрдө жар салат. Шаарга кире бериште, Үйлөрдүн босогосунда, Адамдарга мындай дейт: «Оо пенделер, уккула, Силерге зарлап жатамын! Акылы аз пенделер, Билимге умтулсаңарчы, Мени тыңшасаңарчы! Айткандарым маанилүү, Акыйкатка окутам. Чындыкты гана сүйлөймүн, Жалгандан жаным иренжийт. Сөзүмдүн баары – адилет, Айлакелик, кытмырлык, Менин оозумдан чыкпайт. Айткан сөзүмдүн баарын Акылдуулар түшүнөт. Билимге ээ болгондор Ак экенин билишет. Акчаны кубалабастан Сөзүмдү тандап алгыла. Менин берген билимим Артык, таза алтындан. Акыл – берметтен кымбат. Эч бир эңсеген нерсе Тең келе албайт акылга. Акылмандык мен болом, Акыл менен бир жашайм, Таза билимди издейм. Пенде Кудайдан корксо Жамандыкты жек көрөт. Акылмандык – мен болом, Көпкөндүктү жек көрөм, Керсейүүнү жек көрөм, Бузуку жүрүш-турушту Митаам тилди жек көрөм. А бирок адамдарга Туура тыянак кылып, Келүү үчүн, чечимге Мүмкүнчүлүк беремин. Акыл – билим мен болом, Күч-кубат менин колумда. Менин жардамым менен Падышалар башкарат, Калыстар сот жүргүзөт, Акимдер мыйзам чыгарат. Мен сүйөм мени сүйгөндү, Издегенге табылам. Байлык менен урмат-сый, Чирибес кенч менен чындык Жана атак-даңк – менде. Менден түшүүчү пайда Таза алтындан кымбат. Ак жолдордо жүрөмүн, Адилеттик жолунда. Мени сүйгөн пенденин Ырыскысын мол кылам, Казынасын толтурам. Өз жолунун башында Кудай мени жараткан, Бардык нерседен башта, Алгач мени жараткан. Жер жарала электе, Саат санла электе, Теңир мени жараткан. Мухит жок кезинде, Шарылдаган булактар Ага электе төрөлгөм. Тоолор тура электе, Дөбөлөр жокто төрөлгөм. Талаа, чөлдөрдөн мурда, Ааламдын алгач кыпыны Жок кезинде төрөлгөм. Асманды Теңир даярдап Жаткан кезде бар элем. Туңгуюктун бетине Айлананы чийгенде, Мухиттердин башаты – Булуттарды асманга Коё электе бар элем. Ашпас кылып чегинен, Деңизге чек коёрдон Мурун эле бар элем. Негиздерин дүйнөнүн Түзө электе бар элем. Ошондо анын жанында Чебер узу болгомун. Кашында дайым шаттанып, Күндө аны кубанткам. Ал жараткан дүйнөгө Ушунчалык сүйүнгөм. Жараткан адамзаттарын Көргөндө абдан кубангам. Ошондуктан балдарым Мага кулак салгыла! Менин айткандарымды Сактагандар таалайлуу. Насааттарым уккула, Аларды таштабагыла, Акыл – эстүү болгула! Дарбазамдын түбүндө Күндө сак-сактап туруп, Капшытымда акмалап, Мени уккан бактылуу. Тапкан болсо мени ким, Өмүрдү таап алганы, Ырайым алат Теңирден. Мага кыянат кылган Жанына зыян келтирет. Кимде-ким мени жек көрсө, Анда ал өлүмдү сүйөт.

Акылмандык 9

Акылмандык акылдуу аялдай

Жашай турган үй куруп, Жети мамыны жонуп, Ошого аны орнотту. Тамак-ашын даярдап, Дасторконуна койду. Анан кызматчыларын Көрүнөө жайларга чыгып, Жар салууга жөнөттү: «Оо адамдар, уккула! Силерге кайрылып жатам. Акылга муктаж болгондор, Келип, билим алгыла!» Акылсыздарга да айтты: «Келгиле, тамагымдан жеп, шарабымдан ичкиле. Маңызсыз жашоону таштап, Туура жолго түшкүлө!» Акылмандыктын кеңештери Төшүн каккан адамдын Туура эмес жерин көргөзсөң Боз-ала болуп каласың. Адепсиздин айыбын Ачык айтсаң бетине Так жугузуп аласың. Жек көрүп калбасын десең Шылдыңчылдын катасын Ачык айтпа бетине! Акылдууга ачык айт, Ал сага ыраазы болот. Насаатты акылманга айт. Көкүрөгүнө түйүп, Салып алат кабына. Акылман болууга кадам – Ээбиз – Кудайдан коркуу. Билимдүү болууга кадам – Ээбиз – Кудайды таануу. Акылмандык аркылуу Жашоо күнүң узарат. Эгер акылдуу болсоң Пайда өзүңдүн жаныңа. Эгерде тилазар болсоң, Кайгы өзүңдүн жаныңа. Акылсыздык — бузулган аялдай Бейжай, акылсыз аял, Эшигинин алдында, Көзгө урунт жайларда, Отуруп алып, жайгашып, Түз жолу менен бараткан Адамдарды чакырат: «Акылга муктаж болгондор, Кайрыла кеткиле бери!» Акылсызга мындай дейт: «Уурдап алган суу ширин, Кытып алган нан таттуу». Акылсыз болсо баамдабайт: Өлүктөр анда жатканын, Ал аялга баргандар Көр түбүндө жатканын. Сулаймандын пайгамбардын макалдары.

Акылмандык 10

Уулу акылдуу болсо, Атасынын бактысы. Уулу акылсыз болсо, Энесинин кайгысы. Арам оокат аш болбойт, Адилдик ажалдан коргойт. Адилди Теңир ач кылбайт, Ач көздүн оюн болдурбайт. Бекерпос кол курутат, Мээнеткеч кол байытат. Акылдуу жайында жыйнайт, Акылсыз жайында уктайт. Адилеттин башынан Кудайдын батасы кетпейт. Адепсиздин оозунда Зордук зомбулук кетпейт. Адилден жакшы ат калат, Адепсиздин аты өчөт. Акылдуунун жүрөгү Насаатыңды кабылдайт. Акылсыз талаша кетип, Оозунан жаңылат. Ак жашаган адашпайт, Алдамчы ашкере болот. Акты жаап, көзүн ымдаган, Өкүнүүгө апарат. Тилине алы жетпеген Оозунан жаңылат. Жакшынын сөзү – Жашоонун булагы, Жамандын сөзү – Зулумдуктун куралы. Жек көрүү чыр чыгарат, Сүйүү катаны жаап жашырат. Акылмандык чыгаар жер – Акылдуунун оозу. Чыбыктын тиер жери – Акылсыздын жону. Акылдуу – сабыр менен билим кеңейтет, Акылсыз – тили менен өлөөр күнүн берилетет. Байдын байлыгы – Анын сепилдүү шаары. Кедейдин кедейлиги – Башка түшкөн кырсыгы. Адилдин маңдай тери – Бакыбаттыкка апарат. Адепсиздин ийгилиги Күнөөгө апарат. Насаатты угуп жашаган – Туура жолдо бараткан. Катасын айтсаң укпаган – Туура жолдон адашкан. Тымызын жек көргөндүн сөзү жалган. Ушак тараткан акылсыз. Сөздү көбөйтө берсең Күнөөгө сөзсүз батасың. Тилиңди тыя билсең Акылдуулук кыласың. Адилеттин сөзү Уюган таза алтындай. Бузукунун ою Пайдасы жок кыпындай. Адил адамдын сөзү Көп адамга багыт берет. Ал эми акылсыз болсо Наадандыгынан өлөт. Теңирдин батасы байытат, Артынан кайгы апкелбейт. Акылсыз акмактык кылып, Ошондон ырахат алат. Ал эми акылдуу болсо Билимден убай табат. Эмнеден, адепсиз, корксо Ошол башына келет. Эмнени, адил, самаса Ошого Кудай жеткизет. Куюн өтүп кеткендей Ыймансыздан из калбайт. Адилдин турган негизи Түбөлүккө бузулбайт. Эринчээкти жумшасаң: Көзгө кирген түтүндөй, Тишке тийген уксустай Кашайттырат, жаныңды. Теңирди сыйлап жашасаң, Көрөөр күнүң узарат. Ыймансыз өмүр сүргөндүн Ичээр суусу азаят. Адилеттин үмүтү Кубанычка жетелейт. Адепсиздин үмүтү Кыйроого барып кептелет. Адил адамдар үчүн Теңир – таянар тоо. Жамандык кылгандар үчүн Теңир – коркуткан көчкү. Такыбаанын тамыры Эч качан жулунуп калбайт. Ал эми бузуку болсо Жер бетинен жок болот. Такыбаанын оозунан Ар дайым нуска кеп чыгат. Ал эми келжирдин болсо Зыяндуу тили кесилет. Такыбаанын оозунан Жанга жаккан сөз чыгат. Адепсиздин оозунан Бейсалакы кеп чыгат.

Акылмандык 11

Ташы калпыс тараза Теңирди жийиркентет. Туура тарткан тараза Көңүлүнө төп келет. Менменсине баштасаң, Жакында уят болосуң. Моюн сунсаң Кудайга, Таза акылга толосуң. Адилетти чынчылдыгы жетектейт, Кара ниетти арам ою кыйратат. Барганда Кудай сотуна Байлык жардам кыла албайт. А бирок адилет жашоо Балээден башыңды сактайт. Адилдин такыбаалыгы Басаар жолун түз кылат. Ал эми бузуку болсо Бузуктугунан кулайт. Адилеттин актыгы Аны куткарып калат. Заңсыздын ээнбаштыгы Аны тузакка салат. Абийирсиздин үмүтү Өлөөрү менен жок болот. Мыйзамсыздын тилеги Ойрону чыгып, таш кабат. Кырсыктан адил кутулат, Ордуна адепсиз кулайт. Кошоматчы адамдын Тили жарадар кылат. Адилет көсөмдүк кылып, Андайдан качып кутулат. Адилдер доорон сүргөндө Шаардын эли шаттанат. Ыймансыз каза болгондо Калаада болот салтанат. Адилдин батасы менен. Шаар өсүп, өркүндөйт. Бузукунун сөзүнөн, Урандыга айланат. Акылсыз адам заматта Оозуна алы жетпестен, Жек көргөнүн билдирет. Акылдуу адам сабырлуу. Сөз ташыган сыр ачат, Андайга ишенип болбойт. Бирок ишеничтүү адам Чирик сөздөрдү сеппейт. Кам көрбөсө жакшыраак, Эл мүңкүрөп кыйналат. Кам көргөндөр көп болсо Өркөнү өсүп, кулпурат. Кепилдикке өткөн зыян тартат. Кепилдиктен качкан балээден качат. Адептүү аял даңкталат. Мээнеткеч аял байыйт. Боорукер болсоң жакшылык көрөрсүң, Таш боор болсоң запкы тартарсың. (Таш боор болсоң денең бузулар.) Бузуку кылган мээнеттин Акыбети түк кайтпайт. Ал эми чындыкты сепкен Сөзсүз түшүмүн алат. Адилеттикке умтулсаң Ал өмүргө апарат. Жамандыкка умтулсаң Ал өлүмгө апарат. Жараткан Эгем жек көрөт Митайым жүрөктүүлөрдү. Жараткан Эгем жактырат Түз жолдордо жүргөндү. Адепсиз жазаланат деп Мелдешкен адам жаңылбайт. Адилдин тукумун болсо Жазадан Кудай куткарат. Акылсыз аялдын көркү Чочкого таккан сөйкөдөй. Адилеттин тилеги Жакшылыктан гана турат. Бузукунун санаасы Кудайдын каарын кайнатат. Бирөө бар абдан берешен Берген сайын байыган. Бирөө бар абдан сарамжал, Негедир бирок жарыбайт. Жоомарт адам тоюнат, Башкаларды кандырган Өзү дагы каныгат. Бар оокатты жашырса Элдин каргышы тиет. Ал эми аны сатканга Элдин батасы тиет. Жакшылыкка умтулган Жакшылыкка жолугат. Жамандыкты издеген Жамандыкка кабылат. Байлыгына таянган Жыгылат да Үзүлөт. Адилетүү жашаган Жаш арчадай көгөрөт. Өз үйүн бүлүнткөн адам Кур жалак көчөдө калат. Акылсыз, наадан болсо Акылдууга кул болот. Өрнөк болот башкага. Адилдердин кылганы. Жандарды бооруна тартыш Акылмандын кылганы. Такыбаа, бул дүйнөдө, Жаңылса, жазасын алса, Күнөөкөр, кылган иши үчүн, Жазасыз калбасы шексиз.

Акылмандык 12

Бир нерсе билип алайын деген Насаатты кубанып кабыл алат. Ал эми акылсыз адам Катасын айтсаң жактырбайт. Жакшыны Кудай алкыштайт. Жаманды жоопко тартат. Адилетсиздик менен Адам түптөнө албайт. Адилеттин тамыры бекем. Аялы адептүү болсо Күйөөсүнүн сыймыгы. Аялы шерменде болсо Сөөгүндөгү чириги. Адилдин ниети – адилеттүүлүк, Бузукулардыкы – зулумдук. Бузукулардын сөзү Кан төгүүгө буктурма. Адилеттердин сөзү Адамдарга башпаана. Кырсыкка кабылаар замат Бузукулар бүлүнөт. Ал эми адилеттердин Үйлөрү былк этип койбойт. Адам акылына жараша макталат да Ниети бузулса жек көрүндү болот. Нанга жарыбай туруп, чыгаансынгандан көрө, Өз нанын таап жеген карапайым өйдө. Кара ниеттер таш боор болушат, Такыбаалар болсо малына да кайрымдуу. Жер иштеткен тоюнат. Бекерпоздорду ээрчип, Иштебеген акылсыз, Отуруп калат, кесерип. Бузукунун санаасы – Адилеттин алдына жамандык торун жаюу. Бирок адилеттүүнүн тамыры бек болот. Күнөөлүү сөзү менен Дөөпөрөс капканга түшөт. Ал эми такыбаа адам Балээден качып кутулат. Айтканыңа жараша Жакшылыкка тоёсуң. Кылганыңа жараша Шыбагаңды аласың. Наадандын ою боюнча Баскан жолдору түптүз. Ал эми акылдуу адам Айткан кеңешти угат. Ала көөдөн ачуусун Заматта тышка чыгарат. Ал эми акылдуу адам Ызасын басып, жашырат. Чынчылга ишенсе болот. Жалганчынын күбөлүгү алдамчылык. Келжиректин сөзү шамшар менен сайгандай. Акылмандыкы жанга даба. Чынчыл ооз түбөлүк жашайт, Калпычы тил узабайт. Кара ниеттин жүрөгүндө арамдык, Тынчтыкты сүйгөндүн жүрөгүндө кубаныч. Ак ниетти Кудай сактайт, Бузукуну кара басат. Чынчылды Эгем жактырат, Калпычыны жек көрөт. Сабырдуу, акылман адам Билгенин ичинде сактайт. Ала өпкө, жеңил адам Наадандыгын айкындайт. Тырышчаак кол башкарат, Эринчээк кол кул болот. Адамды санаа чөктүрөт, А жакшы сөз көтөрөт. Ак ниеттин жашоосу – Башкалар үчүн үлгү. Ал эми кара ниеттики – Адашууга түртүкү. Жалкоо аткан кийигин Кууруп жештен эринет. Эмгекти сүйгөнгө болсо Ар түркүн байлык берилет.

Акылмандык 13

Атасынын насаатын Уккан бала акылдуу. Катасын айтса укпаса Андай бала акылсыз. Жакшы сөз сүйлөсөң, Жакшылык даамын татасың. Кайсар болсоң, Жамандык даамын татасың. Ойлоп туруп сүйлөгөн Жанына доо кетирбейт. Оозуна алы жетпеген Башына балээ келтирет. Жалкоо адамдын жаны: «Алма быш, оозума түш!» – дейт, Бирок ал эч качан түшпөйт. Мээнеткеч болсо тоёт. Адилет калпты жек көрөт. Адепсиз шерменде болуп, абийири төгүлөт. Адилетти акыйкаттык колдойт. Күнөөкөрдү адепсиздик курутат. «Баймын» деген бирөө бар Колунда котур тыйын жок. Карапайым бирөө бар Аркасы малга басылуу. Адам үчүн анын байлыгы Кун болуп калышы мүмкүн. Ал эми кембагал болсо Бул коркунучтан алыс. Адилдин шамы жаркырайт, Адепсиздики бүлбүлдөйт. Бой көтөрсөң чыр чыгат, Акылың болсо кеңеш ук. Оокат оңой келсе тез түгөнөт Аз-аздан жыйсаң көбөйөт. Үмүт ишке ашпаса Жүрөгүңдү оорутат. Тилегиң ордунан чыкса Кубанычка маарытат. Айткан сөздү укпаган Жанына зыян келтирет. Осуятты сыйлаган Тийиштүү сыйлыгын алат. Акылманды тыңшагын! Сабагы өмүр булагы. Ал сени куткарып калат, Ажалдын жайган торунан. Түшүнүктүү адамды Адамдар сыйлап турушат. Ишеничтен кеткендин Кыйын болот жашоосу. Акыл-эстүү ар адам Акыл менен иш кылат, Ал эми акылсыз болсо Наадандыгын көрсөтөт. Адепсиз элчи Кырсыкка кабылат. Ишенимдүү элчи Ынтымак курат. Насыятты укпаган Чабылып, уятка калат. Айткан сөздү сактаган Кадыр-баркка ээ болот. Кабыл болсо тилегиң Жаныңа жагымдуу болот. Жамандыктан качууну Наадан гана жактырбайт. Акылманга жанашсаң Ага да акылы жугат. Бузуктар менен достошсо Өзү да бузулуп кетет. Күнөөкөрдүн артынан Жамандык сая кубалайт. Ал эми такыбааларга Жакшылык шыбага болот. Жакшынын артынан Неберелерине мурас калат. Күнөөкөрдүн жыйганы Такыбаа үчүн сакталат. Кедейдин деле жеринде Мол эгин жайкала өсөт. Бирок кароо жок болсо Ысырапка учурайт. Баласын жек көргөн Шапалагын аяйт. Чындап сүйгөн Жашынан тарбиялайт. Адилет адам ач калбайт, Ыймансыздар жарыбайт.

Акылмандык 14

Эстүү аял өз үйүн Өркүндөтүп, гүлдөтөт. Ал эми акылсыз аял, Өз колу менен бүлүнтөт. Түз жүргөн Эгесин сыйлайт, Кыйшык жүргөн тоотпойт. Акылсыздын сөздөрү Башына тийүүчү таяк. Ал эми акылмандыкы Аны кырсыктан сактайт. Өгүз жок жерде аштоо бош, (Жем берүү деген көйгөй жок.) А бирок өгүздүн күчү Көп киреше апкелет. Ишенимдүү адамдын Күбөлүгү акыйкат. Ал эми калпычыныкын Кантип чын дешке болот? Акааратчыл билимди Издесе да таба албайт. Ал эми эстүүгө болсо Билим алуу оор эмес. Оозунан жүйөөлүү сөздү байкабасаң, качкын! Эстүүнүн акылдуулугу – Өз жолун түшүнгөндүгү. Акмактын акылсыздыгы – Түз жолдон адашкандыгы. Акылсыздар кун сурайт, Чынчылдарда ынтымак. Адамдын кайгы, арманы Бир гана өзүнө маалым. Күбанган күндө деле Бөлүшө бербейт баары. Бузукунун үйү кулайт, Адилеттики кулпунат. Адам баласы үчүн Түз көрүнгөн жолдор бар. Бирок алардын түбү Өлүмгө барчу жол болот. Атүгүл кээде күлгөндө Жүрөк чиркин оорутат. Шаттык деле кээ бирде Кайгы менен аяктайт. Бузуку да, адил да Иштерине жараша Тиешесин алышат. Сабырдуу адам жолуна сереп салат. Ала көөдөн адам ар кайсыга ишене берет. Эстүү Эгедерден коркуп, Жамандыктан оолактайт. Акылсыз болсо туталак, Өз дегенинен кайтпайт. Ачуусу чукул, Акылсыздыкка батат. Ал эми жексур, Атайлап, жамандык кылат. Дөөпөрөстөр энчиге Наадандыкты алышат. Акылмандар билимден Жыгалуу бөрк кийишет. Жакшылардын алдына Кара ниет келип жыгылат. Адилеттин алдына Бузуку келип жүгүнөт. Байлыгы көп адамга Дос болгондор толтура А кембагал байкушка Тууганы да опуза. Жакыныңды жек көрсөң Күнөөгө батасың. Кембагалга кайрым кылсаң Батасын аласың. Оюңда арамдык болсо Бузулганың эмеспи? Мээрим менен ишеним Ак ниеттерде эмеспи? Бардык иштен майнап бар. Ал эми келжиректиктен Зыяндан башка таппайсың. Көсөмдөрдүн таажысы – Алардын тапкан байлыгы. Көөсөрлөрдүн кемдиги – Алардын акылсыздыгы. Ишенимдүү күбө көп жандарды куткарат. Жалган күбө калп айтып, көп жандарды кууратат. Кудайдан коркуп жашасаң Үмүтүң, анда, абдан чоң. Балдарыңа ал – башпаана. Жараткан Эгеңди сыйласаң, Ал сага жашоо булагы. Сени сактайт, ал Булак, Ажалдын жайган торунан. Эли көп жандын аброю да бийик, Эли аз жандын күчү да аз. Сабырдууда акыл көп, Токтото билет, ал, өзүн. Ал эми кыялы чуку, Жеңилдигин көрсөтөт. Момун болсо саламатта болосуң. Ичиң тар болсо чирийсиң. Кедейди кордогонуң Жаратканын сөккөнүң. Мусаапырга бергениң Кудайды урматтаганың. Кылып жүрүп жамандык, Ыймансыз четке кагылат. Күнү бүтүп, өлсө да Адилдин үмүтү өчпөйт. Акыл акылдуунун ичинен жай табат, Акмактарды тааныбайт. Элди адилеттүүлүк көтөрөт. Ал эми ээнбаштык болсо Көп элдин абийирин төгөт. Падышанын мээрими Акылы бар кулуна. Ал эми каары болсо Аны уят кылганга.

Акылмандык 15

Сылык жооп – ачууну басат, Оройлук – кыжырды келтирет. Көсөмдөрдүн оозунан Пайдалуу нускалар чыгат. Дөөпөрөстүн оозунан Акылсыздык кусулат. Теңирдин көзү бүт жерде: Жаман, жакшы көрүнөө. Сылык тил – өмүр дарагы, Кайсар тил – жандын азабы. Акылсыз көзүнө илбейт Атасынын насаатын. Эстүү уул кулагын төшөйт Ачып берсең катасын. Адилеттүүнүн үйүндө Дүр-дүйнөнүн баары бар. Адилетсиздин тапканы Башын кырсыкка салар. Көсөмдөр билим таратар, Көөдөктөр нени таратар? Бузуку чалган курмандык Теңир үчүн макүрөө. Такыбаанын дубасы Теңир үчүн жагымдуу. Адепсиздин жашоосу Эгебизди жийиркентет. Адилеттин жашоосу Көңүлүнө төп келет. Түз жолунан оогонго Катуу жаза туш болот. Айыбын айтсаң жек көрсө Акыры бир күнү кыйрайт. Жаханнанын ичи да Кудай үчүн белгилүү. Пенденин ички ойлору Андан бетер белгилүү. Тезке салуучуларды Жамандын көңүлү сүйбөйт, Акылманга кайрылбайт. Жайдар болсо жүрөгүң Жүзүңдү ажарлуу кылат. Бук болуп турса жүрөгүң Маанайыңды пас кылат. Эстүү – билим издейт, Эси жок – акмактык кылууну эңсейт. Байкушсунган адамдын Ар бир күнү кайгылуу. Жайдары мүнөз адамдын Ар бир күнү шаңдуу. Тынчыңды алган чоң кенчтен Жаратканды урматтап, Кембагал өткөнүң артык. Жек көрүүнүн алдында, Боордолгон бука жегенден, Мээрим менен сунулган Бир чыны атала өйдө. Кыялы чукул – чыр чыгарат, Сабырдуу – чатакты басат. Жалкоону баскан жолунда Тикенек чырмооктор тосот. Адилеттердики тегиз. Эстүү бала атасын кубантат, Наадан өз энесин жек көрөт. Акылы кем акмактыкка кубанат. Акылдуу түз жолдон чыкпайт. Кеңешсиз иштер кыйрайт. Кеңешчилер көп болсо, Ой тилектер ишке ашат. Кубанычың жообуңа жараша болот. Кыябы келгенде айтылган сөз кандай сонун. Көсөм өр тарта басат. Анткени ылдый жактагы Тозокко баргысы келбейт. Көпкөн ала көөдөндүн Үйүн, Теңир, кыйратат, Ал эми жетим-жесирдин Чек-арасын бекемдейт. Кара ниеттин ойлору Теңирди жийиркентет. Такыбаанын сөздөрү Көңүлүнө жагат. Паракор өз үйүн бүлгүнгө учуратат, Параны жек көргөн тынчтыкка жашайт. Адилет – ойлоп сүйлөйт, Адепсиз – оттоп сүйлөйт. Жараткан Адепсиздерден алыс да, Адилдердин сыйынууларын угат. Жарык чачкан көз караш Жүрөк жылытат. Сүйүнүч апкелген кабар Сөөктү агартат. «Жакшы бол» деген насаатка Кулак салган адамдар Аалымдарга кошулат. Насаатты жек көргөн Өз жанын жек көрөт. Катасын мойнуна алган Акылына акыл кошот. Акылмандыктын алды – Кудайдан коркуу. Урмат-сыйдын алды – Кудайга моюн сунуу.

Акылмандык 16

Ойлоп коюу адамдан, Жооп кылуу Кудайдан. (Ишке ашуусу Кудайдан.) Бардык кылган иштерин Пенде туура деп ойлойт, А бирок тараза – Кудай. Түйшүгүң Теңирге тапшыр, Ошондо оюң ишке ашат. Жараткан Эгебиз баарын даярдап койгон: Атүгүл адепсиз үчүн кырсык күндү да. Кыйынсынган адамдар Жараткан Эгебизге жакпайт. Андайлар жазаланат деп кепилге өтсөң жазбайсың. Мээрим менен ишеним күнөөдөн тазалайт. Кудайдан коркуу жамандыктан сактайт. Пенденин жашоосу Кудайга жакса Ал касын да доско айлантат. Адилетсиз жол менен Мол киреше тапкандан Аз болсо да адалы артык. Пенденин ойлогону көп. Бирок ар бир кадамын Кудай башкарып турат. Падышанын оозунан Кудайдын өкүмү чыгат: жаңылбаш керек, сотто, ал. Тараза менен кадактын Так болушу Теңирден. Баштыктагы таштар да Ошонун кол алдында. Мыйзамсыздык кылганды Падышалар жактырбайт. Анткени ак тактыны Адилеттик бекемдейт. Падышага чынчыл жагат, Ал ак сүйлөгөндү сүйөт. Падышанын ачуусу Ажалдын кабарчысы. Бирок акылдуу адам Жүрөгүн жибите алат. Хандын жарык маанайы – Жакшы жөрөлгө. Ырайымы – күттүргөн жамгыр. Акылмандыкты изде, Ал алтындан да нарктуу. Түшүнүккө ээ болгун, Ал күмүштөн да баалуу. Адилеттердин жолу – Жамандыктан алыс болуу. Өз жолун таза сактаган Өз жанын аман сактайт. Пенде жыгылаарда көөп кетет, Сынаарда менменсип кетет. Менменсигендер менен Олжолош болуудан көрө Момундардын арасында Сыпайы жашоо өйдө. Акыл менен иш кылган ийгиликке жетишет. Теңирден үмүт кылган ак батага ээ болот. Ою тунук адам акылдуу атыгат. Сыпайы айтылган сөз көкүрөктө калат. Акылы бар адамга Акыл – өмүр булагы. Нааданды жазалаган Өзүнүн кемпайлыгы Акылмандын оюу тилине чыгат да Оозун билимге суугарат. Жагымдуу сөз бал сыяктуу: Жанга жагат да сөөккө дабаа. Адамга түз көрүнгөн жолдор көп. А бирок алардын түбү Өлүмгө барып такалат. Мээнеттенсе өзү үчүн, Курсагы зордоп атпайбы. Кытмырдын ниети жаман, Тили куйкалоочу от. Кара ниет чыр чыгарат, Ушакчы араны бөлөт. Ниети кара бузуку Жакынын бузуп, айнытып, Жакшы эмес жолго багыттайт. Көзүн ымдап, мылжыңдап, Бир айланы ойлоп таап, Кесе тиштеп эринин Арам оюн аткарат. Даңк таажысы – буурул чач, Ак жолдо жүрүп агарган. Эр көкүрөк жоокерден, Чыдамдуусу жакшыраак. Шаар каратып алчусунан, Сабырдуусу жакшыраак. Келүү үчүн чечимге, Адамдар ашык өкчөшөт, А түшкөнү Теңирден.

Акылмандык 17

Эт-ашка толгон, абдан бай, Бирок, жаңжалдуу үйдөн Тынчтыкта олтуруп жеген Бир туурам каткан нан өйдө. Бузулган уулдун үстүнөн Эстүү кул бийлик жүргүзүп, Агайын менен бир катар Ортоктош болот мураска. Алтындын сыноочусу – меш, Жүрөктөрдүкү ¬– Теңир. Карасанатай кесирди угат. Жалганчы келжиректи угат. Жакырды шылдыңдаганың Жаратканын сөккөнүң. Кырсыкка батканга күлгөнүң Жазага баратканың . Карылардын таажысы – неберелери, Балдарынын таажысы – ата-энелери. Маанилүү кеп акылсызга жарашпайт. Хан калп сүйлөсө андан бетер жарашпайт. Пара – тумар, бергенге, Кайда басса ийгилик. Катасын жашырып койсоң Досуңду жакындатасың. Улам чукулай берсең Достон кол жууп каласың. Түшүнүктүүгө бир сөгүш наадан жеген жүз камчыдан алда канча таасирдүү. Чыр адам жамандыкка жакын, Андыктан ага таш боор периште жөнөтүлөт. Балдарынан айрылган Аюга туш болуу – жаман. Акмактыгына баткан Нааданга туш болуу – Андан беш бетер жаман. Жакшылык кылган кишиге Жамандык менен жооп кылсаң Үйүңдөн жамандык кетпейт. Чырдын башы тукту Жырган шар суудай. Ошондуктан чырды ырбай Электе калтыр. Бузукуну актаган бар, Адилетти каралаган бар – Экөөн тең Эгем жек көрөт. Акылсызга акча берсең Андан майнап чыгабы? Алган соң аны, акылсыз, Акыл менен урунабы? Тууган кыйын кезде тирек болуу үчүн туулган. Дос болсо ар убак жаныңда. Акылы кем бирөө үчүн кепилдикке өтөт. Чырды сүйгөн күнөөнү сүйөт. Өзүн көрсөткүсү келген жыгылуусуна шашып, акыры бир күнү кулайт. Арамза ойлуу адам Эч качан жакшылык көрбөйт. Кытмыр тилдүү адамдын Балээден башы арылбайт. Акмакка ата болгондун Башынан кайгысы кетпес. Уулу акылсыз атанын Эч качан ичи жылыбас. Шыпаа болчу дарыдай Жайдары жүрөк жагымдуу. Маанайың дайым пас болсо Сөөктөрүң какшыйт. Колтугун ачып, пара алып, Ак сотту бузат, бузуку. Эстүү-баштуу адамдын Тутканы акылмандык. Ал эми акылсыздын оюу Болсо асмандын башы. Уулу акылсыз болсо Атасы бармагын тиштейт, Энеси кайгыга батат. Ак кишини каралап, билерманды чындык үчүн жаакка чабуу – жакшы эмес. Эстүү адам тилин башкара билет. Акылдуу адам сабырдуу. Оозун жаап отурса Акмак деле көсөмдөй, наадан деле акылдуудай көрүнүшү ыктымал.

Акылмандык 18

Кежир өз дегенин бербейт да жакшы нерсенин баарына каршы чыгат. Наадан билимди сүйбөйт, бирок акылдуусуна берет. Бузуку келээри менен Жек көрүү кошо келет. Уят болуу менен Кордук кошо келет. Адамдардын сөздөрү Терең кудук сыяктуу. Ал эми акыл башаты Кайнар булак сыяктуу. Сотто адилетти ак жерден Күйгүзүү үчүн адепсизге Жагынып, кошомат Кылуу – жакшы эмес. Акмак тилинин азабынан Жаңжалга кабылып, Сөзүнөн улам таяк жейт. Акылсыздын тили – Өзүнүн кырсыгы, Сөзү – жанына жайган тору. Ушакчынын сөздөрү Таттуу тамактай Адамдын ичине жылып кирет. Ишинде илээнди – ысырапчынын тууганы. Теңирдин ысмы бекем чеп, Адилет качып кирет да жанын куткарып калат. Бай адамга байлыгы – анын капкалуу шаары, калкалоочу сепили. Жыгылаардын алды – көбүү. Урмат-сыйдын алды – жоошуу. Укпай жооп берген — акылсыз, Уят болот бир күнү. Адамдын руху Анын алсыздыгын көтөрөт. А руху жаралуу болсо Ким ага жардам кыла алат? Эстүү – билим топтойт. Акылман – билим издейт. Белек-бечкек дегениң Адамдын жолун кең кылып, Чоңдорго чейин жеткизет. Атаандашы келип, Суроолорун бергиче, Биринчи келгендин кеби Жүйөөлүүдөй туюлат. Алдуулар эгер талашса, Чечүүнүн эң мыкты жолу — Чүчү кулак кармашуу. Ачууланган бурадар кире алгыс чептүү калаа. Ачылгыс кулпудай болуп, жаңжал араны бөлөт. Айткан сөзүңдүн даамын татасың: Жакшы сөз айтсаң жакшылык көрөсүң, Жаман сөз айтсаң жамандык көрөсүң. Өлүм менен өмүр Тилдин колунда, Сөзмөрлөр сөзүнүн Мөмөсүнөн жешет. Жакшы жар тапкан жакшылык тапканы, Теңирден ырайым алганы. Жарды сүйлөйт жалбарып, Бай жооп берет корсулдап. Достуу болом десең, Досчо мамиле кыл. Туугандан жакын дос бар.

Акылмандык 19

Элдин башын айлантып, Наадан болгондон көрө Такыбаа өмүр сүргөн, Кембагал болуу жакшыраак. Билимсиздик жакшы эмес, Чалынасың, шашпагын! Адамдын жашоосун акылсыздыгы бузат. Бирок ал ичинен Теңирге кыжырланат. Байлык досту көбөйтөт, Кедейди болсо Жакыны да карабайт. Жалган күбө жаза алат, Калпычы качып кутулбайт. Атактууга жакындап, Кошомат кылган көп болот. Белек-бечкек бергенге Баары эле жакын болсом дейт. Туугандардын баары тең Кембагалды жек көрөт. Ал эми достору болсо Ого бетер качышат. Кембагал байкуш жалдырап, Ээрчисе сөзгө келишпейт. Акылга умтулган – өз жанын сүйөт. Билимди кадырлаган – жакшылыкка жолугат. Жалганчы жазаланат, Калпычы куурайт. Акмакка сөөлөт жарашпайт. Төрөлөрдүн үстүнөн Кулдун бийлик кылышы Андан бетер жарашпайт. Сабырдуулук ачууга жай кылдырат. Мунапыстуулук адамдын кадырына кадыр кошот. Хандын каары арстандын айкырганындай жүрөктү титиретет да ырайымы сергитет. Баланын акылсыздыгы – Атасынын азабы. Аялдын ажаандыгы – Жер ойгон тамчы. Үй-мүлк ата-энеден, Акылдуу жар Теңирден. Жалкоолук уйкучул кылат, Кайдыгердик ач калтырат. Осуятты сактаган жанын сактайт, Өз жолуна кайдыгер куруйт. Кедейге кайрым кылганың Кудайга карыз бергениң. Жараткан сенин мунуңду Кайтарымсыз калтырбайт. Үмүт барда уулуңду, Жазалап, тарбиялап кал, Чыңырса чочулабагын! Орой жазасын алсын! Аяп койсоң, эгерде, Кайра убара болосуң. Акылман болгуң келсе, Айткан кеңешти ук, Айбыңды айтса кабыл ал. Пенде көп нерсени ойлойт, А бирок Кудай буйруган нерсе Гана ишке ашат. Адамдын эңсегени – мээрбандык. Калпычыдан кембагал артык. Жараткан Кудайдан коркуу Чын жашоого апкелет. Андан корккон кем болбойт, Жамандыкка кезикпейт. Жалкоо колун табакка салып, оозуна жеткиргенден эринет. Шылдыңкөйдү жазалап койсоң, Наадандар эсине келет. Акылдууга айбын айтсаң, Насаатыңды түшүнөт. Атасын бүлдүрүп, энесин кууп чыккан уул – бети жок, намызсыз уул. «Насаатты укпа» дегенди, Укканды, балам, токтоткун! Митайымдар ак сотту мазакташат. Мыйзамсыздар Жалганды сүйүшөт. Шылдыңкөйлөргө жаза, Акмактарга таяк белен.

Акылмандык 20

Шарап менен арак, Адамды чоң сүйлөтүп, Бейбаштыкка апарат. Шарап менен аракка Акылсыздар алданат. Падышанын ачуусу – Арстандын ырылдаганы. Анын кыжырына тийген – Өзүнө зыян кылганы. Адамдардын ойлору Тереңден аккан суу сымал. Акылман адам сузуп алып турат. Көп адамдар инсанды «Кайрымдуу» деп макташат. А бирок ишенимдүүнү Көрсөтүп берүү абдан оор. Адилет адам ак жашайт, Артында калгандарына Эгемдин батасы тиет. Падыша соттоо үчүн Такка олтурганда Жамандыктын баарын Көзү менен кубалайт. «Дилимди таза сактадым, Мен тазамын, күнөөм жок», Ким айта алат ушинтип? Так эмес тарткан тараза, Туура эмес ченеген кадак – Экөөн тең Эгем жек көрөт. Атүгүл наристенин да Дээри кандай экенин Карап туруп ишинен Билип алууга болот. Угаар кулак, көрөр көз – Экөөн тең Эгем жараткан. Жакырланбайын десең Уйкуну, балам, сүйбөгүн. Курсагым ток болсун десең, Дайыма сергек жүргүнүн. Кардар: «жаман, жаман» – деп, сатып алгандан кийин башкаларга мактанат. Алтын-күмүш дегениң Бул дүйнөдө толтура. Алардан да чоң байлык Акылмандын сөзү да. Башка үчүн кепил болдубу? Көйнөгүн анда чечип кал. Кепилге өткөнү үчүн Өзүнөн күрөө алып кал. Алдап тапкан нан ширин, А бирок жегенден кийин Тишиңе майда таш толот. Кеңешип кылган иштер бекем болот. Согушка кеңешип туруп кир. Ушакчыга сыр айтпа, Маңыз менен баарлашпа. Ата-энесин сөккөндүн Караңгы түндө шамы өчөт. Башында шашкалактап, Тартып алган энчинин Арты кайырлуу болбойт, Акыбети кайтпайт. «Кек алчумун» дебегин! Теңирдин колуна тапшыр, Ошондо коргот ал сени. Так эмес тараза ташы – Теңирдин жек көргөнү. (Алдамчылык жакшы эмес). Пенденин ар бир кадамын Багыттап туруучу – Кудай. Андыктан адам баласы Өз жолун кайдан биле алат? Шашып убада берип, артынан башты катыруу адам үчүн тор болот. Акылман падыша ээнбаштарды аныктап, анан жазага тартат. Адамдын руху – Эгедердин чырагы, Ал купуя сырларды ошол аркылуу билет. Мээрим менен адилеттүүлүк – Падышанын жөлөгү. Ырайым менен кайрым – Тактысынын тиреги. Жаштардын сыймыгы – каруулуулугу. Карыялардын сулуулугу – ак баскан башы. Тенге баткан камчылар, Жан-дүйнөңдү аралайт. Таяктан калган жарааттар, Жамандыктан тазалайт.

Акылмандык 21

Өкүмдардын жүрөгү Жараткандын колунда. Ал аны сууну жыккандай Каалаган жагына бурат. Пенде бардык жолдорун Туура деп ойлойт ичинен. Бирок Жараткан Кудай Купуя сырларын билет. Курмандык чалгандан көрө Адилеттик, калыстык Теңирге көбүрөөк жагат. Бузукуларга мүнөздүү болгон: Кокураю менен эсирүү – күнөө. Мээнеткечтин ойлору Берекеге апарат. Шашкалактын ойлору Жоготууга апарат. Алдап жүрүп жыйган мүлк Бат тараган буу сымал, Заматта жоголот дагы Ажал торуна салат. Адилеттикти Чангандыктарынан Бузукулардын Зордук зомбулуктары Өздөрүнүн башына тиет. Бузукунун жолу бузук, Ак көңүлдүн аракети түз. Заңгыраган сарайда Ажаан аял менен жашагандан көрө Үйдүн төбөсүндөгү бурчта жашаган жакшы. Бузукунун ниети арам, Досу да мээрим таба албайт. Мазакчыл жазаланганда Акмактар эсине келет. Акылман насаат укканда Билгени дагы көбөйөт. Адилет бузукулардын үйлөрүнүн кыйраганына күбө болот. Кембагалдын муң-зарын Укпастан кулагын жапкан Өзү зарлайт бир күнү, Ошондо угаар табылбайт. Бирөө сага каарданса Тымызын белек берип кой . Ал белек каарын жандырат, Жаалданганын тынчытат. Өкүм сүрсө калыстык Адилет үчүн кубаныч, Бузуку үчүн коркунуч. Ак жолдон адашып кеткен Өлүүлөрдүн жыйынына кошулат. Оюн-зоокту сүйгөн жакырланат, Тамаксоо менен аракеч жарыбайт. Адилеттин кунуна бузуку кетет. Ак ниетин кунуна арамза кетет. Албуут, ажаан аял менен Бир үйдө жашоодон көрө Жалгыз гана соксоюп, Чөлдө жашаган өйдө. Түрлүү-түркүн оокат-аш Акылмандын үйүндө, Ал аны уруна билет. Акылсызга туш болсо Ысырап кылганды билет. Актык менен мээримдин Аркасынан ээрчиген Чыныгы өмүрдү табат, Адилеттикке кезигет, Урмат-сыйга ээ болот. Билимдүү адам алдуулардын шаарына кирип, ишенген чебин талкалайт. Тилин башкара билген, Башын балээден сактайт. Ала көөдөн бузуку (Мазакчыл анын бир аты) Өпкөсү көөп турганда Арамзаа иштерин жасайт. Жалкоону суктук курутат. Анткени иштен жалтактап, Даярга тапка нысапсыз. Жалкоону кессең кан чыкпайт. Адилет ар дайым жоомарт, Бергенине өкүнбөйт. Курмандыгын бузуктун Теңир абдан жек көрөт. Анткорлук менен апкелсе Андан бетер жийиркенет. Жалганчы күбө мертинет, Аны уккан да мерт болот. Бузукунун бети калың, Анткорлуктан чарчабайт. Ал эми адилет болсо Ала жипти аттабайт. Билимдин нукура чыны да, Кеңештин эң акылдуусу да Жараткан Эгеме каршы чыкпайт. Адамдар согуш күнүнө Тулпарларын тапташат. Бирок жеңиш – Теңирден.

Акылмандык 22

Байлыгың ашып тургандан Жакшы аттуу болгонуң артык. Алтын менен күмүштөн Сыйлуу болгонуң артык. Кембагал менен байдын Бир окшош жери бар: Экөөн тең Теңир жараткан. Акылман кырсыкты көрүп, Андан жашынып калат. Акылсыз башын чулгуйт да Жулунуп барып урунат. Жараткан Эгеден коркуу менен Ага моюн сунуунун артынан Байлык, урмат-сый, чыныгы Өмүр ээрчий келет. Кара ниеттин жолунда Тикенек менен тор жатат. Жаныңды асырайм десең Алардан алыс болгунуң. Жаштайынан баланы Туура жолго салып кой. Ошондо карыганда да Ал жолдон бурулуп кетпейт. Кедейдин башкаруучусу бай, Карыз алган бергенге малай. Жалганды сепкен адам, Жамандыкты орот. Кылган жамандыгы, Тирүүлөй сорот. Жеп отурган нанынан Жакырга бергени үчүн Кайрымдууга бата тиет. Кыйынсынганды кууп ий. Ошондо бөлүнүү токтойт, Чыр-чатак да тыйылат. Адамдын ички оюнун тазалыгын сүйгөндүн сүйлөгөнү жагымдуу. Падыша дос андайга. Нукура таза билим Жараткандын колунда. Ал келжиректин сөзүн жокко чыгарат. Жалкоонун шылтоосу: «Сыртта арстан жатат! Чыксам эле-өлгөнүм!» Сойкулардын оозу – Түшсө чыккыс туңгуюк. Теңирдин каарына калган Кулап түшөт ошого. Баланын көкүрөгүнө Акылсыздык жабышса Тезке салчу таягың Андан бошото алат. Байга кошомат кылып, Белек бергенди сүйгөн, Байлыгын арбытуу үчүн Кедейди кордоого барган, Жакырланат, жарыбайт. Отуз насаат. Даанышмандын сөздөрүн Сага айтып берейин Оо жан балам, кулак сал, Насааттарын кабыл ал. Көкүрөгүңө жазып, Көңүлүңө түйүп ал, Ошондо балам жыргайсың. Жаратканга ишенип, Жашаса экен уулум деп, Ушуну жазып олтурам. Айланайын жан балам, Бир чети кеңеш болсун деп, Бир чети акыл кошсун деп Төмөнкү отуз насааты Сен үчүн атайын жаздым. Акыйкаттын сөзүнө Үйрөтөйүн деп жаздым. Жибергени сураса Жообу болсун деп жаздым. — 1 — Кембагалды тонобо! Мусаапыр да, ал байкуш. Кысымга албагын сотто! Жараткан түшүп арага, Аларды тоногондордун Сазайын берет колуна. — 2 — Ачуулуу менен достошпо, Орой менен баарлашпа! Мындай менен бир жүрсөң, Кылгандарын үйрөнүп, Бир күнү сен да кашайып, Каласың торго чырмалып. — 3 — Чөнтөктө акчаң жок туруп, Кол алышпа, карыз алып! Төлөөргө чамаң жетпесе Не керек азапка барып? Астыңа салган көрпөңдү Кетсинби сууруп алып? — 4 — Ата-бабаң орноткон Эзелки чекти жылдырба! (Эчаккы чырды козгобо) — 5 — Өз ишин чебер аткарган Көргөн белең адамды? Көрүнгөндүн алдында Бөйтөңдөп кул болбойт ал, Ханга кызмат кылат ал.

Акылмандык 23

— 6 — Дасторконго чоң менен Маңдайлаш олтуруп калсаң Ким менен отурганыңды Эч качан эстен чыгарба! Дүр-дүйүм тамактарына Сугалактап, жулунба, Тамакка алданып калба! — 7 — Байлык топточумун деп Башыңа түйшүктү үйбө, Мындай оюңду ташта! Байлык деген учкан куш. Канат жасап алат да Учуп кетет асманга, Бир паста таппай каласың. — 8 — Ичи тардын ашынан Ооз тийбе да даам сызба! Таттуу тамактарына Азгырылып, алданба! Анткени анын ниети Табиятына шайкеш: «Алыңыз, жеңиз» десе да Ичинен сени жактырбайт. Жеген наның кусасың. Айткан жакшы сөздөрүң Бекер талаага кетет. — 9 — Акмакты окутамын деп Убара болбо бекерден. Айткан акылдарыңды Кабыл алып, тескери, Жек көрүп калат, ичинен. — 10 — Эзелки чекти жылдырба! Жетимдердин жерине Эч качан кол салбагын! Алардын коргоочусу бар, Күчтүү ошол Коргоочу. Ал аларга болушуп, Сага каршы чыкпасын! — 11 — Насыятка ынтаа кой, Таалимге кулагың төшө! — 12 — Жазалай турган учурда Жазасыз калбасын балаң! Сабап, жазалап койсоң, Үзүлүп кетпейт чыбыктан. Чыбык менен жазалап, Каласың сактап азаптан. — 13 — Оо уулум, акылдуу болсоң Кубанычка бөлөнөм. Оозуңдан жакшы кеп чыкса Ичим жылып, сүйүнөм. — 14 — Зулумдарга суктанба. Ичээр сууң бүткүчө Эгедериң сыйлап өт. Ошондо таалайлуу болуп, Келечегиң кең болот. — 15 — Оо жан балам, кулак сал, Акылдуу болгун садагам. Ниетиңди түз кылгын, Аракеч, тамаксоолордун Арасында болбогун! Анткени андай адамдар Жакырлыкка батышат. Көп уктаганды сүйгөн Жыртык кийимчен калат. — 16 — Атаңдын тилин ал, балам, Атаңсыз жаралмак белең. Улгайып калган кезде да Энеңди сыйла, ардакта. Акыйкатты сатып ал, Акыл, насаат, билимди Акча менен тең көрбө. Ак жашаган баланын Атасы салтанат курат. Акылдуу болсо баласы Атасынын кубанчы. Оо уулум, атаң шаттансын, Төрөгөн энең сүйүнсүн! — 17 — Айланайын жан балам, Жүрөгүңдү мага бер. Менин жашоо жолдорум Үлгү болсун сен үчүн. Сойку – чыккыс тунгуюк, Аягы суюк – тар кудук, Түшсөң чыга албайсың. Адеби жок шуркуя Түн карагы өңдөнүп, Буктурмада олтурат. Калайыктын ичине Күнөөкөрлөрдү толтурат. — 18 — Көз жаш кимдин үйүндө? Онтоо кимдин үйүндө? Кайгы кимдин үйүндө? Башы-көзү себепсиз Кимдики көгөрүп жүрөт? Кимдин көзү канталайт? Шараптын ичине түшүп, Көп ичкендин үйүндө. Арактын мыктысын издеп, Артынан түшкөндүкүндө. Чыныдагы шараптын, Кыпкызыл болуп көбүктөп, Тегиз гана жайылып, Көлкүлдөшүн караба! Аягында ал сени Чагып алат жыландай. Көрүнгөн аялзатына Жайнай баштайт көздөрүң, Ниетиң бузула баштайт. Деңиздин орто ченинде Уктагандай болосуң. Чайпалган кайык ичинде Жатып чыккандай болосуң. Анан минтип айтасың: «Бирөөлөр мени сабашты, Бирок денем сезбеди. Тепкилешти туш-туштан Ооруганым сезбедим. Эмнеге көзүм ачылбайт? Кой, ичейин кайрадан».

Акылмандык 24

— 19 — Зулумдарга суктанба, Кошулам деп самаба! Алардын ниеттери бузук, Сүйлөгөнү жамандык. — 20 — Үй акыл менен курулат, Түшүнүк менен бекемделет, Билим менен ар кандай кооз, кымбат-баалуу мүлккө толот. — 21 — Даанышман күчү илимде. Акылдуу адам күч топтойт. Ошондуктан ойлонуп, Анан согушка киргин. Жети өлчөп, бир кессең Ийгиликке жетесиң. — 22 — Акылсыз, кемпай пендеге Акылмандык кол жеткис. Маанилүү кеп жүргөндө Олтуруп калат кеп-сөзсүз. — 23 — Арамдык ойлогон адам Кара ниет атыгат. Арам ойлор – күнөө. Бой көтөргөн адам Жек көрүндү болот. — 24 — Кыйын-кезең учурда Чабалдыгың көрсөтсөң, Чындап эле чабалсың. — 25 — Ажалга башы байланган Адамдарды куткаргын. Тозокко бараткандардан Кантип колуң тартасың. «Билбептирбиз» дейсиңби? Жүрөгүңдүн түбүндө Эмне сырың жатканын Жаратканың билет да. Сени көрүп турат ал, Иштериңе жараша Шыбагаңды берет ал. — 26 — Жегин балдан, уулум, Ден соолукка пайдалуу. Акылмандыкты уккун Жаның үчүн пайдалуу. Эгерде ага ээ болсоң, Болосуң анда таалайлуу. — 27 — Кара ниеттерге окшоп, Адилеттин үйүнө Кара ойлоп, ниетиңди бузба! Канча жыгылса деле Адилет кайрадан турат. Ал эми кара ниеттерди Арам ойлор кууратат. — 28 — Душманың жыгылып калса Жарпыңды жазып кубанба, Мүдүрүлсө сүйүнбө! Эгерде табалаар болсоң, Жараткан Теңир көрөт да Мунуңду көңүлү сүйбөй Касыңдан каарын токтотот. — 29 — Кара ниетке теңелбе, Ыймансызга суктанба. Алардын келечеги жок, Бир күнү шамы жалп этет. — 30 — Теңир менен падышаны, Оо жан балам, урматта. Бейбаштарга кошулба! Эгедер менен падыша Капыстан жаза колдонуп Бейбаштарды кууратат. Кандай өкүм чыгарат, Мурунтан ким биле алат ? Дагы башка насааттар Эки жүздүү болбо Көсөмдөр айткан нуска бар: «Сот жүрүп жаткан убакта Кошомат кылуу – жакшы эмес!» Айыптууну актаган Элдердин каргышын алат, Калктарга жек көрүнөт. Кылмышын ачканды болсо Эли сүйүп, урматтайт, Андайга ак бата тиет. Жообуң түз болсун Туура жооп беттен сүйгөндөй. Ырааты менен иш кыл, Тыштагы ишиңди бүтүп, Талааңды жайгаштыр дагы, Анан үйүңдү кургун. Кекчил болбо Бирөөгө күпүр сөз айтпа, Жалган сөздөн не пайда? «Мага кандай кылды а, Мен да ошентемин» – деп, Кек алууну көксөбө! Эмгекти сүй Жалкоонун айдоосунун Жанынан өтүп баратып, Акылы кем адамдын Короосунун четинен Жандай басып баратып, Кароо жок болуп, кол тийбей Чырмоок басканын көрдүм, Чалкан каптап калыптыр. Таш коргондору кулап, Урап жатканын көрдүм. Буларды көрүп ойлондум, Сабак алдым өзүмө: «Чырм этем деп кичине Бир аз кыйшая калсаң, Колуңду бооруңа алып, Жата турсаң кичине, Жолоочу сымал үйүңө Кирип келет, жакырлык, Куралданган кишидей Жулунуп кирет, муктаждык».

Акылмандык 25

Асек падыша жыйнаган Сулаймандын накыл сөздөрү

Кудайдын сырлары Кудайды даңктайт. Ошол сырларды ачуу Падышалардын аброюн көтөрөт. Асман кандай бийикте, Көрүп келген бар бекен? Сырдуу жер кандай тереңде Толук ачкан бар бекен? Падышалардын ичине Кирип-чыккан бар бекен? Кум, ылайдан тазалап, Күмүштү зергерге берсең, Идиш жасап чыгарат. Падышанын айланасын Арамзаалардан тазаласаң Адилдик менен тактысы бекийт. Падышанын алдында Көкүрөгүңдү какпа, Төр талашып жулунба! Маңдайыңда олтурган Белгилүүнүн алдында Басынганыңдан көрө «Келиңиз төргө өтүңүз» Дешкени сага жакшы да. Талашка киргенге шашпа! Ашыгып, талашка кирсең Чырдашкан кишиң тың чыгып, Уят кылса не болот? Бирөө менен урушсаң Башканын сырын ачпагын. Сырын билген адамың Сага таарынып калып, Жек көрүндү болосуң, Жаман атка коносуң, Атың булганып калат. Сыпайы айтылган сөз Тунук күмүш идишке салынган алтын алмадай. Уга билген кулакка Акылмандын зекүүсү Күмүш сөйкөдөн артык, Таза алтындан жасалган Жасалагадан баалуураак. Мөңгүдөн соккон сыдырым, Оруп-жыюу маалында Жанга кандай жагымдуу. Ишенимдүү элчи да Мырзасына ошондой, Мырзасын ал кубантат. Шамал соксо, ыркырап, Кара булут каптаса, А бирок жамгыр жаабаса – Бул экөөнөн не пайда? Бербеген белегин айтып, Мактанган да ошондой. Аста сүйлөп, жоош болсоң Өкүмдар да ийигет. Жумшак тил сөөктү жибитет. Жолуңда балга тушуксаң, Көтөрүшүңчө жегин, Ашыкча жесең кусасың. Жакыныңдын үйүнө Ат тезегин кургатпай Тез-тез кире бербегин! Жадап, кыртышы сүйбөй, Жаман көрүп калбасын. Жамандаган ушак сөз – Башка чапкан камчыдай, Шылый чапкан кылычтай, Жаралаган жебедей. Кыйын-кезең учурда Ишенимсизге таянуу – Ооруу тиш менен нан чайноо, Сынган бут менен жүгүрүү. Кайгырганга ырдасаң, Чечинткениң суукта, Туздаганың жарасын. Эгер касың ач болсо, Тамак бер, курсагын тойгуз. Чаңкаса суусунун кандыр. Анткени ушундай кылсаң Ичине чокту саласың. (Уятына тиесиң.) А Теңир мунуңду көрүп, Тийиштүү сыйлыгың берет. Нөшөрдү шамал апкелет, Нааразы жүздү – ушак сөз. Байланып бетпак ажаанга Заңгыраган сарайда Күн өткөргөндөн көрө Кепеде жашаган өйдө. Бир тамчы сууга зар болуп Таңдайы каткан жан үчүн Муздак суу кандай жагымдуу. Алыстан келген сүйүнчү Так ошондой жагымдуу. Күнөөкөрдүн алдында Адилдин жаза басканы Ылайланган башаттай, Жырылган булак көзүндөй. Көп жесең бал да көңүлгө тиет. Ашык мансап баш жарат. Өзүңдү кармай албасаң Чеби ураган шаардайсың.

Акылмандык 26

Нааданга көргөзгөн урмат, Саратанда жааган кардай, Кеч күздөгү жамгырдай. Жөнү жок айтылган каргыш, Айланып учкан чымчыктай, Ал сага тийбейт, коркпогун! Жүгөн – азоо атка, Камчы – кашаң эшекке, Таяк – наадан адамга. Акмак берген суроого, Акылсыздай жооп бербе, Ошого окшоп каласың! Дайны жок суроону берсе Сен да ошоондой жооп бергин Даанышмансып кетпесин. Акылсызга оозеки тапшырма бергенин, Өз бутун кыя чапканын, Каргашага батканын. Наадан макал айтса, Макал анын оозунда аксактын басыгына окшоп калат. Акмакты сыйлап, кадырлоо – Салмоорго асыл таш салуу. Наадан нуска айтканда Колуна кирген тикенди Сууруйм деген маска окшош. Кудуреттүү адамдын Эмне кылса өз эрки: Жолоочуну сыйлайбы, Нааданга сыйлык береби. Ит кусундусун жалайт, Акылсыз акмактыгын кайталайт. Өзүн көсөм санаган Кишини көргөн белең? Мындайдан көрө Келесоодон үмүт чоң. Эринчээктин шылтоосу: «Тышта арыстан жатат, Жумушума чыга албайм!» Каалга ашык-машыгын айланат, Жалкоо төшөгүндө оодарылат. Жалакай адам өзүн Акылман эсептеп, жүйөөлүү сүйлөгөндөрдөн Түшүнүктүү санайт. Бирөөлөр талашып жатса, Жанынан өүп баратып, Чырына киришкен адам, Кабанаак дөбөттү кулактан кармап алганы. Өзүнүн жакынын алдап, Кыянаттыкты кылып: «Тамашаладым эле, Капа болбочу» – деген Оттуу жебени атып, Жолоочуну өлтүрүп, Келесоо болумуш болгон Анткор адамдын өзү. Ким бирөөгө чуңкур казса, Өзү барып түшөт. Ким өйдөгө таш тоголотсо, Өзү астында калат. Жамандаган кишисин Жалганчы ооз жактырбайт. Кошоматты сүйгөн тил, Өзү үчүн көр казат.

Акылмандык 27

Эртеңкиң менен мактанба! Эртең эмне болоорун ким билет? Өзүңдү өзүң мактаба, Муну башкаларга. Таштын салмагы зилдей, Кумду көтөрүү да азап. Акылсыздын ачуусу Экөөнөн тең оорураак. Ачууда аёо деген жок, Ооздуктай да албайсың. Ал эми кызганычтычы? Ким ага каршы тура алат? Жашыруун сүйгөндөн көрө Бетке айткан жеме жакшыраак. Дос күйдүрүп айтат, Кас сүйдүрүп айтат. Курсагы ток тамак тандайт, Ач курсакка ылгоо жок. Үйүнөн узаган адам Уясынан алыстаган чымчыктай. Жыпар жыт көңүл сергитет, Жакшы кеңеши менен Дос жүрөктү сүйүнтөт. Курбуларың таштаба, Атаңдын досторун чанба! Башыңа мүшкүл түшкөндө Агайыныңа барба! Жаныңдагы кошунаң Артык алыс туугандан. Акылдуу бол, жан балам, Жүрөгүмдү жылыткын! Ошондо жамандаганга Айтар сөзүм бар болот. Акылман балээни көрүп, Андан жашынып калат. Ала көөдөн жулунуп, Түз барат да урунат. Башка үчүн кепил болдубу? Үстүнөн тонун сыйрып кал. Жат кишинин ордуна Күрөөнү кепилчиден ал. Таңазанда кошунаңды Бакырып мактасаң Тилдеп жатат Деп ойлоп калышат. Ак жаан күнү чатырдан тынбаган тамчы жерди оёт. Бейжай аял мээни оёт. Ажылдаган аялды Токтотом деп ойлогон, «Шамалды токтотомун», Же «майды уучтап алам» – деп, Аракет кылган адамдай. Темирди темир курчутат, Адамды адам курчутат. Алма бак кайтарган алма жейт, Мырзасын кайтарган сый жейт. Суу адамдын жүзүн чагылтат, Жүрөк өзүн чагылтат. Мүрзө менен адамдын көзү – тойбойт. Алтын меште сыналат, Адам мактоолордо сыналат. Нааданды ундай жанчса да, Наадандыгы бөлүнбөйт. Малың үчүн кам көргүн, Сырын билүүгө тырыш. Байлык түбөлүк эмес, Бийлик түбөлүк эмес. Чөңөр чирип, көк чыгат, Чөптөн тоют камдашат. Койлор сени кийинтет, Эчкилериңди сатсаң Айдоо жер сатып аласың. Ал эми алардын сүтү Үйүңө тамак-аш болот.

Акылмандык 28

Аңдыган жоосу жок туруп, Адепсиз коркот баарынан. Адилет болсо эр жүрөк. Мыйзамдан өлкө четтесе Башчылары көбөйөт. Акылман, билгич башкарса Узакка доорон сүрөт. Алсыздарды кысмактаган өкүмдар Эгинди жууп кеткен Нөшөргө окшош. Мыйзамды жактырбаган Ээнбаштарды мактайт. Мыйзамга моюн сунган Ээнбаштыкты жек көрөт. Адилеттүүлүк дегенди Кара ниеттер түшүнбөйт. Кудайды урматтагандар Жандили менен түшүнөт. Жүргөнү бузук байдан Такыбаа кембагал жакшы. Кудайдын мыйзамдарына баш ийген уул – эстүү уул. Ысырапчыларга шерик уул – Атасын уят кылчу уул. Сүтактык, пара аркылуу байлык жыйнаган адам жакырларга кайрым кылуучуга өткөрүп берүү үчүн жыйнайт. Кудайдын мыйзамын Уккусу келбегендин Сыйынуусу арам. Жамандыктын жолуна Адилеттерди азгырган, Өзү казган чуңкурга Өзү кулап түшөт. А такыбаалар энчиге Жакшылыкты алышат. Бай адам өзүн ар дайым Акылдуумун деп ойлойт. А бирок акылдуу кедей Катасын ачып коёт. Адилет бийлик кылганда Эл шаттанат. Абийирсиз такка келгенде Башын катат. Күнөөлөрүн жашырган Ийгиликке жете албайт. Мойнуна алып, таштаган Ырайымга ээ болот. Ар дайым Кудайды сыйлап, Өмүр сүргөн таалайлуу. Кудайды укпай көшөргөн Кырсыкка башы малынат. Жакыр элди башкарган, Абийирсиз өкүмдар – Ырылдаган арстандай, Ачырканган аюдай. Акылга жарды өкүмдар Элин кысымга алат. Мансапкор эмес өкүмдар Башкаруусун узартат. Мойнунда киши каны бар Өлөөр күнү келгиче Сар-санаа болуп өтөт. Күнөө кылбай жашаган Зыянга кириптер болбойт. Кыйшык жолдордо жүргөн Жолдорунун биринде Балээге башы малынат. Жер иштеткен нанга тоёт. Бекерпосторду туураган Жакырдыкка тоёт. Кудайга ишенген пенде Ак батага маарыйт. Эси-дарты байлыкта гана болгон жазага малынат. Кошомат кылуу жакшы эмес. Бет карама адамдар Арзыбаган акча үчүн Жамандык кылууга даяр. Көрө албас, ичи тар адам Бай болууга тырышат. Бай боломун деп жүрүп, Ак батадан ажырап, Жакырлык басып калаарын Такыр ойлонуп койбойт. Кошоматчыга караганда айыбын көрсөткөн адам кийинчерээк жакын болуп калат. Ата-энесинен кытып, «Бул күнөө эмес!» деген бала – Каракчынын шериги. Өзүмчүл уруш чыгарат, Жаратканга таянган Жыргал күндөрдү көрөт. Өзүнө таянган – акылсыз, Ал бир күнү жыгылат. Акыл менен жашаган Аманчылыкта болот. Жакырга берген кем болбойт, Кайдыгерге каргыш нөшөрлөйт. Абийирсиз бийлик кылганда Адамдар башын катышат. Ал тактыдан түшкөндө Адилеттер гүлдөшөт.

Акылмандык 29

Айбын айтсаң укпастан Көшөрүп, кыйыктанган жан, Күтпөгөн жерден чалынат, Кайра тура албай калат. Адилет бийликке келсе, Калайык салтанат курат. Уятсыз такка отурса Калайык онтоп, үшкүрөт. Акылмандыкты сүйгөн Атасын кубантат. Сойкуларга жүгүргөн Атасынын тапканын Ысырап кылып, бүлүнтөт. Падыша адилет болсо Өлкөсү бекемделет, Паракор болсо бүлүнөт. Доско кошомат кылсаң Бутуна тор жайганың. Кара ниеттин күнөөсү Өзүнө жайган тору. Ал эми адилет киши Санаасы тынч да бактылуу. Кембагалдын талашын Адилет кунт коюп талдайт. Бузукуга баары бир, Териштиргиси келбейт. Жүргөнү бузук ээнбаштар Элге дүрбөлөң салат. Ал эми акыл-эстүүлөр Козголоңду басышат. Акылман адам акмактын Ишине кирип калганда Күлсө да жаны жай албайт, Санаасы санга бөлүнүп, Кайгырса да тынчтык жок. Ачууланса акылсыз Алды-артына карабайт. Ал эми акылман адам Сабыр кылып, карманат. Жалган сөздү укканды Өкүмдар өзү жактырса, Анда вазирлери да Абийирсиз адамдар. Паракор менен кембагал, Жолугуша калышат. Экөөн тең Эгем жараткан. Экөө тең Эгеме бирдей. Жакырларга падыша Адилет мамиле кылса Бекем болот, тактысы. Жаңылса жазалап коюу, Катасын ачып көрсөтүү – Баланы акылдуу кылат. Балага кайдыгер болуп, Кош көңүл мамиле кылса Эресеге жеткенде Энесин шерменде кылат. Абийирсиздер арбыса Ээнбаштык көбөйөт, Бирок алар кыйрашат. Алардын кыйрап жатканын Адилеттер көрүшөт. Бейбаштык кылып койгондо Балаңды жазалап тургун. Жаның кийин тынч болот, Чоңойгондо кубантат. Кудайдын аянысыз эл, Жүгөнсүз азоо атка окшош. Кудайдын заңын туткан эл – Бак-таалайы кенен эл. Айткан сөз кулга жетишсиз, Түшүнгөн менен тил албайт. Ойлонбой туруп байсаган Кишиден көрө келесоодон Үмүт чоң. Кулду бала-чагынан Алпечтеп өстүрөөр болсоң – Эресеге жеткенде Уул боломун дей баштайт. Ачуулуу адам чатакчыл, Кыялы чукул күнөөчүл. Ууру менен бөлүшкөн Өз жанынын душманы: Жамандыкты угат да Элге айтпай жашырып коёт. Пендеден корксоң коркунучтуу абалдасың, Кудайга таянсаң коопсузсуң. Чоңго кошомат кылып, Кайрым күткөндөр арбын. Бирок адам тагдыры Теңирдин гана колунда. Адилеттен абийирсиз, абийирсизден адилет жийиркенет. Агүр чечендин нускалары

Акылмандык 30

Адамдардын ичинен Эң түркөйү мен экем. Адамдык акыл-эсим жок, Билимдүү боло албадым. Касиеттүү тууралуу Жарытылуу билбеймин. Деги көккө чыгып, изилдеп, Кайра келген бар бекен? Кошуучуна шамалды Топтоп алган бар бекен? Көйнөгүнө дайраны Түйүп алган бар бекен? Төгөрөктүн төрт бурчун Ким орнотуп койду экен? Ошонун аты Ким экен? Баласынын аты Ким? Эгер билсең жооп берчи! Кудайдын ар сөзү таза Ага таянгандарга Калкан болуп берет ал. Айтканын бурмалабагын! Бекер айбыңды ачып, Чыгарбасын калпыңды! Оо Жараткан мен сенден, Эки нерсени тилейм, Өлөөр күнүм келгиче Ошону мага ыраа кыл: Убайым менен жалганды Менден алып салагөр, Жакырлык менен байлыкты Мага бере көрбөгүн, Күнүмдүк ырыскым үзбө. Ашына тоюп алганда: «Ким экен мага Кудай» деп Сени чанып кетпейин. Жакырлык басып калганда Уурулукка барбайын. Атыңды курулай эле Оосана турган болбоюн. Мырзасынын алдында Жамандаба малайын. Кокус шексинип калып, Айыпка жыгылып калба. Өз атасын сөккөн бар, Энесин алкабаган бар. Арамдыктан арылбай «Тазабыз» дешкендер да бар. Көздөрү көктү караган Кокурайган жандар бар. Кембагалды тоноого Тиштерин шамшардай кылган, Жаактарын кылыч өңдөнткөн Мыкаачы адамдар да бар. «Бер эле бер» деп какшанган Тойбостун эки кызы бар. Ыраазы болбос үчөө бар Төртөө десем көп болбойт: Көзү тойбос көрүстөн, Түйүлдүк байлабас жатын, Сууга канбас айдоо жер, Болду дебес ач көз өрт. Өз атасын шылдыңдап, Энесин тоотпогон көздү, Сайдын кузгуну чокуйт, Барчындарга жем болот. Үчөөнө акылым жетпейт, Төрт нерсени түшүнбөйм: Көктөгү булуттун жолун, Аскалуу тоонун боорунда Сойлогон жыландын жолун, Мухиттерди аралап, Сүзгөн кеменин жолун, Ошондой эле жигиттин Кызга баруучу жолун. Аягы суюк алдын Жолу дагы ушундай: Кылып коюп, кылаарын, «Билген, көргөн жокмун!» дейт. Үчөөнөн жер солкулдайт, Төртөөн көтөрө албайт: Кул падыша болгондо, Акылсыз ашка тойгондо, Шерменде эрге тийгенде, Төрайымынын ордун Күңү ээлеп калганда. Жарыбаган төртөө бар, Даанышмандардан алдуу: Кумурска – күчтүү эл эмес, Бирок, жайда эле нан камдап алат. Жарганаттар чабал журт, Бирок, үйлөрүн аскага салат. Чегирткеге башчы жок, Бирок, каптаса тегиз капташат. Жөргөмүштөр кибирейт, Тутуп алуу оор эмес, Бирок, ак үйдөн да табылат. Басыгы сонун үчөө бар, Төртөөнүн жүрүшү сулуу: Жырткычтардын сырттаны, Эч кимден коркпос арыстан, Койкоңдой баскан корооз, Баштап баскан эчки, Журтундагы падыша. Кербезденип турганда Акылсыздык кетирип, Оюңа арамдык кетсе, Оозуңду жап кол менен. Анткени күбүнү бышса Май бөлүнүп калгандай, Муштум тийсе, тумшукка Кан шүүшүктөп аккандай, Кыжырга тийчү сөз сүйлөө Чыр-чатакты чыгарат. Ыламуул падышанын нускалары (Ал бул нускаларды энесинен уккан экен.)

Акылмандык 31

Кагылайын перзентим Ичимден чыккан жан балам. Сыйынып жүрүп Кудайга Саргарып тапкан берекем! Энеңдин айтканын уккун: Падышаларды бузуп, Талкалаган – аялдар. Оо жан балам аларга Ысырап кылба күчүңдү. Кагылайын перзентим, Шарап хандарга эмес! Хандар шарап ичпесин. Арак төрөлөргө эмес: Ичип алып мас болуп, Заң-мыйзамды унутуп, Кедей-кембагалдардын Укуктарын тепселеп, Кокус балээ баспасын. Байкушка сун шарапты, Күйгөн жанга бергиле, Ошол ичсин ичимдик. Тартып ийип ал байкуш Кедейлигин унутсун, Азап тарткан кездерин, Эсинен чыгарып алсын. А сен мындай кылгының: Өзүн коргой албаган, Алсыздарды коргогун! Жетим-жесир атпайдын Укуктарын коргогун! Мусаапыр менен жакырдын Таламдарын талашкын! Эгер сүйлөөчү болсоң Кара кылды как жарган Калыстыкты жактагын. Үлгүлүү зайып Акылга дыйкан, эң билгич, Зайыпты ким таба алат? (Жабуулуу кара ингендей Ак көрпө жайыл ургаачы Ким менен салыштырылат?) Андай аялдын наркы Асыл таштардан өйдө. Көңүлү жай, эринин, Санаасы санга бөлүнбөйт, Жарынын убайын көрөт, Киреше кирет, үйүнө. Өмүр бою эринин Ала жибин аттабай, Жакшылык гана кылат. Колу тынбайт, кыбырап, Жүн таап, кийим токуп, Чын жүрөктөн иш кылат. Соода кемелериндей Алыстан нанын таап келет. Таңатпай төшөктөн туруп, Бүлөсү үчүн кам көрөт. Жерге муктаж экени, Оюна келип, толгонуп, Сатып алат аны да. Жерден түшкөн акчаны Акыл менен сарп кылып, Жүзүмзар олтургузат. Белин бекем бууп алып, Каруусуна күч топтоп, Иштегенге камынат. Кылып жаткан ишинин Акыбети кайтаарын Туюп турат дилинде. Ошондуктан чырагы Түн ичинде да өчпөйт. Колун сунат ийикке, Манжалары шыпылдайт. Мусаапырга колу ачык, Жакырдан жардам аябайт. «Суукта кандай болот?» деп Үй-бүлөсү үчүн коркпойт. Анткени үй ичин толук Кат-кат кийим кийинтип, Эбак кам көрүп койгон. Салып жаткан, астына, Килемди өзү токуган. Кызылдан тиккен кооз кемсел, Ак шайы көйнөк кийгени. Ошол жердин элинин Белгилүү кишилеринин Бирөөсү – анын күйөөсү. Жабуу сайып саймалуу, Белкурчоолорду токуп, Көпөстөргө өткөрөт. Ал күчтүү да, сыйлуу да Алдына кубана карайт. Акыл менен ооз ачып, Акырын насаатын айтат. Үйүнүн чарбасын карап, Бекерпостукка берилбейт. Балдары ойгоноор замат Энесин алкай башташат. Эри да тураары менен Ыраазылыгын билдирип, Мактай баштайт аялын: «Жакшы аялдар көп эле, Ашып түштүң баарынан». Сырткы көрк алдап кетет, Сулуулук – куру убайым. (Өтүп кетүүчү нерсе) Бирок мактаса болот Кудайдан корккон аялды. Кылганына жараша Ага мактоо айткыла! Эл алдында иштери Мартабасын көтөрсүн!

Жашоо мааниси 1

“Бардыгы курулай убарагерчилик! - деген экен илгери бир акылман. Адам баласынын ачык асман астында кара жанын карч уруп мээнеттенгенинен не пайда? Эч нерсе деле өзгөрбөйт: муун артынан муун, күн артынан күн өтсө да кара жер калыбынан жаз-ган жок. Туш тараптан канчалаган бороондор соксо да, канчалаган суулар океaнга куйса да бир нерсе өзгөрдүбү? Жок! Бороондор дале баягыдай согууда, суулар дале океанга куюлууда, океандар болсо ашып кетпеди. Бул кубулуштардын баарын толук түшүндүрө да ал-байсың, анткени уккандан уга элегиң, көргөндөн көрө элегиң көп болуп чыгат. А бирок өткөндөгүлөр келечекте дагы кайталанат, ил-гери жасалган нерселер, алдыда кайрадан жасалат. Ушундай экен бу дүйнөң түшкүр, эч бир деле жаңылык жок экен бул жалганда! Кээде: “Жаңылык эле жаңылык!” - деп чырылдашат, а чынында анысы жаңылык эмей эле, тээ илгери, биз төрөлө электен мурда бо-луп өткөн бир нерсе болуп чыгат. Байыркынын баарын болгонун болгондой эстеп калган эч ким жок, азыркы убак менен тээ кийинки келечектин ортосунда орун ала турган окуяларды так жаттап калган да эч ким жок. Мен борбор калаада жашадым, падышачылык тактыда ол-турдум. Бу дүйнөдөгүнүн баарын изилдедим, акылыман өткөрдүм. Ушундай түйшүктү Жараткан мендей пендесинин мойнуна жүктө-дү. Бу дүйнөдө эмнени гана көрбөдүм? Ачыгын айтсам баары эле курулай убарагерчилик экен! Кыскасы, кыйшыкты түздөй албай-сың, жокту бар дей албайсың. ‘Мен өсүп-өндүм, мага чейин пады-шачылык кылгандардын баарынан билимдүүмүн. Акыл менен наа-дандыктын, эстүүлүк менен эси жоктуктун эмне экенин жакшы билем’, - дечүмүн. Кийин, бул убара болуп жүрүп, билип алганың деле арзыбаган нерсе экенин түшүндүм. Анткени, акылың арткан сайын, азабың, билимиң арткан сайын кайгың артат экен!”

Жашоо мааниси 2

“Бу бир келген өмүрдө ойноп-күлүп алайын”, — деген да убагым болду. А бирок кийин андай кылуудан да жашоонун маани-маңызын таппадым. ‘Ойноп-күлгөн – бул акылсыздык, күлүп жү-рүп ким эмне пайда тааптыр? Шарап ичип, шапар тээп, жыргап-куунап да көрдүм го!’ – деген тыянакка келдим. Анткени акыл-эсим жайында туруп, “акылсыздыкка” атайылап бой урган учур-ларым да болгон. Көп адамдардын бу жашоодо “жападан жалгыз бакыт” деп эсептегендеринен мен да татып көргөм. Бул жашоонун маңызын заңгыраган имараттарды куруп, не бир ажайып сонун жүзүмзарларды өстүрүүдөн да издедим. Сейил-бак жасап, ичин не деген гана жемиштүү дарактарга толтурдум! Аларды сугарыш үчүн суу сактагычтарды каздырып, сатып алган кулдарым менен күңдөрүмдү бала-чакасына чейин иштеттим. Бу калаада мага чейин жашагандардын эч кимиси мендей төрт түлүк малга карк болбоптур! Башка улуттардын падышалары менен ак сөөктөрү тартуу кылган алтын-күмүш, асыл таштарга карк болдум. Эркек-аялдардан мыкты ырчы-бийчилерди жалдап, көңүл ачтым. Эркек эңсеген не бир сулуулар меники болуп, рахатка бөлөндүм. Даңкым таш жарып, атагым алыска кетти. Бу калаада жашап өткөн-дөрдүн эч кимиси мендей даражага жете албаптыр. Ушунун баа-рын акыл-билимим менен жасап, көзүм түшүп, көңүлүмө жакканга жетиш үчүн эч нерсемди аянбадым. ‘Бул кылган мээнетимдин үзү-рү, оор эмгегим менен жеткен рахатым’ дедим. Анан, бир күнү ар-тыма кылчайып, кылган иштеримди таразалап, терең ойго чөмүлүп, баарын көз алдымдан чубуртуп олтуруп, ушунун баары тең эч маа-нисиз убарагерчилик, арзыбаган нерселер экенин түшүндүм! Акылмандык деген эмне, акмактык менен наадандык деген эмне экенин да терең изилдедим. (Менден кийин такка олтурган ки-ши деле мен кылгандан ашык кыла албаcтыр.) Акылмандыкты акылсыздык менен акмактыкка салыштырып көрсөм, жарык караң-гыдан кандай айырмаланса, акылмандык да акылсыздыктан ошон-дой айырмаланат экен. Акылмандын көзү көкүрөгүндө болот экен, акылсыз болсо караңгыда кайпастап жүрөт экен. А бирок, экөөнүн тең башында бир өлүм! Ошондо өзүмө мындай суроо бердим: “Акылмандын да, акылсыздын да барар жери бир болгон соң, акыл-ман болгондугумдан не пайда? Аттиң убара-дүйнө! Акылманың да, акылсызың да акыры өлөт да унутулат! Баарыбыздын тең атыбыз өчөт! Ушуну ойлогондо, жашоодон тоюп да кетет экенсиң. Анан кантесиң, кылган ишиңдин баары эле жанды ооруткан, убара-герчилик болсо? Маңдай териң төгүп тапканыңдын баары башка бирөөгө ка-ларын ойлогондо кылган ишиңден да көңүлүң сууй түшөт экен! Ар-тыңда калар кишинин кандай болорун ким билет? Акылдуу чыга-бы, наадан болобу? Ким болсо да кара жаныңды карч уруп, акыл эмгегиң менен тапканыңдын үзүрүн ошол көрөт! Аттиң дүйнө, бул да маанисиз түйшүк болбогондо не! Аркамда кала турган иштерим-ди ойлоп, сар-санаага батам: эмне үчүн акыл-билимимди, шык-жөндөмүмдү колдонуп, жыйып-тергендеримди менден кийин чыпа-лагын да кыймылдатып койбогон кишиге калтырышым керек?! Бул катачылык гана эмес, адилетсиздик да! Ушундай болгон соң, күнү-түнү эмгектенгенибизден не пайда? Өмүр бою тырышып, азап тар-тып жүрүп өтөбүз. Жаныбыз тынбай мээнеттенебиз. Жаздыкка ба-шыбыз тийгенден кийин да санаабыз салаа-салаа. Убара болуп жү-рүп өтөт экенбиз го, чиркин! Адам баласынын өз жыргалчылыгы үчүн кыла ала турган эң эле жакшы нерсеси - бул жеп-ичип, кылган ишинин үзүрүн көрүү окшобойбу. Мындай ырыскыны да Кудай берет тура. Адам баласы Кудайды ары жыйыштырып койсо, ичкени ирим, жегени желим болот экен. Жараткан жактырган адамына акылмандыкты да, би-лимди да, рахатты да берип, күнөөкөргө болсо өмүр бою мээнеттен башы чыкпай өтүү түйшүгүн берет экен. Мунусу аз келгенсип, анын тапкан-ташыган оокатын башка бир өзүнө жаккан адамга алып берип коёт экен. Анан бул күнөөкөрлөр үчүн курулай убара-герчилик болбогондо не?”

Жашоо мааниси 3

“Төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар. Тиге турган убак бар, жула турган убак бар. Өлтүрө турган убак бар, дарылай турган убак бар. Буза турган убак бар, кура турган убак бар. Ыйлай турган убак бар, жыргай турган убак бар. Боздой турган убак бар, бийлей турган убак бар. Чача турган убак бар, жыйнай турган убак бар. Кучак жаяр убак бар, оолак качар убак бар. Издей турган убак бар, иргей турган убак бар. Сактай турган турган убак бар, сарптай турган убак бар. Тиле турган убак бар, тиге турган убак бар. Сүйлөй турган убак бар, cүрдөй турган убак бар. Сүйө турган убак бар, күйө турган убак бар. Кырылышаар убак бар, жуурулушаар убак бар.” “Түйшүк тартып, убара боло бергениңден не пайда таба-сың? – деген түбөлүк суроого жооп издөөнү Кудай ар бир адам ба-ласынын мойнуна жүктөптүр. Кудай өз убагында баарын эң сонун жаратып, адам баласынын жүрөгүнө ушундай түбөлүктүү нерсе-лерди катып коюптур. Ошондой болсо да Жараткандын иштерине пенде баласынын башы толук жетпейт. Демек, адам баласынын ко-лунан келген эң эле жакшы нерсе - бул жашоодон рахат алып, ичип-жеп, кылган ишинин үзүрүн көрүш керек, анткени бул Кудай-дын ага тартуу кылган ырыскысы болуп эсептелет. Ал эми Кудай жараткан нерсенин баары түбөлүк боло берет. Эч ким ага эч нерсе кошумчалай да албайт, кемите да албайт. Кудай бир нерсе жасайм десе, баары анын алдында ийменип, ыйбаа кыла тургандай жасайт. Ал эми азыр биздин тушубузда болуп жаткан нерселер тээ илгери эле болуп өткөн нерселер. Келечекте боло турган нерселер да бир кезде болгон. Кудай баарын кайра-кайра боло тургандай кылып койгон. Ошону менен катар эле калыстык боло турган жерде калыс-сыздык, адилеттик боло турган жерде адилетсиздик өкүм сүргөнүн көрдүм. Анан ичимен мындай дедим: ‘Кудайдын бардык нерселер үчүн алдын ала белгилеп койгон убакты-сааты, өз-өз орду болсо, анда демек адил менен бузукунун да сот алдында жооп берер маалы келет. ‘Кудай пенделерин cынап, айбан менен адамдын барар же-ри бир экенин түшүнсүн деп атат ко’ – деген ой келет экен ушунун баарын карап олтуруп. Чынында эле адам менен айбандын бараар жери бир: ар биринин башында бир өлүм, баары бирдей дем алат, андыктан ажал алдында адам баласы айбандан артык эмес. Эх, маа-нисиз дүйнө ай! Баарыбыздын бараарыбыз топурак, топурактан жа-ралганбыз, топуракка кайта кетебиз. Aдам баласынын жаны асман-га кетерин жана айбандын жаны жер түбүнө түшөрүн толук түшү-нүүгө кимдин мээси жетет? Адам баласы үчүн кылган иштеринин үзүрүн көрүп, ошон-дон рахаттангандан пайдалуу эч нерсе жок окшобойбу! Адам бала-сынын энчиси ушул окшойт. Көзү өткөн соң, эмне болорун да эч ким билбейт?”

Жашоо мааниси 4

“Байкасам, айланамда кор болгон эле адамдар. Байкуштар-дын көз жашы көл, же сооротору болсочу, а бийлик эзүүчүлөрдүн колунда. Бечаранын таламын талашып, чекесинен сылары жок. Ошондо азыркыларды аяп, тээ мурда эле дүйнөдөн өтүп кет-кендерге суктандым. Эч качан төрөлбөгөн, эч качан бу дүйнөдө болуп жаткан жамандыктарды көрбөгөндөр бактылуу экен дедим! Адамдар эмне үчүн жанталашып, мээнеттенишет билеси-ңерби? Бири бирине көз арткандыктан, бири-биринен ашып түшүү үчүн! Анан бул маанисиз, курулай убарагерчилик эмегенде эмне?! Кээ бирөөлөр: “Иш кылбай, колубузду куушурган бойдон бу дүй-нөдөн өткөнүбүз акмактык!” - дешет. А балким алардын айтканында да бир чындык бардыр, бирок керээли кечке тынбай эмгектенип, убайым жегенден көрө, азга каниет кылып, тынч жашаган өйдө. Бул дүйнөдө дагы бир убарагерчиликти көрдүм: туяктан да, туугандан да айтпаган, дос да күтпөгөн бир таанышым бар. Жан-талашып, качан көрсөң иштегени иштеген. Тапкан-ташыганына ка-нааттанып, топук кылбайт. Ошол киши бир күнү: “Ким үчүн мынчалык кара терге түшүп иштеп жатам?” деп үшкүрүнгөнүн уктум. Ийе, чынында анын кылганы да өзүнчө бир убайымдуу маа-нисиз түйшүк. Жалгызга караганда жан шериги барга жакшы, анткени алар кылган ишинин үзүрүн чогуу бөлүшөт. Себеп дегенде, кокус бири жыгылып калса, экинчиси жардамга келет. Бири-бирине жөлөк-таяк болушат. А жалгызга кайгы! Жыгылып кала турган болсо аны ким тургузат? Жалгыз жатканга караганда экөө жатса, бири-бирин жылытат. Жалгыз жаткан өзүн өзү кантип жылытат? Жалгызга ка-раганда жан-жолдошу барды жеңиш кыйын. Үч кат өрүлгөн аркан да оңой менен үзүлбөйт. Башын бубак баскыча кеңеш укканды билбеген наадан па-дышаны бир карапайым, бирок акылдуу жаш улан алмаштырганын көрдүм. Бул улан зынданда олтурганда эле кылкылдаган эл аны ээрчий баштады. А бирок кийин бул уланды да жактырышпагандар чыкты. Доору бүткөндө аны да унутушту. Ушундай маанисиз бул убайым дүйнө.”

Жашоо мааниси 5

“Ыйбадатканага барганыңда абайла. Катасын сезип, кечи-рим сурагандын ордуна курмандык чалганга шашкан акылсыздар-дай эмес, Кудайдын сөзүнө дитиңди бур. Ойлонуп сүйлө, обу жок-тонуп, алды артыңды карабастан Кудайга акаарат келтирип алба! Кудай асманда, а сен болсо жердесиң, ошондуктан оюңа келгенди оттобо! Түйшүгүң көбөйгөн сайын түшүң да көбөйөт. Көп сүйлө-сөң, көп жаңылышасың. Кудай акылсыздарды жактырбайт. Андык-тан оозуңдан чыккан сөздү аткарганга шаш. Сөзүңө тура албасаң убада бербе! Кесир сүйлөп алып, “жаңылдым жаздым!” деп ыйлак-таба. Кудай иштеп тапканыңдын баарын жок кыла алат, андыктан анын кыжырына тийчү сөз айтпа. Куру кыял менен маңыздыктан майнап чыкпайт, андан көрө Кудайдан корк! Эгерде бир жерден кембагалдын кордолгонун, адилеттүү-лүктүн ордун адилетсиздик басып калганын көрсөң таң калба! Се-беби ар бир мамлекеттик кызматчынын башчысы бар болгондуктан адилеттик дегениң ошолордун иш кагаздарында адашып, табылбай калат. ‘Эр эмгегин жер жебейт’, ал тургай начар падышага да же-мишин берет. А бирок акча деп эт бетинен кеткен адам, жарыбайт, эч убакта болду дебейт. Байлыктын аркасынан түшкөн адам, тынч алып, бакыт кушу конду дебейт. Бул дагы куру бекер убара да, эн-теңдеп, жел артынан кубалоо да! Оокатың арткан сайын ооз көбө-йөт, артыңдан сая кууган “дос” көбөйөт. Көз албай күнү-түнү кара-гандан, башка не пайда сага, байлыгыңдан? Ачпы, токпу, кедейдин уйкусу тынч. Бай болсо малын ойлоп, уктай албайт.“

Жашоо мааниси 6

“Бул дүйнөдөн адамдын мазесин алган мындай бир нер-сени байкадым: Адамдардын жыйнаган байлыгы алардын өз башы-на түшкөн кайгыга айланат экен. Бир кырсык болуп, заматта эле тапкан-ташыганынан айрылып, балдарына мураска калтырар эч нерсеси жок кур жалак олтуруп калат. Адам баласы бу дүйнөгө жы-лаңач келип, жылаңач кетет. Жыйган-тергендеринен эч нерсени о дүйнөгө өзү менен алып кете албайт. Бул да адамдын мазесин алган оор убайым. Адам баласы бул дүйнөгө кандай келсе, ошондой бой-дон кайра кетет. Анда, анын эмгегинен не пайда? Же ал өмүр бою шамалдын артынан кубалап жүрүп өтүп кеттиби? Өмүр бою түйтө-лөңдөп, кабагын чытып, азаптан башы чыкпай, күнү-түнү байлык жыйбады беле? Мен бир нерсени түшүндүм: биз үчүн Кудай берген бул кыска өмүрдө жеп-ичип, ойноп-күлүп, кылган мээнетибиздин үзү-рүн көргөндөн артык рахат жок экен. Адам баласынын тагдыры ушундай тура. Кудайдын бизге берген ырыскысы - оокат-аштуу, мал-мүлктүү болгонубузда, ошондон рахаттанып, кылган мээнети-биздин үзүрүн көрүү экен. Ушундай кылсак өткөн күндөрүбүзгө өкүнбөйбүз. Бул дүйнөдөн бир жаман нерсени байкадым, ошол жаман-дык адамдарды эзет экен: Кудай адамга байлыкты, кадыр-баркты, үй-мүлктү, дегеле эмнени кааласа, ошонун баарын берет экен да, ошолордун үзүрүн көрүүнү анын өзүнө эмес, башка бирөөгө ыйга-рып коют экен. Бул да адам баласы үчүн куру бекер убарагерчилик, оор азап болбогондо не? Миң балалуу болуп, узак өмүр сүрүп, а бирок жыйнаган байлыгынын үзүрүн көрбөсө, көз жумганда татык-туу шааниси менен көргө коюлбаса, узак жашаганынын ага пай-дасы не? Андан көрө бойдон түшүп калган бала бактылуураак эмес пи?! Анткени бойдон түшкөн бала бул дүйнөгө кокус келип, жарык көрбөй кайра кетет да, аты өчөт. Күндүн көзүн көрмөк түгүл, анын бар экенин да билбей кетет. Рас экөөнүн тең барар жери бир болгон соң, маа десе эки миң жыл жашап, жашоонун рахатын көрбөгөн ти-ги кишиге караганда бойдон түшкөн баланын дүйнөсү тынч, топу-рагы торко. А чынында, адам баласын иштеткен анын кулкуну, кулку-нуна куя берет, куя берет, эч качан тойбойт. Акылман киши акылсыздан эмнеси менен артык? Башкалардын алдында өзүн кандай көрсөтүшү керек экен-дигин билгенинен кембагал эмне утат? Көзгө көрүнгөндүн артынан чуркай бергенден көрө, колдо барга каниет кылуу өйдө. А чынында булардын баары тең маанисиз. Азыр болуп жаткан нерселер тээ мурдатан эле белгиленген. Ар бир адамдын тагдыры да илгери эле чечилген. Андыктан алсыз-дар алдуулар менен алышкандан пайда таппайт. Көп сөз эшекке жүк. Кыска, маңызсыз, көлөкө сыяктуу жок болуп кетчү бул жашоодо адам баласы үчүн эмненин эң жакшы, эмне жаман экенин ким билет? Ал өлгөндөн кийин көк алдында эмне болорун ким билет?”

Жашоо мааниси 7

“Кымбат баалуу атыр жыттангандан, жакшы аттуу болго-нуң, төрөлгөн күнүңдөн, көз жумган күнүң жакшы. Тойго барган-дан көрө, ашка барган өйдө, анткени тирүүлөр да акыры бир күнү өлөрүн эстеп турушу керек. Каткыргандан көрө, кайгырган пайда-луу, анткени капалуу жүз жүрөктү тазалайт. Акылсыздын эси-дар-ты көңүл ачуу, ал эми акылман өлүм тууралуу ойлойт. Акылсыздын таптаганынан, акылмандардын какканы өйдө. Акылсыздын күлкүсү отко асылган казандын түбүндөгү чыртылдап күйгөн менен чыча-ладай табы жок куурайдай. Акылсыздын күлкүсү ушундай пайда-сыз. Бирөөлөрдү кысымга алмакчы болгон “акылман” акылсыз-дардын кебин киет. Пара алам деген адам өзүнүн кулк-мүнөзүн бу-зат. Ар бир иштин башталышынан аягы жакшы. Керсейүүдөн кең пейилдик өйдө. Ачууга тез болбо, анткени ачуу акылсыздардын досу. “Ил-гери баары сонун болчу?” дебе! Акылсыздар ушундай дейт. Бай болгондон көрө акылман болгонуң өйдө. Акылмандык деле байлык сыяктуу жашооңду жеңилдетет. Ал эми чыныгы билим болсо чыныгы өмүргө жетелейт. Кудайдын кылган иши тууралуу ой жү-гүрт. Билип кой: Кудай ийрейткенди эч ким түздөй албайт. Ишиң жүрүшүп турган күндөрүңдүн үзүрүн көр, ал эми башыңа мүшкүл түшкөндө ойлон, анткени жакшы күндөрдү да, жаман күндөрдү да Кудай жиберет! Дагы кандай күнгө туш болоруңду сен өзүң билбейсиң. Бу бейоопа турмушта нени гана көрбөдүм: жакшы адамдын жаш кетип, жамандын узак өмүр сүргөнүн көрдүм. Андыктан өтө эле “жакшы” болуп, акылмансына бербе да, өтө эле катаалданып, өзүңдү өзүң жеп тынба? Акмак болуп, күнөөгө батпа! Мезгилсиз өлгөнүңдүн эч кажети жок. Өйдөдө айтылгандардын ортосунда болуп, тигинисине да мунусуна да ообо. Эгер Кудайдан корксоң ушундай кыласың. Колунда бийлиги барлардан үмүттөнгөндөн көрө акылмандыкка таянганың өйдө. Жер жүзүндө ар дайым ак жашап, эч качан күнөө кетирбе-ген адам болбойт, андыктан эл айткандын баарын эле тыңшай бер-бе, анткени бир күнү өз кулуңдун сени ушактап атканын угуп калы-шың мүмкүн. Өзүң деле башкаларды далай жолу жамандаганыңды унутпа! Мен ушул айткандарымдын баарын акылдан өткөрүп чык-кам. Мындан да акылдуу болгум келди, бирок жеткилең боло алба-дым. Көп нерсе бизден алыс да, терең да, жашыруун да экен. Ошон-дой болсо да билим издеп, акылмандык, эстүүлүк деген эмне эке-нин түшүнүүгө дитимди бурганымды койбодум. Ошондо жаман болуу - бул акылсыздык, наадандык экенин түшүндүм. Ажалдан да жаман нерсе бул ойсоңдогон аял экен, анткени анын азгырыгы сыйыртмак сыяктуу. Мойнуңа колун ороду дегиче чынжыр менен бекем байландың дей бер. Кудайга жаккан адам андан качып кутулат, күнөөкөр болсо тузагына түшөт. Ушунчалык акылмандыка жетип, көп нерсени кылдаттык менен изилдеп чыксам да, жаным бир нерсени дале издеп жүрөт: миңдин ичинен бир акылдуу эркекти таптым, бирок миңдин ичинен бир да аялды алиге чейин таппадым. Дагы бир нерсени билдим: Кудай бизди түз жаратыптыр, биз өзүбүз кыйшайып кетиптирбиз. “

Жашоо мааниси 8

“Акылман адам гана ар нерсенин маани-маңызын түшүнөт. Акылмандык адамдын жүзүн жарык кылып, катаалдыгын өчүрөт. Падышанын буйругуна баш ийгениң оң, бул Кудайга жагат! Падышанын алдында турганыңда, сабырдуу бол, четке чыкканга шашпа! Көк беттенип жамандыкка жулунба! Анткени Падыша эмне кылгысы келсе, күчү жетет. Падышанын сөзү - өкүм! “Эй, сен эмне үчүн мындай кылып жатасың!” - деп эч ким ага сөөмөйүн кезей албайт. Анын буйруктарын сактаган адам жамандык көрбөйт. Акыл-эстүү адам ар иштин көзүн табат жана анын убакты-саатын билет. Анткени ар бир нерсенин өз убакты-сааты, жолу бо-лот. Биздин кемчилигибиз - ошону жеткиликтүү билбегенибизде. Келечекте эмне болорун эч ким билбеген соң, бизди эмне күтүп турганын да эч ким билбейт. Ооздон чыккан желди кармап кала ал-баган сыңары, эч бир адам өлөр күнүн өзгөртө албайт. Качып кутулгус согуш майданы сыңары, адепсиздик тузагына түшкөн-дөрдү оңой менен коё бербейт. Бул дүйнөдө жүрүп жаткан иштерге дитимди буруп, байкоо жүргүзгөнүмдө, ушулардын баарын көзүм чалды. Кээде, бир адам башка бир адамга үстөмдүк кылам деп, өзүнө зыян келтирeт. Адепсиздин сөөгүн коюшканын көрдүм. Коюп бүтүп, жолдо аны мактап келатышты. Мына дагы бир маанисиздик! Жаман иштерди өтө эле создуктуруп, кеч соттогондуктун кесепетинен улам азыр адам баласы жамандык кылгандан коркпой калды. Мисалы, күнөөкөр жүз күнөө кылса да жашай бериши мүм-күн. Ошондой болсо да мен бир нерсени жакшы түшүндүм: Кудай-дан ыйбаа кылган адил адамдын жашоосу жакшы болот. Ал эми Кудайдан коркпогону үчүн адепсиздердин жашоо күндөрү көлөкө сымал тез эле жоголот. Жер бетинде дагы бир маанисиздик бар экен: кээде адепсиз ала турган жаза адилетке тиет да адилет ала турган сыйлык адеп-сизге тийип калат. Мына дагы бир маанисиздик! Ойноп-күлө турган учурду да пайдаланып калышыбыз ке-рек! Себеп дегенде, бул өмүрдө биз үчүн жеп-ичип, ойноп-күлүп, жашоонун рахатын көргөндөн артык нерсе жок. Бу жалган дүйнөдө Кудай аманаттаган жашоо күндөрүбүздө кылган эмгегибиздин үзү-рүн жок дегенде ушундайча көрөбүз. Акылдуу болгум келип, бул дүйнөдөгү нерселердин баарын таанып-билгим келди, бирок күнү-түнү көз ирмебей издесең да Ку-дайдын кылып жаткан иштерин толук биле албайт экенсиң деген бүтүмгө келдим. Мага десең төбөң менен жер каз - эч качан ага акылың жетпейт. Акылдуумун дегендер да чындыгында эле жетки-лең биле беришпейт. “

Жашоо мааниси 9

“Ушулар тууралуу көп ойлондум. Түшүнүүгө аракет кыл-дым. Акылман, адилеттүү адамдар кылуучу иштер Кудайдын ко-лунда экенин жана адамдардын башына кандай күн түшөөрүн эч ким билбей тургандыгын билдим. Адилет менен адепсиздин, жак-шы менен жамандын, адал менен арамдын, динчил менен динсиз-дин келечеги бир тура! Такыбаа менен күнөөкөрдүн, Кудай алдын-да жанын жеп калп убада берип карганган менен андан корккондун да барар жери бир тура! Көрсө, бу дүйнөдөгү бардык нерселердин кайгылуу жери - баарынын тагдырынын бирдейлигинде экен. Мын-дан да жаманы - адамдар өмүрү өткөнчө жамандык менен акмак-тыкка толгон көөдөнүн көтөрүп жүрүп, күтпөгөн жерден о дүйнө кете бергендигинде экен. А бирок, бу дүйнөдө кыбыр эткендин баары бир нерседен үмүт кылып жашайт. “Өлүү арстандан көрө, тирүү ит өйдө” деген кеп бар. Анткени тирүүлөр жок дегенде өлө-рүн билишет, ал эми өлүктөр болсо эч нерсени билишпейт. Өлгөн соң адамга кандай сыйлык берилмек эле? Сыйлык тургай, эч ким эстеп да койбойт! Сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кумарлары да – баа-ры тең өздөрү менен кошо көмүлөт. Мындан ары бул дүйнөдө бо-луп жаткан иштерге катыша алышпайт. Демек, Кудайга иштериң жагып жаткан убактарда жырга, ич, же, жасана кийин, көңүлүңдү куунак, жүзүңдү жарык кыл. Бу дүйнөдө Кудай сага бөлүп берген убайымдуу күндөрүңдүн бардыгында сүйгөн жарың менен кошо рахатка бат, анткени сенин бул дүйнөдө өткөргөн оор, түйшүктүү өмүрүңдөгү энчиң ушул. Кызмат да, ой-максат да, билим да, акыл-мандык да жок жайга - көрүстөнгө барасың. Андыктан азыр колуңа тийген ишти бүт күчүңдү үрөп, майын чыгара жасап кал. Мен бул дүйнөдөн дагы бир нерсени байкадым: маара да-йым эле күлүктөргө, жеңиш дайым эле эр жүрөктөргө тийбейт экен. Оопа дайым эле акылмандарга, байлык дайым эле акылдууларга, даража дайым эле шыктууларга берилбейт экен. Ар бир нерсенин өз убакты-сааты бар экен. Андан да, кырсыктуу күндүн качан баш-ка түшөөрүн эч ким билбейт экен: ырайымсыз торго түшкөн балык-тай, таш боор тузакка түшкөн чымчыктай, адам баласы да капыстан башка түшчү оор убактарга капыстан кабылып калат экен. Бул дүйнөдө мен көргөн мынабу акылмандык мага абдан чоң таасир калтырды: Чакан, эли аз бир шаарды күчтүү падыша курчап алып, чептерин талкалап, басып кирүүгө камынды. Ошондо, бир кембагал өзүнүн акылман кеңеши менен шаарды сактап калды. А бирок кийин кембагалды эч ким эстеп да койгон жок! Ошондо мен мындай дедим: акылы күчтүү миңди, билеги жоон бирди жы-гаары баарына маалым болсо да, кембагалдын акылын эч ким та-назарына да албайт, ага баа да беришпейт. Акмактардын башчысынын кыйкырыгынан, акылмандын акырын айтылган кебине кулак салган пайдалуу. Согушта курал-жарактан акылмандыктын пайдасы зор, ал эми бир күнөөкөрдүн айынан эл көп жеңиштен кур жалак калышы мүмкүн.”

Жашоо мааниси 10

“Бир кумалак бир карын майды чириткендей, кичине акыл-сыздык чоң акылмандыкты бузат. Акылмандын жүрөгү оңго умту-лат, ал эми акылсыздыкы солго жулунат. Акмак кандай жол менен басса да жаза басып, баарына акылсыздыгын жарыя кылат. Эгер башчың ачууланса, өчөшүп, жумуштан кеткенге шаш-па! Сабырдуулук чоң каталарды оңдоп кетет. Бул дүйнөдө бийликке байланыштуу мен бир начар нерсени байкадым: ак сөөктөр четте жүргөндө акылсыздар чоң орундарды ээлегенин, тектүүлөрдүн кул сыяктуу жөө жүргөнүн, ал эми кул-дардын алчактата ат минип жүргөнүн көрдүм. Ким башка бирөөгө чуңкур казса, ошого өзү кулап түшөт. Ким бирөөнүн дубалын бузуп кирем десе, аны жылан чагат. Таш кескич менен отун жаргыч каргашага жакын болот, анткени таш кесем деп, же отун жарам деп өздөрүн майып кылышы мүмкүн. Балтаң мокок болсо, шайыңды оодарат, акылың мокок бол-со, ишиң бүтпөйт. Уулуу жыланга чактырып алган соң, аны кантип арбаш ке-рек экенин билгениңден не пайда? Акылмандын сөзү анын кадыр-баркын көтөрөт, ал эми акылсыздын тили өзүн азапка бөлөйт. Акмактын оозу былжыраган сөздөр менен ачылат да, алжыган сөздөр менен жабылат. Акылсыздын тили узун да болот. Келечекте эмне болорун эч ким билбейт, биз өмүрдөн өт-көндө артыбызда эмне болорун да бизге эч ким айтып бере албайт. Акылсыздын кылганы өз башына түшкөн балээ болот. Ак-мак өз үйүнө аман алып барчу жолду билбейт. Падышасынын боштугунан пайдаланып, башчылары таңат-пай жеп-ичкен элге кайгы! Падышасы бышып жетилген, башчыла-ры мас болуш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн өз убагында жеп-ичкен эл бактылуу. Жалкоонун шыбы салаңдайт, эринчээктин үйү эңшерилет. Той — ойноп-күлүү үчүн, шарап — көңүл ачуу үчүн, бирок акчаң жок болсо той да, шарап да жок. Падышаны сыртыңан гана эмес ичиңен да сөкпө, атүгүл жалгыз олтурсаң да аны ушактаба! Учуп бараткан чымчык сөзүңдү жеткирип барышы мүмкүн!”

Жашоо мааниси 11

“Наныңды сууларга агыз, бир топ күндөн кийин ал өзүңө кайта келет. Акчаңды ар жакка бөл, анткени эртең өз жериңде эмне балээ болуп кетерин билбейсиң. Шамал караган үрөн сеппейт. Булут караган эгин орбойт. Жатындагы кызыл этке кандайча жан киргенин билбейсиң, ошонун сыңарындай бардыгын жараткан Кудайдын иштерин да толук тү-шүнө албайсың. Ошондуктан эртели-кеч тынбай эгиниңди эге бер, анткени кайсыл убакта эккен үрөнүң өнүп чыгарын билбейсиң: балким эрте менен эккениң өнүп чыгар, балким кечинде эккениң өнүп чыгар, а балким эки убакта тең экениң өсүп чыгар. Жер бетинде нур сулуу, ошондуктан көзүң күндүн жарыгын көрүп турганына ыраазы бол. Өмүр барда рахаттан, алдыңда узакка созулган караңгылык күтүп турат. Артта калган караңгы күндөрүң-дү да унутпа, андай күндөр али жашооңдо көп болот. Али далай убайым көрөсүң. Күлгүн курак, жаш кезде шапар теп. Көңүлүң каа-лаганын кыл, көзүң кызыкканын ал. Болгону, бир нерсе эсиңде бол-сун: бардык кылган иштериң үчүн Кудай алдында жооп бересиң! А бирок, көңүлүңдү муңайтпа да, жаныңды сыздатпа, анткени жаш-тык кез өтөт билинбей.”

Жашоо мааниси 12

“Жаш кезиңде Жаратканыңды эстей жүр! Башыңа оор күндөр түшүп: “эч жакшылык көрбөдүм!” дей турган доор келет. Күн тунарып, ай карайып, жылдыздар жымыңдабай, кара булут каптап, күн тынбай нөшөрлөгөн мезгилдер келет. Карууң бошоп, балтырларың шалбырап, тишиң түшүп, көзүңдү мунарык басып, көчөдөгү шыбырт тургай, чайнаганыңды араң угуп калчу убак ке-лет. Көчөдө чымчык чурулдаганча эле көзүң тикчийип, өр тарта бассаң энтигип, түз менен бассаң чалынгандан коркуп, чачың куу-дай болуп, өзүң ийнеликтей үлдүрөп, эч нерсеге табитиң тартпай калган убагың келет. Баарыбыз тең түбөлүк үйүбүзгө кетебиз, арка быздан көчө толо эл сөөгүбүздү көтөрүп, ызы-чуу түшүп, өкүргөн бойдон кала берет. Жаратканыңды эстей жүр: күмүш жибиң үзүлүп, алтын ая-гың сынып, карапа идишиң талкаланып, бараң быркырап, топура-гың жерге, жаның Кудайга барат. Анткени денең топурак - жерден чыккан, ал эми жаныңды Кудай берген. Убараланып жүрүп акыры өлөсүң!” - деген экен Акылман. Бу киши акылман да, ар кандай накыл сөздөрдү жыйнаган, изилдеген илимпоз да, билгендерин башкаларга окуткан устат да болгон экен. Сөз төркүнүн изилдеп, насаат нускаларды так жазып калтырыптыр. “Акылмандын сөзү жакшы чабандын чыбыгындай туура жолго кайтарат, насааттары житире кагылган мыктай. Акыл-ман сөздөрдү баарыбыздын улуу Чабаныбыз болгон Кудай өзү бе-рет”, - деген экен ал. “Уулум, - дейт улуу Акылман, - жогоруда айтылгандардан ашыкчасынан сак бол! Китеп чыгара берсең чыгара бересиң. Көп окугандан болсо көзүң ооруйт. Баарынын ток этер жери бул: Ку-дайдан корк да анын буйруктарын сакта! Бул адам баласынын мой-нундагы парыз. Себеп дегенде, Кудай баарын: жакшы ишибизди да, жаман ишибизди да, ал тургай жашыруун кылгандарыбызды да сотто ачыкка чыгарат”.

Ашыктык ыры 1

Суламита сүйгөнүнө:

Өпкүлөчү аймалап, Эриндериң махабат. Мыктысындай шараптын, Сүйүүң мени мас кылат. Аңкыган жыттуу жыпарың Магдыратат балкытып, Андан да сүйкүмдүү атың, Шондуктан кыздар сага ашык. Мени алып кетчи эми, Тездетегөр суранам.

Кыз капысынан хандын нөкөрлөрүнө туш болуп, алар падышанын гаремине алып кетип калат

Падыша мени апкелип, Ак сарайга киргизди.

Падыша сарайындагылар:

Кубанабыз, жыргайбыз Шарапты койчу а көрө Махабатың даңктайбыз. Сага мактоо жарашат.

Кыз гаремдеги аялдарга:

О Кудустун кыздары! Тотугуп, күнгө күйсөм да, Кедардын чатырларындай, Хандын пардаларындай, Сулуулугум башкача. Кара тору бетиме Кадала тиктебегиле. Ысыктан улам карардым, Күндөн улам тотуктум. Ачууланган агамдар, Бак кайтартып коюшту, Өзүмдүн багымды болсо Кароого чолом болбоду.

Кыз өзүнчө койчу жигитке кайрылат:

Айтып койчу ашыгым Коюңду кайда жаясың? Күн төбөгө келгенде Кай жакка айдап барасың? Көчө аялы өңдөнүп, Көрүнгөн жерде самсаалап, Досторуңдун малынын Артынан жүрө беремби?

Кимдир бирөө:

О сулуулардын сулуусу! Билбесең жолду сен эгер, Койлордун салып изине, Чабандардын чатырын, Пааналап айдап келгин да Улактарың жая бер!

Падыша Суламитаны көргөндө:

Ах эркем сени окшоттум Хандын арабасына Кошулган бээнин бирине. Саамайыңда салаңдап, Сөйкөлөрүң керемет. Моюнуңда мөлтүлдөп, Шуруларың термелет.

Гаремдеги аялдар Суламитаны сооротушат:

Күмүш илгич алтын көз, Сөйкө жасап беребиз.

Кыз өзүнчө жалгыз калганда өткөндү эстеп, кыялга чөмүлөт:

Түш тамагын ичкени Падыша кетти сарайга, Жыпар жытым балкытып, Сергий түштү айланам.

Кыз койчу жигитке:

Ашыгымды окшотом, Төшүмдөгү сайымда Асылып турган миррага. Ен-Геддинин багында Өскөн кымбат хиннага.

Койчу жигит:

Ах сүйгөнүм, чүрөгүм, Ушунчалык сулуусуң, Көгүчкүндөй мойтоёт Моймолжуган көздөрүң.

Кыз:

Ах сүйгөнүм, ашыгым, Ушунчалык укмушсуң.

Жигит:

Төшөнчүбүз көк шибер, Шыптарыбыз карагай, Чатырыбыз арчалар.

Кыз:

Мен Шарондун розасы, Өрөөндө өскөн жоогазын.

Жигит:

Тикендердин ичинен Жоогазын кандай көрүнсө, Топ кыздардын ичинен Сүйгөнүм шондой көрүнөт.

Кыз:

Дарактардын ичинен Алма бак кандай көрүнсө, Топ жигиттин ичинен Сүйгөнүм шондой көрүнөт. Көлөкөсүн пааналап, Олтурганды жактырам. Жемишинен ооз тийсем Даамынан жыргап, магдырайм. Ой-санаалардан чарчаган кыздын көзү илинип кетет. Түшүндө кайрадан сүйгөн жигити кирет. Ал мени алып келди да Той үйүнө киргизди. Желбирете үстүмөн Махабат туусун көтөрдү. Сүйүүдөн көзүм тунарып, Балкып, ээрип баратам. Бергилечи шараптан, Кайратыма келейин. Бергилечи алмадан Бир аз сергип алайын. Сол колун башыма жаздап, Оң колу менен кучактап, Сүйгөнүм жатат мага ыктап.

Кимдир бирөө:

Оо Кудустун кыздары Өзү кааламайынча Сүйүктүүм ойготпогула!

Кыздын түшүнө сүйгөнү келаткандай сезилет:

Тыңшагыла, тигине! Келатат менин сүйгөнүм. Тоодон тоого арыштап, Дөбөдөн дөбөгө аттап. Сүйгөнүм менин жейрендей, Басыгы сонун маралдай. Карагыла, тигине! Тереземден акмалап, Темир тордон шыкаалап, Артында турат дубалдын.

Сүйгөнүм мага мындай дейт:

“Ардагым кеттик жүргүнүң, Чык ал жактан сүйүктүүм. Карачы ызгаар кыш кетти, Жамгырлар да басылды, Жерге жайнап гүл чыкты, Ырдай турган кез келди. Журтубузда сайраган Бактектин үнү угулду. Анжирлер бүчүр байлады, Жүзүмдүн гүлү ачылды. Тургун кеттик ардагым, Сүйкүмдүүм, келгин жаныма. Асканын жаракасында Салаңдаган зооканын, Коңулуна жашынган Көгүчкөнүм унчукчу, Жүзүңдү мага көрсөтчү. Созулган назик үнүңдөн, Дегдеткен жаркын жүзүңдөн. Жүзүмзарды булгашып, Бачиктерин ээрчитип, Түлкүлөр жүрөт жойпушуп. Гүлдөп калды бакчабыз, Cындырбасын шактарын, Кармагыла,тез бачым!” Сүйгөнүм сен мендиксиң, А мен болсом сендикмин. Гүлзарларды аралаган, Жейреним мен сендикмин. Тоо койнунан күн чыгып Мээ кайната электе, Көлөкөлөр качышып, Жоголуша электе Кайрылып кел, сүйгөнүм! Тоодон тоого секирген Жейрен сымал шашып кел. Көңүлүм сүйгөн ардагым, Түнү бою уктабай Жанымдан сени издедим, Издедим, бирок таппадым. Эми ордуман турайын, Шаарды аралап басайын, Көчөлөрүн кыдырып, Базарларын сыдырып, Көңүлүм сүйгөн жалгызым Өзүңдү издеп барайын. Издедим, карап-карап таппадым. Шаарды айланып кайтарган Сакчыларга жолугуп

Ошолордон сурадым:

Менин сүйгөн жигитим, Жолуккан жокпу силерге? Алар башын чайкашты. Мындай баса бергенде Сүйгөнүмдү таап алдым. Шап колунан кармадым, Бек кучактап апкелип, Энекемдин үйүнүн Төркү үйүнө киргиздим.

Кимдир бирөө:

О Кудустун кыздары, Өзү ойгонмоюнча Тим койгула бул кызды!

Бул убакта падыша нике тойго камынып жүргөн болот:

Соодагер саткан эчен түр, Жыпар жыттуу мээр чөп, Аңкыган атыр жыттанып, Буралган түтүн түрмөктөй Чөлдөн келе жаткан ким? Ал — Сулаймандын үлпөтү. Исраилдин эң мыкты Нөөкөрлөрү жанында. Бардыгы тең куралчан, Баары урушка дасыккан. Караңгыга жашынган Каргашага белендеп, Кылычтарын байланган. Келишкен сындуу араба, Ливандын карагайынан Сулайман өзү жасаткан. Түркүктөрү күмүштөн, Негиздери алтындан, Кырмызы маталар менен, Отургучун каптаткан. Кудустун уздары болсо Чын жүрөктөн берилип, Ичи-тышын кооздошкон. Эй, Кудустун кыздары, Хан келатат, чыккыла! Таажысын кийип, зыңкыйган, Сулайманды көргүлө. Нике тою маалында, Эң бактылуу күнүндө, Энекеси кийгизген Таажыга көңүл бөлгүлө.

Падыша Суламитага келип:

Оо сүйүктүүм Суламифь, Ушунчалык сулуусуң. Жоолугуңа жашырган Көгүчкөндөй көзүңдөн. Тоодон түшүп келаткан Бир короо койдой чачыңдан. Жууттан чыккан апаппак Кыркылган койлордой болуп, Тизилген сенин тишиңден. Ар бири эгиз козулуу Түгөйсүзү табылбайт. Кыпкызыл лента түстөнгөн Татынакай ээрдиңен. Оймоктой болгон оозуңан. Саамайыңа жашынган Жара бөлгөн анардай Үлбүрөгөн бетиңден. Нечендеген баатырдын Калкандары асылган Дөөттүн мунарасындай Койкойгон сенин мойнуңдан. Жайнаган гүлдү аралап, Оттогон эгиз эликтей, Тикчийген эгиз маралдай, Төшүңдөгү алмаңдан. Кыз падышага көңүл бөлбөйт, кулагына сүйгөнүнүн үнү угулуп, ошону гана самайт, кыялында ошону менен сүйлөшөт.

Кыз:

Мирра өскөн дөбөдө Жыпар жыттуу чокуда Таң эпкини соккончо, Көлөкөлөр качканча, Сени күтүп турайын.

Койчу жигит:

Оо сүйгөнүм, ашыгым! Эч жериңде кынтык жок, Тулку боюң ажайып. Түшчү төмөн колуктум, Бул тоолордон кетели, Жырткычтардын жеринен, Илбирстердин ийнинен, Жүрчү, кетип калалы.

Падыша болсо ашык болгонун айтат:

Оо карындашым, колуктум, Бир көз карашың менен, Мойнуңдагы шуруңдун Бир гана мончогу менен Уурдап кеттиң жүрөгүм. Карындашым колуктум, Махабатың теңдешсиз. Сүйүүң шараптан таттуу, Жыты аңкыган атырдан Алда канча жагымдуу. Эриниңден бал тамат, Тилиңдин асты сүт-май көл. Көйнөгүң атыр жыттанат.

Суламита таптакыр макулдугун бербейт, ошондо падыша:

Карындашым колуктум, Коруктагы гүлбагым, Кулпуланган кудугум, Түшүүгө болбос фонтаным. Бакчаңда түрлүү бактар бар, Жемиши бышкан анарлар. Буруксуган жыпарлар, Шафран, хна, осмолор, Аңкыган жыттуу арчалар, Мирра менен алоэ, Каңылжаар жарган дарактар. Бакчадагы фонтаным. Ливан тоодон кулаган Шаркыратма суулардан Толуп турган кудугум.

Кыз:

Ойгон түндүк шамалы, Түштүктөн сок желаргы! Менин багымды капта, Жытын туш-тушка тарат. Сүйгөнүм келсин багыма, Мөмөсүнөн ооз тийсин.

Сулайман:

Оо карындашым, колуктум, Өзүмдүн бакчама келдим, Жыттуу гүлдөрүн тердим, Таза балынан жедим, Сүт менен шарабын ичтим.

Кимдир-бирөөлөр:

О курбулар жегиле, Сүйүшкөндөр, ичкиле.

Ой санаадан азган кыздын кайрадан көзү илинип, уйку-соодо сүйгөнү келип эшигин черткилегенсийт, сыртка чыкса кетип калгандай, сакчыларга жолуккандай элестейт:

Кетсе да көзүм уйкуга, Жүрөгүм сак шыбыртка. Тык-тык эткен үн чыкты, Сүйгөнүм эшикти какты. “Каалгаңды аччы ашыгым, Карындашым, бактегим, Эч кынтыксыз, аруум. Шүүдүрүмдөн башым суу, Түнкү нымдан чачым суу.” “Көйнөгүм чечип койду элем, Кайрадан алып киемби? Бутумду жууп алды элем, Кайрадан чаңды тепсеймби?” Ушундай деп турганда, Колун салып жылчыктан, Илгичке сунду сүйгөнүм. Болк эте түштү жүрөгүм, Чымырап кетти бүт денем. Эшикти ачып бермекке Атып турдум утурлай Колдоруман жыттуу май Тамчылап жатты кулпуга. Ача салсам каалгамды Ашыгым кетип калыптыр. Өчө түштү ындыным Сууй түштү шаабайым, Карап-карап таппадым, Кыйкырып, жооп албадым. Шаар айланып жүрүшкөн Сакчыларга туш болуп, Көк ала койдой союлдум. Кайтаргандар сепилди Көйнөгүмдү айрышты.

Кыз ойгонуп, сыртка чыгат:

Оо, Кудустун кыздары

Бир сураныч силерден:

Сүйгөнүмдү көрсөңөр, Ашыктыктан алсырап, Азып калды дегиле.

Аялдар кыздан сурашат:

Оо, сулуулардын сулуусу, Мынчалык ашык болгудай Сүйгөнүңдүн неси бар? Бизден шунча сурандың, Башкалардан неси артык?

Кыз аялдарга:

Сүйгөнүм тору, нур жүздүү, Миң кишинин ичинен, Зыңкыйып турат бөлүнүп. Башы таза алтындай, Чачы тармал толкундай, Сулуу, кара каргадай. Кара суунун боюнда Аппак сүткө жуунган Көгүчкөндөй жоодурайт Татынакай көздөрү. Сөйкөдөгү берметтей, Жыпар жыттуу бакчадай, Тамылжыган беттери. Жоогазындай кызарып, Кан тамчудай эрини. Шурулар менен кооздолгон, Алтындай болгон колдору. Зымырыт менен оролгон, Пил сөөгүндөй апаппак, Татынакай денеси. Мармар таштан курулган, Мамылардай буттары. Алтындын уюткусундай Келишимдүү балтыры. Ливандын карагайындай, Узун бойлуу денеси. Бал тамган сонун оозу. Кандай экен сүйгөнүм? Кандай экен ашыгым? Айткылачы канакей, Оо Кудустун кыздары.

Аялдар:

Оо, сулуулардын сулуусу, Кетти эле кайда ашыгың? Бет алды эле кай жакка? Издешели биз дагы.

Кыз аялдарга:

Көкчүмөл шибер аралап, Бакчасына кетти эле. Жыпар жыттуу гүлзардан Гүл тергени кетти эле.

Кыз өзүнчө:

Оо, ашыгым мендиксиң, А мен болсо сендикмин. Ак гүлдөрү аралап, Кой жайган жаным сендикмин.

Падыша Суламитага кайра келет:

Ашыгым сен сулуусуң, Көрүнүшүң Фирцадай Сүйкүмдүүсүң Кудустай. Көркөмдүүсүң, шаңдуусуң Туу көтөргөн кошуундай. Сүрдөтпөчү тик карап, Уялып, көзүм жалтанат. Тоодон түшүп келаткан Бир короо койдой чачтарың. Жууттан чыккан койлордой Тизилген аппак тиштериң. Ар бири эгиз козулуу, Түгөйсүзү табылбайт. Жара бөлгөн анардай Саамайыңа жашынган Үлбүрөгөн жаактарың. Ханышадан алтымыш, Токолдордон сексен бар, Кыздарга болсо сан жетпейт, Баары тең менин аялым. А бирок сага ашыкмын, Көгүчкөнүм, артыкчам, Жеткилең сулуу сен гана.

Аялдар падыша тууралуу:

Ал — энесинин эркеси, Кыз-келиндин мактоосу. Ханшалардын даңктоосу, Токолдордун алкоосу.

Суламитаны көргөн аялдар:

Таң нурундай жаркылдап, Толгон айдай нур чачып, Күн сыяктуу жаркырап, Жылдыздардай чачырап, Кимсиң сен турган жоодурап?

Суламита аялдарга:

Өрөөндө өскөн жаңгак бак, Көргөнү баргам мөмөсүн. Жер жайнаган жүзүмзар, Татканы баргам жемишин. Катар-катар анарлар, Байлады бекен бүчүр деп, Байкаганы баргамын. Көрүүгө чолоом тийбеди, Ой-боюма койбостон, Ала качып кетишти, Хандын арабасына.

Падыша кыздын жүрөгү башкада экенин түшүнүп, кое берүүгө аргасыз. Баары кетип жаткан Суламитены узата карап турушат. Ошондо хандын оозунан эрксизден төмөндөгү сөздөр чыгып кетет:

Суламита, кайрылчы, Кайрылчы эми, Суламифь. Көрсөтчү бизге жамалың, Суктана карап алалы.

Суламита өзүнчө:

Суктана карап тургандай, Эмне, бийчи бекен Суламифь!

Падыша:

Оо, Суламифь, ханыша, Сандал кийген буттарың, Ушунчалык татына. Жупжумуру каухардай, Сандарың сенин жакшына. Шарап куйган чөйчөктөй, Топтомолок киндигиң. Чытырата бооланган, Арпадай кымча белиңден. Суйкайган эгиз бугудай, Төшүңдө эки алмаңдан. Пил сөөгүнөн курулган, Мунарадай кашкаят, Койкойгон узун моюнуң. Байт-Раббимде дарбаза, Бер жагында тунук көл. Ошол көлдөй моймолжуйт, Капкара, мөлмөл көздөрүң. Ливандагы мунара, Дамаскты карап кырданат, Ошондой сулуу мурунуң. Кармил тоосу — сулуулук, Башың сенин ошондой. Хан сарайда туш кийиз, Чачың сенин ошондой. Падышаны мас кылат, Ой-боюна эч койбой. Сулуусуң сен, сулуусуң, Ушунчалык укмушсуң. Оо сүйүүм сен назиксиң, Чырайлуусуң, сонунсуң. Шыңга боюң пальмадай, Эки эмчегиң пальмада Өсүп турган алмадай. Чыгып барып, мен сага, Кармасам го алмаңдан. Эки мамаң тикчиет, Торсойгон семиз жүзүмдөй. Танооңдөн жыттуу дем чыгат, Алмалар бышкан кезиндей. Оозуң мыкты шараптай.

Кыз жүрөгү болсо сүйгөнүндө:

Шарабым досума агат, Чарчаганды кандырат.

Койчу жигитке:

Бүт-барым менен сендикмин, Арзуу-каалооңмун сенин, Жүрү, сүйүүм, кетели, Шаардан сыртка чыгалы, Айыл жакка баралы, Түнү бою жыргайлы, Ырахатка баталы. Таң менен кошо туралы,

Жүзүмзарды байкайлы:

Байлады бекен бүчүрлөр, Гүлдөдү бекен алмалар. Ошерден сага берилем. Мандрагордун жыты аңкыйт, Жытта, жытта сүйгөнүм. Түрлүү-түрлүү мөмөмдү Сен үчүн сактап жүргөмүн. Бир эмчектен сүт эмген, Аттиң ай, агам болсоң го. Жолукканда көчөдөн, Асылмакмын мойнуңа, Чопулдата өпмөкмүн, Жектемек эмес мени эч ким. Жаштайымдан өстүргөн, Энекемдин үйүнө, Ээрчитип сени келмекмин. Анарымдан сыгылган, Ширелерим бермекмин. Сол колуң башыма жаздап, Оң колуң менен кучактап, Жатмаксың жаным мага ыктап.

Сүйгөнүнө актыгын сактаган кыз, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн соң кайрадан өзүнүн айылына жөнөйт. Баары артта калды. Жолдон чаалыгып, бир бактын түбүндө уктап калат. Кыз тарапта болуп, ага боор тарткан баягы бирөө дайыма жанында:

Оо, Кудустун кыздары,

Бир сураныч силерден:

Өзү ойгонмоюнча, Кызды ойготпогула! Уктап жатканда кызга койчу жигит келет. Экөө кайрадан жолугушуп, чөлдөн чыгып өздөрүнүн гүлзарлуу айылына жөнөшөт. Ошондо кимдир бирөөлөр сүйүшкөндөрдү көрүшөт. Сүйгөнүн колтуктап алып, Чөлдөн келе жаткан ким?

Койчу жигит кызга:

Алма бактын түбүнөн Алып чыктым ойготуп. Ошерден энең көз жарып, Төрөгөн сени толготуп.

Кыз:

Мөөр баскандай сен мени Жүрөгүңө жазып ал. Шакек сымал сен мени Оң колуңа тагып ал. Анткени ажалдан күчтүү, Ашыктыктын кумары. Кызганычы кармаса, Эч чыгарбайт тузагы. Махабаттын жебеси Алоолонгон от болот. Өчүрө албайт топон суу, Дайралар басып кала албайт.

Эгерде бирөө элирип:

“Бүт байлыгым берейин, Сүйүүңдү мага сат!” десе, Жек көрүнмөк, кагуу жеп.

Кыздын агалары кызды жашсынтышат, анын үстүнө койчу жигитке берүүнү каалашпайт:

Биздин карындашыбыз, Азырынча эселек. Али бойго жете элек, Эмчектери өсө элек. Кокус келсе жуучулулар, Кандай бизде жооп бар? Аттиң карындашыбыз, Сепил болуп калсачы, Күмүштөн кашаа жасатып, Айланта курчап коймокпуз. Каалга болуп калсачы, Карагай тактайлар менен Каршы терши капшыра Мыктап, кагып салмакпыз. Кыз сүйгөнүнө даяр, ошондуктан агаларынын бул сөзүнө макул эмес. Керек болсо сепилмин, Эмчектерим мунара! Демек, мага келгендин Купулуна толомун! Баал Хаамондун жанында Ижарага тапшырган Сулайман хандын жүзүмзар. Миң теңге күмүш салыкты, Түшүмүнө салдырган. А меники кашымда, Миң теңге Сулайман алсын, Жүз теңге малайлар алсын.

Койчу жигит:

Бакта жашоочу чоң кыз, Досторуң сени кунт коюп, Кулак салып жатышат Унчугуп койчу мага да Мен турам сени акмалап.

Кыз койчу жигитке:

Оо, сүйгөнүм, ашыгым! Аңкыган тоонун адырын Мекендеген эликтей Жетип келгин тез бачым.

Ошентип, кыз-жигит кайрадан кошулушат.

Ашыктык ыры 2

Ашыктык ыры 3

Ашыктык ыры 4

Ашыктык ыры 5

Ашыктык ыры 6

Ашыктык ыры 7

Ашыктык ыры 8

Иcаия 1

Кудайдын батасы жана жазасы

(1:19,20) «Эгерде менин айткандарымды жандилиңер менен аткарсаңар, анда жер бетиндеги ырыскылардын эң мыктысынан жей турган болосуңар. Эгер каршы чыгып, кежирленсеңер кылычтан кырыласыңар. Муну мен - силердин Теңириңер айтып жатам.»

Иcаия 2

Теңирдин тоосу

(2:1-5) Амос уулу Исаиянын Яхуда менен Кудус тууралуу көргөн аяны. Келечекте Теңирдин ыйбадатканасы жайгашкан тоонун кадыры бардык башка тоолордон өйдө болуп, дөбөлөрдүн үстүнөн көтөрүлөт жана бардык улуттар ага агылып келет. Көптөгөн адамдар келип: «Жүргүлө, Теңирдин Тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели. Кудай жолунда жүрө алышыбыз үчүн ал бизди өз жолдоруна үйрөтсүн», - дешет. Анткени Мыйзам Теңир Тоодон келет, Эгебиздин сөзү Кудустан чыгат. Кудай бүт элдердин арасында сот жүргүзөт, көптөгөн уруулардын талаштарын чечет. Ошондо аларкылычтарын эритип, соко жасашат, найзаларын ээритип, орок кылып куюшат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, эч качан согушка даярдык көрүшпөйт. Оо Жакыптын үйү, жүргүлө, Теңирдин жарыгында жашайлы!

Иcаия 3

Иcаия 4

Ак өргө

(4:2-6) «Ошол күндөрдө Теңирдин Бутагы кооз, шаңдуу жана даңктуу болот. Кудайдын элине берилген жердин жемиштери Кудустун аман калган балдарынын сыймыгына айланат. Теңир Тоодо калып, Кудуста жашайт деп катталгандардын баары ыйык деп аталышат. Теңир ак сот жүргүзүп, Теңир Тоолуктардын кирин кетирет да оттой тазалоочу Руху менен Кудуста төгүлгөн кандын тагын жок кылат. Анан Теңир Тоо менен ал жерде чогулгандардын үстүнө күндүз уюлгуган булут жиберип, түндө жаркыраган от күйгүзөт. Ошентип, Кудайдын улуулугу бүт шаардын үстүн калкалап, коргойт. Мээ кайнаткан ысыкта шаарга башпаана, көлөкө болуп, бороон-чапкын, жаан-чачында калкалоочу боз үй болот».

Иcаия 5

Жүзүмзар

(5:1-7) «Сүйгөнүмө арнаган ырымды угуп алгыла! Ырым ашыгымдын жүзүмзары тууралуу. Адырлуу тоонун бооруна, Кыртышы семиз ойдуңга, Сүйгөнүм тиккен жүзүмзар. Терең казып, малалап, Кум-таштардан тазалап, Жүзүмдүн эң мыктысын, Өскөнгө сонун ыктуусун, Топуракка сайылткан. Кароол мунара куруп, Жүзүмзарга орноткон. Тереңдетип жер казып, Шире сыккыч жай салган. Анан жүзүм өскөндө, Жемиштүүсүн издесе, О, мунусу эмнеси? Алпечтеп өстүрүп келсем Чириктен башка бербеди. Силерге эми айтайын Эми эмне кылайын: Жалаң эле чириктер! Отко жагам бардыгын, О Кудус, о Яхуда Мага кулак салгыла! Жүзүмзарым менен мен Соттошкону жатамын Ошого калыс болгула. Колдон келгендин баарын Мен ал үчүн жасадым Дагы эмне кыла алам? Жакшы жемиш берер деп, Казыктарын жуламын, О Кудус, о Яхуда Мага кулак салгыла! Жүзүмзарым менен мен Соттошкону жатамын Ошого калыс болгула. Колдон келгендин баарын Мен ал үчүн жасадым Дагы эмне кыла алам? Жакшы жемиш берер деп, Казыктарын жуламын, Жүзүмзарым кыйратып, Какыраган түз кылам. Эч ким аны карабайт, Отоо чөпкө бастырам. Бир тамчы да жаадыртпай, Булуттарды байлаймын. Кудуреттүү Кудайдын жүзүмзары - бул Израил эли, ал эми анын сүйгөн жүзүмзары - бул яхудалыктар. Кудай алардын адилеттикти көрөйүн деп күттү эле, алар кан төгүштү. Чындыкты күттү эле кордук көргөндөрдүн ыйын укту».

Иcаия 6

Иcаия 7

Машаяктын төрөлүшү тууралуу пайгамбарчылыктар

(7:14) Жараткан Эгенин өзү силерге белги берет: жаш аялзаты11 кош бойлуу болуп, уул төрөйт да аны “Кудай биз менен!” деп атайт.

Иcаия 8

Иcаия 9

Улуу жарык

(9:2) “Караңгыда жүргөн эл Улуу жарыкты көрдү. Ажал сайындагы эл Күн нуруна бөлөндү”. Тынчтыктын Падышасы (9:6-7) “Биз балалуу болдук! Кудай бизге уул берди! Ал бизди жетектейт. Аны: “Кереметтүү”, “Насаатчы”, “Кудуреттүү Кудай”, “Түбөлүк Ата”, “Тынчтыктын Падышасы” деп аташат. Анын падышачылык дөөлөтү өскөндөн өсө берет. Анын хандыгында ар дайым аманчылык болот. Бабасы Дөөттүн тактысына олтуруп, адилеттик жана актык менен түбөлүктөн түбөлүккө бийлик кылат. Мунун баарын кудуреттүү Эгебиз алдын ала белгилеп койгон.”

Иcаия 10

Жакыптын калган урпактары кайтып келишет

(10:21) «Жакыптын урпактарынан аман калгандар кайтып келишет, алар кудуреттүү Кудайга кайрылышат».

Иcаия 11

Машаяк акылман

(11:2) “Өз элин башкаруу үчүн Жараткан Эгенин Руху ага акылмандык, билим жана шык берет. Ал Кудайдын эркин ажырата билип, аны сыйлайт”.

Машаяк адилеттүү

(11:4) “Ал элди кайдыгер, ушак-айыңдардан улам соттобойт. Кембагалдарды ырайым менен соттоп, алсыздардын укугун коргойт”.

Тоо

(11:6-9) «Карышкыр менен козу ынтымакта жашай турган болот, илбирс менен улак чогуу жуушап жата турган болот, музоо менен арстандын баласы бирге жүрүп, жаш бала аларды жетелеп басат. Уй менен аюу чогуу оттошот, алардын балдары чогуу ойношот. Арстан да өгүз сыяктуу эле саман жей турган болот. Наристе жыландын уясынын жанында ойнойт, бөбөк уулуу жыландын уясына колун салса да ал чакпайт. Менин ыйык тоолорумда эч качан булар зыян кыла турган болушпайт, анткени бүт жер жүзү сууга толгон деңиз сымал Теңирдин билимине толот».

Иcаия 12

Иcаия 13

Иcаия 14

Иcаия 15

Иcаия 16

Дөөттүн чатыры

(16:5) «...Анан Дөөттүн тукумунан чыккан бирөө падыша болуп тактыга олтурат. Ал Дөөттүн боз үйүндө олтуруп алып, элди Кудайдын актыгы жана мээримдүүлүгү менен башкарат. Ал адилдикке умтулуп, актыкка тез болот».

Иcаия 17

Иcаия 18

Иcаия 19

Иcаия 20

Иcаия 21

Иcаия 22

Иcаия 23

Иcаия 24

Иcаия 25

Иcаия 26

Иcаия 27

Иcаия 28

Иcаия 29

Иcаия 30

Иcаия 31

Иcаия 32

Адилеттүү Хан - Машаяктын келери тууралуу пайгамбарчылык

(32:1-3) “Адилеттик менен бийлик жүргүзө турган Хан келет. Ошондо башчылар акыйкаттык менен башчылык кылышат. Ар бири шамалдан калкалаган калкан, бороондон коргогон башпаанек болушат. Адамдын жумурун катырган чөлдөгү булактай, мээ кайнаткан талаадагы көлөкөлүү аска таштай болушат. Ошондо көзү барлардын көзү муктаж болгондорго эч качан жумулуп калбайт. Кулагы барлардын кулагы зарлагандардын үнүн укпай калбайт”.

Иcаия 33

Тоолуктар

(33:15,16) «Адилет жашап, ак сүйлөп, зордук менен парага жанталашпай, канкорлордун сөзүнө кулак салбай, жамандыкка көзүн кадабай жашаган адам тоолордун арасында өмүр сүрөт, кол жетпеген аскалар башпаана болот. Ал жеген нанынан, ичээр суусунан кем болбойт».

Иcаия 34

Иcаия 35

Иcаия 36

Иcаия 37

Иcаия 38

Иcаия 39

Иcаия 40

Иcаия 41

Жакып

(41:8-9) «...О Исраил, сен менин кызматчымсың, О Жакып, мен сени тандап алгам. Силер менин досум - Ибрайымдын тукумусуңар. Мен силерди төгөрөктүн төрт бурчунан тергем, Жердин эң алыскы бурчунан чакырып алгам. Мен силерди тандадым, ошондуктан силерден танбайм».

Иcаия 42

Машаяк момун

(42:1-4) “Жараткан Эге мындай дейт: “Мына, менин кулум ушул - мен аны дайыма колдойм. Менин тандаганым ушул - мен ага ыраазымын. Мен аны өзүмдүн демиме толтурам, анан ал бардык элдерге адилеттүүлүк алып келет. Ал кыйкырбайт да бакырбайт, көчөлөрдө туруп алып бакылдабайт. Ийилген камышты да сындырбайт, бүлбүлдөгөн шамды да өчүрбөйт. Ал баарына түбөлүк адилеттүүлүк алып келет. Үмүтүнөн тайбастан жана кайратынан кайтпастан жер бетине акыйкаттыкты орнотот. Алыс-алыс жерлер анын сөзүнө бел байлашат”.

Иcаия 43

Жакыптын тукумунун куну төлөнгөн

(43:1) «...О Жакып, сени жараткан Теңир мындай дейт, О Исраил сени жасаган Теңир мындай дейт: «Коркпогун, анткени мен сенин кунуңду төлөп койдум, Мен сени өз атыңдан чакырып, сен меникисиң дедим!»

Мен силердин күнөөңөрдү кечирдим

(43:25-44:3) «Мен өзүм үчүн силердин кылмыштарыңарды кечирип жатам, Күнөөлөрүңөрдү бетиңерге чиркөө кылган жокмун. Кана, келгилечи, соттошолу, Өткөндөрдү козгошолу, Кана, актанганга шылтоо издеп көргүлөчү. Исраил, сенин түпкү атаң күнөө кылган, Жетекчилериң менден четтеп кетишкен, Башчыларың ыйык жайымды булгашкан. Ошондуктан мен Жакыпты талкаладым, Исраилди жек көрүндү кылдым. Кулум Жакып, эми угуп ал, Мен тандап алган Исраил кулак сал, Сени жараткан Теңириңдин сөзүн ук, Курсакта экениңден бери эле сага жардам берип келе жаткан Теңириң сага мындай дейт: Коркпо, менин кызматчым Жакып, Менин сүйүктүү элим кабатыр болбо. Анткени мен чаңкаган жерди суугарам, Какшыган чөлгө шарылдатып, суу агызам. Урпактарыңа Рухумду төгөм, Балдарыңа батамды берем».

Иcаия 44

Жакыптын күнөөлөрүнүн куну төлөнүп, сатып алынган

(44:21-23) «О Жакып, сен муну эстей жүргүн: Менин кулум экениңди унутпагын! Сени мен жараткам, сен менин кулумсуң. О Исраил, мен сени унуткан жокмун. Күнөөлөрүңдү жөө тумандай таркаттым, Кылмыштарыңды булуттардай айдадым. Мага кайрыл, анткени мен сенин күнөөлөрүңдүн кунун төлөп койдум. О көк асман! Щаттангын, анткени муну Теңириң кылды. О жер жүзү! Кыйкырып ырдагын! Тоолор жана токойлор, Токойдогу дарактар, Баарыңар кубангыла! Анткени Теңир Жакыпты куткарды, Исраилге улуулугун көрсөттү!»

Иcаия 45

Мени издегиле

(45:19) «Кайсы бир караңгы жерде жашырын сүйлөгөн эмесмин, Жакыптын урпактарына: «мени издегениңер бекер» деген эмесмин. Мен Теңирмин, чындыкты сүйлөп, актыкты жарыялайм».

Иcаия 46

Иcаия 47

Иcаия 48

Иcаия 49

Азаттык

(49:8-13) Жараткан Эгебиз мындай дейт: «Убагы келгенде мен сага жооп берем. Куткарыла турган күнү мен сага жардам берем. Мен сени коргойм! Сен аркылуу бардык элдер менен келишим түзөм. Мен берген жерди кайра калыбына келтирем, Мурасчылардын талкаланган мурастарын ордуна келтирем. Түрмөдө олтургандарга: «Эркиндикке чыккыла», - дейм. Караңгыда олтургандарга: «Жарыкка чыккыла», - дейм. Алар жашыл тоолордо жайылган койлордой эркин болушат. Алар эч качан ач болушпайт да суусашпайт. Чөлдө куйкаланышпайт да төбөлөрүнөн күн өтпөйт. Аларды сүйгөн Кудайы жетектейт, Мелмилдеп аккан өзөндөргө алып барат. Мен баардык тоолорума шыдыр жолдорду салам, Менин элимдин саякатташына даярдайм. Алар алыс жактардан келишет, Төгөрөктүн төрт бурчунан агып келишет. Жырга, шаттан, көк асман! Үнүңдү чыгар, жер жүзү! Кубанычтан кыйкыргыла, тоолор! Анткени Кудай өз элин сооротту, Азап тарткан элине ырайым кылды!»

Иcаия 50

Исанын тууралуу пайгамбарчылык

(50:6) “...Мени сабап жаткандарга жонумду тосуп бердим, кордоп жатышканда каршылык кылбадым. Сакалымды жулуп, бетиме түкүрүп жатышканда, жүзүмдү катпадым...”

Иcаия 51

Иcаия 52

(52:14) “...Аны көрүшкөндө көп адамдардын төбө чачы тик турду: анын жүзү ушунчалык жанчылгандыктан, адам экенин ажыратыш өтө кыйын болуп калган эле...”

Иcаия 53

Улуу пайгамбардык

(53:1-10) “Кабарыбызга ким ишенет? Бул кабар Кудайдын кудуретинен экени кимге ачылат? Кудай өз кулунун какшыган жерге тамыр байлап, өсүп чыккан өсүмдүктөй өсүп чыгышын каалады. Анын адамдын көңүлүн өзүнө бура турган деле эч бир сулуулугу же кандайдыр сырткы өзгөчөлүгү жок эле. Көргүбүздү келтиргендей өзүнө тарткан өзгөчө бир нерсесин байкабадык. Аны адамдар жек көрүшүп, четке кагышты. Ал кордук көрүп, эти ооруду. Көргүсү келбеген кишисинен жүзүн жашырышкандай аны эч кимиси карап да коюшпады. Бирок ал биз тарта турган азапты өзүнө алды. Бизге тиешелүү жазаны көтөрдү. Биз аны “Кудай жазалап жатат”, “Кудай азапка салып жатат” деп ойлодук. Бирок ал биздин кылмыштарыбыз үчүн көзөлдү, биздин жамандыктарыбыз үчүн жанчылды. Анын мойнундагы жаза бизди Кудай менен элдештирди жана анын жаралары бизди айыктырды. Баарыбыз адашкан койдой өз-өз жолубузда жүргөнбүз. Бирок Кудай баарыбыздын бейбаштыгыбызды анын мойнуна салды. Ал кордолуп, азап тартып жатты, бирок каяша кылбады. Союлганы жетеленип бараткан козудай, жүнү кыркылып жаткан койдой оозун ачпады. Аны кармап кетип, соттошту. Эми ким анын санжырасын айтып бере алат? Анткени ал тирүүлөрдүн жеринен кыйылбадыбы? Бирок ал менин элимдин күнөөлөрү үчүн жазаланды. Эч качан кылмыш кылбаса да, бир да жолу калп айтпаса да, аны каракчылар менен бир мүрзөгө көммөкчү болушту, бирок анын сөөгүн бай адам көргө койду. Бирок анын азап тартышы жана кыйналышы Кудайдын эрки менен болду. Кудай анын өлүмү кечирим алып келе турган курмандык кылып койсо да, ал келечектеги урпактарын көрөт жана узакка өмүр сүрөт. Ал аркылуу Кудайдын тилеги орундалат. Азаптуу өмүрүнөн кийин анын жүзү кайрадан жаркырайт. Кылган ишине ыраазы болот. Кудайдын сүйгөн кулу болгон ал көптөгөн пенделердин жазасын өз мойнуна алат жана анын аркасы менен көп адамдар күнөөлөрүнөн кечирим алышат. Ошондуктан Кудай ага улуулар менен кудуреттүүлөрдүн арасынан, төрдөн орун берет. Ал улуулар менен табакташ болот. Анткени ал өз эрки менен өмүрүн берди, күнөөкөрлөр менен тагдырлаш болду. Көптөгөн күнөөкөрлөрдүн күнөөсүн көтөрүп, кылмышкерлер үчүн арага түштү.”

Иcаия 54

Иcаия 55

Кудай жакын

(55:6) «Кудайды издегиле, анткени аны азыр табууга болот. Кудайды чакыргыла, анткени ал азыр жакын».

Иcаия 56

Бардык элдер табынуучу үйү

(56:7) «Мен аларды өзүмдүн ыйык тоомо алып келем, мечитимди кубанычка бөлөйм, менин курмандык чалчу жайымда мага арнаган ар кандай курмандыктарын адал кылам, анткени менин ибадатканам «бардык элдер үчүн ийбадаткана» деп атала турган болот».

Иcаия 57

Момундар менен жашоочу Кудай

(57:15) “Мен түбөлүктөн түбөлүккө жашоочу улуу даражалуу жана ыйык Кудаймын. Мен эң бийик жана ыйык жайда жашасам да үмүттөрүн жандандырып, ишенимдерин чыңаш үчүн момун жана ак жүрөктүүлөрдүн арасындамын”.

Иcаия 58

Иcаия 59

Күнөөнүн кесепети

(59:2) “Силердин күнөөңөрдөн улам Кудай силерди укпай жатат. Кылган кылмыштарыңар силерди андан ажыратып салды”.

Иcаия 60

Жарык келди!

(60:1-3) “Тургула! Жадырап жайнагыла! Анткени силердин жарыгыңар келди! Теңирдин улуулугу силердин үстүңөрдө турат! Карагылачы, жер бетин тунарык басып, элдерди караңгылык каптап калды, бирок силердин үстүңөрдө Теңирдин улуулугунун нуру жаркырап, жарыгы чачылат. Силердин нуруңардын жарыгына башка элдер агып келишет, агарган таңыңардын шооласына падышалар умтулушат”.

Иcаия 61

Иcаия 62

Иcаия 63

Иcаия 64

Иcаия 65

Теңирдин тоосу

(65:11,12) “…Ал эми силер, Теңириңер болгон мени таштап кеткендер, менин ыйык тоомду унуткандар… мен силерди кылыч менен кырам, анткени силерге сүйлөгөнүмдө менин үнүмдү укпай койдуңар…”

Иcаия 66

Jeremiah 1

Jeremiah 2

Jeremiah 3

Jeremiah 4

Jeremiah 5

Jeremiah 6

Jeremiah 7

Jeremiah 8

Jeremiah 9

Jeremiah 10

Jeremiah 11

Jeremiah 12

Jeremiah 13

Jeremiah 14

Jeremiah 15

Jeremiah 16

Jeremiah 17

Jeremiah 18

Jeremiah 19

Jeremiah 20

Jeremiah 21

Jeremiah 22

Jeremiah 23

Jeremiah 24

Jeremiah 25

Jeremiah 26

Jeremiah 27

Jeremiah 28

Jeremiah 29

Jeremiah 30

Jeremiah 31

Jeremiah 32

Jeremiah 33

Jeremiah 34

Jeremiah 35

Jeremiah 36

Jeremiah 37

Jeremiah 38

Jeremiah 39

Jeremiah 40

Jeremiah 41

Jeremiah 42

Jeremiah 43

Jeremiah 44

Jeremiah 45

Jeremiah 46

Jeremiah 47

Jeremiah 48

Jeremiah 49

Jeremiah 50

Jeremiah 51

Jeremiah 52

Lamentations 1

Lamentations 2

Lamentations 3

Lamentations 4

Lamentations 5

Ezekiel 1

Ezekiel 2

Ezekiel 3

Ezekiel 4

Ezekiel 5

Ezekiel 6

Ezekiel 7

Ezekiel 8

Ezekiel 9

Ezekiel 10

Ezekiel 11

Ezekiel 12

Ezekiel 13

Ezekiel 14

Ezekiel 15

Ezekiel 16

Ezekiel 17

Ezekiel 18

Ezekiel 19

Ezekiel 20

Ezekiel 21

Ezekiel 22

Ezekiel 23

Ezekiel 24

Ezekiel 25

Ezekiel 26

Ezekiel 27

Ezekiel 28

Ezekiel 29

Ezekiel 30

Ezekiel 31

Ezekiel 32

Ezekiel 33

Ezekiel 34

Ezekiel 35

Ezekiel 36

Ezekiel 37

Ezekiel 38

Ezekiel 39

Ezekiel 40

Ezekiel 41

Ezekiel 42

Ezekiel 43

Ezekiel 44

Ezekiel 45

Ezekiel 46

Ezekiel 47

Ezekiel 48

Daniel 1

Daniel 2

Daniel 3

Daniel 4

Daniel 5

Daniel 6

Daniel 7

Daniel 8

Daniel 9

Daniel 10

Daniel 11

Daniel 12

Hosea 1

Hosea 2

Hosea 3

Hosea 4

Hosea 5

Hosea 6

Hosea 7

Hosea 8

Hosea 9

Hosea 10

Hosea 11

Hosea 12

Hosea 13

Hosea 14

Joel 1

Joel 2

Joel 3

Амос 1

(1:1) Амос пайгамбар Текой шаарында жашаган чабандардын бири болгон. Бул китепте ошол Амос пайгамбардын сөздөрү жазылган. Муну Амос жер титирерден эки жыл мурда Яхудада Узия, ал эми Исраилде Яастын баласы Иеровоам падышачылык кылып турганда аян көрүп, ошондон уккан.

Сириянын жазасы

(1:2-5) Амос мындай жар салды: “Уккула! Жараткан Кудай Теңир Тоодон арстандай айкырып, Кудустан кыйкырып жарыя кылып жатат: “Жайлоолор такырайып, чабандардын алачыктарынан ый басылбай, Кармил тоосунун чокусу кургайт! Теңир айтат: “Шам элинин шиши толду, эми менден ырайым күтпөй эле койсун, мен аларды сөзсүз жазалайм. Алар галааддыктарды көк ала койдой союп, кыйнашты. Ошондуктан Азаил падышанын үйлөрүнө көктөн от түшүрөм, Бенадад падышанын хан сарайларын өрттөп жок кылам. Шамдын дарбазаларынын илгичтерин сындырып, Авен өрөөнүнүндө жашагандарды жер менен жексен кылам. Бет-Едендин өкүмдарларынын көзүн тазалайм. Ошондо сириялыктар Кирге туткунга кетишет.

Филистимдиктердин жазасы

(1:6-8) Газалыктардын да күнөөлөрү чегинен ашып кетти. Мен аларга ырайым кылбайм, анткени алар бүтүндөй бир элди едомдуктардын колуна салып берип, туткунга кетирди. Ошондуктан Газанын сепилдерине асмандан от түшүрөм, ошол от анын заңгыраган ак сарайларын жалмайт. Азоттуктарды талкалайм, ал эми Ашкелондун бийлөөчүсүн өлтүрүп, анан Екронго аттанам. Анан калган филистимдиктердин баары күм-жам болушат.

Финикиянын жазасы

(1:9-10) Тир шаарындагылардын да күнөөдөн башы чыкпай калды. Мен аларды сөзсүз жазалайм. Анткени алар бир туугандык келишимди унутушуп, туткундардын бардыгын едомдуктардын колуна салып беришти. Ошондуктан мен анын сепилдерине асмандан от түшүрүп, ак сарайларын жок кылам.

Едом

(1:11-13) Едомдуктар кылган күнөөлөрү үчүн жазасыз калышпайт. Алар туугандык сезимди тебелеп тепсеп, туталанып, зөөкүрлүк менен өз бир тууганы — Исраилдин артынан сая түшүп, куугунтукка алды. Ошондуктан Феман аймагына от каптатып, андагы Восор шаарын өрткө чулгайм.

Аммон

(1:11-15) Аммондуктар жазадан качып кутулушпайт. Алар жерин кеңейтебиз деп, Гадаадагы боюнда бар аялдардын курсактарын жарганга чейин барышкан. Ошондуктан мен аларды сазайын колуна берем: Равванын сепилдерин отко ороп, ак сарайларын алоолонтом. Күтпөгөн жеринен кыйкырык-өкүрүк менен ураан чакырган чабуулчулардын астында калат. Падышасын баш кылып, акимдеринин баарын туткунга кетирем.

Амос 2

Моавдын жазасы

(2:1-3) Моавдыктардын шиши толду. Кылган кылмыштары үчүн сөзсүз жазаланышат. Анткени алар Едомдун падышасынынын сөөгүн өрттөп, күл кылышты. Ошондуктан Моавка от жөнөтөм, ошол от Кериофтун сарайларын жеп жутат. Моав айгайлаган ызы-чуу менен сурнай үнүнүн жаңырыгы астында күм-жам болот. Башкаруучусу менен өкүмдарларынын баарынын көзүн тазалап жок кылам.

Яхуданын жазасы

(2:4-5) Яхуда кылмыш кылганын токтотподу. Эми менден ырайым күтпөсүн, ал сөзсүз жазаланат. Жараткан Эгенин мыйзамдарын четке кагып, жол-жоболоруна көңүл бурушпады. Ата-бабалары пир туткан жасалма кудайлары аларды жолдон буруп кетти. Ошондуктан Яхудага көктөн от түшүрүп, Кудустун ак сарайларын өрткө чулгайм.

Исраилдин жазасы

(2:6-16) Исраил улам-улам күнөө кылды. Акысын төлөй албай мөгдүрөп калган адилет болобу, бир жуп кепичтин акчасын кайтарып берүүгө алы келбей калган кембагал болобу, зарлатып туруп, кулдукка сатты. Кембагал байкуштардын башын жолдун чаңындай тепселешти. Аны кой, менин ыйык атымды булгашып, ата-бала “ыштан бажа” болуп кетти. Күрөөгө калтырылган кийимди кийип алып, ар кандай курмандык чалчу жайлардын жанында жамбаштап жатышты. Айыпка жыгылгандардын курмандыкка алып келген шараптарын өздөрүнүн жалган кудайларынын ибадатканаларында ичишти. Эй, ыймансыздар, силерди сүйгөндүгүмдөн даңкайган, күчтүү амордуктарды алдыңарга жыгып бербедим беле? Башындагы жемишин да, түбүндөгү тамырын да соолутпадым беле? А силерди болсо, Египеттен алып чыгып, амордуктардын жерин мураска берүү үчүн чөлдө кырк жыл бою жетелеп жүрбөдүм беле? Пайгамбарлар менен назирлерди14 силердин араңардан тандабадым беле? Же калппы? А силер аларды аракка тойгузуп, пайгамбарларга тыюу салып, менден кабар айттырбадыңар. Мына, боо жүктөлгөн арабанын астында калгандай кылып, үстүңөрдөн жалпайта басам. Ошондо, шамдагайдын шайы ооп, чымырдын эси эңгиреп, эр жүрөк өз өмүрүн куткара албай калат. Жаачылар тике туралбай, жөө күлүк качып кеталбай, чабандес өз өмүрүн куткара албай калат. Ошол күндө баатырлардын баатыры, батылдардын батылы да куралын таштап, дыргаяктап качып жөнөйт.

Амос 3

Исраилге эскертүү

(3:1-2) Эй, Исраил — Жараткан Эгенин Египеттен алып чыккан эли! Теңириңердин силерге айта турган сөзүн угуп алгыла: “Жер жүзүндөгү бардык элдердин арасынан силерди гана тандап, кам көрүп келдим, ошондуктан кылган кылмыштарыңар үчүн менин алдымда жооп бересиңер!”

Пайгамбардын озийпасы

(3:1-8) Макулдашпай туруп, эки адам чогуу сапарга аттанабы? Жемин көрбөсө, токойдогу арстан айкырабы? Бир нерсе кармап албаса арстандын баласы үңкүрүнөн үн салабы? Жайылбаган торго чымчык түшөбү? Сурнайдын ачуу үнүнөн шаар эли коркпой коёбу? Теңир жол бербесе, шаарда кырсык болобу? Ошонун сыңарындай, Эгедер өзүнүн кулдары болгон пайгамбарларга алдын ала айтпай туруп, эч нерсе жасабайт. Арстан ырылдаса, ким чочубайт? Эгедер дем берип атса, ким пайгамбарчылык кылбайт?

Самариянын тагдыры

(3:9-15) Азот менен Египеттин үйлөрүнүн төбөсүндө туруп алып жар салгыла: “Самариянын тоолоруна чогулгула да андагы бейбаштыктар менен кылмыштарды көрүп алгыла! Самариялыктар адилеттик деген эмне экенин билишпейт. Сандыктары зордук-зомбулук менен тапкан байлыктарга карк болду. Ушундай кылышканы үчүн душмандары келет да, курчап алып, чептерин талкалап, сандыктарын тартып алышат. Чабанга арстандын оозунан козусун куткарып алуу кыйын. Көп болсо кулагынын учу менен шыйрактарын сууруп калар. Азыр Сириянын керебетинин бурчунда, Дамасктын жумшак төшөгүндө олтурган бузуку Исраил менен да ошондой болот. Ушуну Жакыптын балдарына айткыла! — дейт кудурети күчтүү Жараткан Эгебиз, —Исраилди кылмыштары үчүн жазалаган күнү Бетелдеги курмандык чалчу жайларды кыйратам. Курмандык чала турган жайлардын бурчуна орнотулган мүйүздөрдүн баары кыя чабылат да жерге ыргытылат. Кышкы үйлөрдү да, жайкы үйлөрдү да ойрондойм. Пилдин сөөгү менен жасалгаланган, заңгыраган үйлөрдүн баарынын таш-талканы чыгат”.

Самариянын тагдыры

(3:9-15) Азот менен Египеттин үйлөрүнүн төбөсүндө туруп алып жар салгыла: “Самариянын тоолоруна чогулгула да андагы бейбаштыктар менен кылмыштарды көрүп алгыла! Самариялыктар адилеттик деген эмне экенин билишпейт. Сандыктары зордук-зомбулук менен тапкан байлыктарга карк болду. Ушундай кылышканы үчүн душмандары келет да, курчап алып, чептерин талкалап, сандыктарын тартып алышат. Чабанга арстандын оозунан козусун куткарып алуу кыйын. Көп болсо кулагынын учу менен шыйрактарын сууруп калар. Азыр Сириянын керебетинин бурчунда, Дамасктын жумшак төшөгүндө олтурган бузуку Исраил менен да ошондой болот. Ушуну Жакыптын балдарына айткыла! — дейт кудурети күчтүү Жараткан Эгебиз, —Исраилди кылмыштары үчүн жазалаган күнү Бетелдеги курмандык чалчу жайларды кыйратам. Курмандык чала турган жайлардын бурчуна орнотулган мүйүздөрдүн баары кыя чабылат да жерге ыргытылат. Кышкы үйлөрдү да, жайкы үйлөрдү да ойрондойм. Пилдин сөөгү менен жасалгаланган, заңгыраган үйлөрдүн баарынын таш-талканы чыгат”.

Амос 4

Исраил Кудайга кайрылбады

(4:1-13) “Эй, Самария тоосундагы Башандын кунаажындары, уккула! Силер кедейлерди эзип, мусаапырларды кыйнап, кожоюндары-ңарга: “ичимдик алып келчи, ичели!” — дедиңер. “Илмек менен илип, илмектен калгандарыңарды кайырмак менен сүйрөп кете турган убак келет”, — деп Теңир өз ыйыктыгын кепил кылып, ант берген. Дубалдын туш келген тешигинен атып чыгасыңар, заңгыраган ак сарайларыңарга жасалгаларыңарды таштай качасыңар, — дейт Теңир. Баргыла, Бетелде күнөөңөрдү уланта бергиле, Галгалга баргыла да кылмышыңарды көбөйтө бергиле, күндө таң эрте курмандыгыңарды чала бергиле, ар бир үч жылда15 ондугуңарды апкеле бергиле. Кудайга ыраазычылык келтирген курмандыкка ачыган наныңарды апкелгиле, тартуу курмандыгыңарды элдин баарына жарыя кылып, мактангыла. Силер ушуну сүйөсүңөр, Исраилдин балдары, — дейт Теңир. Ошондуктан шаарларыңардын баарын мен тамаксыз калтырдым, кыштактарыңарда нанды тартыш кылдым, бирок ошондо да силер мага кайрылбадыңар, — дейт Теңир. Жамгырды эрте, күзгө али үч ай калганда эле токтоттум. Бир шаарыңарга жаадырып, башкасына жаадырбай койдум. Бир талааңар жамгыр ичсе, башка талааңар какшып жатты. Анан эки үч шаар суусунун кандыруу үчүн, бир шаарга чогулушту. Чогулушкан менен кангыча иче алышпады. Ошондо да мага кайрылбадыңар, — дейт Теңир. Мен силерге өңү өчүп, көгөрүп кеткен нан бердим. Багыңар, жүзүмзарларыңар, анжирлериңер, олива дарактарыңар кырк аякка жем болду, бирок ошондо да мага кайрылган жоксуңар, — дейт Теңир. Мисир жарасындай жугуштуу жара менен жабыркаттым, балдарыңарды кылычтап кырдырдым, аттарын туткунга алдырдым, жашаган жериңерден сасык жыт каңылжар жарды, ошондо да мага кайрылган жоксуңар, — дейт Теңир. Содом менен Гоморраны күм-жам кылганымдай, силерди да кыра баштап, бирок кайра оттон сууруп алынган отундай кыйроодон силерди сууруп алдым, бирок баары бир силер мага кайрылган жоксуңар, — дейт Теңир. Ошондуктан, эй, Исраил, мен сени жазалайм, демек, сен Кудайың менен кездешкенге даярдана бер, уктуңбу Исраил? Тоо-таштарды жараткан, шамалды соктурган, адамдын дилиндегисин билип, ачыкка чыгарган, таңды караңгыга айланта алган жана жер бетинде салтанаттуу басып жүргөн Кудай ушундай дейт. Анын аты — кудуреттүү Кудай Эге.

Амос 5

Күнөөлөрдөн баш тартууга чакыруу

(5:1-17) Эй, Исраил, ук мени! Сени жоктоп, кошок кошом, кулак сал: “Исраил, сен аруу кыз элең, жаза басып, жыгылдың, эми эч качан тура албайсың! ¤з ата-мекениңде сулап калдың, тургузаар эч кимиң жок." Жараткан Кудай мындай дейт: “Миң жоокери менен аттанып чыккан шаар, жүзү менен калат. Жүзү менен чыккан шаар, Исраилде ону менен калат.” Исраилге Теңир мындай дейт: “Мени издеп, тапкыла, ошондо аман каласыңар. Бетелди издебегиле, Галгалга барбагыла, Вирсавияда сандалбагыла. Анткени Галгал бүт бойдон туткунга кетет, Бетел болсо жер менен жексен болот. Ошондуктан аман калалы десеңер Теңирди издеп тапкыла. Ал от сымал Жусуптун журтун аралап, Бетелди жалмайт, ошондо эч ким аны өчүрө албайт. Эй, адилеттикти ачууга айланткандар, акыйкатты жерге тепсегендер! Айткылачы, жетиген менен алтын казыкты жараткан ким? Караңгыга жарык чыгарган ким? Бул иш Жараткан Эгебиздин гана колунан келет. Жараткан Эгебиз күчүнө чиренгенге ойрондоочуну жиберип, чебин талкалатат. А силер дарбазаңарда туруп алып, айыбыңарды бетке айтып, ашкере кылганды жактырбайсыңар. Акыйкатты сүйлөп жаткандан жүзүңөрдү үйрүп, жийиркенесиңер. Анткени силер кедей-кембагалдарды эзип, алардан парага дан аласыңар. Ошондуктан силерди жылмаланган таштардан заңгырата салган үйлөрүңөргө жашатпайм, көйкөлтө өстүргөн жүзүмзарыңардын шарабынан ичирбейм. Анткени силердин кылмыштарыңардын канчалык көп экени, күнөөлөрүңөрдүн канчалык оор экени мага маалым. Силер актыктын душманысыңар. Кедей-кембагалдарга калыстык кылбай, ак сотту тепселеген паракорсуңар. Ошондуктан бул замандын акылдуусу унчукпай, оозун басып жүрөт. Анткени азыр заман бузулду. Аман калалы десеңер жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле, ошондо өзүңөр ойлогондой кудуреттүү Кудай силерге жар болот. Жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты сүйгүлө, шаарларыңарда ак сотту ордуна келтиргиле. А балким Жусуптун тукумунан калгандарга Теңир ырайым кылгысы бардыр. Кудуреттүү Кудай мындай дейт: “Көчөлөрдү өкүрүк каптап, жолдор өкүнүчкө толот. “Кап, аттигиниң ай” деп бармактарын тиштешет. Дыйканды аза күтүүгө, жамакчыны кошок кошконго алып келишет. Жүзүмзарларды ый басат, анткени мен силерди аралап өтөм”. Ушундай дейт Теңир.

Теңирдин күнү

(5:18-20) Теңирдин сот күнүн эңсегендерге кайгы! А күндүн силерге не кереги бар? Ал күн силер үчүн жарык эмес, караңгы болот! Ал күндө силер арстандан качып, аюуга кабылган адамдай болосуңар. ¤з үйүнө кирип, дубалын таяна калса колун жылан чагып алган кишидей болосуңар. Көрдүңөрбү, Теңирдин күнү жарыкты эмес, караңгылыкты алып келет. Ал күн караңгы, анда жарык жок.

Кудай Исрайылдын таат-ибадат кылганын кабыл албайт

(5:21-27) “Мен силердин диний майрамдарыңарды жек көрөм, аларды кабыл албайм, салтанаттуу жыйналыштарыңарда тура албайм. Ал тургай толук өрттөлүүчү курмандыктарыңар менен нан курмандыктарыңарды да кабыл албайм. Ыраазычылык курмандыгына багыштап алып келген бордолгон букаларыңарды карабайм. Ыр ырдап, ызы-чуу салбай жоголгула менин алдыман! Кыяктарыңардын үнүн уккум келбейт. Андан көрө адилеттикти суудай агызып, акыйкатты дарыядай шаркыратпайсыңарбы!” “Эй, Исраил, жооп берчи: сен кырк жыл бою чөлдө жүргөнүңдө мага курмандыкка мал менен нанды апкелчү белең? Жок! Падышаң Молохтун алачыгы менен кудайың Ремфандын жылдызын көтөрүп жүрдүң. Аларды сен өз колуң менен жасап алгансың. Ушунуң үчүн мен сени Дамасктан өр жагына көчүрөм!” — дейт Теңир. Анын аты кудурети күчтүү Кудай.

Амос 6

Өзүнө өзү маашыр болгон самариялыктарга кайгы

(6:1-14) Теңир Тоодо өзүнө өзү маашырланып, Самария тоосуна таянып, анын түбүндө жашаганга мактанып, эл алдында атагы таш жарган чоңдор — силерге кайгы. Силерден кеңеш сурап келген кайран гана эл. Калнех шаарына өтүп барып, аны карагылачы. Андан ары Амат шаарына барып көргүлө. Аматтан Филистимдин Гат шаарына түшкүлө. Алар эмне, силердин падышачылыгыңардан жакшыраакпы? Алар силердин кош падышачылыгыңардан артыкпы? Жериңерден жери кеңби? Силер алаамат күнүн алыс деп ойлоп, өзүңөрдүн үстүңөрдөн зордук-зомбулук бийлик кыла турган күндү берилетип жатасыңар. Пил сөөгүнөн жасалган керебетте жатып, мамык төшөктө магдырап, жайыттагы кой менен ноопастардын семизинен жеп, жыргап жүрөсүңөр. ¤зүңөрдү Дөөткө теңеп, күү чертип, ырдамыш болосуңар. Чынылап шарап шимирип, атырдын мыктысынан шыбанып, дегеле болбойсуңар, бирок Жусуптун тукумунун башына түшкөн кырсыгына көңүл буруп койбосуңар! Эми көргүлүктү көрөсүңөр, биринчи болуп силер туткунга кетесиңер. Лаззатыңар бүтөт. Эгемен Кудай өз аты менен ант берип, мындай дейт: “Жакыптын элинин бой көтөргөнүнөн ирээнжийм. Заңгыраган сарайларын жек көрөм. Шаары менен кошо андагы болгон нерсенин баарын кастарынын колуна салып берем. Кокустан кайсы бир үйдө он киши калып калса, алар да кырылат. Ошондо алардын сөөктөрүн сыртка алып чыгып өрттөө үчүн туугандары келип, үй ичинде жашынып калгандан: “Үйдө дагы ким бар?” — деп сурайт. “Эч ким жок” — деп жооп берет тигил. Ошондо бул тууганы: “Жап оозуңду! Биз Теңирдин атын айтпашыбыз керек!” — дейт. Анткени Теңир буйрук берди. Эми ал заңгыраган имараттардын таш-талканын чыгарат, чакан тамдарды күлгө айлантат. Аттар асканын бетинде арыш кере алабы? Аскаларды өгүз менен айдоого болобу? А силер болсо адилеттикти ууга, калыстыктын жемиштерин заарга айланттыңар. Силер, санда жок нерселерге суктанып, “биз өзүбүздү өзүбүз күчтүү кылдык” дегендер, угуп алгыла: Жараткан Теңир мындай дейт: “Исраил тукуму, мен силерге бир элди каршы чыгарам. Алар силерди Аматка кире бериш жерден тартып, Арабах сайына чейин кубалап барышат”.

Амос 7

Амостун аянындагы чегирткелер

(7:1-3) Мага Жараткан Эгем мындай аян берди: падышанын чөп чабыгынан кийинки акыркы чабыктын чөбү кылайып, чыгып келе жатканда Кудай кара тумандай болгон чегирткелерди жаратканын көрдүм. Чегирткелер жердеги чөптү жеп бүткөндө, мен: “Оо Жараткан Эгем, ырайым кыла көр! Жакыптын эли кантип туруштук бере алат? Ал азыр абдан аз да”, — дедим. Ошондо Теңир ырайым кылып: “Макул мындай болбойт”, — деди.

Оттун көрүнүшү

(7:4-7) Жараткан Эгем мага дагы мындай аян берди: элди жазалоо үчүн Теңир от жаратты, ошол от зор туңгуюкту кургатып, жерди жалмады. Ошондо мен: “Оо Жараткан Эгем, токтото гөр. Буга Жакыптын эли кантип туруштук бере алат? Ал азыр абдан аз да”, — дедим. Эгем ырайым кылды да: “Макул, мындай болбосун”, — деди.

Асма таштын көрүнүшү

(7:7-9) Жараткан Эгем мага дагы мындай аян берди: Теңир асма салмоор менен түптүз, кыналып салынган дубалдын жанында туруптур, колунда болсо коргошундан куюлган асма салмоор бар экен. Теңир менден: “Амос, эмнени көрүп турасың?” — деп сурады. “Асма салмоорду”, — деп жооп бердим мен. Ошондо Теңир: “Мен өз элим Исраилдин арасына асма салмоор таштайм. Мындан ары аларды кечирбейм. Исхактын курмандык чала турган дөбөлөрү талкаланат, Исраилдин ыйык жайлары бырын-чырын болот, анан кылычымды көтөрүп, Эгеробамдын адамдарына каршы чыгам”, — деди.

Диний кызматкердин Амосту токтотууга аракети

(7:10-17) Бетелдик диний кызматкер Амазия Израилдин падышасы Эгеробамга кабар жиберди: “Амос элди сага каршы тукуруп жүрөт, айткан сөздөрүн адам эмес, жер чыдап көтөрө албайт. “Эгеробам кылычтан өлөт, Исраил сөзсүз туткунга кетет”, — деп жар салып жатат”, — деди. Анан Амоско мындай деди: — Эй, көзү ачык! Жүүт жерине кайра кет! Ошол жактан наныңды таап жеп, пайгамбарчылыгыңды ошол жакта кыл! Бетелде пайгамбарчылык кылганыңды токтот, анткени бул жерде падышанын касиеттүү жайы менен анын падышачылыгынын ибадатканасы бар. — Мен эч качан пайгамбар да, пайгамбардын баласы да болгон эмесмин. Мен мурда карапайым чабан элем. Сикамора өстүрчүмүн. Бирок Жараткан Эгем малымдан бөлүп алып: “Менин элим Исраилге барып пайгамбарчылык кыл!” — деди. Эми сен Теңирдин сөзүн угуп ал. Сен: “Исраилге каршы пайгамбарчылык кылба! Исхактын урпактарына каршы сөз сүйлөбө!” — дейсиң. Ушунуң үчүн Теңир сага мындай дейт: “Шаардын ичинде аялыңдын абийири кетет. Уул-кыздарың кылычтан сулашат. Жериң жер ченегич аркан менен бөлүнөт. ¤зүң капырлардын жеринде өлөсүң. Исраил сөзсүз ата-мекенинен күч менен чыгарылып, туткунга кетет”.

Амос 8

Бышкан мөмөлөр салынган себеттин көрүнүшү

(8:1-10) Жараткан Эгем мага дагы мындай аян берди: Алдымда бышкан мөмө-жемиш салынган себет турду. Теңир мага: — Амос, эмнени көрүп турасың? — деди. Мен: — Бышкан мөмөлөр салынган себетти, — деп жооп бердим. Ошондо Теңир мага мындай деди: — Менин элим Исраилди оро турган убак келди, мындан ары аны аябайм. Ошол күнү ибадатканадагы ырлар өкүрүккө айланат, бүт жер өлүктөргө толот, өлгөн адамдарынын денелерин үн-сөзсүз ар ар жерге ыргытып ташташат. Эй, кедейлерди кордоп, жакырларды тепселегендер, уккула! Силер: “Эптеп күтүп туралы, ай толсун, ыйык күндөр өтүп кетсин, ошондо кайрадан даныбызды сатабыз. Кампаларыбызды ачабыз да ченемибиздин көлөмүн азайтып, бааларыбызды көтөрөбүз. Таразадан да алдап жейбиз. Калбырдан өтпөй калган даныбызга чейин сатып, пайда көрөбүз. Ошондо кедейлерди бир жуп бут кийимге сатып алабыз”, — дейсиңер. Жакыптын урпактары сыймыктанган Теңир: “Мен алардын жамандыктарынын бирин да эч качан унутпайм!” — деп өзүнүн атынан ант берген. Ошондуктан жер силкинип, андагылар боздоп ыйлайт. Бүт өлкө астын-үстүн болот, Нил дайрасындай толкундайт. Чак түштө күндү батырып, күпкүндүз караңгыга чулгайм. Майрамыңарды азага, ырларыңардын ыйга айлантам. Кара кийгизип, чачыңарды устара менен кырдырам. Ошондо ботодой боздойсуңар. Ал күндүн арты азап менен бүтөт”.

Кудай сөзүн угууга зар боло турган убакыт

(8:10-14) “Мен жер бетине ачарчылык менен жут каптата турган кез келе жатат, — дейт Жараткан Эгем, — нанга болгон ачарчылыкты эмес, сууга болгон суусоону эмес, Теңирдин сөздүн угууга суусоо жиберем. Ошондо Теңир сөзүн деңизден деңизге өтүп издешет, түндүктөн чыгышка каңгышат, бирок табышпайт. Ошол убак келгенде чымыр жигиттер менен чырайлуу кыздардын жумуру катат. “Дандын кудайы менен анттанам!”, “Вирсавиянын кудайы урсун!” деп Самариянын шермендечилигин оосанып анттанышкандар эч качан кайра тургус болуп кулашат.

Амос 9

Исраил өлкөсү кыйрашы тууралуу пайгамбарчылык

(9:1-5) Мен курмандык чала турган жайдын жанында турган Теңирди көрдүм. Ал мындай деди: “Каалганын аркагын ыргыта сок, кашектери ажырап, баарын там басып калсын. Аман калгандарын болсо мен кылыч менен кырам. Эч ким качып кутулбайт. Көр түбүнө кирип алышса да сууруп алам, көккө чыгып кетишсе да кулатып түшүрөм. Кармилдин21 чокусуна чыгып, жашынып калышса да табам. Деңиздин түбүнө түшүп кетишсе, деңиз жыланына: “аларды таап чаккын!” деп буйрук берем. Душмандары туткундап алып кетишсе, алып кетишкен жагынан өлтүртөм. Жакшылык кылуу үчүн эмес, жамандык кылуу үчүн көзүмдү алардан бурбайм".

Исраил өлкөсү кыйрашы тууралуу пайгамбарчылык

(9:1-5) Мен курмандык чала турган жайдын жанында турган Теңирди көрдүм. Ал мындай деди: “Каалганын аркагын ыргыта сок, кашектери ажырап, баарын там басып калсын. Аман калгандарын болсо мен кылыч менен кырам. Эч ким качып кутулбайт. Көр түбүнө кирип алышса да сууруп алам, көккө чыгып кетишсе да кулатып түшүрөм. Кармилдин21 чокусуна чыгып, жашынып калышса да табам. Деңиздин түбүнө түшүп кетишсе, деңиз жыланына: “аларды таап чаккын!” деп буйрук берем. Душмандары туткундап алып кетишсе, алып кетишкен жагынан өлтүртөм. Жакшылык кылуу үчүн эмес, жамандык кылуу үчүн көзүмдү алардан бурбайм”.

Теңирдин жазасы тууралуу

(9:6) Кудуреттүү Кудай Эгем жерге чыпалагын тийгизгенде, жер ээрип, анда жашагандардын баары боздоп ыйлашат. Жер Нил дайрасы сыяктуу көтөрүлүп барып, кайра күп эте түшөт. Теңир турагын асманга куруп, төбөсүн жерге жеткизди. Мухиттерди оп тартып туруп, жер бетине бүркөт. Анын аты — Эгедер.

Исраил өлкөсү кыйрайт

(9:7) “Эй, исраилдиктер, мен үчүн силер куштуктардан артыксыңарбы? — дейт Теңир, — силерди Мисирден, филистимдиктерди Каптордон, арамейликтерди Каирден алып чыккан мен эмесминби?”

Теңирдин өзгөчө ырайымы

(9:8-10) Жараткан Эгенин көзү күнөөкөр мамлекетти көрүп турат. “Мен андай мамлекетти сөзсүз жер бетинен жок кылам, бирок ошондой болсо да Жакыптын элин тукум курут кылбайм, — дейт Теңир, — бир да ыкыр-чыкырды жерге түшүрбөй элеген эгиндей, жакында буйрук берип Исраил элин элетип, бардык элдердин арасына чачамын. Менин элимдин арасындагы күнөөкөрлөрдүн баарынын башы кесилет. “Кырсык бизге келбейт да жеңбейт” дегендердин баары өлөт.

Исраилдин кайра тургузулушу тууралуу пайгамбарчылык

(9:11-15) "Ошол күндө мен Дөөтүн жыгылган чатырын кайра тургузам, айрылган жерлерин оңдоп, бузулган жерлерин калыбына келтирип, байыркы убактардагыдай кылып кайра тигем. Эдомдон калган урпактары менен менин атымды алып жүрүшкөн бардык элдердин жерлерин ээлесин деп ушундай кылам, — дейт ушул иштерди кылуучу Теңир. Оро турган убакка чейин эле эгин бышкан, жыйнай турган кезге жетпей жүзүм тере турган берекелүү доор келатат. Ошондо тоолордон жүзүм тамчылап, дөбөлөрдөн таттуу шарап агат. Туткунга кеткен элим — Исраилди кайра алып келем. Алар каңгырап ээн калган шаарларды кайра куруп, көчүп киришет. Жүзүмзар олтургузушуп, шарабын ичишет. Бак отургузушуп, жемишин жешет. Мен берген жерден эч качан кайра тамыры менен жулунбай тургандай кылып, элим Исраилди өз ата-журтуна кайра кондурам”. Оо Исраил эли, силерге Жараткан Эгеңер ушундай дейт.

Абди 1

Кудай Едомду жазалайт

(1-9) Жараткан Эге элдерге өзүнүн кабарчысын жиберди. Кабарчы бизге: “Жүргүлө, Едомго каршы согуш ачалы!” — деди. Биз аны уктук. Жараткан Эге Едомго мындай деди: “Мен сени алсыратып, бардык элдерге жек көрүндү кылам. Сен көөп кеттиң, ошондуктан өзүңдүн башыңды өзүң айлантып алдың. Сен бийик жайларда, аскар тоолордун арасында жашап: “Мени эч ким кулата албайт!” — деп ойлойсуң. Эй, Едом, оозуңа кара! Бүркүт болуп, көкөлөп учуп барып, жылдыздардын арасына уя салсаң да, мен сени ошол жактан чаап түшүрөм. Карачы, кандай тонолгонсуң! Сага ууру кирген эмес беле? Жүзүмзарыңа түн жамынган кески келген жок беле? Ууру деле керегине жараша гана алып кетет ко! Кескинин артынан деле бир нерсе калат эмеспи! А сен болсо таптакыр жылас болупсуң. Каткан сандыктарыңда таш-балакет да калбаптыр. Шериктештериң сени алдап кетишти, өз мекениңден айдап чыгышты. Сени менен тынчтыкта жашаган элдердин алдында калдың. Табакташ досторуң, аркаңдан бычак сайып кетти. Алар: “Мунун башы кайда калган?” деп жатышат. Сен “баштууларыңдан” айрылып калган ошол убакта, мен сени жазалайм. Баштуусунгандарыңды сулата чаап, акылдуусунгандарыңды жер бетинен шыпырып салам. Ошондо Теманыңдын согушчандары коркконунан алдастап, аскери толук кырылат”.

Едомдун жазаланышынын себептери

(10-14) Жараткан Эге Едом тууралуу мындай дейт: “Бир тууганың Жакыптын урпактарын талап-тоноп, кырганың үчүн сен кыйратылып, түбөлүккө шерменде болосуң. Анткени жоо келип, аларды камалап, дарбазаларынын түбүндө турганда сен кайдыгердик кылдың. Бөтөн уруулар келип, Кудустун байлыгын топ таш ыргытып, бөлүп жатышканда, сен да ошолордун бириндей болдуң. Сен бир тууганыңдын башына кырсык түшүп турган кезде аны табалап, үстүртөн карап турбашың керек болчу. Боордошуң Яхуданын балдарынын шору катып турганда оозуңду жалжайтып, ырсаңдабашың керек болчу. Менин элим башына келген кайгыдан мүңкүрөп турганда дарбазасын аттап кирбешиң керек болчу. Ал тургай анын кырсыгын карабашың керек эле. Башы балээге малынып турганда мүлкүнө тийбешиң керек эле. Жолдордун айрылышында туруп алып, качып бараткандарын аңдып, өлтүрбөшүң керек эле. Качып чыгып, аман калгандарын кармап алып, душмандын колуна салып бербешиң керек эле.

Бүт элдердин үстүнөн болчу сот

(15-16) Бардык элдердин үстүнөн сот жүргүзө турган күнүм жакындап калды. Cен башкаларга эмне кылсаң, өзүңө да так ошону кылам. Кылган иштериң өз башыңа кайтат. Менин элим Исраил ибадаткана турган ыйык тоонун арасында жазанын ачуу шарабын ичти, бирок айланадагы элдерге андан да ачуураагын ичирем. Ичкенде да кускуча, тынбай ичишет. Кусушат, кайра ичишет, кусушат, кайра ичишет, ошентип акыры таптакыр соолуп, жок болушат.

Исраилдин жеңиши

(17-21) Ал эми Кудуста жашагандарды куткарам. Кудус ыйык жай болуп, Жакыптын урпактарынын энчисине тиет. Жакып менен Жусуптун урпактары саманды жалмаган оттой Исавдын тукумун жок кылат. Исав тукум курут болот. Муну мен — Жараткан Кудай айтып жатамын. Исраилдиктердин түштүктөгү чөлдө жашагандары Едомдун тоолорун, тоо этегиндегилери Филистим, Ефрайим жана Самарияны басып алышат. А Бенжамин уруусу болсо Галаадды ээлейт. Туткундан кайтып келген түндүк исраилдиктердин тукуму Финикияны, ошондой эле Сарептага чейинки аймакты басып алышат. Ал эми Сардистеги туткундан кайтып келген иерусалимдиктер түштүк Яхуданын тоолорун ээлешет. Жетекчилер Едомдун тоолорун башкаруу үчүн Теңир Тоого чыгышат. Ошентип бул элдин чыныгы Ханы Теңирдин өзү болот.

Жунус 1

Жунус пайгамбардын Кудайдан качып жөнөшү

Бир күнү Жараткан Теңир Амитай уулу Жунуска: “Тур, улуу шаар — Ниневияга барып, күнөөлөрүн ашкереле! Анын кылган жамандыктары менин кулагыма жетти”, — деди. Жунус болсо ордунан тура калып, Теңирден качып кутулуш үчүн тескери жакка бет алды. Яффа шаарына келип, Испанияга кете турган кемени таап, жол киресин төлөп, ошого түштү. Жунустун ою боюнча Испанияда Теңир жок имиш. Жолдо Теңир катуу бороон удургутуп, деңизди алай-дүлөй кылды. Кеме талкаланганы калды. Кемечилердин жаны чыгып, ар кимиси өз-өз кудайларына жардам сурап, жалынып киришти. Анан кемени жеңилдетүү үчүн жүгүн деңизге ыргыта башташты. А Жунус болсо кеменин төмөнкү бөлүгүнө кирип жатып алды да, куш уйкуну салды. Уктап жаткан жеринен аны капитан көрүп калып: — Эй, сен эмне уктап жатасың? Тур да кудайыңан жардам сурап сыйын! Балким бизге ырайым этип, сактап калаар, — деди. Ошол убакта кемечилер өз ара акылдашып: — Жүргүлө, чүчү кулак кармашып, кимдин айынан ушундай кырсыкка туш болгонубузду билели, — дешти. Чүчү кулак кармашканда акыркысы Жунус болуп чыкты. Ошондо Жунуска келишип: — Эми бизге айт, буга ким күнөөлүү? Эмне иш кылып жүрөсүң? Кай жерликсиң? Улутуң ким? — деп сурашты. — Мен евреймин, — деди Жунус, — сыйынганым асман-жер менен деңизди жараткан Көк Теңири. Анан Жунус аларга Теңирден качып баратканын айтты. Ошондо тигилердин жүрөгү түшүп: — Эмне үчүн анттиң? — дешти. Бороон улам катуулап бараткандыктан алар Жунустан: — Бороонду тынчытыш үчүн эмне кылышыбыз керек? — деп сурашты. Жунус: — Мени деңизге ыргытып жиберсеңер бороон басылат. Анткени силер менин айыман ушундай кырсыкка туш болдуңар, — деп жооп берди. Бирок кемечилер күчүнүн барынча кемени жээкке чыгарууга жандалбасташты. Бороон болсо күчөгөндөн күчөп, бет маңдайдан согуп туруп алды. Ошондо алар: “Оо Теңир, бул кишинин өмүрү үчүн бизди өлтүрө көрбө! Анткени мунун баарын сен кылып жатасың, бул сенин ишиң”, — деп Теңирге жалынышты. Анан Жунусту кармашты да, деңизге ыргытып жиберишти. Ошол замат бороон тып басылды. Кемечилерге бул окуя ушунчалык Кудайдан коркуу сезимин туудургандыктан, алар курмандык чалып, Теңирге кызмат кылабыз деп убада беришти. Жунусту болсо Кудайдын амири менен чоң балык жутуп алды. Жунус ал балыктын ичинде үч күн, үч түн жатты.

Жунус 2

Жунус пайгамбардын сыйынуусу

Балыктын курсагында жатып, Жунус пайгамбар Теңирине мындай деп сыйынды: “Кырсык башка түшкөндө, Өзүңө, Эгем, кайрылдым, Ошондо уктуң Теңирим. О дүйнөнүн түбүнөн Жардам сурап жалынсам Кулак салдың Теңирим. Сен мени салдың тереңге, Деңиздин эң түбүнө, Суу астына бастырдың, Толкундарга тапшырдың. Сенден такыр куулуп, Эч качан ыйык үйүңдү Көрбөйм го деп санааркайм. Деңизге калдым басылып, Балырга башым оролуп, Жатамын сууда тумчугуп. Тоолордун түбүнө жеттим, Дарбазасы ачылбас, Жердин астына кеттим. Бирок сен мени Теңирим, Туңгуюктан куткардың. Чымындай жаным чыркырап, Чыгып бара жатканда, Оо Теңир сага жалындым Ошондо ыйык үйүңөн Yнүмдү уктуң Кудайым! Сени чанып кеткендер — Буттарды кудай кылгандар. Бирок мен мактайм бир сени, Өзүңө чалам курмандык, Шерттеримди аткарам. Анткени бир гана сенсиң — Куткаруучу Кудайым.” Анан Теңирдин буйругу менен балык Жунусту жээкке бүркүп салды.

Жунус 3

Жунустун Кудайга моюн сунушу

Жараткан Эге Жунуска кайрадан кайрылып: “Улуу шаар Ниневияга бар да мен сага айткан кабарды жарыяла!” — деди. Жунус тил алып, Ниневияга барды. Шаар ушунчалык чоң болгондуктан Жунус анын бир башынан экинчи башына үч күндө араң жетти. Ал биринчи күнү кечке чейин жол жүрүп, эч кандай кабар таратпады. Экинчи күн дегенде гана: “Кырк күндөн кийин Ниневия кыйрайт”, — деп айта баштады. Ошондо шаардыктар Кудайдын кабарына ишеништи. Орозо тутуп, чоң-кичине дебей, кара кийиништи. Кабар Ниневиянын падышасына жеткенде ал да тактысынан туруп, зумбал жамынып, күлгө отурду. Элине кабарчыларын жөнөтүп: “Падыша вазирлери менен бирге буйрук кылат: адам болобу, мал болобу, кыбыр эткен жандын баары тамак жебесин да суу ичпесин. Адамдарга да, малга да зумбал кийгизилсин! Кудайга зар-какшап, жалынгыла! Бузуку жүрүш-турушту таштагыла! Балким ошондо Кудай оюн өзгөртүп, каарынан кайтаар да биз аман калаарбыз”, — деген буйрукту жарыя кылды. Кудай алардын мунусун көрдү. Күнөөлүү иштерин таштагандарын байкады. Анан оюн өзгөртүп, мурда айтканын кылбоону, аларды жазалабоону чечти.

Жунус 4

Жунустун ачуулануусу жана Кудайдын мээрими

Жунус буга абдан капа болуп, ачууланды. — Оо Эгем, үйүмөн чыга элегимде эле ушундай болот дебедим беле? Ошондуктан Испанияга качып жөнөгөн болчумун. Сенин ар дайым мээримдүү, ырайымдуу, көтөрүмдүү, боорукер, оюңду өзгөртүп, жазалабай коюга дайым даяр экениңди билгем, — деди ошондо Жунус, — эми Эгем, менин жанымды ал, мындан көрө өлгөнүм артык. — Жунус, сен эмнеге ачууланып жатасың? — деди Теңир ага. Ошондо Жунус шаардын чыгыш тарабына өтүп барып олтуруп алды. Баш калкалай турган нерсе жасап, көлөкөсүндө Ниневияга эмне болор экен деп күтүп олтурду. Теңир Жунуска жакшыраак көлөкө болсун деп, жанынан чоң өсүмдүк өстүрүп чыгарды. Ал Жунуска аябай жакты. Бирок кийинки күндүн кечинде Кудайдын буйругу менен өсүмдүктү курт жеп, соолутуп салды. Күн чыкканда Кудай чыгыштан ысык шамал соктурду. Жунустун төбөсүнөн күн өтүп, эстен танганы калды. Жунус өлгүсү келди. “Мындан көрө өлүп калсам гана!” — деди ал. Теңир: — Бул өсүмдүк үчүн эмнеге ачууланып жатасың? — деп сурады. Жунус: — Эмне үчүн ачууланбайм? Ушундан көрө өлгөнүм артык эмеспи! — деди. Ошондо Жараткан Эге ага мындай деди: — Бул өсүмдүк бир түндүн ичинде өсүп чыгып, экинчи түнү жок болду. Ал үчүн мээнет кылган да, аны өстүргөн да сен эмессиң, бирок карачы, ичиң ачышып жатат. Анан оң колунан сол колун айырмалай албаган жыйырма төрт миң адамы, сан жеткис малы бар улуу шаар Ниневия үчүн менин ичим кантип ачышпай коёт?

Micah 1

Micah 2

Micah 3

Micah 4

Micah 5

Micah 6

Micah 7

Нахум 1

Нахум пайгамбардын көргөн аяны

(1:1) Елкош айылынан чыккан Нахум пайгамбар Ниневия шаары тууралуу Кудайдын аян алып, ушул китепке жазган.

Кудайдын каарына ким туруштук бере алат?

(1:2-8) Жараткан Эге жалган кудайлардан өзү жараткан пенделерин кызганат. Жалган кудайларга сатылып кеткендерден сөзсүз өч алат. Каары кайнаганда касташкандарын аябайт. Жараткан Эге абдан көтөрүмдүү, ошондой эле кудуреттүү. Айыпка көз жумуп, жазалабай койбойт. Жүргөн жеринде деңиз албуутанып, бороон болот. Таманынан чыккан чаң булуттай удургуйт. “Какшып кал!” десе деңиз какшып, дарыялар кургайт. Башандын талаалары такырайып, Кармилдин чокулары бозорот. Ливандын талаа гүлдөрү соолуйт. Жараткан Эгенин сүрүнөн тоо-дөбөлөр титиреп, ээрип кетет. Жер силкинип, ааламдын жана андагынын баарын калчылдак басат. Жараткан Эгенин каары келгенде анын алдында ким тура алат да, ким чыдай алат? Эч ким! Анткени ал каарданганда оттой жалындап, табынан аскалар чарт-чурт жарылат. Бирок Жараткан Эгебиз жакшы. ¤з пенделерине кыйынчылык мезгилде башпаанек болуп, ага кайрылгандарга кам көрөт. Ал эми душмандарын ташкындаган сел сымал жууп кетет, касташкандарын караңгыда калтырат.

Нахум пайгамбардын ниневиялыктарды айыпташы

(1:9-11) Силер эмне үчүн Теңирге жаман ой ойлоп жатасыңар?! Ал силерди кырып жок кылат, ошондо каршы чыга турган эч ким калбай калат. Эй, орум-жыйымдан кийин какшыган талаада калган куу тикенектей болгон аракечтер! Силер өрттөлөсүңөр! Эй, Ниневия, Кудайга арам ойлоп, бузуку план түзгөн неме сенден чыкты!

Ниневия шаары кыйрайт

(1:12-14) Теңир Яхудага мындай дейт: “Ассириялыктардын колу канчалык сансыз, күчтүү болсо да кырылат. Оо элим, мен мурда силердин башыңарга оор жүк салдым, эми антпейм. Мойнуңарга кийгизилген Ассириянын камытын талкалап, кишендерин сындырам.” Теңир Ассирияга мындай дейт: “Сенин атыңы өчүрүп, тукум курут кылам. Азыр мен сага көр даярдап жатам: бутканаларыңдагы “кудайларыңдын” айкелдерин талкалап, өзүңдү ошол жерге көмөм. Анткени сен жашоого татыксызсың!”

Эзүүдөгү элге кабар

(1:15) Яхуда, карачы, тоодон тоого секирип, кабарчы келетат! Ал жеңишти сүйүнчүлөгөнү келатат! Той бер, майрамда, Кудайга убада кылган курмандыктарыңды апкел, жырга! Адепсиз Ассирия ата-журтуңду экинчи тепселебейт! Ассирия жер менен жексен болду!

Нахум 2

Ниневия шаарына кабар

(2:1-6) Ниневия! Сени чачыратып, кыйрата турган душманың келатат! Тур! Чептериңди бекемде! Белиңди бекем буу! Күчүңдү топто! Душмандары чаап кете элегиндеги Жакыптын улуулугун, Исраилдин улуулугундай кылып, Теңир кайра калыбына келтиргени жатат. Бош калган жүзүмзарларын кайра өстүргөнү жатат. Душмандарыңдын калкандары кыпкызыл, кийимдери кырмызы. Ат арабалары оттой атырылып, урушка белен, аскеринин көбүнөн найзанын учу кылкылдайт. Жакында Ниневиянын көчөлөрүндө арабалар зуулдап, аянттарын дүңгүрөтүп, оттой жылтылдап, чагылгандай жаркылдайт. Ниневия өз баатырларын майданга чакырат, бирок баатырлары баса албай, алдастап калган. Сепилдерин коргоого жандалбасташат, бирок шаарын эбак эле душмандары курчап алган. Суу бөгөттөрү ачылып, ак сарайларда отургандарын өңдөрү купкуу.

Ниневия шаары таланып-тонолот

(2:7-12) Бүттү, Ниневия, тагдырың чечилди! Душмандарың ханышаңдын кийимин сыйрып алып, туткунга алып кетет. Күңдөрү көкүрөгүн койгулап, көгүчкөндөй онтоп, зарлап ыйлашат. Тукту жарган суудай болуп, эл шаардын дарбазасынан чыга качат. “Эй, токтогула, токтогула!” деген үнгө эч ким кылчайып карабайт. Ай, жеңүүчүлөр, келгиле, алтын-күмүштөрүн тоногула! Бул жердин байлыгына сан жетпейт. Эх, Ниневия, таланып-тонолуп, ойрондолуп, бүлүндүң го! Жүрөгүң түшүп, коркконуңан тизелериңди калчылдак басты го! Белиң бекчейип, көзүң чекчейди го! Ниневия, сен арстандардын үңкүрү элең, эмне болдуң, карачы!? Арстаның түгөйү менен жайбаракат басып, күчүктөрү кенебей жашаган жайың кана? Бул жерде арстаның алып келген тамагын тытмалап, түгөйү менен күчүктөрүнүн курсактарын уурдап келген тамагына тойгузчу эле.

Ниневия шаарына болгон Теңирдин каары

(2:13) “Сени элеби Ниневия, карап тур, мен сага эмне кылар экем! — дейт кудурети күчтүү Кудай, — арабаларыңды өрттөп, түтүнгө чулгайм! Элиңди кырып, талап-тоногондоруңдуң баарын кайра сенден сыгып алам. Элчилериңдин жаагын жап кылам.

Нахум 3

Ниневиялыктардын күнөөсү

(3:1-7) Аккан канга, алдамчылыкка, канкордукка, зөөкүрдүккө толгон Ниневиянын шору катты! Ошондуктан көчөлөрү чып-чып деп чабылган камчынын үнүнө, дүңгүрөгөн дөңгөлөктөрдүн дүбүртүнө, таскактаган аттардын кишенегине, калдыраган арабалардын бака-шакасына толуп, жатып калды. Атчандар ары-бери чабышып, кылычтын мизи жалт-жулт этип, найзанын учу кылкылдады. Шаар ичи өлүккө толду, тоо-тоо болуп ар жерде жатат, баскан сайын өлүккө чалынасың. Сыртынан көз жоосун алган, азгырма чырайы менен көп элдерди азгырып, өзүнө кул кылган, ичинен бузукулукка толгон шуркуянын жазасы ушул.

Ниневия шаары канчалык күчтүү болсо да жазадан качып кутула албайт

(3:8-17) Кудурети күчтүү Теңир мындай дейт: “Эй, Ниневия, этегиңди башыңа каптап, бүт элдерге шермендеңди чыгарам! Жек көрүндү кылып, бетиңе ылай шыбап шыбап бүт элдердин алдына чыгарып коем. Сени көргөндөрдүн баары: “Ниневиянын таш-талканы чыгыптыр! Боору ооруган эч ким жок! Көңүл айтып, соороткон да табылбайт!” — дешет. Эй, Ниневия, айтчы: айланасы суу чеп менен курчалган, Египеттин борбору Тебестен сен кыйынсыңбы? Ефиопия менен Египет ага кызмат кылып, Ливия менен Судан шериктештери болуп, күчү ашып-ташып турчу, билесиңби? Бирок ал көчүрүлүп, туткунга кетти. Жаш балдары көрүнгөн көчөнүн бурчунда ташбараңга алынды. Чоңдорунун тагдырын чүчү кулак кармап чечишип, чынжырлап, айдап кетишти. Ниневия, сен да ошондой болуп, ичип алгансып, эсиң эңгирейт. Сен да душмандарыңдан жашынарга жай таппай далбастайсың. Сенин чептериңдин баары бышып турган анжирге окшош: жемиштери силкип койгондун оозуна келип түшөт. Аскерлериң катын сыяктуу, ошондуктан душмандарыңа дарбазаларың кеңири ачылат да сепилдериңди от жалмайт. Душманың камалап турган убакка даярдап, суу сузуп алып кой да чептериңди бекемде. Ылайыңды тебелеп, кыш куйганга калыбыңды даярда. Бирок баары бир отко ороносуң. Кылыч башыңды кесет. Чегиртке жеген эгиндей болосуң. Сен чегирткедей көбөйдүң. Сенден чыккан соодагерлердин саны асмандагы жылдыздардан да көп. Бирок алардын дайнын таппай каласың. Аларың чегирткедей канатын жайып, туш-тарапка учуп кетишет. Сенин чоңдоруң ошол чегирткелерге окшош. Аскербашыларың суукта жылчыктарга жашынып, күн тийгенде дайнын таптырбай, туш келди учуп кеткен чиркейлердей.

Ниневия шаарынын башчыларынын кайдыгерлиги

(3:18,19) Эй, Ассириянын падышасы, чабандарың бейкапар уктап жатат. Билермандарыңдын эч нерсе менен иши жок. Элиң тоо-тоололорго чачылып, сандалып жүрөт. Кайра чогултканга эч ким жок. Жараларыңа дары табылбай, сыздатып жатат. Сен баарына катаалдык менен ызгаар мамиле кылып келген элең. Эч ким сенин зөөкүрлүгүңөн качып кутула алган эмес. Эми карачы: кыйраганыңды угуп, баары сүйүнүп, кол чаап жатышат.

Habakkuk 1

Habakkuk 2

Habakkuk 3

Zephaniah 1

Zephaniah 2

Zephaniah 3

Акай 1

Ибадаткананы кайра курууга убакыт жетти

(1:1-11) Персияны Дарий хан бийлеп турган экинчи жылдын алтынчы айынын биринчи күнүндө Жараткан Эге Акай пайгамбар аркылуу кабар берди. Бул кабар Яхуданын акими Шелтиелдин уулу Зоробабил менен Эгесадыктын баласы Иса имамга карата айтылган болчу. — Мына бул эл, — деди кудурети күчтүү Кудай Акайга, —“ибадаткана кура турган убак али келе элек”, — дейт. Анан Акай аркылуу элге кайрылды: — Өзүңөрдү байкап, текшерип көргүлөчү! Көп эгип, аз жыйнап алып жатасыңар, жесеңер курсагыңар тойбой, ичсеңер жук болбойт, кийимиңер жылыта албай жатат. Тапкан акчаңар, жыртык чөнтөккө кетип жатат. Эмне үчүн ушундай болуп жатат? Өз жолуңарды текшерип, ойлонуп көрбөйсүңөрбү! Кудурети күчтүү Кудай таала дагы мындай деди: — Тоого барып, жыгач алып келгиле да ибадаткананы кайра кургула. Ошондо мен ага көңүл буруп, анын ичинде зоболом көтөрүлөт. Кудурети күчтүү Кудай таала дагы мындай деди: — Мол түшүм күтөсүңөр, бирок аз жыйнап аласыңар. Yйүңөргө алып келгениңердин берекеси жок. Эмне үчүн? Ар кимиң өз көмөчүңөргө күл тартып, менин үйүм каңгырап ээн тургандыгы үчүн. Ошон үчүн асман жабылып, тып эткен тамчы тамбай, жер эч нерсе өстүрбөй жатат. Мен бүт тоо-түздөрүңөргө, эгин менен аштыктарыңарга, жүзүмзар менен май дарактарыңарга, дегеле жерде өскөн нерселери баарына кургакчылык чакырдым, адамдарыңарды куураттым, малыңарды жутаттым, кылган аракетиңердин кутун учурдум.

Кудайдын кабарына элдин ишениши

(1:12-15) Ошондо Зоробабил, Иса жана Вавилондогу туткундан кайтып келген элдин баары Жараткан Эгенин айтканына баш ийишти. Баарынын жандүйнөсүн Кудайдан коркуу сезими бийлеп, Теңирдин кабарчысы — Акай пайгамбардын сөзүн кабыл алышты. Анан Акай: “Жараткан Эгебиз: мен силерди колдойм деди” деп, Теңирдин айтканын элге жарыя кылды. Ошентип, Теңир Яхуданын акими Шелтиелдин уулу Зоробабилдин, Эгесадыктын имам баласы Исанын жана туткундан келген элдин жүрөгүнө ибадаткананы курууга каалоо берип, шыктандырды. Алар Дарий хандын бийлигинин экинчи жылынын алтынчы айынын төртүндө өздөрүнүн Кудайы — Жараткан Эгесинин ибадатканасын кайра курганга киришишти.

Акай 2

Теңирдин убадасы

(2:1-9) Жетинчи айдын жыйырма биринчи күнү Акай пайгамбарга Теңирден сөз келди. Ал мындай деди: — Яхуданын акими Шелтиелдин уулу Зоробабилге, улуу имам Эгесадыктын уулу Исага жана туткундан келген элге айт: мына бул ибадаткананын мурда кандай болгону кимиңердин эсинде бар? Азыр кандай болуп калыптыр? Ордунда эч нерсе жоктой, туурабы? Бирок, эч кимиңердин ындыныңар өчпөсүн! Жумушуңарды баштай бергиле, анткени мен силердин жаныңарда болом. Силер Египеттен чыкканыңарда ар дайым силер менен бирге болом деп убада кылган элем. Ошондон бери менин Рухум араңарда жашап жатат, ошондуктан коркпогула. Жакын арада асман менен жерди, кургактык менен деңизди дагы бир жолу титиретем. Бардык элдерди да титиретем, ошондо алар ошол элдердин байлыгын ала келишип, бул ибадатканын даңкын чыгарышат. Бул дүйнөдөгү алтын-күмүштүн баары меники. Жаңы ибадаткана мурдагысынан алда канча кооз болот. Ошол кезде бул жерде өз элимди ийгилик менен тынчтыкка бөлөйм.

Курулуштун башталышы

(2:10-19) Дарий хандын экинчи жылынын жыйырма төртүндө Акай пайгамбар аркылуу Теңир сүйлөдү. Ал мындай деди: — Диний кызматкерлерден сура: эгерде кимдир бирөө Кудайга багышталган этти этегине салып алып көтөрүп бара жатса, анан кокусунан этеги нанга, же кандайдыр бир кайнатып бышырылган нерсеге, же мусалдаска, же олива майына, же кандайдыр бир тамакка тийип калса, анда бул этти Кудайга багыштоого болобу? Бул тууралуу Мыйзам эмне дейт? Диний кызматкерлер: — Жок! — деп жооп беришти. Ошондо Акай: — А эгер өлүмтөгө бир жерин тийгизип алган адамдын бир нерсеси ушул тамактардын бирине тийип калсачы? Анда бул тамактар арам болуп эсептелеби? — деп сурады. Диний кызматкерлер: — Ооба, арам болот, — деп жооп беришти.

Яхуданын акимине берген Теңирдин убадасы

(2:20-23) Ошол эле күнү Теңир Акайга экинчи ирет сүйлөдү. — Яхуданын акими Зоробабилге айт! Мен жакында асман менен жерди силкилдетем. Падышалардын тактыларын томкоруп, күчүнөн ажыратам. Аскер арабаларын аңтарып, адамдарын сулатам. Аттары өлүп, чабандестери бири-бири менен кылычташат. Эй, Шелтиел уулу Зоробабил, угуп ал: ошол күнү мен сени мөөр шакегим кылып, менин атыман бийлик кылууга дайындайм. Бул ишке сени тандадым, анткени сен менин кулумсуң. Ошондо Акай эл алдында Кудайдан алган сөздү жарыя кылды: — “Менин алдымда турган азыркы эл ошондой, — дейт Теңир, —алардын кылган бардык иштери менен апкелген курмандыктары арам! Ушул күнгө чейинки күндөрдү эстегиле. Теңирдин үйүнүн негизине бир да таш коюла элегиңерге чейинки иштериңерди көңүлүңөргө түшүргүлө. Жашооңордо береке жок болчу. Жыйырма боо чыга турган чөмөлөгө барсаңар, он боо араң чогултуп алчусуңар. Шарап сактагыч жайдан элүү бөтөлкө сузуп алайын деп барсаңар, ойлогонуңардын жарымына да жетпей калчу. Кылган иштериңердин барын дат бастырып, наныңарды көгөрттүм. Эккениңерди мөндүр менен жайладым. Бирок силер ошондо да мага кайрылган жоксуңар. Бүгүн тогузунчу айдын жыйырма төртү. Ушул күнү ибадатканын негизи курулуп бүттү. Бүгүнкү күндөн баштап, силердин жашооңордо кандай өзгөрүүлөр болорун жакшылап байкагыла. Кампаларыңарды карагылачы: уруктукка бирдеме калыптырбы деги? Жүзүм, анжир, алма, май дарактарыңар мөмө байлашыптырбы? Жок! Бирок мен ушул күндөн тартып, баарына батамды берем. Ошондо Акай эл алдында Кудайдан алган сөздү жарыя кылды: — “Менин алдымда турган азыркы эл ошондой, — дейт Теңир, —алардын кылган бардык иштери менен апкелген курмандыктары арам! Ушул күнгө чейинки күндөрдү эстегиле. Теңирдин үйүнүн негизине бир да таш коюла элегиңерге чейинки иштериңерди көңүлүңөргө түшүргүлө. Жашооңордо береке жок болчу. Жыйырма боо чыга турган чөмөлөгө барсаңар, он боо араң чогултуп алчусуңар. Шарап сактагыч жайдан элүү бөтөлкө сузуп алайын деп барсаңар, ойлогонуңардын жарымына да жетпей калчу. Кылган иштериңердин барын дат бастырып, наныңарды көгөрттүм. Эккениңерди мөндүр менен жайладым. Бирок силер ошондо да мага кайрылган жоксуңар. Бүгүн тогузунчу айдын жыйырма төртү. Ушул күнү ибадатканын негизи курулуп бүттү. Бүгүнкү күндөн баштап, силердин жашооңордо кандай өзгөрүүлөр болорун жакшылап байкагыла. Кампаларыңарды карагылачы: уруктукка бирдеме калыптырбы деги? Жүзүм, анжир, алма, май дарактарыңар мөмө байлашыптырбы? Жок! Бирок мен ушул күндөн тартып, баарына батамды берем.

Закария 1

Теңирге кайрылгыла

(1:1-6) Персияны Дарий хан бийлеп турганына туптуура эки жыл сегиз ай болгондо Аддын небереси, Берекиянын уулу Закария пайгамбарга Жараткан Эге аян берди. “Закария, сен бар да элге айт: мен мурда аталарыңарга абдан каарданган элем, бирок азыр силерге: “Мага кайрылгыла, ошондо мен да силерге кайрылам! — дейм. Аталарыңардай болбогула. Мен аларга кулдарым — пайгамбарларым аркылуу: “Жаман жолдоруңардан, бузуку иштериңерден кайткыла!” деп айттыргам. Бирок алар сөзүмө тил алып, мага кайрылышкан жок. Менин сөзүмө назар салышпай, жыйынтыгында кырылышты. Кийин тобо келтиришип, кудуреттүү Кудайы - менин аларды күнөөлөрүнө жараша, жүргөн жолдоруна татыктуу шыбагасын бергенимди түшүнүштү.

Биринчи аян: төрт жылкынын көрүшү

(1:7-17) Дарий хандын бийлик кылып турганына эки жыл, он бир ай, төрт күн болгондо (Шебат айында), Теңир мага түндө аян берди. Аянда буларды көрдүм: Сайдагы мирт дарактарынын арасында жээрде ат минген бир киши туруптур, анын арт жагында дагы башка жээрде, ала-була жана ак боз аттар бар эле. Мен: — Таксыр, бул аттар эмнени билдирет? — дедим. Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште: — Азыр мен түшүндүрүп берем. Теңир аларды жерди чалгындап келүүгө жиберген, — деди. Анан алар мирт дарактарынын ортосунда турган Теңирдин периштесине: — Биз бүт жер жүзүн кыдырып чыктык, жер жардамга муктаж болуп, мүңкүрөп калыптыр, — деп жооп беришти. Ошондо Теңирдин периштеси мындай деди: — О кудурети күчтүү Кудай таала! Сен Иерусалим менен яхуданын шаарларына жетимиш жыл бою каарыңды төгүп келатасың. Качан аларга ырайым кыласың? Ошондо мени менен сүйлөшкөн периштеге Теңир жакшы, сооротуучу сөздөрдү айтты. Периште мага кайрылып, кудуреттүү Теңирдин айткандарын жар сал деп айтып берди: “Мен ыйык шаарым Иерусалимди абдан катуу сүйөм, ал эми анын айланасында жыргап, бейкапар жашап жаткан башка элдерге абдан катуу кыжырланып жатам. Анткени каарымды азайтканымда, алар жамандыктарды көбөйтүштү. Ошондуктан ырайым кылуу үчүн мен Иерусалимге кайра келдим. Менин үйүм калыбына келтирилет жана шаар кайра курулат”. Периште мага дагы бул сөздөрдү айтты: — Кудуреттүү Теңир: “Менин шаарым өркүндөп өсөт, кайрадан ага жардамга келип, өзүмө менчиктейм” деп жатат.

Экинчи аян: төрт мүйүздүн көрүнүшү

(1:18-21) Ушундан соң мен башымды көтөрүп, өгүздүн төрт мүйүзүн көрдүм. Ошондо мени менен сүйлөшкөн периштеден: — Булар эмнени билдирет? — деп сурадым. — Булар Яхуданын, Израилдин жана Иерусалимдин элин туш тарапка чачыраткан мүйүздөр, — деп жооп берди ал. Андан кийин Теңир мага төрт устаны көрсөттү. — Булар эмне кылганы бара жытышат? — дедим. — Алар Яхуданы толук талкалап, элин чачыратып жиберген элдердин жүрөгүнүн үшүн алып, кыйратканы бара жатышат, — деди периште.

Закария 2

Үчүнчү аян: жер ченегич кармаган кишинин көрүнүшү

(2:1-5) Ушундан соң аянымда жер ченегич аркан кармаган бир кишини көрдүм. Андан: — Кайда баратасыз? — деп сурадым. — Иерусалимдин узун-туурасын ченегени баратам, — деди ал мага. Аңгыча мени менен сүйлөшкөн периште алдыга кадам шилтеди. Ошондо дагы бир периште алдынан чыкты. Анан мени менен сүйлөшкөн периште ага мындай деди: — Жер ченегич көтөрүп жүргөн тигил жигитке айт: Иерусалим ушунчалык элге толуп, күтүрөгөн төрт түлүк малды батыра албай калат, ошондо адамдар анын сыртына да отурукташа башташат. Ал элдин коргой турган оттуу сепили мен болуп, арасында зоболом көтөрүлөт.

Кудай өзүнүн туткундагы элин аракетке чакырат

(2:6-13) “Оо элим, мен силерди туш-тарапка чачыраттым. Эми кайра кайткыла. Вавилондон качып чыгып, үйүңөргө кайрылып келгиле. Сага тийишкен ар ким, менин көз карегиме тийишкен менен барабар”. Анан өз элине кол тийгизгендерге айтты: “Силер менен мен өзүм согушам. Бир кезде силерге кул болгон эл үстүңөрдөн бийлик кылат”. Ушундай деп, Теңир мени анын элине кол көтөргөндөргө жөнөттү. Бул сөз аткарылганда мени Теңир жөнөткөнүн баары көрүшөт. Теңир дагы мындай деди: "Иерусалим, сен кубан, шаттан! Мен сенин ичиңде жашоо үчүн көчүп келем”. Ошол убакта көптөгөн элдер Теңирге кайрылышып, анын эли болуп калышат. Ошондо менин кудуреттүү Теңирден келгенимди билесиңер. Теңир ыйык жердеги Өзүнүн үлүшү — Яхуданы өз карамагына алат жана Иерусалим кайрадан анын эң сүйүктүү шаары болот. Жараткан Эгенин алдында баарыңар жаагыңарды жап кылгыла! Анткени ал өзүнүн ыйык шаарынан туруп келе жатат.

Закария 3

Төртүнчү аян: улуу имам менен шайтандын көрүнүшү

(3:1-10) Дагы бир аянымда Теңир мага өзүнүн периштесинин алдында турган улуу имам Исаны көрсөттү. Периштенин оң жагында шайтан да туруптур. Ал Исага көптөгөн жалааларды жаап жатты. Ошондо Теңир шайтанга: — Мен сенин жалааларыңды кабыл албайм! Мен Иерусалимге ырайым кылам деп чечтим. Исага жана анын элине ырайым этем. Алар оттон суурулуп алынган отундай, — деди. Теңирдин периштесинин алдында турган Исанын кийимдери абдан кир эле. Периште айланасында тургандарга: — Кийимдерин чечкиле! — деди да анан Исага кайрылып: — Көрдүңбү мен сенден айыптарыңды алып салдым. Эми мына бул таза, жаңы кийимдерди кийгизем, — деди. Анан мен: — Башына да жаңы тебетей кийгизсе болор бекен? — дедим. Ошондо алар ага жаңы тебетей кийгизишти. “Башына таза баш кийим кийгизгиле” — деди периште. Анан башына таза баш кийим кийгизишти. Теңирдин периштеси болсо карап турду. Бир аздан соң Исага кайрылды: — Кудуреттүү Кудай мындай дейт: “Эгерде менин жолдорум менен жүрүп, кароолумда тура турган болсоң, анда менин үйүмдүн үстүнөн бийлик кылып, ак сарайларыма баш-көз болосуң. Мына бул элдин арасында жашатам. Улуу имам Иса уккун. Өзүң да ук, жаныңдагы туугандарың менен атка минерлер да жакшылап кулак салышсын: бул адамдар келечекте дүйнөгө келе турган менин кулум — Тармактын символу. Карагыла Исанын алдында өзгөчө ташты коюп койдум. Анын жети көзү бар. Үстүнө бир өзгөчө жазууну чегип жазып коём. Бул жазуу жер бетиндеги күнөөлөрдү жок кыла турган күндүн келеринин белгиси болот. Ошол убак келгенде кошуналарыңарды, досторуңарды чакырып, бир анжирдин түбүндө чай иче турган болосуңар”.

Закария 4

Бешинчи аян: алтын шамдалдын көрүнүшү

(4:1-14) Анан жанагы мени менен сүйлөшкөн периште кайрылып келип, мени ойготуп жиберди. — Эмнени көрүп турасың? – деди ал. — Чылк алтындан жасалган шамдалды, — деп жооп бердим мен. Шамдалда жети шам жагылып туруптур. Үстүндө ар бир шамга туташкан жети түтүкчөсү, астында болсо май куя турган чөйчөгү бар экен. Чөйчөктүн эки жагында эки май дарагы бар экен. — Таксыр, бул эмине болуучу? — дедим. — Чындап эле билбейсиңби? — деди ал. — Билбейм, мырзам — дедим мен. — Бул “сен аскер жана күч менен эмес, менин Рухум менен бийлик кыласың” деп Зоробабилге билдирген Теңирдин сөзү. Кудуреттүү Кудай ага мындай дейт: “Зоробабилдин алдындагы мына бул зор тоо түздүккө айланат. Зоробабил ыйбадаткана курууга киришип, бурчуна биринчи кышты койгондо эл : “укмуш, укмуш” деп кыйкырып, шаттанышат”. Ушундан соң периште мага кайрылып: — Мына бул ыйбадаткананын курулушун Зоробабил баштап берди жана өзү аягына чыгат, ошондо менин силерге кудуреттүү Кудайдан келгенимди аңдайсыңар. Эл эч бир майда иштерден уялбай калышат жана бүткөн ыйбадаткананын ар тарабын өлчөп жүргөн Зоробабилдин колундагы асма ташты кубана карап турушат. Ошондуктан жанагы сен көргөн таштын жети капталы бүт жер жүзүн тиктеп турган Теңирдин көздөрү, — деди. — А шамдалдын эки тарабындагы эки май дарак эмнени билдирет? Алтын түстүү май куюлуп агып турган түтүкчөлөрдүн жанындагы эки бутакчы, алар эмнени билдиришет? — дедим мен ага. — Чындап эле аны сен билбейсиңби? — деди периште. — Билбейм, мырзам, – дедим мен. Периште: — Бүткүл жер жүзүнүн Эгесине кызмат кылуу үчүн май куюу расмисинен өтүп, атайын дайындалган эки кишини билдирет, — деп жооп берди.

Закария 5

Алтынчы аян: учуп бараткан түтүктүн көрүнүшү

(5:1-4) Мен кайрадан аян көрүп, анда учуп бара жаткан түтүктү көрдүм. — Эмнени көрүп турасың? — деди периште мага. — Учуп бараткан түтүктү. Узундугу жыйырма, туурасы он чыканактай экен, — деп жооп бердим мен. — Бул түтүкчөдө бүткүл жер бетине карата айтылган

Жетинчи аян: аял жана челектин көрүнүшү

(5:5-11) Периште мага дагы мындай деди: — Бет маңдайыңдагы жакындап келе жаткандын эмне экенин билесиңби? — деди. — Жок, ал эмне болду экен? — дедим мен. — Бул чен челек. Бүт жер жүзүндөгү күнөөлөр ушул чака менен ченелет, — деди периште. Аңгыча, чаканын коргошундан жасалган капкагы ачылды. Ичинде болсо бир аял олтуруптур. — Бул аял — бузукулукту билдирет, — деди да аялды челектин ичине кайра түртүп жиберип, коргошун капкакты жаап койду. Анан мен дагы башка эки аялды көрдүм. Алардын илек-илектикиндей канаттары бар экен. Канаттарынан шамал согуп турду. Алар челекти тумшугу менен иле калышып, аны асман менен жердин ортосунда алып учушту. Ошондо мен периштеден: — Булар челекти кайда алып баратышат? — деп сурадым. Периште: — Алар челек үчүн Сенаар жеринде ыйбадаткана курушат. Куруп бүтүшкөндө аны ичине киргизип коюшат, — деп жооп берди.

Закария 6

Сегизинчи аян: төрт арабанын көрүнүшү

(6:1-9) Дагы аян көрүп, анда эки жез тоонун ортосундагы капчыгайдан чыгып келе жаткан төрт арабаны көрдүм. Биринчи арабага кошулган аттар — жээрде, экинчисиндегилер кара, үчүнчүсүндөгүлөр ак, төртүнчүсүндөгүлөр болсо кашка, күчтүү аттар экен. — Булар эмнени билдирет, төрөм? — дедим мен сөз баштап, баягы периштеге. — Булар бүт ааламдын Теңиринин жүзүнүн алдынан чыккан төрт шамал. Кара аттар түндүккө, ак аттар батышка, кашка аттар түштүккө баратышат, — деп жооп берди ал . Анан жулунуп турган аттарга: “Баргыла, жерди аралап чыккыла!” — деди. Алар жерди кыдырып чыгышты. Анан периште мени чакырып алып, мындай деди: — Карачы, түндүккө кеткендер иштерин бүтүрүп, ал жактан көңүлүмдү тынчытышты.

Кудай тандаган жетекчи

(6:9-7:1) Ошондо мага Теңирдин сөзү айтылды: “Хелдай, Тобий жана Эгедай туткундан кайтып келишти. Алардын алтын-күмүшүн алып, дароо Сапандын уулу Ясийдикине бар. Ошол алтын-күмүштөн таажы жасап, Эгесадыктын уулу имам Исанын башына кийгиз да ага айт: “Кудуреттүү Теңир мындай дейт: Тармак аттуу бир Инсан бар. Ал тамырынан өсүп чыгып, күчкө толгондо Теңирге ыйбадаткана тургузат. Ошондо анын зоболосу көтөрүлөт. Тактысына олтуруп, бийлик жүргүзөт. Тактысынын жанында диний кызматкер да турат. Экөө ынтымактуу болушат. Ал эми жанагы таажыны болсо Хелем, Тобий, Эгедай жана Сапандын уулу Хенге эстелик катары берилип, Теңирдин ыйбадатканасына коюлат. Теңирдин ыйбадатканасынын курулушуна жардам берүү үчүн адамдар алыстан келишет. Ошондо менин Кудуреттүү Кудайдан келгенимди түшүнөсүңөр. Булардын баары эгер силер Кудай Эгеңердин айткандарын кунт коюп уксаңар ишке ашат.

Закария 7

Теңир ырайымдуулук менен боорукерликти каалайт.

(7:1-14) Персия падышанын бийлеп турганына төрт жыл болуп бараткан. Тогузунчу айдын, төртүнчү күнү эле. Бетелдин эли Шафезер, Регель-Малик жана анын адамдарын Теңирге сыйынып, анын эркин билип келүү үчүн шайлашты. Алар Кудуреттүү Кудайдын ыйбадатканасындагы пайгамбарлар менен диний кызматкерлерге барышып: “ыйбадаткананын кыйраганына көп жылдар бою кайгырып келе жатабыз. Ар жылдын бешинчи айында өзгөчө убакыт бөлүп, орозо кармап, ыйлайбыз. Муну уланта беришибиз керекпи?” — деп сурашты. Ошол убакта мага Теңир аян берип, мага мындай деди: — Бул өлкөнүң диний кызматкерлери менен адамдарынын баарына айтып кой: “силер ар жылы бешинчи айда орозо кармап, кайгырып келгениңерди билем, бирок ошонунун баары мен үчүн беле? Жок! Жеп-ичкениңер мен үчүң беле? Жок! Өзүнөр үчүн, өзүңөрдүң кызыкчылыгыңар үчүн болгон.” Кудай мурдагы пайгамбарлар аркылуу тээ илгери да ушундай деген. Ал кезде Иерусалим элге толуп, өсүп-өнүп турган эле. Айланасындагы шаарларда, Негевде, батыш тараптагы ойдуңда эл жашашчу. Закарияга Теңирден дагы мындай сөз болду: "Мен ошол кезде аларга: “калыс болгула, бири-бириңерге кайрымдуу болгула. Жетим-жесир менен мусаапырларды кысымга албагыла. Бири-бириңерге каршы жамандык ойлобогула!” деп айткам. Алар болсо айткандарымды кулагынын сыртынан кетиришти. Мага далысын салып, кулактарын жаап алышты. Менин Рухума шыктанган илгерки пайгамбарларымдын менден алып жарыялаган мыйзамдары менен сөздөрүнө баш ийбөө үчүн жүрөктөрүн таш кылышты. Ошондуктан аларга мен каардандым. Мен суранганымда, өтүнгөнүмдө укпай коюшканы үчүн алар жалынганда мен да укпай койдум. Бөтөн калктардын арасына аларды чачыраттым. Ошондуктан бул жер каңгырап ээн калды. Кыбыр эткен жан калбады. Көз жоосун алган өлкө ээн талаа, эрме чөлгө айланды”.

Закария 8

Иерусалимге Теңир ак батасын берет

(8:1-18) Кудуреттүү Кудай мага мындай деди: “Мен Теңир Тооду ушунчалык катуу сүйөм, ошондуктан ал мага ишенимдүү болбой койгондо катуу каардандым; бирок мен ага кайра келип, Иерусалимде жашайм, ошондо Иерусалим — “акыйкаттын шаары” деп, ал эми менин тоом Теңир Тоо — “касиеттүү жайдын тоосу” деп аталат. Иерусалимдин көчөлөрү кайрадан таяк кармаган абышка-кемпирлерге, шаттанышкан улан-кыздарга толот. Ошол күндөргө жеткен эл үчүн ал убак абдан сонун убак болот. Мен үчүн да ошондой болот. Жакында мен өз элимди чыгыш менен батыштын өлкөлөрүнөн куткарам. Аларды алып келип, Иерусалимге жашатам. Алар менин элим болушат. Алардын акыйкаттуу жана чын Кудайы мен болом. Азыр болсо силер кайраттуу болгула! Өз ыйбадатканасын кайра куруу үчүн пайдубалына киришкенде Теңир ушул эле сөздү пайгамбарлары аркылуу ошол кезде да айткан. Ошол убактарга чейин аларда жумушчу жалдаганга да, жаныбарларды ижарага алганга да акчалары болбогон. Бул жакка келип жаткандарды да, кетип жаткандарды да душмандар беймаза кылышып, тынчтык берчү эмес. Мен буга жол бергем. Ал эми азыр болсо мына бул аман калган элге мурдагы күндөрдөгүдөй каарданып карабай калдым. Беймарал эгин эгип, жүзүмзарларынын, дыйканчылыктарынын үзүрүн көрүшөт. Асмандан жамгырымды да аябайм. Ушулардын баарын аман калган мына бул элге берем. Ошондо бардык элдердин каргышына калган Яхуд менен Исраилдин урпактары болгон силерди мен калктардын астынан куткарып алам да батамды берем. Андыктан коркпогула, кайраттуу болгула! Аталарыңар ачуума тийгенде жазалайм деп чечим чыгарып, андан кайтпадым. Азыр болсо Иерусалим менен Яхудага батамды берем деп чечим чыгардым жана андан кайтпаймын. Коркпогула! Бири-бириңерге кара санабагыла, алдабагыла — бул силердин парызыңар. Ынтымактуу жашап, калыс болгула. Бири-бириңерге арам ойлоп, калп карганбагыла, анткени булардын бардыгын мен жек көрөм.

Майрам убактысы

(8:18-23) Силер төртүнчү, бешинчи, жетинчи жана онунчу айда орозо тутуп, өзгөчө убакыт өткөрөсүңөр. Ошол күндөрдү кубаныч жана шаттык менен өткөргүлө! Чындык менен ынтымакты сүйгүлө. Ошол кездерде туш-тараптан нечендеген адамдар келишет. Бир шаардын эли экинчи шаардын элине барып: “Жүргүлө, Теңир алдына барып, сыйынып келели, анын ким экенин билип алалы”, — дегенде алар: “Жүргүлө, баралы!” — дешет. Ошондой эле Кудуреттүү Кудайды таанып-билип, ага табынуу үчүн көптөгөн улуттар менен күчтүү элдер Иерусалимге келишет. Ар башка тилде сүйлөгөн он адам бир еврейдин этегинен кармап “биз да сени менен барабыз, анткени силердин араңарда Кудай жашайт экен деп уктук” — дешет.” Теңир Закарияга ушундай деди.

Закария 9

Исраилдин душмандары жазаланат

(9:1-8) Теңирдин Хадрах жерине жана анын болбор шаары Дамаскка эскертүүсү. Теңир бир эле Израилди эмес, бардык элдерди карап турат. Ошонун ичинде Хадрах менен ага чектеш Амат өлкөсү, Тир менен Сидон шаары да бар. Анткени булар акылдуусунуп, көөп кетишти. Тир өзүнө чеп куруп алды. Күмүштү чаңдай жыйнады, алтынды көчөдөгү ылайдай чогултту. Бирок, карап тур Тир, Теңир сени итке минген кедейге айлантат, деңиздеги кемелериңди чөктүрөт, өзүңдү болсо отко ыргытат. Муну көрүп, Ашкелондун үрөйү учат, Газа менен Екрон коркконунан калч-калч этет. Анткени алар таянган Газанын падышасы кулап, Ашкелон ээн талаага айланат, Азотту болсо бөтөн элдиктер ээлеп алышат. Ошентип Теңир аларды тыптыйпыл кылат. Боюңду көтөрө бербе, Палестина! Кан кусасың! Арам оокаттын калдыктары тиштериңдин арасынан тишиң менен кошо жулунат. Ошондо Азот биздин Кудайыбыздын карамагына өтүп, Яхуданын бир уруусуна айланып, Теңирдин эли менен аралашып кетет. Эгевусейликтер сыяктуу Екрон да менин элиме сиңип кетет. Теңир өз элин коргоп, душмандарына кадам шилтетпейт. ¤з элин башкалардын кордоосуна жол бербейт. Анткени ал өз элинин мурда кандай азап тартканын көргөн.

Келечектеги улуу Хан

(9:9-10) Кудус, шаттан, кубангын, Салтанат кур, жыргагын! Куткаруучуң келатат, Ал адил да, момун да. Ал эшекчен келатат, Такый минип алыптыр. Эй, Кудус, сага Ханың келатат!

Теңирдин туткундарды бошотом деген убадасы

(9:11-13) Ошондо Теңир Ефремдин аскер арабалары менен Иерусалимдин жоого минчү аттарын жок кылат. Ок ата турган курал жоголот. Теңир элдерге тынчтык жарыялап, бир деңизден экинчи деңизге чейин, бир дарыядан баштап жердин чегине чейин бардык жерде хандык кылат.

Теңир өз элин коргойт

(9:14-17) Иерусалим, сен экөөбүз кан чыгарып, келишим түзгөнбүз. Ошондуктан какшыган чуңкурда жаткан адамдарыңды туткундан бошотом. Туткундар, үйүңөргө жөнөгүлө, азыр силердин үмүт кылып, таянчуңар бар! Мен силерге кайтып келдим. Яхуда, сен мага жаа катары кызмат кыласың, ал эми Ефрем, сен жебелерим болосуң. Ошондо силерди кылычым катары Грецияны жазалоо үчүн колдоном. Алардын үстүнө келип, жебелеримди чагылгандай зуулдатам, кернейимди дүңгүрөтө тартып, чөлдө чабуулга аскеримди жиберем. Аскерлеримди кырсыктан сактайм. Алар душмандарын салмоор таштар менен сабап, кандарын шарап куйгандай төгүшөт. Ошол кан курмандык чала турган жайдын четинен ашып-ташкан кандай болот. Ошентип Кудай короосундагы койлорун карышкырдан куткарган чабандай өз элин куткарат. Алар таажыдагы асыл таштартай ыйык жерде жаркырашат. Ошондо баары укмуш сонун болот. Ошол жердин уул-кыздары эгин менен жүзүмзардын түшүмдөрүнөн жеп, чымыр, шайыр болуп чоңоюшат.

Закария 10

Яхуда менен Исраилдин келечеги

(10:1-12) Маалы келип турганда Теңирден жамгыр сурагыла. Ошондо ал чагылгандарын чактырып, жамгырын төгөт. Талааңарга көк чөп көйкөлө өсөт. Жалган кудайлар менен көз ачыктардын айткандары калп. Алардын аян-түштөрү курулай. Силерди болбогон нерселер менен алдап жүрүшөт. Ошондуктан адамдар адашкан койдой ар жерде, ар кырсыкка туш болуп, тентип жүрүшөт. Аларды кайтара турган жакшы чабан жок. “Менин элимди кайтарууга милдеттүү чабандар менин чыкыйыма тийишти. Алар койлор эмес, текелер, ошондуктан мен алардын адебин колуна берем!” дейт Эгебиз. Анткени жоокер өзүнүн аскер атына кандай кам көрсө Кудуреттүү Кудай өз эли Яхудага да ошондой кам көрөт. Бурчка коюлуучу негизги таш, чатырдын казыгы, жаа жана жоокерлердин баары Яхудадан чыгат. Алар душмандарын көчөдөгү ылайдай тепселешет. Атчан аскерлерине чейин жеңип, чыгышат, анткени аларга Теңир өзү жар. “Анан мен Яхуданы бекемдеймин, Жусупка жардам кылам. Алар аман-эсен кайтып келишет. Ошентип, мен аларды сооротомун. Баары мурдагы калыбына келет, мен аларды калтырып кетпегендей болот. Анткени мен алардын Кудай Эгесимин, ошондуктан аларды угамын. Көп ичип алган жоокерлердей Ефрем шаттыкка бөлөнөт. Бала-чакалары да шаңданып кубанышат. Баары мени менен бирге жыргашат. Мен аларга белги берип, чогултамын, анткени мен алардын кунун төлөп, сатып алдым. Ошондуктан алар мурдагыдай көп эл болушат. Азыр алар башка улуттардын арасында туш-тарапта чачырап, жүрүшөт, бирок мен ошол алыстагы өлкөлөрдөн аларды көчүрүп келем. Ошол жактан алар мени эстешип, бала-чакалары менен аман-эсен кайтып келишет. Мисирден, Ассириядан аларды Галаад менен Ливанга алып келем. Алардын көптүгүнөн жер батыра албай калат. Ошондо баардыгы тээ мурда Теңир аларды Египеттен алып чыккандагыдай болот. Теңир деңиз толкундарын бир чапканда, деңиз экиге бөлүнүп, эл бактысыздыктын деңизинен өтүп кеткен. Теңир өзөндөрдү какшытып коё алат. Ал Ассириянын текебердиги менен Египеттин кудуретин талкалайт. Теңир өз элин чыңдайт. Ошондо алар Теңирге таянып жашай турган болушат.

Закария 11

Израилдин душмандарынын жазасы

(11:1-3) Ачкын, Ливан, дарбазаңды! Карагайларыңды от жалмасын! Эмендериң кыйрап, кипаристериң боздоп жатат. Башандын кедрлери өпкө кагып ыйлап жатат, анткени аралап өткүс токой кыйылды. Чабандардын озондогон үнү угулуп жатат, анткени жайыттар ойрондолду. Жаш арстандары ырылдап жатышат, анткени Иордандын жээгиндеги чытырман токойлор такырайып калды.

Начар чабандар

(11:4-17) Жараткан Эгем мындай дейт: “Союлууга башы байланган койлорумду жай. Аларды сатып алгандар аларды өлтүрүп, өздөрү жазасыз калып жатышат, ал эми аларды саткандар болсо “Кудайга шүгүр, байып алдым!” — дейт. Чабандар өз койлоруна ырайымсыз мамиле кылып жатышат. Ошондуктан мен да мындан ары мына бул жердин тургундарына ырайым кылбайм. Аларды бири-бирине жана падышасынын колуна салып берем. ¤здөрүнүн жерин өздөрү талкалап жатышканда унчукпай карап турам. Мен ушул союлууга башы байланган байкуш койлорду кайтарам. Чындап эле алар ушунчалык байкуш койлор. Эки таягым болот: бирөөсүн Ырайым таягы деп, экинчисин болсо Шериктештик таягы деп атайм да, ошолор менен койлорумду кайтарам. Мен үч койчуну бир айдын ичинде кууп жибердим. Мен бул койлорго ачуум келди, алар болсо мени жек көрө башташты. Ошондо: “Силерди кайтарбайм, өлмөктөн өлүп, житмектен житип кеткиле! Маа десеңер бири-бириңердин этиңерди тытып жегиле” дедим. Анан Ырайым таягымды алып, сындырып таштадым. Булардын баары менен түзгөн келишимимди жокко чыгарганымды билдирүү үчүн ушундай кылдым.Ушинтип, ошол күнү Келишим жок кылынды.” Баягы мени карап турган баягы байкуш койлор бул сөздүн Теңирден экенин билишти. Мен аларга: “Эгер мага төлөп бергиңер келсе, анда төлөп бергиле. Каалабасаңар, тим эле койгула!” дедим. Ошондо алар мага отуз күмүш теңге тартып беришти.” Анан мага Теңир мындай деди: “Көрдүңбү, алар мени канчалык “жогору” баалашканын! Берген акчасын ал да ыйбадаткананын акча салгыч кумарасына салып кой”, – деди. Мен отуз күмүш теңгени алдым да ыйбадатканадагы кумарага салып койдум. Анан мен Шериктештик таягын алып, ортосунан карс эткизип, сындырып салдым. Бул Яхуда менен Израилдин тууганчылдыгы үзүлдү деген белги эле”. Ошондо Теңир мага мындай деди: “кайдыгер чабандын таягын тап, анткени мен бул жерде өлүп бара жаткандар жөнүндө кам көрбөгөн, жоголгондорду издебей турган, кеселдерин дарылабай турган, бирок семиздерин жеп, туяктарын жула турган койчуну коём. Анан ошол кайдыгер койчунун шору катат. Оң колун кыя чаап, оң көзүн чукуп салгыла анын! Оң колу сенейип, оң көзү тунарып калсын!”

Закария 12

Иерусалимдин жеңиши

(12:1-9) Асман-жерди жаратып, адамга жан киргизген Кудай мындай дейт: “Карагыла, мен Иерусалимди анын айланасындагы баардык элдер үчүн уу чөйчөк кылам. Ошол элдер келип, Иерусалимге чабуул жасашат. Бүткүл Яхуда тузакка түшөт. Бирок Иерусалимди зылдай оор таш кылам. Көтөрөм дегендин баары белин мертинтет. Иерусалимге каршы согушка бүт жер жүзү чогулат. Бирок мен аттарын үркүтүп, чабандесинин айласын кетирем. Душмандын аттарынын көзүн карайлатам да Яхуданын көзүн ачам. Ошондо Яхуданын атка минерлери ичтеринен “биздин Кудайыбыз кудуреттүү. Бизге дем берип жаткан ошол” дешет. Ошол күндө Яхуданын төрөлөрүн токойдун ортосунда күйгөн оттой кылам. Ал от айланасын самандай жалмайт. Тегерек-чекелериндеги душмандарынын баарын жеңип, Иерусалим кайрадан элге толот. иерусалимдиктер мактанып кетпесин үчүн Теңир алгач яхудалыктарды куткарат. Анткени Дауддун урпактары менен Иерусалимде жашаган андан башка уруулар Яхудада жашаган башка уруулардан өйдөбүз деп мактанганга себептери жок. Бирок Теңир иерусалимдиктерди коргойт. Ошол күндө Иерусалимдин эң эле алсыз деген кишиси Дауд сыяктуу жакшы жоокер болот. Дауд уруусунан чыккан жигиттер кудайдай, элди баштап бараткан Кудайдын периштесиндей болот. Иерусалимге чабуул жасашкандардын баарын болсо кырам.

Найза менен жара сайылган Бирөө үчүн ый

(12:10-14) Дауддун урпактары менен Иерусалимдин тургундарынын жандүйнөсүнө ырайымдуулук менен бооркердиктин рухун куям. Ошондо алар өздөрү көзөп салышкан Инсанга көздөрүн кадашат. Кайгыга батып, зар какшап, боздошот. Тун баласынан ажыраган адамдай эчкиришет. Иерусалим ыйга батат. Бул ый Мегиддо өрөөнүндө Хададриммон үчүн ыйлаган элдин ыйындай болот. Бүт жер жүзү кошо боздойт, ар бир уруу өзгөчө боздойт: Дауддун уруусу өзгөчө, алардын аялдары өзгөчө; Натандын уруусу өзгөчө, алардын аялдары өзгөчө; Левийдин уруусу өзгөчө, алардын аялдары өзгөчө; Ысман уруусу өзгөчө, аялдары өзгөчө; бардык калган уруулар – ар бир уруу өзгөчө, алардын аялдары өзгөчө боздойт.

Закария 13

Күнөөлөрдү жууп кетирүүчү булак жана жалган пайгамбарлардын жок кылынышы

(13:1-6) Күнөө менен арамдыкты жууш үчүн Дауддун урпактары менен Иерусалимдин тургундарына бир булак ачыла турган кез келет. Жалган пайгамбарлар жок болушат. “Ошол күндө, — дейт Кудуреттүү Кудай, — мен бул жердеги жасалма кудайларды экинчи эске алынгыс жылас кылам; ошондой эле жалган пайгамбарлар менен жин-шайтандардан жерди тазалайм. Ошондо эгер кимдир бирөө дагы пайгамбарчылык кыла турган болсо, ата-энеси ага: “жашабагыр, жашаба сен, каратып туруп Кудай алдында калпты ышкыртып жатасың” деп аны өз колдору менен өлтүрүшөт. Алдын ала айткандары менен көргөн аяндарынан көзү ачыктар өздөрү шерменде болушат. Алдоо үчүн атайын форма дагы кийбей калышат. — Мен пайгамбар эмесмин, мен жөн эле дыйканмын, тырнактайыман тартып эле жер айдап келатам, — дешет. — А төшүңдөгү тактарчы, алар эмнеден? — дегенге: — Досторумдун үйүндө сабап кетишти, — деп жооп берет.

Жараланган Чабан жана анын койлору

(13:7-9) Жараткан Теңир мындай дейт: “Кылыч! Менин койчумду өлтүр! Менин досумду өлтүр! Чабанын жайласаң, койлору туш-тушка качып кетишет! Анан мен мына бул байкуштарга сокку уруп, жер бетиндегилердин үчтөн экисин кырам. Анан аман калган үчүнчү бөлүгүн мешке салып, күмүш ээриткендей ээритип, алтынды тазалагандай, тазалайм. Ошондо алар магакайрылышат, а мен аларды угам. Аларды менин элим деп атайм, ал эми алар болсо мени Жараткан Эгебиз деп аташат.

Закария 14

Сот күнү

(14:1-21) Кудайдын сот жүргүзө турган күнү жакындап келе жатат. Ошол күнү талап-тоноп тапкан олжолоруңду өзүңөрдүн шаарыңарда бөлүп кетишет. Бардык улуттарды Иерусалимге каршы согушууга чогултам. Алар басып киришип, иерусалимдиктердин үйлөрүн тоноп, аялдарын зордуктап, шаардын жарым элин туткундап кетишет. Ал эми жарымы шаарда калышат. Ошондо Жараткан Эгенин өзү билегин түрүп, бул элдерге каршы майданга чыгат. Иерусалимдин чыгыш тарабындагы Май Тоосуна бутун койгондо Тоо жарылып, чыгыштан батышка созулган чоң сай пайда болот. Тоонун жарымы түндүккө, жарымы түштүккө карап калат. Ошондо силер ушул сай менен качып жөнөйсүңөр, анткени ал Асилге чейин созулат. Яхудада Осия падышачылык кылып турган убактагы жер титирөөдөн качкан аталарыңардай силер да качып жөнөйсүңөр. Ошондо менин Кудай Эгем өзүнүн ыйыктары менен асмандан түшүп келет. Ал күн өзгөчө күн болот. Ал күнү күн тийбесе да суук менен үшүк жүрбөйт. Ал күндүн кандай экенин бир Кудайдан башка эч ким билбейт, анткени а күнү күндүз да, түн да болбойт, караңгылык кире турган маал келсе деле жарык бойдон тура берет. Ошол күнү Иерусалимден тирүү суунун агымдары шарылдап агат да экиге бөлүнөт: бир бөлүгү чыгыш жактагы деңизге, экинчиси батыштагы деңизге карай агат. Кышы-жайы жыл бою соолубай агат. Ошол убакта бүт дүйнөгө Жараткан Эгебиздин өзү Хан болот. Эгебиз - бирөө, анын аты да бирөө. Иерусалимден түндүгүндөгү Гебадан тартып, түштүгүндөгү Риммонго чейинки аймак ээн талаага айланат. Ал эми Иерусалим шаары болсо Бенжаминдин дарбазасынан тартып, мурдагы дарбазанын ордунда турган Бурч дарбазасына чейин, Хананейилдин мунарасынан тартып, Хандын жүзүм сыккыч жерине чейин кайра курулат. Ал жерде адамдар душмандар келип, кыйратып кетер бекен деген коркунучтан сырткары бейкуттукта жашап калышат. Иерусалимге чабуул койгон душмандардын баарына Теңир оор илдет каптатат. Тирүү туруп эле терилери чирий баштайт, көздөрү ириңдеп, тилдери былжырап кетет. Теңир аларды ушунчалык акылынан ажыратат, ошондуктан бири-бирине кол көтөрүшөт. Яхудалыктар Иерусалимди коргоп, согушуп, айланадагы элдердин бардык байлыгын — алтын-күмүштөрүн, тоо-тоо кийимдерин олжолоп алат. Бул оорудан алардын аттары, өгүздөрү, төөлөрү жана эшектери ушул ооруудан жабыркашат. Анан Иерусалимге согушуу үчүн келген элдерден аман калгандары ар жыл сайын Падышага — кудуреттүү Теңирге табынуу үчүн жана Чөп Алачык майрамын майрамдоо үчүн келе турган болушат. Эгерде жер бетинен кайсы бир эл Падышага — кудуреттүү Теңирге табынууга барбай турган болсо алардын жеринде жут болот. Эгерде египеттиктердин уруулары сапарга чыгып, табынууга келбесе, аларда жамгыр жаабай, Чөп Алачык майрамына келбеген элдердин жазасы менен Теңир аларды жазалайт. Чөп Алачык майрамына келбеген египеттиктер менен башка урууларды ушундай жаза күтүп турат. Ошол убакта баары Теңирге арналат, ал тургай ат жабдыктарында да “БУЛ ТЕҢИРГЕ АРНАЛГАН” деп жазыла турган болот. Ыйбадатканадагы казандар да курмандык чалчу жайдын алдында турган чөйчөктөрдөй маанилүү болот. Иерусалим менен Яхудадагы чыны-табактардын баарынын боорунда “БУЛ КУДУРЕТТҮҮ КУДАЙГА АРНАЛГАН” деп жазыла турган болот. Ошондо Теңирге табынган адамдардын баары ушул табактарга тамак жасап, андан тамактана алат. Кудуреттүү Теңирдин ыйбадатканасында бир да алып-сатар хананей болбойт.

Малахия 1

Кириш сөз

(1:1) Бул Кудайдын аяны жазылган китеп. Малаки пайгамбар аркылуу Жараткан Эгенин Исраилге айткан сөзү.

Жакыпка мээримимди төгүп, Исавды четке кактым

(1:2-5) Теңир силерге: “Мен силерди сүйдүм,” — десе силер: “Сен бизди кандайча сүйдүң?” — деп сурадыңар. “Исав Жакыптын бир тууган агасы эмес беле?” — деди Теңир, — ошондой болсо да мен Жакыпты сүйдүм, ал эми Исавды болсо жек көрүп, анын тоолорун ээн талаа эрмен чөлгө айланттым. Ээлеген жерин чөөлөргө берип салдым”. Исав: “Шаарларыбыз талканды, бирок биз кайра куруп алабыз,” — деши мүмкүн. Бирок кудурети күчтүү Кудай таала мындай дейт: “Курса кура берсин, баары бир мен кайра талкалайм. Эл аларды “Адепсиз Жер”, “Түбөлүккө Кудайдын каарына калган уруу” деген атка кондурушат. Сен муну өз көзүң менен көрүп: “Ой, тообо, Исраилден сыртта да Теңир кудуреттүү экен!” — дейсиң”.

Жарабаган курмандыктар

(1:6-14) "Бала атасын, кул ээсин сыйлайт. Мен силердин атаңар болсом, анда эмне үчүн мени ата катары сыйлабайсыңар? Мен силердин ээңер болсом, анда эмне үчүн ээңер катары урматтабайсыңар? — дейт кудурети күчтүү Жараткан Эгебиз. Диний кызматкерлер, силер мени жек көрөсүңөр да: “Кантип биз сени жек көрүп жатабыз?” — дейсиңер. Бузулган тамакты мага курмандык чалына турган жайдын үстүнө коюп, мени жек көргөнүңөрдү көрсөтүп жатасыңар да, анан кайра “кантип сени жек көрүп жатабыз? “ дейсиңер. Кантиппи? “Кудайга курмандык чалчу жай таза эмес!” — дегениңер мени жек көрүүңөрдөн эмеспи? Курмандыкка сокур мал жетелеп келгениңерди туура деп ойлойсуңарбы? Аксак же ооруу жандык апкелгениңер туурабы? Аныңарды башчыларыңарга апарып көргүлөчү, кабыл алышаар бекен? Силерге ыраазы болушаар бекен? Эми: “Оо Кудай, бизге жакшылык кылагөр!” — деп жалынып көргүлөчү. Колуңардан ушундай курмандыктар чыгып жатса, мен силерди кантип кабыл алам? Аттиң, андан көрө бирөөңөр тура калып, ибадаткананын эшигин жаап салса го. Ошондо мага курмандык чалчу жайда пайдасыз от жылтылдабайт эле “, — дейт кудуретүү Теңир. “Мен силерге ыраазы эмесмин. Силер чалган курмандыктардын эч бирин кабыл албайм. Бүткүл дүйнөдөгү элдердин арасында менин атым ардакталат. Бардык жерде менин атыма жыттуу заттарды өрттөшүп, таза курмандыктарды чалышат. Анткени алардын баары мени урматташат. А силер: “Кудайга курмандык чалчу жай таза эмес!” — дегениңер менен мени кордоп жатасыңар! Дагы: “Ээ койчу, ушунун баарынан жадап кеттик!” деп, мага мурдуңарды чүйрүйсүңөр. Анан уурдап алган, аксак, ооруу малыңар менен бузулган, эч нерсеге арзыбаган тамагыңарды мага багыштайсыңар. Аларды мен кантип кабыл алам! Короосундагы сүлкүлдөгөн кочкорун мага берем деп сөз берип алып, анан майыбын жетелеп келген эч оңбосун! Анткени мен улуу Ханмын, бүт дүйнө жүзүндөгү элдер менден коркушат,” — дейт кудуреттүү Эгебиз.

Малахия 2

Кудайдын сөзүнө ак болбогон диний кызматкерлер

(2:1-9) Кудуреттүү Кудай диний кызматкерлерге мындай дейт: “Силер мени сыйлашыңар керек! Эгер мени укпай, айткан сөзүмдү таназарыңарга албасаңар, каргышка каласыңар. Мурда берген баталарымды каргышка айлантам. Чынында мен аларды эмитен эле каргышка алып жатам, анткени силер менин айткандарыма көңүл бургуңар келген жок. Ошондуктан мен силердин балдарыңарды жазалайм. Курмандыкка апкелген малыңардын заңын бетиңерге шыбайм. Анан малыңар менен кошо тышка ыргытыласыңар. Ошондо мен осуяттарымды Левийдин тукумуна сактасын үчүн бергенимди билесиңер. Менин осуяттарым аманчылык менен тынчтык алып келүүчү осуяттар болчу. Аларды мени урматтасын деп бергем. Ошол убакта алар чындыгында эле мени сыйлап, менден ыйбаа кылышчу. Акыйкатты окутушуп, ооздорунан бейчеки кеп чыкчу эмес. Менин менен тынчтыкта жашап, ак мамиледе жүрүшчү. Көп пенделерди күнөөдөн буруп, оң жолго салышчу. Анткени диний кызматкердин милдети — элди Кудайдын ак жолуна үйрөтүү. Себеп дегенде диний кызматкер — бул Кудайдын жарчысы. Бирок силер оң жолдон бурулуп кеттиңер. Диний мыйзамды бузганыңар менен көпчүлүккө азгырык болдуңар. Левийдин мени менен түзгөн келишимин буздуңар. Ушундай кылганыңар үчүн мен силерди эл алдында жек көрүндү кылып, кордук тарттырам, анткени силер менин ак жолумда жүрбөй койдуңар. Менин сөзүмө кылдат мамиле кылган жоксуңар.”

Элдин Кудай алдында ишенимсиздиги

(2:10-17) Баарыбыздын Атабыз бир Кудай эмеспи? Баарыбызды бир Кудай жараткан эмеспи? Анда эмне үчүн бири-бирибизге кыянаттык кылып, ата-бабаларыбыздын осуятын бузабыз? Яхуда Кудай алдында ак болбогондуктан Иерусалимде, ал тургай бүткүл Исраилде Эгебиздин осуяттары бузулуп жатат. Ал бөтөн кудайдын кызына үйлөнүп, Эгебиздин ыйык жайын булгады. Ылайым ушундай кылганды Теңир Жакыптын чатырынан сыртка чыгарып таштасын! Курмандык чалгандардын арасынан кетирсин! Силер дагы мындай кылып жатасыңар: Теңирдин курмандык чалчу жайын көз жашына суугарып, онтоп, зарлаган ыйга бөлөп салдыңар. Ошондон улам ал силердин алып келген курмандыктарыңарга көңүл бурбай калды. Силер: “Эмне үчүн кабыл албайт?” — дейсиңер. Жаш кезиңерден баш кошкон жанбиргеңер, ак никедеги аялыңардын көзүнө чөп салып, анын алдында берген убадаңардан тайганыңар үчүн. Бул убадаңарга Теңир өзү күбө болбоду беле? Кудай экөөңөрдү бир дене, бир эт кылып койбоду беле? Эмне максат менен силерди Кудай ушундай кылды эле? Ак жолдо жүргөн укум-тукумдардын ата-энеси болсун деп Теңир ушундай кылган да, туурабы? Андыктан жубайыңар менен ак жашап, нике бузуудан сак болбойсуңарбы. Анткени, чынында Кудай ажырашууну да, таш боор адамдарды да жек көрөрүн билбейсиңерби? өзүңөрдү байкап, никеңерди булгабай жүрбөйсүңөрбү? Силер ар кандай сөздөрүңөр менен Кудайды жадаттыңар. “Эмнебиз менен биз аны жадатыптырбыз?” дейсиңер. “Кудайга жамандык кылгандар жагат. Ал ошондойлорго жакшылык кылат!” дегениңер менен, ошондой эле: “Адилет сот жүргүзө турган Кудай кайда кеткен? Анын биз менен кылдай иши жок!” дегениңер менен.

Малахия 3

Кудайдын кабарчысы

(3:1-5) “Мына, мага жол даярдасын үчүн алдыман кабарчымды жөнөтүп жатам. Анан силер издеп жүргөн Теңир өзүнүн ибадатканасына күтүлбөгөн жерден кирип келет. Эңсеген кабарчыңар келип, сүйүнчү кабарды жарыялайт. Бирок ал келгенде ким анын алдында чыдап тура алат? Ким ошол күндү көтөрө алат? Анткени ал күн темирди ээритчү жалындаган оттой, терини оюп кетчү кир самындай болот. Кабарчым зергерге окшоп олтуруп алып, күмүштүн аралашмадан тазаланып жатканын байкап турат. Алтын-күмүштү ээриткендей Левиттин балдарын кайра тазалап, аларды Кудайга акыйкаттык менен курмандык алып келе турган диний кызматкерлер кылат. Ошондо Яхуда менен Иерусалимдин курмандыктары тээ илгерки замандардагыдай Теңирге жага турган болот. Анан мен силерди соттош үчүн келем. Балчылар менен аягы суюктардын, жалган күбөлүк айткандардын, эмгек акыны төлөбөгөндөрдүн, жетим-жесирлер менен мусапырларды кысымга алгандардын, дегеле менден коркпогондордун баарынын күнөөлөрүн ашкере кылам”, — дейт кудуреттүү Кудай таала.

Кудайды кандайча алдашат?

(3:6-18) “Мен Жараткан Эгеңермин, эч качан өзгөрбөйм. Ошондуктан силер, Жакыптын балдары, тукум курут болуп кырылып калган жоксуңар. Силер да ата-бабаларыңар сыяктуу эле менин мыйзамдарымдан тескери бурулуп кеттиңер, аларды сактаган жоксуңар. “Мага жүз бургула, ошондо мен да силерге жүзүмдү бурам десем” силер: “Бу кандайча биз сага жүзүбүздү бурушубуз керек, биз сенден эч качан тескери кеткен жокпуз!” — дейсиңер. Силерге суроо берейин, жооп бергилечи: пендеге Кудайды алдаганга болобу? А силер мени алдап жатасыңар! “Эмне деп жатасың, кандайча биз сени алдадык?” — дээрсиңер. Мага арналган ондуктар менен тартуулардан кытып калып жатканыңар менен мени алдап жатасыңар. Силерге каргыш тийсин, себеби силер — бүткүл Исраил эли — мени алдап жатасыңар. Ибадатканада тамак жайнап турсун үчүн, бардык ондуктарыңарды мага алып келгиле. Жок дегенде мени ушинтип сынап көрбөйсүңөрбү: ошондо мен силерге батамды көктөн жаадыртпайт бекем? Асман терезелерин шарак эткизип ачып жиберип, ашып-ташкан береке-кутту башыңарга төкпөйт бекем? Мен силердин эгиниңерди курт-кумурскага жедиртпей коет элем го. Жүзүмзарыңардын сабактарын салаңдаган оор шиңгилдеринин салмагынына ийилтет элем го. Жашаган жериңердин ырыскысын ашып-ташырып, жер бетиндеги элдердин баарын суктандырып: “Булар бактылуу эл экен!” — дедиртет элем го. Силер мага акаарат келтирип жатасыңар да: “Кандайча биз сага акаарат келтирип жатабыз?” — дейсиңер. “Кудайга кызмат кылгандан не пайда? Мыйзамдарын сактап, анын алдында кара кийим жүргөндөн не утуп жатабыз? Карачы, көпкөндөр жыргап-куунап эле жүрүшөт. Мыйзамсыздардын иштери ийгиликтүү. “Кудай дагы канчага чейин чыдаар экен” дегенсип, күнөөлүү иштерин көз көрүнөө кылгандарды Кудайдын жазалаганы кана?” дейсиңер. Ал эми Кудайдан корккондор болсо мындай дешет: “Кудай булардын баарын угуп, көрүп турат. Кудайдан корккондор тууралуу Кудай алдында китеп жазылып жатат.” Жараткан Теңир алар тууралуу: “Бул адамдар мага караштуу, менин менчигим. Соттой турган күнүм келгенде мен аларга ырайым кылам. Тил алчаак уулуна мээримин төккөн атадай болом. Ошондо чыныгы такыбаа менен бузукунун, мага чындап кызмат кылган адам менен кызмат кылбагандын айырмачылыгын кайрадан көрөсүңөр.”

Малахия 4

Кудайдан корккондордун жана бузукулардын тагдыры

(4:1-6) Кудурети күчтүү Кудай таала мындай дейт: “Мештеги оттой жалындаган күн келатат. Ал көпкөндөр менен бузукуларды жыгачты өрттөгөн сымал өрттөп кетет. Тамыр-бутактарына чейин күйүп жок болот. Ал эми менден ыйбаа кылгандар, силер үчүн чындыктын күнү чыгат, анын нуру силерге айыгуу алып келет. Эркиндикке кое бергенде так секирип, оюн салган музоолордой азаттыкка чыгып, кубанасыңар. Мен сот жүргүзгөн ошол күндө бузукулар таман алдын чаңдай болот. Силер аларды бутуңар менен тепселейсиңер. Менин кулум Мусанын таалимдерин эстегиле. Бүткүл Исраил баш ийсин деп мен ага Синай тоосунда осуят-мыйзамдарымды бергем. Келечектеги улуу жана өтө коркунучтуу күнүмдүн алдынан мен силерге Илиясты жиберем. Мен келип, жериңердин таш-талканын чыгарып, кыйратып салбоом үчүн ал аталардын жүрөгүн балдарга, ал эми балдардын жүрөгүн аталарга кайрадан бурат.”

The New Testament of our Lord and Saviour Jesus Christ

Матай 1

Иса Машаяктын ата-теги

1 Ибраимдин тукумунан чыккан Дөөттүн тукуму Иса Машаяктын ата-теги: 2 Ибраимден Исхак, Исхактан Жакып, Жакыптан Иуда жана анын ага-инилери, Иуданын Фамарь аттуу аялынан Фарес менен Зара, Фарестен Есром, Есромдон Арам, 4 Арамдан Аминадав, Аминадавтан Наассон, Наассондон Салмон, 5 Салмондун Рахав аттуу аялынан Воэс, Воэстин Руфь аттуу аялынан Иовид, Иовидден Иессей, Иессейден Дөөт падыша туулган. Ал эми Дөөттүн Уриянын мурдагы аялынан Сулайман туулган. Сулаймандан Ровоам, Ровоамдан Авия, Авиядан Асаф, Асафтан Иосафат, Иософаттан Иорам, Иорамдан Озия туулган. 9 Ал эми Озиядан болсо Иоафам туулган. Иофамдан Ахаз, Ахаздан Езекия, 10 Езекиядан Манассия, Манассиядан болсо Амос, Амостон Иоасия туулган. 11 Израил эли Вавилонго зордук менен көчүрүлүп жаткан кезде Иосиядан Иехония жана анын ага-инилери туулушкан. 12 Вавилонго көчүрүлө баштаган убактан кийин Иехониядан Салафиил, Салафиилден Зоровавель, 13 Зоровавельден Авиуд, Авиуддан Елиаким, Елиакимден Азор, 14 Азордон Садок, Садоктон Ахим, Ахимден Елиуд, 15 Елиуддан Елеазар, Елеазардан Матфан, Матфандан Жакып, 16 Жакыптан Жусуп туулган. Жусуп болсо Машаяк аталган Исаны төрөгөн Мариянын күйөөсү болот. 17 Ошентип, Ибраимден Дөөткө чейинки мезгилдин аралыгында он төрт муун, Дөөттөн Вавилонго көчүрүлгөн мезгилге чейин он төрт муун, Вавилонго көчүрүлгөндөн Машаяк төрөлгөнгө чейинки аралыкта он төрт муун өткөн.

Иса Машаяктын төрөлүшү

18 Ал эми Иса Машаяк мындайча дүйнөгө келген: Сөйкө салынып, Жусупка башы байланган1:18 Исанын энеси Мария күйөөгө чыга электе эле Ыйык Рухтан кош бойлуу болгондугу аныкталды. 19 Болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан Марияны эл алдында шерменде кылгысы келбей, жашырын башын бошотуп коюну чечти. 20 Ушундай деп ойлоп жүргөндө Жараткан Эгенин периштеси түшүнө кирип, мындай деди: — Жусуп, Дөөттүн уулу, колуктуң Марияны алгандан коркпо! Анткени боюндагы бала Ыйык Рухтан бүткөн. 21 Төрөгөндө балага Иса 1:21 деген ат коесуң, анткени ал өз элин күнөөлөрүнөн куткарат. 22 Мунун баары өз пайгамбары аркылуу айттырган Жараткан Эгенин сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. 23 Ал мындай деген эле: "Бир кыз кош бойлуу болуп, уул төрөйт, атын Еммануил коюшат". (Аттын мааниси: Кудай биз менен.) 24 Жусуп ушул түштөн кийин Жараткан Эгенин периштесинин буйруганы боюнча колуктусу Марияга үйлөндү. 25 Бирок ал көз жарганга чейин аны менен жаткан жок. Аялы уул төрөгөндө, балага Иса деген ат койду.

Матай 2

Жылдыз саноочулардын Исага таазим кылуу үчүн келиши

1 Иса Ирод падышанын тушунда Иудея аймагынын Бетлеем шаарчасында төрөлдү. Чыгыштан Иерусалимге келишкен акылмандар 2:1 : — 2 Жакында эле төрөлгөн иудей падышасы кайда болду экен? — деп адамдардан сурамжылашты, — биз күн чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик. 3 Муну укканда Ирод падышанын тынчы кетти. Аны менен бирге бүткүл Иерусалим калкы да дүрбөлөңгө түштү. 4 Ирод Израилдин баш диний кызматчылары менен дин мугалимдеринин баарын чакырып алып: — Машаяк кай жерде төрөлүшү керек эле? — деп талап кылды. — 5 Иудеянын Бетлеем шаарында, — деп жооп беришти алар, — анткени бир пайгамбарга Кудай мындай деп жаздырып кеткен: "Иудея жери, Бетлеем, сен Иудеянын чоң шаарларынан эч нерсең менен кем эмессиң, анткени Башкаруучу сенден чыгат. Ал менин элим — Израилдин чабаны болот". 7 Муну укканда Ирод жылдыз саноочуларды жашырын өзүнө чакырып алып, жылдыздын чыга турган мезгилин тактады. — 8 Барып, баланын кайда экенин так билиңиздер! — деди ал жылдыз саноочуларды Бетлеемге жөнөтүп жатып, — мен да барып, таазим кылып келе алышым үчүн, тапканыңыздарда мага кабарлап коюңуздар. 9 Жылдыз саноочулар падышанын айтканын угушуп, жолго чыгышты. Аңгыча алар чыгыштан чыккан жылдызды көрүштү. Жылдыз бала жаткан жайдын үстүнө келип токтогонго чейин анын жетегинде жүрүп отурушту. 10 Жылдызды көргөн алар ушунчалык катуу сүйүнүп, кубанычы койнуна батпады. 11 Yйгө киришкенде баланы жана анын энеси Марияны көрүштү. Чөк түшүп, балага таазим кылышты да, баштыктарын ачып, белектерди, алтынды жана жыпар жыттуу заттарды: ладан менен смирнаны тартуу кылышты. 12 Андан соң келген жолунан башка жолго салып, өз өлкөлөрүнө кайтышты. Башка жолго салышканынын себеби: түш көрүп, Кудайдан "Иродко барбагыла" деген эскертүү алышкан эле.

Мисирге качуу

13 Алар кетишкенде, Жусуптун түшүнө Жараткан Эгенин периштеси кирип: — Тур да бала менен энесин алып, Мисирге кач. Ирод баланы өлтүртмөкчү болуп, адамдарына издеткени жатат. Мен сага кайт демейинче ошол жакта бол! — деди. 14 Жусуп ордунан туруп, баланы жана анын энесин алып, түндө Мисирге кетип калды. 15 Ал жакта Ирод өлгөнгө чейин болду. Анткени Жараткан Эгенин: "Мен уулумду Мисирден чакырып алдым" деп, пайгамбарынан айттырган сөзү орундалышы керек болчу. Наристелердин кыргынга учурашы 16 Ирод алардын амалдуулук кылганын түшүнүп, кыжыры кайнап, каарданды. Жоокерлерин жиберип: "Бетлеемде жана анын тегерек чекесинде төрөлгөн эки жашка чейинки балдардын баарын кырып салгыла!" — деген буйрук берди. Эки жашка чейинки дегенинин себеби акылмандардан сурап, билип алган убакыттан улам эле. 17 Ушундайча Иеремия пайгамбар аркылуу айтылган пайгамбарчылык аткарылды. Ал мындай деген: 18 "Израилдин Рама аттуу шаарынан Күйүттүү бир кошок үнү угулат. Бул муңдуу үн балдарынан айрылган Рахилдики, ал сооронбой буркурайт. Анткени анын балдары бүт кырылган".

Мисирден кайтып келүү

19 Ирод өлгөн соң, Жараткан Эгенин периштеси Мисирдеги Жусуптун түшүнө кирип, мындай деди: — 20 Тур да баланы жана анын энесин алып, Израилге жөнө! Анткени баланы жок кылабыз дегендер өлүштү. 21 Жусуп бала менен анын энесин алды да Израилге келди. 22 Иудеяда Ироддун ордуна баласы Архелай падышалык кылып турганын угуп, ал жакка баргандан коркту. Түшүндө көргөн аяндагы эскертүүдөн улам Галилея аймагы жакка өтүп кетти. 23 Галилеяга келип, Назарет аттуу шаарга жайгашты. Жусуп ушундай кылуусу менен пайгамбарлар аркылуу алдын ала айтылган сөздү аткарды. Анткени «Машаяк Назорей атка конот» деп пайгамбарлар алдын ала айтып кетишкен.

Матай 3

Жакыя пайгамбардын жарыясы

1 Арадан бир топ убакыт өткөндө Жакыя пайгамбар Иудей чөлүнө келип: — 2 Күнөөлөрүңөрдөн бурулуп, Кудайга кайрылгыла! Анткени Асман падышачылыгы жакындап калды, — деп жар салды. 3 Бир кезде Исаия пайгамбар: «Жараткан Эгеге жол даярдагыла, анын жолдорун түз кылгыла! — деп чөлдө кыйкырган бир адам чыгат», — дегенде, ушул Жакыя тууралуу айткан болчу. 4 А Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн токулган чапан кийип, белин булгаары кур менен бууп алчу. Жегени чегиртке менен жапайы аарынын балы. 5 Бүткүл Иерусалим калкы, Иудея аймагындагылар жана Иордан дарыясынын тегерек-четиндегилердин баары убап-чубап ага келип атты. 6 Күнөөлөрүн мойнуна алып, Жакыянын Иордан дарыясындагы чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты. 7 Алардын арасында чөмүлүү үчүн келген көптөгөн фарисейлер менен саддукейлер да бар эле. Жакыя аларды көргөндө мындай деди: — Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан кантип качууну силерге ким көрсөттү эле? 8 Күнөөлөрдөн бурулуп, Кудайга кайрылганыңар чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! 9 Өзүңөрчө: «Биз Ибраимдин балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ибраимге мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат. 10 Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да отко ыргытылат. 11 Мен күнөөлөрүнөн бурулуп, Кудайга кайрылгандарды сууга чөмүлтүп жүрөм, бирок мага караганда алда канча кудуретүү бирөө аркамдан келе жатат. Мен анын бут кийимин көтөрүп барып кийгизе турган кулу болууга да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлтөт. 12 Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампага жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.

Исанын сууга чөмүлдүрүү расмисинен өтүшү

13 Ушундан кийин Иса Галилеядан Иорданга Жакыянын чөмүлдүрүү расмисинен өтүү үчүн барды. 14 Жакыя ага каршы болуп: — Чынында сууга чөмүлдүрүү расмисинен мени сен өткөрүшүң керек, бирок сенин мага келгениң кандай? — деди. 15 Иса ага мындай деп жооп берди: — Эми жөн кой, адилеттүүлүктүн бардык талаптарын ушундайча аткарышыбыз керек болуп жатпайбы. Ошондо Жакыя макул болду. 16 Чөмүлөрү менен Иса суудан чыкты. Капысынан асман ачылып, үстүнө көгүчкөн сыяктуу болуп түшүп келе жаткан Кудайдын Рухун көрдү. 17 Ошондой эле асмандан бир үн чыкты: "Бул менин сүйүктүү Уулум, мен ага ыраазымын".

Матай 4

Шайтандын Исаны азгырууга аракет кылышы

1 Ушул окуядан соң иблистин сыноолорунан өткөрүү үчүн Кудайдын Руху Исаны чөлгө алып барды. 2 Кырк күн кырк түн орозо кармаган Иса аягында ачка болгонун сезди. 3 Ошондо азыткы жанына келип: — Эгерде сен Кудай Уулу болсоң, мынабу таштарга айтчы, нан болуп калсын, — деди. Иса: — 4 Ыйык жазмаларда жазылып турат: «Адам жалаң нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт», — деди. 5 Ошондо иблис аны ыйык шаар Иерусалимге алып барып, ибадаткананын төбөсүнө койду да: — 6 Кана, Кудай Уулу болсоң, өзүңдү төмөн таштап жиберчи, анткени ыйык жазмаларда: «Кудай өзүнүн периштелерине буйрук берет, алар сенин бутуңду ташка тийгизбей илип кетишет» деп жазылган эмеспи, — деди. 7 Иса: — Ыйык Жазманын: "Кудай Эгеңди сынаба!" деген да жери бар, — деп жооп берди. 8 Иблис Исага дагы келип, аны абдан бийик тоого алып чыгып, бул дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен алардын байлыгын, атак-даңкын, шаң-салтанатын көрсөтүп: — 9 Эгерде алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын сага берем, — деди. 10 Иса ага мындай жооп берди: — Жогол нары, Шайтан, «Бир гана Кудай Эгеңе табын, жалгыз ага кызмат кыл!» деп жазылып турбайбы! 11 Иса ушундай дегенде иблис андан кетип калды жана периштелер келип, Исага кызмат кыла башташты.

Исанын Галилеядагы кызматынын башталышы

12 Иса Жакыянын камалганын угуп, Галилея аймагына кетип калды. 13-14 Бирок Исаия пайгамбар аркылуу айтылган Кудайдын сөзү аткарылышы үчүн Назаретте калган жок, келери менен Завулон жана Неффалим урууларына караган Галилея көлүнүн жээгиндеги Капарнаум шаарында жашап калды. Исаия пайгамбар болсо мындай деген: 15 «Иордан дарыясынын боюнда, деңизге барчу жолдо жайгашкан, Галилея аймагынын бөтөн улуттагылар мекендеген бөлүгүндөгү Завулон менен Неффалим жери угуп ал! 16 Караңгыда жашаган эл улуу жарыкты көрдү, ажалдын көлөкөсүндө олтургандарга нур төгүлдү». 17 Ошол убактан тартып Иса: — Күнөөлөрүңөрдөн бурулуп, Кудайга кайрылгыла, Асман падышачылыгы жакындап калды, — деп жар сала баштады.

Исанын алгачкы шакирттери

18 Галилея көлүнүн жээги менен басып бараткан Иса эки бир тууганды көрдү. Биринин аты Ысман (кийин Петр аталып кеткен), экинчисиники — Идрис. Алар көлгө тор салып жатышкан болчу, анткени алардын кесиби балыкчы эле. 19 Көрүп, аларга мындай деди: — Мени ээрчигиле, мен силерди балык эмес, адам кармай турган кылам! 20 Алар болсо ошол замат торлорун таштап, Исаны ээрчип жөнөштү. 21 Иса андан ары баратып, дагы башка эки бир тууганды: Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бир кайыкта олтуруп алып, торлорун жамап жатышкан. Иса аларды өзүнө чакырды. 22 Алар ошол замат кайыкты да, андагы атасын да калтырып, Исаны ээрчип жөнөштү. Исанын Галилеядагы таалими жана жасаган кереметтери 23 Иса Галилея аймагын кыдырып, иудейлердин синагогаларында таалим берип, Кудайдын падышачылыгы тууралуу кубанычтуу кабарды жар салып, адамдарды ар кандай ооруу-сыркоолорунан айыктырып жүрдү. 24 Ал тууралуу кабар бүткүл Сирия аймагына 4:24 тарап кетти. Эл ага ар кандай илдет-дартка чалдыккандарды, сыздап ооругандарды, жин тийгендерди, талмасы барларды, шал ооруу менен ооругандарды алып келди жана Иса аларды айыктырды. 25 Ошондо Галилеядан, Декаполистен, Иерусалимден, Иудеядан жана Иордан дарыясынын ар жагынан көптөгөн адамдар анын аркасынан ээрчишти.

Матай 5

Исанын тоодогу таалими

1 Иса аны ээрчиген калың элди көрүп, тоого чыкты. Жайгашып олтурганда шакирттери жанына барышты. 2 Ошондо ал сөзүн баштады. Ал аларга мындай таалим берди: — 3 Кудайга муктаж экендигин моюнга алгандар бактылуу, 5:3 анткени Асман падышачылыгы ошолордуку. 4 Кайгыргандар бактылуу, анткени Кудай аларды сооротот. 5 Жоош-момундар бактылуу, анткени жер алардын энчисине тиет. 6 Адилдикке ачка болуп, чындыкка чаңкагандар бактылуу, анткени Кудай аларды тоюндурат. 7 Кайрымдуулар бактылуу, анткени Кудай аларга кайрым кылат. 8 Дили тазалар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт. 9 Ынтымакка чакыргандар бактылуу, анткени Кудай аларды «балдарым» деп чакырат. 10 Адилеттик үчүн куугунтук жегендер бактылуу, анткени Асман падышачылыгы ошолордуку. 11 Менин шакирттерим болгондугуңар үчүн сөгүп, куугунтукка алып, жамандап, ушакташса, силер бактылуусуңар. 12 Кубанып, шаттангыла, анткени силердин чоң сыйлыгыңар асманда. Силерден мурда пайгамбарларды да ошондой кылышкан. 13 Силер — жердин тузусуңар. Эгер туз даамын жоготсо, кантип кайра калыбына келтиресиң? Ал эч нерсеге жарабай калат. Сыртка алып чыгып, тепсендиге ыргытып жибериш гана керек. 14 Силер дүйнөнүн жарыгысыңар. Тоо башында турган шаар жашына албайт. 15 Шамды жагып, анан идиш менен бастырып коюшпай, шамдалга коюшат жана ал үйдө отургандардын баарына жарыгын чачат. 16 Ошонун сыңарындай силер да адамдарга жарыгыңарды чачкыла, алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташсын.

Тоорат мыйзамынын аткарылышы

17 Мени Тоорат мыйзамын же пайгамбарлар жазмаларын жокко чыгарганы келди деп ойлобогула. Мен аларды жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим. 18 Силерге бир чындыкты айтып коеюн: Асман-жердин жашоосу бүтмөйүн, бардык нерселер аткарылмайын, Тоорат мыйзамынын тамгасы тургай, тамгасынын эң кичинекей сызыкчасы жок болуп кетпейт. 19 Ошондуктан кимде-ким Кудайдын ушул эң "кичинекей" осуяттарынын бирин жокко чыгарса жана адамдарга ал күчүн жоготту деп окутса, ал Асман падышачылыгында кичинекей деген атка конот. Ал эми осуяттарды аткарып, башкаларды да ошого үйрөткөн адам Асман падышачылыгында улуу атыгат. 20 Анткени, силерге айтып коеюн, эгерде фарисейлер менен дин мугалимдеринин такыбаалыгынан силердики ашып түшпөсө, анда Асман падышачылыгана кирбейсиңер.

Ачууну кармай билүү тууралуу таалим

21 Байыркыларга: «КИШИ ӨЛТYРБӨГYЛӨ, КИМ КИШИ ӨЛТYРСӨ СОТ АЛДЫНДА АЙЫПТАЛАТ!» деп айтылган сөздү силер билесиңер. 22 А мен силерге айтам: Кимде ким боордошуна ачууланса, ал сот алдында айыпталат. Ким боордошуна: «Сен көңдөйсүң!» 5:22 десе, ал жогорку кеңештин сотуна тартылат. Ал эми ким: «Сен наадансың!» десе, ал тозок отуна татыктуу. 23 Ошондуктан Кудайга курмандык чала турган жайга тартуу алып келип, анан ошерден боордошуңдун сага бир нерседен нааразы болуп калганын эстесең, 24 анда тартууңду курмандык чалчу жайдын жанына калтыр да, барып, боордошуң менен элдеш. Анан кайра келип, тартууңду Кудайга бер. 25 Жоолашкан адамың менен тез жараш, жолдо келатканыңда эле көңүлүн тап, антпесең ал сени соттун колуна тапшырат. А сот болсо кызматчысына өткөрүп берип, түрмөгө каматат. 26 Сага чындыкты айтып коеюн: акыркы тыйыныңды бермейинче түрмөдөн чыкпайсың.

Никени таза күтүү тууралуу

27 «Ойноштук кылба!» деп айтылган сөздү силер билесиңер. 28 А мен силерге айтам: кимде ким башка бирөөнүн аялын арам ой менен карап койсо, ал оюнда аны менен ойноштук кылып койду. 29 Эгерде сени оң көзүң күнөөгө тартып атса, аны оюп сал да ыргытып жибер, анткени бүт денең менен тозокко түшүп калганыңдан көрө бир мүчөңдөн айрылганың артык эмеспи. 30 Эгерде оң колуң күнөөгө тартып атса, кыя чап да өзүңдөн алыс ыргыт, анткени бүт денең тозокко түшкөндөн көрө бир мүчөңдөн ажыраганың жакшы эмеспи.

Ажырашуу маселеси

31 Мурда: «Кимде ким аялын коё берсе, ага талак кат жазып берсин!» деп айтылган. 32 А мен силерге айтам: эгерде кимде-ким аялы менен ажырашып жатса жана ажырашуусунун себеби аялынын ойноштук 5:32 кылып койгонунан болбосо, анда ал аялын ойноштукка түртөт. А кимде ким ажырашкан аялга үйлөнсө, анда ал ойноштук кылат.

Ант тууралуу

33 Ошондой эле силер байыркыларга карата айтылган мындай деген да сөздү уккансыңар: «Ант-убадаңды бузба! Жараткан Эгеңдин алдында берген анттарыңды аткар!» 34 А мен силерге айтам: эч кандай ант берип, карганбагыла! «Мына, асман турат!» дебегиле, анткени асман Кудайдын тактысы. «Жер урсун!» дебегиле, анткени жер Кудайдын бут койгучу. Иерусалимди оозанып карганбагыла, анткени Иерусалим улуу Падыша — Кудайдын шаары. 36 Башыңар менен да анттанбагыла, анткени андагы бир тал чачты ак же кара кылууга да кудуретиңер жетпейт. 37 Бирок жообуңар түз болсун: же ооба, же жок дегиле, а мындан ашыкчасы — кытмыр шайтандан.

Кек сактабоо тууралуу таалим

38 Силер: «Көзгө көз, тишке тиш!» деп айтылганын да уккансыңар. 39 А мен силерге айтам: жамандыкка каршы чыкпа, оң жаагыңа чапканга сол жаагыңды тос. 40 Көйнөгүңдү талашып, соттошкусу келгенге чапаныңды чечип бер. 41 Сени өзү менен бир чакырым басып барууга мажбурлаган менен эки чакырым бар. 42 Сураганга бер, сенден карыз алгысы келгенге аркаңды салба.

Душмандарды жакшы көрүү тууралуу таалим

43 Силер: «Башкаларды сүй да, душманыңды жек көр!» деп айтылган сөздү уккансыңар. 44 А мен силерге айтам: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. 45 Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени анын күнү жамандарга да, жакшыларга да бирдей тийип, жамгыры адилдерге да адил эместерге да бирдей төгүлөт. 46 өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кандай сыйлык берилмек эле? Салыкчылар деле өздөрүн сүйгөндөрдү сүйүшөт эмеспи. 47 Боордошторуңарга гана сый көрсөтсөңөр, эмне өзгөчө иш кылган болосуңар? Бутпарастар деле ушундай кылышат эмеспи? 48 Силер асмандагы Атаңардай жеткилең болгула.

Матай 6

Кайрымдуулук тууралуу таалим

1 Эл алдында такыбаасынгандан сак болгула. Эмесе силерге асмандагы Атаңардан сыйлык болбойт. 2 Ошондуктан кайыр-садака бергениңерди жар салып, сурнай тартпагыла. Адамдардын алдында даңкын чыгарыш үчүн эки жүздүүлөр синагогалар менен көчөлөрдө ушундай кылышат. Силер алардай болбогула. Силерге чындыкты айтып коеюн: алар мындай кылуусу менен эмитен эле сыйлыктарын толук алып бүтүштү. 3-4 А сен кайыр берсең жашырын бер. Оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин. Ошондо жашырын нерселерди көрүп туруучу Кудай Атаң сага сыйлыгыңды берет.

Сыйынуу тууралуу таалим

5 Сыйынганыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула; анткени алар элге көрүнүш үчүн синагогаларда, жолдордун кесилиштеринде туруп алып сыйынганды жакшы көрүшөт. Чын айтам: алар сыйлыктарын алып бүтүштү. 6 Сен болсо сыйынганыңда төркү үйүңө кир да, эшигиңди жаап алып, жашырын жердеги Атаңа сыйын, ошондо жашырын жерден сени көрүп турган Атаң сага сыйлыгыңды берет. 7 Сыйынганыңарда бутпарастарга окшоп, маанисиз сөздөрдү кайталап, маңыздана бербегиле. Алар узак сыйынсак Кудай бизди угат деп ойлошот. 8 Ал эми силер алар сыяктуу болбогула, анткени Атаңар эмнеге муктаж экениңерди андан сурай элегиңерде эле билет. 9 Силер мындайча сыйынгыла: «Асмандагы Атабыз. Сенин ыйык атың урматталсын, 10 Сенин падышачылыгың келсин, Асмандагыдай эле жерде да баары сенин эркиңдегидей болсун. 11 Күнүмдүк наныбызды күн сайын берегөр, 12 Бизге карыз болгондордун карыздарын кечиргенибиздей, сен да биздин карыздарыбызды кечир. 13 Бизди азгырыкка кирип кетүүдөн сакта, жамандыктан куткар». 14 Эгер силер башкалардын каталарын кечирсеңер, анда силердикин да асмандагы Атаңар кечирет. 15 Эгер силер башкалардыкын кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин каталарыңарды кечирбейт.

Орозо тутуу тууралуу таалим

16 Орозо тутканыңарда эки жүздүүлөрдөй болуп кабагыңарды бүркөбөгүлө. Алар орозо тутуп жатканын элге көрсөтүү үчүн өңдөрүн бузуп, түрүн өзгөртүшөт. Силерге чындыкты айтып коеюн: алар өз сыйлыктарын эмитен эле алып алышты. 17 А силер болсо адамдардын алдында эмес, Атаңардын алдында орозо тутуп жатканыңарды көрсөтүү үчүн бети-башыңарды жууп, таранып-сыланып алгыла. Ошондо жашырын нерселерди көрүүчү Атаңар силерге сыйлыгыңарды берет.

Асмандагы байлыктар тууралуу таалим

19 Байлыгыңарды жерге жыйбагыла. Жерде же күбө жеп кетет, же дат басып калат, же уурулар дубалыңды тешип, уурдап кетишет. 20 Андан көрө байлыгыңарды асманга жыйгыла. Ал жактан күбө да жей албайт, дат да баспайт, уурулар да дубалды тешип, уурдап кете алышпайт. 21 Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот. 22 Адамдын көзү — анын чырагы. Ошондуктан көзүң таза болсо, тулку-боюңа жарыгы тиет. 23 Көзүң жаман болсо, бүт дене-боюң караңгыда калат. Демек, эгер сендеги жарык караңгыга айланып калган болсо, анда акыбалың абдан оор!

Байлык жана Кудай

24 Эч бир кул эки кожоюнга бирдей кызмат кыла албайт. Алардын бирин сыйлайт да, экинчисин жек көрөт же бирине жагынат да экинчисине үстүртөн мамиле кылат. 25 Ошондуктан силерге айтам: эмне жеп, эмне ичээр экенбиз деп жаныңар үчүн түйшүк тартпагыла. Ошондой эле эмне кийээр экенбиз деп кара жанды карч урбагыла. Анткени жаныңар тамактан, денеңер кийимден кымбат. 26 Чымчыктарды карагылачы, алар эгин экпейт да орбойт, кампаларга да чогултпайт. Аларды асмандагы Атаңар багып жатат. А силердин алардан айырмаңар алда канча чоң эмеспи? 27 Кимиңер түйшүк тартып, өмүрүн бир азга гана узарта алат? 28 Ошондой эле эмнеге кийим-кечектин камын жеп, түйшүктөнөсүңөр? Кызгалдактардын өсүп турганын карагылачы, эмгек да кылышпайт, ийик да ийришпейт. 29 А бирок мен силерге айтып коеюн: Сулайман падыша да атагы алыска тарап, байлыгы ашып-ташып турганда алардын эч бириндей кийинген эмес. 30 Эгерде бүгүн өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийинтсе, силерди андан артык кийинтпейт бекен, эй ишеними аздар. 31 "Эмне жейт болдук экен? Эмне ичээр болдук экен? Эмнени кийээр экенбиз?" деп түйшүктөнбөгүлө. 32 Бутпарастардын эси-дарты ушуларда. А силердин асмандагы Атаңар булардын баарына муктаж экениңерди билет. 33 Силер баарынан мурда Кудайдын падышачылыгы менен адилеттигине умтулгула, анан жанагылардын баарына ал жеткизет. 34 Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла, анткени эртеңки күн өзү үчүн эртең түйшүк тартат, эртеңки күндүн кыйынчылыгы өзүнө жетет.

Матай 7

Өзгөлөрдү соттобогула!

1 Өзгөлөрдү соттобогула, ошондо өзүңөр да соттолбойсуңар. 2 Анткени өзгөлөрдү кандай соттосок, өзүбүз да ошондой соттолобуз. Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат. 3 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү байкабай боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң? 4 Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Кел, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», — деп кантип айтасың? 5 Эй эки жүздүү, адегенде өзүңдүн көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү чамындыны кантип алышты көрөсүң. 6 Ыйык нерселериңди иттерге бербегиле, асыл берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла; чочколор аларыңарды тепсеп таштайт, иттер кайрылып келип, өзүңөрдү каап алат.

Сурагыла, издегиле, тыкылдаткыла

7 Сурагыла, ошондо силерге берилет, издегиле, ошондо табасыңар, тыкылдаткыла, ошондо силерге эшиктер ачылат. 8 Анткени сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга эшик ачылат. 9 Араңарда баласы нан сураса таш бергендер барбы? 10 Балык сураса жыланды кармата салганчы? 11 Ошондуктан силер табиятыңардан начар болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бере алсаңар, анда асмандагы Атаңар муктаждыктарын айтып ага кайрылгандарга силерден бетер берет. 12 Ошентип, бардыгында, өзүңөргө өзгөлөрдүн кандай мамиле кылса экен деп күтсөңөр, өзүңөр да өзгөлөргө ошондой мамиле кылгыла. Тоорат менен Пайгамбарлардын жазмаларынын мааниси ушунда.

Өмүр дарбазасы тар

13 Тар дарбазадан киргиле, анткени тозоктогу азапка алып баруучу жол менен дарбаза кенен жана ал жолдо бараткандар көп. 14 Өмүргө алып баруучу дарбаза менен жол ушунчалык тар жана ал жолду тапкандар аз.

Дарак жана анын жемиши

15 Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар кой терисин жамынып келген ач карышкырлар. 16 Аларды кылган иштеринин жемиштеринен ажыратып тааныйсыңар. Тикенектен жүзүм, шашырдан инжир теришпейт. 17 Ошондой эле жакшы өсүмдүктүн жемиши да жакшы, жаман өсүмдүктүн жемиши да жаман болот. 18 Жакшы өсүмдүк жаман жемиш бербейт, ал эми жаман өсүмдүк жакшы жемиш бербейт. 19 Жакшы жемиш бербеген өсүмдүк чабылат да отко ыргытылат. 20 Ошондуктан жалган пайгамбарларды кылган иштеринен таанып-билесиңер.

Мен силерди тааныбайм

21 Мени «Теңир, Теңир» дегендердин баары эле Асман падышачылыгына кире бербейт. Асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана киришет. 22 Кыяматтагы сот күнү көп адамдар мага: «Теңир! Теңир! Сенин атыңды жарыя кылып, пайгамбарчылык кылбадык беле? Сенин атың менен жин-шайтандарды кубалабадык беле? Сенин атың менен ажайып-кереметтерди жасабадык беле?» — дешет. 23 Ошондо мен аларга мындай дейм: «Силер мага чоочунсуңар, көзүмө көрүнбөй жоголгула, ыймансыз бейбаштар!»

Эки куруучу

24 Ошондуктан менин ушул сөздөрүмдү угуп, аны аткаргандар үйүн ташка курган акылдуу адамга окшош болот. 25 Жаан нөшөрлөп, дарыялар ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кыйраган жок, анткени таштын үстүнө курулган. 26 Ал эми менин ушул сөздөрүмдү угуп, аткарбагандар үйүн кумга курган акылсыз адамга окшош болот. 27 Жаан нөшөрлөп, дарыялар ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кыйрап калды. Кыйраганда да катуу кыйрады.

Бийлиги бар Инсан

28 Иса сөзүн аяктаганда, эл анын таалимине таңданды. 29 Анткени Иса алардын дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бар инсандай таалим берди.

Матай 8

Пес оорулуунун айыктырылышы

1 Иса тоодон түшүп келгенде, көп эл анын артынан ээрчиди. 2 Аңгыча денесин жара баскан 8:2 бир адам жакын келип, таазим этип, мындай деди: — Эгер кааласаңыз, мени айыктыра аласыз. 3 Иса ага колун тийгизди да: — Каалайм, айык! — деди. Ошол замат ал пес оорусунан айыгып кетти. 4 Ошондо Иса ага айтты: — Эч кимге айтпа, бирок өзүңдү диний кызматкерге көргөзүп, аларга күбөлүк катары Муса дайындаган тартууларды алып бар.

Жүзбашынын кызматчысынын айыгышы

5 Иса Капарнаумга киргенде ага жүзбашы басып келди да: 6 — Таксыр, кызматчым үйдө шал болуп, катуу азап чегип жатат, — деген өтүнүч менен кайрылды. 7 Ошондо Иса ага: — Мен барып, айыктырайын, — деди. 8 Бирок жүзбашы: — Таксыр, сиз менин босогомду атташыңызга татыктуу эмесмин, бирок бир ооз сөз айтсаңыз эле айыгып кетет. 9 Мен да бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн кол алдымда да жоокерлерим бар. Бар деген жагыма барып, кел деген жагыма келишет. Мына бул кулума да эмне кыл десем кылат, — деп жооп берди. 10 Муну укканда Иса таң калып, жанындагыларга айтты: — Чынын айтам: мен Израилден мындай ишенимди жолуктурган эмесмин. 11 Силерге айтып коеюн: туш тараптан келген көптөгөн адамдар Асман падышачылыгында Ибраим, Исхак жана Жакып менен бирге той дасторконун тегеректеп, жамбаштап жатышат. 12 Падышачылыктын тургуну болуу үчүн тандалган эл тыштагы капкараңгы туңгуюкка ыргытылат. Ал жакка ыргыталгандар оор азаптан өкүрүп, тиштерин кычыратышат. 13 Анан Иса жүзбашыга: — Бара бер, кандай ишенген болсоң, ишенимиң ошондой ишке ашсын, — деди. Ушул саатта бала айыгып кеткен эле.

Исанын көптөгөн адамдарды айыктырышы

14 Иса Петирдин үйүнө келип, анын кайненеси ысытма менен ооруп, төшөктө жатканын көрдү. 15 Иса аялдын колун кармаганда дароо ысыгы кайтып, аял айыгып кетти. Ордунан туруп, Исаны коноктой баштады. 16 Кеч киргенде Исага көптөгөн жин тийип ооругандарды алып келишти. Иса алардагы жин-шайтандарды сөзүнүн кудурети менен кууп чыкты жана илдеттеринен айыктырды. 17 Илгери Исая пайгамбар аркылуу мындай деп айтылган: «Ал бизди алсыздыктарыбызды өзүнө алды жана оорууларыбызды көтөрүп кетти». Иса аларды айыктырганы менен ушул пайгамбардык сөздү аткарды.

Исаны ээрчип, шакирт болгусу келгендер тууралуу

18 Айланасындагы элди көрүп, Иса көлдүн аркы өйүзүнө өтүүнү буюрду. 19 Ошондо бир дин мугалими басып келип: — Устат, кайда бара турган болсоң да артыңдан калбайм, — деди. 20 Иса ага: — Түлкүлөрдүн ийини бар, чымчыктардын уясы бар. Көктөн келген Адамдын болсо бир аз жамбаштап жатып, эс аларга жайы жок, — деп жооп берди. 21 Дагы бир шакирти Исага: — Таксыр, атам каза болуп калды эле, аны көмүп келейин да анан сизди ээрчийин. Ушуга уруксаат этиңиз, — деди. 22 Иса ага: — Сен артыман түш. Өлүктөр өз өлүктөрүн өздөрү койсун, — деди.

Исанын бороон—чапкынды токтотушу

23 Исаны ээрчип, шакирттери да кайыкка түшүштү. 24 Аңгыча деңиз катуу толкундап, кайыктын кырынан суу аша баштады. Иса болсо уктап жатты. 25 Шакирттери жанына келип: — Устат! Куткар! Кыйрап калдык! — деп аны ойготушту. 26 Ошондо Иса аларга: — Эмне мынчалык коркоксуңар, ишеними аздар! — деди да бороон-чапкындын токтошу үчүн буйрук берди. Ошол замат айлана тыптынч болуп, мемирей түштү. 27 Бул окуяны көргөндөр аң-таң болушуп: — Бороон-чапкынга да бийлиги жүргөн бул кандай адам? — дешти. Исанын жин ооруулуу эки кишини айыктырышы. 28 Көлдүн ар жагындагы Гадара жерине сүзүп барышканда жин ооруулуу эки киши үңкүрлөрдөгү мүрзөлөрдөн чыга калышып, Исанын алдынан тосушту. Алар ушунчалык кутуруп кетишкендиктен ал жол менен эч ким өтө алчу эмес. 29 Аңгыча алар кыйкырып жиберишти: — Эй Кудай Уулу, биз менен сенин кандай ишиң бар!? Бизди күн мурунтан эле кыйнаганы келдиңби? 30 Арыраакта болсо бир чоң бада чочко жайылып жүргөн. 31 Арам рухтар Исадан: — Эгер бизди кубаласаң, чочкордун бадасына жибер, — деп өтүнүштү. — 32 Баргыла! — деди Иса. Жиндер адамдардан чыгып, чочколорго кетишти. Ошол замат чочколор бадасы менен жардан деңизге боюн таштап, сууга чөгүп өлүштү. 33 Чочко кайтаргандар болсо качып жөнөштү да шаарга келип, болгон ишти баарына жар салып, жин оорулуулардын кантип айыкканын айтышты. 34 Ошондо бүткүл шаар эли Исаны утурлай чыгып, ага жолукканда: «Биздин жерибизден кетип калчы», — деп жалбарышты.

Матай 9

Исанын шал болгон адамды айыктырышы

1 Иса кайыкка түшүп, кайрадан көлдүн берки өйүзүндөгү өз шаарына келди. 2 Аңгыча адамдар шал болуп ооруган бир баланы төшөгү менен көтөрүп, алдынан тосуп чыгышты. Иса алардын ишенимин көрүп: — Кайрат кыл, балам, күнөөлөрүң кечирилди! — деди. 3 Ошондо кээ бир дин мугалимдери: — Бул Кудайга акарат келтирип атат! — деп күңкүлдөштү. 4 Иса алардын оюн билип: — Силердин ичиңердеги ойлоруңар жаман. 5 Кайсынысы оңой: «Күнөөлөрүң кечирилди!» дегенби же: «Ордуңан тур да бас!» дегенби? 6 Көктөн келген Адамдын жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар экенин билип алгыла! — деди. Анан шалга карап: — Тур да, төшөгүңдү көтөрүп, үйүңө жөнө! — деди. 7 Бала ордунан туруп, үйүнө жөнөдү. 8 Чогулгандарды Кудайдын коркунучу басып, адамдарга ушундай бийликти берген Кудайды даңкташты.

Салыкчы Матайдын шакирттикке тандалышы

9 Иса андан ары баратып, салык жыйноочу жерде олтурган Матай аттуу кишини көрүп калды. Ага: — Мени ээрчигин! — деди. Матай ордунан турду да Исаны ээрчип жөнөдү. 10 Ошол күнү кечинде, Иса бир үйдө, дасторкондун жанында жамбаштап жатты. Көптөгөн салыкчылар жана күнөөкөр делинип четке кагылгандар да ошол үйгө келип, Иса менен анын шакирттеринин катарынан орун алышты. 11 Муну көргөн фарисейлер Исанын шакирттерине: — Эмне үчүн силердин устатыңар салыкчылар жана күнөөкөрлөр менен чогуу бир дасторкондон тамактанып жатат? — дешти. 12 Иса муну угуп, аларга айтты: — Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. 13 Баргыла, Кудай өзүнүн Ыйык Жазмасында: «Адамдардын мага курмандык чалышын эмес, бири-бирине боорукер болушун каалайм» дегенин түшүнүп алгыла. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү чакыруу үчүн келдим.

Орозо тутуу маселеси

14 Ушул окуядан соң Исага Жакыянын шакирттери келип, суроо беришти: — Эмне үчүн биз да, фарисейлер да тез-тез орозо тутабыз, ал эми сенин шакирттериң такыр орозо тутушпайт? 15 Иса аларга мындай жооп берди: — Yйлөнүп жаткан жигит араларында турганда тойго чакырылгандар кантип кайгырмак эле? Бирок, араларынан жигит алына турган күндөр келет, алар орозону ошондо тутушат. 16 Жаңы кездемеден эски кийимге жамаачы жамабайт. Антпесе жаңы жамаачы эски кийимди айрып, жыртыгы мурдагыдан бетер аңырайып калат. 17 Жаңы шарапты эски чаначка куюшпайт. Антпесе чаначтар айрылып, шарабы агып кетет да чаначтар иштен чыгат. Жаңы шарапты жаңы чаначка куюшат, ошондо чанач да, шарап да аман калат. Рим кызматчысынын кызынын тирилтилиши жана оорулуунун айыктырылышы 18 Иса аларга ушуларды айтып жатканда, жергиликтүү башкаруучулардын бири келди да, таазим кылып: — Кызым каза болуп калды. Бирок сен келип, колуңду тийгизсең эле тирилип кеткени турат, — деди. 19 Иса ордунан туруп, анын артынан жөнөдү. Шакирттери да ага кошулду. 20 Аңгыча он эки жыл бою кан акканы токтобой ооруган бир аял Исанын арка жагынан басып келип, анын чапанынын этегине колун тийгизди. 21 «Чапанына эле колум тийсе, бул ооруумдан айыгам!» — деди аял өзүнчө. 22 Иса болсо артына кайрылып, аны көрдү да: — Кайрат кыл, кызым, ишенимиң сени куткарды, — деди. Ошол сааттан баштап аял оорусунан кутулду. 23 Иса башкаруучунун үйүнө келгенде муңканган чоор үнүн угуп, ызы-чуу болуп жаткан элди көрдү. 24 Анан аларга: — Чыккыла биерден! Кыз өлгөн жок, жөн гана уктап жатат! — деди. Ошондо Исаны шылдыңдап күлүштү. 25 Чогулгандарды үйдөн сыртка кууп чыгышканда Иса үйгө кирди да, кызды колунан алды. Кыз ордунан турду. 26 Бул окуя тууралуу күбүр-шыбыр бүтүндөй аймакка тарады.

Эки сокурдун айыгышы

27 Иса андан ары баратканда эки сокур киши артынан түшүп: — Дөөттүн уулу, бизге ырайым кыла гөр! — деп кыйкырышты. 28 Иса үйгө киргенде сокурлар анын жанына келишти. Иса аларга: — Силерди айыктыра аларыма ишенесиңерби? — деди. Алар: — Ооба, ишенебиз, таксыр, — деп жооп кайтарышты. 29 Ошондо Иса алардын көздөрүнө колун тийгизип туруп: — Ишенгениңердей болсун, — деди. Ошондо тигилердин көздөрү ачылып, көрө башташты. 30 Анан Иса катуу эскертип: — Абайлагыла, бул окуя тууралуу эч ким билбесин! — деди. 31 Алар болсо үйдөн чыгары менен ошол аймактагылардын баарына Иса тууралуу айтып киришти.

Дудуктун айыгышы

32 Айыккан сокурлар сыртка чыгышканда, кимдир бирөөлөр Исага жин оорулуу бир дудук кишини алып келишти. 33 Иса жинди кууп чыкканда дудук сүйлөп кирди. Эл: — Эч качан мындай укмуш Израилде болгон эмес! — деп таңданышты. 34 Ал эми фарисейлер: — Андагы жиндерди кубалаган күч — шайтандардын башчысынан, — дешти.

Чабансыз калган койлор

35 Иса көптөгөн шаар-кыштактарды кыдырып, иудейлердин синагогаларында таалим берип, Падышачылыктын Жакшы кабарын жарыялап, адамдардын ар кандай оорууларын жана алсыздыктарын айыктырып жүрдү. 36 Көптөгөн адамдарды көрүп, боору ооруду, анткени алар жардам бере турган эч ким жок, сулап калган чабансыз койлордой болчу. 37 Ошондо шакирттерине: — Түшүм мол, бирок жыйнаганга кол аз. Ошондуктан өзүнүн эгин талаасына жумушчуларды жиберсин үчүн түшүм Ээсине жалбаргыла, — деди.

Матай 10

Исанын он эки шакирттин элчи кылып дайындашы

1 Иса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар кандай жин-шайтандарды кууп чыга турган бийлик, ар кандай ооруулар менен алсыздыктарды айыктыра турган кудурет берди. 2 Булар Исанын он эки элчиси эле. Алардын аттары мындай: Биринчиси — Петир деп да аталган Ысман, — Петирдин иниси Идрис, — Зебедейдин уулу Жакып, — Жакыптын иниси Жакан, — 3 Филип, — Бартоломай, — Тамас, — Салыкчы Матай, — Алпейдин уулу Жакып, — Фаддей, — 4 Улутчул Ысман, — ошондой эле Исаны анын душмандарына кармап берген Жүйүт Искариот.

Он эки элчинин милдети

5 Ушул он эки кишини Иса жөнөтүп жатып, мындай буйрук берди: — Башка улуттагылардын жерине барбагыла жана самариялыктардын шаарына кирбегиле. 6 Анын ордуна адашкан койлордой болгон Израил элине баргыла. 7 Барганыңарда: «Кудай өзү силерге бийлик кыла турган убакка абдан аз калды!» — деп жар салгыла. 8 Оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, пес ооруулууларды сакайткыла, жиндерди кубалагыла. Бекер алдыңар, бекер бергиле. 9 Алтын, күмүш, жез теңге да жаныңарга салбагыла. 10 Жолго баштык да, ашыкча көйнөк да, бут кийим да, таяк да албагыла. Анткени иштегендин тиштегенге акысы бар. 11 Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, силерди кабыл алууга даяр адамдын барын аныктагыла, анан ал жактан кеткиче ошол адамдыкынан башканыкына көчпөгүлө. 12 Босогону аттаарыңарда: «Тынчтык болсун!» 10:12 дегиле. 13 Yйдө чындап эле кабыл алууга даяр адам бар болсо, саламыңар алик алынсын, эгер болбосо өзүңөргө кайтып келсин. 14 Ал эми силерди кабыл албай, айткан сөзүңөргө кулак салышпаса, анда ал шаарга же айылга наалат катары бутуңардын чаңын күбүгүлө 10:14 да кетип калгыла. 15 Чынын айтам, кыяматтагы сот күнүндө ал шаарга караганда Содом жана Гоморра шаарларына жеңилирээк жаза колдонулат.

Келечекте боло турган куугунтуктар

16 Мен силерди койлорду карышкырлардын арасына жибергендей жиберип жатам. Ошондуктан жыландай акылдуу болгула, көгүчкөндөй аруу болгула. 17 Адамдардан абайлагыла, алар силерди соттордун колуна тапшырып, синагогалардын ичинде камчы менен сабатышат. 18 Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдына алып барышат. Алардын алдында мен жөнүндө күбөлүк берип, элдерге мен жөнүндө айтып бересиңер. 19 Ошондо кандайча жана эмне жөнүндө айтабыз деп алдын ала кам жебегиле. Эмне дээриңерди ошол саатта Кудай оозуңарга сала берет. 20 Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт. 21 Бир туугандар бири-бирине чыккынчылык кылып, бири-бирин өлүмгө салып беришет. Атасы баласына кыянаттык кылып, балдары ата-энелерине кол кайрып, аларды өлүмгө салып беришет. 22 Менин атым үчүн баардыгына жек көрүндү болосуңар. Ким аягына чейин чыдап көтөрсө, кутулат. 23 Бир шаардан зордук көрсөтүшсө, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып жатам: силер Израилдин шаарларын кыдырып чыккыча Адам Уулу келип калат. 24 Шакирт устатынан, кул ээсинен өйдө эмес. 25 Шакирт устатындай, кул ээсиндей боло алса, ошол жетиштүү. Yй ээсин Баалзабул10:25 деп атап жатышса, үйүндөгүлөрүн соо коймок беле. 26 Ошондуктан алардан коркпогула, анткени ачыкка чыкпаган купуя сыр, билинбей кала турган жашырын нерсе жок. 27 Силерге караңгыда сүйлөгөнүмдү жарыкта айткыла. Кулагыңарга шыбырап айтканымды, үйдүн төбөсүнө чыгып алып, жарыялагыла. 28 Силерди өлтүрүп коюш колунан келе тургандардан коркпогула. Алар жаныңарды өлтүрө албайт. Андан көрө жаныңарды да, денеңерди да кууратып, тозокко салууга кудурети бар Кудайдан корккула. 29 Эки чымчык бир эле тыйынга сатылат, туурабы? Эгерде Кудай Атаңардын эрки болбосо алардын бири да топ этип жерге кулабайт. 30 А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. 31 Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.

Исаны кабыл алуу жана андан баш тартуу

32 Ким мени эл алдында ачык тааныса, мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм. 33 Мени эл алдында четке какканды мен да асмандагы Атамдын алдында четке кагам.

Иса бул дүйнөгө рухий «кылыч» алып келди

34 Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлобогула! 35 Мен тынчтык эмес, уулду атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен ажырата турган кылыч алып келдим. 36 Адам баласынын душмандары — өз үйүндөгүлөрү. 37 Атасын же энесин менден артык сүйгөн адам мага татыктуу эмес. Баласын же кызын менден артык сүйгөн адам мага татыктуу эмес. 38 Ошондой эле өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн мени ээрчиген адам да мага татыксыз. 39 Жанын аяган адам, кайра андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жанынан айрылса, ал аны кайрадан табат.

Чыныгы сыйлык

40 Ким силерди кабыл алса, ал мени кабыл алат, ал эми ким мени кабыл алса мени Жибергенди кабыл алат. 41 Пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алган адам, пайгамбарга бериле турган сыйлыкты алат. Кудайдын каалоосундай жашаган адамды Кудайдын каалоосу менен жашаган адам катары кабыл алган адам, Кудайдын каалоосундай жашаган адамга бериле турган сыйлыкты алат. 42 Шакирттеримдин эң кичинесин менин шакиртим катары кабыл алып, бир чыны муздак суу берсе, анда, силерге чын айтам, ал адам тиешелүү сыйлыгын сөзсүз алат.

Матай 11

Жакыянын cуроосу

1 Иса он эки шакиртине насаат-буйруктарын айтып бүтүп, ал жерден кетти да Галилеянын шаарларына таалим берип, Жакшы Кабарды жар салууга жөнөдү. 2 Ал эми Жакыя болсо Машаяктын кылган иштери тууралуу түрмөдө отурган жеринен кабардар болду. Ошондо ал шакирттерин Исага жиберип: — 3 Келүүгө тийиш болгон сенсиңби же... башканы күтүшүбүз керекпи? — деп суратты. 4 Иса: — Уккан-көргөнүңөрдү Яхьяга айтып бергиле: 5 сокурлардын көздөрү көрүп, баса албай калгандар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлүктөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар таратылып жатат. 6 Менин ким экенимен шектенбегендер бактылуу, — деп жооп берди.

Машаяктын Жакыя тууралуу айтканы

7 Жакыянын жиберген адамдары кетип калганда, Иса элге Яхья тууралуу айта баштады: — Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы? 8 Айткылачы, деги эмнени көрөлү деп бардыңар эле? Адеми кийим кийген адамдыбы? Адеми кийимчендер ал жакта эмес, тигине, алар падыша сарайларда. 9 Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коеюн: ал пайгамбардан да улуу. 10 Ыйык китепте мындай деп жазылган жер бар: «Мына, сенин алдыңан кабарчымды жиберемин, ал сенин басаар жолуңду даярдап берет». Бул Яхья тууралуу айтылган сөз. 11 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: энеден туулгандардан Яхья чөмүлдүрүүчүдөн улуусу болгон эмес, бирок Асман падышачылыгындагы эң кичинекей деп эсептелген киши да андан улуу. 12 Яхья чөмүлдүрүүчүнүн күндөрүнөн тартып азыркы кезге чейин Асман падышачылыгына күч колдонушууда жана күчтүүлөр аны тартып алышууда. 13 Анткени Муса жана башка пайгамбарлардын китептери да Яхьяга чейин пайгамбарчылык кылып келишкен. 14 Эгер мага ишенип, сөзүмдү кабыл алгыңар келсе, анда Яхья — бул келүүгө тийиш болгон Илиястын өзү. 15 Кимдин кулагы бар болсо, айткандарымды аңдап алсын!

Исанын замандаштары

16-17 Азыркы замандын адамдарын кимге окшотсом? Базарда олтуруп алып бири-бирине: «Силерге чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок айтсак, эмнеге боздоп ыйлабайсыңар?!» — деген жаш балдарга окшош. 18 Ичип-жебеген Яхья келди эле: «буга жин тийиптир» дешти. 19 Ичип-жеген көктөн түшкөн Адам келди эле: «бул тойбос, шарап дегенде жантагынан жата калган неме экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен» дешти. Кудайдын акылмандыгы ушинтип эле өзүнүн натыйжалары аркылуу ырасталып калат.

Машаякка ишенбей койгон шаарлар

20 Ошондо Иса өз кереметтерин баарынан көбүрөөк көрсөткөн шаарларды уруша баштады. Анткени алар күнөөлөрүнөн баш тартып, Кудайга кайрылышпады: — 21 Шоруң куруйт сенин, эй, Хоразин, шоруң куруйт сенин, эй, Бетсаида! Эгер силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак катуу кийим кийип, күлгө олтуруп, 11:21 күнөөлөрүнөн баш тартып, Кудайга кайрылышмак. 22 А бирок силерге айтып коеюн: кыяматтагы сот күнүндө силерге караганда Тир менен Сидонго жеңилирээк болот. 23 А сен, Капарнаум, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок, Кудай сени көрдүн түбүнө житире чабат. Анткени эгерде сенде жасалган укмуштар Содомдо да жасалган болсо, анда ал бүгүнкү күндө бар болмок. 24 Бирок мен силерге айтып коеюн: кыяматтагы сот күнүндө силерге караганда Содомго жеңилирээк болот.

Жашоодон чарчап-чаалыккандарга сүйүнчү

25 Ошол убакта Иса мындай деди: — Сага рахмат, о Ата, асман-жердин Ээси, анткени сен муну акылмандар менен аалымдардан жашырып, жаш баладай жөнөкөйлөргө ачып бердиң. 26 Ооба, Ата, анткени ушундай болушун сен кааладың. 27 Мага бардыгы Атамдан берилген. Уулун Атасынан башка эч ким терең билбейт, ал эми Атасын Уулу жана Уулу кимге ачып бергиси келгенден башка эч ким терең билбейт. 28 Оор мээнеттин каамытынан башы чыкпай, түйшүк жүгүн көтөрүп жүрүп, чарчап-чаалыккандар, баарыңар мага келгиле! Мен силерди эс алдырам. 29 Менин каамытымды кийип, менден таалим алгыла, анткени мен жоош-момунмун жана жөнөкөймүн. Ошондо жаныңарга жай табасыңар. 30 Анткени менин каамытым жакшы, жүгүм жеңил.

Матай 12

Ишемби маселеси

1 Ошол күндөрдүн биринде Исага эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Жанындагы шакирттери ачка болуп, буудайдын башын жулуп жей башташты. 2 Муну фарисейлер көрүп калышып Исага: — Карачы, шакирттериң ишемби күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! — дешти. 3 Иса мындай жооп берди: — Дөөт жанындагы адамдар менен бирге ач калышканда эмне кылганын окуган жок белеңер? 4 Кудай үйүнө кирип, Жараткан Эгебизге тартуу катары коюлган нанды алып чыгып, жанындагылар менен бирге жеген. Кудайдын мыйзамы боюнча ал нандарды жегенге Дөөттүн да, анын жанындагылардын да эч акысы жок болчу. Аларды жешке жалаң гана диний кызматчылардын акысы болгон. 5 Диний кызматчылар ибадатканада ишемби күндүн эс алуу мыйзамын бузуп коюшса да айыпсыз экендиги тууралуу Кудайдын мыйзамынан окуган эмес белеңер? 6 Силерге айтып коеюн: бул жерде ибадатканадан да улуу бирөө турат. 7 Эгерде силер Кудайдын: «курмандыкты эмес, боорукердикти каалайм!» деген сөзүнүн маанисин түшүнгөн болсоңор, анда айыпсыз адамдарды соттобос элеңер. 8 Анткени Көктөн келген Адам ишембинин да Эгедери.

Колу сенек болгон адам

9 Иса ал жактан кетип, иудейлердин синагогасына келди. 10 Синагогада колу сенек бир адам бар эле. Ошол жерде тургандардан бирөөлөр Исадан кынтык таап, айыпка жыгуу максатында: — Кудайдын мыйзамы боюнча ишемби күндөрү адамды айыктырууга болобу? — деп сурашты. 11 Иса: — Араңардан кимиңер жалгыз кою болуп, анысы ишембиде чуңкурга түшүп калса, аны кармап, алып чыкпай таштап коёт? — деди. 12 Адам баласы койдон канчалык өйдө эмеспи! Демек, ишемби күнү жакшылык кылса болот, — деди. 13 Андан соң колу сенек адамга кайрылып: — Колуңду сунчу! — деди. Тигил адам колун сунары менен айыгып, ооруган колу соо колундай болуп калды. 14 Сыртка чыгып кетишкен фарисейлер болсо өз ара Исаны кантип өлтүрүш керектигин акылдашты.

Кудай тандаган кызматчылар

15 Иса болсо алардын бул ниетин билип, ал жактан кетип калды. Исанын аркасынан көп эл ээрчиди. Иса алардын баарын айыктырып, 16 адамдарга өзү жөнүндө жарыя кылууга тыюу салды. 17 Кудайдын Исаия пайгамбар аркылуу айткан сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду: 18 «Бул менин тандап алган Кулум, Жаным ыраазы болгон Сүйүктүүм. Мен аны өз Рухума толтурам, Ал башка элдерге өкүмүмдү жарыя кылат. 19 Талашпайт да кыйкырбайт, Көчөдө кыйкырып жатканын эч ким укпайт. 20 Менин өкүмүмдү аягына жеткирмейин, Бүктөлгөн камышты сындырбайт, Быкшыган шамды өчүрбөйт. 21 Ага бардык улуттар үмүттөрүн артышат».

Иса жана Баалзабул

Исаны көптөгөн эл ээрчиди. 22 Аңгыча жин ооруусуна чалдыккан бир сокур дудукту Исанын алдына алып келишти. Иса аны айыктырды. Сокур дудук сүйлөп, көзү көрүп калды. 23 Элдин баары таң калып: — Бул Дөөттүн урпагынан чыккан Куткаруучу эмеспи? — дей башташты. 24 Муну угуп калган фарисейлер: — Бул жиндерди жин-шайтандардын башчысы Иблистин 12:24 күчү менен кубалап жатат. Башкача болушу мүмкүн эмес! — дешти. 25 Алардын оюн билген Иса мындай деди: — Ичинен ыркы кеткен ар падышачылык ээн чөлгө айланат, өз ара ынтымагы кеткен шаар же үй-бүлө аман калбайт. 26 Эгерде шайтан шайтанды кубалап жатса, демек, ал өз ичинен бөлүнүп-жарылып, өзүнө-өзү каршы чыкканы. Анан анын падышачылыгы кантип аман калмак эле? 27 Эгер мен Иблистин күчү менен жин-шайтандарды кубалап жаткан болсом, анда өзүңөрдүн шакирттериңер кимдин күчү менен кубалап жүрөт? Ушул себептен шакирттериңердин кылган иштери силерге калыс болсун. 28 А эгер мен жин-шайтандарды Кудайдын Руху менен кубалап жаткан болсом, анда, демек, силерге Кудай өз Падышачылыгын орното турган мезгил келип жетти. 29 Алдуу адамды байлабай туруп, анын үйүнө даап кирип, үй-мүлкүн ким тоноп кете алат? А эгер таңып салса, анда үйүн тоноп кете алат. 30 Ким мени менен бирге болбосо, мага каршы. Ким мени менен бирге жыйнабаса, чачат. 31 Ошондуктан силерге айтып коёюн: күнөөлөр менен жаман сөздөрдүн баары кечирилет, а бирок кимде ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт. 32 Кимде ким Көктөн келген Адамга каршы сөз айтса кечирилет, а бирок Ыйык Рухка каршы сүйлөгөн адам бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да кечирилбейт.

Дарак жана анын мөмөлөрү

33 Даракты жакшы баксаңар, мөмөсү да жакшы болот, жаман баксаңар, мөмөсү да жаман болот. Анткени дарактын кандай экени мөмөсүнөн билинет. 34 Эй, жылан тукумдары! Өзүңөр жаман болуп туруп, кантип жакшы сөз сүйлөй алмак элеңер? Анткени адамдын дили эмнеге толуп-ташыса ошол тилине чыгат. 35 Жакшы адам дилиндеги жакшы кампасынан жакшылыкты алып чыгат, жаман адам жаман кампасынан жамандыкты алып чыгат. 36 Силерге айтып коеюн: адамдар оозунан чыккан ар бир куру сөзү үчүн кыяматтагы сот күнү Кудай алдында жооп беришет. 37 Анткени айткан сөзүң боюнча акталасың жана соттолосуң.

Өзгөчө бир укмуш көргүсү келген ишенбестер

38 Ошондо дин мугалимдери менен фарисейлердин кээ бири Исага: — Устат, сиздин бизге бир кереметтүү жышаан көрсөтүшүңүздү каалайбыз, — дешти. 39 Иса мындай жооп берди: — Жаман жана күнөөкөр муундун эңсегени — укмуштуу жышаан. Бирок Жунус пайгамбар көргөндөн башка укмуштуу жышаан ага көрсөтүлбөйт. 40 Жунус деңиз жырткычынын курсагында үч күн, үч түн болгон сыяктуу Көктөн түшкөн Адам да жер түбүндө үч күн үч түн болот. 41 Ниневиялыктар 12:41 кыяматта ушул муун менен бирге кайра тирилтилет да аны айыпка жыгат, анткени ал эл Жунустун сөзүнөн күнөөлөрүн моюнга алып, тобо келтиришкен. Ал эми бул жерде болсо Жунустан улуу Бирөө турат. 42 Түштүктөн 12:42 келген ханыша бул муунга каршы турат да, аны айыптайт, анткени ал Сулаймандын акылмандыгын угуп кетүү үчүн жердин четинен келген. Ал эми бул жерде болсо Сулаймандан улуу Бирөө турат.

Кайта келген жиндер

43 Жин адамдан чыккан соң, жанына тынчтык издеп, какшыган чөлдөрдү кыдырып-кыдырып, таппайт. 44 Анан: «Кой, чыккан үйүмө кайра барайын» деп кайра келет да анын шыпырылып, жыйналып бош турганын көрөт. 45 Кайра барып, өзүнөн өткөн жети жинди ээрчите келет да, алиги адамга кирип, жашай башташат. Ошондо жанагы адамдын кийинки абалы мурункусунан жаман болот. Азыркы жаман замандын адамдары менен так ошондой болот. Исанын энеси жана бир туугандары 46 Иса чогулгандарга сүйлөп жаткан. Аңгыча энеси жана бир туугандары келип, аны менен сүйлөшөлү деп сыртта күтүп турушту. 47 Ошондо кимдир бирөө: — Сени менен сүйлөшкүсү келип, энең жана бир туугандарың сыртта турушат, — деди. 48 Иса ушул сөздү айтканга карап: — Менин энем ким, бир туугандарым кимдер? — деди. 49 Анан колун шакирттери тарапка сунуп: — Менин энем жана бир туугандарым мына. 50 Ким менин асмандагы Атамдын эркин аткарса, менин ага-иним да, эже-карындашым да, энем да ошол, — деди.

Матай 13

Дыйкан жана Кудай

1 Ушундан соң Иса үйдөн чыгып, көл тарапка басты. Жээкке жетип, жайгашып олтурду да таалим берүүгө камданды. 2 Калың эл чогулгандыктан кайыкка түшүүгө туура келди. Эл жарданып, жээкте карап турду. 3 Иса көп нерселерди ибаратташтырып 13:3 айтты. 13:3b Ал мындай деди: — Бир дыйкан эгин себүү үчүн талаага чыгат. 4 Сепкен үрөндөрдүн кээ бири талаадагы жалгыз аяк жолдун боюна түшөт. Чымчыктар учуп келип, аларды чокулап, жеп кетишет. 5 Кээ бири бир аз гана топурагы бар, таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат. 6 Бирок күн чыкканда күйүп, тамыры жоктугунан куурап калышат. 7 Кээ бирлери тикенектин тамырлаган жерге түшүп, өсүп чыккан тикенектин астында басылып калат. 8 Кээ бирлери болсо жакшы жерге түшүп, жемиш беришет: кээси жүз эселеп, кээси алтымыш эселеп, кээси отуз эселеп. 9 Кулагы барлар айтканымдын маанисин угуп алышсын.

Ибараттын чечмелениши

10 Шакирттер Исага келип: — Эмне үчүн аларга ибаратташтырып айтып жатасың? — деп сурашты. 11 Иса мындай жооп берди: — Анткени Асман падышачылыгынын сырларын таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн Кудай силерге берген. Аларга болсо берген эмес. 12 Кимде Кудайдын сырлары тууралуу түшүнүк бар болсо, Кудай ага дагы берет жана анда эмне керек болсо баары болот. Ал эми кимде түшүнүк жок болсо, анда бар болгонун да Кудай тартып алат. 13 Ушул себептүү мен аларга «көздөрү бар болсо да көрүшпөйт, кулактары бар болсо да угушпайт» деп ибарат менен сүйлөп жатам. 14 Ошондуктан Исаия пайгамбардын айткандары аткарылат. Ал мындай деген: «Кулагыңар бар болгон менен эч качан түшүнбөй угасыңар, Көзүңөр бар болгон менен эч качан кабыл албай карайсыңар. 15 Анткени бул элдин дилин дат басып, Кулагы оорлошуп, Көзү тунарып калган. Антпесе көзү көрмөк, Кулагы укмак, Көкүрөгү менен сезмек, Мага кайтып келишмек. Анан мен аларды айыктырмакмын». 16 А силер бактылуусуңар, анткени силердин көзүңөр көрүп, кулагыңар уга алат. 17 Мен силерге чындыкты айтып коёюн: азыркы силер көрүп жана угуп жаткан окуяларды көптөгөн пайгамбарлар менен адилдер көргүсү, уккусу келген, бирок буга жетишпеди.

Дыйкан тууралуу ибараттын мааниси

18 Ошондуктан силер дыйкан тууралуу ибараттын маанисин угуп алгыла: 19 Кудайдын падышачылыгы тууралуу сөздү угуп, бирок маанисин түшүнбөгөнгө шайтан келет да анын жандүйнөсүнө түшкөн Кудайдын сөзүн уурдап кетет. Жол боюна түшкөн уруктун мааниси ушуну билдирет. 20 Ал эми ташка түшкөн урук болсо — Кудайдын сөзүн угуп, ошол замат кубанып кабыл алган адамды билдирет. 21 Бирок анын тамыры жок болгондуктан бир азга гана ишенип, ишенгендиги үчүн кыйынчылыктар менен куугунтуктар башталары менен ишенимден тайып кетет. 22 Тикендин арасына түшкөн үрөн болсо, Кудайдын сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн куру убайымдары менен акчанын азгырыгына алдырып койгон адамды билдирет. Андагы сөздү ошолор муунтуп, ал сөз жашоосуна таасир тийгиздирбей коёт. 23 Ал эми жакшы топуракка түшкөн урук болсо Кудайдын сөзүн угуп, маанисин түшүнгөн адамды билдирет. Мындай адам жүз эселеп, алтымыш эселеп, отуз эселеп мол жемиш берген уруктай.

Отоо чөптөр тууралуу ибарат

24 Иса аларга дагы бир ибаратты айтып таалим берди: — Асман падышачылыгы өз талаасына жакшы урук сепкен адамга окшош. 25 Бирок эл уктап жатканда душманы келип, буудайлардын арасына отоо чөптөрдүн уругун себет да кетип калат. 26 Буудай көгөрүп, баш байлай баштаганда, отоо чөптөр да кошо чыгат. 27 Ошондо талаанын ээсине кулдары келип: «Төрөм, сиз талааңызга жакшы урук эктиңиз эле го. Отоо чөптөр кайдан чыга калды?» — дешет. 28 Кожоюн: «Душмандарымдын бирөөсү кылган муну», — деп жооп берет. Кулдары: «Барып, отоп салалыбы?» — дешет. 29 Кожоюн: «Кереги жок, отоо чөптөрдү жулабыз деп, алардын тамыры менен кошо буудайларды жулуп салышыңар мүмкүн. 30 Күзгө чейин тим койгула. Оруу-жыюу маалында орокчуларга адегенде отоо чөптөрдү жулуп, өрттөө үчүн боо-боо кылып байлатып, буудайды болсо өзүнчө кампаларыма төктүрөм».

Сары кычынын даны тууралуу ибарат

31 Иса аларга дагы бир ибарат айтты: «Асман падышачылыгы бир адам алып, талаасына эгип койгон сары кычынын данына окшош. 32 Сары кычынын башка уруктардын бардыгынан кичинекей болсо да, өсүп чыкканда, бардык мөмө жемиштерден чоң болот да, бутактарына канаттуулар учуп келип, уялаган даракка айланат».

Камыртуруш тууралуу ибарат

33 Иса аларга дагы бир ибарат айтып берди: «Асман падышачылыгы бир аял үч чара 13:33 өлчөм камырга салып, толук ачыгыча таштап койгон камыртурушка окшош».

Ибараттардын чечмелениши

34 Ушунун баарын Иса ибарат кылып айтты, ибаратсыз аларга эч нерсе айткан жок. 35 Пайгамбар аркылуу айтылган сөз аткарылсын үчүн ушундайча сүйлөдү. Пайгамбар мындай деген: «Мен ибарат менен сүйлөйм. Кудай дүйнө жаратылгандан бери адамдардан жашырын сактап келген нерселерди жарыя кылам».

Отоо чөп тууралуу ибараттын чечмелениши

36 Ошондо Иса элди коё берип, үйгө кирди. Шакирттери жанына келип: — Талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — дешти. 37 Иса аларга мындай деди: — Жакшы урук сепкени — бул көктөн түшкөн Адам. 38 Талаа болсо бул дүйнөнү билдирет. Жакшы урук — бул Кудай падышачылыгынын атуулдары. Отоо чөптөр — шайтандын адамдары. 39 Отоо чөптөрдү сээп кеткен — шайтан, күз — акыр заман, орокчулар — периштелер. 40 Ошондуктан акыр заманда да отоо чөптөр отолуп отко ыргытылгандай окуя болот. 41 Көктөн түшкөн Адам өз периштелерин жиберип, өз падышачылыгынан бардык азгырыктар менен бейбаштарды тердирет. 42 Анан аларды жалбырттап күйгөн мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштердин кычыратышат. 43 Ошондо Кудайдын эркин аткарып жашагандар асмандагы Атасынын Падышачылыгында күн сыяктуу жаркырашат. Кимдин кулагы бар болсо айткандарымды аңдап алсын!

Катылган кенч тууралуу ибарат

44 «Асман падышачылыгы талаага көмүлгөн кенчке окшош. Аны бир киши таап алып, катып коет да кубанганынан колундагынын баарын сатып жиберип, ошол талааны сатып алат».

Бермет тууралуу ибарат

45 «Дагы Асман падышачылыгы таза берметти издеген көпөскө окшош. 46 Ал кымбат баалуу берметти таап, аны сатып алуу үчүн кетип, колундагысынын баарын сатып жиберип, түшкөн акчасына ошол берметти сатып алат».

Тор тууралуу ибарат

47 «Дагы Асман Падышачылыгы деңизге ыргытылып, ар түрдүү балыктарды жыйнап алган чоң торго окшош. 48 Тор толгондо, аны жээкке сүйрөп чыгышып, анан олтуруп алып жакшысын себеттерге салышып, жамандарын ыргытып жиберишет. 49 Акыр заманда ушундай болот: периштелер келип, жаман адамдарды адилдерден бөлүп алышат да 50 жалындаган мешке ыргытышат. Анын ичинде өкүрүк-бакырык менен тиштин кычыраганы басылбайт».

Асман падышачылыгы тууралуу билим

51 Анан Иса шакирттерине: — Айткандарымды түшүндүңөрбү? — деди. Шакирттери: — Ооба, — деп жооп беришти. 52 Иса сөзүн улады: — Ошондуктан Асман падышачылыгы тууралуу билимге ээ болгон ар дин мугалими өзүнүн кенч сактагыч жайынан жаңы буюмдарын да, эски буюмдарын да сыртка алып чыккан үй ээсине окшош.

Исанын өз шаарында четке кагылышы

53 Иса ушул ибараттарын айтып бүтүп, ал жактан кетип калды. 54 Анан өзүнүн чоңоюп-өскөн шаарына келип, алардын синагогасында таалим берди. Анын таалими адамдарды таңдантты. «Мындай акылмандык менен укмуштарды жасай турган кудуретти кайдан алды экен? 55 Бул биздеги эле жыгач устанын баласы эмеспи?! Мария анын энеси, Жакып, Жусуп, Ысман жана Иуда бир туугандары эмеспи?! 56 Карындаштарынын баары тең арабызда жашашат го?! Мынчалык акылмандык менен кудуретти кайдан алды болду экен?!» — дешип, 57 Исага ишене албай баштары катты. Иса болсо: — Кадыр-барксыз пайгамбар болбойт, бирок өз ата-мекени менен үй-бүлөсүнөн башка жерде, — деди аларга. 58 Алардын ишенбестигинен улам Иса ал жерде көптөгөн кудуреттүү иштерин жасаган жок.

Матай 14

Жакыянын өлүмү

1 Ошол убакта Иса жөнүндөгү кабар Галилеянын башкаруучусу 14:1 болгон Иродко жетти. 2 Ал малайларына: — Бул чөмүлдүрүүчү Яхья, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон, — деди. 3 Ироддун мындай дегени, Яхьяны карматып, бир тууганы Филиптин аялы Иродиаданын айынан аны буттарынан кишен салып, түрмөгө отургузуп койгонунан эле. 4 Анткен себеби Яхья: «Сенин Иродиадага үйлөнгөнүң мыйзамсыздык!» — деп бетке айткан. 5 Ушул сөзү үчүн Ирод аны өлүм жазасына тарткысы келди, бирок элден корккондугунан батына албады, себеби эл Яхьяны пайгамбар деп эсептечү. 6 Анткен менен Ироддун туулган күнүндө Иродиаданын кызы коноктордун алдында бийлеп, Ироддун купулуна толду; 7 ошондо Ирод ага каалаган нерсесин берүүгө ант берди. 8 Иродиаданын кызы болсо, энесинин кеңеши боюнча: «Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын табакка салып, азыр алдыма алып келиңиз» деди. 9 Кыздын сураганы падышаны абдан капаланса да, конокторунун алдында берген антынан улам талабын орундатууну буюрду. 10 Жакыянын башын кесип келүү үчүн түрмөгө кишилерин жиберди. 11 Алар башты табакка салып келип, кызга беришти. Кыз болсо энесине алып барып берди. 12 Ошондо Яхьянын шакирттери келип, анын сөөгүн алып чыгып, мүрзөгө коюшту да, Исага барып, болгон ишти айтып беришти. Исанын беш миң кишини тойгузушу. 13 Бул кабарды уккан Иса кайыкка түштү да элден бөлүнүп, ээн жерге жалгыз кетип калды. Исанын кайык менен кеткенин уккандар шаарлардан чыгып, жөө-жалаңдап, артынан түштү. 14 Иса кайыктан чыкканда көптөгөн элди көрүп, аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды. 15 Кеч киргенде шакирттери ага келип: — Бул жер ээн экен, кеч да кирип кетти, ошондуктан элди кое бер, айылдарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, — дешти. 16 Бирок Иса аларга: — Алардын кетишинин кереги жок, жегенге бирдемени силер бергиле, — деди. 17 Алар: — Бул жерде эч нерсебиз жок, болгону беш нан менен эки балыгыбыз гана бар, — дешти. 18 Иса: — Ошоңорду мага алып келгиле, — деди. 19 Анан элди чөптүн үстүнө жаткыла деп буйруду да, жанагы беш нан менен эки балыкты колуна алып, асманды карап, Кудайга сыйынып туруп, нанды сындырып шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 20 Эл жеп, баары тоюшту, арткан нандын үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду. 21 Беш миңге жакын киши жеди ошол тамакты. Беш миң кишиден сырткары көптөгөн аялдар менен балдар да жеди.

Исанын суу үстү менен басып келип, шакирттерине көрүнүшү

22 Ушундан соң Иса шакирттерин кайыкка олтургузду. Элди коё бергичекти өзүнөн мурда аркы өйүзгө сүзүп өткүлө деп буюрду. 23 Алар сүзүп кетишкенде, элди таркатып, өзү жалгыз сыйынуу үчүн тоого чыкты. Кеч киргенге чейин тоодо жалгыз калды. 24 Кайык болсо жээктен алыста, бет маңдайдан соккон шамалдан улам толкундарды жирей, араң жылып баратты. 25 Түн жарымынан оогондо Иса суу үстү менен басып, шакирттерине келди. 26 Анын суунун үстүнөн басып келе жатканын көргөн шакирттердин үрөйү учуп, "бул арбак" деп, корккондугунан бакырып жиберишти. 27 Ошол замат Иса үнүн чыгарып: — Коркпогула, бул менмин, баары жайында! — деди. 28 Петир болсо: — Устат, эгер бул сен болсоң, анда «суу үстү менен басып кел» деп буйручу мага, — деди. 29 Иса: — Кел, — деди. Ошондо Петир кайыктан чыгып, суунун үстү менен Исага жөнөдү. 30 Бирок шамалды көрүп, коркуп кетти. Чөгүп баратып: — Эгем, мени куткар! — деп кыйкырып жиберди. 31 Иса дароо колун созуп, аны сүйөй калды да: — Ишеними аз десе, эмне үчүн шектендиң? — деди. 32 Петир кайыкка түшүшкөндө шамал басылды. 33 Кайыктагылар Исага таазим кылышып: — Сен чындыгында Кудай Уулусуң, — дешти.

Исанын Генисаретте оорулууларды айыктырышы

34 Көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, алар Генисарет аймагына жетишти. 35 Жергиликтүү эл Исаны таанышып, бүткүл аймакка кабар таратып, анын алдына бардык оорулууларды алып келишти. 36 Алар Исадан: — Кийимиңиздин этегине гана колубузду тийгизүүгө уруксат этиңиз, — деп суранып жатышты. Ал эми тийгизгендин баары куландан соо болуп, айыгып кетип жатты.

Матай 15

Ата-бабалар салты

1 Ошондо Иерусалимден фарисейлер менен дин мугалимдери келип, мындай дешти: — 2 Эмне үчүн сенин шакирттериң ата-бабаларыбыздын салтын бузуп жатышат? Алар колдорун жуубай нан жешет экен. 3 Иса аларга мындай жооп берди: — А өзүңөрчү? Эмне үчүн өзүңөрдүн салттарыңар деп, Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар? 4 Кудай эмне деди эле? «Ата-энеңди сыйла!», «Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!» — деген. 5 А силер: «Эгер ким ата-энесине: 'силерге белек катары бере алар нерсемдин баарын Кудайга арнап койгом' десе, 6 анда ата-энесин сыйлабай эле койсун» деп окутуп жүрөсүңөр. Ошентип Кудайдын сөзүн салттарыңардан ылдый коюп, жоюп салдыңар. 7 Эки жүздүүлөр! Силер тууралуу Исаия пайгамбар жакшы пайгамбарчылык кылган: « 8 Бул эл мени тили менен урматтаса да, дили менден алыс. 9 Ошондуктан алардын мага табынгандары пайдасыз. Анткени алар адамдар өздөрү ойлоп тапкан каада-салттарды окутушат».

Адамды арам кылган эмне?

10 Анан Иса элди өзүнө чакырып алып мындай деди: — Кунт коюп уккула да, түшүнүп алгыла. 11 Адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан сөз арам кылат. Мына, адамды арам кылган нерсе ушу. 12 Иса ушундай дегенде, шакирттери басып келишти да: — Билесиңби, сенин сөзүңдү угуп, фарисейлер абдан таарынып жатышат? — дешти. 13 Иса болсо аларга: — Менин асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат. 14 Алардан оолак болгула, алар сокурлардын сокур жетекчилери. Сокур сокурду жетелесе, экөө тең чуңкурга кулап түшөт, — деп жооп берди. 15 Ошондо Петир буга: — Бул ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — деди. 16 Иса: Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби? 17 Адамдын оозуна кирген нерсе ашказандан өтүп, сыртка ташталарын билбейсиңерби? 18 Адамдын оозунан чыккан нерсе болсо жүрөктүн чыгат да аны арам кылат. 19 Анткени адамдын жүрөгүнөн арам ой, адам өлтүрүүчүлүк, бузукулук, уурулук, жалган күбөлүктөр, уу сөздөр чыгат. 20 Адамды ушулар арам кылат. Ал эми колду жуубай жегендик адамды арам кылбайт, — деп жооп берди.

Исага терең ишенген аял

21 Иса ал жактан чыгып, Тир менен Сидон шаарлары тарапка кетип калды. 22 Аңгыча алдынан ошол жердин Канаан аталган аймагында жашаган аял тосуп чыгып: — О Дөөттүн уулу! Ырайым кыла көрүңүз мага, таксырым! Кызымды кара күч катуу кыйнап жатат! — деп кыйкырды. 23 Иса болсо жооп бербеди. Ошондо шакирттери ага жакындашып: — Бул аялды коё берип койчу. Аркабыздан калбай кыйкырып келатат, — деп суранышты. 24 Бирок Иса: — Мен Израилдин жоголгон койлоруна гана жиберилгем, — деп жооп берди. 25 Аял болсо Исага келип, чөк түшүп: — Таксыр, мага жардам кылагөр, — деп жалынды. 26 Иса: — Балдардын нанын алып, иттерге ыргыткан жакшы болбойт, — деди. 27 Аял: — Ооба таксырым, бирок иттер да кожоюндарынын дасторконунан ыргытылган калдыктарды жешет ко, — деди. 28 Ошондо Иса: — О аял, ишенимиң күчтүү экен, тилегиң кабыл болсун, — деди. Ошондо аялдын кызы дароо айыгып кетти.

Исанын көптөгөн адамдарды айыктырышы

29 Иса ал жактан чыгып, Галилея көлүнө барды да, тоого чыгып, отурду. 30 Ошондо ага чолок, сокур, баса албаган, дудук жана башка көптөгөн оорулууларды алып, калың эл келди. Аларды Исанын алдына коюшту жана Иса баарын сакайтты. 31 Ошондо калың эл дудуктарга тил кирип, майыптар айыгып, сокурлардын көзү көрүп калганын көрүп, алар Израил табынган Кудайды даңктады.

Исанын төрт миң кишини тойгузушу

32 Иса шакирттерин чакырып алып: — Элге боорум ооруп турат, үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерсеси жок турушат. Алар жолдо алсырап жыгылып калышпасын үчүн мен аларды ачка коё бергим келбей турат, — деди. 33 Шакирттери: — Бул ээн талаада ушунча элдин баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан алабыз? — дешти. 34 Иса: — Канча наныңар бар? — деп сурады. Алар: — Жети нан дагы бир нече кичинекей балыгыбыз бар, — деп жооп беришти. 35 Ошондо Иса элди жамбаштап жаткыла деп буйруду да 36 алиги жети нан менен балыктарды алып, Кудайга ыраазычылык айтып, сындырып, шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 37 Баары жеп, тоюшту. Калган нандын үзүмдөрүн жыйнашканда жети себет толду. 38 Жегендер, аялдар менен балдарды кошпогондо, төрт миң киши болчу. 39 Ушундан соң Иса элди коё берип, өзү Магадан аймагы тарапка келди.

Матай 16

Фарисейлердин өтүнүчү

1 Фарисейлер менен саддукейлер келип, Исаны сынап, асмандан бир жышаан 16:1 көрсөтүшүн суранышты. 2 Ошондо Иса айтты: — Силер кечинде: «Күн кызарып батты, демек эртең аба-ырайы жакшы болот», — дейсиңер. 3 Эртең менен: «Бүгүн жаан-чачын болот, анткени күндүн көзүн каптаган кара булуттар кызарып турат», — дейсиңер. Асманды карап, аба-ырайын ажыратканды го билет экенсиңер, ал эми мезгилдердин белгилерин ажыратканды билбейсиңерби? 4 Күнөөкөр жана Кудайга ак болбогон эл укмуштуу жышаандарды көргүсү келет, бирок ага Жунус көргөн укмуштуу жышаандан башка жышаан көрсөтүлбөйт! Иса ушундай деди да, аларды калтырып, башка жакка кетип калды.

Фарисейлер менен саддуккейлердин таалимдери тууралуу

5 Шакирттер аркы өйүзгө жетишкенде, нанды албай, унутуп кетишкенин билишти. 6 Иса аларга айтты: — Абайлагыла, фарисей менен саддукей ачыткысынан сак болгула. 7 Шакирттер муну угуп, өздөрүнчө: «Биз нанды албаганыбыз үчүн айтып жатат ко», — деп ойлонушту. 8 Иса алардын бул оюн туюп: — Ай, ишеними аздар, эмнеге ичиңерден нан ала келбептирбиз деп ойлоп жатасыңар? 9 Алиге чейин түшүнгөн жоксуңарбы? Өткөндү эсиңерге салбайсыңарбы? Беш нан беш миң кишиге жетип, калдыктарын жыйнап алганыңарда канча себет болду эле? 10 Жети нан төрт миң кишиге жетип, калдыктарын жыйнагандачы? 11 Фарисейлер менен саддукейлердин ачыткысынан сак болгула дегенимде нан тууралуу айтпаганымды кандайча түшүнбөйсүңөр? 12 Ошондо алар Исанын камыртуруштан эмес, фарисейлер менен саддукейлердин окутуусунан сак болууну айтканын түшүнүштү.

Исанын Машаяк экендиги

13-14 Иса Филип Кесариясы деген шаардын аймагына келгенде, шакирттерине мындай суроо берди: — Мени, Көктөн келген Адамды эл ким деп эсептешет? Шакирттери: — Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, кээ бирлери Иеремия же башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, — дешти. — 15 А силерчи, — деди Иса аларга, — силер мени ким деп эсептейсиңер? 16 Ошондо Ысман Петир: — Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң! — деп жооп берди. — 17 Сен бактылуу адамсың, Жунус уулу Ысман, анткени муну сага пенде эмес, асмандагы Атам ачып берди. 18 Мен да сага айтам: сен Петирсиң 16:18, ушул аска таштын үстүнө мен өзүмдүн Жыйынымды курамын, аны тозоктун өзү да жеңе албайт. 19 Мен сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем, жер бетинде эмнеге тыюу салсаң, ал асманда да тыюу салынган болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат кылсаң, ал асманда да уруксат берилген нерсе болушу керек. 20 Ушундан соң Иса шакирттерине: — Менин Машаяк экенимди эч кимге айтпагыла! — деп катуу эскертти. Иса өзүнүн азап тартып, өлөөрүн алдын ала айтат. 21 Ошол мезгилден баштап Иса Иерусалимге барышы керектигин, андан эл башчылары, дин башчылары жана дин мугалимдери тарабынан көп азаптарга салынары жана өлтүрүлөрү, анан үчүнчү күн дегенде кайра тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу айта баштады. 22 Петир аны четке чакырып алып: — Анын бетин ары кылсын, Устатым, сени Кудай сактасын! — деп аны жемеледи. 23 Иса Петирге бурулуп: — Жогол менден, шайтан! Мага тоскоол болуп жатасың, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн айттың! — деди. 24 Анан шакирттерине мындай деди: — Кимде ким мени ээрчигиси келсе, жеке кызыкчылыктарынан баш тартып, өлүүгө даяр болуп, өз айкаш жыгачын көтөрүп, артыман түшсүн! 25 Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын мен үчүн берсе, ал чыныгы өмүрдү табат. 26 Бүткүл дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат? 27 Ошондуктан билип алгыла: Көктөн келген Адам Атасынын кудурети менен периштелеринин коштоосунда келет да кылган иштерине жараша ар кимге тиешелүү шыбагасын берет. 28 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын арасынан кээ бирлери Көктөн келген Адамдын өз Падышачылыгында келгенин көргөнгө чейин көз жумбайт.

Матай 17

Исанын кебетесинин өзгөрүүcү

1 Алты күндөн кийин Иса Петирди жана бир туугандар Жакып менен Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоонун башына алып чыкты. 2 Алардын алдында Исанын кебетеси кубулуп, бети күндөй нурланып, кийимдери болсо аппак болуп, жаркырап калды. 3 Аңгыча Муса менен Илияс пайда болуп, Иса менен маек курушту. 4 Ошондо Петир мындай деди: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы. Кааласаң, үч чатыр жасай салайын: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска. 5 Петир сөзүн аяктай электе бир аппак, жаркыраган булуттун көлөкөсү аларга тийип, булуттан үн чыкты: — Бул менин сүйүктүү Уулум. Мен андан рахат таптым. Силер аны уккула. 6 Шакирттердин үрөйү учуп, жүзтөмөндөп жыгылышты. 7 Ошондо Иса келип, аларга колун тийгизди да: — Коркпогула, өйдө тургула! — деди. 8 Шакирттер үйдү карап, жалгыз Исадан башка эч кимди көрө алышпады. 9 Тоодон түшүп келатышканда Иса аларга: — Көктөн түшкөн Адам кайра тирилген убакка чейин бул көрүнүш тууралуу эч кимге ооз ачпагыла! — деп буйруду. 10 Ошондо шакирттери: — Кандайча дин мугалимдери Машаяк келерден мурун Илияс келиш керек дешет? — деп сурашты. 11 Иса: — Туура, Илияс келип, баарын ордуна келтирет. 12 Силерге айтып коеюн: Илияс келди, бирок аны таанышкан жок. Ага өз каалаганын кылышты. Эми Көктөн келген Адамды да алардын колунан азап чегүү күтүп турат, — деп жооп берди. 13 Ошондо шакирттери анын Яхья чөмүлдүрүүчү тууралуу айтып жатканын түшүнүштү.

Жин тийген уландын айыктырылышы

14 Иса шакирттери менен чогулган элге басып келгенде, бир киши Исанын алдына чөгөлөп: — 15 Устат, менин балама боорукерлик кылагөр, анын талмасы бар, ошондон абдан азап чегет. Көп ирет от менен сууга кулады. 16 Шакирттериңиздин алдына алып бардым эле, айыктыра алышпады, — деди. 17 Ошондо Иса: — О, ишенимсиз, бузулган эл! Качанга чейин силер менен болор экем? Качанга чейин силерге чыдар экем? Бул жакка алып келгиле! — деди. 18 Баланы алып келишкенде, Иса буйрук берип, баладан жинди кууп чыкты. Бала ошол замат айыгып кетти. 19 Ошондо шакирттери Исаны четке чыгарып алып: — Эмне себептен биз кубалап чыга албадык? — деп сурашты. — 20 Ишенимиңердин аздыгынан, — деп жооп берди Иса аларга, — силерге чындыкты айтып коеюн: сары кычынын данындай кипкиченекей ишенимиңер болсо, мына бул тоого: «Бул жактан тигил жакка которул!» — десеңер которулат. Силердин колуңардан келбеген нерсе болбойт.

Иса өзүнүн кандайча өлөөрүн алдын ала айтат

22 Шакирттери менен Галилеяда бир жерде болушканда Иса аларга айтты: — Көктөн түшкөн Адам пенделердин колуна тапшырылат, 23 аны өлтүрүшөт, бирок ал үчүнчү күнү кайра тирилтилет. Муну укканда шакирттери терең кайгыга батышты.

Ибадатканага салынган салык

24 Иса шакирттери менен Капарнаумга барганда ибадатканага төлөнүүчү салыкты жыйноочулар Петирге келип: — Устатыңар салык төлөмөк беле? — дешти. 25 Петир: — Төлөйт, — деди. Петир үйгө кирип, сүйлөйүн дегенде Иса озунуп: — Жердеги падышалар салык менен жылдык төлөм 17:25 кимдерден алышат? Балдарынанбы же башкаларданбы? — деген сурооду узатты. 26 Петир: — Башкалардан, — дегенде Иса: — Анда балдары — эркин адамдар. 27 Бирок аларды нааразы кылбоо үчүн деңизге барып, кайырмак сал да, биринчи түшкөн балыкты алып, оозун ачсаң бир сөлкөбай17:27 бар, ошону алып, экөөбүз үчүн берип кой, — деди.

Матай 18

Ким улуу

1 Ошол убакта Исага шакирттери келип: — Асман падышачылыгында ким улуу болот болду экен? — деп сурашты. 2 Иса бир наристе баланы чакырып алып, шакиртеринин арасына тургузуп койду да: — 3 Силерге чындыкты айтып коёюн: жандүйнөңөрдү жаш балдардыкындай кылып өзгөртпөсөңөр, Асман падышачылыгына кирбейсиңер. 4 Ким өзүн ушул наристе баладай кылса, Асман падышачылыгындагы улуу — ошол. 5 Ким мен үчүн ушундай баланы кабыл алса, ал мени кабыл алганы.

Азгырыктар

6 Ким мага ишенген ушул карапайым адамдардын бирин азгырып, күнөөгө батырса, анда ага тегирмендин ташын мойнуна салып туруп, деңиздин эң терең жерине чөктүрүп жиберүү дурусураак болот. 7 Азгырыктардын көптүгүнөн бул дүйнөнүн шору куруйт. Ишенимден тайгыза турган нерселер болбой койбойт, бирок азгырык ким тараптан келсе, ошонун шору. 8 Эгерде сени колуң же бутуң күнөөгө азгырып жатса, анда аны кыя чап да өзүңдөн алыс ыргытып жибер. Колу-бутуң соо түбөлүк тозок отуна ыргытылганыңдан көрө, колу-бутсуз бейишке киргениң жакшы. 9 Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, анын оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң соо тозоктун өчпөс отуна түшкөндөн көрө, жалгыз көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.

Жоголгон кой тууралуу ибарат

10 Сак болгула, мына бул карапайым адамдардын бирин да капарыңарга албай койбогула, силерге айтып коёюн: булардын периштелери менин асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат. 12 Кандай деп ойлойсуңар: жүз кою бар адамдын бир кою жоголуп кетсе, токсон тогузун тоого таштап, адашканын издебей жатып алабы? 13 Эгер таап алса, анда, силерге чындыкты айтып коеюн, токсон тогуз адашпаган койлоруна караганда таап алганына көбүрөөк кубанат. 14 Ошонун сыңарындай, асмандагы Атаңар мына бул карапайым адамдардын биринин да жоголуп кетишин каалабайт.

Күнөө кылган боордошуң тууралуу

15 Эгер боордошуң сага каршы күнөө кетирсе, анда бар да, жекече сүйлөшүп, күнөөсүн айт. Эгер укса, утуп аласың. 16 Укпаса, анда «ар кандай иш эки-үч күбө тарабынан ырасталышы үчүн» 18:16 өзүң менен дагы бир же эки кишини ээрчите бар. 17 Аларды да укпаса, анда жыйынга айт. Эгерде жыйынды да укпай койсо, анда ал сен үчүн бутпарас же салыкчы катары болсун. 18 Силерге чындыкты айтып коеюн: жер бетинде эмнеге тыюу салсаңар, ал асманда да тыюу салынган нерсе болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат берсеңер, ал асманда да уруксаат кылынган нерсе болушу керек. 19 Силерге дагы бир чындыкты айтайын: эгерде жерде экөөңөр макулдашып алып, бир нерсени сурасаңар, асмандагы Атам силер үчүн кылып берет. 20 Анткени менин урматыма чогулган эки-үч адамдын арасында мен өзүм болом.

Ырайымсыз малай туурасында

21 Ошондо Петир Исага келип: — Устат, менин боордошум мага каршы күнөө кылса канча ирет кечиришим керек? Жети иретпи? — деди. 22 Иса ага айтты: — Жети ирет дебейин, бирок жетиден жетимиш ирет. Мындай дегенимдин себеби — Асман падышачылыгы өз кулдары менен эсептешкиси келген падышага окшош. 24 Адегенде ага он миң талант 18:24 карызы бар адамды алып келишет. 25 Төлөгөнгө чамасы жетпегендиктен кожоюну аялын, бала-чакасын кулчулукка сатсын, ошондой эле колундагы болгон нерсесинин баарын берсин деген буйрук берет. 26 Тиги киши падышанын бутуна жыгылып: «Бир аз күтө туруңуз, мен сизге баарын кайтарып берем», — деп жалынат. 27 Ошондо ээсинин боору ооруп, кулду бошотуп, бардык карызын кечип коет. 28 Кул азаттыкка чыгып, өзүнө жүз динарий карыздар болгон бир кызматташ жолдошун табат да: "бардык карызыңды төлө!" — деп аны алка-жакадан алып, муунтуп кирет. 29 Ошондо кызматташ жолдошу алдына жыгылып: «Бир аз күтө турчу, мен сага берем», — деп суранат. 30 Кул көнбөй, карызыңды төлөмөйүнчө жатасың деп зынданга салып, өзү кетип калат. 31 Муну көргөн башка кызматташтары терең кайгыга батышып, кожоюнуна болгон ишти болгондой айтып беришет. 32 Ошондо баягы кулду кожоюн өзүнө чакырып алып мындай дейт: «Эй, адепсиз кул! Сенин суранганыңдан баягы карызыңдын баарын мен кечип койгон элем. 33 Мен сага ырайым көрсөткөндөй, сен да өз кызматташыңа ырайым көрсөтүшүң керек эмес беле?» 34 Ошентип, каарданган кожоюн: «Карызыңды толук кайтарып бергенче эркиндикке чыкпайсың!» — деп, аны желдеттердин колуна салып берет. 35 (Иса сөзүн мындайча аяктады:) — Боордошуңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силердин ар бириңерге жогорудагыдай кылат.

Матай 19

Ажырашуу маселеси

1 Иса сөзүн аяктап, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын чыгыш жагынан өтүп, Иудея аймагына келди. 2 Көп эл аны ээрчип барды. Иса ошол жакта баарын айыктырды. 3 Ошондо фарисейлер бир кынтык таап айыпка жыгуу ниетинде Исага келишип: — Адамга ар кандай себептер менен эле аялы менен ажырашса болобу? — деп сурашты. — 4 Жараткан башында адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган эмес белеңер? — деди Иса аларга жооп берип. — 5 Андан соң Кудай: «Эркек ата-энесин калтырсын да, аялына жармашып, экөө бир дене болушсун!» — деген. 6 Ошондуктан алар мындан ары экөө эмес, бирөө. Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын. 7 Алар: — Анда кандайча Муса талак катын жазып берип, коё берсин деп жазып кеткен? — дешти. 8 Иса: — Муса силердин тоңмоюндугуңардан улам силерге аялыңарды коё берүүгө уруксаат берген, бирок башында мындай болгон эмес. 9 Силерге айтып коёюн: аялы ойноштук кылып койгондугу себептүү болбосо деле аны менен ажырашып, башка аялга үйлөнгөн адам ойноштук кылганы, — деди. 10 Ошондо шакирттери мындай дешти: — Эгерде эркектин нике алдында милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгону оң. 11 Иса аларга: — Менин азыр силерге айта турган сөзүмдү баары эле кабыл ала алышпайт. Кудай кимге аял албай так өтүү жөндөмүн берген болсо, ошолор гана кабыл алыша алат. 12 Анткени кээ бирөөлөр тубаса майып болгондуктан, үйлөнгөнгө жарамсыз, кээ бирөөлөрдү адамдар зордоп бычып салышат, кээ бирөөлөр болсо Асман падышачылыгы үчүн өздөрүн атайлап аял албас кылышат. Кимдин түшүнүүгө кудурети жетсе, муну кабыл алсын.

Исанын жаш балдарга батасын бериши

13 Ошондо колун коюп батасын берсин деп, анын алдына жаш балдарды алып келишти. Бирок шакирттери болсо аларды жемелеп, уруша башташты. 14 Бирок Иса: — Балдардын мага келишине тоскоол болуп, аларга тыюу салбагыла! Себеби Асман падышачылыгы ошондойлордуку, — деди да, 15 алардын башына колун коюп, батасын берди. Андан соң ал жактан башка жакка жөнөп кетти.

Бай жигит

16 Аңгыча бир жаш жигит Исага жакын басып келип: — Устат, түбөлүк өмүргө жетишим үчүн кандай жакшы иш кылышым керек? — деп сурады. 17 Иса: — Жакшы иш тууралуу менден эмне үчүн сурап жатасың? Бир эле Жакшы бар. Түбөлүк өмүргө жеткиң келсе, Кудайдын осуяттарын сакта, — деп жооп берди. 18 Жигит: — Кайсы осуяттарын? — дегенде, Иса: — Киши Өлтүрбө! Нике бузба! Уурдаба! Калп айтпа! 19 Ата-энеңди сыйла! Жаныңдагы кишини өзүңдөй жакшы көр! — деди. 20 Жигит: — Мунун баарын сактап жүрөм, дагы эмне жетишпейт? — деди. 21 Иса: — Жеткилең болгуң келсе, анда бар да мал-мүлкүңдү сатып, кедей-кембагалдарга таратып бер. Анан кайра келип, аркаман ээрчи, ошондо байлыгың асманда болот, — деди. 22 Муну укканда жигиттин кабагы бүркөлдү, анткени ал бай болчу. 23 Иса болсо шакирттерине кайрылып мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: байдын Асман падышачылыгына кириши кыйын болот. 24 Дагы бир нерсени айтып коёюн: байдын Асман падышачылыгына киргенинен төөнүн ийненин көзүнөн өтүп кетиши жеңилирээк. 25 Муну укканда шакирттери: — Анда ким тозоктон кутула алат? — дешти айран-таң калышып. 26 Иса аларга карап: — Бул иш адамдардын колунан келбейт, бирок Кудайдын колунан баары келет, — деди. 27 Ошондо Петир ордунан тура калып: — Карачы, биз бүт-баарын таштап, сенин артыңан ээрчидик. Эми бизге кандай сыйлык берилет? — деди. 28 Иса жооп кылып, шакирттерине мындай деди: — Силер, мени ээрчигендер, бардык нерселер кайрадан жаңы болгон кезде, Көктөн түшкөн Адам өзүнүн асмандагы даңкка оронгон тактысына олтурганда, силер да Израилдин он эки уруусун бийлөө үчүн он эки тактыга олтурасыңар. 29 Кимде-ким мен үчүн үйүн, же бир туугандарын, же ата-энесин, же бала-чакасын, же талаасын таштаса, ал таштаганын жүз эселеп кайтарып, түбөлүк өмүрдү мураска алат. 30 Азыр биринчи болуп жүрүшкөн адамдардын көбү акыркы болуп калышат, ал эми азыр акыркы болуп жүргөндөрдүн көбү биринчи болушат.

Матай 20

Жүзүмзар жана жалчылар

(Иса дагы мындай деди:) — 1 Асман падышачылыгы орногондо бардык нерселер төмөндөгү ибараттай болот: «Бир киши өзүнүн жүзүмзарына жалдап иштетүү үчүн эртең менен эрте жумушчуларды издеп чыгат. 2 Тапканда күнүнө бир динарийден 20:2 төлөп берем деп сүйлөшүп, аларды жүзүмзарына жиберет. 3 Саат ондордо сыртка чыгып, базардан кыларга иши жок турган дагы бир нече адамды көрөт. 4 Анан аларга: «Силер да менин жүзүмзарыма баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем», — дейт. Алар болсо дароо жүзүмзарга жөнөшөт. 5 Жүзүмзардын ээси саат он экилерде да, үчтөрдө да чыгып, так ушундай кылат. 6 Акырында саат бештерде дагы бир ирет сыртка чыгып, дагы ишсиз турган башка адамдарды көрөт да аларга: — Эмне үчүн эртеден бери бул жерде ишсиз турасыңар? — дейт. 7 Тигилер: — Анткени эч ким бизди жалдаган жок! — деп жооп беришет. — Силер да жүзүмзарга баргыла, — дейт жүзүмзардын ээси. 8 Кеч киргенде жүзүмзардын кожоюну чарба башчысына мындай дейт: — Жумушчуларды чакыр да баарына эмгек акыларын бер. Оболу акыркыларынан башта. 9 Ошондо саат бештерде келгендери бир динарийден алат. 10 Биринчи келгендери көбүрөөк алабыз го деп турушкан, бирок алар да бир динарийден алып калышат. 11 Ошондо алар кожоюнга даттана башташты: — Мына бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. А сен болсо эртеден кечке маңдай терибизди төгүп, мээ кайнаткан ысыкта иштеген бизди буларга теңеп салдың. 13 Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине мындай деген экен: — Дос, мен сени кемсинткеним жок. Башында бир динарийден деп сүйлөшпөдүң беле. 14 Ошондуктан акыңды ал да жолуңа түш. А мен мына бул акыркы келгенге да сага берген акыны бергим келет. 15 Өз менчигиме эмне кылсам өз эрким! Менин ак көңүлдүгүмө сенин ичиң күйүп жатабы?» 16 Ушул сыяктуу акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болушат.

Иса өзүнүн өлүп, кайра тирилерин үчүнчү ирет айтат

17 Иса Иерусалимге карай өр тартып баратып, жолдо он эки шакиртин четке чыгарды да аларга мындай деди: 18 — Мына, биз Иерусалимге баратабыз, Көктөн келген Адамды дин башчылары менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Аны өлүм жазасына кесишет да, 19 кордоп, сабап, жыгачка керип туруп мыктап салуу үчүн башка элдиктердин колуна тапшырышат жана Кудай аны үчүнчү күнү кайра тирилтет.

Зебедейдин аялынын өтүнүчү

20 Ошондо Зебедейдин аялы балдары менен келип, Исанын бутуна жыгылып, андан эмненидир суранып жатты. 21 Иса ага: — Сизге эмне керек? — деди. Аял: — Айтып койчу, менин мына бул эки уулум сенин падышачылыгың орногондо бири оң жагыңа, бири сол жагыңа отурсун, 20:21 — деди. 22 Иса: — Эмне сураганыңарды билбейсиңер. Мен иче турган азап чөйчөгүнөн иче аласыңарбы? — деди. Алар: — Иче алабыз, — дешти. 23 Иса: — Менин чөйчөгүмдөн ичерин ичесиңер, бирок кимди менин оң жана сол жагыма отургузууну мен эмес, Атам чечет. Ал кимди өзү алдын ала дайындаса, ошону олтургузат, — деди. 24 Зебедейдин аялынын сөзүн укканда, берки экөөнө калган он шакирттин кыжыры кайнады. 25 Бирок Иса аларды чакырып алып мындай деди: — Башка улуттук өкүмдарлар өз элине үстөмдүк кылышып, вазирлери бийлигин көрсөтүшөрүн силер билесиңер. 26 Бирок силерде мындай болбосун, тескерсинче, араңардан бирөөңөр улуу болгусу келсе, силерге кызматчы болсун, 27 биринчи болгусу келсе силерге кул болсун. 28 Көктөн келген Адам бирөөлөрдү өзүнө кызмат кылдырайын деп эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көп адамдар үчүн өз өмүрүн кун катары төлөп берейин деп келген. Силерде да ушундай болсун.

Исанын эки сокурду айыктырышы

29 Иса шакирттери менен бирге Иерихондон чыгып баратканда алардын артынан көп адамдар ээрчип жөнөдү. 30 Аңгыча жол боюнда олтурган эки сокур Исанын өтүп баратканын угуп, кыйкырып киришти: — Оо мырза, Дөөттүн уулу, бизге ырайым кылагөр! — дешти алар. 31 Эл болсо жаагыңарды баскыла деп тыюу салышты. Тигилер болсо андан бетер катуу кыйкырышып: — Оо таксыр, Дөөттүн уулу, бизге кайрым кыл! — дешти. 32 Ошондо Иса токтоп, аларды чакырды да: — Силерге эмне кылышымды каалайсыңар? — деди. 33 Алар: — Устат, көзүбүз көрүп калса экен, — дешти. 34 Исанын боору ооруп, алардын көздөрүнө колун тийгизди. Ошол замат көздөрү ачылган алар Исанын артынан түшүштү.

Матай 21

Исанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

1 Иса шакирттери менен Иерусалимге жакындап, Май Тоосунун 21:1 жанындагы Бетфаге айылына келгенде эки шакиртине мындай деди: — 2 Маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирээриңер менен коделеги жанында өзү байлануу турган эшекти көрөсүңөр. Аны чечип, мага жетелеп келгиле. 3 Бирөө жарым силерге бирдеме десе: «Жараткан Эгеге керек болуп жатат», — дегиле. Ошондо силерге дароо беришет. 4 Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошол пайгамбар айткан экен: 5 «Иерусалимдиктерге мындай деп айтып койгула: — Мына, силердин Падышаңар момундук менен эшек минип келет. Ооба, ал эшек эмес, алтургай эшектин коделегин минип келет 21:5». 6 Шакирттери барып, Исанын айтканындай кылышты. 7 Эшекти такайы менен жетелеп келишти да кийимдерин үстүнө жабышканда аларга Иса минди. 8 Көптөгөн адамдар анын жолуна кийимдерин чечип, башкалары дарактардын бутактарын кесип алып, төшөп жатышты. 9 Ал эми анын алдынан жана артынан ээрчип бараткандар: — Дөөттүн уулуна урмат! 21:9 Эгебиздин атынан келе жатканга даңк! Көктө Кудайга урмат! — деп кыйкырып жатышты. 10 Иса шаарга киргенде бүт шаар эли кыймылга келип: «Бул ким болду экен?» — деп, бири-биринен сурап жүрүштү. 11 Исанын жанындагы эл: «Бул Галилеядагы Назарет шаарынан чыккан Иса Пайгамбар», — дешти. Исанын ибадатканадан соодагерлерди кууп чыгышы. 12 Иса ибадатканага кирип, соода кылып жаткандардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштырып олтургандардын үстөлдөрү менен курмандык үчүн көгүчкөн сатып олтургандардын тактайларын оодарып салды. 13 «Менин Yйүм сыйынуу үйү аталат деп жазылган, — деди ал, — ал эми силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жиберипсиңер!»

Майыптардын айыгышы, наристелердин Исаны даңкташы жана фарисейлердин көрө албастыгы

14 Ошондо ага сокурлар менен чолоктор келишти жана Иса аларды айыктырды. 15 Исанын жасаган кереметтери менен ибадатканда жаш балдардын: «Дөөттүн Уулуна урмат!» деп кыйкырып жатканын көргөн дин башчылары менен дин мугалимдеринин кыжыры кайнап, 16 Исага: — Булардын эмне деп жаткандарын уктуңарбы? — дешти. — Ооба, — деп жооп берди Иса, — «Наристелер менен эмчектеги балдардын оозуна өзүңдү мактоонун сөздөрүн салдың» деген Ыйык жазуудагы сөздү эч качан окуган эмес белеңер? 17 Ушундан соң Иса ибадатканадагыларды таштап, шаардан сыртына чыкты да Бетания айылына барып, анда түнөп калды.

Соолуган анжир дарагы

18 Эртең менен эрте шаарга кайтып келе жатканда Иса ачка болгонун сезди. 19 Жол боюнда өскөн бир анжир дарагына көзү түштү. Жакын басып келип жалбырактан башканы таппай: — Ылайым жемиш байлабай кал! — деди. Анжир ошол замат куурап калды. 20 Муну көргөн шакирттери аң-таң калышып: — Ой, тообо, кантип анжир бир паста соолуп калды! — дешти. 21 Иса: — Силерге айтып коёюн: эгерде ишенимиңер болуп, шектенбесеңер анжирге кылынган иштен алда канча укмуш иштерди кыласыңар. Мисалы, мына бул тоого: «Омкорул да деңизге кула!» — десеңер, орундалат жана 22 сыйынганда ишеним менен эмне сурасаңар да аласыңар.

Исанын бийлиги тууралуу

23 Иса ибадатканага келип таалим берип жатканда дин башчылары менен эл аксакалдары басып келишип: — Сен муну кимдин бийлик менен кылып жатасың? Мындай кылууга бийликти сага ким берди! — дешти. 24 Иса аларга мындай жооп берди: — Мен да силерден бир нерсени сурайын, жооп берсеңер мен да кимдин бийлиги менен кылып жатканымды айтам. 25 Жакыя чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы? Алар өзүнчө акылдаша башташты: «Эгер Кудайдан десек, анда эмнеге ага ишенбедиңер дейт. 26 Адамдардан дейин десек, элден коркобуз, анткени баары Яхьяны пайгамбар деп эсептешет». 27 Анан Исага: — Билбейбиз, — деп жооп беришти. Иса да аларга: — Анда мен да силерге кимдин бийлиги менен кылып жатканымды айтпайм, — деди. Атасы жана анын эки уулу. « 28 Төмөнкү ибаратты кандай түшүнөсүңөр? — деди Иса, — Бир кишинин эки уулу болот. Ал биринчисине келип: — Балам, бүгүн сен жүзүмзарга барып иштеп кел, — дейт. 29 Баласы болсо: — Баргым келбей жатат, — дейт. Бирок кийин оюн өзгөртөт да жөнөп кетет. 30 Экинчисине барып, ага да биринчисине айтканын айтат. Анысы: — Ляппай, мырзам, — дейт да бирок барбай коёт». 31 Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды? Исага: — Биринчиси, — деп жооп беришти. Иса: — Силерге чындыкты айтайын: салыкчылар менен сойкулар Кудайдын падышачылыгына силердин алдыңардан барат. 32 Жакыя пайгамбар адилеттик жолу менен келди эле силер ага ишенбей койдуңар, ал эми салыкчылар менен сойкулар ишеништи. Муну көргөндөн кийин да оюңарды өзгөртүп, ишенген жоксуңар, — деди.

Ижарачылар тууралуу ибарат

33 Иса сөзүн улантып мындай деди: — Дагы бир ибаратты угуп алгыла: «Бир дыйкан болуптур. Ал жүзүмзар отургузуп, айланасын коргондойт. Сыгылган жүзүм ширесин сактай турган чуңкур казат. Кароол мунара курат. Анан ижарачыларга тапшырып, өзү кетип калат. 34 Жүзүм тере турган маал жакындаганда түшүмүнөн алып келгиле деп ижарачыларга кулдарын жиберет. 35 Ижарачылар болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабап, бирин өлтүрүп, дагы бирин ташбараңга алышат. 36 Дыйкан кайрадан мындан да көбүрөөк кулдарын жөнөтөт. Тигилер болсо буларды да биринчилердей кылышат. 37 Кийинчерээк: "Кой, уулумду жиберейин, андан айбыгышар", — деп аларга өз уулун жиберет. 38 Ижарачылар болсо уулун көргөндө өз ара: "Бул мураскор, жүргүлө, муну өлтүрсөк, анын мурасы бизге тиет", — деп, 39 аны кармап алып, жүзүмзардын сыртына алып чыгып, өлтүрүп ташташат» 40 Эми жүзүмзардын ээси келгенде ижарачыларга эмне кылат? — 41 Бул начар ижарачыларга катуу жаза колдонуп, шорун курутат. Ал эми жүзүмзарды болсо түшүмүн өз убагында берип тура турган башка ижарачыларга берет, — деп жооп беришти ага. 42 Ошондо Иса мындай деди: — «Куруучулар четке чыгарып таштаган таш эң негизги ташы болуп калды» деген сөздү Ыйык жазмалардан эч качан окуган эмес белеңер? Бул Жараткан Эгебиздин колунан келди, ошондуктан биз көргөн бул иш кереметтүү. 43 Ушул себептүү Кудайдын падышачылыгы силерден алынат да анын жемиштерин бере турган башка элге берилет. 44 Ким бул таштын үстүнө куласа талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат. 45 Исанын ибаратын уккан дин башчылары менен фарисейлер өздөрү тууралуу айтылганын түшүнүштү да 46 Исаны кармап жазалайын дешти. Бирок чогулган элден коркушту. Себеп дегенде эл Исаны пайгамбар деп эсептешер эле.

Матай 22

Нике тою тууралуу ибарат

1 Иса ибарат менен сүйлөгөнүн улантып, мындай деди: — 2 Асман падышачылыгы баласын үйлөп, той берген падыша сыяктуу. 3 Ал конокторго үйлөнүү үлпөтүнө чакыруу кагазын таратат. Анан үйлөнүү үлпөтү башталганда тойго келиңиздер деп айттырып, кулдарын жиберет. Бирок тигилердин келгиси келбеди. 4 Ошондо ал кайрадан башка кулдарын жиберип: — Баргыла, чакырылгандарга: «Тамак даяр, букалар менен бордолгон малдарым союлуп, баарын даярдап койдум, тойго келиңиздер», — деп айткыла, — деди. 5 Тигилер болсо анын сөзүн этибарга албай, туш-тушка басып кетишти: бири айдоо талаасына кетсе, экинчилери соодасына, дагы 6 башкалары болсо кулдарын кармап алып, кордоп, анан өлтүрүп салышты. 7 Ошондо падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберип, жанагы канкорлорду кырып, шаарын өрттөдү. 8 Анан кулдарына айтты: — Yйлөнүү тою го даяр болчу, бирок чакырылгандар татыксыз экен. 9 Ошондуктан баргыла да жолдордун кесилиштерине чыгып, жолуккандардын баарын тойго чакыргыла. 10 Баягы кулдар жолдорго чыгып, жамандарды да, жакшыларды да, иши кылып жолуккан адамдардын баарын чогултуп келишти. Ошентип, той үйү жамбаштап жаткандарга жык-жыйма толду. 11 Аларды көргөнү келген падыша той кийимин кийбеген 22:11 бир кишини байкады. 12 Анан ага айтты: — Дос, той кийимисиз бул жакка кантип кирип кеттиң? Тигил болсо унчукпады. 13 Ошондо падыша кызматкерлерине: «Мунун колу-бутун байлап туруп сыртка, караңгыга ыргытып жибергиле! Ал жакка түшкөндөр тиштерин кычыратып, өкүрүшөт». 14 Анткени чакырылгандар көп болот, бирок тандалгандар аз.

Салык маселеси

15 Ушундан кийин фарисейлер кетип калышты да Исанын айтканынан бир кынтык таап, сөзүнөн кармайлы деп акылдашты. 16 Анан Исага өз шакирттери менен Ирод падышанын таламын талашкандарды мындай деп айтыш үчүн жөнөтүштү: — Устат, сиздин чынчыл экениңизди биз билебиз. Кудай жолунда кандай жашоо керектигин туура окутасыз. Эч кимдин пикиринен коркпойсуз, анткени адамдардын көзүн карабайсыз. 17 Эми бизге айтыңызчы, сиз кандай ойлойсуз: Рим императору талап кылган салыкты төлөгөн туурабы же жокпу? 18 Иса алардын арам оюн билип: — Эмне үчүн менин сөзүмдөн кармагыңар келип жатат, эки жүздүүлөр? 19 Мага салыкка төлөнө турган бир сөлкөбайды көрсөткүлөчү! — деди. Алар бир сөлкөбайды алып келишти. — 20 Андагы сүрөт менен жазуу кимдики? — деди Иса ошондо. Алар: — 21 Императордуку, — деп жооп беришти. Иса: — Анда императордукун императорго, Кудайдыкын Кудайга бергиле, — деди. 22 Тигилер мындай сөздү укканда келмелери оозунан түшүп, Исаны калтырып, кетип калышты.

Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү тууралуу суроо

23 Ошол күнү эле өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен саддукей тобуна кирген адамдар келишти да Исага: — 24 Устат, Муса: «Эгер бирөө тукумсуз көзү өтүп кетсе, анын аялын бир тууганы алып, маркумдун тукумун уласын!» — деп жазып кеткен экен. 25 Бизде жети бир тууган бар эле. Биринчи үйлөнгөнү каза болуп калган. Аркасынан бала калтырбаган соң, аялын инисине таштап кеткен. 26 Бирок экинчиси да, үчүнчүсү да, анан жетинчисине чейин — баары тең ушундай болуп каза болушту. 27 Эң аягында аялдын өзү да өлдү. 28 Эми кыяматта кайра тирилишкенде аял кимисиники болот? Баары ага үйлөнүп чыгышпадыбы, — дешти. 29 Иса аларга мындай жооп берди: — Ыйык жазмаларды да, Кудайдын кудуретин да жакшы билбей, жаңылышып жатасыңар. 30 Анткени адамдар кайра тирилишкенде асмандагы периштелердей болуп, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт. 31-32 Ал эми кайра тирилүү туурасында силерге Кудай: "Мен Ибаримдин Кудайымын, Исхактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын" дегенин окуган эмес белеңер? Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. 33 Ошондо Исанын таалимин угуп турган калайык анын сөзүнө таң калышты.

Улуу осуят

34 Исанын саддукейлердин оозун жапканын уккан фарисейлер болсо өз ара чогулуп келишти. 35 Алардын арасынан бир дин мугалими Исанын сөзүнөн кармамакчы болуп мындай деди: — 36 Устат, диний мыйзамдагы кайсыл осуят баарынан улуу болуп эсептелет? Иса ага мындай жооп берди: — 37 «Кудай Эгеңди бүткүл аң-сезимиң, жан-дилиң Жана түшүнүгүң менен берилип сүй!» 38 Бул эң улуу жана биринчи осуят. 39 Экинчиси ага окшош: «Жаныңдагы кишини өзүңдү сүйгөндөй сүй!» 40 Мусанын мыйзамы да, пайгамбарлардын окутуулары да мына ушул эки осуятка негизделген.

Машаяк тууралуу суроо

41 Фарисейлер чогулганда Иса мындай суроо берди: — 42 Машаяк тууралуу кандай ойдосуңар? Ал кимдин уулу? — Дөөттүн, — деп жооп беришти алар. 43 Иса: — Анда кандайча Дөөт Кудайдын деми менен аны Эгем деп айткан. 44 Ал: «Жараткан Эгем Эгеме деди мындай, Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур сыйлуу жер — оң жагымда», — деген. 45 Демек, эгер Дөөт Машаякты Эгем деп атаса, анда кандайча кайра анын баласы болуп калат? — деди аларга. 46 Эч ким бул суроого жооп бере албады. Ушул күндөн тартып эч ким Исага суроо берүүгө батынбады.

Матай 23

Диний кызматкерлердин эки жүздүүлүгү

1 Иса чогулган эл менен шакирттерине кайрылып мындай деди: — 2 Дин мугалимдери менен фарисейлерде Мусанын мыйзамдарын силерге чечмелеп берүү бийлиги бар. 3 Ошондуктан алардын айтканын аткаргыла да сактагыла, бирок кылганын кылбагыла. Анткени алар өздөрү айткандарын аткарышпайт. 4 Оор, адам чыдагыс диний эрежелерди 23:4 башкаларга артышып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагын да тийгизип коюшпайт. 5 Бир нерсе кылышса, элге көрүнүш үчүн кылышат. Ыйык жазмалардан алынган сөздөр жазылган селделерин кеңейтишип, 23:5 Кудайга берилгендиктерин эл көрсүн деп чапандарынын этегин узартышат. 6 Аш-тойлордо төрдө, синагогаларда эл алдында олтурганды жакшы көрүшөт. 7 Базарларда элдин: "Рабби, Устат" деп бөйтөңдөп саламдашып турганын сүйүшөт. 8 А силер болсо бири-бириңерге боордошсуңар, ошондуктан рабби деп аталбай эле койгула, анткени баарыңардын Устатыңар бир. 9 Эч кимди «Ата» дебегиле, анткени баарыңардын бир Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар. 10 Эч кимди «ол башчы» деп да айтпагыла, анткени баарыңардын бир жол башчыңар бар. Ал — Машаяк. 11 Араңарда чоңуңар силерге кызматчы болсун. 12 Ким өзүн өзү көтөрсө, ал басынтылат, ал эми ким өзүн өзү басынтса, ал көтөрүлөт. Иса диний кызматкерлердин эки жүздүүлүгүн ашкерелейт. 13 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени Асман падышачылыгынын эшигин жаап, адамдарды киргизбей жатасыңар. өзүңөр да кирбейсиңер, киргенге аракет кылгандарды да киргизбейсиңер. 14 Кээ бир кол жазмаларда 14-сүйлөм бар: Дин мугалимдери менен фарисейлер, силерге кайгы! Силер эки жүздүүсүңөр! Жесирлердин ырыскысын жеп, үйлөрүн тонойсуңар да көзгө түшүү үчүн узакка сыйынымыш болосуңар! Ушундай кылганыңар үчүн силердин жазаңар оорураак болот. 15 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени бир кишини өзүңөрдүн диниңерге киргизиш үчүн деңиздерди сүзүп өтүп, жердин четине чейин барасыңар, анан максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе тозокко татыктуу кылып чыгарасыңар. 16 Сокур жол башчылар, силерге кайгы. Анткени силер: "Ким ибадаткана менен ант берсе эч нерсе болбойт, ал эми ким ибадатканадыгы алтын менен ант берсе, айткан сөзүн аткарыш керек" дейсиңер. 17 Акылсыздар жана сокурлар, ким улуу: алтынбы же алтынды ыйык кылып турган ибадатканабы? " 18 Ким курмандык чалчу жай менен анттанса, эч нерсе болбойт, ал эми анын үстүнө коюлган тартуу менен анттанса, анда ал айткан сөзүн аткарыш керек" дейсиңер. 19 Сокурлар, кайсынысы маанилүү: тартуубу же тартууну ыйыктап турган курмандык чалчу жайбы? 20 Курмандык чалчу жай менен анттанган адам курмандык чалчу жайдын өзү менен да, анын үстүндөгүнүн баары менен да анттанат. 21 Ибадаткана менен анттанган адам, ибадаткананын өзү менен да, анын ичинде жашаган Кудай менен да анттанат. 22 Асман менен анттанган адам Кудайдын тактысы менен жана анда олтурган Кудай менен да анттанат. 23 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Жалбыз, адырашман, зиренин түшүмүнүн ондон бирин курмандыкка бересиңер, бирок Мыйзамдын 23:23 маанилүү жеринен аттап кетип жатасыңар. 23:23b Ал эми Мыйзамдагы маанилүү нерселер: калыстык, боорукердик жана Кудайга ишенимдүүлүк. Силер ушуларды сактап, тигилерди да калтырбашыңар керек болчу. 24 Сокур жол башчылар, чымынды чыпка менен сүзүп аласыңар, бирок төөнү жутуп коёсуңар! 23:24 25 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңер уурулук менен сугалактыктан ашып-ташыйт. 26 Сокур фарисей, чыныңдын сырты таза болуш үчүн биринчи ичин тазалап ал. 27 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени силер акталган күмбөз сыяктуусуңар. Күмбөз сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи толо өлүктөрдүн сөөк-саагы, ар кандай ыпластыктарга толгон. 28 Ошонун сыңарындай силер да сыртыңардан элге такыбаа көрүнгөнүңөр менен, ичиңер толо эки жүздүүлүк менен күнөө.

Иса диний кызматкерлердин жазасын жарыялайт

29 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени силер пайгамбарларга күмбөз салып, адилдердин эстеликтерин кооздоп, анан: 30 «Эгер биз ата-бабаларыбыздын убагында жашаган болсок, анда пайгамбарлардын канынын төгүлүшүнө кошулмак эмеспис», — дейсиңер. 31 Ушунуңар менен өзүңөрдүн пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн тукуму экениңерди айгинелеп жатасыңар. 32 Макул, ата-бабаларыңардын күнөө чөйчөгүн толтура бергилечи, эмне болор экен. 33 Кара чаар жыландар, ажыдаардын тукумдары, тозок отунан кантип качып кутулар экенсиңер? 34 Карагыла, мен силерге пайгамбарларды, акылмандарды, дин мугалимдерин 23:34 жиберем. Алардын кээсин силер өлтүрөсүңөр жана жыгачка кересиңер, кээсин синагогаларыңарда сабатасыңар жана шаардан шаарга кубалайсыңар. 35 Ылайым адилеттүү Абылдын канынан тартып, ибадаткана менен курмандык чалчу жайдын ортосунда силер өлтүрүп салган Барахтын уулу Закариянын канына чейинки бардык жер бетинде төгүлгөн жазыксыз кандын каргышы силерге тийсин. 36 Силерге чындыкты айтып коёюн: ошонун баары үчүн азыркы муундун адамдары силер айыптуу болосуңар.

Иерусалим элине Исанын эскертүүсү

37 Ай, Иерусалим, Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүрүп, жиберген адамдарымды ташбараңга алуучу шаар! Балапандарын бооруна чогултуп, калкалаган тоок сымал канча ирет мен сенин адамдарыңды чогултайын дедим, бирок алар каалашпады. 38 Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат. 39 Силерге айтып коёюн: «Жараткан Эгебиздин атынан келе жаткан сага Кудай жар болсун!» демейинче мени экинчи көрбөйсүңөр.

Матай 24

Иса ибадаткананын кыйрай турганын алдын ала айтат

1 Иса ибадатканадан чыгып, кетип бара жатканда шакирттери ага келишип, ибадаткананы көрүп чыгууну сунуш кылышты. 2 Иса аларга: — Карагылачы буларды. Силерге чындыкты айтып коёюн: мунун баарынын таш-талканы чыгат.

Кырсыктардын башталышы

3 Иса Май Тоосунда олтурганда, шакирттери элден бөлүнүп, анын алдына келишти: — Бизге айтып берсең, ал качан болот? Сенин келериңдин жана акыр замандын алдында кандай жышаан болот? 4 Иса аларга мындай жооп берди: — Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин. 5 Анткени менин атымды жамынып келгендер көп болот. Алар: «Машаяк менмин!» деп көп адамдарды алдап кетишет. 6 Туш-тарабыңардан согуштарды жана согуштар тууралуу имиш-имиштерди эшитесиңер. Абайлагыла, коркуп, үрөйүңөр учпасын. Себеп дегенде мунун баары боло турган нерселер, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт. 7 Анткени элдер бири-бири менен согушуп, мамлекеттер ич ара ыркы кетип, жер-жерлерде ачарчылык, зилзалалар болот. 8 Бирок, булардын баары толгоонун башталышындагыдай, азаптардын башталышы гана. 9 Силерди кыйноого салып берип, өлтүрүшөт. Менин шакирттерим болгондугуңар үчүн бардык улуттарга жек көрүндү болосуңар. 10 Ошондо көп адамдар мага болгон ишенимден баш тартышат, бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт. 11 Көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болуп, көп адамдарды алдап кетишет. 12 Анан, күнөөлөрдүн көбөйүшүнөн улам, шакирттеримдин көбүнүн сүйүүсүнүн табы кайтып кетет. 13 Бирок ким акырына чейин туруштук берсе, куткарылат. 14 Кудай падышачылыгынын Жакшы кабары бүткүл жер бетине жарыяланып, бардык элдерге айтылат. Анан акыр заман келет.

Улуу алаамат

15 Касиеттүү ибадатканада Данияр пайгамбар айткан жийиркеничтүү арамдыктын турганын көргөнүңөрдө (муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын), 16 Иудеядагылар тоолорго качсын, 17 ким үйдүн төбөсүндө турса, үйдө калган нерсесин алам деп төмөн түшпөсүн, 18 ким талаада жүрсө кийимин алам деп артына кайтпасын. 19 Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчектеги баласы бар аялдардын шору куруйт. 20 Силердин качып кутула турган күнүңөр кыш убагына же дем алыш күнүнө туш келбесе экен деп сыйынгыла. 21 Анткени ошол кез келгенде улуу алаамат болот. Мындай алаамат дүйнө жаралгандан бери болуп көргөн эмес жана кайра дагы эч качан болбойт. 22 Эгерде Кудай ошол күндөрдү кыскартпаса эч бир жан аман калмак эмес. Бирок өзү тандап алган адамдары үчүн Кудай ал күндөрдүн санын кыскартат. 23 Ошондо эгер силерге бирөө: «Машаяк бул жакта!», же «Машаяк тигил жакта!» десе, ишенбегиле. 24 Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар улуу жышаандарды көрсөтүшүп, эгерде мүмкүн болсо, Кудайдын тандап алган адамдарын да алдап кетүү үчүн укмуш нерселерди жасашат. 25 Мына, мен муну силерге алдын ала айтып бердим. 26 Ошондуктан, эгер силерге бирөөлөр: «Тигине, Машаяк чөлдө!» десе, чыкпагыла, «Мына, Машаяк төркү үйдө» десе, ишенбегиле. 27 Анткени Көктөн түшкөн Адамдын келиши чыгыштан батышка чейин жарк эткен чагылгандай болот. 28 Ошондой эле тарп жаткан жерди жорулар айланып учат эмеспи.

Көктөн түшкөн Адамдын келиши

29 Ошол алааматтуу күндөрдөн кийин дароо эле күндүн бети карайып, ай өзүнүн нурун төкпөй калат. Жылдыздар кулашат жана асман күчтөрү кыймылдап калат. 30 Ошондо асманда Көктөн келген Адамдын жышааны пайда болот. Жер бетиндеги элдердин баары өкүрүп ыйлап, улуу кудурет жана салтанат менен асман булуттарында келе жаткан Көктөн түшкөн Адамды көрүшөт. 31 Сурнайдын катуу үнү менен ал өзүнүн периштелерин жиберет. Алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.

Исанын келишине даяр болгула

32 Мисалга анжирди алгыла: анын бутактары жумшарып, бүчүр байлай баштаганынан жаздын келе жатканын билесиңер. 33 Ошонун сыңарындай жогоруда айткандарымдын баарын көргөнүңөрдө кыяматтын босогодо турганын билгиле. 34 Силерге чындыкты айтып коеюн: баары аткарылмайынча ушул тукум өтүп кетпейт. 35 Асман-жер өтүп кетет, ал эми менин айткан сөздөрүм түбөлүккө жашай берет. Исанын келер күнү менен саатын Кудайдан башка эч ким билбейт 36 Кыямат кайым кайсы күнү, саат канчада болорун Атамдан башка эч ким билбейт. Ал убак периштелерге да, ал тургай мага 24:36 да белгисиз. 37 Анткени менин келишим Нуктун убагындагыдай болот. 38 Топон суунун алдында да, Нук кемеге кирген күнгө чейин адамдар жеп-ичишип, аял алышып, турмушка чыгышып, күндөлүк турмуш менен алек болушту. 39 Топон суу келип, баарын басып калгыча эч нерсени түшүнүшкөн жок. Менин келишим да ошондой болот. 40 Ошондо эки адам талаада болот, бири алынат да экинчиси калтырылат. 41 Жаргылчак тартып олтурган эки аялдын бири алынат да экинчиси калтырылат. 42 Ошондуктан сак болгула, анткени Эгеңер кайсы күнү келерин билбейсиңер. 43 Бирок силер билгендей, үй ээси уурунун кайсыл саатта келерин алдын ала билген болсо, үйүнүн түбүн казганга жол бермек эмес. 44 Ошондуктан силер да даяр болуп тургула, анткени мен силер ойлобогон саатта келем.

Ишенимдүү жана ишенимсиз кул

45 Кожоюну үй-чарбасына кызмат кылган кулдарына тамак-ашын өз убагында берип туруш үчүн аларга башчы кылып шайлаган ишеничтүү жана зирек кулду элестеткиле. 46 Тапшырылган кызматын аткарып жатканда кожоюну келип калса, ошол кул бактылуу. 47 Силерге чындыкты айтып жатам: аны кожоюну бүт үй-мүлкүнө башчы кылып коёт. 48 Эгерде ошол начар кул ичинен: "кожоюнум кармалып жатат", — деп, 49 башка кулдарды ура баштаса, аракечтерге кошулуп алып, жеп-ичсе, 50 кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келип калат да, 51 аны жара чаап, эки жүздүүлөр ала турган жазага тартат. Ал эми эки жүздүүлөр жаза тарткан жайда өкүрүк менен тиштин кычыраганы басылбайт.

Матай 25

Он кыз тууралуу ибарат

1 Асман падышачылыгы орноордо абал төмөнкү аңгемедегидей болот: он кыз чырактарын көтөрүп, күйөө жигитти утурлап чыгышат. 25:1 2 Алардын бешөөсү акылсыз, бешөөсү акылдуу болушат. 3 Акылсыздары чырактарын көтөрүп чыгышат, бирок май куюлган идиштерди өздөрү менен кошо алышпайт. 4 Акылдуулары болсо чырактары менен кошуп, идиштерине май да куюп алышат. 5 Күйөө кечигип жаткандыктан баарынын көзү илинип, уктап кетишет. 6 Түн ортосунда: «Күйөө келатат! Тосуп чыккыла!» деген кыйкырык угулат. 7 Ошондо баягы кыздардын баары ордунан турушат да чырактарын оңдошот. 8 Акылсыздары болсо акылдууларга: — Майыңардан берип тургулачы, чырактарыбыз өчүп баратат! — дешет. 9 Бирок акылдуулары: — Май силерге да, бизге да жетпей калбасын үчүн, май саткандарга барып сатып алгыла, — деп жооп беришет. 10 Тигилер май сатып алганы кетишкенде күйөө келип, даяр тургандар аны менен бирге тойго киришет да эшик жабылат. 11 Кийинчерээк берки кыздар да келип: — Таксыр, таксыр, эшикти ачып коюңузчу, — деп суранышат. 12 Күйөө болсо: — Чынын айтсам, мен силерди тааныбайм, — деп жооп берет. 13 Ошондуктан сергек болгула, анткени менин келер күнүмдү да, саатымды да силер билбейсиңер.

Yч кул тууралуу ибарат

14 Бир киши алыска кетип баратып, кулдарын чакырып, үй-мүлкүн аларга табыштайт. 15 Бир кулуна беш кап алтын, 25:15 экинчисине эки кап, дагы бирине бир кап, ар бирине алардын алы жетишинче берет да жолго чыгат. 16 Беш кап алганы ошол замат аны ишке жумшап, беш кап алтын киреше табат. 17 Эки кап алганы да ошентип, дагы эки кап кошуп алат. 18 Бир кап алганы болсо барат да, жерди казып туруп, кожоюнунун акчасын көмүп салат. 19 Көп убакыт өткөн соң баягы кулдардын кожоюну келет да алар менен эсептеше баштайт. 20 Беш кап акча алганы дагы беш кап алтын алып келип: — Мырзам, сиз мага беш кап алтын бердиңиз эле, мына, дагы беш кап киреше таптым, — дейт. 21 Кожоюну: — Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Азга ишеничтүү болдуң, мен сени көпкө ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол, — дейт. 22 Эки кап алтын алганы келип: — Мырзам, сиз мага эки кап алтын бердиңиз эле, мына, дагы эки кап киреше таптым, — дейт. 23 Кожоюну: — Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Азга ишеничтүү болдуң, мен сени көпкө ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол, — дейт. 24 Ал эми бир кап алтын алганы болсо келип: — Мырзам, мен сиздин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип алган катаал адам экениңизди билем. 25 Ошондуктан сизден коркуп, тышка алып чыгып, алтыныңызды катып койгон элем. Мына алтыныңыз, алыңыз, — дейт. 26 Ошондо кожоюну — Эй, жаман, жалкоо кул! Менин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип аларымды билчү белең? 27 Анда алтынымды акча иштеткендерге эмне үчүн берип койбодуң? Келгенимде кирешеси менен албайт белем. 28 Кана, буга берген бир кап алтынды алгыла да он кап алтыны барга бергиле. 29 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет да баары мол болот, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат. 30 Ал эми мына бул жарабаган кулду сырттагы караңгы туңгуюкка ыргытып жибергиле. Ал жактагылар оор азаптан өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

Акыр заманда болуучу сот

31 Көктөн түшкөн Адам бардык периштелердин коштоосунда улуу шаң-салтанат менен жерге келгенде, ал өзүнүн падышалык тактысына олтурат. 32 Анын алдына бардык улуттардан адамдарды чогултушат. Ошондо койлордон эчкилерди бөлгөн чабан сыяктуу, ал элдерди бири-биринен бөлөт. 33 Койлорду оң жагына, эчкилерди болсо сол жагына жайгаштырат. 34 Анан Падыша оң жагындагыларга айтат: — Менин Атамдын батасын алгандар, келгиле, дүйнө жаратыла электе эле силер үчүн даярдалган падышачылыкты мураска алгыла. 35 Анткени мен ачка болгондо, силер тамак бергенсиңер, суусаганда, суусунумду кандыргансыңар, сапарда жүргөнүмдө үйүңөргө кабыл алгансыңар, 36 жылаңач калганымда кийиндиргенсиңер, ооруп жатканымда, алымды сураганы келгенсиңер, түрмөдө олтурганымда көргөнү келгенсиңер. 37 Ошондо адил адамдар: — Устат, качан биз сиздин ачка жүргөнүңүздү көрүп, тойгуздук эле? Суусаганыңызды көрүп, суусунуңузду кандырдык эле? 38 Качан сапарда жүргөнүңүздө үйүбүзгө кабыл алдык эле да жылаңач калганыңызда кийиндирдик эле? 39 Качан ооруганыңызды же түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге бардык эле? — деп сурашат. 40 Ошондо Падыша мындай жооп берет: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: менин эң карапайым боордошторумдун бирине кылган жакшылыгыңар, мага кылганыңар. 41 Ошондо сол жагындагыларга айтат: — Менин жанымдан кеткиле, шайтан менен анын жин-перилерине даярдалган түбөлүк отко түшкүлө, каргыш ургандар! 42 Анткени ачка калганымда, силер тамак бербедиңер, суусаганымда суусунумду кандырбадыңар, 43 сапарда жүргөнүмдө үйүңөргө кабыл албадыңар, жылаңач калганымда кийим бербедиңер, ооруп жатканымда, түрмөдө отурганымда көргөнү келбедиңер. 44 Ошондо булар да: — Устат, качан биз сенин ачка калганыңызды, суусаганыңызды, сапарда жүргөнүңүздү, жылаңач калганыңызды, ооруп жатканыңызды, түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге кызмат кылбай койдук эле? — дешет. 45 Ошондо аларга да жооп берет: — Силерге чындыкты айтып коёюн: мына бул эң карапайым адамдардын бирине кылбаганыңар — мага кылбаганыңар. 46 Ошондо булар түбөлүк азапка, ал эми адилеттүүлөр болсо түбөлүк өмүргө кетишет.

Матай 26

Исага каршы жашырын бүтүм

1 Иса сөзүн бүткөндө шакирттерине карап: — 2 Эки күндөн кийин Куткарылуу майрамы болот, ошондо айкаш жыгачка кадаш үчүн Көктөн келген Адам кармап берилет, — деди. 3 Ошол кезде баш дин кызматкерлери жана иудей аксакалдары Каяфа деген баш диний кызматкердин короосуна чогулушту да, 4 Исаны куулук менен кармап, өлтүрөлү деп чечишти. 5 Бирок эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, майрам болуп жатканда коё туралы дешти.

Иса Бетания айылында

6 Иса Бетаниядагы Ысман пес 26;6 атка конгон кишинин үйүндө жамбаштап жатканда, 7 кымбат баалуу атыр май куюлган идиш көтөргөн бир аял келип, башына идишиндеги майды куюп жиберди. 8 Муну көргөн шакирттеринин кыжыры кайнап: — Мындай ысырапчылыктын не кереги бар? 9 Андан көрө кымбат баага сатып туруп, акчасын жакырларга берсе болот эле го, — дешти. 10 Иса алардын бул оюн билип: — Эмнеге бул аялды кыйнап жатасыңар? Ал мага жакшы иш кылды. 11 Жакырлар дайыма эле жаныңарда болот, ал эми мен жакында араңардан кетем. 12 Бул аял мага май куюп, денемди жерге берүүгө даярдады. 13 Силерге чындыкты айтып жатам: ушул Жакшы кабар дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.

Жүйүттүн чыккынчылыгы

14 Ошондо Жүйүт Искариот аталган «Он экинин» 26:14 бири дин башчыларына барып: — 15 Мен аны кармап берсем, эмне бересиңер? — деди. Дин башчылар отуз күмүш сөлкөбай сунуш кылышты. 16 Ошол убактан баштап, Жүйүт Исаны кармап берүүнүн оңтойлуу учурун издей баштады.

Куткарылуу майрамынын тамагы

17 Калама майрамынын биринчи күнү Исага шакирттери келип: — Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерде жегиң келет, каерге даярдайлы? — дешти. 18 Иса аларга мындай деди: — Шаарга барып, баланча деген кишини таап, ага: «Устатыбыз: 'менин убакыт-саатым жакындап калды, шакирттерим менен чогуу сеникинде Куткарылуу майрамын өткөрүп алалы' деди» — деп айткыла. 19 Шакирттери Исанын буйруганындай кылышты да Куткарылуу майрамынын тамагын даярдашты. 20 Кеч киргенде Иса шакирттери менен бирге дасторкондун жанында жамбаштап жатты. 21 Тамактанып жатканда мындай деди: — Силерге чындыкты айтып жатам: араңардан бирөө мени сатып кетет. 22 Шакирттери абдан капа болуп, биринин артынан бири: — Эгем, мени айтып жаткан жоксуңбу? — дей башташты. 23 Иса: — Тамакка менин менен бирге колун салган киши мени сатып кетет. 24 Көктөн түшкөн Адам Ыйык жазууда ал тууралуу алдын ала айтылган боюнча бара жатат, бирок аны сатып кеткен кишиге кайгы. Төрөлбөй эле койсо ага жакшы болмок. 25 Исага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да: — Устат, мени айтып жаткан жоксуңбу? — деп сурады. Иса: — Сен муну өзүң айттың, — деди.

Эгебиздин кечки тамагы

26 Шакирттери тамак жеп жатканда Иса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып: — Алгыла, жегиле, бул силер үчүн сындырылып жаткан менин денем, — деди. 27 Анан чыныны алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп: — Баарыңар мындан ичкиле, 28 анткени бул көп адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүүчү жана Кудайдын келишимин бекитүүчү менин каным. 29 Силерге айтып коёюн: мындан ары, Атамдын Падышачылыгында силер менен бирге жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай шараптан ичпейм, — деди. 30 Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да Май Тоого жөнөштү.

Иса Петирдин баш тарта турганын алдын ала айтат

31 Ошондо аларга Иса мындай деди: — Баарыңар ушул түнү мени таштап кетесиңер. Анткени Ыйык жазмаларда: «Мен алардын чабанын өлтүрөм, анан короодогу койлору чачырайт!» деп жазылган. 32 Кайра тирилтилгенден кийин Галилеяда силерден мурда болом. 33 Ошондо Петир: — Сени баары таштап кетсе да, мен эч качан таштабайм! — деди. 34 Иса: — Сага чындыкты айтып коёюн: ушул түнү корооз кыйкыргычакты сен менден үч ирет баш тартып кетесиң, — деди. 35 Петир: — Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да сенден баш тартпайм, — деди. Башка шакирттеринин баары тең ушундай дешти.

Иса Гефсимания багында

36 Ушундан соң Иса шакирттери менен бирге Гефсимания деген жерге келди. Шакирттерине: «Мен тигиндей барып сыйынып келгенимче ушул жерде отуруп тургула», — деди. 37 Анан Петир менен Зебедейдин эки уулун өзү менен кошо алып кетти да, өзү терең кайгыга батып, кыйнала баштады. 38 Ошондо Иса аларга: — Жаным өлөөрчө кайгырып турат, силер ушул жерде калып, мени менен бирге сергек болуп тургулачы, — деди. 39 Өзү бир аз ары барып, жүзтөмөндөп жыгылды да: «Атакем ай, эгер мүмкүн болсо ушул азап кесеси менин жанымдан өтүп кетсинчи. Бирок менин каалаганымдай эмес, сенин каалаганыңдай болсун», — деп сыйынды. 40 Анан шакирттерине келип, алардын уктап калганын көрдү. Петирге кайрылып: — Бир саат мени менен бирге уктабай тура алган жоксуңарбы!? 41 Шайтандын азгырыгына кирип кетпөө үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Анткени рухуңарда сергек болгонуңар менен, адамдык табиятыңар алсыз! — деди. 42 Анан кайрадан обочолонуп, Кудайга сыйынды: «Атакебай, эгер бул азап кесесин ичмейинче ал менден өтүп кете албаса, анда сенин каалаганыңдай болсун». 43 Шакирттерине кайтып келсе, алар кайра эле уктап жатыптыр. Себеби аларды уйку басып, кирпиктери жабышып калган эле. 44 Иса кайрадан алардан кетип, баягы эле сөздөрүн кайталап, үчүнчү ирет Кудайга сыйынды. 45 Сыйынып бүткөндө шакирттерине дагы келип: — Эх, силер уктап, эс алып жатасыңар. Быякта болсо Көктөн түшкөн Адамдын күнөөкөрлөрдүн колуна салып бериле турган сааты жакындап калды. 46 Тургула эми, кеттик. Мына, мага чыккынчылык кыла турган киши келе жатат, — деди.

Исанын кармалышы

47 Иса сүйлөп бүтө электе он эки шакирттин бири — Жүйүт көрүндү. Жанында дин башчылар менен иудей аксакалдары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле. 48 Чыккынчы аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, ал — ошонун өзү. Ошону кармагыла», — деп белги берди. 49 Анан дароо Исага басып келип: — Саламатсыңбы, Устат, — деп, бетинен өптү. 50 Иса болсо ага: — Досум, мында эмне кылып жүрөсүң? — деди. Ошондо тигилер Исага кол салып, аны кармашты. 51 Исанын жанында тургандардын бири кылычын кынынан сууруп алып, дин башчынын кулунун кулагын шылый чапты. 52 Ошондо Иса шылый чапканга: "Кылычыңы кынына сал. Анткени кылыч алгандар кылычтан кырылышат. 53 Же мен азыр Атамдан сурансам, ал мага миңдеген 26:53 периштелерди жибербейт деп ойлойсуңбу? 54 Бирок кантип анда Ыйык жазмада ушундай болуш керек деген сөз аткарылат?» — деди. 55 Анан дароо чогулгандарга карап: — Каракчыга каршы аттангандай, мени кармаш үчүн кылыч, токмок менен куралданып чыктыңарбы? Күн сайын ибадатканада таалим берип отурганымда мени кармаган жок элеңер. 56 А бирок эмне болсо да, мунун баары пайгамбарлар жазмаларынын аткарылышы үчүн болду, — деди. Ошондо шакирттеринин баары Исаны таштап, качып кетишти.

Иса синедриондун алдында

57 Исаны кармагандар дин мугалимдери менен иудей аксакалдарын чогулуп, күтүп турушкан Каяфа дин башчысынын үйүнө алып келишти. 58 Петир болсо алардын артынан дин башчынын короосуна чейин алыстан ээрчип барды. Анан короого кирип, аягы эмне менен бүтөр экен деп, көрүү үчүн кызматчылардын арасына отурду. 59 Дин башчылары менен синедрион Исаны өлтүрүү үчүн ага каршы жалган күбөлүк издешти жана 60 көптөгөн жалган күбөлөр келишсе да андай күбөлүк таба алышпады. Бирок кийинчерээк келген экөө: 61 — Бул киши: «Кудайдын ыйык ибадатканасын бузуп, үч күндөн кийин кайра тургузуп коё алам» деген, — дешти. 62 Ошондо дин башчы ордунан тура калып: — Булардын сага каршы күбөлүк бергенине жообуң жокпу? — деди Исага. 63 Иса болсо унчуккан жок. Дин башчы: — Тирүү Кудайдын алдында антыңды алайын, айтчы деги бизге, Кудайдын Уулу Машаяк, сенсиңби? — деди. 64 Иса ага: — Өзүңүз айттыңыз. Бирок мен сиздерге бир нерсени айтып коёюн: мындан ары Көктөн түшкөн Адам Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келе жатканын көрөсүздөр, — деп жооп берди. 65 Ошондо дин башчы кийимин жыртып: — Бул Кудайга акарат келтирди! Бизге дагы кандай күбөнүн кереги бар? Көрдүңөрбү, ал азыр Кудайга акарат келтирди! 66 Эмне кылыш керек деп ойлойсуңар? — деди. Тигилер: — Өлүм жазасына тартылышы керек! — дешти. 67 Анан Исанын бетине жаба түкүрүп, бетине муштап, жаакка чапкылашты. 68 Дагы бирөөлөрү аны уруп: — Кана, Машаяк, бизге пайгамбарчылык кылып койчу, сени ким урду? — дешти.

Петирдин Исадан баш тартышы

69 Петир болсо сыртта, короодо олтурган. Аңгыча ага бир малай кыз басып келип: — Сен! Сен да галилеялык Иса менен бирге болгонсуң! — деди. 70 Петир болсо: — Эмне деп жатканыңды түшүнбөйм, — деп бардыгынын алдында танып кетти. 71 Дарбазага тарапка баратканда ал жактан дагы башка малай кыз көрүп калып: — Мына, бул киши да назареттик Иса менен бирге жүргөн, — деди. 72 Петир карганып: — Мен ал кишини тааныбайм, — деп дагы танып кетти. 73 Бир аздан кийин ошол жерде турган адамдар Петирге келип: — Сен чындап эле тигилердин бири экенсиң, ошолордон экениңди тилиң да айтып турат, — деди. 74 Ошондо Петир: — Кудай урсун, мен ал кишини тааныбайм, — деп карганып-шиленип кирди. Ошол кезде корооз кыйкырды. 75 Ошондо Петирдин эсине Исанын: «Ушул түнү корооз кыйкыргычакты, сен менден үч ирет баш тартып кетесиң!» деген сөзү түштү да, сыртка чыгып, өңгүрөп ыйлады.

Матай 27

Исанын Пилаттын алдына алынып келиниши

1 Таң атканда дин башчы менен иудей аксакалдары Исаны өлүм жазасына тартылсын деген чечим чыгаруу үчүн чогулушту. 2 Исаны байлап, алып кетишти да римдик прокуратор 27:2 Пилаттын колуна тапшырышты.

Жүйүттүн өлүмү

3 Ошондо Исага чыккынчылык кылган Жүйүт, Исанын өлүм жазасына кесилгенин көрүп, оюн өзгөрттү да, дин башчылар берген 30 күмүш теңгени кайра кайтарып берди. — 4 Бейкүнөө кишиге чыккынчылык кылып, күнөө кетириптирмин, — деди ал дин башчылар менен иудей аксакалдарына. Бирок алар: — А биздин кандай тиешебиз бар? Өзүң бил, — деп жооп беришти. 5 Жүйүт теңгелерди ибадатканага ыргытып жиберип, сыртка чыгып, асылып өлдү. 6 Дин башчылар теңгелерди терип алып: — Бул теңгелерди курмандыкка бергенге болбойт, анткени бул адам канынын куну, — дешти да, 7 өз ара акылдашып туруп, чет элдиктердин сөөгүн коюу үчүн «Карапачынын талаасы» аталган жерди сатып алышты. 8 Ошондон улам ал талаа ушул күнгө чейин «Кан талаа» деп аталган. 9 Иеремия пайгамбардын: «Алар Израилдин урпактары отуз күмүш теңгеге баалаган Кишинин баасын алышты да 10 Эгем мага буйрук кылгандай, "Карапачынын талаасын" сатып алышты», — деген сөзү аткарылды.

Иса Пилаттын алдында

11 Исаны болсо римдик прокуратордун алдына алып келишти. Прокуратор: — Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады. Иса: — Өзүң айттың, — деди. 12 Дин башчылар менен иудей аксакалдарынын таккан айыптарына эч нерсе деп жооп кайтарбады. 13 Ошондо Пилат ага: — Канча киши сага каршы күбөлүк айтып жатат, сен эмне укпай жатасыңбы? — деди. 14 Иса прокуратордун бир да сөзүнө жооп бербей, аны абдан таң калтырды.

Өлүм жазасы

15 Прокуратордун Куткарылуу майрамына карата чогулган элге алар каалаган бир кылмышкерди түрмөдөн чыгарып берүү адаты бар эле. 16 Ошол кезде алардын Барабас деген абдан белгилүү бир адамы түрмөдө болчу. 17 Ошондуктан алар чогулушканда Пилат: — Силерге кимди бошотуп беришимди каалайсыңар: Бараббаныбы же Машаяк аталган Исаныбы? — деди. 18 Анткени Пилат алардын Исаны көрө албастыктан кармап бергенин билчү. 19 Пилат сот орундугуна олтурганда, анын аялы бир кишини жиберип: «Жанагы кишиге тийбе, анткени таңга жуук көргөн түшүмдө ал үчүн көп азап чектим», — деп айттырды. 20 Бирок баш диний кызматкерлер менен иудей аксакалдары Бараббаны чыгарып, Исаны өлтүрүүнү сурангыла деп чогулгандарды көндүрүп коюшкан эле. 21 Прокуратор аларга: — Силерге экөөнүн кимисин бошотуп беришимди каалайсыңар? — деди. Алар: — Бараббаны, — деп жооп беришти. 22 Пилат: — Анда Машаяк аталган Исаны эмне кылайын? — деди. Тигилер болсо баары бир ооздон: — Айкаш жыгачка кадалсын! — дешти. 23 Пилат: — Эмне үчүн? Ал кандай жамандык кылды? — дегенде, тигилер: — Айкаш жыгачка кадалсын! — деп жаны чыкканча бакырышты. 24 Пилат сөзүнөн эч кандай пайда чыкпасын жана ызы-чуунун күчөп баратканын көрүп, сууну алды да, чогулгандардын алдында колун жууп: — Мен бул кишинин канына айыпкер эмесмин, өзүңөр жооп бересиңер, — деди. 25 Элдин баары: — Мунун каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда, — деди. 26 Ошондо Пилат Бараббаны бошотуп, Исаны камчы менен сабатып туруп, жаза жыгачка кадоону буйруду.

Тикенек таажы

27 Прокуратордун жоокерлери Исаны преторияга 27:27 алып барышып, анын алдына бүтүндөй полкту чогултушту. 28 Исаны чечинтишип, үстүнө кызыл чапан жабышты, 29 тикенектен таажы өрүп, башына кийгизишти жана оң колуна таяк карматышты. Анан алдына чөгөлөй калышып: «Иудейлердин падышасына даңк!» — деп келекелешти. 30 Бетине жаба түкүрүшүп, таякты алып, башка ургулай башташты. 31 Шылдыңдап бүтүшкөндө, үстүндөгү кызыл чапанды сыйрып алып, өзүнүн кийимин кийгизишти да, айкаш жыгачка кадоо үчүн алып кетишти.

Исанын айкаш жыгачка кадалышы

32 Жолдо киреналык Ысманды жолуктурушуп, аны Исанын айкаш жыгачын көтөрүп барууга мажбурлашты. 33 Голгота деп аталган жерге келишкенде (Голготанын мааниси: «баш сөөк»), 34 алар Исага өт аралаштырылган шарапты 27:34 беришти. Иса ооз тийип көрүп, ичкиси келбеди. 35 Айкаш жыгачка кадагандар чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүшүп, 36 ошол жерде Исаны кайтарып олтурушту. 37 Алар Исанын башынын жогору жагына анын айыбы жазылган тактайды бекитишти. Тактайда: "БУЛ — ИСА, ИУДЕЙЛЕРДИН ПАДЫШАСЫ" деген жазуу бар эле. 38 Аны менен бирге эки каракчыны да жыгачтарга кадашты: бирөөсүн оң жагына, бирөөсүн сол жагына. 39 Көчөдөн өтүп бараткандар Исаны тилдеп, баштарын ийкегилешип: — 40 Эй, ибадаткананы бузуп, үч күндө кайра куруучу, Кудайдын Уулу болсоң өзүңдү куткарбайсыңбы, айкаш жыгачтан түшүп кетпейсиңби! — деп жатышты. 41 Дин башчылар да аларга кошулуп, дин мугалимдери жана иудей аксакалдары менен бирге: — 42 Башкаларды куткарган, өзүн куткара албай турат. Израилдин падышасы имиш, айкаш жыгачтан түшүп келсинчи, кана, биз ишенели. 43 Кудайга таянчу эле, кана, ага жакса бошотсунчу, анткени «мен Кудайдын Уулумун» дечү эмес беле, — дешти. 44 Иса менен бирге айкаш жыгачка кадалган каракчылар да аны ашата сөгүп жатышты.

Иса Машаяктын өлүмү

45 Чак түштөн баштап, үч саат бою бүт жер жүзүн караңгылык басты. 46 Саат үчтөрдө Иса: "Или, Или! Лема сабахтани?" — деп катуу үн менен боздоп жиберди. Бул сөздүн мааниси: «Кудайым ай, Кудайым! Неге сен мени калтырдың?» 47 Ошол жерде тургандардын кээ бири муну угуп калып: «Бул Илиясты чакырып жатат», — дешти. 48 Ошол замат алардын бири жүгүрүп барып, соргучту кычкыл ичимдикке малып көтөрүп келди да Исанын оозуна такады. 49 Ал эми башкалары: «Тим койчу, көрөлү, куткарам деген Илиясы келер бекен», — дешти. 50 Иса болсо дагы катуу кыйкырып, жан таслим болду. 51 Ошол замат ибадатканадагы көшөгө башынан аягына чейин экиге айрылды. Кудай жерди силкинтип, таштарды быркыратты. 52 Мүрзөлөр ачылып, көптөгөн ыйыктардын денесине жан кирди. 53 Иса тирилгенден кийин мүрзөлөрүнөн чыга келишип, ыйык шаар Иерусалимге киришти да көп адамдардын көзүнө көрүнүштү. 54 Жердин силкингенин жана андан башка болуп жаткан окуяларды көрүп, үрөйлөрү учкан жүз башы жана анын менен бирге Исаны кайтарып тургандар: — Бул акыйкатта Кудайдын баласы болгон экен, — дешти. 55 Ошол жерде алыстан карап турган көптөгөн аялдар да бар эле. Алар Исага кызмат кылып, Галилеядан бери ээрчип жүргөндөр болчу. 56 Алардын арасында магдалалык Мария, Жакып менен Жусуптун энеси — Мария жана Зебедейдин балдарынын энеси бар эле.

Исанын көргө коюлушу

57 Кеч киргенде Ариматея шаарында жашаган Жусуп аттуу бир бай адам келди. Ал да Исанын шакирти болчу. 58 Ал Пилатка келип, Исанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүгө буйрук берди. 59 Жусуп сөөктү алып, таза кездемеге ороп, 60 өзү үчүн казган жаңы көргө жаткырып койду да, оозун чоң таш менен бекитип туруп, кетип калды. 61 Магдалалык Мария менен дагы башка Мария болсо ошол жерде, көрдүн маңдайында отурушкан.

Көрдү күзөтүү

62 Куткарылуу майрамына даярдык көрүлө турган күндөн кийинки күнү дин башчылар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулушуп, 63 ага: — Мырза, жанагы алдамчы көзү тирүүсүндө: «Үч күндөн кийин тирилтилем» дегенин эстедик. 64 Шакирттери келип, сөөгүн уурдап алып, элге: «Ал тирилтилди», деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан үчүнчү күнгө чейин көр жакшылап бекитилсин деп буйрук бериңиз. Эгер алар ушундай кылышса, анда алардын бул алдамчылыгы биринчисинен да жаман болот, — дешти. 65 Пилат: — Сакчылар мына, алгыла да билгениңердей кайтара бергиле, — деп жооп берди. 66 Ошондо алар барып, көрдүн оозун таш менен жаап, мөөр басып, сакчыга кайтартып коюшту.

Матай 28

Исанын тирилиши

1 Ишемби күндөн кийинки жуманын биринчи күнү, таң азанда магдалалык Мария менен дагы башка Мария көрдү көргөнү келишти. 2 Аңгыча абдан катуу жер титирөө болду. Анткени асмандан Жараткан Эгенин периштеси түшүп, көрдүн оозундагы ташты оодарып таштап, үстүнө отуруп алды. 3 Анын жүзү чагылгандай жаркырап, кийими кардай аппак эле. 4 Сакчылар андан коркконунан калчылдап, өлүк кишилердей катып калышты. 5 Периште болсо аялдарга сүйлөдү: — Силер коркпогула, анткени айкаш жыгачка кадалган Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем. 6 Ал мында жок, өзү айткандай тирилип кетти, келип, жаткан жайын карагыла. 7 Анан тез барып, шакирттерине: «Иса өлүмдөн кайра тирилип кетиптир, силерден мурда Галилеяга барат, аны ошол жактан жолуктурасыңар» дегиле. Силерге айтарым ушул. 8 Бир чети коркунучка, бир чети чексиз кубанычка толгон аялдар көрдөн шарт бурулуп, Исанын шакирттерине кабарлаганы чуркап жөнөштү. 9 Аңгыча алдыларынан Иса жолугуп: — Саламатсыңарбы, — деди. Аялдар жакындап келип, бутунан кучактап, анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. 10 Иса аларга: — Коркпогула, боордошторума барып айткыла, алар Галилеяга барышсын, мени ошол жактан көрүшөт, — деди.

Диний кызматкерлердин сакчыларга пара берип, аларды сатып алышы

11 Аялдар жолдо баратышканда сакчылардын кээ бири шаарга барып, диний башчыларга болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришти. 12 Дин башчылар иудей аксакалдары менен чогулуш өткөрүп, чечим кабыл алышты. Анан жоокерлерге көп акча берип: 13 — «Түндө, биз уктап калганыбызда, шакирттери келип, аны уурдап кетишти» дегиле. 14 Эгер муну прокуратор угуп калса, биз аны көңүлүн тынчтандырабыз, силер болсо кам санабагыла, баарын өзүбүз бүтүрөбүз, — дешти. 15 Сакчылар болсо акчаны алып, тигилер айткандай кылышты. Ал эми бул жалган сөз иудейлердин арасында ушул күнгө чейин кеңири тарап жүрөт.

Исанын шакирттерге көрүнүшү

16 Он бир шакирт болсо Иса баргыла деп буюрган Галилеядагы тоого келишти. 17 Ал жерден Исаны көрүшүп, анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты, башкалар болсо ишене албай турушту. 18 Иса шакирттерине жакын келип, мындай деди: — Көктөгү да, жердеги да бийликтин баары менин колума берилди. 19-20 Ошондуктан барып, бардык элдерди Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүрүп, менин силерге буйругандарымдын баарын сактоого үйрөтүп, мага шакирт кылгыла. Мына, мен акыр заманга чейин, бардык күндөрдө, силер менен бирге болом.

Марк 1

Яхья чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы

1 Иса Машаяктын жакшы кабары. 2Исаия пайгамбар аркылуу айтылгандай: «Мына, мен сенин алдыңан кабарчымды жиберип жатам. Ал сага жол даярдайт». 3 1.3: «Кимдир-бирөө чөлдө кыйкырып, чакырык салып жүрөт: "Эгебиздин жолун даярдагыла, Басар жерин түздөгүлө" ». 4 Чөлдө Жакыя пайда болуп, адамдарды сууга чөмүлдүрүп, күнөөлөрдөн кечирилиши үчүн ойду өзгөртүп, сууга чөмүлүү керек экендигин жар салып жүрдү. 5 Бүткүл Иудея аймагы менен иерусалимдиктер ага барышып, күнөөлөрүн моюнга алып, өздөрүн сууга чөмүлдүртүп жатышты. 6 1.6: Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн жасалган кийим кийип, кайыштан белбоо тагынып, чегиртке менен жапайы аарынын балын жеп тамактанчу. 7 Ал: «Арка жагыман менден алда канча кудуреттүү Бирөө келатат. Мен эңкейип анын сандалынын боосун чечкенге да татыксызмын. 8 Мен силерди сууга чөмүлтөм, ал болсо силерди Ыйык Рухка чөмүлтөт!» — деп жар салды.

Исанын сууга чөмүлүшү жана шайтандын сыноолорунан өтүшү

9 Ошол күндөрдө Иса Назареттен келип, Иордан дарыясында Яхья тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттү. 10 Суудан чыкканда асмандын ачылганын жана Ыйык Рухтун көгүчкөн сымал үстүнө түшүп келатканын көрдү. 11 1.11: Ошондой эле асмандан үн чыкты: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Менин ак тилегим сенде.» 12 Ушундан соң Рух Исаны дароо ээн талаага алып кетти. 13 Ээн талаа эрме чөлдө жана жапайы жаныбарлардын арасында Иса кырк күндөй Шайтандын сыноосунан өттү. Периштелер болсо ага кызмат кылышты.

Исанын балыкчыларды өзүнө шакирт кылуу үчүн чакырышы

14 Яхья камалган соң Иса Галилея аймагына келип, мындай деп Кудайдын жакшы кабарын жарыялады: 15 «Убакыт-саат келип, Кудайдын падышачылыгы жакындап калды! Күнөөлөрүңөрдөн баш тартып, жакшы кабарга ишенгиле!» 16 Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Ысман менен анын иниси 1.16: Идристи көрдү. Алар балыкчылар болушкандыктан көлгө тор салып жатышкан. 17 Иса аларга: «Менин аркаман ээрчигиле, силерди адамдарды кармагыч кылам!» — деди. 18 Алар ошол замат торлорун таштап, ээрчип жөнөштү. 19 Иса ал жерден бир аз узаганда кайыкта олтуруп алып, торлорун оңдоп жатышкан Зебедейдин балдары: Жакып менен Жаканды көзү чалды. 20 Көрөрү менен аларды өзүнө чакырды. Алар болсо атасы менен мардигерлерди кайыкка калтырып, Исаны ээрчип жөнөштү.

Кара күчкө байланган киши

21 Иса шакирттери менен бирге Капарнаумга келип, ишемби күндөрү синагогада таалим бере баштады. 22 Исанын таалимине эл таң калды, анткени ал дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бардай таалим берчү. 23 Алардын синагогасында кара күчкө байланган бир киши бар эле. Ошол киши: 24 «Биз менен сенин эмне ишиң бар, назареттик Иса! Шорубузду шорподой кайнатканы келдиңби, ыя! Бил-е-е-м, сенин ким экениңди, Кудайдын ыйыгысың». 25 Иса болсо жинге тыюу салып: «Yнүңдү өчүр да андан чыгып кет!» — деп буйруду. 26 Кара күч жанагы кишини калчылдатып, катуу чаңырык менен андан чыгып кетти. 27 Баарынын үрөйлөрү учуп бири-биринен: «Бул эмне? Жаңы окуубу? Бу кишинин жиндерге да бийлиги өтүп, аларды баш ийдирип жатпайбы!» — деп сурашты. 28 Ошентип Иса тууралуу кабар Галилея аймагына чагылгандай тез тарап кетти.

Исанын көптөгөн адамдарды айыктырышы

29 Синагогадан чыгып, Иса Жакып жана Жакан менен бирге Ысман менен Идристин үйүнө келди. 30 Ысмандын кайненеси ысытма болуп ооруп төшөктө жаткан. 31 Иса ооруулууга жакын басып келип, анын колун кармап, өйдө тургузду. Ошол замат ысытма аялды таштап кетти да аял Исаларды коноктой баштады. 32 Кеч кирип, күн батканда болсо эл Исага бардык ооруулуулары менен кара күчкө чалдыккандарын алып келишти. 33 Бүт шаар эли Иса турган үйдүн эшигинин алдына чогулуп калды. 34 Иса ар кандай ооруулар менен ооруган көптөгөн адамдарды айыктырды, көптөгөн жиндерди кууп чыкты жана жиндерге сүйлөгөнгө тыюу салды, анткени алар Исанын ким экенин билишчү.

Исанын Галилеядагы таалими

35 Иса эртеси күнү таңазанда туруп, үйдөн чыкты да ээн талаага барып, ошол жерде Кудайга сыйынды. 36 Ысман менен анын шериктери Исанын аркасынан аны издеп барышып, 37 табышкан соң: «Баары сени издеп жүрүшөт!» — дешти. 38 Иса аларга: «Жүргүлө, башкаларга да таалим берүүм үчүн жакын жердеги айылдарга баралы. Анткени мен ошол үчүн келгем», — деди. 39 Ошентип Иса бүткүл Галилея аймагын кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, адамдарды жиндерден бошотуп жүрдү.

Исанын пес ооруулуу адамды айыктырышы

40 Бир пес ооруулуу адам Исага келип, чөк түшүп, мындай деп жалдырады: «Эгер кааласаңыз, мени тазалай аласыз.» 41 Иса бу кишиге боору ооруп, колун сунуп ага тийгизди да: «Каалайм, тазалан!» — деди. 42 Ушул сөз чыгаары менен дароо эле тиги кишинин денеси пестен арылып, тазарып калды. 43 Иса анын көзүнө тике карап, катуу эскертип: 44 «Абайлагын, эч кимге бул тууралуу ооз аччу болбо, бирок диний кызматкерге бар да өзүңдү текшерт. Анан эл алдында тазарганыңдын далили катары Муса буйруган курмандыкты бер!» — деди. 45 А бу киши болсо мындай чыгаары менен элдин баарына болгон окуяны жар салып, айтып кирди. Ошондон улам Иса шаарга ачык кире албай, сыртта, ээн талааларда калууга аргасыз болду. Эл болсо Исага туш-тараптан агып келип жатты.

Марк 2

Исанын шал ооруулуу адамды айыктырышы

1 Арадан бир аз күн өтүп, Иса кайрадан Капарнаумга келди жана анын үйдө экени баарына маалым болду. 2 Алеки саата көптөгөн эл жыйылып, эшигинин алдына топурап толуп кетишти. Иса болса аларга Кудайдын сөзүнөн таалим бере баштады. 3 Аңгыча шал оорулууну көтөрүп төрт киши келишип, 4 элдин көптүгүнөн Исага жакындай албай, үйдүн үстүн ачып, төбөсүн тешишти да ооруулууну төшөнчүсү менен кошо төмөн түшүрүштү. 5 Иса алардын ишенимин көрүп, шал оорулуу адамга: «Балам, сенин күнөөлөрүң кечирилди!» — деди. 6 Ошол жерде олтурушкан диний мугалимдердин кээ бирөөлөрү өздөрүнчө: 7 «Мынабу эмне деп жатат! Бул Кудайга акараат келтирип жатат! Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат!» — дешти. 8 Алардын бул оюн дароо туя койгон Иса мындай деди: «Силер эмне үчүн мындай ойлоп жатасыңар? 9 'Күнөөлөрүң кечирилди!' деген жеңилби же 'Төшөгүңдү ал да бас!' дегенби? 10 Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетиндеги күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар!» Анан шал кишиге: 11 «Сага айтып жатам: тур, төшөгүңдү ал да бас!» — деди. 12 Шал оорулуу киши ошол замат тура калып, төшөгүн алды да баарынын көз алдында сыртка чыгып кетти. Баары жакаларын кармашып: «Ой тообо, эч качан мындай нерсени көргөн эмес элек!» — дешип Кудайды даңкташты.

Исанын Левийди шакирттикке тандашы

13 Иса үйдөн чыгып, кайрадан Галилея көлүнүн жээгине барды. Ошол жерге келген элдин баарына таалим берди. 14 Өтүп баратып, салык жыйноочу жайдын жанында олтурган Алфайдын уулу Левийди көрдү да ага: «Менин жолума түшүп, аркаман ээрчи» — деди. Левий дароо ордунан туруп, Исаны ээрчип жөнөдү. 15 Кийинчерээк Иса шакирттери менен бирге Левийдин үйүндө конок болуп, дасторкондун жанында жамбаштап жатты. Көптөгөн салыкчылар менен күнөөкөр деп четке кагылгандар да Иса менен бир дасторкондон тамак жеп жатышты. 16 Исанын салыкчылар жана күнөөкөрлөр деп четке кагылган адамдар менен бирге олтуруп тамак жеп олтурганын көрүшкөн дин мугалимдери менен фарисейлер анын шакирттерине: «Эмне үчүн бул салыкчылар менен күнөөкөрлөргө кошулуп, бир дасторкондон тамак жейт?» — дешти. 17 Муну уккан Иса: «Дарыгерге ден-соолугу чыңдар эмес, оорулуулар муктаж. Мен тобо келтирүүгө такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырууга келдим», — деди. 18 Яхьянын шакирттери жана фарисейлер орозо тутуп жүрүшкөн. Ошондуктан кайсы бирөөлөр Исага келишип: «Яхьянын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери орозо тутушат, а эмне үчүн сенин шакирттериң тутушпайт?» — дешти. 19 Иса аларга мындай жооп берди: «Күйөө бала менен чогуу үйлөнүү тою болуп жаткан үйдө тойлоп жатышкандарды орозо туттурууга болобу? Күйөө бала араларында турган кезде аларды орозо туттурууга болбойт! 20 Алардын арасынан күйөө бала алына турган күндөр келет, алар орозону ошондо тутушат. 21 Жаңы кийимден алынган жамакты эски кийимге эч ким жамабайт, анткени жаңы жамак эски кийимди айрып, жыртыгын мурдагысынан да чоң кылып салат. 22 Эч ким жаңы шарапты эски чаначка куйбайт, анткени жаңы шарап чаначты жыртып чыгып, өзү да төгүлүп калат, чаначтарды да жарактан чыгарат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначка куюш керек.»

Ишемби маселеси

23 2.23: Ишемби күндөрүнүн биринде Исага эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Жолдо баратканда шакирттери эгиндин башынан жулуп, жей башташты. 24 Муну көргөн фарисейлер Исага: «Карачы, шакирттериң ыйык ишембинин тартибин бузуп жатышат!» — дешти . 25 Иса аларга: «Карды ачып, жегенге бир нерсе табалбай турганда Дауддун эмне кылганы силерге окулган жок беле? Дауд өзү да, жанындагы адамдары да ачка болуп айласы кетип турганда 26Кудайдын үйүнө кирип, Кудайга багышталган нанды жеп койгон. Бул Абиафар баш диний кызматкер болуп турганда болгон. Мыйзам боюнча ал нандан диний кызматкерлер гана жегенге укуктуу болушкан, бирок Дауд андан өзү жеп, ал тургай жанындагы адамдарына да берген», — деди. 27 Иса сөзүн мындайча аяктады: «Адам ишемби үчүн эмес, тескерисинче ишемби адам үчүн жаратылган! 28 Ошондуктан Адам Уулу ишембинин да кожоюну.»

Марк 3

Колуна шал тийген адам

1 Иса кайрадан синагогага келди. Синагогада колу сенейип, катып калган бир адам бар эле. 2 Ошол кишини ишемби болгонуна карабай айыктырар бекен деп, Исаны айыпка жыгуунун амалын издеп, алдыртан акырын байкап турушту. 3 Иса болсо колу шал адамга: «Ортого чык», — деди. 4 Анан тигилерге кайрылып: «Ишембиде жакшылык кылуу керекпи же жамандыкпы? Жанды куткаруу керекпи же кууратуу керекпи?» — деди. Алар болсо унчугушкан жок. 5 Иса аларды каар менен кыдырата карап алды да жанагы колу шал кишиге: «Колуңду сун!» — деди. Тигил колун сунар замат айыгып кетти. 6 Ошондо фарисейлер сыртка чыгышып, Ирод партиясынын мүчөлөрү менен чогулушуп, алар менен бирге Исага каршы план түзүштү.

Көл жээгиндеги калың эл

7 Иса шакирттери менен бирге Галилея көлү тарапка басып кетти. Галилея, Иудея аймактарынан, 8 Иерусалимден, Иордандын чыгыш тарабындагы Идумея аймагынан, Тир жана Сидон шаарларынын айланасынан келген эл Исанын кылганын угушуп, ага жоон топ болуп агылып жатты. 9 Топураган көп элдин жөөлөшкөнүнөн улам Иса шакирттерине: «Мага бир кайык даярдагыла», — деди. 10 Иса көп адамдарды айыктырган болчу, ошондуктан оорулуулар ага өздөрүн тийгизүүгө жулунуп жатышты. 11 Жин ооруулуулар болсо Исаны көргөндө алдына кулап: «Сен Кудай Уулусуң!» — деп чаңырып жатышты. 12 Иса болсо жиндерге: «Менин ким экенимди айтпагыла!» — деди.

Исанын он эки шакирттин элчилик кызматына дайындашы

13 Анан Иса тоого чыгып, өзү тандап алган бир нече кишини чакырып алды. Келишкенде 14-15 жар салуу үчүн жана оорууларды айыктырып, жиндерди кубалай ала турган бийликке ээ болсун деп адардын арасынан он экисин тандап алды (да элчилер деп атады.) 16 Төмөндө ошол эки элчинин аттары: Ысман (Иса ага Петир деген ат койду), 17 Зебедей уулу Жакып жана анын иниси Жакан (Иса аларды Боанергелер деп атады, аттын мааниси «Күркүрөктүн уулдары»), 18 Идрис, Филип, Бартоломай, Матай, Фома, Алфай уулу Жакып, Фаддай, каналык Ысман, 19 ошондой эле Жүйүт Искариот (бул киши кийин Исага чыккынчылык кылат).

Иса жана Беелзебул

20 Ушундан соң Исалар үйгө келишти. Кайрадан бир заматта эл жыйылып, шам-шум этип алууга да мүмкүнчүлүктөрү болбой калды. 21 Бул тууралуу кабар Исанын жакындарына жеткенде алар Исаны алып кетүү үчүн келишти, анткени эл: «Бул акылынан адашыптыр», — деп сөз кылып жаткан болчу. 22Иерусалимден келген кээ бир дин мугалимдери болсо: «Мунун ичинде Беелзебул бар! Бул жиндерди жиндердин башчысынын кудурети менен кубалап жатат», — дешти. 23 Ошондо Иса аларды чакырып алып мындай деген нускоолуу аңгеме айтты: «Кантип Шайтан Шайтанды кубалай алат? 24 Эгер мамлекеттин ичинде ырк кетип, бөлүнүп-жарылса, анда ал тура албайт. 25 Эгер үй-бүлөнүн ыркы кетсе, бузулат. 26 Ошонун сыңарындай эгер Шайтан өзүнө өзү каршы чыгып, бөлүнүп жарылса, анда соо калбайт, жакында соодасы бүтөт. 27 «Адегенде таңып салмайын, эч ким алдуунун үйүнө кирип, буюмдарын тоной албайт. Таңып салса, анда анын үйүндөгү буюмдарын тоноп кете алат. » 28 «Силерге чындыкты айтып жатам: адам баласынын бардык күнөөлөрү да, ар кандай мүмкүн болгон ооз кесирликтери да кечирилет. 29бирок ким Ыйык Рухка тил тийгизсе, анда ал эч качан кечирилбейт. Андай адам түбөлүк отко ташталганга татыктуу.» ( 30 Иса бул сөздү кээ бир адамдардын: «Буга жин тийиптир!» — дегенинен улам айтты.»)

Исанын Энеси жана бир туугандары

31 Ушундан соң Исанын энеси менен бир туугандары келишип, сырттан туруп, аны чакыртышты. 32 Исанын айланасында толтура адамдар олтурган. Алар Исага: «Карачы, энең менен бир туугандарың келип, сыртта сени чакырып жатышат,» — дешти. 33 «Менин энем менен бир туугандарым кимдер?» — деди аларга Иса. 34 Анан айланасында олтургандарды сыдыра карап алып: «Менин энем менен бир туугандарым бул жерде олтургандар! 35 Анткени менин бир тууган ага-инилерим да, эже-карындаштарым да, энем да Кудайдын каалоосун аткаргандар болот.»

Марк 4

Дыйкан тууралуу ибарат

1 Иса кайрадан деңиз жээгинде элди окута баштады. Жыйылган элдин көптүгүнөн ага көлдө, кайыкта олтурууга туура келди. Эл болсо жерде, көлдүн жээгинде турду. 2 Иса ибарат аркылуу көп нерселерди айтып, аларды окутту. Ал элге мындай деди: 3 «Кулак салып, угуп алгыла: бир дыйкан эгин эккени чыгыптыр. 4 Эккенде уруктун кээси жол боюна түшүп, чымчыктарга жем болот. 5 Кээси топурагы көп эмес таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан дароо эле өсүп чыгат. 6 Күн чыкканда куйкаланып, тамыры болбогондуктан кагайып калат. 7 Кээси тикендин арасына түшөт. Тикен өсүп чыгып, урукту тумчуктуруп койгондуктан, ал түшүм бербейт. 8 Ал эми кээси болсо жакшы кыртышка түшүп, түшүм берет. Түшүмүнөн жерге түшкөн уруктар да өсүп чыгып, кээси отуз, кээси алтымыш, кээси жүз эселеп түшүм берет.» 9 Иса аягында мындай деди: «Кимдин угар кулагы бар болсо уксун!»

Ибараттардын максаты

10 Иса жалгыз калганда он эки шакирти менен бирге айланасында тургандар андан ибараттардын мааниси тууралуу сурашты. 11 Иса аларга мындай деп жооп берди: «Кудайдын падышачылыгынын жашырын сырларын билүү мүмкүнчүлүгү силерге берилген. Ал эми сырттагы жанагыларга болсо баары ибараттар аркылуу айтылат. 12 Ошондуктан алар: «Караган менен көрө алышпайт; Уккан менен түшүнө алышпайт. Эмесе Кудайга кайрылышмак, күнөөлөрү кечирилмек.»

Дыйкан тууралуу ибараттын чечмелениши

13 Анан Иса аларга мындай деди: «Бул ибараттын маанисин түшүнбөй жатасыңарбы? Анда башка ибараттарды кантип түшүнөсүңөр? 14 Дыйкан сепкен урук — Кудайдын сөзүн билдирет. 15 Жол боюна түшкөн урук — Кудайдын сөзүн уккан адамдар. Бирок алар угар менен эле Шайтан дароо жетип келе калып, жүрөктөрүнө себилген сөздү уурдап кетет. 16 Ушул сыяктуу эле таштак жерге себилген урук да Кудайдын сөзүн угар менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет. 17 Бирок өздөрүндө тамыры жок жана туруксуз болушкандыктан, кийин, Кудайдын сөзүнөн улам кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат адашып кетишет.18 Кээ бир адамдар тикендердин арасына себилген урукка окшош болушат. Алар Кудайдын сөзүн угушат, 19 бирок бул жашоонун түйшүктөрү, байлыкка болгон сүйүү жана башка каалоолор жүрөктөрүн ээлеп алып, сөздү тумчуктуруп салат да сөз жемишсиз калат. 20 Ал эми кээ бир адамдар жакшы кыртышка түшкөн уруктардай. Алар Кудайдын сөзүн угуп, кабыл алып, кээси отуз, кээси алтымыш, кээси жүз эселеп жемиш беришет.» 21Иса дагы мындай деди: «Шамды чаканын же керебеттин алдына коюп коюш үчүн алып жагышабы? Аны шамдалга коюшпайбы? 22 Ачыкка чыкпас купуя сыр болбойт, сыртка чыкпас жашырын иш болбойт. 23 Эгерде кимде уга турган кулак бар болсо уксун!» 24Иса аларга дагы мындай деди: «Укканыңарды байкагыла! Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат, ал тургай азыр угуп алган силерге андан да чоңураак өлчөм колдонулат. 25Кимде бар болсо ага дагы берилет, кимде жок болсо андагы бар болгон нерсе да тартып алынат.»

Өсүмдүк тууралуу ибарат

26 Иса дагы мындай деди: «Кудай падышалыгы мындай: адам айдоо талаасына урук себет да 27 түнү уктап, күндүзү туруп, уруктун кандайча өсүп-өнүп жатканын билбейт. 28 Жер аны өзү өстүрөт: алгач көгөртүп, анан баш байлатып, анан башын данга толтурат. 29Адам болсо дан бышаары менен эгинине орок салат, анткени ооруу-жыюу маалы келип жетет.»

Сары кычынын даны тууралуу ибарат

30 Иса дагы мындай деди: «Кудайдын падышачылыгын дагы эмнеге окшоштурсак болот? 31 Ал жерге эгилгенде бул дүйнөдөгү уруктардын ичинен эң кичинеси болгон сары кычынын данындай. 32 Өсүп чыкканда болсо бардык өсүмдүктөрдөн ашып кетет. Чоң-чоң бутак жайып, көлөкөсүн канаттуулар пааналашат. » 33 Иса элге ушул сыяктуу дагы көптөгөн ибараттарды айтып, алардын сиңирүүгө кудурети жеткиче Кудайдын сөзүнөн таалим берди. 34 Ал элге жалаң ибарат менен сүйлөдү, ал эми шакирттери менен калганда болсо аларга ибарат менен айтылгандардын баарынын маанисин чечмелеп, түшүндүрүп берди.

Деңиздеги бороон

35 Ошол күнү кечинде Иса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө барабыз деп айтты. 36 Шакирттери элди үйлөрүнө тараткан соң, кайыктын ичинде олтурган Исага кошулушту. Жанында башка кайыктар да бар болчу. 37 Капыстан катуу бороон башталып, кайыктын капталына урунган толкундар ичине ашып, ичи толо баштады. 38 Иса болсо кайыктын баш жагында уктап жатты. Шакирттери аны ойготушуп: «Устат, биздин куураганы калганыбыз сенин ашыгыңа да чыкпайбы?» — дешти. 39 Иса ордунан туруп, бороонго тыюу салып, деңизге: «Басыл, токтогун!» — деп буйруду. Бороон тынчып, айлана жымжырт боло түштү. 40 Анан шакирттерине кайрылып: «Эмне мынчалык коркоксуңар? Ишенимиңер кайда?» — деди. 41 Шакирттеринин үрөйлөрү учуп, өз ара: «Бул ким болду экен? Ал турган бороон менен деңиз да ага баш ийишпедиби!» — деп сүйлөштү.

Марк 5

Жини бар адамдын айыктырылышы

1 Исалар көлдүн аркы бетиндеги Герасенос аймагына келишти. 2 Иса кайыктан түшөөрү менен өлүктөр коюлуучу үнкүрлөрдөн бир жин ооруулуу киши чыга калып алдынан тосуп чыкты. 3 Бул кишинин жашаган жери үңкүрлөрдө болчу. Эч ким аны ал тургай чынжырлар менен да байлап кармап кала алган эмес. 4 Көп ирет колу-бутуна кишен салышып, чынжыр менен байлашса да ал чынжырларды үзүп, кишендерди талкалап бошонуп кетчү. 5 Ал күн-түн дебей тоо-дөбөлөрдө, үңкүр-чуңкурларда далбастап, өкүрүп-бакырып, таштарга боюн урчу. 6 Бул киши Исаны алыстан көрүп, чуркап келип, алдына чөгөлөдү да: 7 «Менде кандай ишиң бар, Эң бийик Кудайдын Уулу? Кудай акы, мени кыйнаба!» — деп чаңырып жиберди. 8 Анткени Иса андагы жинге: «Жин, бул кишиден чыгып кет!» — деген болчу. 9 Иса андан: «Атың ким?» — деп сурады. Ал: «Менин атым Легион, анткени биз көппүз!» — деп жооп берди. 10 Аларды ошол аймактан кууп чыкпасын өтүнүп, Исага жалынып жалбарды. 11 Ошол жердеги тоонун боорунда чоң бада чочко оттоп жүргөн. 12 Жиндер Исага жалбарышып: «Чочколордун ичине кирип алуубуз үчүн бизди ошолорго жиберегөр», — дешти. 13 Иса уруксаат берди. Жиндер адамдан чыгып чочколорго киришти. Ошондо эки миңдей чочкодон турган баданын баары жабыла жардан деңизге кулап чөгүп өлүштү. 14 Чочко кайтаргандар болсо артка карай чуркап жөнөштү да муну шаар-кыштактарга жарыя кылышты. Ошондо адамдар болгон окуяны көрүп келүүгө чыгышты. 15 Алар Исага келишип, ичинде легион ар жин ооруулуу кишинин кийим кийип, акыл-эси жайында олтурганын көрүшүп, жүрөктөрү ооздоруна тыгылды. 16 Окуяны көргөндөр болсо аларга бул жин ооруулуу адам менен чочколор эмне болгонун айтып беришти. 17 Ошондо герасеностуктар Исадан алардын жеринен кетишин сурана башташты. 18 Иса кайыкка түшкөндө мурда жин ооруусу бар киши аны менен кошо кеткүүнү суранды. 19 Иса болсо ага уруксаат берген жок: «Өз үй-бүлөңө бар да Теңирдин сага эмне кылганын, сага кандай кайрым көрсөткөнүн айтып бер» — деди. 20 Ошондо баягы киши артына кайтып, Он шаар аталган аймакта Исанын ага кылганын айтып, жарыялай баштады. Уккандардын баары таң калып жатышты. 21 Иса кайрадан көлдүн батыш жактагы өйүзүнө өтүп барганда жоон топ эл аны кайрадан курчап алышты. 22 Аңгыча сигагога башчыларынын бири болгон Иаирос деген киши Исаны көрүп, анын алдына жыгылып: 23 «Кичинекей кызым өлүм алдында жатат. Келип, кызыма колуңузду коё көрүңүз, айыгып, аман калсын!» — деп жалбарды. 24 Иса Иаирос менен анын үйүнө жөнөдү. Кошо жөнөгөн көп эл Исаны туш-тушунан жөөлөп баратышты. 25 Ошол тополоңдун ичинде он эки жыл бою кан кетип ооруган бир аял бар эле. 26 Ал көп доктурлардан кыйналып, колунда болгон нерсесинин баарын берип бүтсө да ден-соолугу түзүк болбой эле кайра начарлап бараткан. 27-28 Бул аял Иса тууралуу укканда ичинен: «Кийимине эле колумду тийгисем айыгам» деп эл арасынан билинбей анын артынан келип, кийимине колун тийгизди. 29 Кан кеткени тып басылып, аял айыкканын сезди. 30 Ошол эле убакта Иса да өзүнөн күч чыкканын сезип, айланасындагы элге кайрылып: «Ким менин кийимиме колун тийгизди?» — деп сурады. 31 Шакирттери ага: «Карачы, канча адам сени туш-тушуңдан кысып турат! А сен болсоң «ким мага колун тийгизди» дейсиң», — дешти. 32 Иса болсо колун тийгизген ким экенин көрүү үчүн айланасын карана берди. 33 Ошондо өзү менен эмне болгонун билген аял коркконунан калтырап-титиреп басып келди да Исанын алдына жыгылып, болгон чындыкты төкпөй-чачпай айтып берди. 34 Иса болсо ага: «Кызым, сени ишенимиң куткарды. Тынчтык менен бара бер да дартыңдан сакай», — деди. 35 Иса сөзүн бүтө электе, синагога башчысы тараптан адамдар келишип: «Кызың өлдү! Эмне үчүн Устатты дале убара кылып жатасың?» — дешти. 36 Иса болсо алардын сөзүн укмаксанга салып, синагога башчысына: «Корпо, жөн гана ишен», — деди. 37 Анан Петрос, Жакып жана анын иниси Жакандан башкалардын эч кимисиене аркасынан барганга уруксаат бербеди. 38 Алар Иаиростун үйүнө келишип, ызы-чуу түшүп, ыйлап, өкүрүп жаткандардын үстүнөн чыгышты. 39 Иса алардын арасына кирип: «Эмнеге ызы-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Наристе өлгөн жок, уктап жатат», — деди. 40 Ошондо алар Исаны үстүнөн шылдыңдп күлүштү. Иса болсо баарын үйдөн сыртка кууп чыгып, өлгөн баланын ата-энеси менен өзүнүн шакирттерин алып, өлүк жаткан жайга кирди. 41 Кирип, кызды колун кармады да: «Талифа, кум!» (котормосу: «Эй кыз, сага айтып жатам, тургун!») — деди. 42 Кыз ошол замат туруп, нары-бери баса баштады. (Кыздын жашы он экиде болчу.) Муну көргөндөрдүн ооздору ачылды. 43 Иса болсо аларга бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буйруду жана кызга жегенге бир нерсе бергиле деди.

Марк 6

Исанын жердештери тарабынан четке кагылышы

1 Иса ал жактан кетип, шакирттери менен бирге кайрадан өз шаарына кайтып келди. 2 Ишемби күнү келгенде синагогага барып таалим бере баштады. Синагогада көп адамдар чогулушкан эле. Алар Исанын таалимин укканда: «Булардын баарын бу кайдан алды? Мындай акылмандыкты буга ким берди? Мындай укмуштар кантип анын колунан келип жатат? 3 Бу жыгач уста эмес беле? Мариянын уулу, Жакып, Жусуп, Иуда жана Ысмандын агасы го бул? Карындаштары да биздин арабызда турушат ко?» — деп таң калышты. Ошентип алар Исаны четке кагышты. 4 Ошондо Иса аларга мындай деди: «Кадыры болбос пайгамбар жок, бирок өз жеринен, туугандарынан жана үй-бүлөсүнөн башка жакта.» 5 Иса ал жерде бир нече ооруулууга колун коюп айыктыргандан башка эч кандай кереметтерди көрсөтө албады. 6 Алардын ишенбестигине ушунчалык таң калды. Он эки шакирттин атайын кызматка жөнөтүлүшү. Иса айлана-тегеректеги айыл-кыштактарга барып, андагыларга таалим берип жүрдү. 7 Бир күнү он эки шакиртин чакырып алып, аларды эки-экиден кызматка жөнөтө баштады. Аларга жин-шайтандардын үстүнөн болгон бийлик берди. 8 Жолго жалгыз таяктан башка эч нерсе: нан да, баштык да албагыла, белбооңорго сары чака тыйын да түйбөгүлө, 9 жөнөкөй гана бут кийим кийгиле, көйнөктөн да экини албагыла!» — деп буйруду. 10-11 Дагы мындай деди: «Кайсыл үйдө силерди кабыл алышса, барган аймагыңардан кеткиче, ошол үйдө калгыла.» 12 Ошентип алар жолго чыгышып, адамдарга күнөөлөрүнөн баш тартып, Кудайга кайрылуу керектигин жар салышты. 13Алар көптөгөн жиндерди кубалап чыгышып, көптөгөн ооруулуу адамдарды баштарын май менен майлап айыктырып жүрүштү.

Яхьянын өлүмү

14 Мунун баары Ирод падышанын h кулагына жетти. Анткени бардык жерде Исанын аты чыгып кетти. Кээ бирөөлөр: «Яхья чөмүлдүрүүчү кайра тирилип алыптыр, ошондуктан ушундай укмуштарды кылып жатат!» — дешти. 15 Кээ бирөөлөр болсо: «Бул Илияс!» — дешти. Дагы бирөөлөр: «Бул байыркы пайгамбарлар сыяктуу болгон дагы бир пайгамбар!» — дешти. 16 Ирод болсо бул тууралуу укканда: «Бул мен башын алдырган Яхья чөмүлдүргүч! Ал кайра тирилип кеткен турбайбы!» — деди. 17Яхьяны Ирод өзү киши жиберип карматып, камакка алдырткан болчу. Ирод өз бир тууганы Филиппостун аялы Иродиадага үйлөнүп алган болчу. Яхьяны ошол аялы үчүн түрмөгө олтургузган. 18 Анткени Яхья Иродко: «Өз бир тууганыңдын аялын алып алганга укугуң жок!» — деген болчу. 19 Ошондон улам Иродиада Яхьяга кекенип, өлтүргүсү келип, бирок муну ишке ашыра албай жүргөн. 20 Ирод болсо Яхьядын адил жана ыйык экенин билгендиктен, андан коркуп, аман сактап жүргөн. Ар дайым аны уккан сайын тынчсызданып жүрсө да аны укканды жакшы көргөн. 21 Акыры бир күнү Иродиадага ыңгайлуу учур келди. Бул Ироддун туулган күнүндө болду. Ал ак сарайда иштеген өзүнүн бардык чоңдорун, аскербашыларын жана Галилея аймагын башкарган адамдарды чакырды. 22 Кызы Иродиадос келип, бийлеп, Ирод менен анын жанында олтурган конокторунун купулуна толду. Ошоно Ирод падыша кызга: «Менден эмне кааласаң сура, сага берем!» — деди. 23 «Эмнени сурасаң да берем, керек болсо падышачылыгымдын жарымын сурасаң да берем!» — деп анттанды. 24 Кыз сыртка чыгып, энесинен: «Эмнени сурайын?» — деп сурады. Энеси: «Яхья чөмүлдүргүчтүн башын», — деди. 25 Кыз дароо падышага чуркап барып: «Сиз барып, Яхья чөмүлдүргүчтүн башын табакка салып, азыр, ушул жерге алып келип беришиңизди каалайм!» — деп талап кылды. 26 Кыздын өтүнүчү падышаны абдан кайгыртты. Бирок коноктордун алдында берген анты үчүн ага жок деп айткысы келбеди. 27 Ошондуктан бир желдетин жиберип, Яхьянын башын кесип келүүгү буюрду. 28 Желдет барып, түрмөгө кирип, Яхьянын башын кести да табакка салып келип, кызга берди. Кыз болсо энесине берди. 29 Бул окуяны угушкан Яхьянын шакирттери келишип, анын денесин алышты да көрүстөнгө апарып коюшту.

Исанын беш миң кишини тойгузушу

30 Жиберилген элчилер кайтып келишип, Исага барышты да эмне кылгандарын жана эмнеге окуткандарын төкпөй-чачпай айтып беришти. 31 Келип-кетип жаткан элдин көптүгүнөн улам Иса менен анын шакирттери тамактанып алганга да убакыт таппай жатышкан. Ошондуктан Иса шакирттерине: «Өзүңөр жалгыз ээн талаага барып, бир аз эс алып алгыла», — деди. 6.31: 32 Ошентип алар өздөрү жалгыз кайыкка олтурушуп, ээн талаага жөнөштү. 33 Бир топ адамдар алардын кайда бара жатышканын көрүп, таанып калышып, бардык шаарлардан жөө-жалаңдап самсып чыгып, алар бара жаткан жерге алардан мурда чуркап жетишти. 34 6.34: Иса кайыктан түшкөндө, топураган калың элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар чабаны жок койлорго окшош эле. Иса аларды ошол жерде көп нерселерди айтып, таалим бере баштады. 35 Көп убакыт өтүп кеткендиктен шакирттери келишип: «Бул жер ээн, убакыт болсо кеч болуп кетти. 36 Элди коё бер, айланадагы айыл-кыштактарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын. 37 Иса аларга: «Жегенге бирдемени силер бергиле», — деди. Шакирттери: «Бизди барып эки жүз динарий жумшап, аларга нан сатып кел дегени турасыңбы?» — дешти. 38 Иса: «Канча наныңар бар? Барып, карап келгилечи», — деди. Алар барып карап келишип: «Беш нан, эки балык бар экен», — дешти. 39 Ошондо Иса аларга элдин баарын көк чөптүн үстүнө топ-топко бөлүп олтургузууну буйруду. 40 Эл катар-катар болуп, жүз-жүз, элүү-элүүдөн топко бөлүнүп олтурушту. 41 Анан Иса беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап туруп Кудайга рахмат айтты да нанды сындырып, элге тараттырыш үчүн шакирттерине берди. Эки балыкты да баарына бөлүп берди. 42 Баары жеп, тоюшту. 43 Анан нан менен балыктын калдыктарын чогултушканда он эки чака толду. 44 Жеген эркектердин саны беш миңге чукул эле.

Көл үстүнөн баскан караан

45 Иса элди таратып жатып, ошол эле убакта шакирттерин кайыкка салып, көлдүн аркы өйүзүндөгү Бефсаидага өзүнөн мурда барсын үчүн жөнөтүп жиберди. 46 Элдин баары менен коштошкон соң сыйынуу үчүн тоого чыкты. 47 Кеч киргенде, кайык көлдүн ортосуна барып калганда, ал өзү жалгыз жерде турган. 48 Ошондо шакирттеринин толкундар менен алышып, жандалбастап жаткандарын көрдү, анткени шамал алардын бет маңдайынан согуп турган. Ошондо эрте мененки саат үч менен алтынын ортосунда шакирттерине суу үстү менен басып келип, жандап өтө берерде 49 суу үстүндө басып келаткан аны шакирттери көрүп калышты да арбак экен деп ойлоп, бакырып жиберишти. 50 Аны көрүшкөндө, баарынын эси чыкты. Иса ошол замат аларга: «Эсиңерге келгиле, бул менмин, коркпогула» — деп сүйлөй баштады. 51 Алар аларга барып кайыкка түштү. Шамал ошол замат тып басылды. Шакирттери ушунчалык таң калып, ооздору ачылды, 52 анткени акыл-сезимдери тунарып калгандыктан нан менен болгон кереметтен улам эстерине келишкен эмес болчу.

Геннесареттеги ооруулуунун айыктырылышы

53 Алар көлдү кесип өтүшүп, Геннесарет жерине жетишти да кайыкты жээкке байлашты. 54 Кайыктан түшүшөрү менен ал жердиктер Исаны дароо тааный коюшуп, 55 бүткүл аймак аркылуу жүгүрүп өтүшүп, анын кайда экенин угушкан жерге ооруулууларды төшөктөрү менен көтөрүп апкеле башташты. 56 Иса кайда барбасын: айылдарга болобу, шаарларга болобу, кыштактарга болобу адамдар ооруулууларын ачык жерлерге жаткырып коюшуп, аларга жок дегенде кийиминин этегине тийгизгенге мүмкүнчүлүк берегөрүңүз деп өтүнүштү. Ал эми тийгизгендер болсо, айыгып кетип жатышты.

Марк 7

Ар нерсенин өз орду бар

1 Фарисейлер менен Иерусалимден келген дин мугалимдери Исанын алдына чогулушту. 2 Исанын шакирттеринин арам колу менен, тагыраак айтканда колдорун жуушпай нан жеп атышканын көрүштү. 3 Анткени фариселейлер башка иудейлер сыяктуу эле ата-бабаларынын салты боюнча колдорун кылдаттык менен жуумайын тамак жешпейт. 4 Ошондой эле базардан келгенди жуумайынча ооздоруна алышпайт. Мындан башка дагы өздөрү кабыл алышкан толкон-токой ырым-жырымдары бар: табактарды, чайнектерди, идиштерди керебеттерди жууп-тазалоо. 5 Ошондуктан фарисейлер менен дин мугалимдери Исага: «Эмне үчүн сиздин шакирттериңиз аталарыбыздан калган салттарды кармашпай колдорун жуубай нан жеп жатышат?» — дешти. 6 Иса аларга мындай жооп берди: «Эки жүздүүлөр, Исаия силер тууралуу эң туура пайгамбарчылык кылган: 'Бул эл мени оозу менен гана калп эле сыйламыш болушат, жүрөктөрү болсо менден алыс. 7 Алардын мени урматтаганы пайдасыз, анткени алардын окуткандары пенделик гана осуяттар.' 8 Силер Кудайдын осуяттарын калтырып, адамдардын салттарын кармайсыңар.» 9 Иса дагы мындай деди: «Өзүңөрдүн осуяттарыңарды карманыш үчүн Кудайдын осуяттарын карманганыңар жакшыбы? 10 Анткени Муса мындай деген: 'Ата-энеңди сыйла,' жана, 'Ата-энесине тил кайтарган өлтүрүлсүн!' 11 А силер болсо: 'Эгерде кимде ким атасына же энесине жардам кыла турган нерсесин: «Курбан», б.а. «Кудайга багыштадым», деп койсо, 12 анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот деп, 13 Кудайдын сөзүн өзүңөр ойлоп тапкан салттарыңарга бастырып салгансыңар. Буга окшогон дагы башка нерселериңер толуп жатыры.

Адамды арам кылуучу нерселер

14 Ушундан соң Иса элдин баарын чакырып алып аларга мындай деди: «Мага кулак салып, түшүнүп алгыла! 15 Сырттан адамдын ичине кирген эч нерсе аны булгай албайт. Адамды ичинен чыккан нерсе булгайт.» n 17 Иса элден чыгып үйгө киргенде шакирттери ал айткан ибараттын маанисин сурашты. 18 «Силердин да акыл-парасатыңар жокпу? — деди Иса аларга, — адамдын ичине сырттан кирген эч нерсе аны булгай албайт, 19 анткени ал адамдын жүрөгүнө эмес, курсагына кирет да сыртка чыгып кетет.» (Иса ушундай айтуусу менен бардык тамак адал дегиси келген.) 20 «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат, — деп улантты Иса сөзүн, 21 анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн, арам ой, бузукулук, уурулук, канкорлук, 22 ойноштук, ач көздүк, кара ниет, алдамчылдык, кумарлануучулук, көрө албастык, кесирдик, текебердик, акмакчылык, — 23 ушул жамандыктын баары ичтен чыгып, адамды булгайт.»

Аялдын ишеними

24 Иса ал жактан чыгып, Тир шаарынын жанына барды. Бир үйгө кирди да турган жерин бирөөлөрдүн билишин каалабады, бирок жашырына алган жок. 25 Анткени кызы жин ооруулуу бир аял анын кайда экенин угуп калып, Иса турган үйгө келип, анын бутуна жыгылды. 26 Бул аял сирофиникиялык жана улуту грек болчу. Ал Исадан кызынын ичиндеги жинди кууп беришин суранып жалбарды. 27 Иса болсо ага: «Кой, биринчи балдардын курсагы тойсун, анткени балдардын нанын алып, иттерге таштоо жакшы эмес», — деди. 28 «Таксыр, — деди аял, — иттер деле столдун астынан балдардан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи.» 29 Ошондо Иса ага: «Ушул сөзүң үчүн бара бер, жин кызыңдан чыгып кетти», — деди. 30 Аял үйүнө келип, кызынын төшөктө жатканын жана жиндин чыгып кеткенин көрдү.

Дүлөйдүн айыгышы

31 Иса Тирдин аймагынан чыгып, Сидон шаарын кесип өтүп, Он шаардын жерин аралап, Галилея көлүнө жөнөдү. 32 Аңгыча кайсы бирөөлөр жакшы сүйлөй албаган, кулагы да такыр укпаган кишини алып келишип, Исадан ага колун коюшун сурап жалбарышты. 33 Иса аны элден сыртка алып чыгып, мандасын анын кулагына салып туруп, түкүрүп, анын тилине тийгизди. 34 Анан асманга карап туруп, терең дем алып алды да ооруулууга: «Еффафа(мааниси: ачыл!)», — деди. 35 Ошол замат дүлөйдүн кулагы ачылып, тили чечилип кетти да жакшы сүйлөй баштады. 36 Анан Иса элге бул тууралуу эч кимге айтпоону буюрду. Бирок канчалык тыюу салган сайын ошончолук кайра кычашты. 37 Уккандар болсо абдан таң калышып: «Анын кылгандарынын баары жакшы экен, ал дүлөйлөрдү уктуруп, дудуктарды сүйлөтүп жатат!» — дешти.

Марк 8

Төрт миң кишинин тоюнушу

1 Ошол күндөрдүн биринде Исанын алдына абдан көп эл чогулуп, жегенге тамак табылбады. Иса шакирттерин чакырып алып: 2 «Элге боорум ооруп турат, үч күндөн бери жанымда болушту, а жегенге эч нерселери жок. 3 Эгерде ушул бойдон үйлөрүнө таратып жиберсем, жолдо шайы ооп калышат, анткени араларында алыстан келишкендери бар», — деди. 4 Шакирттери: «Мынча элди тойгуза турган нанды бул ээн талаадан ким таба алат?» — дешти. 5 Иса: «Канча наныңар бар?» — деди. Алар: «Жети», — деп жооп беришти. 6 Ошондо Иса элге жамбаштап жатууну буйруду. Анан жети нанды алып, Кудайга рахмат айтып, сындырып туруп элге таратуу үчүн шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратып беришти. 7 Алардын дагы бир аз балыктары бар эле. Иса аларды да таратууну буйруду. 8 Баары жешип, курсактары тойду. Калгандарын чогултушканда жети себет болду. 9 Жегендердин саны болсо төрт миңдей киши эле. Анан Иса аларды үйлөрүнө коё берди. 10 Иса өзү да дароо эле шакирттери менен бирге кайыкка олтуруп, Далмануфа аймагына келди.

Фарисейлердин керемет суранышы

11Фарисейлердин ичинен кээ бирөөлөр Исага келишип, аны менен талаша башташты. Исаны сынашып, асмандан бир жышаан-белги көрсөт деп талап кылышты. 12Иса терең үшкүрүнүп алды да: «Бул муун эмне үчүн менден жышаан-белги суранып жатышат? Мен силерге чындыкты айтып коёюн: бул муунга эч кандай белги берилбейт!» — деди. 13 Анан аларды калтырып, кайрадан кайыкка олтурду да көлдүн наркы өйүзүнө кетип калды.

Фарисейлер менен Ироддун ачыткысы

14 Кайыкта бир эле нан бар болуп чыкты, анткени алар нан алганды унутуп калышкан болчу. 15Иса шакирттерине: «Абайлагыла, фарийселер менен Ироддун ачыткысынан сак болгула!» — деген болчу. 16 Алар бири-бирине: «Биз нан алган жокпуз, ошондуктан ушундай деди», — деп, талашып жатышты. 17 Иса муну билип, аларга: «Наныбыз жок деп эмнеге талашып жатасыңар? Дале түшүнө элексиңерби? Дале акылыңар тунарыкпы? 18 Көзүңөр бар болуп туруп, көрө албай жатасыңарбы? Кулагыңар бар болуп туруп уга албай жатасыңарбы? Эсиңерде жокпу: 19 мен беш нанды беш миң кишиге сындырып бергенимде силер чогулткан калдыктары канча чака болду эле?» — деди. Шакирттери: «Он эки», — дешти. 20 Иса: «Төрт миң кишиге жети нанды сындырып бергенимдечи? Калдыктарын чогултуп алганыңарда канча себет болду эле?» — деди. Алар: «Жети», — дешти. 21 Ошондо Иса аларга: «Дале түшүнө элексиңерби?» — деди.

Бетсаидадагы сокурдун айыгышы

22 Бетсаидага келишкенде Исага бир сокурду алып келишип, ага колун тийгизип коюну суранып жалбарышты. 23 Иса сокурду каолунан алып айылдын сыртына жетелеп чыкты. Анан сокурдун көзүнө түкүрүп туруп, колун үстүнө койду да: «Көрүп жатасыңбы?» — деди. 24 Сокур көз чаптырып: «Айланадагы дарактарга окшошкон адамдарды көрүп жатам», — деди. 25 Иса кайрадан колун көзүнө койду да дагы бир ирет карап көрүүнү буйруду. Бул жолу ал айыгып, баарын ачык көрүп калды. 26 Ошондо Иса ага: «Айылга кирбе!» — деп аны үйүнө жиберди.

Петирдин Исаны ачык таанышы

27 Анан Иса шакирттерин ээрчитип Филиппиянын Кесариясынын айылдарына жөнөдү. Жолдо шакирттеринен: «Эл мени ким деп жатат?» — деп сурады. 28 «Кээ бирөөлөр сени Яхья чөмүлдүрүүчү деп, кээ бирөөлөр Илияс пайгамбар деп, кээ бирөөлөр Пайгамбарлардын бири деп жатышат», — дешти шакирттери. 29 «А силерчи, силер ким деп эсептейсиңер?» — деди Иса. Петир: «Сен — Машаяксың!» — деп жооп берди. 30 Ошондо Иса аларга өзү тууралуу эч кимге айтпоону буйруду.

Иса өзүнүн азап чегерин жана өлүмүн алдын ала айтат

31 Анан Адам Уулу көп азап чегип, эл аксакалдары, дин башчылары жана дин мугалимдери тарабынан четке кагылууга тийиш экендигин, анан өлтүрүлөрүн, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш экендигин айтып шакирттерин окута баштады. 32 Ал муну аларга ачык айтты. Ошондо Петир аны четке чыгарып алып жемелеп кирди. 33 Иса болсо шакирттерине кайрылып туруп, Петирге: «Шайтан, кет ары менден, анткени сен Кудайдыкын эмес, адамдыкын ойлоп жатасың!» — деп аны урушуп койду. 34Анан эл менен шакирттерин чакырып алып мындай деди: «Эгерде кимде-ким менин шакиртим болгусу келсе өзүнөн баш тартсын жана өз жаза жыгачын көтөрүп алып, мени ээрчисин. 35 Анткени ким өз жанын сактап калам десе, анда аны жоготот, ал эми ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн жоготсо, анда аны сактап калат. 36 Анткени адам баласына бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына жоготкондон не пайда? 37 Адам баласы өз жаны үчүн кандай кун төлөй алат? 38 Кимде-ким мына бул ишенимсиз, күнөөкөр муундун алдында менден жана менин сөздөрүмдөн уялса, анда Адам Уулу да Атасынын улуулугуна бөлөнүп, ыйык периштелеринин коштоосунда келгенде андан уялат.»

Марк 9

1 Иса аларга дагы мындай деди: «Силерге айтып коёюн: араңардан кээ бирөөлөр Кудай падышачылыгынын күч-кудурет менен келгенин көргөнгө чейин көз жумбайт.»

Тоо башындагы кубулуш

2 Ушундан алты күн өткөндө Иса Петирди, Жакыпты жана Жаканды атайын тандап, бийик тоонун башына алып чыкты. Алардын көз алдында Исанын кебетеси өзгөрүп кетти. 3 Кийимдерди жылтылдап, аппак кардай, дүйнөдө эч ким андай агарта албагандай түскө айланды. 4 Анан Илияс менен Муса көрүндү. Алар Исага сүйлөп жаткан эле. 5 Ошондо Петир сөздү бөлө ортодон чыга калып Исага мындай деди: «Рабби, биздин бул жерде экенибиз жакшы болду! Үч алачык жасайлы: бирин сага, бирин Мусага, бирин Илияска.» 6 Петир эмне дегенин өзү да билбей калды, анткени баары коркуп турушкан. 7Аңгыча бир булут пайда болуп, аларга булутун түшүрдү. Анан булуттун арасынан үн чыкты: «Бул менин сүйүктүү Уулум, аны уккула.» 8 Алар айланасын жалт карашып, өздөрүнөн башка эч кимди көрө алышпады. Алардын алдында Иса гана жалгыз турган. 9 Тоодон түшүп келе жатышканда Иса: «Адам Уулу өлүктөрдөн кайра тирилгенге чейин көргөнүңөрдү эч кимге айтпагыла!» — деди. 10 Шакирттер бул сөздү кармап калышып, бири-биринен: «Өлүктөрдөн тирилет дегени эмнеси ботом?» — деп сурашты. 11 Анан Исадан сурашты: «Эмне үчүн анда дин мугалимдери: 'Алды менен Илияс келүүгө тийиш' дешет?» 12 Иса: «Ооба, чындыгында эле алды менен Илияс келип, баарын даярдаш керек! Ошондой эле Адам Уулу да ыйык жазмаларда айтылгандай көп азап чегип, жек көрүндү болууга тийиш эмес беле? 13 Бирок мен силерге айтам: Илияс келди жана ал тууралуу ыйык жазмаларда жазылгандай каалагандарын жасашты», — деп жооп берди.

Жини бар уландын айыгышы

14 Исалар калган шакирттердин жанына басып келишип, аларды тегеректеп турган көптөгөн элди жана алар менен талашып-тартышып жаткан дин мугалимдерин көрүштү. 15 Исаны көрүшөөрү менен элдин баары таңданышып, тосо чуркап чыгышып, аны менен саламдашты. 16 Иса басып келип: «Эмне тууралуу талашып жатасыңар?» — деп сурады. 17 Элдин ичинен бирөө ага жооп берип: «Устат, мен сага оозун бууп койчу жини бар уулумду алып келдим эле. 18 Жини кармаганда эле боюн жерге уруп, оозунан көбүк бүркүп, тишин кычыратып, соолуп жатып калат. Шакирттериңизге жинин кубалап чыккыла десем колдорунан келбеди», — деди. 19 Ошондо Иса: «О ишеними жок муун! Канчага чейин силерди көтөрөөр экем? Баланы алып келгиле бери!» — деди. 20 Алар баланы Исанын алдына алып келишти. Жин Исаны көрөөрү менен аны калчылдатып кирди. Бала жерге кулап, оозунан көбүк чыгарып, ары-бери тоголонуп жатты. 21 Иса анын атасынан: «Качантан бери ушундай болуп келатат?» — деп сурады. «Бала кезинен бери, — деди атасы, 22 — жин аны өлтүрүү үчүн далай ирет от менен сууга салды. Эгерде колуңуздан келсе, бизге ырайым кылып, жардам берегөрүңүз!» 23 «'Эгер колуңуздан келсеби' — деди Иса ага, — ишенгендин колунан баары келет.» 24 Баланын атасы ошол замат: «Ишенем! Ишенбестигиме жардам кылагөр!» — деп боздоп жиберди. 25 Элдин агып келип жатканын көрүп Иса жинге: «Дудук жана дүлөй жин, мен сага буйрук кыламын: чыгып кет да экинчи кирбегин!» — деди. 26 Жин ачуу чаңырып, баланы катуу калчылдатып, анан чыгып кетти. Бала өлүктөй болуп жатып калгандыктан баары: «Өлдү!» — деп жатышты. 27 Бирок Иса анын колунан алып, турганга жардамдашты эле ал турду. 28 Иса үйгө киргенде шакирттери жекече андан: «Биз эмне үчүн бул жинди кууп чыгара албадык?» — деп сурашты. 29 Иса: «Аны орозо кармап сыйынуу гана кууп чыгара алат!» — деп жооп берди.

Иса өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

30 Иса шакирттери менен ал жактан чыгып, Галилея аймагын аралап өтүп бара жатышты. Иса өзүнүн кайда экенин эч ким билбөөсүн каалады. 31 Анткени шакирттерине: «Адам Уулу кишилердин колуна өткөрүлүп берилет жана алар аны өлтүрүшөт анан үч күнү күнү ал кайра тирилет», — деп таалим берген болчу. 32 Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн эмес, сурагандан болсо айбыгышкан. Ким улуу? 33 Алар Кафарнаумга келишти. Yйгө киришкенде Иса алардан: «Жолдо эмнени талаштыңар?» — деп сурады. 34Алар жооп беришпеди, анткени алар арабыздан кимибиз башкаларыбыздан өйдөбүз деп талашкан эле. 35 Иса олтурду да «Он экини» чакырып алып, мындай деди: «Ким биринчи болууну кааласа, баарынын акыркысы жана баарынын кызматчысы болсун.» 36 Анан бир наристе баланы алып, алардын ортосуна тургузуп койду да: 37 «Ким ушундай балдардын бирин менин урматыма кабыл алса, ал мени кабыл алат, ал эми ким мени кабыл алса, ал мени эмес, мени Жибергенди кабыл алат», — деди.

Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта

38 Жакан Исага: «Устат, биз сенин атың менен жин-шайтандарды кубалаган бир кишини көрүп, ага тыюу салдык, анткени ал бизди ээрчиген жок», — деди. 39 Иса: « Ага тыюу салбагыла. Анткени менин атыман укмуштарды жасаган эч ким тез эле кайра мага карата жаман сөз айта албайт. 40Анткени ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта. 41Ким силерге «булар Машаякка караштуулар» деп менин урматыма бир чыны суу берсе, ал бул кылганы үчүн сөзсүз өз сыйлыгын алат.

Күнөөгө азгыруу

42 «Ал эми кимде ким мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин күнөөгө азгырса, мойнуна тегирмендин ташын байлап туруп, деңизге ыргытылганы ага жакшыраак болот. 43 Эгерде сени колуң күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки колуң менен өчпөс оттуу тозокко кеткениңден көрө чыныгы өмүргө майып болуп киргениң жакшыраак. 45 Эгерде сени бутуң күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки бутуң менен өчпөс оттуу тозокко ыргытылганыңдан көрө чыныгы өмүргө чолок киргениң жакшы. 47Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жаткан болсо анда аны чукуп сал! Эки көзүң менен оттуу тозокко ташталганыңдан көрө Кудайдын падышачылыгына бир көзүң менен киргениң жакшы. 48Ал жакта аларды жеген курттар эч качан өлүшпөйт жана аларды куйкалаган от эч качан өчпөйт. 49 Анткени баары от менен тазаланат. «Туз — жакшы нерсе! Эгер ал даамын жоготуп койсо, анда кантип кайра калыбына келтире аласыңар? Араңарда «туз» бар болсун жана өз ара ынтымактуу жашагыла.

Марк 10

Ажырашуу маселеси

1 Иса ал жактан чыгып, Иордан дарыясынан өтүп, Иудея аймагына келди. Кайрадан көп эл чогулду жана ал адатынча аларга таалим берди. 2 Ошол убакта фарисейлер басып келишип: «Эркек аялы менен ажырашканга уруксаатпы?» — деп аны сурашты аны сынай. 3 «Муса силерге эмне деген осуят калтырды эле?» — деди Иса аларга жооп берип. 4 «Муса талак катын жазып берип туруп, аялын коё бергенге уруксаат кылган», — дешти алар. 5 Ошондо Иса аларга: «Бул осуятты ал силерге тоңмоюндугуңардан улам жазган. 6 Бирок жаратылыштын башталышында болсо Кудай аларды эркек жана ургаачы кылып жараткан. 7 Ошондуктан адам ата-энесин калтырат. 8 Ошентип аялы экөө бир дене болуп калат! Ушундайча алар эми экөө эмес, бир дене. 9 Ошондуктан Кудай бириктиргенди адам ажыратпасын. 10 Yйгө киришкенде шакирттери Исадан бул тууралуу кайра сурашты. 11Иса аларга айтты: «Аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам, анын алдында ойноштук кылган болот.»

Исанын наристелерге бата бериши

13 Колун коюп (батасын берсин) деп эл Исага жаш балдарды алып келишти. Шакирттери болсо аларды урушуп, жол бербей жатышты. 14 Муну көргөндө Иса абдан ачууланды жана мындай деди: «Балдардын мага келишине жол бергиле, алардын жолун тоспогула, анткени Кудайдын падышачылыгы ушундайлардыкы! 15 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага кирбейт.» 16 Анан балдарды кучагына алды да аларга колун коюп, батасын берди.

Бай адам

17 Иса жолго чыкканда бир киши жүгүрүп келип, алдын чөгөлөп: «О сен жакшы Устатсың! Түбөлүк өмүргө ээ болуум үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурады. 18 Иса болсо ага мындай жооп берди: «Эмне үчүн мени жакшы деп жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. 19 'Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурулук кылба, жалган күбөлүк айтпа, алдаба, ата-энеңди сыйла' деген осуяттарды билесиң да.» 20 «Устат, — деди жигит, — мунун баарын жаш кезимден бери кармап келатам.» 21 Иса ичи жылып, ага мээрим менен тике карады да: «Сага бир нерсе жетишпейт: бар да колуңдагынын баарын кедейлерге таратып бер, ошондо асманда байлыкка ээ болосуң. Анан кел да мени ээрчи,» — деди. 22 Бул сөздү укканда жигиттин кабагы түйүлүп, абдан катуу кайгыга чөмүлүп, артка тартты, анткени ал абдан бай эле. 23 Иса айланасын кыдырата карап, шакирттерине: «Байлардын Кудай падышачылыгына кириши кандай кыйын!» — деди. 24 Бул сөздү укканда шакирттери, таң калып, селт дей түшүштү. Иса болсо сөзүн улантты: «Балдарым, Кудай падышачылыгына кирүү кандай кыйын! 25 Бай адамдын Кудайдын падышачылыгына кирүүсүнөн көрө төөнүн ийненин көзүнөн өтүшү оңоюраак.» 26 Шакирттери андан бетер таң калышып, өз ара: «Анда ким куткарыла алат?» — дешти. 27 Иса аларга тике карап мындай деди: «Бул адамдарга мүмкүн эмес, бирок Кудайга эмес. Кудайга баары мүмкүн.» 28 Ошондо Петир сөз баштап Исага: «Мына, биз баарын таштап салып, сенин аркаңан ээрчип жөнөдүк», — деди. 29-30 «Мен силерге бир чындыкты айтып коёюн, — деди Иса аларга, — мен жана жакшы кабар үчүн үйүн же бир туугандарын же энесин же атасын же аялын же балдарын же жерин таштап, азыр, ушул убакта, куугунтуктардын арасында, жүз эсе көп үй, бир тууган, ата, эне, бала, жер, ал эми келечекте болсо түбөлүк өмүр албай кала турган эч ким жок. 31Азыр биринчи болуп жүрүшкөндөрдүн көбү акыркы болушат, ал эми азыр акыркылардан болуп жүрүшкөндөрдүн көбү биринчи болушат.

Иса өзүнүн өлөөрү тууралуу үчүнчү ирет айтат

32 Иса шикирттери менен Иерусалимге бараткан жолдо баратышты. Иса тынчсызданып келе жатышкан шакирттеринин алдында эле. Артынан келаткандар коркуп келатышкан. Иса кайрадан он эки шакиртин четке чыгарып алып, өзүн алдыда эмне күтүп тургандыгын айтты. 33 «Мына, — деди ал, — биз азыр Иерусалимге чыгып баратабыз. Адам Уулу дин башчылар менен дин мугалимдеринин колуна тапшырылат. Алар аны өлүм жазасына кесишип, башка улуттуктардын колуна өткөрүшөт. 34 Башка улуттуктар аны шылдыңдашып, бетине түкүрүшүп, камчы менен сабашып, акырында өлтүрүшөт. Анан ал үчүнчү күнү кайра тирилет.»

Жакып менен Жакандын өтүнүчү

35 Ошондо Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан басып басып келишип: «Устат, биздин суранычыбызды аткарышыңды каалар элек», — дешти. 36 Иса: «Силерге эмнени аткарып беришимди каалайсыңар?» — деди. 37 Иса аларга: «Улуу падышачылыгың келгенде бирибизди оң, бирибиз сол жагыңа олтура тургандай кыл», — деди. 38 «Силер эмнени сурап жатканыңарды билбейсиңер, — деди Иса ошондо, — мен ичкен азап чөйчөгүнөн иче аласыңарбы, мен чөмүлгөн чөмүлдүрүүгө чөмүлө аласыңарбы?» 39 «Ооба», — деп жооп беришти алар. «Мен ичкен чөйчөктөн ичесиңер, мен чөмүлгөн чөмүлдүрүүгө чөмүлөсүңөр, — деди Иса, — 40 ал эми менин оң же сол жагыма олтургузууга мен укук бере албайм, ал кимге мурдатан даярдалган болсо ошого берилет.» 41 Бул тууралуу укканда Жакып менен Жакыпка калган он шакирттин каары кайнады. 42 Ошондуктан Иса алардын баарын өзүнө чакырып алып, мындай деди: «Башка элдерде алардын башчыларыбыз деп эсептегендери өз элине үстөмдүк кылышат, жетекчилери күч менен бийлик жүргүзүшөт. 43Ал эми силердин араңарда мындай болбосун. Араңардан ким чоң болгусу келсе силердин кызматкериңер болсун, 44 ким биринчи болгусу келсе баарыңардын кулуңар болсун. 45 Анткени Адам Уулу башкаларды өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, башкаларга өзү кызмат кылып, өз жанын көптөгөн адамдардын өмүрү үчүн кун катары берүү келди.»

Бартимей сокурдун айыгышы

46 Иерихонго келишти. Иса шакирттери менен көптөгөн элдин коштоосунда Иерихондо чыгып бара жатканда Тимайостун уулу Биртимайос жол боюнда кайыр сурап олтурган эле. 47 Өтүп бараткандын назареттик Иса экенин кулагы чалып калып: «Дауд Уулу Иса, мага ырайым кылагөр!» — деп кыйкыра баштады. 48 Көп адамдар ага тыюу салышып, унчукпа дешти. Бартимайос болсо ого бетер үнүн бийик чыгарып: «Дауд Уулу, мага ырайым кылагөр!» — деп кыйкырды. 49 Иса токтоду да: «Аны бери чакыргыла!» — деди. Алар сокурду чакырышып: «Чыйрал, тур, сени чакырып жатат», — дешти. 50 Бартимеос чапанын силкип таштап, ордунан ыргып тура калды да Исага келди. 51 «Мен сага эмне кылышымды каалайсың?» — деди. «Раббим, — деди сокур, — көзүм ачылса экен!» 52 «Бара бер, — деди Иса, — сенин ишенимиң сени айыктырды.» Ошол замат сокурдун көзү айыгып, жолдо Исанын артынан ээрчип жөнөдү.

Марк 11

Исанын Иерусалимге кириши

1 Алар Иерусалимге жакындап, Бетфаге жана Бетания шаарларынын жанындагы Зайтун Дөбөсүнө келишти. Ошерден Иса эки шакиртин жиберип жатып, аларга: 2 «Бет маңдайыңарда жайгашкан айылга баргыла. Айылга кирээриңер менен али эч ким минбеген тай эшек байланып турганын көрөсүңөр. Ошону чечип, бул жакка жетелеп келгиле. 3 Эгер бирөө: «Эмне кылып жатасыңар?» — десе: «Ээсине 11.3 керек болуп жатат. Ал кайра муну бул жакка дароо берип жиберет», — деп жооп бергиле.» 4 Шакирттери барып, тай эшектин көчөдө, дарбазанын жанында байланып турганын көрүштү. Аны чечип жатышканда 5 ошол жерде тургандардан бирөөлөр: «Эмнеге эшекти чечип жатасыңар?» — деп сурашты. 6 Шакирттер Иса үйрөткөндөй жооп беришкенде аларды коё беришти. 7 Эки шакирт эшекти алып келишип, кийимдерин токушканда Иса минип алды. 8 Көп адамдар кийимдерин жолго төшөп жатышса, дагы башка көптөгөн адамдар талаадагы дарактардын бутактарын кесип, төшөп жатышты. 9 Исанын алды-артында бараткандар: «Хосанна! Эгебиздин атынан келе жатканды Кудай жалгасын! 10 Келе жаткан Дауд атабыздын падышачылыгын Кудай жалгасын! Баарынан бийик турган Кудайгы даңк!» — деп кыйкыра башташты. 11 Иса Иерусалимге кирип, ыйбадатканага барды. Баарын карап чыккан соң, шаардан чыгып, он шакирти менен Бетанияга келди, анткени кеч кирип калган эле.

Каргыш тийген анжир дарагы

12 Кийинки күнү, Бетаниядан келатышканда Иса курсагы ачканын сезди. 13 Тээ алыста жалбырактарга жамынган анжир дарагын көрүп, жемиши бар бекен деп жакын басып барды. Бирок жалбырактардан башка эч нерсе таппады, анткени анжир жыйнай турган убак али келе элек болчу. 14 Иса ошол даракка: «Ылайым, мындан ары эч ким жемишиңди жебесин!» — деди. Шакирттери болсо муну угушту.

Исанын ыйбадатканага келиши

15 Иерусалимге киришкенде Иса ыйбадатканага келип, андан соодагерлерди кууп чыга баштады. Акча алмаштыргандардын үстөлдөрүн коңторуп, көгүчкөн сатып олтургандардын олтургучтарын оодарып салды. 16 Эч кимге кандайдыр бир буюмду ыйбадаткананын короосу аркылуу алып өтүүгө уруксаат бербеди. 17 «Ыйык жазмаларда Кудай мындай деген деп жазылган: 'Менин үйүм бардык элдердин сыйынуу үйү деп атала турган болот!' Силер болсо аны уурулардын үңкүрүнө айландырып жибериптирсиңер!» 18 Муну дин башчылары менен дин мугалимдер и угуп калышты да Исанын көзүн тазалоо амалын издей башташты. Себеби бүт элдин анын таалимдерине таң калып жатышкандыгынан коркушту. 19 Кеч киргенде болсо Иса шакирттери менен шаардан чыгып кетти.

Анжир жыгачынын мисалы

20 Кийинки күнү эрте менен эрте шакирттери баягы анжир дарагынын жанынан өтүп баратып анын тамыры менен куурап калганын көрүштү. 21 Мурдагы окуя Петирдин эсине түшүп: «Рабби, rabbi карачы, сен каргап салган анжир дарагы кагайып калыптыр!» — деди. 22 Ошондо Иса аларга: «Силерде Кудайдын ишеними болсун. 23 Силерге чындыкты айтып коёюн, эгер ким мына бул дөбөгө: «Деңизге омкорулуп түш!» деп, анан ичинен шектенбей, айтканындай болоруна ишенсе, анын айтканы аткарылат. 24 Силерге айтып коёюн: бир нерсе сурап сыйынганыңарда аны алганыңарга ишенгиле, ошондо эмнени сурасаңар да аласыңар. 25Ошондой эле сыйынып турганыңарда асмандагы Атаңар каталарыңарды кечириши үчүн силер да башкаларга кандайдыр бир нааразычылыгыңар болсо кечиргиле.»

Исанын бийлиги тууралуу суроо

27 Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Иса ыйбадатканада жүргөндө ага дин башчылары, дин мугалимдери жана эл аксакалдары басып келишип: 28 «Буларды кандай бийлик менен кылып жатасың? Мындай укукту сага ким берди?» — деп сурашты. 29 Иса аларга: «Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер мен сиздерге буларды кандай бийлик менен кылып жатканымды айтам. 30 Айтыңыздарчы, Яхья адамдарды сууга чөмүлүрүү расмисинен өткөрүү бийлигин кайдан алды эле: асманданбы же адамдарданбы?» — деди. 31 Тигилер өз ара талашып тартыша башташты: «Кандай жооп берели: 'Асмандан' десек, ал: 'Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуздар?' дейт. 32 'Адамдардан' десек...» (Алар элден коркушту, анткени баары Яхьяны пайгамбар деп ишенишчү.) 33 Акырында: «Билбейбиз», — деп жооп беришти. Иса аларга: «Анда мен да силерге буларды кандай бийлик менен кылып жатканымды айтпайм», — деди.

Марк 12

Жүзүмзар тууралуу ибарат

1Иса аларга ибарат менен сүйлөй баштады: «Бир киши жүзүмзар тигип, айланасын коргондоп, шире сыгуу үчүн чуңкур казып, кароол мунара курат. Анан жүзүмзарын ижарачыларга тапшырып, өзү сапарга кетет. 2 Түшүм жыйнай турган убак келгенде анын жемиштеринен алдыруу үчүн бир кулун жиберет. 3 Ижарачылар болсо кулду кармап алып, сабап, куру кол кайтарышат. 4 Ошондо ал кайрадан дагы башка кулун жиберет. Ижарачылар болсо бу кулду таш менен башын жарып, кордоп туруп артына кайтарышат. 5 Ал дагы бир кулун жөнөтөт. Ижарачылар болсо муну өлтүрүшөт. Башка кулдарын жөнөткөндө да аларды же сабап, же өлтүрүп салышат. 6 Акыры жанындай көргөн жалгыз уулу калып, ошону жибериш керек болот. Ошондо: 'Уулумдан уялышаар' деп, жалгыз уулун аларга жиберет. 7 А ижарачылар болсо өз ара: 'Бул мурасчы. Жүргүлө өлтүрөлү, ошондо мурас бизге калат!' — дешет да 8 кармап алып, өлтүрүшүп, денесин жүзүмзардын сыртына ыргытып салышат. 9 Эми жүзүмзардын ээси эмне кылат? Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмзарды башкаларга берет. 10 Силер, албетте, ыйык жазмалардан муну окугансыңар: «Куруучулар жараксыз деп четке чыгарган кыш бурч башындагы эң маанилүү кышка айланды: 11 Муну Жараткан Эгебиз кылды, таңданат көрүп көзүбүз.» 12 Ошондо иудей башчылары Исаны кармап алгылары келишти, анткени ибараттын аларга карата айтылганын аңдашты, бирок элден коркушуп, аны калтырып кетип калышты.

Салык төлөө маселеси

13 Исаны сөзүнөн кынтык таап, айыптоо максатында иудей башчылары тарабынан жиберилген бир нече фарисейлер менен Ироддун жолун жолдоочулары келишти. 14 Алар Исага: «Устат, биз сиздин акыйкат экениңизди, бирөөгө жагынууга аракет кылбасыңызды билебиз. Анткени сиз адамдардын жүзүнө карабайсыз, бирок Кудайдын акыйкат жолуна окутасыз! Императорго салык төлөө Мыйзамга туура келеби же жокпу? Биз салыкты беришибиз керекпи же бербешибиз керекпи?» — дешти. 15 Иса алардын эки жүздүүлүгүн байкап: «Эмнеге мени сынап жатасыңар? Бир сөлкөбайды алып келгилечи, көрөйүн», — деди. 16 Алар алып келишти. «Бул сүрөт менен жазуу кимдики?» — деп сурады Иса алардан. «Императордуку», — дешти. 17 Иса: «Императордукун императорго, Кудайдыкын Кудайга бергиле», — деп жооп берди. Ошондо алар Исанын сөзүнө таң калышты.

Кыямат тууралуу

18Анан Исага саддукейлер басып келишти. Алар кайра тирилүү жок дешчү. 19«Устат,— дешти алар, — эгерде бирөөнүн агасы өлүп, артынан аялы калса, бирок бала калбаса, анда анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын деп Муса бизге жазып кеткен. 20 Жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, артынан бала калтырбай каза болду. 21 Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Yчүнчүсү менен да ошондой болду. 22 Ошентип жетинчисине чейин ушундай болду. Баарынын артынан аял да көз жумду. 23 Эми, кыяматта, алар кайра тирилгенде аял кимисинин аялы болот? Анткени жетөөсү тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы». 24 Иса аларга мындай жооп берди: «Ыйык жазмаларды да, Кудайдын кудуретин да билбеген силер ушундан улам адашууга учурап жатасыңарбы? 25 Анткени адамдар өлүмдөн тирилишкенде алар аял да алышпайт, күйөөгө да тийишпейт; алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат. 26Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилишээри тууралуу Мусанын китебинде Кудай Мусага: 'Мен Ибраимдин Кудайымын, Исхактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын' деп айтканын окуган жок белеңер? 27 Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! Ошондуктан силер таптакыр жаңылышып жатасыңар».

Улуу Осуят

28 Ошол жерде бир дин мугалими бул талашты угуп турган. Ал Исанын аларга жакшы жооп бергенин көрдү да басып барып: «Осуяттардын бардыгынын ичинен эң биринчиси кайсы?» — деп сурады. 29Иса ага: «Баардык осуяттардын эң биринчиси: 'Ук, Израил, биздин жалгыз гана Кудай Эгебиз бар — ал Жараткан Эге. t 30 Ошондуктан аны бүт жүрөгүң, бүт жан-дилиң, бүт аң-сезимиң жана бүт күч-кудуретиң менен сүй!' 31Экинчиси бул: 'жаныңдагы адамды өзүңдөй сүй!' Ушул экөөнөн чоң осуят жок», — деп жооп берди. 32 «Жакшы, устат, — деди дин мугалими, — 'жалгыз жана андан башка жок, 33аны чын жүрөктөн, бүт акыл-эс менен, бүт жан-дил менен, күч-кудурет менен сүйүш керек жана жаныңдагы адамды өзүңдөй сүйүү бардык өрттөлүүчү курмандыктар менен тартуулардан маанилүүрөөк' деп чындыкты айттыңыз». 34 Иса анын абдан жөндүү жооп бергенин байкап: «Сиз Кудай падышачылыгынан алыс эмес экенсиз», — деди. Ушундан соң эч ким батынып, ага суроо бере албады.

Машаяк тууралуу суроо

35 Ыйбадатканада таалим берип жатып, Иса мындай деп сурады: «Эмне үчүн дин мугалимдери Машаякты Дауддун уулу дешет? 36Анткени Ыйык Рухтун деми менен Дауд өзү айткан: 'Жараткан Эгедер менин Эгеме деди мындай: Жоолоруңду бут алдыңа жыкканымча Олтуруп тур, сыйлуу жер — оң жагымда'. 37 Дауд өзү аны Эгем деп атап жатса, анда кандайча кайра ал уулу болуп калат?»

Исанын дин мугалимдерине карата эскертүүсү

38 Иса дагы мындай деп таалим берди: «Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп салам бергенин, 39 синагогаларда алдыңкы орундарда, тойлордо төрдө олтурганды сүйгөн дин мугалимдеринен абайлагыла. 40 Жесирлердин үйлөрүн тоноп-жеп, эл көрсүн деп узакка чейин сыйынышкан ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот».

Жесирдин курмандыгы

41 Иса ыйбадаткананын садака сала турган сандыгынын жанында элдин кандайча акча салып жатканын байкап олтурду. Көптөгөн байлар көп-көптөн таштап жатышты. 42 Ал эми бир жесир аял келди да бир баасы кодрантка барабар болгон эки тенге салды. кодрант. 43 Ошондо Иса шакирттерин чакырып алып: «Силерге чындыкты айтып жатам: мына бул кембагал жесир, башкалардын баарынан көп салды, 44 анткени башкалардын баары ашканын салышса, бул аял колунда болгон бардык оокатын салып салды», — деди.

Марк 13

Исанын ыйбадаткананын кыйрашы тууралуу алдын ала айтышы

1 Иса ыйбадатканадан чыгып бара жатканда шакирттеринин бири ага келип: «Устат, карачы, бу не деген таштар, не деген имараттар!» — деди. 2 Иса ага: «Сен ушул заңгыраган имараттарды көрүп жатасыңбы? Мунун баары талкаланып, бырын-чырыны чыгат», — деди.

Кыйынчылыктар жана куугунтуктар

3 Иса Май Дарактуу Дөбөдө ибараткананын тушунда жалгыз олтурган. Ошондо ага Петир, Жакып, Жакан жана Идрис басып келишип: 4 «Айтчы, жанагы сен айткан окуя качан болот? Мунун баары болор алдында кандай жышаан-белги көрүнөт?» — деди. 5 Иса аларга: «Бирөө силерди алдап кетпесин үчүн сак болгула! 6 Көп адамдар менин атымды жамынып келип: 'Мен ошомун' дешет да көптөгөн адамдардын башын айлантып кетишет. 7 Ошондой эле согуштар жана согуштар тууралуу жаңылыктарды укканыңарда коркпогула! Мындайлар болушу керек, бирок булар акыр заман келди дегенди билдирбейт. 8 Эл менен эл, мамлекет менен мамлекет согушат; жер-жерлерде зилзала жүрөт; ачарчылыктар болот! Булар — толгоо тартуунун башталышы. 9 Силер болсо өзүңөргө сак болгоула! Силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат. Менин айыман өкүмдарлар менен падышалардын алдында суракка алынасыңар жана аларга мен жөнүндө күбөлүк бересиңер. 10 Акыр заман болордон мурда бардык элдерге Жакшы кабар жетиши керек. 11 Силерди соттоо үчүн кармап, алып жөнөшкөндө эмне деп сүйлөштү ойлоп, алдын ала кам көрбөгүлө, бирок ошол саатта Кудайдан эмне берилсе, ошону айткыла! Анткени силер эмес, Ыйык Рух сүйлөйт. 12 Агасы өз инисин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине кол кайрышып, аларды өлтүрүшөт. 13Мен атым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким акырына чейин чыдаса, куткарылат.

Апааттуу күндөр

14 Апаат чакырган арамдыктын ал турбай турган жерде турганын көргөнүңөрдө: (муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын) Иудеядагылар тоолорго качсын, 15 үйдүн төбөсүндөгүлөр болсо бир нерсе алам деп үйдүн ичине кирбесин, 16 талаада жүргөндөр кийимин алам деп артка кайтпасын. 17 Ошол күндөрдө боюнда барлар менен бала эмизгендердин шору. 18 Кача турган убагыңар кышында болбосун деп сыйынгыла! 19Анткени ошол күндөрдө Кудай ааламды жараткандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөндөй апаат болот. Мындай апаат келечекте да болбойт. 20 Эгерде Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан кутула албас эле. Бирок Жараткан Эге өзү тандап алган адамдар үчүн ошол күндөрдү кыскартып койгон. 21 Ошондо бирөө силерге: 'Машаяк бул жакта', же 'Тигил жакта' десе ишенбегиле. 22 Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгышат. Алар эгер мүмкүн болсо тандалгандарды да алдап кетүү үчүн укмуштар менен кереметтүү жышаандарды көрсөтүшөт. 23 Силер болсо абайлагыла! Мен силерге баарын алдын ала айттым.

Адам Уулунун келиши

24 Ошол күндөрдө, жанагы азаптуу убактан кийин, күндүн бети карарып, ай өз нурун төкпөй калат. 25 Жылдыздар асмандан кулап түшүп, аалам күчтөрү бошоңдоп калат. 26Ошондо улуу күч-кудурет жана шаң-салтанат менен булуттардын ичинде келе жаткан Адам Уулун көрүшөт. 27 Анан Адам Уулу периштерди жиберип, төгөрөктүн төрт бурчунан тандалгандарды чогултат.

Анжир дарагынан алынган мисал

28 Анжир жыгачын карап, ошондон таалим алгылачы! Анын бутактары бүчүрлөп, жалбырак байлай баштаганда жай жакындап калганын билесиңер. 29 Ошонун сыңарындай эле бул нерселер ордуна келе баштаганда убакыттын жакындап, босогодо турганын билгиле. 30 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул окуялар азыркы муундун адамдарынын тушунда орун алат. 31 Асман-жер өтүп кетет, бирок менин сөздөрүм өтүп кетпейт.

Акыр замандын болор күнү менен саатын эч ким билбейт

32 Ал күндүн же сааттын качан болорун периштелер да, Кудайдын Уулу да — эч ким билбейт. Аны жалгыз гана Кудай Ата билет. 33 Ошондуктан абайлагыла, сергек болгула! Анткени ал убакыт качан келерин билбейсиңер. 34Yйүн таштап алыс сапарга чыгаарда кулдарына бийлик берип, алардын ар бирине тиешелүү иш тапшырып, кароолчусуна сергек болууну буйруп кеткен киши сыяктуу болот. 35 Ошондуктан сергек болгула! Анткени үй Ээсинин качан келерин билбейсиңер. Ал кечинде, же түн жарымында, же таңазанда, же күн чыкканда келип калышы мүмкүн. 36 Күтпөгөн саата келип, уктап жатканыңарда үстүңөрдөн чыкпасын! 37 Сага айтып жатканымды баарына айтам: «Сергек болгула!»

Марк 14

Исага каршы план

1 Курман айт жана калама майрамына эки күн калган эле. Дин башчылары менен дин мугалимдери Исаны амал менен колго түшүрүп, өлтүрүүнүн жолун издешти. 2 «Муну майрам убагында кылбайлы, — дешти алар, — антпесек эл арасында дүрбөлөң чыгат!»

Бетаниядагы Исага көрсөтүлгөн урмат

3 Иса Бетанияда Ысман пестин үйүндө эле. Бир күнү дасторкондун жанында жамбаштап жатканда таза, кымбат баалуу нард майынан жасалган атыр куюлган алабастыр идиш көтөргөн бир аял келип, идишти сындырды да атырды Исанын башына куюп жиберди. 4 Ошондо кээ бирөөлөрдүн кыжыры кайнап, бири-бирине: «Атырды эмнеге мынчалык бекер ысырап кылды? 5 Yч жүз динарийден ашык акчага сатып, кембагалдарга таратып берсе болот эле го!» — дешти. Ошентип алар аялды катуу сынга алышты. 6 Иса болсо мындай деди: «Бул аялды жөн койгула! Эмне үчүн аны жүдөтүп жатасыңар? Ал мен үчүн жакшы иш жасады. 7 Кембагалдар ар дайым жаныңарда болот. Каалаган убагыңарда аларга жакшылык кыла бересиңер. А мен болсом жаныңарда ар убак болбойм. 8 Бул аял колунан келгенин жасады: менин денемди көргө коюуга даярдоо үчүн майлады. 9 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жакшы кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде гана таратылбасын бу кылган ишинен улам аны эскерише турган болот.»

Исага чыккынчылык кылууга Жүйүттүн макул болушу

10 «Он экинин» бири болгон Жүйүт Искариот Исага чыккынчылык кылуу ниетинде дин башчыларына барды. 11 Дин башчылары анын айтканын укканда сүйүнүп кетишип, акча убада кылышты. Ошентип ал Исаныаларга кармап берүүгө оңтойлуу учурду издей баштады.

Исанын шакирттери менен бирге же курман айт ашын жеши

12 Курман айтка байланган козу союлуучу Калама майрамынын биринчи күнү шакирттери Исага: «Кай жерге барып сен үчүн Курман айт ашын даярдашыбызды каалайсың?» — дешти. 13 Ошондо Иса эки шакиртин жиберип жатып, аларга мындай деди: «Шаарга баргыла, алдыңардан бир кумара суу көтөргөн киши жолугат. Ошо кишини ээрчип барсагыла 14 да ал кирген үйдүн ээсине: 'Устатыбыз: шакирттерим менен бирге Курман айт ашын жей турган бөлмө кайсы? — деп сурап жатат' — дегиле. 15 Ал силерге үстүнкү кабатта жайгашкан кенен, төшөктөр салынып, даярдалган бөлмөнү көргөзөт. Ошерге даярдагыла.» 16 Шакирттери шаарга келишкенде баары Иса айткандай болду жана алар Курман айттын ашын даярдашты. 17 Кеч киргенде он эки шакиртин ээрчитип Иса да келди. 18Дасторкондун жанында жамбаштап жатышканда Иса мындай деди: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө мени кармап берет; ал азыр мени менен бирге тамактанып жатат.» 19 Ошондо шакирттердин кабактары бүркөлүп Исадан: «Мен эмеспи?» деп биринин артынан бири сурап киришти. 20 «Ал мени менен чогуу бир табакка нан малып жеп олтурган он эки шакиртимдин бири, — деди Иса аларга, — 21 не болсо да Адам Уулу ал тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок аны кармап берген адамдын шору куруйт. Ал адам туулбай туна чөксө ага жакшы болмок!»

Эгебиздин кечки тамагы

22 Алар тамактанып жатышканда Иса нанды алды да Кудайдан бата тилеп, аны сындырып, шакирттерине бөлүп берди. «Муну алгыла, — деди ал, — бул менин денем.» 23 Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк айтып, аларга берди. Баары андан ичишти. 24 Анан Иса аларга мындай деди: «Бул көп адамдар үчүн төгүлүүчү жаңы келишимдин каны. 25 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай падышалыгында жаңы шарап иче турган күнгө чейин жүзүмдүн жемишинен ичпейм.» 26 Ушундан соң алар гимн ырдашты да сыртка чыгып, Зайтун Тоосуна жөнөштү. Иса Петирдин баш тартып кетерин алдын ала айтат. 27 Иса аларга: «Ушул түнү баарыңар менден баш тартып кетесиңер, анткени ыйык жазмалардагы: 'Чабанын жаткыза чабам, анан койлору чачырап кетет' деген сөз аткарылышы керек. 28 А бирок кайра тирилген соң мен силерди Галилеядан тосуп алам», — деди. 29 Ошондо Петир: «Баары баш тартып кетсе да мен сенден эч качан баш тартпайм!» — деди. 30 Иса ага: «Сага чындыкты айтып коёюн: ушул түнү корооз эки ирет кыйкыргычакты сен менден үч ирет баш тартып кетесиң!» — деди. 31 Петир болсо айтканынан кайтпай: «Сени менен бирге өлө турган болсом да сени танып кетпейм!» — деди. Башка шакирттери да ушундай дешти.

Гефсиманиядагы сыйынуу

32 Ушундан соң алар Гефсимания деген жерге келишти. Анан Иса шакирттерине: «Мен сыйынып келгичекти ушул жерде олтура тургула», — деди. 33 Анан өзү менен Петирди, Жакыпты жана Жаканды алып барды. Жаны кыйналып, катуу кайгыга батты. 34 «Жаным өлгүдөй кыйналып турат, — деди ал, — силер уктабай ушул жерде сергек олтуруп тургулачы.» 35 Анан бир аз ары жакка басып барып, жерге жыгылды да эгер мүмкүн болсо ушу алдыда турган сааттын ага тийбей өтүп кетишин суранып сыйынды. 36 «Ата, о Атаке, — деди ал, — эгер сага мүмкүн болсо ушул азап чөйчөгүн мага тийгизбей өткөрүп жиберегөр! Бирок... менин каалаганымдай эмес, сенин каалаганыңдай болсун.» 37 Кайра келип, үч шакиртинин уктап жатканын тапты. Ошондо Петирге: «Ысман! Уктап жатасыңбы! Бир саат уктабай олтура албадыңбы? 38 Азгырыкка кирип кетпөө үчүн сергек болуп, сыйынгыла! Рух сергек, ал эми дене болсо алсыз. 39 Анан кайра ары барып, кайрадан баягы сөздөрдү айтып сыйынды. 40 Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатышканын көрдү, анткени алардын кирпиктери жабышып, уйку басып калган эле. Ошондуктан эмне деп жооп беришти билишпеди. 41 Yчүнчү күнү келгенде мындай деди: «Дагы эле уктап, эс алып жатасыңарбы! Болду! Саат чыкты! Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармап берилгени турат! 42 Тургула, кеттик. Тигине, мени кармап бере турган киши келип калды.

Исанын кармалышы

43 Иса сөзүн аяктай электе Он экиинин бири болгон Жүйүт келип калды. Жанында дин башчылары, дин мугалимдери жана иудей аксакалдары тарабынан жиберилген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле. 44 Исага чыккынчылык кыла турган киши аларга: «Кимдин бетинен өбө турган болсом, силер каалаган киши ошол. Кармагыла да өтө сактык менен алып кеткиле», — деди. 45 Анан дароо Исага басып келип: «Рабби!» — деди да бетинен өптү. 46 Аркасындагылар ошол замат Исага кол салышып, аны кармашты. 47 Ошерде тургандардын бири кылычын сууруп алып, шилтеп жиберип, дин башчынын кулунун кулагын шылый чапты. 48 Ошондо Иса: «Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангандай кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар да. 49Күндө ибадатканда араңарда болуп, силерге таалим берип жүргөнүмдө эмне үчүн кармаган жок элеңер? Бирок, мейли, ыйык жазмалардагы сөз ордунан чыксын.» 50 Ошондо Исаны жалгыз таштап баары качып кетишти. 51 Жылаңач этин кездеме менен орогон бир жаш улан Исанын артынан баратты. Жоокерлер аны шап учтай калганда, 52 орогон кездемесин таштай салып, ал да алардан качып кетти.

Иса Жогорку Кеңештин алдында

53 Ошентип Исаны динбашчынын алдына алып келишти. Бардык дин кызматкерлери, аксакалдар жана дин мугалимдери ошол жерге чогулушту. 54 Петир алыстан Исанын артынан келе жатты. 55 Дин башчылар менен жогорку кеңештин бардык мүчөлөрү болсо Исаны өлүм жазасына кесиш үчүн себеп издешти, бирок таба алышпады! 56 Жалган күбөлүк айткандар көп болду бирок алардын күбөлүктөрүнүн бири-бирине дал келгени табылбады. 57 Ошондо бир нече киши ордуларынан туруп, Исага каршы мындай деген жалаа жабышты: 58 «Биз мунун: 'Мен мынабул адам жасаган ибадаткананы талкалайм да үч күндөн кийин адам жасабаган башкасын тургузамын' дегенин укканбыз. 59 Алардын мындай күбөлүгү да бири-бириникине дал келбеди. 60 Ошондо дин башчы ортого чыгып, Исага: «Алардын сага каршы айткан күбөлүктөрүнө жооп кылып айтаар эч нерсең жокпу?» — деди. 61 Иса болсо эч нерсе деп жооп берген жок. Ошондо дин башчы Исага: «Мубарек Кудайдын уулу — Машаяк сенсиңби?» — деп сурады. 62 «Менмин, — деди Иса аларга жооп берип, — силер Кудурети күчтүү Кудайдын оң кол жагында Олтурганды жана асман булуттарынын үстүндө Келатканды көрүшөт.» 63 Ошондо дин башчы кийимин тытып жиберип: «Бизге башка күбөлөрдүн эмне кереги бар? 64Мунун акаарат айтканын баарыңар уктуңар! Буга эмне дейсиңер?» — деди. Жыйналгандардын баары бир ооздон аны өлүмгө татыктуу деп чечим чыгарышты. 65 Кээ бири Исанын бетине түкүрүшүп, көзүн жаап, жаакка чаап: «Кана, ким урду айтып берчи!» — дей башташты. Кызматкерлер да аны бетке ургулашты. 66 Петир төмөн жакта короодо турганда дин башчынын кызматчы аялдардынын бири келип, 67 оттун жанында жылынып турган Петирди көрдү да ага тигиле тиктеп: «Сен Назареттик Иса менен бирге болгон болчусуң!» — деди. 68 Петир болсо: «Эмне деп жатканыңды билбейм да, түшүнбөйм да!» — деп танып кетти. 69 Кызматчы аял аны кайрадан көрүп, ошол жерде тургандарга: «Бул ошолордун бирөөсү», — деп айта баштады. 70 Петир дагы танып кетти. Бир аздан кийин ошол жерде тургандар Петирге: «Сен чындап ошолордун бирисиң, анткени сен галилеялыксың, сүйлөгөнүң да ошолордукундай экен», — дей башташты. 71 Петир болсо: «Силер айтып жаткан бул кишини тааныбайм», — деп карганып-шиленип кирди. 72 Ушул убакта корооз экинчи ирет кыйкырды. Ошондо Петир Исанын: «Корооз эки ирет кыйкыргычакты сен менден үч жолу танып кетесиң», — деген сөзүн эстеди. Анан боздоп, ыйлай баштады.

Марк 15

Иса Пилаттын алдында

1 Таңазанда дин башчылар шашылыш түрдө аксакалдар, дин мугалимдери жана синедриондун бардык мүчөлөрү менен жолугушуп, кеңеш курушту да Исаны байлап, Пилатка алып барышып, анын колуна тапшырышты. 2 Пилат Исадан: «Сен иудейлердин падышасысыңбы?» — деп сурады. Иса: «Өзүңүз айтып жатасыз», — деди. 3 Дин башчылар Исага көп айыптарды тагышты, 4 ошондуктан Пилат аны кайрадан: «Жооп бергиң келбейби? Карачы, сага каршы канча айыптар айтылууда!» — деди. 5 Иса эч кандай деп жооп бербегендиги Пилатты таң калтырды.

Исанын өлүмгө кесилиши

6 Ар бир майрамда болсо Пилат алар сураган бир кылмышкерди бошотуп берчү. 7 Ошол убакта көтөрүлүш убагында өзүнүн шериктери менен киши өлтүргөн бир Бараббас деген киши түрмөдө олтурган. 8 Эл Пилаттын адатта алар үчүн кылган ишин талап кылып, чуулдай башташты. 9 Пилат аларга: «Силерге иудейлердин падышасын бошотуп беришимди каалайсыңарбы?» — деди. 10 Пилат Исаны дин башчылар көрө албастыктан кармап берген абдан жакшы билип туруп ушундай деди. 11 Дин башчылар болсо элди Бараббасты бошотуп берүүнү суроого козутушту. 12 Пилат элге дагы бир кайрылып: «Анда силер иудейлердин падышасы деп атаган кишини эмне кылышымды каалайсыңар? — деди. 13 Алар: «Айкаш жыгачка када!» — деп кыйкырышты. 14 Пилат аларга: «Ал кандай жамандык кылды?» — деди. Бирок алар мурдагыдан да катуу ызы-чуу түшүп: «Аны айкаш жыгачка керип сал!» — деп бакырышты. 15 Пилат болсо элге жагыныш үчүн аларга Бараббасты бошотуп берди да Исаны сабаттырып, айкаш жыгачка кадап салууга буйрук кылды.

Исанын жоокерлерер тарабанынан мазакталып, кордолушу

16 Желдеттер Исаны короонун ичинде, б.а. преторияга алып барышты да бүт полкту чогултушту. 17 Исага кызыл чапан жабышты. Тикенектен таажы өрүп башына кийгизишти 18 да: «Салам, иудейлердин падышасы!» — деп шылдыңдай башташты. 19 Башына таяк менен чабышып, ага түкүрүшүп, чөгөлөй калып, жүгүнүп жатышты. 20 Мазактап бүтүшкөндө кызыл чапанды сыйрып алышып, өзүнүн кийимдерин кайра кийгизишти да айкаш жыгачка кадаганы алып жөнөштү.

Исанын айкаш жыгачка керилиши

21 Жолдо талаадан кайтып келе жаткан Искендер менен Руфустун атасы Ысманды жолуктуруп, ага Исанын айкаш жыгачын зордоп көтөртүп коюшту. 22 Ошентип Исаны Голгота (мааниси: Баш сөөк жайы) деген жерге алып келишти. 23 Ал жерден ага мирра деп аталган чөп кошулган шарап беришти. Бирок Иса аны ичкен жок. 24 Исаны айкаш жыгачка кадагандар кимисине кайсы бөлүгү тиер экен деп чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүп жатышты... 25 Саат үчтөргө жакындаганда Исаны айкаш жыгачка кадашты. 26 Анын айыбын көрсөтүп турган тактада: «Иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле. 27 Аны менен кошо дагы эки каракчыны айкаш жыгачка кадашты: бирин оң жагына, экинчисин сол жагына. 29 Өтүп бараткандар Исаны сөгүшүп, баштарын чайкашып: «Ха, ибадаткананы бузуучу жана үч күндө кайра тургузуучу! 30 Айкаш жыгачтан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы?» — дешти. 31 Ошондо эле дин башчылар менен дин мугалимдери да Исаны мазакташып, бири-бирине: «Башкаларды куткарчу, өзүн болсо куткара албайт! 32 Машаяк, Израилдин падышасы, айкаш жыгачтан түшсүн, биз ага ишенели!» — дешти. Аны менен кошо кадалган берки экөө да аныкордоп жатышты.

Исанын өлүмү

33 Чак түштө күн тутулуп, үч саат бою жерди караңгылык басып турду. 34 Саат үчтө Иса катуу үн менен: «Елои, елои, лема, сабахвани? (Мааниси: Кудайым ай, Кудайым ай, эмне үчүн сен мени таштап кеттиң?) — деп боздоп жиберди. 35 Ошол жерде тургандардан бирөөлөр: «Карасаңар, Илиясты чакырып жатат», — дешти. 36Бирөөсү жүгүрүп барып, соргучту мусалдаска малып, таяктын учуна сайып алып, Исанын оозуна такады да: «Токтогулачы, Илияс келип, аны айкаш жыгачтан чыгараар бекен!» — деди. 37 Иса болсо катуу кыйкырды да жан таслим болду. 38Ибадатканадагы илинип турган көшөгө башынан аягына чейин кап ортосунан айрылды. 39 Айкаш жыгачтын маңдайында турган жүзбашы Исанын кандайча өлгөнүн көрдү. 40 Ошол жерде аялдар да бар болчу. Алыстан карап турган бул аялдардын арасында магдалалык Мария, кичүү Жакып менен Жусуптун апасы Мария жана Салима да турган. 41 Булар Исаны Галилеядан бери ээрчип келишкендер жана ага кызмат кылышкандар эле. Булардан башка да Иса менен бирге Иерусалимге келген көптөгөн аялдар турду.

Исанын көргө коюлушу

42-43 Ариматиялык Жусуп келгенде кеч кирип калган. Жусуп Кудайдын Падышачылыгын өзү да күтүп жүргөн, синедриондун кадыр-барктуу мүчөсү болчу. Ошол күн майрамга даярдануу күнү, б.а. ишембинин алдындагы күн болгондуктан ал Пилаттын алдына тартынбай кирип барды да андан Исанын сөөгүн берүүнү сурады. 44 Пилат Исанын кыска эле убакыттын ичинде өлүп калганын укканда таң калды. Жүзбашыны чакырып алып: «Исанын өлгөнүнө көп эле убакыт өттүбү?» — деп сурады. 45 Жүзбашынын жообун уккан соң Жусупка Исанын сөөгүн берди. 46 Жусуп ак кепин сатып алды да денени айкаш жыгачтан түшүрүп, ошого ороп, аскада оюлуп жасалган үңкүргө койду. Анан чоң ташты томолотуп келип, үңкүрдүн оозун жапты. 47 Магдалалык Мария менен Жусуптун энеси Мария Исанын сөөгүн кайда коюшканын карап турушту.

Марк 16

Исанын кайра тирилиши

1 Ишемби күнү өткөндөн кийин магдалалык Мария, Жакыптын энеси Мария жана Салима болушуп, Исанын денесин салт боюнча майлап келүү үчүн жыттуу майларды сатып алышты. 2 Анан ишемби күнү, таңазанда бейитке жөнөштү. 3 Жолдо өз ара: «Ташты ким жылдырып берер экен?» — деп сүйлөшүп баратышты. 4 Бирок көз чаптырышса таш жылып калыптыр! Таш болсо абдан чоң болчу. 5 Көргө кирип, оң тараптан ак кийим кийген бир уланды көрүштү жана үрөйлөрү учту. 6 Улан болсо: «Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Исанын издеп жүрөсүңөр! Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Анын сөөгү коюлган жер мына. 7 Эми болсо баргыла да шакирттерине, алардын ичинде Петирге да ал силерди Галилеялан тосуп аларын айткыла! Өзү айткандай аны силер ошол жактан көрөсүңөр», — деди. 8 Айран таң калып, коркунучтан калтыраган аялдар көрдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Бул окуядан жүрөктөрү түшүп, эч кимге эч нерсе айтышпады.

Соңку сөз

Исанын магдалалык Марияга көрүнүшү. 9 Иса ишемби күнү таңазанда тирилген соң жети жинди ичинен кубалап чыгарган магдалалык Марияга биринчи көрүндү. 10 Мария боздоп ыйлап олтурушкан шериктерине барып муну айтып берди. 11 Бирок алар Исанын тирүү экенин жана Мариянын аны көргөндүгүнө ишенишкен жок.

Исанын эки шакиртине көрүнүшү

12 Мындан соң Иса айылга бара жатышкан эки шикиртине башкача кейипте көрүндү. 13 Эки шакирт кайтып келип калгандарына айтып беришти. Буларга да башкалары ишенишпеди.

Исанын чогулуп олтурган он бир шакиртине көрүнүшү

14 Баарынан кийин Иса тамактанып олтурушкан он бир шакиртине көрүндү. Иса шакирттерин урушту, анткени аларда ишеним жок болчу жана жүрөктөрү катуу болгондуктан анын тирилгенин көргөндөргө ишенбей коюшту. 15Анан Иса аларга мындай деди: «Бүт жер жүзүн кыдырып, бардык адамдарга жакшы кабарды жарыя кылгыла. 16 Ким ишенип, чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе ал айыпталынат. 17 Ишенгендерди бул жышаандар коштойт: алар менин атым менен жин-шайтандарды кубалашат, жаңы тилдерде сүйлөшөт, 18 жыландарды кармап алышса же уу ичип алышса зыян тартышпайт, ооруулууларга кол коюшат жана алар айыгып кетишет.»

Исанын көккө көтөрүлүшү

19 Ушул сөздөрдү айтып бүткөндө Иса Теңир көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына олтурду. 20 Шакирттер болсо бардык жерлерде жакшы кабарды таратып жүрүштү. Эгебиз аларга жар болуп, алардын сөзүн кереметтүү жышаандар менен ырастап жатты. Мария Петир менен анын шериктерине барып аялдарга айтылган сөздүн баарын кыскача айтып берди. Ушундан соң Иса шакирттери аркылуу күн чыгыштан күн батышка чейин түбөлүк куткарылуунун ыйык жана өлбөс-өчпөс кабарын жайды.

Лука 1

Кат башы

1 Урматтуу Теопил, арабызда болуп өткөн окуяларды көп адамдар аңгеме кылып жаза башташты. 2 Биз бул окуяларды тээ башынан бери аларды өз көзү менен көрүп, күбө болгон жакшы кабар жарчыларынан уккан элек. 3 Эми, ошол окуялардын баарын баштан-аяк кылдаттык менен изилдеп чыккан соң, мен да сизге ирет-ирети менен жазып жиберүүнү туура таптым. 4 Менин максатым — мурдагы сиз алган таалимдердин аныгын билдирүү.

Жакыя пайгамбардын дүйнөгө келери тууралуу кабар

5 Иудей элинин падышасы Ироддун убагында Абия уруусунан чыккан Закария аттуу бир дин кызматчы болгон. Аялы Элизабет да Арун уруусунан эле. 6 Экөө тең Кудай алдында ак жашап, Эгебиздин бардык осуят-парыздарын так аткарышчу. 7 Алар Элизабет төрөбөгөндүктөн балалуу болушпай, экөө тең улгайып калышкан эле. 8 акария ошол кезде өз уруусунун кезеги келип, диний кызматкер катары Кудайга кызмат кылып жүргөн. 9 Бир күнү диний кызматкерлер арасындагы салт боюнча чүчү кулак кармашканда Закарияга Эгебиздин ыйбадатканасына кирип, чайыр түтөтүү милдети тийди. 10 Ал бул милдетин аткарып жатканда калың эл сыртта сыйынып турду. 11 Ошондо чайыр түтөтө турган тактанын оң капталында Эгебиздин периштеси пайда болду. 12 Аны көргөн Закария селт этип, коркуп кетти. 13 Бирок периште ага: — Закария, коркпо! Сыйынган үнүң Кудайга жетти. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, атын Жакыя койгун. 14 Кубанычың койнуңа батпай, сүйүнөсүң, анын туулушу көп адамдарды кубанычка бөлөйт. 15 Эгебиздин алдында мартабасы бийик болот. Арак-шарапты оозуна албайт. Энесинин ичинен эле Ыйык Рухка толот. 16 Исраил урпактарынын көбүн өздөрүнүн Кудай Эгесине кайра алып келет. 17 Аталарынын көңүлүн балдарына буруп, тоң моюндардын жүрөгүн жибитип, Эгебиздин келишине элди даярдаш үчүн Илияс пайгамбардын күч-кудурети менен Эгебизден мурда келет, — деди. 18 — Муну мен кантип биле алам? Өзүм карыдым, кемпирим да улгайып калды, — деп сурады Закария периштеден. 19 Периште: — Мен Кудай алдында турган Жебирейилмин. Сага ушул кабарды сүйүнчүлөш үчүн жиберилген элем. 20 Убагы келгенде айткан сөзүм орундалат. Бирок сөзүмө ишенбей койгонуң үчүн тилден калып, айтканым орундалган күнгө чейин сүйлөбөйсүң, — деди. 21 Бул арада Закарияны күтүп турган эл анын мынчалык кечиккенине таң калып турушту. 22 Закария эл алдына чыкканда сүйлөй албады. Ошондо анын ыйбадаткананын ичиндеги төркү бөлмөдөн аян көргөнүн түшүнүштү. Ал кол жаңсап, сүйлөй албай, дудук болуп калды. 23 Диний милдетин аткарып бүтүп, Закария үйүнө кайтты. 24-25 Көп узабай эле Элизабет кош бойлуу болду. «Эл алдында «төрөбөс» деген атка калтырбай, Эгем мага назарын салды» — деп, ал беш ай бою үйүнөн чыкпады.

Кудай жиберген Куткаруучунун дүйнөгө келери тууралуу кабар

26 Элизабеттин боюндагы баласы алтынчы айга караганда, Кудай Жебирейил периштени Галилея аймагындагы Назарет шаарында жашаган Мария аттуу бир кызга жиберди. 27 Ал Дөөт падышанын уругунан чыккан Жусуп деген кишиге башы байланган эле2. 28 Периште Марияга келип: — Амансыңбы, Кудайдын мээри түшкөн кыз! Эгебиз сага жар болсун! — деди. 29 Бул сөздү укканда Мария абдан таң калды. «Бул кандай саламдашуу болуп кетти?» — деп ойлонуп туруп калды. 30 Ошондо периште мындай деди: — Мария, коркпогун, сен Кудай алдында ырайым таптың. 31 Кош бойлуу болосуң да уул төрөйсүң. Атын Иса кой! 32 Ал улуу инсан болуп, Кудай Уулу аталат. Эгебиз ага бабасы Дөөттүн падышалык тактысын берет. 33 Ал Жакыптын журтуна3 түбөлүк падышалык кылып, анын падышачылыгына чек болбойт. 34 — Бул кандайча болот, мен али күйөөгө чыга элекмин да? — деди Мария периштеге. 35 — Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт да, сага Кудайдын кудуретинин көлөкөсү тиет. Мына ошол себептен төрөлө турган ыйык бала Кудай Уулу аталат. 36 Эжең Элизабетти карачы! Адамдар аны «төрөбөс» дешчү эле, бирок ал да азыр, карыган чагында, боюна эркек бала бүтүп, кош бойлуу болгонуна алты ай болуп калды. 37 Себеби Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок, — деп айтты периште. 38 Ошондо Мария: — Мен Эгебиздин кулумун. Айтканыңыздай болсун,— деди. Анан периште көздөн кайым болду.

Мариянын Элизабетке барышы

39 Ушул окуядан кийин Мария шашылыш түрдө Иудеянын тоолуу жергесиндеги шаарга жөнөдү. 40 Анда жашаган Закариянын үйүнө кирери менен Элизабет менен учурашты. 41 Мариянын үнүн укканда, Элизабеттин курсагындагы бала туйлап кетти. Элизабет Ыйык Рухка толуп, кубанганынан мындай деп кыйкырып жиберди: 42 — Сен аялдардын ичинен таалайлуусуң. Ичиңдеги балаң да таалайлуу. 43 Эгемдин энеси мага келгендей мен ким элем? 44 Саламыңды укканда, ичимдеги балам сезип, туйлап жиберди. 45 Ишеними бар, бактылуу жан экенсиң. Себеби сага айткан сөздөрүн Эгем сөзсүз орундатат.

Мариянын кубаныч ыры

46 Эгемди жаным урматтайт. 47 Куткаруучум — Кудайым Абдан мени сүйүнттү, 48 Назарын салып кулуна Моюн сунганым көрдү. Эми бардык урпактар, «Таалайлуу» деп аташып, Атымды даңазалашат. 49 Кудуреттүү Кудайым Мага чоң урмат көрсөттү. Ысмы ыйык Кудайдын, 50 Андан корккон пенделер, Укумдардан тукумга, Мээримине бөлөнөт. 51 Кудурети менен ал, Улуу иштер жасаган: Көпкөндөрдүн ниетин, Чачыратып, кыйраткан. 52 Күчтүүлөрдү тактыдан Ал шыпырып түшүргөн. Алсыздарды көтөргөн, 53 Мусаапыр, ачыккандарга Берекесин мол төккөн. Байларды кур кол жөнөткөн. 54-55 Түп атабыз Ибраимге Жана да урпактарына Боломун деген мээримдүү, Сөздөрүн эстеп убада, Кызматчысы Исраилге Ар дайым көмөк көрсөткөн. 56 Мария үч айдай эжесинин жанында болуп, анан үйүнө кайтты.

Жакыя пайгамбардын дүйнөгө келиши

57 Элизабет ай-күнүнө жетип, уул төрөдү. 58 Эгебиздин ага кылган бул ырайымын коңшу-колоңдору, тууган-туушкандары угуп, алар да Элизабеттин кубанычына ортоктош болушту. 59 Бир жумадан кийин дегенде алар баланы сүннөткө олтургузуп, Закария деп атасынын атын коймокчу болушту. 60 Бирок энеси: — Жок, аты Жакыя болот! — деп каршы чыкты. Алар: 61 — Сенин уругуңда мындай аттуу эч ким жок го, — дешти да, 62 кол жаңсап, атасынан кандай ат койгусу келерин сурашты. 63 Атасы колуна бир тактай алды да, «Ысымы Жакыя болсун» деп жазып койду. Буга баары таң калышты. 64 Ошол эле замат Закарияга тил кирип, Кудайды алкай баштады. 65 Айланада жашагандардын баарын Кудайдын коркунучу каптап, бүтүндөй тоолуу Иудеяда бул окуялардын тегерегинде кеп-сөз жүрдү. 66 «Бул бала ким болор экен?» — дешип, уккандардын баары бул окуяларды эсине түйүштү. Анткени баланы кудуреттүү Эгебиз өзү колдогону анык эле.

Закариянын пайгамбарлык сөзү

67 Баланын атасы Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарлык сөзүн айтты: 68— Израилдин Кудайы — Эгебизге алкыш! Анткени ал өз элине келди да куткарып алды. 69 Кулу Дөөттүн уругунан кудуреттүү Куткаруучу жаратты. 70 Касиеттүү пайгамбарлар аркылуу Тээ мурдатан эле айткандай, 71 Касташкандарыбыздан жана бизди жек көргөндөрдүн баарынан куткарат. 72 Ата-бабаларыбызга болгон мээримин көрсөтөт. Алар менен түзгөн ыйык келишимин 73 Жана атабыз Ибраимге берген антын эстейт да, 74 Бизди жоолорубуздун колунан кутказып, коркунучтан сырткары, 75 Ыйыктык жана адилеттик менен өмүр бою ага кызмат кылууга мүмкүндүк берет. 76 А сен болсо, оо наристем, Кудай тааланын пайгамбары аталасың. Себеби Эгебиздин жолун даярдаш үчүн, Анын күнөөлөрдү кечирип, бизди куткарарын билдирүү үчүн, Эгебизден мурда барасың. 77-79 Өз элине чексиз кайрымдуулугунан Кудайыбыз бизге ичи элжиреп, Куткарылуу таңын агартат. Караңгы менен өлүмдүн көлөкөсүндө олтургандарга нурун чачат. Биздин кадамдарыбызды тынч жолго бурат». 80 Ал эми бала эрезеге жетип, эл алдына чыкканча ээн чөлдө жашады.

Лука 2

Куткаруучу Машаяктын дүйнөгө келиши

1 Ошол күндөрү Рим императору Август мамлекетте жашаган элдин баары каттоодон өтсүн деген буйрук чыгарды. 2 Бул губернатор Кирини Сирия жерин бийлеп турган кездеги биринчи эл каттоо болчу. 3 Элдин баары катталуу үчүн өз-өз шаарларына жөнөштү. 4 Жусуп да Галилеянын Назарет шаарынан Иудеядагы Дөөт шаары — Бетлеемге жөнөдү. Себеби ал Дөөт тукумунан эле. 5 Сөйкө салынып, Жусупка башы байланган, кош бойлуу Мария да бирге барды. 6-7 Алар шаарга келгенде, жата турган жайда орун жок болгондуктан, ай-күнү жетип турган Мария тун уулун малканада төрөп, баланы ороду да акырга жаткырып койду.

Койчулар жана периштелер

8 Ошол жерде түнкүсүн талаада койлорун күзөтүп, койчулар жүрүшкөн. 9 Күтүлбөгөн жерден алардын алдында Эгебиздин периштеси пайда болуп, Эгебиздин улуу нуру айлананы жарык кылып жиберди. Койчулар аябагандай коркуп кетишти, бирок периште аларга: 10 — Коркпогула! Мен бүтүндөй элди сүйүнтө турган улуу кубанычты кабарлап жатам: 11 Бүгүн Дөөт шаарында силердин Куткаруучуңар дүйнөгө келди. Ал — Эгебиз Машайак. 12 Мына бул нерсе силер үчүн жышаан болсун: силер акырда оролуу жаткан наристени көрөсүңөр, — деди. 13 Аңгыча периштенин жанында дагы башка көптөгөн периштелер пайда болушту да: 14 — Көктө Кудайга урмат болсун! Жер бетинде Анын сүйгөн жандарына тынчтык болсун! — деп Кудайды даңкташты. 15 Периштелер асманга кетишкенде, койчулар бири-бирине: — Жүргүлө, Бетлеем шаарына барып, Эгебиз бизге билдирген бул жаңылыкты көрүп келели» — дешти. 16 Алар тез эле шаарга келишти да Марияны, Жусупту жана акырда жаткан наристени көрүштү. 17 Көрүшкөн соң, наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти. 18 Муну уккандардын баары койчулардын сөзүнө таңданышты. 19 Мария болсо баарын көңүлүнө түйө берди. 20 Койчулар Кудайды даңктап, ага мактоо айтып, кайра кайтышты, анткени көргөндөрүнүн баары периштенин айтканындай болуп чыккан эле.

Наристеге Иса деген ысымдын коюлушу

21 Бир жума өткөн соң баланы сүннөткө олтургуза турган маал келди. Ошондо бала бойго бүтөрдөн мурда периште атап кеткендей эле атын Иса коюшту.

Ата-энесинин Исаны Кудайга табыштоосу

22 Муса пайгамбардын китебинде жазылган мыйзам боюнча алардын адалдануу мөөнөтү аяктаганда, баланы Кудайдын алдына алып баруу үчүн Иерусалимге алып келишти. 23 Анткени Эгебиздин мыйзам китебинде: «Ар бир биринчи төрөлгөн эркек бала Кудайдыкы!» — деп жазылган. 24 Алар Эгебиздин мыйзамы боюнча эки бактекти же көгүчкөндүн эки балапанын курмандык үчүн алып келүүгө милдеттүү эле. 25 Ошол убакта Иерусалимде Ысман аттуу адам жашаган. Ал Израил элинин сооронор мезгилин күтүп жүргөн адил, такыбаа, Кудайдын Ыйык Руху даарыган киши болчу. 26 Ыйык Рух ага: «Жараткан Эгенин Машаягын көргүчө өлбөйсүң» — деп алдын ала айткан эле. 27 Ошол күнү ал Ыйык Рухтун жетегинде ыйбадатканага келген. Тоораттагы мыйзамда көрсөтүлгөндөй баланы Кудайга табыштоо расмисин аткаруу үчүн ата-энеси Исаны алып келгенде, 28 Ысман наристени колуна алды да, Кудайга алкыш айтып, мындай деди: 29 — Оо, Эгем, өзүң мурда айткандай, Кулуң эми тынчтык менен көз жумсун. 30-32 Бүт элдерге даярдаган куткарууңду, Башка элдердин көзүн ачар нуруңду, Өз элиңдин, Израилдин сыймыгын Эми мына көрдү менин көздөрүм. 33 Наристе тууралуу айтылган бул сөздөргө ата-энеси таң калды. 34 Ысман аларга батасын берди да, Марияга: «Бул бала Израилдеги көптөгөн адамдардын кулап калышына жана өйдө көтөрүлүүсүнө себепкер болот. Жашыруун сырларды ачыкка чыгаруучу талаш-тартыштардын белгиси болот. 35 Өзүңдүн да жүрөгүңө канжар сайылат» — деп айтты. 36 Ашыр уруусунан чыккан Пануилдин кызы Анна аттуу пайгамбар аял да ошол жерде жүргөн. Ал кыз кезинен күйөөсү менен болгону жети жыл бирге жашап, жесир калган эле. 37 Сексен төрт жаштагы бул аял орозо кармап, сыйынып, күнү-түнү Кудайга табынып, ыйбадатканадан чыкчу эмес. 38 Ал Исага басып келип, Эгебизди алкыштады да, Иерусалимдин боштондукка чыгаар күнүн күтүп жүргөндөрдүн баарына наристе бала жөнүндө айта баштады. 39 Жусуп менен Мариам Эгебиздин мыйзамындагы парыздардын баарын аткарып бүтүшүп, Галилеядагы өз шаарына кайтышты. 40 Бала болсо Кудайдын берекелүү батасына маарып, акылга толуп, чоңоe берди.

Иса Атасынын үйүндө

41 Исанын ата-энеси жыл сайын Куткарылуу майрамына Иерусалимге келип турушчу. 42 Иса он эки жашка чыкканда, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамдаганы келишти. 43 Майрам бүтүп, үйүнө кайтып бара жатышканда, Иса Иерусалимде калып калды. Ата-энеси муну билбей, 44 башка жолоочулар менен жүрсө керек деп ойлошту. Бир күндүк жолду басып өтүшкөндөн кийин аны туугандары менен тааныштарынын арасынан карашып, 45 таппаган соң, кайра Иерусалимге издеп келишти. 46 Үч күн өткөндө, устаттардын кебин тыңшап, суроо берип, ыйбадаткананын короосунда олтурган жеринен табышты. 47 Исаны уккандар анын зээндүүлүгүнө жана айткан жоопторуна таң калып олтурушкан экен. 48 Ата-энеси да Исаны көргөндө таң калышты, бирок энеси ага: — Балам, бул эмне кылганың?! Мына, атаң экөөбүздүн шорубуз катып, сени издеп, барбаган жерибиз калбады! — деди. 49 Иса аларга айтты: — Мени издөөнүн эмне кереги бар эле? Атамдын үйүндө болушум керек экенин билген эмес белеңер? 50 Бирок Жусуп менен Мария анын сөзүнүн маанисин түшүнүшкөн жок. 51 Иса ата-энеси менен Иерусалимден Назаретке келди. Ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо мунун баарын көңүлүнө бекем түйдү. 52 Исанын ою да, бою да өсүп, Кудайга да, адамдарга да сүйкүмдүүлүгү артты.

Лука 3

Жакыя пайгамбардын кызматы

1 Рим мамлекетине Тиберий башчылык кылганы он беш жылга караган кез эле. Иудея аймагына Понтий Пилат губернатор болуп, Галилея аймагына Ирод, Итурея менен Трахонит аймактарына Ироддун иниси Филип, Абилиния аймагына Лисани акимчилик кылып турушкан. 2 Ал эми Анас менен Каяп башкы дин кызматчылар болгон. Ошолордун тушунда чөлдө күн өткөргөн Закариянын баласы Жакыяга Кудайдан сөз түштү. 3 Ошондон баштап, Жакыя Иордан дарыясынын айланасындагы бардык аймактарды кыдырып, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниетин өзгөртүп, тобо кылууну жана сууга чөмүлүү расмисинен өтүүнү жар салып жүрдү. 4 Ишайа пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган жери бар: «Чөлдө бир боздогон үн угулат: — Эгебиздин жолун даярдагыла, Анын өтөр жерин түздөгүлө! 5 Кокту-колоттун баары толтурулсун, Тоо-дөбөнүн баары түздөтүлсүн, Ийри-буйру жолдор оңдолсун. Өңгүл-дөңгүл жолдор тегизделсин, 6 Мына ошондо ар бир жан Кудайдын куткаруусун көрөт». 7 Көп адамдар сууга чөмүлүү расмисинен өтүү үчүн Жакыя пайгамбардын алдына келишти. Жакыя аларга карап, мындай деди: — Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан кантип качууну силерге ким көрсөттү эле? 8 Ниетиңерди өзгөртүп, тобо кылганыңар чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! Өзүңөрчө: «Ибраимдин балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коeюн: керек болсо Кудай Ибраимге мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат. 9 Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат. 10 Эл андан: — Эми биз эмне кылышыбыз керек? — деп сурады. 11 — Эки кийими барыңар бирин кийими жокко бергиле, тамак-ашы барыңар да ошенткиле, — деди ал. 12 Сууга чөмүлүү расмисинен өткөнү келгендердин арасында салыкчылар да бар эле. Алар Жакыяга келишип: — Устат, биз эмне кылышыбыз керек? — дешти. 13 — Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла! — деп жооп берди Жакыя аларга. 14 Аскер адамдары сурашты: — Бизчи? Кандай кылышыбыз керек? Жакыя аларга: — Эч кимди зордобогула, кордобогула жана алган айлыгыңарга ыраазы болгула — деп жооп берди. 15 «Машайак ушул болду бекен?» — деп үмүттөнүп, күтүп турган жамы журтка Жакыя мындай деди: 16 — Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жүрөм, менден алда канча кудуреттүү Бирөө келе жатат. Мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт. 17 Анын күрөгү колунда: буудайын кампасына жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат. 18 Жакыя элге дагы башка көп насааттарды айтып, жакшы кабарды жарыялады. 19 Ал аймак акими Ироддун да кылгандарын айтып, ашкере кылды. Ирод бир тууган инисинин аялы Иродияны алып, жана башка дагы көп жамандыктарды жасаган эле. 20 Анысы аз келгенсип, үстүнө дагы кошуп, Жакыяны түрмөгө камады.

Исанын чөмүлүү расмисинен өтүшү

21 Эл сууга чөмүлүү расмисинен өтүп жатканда, Иса да чөмүлдү. Чөмүлгөндөн кийин, сыйынып турганда, асман ачылып, 22 көгүчкөн кейпинде Ыйык Рух үстүнө түштү. Ошондо көктөн: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сага ыраазымын!» — деген үн чыкты.

Исанын ата теги

23 Иса өз кызматын баштаганда отуз жаштын тегерегинде болчу. Ал адамдардын ою боюнча Жусуптун уулу деп эсептелчү. Демек, анын санжырасы мындай: ал Жусуптун, Илиястын, 24 Маттаттын, лебинин, Малкинин, Жанайдын, Жусуптун, 25 Маттатиястын, Амостун, Наумдун, Элинин, Нагайдын, 26 Махаттын, Маттатиястын, Шимийдин, Усуптун, Иуданын, 27 Жоханандын, Ресанын, Зоробабилдин, Шаалтиелдин, Неринин, 28 Малкинин, Аддинин, Косамдын, Элмодамдын, Эрдин, 29 Эгешуанын, Элиезердин, Жоримдин, Маттаттын, лебинин, 30 Ысмандын, Иуданын, Жусуптун, Жонамдын, Элиакимдин, 31 Мелеянын, Майнандын, Маттатанын, Натандын, Дөөттүн, 32 Ишайдын, Обиддин, Боаздын, Шалмондун, Наашондун, 33 Аминадаптын, Харамдын, Эсрондун, Перестин, Иуданын, 34 Жакыптын, Исхактын, Ибраимдин, Теранын, Нахордун, 35 Серуктун, Ребунун, Пелектин, Эбердин, Шеланын, 36 Кайнандын, Арпакшаттын, Шамдын, Нуктун, ламектин, 37 Метушеланын, Энохтун, Яреддин, Махалалилдин, Кайнандын, 38 Эностун, Шеттин, Адамдын, Кудайдын Уулу.

Лука 4

Исанын шайтандын сыноосунан өтүшү

1 Ыйык Рухка толгон Иса Иордандан кайтып келе жатып, анын таасири астында чөлгө барды. 2 Чөлдө кырк күн бою шайтандын сыноосунан өттү. Кырк күн эч нерсе жебегендиктен, бул күндөр өткөндө абдан ачка болду. 3 Ошондо шайтан ага: — Кудайдын Уулу болсоң, мына бул ташка буюрчу, нан болуп калсын! — деди. 4 Иса мындай жооп берди: — Ыйык Жазмада: «Адам баласы жалаң эле нан менен жашабайт!» — деп жазылган. 5 Мындан соң шайтан Исага кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн бардык падышачылыктарын көрсөтүп: 6 — Ушул падышачылыктардын үстүнөн болгон толук бийликти, алардын атак-даңкын сага берем. Анткени мага укук берилген: аны кимге кааласам, ошого бере алам. 7 Сен мага табынсаң, баары сеники болот, — деди. 8 Иса мындай жооп берди: — Ыйык Жазмада: «Жараткан Эгеңдин алдына жыгыл, бир гана ага кызмат кыл!» — деп жазылган. 9 Ошондо шайтан аны Иерусалимдеги ыйбадаткананын төбөсүнө тургузуп: — Эгер Кудайдын Уулу болсоң, ушул жерден боюңду таштап жиберчи! 10 «Кудай өзүнүн периштелерине сени сактоону буйрат, 11 ташка бутун уруп албасын деп, алар сени колдоруна көтөрүшөт» — деп жазылган эмеспи, — деди. 12 Иса мындай жооп берди: — «Жараткан Эгеңди сынаба!» — деп жазылган. 13 Шайтан Исаны бардык жагынан сынап бүткөн соң, убактылуу андан кетип калды.

Исанын өз мекенинде четке кагылышы

14 Ыйык Рухтун күчүнө толгон Иса Галилеяга кайтып келди. Ал жөнүндө жер-жерлерге кабар тарады. 15 Иса синагогаларга кирип, элге таалим берип, алардын мактоосуна арзыды. 16 Бир күнү ал өзү өскөн Назарет шаарына келди. Адатынча дем алыш күнү синагогага барды. Ал Ыйык Жазмадан окуп берүү үчүн ордунан турганда, 17 ага Ишайа пайгамбардын китебин сунушту. Иса китепти ачып, мындай деп жазылган жерин тапты: 18 «Жараткан Эгемдин Руху төбөмдө турат! Ал мени тандап, жакырларга жакшы кабар айтууга дайындады. Туткундарга бошотуларын, сокурларга көрөрүн кабарлоого, эзилгендерди эркиндикке чыгарууга 19 жана Эгемдин кечирим бере турган ырайымдуулук жылын1 жарыялоого жөнөттү». 20 Иса китепти жаап, кызматчыга кайтарды да, таалим берүү үчүн жайгашып отурду. Элдин баары тең аны тигиле карап турушту. 21 Ошондо Иса: — Силер уккан Ыйык жазмадагы сөздөр бүгүн аткарылды, — деди. 22 Баары ага ыраазы болушту да, оозунан чыккан кереметтүү сөздөргө таң калышып: — Ой, бул Жусуптун эле баласы эмеспи? — дешти. 23 — «Дарыгер болсоң өзүңдү айыктыр!» деген макалды айтарыңар бышык, — деди Иса аларга, — «Капарнаумда кылгандарыңды бул жерде, өз мекениңде да кыл» дээрсиңер. 24 Силерге чындыкты айтып коeюн: өз элинде пайгамбардын кадыры жок болот. 25 Чын айтып жатам: Илияс пайгамбардын тушунда үч жыл алты ай бою асмандан тып эткен тамчы тамбай, бардык жерде ачарчылык болгондо, Израилде жесирлер көп эле. 26 Бирок Кудай Илияс пайгамбарды ошолордун эч кимисине жибербестен, Сидон элиндеги2 Сарепта шаарында жашаган бир жесирге алып барды. 27 Элиша пайгамбардын тушунда да Израилде пес дартына чалдыккандар көп болгон, бирок алардын бири да айыкпастан, сириялык Нааман аттуу киши гана айыккан. 28 Муну укканда синагогада отургандардын баары катуу ачууланышты. 29 Тура калышып, Исаны шаардын сыртына кууп чыгышты да, ылдый кулатмакчы болуп, шаар жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты. 30 Бирок Иса аларды аралап өтүп, кетип калды.

Исанын адамдан жинди кубалап чыгышы

31 Иса Галилеядагы Капарнаум шаарына түшүп келди да, дем алыш сайын элге таалим берип жатты. 32 Адамдар анын таалимине таң калып жатышты, себеп дегенде анын сөзүндө кудурет бар эле. 33 Бир күнү синагогада жинге чалдыккан бир киши жүргөн. Ошол киши кыйкырып жиберди: 34 — Эй, назареттик Иса! Биз менен кандай ишиң бар? Бизди курутканы келдиңби, ыя? Мен билем сенин ким экениңди: сен — Кудайдын ыйыгысың! 35 Иса жинди тыйып: — Үнүңдү бас! Бул кишиден чыгып кет! — деди. Жин ошол кишини турган жеринде жыгып, эч кандай зыян келтирбестен, чыгып кетти. 36 Элдин баарынын үрөйү учуп, өз ара: «Жиндерди чыгара кууган, бул кандай кудурет болду экен?» — дешти. 37 Ошентип, туш-туш жакка Иса жөнүндө сөз жайылып жатты.

Исанын көптөгөн адамдарды айыктыруусу

38 Иса синагогадан чыгып, Ысмандын үйүнө келди. Үйдө анын кайненеси ысытма болуп, катуу ооруп жатыптыр. Исадан аны көрүп берүүсүн суранышты. 39 Иса аялдын маңдайына басып келип, ысытманы басар замат, ал куландан соо тура калып, дароо конокторун тейлей баштады. 40 Күн батканда, элдин баары ар кандай оорулууларды Исага алып келе башташты. Иса ар биринин үстүнө колун коюп, аларды айыктырып жатты. 41 Көп адамдардын ичинен жиндер: «Сен Кудай Уулусуң!» — деп бакырып, чыгып кетип жатты. Иса аларды тыйып, анын Куткаруучу-Машаяк экенин билгенин айттырбады. 42 Таң атканда Иса ээн жерге барды. Калың эл аны издеп келип, кетирбестен өздөрү менен алып калгылары келди 43 Бирок Иса аларга: «Мен башка шаарларга да Кудай падышачылыгы тууралуу жакшы кабарды жеткиришим керек, анткени Кудай мени ошол максат менен жиберген» — деди. 44 Ошентип, Иса Иудея жериндеги синагогаларда элге жакшы кабарын айтып жүрдү.

Лука 5

Исанын алгачкы шакирттерин тандашы

1 Бир күнү Иса Генисарет көлүнүн жээгинде турган эле. Кудайдын сөзүн угууга келген эл көп болгондуктан кысылып турду. 2 Ошондо Иса жээктен эки кайыкты көрдү. Кайыктардан түшкөн балыкчылар торлорун жууп жатышкан. 3 Кайыктардын бири Ысмандыкы эле. Иса анын кайыгына түшүп, жээктен ары бир аз түртүп коюусун өтүндү. Анан олтуруп алып, элге таалим бере баштады. 4 Сөзүн бүткөндө Ысманга: — Көлдүн терең жерине сүзүп барып, балык кармаганга торлоруңарды салгыла, — деди. 5 Ысман: — Оо, Устат, түнү менен мээнеттенип, эч нерсе кармай албадык. Бирок сен айтып жаткан соң, торлорду салып көрөйүн, — деди. 6 Торлорун салышканда, балык мол түштү. Балыктын көптүгүнөн торлору айрыла баштады. 7 Ошондо экинчи кайыктагы жолдошторуна кол булгап, жардамга чакырышты. Алар келишип, эки кайыкты тең балыкка толтурушту. Жүгүнүн ордугунан кайыктар сууга чөгө түштү. 8 Муну көргөн Ысман-Петир Исанын бутуна жыгылып: «Оо Таксыр, менден кетчи, мен күнөөкөр адаммын!” — деди. 9 Анткени ушунчалык көп балык түшкөнүнөн өзү да, жанындагылар да үрөйү учуп, коркуп турушкан. 10 Ысмандын шериктери болгон Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан да ушундай абалда эле. Ошондо Иса Ысманга карап: — Коркпо, мындан ары балык эмес, адам кармай турган болосуң,— деди. 11 Алар кайыктарды жээкке чыгарып салышты да, баарын таштап, Исаны ээрчип жөнөштү.

Исанын пес ооруга чалдыккан адамды айыктырышы

12 Иса ошол жердеги айылдардын биринде жүргөндө, ага бүткөн боюн пес баскан оорулуу адам жолукту. Ал Исаны көрөөрү менен алдына келип, чөк түшүп, жалынды: — Оо, Таксыр, эгер кааласаңыз, мени бул дарттан тазалай аласыз. 13 Иса колун созуп ага тийгизди да: — Каалайм, тазалан! — деди. Оорулуу ошол замат айыгып кетти. 14 — Бул тууралуу эч кимге ооз ачпа! — деп буюрду Иса бул адамга. — Бар да, дин кызматчыга көрүнүп, тазарганыңды эл алдында далилдеш үчүн Муса пайгамбар буюрган курмандыкты алып баргының. 15 Иса жөнүндө кеп-сөз дагы жайылып, көптөгөн адамдар анын сөзүн угуп, дарттарынан айыгыш үчүн туш-тараптан ага келип жатышты. 16 Иса болсо ээн талаага барып, сыйынып турду.

Исанын шал болгон адамды айыктырышы

17 Иса таалим берип отурган күндөрдүн биринде Эгебиздин кудурети оорулуулардын айыгуусунан көрүнүп жатты. Галилея менен Иудея аймактарынын туш-тарабынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, дин мугалимдери да Исанын берип жаткан таалимин угуп олтурушкан. 18 Аңгыча бирөөлөр шал болгон адамды төшөнчүсү менен көтөрүп келишти. Аны үйгө киргизип, Исанын алдына коюга аракет кылышты, 19 бирок элдин көптүгүнөн өтө алышпады. Ошондо алар тамдын үстүнө чыгышты да, төбөсүн тешип, оорулууну төшөнчүсү менен Исанын алдына түшүрүштү. 20 Иса алардын ишенимин көрүп, шал адамга: — Пендем, күнөөлөрүң кечирилди! — деди. 21 Дин мугалимдери менен фарисейлер болсо өз ара: «Бул адам кесир сүйлөп, өзүн кимге теңеп жатат? Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» — дей башташты. 22 — Эмне деп жатасыңар ичиңерден? — деди Иса, алардын оюн билип, — 23 «Күнөөлөрүң кечирилди!» деп айтуу оңойбу, же «Ордуңан тур да, бас!» деген оңойбу? 24 Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган кудурети бар экенин билип алгыла. Иса ушундай деди да, шал болгон кишини карап: — Сага айтып жатам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар! — деди. 25 Шал киши ошол замат баарынын көз алдында ордунан туруп, төшөгүн алды да, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү. 26 Баарын тең коркунуч басып, аң-таң болушуп: «Биз бүгүн акылга сыйбаган укмуштуу окуяны көрдүк!» — деп, Кудайды даңкташты.

Исанын лебини (Матайды) тандашы

27 Ушундан соң Иса сыртка чыгып, леби аттуу салыкчыны көрдү. Ал салык жыйнай турган жайда олтурган эле. «Менин жолума түш!» — деди Иса ага. 28 Ал ордунан тура калды да, баарын таштап, Исанын артынан басты.

Иса такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү тобо кылууга чакыруу үчүн келди

29 Леби Исаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Анын үйүндө салыкчылардын жоон тобу жана дагы башка адамдар Иса менен бирге дасторкондо отурушту. 30 Дин мугалимдери менен фарисейлер буга нааразы болушуп, Исанын шакирттерине мындай дешти: — Эй, силер эмне үчүн салыкчылар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондон ичип-жеп отурасыңар, ыя?! 31 Иса аларга: — Дарыгерге соолор эмес, оорулуулар муктаж. 32 Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү тобо кылууга чакырганы келдим, — деди.

Иса көрсөткөн жаңы жол

33 Дин мугалимдери менен фарисейлер Исага: — Жакыянын шакирттери бат-бат орозо тутуп, сыйынышат экен. Фарисейлердики да ошондой кылышат. Сенин шакирттериң болсо, орозо тутпастан, ичип-жей беришет экен! — дешти. Иса аларга мындай деди: 34 — Күйөө жигит үйлөнүү тоюндагы коноктордун арасында жүргөндө, аларды орозо кармагыла деп мажбурлоого болобу? 35 Күйөө жигит алардан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошондо тутушат. 36 Иса аларга мындай бир ибарат айтты: — Эч ким жаңы кийимден айрып, эски кийимге жамабайт. Эгер жамаса, анда жаңы кийим да жыртылат, жаңы жамачы да эски кийимге жарашпай калат. 37 Эч ким жаңы шарапты эскирген чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, анда жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. 38 Жаңы шарапты жаңы чаначка куюу керек. 39 Эч ким эски шарапты ичкен соң жаңысын сурабайт. Ал: «эскиси жакшы экен», — дейт.

Лука 6

Иса — дем алыш күндүн да ээси

1 Дем алыш күндөрдүн биринде Исага шакирттери менен эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Шакирттери буудайдын башын жулуп, ушалап, жеп баратышты. 2 Муну көргөн кайсы бир фарисейлер Исага: — Силер эмне үчүн дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатасыңар? — дешти. 3 — Дөөт жанындагылары менен ачка калганда эмне кылганын окуган жок белеңер? 4 Ал Кудай үйүнө кирип, дин кызматчылардан бөлөктөргө тыюу салынып, Эгедерге багышталган нандан алып, өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? — деди Иса аларга. 5 — Адам Уулу — дем алыш күндүн да Эгеси, — деп кошумчалады Иса. Дем алыш күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? 6 Дем алыш күндөрдүн дагы биринде Иса синагогага кирип, таалим берип, сөз сүйлөп калды. Синагогада оң колу катып, сенейип калган бир адам бар эле. 7 Дин мугалимдери менен фарисейлер Исадан кынтык издешип, оорулууну айыктырар бекен деп аңдып турушту. 8 Алардын мындай оюн билген Иса колу сенек адамга: — Ордуңан тур да, алдыга чык! — деди. Ал ордунан туруп, алдыга чыкты. 9 Ошондо Иса дин мугалимдери менен фарисейлерге кайрылып, мындай деди: — Силерге бир суроо берейин: дем алыш күнү жакшылык менен жамандыктын кайсынысын кылуу керек? Жанды куткарыш керекпи, же болбосо курутуш керекпи? 10 Иса баарын бир сыйра кыдырата карап алды да, алиги кишиге: — Колуңду сун! — деди. Ал колун сунары менен, колу айыгып кетти. 11 Тигилер болсо кутургандай жинденишип, Исаны эмне кылсак экен деп, өз ара акылдаша башташты.

Он эки шакирттин элчиликке тандалышы

12 Ошол күндөрдүн биринде Иса сыйынуу үчүн тоого барып, түнү бою Кудайга сыйынды. 13 Күн чыкканда шакирттерин чакырып, арасынан он экисин тандап, аларды элчи деп жарыялады. 14 Алар төмөнкүлөр эле: Иса Петир деп атаган Ысман, анын иниси Идирис1 , Жакып, Жакан, Пилип, Бартоломай, 15 Матай, Томас, Алпайдын баласы Жакып, Динчил атка конгон Ысман, 16 Жакыптын баласы Иуда жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

Исанын тоодогу таалими

17 Иса шакирттери менен тоодон түз жерге түшүп келди. Көптөгөн шакирттери жана бүткүл Иудеядан, Иерусалимден, Деңиз жээгинде жайгашкан Тир менен Сидон аймактарынан келген көп эл чогулду. 18 Алар Исанын сөзүн угуп, ооруларынан айыгуу үчүн келишкен эле. Жин-шайтандарга байланып кыйналгандар да сакайып кетип жатышты. 19 Элдин баары Исага колун тийгизүүгө аракеттенип жатышты, анткени андан чыккан кудуреттүү күчтөн баары айыгып жатты. 20 Ошондо Иса шакирттерин карап мындай деди: — Жардылар, силер таалайлуусуңар! Кудай падышачылыгы силердики. 21 Азыр ачка жүргөндөр, силер таалайлуусуңар! Акырында тоюнасыңар. Азыр ыйлап жүргөндөр, силер таалайлуусуңар! Силер кубанып күлөсүңөр. 22 Адам Уулуна ишенгениңер үчүн силерди жек көрүндү кылып, элден бөлүп, шылдыңдап, кордоп, жаманатты кылышса, анда силер таалайлуусуңар! 23 Ошол күндөр келгенде, кубанып шаттангыла! Улуу сыйлык асманда! Ошол сыйлык силерге берилет. Алардын аталары пайгамбарларды да силердей кылышкан. 24 Эй, байлар! Шоруңар куруйт! Алчуңарды азыртан толугу менен алдыңар! 25 Эй, токтор! Шоруңар куруйт! Ачкадан кезересиңер! Эй, жыргап күлгөндөр! Шоруңар куруйт! Кайгырасыңар боздоп! 26 Элдин баары мактап, кошомат кылышса, анда шоруңар куруйт! Алардын аталары жалган пайгамбарларга да ошентишкен. 27 Мени угуп турган, калайык, сага айтам: Душманыңарды сүйгүлө! Силерди жаман көргөнгө жакшылык кылгыла! 28 Силерди каргаганга батаңарды бергиле! Силерди кордогон адам үчүн сыйынгыла! 29 Бир жаагыңарга чапса, экинчисин тосуп бергиле! Тонуңарды сыйрып алып атса, көйнөгүңдү кошуп бер! 30 Сураганга берда, артынан доолабагыла! 31 Өзгөлөрдөн өзүңө кандай мамилени күтсөң, сен да өзгөлөргө ошондой мамиле кыл. 32 Өзүңөрдү сүйгөндөрдү сүйгөнүңөр үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Өздөрүн сүйгөндөрдү күнөөкөрлөр деле сүйүшөт. 33 Өзүңөргө жакшылык кылгандарга жакшылык кылганыңар үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Мындайды күнөөкөрлөр деле кылышат. 34 Кайтарып берээр деген адамдарга гана карыз бергениңер үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Чып-чыргасын коротпой кайра алуу үчүн күнөөкөрлөр деле бири-бирине карыз беришет. 35 А силер касташканыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, кайра алам деп үмүттөнбөстөн бергиле. Ошондо сыйлыгыңар чоң болот жана улуу Кудайдын балдары болосуңар, анткени ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да бирдей мээримдүү. 36 Силер Асмандагы Атаңардай боорукер болгула. 37 Өзгөлөргө өкүм чыгарбагыла, ошондо өзүңөргө да өкүм чыгарылбайт, айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар, кечиргиле, ошондо өзүңөр да кечирилесиңер. 38 Бергиле, ошондо силерге да берилет: марттык менен салынган, ныктап толтурулган, ыкшалган, ашып-ташкан өлчөмдө алдыңарга төгүлөт. Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет. 39 Иса сөзүн ибарат түрүндө улады: — Сокур сокурду жетелей алабы? Экөө тең чуңкурга түшүп кетпейби. 40 Шакирт устатынан өйдө болбос. А бирок жетилсе, устатындай боло алат... 41 Эмне үчүн бурадарыңдын көзүндөгү чамындыны көрөсүң да, өз көзүңдөгү дөңгөчтү байкабайсың? 42 Өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй туруп, бурадарыңа: «Келе, көзүңдөгү чамындыны алып таштайын», — деп кантип айта аласың? Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү сууруп ташта, анан бурадарыңдын көзүндөгү чамындыны кантип алышты көрөсүң. 43 Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ошондой эле начар дарак жакшы жемиш бербейт. 44 Ар дарак жемишинен билинет. Тикенектен анжир, бадалдан жүзүм үзүшпөйт да, туурабы? 45 Ошол сыңар, жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, кара ниет адам жаман казынасынан жамандыкты берет. Адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат. 46 Эмнеге силер мени «Таксыр, таксыр» дейсиңер да, айтканымды кылбайсыңар? 47 Мага келип, сөзүмдү угуп, иш жүзүндө аткарган киши кимге окшош экенин айтып коeюн. 48 Ал жерди терең казып, пайдубалын ташка орнотуп туруп, үй курган киши сыяктуу. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, ал былк этпейт. Себеп дегенде, ал мыкты салынган. 49 Ал эми сөзүмдү угуп, бирок аткарбаган киши үйүн пайдубалсыз, жерге эле салып койгон киши сыяктуу. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, үйү ошол замат кулайт. Кулаганда да катуу кулайт.

Лука 7

Римдик жүзбашынын ишеними

1 Иса элге сөзүн айтып бүтүп, Капарнаумга жөнөдү. 2 Бир жүзбашынын аябай жакшы көргөн кулу ооруп, өлүм алдында жаткан экен. 3 Жүзбашы Исанын келгенин угуп, ага иудей аксакалдарын жиберип, кулун айыктырып берүүсүн суранды. 4 — Ал жардамыңа татыктуу киши, 5 анткени биздин элибизди жакшы көрөт, синагогабызды куруп берген да ошол, — деп, аксакалдар Исага чоң өтүнүч менен кайрылышты. 6 Иса макул болуп, алар менен бирге жөнөдү. Үйгө жакындап калышканда, жүзбашы досторун жиберип, мындай деп айттырды: — Келип, убара болбой эле коюңуз, таксыр. Менин босогомду аттаганыңызга татыксызмын. 7 Ошол себептен алдыңызга өзүмдүн барышымды ылайык көрбөгөн элем. Кулумдун айыгышына бир ооз сөзүңүз эле жетет. 8 Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда аскерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» — десем, барат, башкасына: «Кел!» — десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» — десем, жасайт. 9 Иса муну укканда, таң калып, элге кайрылды: — Силерге айтып коeюн: мындай ишенимди мен Израилден да жолуктурган эмесмин! 10 Жиберилген кишилер үйгө кайтып келишип, кулдун айыгып кеткенин көрүштү.

Исанын жесирдин баласын тирилтиши

11 Арадан көп өтпөй Иса Наин шаарына жөнөдү. Шакирттери менен кошо жоон топ эл чыкты. 12 Шаар дарбазасына жакындаганда, өлүк көтөрүп келе жаткандарга кезигишти. Өлгөн адам бир жесирдин жалгыз баласы экен. Жесирдин жанында бир топ адам бар эле. 13 Аны көргөндө, Эгебиздин боору ооруп кетти. «Ыйлабаңыз», — деди ал аялга. 14 Анан басып келип, табытка колун тийгизди. Көтөрүп бараткандар тык токтой калышты. Ошондо Иса: — Жигит, сага айтып жатам, тургунуң! — деди. 15 Өлүк башын көтөрүп, отура калды да, сүйлөй баштады. Иса аны энесинин колуна тапшырды. 16 Баарынын үрөйү учуп: «Арабыздан улуу пайгамбар чыгыптыр, Кудай өз элин куткарууга келиптир!» — деп Кудайды даңкташты. 17 Иса тууралуу мындай сөз бүткүл Иудеяга жана анын тегерек-чекесине жайылды.

Иса Машаяк жана Жакыя пайгамбар

18 Бул окуялар тууралуу Жакыя өз шакирттеринен кабардар болду. 19 Ошондо ал шакирттеринин экөөсүн чакырып алып: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» — деген суроо менен Исага жөнөттү. 20 Алар Исага келишип: — Бизди Жакыя жиберди. Ал сенден: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтөлүбү?» деп сурап жатат, — дешти. 21 Иса ошол маалда көп адамдарды илдет-дарттарынан айыктырып, жин-шайтандарынан арылтып, көптөгөн сокурлардын көзүн ачкан эле. 22 Иса жиберилген кишилерге: — Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле: сокурлардын көзү ачылып, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга жакшы кабар тарап жатат. 23 Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, — деди. 24 Жакыянын жибергендери кеткенде, Иса элге кайрылып, Жакыя тууралуу мындай деди: — Чөлгө эмнени көргөнү чыктыңар эле? Шамалдан термелген камыштыбы? 25 Деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Тигине, кооз кийинип, шаан-шөкөттө жашагандар хан сарайларда жүрүшөт. 26 Анда эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Ооба. Силерге айтып коeюн: ал пайгамбардан да улуу. 27 Ыйык жазмаларда Кудай: «Мына, сенин алдыңан кабарчымды жөнөтүп жатам. Ал сенден мурда барып, жолуңду даярдайт» — деп, ушул адам жөнүндө айткан. 28 Эсиңерде болсун: аялдан туулгандардын бири да Жакыядан улуу эмес. Бирок Кудай падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да Жакыядан улуу. 29 Исанын сөзүн угуп турган элдин баары, ал тургай салыкчылар да, Кудайдын айтканын ак деп санашты. Анткени алар Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өтүшкөн болчу. 30 Ал эми бул расимден мурда өтүшпөгөн фарисейлер менен дин мугалимдери Кудайдын аларга деген тилегин кабыл алышпады. 31 Ошондо Иса мындай деди: —Азыркы убактагы адамдарды кимге салыштырсам? Деги алар кимге окшош? 32 Көчөдө олтуруп алып, бири-бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебей койдуңар! Кошок кошсок, эмнеге ыйлабай турдуңар!» деген жаш балдардай эле бул муун. 33 Анткени Жакыя келип, орозо тутуп, нан жебей, оозуна шарап албады эле, аны: «Бул адамга жин тийген го» дедиңер. 34 Адам Уулу жеп-ичип жүрсө, аны: «Бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөргө дос экен!» — деп жүрөсүңөр. 35 Бирок, кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.

Фарисей менен күнөөлүү аял

36 Фарисейлердин бири Исаны конокко чакырып калды. Иса анын үйүнө келип, дасторкондун жанына жамбаштап жатты. 37 Аңгыча ошол шаарда жашаган бир күнөөкөр аял, Исанын фарисейдикинде экенин билип, атыр куйган алебастр идишин көтөрүп, сырттан кирип келди. 38 Аял Исанын аягына олтура калып, анын бутуна көз жашын төгүп, ыйлай баштады. Анан Исанын буттарын чачы менен сүртүп, өпкүлөп, атырын сыйпады. 39 Исаны конокко чакырган фарисей муну көрүп, ичинен: «Эгер бул чын эле пайгамбар болсо, ага колун тийгизип жаткан аялдын ким жана кандай экенин билмек. Анткени бул күнөөгө баткан аял да» — деп ойлоду. 40 Ошондо Иса ага кайрылып: — Ысман, сага айта турган сөзүм бар, — деди. — Айтыңыз, Устат, — деди Ысман. 41 Ошондо Иса мындай деди: — Бир киши эки адамга карызга акча берет. Биринчисине беш жүз, экинчисине элүү күмүш дилде бериптир. 42 Бирок алардын төлөгөнгө эч нерсеси жок болгондуктан, ал экөөнүн тең карыздарын кечип коeт. Эми айтчы: ушул экөөнүн кимисинин ага деген сүйүүсү көбүрөөк болот? 43 Ысман: — Көбүрөөк карызы кечирилген адамдыкы болуш керек деп ойлойм, — деди. — Туура айттың. 44 Иса ушундай деди да, аялды карап туруп, Ысманга мындай айтты: — Бул аялды көрдүңбү? Мен сенин үйүңө киргенде, сен менин бутума суу куйган жоксуң. Бул аял болсо көз жашы менен бутумду жууду, чачы менен аарчыды. 45 Сен мени бетимден өөп, тосуп алганың жок. Бул аял болсо келгенимден бери бутумду тынымсыз өпкүлөп жатат. 46 Сен башыма май куйбадың1 , бул аял болсо буттарымды атыр менен майлады. 47 Ошол себептен сага айтып коeюн: бул аялдын көп күнөөлөрү кечирилди, андагы мээримдин көптүгүнүн себеби мына ушунда. Ал эми кимге аз кечирилсе, анын мээрими да аз болот. 48 Анан аялга: — Күнөөлөрүң кечирилди! — деди. 49 Ошондо анын жанында олтургандар: «Күнөөлөрдү да кечире алган, деги бул ким өзү?» — дешти бири-бирине. 50 Иса аялга айтты: — Сени ишенимиң куткарды, жакшы баргының!

Лука 8

Исанын жолун жолдогон аялдар

1 Мындан кийин Иса шаар-кыштактарды аралап, Кудай падышачылыгына үгүттөп, жакшы кабарды жарыялап жүрдү. 2 Анын жанында он эки шакирти жана бир топ аялдар бар эле. Бул аялдардын бир нечесин Иса кара күчтөрдөн куткарып, ооруларынан айыктырган. Булар ичинен жети жин чыккан, магдалалык Мария, 3 Ирод падышанын хан сарайынын башкы кызматчысы Кузанын аялы Жаканна, Сузана жана башка көптөгөн аялдар эле. Алар колунда бар болгон нерселерин Исага арнап, ага кызмат кылып жүрүштү.

Кудай сөзү жөнүндө ибарат

4 Туш тараптан элдер агылып келип, чогулганда Иса ибарат менен сөз сүйлөй баштады: 5 — Бир дыйкан буудай сепкени талаага чыгыптыр. Ал сепкен уруктун кээси жолго түшөт да, тепсендиде калып, канаттууларга жем болот. 6 Кээси таштак жерге түшүп, өсө баштайт да ным жетпей, куурап калат. 7 Кээси тикендин арасына түшүп, чырмалышкан тикенге басылып калат. 8 Кээси жакшы жерге түшүп, жүз эселеп түшүм берет. Анан Иса үнүн катуу чыгарып: — Кулагы барлар угуп алсын! — деди. 9 Шакирттери андан: — Бул ибараттын мааниси кандай? — деп сурашты. 10 — Кудай падышачылыгынын сырларын билүү мүмкүнчүлүгү силерге берилген, — деди Иса, — Карап турушса да, көрө алышпасын, тыңшап турушса да, уга алышпасын үчүн башкаларга ушинтип, ибараттап айтам. 11 Ибараттын мааниси мындай: урук — бул Кудайдын сөзү. 12 Ал эми жол боюна түшкөн урук мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угушат, бирок шайтан келип, ишенбесин, кутулбасын деп, жан дүйнөсүнө түшкөн сөздү уурдап кетет. 13 Таштак жерге түшкөн урук мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угушуп, кубаныч менен кабыл алышат. Бирок тамыры болбогондуктан убактылуу гана ишенишет. Ишеними сыналар убак келгенде ишенимден баш тартып кетишет. 14 Тикенекке түшкөн урук болсо мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угушат, бирок ары басканда эле тиричиликтин түйшүгүнө кирип, акчага алаксып, бул дүйнөнүн ар кандай кумарына батып кетишет да, жемишсиз калышат. 15 Ал эми жакшы жерге түшкөн урук мындай адамдарды билдирет: алар уккан сөздү туура кабыл алышып, таза жүрөктөрүнө сактап, туруктуулук менен жакшы жемиш берип турушат.

Жан дүйнөнүн нуру

16 Эч ким шамды күйгүзгөн соң, үстүнөн идиш менен жаппайт, керебеттин астына да катпайт. Үйгө киргендер анын жарыгын көрсүн деп, шамдалга коeт. 17 Анткени ачыкка чыкпаган эч бир купуя-сыр, билинбей, ашкереленбей кала турган эч бир дагы катылуу нерсе жок. 18 Ошондуктан кунт коюп уккула: кимдин түшүнүгү1 бар болсо, үстүнө кошулуп берилет, ал эми кимдики жок болсо, бар деп ойлогону да тартылып алынат.

Исанын бир туугандары

19 Бул убакта Исага энеси менен бир туугандары келип, элдин көптүгүнөн ага өтө алышпады. 20 Исага: Энең менен бир туугандарың сени көрөлү деп сыртта турушат, — деп билдиришти. 21 — Энем менен бир туугандарым, — деди Иса, аларга жооп берип, — Бул — Менин сөзүмдү угуп, аны аткаргандар.

Исанын табигаттын үстүнөн болгон бийлиги

22 Күндөрдүн биринде Иса шакирттери менен кайыкка түшүп: — Көлдүн аркы бетине өтөлү! — деди. 23 Сүзүп бара жатышканда Иса уктап калды. Ошол кезде көл үстүнөн катуу бороон көтөрүлүп, кайыкка суу кире баштады. Алар коркунучтуу абалда эле. 24 Ошондо шакирттери Исаны ойготушуп: — Устат, устат, өлдүк! — дешти. Иса ордунан тура калды да, бороон-чапкынга тыюу салды. Бороон ошол замат басылып, айлана жымжырт боло түштү. 25 Анан шакирттерине бурулуп: — Ишенимиңер кайда кетти? — деди. Үрөйү учкан шакирттери аң-таң болуп, бири-бирине: «Бороон-чапкынды башкара алган бул ким өзү? Бороон ага баш ийип, тынчып калбадыбы? — дешти.

Исанын жин-шайтандардын үстүнөн болгон бийлиги

26 Алар Галилеянын маңдайында жайгашкан Гераса жергесине сүзүп барышты. 27 Иса жээкке чыкканда, көптөн бери жиндерге байланган, ошол жердеги шаардын бир тургуну алдынан чыкты. Ал үйгө турбай, кийим кийбей, көрүстөндөрдө жашачу экен. 28 Ал Исаны көрө коюп, кыйкырып жиберди да, алдына жыгылып: — Кудай Уулу Иса, менде эмнең бар эле? Суранам, мени азапка салбачы! — деди. 29 Себеби Иса кара күчкө: «Бул кишиден чык!» — деп буйруган болчу. Бул адамды жин көптөн бери кыйнап келиптир. Аны чынжыр менен байлап, кишендешсе да, үзүп таштап, жиндерге айдалып, чөлгө кетип калчу экен. 30 Иса андан: — Атың ким? — деп сурады. — Түмөн! — деп жооп берди ал. Анткени бул кишинин ичине түмөндөгөн жиндер кирип алышыптыр. 31 Жиндер Исага: — Бизди туңгуюкка кетире көрбө! — деп жалынышты. 32 Ошол жерде бир чоң бада чочко жайылып жүргөн. Жиндер ошол бадага кирүүгө Исадан уруксат сурашты. Иса уруксат берген соң, 33 алар ошол адамдан чыгып, чочколорго киришти да, чочколор өздөрүн жардан көлгө таштап, чөгүп өлүштү. 34 Муну көрүп турган бадачылар качып жөнөштү. Алар шаар-кыштактарга барып, көргөндөрүн айтышты. 35 Эл болгон ишти көрүү үчүн Исага келди. Алар жиндерден бошонгон адамдын кийим кийип, акыл-эсине келип, Исанын аяк жагында олтурганын көрүп, аябай коркушту. 36 Ал адамдын жинден кутулганын көргөндөр бул жөнүндө аларга айтып беришти. 37 Ошондо герасалыктардын баары бир ооздон Исанын алардын жеринен кетишин өтүнүштү. Себеби баары тең катуу коркуп калышкан эле. Иса кайрадан кайыкка түшүп, артына кайтты. 38 Жиндерден кутулган адам аны да кошуп алуусун суранды. Бирок Иса: 39 — Үйүңө бар да Кудайдын сага эмне кылганын айтып бер, — деп, аны коe берди. Ал шаарга кайтып, Исанын ага кылган жакшылыгын элдин баарына жарыя кылды.

Исанын өлүмдүн үстүнөн болгон бийлиги

40 Иса Гераса тараптан кайтып келгенде, эл аны тосуп чыкты. Алар Исаны күтүп турушкан эле. 41 Аңгыча синагоганын башчысы болгон Жайыр аттуу бир киши келип, Исанын алдына чөгөлөп, үйүнө келүүсүн суранды. 42 Анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан экен. Иса Жайырдын үйүнө бара жатканда, эл аны туш-туштан кысып жатты. 43 Элдин арасында он эки жылдан бери кан кетип ооруган бир аял бар эле. Ал колундагысынын баарын дарыгерлерге сарптап, бирок биринен да айыга алган эмес. 44 Ошол аял Исанын артынан келип, чапанынын этегине колунун учун тийгизди. Тиер замат кан кеткени токтоду. 45 Ошондо Иса: — Ким мага колун тийгизди? — деди. Баары: — Биз эмес! — дешти. Ошондо Петир менен анын жанында тургандар: — Устат, эл сени тегеректеп кысып турушса, «ким мага колун тийгизди» дегениң кандай? — деди. 46 Бирок Иса: — Кимдир бирөө мага колун тийгизди, себеби менден кудурет чыкканын сездим, — деди. 47 Аял жашырына албасын көрүп, коркконунан калтырап, Исанын алдына жыгылды да, кандай максат менен колун тийгизгенин жана дароо айыгып кеткенин бүт элдин алдында айтып берди. 48 Иса аялга: — Кызым, сени ишенимиң куткарды, жакшы барагой, — деди. 49 Иса сөзүн аяктай электе синагога башчысына анын үйүнөн бирөө келип: — Кызыңыз каза болду. Эми устатты бекер убара кылбай эле коюңуз, — деди. 50 Муну уккан Иса: — Коркпо, тек гана ишенгин, кызың айыгат, — деди. 51 Ошентип, Иса синагога башчысынын үйүнө келди. Ал Петир, Жакан, Жакып жана кыздын ата-энесинен башка эч кимге үйгө кирүүгө уруксат берген жок. 52 Баары боздоп, ыйлап жатышты. Ошондо Иса: — Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, уктап жатат, — деди. 53 Кыздын өлгөнүн билгендер Исаны шылдыңдап күлүштү. 54 Иса болсо кыздын колунан кармап, үнүн катуу чыгарып: — Кызым, тургун! — деди. 55 Ошондо кыздын жаны кайтып, ал ошол замат ордунан турду. Кызга тамак бергиле! — деди Иса. Анан аң-таң болуп турган ата-энесине: 56 Бул окуяны эч кимге айтпагыла! — деди.

Лука 9

Он эки шакиртке берилген тапшырма

1 Иса он эки шакиртин чакырып алып, аларга бардык жиндердин үстүнөн бийлик, ооруларды айыктырууга кудурет берип, 2 элге Кудай падышачылыгын жар салууга жөнөттү. 3 — Жолго эч нерсе албагыла, — деди Иса аларга, — Таяк да, баштык да, нан да, акча да, артык кийим да албагыла. 4 Кайсы үйгө кирсеңер, ошол үйдө калып, ошол үйдөн жолго чыккыла. 5 Эгерде бир жерден силерди кабыл албай коюшса, анда ал шаардан кетип жатып, аларга эскертүү катары бутуңардын чаңын кагып койгула. 6 Шакирттер жолго чыгышып, айылдарды аралап, жер-жерлерге жакшы кабарды таратып, ооруларды айыктырып жүрүштү. Аймак акими Ироддун кызыгуусу. 7 Болуп жаткан окуялардын баары аймак акими Иродко жетти. Эл арасында ар кандай cөз жүрүп, бирөөлөрү: «Жакыя пайгамбар тирилиптир!» — десе, 8 башкалары: «Илияс пайгамбар келиптир!» — деп, дагы башкалары: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир!» — деп жатышты. Ошондуктан Ироддун башы катты. 9 «Мен Жакыянын башын алдырдым эле. Бул ким болуп кетти?» — деп, ал Исаны көргүсү келди.

Исанын калың элди тойгузушу

10 Он эки элчилери кайтып келип, кылган иштерин Исага айтып беришти. Иса аларды ээрчитип алып, Бетсаида деген шаарды көздөй жөнөдү. 11 Муну билип калган эл аркасынан барды. Иса аларды тосуп алып, Кудай падышачылыгы тууралуу айтып, айыгууга зар болгондорду айыктырып жатты. 12 Күн кечтеп баратканда он эки шакирти ага келип: — Эми элди коe бер, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, түнөп, жегенге бир нерсе таап алышсын, анткени биз чөлдө турабыз, — дешти. 13 — Жегенге бир нерсени силер бергиле! — деди Иса аларга. — Колубузда беш нан менен эки балыктан башка эч нерсебиз жок. Мына бул элдин баарына тамак сатып алганы баралыбы? — дешти он эки шакирти. 14 Анткени ошол жерде беш миңге жакын адам турган. Иса аларга: — Элди элүү-элүүдөн бөлүп олтургузгула, — деди. 15 Шакирттери анын айтканындай кылышты. 16 Ошондо Иса беш нан менен эки балыкты колуна алып, көктү карап, бата тиледи. Андан соң үзүп-үзүп, элге узатуу үчүн шакирттерине берди. 17 Элдин баары жеп, тоюнушту. Эл жегенден калган үзүмдөрдү жыйнашканда, он эки себет болду.

Иса тууралуу ойлор

18 Иса эл жок жерде сыйынып отурган. Шакирттери жанында болчу. Иса алардан минтип сурады: — Эл мени ким деп жатат? 19 Шакирттери: — Бирөөлөр «Жакыя пайгамбар» деп, бирөөлөр «Илияс пайгамбар» деп, дагы бирөөлөр: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир» деп жатышат, — дешти. 20 Иса алардан: — Ал эми силер мени ким деп эсептейсиңер? — деп сурады. Ошондо Петир: — Сен Кудайдын Машайагысың! — деп жооп берди. 21 — Эч кимге айтпагыла! — деди катуу эскертип Иса. — 22 Адам Уулу көп азап чегип, уруу аксакалдары, башкы дин кызматчылары жана дин мугалимдери тарабынан четке кагылып, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш! Ким Исанын шакирти боло алат? 23 Иса элге кайрылып мындай деди: — Кимде-ким мени ээрчигиси келсе, өзүнөн кечсин да, өз айкаш жыгачын көтөрүп алып1 аркаман бассын. 24 Анткени жанын аяп, өзү үчүн жашаган адам, аны жоготот. Ал эми мен үчүн жанын аябаган адам, аны сактап калат. 25 Бүткүл дүйнөгө ээ болуп туруп, өзүн өзү куруткан же өз жанына зыян келтирген адам не пайда табат? 26 Кимде-ким мени же менин сөздөрүмдү тааныгандан уялса, анда мен да өзүмдүн, Атамдын жана ыйык периштелердин салтанаттуу улуулугу менен көктөн келгенде ошол кишини тааныгандан уялам. 27 Силерге айтып коeюн: ушул жерде турган силердин араңарда Кудай падышачылыгын көрмөйүнчө өлбөй тургандар бар.

Иса — Кудайдын тандаган Уулу

28 Ушул окуядан кийин бир жумача өткөндө, Иса Петирди, Жаканды жана Жакыпты кошуп алып, сыйынуу үчүн тоого чыкты. 29 Ал сыйынып жатканда, бети башкача болуп өзгөрө түштү. Кийими да аппак болуп, жылтылдап калды. 30 Аңгыча эки киши пайда болуп, Иса менен маектеше баштады. 31 Асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Муса менен Илияс пайгамбарлар Исанын Иерусалимде өлүп, Кудайдын эркин ишке ашыра тургандыгы жөнүндө кеп кылышты. 32 Петир менен анын жанындагы жолдошторун болсо уйку басып турган. Алар ойгонушуп, асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Исаны жана анын жанындагы эки кишини көрүштү. 33 Тигил кишилер кетип бара жатканда, Петир Исага айтты: — Устат, ушул жерде калганыбыз жакшы. Кел, үч алачык тигели: бирин сага, экинчисин Мусага, үчүнчүсүн Илияска. Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес. 34 Петир сүйлөп жатканда бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрдү. Булут аларды каптаганда, шакирттеринин үрөйү учту. 35 Ошол убакта булуттан үн чыкты: — Бул менин тандаган Уулум, аны уккула! 36 Бул үн чыккандан кийин алар Исанын жалгыз калганын көрүштү. Шакирттери үн катпай, көргөндөрүн ошол күндөрү эч кимге айтышкан жок.

Исанын жин-шайтанга байланган өспүрүм баладан жинди кууп чыгышы

37 Кийинки күнү тоодон түшүп келишкенде, аларды көп эл тосуп чыкты. 38 Аңгыча эл арасынан бир киши Исага минтип кыйкырды: — Устат, суранам, баламды көрүп берчи, жалгызым эле. 39 Туруп-туруп эле жини кармайт да, чаңыртып, калчылдатып, оозунан көбүк чыкканча кыйнагандан кийин араң кетет. 40 Мен сенин шакирттериңден жинди кууп чыгаргыла деп өтө сурандым эле, бирок алардын колунан келбей койду. Ошондо Иса: 41 — Ай ишеними жок, бузулган уруу! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Алып кел балаңды, — деди. 42 Өспүрүм басып келе жатканда, жин аны көтөрө чаап, калтырата баштады. Иса кара күчтү тыйып, баланы айыктырды да атасына тапшырды. 43 Карап турган элдин баары Кудайдын улуулугуна таңданышты.

Иса өзүнүн өлө тургандыгын шакирттерине экинчи жолу айтышы

Анын кылганына элдин баары таң калып карап турганда, Иса шакирттерине айтты: 44 — Бул сөздөрдү эсиңерге түйүп алгыла: Адам Уулунун колго түшөрүнө аз калды. 45 Бирок шакирттери муну түшүнүшкөн жок. Бул сөз алар үчүн жашыруун сыр болгондуктан, маанисин түшүнүшпөдү. Кайра сурагандан болсо коркушту. Ким кыйын? 46 Шакирттердин арасында «кимибиз улуу болдук экен» деген ой туулду. 47 Иса алардын мындай оюн туюп, бир наристе баланы колуна алды да, мындай деди: 48 — Ким ушундай наристе баланы менин урматыма кабыл алса, мени кабыл алганы. Мени кабыл алса, мени Жибергенди кабыл алганы. Анткени араңардагы эң кичүүдөй болуп жүргөнү баарынан улуу. 49 Ошондо Жакан: — Устат, сенин атыңдан жиндерди кубалап жүргөн бир кишини көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, — деди. 50 — Тыюу салбагыла, — деди Иса, — Ким силерге каршы болбосо, ал силер тарапта.

Самариялыктардын Исага сыртын салышы

51 Көккө кетер убактысы жакындап калганда, Иса Иерусалимге барууга камданып, 52 алдын ала элчилерин жөнөттү. Алар Исага жай камдоо үчүн Самариядагы бир айылга келишти. 53 Бирок Исанын Иерусалимге баратканы сыртынан билинип тургандыктан, самариялыктар ал келгенде кабыл алышпады. 54 Алардын мунусун көргөн Жакан менен Жакып: — Эгебиз, асмандан от түшүп, буларды жалмап кетсин дейлиби? — дешти. 55 Иса аларды тыйып койду. 56 Ошондон кийин алар башка кыштакка өтүп кетишти.

Исанын шакирти болуу үчүн баарынан кечүү керек

57 Жолдон бир киши Исага: — Кайда барсаңыз да, ээрчип барам! — деди. 58 Иса ага: — Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалар жайы жок, — деди. 59 Анан башка бирөөгө: — Менин жолума түш, — деп айтты. Тигил: — Таксыр, адегенде барып, атамды көмүп келүүгө уруксат этиңиз! — деди. 60 Бирок Иса ага: — Өздөрүнүн өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! Сен болсо бар да, Кудайдын падышачылыгын жарыя кыл, — деди. 61 Анда дагы бирөөсү айтты: — Таксыр, мен сизди ээрчийм, бирок адегенде үй-бүлөм менен коштошуп келүүгө уруксат бериңиз. 62 Иса ага жооп кайтарып: — Буурусунду колу менен кармап туруп, артына кылчактаган адам Кудай падышачылыгына ылайыксыз!1 — деди.

Лука 10

Исанын жетимиш эки шакирти

1 Ушундан кийин Эгебиз Иса өзүнө дагы жетимиш эки шакирт тандады. Аларды Иса өзү барар жердеги бардык шаарлар менен айылдарга алдын ала өзүнөн мурун эки-экиден жиберип, мындай деди: 2 — Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. Ошондуктан өз эгин талаасына оруучуларды жөнөтүш үчүн эгин Эгесине жалынгыла. 3 Кана эмесе, баргыла, мен силерди карышкырлардын арасына козуларды жибергендей жөнөтүп жатам. 4 Капчык да, баштык да, ашыкча бут кийим да албагыла жана жолдо бирөөлөр менен саламдашып, убактыңарды коротпогула. 5 Кандай үйгө кирсеңер да, адегенде: үйүңөрдө тынчтык болсун! — деп батаңарды бергиле. 6 Эгерде үйдө саламыңарга арзый турган адам бар болсо, батаңар кабыл болот, жок болсо, өзүңөргө кайтат. 7 Алдыңарга койгон ашка топук кылып, ал үйдө калгыла. Анткени кызматчы эмгек акысын алууга татыктуу. Үйдөн үйгө өтпөгүлө. 8 Шаарга киргениңерде анын тургундары кабыл алышса, анда тамагын жегиле, 9 ооруларын айыктыргыла да Кудай падышачылыгы силерге жакындады дегиле. 10 Эгерде кабыл албай коюшса, анда көчөлөргө чыгып: 11 «Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды кайра өзүңөргө наалат катары кагып жатабыз». Бирок билип койгула, Кудай падышачылыгы жакындап калды дегиле. 12 Силерге айтып коeюн: Кыямат күнү келгенде, ал шаарга караганда Содом шаарынын2 акыбалы жеңилирээк болот. 13 Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бетсайда! Эгерде силер көргөн Кудайдын кудуретин Тир менен Сидон көргөндө, эбак эле аттиң деп, бармагын тиштеп, катуу кайгырып, тобо келтирмек. 14 Эми акыр заман болгондо Тир менен Сидондун да акыбалы силердикинен жеңилирээк болот. 15 А сен, Капарнаум, атым чыгып, даңазаланам деп ойлойсуңбу? Жок, тозокко жетип кулайсың. 16 Кимде-ким силерди укса, мени укканы, кимде-ким силерди четке какса, мени четке какканы, ал эми кимде-ким мени четке какса, мени Жибергенди четке какканы.

Жетимиш эки шакирттин кайтып келиши

17 Жетимиш эки шакирт жүздөрүндө кубаныч менен кайтып келишип, Исага: — Эгебиз, сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да багынышты! — дешти. 18 Иса аларга: — Мен шайтандын чагылгандай болуп, жерге түшкөнүн көрдүм. 19 Мына, мен силерге жыландар менен чаяндарды таптап, жоонун бардык күчтөрүн жеңе турган бийлик бердим. Эч нерсе силерге зыян кыла албайт. 20 Бирок жиндердин силерге багынганына эмес, атыңардын бейиштеги китепке жазылганына кубангыла. 21 Ыйык Рухка толгон Иса кубанычтан катуу толкунданып кетти. — Оо, Ата, асман менен жердин Эгеси! — деди Иса, — Сени мактап, даңазалайм, анткени сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, бала сыяктангандарга ачып бердиң. Ооба, Атаке, сенин ак тилегиң ушундай болчу. 22 — Атам бардык нерсени мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт. Атасынын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып бергиси келген кишиден башка эч ким билбейт. 23 Анан шакирттерине бурулуп, мындай деди. — Силер көргөндү көргөн көздөр кандай бактылуу. 24 Силерге айтып коeюн: далай-далай пайгамбарлар менен падышалар силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.

Динчилдик жана боорукерлик

25 Ошондо кайсы бир мыйзамчыл ордунан туруп, Исаны сынай сурады: — Устат, эмне кылсам түбөлүк жашайм? — деди 26 Иса ага: — Мыйзам китебинде1 эмне деп жазылган? Эмнени окуп жүрөсүң? — деди. Тигил айтты: 27 — «Кудай Эгеңди чын жүрөгүңдөн, жан-дилиңден берилип, бар күчүңдү үрөп, бүт эс — акылың менен сүй жана жакын адамыңды өзүңдү сүйгөндөй сүй!» — деп жазылган. 28 — Сен туура жооп бердиң, — деди Иса ага. — Ушундай кыл, ошондо түбөлүк жашайсың. 29 Тиги болсо өзүн актагысы келип: — А менин жакын адамым ким? — деп сурады. 30 Ошондо Иса мындай ибарат менен жооп берди: — Бир адам Иерусалимден Эрико шаарына түшүп келе жатып, жолдо каракчыларга туш болот. Алар анын кийимин сыйрып алып, аябай сабап, чала өлүк кылып таштап кетишет. 31 Ошол жол менен бир дин кызматчы түшүп бара жаткан. Ал бул кишини көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет. 32 Дагы бир леби ушул жол менен бара жатып, бул адамды көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет. 33 Аңгыча бир самариялык жолоочу келет. Ал бул кишини көрүп, боору ооруп, 34 жанына басып келип, жарааттарын шарап менен жууп, май менен майлап, таңып, эшегине артып, мейманканага алып барып, ага кам көрөт. 35 Кийинки күнү мейманкананын ээсине эки күмүш дилде берип: «Бу кишиге кам көрүп кой. Эгер артык чыгым болсоң, кайтканымда кайрып берем» — дейт. 36 Эми сен кандай деп ойлойсуң: ушул үчөөнүн кимиси каракчыларга туш болгон кишиге жакын адам болот? 37 Мыйзамчыл Исага карап: — Албетте, кайрым кылганы, — деп жооп берди. — Бар, сен да ушундай кыл! — деди Иса ага.

Адам баласы үчүн эң керектүү нерсе — Исанын жанында болуу

38 Иса шакирттери менен жолун улантып, келе жатып, бир айылга келди. Бул айылдан Марипа деген бир аял аны үйүнөн тосуп алды. 39 Бул аялдын Мария аттуу сиңдиси бар эле. Ал Исанын аяк жагында олтуруп алып, сөзүн угуп жатты. 40 Марипа болсо конокту жакшылап күтүүнүн камын ойлоп, убара тартып жүрдү. Ал Исанын алдына келип: — Таксыр, сиңдимдин кызматтын баарын жалгыз мага таштап койгону сизге баары бирби? Ага айтып коюңузчу, мага жардамдашсын, — деди. 41 — Эх, Марипа, Марипа! — деди ага Иса, — Сен убара болуп, көп түйшүк тартасың. 42 Бирок керектүүсү — бир эле нерсе. Мария жакшы жагын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт.

Лука 11

Сыйынуу тууралуу сөз

1 Бир күнү Иса бир жерде сыйынып отурду. Ал сыйынуусун аяктаганда шакирттеринин бири: — Эгебиз, Жакыя өз шакирттерине үйрөткөндөй, сен да бизге сыйынганды үйрөтчү, — деди. 2 Иса аларга айтты: — Сыйынганыңарда мындай дегиле: Оо Кудай Ата! Сенин ыйык ысмың ардакталсын. Сенин падышачылыгың келсин. 3 Күнүмдүк наныбызды күн сайын берип турагөр. 4 Күнөөлөрүбүздү кечир, анткени биз да сен кечиргендей бизге күнөө кылгандардын баарын кечирип жатабыз. Бизди шайтандын азгырыгынан сактай көр. 5 Иса сөзүн улап, дагы мындай деди: — Бирөөңөрдүн досуңар бар болсун дейли, түн ортосунда досуна барып: «Досум, карызга үч нан берип турчу, 6 сапардагы досум келип калып, алдына коeрго эч нерсем жок болуп жатат», — дейт. 7 Үй ээси болсо: «Эй, койчу, тынчымды албай, эшикти кулпулап салгам, бала-чакам да төшөгүмө кирип, жатып алышты, эми туруп, сага бере албайм», — дейт. 8 Силерге айтам: үй ээси досчулук үчүн бербесе да, өтүнө берип, тажаткандыгынан улам туруп, канча сураса, ошончо берет. 9 Ошондуктан силерге айтып коeюн: сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо эшик силерге ачылып берилет. 10 Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат. 11 Араңардагы кандай ата баласы балык сураса, жылан берсин, 12 жумуртка сураса, чаян берсин! 13 Ошентип, силер жаман болсоңор да, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер. Демек, андан бетер, асмандагы Атаңар да сурагандарга Ыйык Рухту берет.

Кудай кудурети жана кара күч

14 Бир жолу Иса бир адамды дудук кылып койгон жинди андан кууп чыкты. Жин чыкканда дудук сүйлөй баштады. Муну көргөндөр аң-таң болушту. 15 Кээ бири: «Бул жиндердин башчысы — Белзебулдун күчү менен жиндерди кубалап жатат», — дешти. 16 Кээ бири сынап, асмандан кереметтүү жышаан көрсšтүүсүн талап кылышты. 17 Мындай ойлорун билген Иса аларга айтты: — Ичинен бөлүнүп-жарылган мамлекет бош калат, ыркы кеткен үй кыйрайт. 18 Эгер шайтан ичинен бөлүнүп-жарылса, анын падышачылыгы кантип аман калат? А силер болсо «Белзебулдун күчү менен жиндерди кубалап жатат» дейсиңер. 19 Эгер мен «Белзебулдун күчү менен» кубалап жатсам, анда өзүңөрдөн адамдарыңар кимдин күчү менен кубалап жатышат? Ушул себептен алар силерге сот болушуп, катаңарды ашкерелешет.

Кудай кудурети жана жин-шайтан

20 Эгерде мен жиндерди Кудайдын кудурети менен кубалап жаткан болсом, демек, силерге Кудайдын падышачылыгы жетти. 21 Эгерде күчтүү адам курал-жарак алып, үйүн кайтарып турса, анда анын мүлкү коопсуздукта болот. 22 Бирок андан ашкан күчтүү бирөө кол салып, жеңип алса, анда анын ишенген куралын тартып алып, колуна түшкөн олжону таратып жиберет. 23 Ким мен тарапта болбосо, ал мага каршы. Ким мени менен бирге чогултпаса, ал чачат. 24 Адамдан чыккандан кийин, кара күч эс ала турган жай издеп, суусуз жерлерди кезет. Таба албаган соң: «Кой, чыккан үйүмө барайын», — дейт. 25 Келип, өзүнүн чыккан жеринин шыпырылып, тазаланганын көрөт да, 26 кайра барып, өзүнөн да жаман жети жинди ээрчитип келет. Анан баягы адамга кайра кирип, жашай баштайт. Ошондо бул адамга мурдагыдан да оор болот.

Ким бактылуу?

27 Иса сүйлөп жатканда, эл арасынан бир аял мындай деп кыйкырып жиберди: — Сени курсагына көтөрүп, эмчегин эмизген эне кандай бактылуу! 28 — Кудай сөзүн угуп, аткаргандар андан да бактылуу, — деди Иса.

Кудайдын улуу жышааны

29 Туш-туштан адамдар келип, жыйылган эл көбөйгөндө, Иса сөзүн мындай деп баштады: — Азыркы муун — жаман муун, анын менден талап кылганы — кереметтүү жышаан. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт. 30 Себеби Жунус Ниневия шаарындагылар үчүн кереметтүү жышаан катары жиберилгендей, Адам Уулу да бул муун үчүн кереметтүү жышаан болот. 31 Шааба элинин1 ханышасы акыр замандагы сот күнүндө бул муундун адамдары менен чогуу тирилип, аларды айыптайт. Анткени ал Сулаймандын акылман сөзүн угуп кетейин деп, тээ алыстан келген болчу. Ал эми бул жерде Сулаймандан да улуу Бирөө турат. 32 Ниневиялыктар сот күнүндө бул муундун адамдары менен бирге туруп, буларды айыпташат. Анткени алар Жунустун сөзүн угуп, ниеттерин өзгөртүп, тобо кылышкан. Ал эми Жунустан да улуу Бирөө бул жерде турат.

Дененин шамы

33 Эч ким шамды күйгүзүп туруп, жашыруун жерге же идиштин алдына катып койбойт. Тескерисинче, киргендерге нурун чачсын деп, шамдалга коeт. 34 Дененин шамы — көз. Ошондуктан көзүң тунук болсо, бүт денең да жарык болот. Эгерде көзүң арам болсо, бүт денең караңгы болот. 35 Ошондуктан байка: сендеги нур караңгы болуп жүрбөсүн. 36 Эгерде бүт денең эч караңгысыз, жарык болуп турса, анда сага шам нурун чачып турган сыяктуу, бүтүндөй жарык болосуң.

Сырты жалтырак ичи калтырактар

37 Иса муну айтып жатканда, фарисейлердин бири аны конокко чакырды. Иса анын үйүнө кирип, дасторкондун жанына жамбаштап отурду. 38 Анын тамак алдында кол жуубаганын көрүп, фарисей таң калды. 39 Ошондо Эгебиз ага мындай деди: — Фарисейлер, азыр силер идиш-аягыңардын сыртын тазалаганыңар менен, өзүңөрдүн ичиңер талоончулук менен жамандыкка толгон. 40 Акылсыздар, сыртын жараткан Кудай ичин да жараткан эмеспи? 41 Андан көрө идиштин ичиндегисин мусаапырларга бербейсиңерби, ошондо бардык нерсеңер таза болот эле го! 42 Бирок, фарисейлер, силердин шоруңар куруйт, себеби ондук курмандыгы1 демиш болуп, жалбыз, адырашман жана ар кандай жашылчаларды бересиңер да, Кудайдын мээрими менен калыстыгынан четтеп басасыңар! Бирок бул жагына да көңүл буруп, тигил жагын да калтырбашыңар керек болчу. 43 Эй, фарисейлер, шоруңар куруйт. Силер синагогалардын төрүндө олтурганды, базарларда адамдардын жагалдана салам айтып турушканын сүйөсүңөр. 44 Шордуусуңар силер, анткени адамдар байкашпай, үстүнөн басып жүргөн мүрзөлөргө окшошсуңар2 . 45 Ошондо дин мугалимдеринин бири: — Устат, бул сөзүң бизге да тийип жатат, — деди. 46 Иса ага мындай деди: — Дин мугалимдери, силердин да шоруңар куруйт. Силер элге адам көтөргүс жүктү көтөртүп, өзүңөр чыпалагыңарды да тийгизип койбойсуңар. 47 Силердин шоруңар куруйт, себеби аталарыңар өлтүргөн пайгамбарларга күмбөздөрдү куруп, 48 алардын кылгандарын туура деп эсептеп, ал тургай ошого макул экениңерди көрсөтүп жатасыңар. 49 Ошондон улам Кудай өзүнүн даанышмандыгы менен: «Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберишет» деген бирок алардын кээсин өлтүрүп, кээсин кууп жиберишет-деген. 50 Ошону менен дүйнө жаратылгандан бери — 51 Абылдын1 канынан тартып, курмандык чала турган жай менен ыйык үйдүн ортосунда өлтүрүлгөн Закариянын канына чейин — баары ушул муундан талап кылынат. 52 Дин мугалимдери, силердин шоруңар куруйт! Силер билимдин ачкычын колуңарга алып алып, өзүңөр кирбей, киргени жаткандарга бут тосуп келгенсиңер. 53 -54 Иса сүйлөп бүтүп, үйдөн чыкканы жатканда, дин мугалимдери менен фарисейлер ичинен жаман ойлошуп, сөзүнөн кыйкым издеп, суроолорду жаадырышты.

Лука 12

Кудайды урматтагыла жана чындыкты коркпой, ачык айткыла

1 Ушул арада миңдеген киши жыйылып, бири-бирин кысып, топурашты. Иса адегенде шакирттерине кайрылып, мындай деди: — Фарисейлердин ачыткысы — эки жүздүүлүктөн алыс болгула. 2 Ачыкка чыкпас эч нерсе жок, сыртка чыкпас сыр жок. 3 Ошондуктан түн ичинде айткан сөзүңөрдү жарыкта угушат, үйдүн ичинде кулакка шыбырап айткан сөзүңөр үйдүн төбөсүнөн жумурай журтка дүң болот. 4 Досторум, силерге айтам: денени өлтүрүп, андан кийин башка эч нерсе кыла албаган адамдардан коркпогула. 5 Кимден коркуш керектигин айтып коeюн: өлтүргөндөн кийин тозокко түшүрүүгө кудурети бар Кудайдан корккула! 6 Беш чымчык эки эле тыйынга сатылат эмеспи. Бирок алардын бирин да Кудай унутта калтырбайт. 7 Ал тургай, башыңардагы чачыңарды да ал санап койгон. Ошондуктан коркпогула: чымчыктардан силердин айырмаңар чоң. 8 Силерге айтып коeюн: ким мени эл алдында ачык тааныса, Адам Уулу да Кудайдын периштелеринин алдында аны ачык тааныйт. 9 Ким эл алдында мени танса, мен да аны Кудайдын периштелеринин алдында танып кетем. 10 Адам Уулуна каршы сөз айткан адам кечирилет, бирок Ыйык Рухка тил тийгизген адам кечирилбейт. 11 Силерди синагогадагы элдин, башчылардын, бийлик башындагылардын алдына алып барышканда, эмне деп актанышты же айтышты ойлоп, түйшүктөнбөгүлө. 12 Эмне дешти Ыйык Рух ошол саатта силерге үйрөтөт.

Дүнүйөкорлук жөнүндө ибарат

13 Эл арасынан бирөө: — Устат, агама айтып коюңузчу, мурасты мени менен бөлүшсүн, — деп кайрылды. 14 Иса ал кишиге: — Ким мени силерге сот же бөлүштүргүч болуп берсин деди эле? — деди. 15 Анан элге кайрылып: — Этият болгула, ар кандай дүнүйөкорлуктан алыс болгула, анткени адам өмүрү анын мал-мүлкүнүн көптүгүнө байланыштуу эмес, — деди. 16 Ошондон кийин Иса аларга мындай ибаратты айтып берди: — Бир байдын эгин талаасы жакшы түшүм берет. 17 Бай ичинен ойлонот: «Эмне кылсам? Эгин жыяр жайым жок. 18 Кой, минтейин: кампаларымды бузайын да, кайра чоңураак кылып салып, бардык эгиним менен мал-мүлкүмдү ошо жерге коeюн. 19 Анан өз жаныма айтам: жаным, көп жылдарга жете турган байлыгың жатат. Эми эс ал, ич, же, шапар тээп шаттан. 20 Бирок Кудай ага: Эй акылсыз, бүгүнкү түнү жаныңды алганы келишет. Жыйган-тергениң кимге калат? — дейт. 21 Керт башы үчүн байлык топтоп, Кудайды эсине албаган адам ушундай болот.

Көр оокаттан өйдө болуп, Кудайга ишенгиле

22 Ошондуктан силерге айтып коeюн, — деди Иса шакирттерине карап, — Жаныңар үчүн «эмне жейбиз» деп, денеңер үчүн «эмне кийебиз» деп, түйшүктөнбөгүлө! 23 Тамактан жан, кийимден дене артык да. 24 Каргаларды карагылачы, алар эгишпейт да орушпайт, кырмандары да, кампалары да жок. Аларды Кудай азыктандырып турат. Ал эми алардан силердин айырмаңар кандай чоң. 25 Кимиңер түйшүктөнүп өзүнө бир карыш бой кошо алат? 26 Эгерде ушундай жарыбаган нерсе колуңардан келбесе, башкаларды ойлоп, куру убара тартуунун эмне кереги бар? 27 Кызгалдактардын өскөнүн карагылачы, алар эмгектенишпейт, жип да ийришпейт. Бирок силерге айтып коeюн: Сулайман падыша да атак-даңкы ашып турганда ошолордун бириндей кийинген эмес. 28 Кудай бүгүн талаада өсүп, эртең мешке таштала турган чөптү ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, ишеними аздар! 29 Ошондуктан не жеп, не ичебиз деп кабатыр болбогула! 30 Дүйнөдөгү элдердин баары ушуну гана издешет, бирок силердин Атаңар бул муктаждыгыңарды билет. 31 Андан көрө Кудайдын падышачылыгын издегиле, ошондо калганын Теңир силерге кошуп берет.

Чыныгы байлык асманда

32 Коркпогун, кичинекей кой короо! Атаңар падышачылыгын силерге мурас кылууну ылайык көрдү. 33 Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр бергиле! Эскирбес, көөнөрбөс байлыктарды көккө жыйнагыла. Ал жакка ууру да жакындай албайт, күбө да жей албайт. 34 Себеби байлыгыңар кайда болсо, көңүлүңөр да ошол жерде болот.

Исанын кайтып келишине даяр болгула!

35 Ар дайым белиңер буулуу, чырагыңар жагылуу болсун! 36 Үйлөнүү тоюнан кайта турган ээсин күтүп, каалганы кагылар замат ачууга даяр турган адамдардай болгула. 37 Ээси келип, кызматчыларынын уктабай күтүп турушканын көрсө, ошол кызматчылар таалайлуу. Чын айтам: ээси аларды олтургузуп коюп, өзү белин бууп алып, кызмат кылат. 38 Эгер ээси түн ортосунда болобу, таң азанда болобу келип, кулдарынын уктабай, сергек тургандарын көрсө, анда алар таалайлуу. 39 Билип алгыла: эгер үйдүн ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле. 40 Ошол сыңар силер да даяр болгула, анткени Адам Уулу кайсы саатта келерин билбейсиңер. 41 Ошондо Петир: — Эгебиз, бул ибаратты бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы? — деп сурады. 42 Иса жооп берип, мындай деди: — Малайларына тамак-ашын маалында бөлүштүрүп берүү үчүн ээси алардын үстүнөн шайлап кеткен ишенимдүү, акыл-эстүү үй башкаруучу ким? 43 Ээси келгенде, ошондой кылып жаткан кул кандай бактылуу. 44 Силерге чын айтам: кожоюну аны бүткүл менчигинин үстүнөн башчы кылат. 45 Ал эми кулу ичинен: «Ээси жакында келбейт» деп, малайларын сабап, жеп-ичип, масчылыкка берилсе, 46 анда ээси ал күтпөгөн саатта келет да, башын жара чаап, ишенимсиздердин катарына кошот. 47 Ээсинин каалоосун билип туруп, даярданбаган, анын каалоосун аткарбаган кул көп таяк жейт. 48 Ал эми билбей калып, жазага татыктуу иш кылган кул азыраак таяк жейт. Ошол сыңары кимге көп берилсе, ошондон көп талап этилет, кимге көбүрөөк ишенип тапшырылса, андан көбүрөөк суралат.

Иса жер бетине ишеним отун таштоо үчүн келди

49 Мен асмандан жерге от таштоо үчүн келдим. Ошол от тезирээк жанышын кандай каалар элем! 50 Мен өзгөчө чөмүлүүдөн өтүшүм керек, ошол саатым келгиче канча кыйналам. 51 Силер мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлойсуңарбы? Жок, бөлүнүү алып келдим десем туурараак болот. 52 Анткени мындан ары бир үй ичинде эле беш киши өз ара бөлүнө башташат: үчөө экөөнө каршы, экөө үчөөнө каршы болуп, бөлүнөт. 53 Атасы баласынан, баласы атасынан, энеси кызынан, кызы энесинен, кайненеси келининен, келини кайненесинен бөлүнөт. Күнөөлөрдөн өз убагында арылуу керек. 54 Иса элге мындай деди: — Силер батыштан каптап, чыгып келаткан булутту көргөндө, «жамгыр жаайт» дейсиңер, анан чынында эле жамгыр жаайт. 55 Түштүктөн шамал соксо, «күн ысык болот» дейсиңер, анан чындап эле ысык болот. 56 Эй, эки жүздүүлөр, көк менен жердин кубулушун ажырата билесиңер, ал эми азыркы убактын кандай экенин кантип ажырата билбейсиңер! 57 Эмне үчүн кандай кылуу туура экенин өзүңөр эмне үчүн калыстык менен чечпейсиңер ыя?58 Мисалы: доочуң менен сотко бара жатканыңда жолдо андан кутулганга тырыш. Антпесең ал сени сотко сүйрөп келет да, сот жазалоочунун колуна өткөрөт, жазалоочу болсо зынданга салат. 59 Айтып коeюн: акыркы тыйыныңды бермейинче ал жактан чыкпайсың.

Лука 13

Ниетти буруп, тобо келтирүү керек

1 Ушул убакта Пилат өлтүргөн галилеялыктар тууралуу Исага кабарлашты. Пилат алар малдарын курмандыкка чалып жаткан жеринен өлтүрткөн эле. 2 Иса бул кабарды айткандарга айтты: — Бул адамдардын күнөөсү галилеялыктардын баарыныкынан чоң болгондугу үчүн ушундай балээге туш болушту деп ойлойсуңарбы? 3 Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди буруп, тобо келтирбесеңер баарыңар тең ушундай болуп, куурайсыңар. 4 Силоам мунарасы басып калып, каза тапкан он сегиз кишинин күнөөсү Иерусалимде жашагандардын баарыныкынан көбүрөөк болгон деп ойлойсуңарбы? 5 Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди буруп, тобо келтирбесеңер баарыңар тең ушундай болуп, кууруйсуңар.

Жемиш берип калар

6 Ушундан кийин Иса мындай ибаратты айтып берди: — Бир адамдын жүзүмзарында олтургузулган анжир дарагы болуптур. Ошол адам жүзүмзарына келип, анжир дарагынан жемиш издеп, таба албайт да,7 багбанга айтат: — Үч жылдан бери келип, мына бул анжирден жемиш издейм, бирок таба албайм. Ошондуктан аны кыйып сал, бекер эле жерди ээлеп турат. 8 Багбан айтат: — Таксыр, быйыл да коe туруңузчу. Мен тегерегин жумшартып, кык төгүп көрөйүн. 9 Жемиш берип калар. Эгер бербесе, анда эмки жылы кыя бериңиз».

Бүкүр аялдын дем алыш күнү айыгышы

10 Бир дем алыш күнү Иса синагогалардын биринде таалим берип калды. 11 Ал жерде жин-шайтандын таасиринен улам он сегиз жылдан бери такыр белин көтөрө албай бүкүрөйүп калган бир аял бар эле. 12 Иса ошол аялды көрүп, чакырып алды да: — Аял, дартыңдан кутул! — деп, 13 колун үстүнө койду. Ошол замат бели жазылып кеткен аял, Кудайга алкыш айта баштады. 14 Муну карап турган синагога башчысы Исанын дем алыш күнү айыктырганына кыжырланып, элге: — Иш кыла турган алты күн бар го! Айыгууга дем алыш күнү келбестен, ошол күндөрү келгиле! — деди. 15 Эгебиз ага айтты: — Эй, эки жүздүү! Өзүңөр дем алыш күнү өгүзүңөрдү же эшегиңерди акырдан чечип алып, сугарганы жетелеп барбайсыңарбы? 16 Ал эми он сегиз жыл бою шайтандын байлоосунда келген Ибраимдин мына бул кызын дем алыш күнү куткарса болбойт беле? 17 Исанын бул сөзү ага каршы болгондордун баарын уят кылды. Турган эл анын кылган улуу иштеринин баарына кубанып жатышты. Кудайдын падышалыгы кичинеден башталат. 18 Ушундан соң Иса мындай деди: — Кудайдын падышачылыгын эмнеге салыштырсам? Аны эмнеге окшоштурсам? 19 Бир адамдын өз багына эккен кипкиченекей сары кычынын данына окшош. Урук өнүп, чоң өсүмдүккө айланат да бутактарына чымчыктар уя салат. 20 — Кудайдын падышалыгын эмнеге окшотсом? — деди Иса сөзүн улантып, — 21 Ал бир аялдын үч чарадай унга салып, бүт камырды ачыткан ачыткысына окшош, — деди. Бейиштин эшиги тар. 22 Ошентип, Иса шаар-кыштактарды аралап, Иерусалимге баратты. 23 Кимдир бирөө андан: — Таксыр, аз гана адамдар куткарылабы? — деп сурап калды. Иса ага айтты: 24 — Тар эшиктен2 кирүүгө тырышкыла! Силерге айтып коeюн: көп адамдар кирсек дешет, бирок кире алышпайт. 25 Эгер үй ээси ордунан туруп, эшиктерин жаап алса, сыртында каласыңар да, эшигин каккылап: «Таксыр, эшикти ачып койчу бизге» дейсиңер. Үй ээси болсо: «Мен силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм!» дейт. 26 Ошондо силер: «Сени менен бир дасторкондо даамдаш элек го, биздин көчөлөрүбүздө таалим берип жүрбөдүң беле!» дей баштайсыңар. 27 Үй ээси болсо: «Силерге айтып жатам, эй ыймансыздар, кимсиңер, кайдансыңар, мен билбейм, нары тургула менден!» дейт. 28 Ошондо Ибраим, Исхак, Жакып жана башка бардык пайгамбарлардын Кудайдын падышачылыгында калып, а силер болсо сыртка куулганыңарды көрүп, боздоп, тишиңерди кычыратып, ачууланасыңар. 29 Чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келгендер Кудайдын падышачылыгынан орун алышат. 30 Ошондо биринчи болуп калган акыркыларды жана акыркы болуп калган биринчилерди көрөсүңөр.

Исаны кабыл албаган Иерусалим жөнүндө

31 Ошол убакта фарисейлерден кимдир бирөөлөр келип: — Бул жерден кетип калчы, Ирод сени өлтүрөм деп жатат, — дешти. Иса аларга айтты: 32 — Барып, ал түлкүгө айтып койгула: «Мен бүгүн, эртең жиндерди кубалап, оорулууларды айыктырам да, үчүнчү күнү3 ишимди аяктайм». 33 А бирок, кантсе да, мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү сапарымды улантам, анткени пайгамбардын Иерусалимдин сыртында өлүшү мүмкүн эмес да. 34 Эх Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудайдын сага жиберилген элчилерин таш бараңга алдың. Аттиң, тоок өз балапандарын канатынын алдына чогулткан сымал сенин уулдарыңды канча ирет чогулткум келди. Бирок силер каалабай койдуңар. 35 Эми мына, үйүңөр каңгырап, бош калат. Силерге айтып коeюн: «Эгебиздин атынан Келүүчүгө урмат!» деп айтаар убакка келгиче мени көрбөйсүңөр.

Лука 14

Мыйзам жана ырайым

1 Иса дем алыш күндөрүнүн биринде фарисейлердин кайсы бир башчысынын үйүнө конокко келди. Фарисейлер Исанын артынан акырын байкап турушту. 2 Ошол убакта денесине сары суу толуп, шишик басып ооруган бир адам Исанын алдына келди. 3 Ошондо Иса фарисейлер менен мыйзамчылардан: — Дем алыш күнү дарылоого болобу? — деп сурады. 4 Тигилер унчугушкан жок. Иса оорулууга колун тийгизип, айыктырды да үйүнө жиберди 5 анан тигилерге: — Араңардан кимиңер баласы же өгүзү чуңкурга түшүп калса, ал дем алыш күнү экенине карабай дароо сууруп чыгарбайт? — деген суроо берди. 6 Алар болсо бул суроого жооп бере алышпады.

Төрөпейилдик жана кичипейилдик

7 Конокко чакырылгандар орун тандап, төргө өтүп жатышты. Муну байкаган Иса ибарат менен мындай деди: 8 — Бирөө сени тойго чакырса, төргө жулунба. Коноктордун бири сенден сыйлуураак болуп калып, 9 экөөңдү тең чакырган адам жаныңа келип: «Бу кишиге ордуңду бер» деп калбасын. Ошондо уят болуп, улагага өтүп барып олтурганга туура келет. 10 Конокко келгениңде төмөн жакка олтуруп жүр. Сени чакырган киши басып келип: «Досум, төргө өт» дегенде жаныңдагылардын алдында мартабаң арта түшөт. 11 Анткени ким өзүн өзү көтөрсө кемсинтилет, ал эми ким өзүн төмөн кармаса көтөрүлөт.

Сыйлыкты Кудайдан күт

12 Ошондон кийин чакырган адамга Иса айтты: — Түштө же кечинде тамак жасап, конок чакыра турган болсоң досторуңду, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар кайра өзүңдү чакырып, бергениңди кайтарышат. 13 Ошондуктан жакыр, майып, чолок, сокурларды чакыр. 14 Алар сага кайра кайтарганга эч нерсеси болбогондуктан бактылуу болосуң. Анткени кыяматта, адилеттүүлөр тирилген кезде тиешеңди аласың.

Чакырылгандар жана тандалгандар

15 Иса менен дасторкондун жанында жамбаштап жаткандардын бири Ага: — Кудайдын падышачылыгынан даам сыза турган адам таалайлуу! — деди. 16 Иса ага мындай деди: — Бир киши чоң той тамагын берип, көп адамдарды чакырат. 17 Тамактанар маал келгенде чакырылгандарга кулун жөнөтүп: «Келгиле, баары даяр болду» деп айттыртат. 18 Ошондо баары сүйлөшүп алгандай кечирим сурай баштайт экен: «Жер сатып алдым эле, барып көрүп келбесем болбойт, мени кечирип кой», — дейт биринчиси. 19 Экинчиси: «Беш жуп өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү баратам, мени кечирип кой», — дейт. 20 Үчүнчүсү болсо: «Мен аял алдым, ошондуктан бара албайм», — дейт. 21 Кул ээсине кайра келип, баарын айтып берет. Ошондо үй ээси каарданып, кулуна: «Тез бар да шаардын аянттары менен көчөлөрүн кыдырып, жакыр, майып, сокур, чолокторду алып кел бул жакка!» — дейт. 22 Кийин кул ээсине келип: «Таксыр, буйругуңду аткардым, бирок дагы бош орундар бар!» — дейт. 23 «Жолдорго чык да чарбактарды, кашааларды аралап өтүп, адамдарды келүүгө мажбур кыл, үйүмдүн ичи толсун! — дейт ээси, —24 Силерге айтып коeюн: жанагы чакырылгандардан эч кимиси менин тамагымдан экинчи ооз тийишпейт!»

Ким Исанын шакирти боло алат?

25 Жолдо Исаны көп эл ээрчип келе жатты. Иса аларга кайрылып мындай деди: — 26 Ким мага келип, бирок ата-энесин, үй-бүлөсүн, бала-чакасын, тууган-туушкандарын, а түгүл өз өмүрүн менден артык көрсө, ал менин шакиртим боло албайт. 27 Мени өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн2 ээрчиген адам да менин шакиртим боло албайт. 28 Араңардан бирөө мунара кургусу келсе, анда ал адегенде отура калып, сарптала турган чыгымды эсептебей, аягына чыгарганга каражаты бар-жогун калчабай туруп, ишке киришеби? 29 Пайдубалын куярын куюп алып, калганын бүтүрө албаса, айланадагылар: 30 «Бул кайран баштаарын баштап алып, аягына чыккан жок!» — деп шылдыңдашпайбы. 31 Же бир падыша башка бир падышага каршы согушка аттана турган болсо, келе жаткан каршылашынын жыйырма миң аскерине өзүнүн он миңи менен туруштук бере алабы же жокпу — олтура калып, акылдашпайбы? 32 Туруштук бере албаса, каршылашы тээ алыста экенинде эле ага элчи жиберип, жансоога сурайт. 33 Ушул сыяктуу эле араңардан кимиңер болбосун колунда барынын бардыгынан баш тартпаса, менин шакиртим боло албайт. 34 Туз — бул жакшы нерсе, бирок ал өз даамын жоготуп койсо, калыбына келтирүүгө болобу? 35 Болбойт, анткени ал кыртышка да, кыкка да жарабай калат. Ошондуктан аны ыргытып жиберишет. Эй, кулагы барлар, жакшылап угуп алгыла!

Лука 15

Күнөөкөрдүн тобо кылганынан көктөгүлөрдүн кубанычы

1 Бир күнү көптөгөн салыкчылар менен ар кандай күнөөкөр адамдар Исанын жанына анын сөзүн укканы келишти. 2 Ошон үчүн фарисейлер менен дин мугалимдери: «Ал күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бир дасторкондон тамак жейт экен!» — дешип, нааразы болушту. 3 Иса аларга мындай ибаратты айтып берди: 4 — Эгер араңардагы бирөөнүн жүз кою бар болуп, ошолордун бири жоголуп кетсе, ал токсон тогузун ээн талаага таштап, жоголуп кеткенин тапкыча кыдырып издебейби? 5 Таап алган соң, кубанычы койнуна батпай, койду ийнине артып, 6 үйүнө келет да жоро-жолдошторун, коңшу-колоңун чакырып: «Жоголгон коюмду таптым, кубанчыма ортоктош болгула! » — дейт. 7 Силерге айтып коeюн: тобо кылуунун кажети жок деп, өздөрүн такыбаа санаган токсон тогуз адамдан көрө тобо кылган бир күнөөкөр үчүн көктөгүлөр көбүрөөк кубанышат. 8 Же болбосо он дилдеси бар аял дилделеринин бирин жоготуп алса, шамдарын күйгүзүп, үйүн шыпырып-сыйрып, тапмайынча кылдаттык менен издебейби? 9 Тапкан соң, курбу-курдаштары коңшу-колоңдорун чакырып алып: «Жоготкон дилдемди тенгемди таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» — дейт. 10 Ошондуктан силерге айтам: бир күнөөкөрдүн тобо келтиргенинен Кудайдын периштелери зор кубанычка бөлөнүшөт.

Кудайдын ырайымы жана мээрими

11 Иса дагы мындай деди: “Бир адамдын эки уулу болуптур. 12 Бир күнү кенже уулу: — Ата, менин энчимди бериңиз! — дейт. Ошондо атасы бар дүнүйөсүн балдарына бөлүп берет. 13 Көп өтпөй кенжеси өзүнө бөлүнгөн энчинин баарын алып, алыс жерге кетип калат. Ал жерде жеңил жашап, колундагы дүнүйөсүн чачып жок кылат. 14 Ошол кезде ал жерде катуу ачарчылык болуп, бул бала да ач-жылаңач калат. 15 Анан ошол өлкөнүн бир тургунуна барып, жалчы болуп орношот. Жалдап алган киши аны талаага жиберип, чочколорун кайтартып коeт. 16 Кайран бала курсагын чочколор жеген кабык менен тойгузууга зар болчу экен, бирок аны да ага эч ким ыраа көрбөптүр. 17 Бир күнү ал эсине келип, мындай деп ойлонот: «Атамдын канчалаган малайлары нанды кенен жеп жүрүшөт, а мен болсом бул жерде ачкадан куурап, өлө турган болдум. 18 Кой, атама барайын да: «Ата, мен Кудайга каршы күнөө кылдым , сиздин алдыңызда да айыптуумун. 19 Эми мен сиздин уулуңуз деп аталууга да татыксызмын. Мени жалчыларыңыздын катарына кошуп алыңызчы» — дейин. 20 Ошентип ал атасына жөнөйт. Ал үйүнө жете электе, тээ алыста келе жатканда эле атасы аны көрөт. Көргөндө ичи элжиреп, алдынан чуркап чыгып, мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөйт. 21 Уулу болсо ага айтат: —Ата, мен Кудайга каршы күнөө кылдым, сиздин алдыңызда да айыптуумун. Эми мен сиздин уулуңуз аталууга да татыксызмын! 22 Бирок атасы кулдарына мындай деп буйрук берет: — Балама тезирээк эң мыкты кийим алып келип, үстүнө жапкыла, колуна мөөрлүү шакек салгыла, бутуна өтүк кийгизгиле! 23 Бордолгон ноопазды жетелеп келип, сойгула! Жеп-ичип, тойлойлу! 24 Себеби менин бул балам өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды! Анан баары тойлой башташат. 25 Бул убакта улуу баласы талаада жүргөн. Ал талаадан кайтып келатып, үйүнө жакындаганда ыр-күү менен бийлеп-чордогондордун добушун эшитет. 26 Малайлардын бирин чакырып алып: — Эмне болуп жатат? — деп сурайт. 27 — Иниңиз келди. Атаңыз аны аман-эсен көргөнү үчүн бордолгон ноопазын сойду, — деп жооп берет малай. 28 Ошондо ал ачууланып, үйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, өтүнсө да көнбөй, ага: 29 — Канча жылдан бери кызматыңызды кылып келатам. Бир да жолу сөзүңүздү эки кылбадым. Бирок сиз досторум менен отуруп, көңүл ачуум үчүн жок дегенде бир улак да берген эмес элеңиз. 30 Ал эми бузулган аялдар менен бирге сиздин мүлкүңүздү жалмап салып келген мына бул балаңызга бордолгон ноопазды союп бердиңиз, — дейт. Анда атасы мындай дейт: 31 — Балам, сен ар дайым жанымдасың да. Менин мал-мүлкүмдүн баары сеники. 32 Бирок бүгүн кубанып, тойлош керек. Себеби сенин бул иниң өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды».

Лука 16

Акылдуу кул

1 Иса шакирттерине кайрылып мындай деген ибарат айтып берди: «Бир бай болуптур. Анын үй чарбасын башкарган кызматчысы бар экен. Ага ошол кызматчысы тууралуу: «Мүлкүңдү ысырап кылып жатат!» — деген сөз жетет. 2 Муну укканда ал кызматчысын чакырып: — Эмне үчүн сен жөнүндө ушундай сөз жүрүп жатат? Кылган ишиңдин эсебин бер. Эми мындан ары бул кызматта иштей албайсың! — дейт. Ошондо үй чарбаны башкарган кызматчы ичинен минтип ойлонот: 3 — Эмне кылсам? Ээм кызматтан алып жатат. Кара жумушка жокмун, кайыр сураштан уялам. 4 Аа, кызматтан кеткен соң, адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн эмне кылуунун амалын таптым. 5 Анан ээсине карыз болгондорду бир-бирден чакыра баштайт. Биринчисинен сурайт: — Ээме канча карызсың? 6 —Жүз бочке май карызмын. — Тил катыңды ал да, тез отура калып, элүү деп жаз. 7 Андан кийин экинчисинен сурайт: — А сен канча карызсың? — Жүз кап буудай. — Тил катыңды ал да, сексен деп жаз. 8 Ээси кара ниет кызматчысын акыл таап кеткени үчүн мактады. Чынында эле бул дүйнөнүн адамдары өзүнө окшогондордун арасында нурдун адамдарынан1 көрө тапкычыраак. 9 Мен да силерге айтам: бул бейоопа дүйнөнүн байлыгын пайдаланып, дос арттыргыла. Ошентип, бул байлыгың өтүп кеткенде, алар силерди бейиштен кучак жайып тосуп алышсын. 10 Кичине иште ишенимдүү болгон киши, чоң иште да ишенимдүү болот. Кичине иште ишенимдүү болбогон киши, чоң иште да ишенимдүү боло албайт. 11 Андыктан бул бейоопа дүйнөнүн байлыгында ишенимдүү болбосоңор, чыныгы байлыкты силерге ким ишенип тапшырат? 12 Эгерде силер башка бирөөгө караштуу байлыкта ишенимдүү болбосоңор, өзүңөрдүкүн силерге ким берет? 13 Эч бир кул эки кожоюнга кызмат кыла албайт: же бирин жакшы көрүп, экинчисин жек көрөт, же бирине берилип, экинчисине көңүл кош мамиле кылат. Ошол сыяктуу Кудай менен акчага бирдей кызмат кыла албайсыңар!»

Тоораттагы мыйзам жана Кудай падышачылыгы

14 Мунун баарын угуп турушкан дүнүйөкор фарисейлер аны шылдыңдап күлүштү. 15 Иса аларга айтты: «Силер өзүңөрдү адамдардын алдында такыбаа көрсөткүңөр келет, бирок Кудай силердин ниетиңерди билет. Себеп дегенде адамдар жогору баалаган нерсе Кудай алдында жийиркеничтүү. 16 Тоорат мыйзамы менен пайгамбарлардын доору Жакыяга чейин созулду, андан бери Кудайдын падышачылыгы жар салынып жатат жана баары ага өз күчү менен кирүүгө аракеттенип жатышат. 17 Бирок Тоораттын бир чекити жоголгуча, асман менен жердин жок болуп кетиши оңой. 18 Аялын коe берип, башкага үйлөнүү бузуктук кылып, күнөөгө батуу болуп саналат. Ошондой эле күйөөдөн чыккан аялга үйлөнүү да — бузуктук кылып, күнөөгө батуу».

Тигил дүйнөдөгү бай менен кедей

19 «Бир бай киши болуптур. Ал кымбат чапан менен шайы көйнөк кийип, күндө шапар тээп жыргачу экен. 20 -21 Ошондой эле Элазар аттуу бир кедей болуптур. Бүткөн боюн жара баскан ал, бай жеген тамактын калдыктарына зар болуп, анын дарбазасынын жанында жатканда, иттер келип жараларын жалашчу экен. 22 Бир күнү бул кедей каза болуп, периштелер аны Ибраим жаткан жайга алып барып коюшат. Бай да өлүп, көргө коюлат. 23 Тозокто кыйналып жатып, бай көзүн ачып карап, Ибраимдин жанындагы Элазарды көрөт. 24 Ошондо мындай деп жалынып жиберет: — Ибраим ата, мени аяп, Элазарды жиберип коюңузчу, колунун учун сууга малып, тилиме тамызып койсун, мына бул от-жалындан катуу кыйналып жатам. 25 Бирок Ибраим мындай дейт: — Эй балам, тирүүңдө кандай жашаганыңды эстечи: сен жыргадың, ал эми Элазар болсо куурады. Бирок азыр ал бул жерден сооронуч тапты, а сен болсо кыйналып жатасың. 26 Анын үстүнө бул жактан силер жакка, силер жактан биз жакка өткүсү келгендер өтө албас үчүн ортобузга түпсүз тунгуюк орнотулган. 27 — Ата, андай болсо аны менин атамдын үйүнө жиберип коюңузчу, 28 беш бир тууганым бар эле, ошолор да бул азаптуу жайга келбес үчүн жакшылап эскертип, күбө болуп берсин — деп суранат бай. 29 Ибраим болсо мындай дейт: — Аларда Муса менен башка пайгамбарлар бар эмеспи, ошолорду билишсин. 30 — Жок, Ибраим ата, — дейт бай, — Эгер өлгөндөрдөн бирөө аларга барса, алар ниеттерин өзгөртүп, тобо келтиришет. 31 Ошондо Ибраим айтат: — Муса менен пайгамбарларга кулак салбаган алар тирилип барган адамга да ишенишпейт».

Лука 17

Бурадар менен болгон мамиле жөнүндө

1 Иса шакирттерине дагы мындай деди: — Күнөөгө батырган азгырыктар сөзсүз келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору куруйт. 2 Бул турган карапайымдардын бирин күнөөгө батыргандан көрө, мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ташталганы ал үчүн жакшыраак болмок. 3 Ошондуктан өзүңөргө этият болгула. Эгер бурадарың сага карата күнөө кылса, зекип кой. Эгер күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир. 4 Эгер ал күнүнө жети ирет1 сага карата күнөө кылып, кайра жети ирет күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир.

Ишеним жөнүндө

5 Элчилери Исага: — Ишенимибизди өстүрчү! — дешти. 6 Эгебиз аларга мындай жооп берди: — Эгер сары кычынын данындай ишенимиңер бар болсо, мына бул турган тыт дарагына: «Тамырың менен жулун да, деңизге олтургузул!» десеңер, тилиңерди алат эле.

Кудайга кызмат кылуу жөнүндө

7 Иса дагы мындай деди: — Араңардан бирөөнүн жер айдаган же кой кайтарган кулу болсун дейли. Кул талаадан келгенде, ага: «Тез келип, дасторконго өт!» дейби? 8 Тескерисинче: «Мага тамак бер! Тамактанып бүткөнүмчө, мени тейлегин, андан кийин өзүң тамактанаарсың!» дебейби? 9 Ал буйругун аткарганы үчүн кулуна алкыш айтмак беле? 10 Ошол сыяктуу силерге берилген буйруктардын баарын аткарган соң: «Биз эч нерсеге арзыбаган кулдарбыз. Милдетибизди гана аткардык», — дегиле.

Пес оорусунан айыккан он киши

11 Иса Самария менен Галилея аймактарын аралап өтүп, Иерусалимге жол тартты. 12 Ал бир айылга жакындаганда, пес менен ооруган он адамга туш болду. Алар оолак туруп алышып: 13 — Эй, устат! Иса, бизге ырайым эт! — деп кыйкырышты. 14 Иса аларды көрүп: — Баргыла, денеңерди дин кызматчыларга көрсөткүлө! — деди. Алар жолдо баратышканда, денелери пестен айыгып калды. 15 Бирөөсү айыкканын көрүп, Кудайды кыйкыра даңктап, кайтып келди да, 16 Исанын бутуна жыгылып, алкышын жаадырды. Бул киши Самариялык болчу. 17 Ошондо Иса: — Айыккандар он киши эмес беле? Калган тогузу кайда? 18 Мынабу бөтөн уруулуктан башкалары Кудайга мактоо айтыш үчүн келишкен жокпу? — деди. 19 Анан айыккан адамга кайрылып: — Тур, бара бер, сени ишенимиң айыктырды, — деди.

Кудай падышачылыгы жөнүндө

20 Фарисейлер Кудай падышачылыгынын качан келишин сураганда, Иса мындай деп жооп берди: 21 — Кудай падышачылыгы көзгө көрүнүп келбейт. «Бул жерде» же «тигил жерде» деп да айтууга болбойт. Мынакей, Кудай падышачылыгы силердин эле араңарда.

Исанын экинчи жолку келиши жөнүндө

22 Иса шакирттерине карап, мындай деди: — Адам Уулу менен өткөргөн күндөрдүн бирин көрсөк деп эңсеген кез келет, бирок көрө албайсыңар. 23 Ошондо силерге: «ал тигил жакта экен» же «ал бул жакта экен» дешет. Бирок аларга силер барбагыла да ээрчибегиле. 24 Анткени Адам Уулу өзүнүн келер күнүндө асмандын бир четинен экинчи четине чейин жарык кылган чагылгандай баарына айкын көрүнөт. 25 Бирок, адегенде ал көп азап чегип, бул уруу тарабынан четке кагылышы керек. 26 Нук пайгамбардын убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот. 27 Ал кезде, Нук пайгамбар кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, бирок күтүлбөгөн жерден топон суу каптап, баарын кыйратып салды. 28 лут жашаган убакта да ушундай болгон: баары жешкен, ичишкен, соода-сатык жүргүзүшкөн, эгин эгишкен, үй салышкан. 29 Бирок лут Содом шаарынан чыккан күнү асмандан от аралаш күкүрт жаап, баарын кыйратты. 30 Адам Уулу келген күнү да так ошондой болот. 31 Ошол күнү ким үйдүн төбөсүндө жүрсө, үй ичинде калган буюмдарымды алып чыгам дебесин, ким талаада жүрсө, артына кайтпасын. 32 луттун аялын эстегиле! 33 Жанын сактоого аракеттенген адам, жанынан айрылат, ким жанын Кудай үчүн аябаса, аны сактап калат. 34 Силерге айтып коeюн: ошол түнү бир үйдө жаткан эки адамдын бири алынат, экинчиси калтырылат. 35 Жаргылчак тартып олтурушкан эки аялдын бири алынат, экинчиси калтырылат. 37 Ошондо шакирттери Исадан: — Эгебиз, бул кай жерде болот? — деп сурашты. — Тарп кай жерде болсо, кузгундар да ошол жерде топтолушат. Мен да ошондой ачык көрүнүп келем, — деп жооп берди Иса.

Лука 18

Кудайдан сураган алат

1 Иса шакирттерине дайыма сыйынып, кайгыга чөкпөө керектигин насааттап, мындай ибаратты айтты: 2 «Бир шаарда Кудайдан да коркпогон, адамдардан да уялбаган казы болуптур. 3 Ошол эле шаарда дагы бир жесир аял турчу экен. Ошол аял казыга улам-улам келип: — Доочумдан мени коргой көрүңүз! —деп суранат. 4 Бирок көпкө чейин казы аны коргогусу келбеди. Акырында ал ичинен: — Мен Кудайдан коркпойм, адамдардан да уялбайм. 5 Бирок мына бул жесир мага тынчтык бербей жатканы үчүн коргоп коeюн, антпесем кайта-кайта келе берип, тажатат, — дейт. 6 Ыймансыз казынын айтканын көрдүңөрбү, — деди Эгебиз сөзүн аяктап жатып. — 7 Ал эми Кудай ага күнү-түнү жалбарып турган, ал өзү тандап алган пенделерин коргобой, анан зарыктырмак беле? 8 Силерге айтып коeюн: Кудай аларга коргоону маалкатпай жиберет. Бирок Адам Уулу келгенде жер бетинен ишенимди табаар бекен?» Өзүн көтөргөн басынтылат, өзүн төмөн кармаган көтөрүлөт. 9 Өздөрүн такыбаа санашып, өзгөлөрдү өйдөдөн карашкан кээ бирөөлөргө Иса мындай ибаратты айтты: «10 Эки адам сыйынуу үчүн ыйбадатканага барышыптыр: бири фарисей, экинчиси салыкчы экен. 11 Фарисей туруп алып, мындай деп сыйынат: — Яа, Кудай! Мен башкалардай талап-тоногуч, адамдарды какшатып жабыр тарттыргыч, нике бузгуч же мынабу турган салыкчы сыяктуу болбогонума шүгүр! 12 Бир жумада эки жолу орозо кармайм, бардык кирешемдин ондон бирин1 сага берем. 13 Арт жагында турган салыкчы болсо башын көтөргөнгө да батына албай, капаланып, көкүрөгүн койгулап2 : — Оо Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр! — деп сыйынат. 14 Силерге айтып коeюн: фарисейден көрө бул киши үйүнө акталып кайтат. Анткени өзүн көтөргөн ким болбосун басынтылат, ал эми өзүн төмөн кармаган ар ким көтөрүлөт. Кудай падышачылыгын наристедей кабыл алуу керек. 15 Колун коюп, батасын берсин деп, Исанын алдына балдарды да алып келишти. Шакирттери муну көрүп, алып келгендерди зекип, тыюу сала башташты. 16 Бирок Иса балдарды жанына чакыртып, шакирттерге айтты: «Балдардын мага келишине жол бергиле, аларга тыюу салбагыла! Себеби Кудай падышачылыгы ошондойлордуку. 17 Силерге ачыгын айтайын: ким Кудай падышачылыгын баладай кабыл албаса, ага кире албайт, — деди.

Бул дүйнөнүн жана Кудай падышачылыгынын байлыгы

18 Башчылардын бири Исадан: — Жакшы Устатым! Түбөлүк өмүргө ээ болуум үчүн эмне кылуум керек? — деп сурады. 19 Иса ага: — Эмне үчүн мени жакшы деп жатасың? Бир гана Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. 20 Анын осуяттарын билесиң да: «Бузуктук кылба, киши өлтүрбө, уурулук кылба, жалган күбөлүк айтпа, ата-энеңди сыйла!». 21 — Булардын баарын жаштайымдан так сактап келе жатам, — деди башчы. 22 Иса муну укканда: — Сага дагы бир нерсе жетишпейт. Колуңдагы дүнүйөңдү сатып, бей-бечараларга таратып бер, ошондо сенин байлыгың көктө болот. Анан кайтып келип, мени ээрчи, — деди. 23 Ал муну укканда терең кайгыга батты. Анткени ал өтө бай киши эле. 24 Иса анын терең кайгырганын көрүп: — Байлыгы барлардын Кудай падышачылыгына кириши кандай кыйын! 25 Байдын Кудай падышачылыгына кирүүсүнөн көрө төөнүн ийненин көзүнөн өтүшү оңой, — деди. 26 Муну уккандар: — Анда ким куткарыла алат? — дешти. 27 Иса: — Адамдын колунан келбеген нерсе Кудайдын колунан келет, — деди. 28 Петир болсо: — Мына, биз баарын таштап, сени ээрчип жүрөбүз, — деди. 29 Иса шакирттерине: — Силерге чындыкты айтып коeюн: Кудай падышачылыгы деп, аялын, үй-жайын, туугандарын, ата-энесин, бала-чакасын таштап чыккан адам 30 бул дүйнөдө андан да көп эсе жакшылык таап, акыретте болсо түбөлүк өмүргө ээ болот, — деди.

Исанын өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы

31 Иса он эки шакиртин жанына чакырып алып, аларга: — Биз азыр Иерусалимди көздөй өр тартып баратабыз. Ошол жерде Адам Уулу тууралуу жазылган бардык пайгамбарчылык сөздөр ишке ашат. 32 Аны жат элдиктердин колуна тапшырышат. Алар аны мазактап, кордошот, бетине түкүрүп, 33 камчы менен сабашат, аягында өлтүрүшөт. Бирок ал үчүнчү күнү кайра тирилет, — деди. 34 Бирок да шакирттери Исанын айтканынан эч нерсе түшүнүшпөдү. Бул сөздөр алар үчүн купуя сыр эле, ошондуктан айтылган сөзгө маани беришкен жок.

Исанын сокурду айыктырышы

35 Иса Эрико шаарына жакындап калганда, жолдун четинде бир сокур кайыр тилеп олтурган эле. 36 Алдынан топураган эл өтүп бара жатканын угуп: — Эмне болуп кетти?— деп сурады. 37 — Назареттик Иса өтүп баратат! —дешти ага. 38 Ошондо сокур: — Дөөттүн уулу, мага кайрым кыла көр! — деп кыйкырып жиберди. 39 Алдыда келе жаткандар болсо: — Үнүңдү чыгарба! — деп тыйып коюшту. Бирок ал: — Дөөттүн уулу, мага кайрым кыл! — деп, мурдагыдан да катуу кыйкырды. 40 Ошондо Иса токтоп, сокурду жанына алып келүүнү буюрду. Сокур маңдайына келгенде, Иса андан: — 41 Сага эмне керек? — деп сурады. Ал: — Таксыр, көзүм көрүп калса экен! — деди. 42 Иса ага: — Көзүң көрсүн, ишенимиң сени айыктырды, — деди. 43 Ошол замат сокурдун көзү ачылып, көрүп калды. Ал Кудайга алкышын жаадырып, Исанын артынан ээрчиди. Муну көргөн элдин баары Кудайды даңкташты.

Лука 19

Закайдын Кудай жолуна түшүшү

1 Иса Эрико шаарын аралап өтүп баратты. 2 Ошол жерде Закай аттуу киши бар эле. Ал салыкчылардын чоңу болуп, абдан бай болчу. 3 Ал Исаны көрүүгө, ким экенин билүүгө куштар эле. Бирок боюнун кыскалыгынан, анын үстүнө элдин көптүгүнөн улам көрө албады. 4 Исаны көрүү үчүн алдыга жүгүрүп барып, бир тыт дарагына чыкты, себеби Иса ошол жол менен өтүшү керек эле. 5 Иса ошол тушка келгенде, жогору жакты карап: — Закай, тезирээк ылдый түш! Мен бүгүн сенин үйүңө конушум керек, — деди. 6 Закай дароо төмөн түштү. Исаны кубаныч менен тосуп алып, конок кылды. 7 Муну көргөндөрдүн баары нааразы болушуп, өз ара күңкүлдөштү: — Ал күнөөкөрдүн үйүнө конокко барган эмнеси! 8 Закай болсо ордунан туруп: — Таксыр, мүлкүмдүн теңин кедей-кембагалдарга берем. Эгер бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, аны төрт эселеп кайтарып берем, — деди. 9 Ошондо Иса: — Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди! Анткени бул киши да Ибраим атанын чыныгы урпагынан экен. 10 Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди, — деди.

Он дилде жөнүндө ибарат

11 Иса Иерусалимге жакындап калгандыктан, аны угуп турган калайык Кудай падышачылыгы келет деп ойлошчу. 12 Иса аларга мындай ибарат айтты: «Бир ак сөөк адам хандыкка шайланып келиш үчүн алыс өлкөгө жөнөйт. 13 Кетээрде өзүнүн он кулун чакырып алып, ар бирине бир алтын дилдеден1 берип: — Мен кайтып келгиче бул акчаны иштетип тургула! — дейт. 14 Бирок эли аны жек көрчү экен. Ошондуктан анын аркасынан элчи жөнөтүшүп: — Анын бизге хан болушун каалабайбыз, — деп айттырышат. 15 Бир күнү ошол киши хан шайланып, кайра кайтып келет. Берген акчаларынан кимиси кандай пайда өндүргөнүн билиш үчүн кулдарын жанына чакыртат. 16 Биринчиси келип: — Таксыр, сиздин акчаңыз он дилде тууду, — дейт. 17 Хан ага: — Жарайсың, жакшы кулум! Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми он шаардын акими бол, — дейт. 18 Экинчиси келип: — Таксыр, сиздин акчаңыз беш дилде тууду, — дейт. 19 Хан ага: — Сен да беш шаарга аким бол, — дейт. 20 Үчүнчү кул келип: — Таксыр, мына дилдеңиз, мен аны түйүнчөккө түйүп сактадым. 21 Мен сизден корктум, анткени сиз койбогон жерден алган, экпеген жерден оргон катаал адамсыз, — дейт. 22 Хан ага: — Эй, ыймансыз кул, сени өз оозуңдан чыккан сөзүң менен жазалайм! Менин койбогон жерден алып, экпеген жерден оргон катаал адам экенимди билет экенсиң го? 23 Муну билип туруп, эмне үчүн менин дилдемди жок дегенде карызга берип, өстүргөн жоксуң? Мен кайтып келип, кирешеси менен албайт белем, — дейт. 24 Андан соң жанындагыларга айтат: — Мындан дилдени алып, он дилдеси барга бергиле! — дейт. 25 — Таксыр, анын он дилдеси бар го, — дешти алар. 26 — Силерге айтып коeюн: ким берилгенди туура пайдалана билсе, ага дагы берилет. Ал эми пайдалана билбегендин бар болгону да тартылып алынат. 27 Мени өздөрүнө хан кылууну каалабаган душмандарымды ушул жерге алып келип, менин көзүмчө башын алгыла! — дейт».

Исанын Иерусалимге кириши

28 Иса сөзүн бүтүп, Иерусалим тарапка жолун улантты. 29 Зайтун тоосунун этегиндеги Бетфагия менен Бетания айылдарына жакындаганда, Иса эки шакиртин жөнөтүп жатып, аларга мындай деди: 30 — Бет алдыңардагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен али миниле элек, байлануу турган бир такайды көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле. 31 Эгер бирөө силерден: «Муну эмне чечип жатасыңар?» деп сураса, «Эгебизге керек болуп жатат» деп жооп бергиле. 32 Шакирттер барып, Исанын айтканын табышты. 33 Алар такайды чечип жатканда, анын ээлери: — Эшекти эмне чечип жатасыңар? — деди. 34 Шакирттер: — Эгебизге керек болуп жатат, — деп жооп беришти. 35 Алар такайды Исага жетелеп келишти да, чапандарын чечип, ага жаап, Исаны мингизишти. 36 Иса такайды минип бара жатканда, урмат-сый көрсөтүшүп, жолуна чапандарын төшөштү. 37 Зайтун тоосунан төмөн түшө турган жолго жеткенде, шакирттеринин баары мурда жасаган кудуреттүү кереметтер үчүн Кудайды кубана даңктай башташты: 38 «Эгебиздин атынан келе жаткан Падышага алкыш! Көктө бейкуттук болсун, Кудайга урмат болсун!» 39 Ошондо эл арасындагы кээ бир фарисейлер Исага: — Устат, шакирттериңди тыйгын! — дешти. 40 Бирок Иса аларга мындай жооп берди: — Силерге айтып коeюн: эгер алар унчукпай калышса, анда таштар кыйкырып жиберишет.

Ай, Иерусалим, Иерусалим

41 Иса шаарга жакындап калганда, аны карап туруп, ыйлап жиберди. Анан мындай деди: 42 — Ушул күнү тынчтык үчүн эмне керек экенин, жок дегенде, сен билсеңчи. Бирок ал азыр сенин көзүңдөн жашыруун. 43 Башыңа каран күн түшүп, касташкандарың айланаңды казып, туш тарабыңдан кысымга алышат. 44 Таш-талканыңды чыгарып, койнуңдагы балдарыңды кырышат. Кудайдын сага келген саатын билбей калганың үчүн сени жер менен жексен кылышат. Ибадаткананын тазаланышы жана эки жүздүү эл башчыларынын арам ойлору 45 Ошондон кийин Иса Иерусалимдеги ыйбадатканага кирип, андагы соодагерлерди кууп чыга баштады. 46 Аларга мындай деди: — Ыйык жазууда «Менин үйүм сыйына турган үй болсун» деп жазылган. А силер аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жибериптирсиңер! 47 Иса ар күнү ыйбадатканада таалим берип жүрдү. Ал эми эл башчылары, башкы дин кызматчылары жана дин мугалимдери анын көзүн тазалагысы келишти, 48 бирок бул максаттарын ишке ашыра турган жолду таба алышпады. Себеби жамы журт Исанын маңдайынан кетпей, сөзүн угушаар эле.

Лука 20

Исанын укугу тууралуу суроо

1 Иса ыйбадатканада таалим берип, жакшы кабарды жарыялап жүргөн ошол күндөрдүн биринде башкы дин кызматчылары жана дин мугалимдери эл башчылары менен бирге келишип, 2 ага суроо беришти: — Бизге айтчы, сен бул иштерди кайсы бийлигиң менен кылып жатасың? Буларды кылышка укукту сага ким берди? — дешти. 3 Иса аларга мындай жооп берди: — Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп бериңиздерчи: 4 Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүүгө укукту кимден алды эле? Кудайданбы же адамдарданбы? 5 Ошондо алар өз ара мындай деп акылдаша кетишти: — Эгер Кудайдан десек, ал: «анда неге Жакыяга ишенбедиңиздер?» дейт. 6 А эгер адамдардан десек, элдин баары бизди ташбараңга алат, анткени алар Жакыяны пайгамбар деп бекем ишенишет эмеспи. 7 Акырында мындай деп жооп беришти: — Кимден экенин билбейбиз. 8 Иса аларга: — Андай болсо, мен да бул иштерди кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм, — деди.

Бейоопа багбандар

9 Анан Иса элге кайрылып, мындай ибаратты айтты: «Бир киши жүзүм багын отургузуп, багбандарга ижарага берип, өзү узак убакка башка жакка кетиптир. 10 Түшүм жыйноо убагы келгенде, ошол бактын жемишинен берсин деп, багбандарга бир кулун жиберет. Бирок багбандар аны сабап, куру кол жиберишет. 11 Ошондо жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жиберет. Алар аны да сабап, кордоп, куру кол жиберишет. 12 Үчүнчүсүн жибергенде, аны да жарадар кылып, тышка ыргытып салышат. 13 Ошондо жүзүмзардын ээси: — Эми эмне кылсам? Сүйүктүү уулумду жиберейин. Мүмкүн, андан ийменишээр, — дейт. 14 Бирок жүзүмчүлөр аны көргөндө өз ара акылдашып: — Бул — мураскор. Мурас бизге калсын үчүн аны өлтүрөлү, — дешет да, 15 жүзүмзардан сыртка кууп чыгып, өлтүрүп салышат. Эми жүзүмзардын ээси аларга эмне кылат? 16 Келип, багбандардын шорун курутат жана жүзүмзарды башкаларга берет. Муну угуп турган эл: — Анын бетин ары кылсын! — деп жиберишти. 17 Иса аларга карап: — Ыйык жазмалардагы: «Куруучулар кереги жок деп четке чыгарып таштаган таш үйдүн негизги ташы болуп калды!» деген сөз эмнени билдирет? 18 Ошол ташка ким куласа, таш-талканы чыгат. Ал эми ал таш кимдин үстүнө түшсө, ошону былчыйта басат, — деди.

Кудайдыкын Кудайга бергиле

19 Башкы дин кызматчылары менен дин мугалимдери Исанын бул ибаратты аларга карата айтканын түшүнүшүп, ошол жерден эле колго түшүргүсү келишти, бирок элден коркушту. 20 Сөзүнөн кыйкым таап, римдик губернатордун колуна тапшырып, соттотуу үчүн алар Исаны аңдытып, такыбаа болумуш болуп, анткорлонушкан тыңчыларын жиберишти. 21 Тыңчылар Исага мындай суроо узатышты: — Устат, сиздин ак сүйлөп, туура таалим берериңизди билебиз. Бет карамалык кылбастан, элди чынында эле Кудай жолуна үйрөтөсүз. 22 Айтыңызчы: биз Рим императоруна салык төлөсөк болобу же болбойбу? — деп сурашты. 23 Алардын арам оюн байкаган Иса: 24 — Мага бир күмүш тыйынды көрсөткүлөчү. Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики? — деди. — Падышаныкы, — деп жооп беришти алар. 25 Ошондо Иса: — Андай болсо, падышаныкын падышага, ал эми Кудайдыкын Кудайга бергиле! — деди. 26 Ошентип алар аны эл алдында сөзүнөн кармай албай, анын жообуна таң калышып, унчуга албай калышты.

Кайра тирилүү жөнүндө

27 Ошондо кайра тирилүү мүмкүн экендигине ишенишпеген саддукейлердин кээ бирөөлөрү келип, Исага суроо беришти: 28 — Устат! Муса пайгамбар мындай деп жазып кеткен: «Эгер аялы бар бирөө дүйнөдөн баласыз өтүп кетсе, иниси анын аялын алып, агасынын тукумун уласын». 29 Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү. 30 Аялды экинчиси алып, ал да баласыз кайтыш болду. 31 Анан үчүнчүсү алып, андан кийин ушундай эле себеп менен башкалары да ошол аялга үйлөнүшүп, аркасынан бала көрбөй, өтүп кетишти. 32 Акыры аял да каза болду. 33 Эми, кыямат кайымда кайта тирилгенде ошол аял кимисиники болот? Ал жетөөнө тең аял болбодубу! 34 Иса аларга мындай жооп берди: — Бул дүйнөдөгүлөр аял алышып, күйөөгө тийишет. 35 Ал эми бейишке татыгандар кайра тирилгенде, о дүйнөдөн аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт. 36 Алар периштелер сыяктуу эч качан өлбөйт, анткени алар кайра тирилтүүчү Кудайдын балдары болуп калышат. 37 Муса пайгамбардын өзү да жалындаган бадал жөнүндөгү аңгемеде1 Эгебизди Ибраимдин Кудайы, Исхактын Кудайы жана Жакыптын Кудайы деген. 38 Демек, Кудай — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени Анын алдында баары тең тирүү да! 39 Ошондо дин мугалимдери: — Устат, сиз абдан жакшы жооп бердиңиз! — дешти. 40 Мындан соң ага суроо берүүгө батына алышпады.

Машаяк кимдин уулу?

41 Иса аларга мындай деди: — Эл эмне үчүн Машаякты Дөөт уулу дешет? 42 Дөөт Забур китебинде: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай: 43 Мен жоолоруңду бут алдыңа жыкканча, Менин оң жагымдагы сыйлуу жерге отуруп тур!»1 — деген. 44 Демек, Дөөт Машаякты Эгем деп атаган болсо, анда кандайча Машаяк Дөөт уулу болот?

Эки жүздүү динчилдерден сактангыла

45 Элдин баары Исаны угуп турганда, ал шакирттерине кайрылып мындай деди: 46 — Узун чапан кийип алып, жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашканын, синагогадагы алдыңкы орундарда, конокто төрдө отурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сактангыла! 47 Алар жесирлердин ырыскысын жеп, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынышат. Булардын жазасы абдан оор болот.

Лука 21

Жесир аялдын курмандыгы

1 Айлананы карап, Иса ибадаткана сандыгына акчаларын салып жаткан байларды көрдү. 2 Ошондой эле бир бечара жесир аялдын да эки тыйын берип жатканын көрдү. 3 Ошондо Иса айтты: — Силерге чынын айтып жатам: мына бул бечара жесир аял баарынан көп салды! 4 Себеби башкалар өздөрүнөн артканын садага кылышса, бул аял өзү бечара болуп туруп, колунда болгондун баарын берип салды, — деди.

Акыр заман качан болот?

5 Кимдир бирөөлөр ыйбадаткана асыл таштар менен жасалгаланып, Кудайга арналган тартуулар менен кооздолгонун сөз кылып жатышты. Муну уккан Иса аларга кайрылып: 6 — Силер көрүп турган имараттын таш-талканы чыгып кыйратыла турган күндөр келет, — деди. 7 Алар Исадан: — Устат, бул окуя качан болот? Алды менен кандай жышаандар болот? — деп сурашты. 8 Иса: — Этият болгула, алданып калбагыла! Себеби көп адамдар менин атыма жамынып келип: «Мен Мессиямын!» жана «Акыр заман жакындады!» дешет. Алардын артынан ээрчибегиле! 9 Согуштар менен тартипсиздиктер жөнүндө укканыңарда үрөйүңөрдү учурбагыла! Анткени алгач ушулар болушу керек. Бирок булар акыр заман жакын экенин билдирбейт, — деди. 10 Иса дагы мындай деди: — Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. 11 Катуу жер титирөөлөр, жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу ооруулар болот, көктө коркунучтуу кубулуштар жана улуу жышаандар көрүнөт. 12 Ал эми ушунун баары ишке ашардан мурда менин жолума түшкөнүңөр үчүн силерге зордук көрсөтүп, кодулашат, синагога сотторуна кармап берип, абакка камап, ал тургай падышалар менен амирлердин алдына алып барышат. 13 Силер болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен тууралуу айтып бересиңер. 14 Ошондуктан өзүбүздү кантип актайбыз деп алдыртан түйшүк тартпоону көкүрөгүңөргө түйүп алгыла! 15 Себеби мен силерге кастарыңар каршы чыга да, сүйлөй да албай тургандай чечендик менен даанышмандыкты берем. 16 Силерди а түгүл ата-энелериңер, бир туугандарыңар, жакындарыңар менен досторуңар да кармап берип, кээ бириңерди өлтүрүшөт. 17 Менин атым үчүн жек көрүндү болосуңар. 18 Бирок башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт. 19 Туруктуулук менен өзүңөрдү сактап калгыла.

Иерусалимдин кыйрашы тууралуу алдын ала айтуу

20 Иерусалим шаарын душмандын аскерлери курчап алганын көргөнүңөрдө, анын каңгырап ээн кала турган кези жакын калган экен деп билгиле. 21 Ошол мезгилде Иудея аймагында тургандар тоолорго качып кутулушсун, Иерусалимдегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми шаардын сыртындагылар ичине киришпесин! 22 Себеби ошол убак — Кудайдын элге тиешелүү шыбагасын бере турган убагы. Ушундайча ыйык жазмадагы бул тууралуу жазылгандардын баары жүзөгө ашыш керек. 23 Ошол күндөрү кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдардын шору! Анткени жер бетин ырайымсыз зордук-зомбулук чулгап, бул элдин башына каардуу жаза жаайт. 24 Алар кылычтан кырылып, колго түшүп, жат элдиктерге туткунга кетишет. Жат элдиктер башкарган доор бүткүчө, Иерусалим алардын таманына тепселет.

Исанын кайра келиши

25 Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болуп, жерде деңиздер албууттанат, элдердин үрөйү учуп, эмне кылаарын билишпейт. 26 Жер бетине келе жаткан коркунучтарды күтүп, адамдар эстерин жоготот. Анткени аалам күчтөрү багытынан таят. 27 Ошондо алар Адам Уулунун улуу кудурет жана салтанат менен булут ичинде келе жатканын көрүшөт. 28 Силер бул окуялар боло баштаган кезде өйдө туруп, жогору жакты карагыла, себеби ошол убакта куткарыла турган кезиңер жакындап калат, — деди. 29 Андан кийин Иса муну ибарат аркылуу түшүндүрдү: «Анжир дарагы менен башка дарактарга карагылачы. 30 Жалбырактары ачыла баштаганын көрсөңөр, жай жакындаганын билесиңер. 31 Ошонун сыңарындай ушул кубулуштардын болгонун көргөндө Кудай падышачылыгынын жакын калганын билесиңер. 32 Силерге бир чындыкты айтып коeюн: ушунун баары аткарылганча азыркы жашаган уруу өтүп болуп кетпейт. 33 Асман-жер өтүп кетсе да, менин сөздөрүм өтүп кетпейт. 34 Бирок өзүңөргө сак болгула! Той-тополоңго берилип, мас болуп, же күндөлүк тиричиликтин түйшүгүнө кирип кетпегиле! Анткени мен кайтып келе турган күн капысынан келет. 35 Ошол күн жер бетинде тургандардын баарынын башына түшкөн тор сыяктуу күтүлбөгөн жерден карп-курп кирип келет. 36 Ошондуктан апааттардан кутулуп, Адам Уулунун алдында туралгыдай болуу үчүн ар качан сергек болуп, сыйынгыла! 37 Иса ар күнү кечке чейин ыйбадатканада таалим берип, кечинде шаардан чыгып, Зайтун тоосуна барып, ошол жакта түнөп жүрдү. 38 Таң атпай элдин баары аны угуу үчүн ыйбадатканага келишер эле.

Лука 22

Жүйүттүн арам ою

1 Калама нан майрамы (же Куткарылуу майрамы) жакындап калган эле. 2 Башкы дин кызматчылары менен дин мугалимдери элден коркуп, Исанын көзүн тазалоонун тымызын жолун издешти. 3 Ошондо он эки элчинин бири — Жүйүттүн ичине шайтан кирди. 4 Ал башкы дин кызматчыларына жана ыйбадаткана сакчыларынын башчыларына барып, Исаны аларга кантип кармап берерин сүйлөштү. 5 Алар абдан кубанып, Жүйүткө акысын төлөөгө макул болушту. 6 Жүйүт аларга убада кылып, Исаны эл көзүнөн далдаа жерден кармап берүүнүн жолун издеди.

Акыркы кечки тамак

7 Ошентип Калама нан майрамынын биринчи күнү да келип калды. Ошол күнү курмандык козу чалынууга тийиш эле. 8 Ошондуктан Иса Петир менен Жаканды жиберип: — Барып, бизге майрам тамагын даярдагыла, — деди. 9 — Тамакты кай жерге даярдайлы? — деп сурашты алар. 10 Иса мындай жооп берди: — Шаарга киргениңерде бир кумура суу көтөрүп бара жаткан адамды жолуктурасыңар. Аны ээрчип, ал кирген үйгө силер да кирип, 11 үй ээсине: Устатыбыз сага жиберип, шакирттерим менен чогуу отуруп, майрам тамагын жегидей жайыңды көрсөт деп айттырды дегиле. 12 Ал киши силерди төшөк салынган, жогору жактагы чоң бөлмөгө алып барат. Тамакты ошол жерге даярдагыла. 13 Алар барышканда, баары Исанын айтканындай болду да, майрам тамагын ошол жерге даярдашты. 14 Кечки тамак учурунда Иса элчилери менен дасторкон башына жамбаштап жатып, 15 аларга: — Азап чегеримдин алдында мына бул Куткарылуу майрамынын тамагын силер менен бирге жешти абдан эңсеген элем. 16 Силерге айтып коeюн: Кудай падышачылыгында куткарылуу майрамынын чыныгы мааниси толук ачылганча мындан ары бул тамактан ооз тийбейм, — деди. 17 Андан соң колуна чөйчөктү алды да, Кудайга ыраазычылык билдирип туруп, аларга: — Муну алып, өз ара бөлүшкүлө. 18 Силерге айтамын: мындан ары, Кудай падышачылыгы орногуча, мындай жүзүм ширесинен ичпейм, — деди. 19 Анан нанды колуна алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нанды үзүп, аларга берип жатып: — Бул — силер үчүн берилип жаткан менин денем. Мени ушундай кылып эскерип жүргүлө, — деди. 20 Анан бир чөйчөктү колуна алып, мындай деди: — Бул чөйчөк — силер үчүн төгүлүп жаткан каным менен бекитиле турган жаңы келишим. 21 Бирок, мени өз колу менен кармап бере турган саткын мени менен бирге дасторкон башында отурат! 22 Анткени Адам Уулу алдын ала белгиленген жол менен баратат. Бирок ошондой болсо да, мени сатып кете турган адамдын шору куруйт. 23 Ошондо шакирттери: — Аны ким сатканы жүрөт? — деп бири-биринен сурай башташты.

Ким улуу?

24 Шакирттеринин арасында кимибиз улуу болдук экен деген талаш башталды. 25 Иса аларга мындай деди: — Дүйнөдөгү падышалар эл үстүнө үстөмдүк кылышат, эл бийлегендер «эл камын көргөндөр» деп аталышат. 26 Бирок силер андай болбогула. Тескерисинче, улууңар кичүүдөй, башчыларыңар кызматчыдай болушсун. 27 Кимиси улуу: дасторкондун жанында жамбаштап жатканбы, же ага кызмат кылып турганбы? Жамбаштап жатканы улуу да, туурабы? Бирок мен силердин араңарда кызматчы катары кызмат кылып жүрбөймүнбү. 28 Бирок силер менин башыма кыйынчылык түшкөн кезде жанымда болдуңар. 29 Ошондуктан Атам мени падышачылык кылганга дайындагандай, мен да силерге бийлик берем. 30 Силер менин падышачылыгымдагы дасторкондон даам татасыңар да, такка олтуруп, Израилдин он эки уруусун башкарасыңар.

Ишенимден баш тартуу коркунучу

31 Эгебиз Иса Ысман-Петирге: — Ысман, Ысман! Буудайды электен өткөргөн сыяктуу, шайтан да силерди сыноодон өткөрүүнү талап кылды. 32 Бирок мен сенин ишенимиң жоголуп кетпесин деп сыйындым. Сен болсо ишенимге кайтып келгениңде, боордошторуңдун да ишенимин бекемде, — деди. 33 Ысман Исага: — Эгем, сени менен бирге абакка да, ажалга да даярмын! — деди. 34 Бирок Иса: — Петир, сага айтамын: ушул түнү короз кыйкырганча, сен мени үч жолу танып кетесиң, — деп жооп берди. 35 Ошондон кийин Иса шакирттерине: — Мен силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө, бир нерсеге муктаж болдуңар беле? — деди. Алар: — Жок, эч нерсеге, — деп жооп беришти. 36 Иса аларга: — Бирок мындан ары кимдин капчыгы болсо, алып алсын. Кимдин баштыгы болсо, көтөрүп алсын. Кимде канжар жок болсо, кийимин сатып ийип, канжар сатып алсын. 37 Анткени силерге айтып коeюн: «Аны кылмышкерлердин катарына кошушту» деп ыйык жазмада айтылган сөз менин өмүрүмдө аткарылышы керек. Себеби мен тууралуу айтылган сөздөр аткарылбай койбойт, — деди. Шакирттер: 38 — Эгебиз, мына бул жерде эки канжар бар, — дешти. Иса аларга: — Жетет, — деди.

Исанын Гетсиман багындагы сыйынуусу

39 Иса шаардан чыгып, адатынча Зайтун Тоосуна жөнөдү. Шакирттери анын артынан ээрчишти. 40 Ошол жерге жеткенден кийин Иса аларга: «Шайтанга азгырылбас үчүн сыйынгыла!» — деди. 41 Өзү алардан таш ыргытым жердей оолагыраак барып, тизеледи да, мындай деп сыйынды: 42 — Ата, эгер кааласаң, ушул азап чөйчөгүн менден алып сала көр. Бирок менин эмес, сенин эркиң менен болсун! 43 Ошол учурда көктөн бир периште келип, Исага көрүнүп, ага кайрат берди. 44 Иса ого бетер берилип сыйынды. Анын тери кан тамчыларындай болуп жерге тамды. 45 Иса сыйынып бүтүп, ордунан турду да, шакирттеринин жанына келип, алардын кайгыдан чарчап, уктап калганын көрдү. 46 Ошондо аларга: — Эмне уктап жатасыңар? Шайтанга азгырылып кетпес үчүн сыйынгыла! — деди.

Исанын колго түшүшү

47 Иса сөзүн аяктай электе, топурап, бир топ адамдар келди. Аларды он эки элчинин бири, Жүйүт, баштап жүрүптүр. Ал Исага жакындап, өпмөкчү болду. 48 Бирок Иса ага: — Жүйүт, сен мага өөп туруп, кыянаттык кыласыңбы? — деди. 49 Исанын жанындагылар эми эмне боло турганын сезишти да: — Эгебиз, канжар менен чабышпайлыбы? — дешти. 50 Алардын бирөөсү башкы дин кызматчысынын кулунун оң кулагын шылый чапты. 51 Бирок Иса: — Токтоткула! — деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, аны калыбына келтирип, айыктырып койду. 52 Өзүн кармоого келген башкы дин кызматчыларына, ыйбадаткана сакчыларынын башчыларына жана уруу аксакалдарына Иса мындай деди: — Каракчыга каршы чыккансып, канжар, токмок менен куралданып келдиңерби? 53 Күн сайын силер менен бирге ыйбадатканада жүргөнүмдө мага каршы кол көтөргөн жок элеңер, эми болсо силердин мезгилиңер келип, бийлик — караңгылыктыкы.

Ысман Петирдин Исаны үч жолу танып кетиши

54 Алар Исаны кармашты да, башкы дин кызматчысынын үйүнө алып барышты. Ал эми Петир артынан акмалап, ээрчип келди. 55 Сакчылар короонун ичине от жагып, тегерете жылынып отурушканда, Петир да алардын арасына барып кошулду. 56 Бир малай аял оттун жарыгынан анын отурганын көрө койду да, тигиле карап: — Бул да ошолор менен бирге жүргөн болчу, — деди. 57 Петир аялга: — Ай, аял, койсоңчу, мен аны тааныбайм, — деп мойнуна албады. 58 Көп өтпөй дагы бирөө аны көрө коюп: — Сен да ошолордун бирисиң, — деди. Бирок Петир ал кишиге да: — Эй , койсоңчу, мен алардан эмесмин, — деди. 59 Бир сааттай убакыт өткөн соң дагы бирөө: — Чынында эле, бул да анын жанында жүргөн, өзү да галилеялык экен, — деп баса айтты. 60 Бирок Петир ошол адамга: — Эй, сен эмне деп жатканыңды түшүнбөдүм?! — деди. Ал сүйлөп бүтө электе короз кыйкырды. 61 Эгебиз бурулуп, Петирди карады. Ошондо Петир Эгебиздин: «Ушул түнү короз кыйкырганча, сен мени үч жолу танып кетесиң» деген сөзүн эстеди да, 62 сыртка чыгып, өксүп ыйлады.

Иса синедриондун алдында

63 Исаны кармап турган кишилер аны сабап, кордук көрсөтүштү. 64 Анын башын таңып туруп, уруп: «Кана, пайгамбарчылык кылып, сени ким урганын, айтып берчи! — деп мазакташты. 65 Алар аны дагы башка көптөгөн жаман сөздөр менен кордошту. 66 Таң аткан да уруу аксакалдары, башкы дин кызматчылары жана дин мугалимдери жыйналышып, Исаны өздөрүнүн синедрион1 өткөзүлүүчү жайына алып келишти. 67 — Эгер сен Машаяк болсоң, бизге айтчы! — дешти алар, Исаны суракка алып. Иса аларга: — Силерге айтсам, ишенбейсиңер! 68 Суроо берсем, жооп бербейсиңер! 69 Бирок ушул кезден баштап Адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагында олтура турган болот, — деди. 70 Ошондо бардыгы: — Демек, сен Кудайдын Уулу экенсиң да? — дешти. Иса аларга: — Дал ошонун өзү экенимди өзүңөр айтып турасыңар, — деп жооп берди. 71 Андан кийин муну уккан алар: — Бизге башка далилдин кереги жок! Биз муну анын өз оозунан уктук! —дешти.

Лука 23

Иса Пилаттын алдында

1 Чогулгандардын баары ордуларынан туруп, Исаны Пилатка алып барышты да, 2 айыптай башташты: — Биз мына бул кишинин биздин элибизди бузуп жүргөнүн жана Рим императоруна салык төлөөгө каршы чыкканын аныктадык. Ал өзүн Машайакмын, мындайча айтканда, Падышамын деп жүрөт, — дешти. 3 Ошондо Пилат Исадан: — Сен эмне, иудейлердин падышасысыңбы? — деп сурады. Ал ага: — Өзүңүз айтып турасыз, — деп жооп берди. 4 Пилат башкы дин кызматчылары менен жыйылган элге кайрылып: — Мен бул адамдан эч бир күнөө таппай турам, — деди. 5 Бирок алар ого бетер күчөшүп: — Бул киши Галилеядан баштап ушул жерге чейин бүткүл Иудеяга өз таалимин таратып, элди ээликтирип жүрөт, — дешти. 6 Пилат Галилея тууралуу укканда: — Бул киши галилеялыкпы? — деп сурады. 7 Исанын Ирод бийлеген аймактан экенин билген соң, Пилат Исаны ошол майрам күндөрү Иерусалимде жүргөн Иродго жөнөттү.

Иса Ироддун алдында

8 Ирод Исаны көргөнүнө аябагандай кубанды, себеби ал жөнүндө кабардар болуп, андан бир керемет көрсөм деп, көптөн бери көксөп жүргөн эле. 9 Ирод Исага көп суроо берди, бирок Иса алардын бирине да жооп берген жок. 10 Ошол жерде турушкан башкы дин кызматчылары менен дин мугалимдери болсо Исаны күчүнүн барынча каралап жатышты. 11 Ошондо Ирод да жоокерлери менен бирге Исаны кордоп, мазактады да, үстүнө падыша чапанын жаап, кайра Пилатка жиберди. 12 Ушул кезге чейин касташып келген Пилат менен Ирод ошол күнү дос боло калышты.

Исаны өлүмгө кыюу

13 Пилат башкы дин кызматчыларын, уруу башчыларын жана элди чакыртып алып, 14 мындай деди: — Мына бул адамды элди бузуп жүрөт деп, мага алып келдиңиздер. Мына, мен аны өзүңүздөрдүн көз алдыңыздарда суракка алып, бул адамдан силер айыптагандай эч бир күнөө таппадым. 15 Ирод да ошентти, анткени мен бул адамды ага жөнөткөн элем. Демек, ал өлүм жазасына тартыла тургандай эч кандай кылмыш кылган жок. 16 Ошондуктан аны сабатып туруп, бошотуп жиберем, — деди. 18 Бирок чогулган элдин баары: — Муну алып кет! Бизге Бараббасты бошотуп бер! — деп чуулдашты. 19 Бараббас болсо шаарда көтөрүлүш чыгарып, киши өлтүргөндүгү үчүн түрмөгө камалган эле. 20 Пилат Исаны коe бермекчи болуп, кайрадан элге кайрылды. 21 Бирок алар: — Аны айкаш жыгачка кер! Аны айкаш жыгачка керип сал! — деп чуу салышты. 22 Пилат алардан: — Бул киши кандай жамандык кылды? — деп үчүнчү жолу сурап, — Мен андан өлүм жазасына тарта тургандай эч айып таппай турам. Ошондуктан сабатып туруп, бошотуп жиберейин, — деди. 23 Бирок алар бир ооздон: — Аны айкаш жыгачка керип сал! — деп кыйкыра беришти. Акыры эл менен башкы дин кызматчыларынын кыйкырыктары үстөмдүк кылып, 24 Пилат алардын талабына көнүүгө аргасыз болду. 25 Элди дүрбөткөнү жана киши өлтүргөнү үчүн түрмөгө камалган адамды алардын суранычы боюнча бошотуп жиберди, ал эми Исаны алардын ыктыярына тапшырды.

Исанын жаза жыгачына кагылышы

26 Алар Исаны жазалай турган жерге алып бара жатышканда, айылдан шаарга келе жаткан Ысман аттуу киринеялыкты кармап алышып, ага айкаш жыгачын артып, Исанын аркасынан көтөртүп коюшту. 27 Исаны өтө көп эл ээрчип келе жатты. Көптөгөн аялдар боздоп, ыйлап баратышты. 28 Иса аларга кайрылып, мындай деди: — Оо Иерусалим аялдары! Мен үчүн ыйлабагыла, өзүңөр үчүн жана балдарыңар үчүн ыйлагыла! 29 Себеби «Согончогу канабаган, бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу!» дей турган, азаптуу күндөр келет. 30 Ошол убакта адамдар тоолорго: «үстүбүзгө кулагыла!», дөбөлөргө: «Бизди көөмп калгыла!» деп айта турган болушат. 31 Эгер жашыл даракты ушундай кылып жатышса, анда куураган жыгачка эмне болот? 32 Жоокерлер Иса менен бирге эки кылмышкерди да өлтүрүүгө алып бара жатышты. 33 Алар «Баш сөөк»1 деп аталган жерге келишкенде, Исаны айкаш жыгачка керип туруп, кагып салышты. Берки эки кылмышкерди да, бирин Исанын оң жагына, экинчисин сол жагына, жыгачка кагып салышты. 34 Иса: — Оо Ата, буларды кечире көр! Алар эмне кылып жатышканын өздөрү билишпейт, — деди. Жоокерлер чүчү кулак кармашып, Исанын кийимдерин өз ара бөлүп алышты. 35 Эл муну карап турду. Башчылар да Исаны мазакташып: — Ал башкаларды куткарчу эле. Эгер чын эле ал Кудай тандаган Машаяк болсо, эми өзүн куткарып көрсүнчү! — дешти. 36 Жоокерлер да алдына келип, ага кычкыл ичимдик сунушуп: 37 — Эй, иудейлердин падышасы болсоң, өзүңдү куткарбайсыңбы, — деп аны кордошту. 38 Жыгачтын өйдө жагында: «Бул — иудейлердин падышасы» — деп грек, латын жана еврей тилдеринде жазылган такта кагылуу эле. 39 Исанын жанына жыгачтарга кагылган эки кылмышкердин бири аны мазактай: — Сен Машаяк эмессиңби? Кана, өзүңдү да, бизди да куткарбайсыңбы! — деди. 40 Экинчиси, тескерисинче, аны тыйып: — Кудайдан коркпойсуңбу? Өзүң да бул жазага тартылдың го. 41 Биз го кылган иштерибизге жараша тийиштүү жазабызды алдык. Бул болсо эч жамандык кылган жок, — деди. 42 Ошондон кийин Эгебизге: — Иса, падышачылыгыңа келгенде, мени эстей көр, — деди. 43 Иса: — Сага чындыгын айтайын: бүгүн сен мени менен бирге бейиште болосуң! — деди.

Исанын өлүмү

44 Убакыт түшкү саат он экилер чамасы эле. Ошол маалда күн тутулуп, бүткүл жерге караңгылык түштү. 45 Саат үчкө чейин караңгы басып турду. Ыйбадаткананын ичиндеги ыйык бөлмөнүн пардасы тең ортосунан айрылып, экиге бөлүндү. 46 Иса бар үнү менен: — Ата, жанымды сенин колуңа тапшырып жатам! — деп кыйкырды. Ушундай деп, ал акыркы демин чыгарды. 47 Ушул окуяларды көрүп турган римдик жүзбашы: — Бул адам, чынында эле, ак экен! — деп, Кудайды даңктады. 48 Кызык көргөнү чогулуп, бул окуяга күбө болгон эл көкүрөгүн койгулап, катуу кайгырып, шаарга кайтышты. 49 Ал эми Исанын бардык тааныштары жана Галилеядан ээрчип келген аялдар ушулардын баарын алыстан карап турушту.

Исанын көргө коюлушу

50 Синедриондун Жусуп аттуу мүчөсү бар эле. Ал Иудеядагы Ариматея шаарынан чыккан, ак пейил, адил адам болчу. 51 Ал иудей жетекчилеринин чечими менен ишине макул болбогон, Кудай Падышачылыгын күтүп жүргөн киши боло турган. 52 Эми ал Пилатка барып, Исанын сөөгүн сурап алды. 53 Аны жыгачтан түшүрүп алып, ак кепинге ороду. Аска ташты оюп жасалган, али эч ким коюлбаган бир көргө алып барды. 54 Бул иш жума күнү кечинде, дем алыш убактысы жаңы башталган маалда болду. 55 Иса менен бирге Галилеядан келген аялдар Жусупту ээрчип келишип, мүрзөнү да, анын ичине сөөктүн кандай коюлганын да көрүштү. 56 Алар шаарга кайтышып, атыр менен жыттуу май камдашты. Дем алыш күнү болсо Тоорат мыйзамына ылайык эч иш кылбай эс алышты.

Лука 24

Исанын тирилиши

1 Жекшемби күнү, таң азанда, алиги аялдар даярдап коюшкан атыр менен жыттуу майларды алышып, көргө келишти. 2 Келгенде, көрдүн оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып, алынып салынганын көрүштү. 3 Алар ичине кирип, Эгебиз Исанын сөөгүн табышпады. 4 Эмне болгонун түшүнбөй аң-таң болушканда, жаркыраган кийимчен эки киши пайда болду. 5 Аялдар катуу коркуп, баштарын жерден ала албай турушканда, беркилер мындай дешти: — Эмнеге тирүүнү өлүктөрдүн арасынан издеп жүрөсүңөр? 6 Ал мында жок. Аны Кудай кайрадан тирилтип алды. Ал мурда, Галилеяда жүргөнүндө айткан сөздөрүн эсиңерге түшүргүлө. 7 Силерге: «Адам Уулун күнөөкөр адамдардын колуна кармап беришет, аны айкаш жыгачка керишет, үчүнчү күнү болсо ал кайрадан тирилет», — дебеди беле. 8 Ошондо аялдар Исанын бул сөздөрүн эстешти. 9 Мүрзөдөн кайтып келип, бул тууралуу он бир шакиртке жана башкалардын баарына кабарлашты. 10 Элчилерге бул кабарды жеткизгендер — магдалалык Мария, Жаканна, Жакыптын энеси Мария жана башка аялдар эле. 11 Бирок бул сөздөрдү элчилер куру сөз деп, ишенишкен жок. 12 Петир болсо ордунан тура калып, мүрзөнү көздөй жүгүрдү. Жетип келип, эңкейип, көрдүн ичин карады. Ал кепиндердин гана жатканын көрүп, бул ишке таң калып, кайра артына жөнөдү.

Исанын эки шакирттирине көрүнүшү

13 Так ошол күнү шакирттердин экөө Иерусалимден он чакырымдай аралыкта жайгашкан Эммаус деген айылды көздөй жол тартып, 14 болуп өткөн окуялар тууралуу сөз кылып баратышкан. 15 Бул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда, Иса жакындап келип, аларга кошулуп калды. 16 Бирок алардын көзү байланып калгандыктан аны таанышкан жок. 17 Иса алардан: — Эмне жөнүндө сөз кылып жатасыңар? — деп сураганда, шакирттер токтой калышты. Алардын өңдөрү капалуу эле. 18 Анан Клеопа аттуусу мындай деди: — Иерусалимге келип, жакын арада эле анда болуп өткөн окуя жөнүндө билбеген жалгыз сен окшойсуң? 19 — Кайсы окуя? — деп сурады Иса. — Назареттик Иса жөнүндөгү, — дешти алар. — Ал Кудайдын да, бүтүндөй элдин да алдында кудуреттүү иши жана сөзү менен таанылган пайгамбар эле. 20 Биздин башкы дин кызматчыларыбыз менен эл башчыларыбыз өкүм чыгартып, аны айкаш жыгачка керип өлтүртүштү. 21 Ал эми биз, Израил элин Куткаруучу — ошол деген ишеним менен үмүттөнгөн элек. Анын үстүнө бул окуянын болгонуна мына бүгүн үчүнчү күн. 22 -23 Бирок арабыздан бир топ аялдар эртең менен эрте көргө барышып, анын сөөгүн таппай кайра келишип, бизди аябай таң калтырышты. Аларга периштелер көрүнүп, «Иса тирүү» дешиптир. 24 Ошондо дагы башкалары мүрзөгө барып, аялдардын айтканындай эле, Исанын көрдө жок экенине ынанышты. 25 Ошондо Иса аларга айтты: — Эй, баамсыздар! Пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарына эмнеге дале ишенбейсиңер! 26 Машаяк өз улуулугуна жеткенден мурун ушул азаптардан өтүш керек эмес беле? 27 Анан Иса аларга Муса жана башка бардык пайгамбарлардан тартып, ыйык жазмаларындагы өзү тууралуу айтылгандарды чечмелеп, түшүндүрүп берди. 28 Алар бара жаткан айылга жакындаганда, Иса жолун андан ары улай тургандай түр көрсөттү. 29 Бирок шакирттер: «Бүгүн биздикине конуп калсаңчы, анткени кеч кирип, күн батайын деп калды», — деп өтүнүштү. Иса алар менен бирге калмакчы болуп, үйгө кирди. 30 Алдыларына тамак келгенде, ал Кудайга ыраазычылык келтирип, нанды сындырып, шакирттерине сунду. 31 Ошондо гана алардын көзү ачылып, Исаны таанышты. Бирок Иса ошол замат көздөн кайым болду. 32 Шакирттер өз ара: — Эсиңдеби, жолдо ал бизге ыйык жазмалардын маанисин ачып, түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз от болуп жалындабады беле? — дешти. 33 Ошол замат ордуларынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти да, он бир шакиртти жакын адамдары менен чогулуп олтурушкан жеринен табышты. 34 Алар Эгебиздин чындыгында эле кайра тирилип, Ысманга көрүнгөнүн кеп кылып жатышкан экен. 35 Эки шакирт дагы жолдо болгон окуяны жана Исаны нан сындырып жатканда таанып калышканын айтып беришти.

Исанын чогулуп олтурган шакирттерине көрүнүшү

36 Алар ушундай деп сүйлөшүп жатканда Иса алардын арасына өзү пайда болду да: — Тынчтык болсун силерге! — деди. 37 Жүрөгү түшкөн алар аны арбак экен деп ойлошту. 38 Ошондо Иса аларга айтты: — Неге коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар? 39 Колдорумду, буттарымды карап көргүлө, бул мен өзүммүн. Мени кармап көргүлө, анткени арбактын меникиндей эти менен сөөгү болбойт. 40 Иса ушундай деди да, аларга колдору менен буттарын көрсөттү. 41 Алар кубанганынан ишене албай, аң-таң болуп турушту. Ошондо Иса: — Жегидей бир нерсеңер барбы? — деди. 42 Алар ага куурулган балыктын бир үзүмүн сунушту. 43 Иса аны алып, алардын көзүнчө жеди. 44 Анан аларга айтты: — Силер менен бирге жүргөн кезде эле: «Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын китептеринде жана Забурда мен жөнүндө айтылгандардын бардыгы аткарылышы керек», — деп айткам. 45 Ошондо ал ыйык жазмалардын маанисин түшүнүүгө шакирттердин акыл-сезимин ойготту. 46 Сөзүн улап: — Дагы мындай деп жазылган: «Машаяк ушул азапты башынан өткөрүп, үчүнчү күнү өлүмдөн кайра тирилиши керек 47 жана тобо кылып, ниеттерин өзгөрткөн адамдардын күнөөлөрү кечирилет деп, анын атынан Иерусалимден баштап, бардык элдерге кабар жарыялоо керек». 48 Силер болсо буга күбөсүңөр. 49 Мен силерге Атам убада кылган Ыйык Рухту жиберем. Силер болсо жогорудан келе турган ошол кудуретке толгуча Иерусалимде болгула! —деди.

Исанын асманга көтөрүлүшү

50 Иса шакирттерин шаардын сыртына алып чыгып, Бетанияга жакын жерге ээрчитип келди да, колун жайып, батасын берди. 51 Бата берип жаткан маалда алардан алыстап, көккө көтөрүлө баштады. 52 Шакирттери тизе бүгүп, ага таазим кылышты. Анан кубанычтары койнуна батпай, Иерусалимге кайтып келишти да, 53 ар убакта Кудайды даңазалап, ыйбадатканада жүрүштү.

Жахан 1

Кудайдын түбөлүктүү Сөзү жөнүндө

(1:1-3) Эң башында Cөз болгон, Cөз Кудай менен болгон жана Кудай Сөз болгон. Сөз эң башында Кудай менен болгон. Баары Сөз аркылуу жаратылган. Баары ошол ошол Сөз аркылуу пайда болгон жана пайда болгон нерселердин эч бири өзүнөн өзү пайда боло калган эмес.

Кудайдын Нуру жана бул дүйнөнүн караңгылыгы

(1:4-13) Сөздө өмүр бар болгон жана ошол өмүр адамдардын нуру болгон. Нур караңгыда жаркырап, жанып турса да, аны караңгы басып кала албаган. Кудай тарабынан жиберилген бир Яхья аттуу киши болгон. Ал сөзү аркылуу адамдардын баары ишене алышсын деп, Нур тууралуу айтып берүү үчүн күбө катары келген. Яхья өзү Нур болгон эмес, ал Нурдун күбөсү болуу үчүн гана келген... Бул дүйнөгө келген ар адамга жарыгын чача турган чыныгы Нур келе жатты. Бул дүйнөдө ошол Нур бар болчу, бул дүйнө ошол Нур аркылуу жаратылган, а бирок бул дүйнө аны тааныган жок. Нур өз элине келди, бирок өз эли аны кабыл албады. Ал эми кабыл алып, ага ишенгендерге ал Кудайдын балдары болуу бийлигин берди. Алар кандан эмес, дененин же эркектин каалоосунан эмес, Кудайдан туулгандар.

Сөздүн адамга кейпин кийиши жөнүндө

(1:14-18) Мээрим менен акыйкатка толгон ошол Сөз адам кейпин кийип, арабызда өмүр сүрдү. Биз Кудайдын жалгыз Уулунукундай улуулукту ошондон көрдүк. Яхья ал тууралуу адамдарга, кыйкыра жар салып жүрдү: — “Аркамдан Келаткан озуп кетти, анткени ал менден мурда эле бар болгон” деп, ушул киши тууралуу айткан болчумун! Анын жеткилең толуктугунан баарыбыз ырайымдын үстүнө ырайым алып жатабыз. Мыйзам Муса аркылуу берилген, ал эми ырайым менен акыйкат болсо Иса Машаяк аркылуу келди. Чындыгында Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес. Жападан жалгыз Кудайды бизге Атасынын ичиндеги Машаяк түшүндүрүп берди.

Яхьянын өзү жөнүндө берген күбөлүгү

(1:19-28) Иерусалимдик яхудейлер диний кызматкерлер менен левиттердин5 бир нечесин Яхьянын ким экендигин билип келүү үчүн жиберишти. Яхья өзүнүн ким экенин жашырбастан аларга ачык айтты: — Мен Машаяк эмесмин, — деди ал. Тигилер: — Анда эмне, Илияс пайгамбарсыңбы? — дешти. Яхья: — Жок! — деп жооп кайтарды. Тигилер: — Балким келе турган Пайгамбар сен чыгарсың? — деп сурашты. — Жок! — деди Яхья. — Бизди жибергендерге жообуңду айта баралы, ким экениңди айтып койчу? ¤зүңдү ким деп эсептейсиң? Ошондо Яхья Исаия пайгамбардын сөзүн келтирип жооп берди: — “Мен чөлдө зарлаган үнмүн. “Теңирге жол даярдагыла!”” Жиберилгендердин арасынан парызчылдар тобуна киргендеринен бирөө: — Сен Машаяк да, Илияс да, келе турган Пайгамбар да болбосоң, анда неге элди сууга чөмүлдүрүп жатасың? — деди. Яхья: — Мен жөн гана сууга чөмүлдүрөм, бирок араңарда силер билбеген Бирөө бар. Менден кийин ошол келет. Мен анын чарыгынын боосун чечүүгө да татыбайм. Бул окуя Яхья адамдарды сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүргөн Иордан дарыясынын жанындагы Бетабара айылынын тушунда болуп өттү.

Кудайдын козусу

(1:29-34) Кийинки күнү Яхья өтүп бараткан Исаны көрүп: — Карагыла, адамзаттын күнөөсүн мойнуна ала турган Кудайдын Козусу келатат! “Аркамдан Келаткан озуп кетти, анткени ал менден мурда эле бар болгон” деп ушул киши тууралуу айткан болчумун. Мен бу кишини мурда таанычу эмесмин, бирок адамдарды сууга чөмүлдүрүп жүргөндөгү максатым: аны элге таанытуу болчу, — деди. Яхья дагы мындай деди: — Мен Ыйык Рухтун көгүчкөн сымал көктөн түшүп келип, анын үстүндө турганын көрдүм. Эгерде мени адамдарды сууга чөмүлдүрүүгө Жиберген: “Кимге Ыйык Рух асмандан түшүп келгенин көрсөң, адамдарды Ыйык Рухка ошол чөмүлдүрөт!” — деп айтпаган болсо, мен да аны тааный алмак эмесмин. Мен Ыйык Рухтун кимге түшкөнүн көрдүм, ошондуктан анын Кудай Уулу экенин күбөлөндүрүп жатам, — деди.

Идрис менен Петростун чакырылышы

(1:35-42) Кийинки күнү Яхья эки шакирти менен сүйлөшүп турган. Аңгыча жанынан өтүп бараткан Исаны көрө калып: — Карагыла, Кудайдын Козусу ушул! — деди. Шакирттери бул сөздү угаары менен Исанын артынан түшүштү. Ошондо Иса артына кылчая карап, алардын келе жатканын көрдү да: — Силерге эмне керек? — деди. Алар: — Рабби, сиз каерде жашайсыз? — деп сурашты. Иса: — Жүргүлө, көрүп кеткиле! — деп жооп берди. Алар Иса менен бирге барып, кайда жашаганын көрүштү да ошол күндү аны менен чогуу өткөрүштү. Убакыт түштөн ооп калган болчу. Яхьянын айтканынан улам Исанын ээрчип кеткендердин бири Ысман Петростун агасы Идрис болчу. Идрис адегенде иниси Ысманга барып: — Биз Машаякка жолуктук! — деп, анын Исага ээрчитип келди. Иса Ысманга тике карап: — Сен — Жүнүс уулу Ысмансың. Мындан ары атың “Кефас” болсун! — деди.

Филип менен Натанаилдин чакырылышы

(1:43-51) Кийинки күнү Иса Галилеяга барууну чечти да Филипоско барып: — Мени ээрчи! — деди. (Филипос Идрис менен Петрос сыяктуу эле Бетсаида шаарынан эле.) Ал Натанаилди таап: — Биз Муса жана башка пайгамбарлар өз китептеринде жазып кеткенге жолуктук. Ал назареттик Жусуптун уулу Иса экен! — деди. Бирок Натанаил: — Ай койчу, Назареттен да бир жакшы нерсе чыкмак беле? — деп ишенбеди. — Анда барып, өз көзүң менен көрүп келбейсиңби! — деди ага Филипос. Келе жаткан Натанаилди көргөндө Иса: — Мына, ичинде кытмырлыгы жок накта израилдик келатат! — деди. — Сен мени кайдан билесиң? — деди таңкалган Натанаил. Иса: — Филипос чакырардан мурда эле анжирдин түбүндө турганыңда көргөм, — деди. Ошондо Натанаил: — Устат, сен — Кудайдын Уулусуң! Сен — Исраилдин Падышасысың, — деди. — Сен “анжирдин түбүндө турганыңда көргөм” дегенимден ишенип жатасың, — деди ага Иса, — али мындан улуу иштерди көрөсүң. Силерге бир чындыкты айтып коеюн: көк ачылып, Кудайдын периштелеринин Адам Уулунун үстүнө түшүп-чыгып жатканын көрөсүңөр.

Жахан 2

Суунун шарапка айланышы

(2:1-11) Ушул окуялардан эки күн өткөндө Галилея аймагынын Кана деген шаарчасында үйлөнүү тою болду. Исанын энеси ошол жакта эле. ¤зү да шакирттери менен бирге тойго чакырылды. Тойдо шарап түгөнүп калды. Ошондо Исанын энеси Исага кайрылып: — Булардын шарабы түгөндү, — деди. Иса: — Эй аялзаты, буга экөөбүздүн кандай тиешебиз бар? Менин саатым али келе элек! — деп жооп берди. Бирок энеси тойдогу кызматчыларга: “Эмне десе ошондой кылгыла!” — деди. Ошол жерде даарат алууга даярдалган, ичине жүз литрдей суу сыйчу таш идиштер турган. Иса кызматчыларга ошол идиштерди суу менен толтуруунун буюрду. Алар мелт-калт кылып толтурушканда: “Эми, сузуп, тойбашыга алып баргыла!” — деди. Кызматчылар тойбашыга алып барышты. Тойбашы шарапка айланган суудан ооз тийди да (ал бул шараптын кайдан келгенин билген эмес, суу сузуп алышкан кызматчылар гана билишкен) күйөөнү чакырып: “Адегенде шараптын жакшысын, анан коноктор кызып калышканда начарын беришет. А сен болсо жакшысын ушул убакка чейин сактаптырсың”, — деди. Иса ушинтип Галилеялагы Канада укмуштарынын башталышына жол коюп, өзүнүн улуулугун көрсөттү. Шакирттери да анын ким экенине ишеништи.

Иса ийбадатканада

(2:12-25) Ушундан соң Иса Капернаумга кетти. Энеси, бир туугандары, шакирттери да аны менен бирге барышып, анда бир нече күн жашап турушту. Курман айт жакындап калганда Иерусалимге келди. Ибадатканадан өгүздөрдү, койлорду, көгүчкөн сатып отургандарды жана акча алмаштыруучуларды көрдү. Аркандан камчы жасап алып, баарын ибадатканадан кууп чыкты. Койлору менен өгүздөрдүн да айдап чыкты. Акчаларын чачып, столдорун оодарып салды. Көгүчкөн саткандарга: “Жоготкула мунуңарды! Атамдын үйүн сооданын үйүнө айлантпагыла!” — деди. Ошондо шакирттери Забурдагы: “‡йүңдү кызганып, ичим өрттөндү” деген пайгамбарчылык сөздү эстешти. Яхудейлер болсо: — Мындай кылууга кандай акың бар? Бизге кандай белги көрсөтүп, ушундай иш кылууга укугуң бар экенин далилдей аласың?— дешти. Иса аларга: — Бул ийбадаткананы бузсаңар, мен аны үч күндө кайра тургузам! — деп жооп берди. — Бул ийбадаткана кырк алты жылдан бери курулуп келе жатат. Сен аны үч күндө кайра тургузмакчысыңбы? (Иса болсо ийбадаткана деп өзүн айткан эле. Кийин Иса кайра тирилгенде бул сөздөр шакирттеринин эсине түшүп, Ыйык Жазмалар менен Исанын сөзүнө ишенишкен.) Курман айтта Иса Иерусалимде болуп, көп укмуштуу иштерди жасады. Жасаган укмуштарын көп адамдар көрүшүп, ага ишеништи. Бирок адамдардын табияты кандай экенин, ичтеринде эмне жатканын бирөөлөрдүн кеңешисиз эле абдан жакшы билген Иса аларга өзүн ишенип тапшырбады.

Жахан 3

Кудайдын Рухунан туулгандар

(3:1-21) Парызчылдар арасында яхудей башчыларынын бири — Никодим деген киши бар эле. Ал Исага түн жамынып келип: — Устат, сизди Кудайдан келген мугалим деп билебиз, анткени Кудай колдобосо сиз кылып жаткан укмуштар эч кимдин колунан келбейт, — деди. — Сизге бир чындыкты айтып коёюн, — деди ага Иса, — жогортон туулбаган адам Кудайдын падышачылыгын көрө албайт. — Адам карыганда кантип кайра туулмак эле? Экинчи ирет курсакка кирип, кайра туулмакпы? — Сизге мен чындыкты айтып жатам: суу жана Рухтан туулбаган адам Кудай падышачылыгына кире албайт, анткени денеден дене, Рухтан рух туулат. “Жогортон туулууга тийишсиз!” дегениме таңыркабаңыз. Мисалы, шамал кай жерде кааласа, ошол жерде согот. ‡нүн укканың менен кайдан келип, кайда кеткенин билбейсиң. Рухтан туулган адам менен да ушундай болот. — Муну кандайча түшүнсө болот? — Исраилдин мугалими болуп туруп, ушуну түшүнбөйсүзбү?! Сизге чындыкты айтып коёюн: биз билгенибизди айтып, көргөнүбүздү сүйлөйбүз, а сиздер биздин сөзүбүздү кабыл албай жатасыздар. Мен сиздерге жердеги нерселер тууралуу айтсам ишенбейсиздер, анан көктөгү нерселер тууралуу айтсам кантип ишенесиздер? Көктө жашап, жерге түшүп келген Адам Уулунан башка эч ким көккө чыгып барган эмес. Муса чөлдө таяктын башына илип, жогору көтөрүп койгон жылан сыяктуу, ишенген адам куурабай, түбөлүк өмүргө ээ болуусу үчүн Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш. Анткени Кудай бул дүйнөнү ушунчалык катуу сүйгөндүктөн ар бир ишенген адам тозокко түшпөй, тескерисинче түбөлүк өмүрлүү болсун деп жалгыз Уулун курмандыкка берди. Бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, ал аркылуу куткаруу үчүн берди. Кудай Уулуна ишенген адам акыретте сотко келбейт, ал эми ишенбеген адам болсо эмитен эле айыптуу, анткени Кудай жалгыз Уулун жиберип жатса, ал ишенбей койду. А сот дегенимдин мааниси мындай: бул дүйнөгө Кудайдын Нуру келди, бирок адамдар Нурдан көрө караңгылыкты артык көрүштү. Анткени алардын кылган иштери жаман болчу. Ар бир жамандык кылган адам жарыкты жек көрөт. Кылган иштери ашкере болбосун үчүн ага барбайт. Себеп дегенде анын кылган иштери жаман. Ал эми ак жашаган адам кылган иштери ачык болуш үчүн жарыкка барат. Анткени анын иштери Кудайга жагат.

Яхья жана Иса

(3:22-36) Ушундан соң Иса шакирттери менен Яхудияга барып жашап, адамдарды сууга чөмүлдүрүп жүрдү. Яхья да Салим айылынан көп алыс эмес Энондо чөмүлдүрүп жүрдү. (Анткени ал жерде суу көп болчу). Адамдар келишип, чөмүлдүрүлүп жатышты. Яхья али түрмөгө камала элек болчу. Бир күнү Яхьянын шакирттери менен бир яхудейдин ортосунда адалдануу расмиси туурасында талаш чыгып кетти. Шакирттери Яхьяга келишип: — Устат, Иорданда сиз менен бирге болгон киши да адамдарды сууга чөмүлдүрүп жүрөт. Бизге ал жөнүндө өзүңүз да айтып бергенсиз, — дешти. Яхья: — Адамга асмандан бийлик берилбесе, өзү эч нерсени кабыл ала албайт. “Мен Машаяк эмесмин, тек гана Кудай мени андан мурда жиберген” дегениме өзүңөр күбөсүңөр. ‡йлөнүп жаткан — бул күйөө, ал эми анын жанында туруп алып сөзүн тыңшап турган күйөө жолдош болсо досунун үнүн укканына кубанат. Азыр менин кубанычым ашып-ташып турат. Иса өсүп, мен пасайышым керек. Көктөн келген — баарынан улуу, ал эми жердеги болсо жердиктерге таандык, ошондуктан жердеги нерселер тууралуу кеп кылат. Көктөн келген баарынан улуу. Ал уккан-көргөн нерселери тууралуу сүйлөп жатса айткандарын эч ким кабыл албай жатат. Бирок ким кабыл алса, ушундай кылуусу менен Кудайдын акыйкат экенин ырастайт. Ким Кудайдан келсе, ал Кудайдын сөзүн сүйлөйт, анткени Кудай ага Ыйык Рухту ченемсиз берет. Кудай Ата өз Уулун абдан жакшы көрөт, ошондуктан баарын Уулунун колуна тапшырган. Кудай Уулуна ишенген ар ким түбөлүк өмүрлүү, ал эми ага баш ийбегендер өмүрдөн кур жалак калып, Кудайдын каарына кабылышат.

Жахан 4

Иса жана самариялык келин

(4:1-26) “Яхьяга караганда Иса көп адамдарды сууга чөмүлдүрүп, шакирттери көбөйүп жатыптыр” деген имиштин парызчылдарга жеткенин укканда Иса Яхудиядан чыгып, Галилеяга бет алды. (Бирок, чындыгында, адамдарды Иса өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүшчү.) Жолдо Самария аркылуу өтүү керек болуп, Сихарь шаарына келди. Жакып уулу Жусупка берген талаа ушул шаардын жанында жайгашкан. Талаада “Жакыптын кудугу” деген кудук бар эле. Иса жолдон чаалыгып, кудуктун жанына көчүк басты. Убакыт түшкө маал болуп калган. Аңгыча самариялык бир келин суу алганы келди. Иса андан: — Суу сузуп берчи, — деп өтүндү. (Шакирттери болсо шаарга тамак-аш сатып келүү үчүн кетишкен.) Аял: — Сиз яхудей болуп туруп, менден, самариялыктан, кандайча суу сурап жатасыз? — деп жооп берди. — Эгерде сен Кудайдын белеги менен “суу сузуп берчи” деп сурагандын ким экенин билсең, анда өзүң андан сурамаксың, ошондо ал сага мүрөк суусун бермек. — Мырза, сузуп аларга эч нерсеңиз жок экен, кудук болсо терең. Анан кайдан сиз мүрөктүн суусун алмакчысыз? Сиз эмне, өзү, балдары, малы суу ичкен жана мына бул кудукту бизге берген атабыз Жакыптан да чоңсузбу? — Бул сууну ичкен ар ким, кайра суусайт, ал эми ким мен бере турган сууну ичсе, ал эч качан суусабайт. Мен берген суу анын ичинен түбөлүк өмүргө агуучу суунун булагы болуп калат. — Мырза, эч качан суусабас үчүн жана бул жакка суу алганы келбес үчүн ошол суудан мага бериңизчи. — Анда бар да, күйөөңдү чакырып кел. — Менин күйөөм жок. — Ооба, күйөөм жок деп чындыкты айттың, анткени мурда сенин беш күйөөң болгон, бирок азыркың күйөөң эмес. Сен чындыкты айттың. — Оо мырза! Сиз пайгамбар экенсиз, муну мен көрүп турам! Биздин ата-бабаларыбыз Кудайга мына бул тоонун үстүндө ибадат кылышчу, бирок сиздер, яхудейлер, Иерусалимде ибадат кылыш керек дейсиздер. — Мага ишенип кой, аял, адамдар Кудай Атага мына бул тоодо да, Иерусалимде да табынбай кала турган заман келе жатат. Силер, самариялыктар, кимге табынып жатканыңарды билбейсиңер, а биз, яхудейлер, билебиз, анткени куткарылуу биз аркылуу ишке ашат! Адамдар чын жүрөктөн, Ыйык Рухтун жетегинде Кудай Атага таат-ибадат кыла турган убакыт келе жатат, ал тургай келип да калды. Кудай Ата ушундай табынуучуларды издейт. Кудай — Рух, ошондуктан ага ибадат кылгандар чын жүрөктөн Ыйык Рухтун жетегинде табынышы керек. — Мен Машаяктын келерин билем. Ал келгенде бизге баарын түшүндүрүп берет. — Ошол — менмин, сени менен сүйлөшүп жатканмын, — деди ага Иса.

Оруу-жыюу маалы тууралуу ибарат

(4:27-38) Ушул убакта шакирттер келишип, Исанын аял менен сүйлөшүп жатканына абдан таң калышты. Бирок эч кимиси аялга: “Сага эмне керек?” — деп, ал эми Исага: “Самариялык аял менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?” — дешкен жок. Аял болсо баканын таштай сала шаарга жүгүрүп барып: «Жүргүлө, башыман өткөндүн баарын айтып берген адамды көрүп келгиле! Балким, биз күткөн Машаяк ошолдур?» — деп жар салды. Сихардыктар сыртка чыгышып, Исага жөнөштү. Бул убакта шакирттер Исадан: Устат, тамак жеп ал, — деп өтүнүп жатышкан эле. Иса аларга: — Менде силер билбеген бир “тамак” бар, — деп жооп берди. Шакирттери бири-биринен: “Бирөө тамак апкелип бердиби?” — деп сурашты. — “Менин тамагым, — деди Иса, — мени жибергендин каалоосуна баш ийүү жана анын ишин аткаруу. Силер: “оруу-жыюу дагы төрт айдан кийин башталат” дейсиңер, а мен айтам: “көзүңөрдү ачып, жакшылап талааларды карагылачы, эгин кандай агарып, орууга дапдаяр болуп бышып калды”. Оргондор акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн жемиш чогултуп жатышат. Ошентип, сепкен да, оргон да чогуу кубанышат. “Бири себет, экинчиси жыйнап алат” деген сөз чын. Мен силерди силер сээп эмгектенбеген талаадагы түшүмдү орууга жибердим. Анда башкалар иштеп, мээнет кылышкан, а силер болсо алардын мээнетинин пайдасын көрүп жатасыңар.

Аялдын күбөлүгү

(4:39-42) Көптөгөн сихардыктар аялдын: “баштан өткөргөнүмдүн баарын айтып берди” деген сөзүнөн Исага ишенип калышты. Ошондуктан самариялыктар Исага келишип, конокко чакырышты. Иса алардын шаарында эки күн турду. Эки күндүн ичинде дагы көптөгөн адамдар Исанын сөзүнөн ишенимге келишип, жанагы келинге: “эми биз сенин сөзүңдөн улам эмес, Исанын өз оозунан угуп ишенип, чынында эле бул дүйнөнүн куткаруучусу ошол экенин билдик”, — дешти.

Пайгамбар өз мекенинде сыйлуу болбойт

(4:43-45) Эки күн өткөндө Иса Самариядан чыгып, Галилеяга жөнөдү. “Пайгамбардын өз мекенинде кадыры болбойт” деп өзү айткандай Галилеяга келгенде алар жылуу тосуп алышты. Бир чети галилеялыктар да Курбан айтка Иерусалимге барып, Исанын кылган бардык укмуштарын көрүшкөн. Ошентип Иса сууну шарапка айланткан Галилеядагы Канага кайра келди.

Падыша кызматчысынын баласынын айыктырылышы

(4:46-54) Капернаумда уулу ооруп жаткан бир падыша кызматчысы жашачу. Ал Исанын Галилеядан келгенин угуп, алдына барып: “Балам өлүм алдында жатат, үйгө келип, айыктырып бериңиз” деп өтүндү. — Укмуштар менен кереметтерди көрмөйүн эч кимиңиздер мага ишенбейсиздер, — деди Иса ага. Кызматчы: — Таксыр, уулум өлүп кала элегинде келиңизчи! — деп жалбарды. Ошондо Иса: — Бара бериңиз, балаңыз айыгат! — деди. Ал Исага ишенип, үйүнө жөнөдү. Алдынан кулдары тосуп чыгышып: — Уулуңуз айыгып кетти, — деп сүйүнчүлөштү. Кызматчы: — Саат канчада оорусу жеңилдеди? — деди. Кулдары: — Кечээ саат жетиде ысыгы кайтты, — деп жооп берди. Кызматчы бул убакыттын Иса ага: “балаңыз айыгат” деген саат экенин билди. Ошондо ал бүт үй-бүлөсү менен Исага ишенди. Бул Исанын экинчи укмуштуу иши болду. Муну ал Яхудиядан Галилеяга кайтып келгенде жасады.

Жахан 5

Шал ооруулуунун айыгышы

(5:1-9) Ушундан cоң яхудейлердин майрамы болуп, Иса Иерусалимге келди. Иерусалимдин “Кой дарбазасы” деп аталган дарбазасынын жанында, койлорду жуутка сала турган көлмө бар эле. (Ал көлмө еврейче Бетезда деп аталат.) Көлмөнүн айланасында үстү жабык беш бастырма жайгашкан. Ошолордун ичинде суунун толкуусун күтүп, оорулуулар, сокурлар, чолоктор, шал болуп ооругандар жана башка көптөгөн ноокастар жатышчу. Анткени Теңирдин периштеси мезгил-мезгили менен көлмөгө түшүп, сууну толкутуп турчу экен. Ошондо ким биринчи болуп сууга кирсе, кандай гана оорууга чалдыкпасын, айыгып кетчү. Ушул жерде отуз сегиз жыл бою ооруп, төшөктө жаткан адам бар эле. Иса аны көрүп, көптөн бери жатканын түшүндү. — Сакайгың келеби? — деди ага Иса. Тиги киши: — Ооба таксыр, бирок суу толкуганда мени алып түшөөр адам жок. Эптеп жеткиче эле башка бирөө озунуп түшүп алат, — деп жооп берди. Ошондо Иса: — Тур, төшөгүңдү көтөр да бас! — деди. Тигил адам ошол замат айыгып, төшөгүн колуна көтөрүп, басып кетти.

Ишемби күнү

(5:9-18) Бул иш ишемби күнү болгон эле. Ошондуктан яхудейлер айыккан кишиге: — Бүгүн ишемби, сен төшөгүңдү көтөрбөшүң керек! — дешти. — Мени айыктырган киши “төшөгүңдү көтөр да бас!” деди. — Сага “төшөгүңдү көтөр да бас” деген ким ошол? Иса ошол жерде турган элдин арасына сиңип кеткендиктен айыккан адам аны жакшы тааныбай калган. Кийин Иса аны ыйбадатканадан көрүп: — Мына, эми айыктың, баштагыдан да оор ахвалга туш болбоо үчүн мындан ары күнөө кылба! — деди. Айыккан киши болсо барып, аны айыктырган кишинин Иса экенин яхудейлерге жарыя кылды. Ошондо яхудейлер Исаны куугунтукка ала башташты. Мындай ишти ишемби күнү кылгандыгы үчүн өлтүрүүнүн амалын издешти. Иса аларга: — Атам ушуга чейин тынбай эмгектенип келүүдө, ошондуктан мен да тынбайм, — деди. Яхудейлер Исанын ишемби күндүн эрежесин гана бузуп тим болбостон, өзүн Кудайга теңеп, Кудайды Атам дегени үчүн мурдагыдан да катуу ачууланышып, тезирээк өлтүрүүнүн жолун издешти.

Кудай Уулу берүүчү өмүр

(5:16-30) Ошондо Иса мындай деди: — Мен силерге чындыкты ачык айтып коеюн: эмгектенип жаткан Атасын көрбөсө, Уулу өз алдынча эч нерсе жасай албайт, анткени Атасы эмне иш жасаса, Уулу да ошону жасайт. Себеби Атасы Уулун сүйөт жана ага өзү жасаган иштеринин баарын көргөзүп берүүдө. Келечекте мындан да улуу иштерди көрсөтөт, ошондо силер таң каласыңар. Анткени өлүктөрдү тирилтип, жан салган Атасы сыяктуу Уулу да каалаганына жан салат. Атам өзү эч кимди соттобойт, бирок бүт адамдар мени Атамдын өзүн урматтагандай урматтасын үчүн бардык сотту мага өткөрүп берген. Мени урматтабаган адам, мени жиберген Атамы да урматтабайт. Силерге өтө маанилүү чындыкты айтып коеюн: менин сөзүмө баш ийип, мени жибергенге ишенген адам түбөлүк өмүрлүү болот жана кыяматта сотко тартылбайт. Ал адам өлүмдөн өмүргө өтүп кеткен адам. Силерге чындыкты айтып жатам: өлүктөр Кудай Уулунун үнүн угуп, тириле турган мезгил келе жатат, ал тургай келип калды. ¤зү өмүр бере турган кайнар булак болгон сыяктуу Атам мени да ошондой булак кылды. Ошондой эле мага сот жүргүзүү бийлигин да берди. Анткени мен — Адам Уулумун. Бул сөзүмө таң калбагыла, анткени көрдө жаткандар Кудай Уулунун үнүн угуша турган убакыт келе жатат, ошондо жакшылык кылгандар чыныгы өмүргө кирүү үчүн, ал эми жамандык кылгандар болсо соттолуу үчүн кайра тирилишет. Мен өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Атам кандай десе, ошондой соттойм. Менин сотум адилеттүү, анткени мен өзүмдүкүн эмес, мени жөнөткөн Атамдын каалоосун издейм.

Исанын күбөлөрү

(5:31-47) Эгер мен өзүм тууралуу өзүм гана күбөлүк берип жаткан болсом, анда менин күбөлүгүм акыйкатка жатмак эмес. Бирок мен жөнүндө күбөлүк берип жүргөн дагы Бирөө бар. Мен анын күбөлүгүнүн акыйкат экенин билем. Ырас, силер Яхьяга киши жиберип, анын мен тууралуу берген акыйкаттуу күбөлүгүн уктуңар. Мен пенденин күбөлүгүнө муктаж болбосом да муну силердин куткарылып калууңар үчүн айтып жатам: Яхья жаркырап жанып, нурун чачкан шам болчу. Силер болсо анын нурунда убактылуу гана шаттангыңар келди. А менин күбөлүгүм аныкынан күчтүү. Азыр жасап жаткан иштеримди Атам мага аягына чык деп берген. Ушул иштерим — мени Атам жибергендигине күбө. Ошондой эле мени жиберген Атамдын өзү да мен жөнүндө күбөлүк берген. Бирок силер эч качан анын үнүн да уккан эмессиңер, жүзүн да көргөн эмессиңер, сөзүн да дилиңерге жазган эмессиңер. Ошол себептен силер анын жибергени — мага ишенбейсиңер. Ырас, силер Ыйык Жазмаларды казып, ошолор аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар, бирок алардын мен жөнүндө күбөлүк бергендигин билбейсиңер. Чыныгы өмүргө ээ болуу үчүн мага келгиңер келбейт. Мен урмат-сыйды адамдардан күтпөйм, анткени силердин ичиңерде Кудайга болгон сүйүүнүн жок экенин билем. Атамдын атынан келсем да кабыл албай жатасыңар, а бирок башка бирөө өзүнүн атынан келгенде, аны кабыл аласыңар. Бири-бириңерден урмат-сыйды кабыл алып, бирок жалгыз Кудайдан гана боло турган чыныгы урмат-сыйды издебесеңер, кантип менин Кудайдан келгендигиме ишене аласыңар? Мен силерди Атамдын алдында айыптайт деп ойлобогула, силерди айыптай турган башка бирөө бар. Ал өзүңөр таянып, үмүт арткан Муса. Эгерде силер Мусага чындап эле ишенсеңер, анда мага да ишенет элеңер, себеби анын жазгандары мен жөнүндө. Эгерде анын жазгандарына ишенбесеңер, анда кантип менин айткандарыма ишенесиңер?

Жахан 6

Беш нан жана эки балык менен миң кишинин тоюшу

(6:1-15) Ушундан соң Иса Галилея деңизинин (б.а. Тиберия деңизи) аркы өйүзүнө өттү. Исанын ооруларды укмуштуудай жол менен айыктырганын көрүшкөн калың эл аны ээрчип, кошо жөнөдү. Иса дөбөгө чыгып, аркасынан кошо чыккан шакирттери менен сүйлөшүп отурду. Яхудейлердин курман айт деген диний майрамы жакындап калган убак эле. Иса ылдый көз чаптырып, келе жаткан калың элди көрдү. Анан Филипке кайрылып: — Булардын баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алышыбыз керек? — деди. Иса эмне кылыш керек экенин өзү билип турса да Филипти сынаш үчүн ушундай деген эле. — Эки жүз динарийге нан сатып ала турган болсок да булардын ар бирине бир сындырымдан тийбей калат, — деп жооп берди ага Филип. Шакирттеринин бири, Ысман Петростун иниси Идрис Исага: — Бул жерде бир бала жүрөт, анын беш арпа наны менен эки балыгы бар экен... А бирок мынчалык көпчүлүккө алар жук болмок беле? — деди. — Элди жайгаштыргыла! — деди Иса. Беш миңге жакын адам ошол жердеги көкчүмөлгө жамбаштап жатып калышты. Иса нандарды алып, Кудайга ыраазычылык айтты да шакирттерине бөлүп берди. Шакирттери элге таратышты. Балыктан да каалагандарынча таратып беришти. Эл тойгондо, Иса шакирттерине: — Ысырап кылбастан калган нанды чогултуп алгыла! — деди. Чогултушканда беш арпа нандан он эки себет толо артып калды. Ошондо Иса жасаган ажайыпты көргөн адамдар: — Дүйнөгө келүүгө тийиш болгон Пайгамбар нак ушул, — дешти. Ушундай деп, ошол замат өздөрүнө падыша кылып шайлап алууга ниеттеништи. Алардын бул оюн туйган Иса кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калды.

Деңиз үстүнөн баскан караан

(6:16-22) Кеч киргенде шакирттери деңизге түшүп келишти да кайыкка отурушуп, деңиздин аркы жагына, Капернаумга сүзүп жөнөштү. Караңгы кирип бараткан. Иса болсо кечигип, келбей жатты. Аңгыча бороон башталып, деңиз толкундады. Жээктен беш-алты чакырым узашканда деңиздин үстү менен кайык тарапты карай келаткан караанды көрүп, жүрөктөрү түшүп калды. Иса: “Бул мен, коркпогула!” — деди. Исаны кайыкка түшүрүп алайын дешкенде кайык дароо сүзүп бара жаткан жээкке жетип калды.

Исаны издеген эл

(6:22-59) Кийинки күнү деңиздин чыгыш жээгинде калган эл Исанын шакирттери түшкөн жалгыз кайыктан башка кайык жок экенин көрүштү. Исанын шакирттери менен бирге кайыкка түшпөгөнүн, шакирттери өздөрү эле сүзүп кеткенин эстешти. Ушул убакта Теңирдин батасынан кийин нан жеген жерге Тибериядан дагы башка кайыктар сүзүп келишти. Иса менен шакирттеринин бул жакта жок экенин көргөн эл кайыктарга түшүп, Исаны издеп, Капернаумга сүзүп жөнөштү. Исаны деңиздин аркы жагынан табышкан алар: — Устат, бул жакка качан келдиңиз? — дешти. — Силерге ачуу чындыкты айтам, — деди аларга Иса, — силер мени укмуштарды көргөндүгүңөрдөн эмес, курсагыңар тойгондугунан издеп жүрөсүңөр. Чирий турган тамакка умтулбастан, түбөлүк өмүр бере турган тамакка умтулбайсыңарбы! Ал тамакты Адам Уулу берет, анткени Кудай Ата ага өзүнүн мөөрүн басып, ушундай кылууга бийлик берген. — Кудай бизден кандай иштерин кылуубузду күтөт? — Анын Жибергенине ишенгиле, Кудайдын иши ушул! — Сиз кандай укмуш жасай аласыз, биз көрүп анан ишенели? Эмне кыла аласыз? Мисалы, Ыйык Жазмаларда “ал аларга нанды көктөн түшүрүп берди” деп жазылгандай, биздин ата-бабаларыбыз чөлдө нан жешкен. — Силерге бир чындыкты айтып коеюн: силерге Муса эмес, менин атам чыныгы нанды көктөн берип келүүдө. Анткени Кудай берген нан деп көктөн түшүп, бул дүйнөгө ¤мүр Берүүчүнү түшүнүш керек. Ошондо эл: — Таксыр, бизге дайыма ошондой нандан берип турсаңыз, — дешти. — Мен — өмүр нанымын. Мага келген адам ач калбайт. Мага ишенген эч качан чаңкабайт. Бирок, мен силерге мурда айткандай: “мени көрдүңөр, бирок ишенбейсиңер”. Атамдын берген кишилеринин баары мага келет. А мен болсом келген адамды кубалайбам, анткени көктөн өзүмүн эмес, мени жиберген Атамдын каалоосун аткаруу үчүн түштүм. Мени Жибергендин каалоосу болсо — мага берген адамдарынын эч кимисин жоготпой, баарын акыркы күнү кайра тирилтүүм. Анткени мени жиберген Атамдын каалоосу — азыр анын Уулун көрүп, айткандарына ишенгендердин баарынын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аларды акыр заманда кайра тирилтем. Исанын “Мен — көктөн түшкөн нанмын” дегенине яхудейлер нааразы болушуп, күңкүлдөй башташты: — Эй, бул жанагы эле Жусуптун баласы Иса эмеспи? Ата-энесин биз тааныйбыз го! Анан кандайча “мен көктөн түштүм” дейт? — Күңкүлдөбөгүлө, — деди аларга Иса, — эгерде мени жиберген Атам тартпаса эч ким мага келе албайт. Мага келген адамды акыркы күнү тирилтип алам. Бир пайгамбардын китебинде: “Кудай алардын баарына таалим берет” деп жазылган. Атамды угуп, андан таалим алган ар ким мага келет. Көктөн түшкөн менден башка эч ким Кудай Атаны көргөн эмес. Аны бир гана мен көргөм. Силерге чындыкты айтып жатам: мага ишенген адам түбөлүк өмүрлүү. Мен — өмүр нанымын.Силердин аталарыңар чөлдө гүлазык жешкен, бирок кийин өлүшкөн. Ал эми көктөн түшкөн нанды жеген болсо өлбөйт. Көктөн түшкөн нан ушундай. Көктөн түшкөн тирүү нан — менмин. Мени “жеген” түбөлүк өмүр сүрөт. Мен берчү нан — бул менин денем, мен аны бул дүйнөнүн куткарылышы үчүн берем. Муну угуп турушкан яхудейлер: — Кантип бул бизге жегенге өз денесин бере алат? — деп өз ара күңкүлдөй башташты. Иса аларга: — Силерге мен бир чындыкты айтып коеюн: эгерде силер Адам Уулунун денесин “жебей”, канын “ичпей” турган болсоңор, анда өмүрлүү болбойсуңар. Менин денемди жеп, канымды “ичкен” түбөлүк өмүрлүү болот жана мен аны акыркы күнү кайра тирилтем. Чыныгы тамак — бул менин денем, ал эми чыныгы ичимдик — менин каным. Менин денемди жеп, канымды ичкен адам мени менен жакын мамиледе болуп турат, а мен болсом аны менен жакын мамиледе болом. Мени түбөлүк тирүү Атам жөнөттү. Мен Атам аркылуу өмүр сүрөм. Ошонун сыңарындай мени жеген да мен аркылуу өмүр сүрө турган болот. Мына, көктөн түшкөн нан ушундай. Силердин аталарыңар манна жешкен жана каза болушкан. Ал эми бул нан андай эмес, бул нанды жеген түбөлүк өмүр сүрөт. Иса бул сөздөрдү Капернаумдагы синагогада айтты.

Тирүү сөздөр

(6:60-71) Исанын бул сөзүн укканда көптөгөн шакирттери нааразы болушту: — Кызыктай сүйлөп салды! Ким муну уга алат? — дешти. Иса шакирттеринин нааразычылыгын туюп: — Ушул сөздөрүм силерди айнытып жатабы? Анда Адам Уулунун келген жагына көтөрүлүп баратканын көргөндө эмне болосуңар? ¤мүрдү Рух берет, пенденин колунан эч нерсе келбейт. Менин силерге айтып жаткан сөздөрүмдүн маңызы — рух жана өмүр. Бирок араңарда кай бирөөлөрүңөр ишенбейсиңер, — деди. (Иса кимдердин ишенбегенин жана кимдин чыккынчылык кыларын башынан эле билчү.) Дагы мындай деп кошумчалады: — Ушундан улам силерге: “эгерде адамды Атам тартпаса эч ким мага келе албайт” деген элем. Ушул убактан тартып шакирттеринин көбү Исадан четтеп, жанында жүрбөй калышты. Ошондо Иса “он экиге” кайрылып: — Силердин да кеткиңер келген жокпу? — деди. Ысман Петрос: — Таксыр, сенден кетип кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берчү сөздөрү сенде. Сенин Машаяк — тирүү Кудайдын Уулу экениңе ишенип, көзүбүз жетти, — деп жооп берди. Иса: — Мен силерди он эки кылып тандап албадым беле, ыраспы? Бирок араңардагы бирөө — шайтан! — деди. Иса Жүйүт жөнүндө айткан болчу. Анткени ал “он экинин” бири болгону менен кийин Исаны сатып кеткен.

Жахан 7

Иса жана анын инилери

(7:1-9) Ушундан кийин Иса Яхудияга барбай Галилея аймагында жүрдү, анткени яхудейлер аны өлтүрүү амалын издеп калышкан. Яхудейлердин “чөп алачык” аталган майрамы жакындап келаткан. Бир күнү инилери: — Яхудияга барбайсыңбы! Ошол жактагы шакирттериң да укмуштарыңды көрүшсүн. Эл көзүнө түшкүсү келген киши иштерин көмүскөдө кылбайт. Ушунчалык иштерди кылып жатасың, өзүңдү дүйнөгө тааныт! — дешти. (Исага өзүнүн бир туугандары ишенишчү эмес.) — Менин саатым али чыга элек, — деди Иса аларга жооп берип, — а силер үчүн убакыт дайым даяр. Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, а мени жек көрөт. Себеп дегенде мен анын иштеринин жаман экенин ашкерелеп жатам. Силер майрамга бара бергиле, мен азыр барбайм, анткени менин убактым али келе элек. Ушундай деп Иса Галилеяда калып калды.

Иса чөп алачык майрамында

(7:10-24) Иса майрамга инилеринин артынан, эл көзүнөн далдаа келди. Майрам болуп жатканда яхудейлер “кайда жүрөт ал?” дешип, Исаны издешти. Иса тууралуу эл арасында ар кандай күбүр-шыбырлар жүрүп жатты. Бир даары “жакшы киши” дешсе, бир даары “элдин башын айланткан неме” дешти. Кантсе да яхудей башчыларынан коркуп, эч кимиси оюн эл алдында ачык айтышпады. Майрам ортолоп калганда Иса ибадатканага кирип, сөз сүйлөдү. Сөзүн уккан яхудейлер: — Бул эч жерден окубай туруп, Ыйык Жазмаларды кайдан билип алган? — деп, таң калышты. — Сөздөрүм өзүмдүкү эмес, мени Жөнөткөндүкү, — деди аларга Иса, — Кудайдын каалоосун аткаргысы келген адам бул сөздөрүмдүн — Кудайданбы, же өзүмөн чыгарып айтып жатамбы, — билип алат. Ким өзүнүн атынан сүйлөсө, ал өзүнө атак издейт, ал эми ким аны жөнөткөндүн даңкын издесе, анда анын сүйлөгөнү акыйкат жана анда адилетсиздик жок. Муса силерге Мыйзамды бербеди беле? Бирок эч кимиңер Мыйзамды сактабайсыңар. Андай болбосо эмне үчүн мени өлтүрөбүз деп жатасыңар? Эл ага: — Сага жин тийген жокпу? Ким сени өлтүрөм деп жатат? — деди. Иса сөзүн улантты: — Ишемби күнү бир керемет иш кылып койсом, баарыңар таң калып жатасыңар. Муса балдарыңарды сүннөткө олтургузууну буюрган (бирок, чынында муну Муса эмес, андан мурунку ата-бабалары баштаган), ошондуктан балдарыңарды олтургузганда ишембиге карабайсыңар. Эгерде силерге Мусанын Мыйзамы бузулбоосу үчүн баланы ишембиде сүннөткө олтургузганга мүмкүн болсо, анда эмне үчүн ишембиде адамды толук бойдон айыктырып койгонум үчүн мага кыжырланып жатасыңар? Сыртына гана көңүл бура бербей, калыс карап, туура чечим чыгаргыла! — деди.

Машаяк ушулбу?

(7:25-36) Ошондо иерусалимдиктерден бирөө: — ¤лтүрөбүз деп издеп жүрүшкөн киши го мынабу? Мына, ачык эле эл алдына чыгып, сүйлөп жатат, эч ким эч нерсе деген жок. Же, чындап эле башчыларыбыз да анын Машаяк экенине ишенип калыштыбы? Бирок биз анын кайдан келгенин, кай жерлик экенин билебиз да. Машаяк келгенде болсо, анын кайдан келгенин эч ким билбей калат эмеспи, — деди. Ошондо Иса ибадатканада үнүн катуу чыгарып: — Ырас, силер мени тааныйсыңар жана кай жерлик экенимди да билесиңер. Мен өзүмдөн өзүм келип калган жокмун, мени Акыйкат жиберди, силер болсо аны тааныбайсыңар. А мен тааныйм, анткени мен ошондон келдим. Мени жиберген ошол, — деди. Ошондо яхудейлер Исага кол салгысы келишти, бирок даай алышпады, анткени Исанын сааты али чыга элек болчу. Эл арасынан көп адамдар: — Машаяк келгенде бу кишиден артык укмуш иштерди кылмак беле, — деп ага ишеништи. Мындай күбүр-шыбырлар парызчылдардын кулагына жетти. Ошондо алар диний жетекчилер менен бирге кеңешип, Исаны кармап келүүгө адамдарын жиберишти. Аларга Иса: — Араңарда дагы бир аз болом, анан мени Жөнөткөнгө кетем, силер мени издеп, таппайсыңар, мен кеткен жакка келе албайсыңар, — деди. Ошондо яхудейлер бири-бирине карап: “Биз таппай калгыдай кай жакка кетем деп жатат бул? Башка элдердин арасына тарап кеткен яхудейлерге барып, таалим берем дегениби? Издеп, таппайсыңар, мен кеткен жакка келе албайсыңар дегенин кандай түшүнсө болот?” — дешти.

Мүрөктүн суусу

(7:37-53) Майрамдын акыркы жана эң салтанаттуу күнү Иса эл алдына чыгып, катуу үн менен: — Ким чаңкаса, мага келип ичсин! Ыйык Жазмаларда айтылгандай: мага ишенгендин ичинен мүрөктүн суусу шаркырап агат! — деди. Исанын бул сөзүнүн төркүнү кийинчерээк ага ишенгендер кабыл ала турган Ыйык Рухта жаткан эле. Анткени Иса азырынча жогору көтөрүлүп, улуулукка бөлөнө элек болгондуктан аларга Ыйык Рух бериле элек болчу. Исанын бул сөзүн уккан көп адамдар: “Бул киши чындап эле пайгамбар!” — дешти. “Бул Машаяктын өзү!” — дегендер да болушту. “Машаяк Галилеядан чыкмак беле? Ыйык Жазмаларда “ал Дауддун уругунан төрөлөт, анын шаары — Бетлеемден чыгат”, деп жазылып турбайбы,” — дешти кээ бирөөлөр. Ошентип эл ичинде Иса тууралуу ар кандай карама-каршы пикирлер болду. Кээ бир адамдар Исаны кармаганга ниеттеништи, бирок батынышпады. Акыры баягы диний жетекчилерден келгендер кайра кайтып барышты. — Эмне үчүн аны кармап бул жакка алып келген жоксуңар? —дешти жетекчилер булардан. — А кишидей сүйлөгөн кишини ушул убакка чейин көргөн эмеспиз, — деп жооп беришти жиберилгендер. — Силер да азгырылып кеткен жоксуңарбы? Жетекчилер менен парызчылдардын арасынан ага ишенген бирөө-жарым барбы? Жок! А бул эл Мыйзамды билбей каргышка калган эл! — дешти аларга парызчылдар. Ошол жерде турган Никодим мындай деди: — Алгач угуп чыкпай, кылган ишин тактап териштирбей туруп, адамды айыптаганга Мыйзам жол бербейт. (Мурда түн жамынып Исага келип кеткен Никодим ушул.) Парызчылдар: — Сен да галилеялык эмессиңби деги? Ыйык Жазмаларды жакшылап оку, ошондо Галилеядан пайгамбар чыкпай турганын көрөсүң, — дешти. Ушундан соң баары үй-үйлөрүнө тарашты.

Жахан 8

Сот жана ырайым

(8:1-11) Иса болсо Май Дарактуу Тоо деп аталган дөбөдө түнөп, эртеси кайрадан ийбадатканага түшүп келди. Көптөгөн адамдар ага келип жатты. Иса олтуруп алып, таалим берди. Ошол кезде уламалар менен парызчылдар бузуктук кылып жаткан жеринен кармалган аялды Исанын алдына желкеден алып, сүйрөп келишти да ортого салышты. — Устат, — дешти алар Исага, — бул аял бузуктук кылып жаткан жеринен кармалды. Муса Мыйзамда мындайларды ташбараңга алыш керек деп жазып кеткен. Буга сиз кандай дейсиз? (Исаны сынап, бир кынтык таап айыпка жыгыш максатында ушундай суроону беришти.) Иса болсо башын жерге салып, аларга көңүл бурбай, жер чийгилеп отура берди. Тигилер улам-улам демитип сурай беришкенде башын көтөрүп: — Кимиңерде күнөө жок болсо, ошол биринчи таш ыргытсын! — деди да кайрадан башын салып жерди чукулаганын улантты. Мындай жоопту укканда тигилердин улуулары кете башташты, алардын аркасынан кичүүлөрү да тарап кетишти. Акырында Исанын жанында ортодо турган аял гана калды. Ошондо Иса башын көтөрүп, аялдан башка эч кимдин калбай калганын көрүп: — Аял, айыптоочуларың кана? Эч кимиси сени соттогон жокпу? — деди. Аял: — О таксырым, эч кимиси! — деди. Ошондо Иса: — Мен да соттобойм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба! — деди.

Иса — бул караңгы дүйнөгө жарык чачуучу Нур

(8:12-19) Бир жолу, Иса эл алдында таалим берип жатканда мындай деген сөздөрдү айтты: — Мен бул дүйнөнүн нурумун. Мени ээрчиген адам караңгыда жүрө бербестен өмүр нуруна ээ болот. Ошондо парызчылдар: — Сен өзүң жөнүндө өзүң күбөлүк берип жатасың, мунуң жарабайт! — дешти. Иса: — Эгерде мен өзүм жөнүндө күбөлүк берсем да күбөлүгүм акыйкат, анткени мен кайдан келгенимди жана кайда бара жатканымды билем, а силер болсо менин кайдан экенимди жана кайда бара жатканымды билбейсиңер. Силер пенделик көз караш менен чечим чыгарып, соттоп жатасыңар, а мен эч кимди соттогон жерим жок. Соттосом да сотум акыйкат болмок, анткени мен жалгыз эмесмин. Мени жиберген Атам менен биргемин. “Эки адамдын күбөлүгү акыйкат” деп Мыйзамыңарда да жазылган го. Мен жөнүндө өзүм жана мени жиберген Атам күбөлөндүрүп жатат, — деп жооп берди. Ошондо тигилер: — Кана сенин атаң? — дешти. Иса: — Силер мени да, Атамды да тааныбайсыңар. Эгерде мени тааныган болсоңор, анда Атамды да таанымаксыңар, — деп жооп берди.

Исанын келген жана кайта бара турган жайы

(8:20-29) Иса бул сөздөрдү ибадаткананын ичинде, акча салган сандыктын жанында айтып жатса да эч ким аны кармап кеткен жок, анткени анын сааты али чыга элек эле. Иса дагы мындай деди: — Мен кетем, а силер мени издейсиңер жана күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр. Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар. Ошондо тигилер: — Бул эмне, өзүн өзү өлтүрөйүн деп калганбы?“Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар” дегени эмнеси? — дешти. — Силер жердиксиңер, а мен Көктөнмүн. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, а мен болсом бул дүйнөдөн эмесмин. Ошондуктан силерге “күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр” дедим. Эгерде силер мен өзүмдү ким деп эсептеп жатсам — ошол экениме ишенбей койсоңор, анда чын эле күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр. — А кимсиң сен? — Башында силерге киммин десем, так ошонун өзүмүн! Силерди айыптоо үчүн сөзүм көп, бирок мени жиберген адилеттүү, мен ошондон уккандарымды бул дүйнөгө айтып жатам. Иса Атасы тууралуу айтып жатканын тигилер түшүнүшкөн жок. Ошондо Иса аларга: — Адам Уулун өйдө көтөргөнүңөрдө, ошондо, мен азыр өзүмдү ким деп жатсам, так ошонун өзү экенимди жана өзүмдөн эч нерсени кылбасымды, Атамдын сөзүн гана айтканымды түшүнөсүңөр. Мени Жиберген жанымда. Атам мени жалгыз калтырган жок, анткени мен дайыма анын көңүлүңдөгүсүн жасайм, — деди.

Чыныгы эркиндик

(8:30-59) Иса ушундай деп сүйлөп жатканда көп адамдар ага ишеништи. Иса ишенип калган яхудейлерге: — Эгер менин айткандарымды аткарып жашасаңар, анда силер менин чыныгы шакирттерим болосуңар жана чындыкты таанып- билесиңер, ошол чындык силерди эркиндикке чыгарат, — деди. Эркиндикке чыгасыңар дегенди укканда яхудейлер: — Биз Ибрайымдын тукумубуз, эч качан эч кимге кул болгон эмеспиз. “Эркиндикке чыгасыңар” дегениң эмнең? — дешти. — Силерге чындыкты айтып жатам: ким кандай күнөө кылса, ал ошол күнөөнүн кулу. Ал эми үйдө кул эмес, уул түбөлүк жашайт, ошондуктан, эгер силерди Кудай Уулу бошотсо, анда чындап эркин болосуңар. Ибрайымдын уругу экениңерди билем, а бирок мени өлтүрөбүз деп жатасыңар, анткени көкүрөгүңөрдө менин сөзүмө жай жок. Мен Атамдан көргөнүмдү айтып жатам, а силер болсо өзүңөрдүн атаңардан көргөнүңөрдү кылып жатасыңар. — Эй, оозуңа кара, биздин атабыз — Ибрайым. — Эгерде силер Ибрайымдын балдары болсоңор, анда анын кылган иштерин кылат элеңер. Бирок силер азыр Кудайдан уккан чындыкты айткан мени өлтүрүү жолун издеп жүрөсүңөр, а Ибрайым мындай кылган эмес. Силер өзүңөрдүң атаңардын кылган иштерин жасап жатасыңар. — Биз аягы суюктуктун натыйжасында төрөлгөн балдардан эмеспиз. Биздин бир гана Атабыз бар, ал — Кудай. — Эгер силердин Атаңар Кудай болсо, анда мени жакшы көрмөксүңөр, анткени мен Кудайдан келдим. Мен өзүмдөн өзүм келген жокмун, мени Кудай жиберди. Эмне үчүн айткан сөзүмдүн маанисине түшүнбөй жаткасыңар? Себеби силер аны уга албайсыңар. Силердин атаңар — иблис. Ошол атаңардын күнөөлүү каалоолорун аткаргыңар келет. Ал болсо башынан эле канкор болчу, ошондуктан акыйкат менен бирге боло албады, анткени анда акыйкат жок. Ал калп айтып атканда, калп ага өз эне тилинде сүйлөгөндөй жарашып калат, себеби ал калпычы жана бардык калптын атасы. А мага ишенбегендигиңердин себеби — менин чындыкты айтып жаткандыгымдан. Кана, кимиңер “сен күнөө кылдың!” деп бетиме айта аласыңар? А эгер айта албасаңар, менин чындыкты айтып жатканымды билсеңер, анда неге мага ишенбейсиңерө Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөзүн угат. Силер Кудайдан болбогондугуңардан улам укпай жатасыңар! — “Сен самариялыксың, ичиңде жин бар” — дегенибиз чын экен. — Менин ичимде жин жок! Мен Атамды урматтайм, а силер болсо менин кадырымды жерге тепселеп жатасыңар. Бирок мен өзүмө даңк издеп жүргөн жерим жок. Издөөчү жана Соттоочу башка. Силерге чындыкты айтып жатам: менин сөзүмдү сактаган адам эч качан өлүм бетин көрбөйт. — Эми так билдик, сенин ичиңде чындап эле жин бар экен. Ибрайым да, башка пайгамбарлар да өлгөн, а сен болсо “сөзүмдү сактаган эч качан өлүм бетин көрбөйт” дейсиң. Эмне, сен ыраматылык атабыз Ибрайымдан да чоңсуңбу? Керек болсо сен эмес улуу пайгамбарлар да өлүшкөн. ¤зүңдү кимге теңеп жатасың? — Эгерде мен өзүмө даңк издеп жаткан болсом, анда менин даңкым эч нерсеге арзыбаган даңк. Менин даңкымды силер “Кудайыбыз” деп атаган Атам чыгарып жатат. А силер аны таанып-билген эмессиңер, а мен билем. Эгерде тааныбайм десем, анда силерге окшогон жалганчы болмокмун. Бирок мен аны тааныйм жана сөздөрүн сактап жүрөм. Силердин түп атаңар Ибрайым да менин күнүмдү көргөнгө куштар эле. Ал көрүп, курсант болду. — Эй, сен элүүгө чыкпай атып, Ибрайымды көргөм дегениң кандай? — Силерге чындыкты айтып жатам: Мен Ибрайымдан мурда эле бар болгом. Ошондо Исаны ташбараңга алып өлтүрүү үчүн колдоруна таш алышты, бирок Иса аларды аралап өтүп, ибадатканадан чыкты да көздөн далдаа болду.

Жахан 9

Тубаса сокурдун сакайышы

(9:1-12) Иса бара жатып, бир сокур адамды көрдү. Бу киши тубаса сокур эле. — Устат, өзүнүн күнөөсүнөн улам сокур болуп төрөлгөнбү же ата-энесинин күнөөсүнөнбү? — деп шакирттери ага суроо беришти. — ¤зүнүн да, ата-энесинин да күнөөсүнөн эмес, — деди Иса аларга жооп берип, — ал аркылуу Кудайдын керемет иши көрүнсүн үчүн ушундай болгон. Күн тийип турганда мени Жибергендин иштерин кылууга тийишмин, эч кандай иш кылууга болбой кала турган караңгы түн келет. Мен бул дүйнөдө экенимде, бул дүйнөнүн нурумун. Иса ушундай деп, жерге түкүрдү да түкүрүгүнөн ылай жасап, сокурдун көзүнө сүйкөдү. Анан ага: — Силоам көлмөсүнө барып, жуунуп кел! — деди.(Силоам деген сөз Жиберилген дегенди билдирет). Сокур барып жуунду да көзү көрүп кайтты. Ошондо кошуналары менен анын мурда сокур болгонун көргөндөр: “Баягы кайыр сурап отурган киши го бул?” — дешти. Бир даары: “Ооба, ошол экен,” — дешсе, бир даары: “Жок ал эмес, жөн эле ошого окшош киши экен”, — дешти. Айыккан адамдын өзү болсо: “Ошол кайыр сурап отурган сокур менмин”, — деди. Ошондо андан: — Анда кантип көзүң көрүп калды? — деп сурашты. — Иса деген киши түкүрүктөн ылай жасап, көздөрүмө сүрттү, анан “Силоам көлмөсүнө барып, жуунуп кел” деди. Жуунуп, мына, көрүп келдим. — А кана ошол киши? — Билбейм.

Парызчылдардын айыккан адамды суракка алышы

(9:13-34) Мурда сокур болгон бул кишини парызчылдарга алып келишти. Иса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн — ишемби күнү эле. Парызчылдар да анын кандайча көргөнүн сурашты. — Ошол киши менин көздөрүмө ылай сүйкөдү, мен жууп келип, эми мына көрүп турам, — деп жооп берди ал. Ошондо парызчылдардын кээ бирөөлөрү: “Бул киши Кудайдан эмес, анткени ишемби күндүн эрежесин бузуп жатат”, — дешсе башкалары: “кантип күнөөкөр адам ушундай кереметтерди кыла алат?” — дешти. Ошентип, талаш чыкты. Кайрадан сокурдан: — Ошол киши тууралуу өзүң кандай ойдосуң? Ал сенин көзүңдү айыктырбадыбы? — деп сурашты. — А киши пайгамбар, — деп жооп берди сокур. Ошондо, яхудейлер ишенишпей мурда сокур болуп, азыр көзү көрүп калган кишинин ата-энесин чакыртышты. Анан алардан: — Сокур төрөлдү деген балаңар ушулбу? А кандайча ал азыр көрүп калды? — деп сурашты. — Бул биздин балабыз экенин, сокур төрөлгөнүн билебиз. А бирок азыр кандайча көрүп калганын, ким көзүн айыктырганын билбейбиз. ¤зү жаш бала эмес ко, өзүнөн сураңыздар, өзү жөнүндө өзү айтып берсин! Ата-энеси яхудей башчыларынан коркконунан ушундай дешти, анткени алар Исаны Машаяк катары тааныган адам синагога коомунан чыгарылсын деген чечим чыгарышкан. Ошондуктан анын ата энеси: “өзү жаш бала эмес ко, өзүнөн сураңыздар” дешти. Ошондо парызчылдар мурда сокур болгон кишини кайрадан чакырып алып: — Кудай алдында ачык айт, биз жанагы кишинин күнөөкөр экенин билебиз, — дешти. — Күнөөкөрбү, жокпу билбейм, билгеним — мен мурда сокур болчумун, азыр болсо көрүп турам. — Айтчы, ал сага эмне кылды? Кантип көзүңдү айыктырды? — Мен сиздерге жообумду айттым, а сиздер болсо укпай койдуңуздар, дагы эмнени уккуңуздар келип жатат? Же сиздер да анын шакирттери болгуңуздар келип жатабы? — Анын шакирти сенсиң, а биз Мусанын шакирттерибиз. Кудай Муса менен сүйлөшкөнүн билебиз. А мунун кайдан экенин билбейбиз! — дешти алар зекире. — Мына ушунуңуздар — анын кайдан экенин билбегениңиздер таң калыштуу экен. Ал болсо менин көздөрүмдү ачып берди. Биз Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпасын билебиз. Ким Кудайды урматтап, эркин аткарса, ал ошону угат. Кимдир бирөөнүн тубаса сокурдун көзүн ачкандыгын эч ким, эч качан уккан эмес. А киши Кудайдан келбесе эч нерсе колунан келмек эмес. Ошондо алар: — Эй, сен күнөөнүн натыйжасында төрөлгөнсүң, эми бизди окутмакчысыңбы? — дешти да, аны ибадатканадан кууп чыгышты.

Көкүрөгү сокурлар

(9:35-41) Иса муну укканда ага жолугуп: — Сен Кудай Уулуна ишенесиңби? — деди. — Таксыр, ишенейин, бирок айтыңызчы ал ким? — Аны сен азыр көрүп турасың, ал сени менен сүйлөшүп жатат. Ошондо айыккан адам: — Ишенем, Теңир! — деп, Исага таазим кылды. — Көрбөгөндөр көрүп, көргөндөр сокур болуп калсын деп соттоо үчүн мен бул дүйнөгө келдим, — деди Иса. Муну укканда анын жанында турган парызчылдардын бирөөсү: — Эмне, биз да сокурбузбу? — дешти. — Эгер сокур болсоңор, күнөөңөр мойнуңарда болмок эмес, бирок “көзүбүз ачык” деп кекирейгениңерден улам күнөөңөр мойнуңарда кала берет, — деди Иса аларга.

Жахан 10

Чабан тууралуу ибарат

(10:1-5) — Силерге бир чындыкты айтып коеюн: ким кой короого эшигинен кирбестен, башка жагынан ашып түшсө, ал ууру-кески. Эшик менен кирген болсо чабан. Күзөтчү ага эшикти ачып берет. Койлору да анын үнүн таанышат. Ал өзүнүн койлорун атынан атап чакырат да, сыртка алып чыгат. Алып чыгып, алдынан баштап басат, койлору болсо аны ээрчишет, анткени анын үнүн таанышат. Чоочунду ээрчишпей, качышат, анткени чоочун үндү таанышпайт.

Бейиштин эшиги тууралуу ибарат

(10:6-10) Иса аларга ушул ибаратты айтып бергенде алар анын маанисине түшүнүшкөн жок. Ошондуктан Иса кайрадан мындай деди: — Мен силерге чындыкты айтып жатам: мен койлорго эшикмин. Мага чейин келгендердин баары ууру-кескилер болушкан, бирок койлор аларды угушкан эмес. А мен - эшикмин. Ким мен аркылуу кирсе, анда ал куткарылат. Кирип-чыгып, жайыт табат. Ууру уурдоо, өлтүрүү жана кууратуу үчүн гана келет. А мен болсо өмүр берүү үчүн, болгондо да ашып- ташыган берекелүү өмүрдү берүү үчүн келдим.

Чабан жана ага жалданган койчулар

(10:11-18) Мен — жакшы Чабанмын. Жакшы чабан өзүнүн койлору үчүн жанын берүүгө даяр, ал эми жалчы чыныгы койчу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал келе жаткан карышкырды көргөндө койлорду таштай качат. Карышкыр койлорду кырып, туш-тушка кубалайт, а жалчы болсо качып кетет, анткени ал жалчы, ошондуктан койлор үчүн ичи ачышпайт. Мен — жакшы Чабанмын. Мен өзүмдүн койлорумду тааныйм. Койлорум да мени таанышат. Атам мени тааныгандай, мен да Атамды тааныйм жана койлорум үчүн жанымды берем. Менин дагы башка койлорум бар. Алар бул короодон эмес. Ошондуктан аларды да алып келишим керек. Алар да менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо, бир Чабан болот. Мен өз өмүрүмдү кайра кабыл алуу үчүн берем, ошондуктан Атам мени жакшы көрөт. Эч ким өмүрүмдү зордоп, тартып алып жаткан жери жок, мен аны өз ыктыярым менен берип жатам. ¤з өмүрүмдү берип салууга да, кайрадан кабыл алууга да бийлигим бар. Бул Атамдын мага: “Сен ушундай кылышың керек!” деп айткан буйругу.

Исанын ким экендиги тууралуу талаш

(10:19-27) Исанын бул сөздөрүнөн яхудейлердин арасында кайрадан талаш чыкты. Бир тобу: “Буга жин тийиптир, дабдырап атат. Эмне муну угуп турсыңар?” — десе дагы башкалары: “Бул сөздөр жиндинин сөздөрү эмес, жин сокурдун көзүн ача алмак беле?” — дешти.

Яхудейлердин ишенбестиги

(10:22-42) Кыш мезгили эле. Иерусалимде “Ибадаткананы Кудайга арноо” деп аталган майрам өтүп жаткан. Иса ибадаткананын “Сулаймандын короосу” деп аталган жеринде ары-бери басып жүрдү. Ошондо яхудейлер аны курчап алышып: — Дагы канчага чейин башыбызды катырасың!? Машаяк болсоң ачык айт! — дешти. Иса аларга мындай деп жооп берди: — Айткам, бирок силер ишенбей жатпайсыңарбы. Атамдын урматына жасап жаткан укмуштуу иштерим мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатат, бирок силер ишенбейсиңер, анткени силерге айтканымдай силер менин койлоруман эмессиңер. Менин койлорум үнүмдү таанышат. Мен да аларды тааныйм. Алар мени ээрчишет. Мен аларга түбөлүктүү өмүр берем. Алар эч качан куурашпайт. Аларды эч ким менин колуман уурдап кете албайт. Аларды мага берген Атам баарынан улуу. Эч ким Атамдын колунан аларды уурдап кете албайт. Атам экөөбүз бирбиз. Ушул жерден яхудейлер аны ташбараңга алганга даярданышты. Ошондо Иса аларга: — Мен силерге Атамдан көп жакшы иштерди көрсөттүм. Эми кайсынысы үчүн мени ташбараңга алгыңар келип жатат? — деди. — Сени жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акаарат келтиргениң үчүн, адам болуп туруп өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн ташбараңга алалы деп атабыз! — “Силерди мен кудайларсыңар дедим” деп өзүңөрдүн Мыйзамыңарда деле жазылып турбайбы? Демек, Мыйзамда Кудайдын Сөзү айтылгандарды “кудайлар” деп айтылса Ыйык Жазма бузулбайт экен да туурабы? Анда кантип Атам атайын тандап алып, бул дүйнөгө жиберген мен: “Мен — Кудайдын Уулумун”, десем силер: “Сен Кудайга акаарат айтып жатасың!” — дейсиңер? Эгерде мен Атамдын иштерин аткарбай жатсам, анда мейли ишенбей эле койгула. Эгерде аткарып жатсам, анда менин өзүмө ишенбесеңер да Атамдын мени менен жана менин Атам менен бир экендигин түшүнүп, текшерип алуу үчүн жок дегенде менин кылган иштериме ишенишиңер керек. Кайрадан Исаны кармоонун жолун издешти, бирок Иса аларды таштап, ары басып кетти. Мурда Яхья чөмүлдүрүп жүргөн жерге кайра келип, ошол жерде калып калды. Ага келген адамдардын аягы суюлбады. Алар: — Яхья эч кандай деле укмуш иш жасабаса да бул киши тууралуу айткандарынын баары чын экен, — дешти. Көп адамдар ошол жерге келип, Исага ишеништи.

Жахан 11

Элазардын кайра тирилиши

(11:1-45) Бетания айылында жашаган бир Элазар деген киши катуу ооруп жатты. Мария менен анын сиңдиси Марипа да ошол айылда турушчу. Устатты май менен майлап, бутун чачы менен аарчыган аял Элазардын карындашы — ушул Мария эле. “Устат, сиздин жакшы көргөн жакын адамыңыз ооруп, төшөккө жатып калды”, деп айттырып, эже-сиңди Исага кабар жиберишти. Иса муну укканда: “Бул ооруунун арты кайырлуу болот. Бул ооруу Кудайдын даңкы чыксын үчүн, Кудай Уулунун зоболосу көтөрүлүүсү үчүн берилиптир”, — деди. Иса Марипаны да, сиңдисин да, Элазарды да абдан жакшы көрчү. Ошондуктан Элазардын ооруп жатканын укканда, турган жеринде дагы эки күн калып калды. — Жүргүлө, Яхудияга кайра баралы, — деди эки күн өткөндө шакирттерине. — Устат, жакында эле яхудейлер сизди ташбараңга алмакчы болушпады беле? Кайра баралы дегениңиз кандай? — дешти шакирттери. Иса аларга: — Күндүзү он эки саат бар эмеспи? Күндүз жүргөн мүдүрүлбөйт, анткени бул дүйнөнүн жарыгын көрүп турат, ал эми түндө жүргөн мүдүрүлөт, анткени түндө жарык жок, — деди да: — Элазар досубуз уктап калыптыр. Мен аны ойготуу үчүн барганы жатам, — деди. Ошондо шакирттери: — Теңир, эгер уктап калса, анда жакшы болуп кетет, — дешти. Иса анын өлүмүн айтып жаткан, шакирттери болсо жөнөкөй уйку тууралуу айтып жаткан экен деп ойлошту. Ошондо Иса ачык айтты: — Элазар каза болду. Эми, барганыңарда өз көзүңөр менен көрүп, ишенип каласыңар деп, силер үчүн ал жакта болбогонума кубанып жатам. Жүргүлө баралы. Ошондо Томас (Томастын дагы бир аты Эгиз) шакирттерге: — Жүргүлө, биз да барып, аны менен бирге өлөлү! — деди. Иса келип, Элазардын төрт күндөн бери көрдө жатканын билди. Бетания болсо Иерусалимден алыс эмес, андан он беш чакырымдай гана аралыкта жайгашкан айыл эле. Мария менен Марипага көптөгөн яхудейлер көңүл айтууга келишти. Марипа Исанын келе жатканын угуп, алдынан тосо чыкты. Мария болсо үйдө калды. Марипа Исага келип: — Устат, бул жерде болсоңуз, агам өлмөк эмес, бирок азыр да Кудай суранганыңызды берерин билем, — деди. Иса: — Агаң кайра тирилет, — деп жооп берди. — Билем, акыр заманда, кыяматта кайра тирилээрин билем, — деди Марипа. — Кыямат менен өмүр — менмин, мага ишенген адам, өлсө да кайра тирилет. Ал эми өмүр сүрүп, мага ишенимин арткан адам эч качан өлбөйт. Ушуга ишенесиңби? — Ооба Устат, сиздин бул дүйнөгө келген Машаяк, Кудай Уулу экениңизге ишенем. Марипа ушундай деп, кайра артына барды да сиңдиси Марияны жашыруун чакырып алып: “Устат келиптир, сени чакырып жатат”, — деди. Мария бул сөздү угар замат шашылыш түрдө ордунан туруп, Исага жөнөдү. Иса кыштакка али кире элек эле. Ал Марипага жолуккан жерде турган. Марияга көңүл айтып үйдө отурган яхудейлер болсо, анын шашылыш чыгып кеткенин көрүп, аркасынан жөнөштү. Марипа көргө барып ыйлаганы кетти го деп ойлошкон эле. Мария болсо Исанын алдына келип, бутуна жыгылды: — Устат, бул жерде болгонуңузда агам өлбөйт эле, — деди. Мариянын жана аны менен кошо келген яхудейлердин ыйлап жатканын көргөндө Исанын өзүнүн да каңырыгы түтөп кетти. — Аны кай жерге койдуңар? — деди Иса. Тигилер: — Жүрүңүз көрсөтөлү, — дешти. Иса жашып кетти. Ошондо яхудейлер: — Карачы, Элазарды кандай жакшы көргөнүн! — дешти. Кээси: — Сокурдун көзүн ачкан мунун колунан Элазарды да өлбөс кылып коюу келбейт беле? — дешти. Иса болсо кайрадан ичинен сыздап, көргө барды. Көр аскадан оюп жасалган үңкүрдө эле. Оозунда таш жаткан. — Ташты алып салгыла! — деди Иса. — Устат, денеси жыттанып кетти го, жатканына төрт күн болуп калды, — деди Марипа. Иса ага: — Эгерде ишене турган болсоң Кудайдын улуулугун көрөсүң дебедим беле? — деди. Ошентип, маркумдун көрүнүн оозундагы ташты алып коюшту. Иса көктү карап: — Атаке, мени уккандыгың үчүн сага ыраазымын. Угарыңды мурда эле билгем, бирок муну мени сенин жибергениңе ишенип калсын деп, жанымда турган эл үчүн айттым, — деди да катуу үн менен: — Элазар, тышка чык! — деп кыйкырды. Ошондо колу буту кепинге оролгон киши чыга келди. Башы да жоолук менен таңылуу эле. Марияга келген яхудейлердин көбү Исанын кылган ишин көрүп, ага ишенип калышты.

Диний кеңештин чечими

(11:46-57) Кээ бир яхудейлер парызчылдарга барып, Исанын кылганын айтып беришти. Бул окуяны укканда яхудей муфтийлери менен парызчылдар жогорку кеңешти чогултуп: — Эмне кылалы? Бу киши көп укмуштарды кылып жатат. Эгерде ушул бойдон тим койсок, элдин баары ага ооп кетет. Анан римдиктер келип, эл-жерибизди ээлеп алат, — дешти. Алардын арасында ошол жылга муфтий шайланган Каяпа дегени жогорку кеңешке кайрылып: — Силер эч нерсени аңдабайсыңар, элдин баары кырылып калгандан көрө эл үчүн бир адамдын өлгөнү артык экенин ойлоп койсоңор боло! — деди. Имам муну өз оюнан чыгарган жок, бирок ошол жылга муфтий шайланган ал Исанын яхудей эли үчүн жана яхудейлер үчүн гана эмес туш-тушка тараган бардык Кудайдын балдарын бир бүтүн кылып жыйноо үчүн өлө турганына пайгамбарчылык кылып койгонун өзү да байкабай калды. Ушул күндөн тартып, Исаны өлтүрүүнү чечишти. Ошондуктан Иса яхудейлердин арасында ачык жүрбөй, чөлгө жакын жерде жайгашкан Эфраим аттуу шаарга кетип, ошол жакта шакирттери менен калып калды. Яхудейлердин Курбан айты жакындап калган. ¤лкөнүн булуң-бурчтарынан көп адамдар майрам алдында, тазалануу расмисинен өтүү үчүн Иерусалимге келишти. Келип, Исаны издешти. Ибадатканада турушканда өз ара: — Кандай ойдосуңар? Ал да майрамга келет болду бекен? — дешти. Имамдар менен парызчылдар болсо: “Кимде-ким анын турган жерин билип калса, кабарлап койсун!” деген чечимди жарыя кылышты.

Жахан 12

Мариянын курмандыгы

(12:1-11) Майрамга алты күн калганда Иса Бетанияга келди. Бетания Иса Элазарды тирилткен айыл эле. Ошол жерде Исага кечки тамак даярдашты. Марипа кызмат кылып, ал эми Элазар болсо көптөгөн адамдардын катарында Исанын жанында жамбаштап жатты. Мария бир кадак сумбулдан жасалган кымбат баалуу атыр менен Исанын буттарын майлап, чачы менен аарчыды. ‡йдүн ичи жыпар жытка толуп чыкты. Ошондо шакирттеринин бири, кийин чыккынчылык кыла турган Жүйүт: — Бул майды үч жүз динарийге сатып туруп, жакырларга таратып берсе болбойт беле? — деди. Жүйүт муну жакырлар үчүн кам көргөндүгүнөн эмес, ууру болгондугунан айткан эле. Ал мойнуна баштык асынып алып, ага салган акчаларды көтөрүп жүрчү. — Тим койгула, — деди Иса, — муну ал менин көргө коюла турган убагыма сактап келиптир. Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а мен дайыма эле силер менен жүрө бербейм. Көптөгөн яхудейлер Исанын дайнын билип, Исаны гана эмес, Иса тирилткен Элазарды да көргөнү келишти. Имамдар болсо Элазарды да өлтүрөбүз деп чечишти, анткени анын айынан яхудейлердин көбү келип, Исага ишенип калып жатышты.

Исанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

(12:12-19) Кийинки күнү майрамга чогулган калың эл Исанын Иерусалимге келе жатканын угуп, пальма бутактарын колдоруна кармашып, астынан чыгышты. — Эгебизге даңк! Эгебиздин урматына келе жаткан Исраилдин Падышасына алкыш! — деп чуулдашты. — Иса бир такыйды таап, минип алган эле. Ыйык Жазмада да бул тууралуу: “Эй Иерусалим, коркпогун! Карачы, сенин Падышаң тай эшек минип келатат” деп жазылган. Шакирттери бул жазылганды башында түшүнгөн эмес. Иса кайра тирилип, көккө көтөрүлүп кеткенде гана бул сөздөрдүн Иса тууралуу жазылып, элдин ушундайча тосконун эстешти. Иса менен мурда болгон эл анын Элазарды көрдөн чакырып алганын жана аны өлгөндөрдөн кайра тирилткенин күбөлөндүрүштү. Ушул укмуштарды уккан эл Исанын алдынан тосуп чыкты. Парызчылдар болсо бири-бирине: — Эй, карабайсыңарбы, эч нерсеге жетишпей калдыңар! Аны бүт дүйнө ээрчип кетти! — дешти.

Машаякка ишенген бейишке чыгат

(12:20-36) Табынуу үчүн майрамга келгендердин арасында грек тилинде сүйлөгөн да бир нече адамдар бар эле. Алар Галилеянын Бетсаида деген шаарынан чыккан Филипке басып келишип43 : — Мырза, биз Исаны көрөлү дедик эле, — дешти. Филип муну Идриске айтты. Анан экөө Исага жеткизишти. Иса аларга мындай деди: — Адам Уулунун улуулукка бөлөнөөр маалы келди. Силерге чындыкты айтып жатам: буудайдын даны жерге түшүп, өлбөсө, анда жалгыз бойдон калат, а эгерде өлсө, анда мол түшүм берет. Жансакты жанынан айрылат, ал эми бул дүйнөдө мен үчүн жанын аябаган аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат. Ким мага кызмат кылса, мени ээрчисин. Мен болгон жерде кызматчым да болот. Мага кызмат кылганды Атам кадырлап, барктап алат. Азыр абдан жүрөгүм сыгылып турат. Дагы эмне дейинө Ата, мени ушул сааттан кутказ дейинби! Жок, мен ушул саат үчүн атайын келгем. Ата, улуулугуңду көргөз. Иса ушундай дегенде көктөн: — “Улуулугумду көргөзгөм, дагы көргөзөм”, — деген үн чыкты. Муну угуп турган элдин кээ бири: — Күн күркүрөдү, — дешсе, башкалары: — Ага периште сүйлөдү, — дешти. Ошондо Иса мындай деди: — Бул үн мен үчүн эмес, эл үчүн. Бул дүйнө эми соттолот. Эми бул дүйнөнүн Башчысы сыртка куулат, бирок жерден өйдө көтөрүлгөнүмдө баарын өзүмө тартам. (Иса өзүн кандай өлүм күтүп турганын ушундайча кыйытып айтты). Эл ага: — Биз “Машаяк түбөлүк өмүр сүрөт” деп уккан элек. Анан кандайча сиз Адам Уулу өйдө көтөрүлүүгө тийиш дейсиз? Адам Уулу дегениңиз өзү ким?” — деди. Ошондо Иса аларга айтты: — Нур дагы бир аз силер менен бирге болот. Караңгы басып калбоо үчүн, Нур барда жүрө тургула. Анткени караңгыда жүргөн адам кайда жүргөнүн билбейт. Нур жаныңарда турганда ага ишенгиле, ошондо Нурдун уулдарынан болосуңар.

Яхудейлердин ишенбестиги

(12:37-50) Иса ушундай деди да, четтей басып, алардын арасынан кетип калды. Көз көрүнөө ушунча көп укмуштарды жасаса да алар Исага ишенишпеди. “Теңир, айткандарыбызга ким ишенди, Кудуретиңди ким түшүндү?” — деп айткан Исаия пайгамбардын сөздөрү аткарылсын үчүн ушундай болду. Алардын ишене албаганынын себеби: Исаия пайгамбар дагы бир жерде айткандай: “Теңир бул элдин көзүн сокур кылды, жүрөктөрүн таштай катырып салды. Көздөрү көрбөйт, акылы жетпейт, айыктырайын десем, мага кайрылышпайт”. Исаия ушундай деген, анткени ал анын улуулугун көрө билген, ошондуктан ал тууралуу ушинтип айткан. Канткен менен эл башчыларынан да көп адамдар Исага ишенип калышты, бирок синагога коомчулугунан чыгарылып калбоо үчүн ишенимдерин парызчылардын алдында ачык айта алышпады, анткени Кудай бере турган урматтан көрө адамдардын урматтоосун көбүрөөк сүйүштү. Иса үнүн бийик чыгарып, мындай деди: — Мага ишенген мага гана эмес, мени Жибергенге да ишенет. Мени көргөн мени Жибергенди да көрүп турат. Мага ишенген ар бир адам караңгыда калбасын үчүн мен бул дүйнөгө Нур сыяктуу болуп келдим. Ким менин сөзүмдү угуп, ишенбесе, мен аны соттобойм, анткени мен бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келдим. Мени четке каккан жана менин сөздөрүмдү кабыл албаган адамдын соттоочусу өзүндө. Ал мен айткан сөз, ошол сөз аны акыркы күндө соттойт, анткени мен аны өз оюмдан чыгарып сүйлөгөн эмесмин, аны мени жиберген Атам сүйлөгөн. Ооба, эмне деп, эмнени сүйлөөнү Атам мага буйрук кылган. А мен Атамдын буйругу түбөлүк өмүргө алып барарын билем. Ошондуктан айткан сөздөрүмдүн баарын мага Атам айт деп берген.

Жахан 13

Кызмат кылуунун үлгүсү

(13:1-17) Курбан-айт жакындап келе жатты. Атасына аттанаар сааты келгенин билген Иса бул дүйнөдө жашап жаткан пенделерин чексиз сүйгөндүгүн көргөздү... Иса шакирттери менен кечки тамакта олтурушкан. Буга чейин шайтан Жүйүттүн көңүлүн Исага чыккынчылык кылууга буруп койгон эле. Атасы баарын анын колуна бергенин жана өзүнүн Кудайдан келип, кайра ага кайтып бара жатканын билген Иса дасторкондон туруп, чапанын чечти да сүлгүнү белине байлады. Анан чылапчынга суу куюп, шакирттеринин буттарын жууп, белиндеги сүлгү менен сүртө баштады. Ысман Петростун тушуна келгенде ал: — Койчу Устат, кантип мен сага бутумду жуугузайын? — деди. — Эмне кылып жатканымдын маанисин сен азыр билбейсиң, бирок кийин түшүнөсүң, — деди Иса ага. — Жок, мен эч качан бутумду сага жуудурбаймын! — Эгер жуубасам, мени менен шыбагалаш боло албайсың. Ошондо Ысман Петрос: — О Устат, андай болсо бутумду эле эмес, колдорумду да, башымды да жуу, — деди. Иса: — Жуулган кишинин буттарын гана жууш керек, анткени ал бүт бойдон таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес, — деди. Исанын мындай дегенинин себеби ким ага чыккынчылык кыларын билчү, ошондуктан “силер тазасыңар, бирок баарыңар эмес” деди. Шакирттеринин буттарын жууп бүтүп, чапанын кийди да кайрадан жамбаштап жатты. — Силер үчүн эмне кылганымды түшүндүңөрбү? — деди. Мени “Устат”, “Мугалим” деп атайсыңар, мунуңар туура, анткени мен ошомун. Ошентип, эгер мен Мугалим жана Устат болуп туруп, буттарыңарды жуусам, анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Мен силерге кандай кылсам силер да бири- бириңерге ошондой кылып жүргүлө деп, үлгү көрсөттүм. Силерге чындыкты айтып жатам: кул өзүнүн ээсинен, элчи өзүн жибергенден өйдө эмес. Эгерде силер муну түшүнүп, турмушуңарда аткарсаңар, анда бактылуу болосуңар.

Чыккынчы

(13:18-30) Мен баарыңар тууралуу айтып жаткан жокмун. Мен өзүм тандап алган адамдарымды билем. Бирок “өзүм менен бир нанды бөлүшүп, жанымда жүргөн адамым мени боорго тепти” деген Ыйык Жазмалардагы сөз орундалыш керек. Муну силерге айткандарым аткарылганда менин дал ошонун өзү экениме ишенип калсын деп, алдын ала айтып жатам. Силерге чындыкты айтып жатам: ким мен жибергенди кабыл алса, ошонусу менен ал мени кабыл алат, ал эми ким мени кабыл алса, анда мени Жибергенди да кабыл алат, — деди. Ушуну айткан соң Исанын көңүлү чөгүп, ичинен кыйналып кетти. Анан шакирттерине: — Силерге чын айтып жатам: араңардан бирөө мени сатып кетет, — деди. Шакирттери Исанын ким жөнүндө айтып жатканын жакшы түшүнүшпөй бири-бирин карашты. Бир шакирт Исанын катарында жамбаштап жаткан. Иса бул шакиртин өзгөчө жакшы көрөр эле. Ысман Петрос ошол шакиртке Иса кимди айтып жатканын сура деп ымдап, белги берди. Тиги шакирт Исага башын буруп: — Устат, ким ал? — деп сурады. Иса: — Кимге бир сындырым нанды табакка малып сунсам, ал ошол, — деди да бир сындырым нанды табакка малып туруп, Жүйүткө сунду. Сунган нанды оозуна салары менен Жүйүттүн акыл-сезимин шайтан бийлеп алды. Ошондо Иса ага: — Кыларыңды батыраак кыл! — деди. Ошерде жаткандардын эч кимиси Исанын эмне үчүн ушундай дегенинин маанисин түшүнүшпөдү. Жүйүт акча салчу баштык асынып жүргөн себебинен кээ бири “майрамга керек нерселерди сатып кел!” же “жакырларга бирдеме бер!” десе керек, деп ойлошту. Жүйүт нанды жээр замат сыртка чыгып кетти. Сыртта болсо көзгө сайса көрүнгүс, караңгы түн эле...

Жаңы осуят

(13:31-38) Жүйүт чыгып кеткен соң Иса мындай деди: — Эми, Адам Уулунун улуулугу ачылат, аны менен бирге Кудайдын да улуулугу көрүнөт. Эгерде Адам Уулу менен бирге Кудайдын улуулугу ачылса, анда Кудай да аны өзү менен бирге улуулукка бөлөйт. Бул жакын арада ишке ашат. Балдарым, мен эми силер менен аз гана убакыт бирге болом. Кийин мени издейсиңер. “Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар” деп яхудейлерге айткан сөзүмдү азыр силерге айтам. Мен силерге жаңы осуят калтырам: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди кандай сүйсөм, силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө! Менин шакирттерим экениңерди башкалар бири-бириңерди сүйгөндүгүңөрдөн билишет. Ошондо Ысман Петрос: — Устат, сен кайда кеткени жатасың? — деди. Иса ага: — Мен кеткен жакка сен азыр бара албайсың, бирок кийинчерээк аркамдан келесиң, — деп жооп берди. Петрос: — Устат, мен эмне үчүн азыр сенин аркаңдан бара албайм? Керек болсо сен дегенде жанымды курман кылам, — деди. — Мен үчүн жаныңды курман кыласыңбы? — деди ага Иса, — сага чындыкты айтып коёюн: корооз чакырганча менден үч жолу баш тартып кетесиң.

Жахан 14

Кудайга алып баруучу жол

(14:1-14) Коркпогула, Кудайга ишенгиле; ошондой эле мага да ишенгиле. Атамдын үйүндө орун көп, андай болбосо силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдоо үчүн бара жатам. Даярдап бүткөндө кайра келем да мен жашаган жакта силер да жашооңор үчүн силерди алып кетем. Мен бара жаткан жайга алып бара турган жолду болсо силер билесиңер. Ошондо Томас: — Устат, биз сиздин кайда жөнөп баратканыңызды билбейбиз, анан ал жакка алып бара турган жолду кайдан билмек элек? — деди. — Мен жол, чындык жана өмүрмүн. Менден башка Атама алып барчу жол жок. Эгерде силер мени таанысаңар, Атамды таанымаксыңар. Эми Атамды тааныдыңар жана көрдүңөр. — Устат, — деди Филип, — Атаңды бизге көргөз, ошондо бизге жетиштүү болот. — Филип, мен ушунча убакыт силер менен бирге жүрөм, ошондо да сен мени билбейсиңби? Ким мени көрсө, Атамды көргөнү. “Атаңды бизге көргөз,” — дегениң кандай? Мен Атам менен жана Атам мени менен бир экенине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү өз оюмдан чыгарып айткан жокмун. Алар менин көкүрөгүмдө өз иштерин кылып жаткан Атамдыкы. Мен Атам менен, ал эми Атам болсо мени менен бир деген сөзүмө ишенгиле. Сөзүмө ишенбесеңер, жок дегенде кылган укмуштуу иштеримен улам ишенгиле. Силерге чындыкты айтып коеюн: мен кылган иштерди мага ишенген адам да кыла алат, ал тургай андан да зор иштерди кылат, анткени мен Атама бара жатам. Менин атыман Атамдан эмне сурасаңар да аткарам. Уулу аркылуу Кудай Атанын атагы чыксын. Менин атыман сурагыла, орундатам.

Колдоочу Рух

(14:15-31) Мени сүйсөңөр, анда осуяттарымды аткаргыла! Мен Атамдан суранам, ошондо ал силер менен түбөлүккө бир боло турган башка жардамчыны жиберет. Ал жардамчы — акыйкаттын Руху. Бул дүйнө аны кабыл ала албайт, анткени аны көрбөйт да тааныбайт. Силер болсо тааныйсыңар, анткени ал силер менен жашап жатат жана кийин ичиңерде болот. Силерди жетимсиретпей, кайра келем. Бир аз убакыттан кийин бул дүйнө мени экинчи көрбөйт, а силер болсо көрөсүңөр, анткени мен тирүүмүн, силер да тирүү болосуңар. Ошол күнү менин Атам менен, өзүңөрдүн мени менен, ал эми менин болсо силер менен бир экенимди түшүнөсүңөр. Ким көкүрөгүндө менин осуяттарымды сактап, аларды аткарса, ал мени сүйөт. А мени сүйгөндү болсо, Атам да, мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем. Ошондо Яхуда Исадан: — Устат, өзүңдү бул дүйнөгө эмес, бизге ачып бергиң келип жатканын кандай түшүнсө болот? — деп сурады. Иса ага мындай деп жооп берди: — Ким мени сүйсө, сөзүмдү сактайт. Андайды Атам сүйөт. Анан биз келебиз да анын жандүйнөсүн турак жай кылып, жашайбыз. Ким мени сүйбөсө, сөзүмдү сактабайт. Силер угуп жаткан сөздөрдү өз оюмдан чыгарып алган жокмун, аларды мени жиберген Атам берген. Буларды азырынча араңарда турганымда айттым, бирок менин атыман жибере турган Атамдын Колдоочусу — Ыйык Рух силерди бардык нерселерге үйрөтөт жана мен айткандардын баарын эсиңерге салат. Мен силерге тынчтыкты калтырып кетип жатам. ¤з тынчтыгымды берип жатам. Берип жаткан тынчтыгым, бул дүйнөнүкүндөй эмес: кабатыр болуп, корко бербегиле. “Мен силерден кетип жатам, кийин кайра келем” дегенимди уктуңар. Мени сүйгөн болсоңор “Атама бара жатам” дегениме кубанмаксыңар, анткени Атам менден улуу. Мына, айткандарым аткарылганда алардын чындык экенине ишенишиңер үчүн буларды алдын ала айтып отурам. Силер менен дагы бир аз гана сүйлөшөм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу жакындап калды. Анын менде эч нерсеси жок, бирок мен Атамды сүйөөрүмдү жана анын буйруктарын айтканын айткандай аткарып жатканымды бул дүйнө билүүгө тийиш. Кой, тургула, кеттик бул жактан.

Жахан 15

Жүзүм сабагы

(15:1-17) — Мен — жүзүм сабагымын, Атам болсо багбан. Ал мендеги ар бир жемиш бербеген бутакты кесип ыргытат, ал эми жемиш бергендерин болсо, дагы көбүоөөк берсин деп тазалайт. Силер мен айткан сөздөр аркылуу тазардыңар. Менде болгула, ошондо мен да силерде болом. Эгерде сабакта болбосо бутак өзүнөн өзү жемиш бербеген сыяктуу эле, силер да менде болбосоңор жемиш бере албайсыңар. Мен жүзүм сабагы болсом, силер бутактарымсыңар. Эгер кимде ким менде, а мен анда болуп турсам, анда ал мол жемиш берет. Силер менсиз эч нерсе кыла албайсыңар. Кимде ким менде болуп турбаса, ал кыйылган бутак сымал тышка ыргытылат да, куурайт. Мындай бутактарды чогултуп туруп, отко салып, өрттөп жиберишет . Эгерде менде болуп турсаңар жана менин сөздөрүм силерде болуп турса, анда эмне кааласаңар да сурагыла, берилет. Эгерде жемишти мол бере турган болсоңор, анда Атамдын даңкы чыгат жана менин чыныгы шакирттерим болосуңар. Мен силерди мени Атам сүйгөндөй сүйөм. Дайыма менин сүйүүмдө болуп тургула. Мен Атамдын осуяттарын сактап, анын сүйүүсүндө болуп турганымдай, силер да менин осуяттарымды сактасаңар менин сүйүүмдө болосуңар. Мен бул сөздөрдү кубанычым силерде болсун үчүн жана ошол кубаныч силерде толук болсун деп айттым. Менин силерге калтыра турган осуятым бул: мен силерди кандай сүйсөм, силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө! Достору үчүн жанын курман кылууга барган адамдыкынан өткөн сүйүү болбойт. Силерге осуяттагандарымды аткара турган болсоңор, анда силер мага доссуңар. Силерди мындан ары кул дебейм, анткени кул мырзасынын иштерин билбейт. Мен силерди досторум деп атайм, анткени мен Атамдан эмне уксам, баарын силерге айтып бердим. Мени силер тандаган жоксуңар, тескерисинче, мен силерди тандап алдым да барып, жемиш берүүңөр үчүн жана ошол жемиштериңер дайыма бар болуп турушу үчүн дайындадым. Ошондо менин атыман эмне сурасаңар да силерге Атам берет. Менин осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө!

Бул күнөөкөр дүйнөнүн кастыгы

(15:18-27) Эгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, анда анын силерден мурда мени жек көргөнүн эстегиле. Эгерде силер бул дүйнөдөн болгон болсоңор, ал силерди өз адамдары катарында сүймөк. Бирок силер бул дүйнөнүкү эмессиңер. Мен силерди бул дүйнөдөн өзүмө тандап, бөлүп алдым. Ошол себептен бул дүйнө силерди жек көрөт. “Кул ээсинен өйдө эмес” дегенимди эстегиле. Алар мени куугунтукташса, демек, силерди да куугунтукташат. Менин сөзүмдү сакташса, силердикин да сакташат. Ушулардын баарын силерге менин айыман кылышат, анткени алар мени Жибергенди таанышпайт. Эгерде мен бул дүйнөгө келип, күнөөлөрүн ашкере кылбаган болсом, алардын мойнунда күнөө болмок эмес, бирок эми күнөөлөрү үчүн шылтоолору жок. Ким мени жек көрсө, ал менин Атамды да жек көрөт.Мен алардын арасында эч бир пенденин колунан келбеген укмуштарды кылбаган болсом, анда күнөөлөрү болбос эле. Азыр алар кылган иштеримди көрүштү жана мени да, менин Атамды да жек көрүп калышты. Бул Мыйзам китебиндеги “алар мени бекер жек көрүштү” деген сөздүн аткарылышы. Мен силерге Атамдан келе турган Колдоочуну жиберем. Ал акыйкаттын Руху. Ал келип, мен жөнүндө күбөлүк берет. Силер да күбөлүк бересиңер, анткени башынан бери эле мени менен биргесиңер.

Жахан 16

Бул дүйнөдө кыйынчылык болот

(16:1-4) Мунун баарын тандаган жолуңардан тайбооңор үчүн айттым. Анткени силерди ибадатканаларынан кууп чыгарышат. Ал турсун силерди өлтүргөн адам: “ушунум менен мен Кудайга кызмат кылып жатам”, — деп ойлогон кез келе жатат. Ооба, ушундай кылышат, анткени Атамды да, мени да алар таанып-билишпеди. Муну айтканымдын себеби — ошол кез келгенде, бул тууралуу алдын ала айтканымды эстешсин дегеним. Башында айткан эмесмин, анткени мен араңарда элем.

Ыйык Рух акыйкат жолуна жетелейт

(16:5-15) Эми болсо мени Жибергенге кетип жатам, бирок бириңер да мурда: “Кайда кетип жатасың?” — деп сураган жоксуңар. Ошондуктан бул сөздөрүмдөн улам санаага батып, капаланып атасыңар. Мен чындыкты айтып жатам: барганым силерге жакшы болот, анткени эгер барбасам, анда силерге Колдоочу келбейт. А барсам, анда аны силерге жөнөтөм. Колдоочу келгенде күнөө, адилдик жана сот деген эмне экенин бул дүйнөгө ачып, көрсөтүп берет. Бул дүйнөнүн күнөөсү — мага ишенбегендигинде. Адилдик дегеним — силер мени мындан ары көрбөй турган жактагы Атама кетип жаткандыгым. А сот дегенимдин мааниси болсо бул дүйнөнүн башкаруучусунун соттолгону. Айтаар сөзүм али көп, бирок азырынча сөздөрүмдү көтөрө албайсыңар45. Бирок акыйкаттын Руху келгенде, ал силерге чындыктын бардык жолдорун ачып берет. Анткени ал өзүнөн сүйлөбөйт; укканын айтат жана келечекте эмне болоорун силерге ачып берет. Меникинен алат да силерге жеткизип, зоболомду көтөрөт. Атама таандык нерселердин баары меники, ошондуктан “меникинен алат да силерге жеткизет” дедим.

Мен кайра келем

(16:16-33) Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр.46 Ошондо шакирттеринин арасынан бирөөлөр: — “Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр” жана “анткени мен Атама баратам” дегенин кандайча түшүнүүгө болот? “Бир аздан кийин” дегени эмнеси? Сөздөрүнө түшүнгөн жокпуз! — дешти. Иса алардын бул тууралуу сурагысы келгенин көрүп, мындай деди: — “Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр” дегенимди бири-бириңерден сурап жатасыңарбы? Силерге чындыкты айтып жатам: силер боздоп ыйлайсыңар, ал эми бул дүйнө болсо сүйүнөт. Кайгырасыңар, бирок ошол кайгыңар кийин шаттыкка айланат. Аял ай-күнү жеткендиктен толгоо тартып кыйналат. Наристе төрөлгөн соң, балам бул дүйнөгө келди деп кубанып, тарткан азабын унутуп коёт. Ошонун сыңарындай силер да азырынча кайгырып жатасыңар, бирок мен жакында кайрадан силерди көрөм, ошондо кубанасыңар жана ошол кубанычыңарды эч ким силерден тартып ала албайт. Ал убакта менден эч нерсе тууралуу сурабайсыңар. Силерге чындыкты айтып жатам: менин атыман эмне сурасаңар да Атам берет. Менин атыман ушул убакытка чейин эч нерсе сураган жоксуңар. Сурагыла, ошондо сураганыңарды аласыңар жана кубанычыңар толук болот. Ушул убакка чейин силерге ибараттыштырып сүйлөп келдим, бирок силерге мындай тилде сүйлөбөстөн, Атам жөнүндө ачык айта турган убак келатат. Ошол убакта менин атыман сурай турган болосуңар. Силер үчүн Атамдан мен суранам деп жаткан жокмун. Атам өзү силерди сүйөт, анткени силер мени сүйдүңөр жана Кудайдан келгендигиме ишендиңер. Мен Атамдан келип, бул дүйнөгө кирдим. Эми болсо бул дүйнөнү таштап, кайра Атама кетип бара жатам. Ошондо шакирттери: — Мына эми түз айтып жатасың, эч кандай ибарат айтканың жок. Биз эми эч кимден бир нерсе тууралуу сурап билүүгө муктаж эмес экениңди, ансыз деле бардыгын билериңди билдик, ошондуктан Кудайдан келгендигиңе ишенебиз, — дешти. — Ишендиңерби! — деди Иса аларга, — мына, баарың туш-тушка качып, мени жалгыз калтырып кете турган саат келе жатат, ал тургай келип да калды, бирок мен жалгыз эмесмин, анткени менин жанымда Атам бар. Менден көңүлдөрү жайлансын деп, силерге ушул сөздөрдү айттым. Силер бул дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайрат кылгыла! Себеп дегенде мен бул дүйнөнү жеңип чыктым.

Жахан 17

Иса жанындагы шакирттери үчүн сыйынат

(17:1-19) Иса сөзүн аяктап, көктү карап мындай сыйынды: — Оо Ата, убакыт-саат жетти. Уулуң сенин улуулугуңду көргөзсүн үчүн, Уулуңдун улуулугун көргөз. ¤зүң берген адамдардын баарына түбөлүк өмүр бере алсын деп, сен мага бардык адамзаттын үстүнөн бийлик бердиң. Түбөлүк өмүр — бул жалгыз чыныгы Кудай болгон сени жана сен жиберген Иса Машаякты таануу эмеспи. Ооба, мен жерде сенин улуулугуңду ачып бердим. Аткар деп тапшырган ишиңди аткардым. Оо Ата, эми мени дүйнө жарала электен мурда эле сени менен бирге болгонумдагы улуукка кайрадан бөлө. Бул дүйнөдөн тандап, мага берген пенделериңе сенин атыңды тааныттым. Алар сеники болчу, сен болсо мага бердиң жана алар сенин сөзүңө баш ийишти. Алар мага берилгендин баары сенден экенин азыр түшүнүп калышты. Анткени сенин мага берген сөздөрүңдү айтып бергенимде алар кабыл алышты. Менин сенден келгендигиме чындап түшүнүштү жана мени сенин жибергендигиңе ишеништи. Азыр мен бул дүйнө үчүн эмес, ошолор үчүн сыйынып жатам. Мага берген адамдарың үчүн сыйынып жатам, анткени алар сага таандык. Меникинин баары сеники, а сеникинин баары меники эмеспи. Ошондуктан улуулук мага ошолор аркылуу келди. Эми мен бул дүйнөдөн кетип жатам, бирок алар калат. Мен сага бара жатам. Оо касеттиңден айланайын Атакебай, мага берген пенделериңди, алар да биз сыяктуу бир бүтүн болсун үчүн өз атыңдын урматына сактай көр. Мен бул дүйнөдө алар менен жүргөнүмдө сенин урматың үчүн аларды коргоп жүрдүм. Мага берген адамдарыңдын баарын аман сактадым. Куурагырдын баласынан башка куурабады. (Ылайым Ыйык Жазмалардын айткандары ордунан чыксын.) Ооба, азыр мен сага бара жатам. Мен берген кубаныч алардын жандүйнөсүн толук ээлесин деп, жогорудагы сөздөрдү бул дүйнөдө турганымда айттым. Анткени бул дүйнө аларды жек көрүп калды, себеп дегенде мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес. Сенден аларды “бул дүйнөдөн алып кет” деп эмес, “аларды шайтандан сактай көр” деп суранып отурам. Анткени мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес. Аларды акыйкаттуулуң менен өзгөчө бөлүп, ыйыкта. Акыйкат — бул сенин сөзүң. Сен мени бул дүйнөгө кандайча жиберген болсоң, мен да аларды ошондой жибердим. Алардын да чындап ыйыкталышы үчүн, мен өзүмдү алар үчүн ыйыктыкка багыштайм.

Иса келечектеги шакирттери үчүн сыйынат

(17:20-26) Алар үчүн гана эмес, алар айткан кабар аркылуу мага ишенип кала тургандар үчүн да суранам: баары бир болушса экен. Оо Ата, сен мени менен жана мен сени менен бир болгонумдай, алар да биз менен бир болушса экен. Мени сен жибергендигиңе бул дүйнө ошол биримдикти көрүп ынанса экен. Алар да биз сыяктуу абдан ысык мамиледе болсун деп, сенин мага берген улуулугуңду мен аларга бердим. Мени жиберген сен экениңди жана сен аларды да мени сүйгөндөй сүйөөрүңдү бул дүйнө билсин үчүн алар жеткилең биримдикке жетишсе экен. Ата, мага берген адамдарыңдын да мен болгон жерде мени менен бирге болушун каалайм. Сен мени сүйүп, дүйнө жарала электе эле мага берген улуулукту алар да көрсүн дейм. Оо адил Ата, бул дүйнө сени тааныбады. Бирок мен тааныйм, мени сенин жибергениңе булардын да көздөрү жетти. Мен аларга сенин ким экениңди ачып бердим. Мага арнаган сүйүүң алар менен да бир болсун үчүн, ошондой эле өзүм да алар менен бирдикте болушум үчүн сенин ким экениңди дагы ача бермекчимин.

Жахан 18

Исанын кармалышы

(18:1-11) Иса сыйынып бүтүп, шакирттери менен Кедрон өзөнүнүн ары жак бетине өттү. Ал жакта бир бак бар эле. Шакирттери менен ошол бакка кирди. Ага чыккынчылык кыла турган Жүйүт да бул жерди билчү, анткени мында Иса шакирттери менен тез-тез жолугуп турчу. Жүйүт бир аскер тобун, яхудей муфтийлерин жана парызчылдар тобун ээрчитип келди. Алардын колдорунда шамана47 , чырак жана курал бар эле. Алдында эмне күтүп турганын билген Иса четке чыгып: — Силер кимди издеп жүрөсүңөр? — деди. — Назареттик Исаны! — дешти алар. — Ал менмин! (Алардын арасында чыккынчы Жүйүт да турган). Иса “ал менмин!”48 дегенде, тигилер кетээнчиктеп, жерге жыгылышты. Иса кайрадан: — Силер кимди издеп жүрөсүңөр? — деди. — Назареттик Исаны, — деп кайталашты тигилер. — “Ал менмин” деп айтпадымбы, мени издеп жүрсөңөр, анда бул адамдарды коё бергиле, кете беришсин. “Сен берген кишилердин баарын аман сактап калдым” деген сөзү орундалыш үчүн ал ушундай деди. Ысман Петростун канжары бар эле. Ал канжарын кынынан сууруп алып, муфтийдин кулунун оң кулагын шылый чапты. (Кулдун аты Малик болчу.) — Канжарыңды кынына сал! — деди Иса ага, — Атамдын мага берген азап чөйчөгүн ичпей коёюнбу?

Иса яхудей муфтийинин алдында

(18:12-27) Ушундан соң жоокерлер, миңбашылар жана яхудей эл башчыларынын кызматчыларынан турган топ Исаны кармады да, колунан байлашты. Алгач аны Каяптын кайнатасы Аннаска алып барышты. Аннас ошол жылга муфтий шайланган эле. “Эл үчүн бир кишинин өлгөнү жакшы” деп яхудей башчыларына кеңеш берген киши ушул эле. Ысман Петрос менен алиги шакирт Исанын аркасынан ээрчишти. Бул шакирт муфтийдин таанышы эле. Ошондуктан Иса менен кошо муфтийдин короосуна кирди. Петрос болсо тышта, дарбазанын артында калды. Имамга тааныш алиги шакирт кайра чыгып, эшик кайтарган аял менен сүйлөшүп, аны киргизип алды. Эшик кайтарган малай аял Петросту көрүп: — Сиз да тиги кишинин шакирттеринен эмессизби? — деп сурады. Петрос: — Жок! — деди. Күн суук болуп калган эле. Кулдар менен кызматчылар от жагып, айланасында жылынып турушкан. Петрос да алардын арасында турду. Имам Исаны суракка алып, андан шакирттери тууралуу, окутуусу тууралуу сурады. — Мен эл алдында баарын ачык айттым, — деп жооп берди Иса ага, — ар дайым яхудейлер чогулуучу синагогалар менен ибадатканаларда таалим берип келдим, эч нерсе жашырын айтпадым. Эмне үчүн менден сурап жатасыз? Сөзүмдү уккандардан сураңыз! Эмне деп айткандарымды ошолор жакшы билишет. — Иса ушундай дегенде жанында турган кызматчылардын бирөөсү аны жаака бир чапты: — Эй, муфтийге да ушундай жооп бересиңби? Ошондо Иса ага: — Эгер айтканым туура эмес болсо, аны көрсөтүп бер. Туура болсо, мени эмне үчүн уруп жатасың? — деди. Ушундан соң Аннас аны байланган боюнча яхудей муфтийи Каяпка жөнөттү. Ысман Петрос болсо дале жылынып тура берди. Кимдир бирөө андан: — Сен да тигинин шакирттеринен эмессиңби? — деп сурады. Петрос: — Жок! — деп дагы танып кетти. Имамдын кызматчыларынын бирөөсү — Петрос кулагын шылый чапкандын тууганы: — Бакта тигинин жанынан сени көргөн эмес белем? — деди. Петрос дагы танып кетти. Ошол убакта корооз кыйкырды.

Иса рим сотунун алдында

(18:28-40) Исаны Каяптын алдынан рим акиминин мекемесине алып келишти. Таң сүрүп калган. Яхудейлер Курбан айтты булганбай өткөрүү үчүн мекемеге киришпеди. Ошондуктан Пилат өзү аларга чыгып: — Бу кишиге кандай айып коюп жатасыңар? — деди. — Бузуку болбосо сизге алып келмек эмеспиз. — Анда аны алгыла да өз мыйзамыңар боюнча соттой бергиле! — Биздин адам өлтүрүүгө укугубуз жок. ¤зүнүн кандай өлүм менен өлөөрүн алдын ала айткан Исанын сөзү ушундайча аткарылды. Пилат мекемеге кайра кирип кетти да Исаны чакыртты. Анан Исага: — Сен яхудейлердин падышасысыңбы? — деди. Иса: — Бул сиздин өз оюңузбу же сизге мен жөнүндө башкалар айтып бериштиби? — деди. Пилат: — Мен эмне яхудей белем, өзүңдүн элиң менен муфтийлериң айтышты. Эмне кылдың эле? — Менин падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгер бул дүйнөдөн болгондо, кызматчыларым яхудейлердин колуна түшүрбөө үчүн күрөшмөк, бирок эми менин падышалыгым башка жактан. — Демек, сен падыша экенсиң да! — Сиз мени падыша деп, туура айтып жатасыз. Чынында эле мен акыйкат тууралуу күбөлөндүрүү үчүн туулгам жана ошон үчүн бул дүйнөгө келгем. Акыйкат тарабындагы ар бир адам менин үнүмө кулак салат. Ошондо Пилат: — Акыйкат деген өзү эмне? — деди да, кайрадан яхудейлердин алдына чыгып: — Бул кишиден эч кандай айып таппай турам. Курман айтта силерге бирөөнү бошотуп бере турган адатым бар эмеспи. Силерге “яхудей падышасын” бошотуп берүүмдү каалайсыңарбы? — деди. Ошондо яхудейлер бир ооздон: — Муну эмес, Бараббаны бошотуп бер! — деп чуулдап жиберишти. Барабба болсо каракчы эле.

Жахан 19

Исанын өлүм жазасына кесилиши

(19:1-16) Ушундан кийин Пилат Исаны сабатты. Жоокерлер тикенектен таажы жасап, башына кийгизип, үстүнө кырмызы чапан жабышты. Анан: “Жашасын яхудей падышасы!” — дешип, жаагына чаап, кордошту. Пилат яхудейлерге кайрадан чыгып: — Мына, эч кандай айып таппаганымды силерге билдирүү үчүн муну кайрадан алдыңарга алып чыктым, — деди. Ошондо тикенек таажы кийип, кырмызы чапан жамынган Иса тышка чыкты. Пилат аларга: — Карагыла, бул адам! — деди. Имамдар менен алардын кызматчылары Исаны көргөндө: — Муну жаза жыгачка када! Айкаш жыгачка керип сал! — деп кыйкырышты. Пилат: — ¤зүңүздөр кадаңыздар, а мен болсом мындан эч кандай айып тапкан жокмун, — деди. — Бизде Мыйзам бар. Ошол Мыйзам боюнча бул өлүм жазасына тартылыш керек, анткени бул өзүн Кудайдын Уулумун деп атады! Бул сөздү укканда Пилат андан бетер коркуп кетти. Кайра мекемеге кирип, Исадан: — Сен кайдан келдиң? — деп сурады. Иса ага жооп берген жок. Ошондо Пилат: — Мага жооп бергиң келбей жатабы? Сени жаза жыгачка кадап коюга да, азат кылууга да бийлигим бар экенин билбейсиңби? — деди. Иса ага: — Жогортон берилбесе, менин үстүмөн эч кандай бийлигиңиз болбойт эле, ошондуктан сизге караганда мени сиздин колуңузга тапшыргандын мойнунда күнөө көбүрөөк, — деп жооп кайтарды. Ушундан тартып Пилат Исаны бошотуунун жолун издеди. Яхудейлер болсо: — Эгер аны коё берсеңиз, анда сиз Кайсарга дос эмессиз. ¤зүн падыша деп эсептеген ар ким Кайсарга каршы! — деп кыйкырышты. Пилат муну укканда Исаны сыртка алып чыкты да, өзү Таш Секи деп аталган аянттагы сот орундугуна олтурду. (Бул жердин еврейче аталышы Габбата.) Бул окуя Курман айттын алдындагы аптанын жума күнүнүн түшкө маал ченинде болду. Пилат яхудейлерге: — Мына падышаңарды алып чыктым! — деди. Тигилер: — Алып кет муну! Нары кыл! Керип сал! — чуу көтөрүштү. — Эмне, падышаңыздарды керип салайынбы? — деди Пилат аларга. Ошондо яхудей муфтийлери: — Кайсардан башка биздин падышабыз жок! — дешти. Акыры Пилат Исаны жаза жыгачына кадоо үчүн алардын53 колуна тапшырды.

Исанын жаза жыгачка кадалышы

(19:17-27) Жоокерлер Исаны кармап, алып жөнөштү. ¤з жаза жыгачын өзү көтөрүп, Иса Баш Сөөк деген дөбөгө чыкты. (Бул жердин еврейче аталышы Голгота). Ошол жерде Исаны айкаш жыгачка кадашты. Исадан башка дагы эки киши кадалды: бири Исанын оң жагына, экинчисин сол жагына. Пилат тактайга жазуу жазып, айкаш жыгачка кактырып койду. Тактайга “ИУДЕЙ ПАДЫШАСЫ — НАЗАРЕТТИК ИСА” деп жазылган болчу. Исаны айкаш жыгачка кадашкан жер шаардан алыс эмес болгондуктан жана бул жазуу еврей, латын жана грек тилдеринде жазылгандыктан көптөгөн яхудейлер окушту. Яхудей муфтийлери Пилатка каршы болуп, мындай дешти: — “Яхудей падышасы” деп эмес, “бул киши өзүн яхудей падышасы атаган” деп жазыңыз. Пилат аларга: — Эми, жазарымды жазып койдум, — деп жооп берди. Исаны кадашкан соң, желдеттер анын кийимдерин алышты да ар бирине бир бөлүгү тийгидей кылып, төрткө бөлүштү. Ошондой эле көйнөгүн да алышты. Көйнөгү болсо тигилүү эмес, баштан-аяк токулган көйнөк эле. Ошондуктан өз ара: “Муну жыртпайлы, андан көрө таш салышалы , таш кимге түшсө көйнөк ошонуку болсун” — дешти. Ыйык Жазмалардагы алдын ала айтылган пайгамбардык сөз аткарылышы үчүн ушундай болду. Ыйык Жазмалардын биринде: “Кийимим бөлүп өз ара, таш салышып жатышат” деп жазылган. Желдеттер так ушундай кылышты. Исанын айкаш жыгачынын алдында энеси, таежеси, Клопанын аялы Мария жана магдалалык Мария турган. Иса энесин жана анын жанындагы өзгөчө жакшы көргөн шакиртинин турганын көрүп энесине: — Аял, бул сенин балаң болсун! — деди. Анан шакиртине: — Бул сенин энең болсун! — деди. Ошол сааттан баштап, алиги шакирт Исанын энесин өз үйүнө киргизип алды.

Исанын өлүмү

(19:28-38) Ушундан соң, Ыйык Жазмалардагы пайгамбарчылыктар-дын ордуна келиши үчүн бардыгы толук аткарылгандыгын билген Иса: — Суусадым, — деди. Ошол жерде шарап уксусу толтурулган идиш турган. Желдеттер соргучту ошол уксуска малып, шыргыйга илип, Исанын оозуна такашты. Иса аны ичип: — Бүттү! — деди да башы шылк этип, жан таслим этти. Бирок ал күн майрамга даярдануучу күн болгондуктан, эртеси боло турган өзгөчө ишембиге денелерди айкаш жыгачтарга илинген бойдон калтырбоо үчүн яхудейлер Пилаттан алардын шыйрактарын сындыра чаап, жерге түшүрүүнү суранышты. Ошондуктан желдеттер басып барып, биринчи, анан экинчи кишинин шыйрактарын сындыра чабышты. Исага жетишкенде, анын өлүп калганын көрүп, сындырышпады. Бир желдет Исанын капталына найзасын малып алды эле ошол замат кан менен суу агып чыкты. Муну өз көзү менен көргөн киши ушул китепте силерге күбөлүк берди. Анын күбөлүгү чындык. Силер да ишенип калууңар үчүн ал өзүнүн чындыкты айтып жатканын билет. Ыйык Жазмалардагы, “анын сөөгү сынбасын!” деген сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошондой эле Ыйык Жазманын дагы бир жеринде “өздөрү көзөп салганга, көздөрүн кадашат” деген бар.

Исаны көргө коюу

(19:38-42) Ушундан соң ариматеялык бир Жусуп деген киши Пилаттан Исанын денесин түшүрүп алууну суранды. Жусуп Исанын шакирти эле. Ал яхудейлерден корккондуктан жашыруун ишенчү. Пилат ага уруксат берди. Жусуп барды да Исанын денесин айкаш жыгачтан түшүрүп алды. Ошондой эле мурда Исага түн жамынып барган Никодим да келди. Ал жүз литрдей жыпар жыттуу май менен алоэнин айт, — деди. Магдалалык Мария шакирттерге барып, Устатты көргөнүн жана анын айткан сөздөрүн кабарлады.

Жахан 20

Исанын шакирттерге көрүнүшү

(20:19-23) Ошол жекшембинин кечинде, шакирттер яхудейлерден коркуп, үйдүн эшиктерин жаап алып, чогуу олтурушкан. Аңгыча Иса кирип келип, ортого турду да: — Салам алейкум! — деди. Анан мык кагылган колдорун жана капталын көрсөттү. Устатын көргөндө, шакирттери абдан сүйүнүп кетишти. Иса аларга экинчи ирет: — Салам алейкум! Атам мени жибергендей, мен да силерди бул дүйнөгө жиберем! — деди. Ушуну айтып, алардын үстүнө демин үйлөп: — Ыйык Рухту кабыл алгыла! Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, алар кечирилет, кечирбесеңер алар кечирилбейт! — деди.

Исанын Томаска көрүнүшү

(20:24-31) Он эки шакирттин Эгиз атка конгон Томас дегени Иса келгенде шакирттердин арасында жок эле. Башка шакирттер ага: — Биз Устатты көрдүк! — дешти. Ал: — Мен анын колдорундагы мыктардан калган жарааттарды көрбөсөм, алардын ордуна бармагымды салбасам, капталына колумду тийгизбесем, ишенбейм, — деди. Ушундан сегиз күн өткөндө шакирттер кайрадан үйдө чогулуп олтурушкан. Ал жерде Томас да бар эле. Эшиктер илинүү болчу. Аңгыча Иса кирип келип, ортого турду да: — Салам алейкум! — деди. Анан Томага кайрылып: — Келе бармагыңды, колдорумдун тешигине сал, келе колуңду, капталымды кармап көр, анан ишенбес болбой, ишенүүчү бол! — деди. Ошондо Томас: — Устатым менин, Кудайым менин! — деди. Иса: — Сен мени көрүп ишендиң, бирок көрбөй ишенгендер бактылуу, — деди. Иса шакирттеринин көзүнчө бул китепте жазылбаган дагы башка көптөгөн укмуштарды жасады. Бул жазылгандар болсо силер да Исанын Машаяк жана Кудай Уулу экенине ишенип, ошол ишенимиңер аркылуу анын урматына түбөлүк өмүргө ээ болууңар үчүн жазылды.

Жахан 21

Иса шакирттерине үчүнчү ирет көрүнөт

(21:1-14) Ушундан кийин Иса шакирттерине Тиберия көлүнүн жээгинен дагы көрүндү. Бул мындайча болду: Ысман Петрос, Эгиз аталган Томас, Галилеянын Канасынан чыккан Натанаил, Зебедейдин балдары жана Исанын дагы эки шакирти чогулушуп, сүйлөшүп олтурушкан. Аңгыча Петрос: — Кой, мен балык кармаганы кеттим, — деп ордунан туруп жөнөп калды. — Биз да кеттик, — деп, калгандары да аны ээрчишти. Сыртка чыгып, кайыкка түшүштү. Ал түнү эч нерсе кармай алышпады. Таң сүргөндө Иса жээкте турган, бирок шакирттери аны таанышпады. Иса деңизде тор салып жатышкан шакирттерге: — Эй, достор, жегенге бирдемеңер бар болду бекен? — деп кыйкырды. Шакирттер: — Жок, — дешти. — Торду кайыктын оң капталына салгыла, ошондо кармайсыңар, — деди Иса. Алар Исанын айтканындай салышып, балыктын көптүгүнөн торду тарта албай калышты. Ошондо Исанын өзгөчө сүйгөн шакирти Петроско: — Бул биздин Устат! — деди. Ысман Петрос “Бул биздин Устат!” деген сөздү укканда кийимин белине байлай калып, деңизге секирди. (Анткени ал чечинип алган болчу) Калган шакирттер болсо анын артынан балыкка толгон торду сүйрөп, кайык менен сүзүп келишти. Алар жээктен алыс эмес, жүз метрдей аралыкта жүрүшкөн. Жээкке чыгышканда жагылган отту, отто асылуу турган балыкты жана нанды көрүштү. Иса аларга: — Кармаган балыгыңарды алып келгиле! — деди. Ысман Петрос барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээке сүйрөп чыкты. Тордо жүз элүү үч балык бар экен. Ушунча көп балык болсо да тор айрылбаптыр. — Келгиле, тамактангыла! — деди Иса аларга. Шакирттердин эч кимиси андан: “сен кимсиң?”, деп суроого батынышпады, анткени алар бул кишинин өздөрүнүн Устаты экенин түшүнүштү. Иса келип, нанды алды да аларга берди. Ошондой эле балыктан да берди. Бул Исанын өзүнүн шакирттерине кайра тирилгенден кийинки үчүнчү жолку көрүнүүсү эле.

Исанын Петроско берген тапшырмасы

(21:15-24) Тамактанып жатышканда Иса Ысман Петростон: — Жахан уулу Петрос, чындап эле сен мени буларга караганда артыгыраак жакшы көрөсүңбү? — деп сурады. Петрос: — Ооба Устат, сүйөөрүмдү сен билесиң, — деп жооп берди. Иса ага: — Козуларымды багып бер! — деди. Бир аздан соң дагы: — Жахан уулу Ысман, сен мени чындап жакшы көрөсүңбү? — деди. Петрос: — Ооба Устат, сүйөөрүмдү сен билесиң, — деп жооп берди. Иса ага: — Койлорумду карап жүр! — деди. Иса ага үчүнчү ирет: — Жахандын уулу Ысман, сен мени сүйөсүңбү? — деди. Исанын үчүнчү жолу андан: “мени жакшы көрөсүңбү?” деп сураганына Петрос таарынып: — Устат, сен баарын билесиң! Мен сени сүйөөрүмдү да билесиң! — деди. — Койлорумду бак! — деди ага Иса, — сага мен бир чындыкты айтып коеюн: жаш кезиңде белиңди бууп алып, өзүң каалаган жакка барчусуң. Карыганда болсоколуңду сунуп бересиң, башка бирөө сени белиңден байлайт да каалабаган жагыңа алып барат. Иса бул сөзүн Петрос кандай өлүмгө дуушар болуп, Кудайдын даңкын чыгарарын кыйытып айтты. Анан: — Менин аркамдан ээрчи! — деди. Петрос артын кылчайып карап, Исанын өзгөчө сүйгөн, кечки тамакта ага башын буруп: “Устат, сага чыккынчылык кыла турган ким?” — деп сураган шакирттин келе жатканын көрдү. Көрөрү менен Исадан: — Устат, а булчу? — деп сурады. — Мен келгиче анын аман-эсен болушун кааласам да сенин аны менен ишиң канча? Сен менин артымдан ээрчишиң керек! — деди. Ушундан кийин боордоштордун арасында алиги шакирт өлбөйт экен деген сөз тарап кетти. Бирок Иса Петроско “өлбөйт” деп эмес, “мен келгиче анын аман-эсен болушун кааласам да сенин аны менен ишиң канча?” деген болчу. Мына ошол шакирт күбөлүккө өтүп ушул китепти жазды. Биз анын күбөлүгүнүн чын экенин билебиз.

Соңку сөз

(21:25) Иса дагы башка көптөгөн иштерди жасады. Эгер алардын баарын толук жазып чыга турган болсо, анда, менимче, жазылган китептерди бул дүйнөнүн өзү да батыра албай калмак.

Элчилер 1

Кудай убада кылган Ыйык Рух

1-2 Иса асманга көтөрүлгөн күнгө чейинки убакытта өзү тандап алган элчилерине Ыйык Рухтун колдоосу менен берген жол-жоболорунун, кылган иштеринин жана таалиминин баарын мен сизге, улуу урматтуу Теопил, биринчи китебимде жазган элем. 3 Ал азап чегип, өлгөндөн кийин кырк күн бою бир нече жолу элчилерине көрүнүп, тирүү экендигин ишеничтүү далилдер менен көрсөттү жана Кудай падышачылыгы тууралуу айтып берди. 4 Андан соң алар менен бирге отурганда: "Иерусалимден кетпей, Атам убада кылган Ыйык Рухту күткүлө. Силер ал жөнүндө менден уккансыңар. 5 Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн болчу, силер да бир нече убакыттан кийин Ыйык Рухка чөмүлөсүңөр", — деди. 6 Элчилер Исадан мындай деп сурашты: — Эгебиз, сенин Израил падышачылыгын кайра калыбына келтире турган убагың келип жеттиби? 7 Иса аларга айтты: — Атам өзүнүн бийлиги менен белгилеп койгон убакыт-саатты билүүнү силерге буйруган эмес. 8 Yстүңөргө Ыйык Рух түшкөндө, анын кудуретине толосуңар жана Иерусалимде, Иудея менен Самариянын бардык жерлеринде, ал тургай, жер чегине чейин мен жөнүндө адамдарга айтып бересиңер.

Исанын асманга көтөрүлүшү

9 Иса жогорудагы сөздү айтып бүткөн соң элчилеринин көз алдында көккө көтөрүлө баштады да, булуттун кучагына кирип кетти. 10 Элчилер анын көтөрүлүп бара жатканын карап турушканда, бет алдыларында күтүлбөгөн жерден ак кийимчен эки адам пайда болуп, мындай дешти: 11 —Эй, галилеялыктар, эмнеге бул жерде асманды карап турасыңар? Бул — Иса, аны Кудай силердин араңардан асманга алып кетти. Ал көз алдыңарда кандай көтөрүлүп кетсе, дал ошондой эле болуп кайра келет. 12 Ушундан соң элчилер Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Зайтун тоосу Иерусалимден бир чакырымдай аралыкта жайгашкан. 13 Шаарга кирип, алар өздөрү жайгашкан бөлмөгө барышты. Ал жерде Петир, Жакан, Жакып, Идрис, Филип, Тамас, Бартоломай, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Улутчул Ысман, Жакыптын уулу Иудалар олтурушкан эле. 14 Баары тең Кудайга берилүү менен сыйынып жатышкан. Алардын арасында Исанын энеси Мариам, анын бир туугандары жана Исанын жолун жолдогон башка аялдар бар болчу.

Жүйүттүн ордун баскан киши

15 Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмадай шакирт чогулуп олтурушкан жерде Петир ортого чыгып, мындай деди: 16 — Боордоштор! Ыйык Рухтун деми менен айтылган Дөөттүн сөзү жана ыйык жазмаларда жазылгандай, Жүйүт тууралуу алдын ала айтылган пайгамбарчылык аткарылууга тийиш болчу. 17 Жүйүт бизге кошулуп, кызматташ болууга тандалган эле. 18 Бирок арам жол менен тапкан акчасына сатып алган жеринде оңкосунан сайылып, ичегиси чубалып өлдү. 19 Мунун баары бүткүл Иерусалимдиктерге билинип, ал жер алардын тилинде "Акелдама", башкача айтканда, "Кандуу жер" аталды. 20 Себеби Забур китебинде дагы мындай деп жазылган: "Ылайым үйү ээн калсын, Эч ким жашабай калсын!" Дагы мындай деген жери бар: "Анын ордун башка бирөө бассын!" 21 -22 Ошондуктан Жүйүттүн ордун бир киши ээлеш керек. Ал киши Эгебиз Иса арабызда болгон бардык күндөрү, башкача айтканда Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүлгөн кезинен тартып, асманга кеткенине чейин биз менен жүрүп, анын кайра тирилгенине күбө болгон адам болууга тийиш. 23 Ошентип, алар эки кишини Барсаба атка конгон Жусуп (анын башка аты Иуст) жана Матияны алдыга чыгарышты. 24 Анан Кудайга сыйынышты: "Оо Эгебиз, сен бардык адамдардын оюн билесиң. 25 Элчилик кызматка ушул экөөнүн кайсынысын тандаганыңды көрсөтсөң экен. Анткени Жүйүт кетчү жагына кетти." 26 Сыйынган соң чүчү кулак кармашышты эле, Матиянын энчисине тийди. Ошентип ал он бир элчинин катарына кошулду.

Элчилер 2

Ыйык Рухтун түшүшү

1 Түшүм майрамы келгенде шакирттердин баары бир жерге чогулушту. 2 Аңгыча асмандан катуу шамал жүргөндөй гүүлдөгөн добуш угулуп, алар олтурган үйдү толтурду. 3 Жалындын тилиндей болгон нерселер көрүндү. Алар бөлүнүп-бөлүнүп, ар бирине бирден конду. 4 Ошондо баары тең Ыйык Рухка толуп, анын берген шыгына жараша башка тилдерде сүйлөй башташты. 5 Ошол кезде бардык элдердин арасында жашап Кудайды урматтаган иудейлер Иерусалимге төгөрөктүн төрт бурчунан келишкен. 6 Алар бул добуш чыкканда эмне болгонун билүү үчүн жүгүрүп келишип, шакирттердин ар кимиси өз тилинде сүйлөп жатканын угушуп, өтө таңыркашты. 7 Баары тең айран-таң калышып, өз ара: "Бул сүйлөп жаткан адамдардын баары галилеялыктар эмеспи? 8 Анан кантип алар ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат? 9 Арабызда парфиялыктар, мидиялыктар, эламиттер, ошондой эле Месопотамия, Иудея, Каппадокия, Понт жана Азияда жашагандар, 10 Фригиядан, Памфилиядан, Мисирден менен Ливиянын Киринеяга караштуу жагынан келгендер, Иудейлер менен иудей динине киргендер, 11 криттиктер менен арабдар турушпайбы? 12 Ошентип баары таң калышып, бири-бирине: "Ой тобо, бул эмнеси, ыя?" — дешти. 13 Бирок алардын арасында: "Шарапка тоюп алышкан тура!" — деп шылдыңдашкандар да болду.

Петирдин эл алдында сүйлөгөн сөзү

14 Ошондо Петир он бир элчи менен бирге ортого чыкты да үнүн бийик чыгарып, мындай деди: —Иудей боордошторум! Жалпы Иерусалим тургундары! Сөзүмдү кунт коюп угуп, билип алгыла: 15 булар силер ойлогондой мас эмес! Анткени азыр эле таң атып, саат араң тогуз болбодубу. 16 Бирок бүгүнкү көргөнүңөр Жоюл пайгамбар алдын ала айткан сөздүн аткарылышы. Ал мындай деген: 17 "Кудай айтат мындай деп: Ошол соңку күндөрдө Бүт адамзат үстүнө Ыйык Рухумду төгөм. Ошондо уул-кыздарыңар Теңирдин сөзүн айтышат. Жаштарыңар аян, Карыларыңар түш көрүшөт. 18 Ошол соңку күндөрдө кулдарым менен күңдөрүмө да Ыйык Рухумду төгөм. Алар да Кудай Сөзүн айтышат. 19 Жогоруда көктөн кереметтерди көрсөтөм. Төмөндө жерде кан менен отту, уюлгуган түтүндү жышаан кылып көрсөтөм. 20 Эгебиздин күнү — улуу жана даңктуу күн келеринин алдында күндүн бети караят, айдын жүзү канталайт. 21 Ошондо эгер кимде-ким Эгебизге жалынса куткарылат". 22 Израилдиктер, кулак салып угуп алгыла! Кудай өзүнүн кудуреттүү жана ажайып жышаандары менен коштоп, силерге назареттик Исаны дайындап өзү жибергендигин көрсөттү. Араңарда болуп өткөн ошол окуяларды өзүңөр да билесиңер. 23 Аны Кудай өзүнүн алдын ала көрөгөчтүгү жана түзгөн максаты боюнча силердин колуңарга тапшырды. Силер болсо күнөөкөр адамдардын колу менен жыгачка мыктап, өлтүрдүңөр. 24 Бирок Кудай аны өлүмдүн ченгээлинен бошотуп, кайра тирилтип алды. Себеби өз колунда кармап турууга өлүмдүн кудурети жеткен жок. 25 Дөөт пайгамбар ал тууралуу мындай деген: "Эгем дайым көз алдымда, оң жагымда, Мен эч качан жыгылбаймын ошондуктан. 26 Толуп-ташат жүрөгүм кубанычтан, Тилим безеп даңктагандан тажабайм, Денем дагы үмүт менен өмүр сүрөт. 27 Оо дүйнөдө мени эч качан калтырбайсың, Өз кишиңдин чирүүсүнө жол бербейсиң. 28 Сен өмүрдүн жолун мага ачып бердиң, Сен менин кубанычка бөлөөрүмсүң". 29 Боордоштор! Сөздүн ачыгын айтканга уруксат эткиле: түп атабыз Дөөт өлгөн жана көргө коюлган. Анын бейити бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. 30 Ал өзү пайгамбар болгондуктан Кудай ага сөз берип, убадасы боюнча өз уругунан чыккан бирөөнү (Машайак катары) тактыга олтургузарын билген. 31 Ал Машайактын кайра тирилишин алдын ала көргөн. Ошондуктан анын оо дүйнөдө калбастыгын, денесинин чирибестигин айткан. 32 Мына ошол Исаны Кудай кайра тирилтти, буга баарыбыз күбөбүз. 33 Ошентип, Иса Кудайдын кудурети менен көккө көтөрүлдү да, азыр өзүңөр угуп жана көрүп тургандай, Атасы убада кылган Ыйык Рухту кабыл алып, бизге төгүп жиберди. 34 Дөөт болсо көккө көтөрүлгөн эмес. Бирок мындай деген: "Жараткан Эгем Эгеме деди мындай: 35 Жоолоруңду жыкканымча бут алдыңа, Олтуруп тур — сыйлуу жер оң жагымда". 36 Ошондуктан, бүткүл Израил эли, жакшылап билип ал: силер жыгачка кадап салган ошол Исаны Кудай биздин Эгебиз жана куткаруучу Машайагыбыз кылды.

Алгачкы жамаат

37 Бул сөздөр уккандардын жүрөгүнө катуу тийди. Алар Петирден жана анын жанындагы элчилерден: — Боордоштор, биз эмне кылалы? — деп сурашты. 38 Петир аларга: — Ар бириңер оюңарды өзгөртүп, тобо келтиргиле да, күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн Иса Машайактын атынан сууга чөмүлүү расмисинен өткүлө. Ошондо Ыйык Рухтун белегин аласыңар. 39 Анткени Кудай Эгебиздин Ыйык Рухту берем деген убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана Кудай чакырган бардык башка адамдарга берилген, — деди. 40 Петир аларга башка дагы көптөгөн сөздөрдү айтып: — Бул бузулган муундан өзүңөрдү сактагыла! — деп эскертти. 41 Ошентип, анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлүштү. Ошол күнү үч миңдей адам аларга кошулду. 42 Баары тең элчилердин окуусун кабыл алышып, бири-бири менен тыгыз мамиледе болушуп, чогуу нан сындыруу расмисин өткөрүп, бирге сыйынып жүрүштү. 43 Элдин баарын Кудайдан коркуу сезими бийледи. Анткени элчилердин колдору менен Иерусалимде көптөгөн ажайыптар, кереметтүү жышаандар көрсөтүлүп жатты. 44 Исага ишенгендердин баары чогуу жүрүшүп, чарбасы да бир болду. 45 Колдо болгонун сатышып, ар кимисинин муктаждыгына карап, бөлүп беришти. 46 Ар күнү ыйбадатканада чогуу табынышып, бири-бирин конокко чакырышып, өз ара жөнөкөй жана кубанычтуу боордоштук мамиледе болушту. 47 Дайыма Кудайды мактап, бүтүндөй элдин сүймөнчүлүгүнө айланышты. Эгебиз болсо ар күнү куткарыла тургандарды жамаатга кошуп жатты.

Элчилер 3

Тубаса шал оорулуу кишинин айыгышы

1 Ошол күндөрдүн биринде Петир менен Жакан сыйынуу убагы келгенде, тактап айтканда, күндүзгү саат үчтөрдө ыйбадатканага барышты. 2 Ал жерде тубаса шал киши бар эле. Бул кишини ыйбадатканага кирип жаткандардан кайыр суратып, ар күнү ыйбадаткананын "Кооз дарбаза" деген дарбазасынын жанына көтөрүп келип, олтургузуп коюшчу. 3 Ал Петир менен Жаканды көрүп, алардан да кайыр сурады. 4 Петир менен Жакан анын көзүнө кадала түшүп: — Бери кара! — дешти. 5 Ал киши бир нерсе үмүт этип, жалдырап тиктеп турду. 6 Петир ага: — Менде акча жок. Бирок колумдан келгенин берейин: назареттик Иса Машайактын атынан сага айтам, тур да басып кет! — деди. 7 Анан оң колунан кармап, ордунан тургузду. Ошол замат анын бутуна кубат кирип, 8 ордунан ыргып турду да басып кетти. Кубанганынан Кудайды мактап так секирип, алар менен бирге ыйбадатканага кирди. 9 Ошондо элдин баары анын Кудайды мактап, басып жүргөнүн көрүп, 10 "Кооз дарбазанын" алдында кайыр сурап олтурган адам экенин таанып, ал башынан өткөргөн окуяга аң-таң болушту.

Петирдин кайрылуу сөзү

11 Сакайган киши Петир менен Жакандын жанынан кетпегенинен улам, элдин баары таңданышып, алардын жанына — Сулаймандын бастырмасы аталган жайга чогулуп калышты. 12 Муну көргөн Петир элге кайрылып мындай деди: — Урматтуу, агайындар! Биз бул ишти өз күчүбүз же ыйык кудуретибиз менен жасап салгансып, эмне үчүн буга мынча таң калып карап турасыңар? 13 Биздин аталарыбыз: Ибраим, Исхак, Жакыптардын Кудайы өз кулу Исаны улуулукка бөлөдү. Аны силер бийлик башындагыларга кармап бердиңер. Бошотмокчу болгон Пилатка каршылык кылып, андан баш тарттыңар. 14 Силер ыйык жана адилет Инсанды танып, анын ордуна канкорду бошотуп бер деп сурандыңар. 15 Ал эми өмүрдүн Ээси болгон Исаны өлтүрүп салдыңар! Бирок Кудай аны кайра тирилтти, буга жалпыбыз күбөбүз. 16 Исага болгон ишенимдин урматына силер көрүп, билип жүргөн мына бул кишиге Кудай кубат берди да, ал берген ишеним баарыңардын көз алдыңарда муну айыктырды. 17 Туугандар, силер да башчыларыңар сыяктуу эле муну түшүнбөстүктөн улам жасаганыңарды билем. 18 Ал эми Кудай өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу Машайак азап тартат деп алдын ала айтканын ушундайча аткарды. 19 Андыктан адашкан жолуңардан кайтып, күнөөңөрдүн кечирилиши үчүн тобо келтиргиле. 20 Ошондо Кудай силердин жан дүйнөңөргө жаңылануу берип, силерге алдын ала дайындаган Машайагы — Исаны жиберет. 21 Кудайдын абалтадан эле өз пайгамбарлары аркылуу айткан бардык убадалары толук орундала турган кезине чейин ал асманда болууга тийиш. 22 Муса пайгамбар биздин аталарыбызга мындай деген: "Кудай Эгебиз өз боордошторуңардын арасынан мага окшогон бир пайгамбарды чыгарат. Ал силерге эмне айтса, баарын уккула. 23 Эгерде кимде-ким ошол пайгамбарга дилин бурбаса, ал Кудайдын элинен чыгарылып, жок кылынат". 24 Самуил пайгамбардан баштап андан кийин бардык пайгамбарлар да ушул күндөрдө болуп жаткан окуялар жөнүндө алдын ала айтып кетишкен. 25 Силер ошол пайгамбарлардын урпактарысыңар жана Кудайдын ата-бабаңар менен түзгөн келишиминин мураскорусуңар. Кудай Ибраимге: "Сенин урпагың аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдерге батам тиет!" — деп, аны менен келишим түзгөн. 26 Ошондуктан ар бириңерди ыймансыз жолуңардан кайтарып, батасын берүү үчүн Кудай өз кулу Исаны дайындап, аны силерге эң алгач жиберди.

Элчилер 4

Эки элчинин түрмөгө камалышы

1 Петир менен Жакан элге сүйлөп жаткан маалда дин кызматчылары, ыйбадаткана сакчыларынын башчысы жана саддукейлер басып келишти. 2 Алар бул экөөнүн элди окутканына жана Исаны мисал кылып, кайра тирилүү жөнүндө айтып жатканына абдан нааразы болушту. 3 Ошондуктан аларды кармап, кеч кирип калгандыктан, таң атканга чейин кайтарып турсун деп, сакчылардын колуна өткөрүп беришти. 4 Уккандардын көбү, беш миңге жакын адам, Петир менен Жакандын сөзүнө ишеништи.

Элчилердин күбөлүк сөзү

5 Эртеси иудей башчылары, эл аксакалдары жана дин мугалимдери Иерусалимге чогулушту. 6 Башкы дин кызматчы Аннас менен Кайапас, Жакан, Искендер жана башка башкы дин кызматчылардын уруусунан чыккан көптөгөн башка адамдар топтолушту. 7 Алар эки элчини тегеректешип: — Силер бул кишини кандай күч жана кимдин кудурети менен айыктырдыңар? — деп сурашты. 8 Ыйык Рухка толуп турган Петир аларга мындайча жооп берди: — Урматтуу эл башчылары! Кадырман аксакалдар! 9 Эгер бүгүн бир алсыз пендеге кылынган жакшылык жайында жана анын кандайча айыкканы туурасында бизден жооп талап кылып жаткан болсоңуздар, 10 анда баарыңыздарга — бүткүл Израил элине маалым болсун: сиздер жыгачка кадап өлтүргөн жана Кудай кайрадан тирилтип алган назареттик Иса Машайактын кудурети менен бул адам айыгып, алдыңыздарда турат. 11 Ыйык Жазууларда мындай деген сөз бар: "Сиздер куруучулар кереги жок деп четке чыгарып таштаган таш үйдүн негизги ташы болуп калды!. Иса ошол таштын өзү! 12 Исадан башка эч ким бизди куткара албайт, анткени асман алдында бизди куткаруу үчүн жиберилген андан башка эч ким жок.

Элчилердин бошотулушу

13 Петир менен Жакандын атайын билими жок, карапайым адамдар экенин билген эл алардын кайраттуулугун көрүп, таң калышты. Ошондой эле алардын Иса менен бирге жүргөнүн эстешти. 14 Ал эми алардын жанындагы айыккан кишини көрүп, каршы эч нерсе дей алышпады. 15 Аларга синедриондон чыгууну буйрушуп, өз ара мындай деп кеңешишти: 16 — Буларды эмне кылалы? Анткени Иерусалимде жашагандардын баарына булардын анык таң калыштуу бир иш жасаганы маалым! Биз муну тана албайбыз. 17 Бирок, бул иш эл арасына дагы кеңири жайылып кетпес үчүн аларга: "Иса дегениңерди эч кимге айтпагыла!" деп коркутуп, тыюу салалы, — дешти. 18 Анан элчилерди чакырышып: — Мындан ары Исанын атын атап, ал жөнүндө эч нерсе айтпагыла да, окутпагыла! — деп буйрук беришти. 19 Бирок Петир менен Жакан аларга мындай дешти: — Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү — Кудай алдында аны укпай силерди угуу туура болобу? 20 Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз. 21 Синедриондогулар шал болгон адамдын айыкканынан улам Кудайды даңктап жаткан элден айбыгып, анын үстүнө жазалаганга себеп таба алышпагандыктан ызырынышып, колдорун кезеп коркутушуп аларды коё беришти. 22 Бул кереметтүү жышаанды башынан өткөрүп, айыгып кеткен кишинин курагы кырктан ашып калган эле.

Жамааттын сыйынуусу

23 Бошонгон соң Петир менен Жакан өз адамдарына келишти. Аларга башкы дин кызматчылар менен эл аксакалдарынын айткандарын айтышты. 24 Муну уккандар бир добуштан Кудайга кайрылып, сыйынышты: — Ааламдын Эгеси, асман-жердин, деңиздин жана алардагы бардык нерселердин жаратуучусу болгон Кудай! 25 Сен биздин атабыз болгон өз кулуң Дөөт аркылуу Ыйык Рух менен мындай дедиң эле: Болбогон ойду ойлошуп Неге каршы чыгышат? 26 Бул дүйнөнүн хандары Көөдөндөрүн көтөрүп, Чогулуп алып төрөлөр, Эгебизге ат коюп, Анын Машайагына Неге каршы чыгышат". 27 Чындап эле бул шаарда Ирод менен Понтий Пилат, иудей эместер жана израилдиктер өзүң падыша шайлаган касиеттүү кулуң, Исага каршы чыгышты. 28 Ооба, мындай болору сенин абалтан эле алдын ала белгилеп койгон эркиңдин жана максатыңдын аткарылышы. 29 Оо Эгебиз, эми болсо алардын коркутууларына назар салып, кулдарыңдын эр жүрөктүк менен сенин сөзүңдү сүйлөөсүнө жардам бер. 30 Касиеттүү кулуң Исанын аты менен оорулууларды сакайтып, кереметтүү иштерди кылып, кудуретиңди көрсөтө көр. 31 Ошондо алардын сыйынуусунан кийин алар чогулган жай солкулдап, баары Ыйык Рухка толушуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташты.

Алгачкы жамааттагы турмуш

32 Ишенгендер жамааты бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуу жашашты. Эч кимиси колундагысын меники дебей, баарын ортого салышты. 33 Элчилер болсо Эгебиз Исанын кайра тирилишине күбө болушканын чоң жигер менен айтып жүрүштү. Ошентип, алардын арасына Кудайдын кут берекеси төгүлүп турду. 34 Муктаж болгон адам болбоду. Анткени кимдин жери, үй-жайы болсо, сатып, түшкөн каражатты ортого алып келип, 35 элчилердин колуна тапшырып жатышты. Элчилер болсо ар кимдин муктаждыгына жараша бөлүштүрүп турушту. 36 Мисалы, Леби уруусунан чыккан Жусуп аттуу бир кипрдик киши бар болчу. Аны элчилер Барнабас (мааниси Колдоочунун уулу) дешчү. 37 Анын да менчик жери бар болчу. Ал жерин сатып, түшкөн акчасын алып келип, элчилерге берди.

Элчилер 5

Ыйык Рухка калп айтуунун жазасы

1 Ошол жерде Анания аттуу бир киши бар эле. Ал аялы Сабира экөө жерин сатып, 2 түшкөн акчанын бир бөлүгүн аялынын макулдугу менен жашырып коюп, калганын элчилердин алдына алып келди. 3 Петир ага айтты: —Эй, Анания! Эмне үчүн ниетиңди шайтанга бийлетип, Ыйык Рухка калп айттың? Эмне үчүн жерден түшкөн акчадан кытып алдың? 4 Жер да, саткандан кийинки түшкөн акча да сеники эмес беле? Эмне үчүн минтип, ниетиңди буздуң? Сен адамдарга эмес, Кудайга калп айттың! 5 Анания бул сөздөрдү угар замат жерге кулап, жан берди. Бул окуяны көрүп билгендерди улуу коркунуч басты. 6 Бир нече жигит ордунан туруп, аны орошту да, тышка алып чыгып, көмүп салышты. 7 Мындан үч сааттай өткөндө болгон окуядан бейкапар Ананиянын аялы келип калды. 8 Петир андан: — Айтчы, жерди ушунча акчага саттыңар беле? — деп сурады. Аял: — Ооба, ушунча акчага, — деп жооп берди. 9 Ошондо Петир ага айтты: — Силер кантип Эгебиздин Рухун сыноого батындыңар? Тигине, эриңди көмгөндөр эшиктен кирип келе жатышат. Эми сени да алып кетишет. 10 Ошол замат аял Петирдин алдына кулап түштү да, жан берди. Алиги кирип келген жигиттер анын өлгөнүн көрүштү да, тышка алып чыгышып, күйөөсүнүн жанына көмүштү. 11 Ишенүүчүлөр жамаатын жана муну уккандардын баарын Кудайдын улуу коркунучу басты.

Элчилердин кызматы

12 Эл арасында элчилер тарабынан көп кереметтер менен укмуштар жасалып жатты. Ишенгендер ибадатканадагы Сулаймандын бастырмасында дайыма чогулуп турушту. 13 Элдин баары аларга ыраазы болуп сүйлөп жатышса да, арасынан эч кимиси алардын катарына кошулууга батынбады. 14 Эгебизге ишенгендердин саны болсо улам өсө берди. Алардын арасында көптөгөн эркектер жана аялдар бар эле. 15 Элчилердин иштеринен улам, эл кур дегенде өтүп бара жаткан Петирдин көлөкөсү оорулууларын кээ бирине болсо да тийсин деп, аларды төшөгү менен сыртка алып чыгып жатышты. 16 Көптөгөн адамдар Иерусалимге шаардын чет жакасынан келип турду. Алар оорулууларын, жинге байлангандарын көтөрүп келишти. Баары оорусунан айыгып жатышты.

Куугунтук

17 Ал эми башкы дин кызматчы менен саддуккей тобуна кирген адамдар муну көрө албай ызырынышты. 18 Алар элчилерди кармап, абакка камашты. 19 Бирок түндө Эгебиздин периштеси келип, эшиктерди ачып жиберди да, аларды сыртка алып чыгып, мындай деди: 20 — Ыйбадатканага баргыла да, бул чыныгы өмүрдүн сөздөрүн элге төкпөй-чачпай айтып бергиле! 21 Периштени угуп элчилер таң эрте ыйбадатканага кирип, таалим беришти. Ошол арада башкы дин кызматчы менен анын шериктери келишип, эл аксакалдарынын баарын синедрионго чакырышты. Элчилерди түрмөдөн алдыруу үчүн киши жөнөтүштү. 22 Бирок кызматкерлер барып, түрмөдөн аларды таппай, кайтып келишти. 23 —Биз түрмөнүн эшиктери бекем жабылып, дарбазаларынын жанында сакчылар турганын көрдүк. Бирок ачып караганыбызда, ичинен эч кимди таппадык, — дешти алар. 24 Башкы дин кызматчылары жана кароол башы муну угушканда таң калышып, түшүнө албай, баштары катты. 25 Ошол кезде бир киши келип: — Силер түрмөгө олтургузган адамдар ыйбадатканада элге таалим берип жатышат, — деп кабарлашты. 26 Ошондо кароол башы кызматкерлери менен бирге барып элчилерди алып келди. Бирок эл таш бараңга алып жибербесин деп коркушкан алар элчилерге кол көтөрө алышкан жок. 27 Аларды синедриондун алдына чыгарышты. Ошондо башкы дин кызматчы аларга мындай собол койду: 28 — Силерге жанагы адамдын атынан элди окутпагыла деп эскертпедик беле? Силер болсо бул окууңарды, бүт Иерусалимге жайып жибердиңер да бизди анын канына забын кылганы турасыңар. 29 Петир менен анын жанындагы элчилер мындай жооп беришти: — Адамдардан көрө Кудайга баш ийиш керек. 30 Биздин ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Исаны кайра тирилтти. 31 Израил эли ниетин өзгөртүп, тобо кылып, күнөөлөрү кечирилсин деп, кудуреттүү Кудай аны Башчы жана Куткаруучу кылды. 32 Буга биз да, Кудай өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө.

Дин мугалими Жамалиилдин сөзү

33 Муну укканда тигилер катуу жаалданып, аларды өлтүргүлөрү келди. 34 Синедриондун ичинде фарисейлер тобуна кирген, эл сыйлаган Жамалиил аттуу дин мугалими бар эле. Ал ордунан турду да, элчилерди бир аз убакытка сыртка алып чыгууну буйруду. Аларды алып чыгып кетишкен соң, мындай деди: 35 —Урматтуу агайын-туугандар! Бул адамдарга чара көрүүдөн мурда жакшылап ойлонгула. 36 Анткени жакында эле Февда, деген бир киши өзүн кайсы бир улуу инсанмын деп чыккан болчу. Ага төрт жүздөй киши кошулду. Бирок ал өлтүрүлдү эле, аны ээрчигендердин баары тарап, жок болушту. 37 Андан соң, эл каттоо убагында галилеялык Иуда чыгып, көп адамдарды ээрчитип кетти. Бирок ал да өлтүрүлгөндөн кийин аны ээрчигендердин баары тарап кетишти. 38 Азыр да силер бул адамдарды өз жайына койгула. Анткени бул иш-аракет адамдан болсо, анда ал бузулат. 39 А эгер Кудайдан болсо, анда силер буза албайсыңар! Абайлагыла, Кудай менен касташып жүрбөгүлө. 40 Синедриондун мүчөлөрү анын тилин алышты. Алар элчилерди чакырып алып сабатып, Исанын атын атап сүйлөөгө тыюу салып, коё беришти. 41 Элчилер болсо Эгеси Иса үчүн ушундай кордук тартууга татыктуу болушканына кубанып, синедриондон чыгып кетишти. 42 Алар күндө ыйбадатканада, үйлөрдө адамдарга таалим беришип, Иса Машайак тууралуу жакшы кабарды таратууну токтотушпады.

Элчилер 6

Атайын кызматка дайындалган жети киши

1 Ишенгендердин катары көбөйгөн ушул күндөрдө грек тилдүү шакирттер, алардын арасындагы жесирлер күндөлүк тамак-ашты бөлүштүрүүдө еврей тилдүү шакирттердин арасындагы жесирлеринен кем алып жүрүшүптүр деп нааразы болушту. 2 Ошондо элчилер бардык ишенгендерди чакырып алып, мындай дешти: — Кудайдын кабарын таратууну таштап, тамак-аш менен алек болгонубуз жакшы болбос. 3 Ошондуктан, боордоштор, араңардан ишеничтүү, Ыйык Рух менен акылмандыкка толгон жети кишини тандагыла, бул кызматка ошолорду дайындайлы. 4 Биз болсок убактыбызды сыйынуу менен өткөрүп, жакшы кабар таратканга жумшайлы. 5 Бул сунуш жамаатка жакты. Алар ишеними күчтүү жана Ыйык Рухка толгон адамдар — Стефанды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменасты жана еврей эмес антиохиялык Николасты тандашты. 6 Ушул жети кишини элчилердин алдына алып келишти. Элчилер Кудайга сыйынышып, колдорун жайып, аларга бата тилешти. 7 Кудайдын сөзү улам кеңири тарап, ишенгендердин саны Иерусалимде абдан көбөйдү. Дин кызматчыларынын арасынан да көп адамдар Исага ишенгендерге кошулушту.

Стефандын кармалышы

8 Ишеними күчтүү жана Кудайдын кудуретине толгон Стефан эл арасында улуу укмуштар менен кереметтерди жаратып жатты. 9 Бирок бир күнү "эркин адамдардын синагогасы" аталган синагогадан кайсы бир адамдар Стефан менен талаша кетишти. Алар Киринея менен Александрия шаарларынан жана Киликия менен Азия дубандарынан келишкен иудейлер эле. 10 Бирок акылмандуулук менен Ыйык Рухтун жетегинде сүйлөгөн Стефандын сөздөрүнө каршы тура алышпады. 11 Ошондуктан кайсы бир адамдарды тымызын табышып: "Биз мунун Муса пайгамбарга каршы сүйлөп, Кудайга акарат келтиргенин уктук" деп аларды тукуруп коюшту. 12 Ошентип, элди, эл аксакалдарын жана дин мугалимдерин Стефанга каршы чыгарып, аны кармашты да синедрионго алып келишти. 13 Жалган күбөлөрдү жалдап, аларга мындай деп айттыртышты: "Бул киши касиеттүү жайыбыз ибадаткананы жана Муса пайгамбардын мыйзамын дайыма жамандап жүрөт. 14 Биз анын назареттик Иса бул ибадаткананы талкалап, Муса пайгамбардын бизге калтырган үрп-адаттарын өзгөртөт деп айтканын уктук". 15 Ушул жерден синедриондо олтургандардын баары Стефанга кадала карап калышты, анткени анын жүзү периштеникиндей жаркырап, нурданып турган эле.

Элчилер 7

Стефандын синедрион алдындагы сөзү

1 Башкы дин кызматчы Стефандан: — Айтылган сөздөр ыраспы? — деп сурады. 2 Стефан мындай деди: — Кымбаттуу боордоштор жана кадырман аталар! Атабыз Ибраим Харран шаарына көчөөрдөн мурда улуу Кудай Месопотамия жеринен ага көрүнгөн болчу. 3 Ал ага: "Өз жериңден, туугандарыңдан, атаңдын үйүнөн чык да, мен көрсөтө турган жерге жөнө!" — деген. 4 Ошондо ал калдейлердин жеринен чыгып, Харранда жашаган эле. Атасы өлгөн соң, Кудай Ибраимди ал жерден азыр сиздер жашап жаткан жерге көчүргөн. 5 Кудай ага бул жерден бир карыш да мураска бербеди. Бирок анын баласы жок болсо деле убада кылып, бул жерди ага, анын укум-тукумуна берем деди. 6 Анын тукумдары бөтөн эл, бөтөн жерде көчүп-конуп, төрт жүз жылдай кул болуп, кысымга алынарын айтты. 7 "Бирок мен, — деди Кудай — аларды кул кылган элди жазалайм. Андан кийин алар ушул жерге келип, мага табынышат". 8 Кудай атабыз Ибраимге өзү менен түзгөн келишимдин белгиси катары сүннөткө олтургузууну буйруду. Кийин ал Исхак аттуу бала көрүп, аны сегизинчи күнү сүннөткө олтургузду. Андан кийин Исхак уулу Жакыпты сүннөткө олтургузду. Жакып болсо он эки уулун сүннөткө олтургузду. Жакыптын балдарынан Израил элинин он эки уруусу келип чыккан. 9 Жакыптын балдары бир тууганы Жусупту көрө алышпай, Мисирге сатып жиберишти. Бирок Кудай Жусупту колдоду. 10 Ал Жусупту бардык күйүтүнөн бошотуп, өзгөчө акылмандык берип, Мисир падышасы — фараондун жүрөгүн жибитип, ага ырайым кылдырды. Фараон аны мүлдө Мисир элинин жана хан сарайынын үстүнөн башчы кылып дайындады. 11 Ошол кезде катуу ачарчылык болуп, Мисир жерин да, Канаан жерин да катуу жабыркатты. Биздин аталарыбыз жегенге азык таба албай калышты. 12 Жакып болсо Мисирде эгин бар экенин угуп, балдарын ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку сапары болчу. 13 Ал эми экинчи жолу келишкенде, Жусуптун ким экени ачылып, алар жөнүндө фараонго белгилүү болду. 14 Анан аларды Канаанга жиберип, атасын, бүт туугандарын Мисирге алдыртты. Атасы менен жетимиш беш киши келди. 15 Жакып Мисирге келип, ошол жерден о дүйнө кетти. Биздин түп аталарыбыз болгон анын он эки баласы да ошол жакта көз жумушту. 16 Алардын сөөктөрү Шекемге алынып келинип, атабыз Ибраим шекемдик Эмордун балдарынан сатып алган жердеги көрүстөнгө коюлду. 17 Кудай Ибраимге ант берип, убада кылган убакыт келгенче Израил калкы Мисирде өсүп-өнө берди. 18 Кийин Жусупту тааныбаган башка бир киши падыша болду. 19 Бул падыша биздин элибизге каршы чыгып, аталарыбызды кысмакка алып, жаңы төрөлгөн эркек балдарды өлтүрүүнү буйруду. 20 Ошол убакта Муса төрөлүп, үч ай бою өз үйүндө багылды. Ал өзгөчө сулуу бала эле. 21 Аны ата-энеси аргасыздан таштап кетишкенде фараондун кызы таап алып, өз баласындай кам көрүп, үйүндө чоңойтту. 22 Ошентип Мусага Мисир жеринин бардык илим-билимин үйрөтүшүп, ал сөзү менен да, иши менен да күчтүү чыкты. 23 Муса кыркка чыкканда, ал өз бир туугандарын көрүп келейин деп чечти. 24 Келип, боордошторунун бирине мисирлик бирөө зордук көрсөтүп жатканын көрдү да, кордук тартканга болуша кетип, мисирликти өлтүрүп алды. 25 Муса: Кудай мен аркылуу боордошторумду куткарып жатканын алар түшүнөт го деп ойлогон. Бирок алар түшүнүшпөдү. 26 Эртеси эки израилдиктин мушташып жатканын көрүп, алардын жанына басып келди да, жараштырайын деген тилекте мындай деди: — Эй, силер боордош болуп туруп, эмне үчүн бири-бириңер менен мушташып жатасыңар? 27 Бирок алдуураагы Мусаны түртүп жиберип: — Ким сени биздин үстүбүздөн бий кылып шайлады эле! 28 Кечээ мисирликти өлтүргөнүңдөй мени да өлтүргүң келип турабы? — деди. 29 Бул сөздү укканда Муса качууга аргасыз болду да, мидиялыктардын жеринде чет элдик катары жашап калды. Анын эки уулу ошол жерде төрөлдү. 30 Ал жакта кырк жыл жашагандан кийин Синай тоосунун этегиндеги чөлдө, күйүп жаткан тикенектүү бадалдын жалынынан ага бир периште көрүндү. 31 Бул көрүнүшкө Муса абдан таң калып, жакшылап карайын деген ой менен жакындап басып келгенде, ага Эгебиздин үнү угулду. Ал мындай деди: 32 — Мен сенин ата-бабаларың Ибраим, Исхак жана Жакыптын Кудайымын. Муса болсо коркунучтан денеси калтырап, тик кароого даай албады. 33 Эгебиз ага дагы мындай деди: — Бутуңду чеч! Анткени сен турган жер — ыйык жер. 34 Мен өз элимдин Мисирде кор болгонун көрүп, онтогонун угуп жатам. Ошондуктан аны куткарып алуу үчүн көктөн түштүм. Эми бар, мен сени Мисирге кайра жиберем... 35 "Ким сени биздин үстүбүздөн башчы же бий шайлады эле?" деп, боордоштору четке каккан Муса ушул эле. Бирок Кудай аны тикенектүү бадалдан көрүнгөн периште аркылуу башчы жана кутказуучу кылып жөнөттү. 36 Мисирде, Кызыл деңизде, жана чөлдө кырк жыл бою кереметтүү жышаандарды көрсөтүп, израилдиктерди Мисирден алып чыккан киши ушул болчу. 37 Израилдиктерге: "Кудай Эгеңер бир туугандарыңардын арасынан мен сыяктуу бир пайгамбар чыгарат", — деген Муса ушул эле. 38 Чөлдө биздин аталарыбыз менен бирге жүрүп, Синай тоосунда периштенин айткан кудуреттүү сөздөрүн кабыл алып, бизге жеткирген Муса ушул эле. 39 Бирок ага биздин аталарыбыз моюн сунгусу келбей, аны таназарына албай, эси-дартын Мисирге бурушту. 40 Ошондуктан Аронго: — “Бизди жетектей турган кудайларды жасап бер! Себеби бизди Мисирден алып чыккан жанагы Муса деген кишиге эмне болгонун билбейбиз”, — дешти. 41 Ошентип алар букачардын сөлөкөтүн жасап алып, ошого курмандык чалып, колдорунан жаратылган нерсенин алдында ырдап-чордошту. 42 Кудай болсо терс бурулуп, ай-жылдыздарга табынышкан аларды ошол бойдон калтырып кетти. Бул тууралуу пайгамбарлар китебинде мындай деп жазылган: "Эй, Израил эли! Кырк жыл бою чөл кезип, курмандык чалдыңар, мал сойдуңар. Ошолор мага беле? 43 "Кудайыңар" Молохтун чатыры менен "Теңириңер" Ремфандын жылдызын көтөрүп жүрдүңөр. Булар — сөлөкөттөр, силер аларды табынуу үчүн өз колуңар менен жасагансыңар! Ошол себептен мен силерди Вавилондун ары жагына сүрүп салам." 44 Кудай Мусага көрсөтүп, анын айтканындай жасалган касиеттүү чатыр биздин аталарыбыздын колунда, чөлдө болчу. 45 Кийин Кудай Канаанда жашаган элдерди кууп жиберип, аталарыбыз Нун уулу Исанын жетекчилигинин астында алардын жерин ээлеп алган кезде касиеттүү чатырды бул жерге апкелишти. Дөөттүн убагына чейин чатыр алар менен болду. 46 Дөөт болсо Кудайга жаккан адам болчу. Ал Кудай жашап, эли сыйына турган жай таап берейин деп Эгебиздин өзүнөн уруксат сурады. 47 Бирок Кудайга ибадаткананы Сулайман курду. 48 Анткен менен Кудай таала адам колунан жасалган ибадатканаларда жашабайт. Бир пайгамбар айткандай, Эгебиз: 49 "Асман — менин тактым, Жер — менин бутумду койгуч таканчыгым. Силер мага кандай үй курмакчысыңар? Кандай эс алуучу жай тургузмакчысыңар? 50 Булардын баарын жараткан мен эмесминби?" — дейт. 51 Эй, тоңмоюндар! Кудайга чын жүрөктөн табынбагандар жана ага кулак салбагандар! Силер Ыйык Рухка дайыма каршысыңар! Ата-бабаларыңар ушундай болушкан, силер да алардан калышпайсыңар! 52 Ата-бабаларыңар куугунтуктабаган пайгамбар барбы деги? Алар Кудайдын адилеттүү Кызматчысынын келишин алдын ала айткандарды өлтүрүшкөн. Эми силер ошол Кызматчыны сатып, өлтүрдүңөр. 53 Силер, ыйык мыйзамды периштелер кызмат кылып турганда кабыл алгандар, аны сактаган жоксуңар!

Стефандын таш бараңга алынышы

54 Муну угушканда тигилердин кыжыры кайнап, тиштерин кычыратышты. 55 Ыйык Рухка толуп турган Стефан болсо асманга карап, Кудайдын улуулугун жана анын оң жагында олтурган Исаны көрдү. 56 Ошондо ал: "Мына, мен асмандын ачылганын жана Кудайдын оң кол жагында олтурган Адам Уулун көрүп турам!" — деди. 57 Бирок алар кулактарын жаап алышып, жаны чыкканча кыйкырышып, Стефанга жулунушту. 58 Анан шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты. Күбөлөр болсо кийимдерин чечип, Саул деген бир жигиттин алдына коюшту. 59 Алар Стефанды таш бараңга алып жатышканда, Стефан: "Эгем Иса, жанымды кабыл эт", — деп сыйынды. 60 Анан чөк түшө калып, катуу үн менен: "Оо, Эгем! Аларды бул күнөөсү үчүн жазалай көрбө деп суранам", — деди. Ушуну айтып, ал жан берди.

Элчилер 8

Саулдун куугунтугу

1 Саул болсо Стефанды өлтүрүп жаткандарды жактап турду. Ошол күндөрү Иерусалимдеги жамаат абдан чоң куугунтукка кабылды. Элчилерден башка ишенүүчүлөр чачырап, Иудея менен Самариянын ар кайсы жерине тарап кетишти. 2 Стефандын сөөгүн Кудайдан ыйбаа кылган адамдар жерге коюшуп, аны жоктоп ыйлап, катуу кайгыга батышты. 3 Ал эми Саул болсо үймө-үй кыдырып, эркек-аял дебей зынданга салдырып, ишенүүчүлөр жамаатын кыйнады. 4 Ошол арада ар жакка тараган Исанын жолун жолдоочулар Кудайдын сөзүн жер-жерлерге таратып, жакшы кабарды жайып жүрүштү.

Филиптин Самариядагы кызматы

5 Филип Самариядагы бир шаарга келип, ошол жерде Машайак жөнүндөгү жакшы кабарды айта баштады. 6 Филиптин жасаган кереметтерин уккан-көргөн элдин баары анын сөздөрүнө кунт коюп кулак салышты. 7 Себеп дегенде көптөгөн адамдардан аларды байлап турган жиндер ач кыйкырык менен чыгып жатышты. Шал оорулуулар менен чолоктор болсо айыгып жатты. 8 Ошондуктан Филип жүргөн шаардагы эл жыргап, кубанычка бөлөндү.

Сыйкырчы Симон

9 Ошол шаарда Симон деген бир киши жүргөн. Ал Филип келерде өзүн кайсы бир улуу киши деп жарыялап, сыйкырчылык кылып, самариялыктардын оозун ачырып жаткан. 10 Элдин баары: "Бул кишиде Кудайдын зор кудурети бар экен" — дешип, чоң-кичине дебей аны угуп жүрүшкөн. 12 Бирок Кудайдын падышачылыгы жана Иса Машайак тууралуу жакшы кабарды таратып жүргөн Филипке ишенишкен соң, эркектери да, аялдары да сууга чөмүлүштү. 13 Симон сыйкырчынын өзү да ишенимге келди. Ал да сууга чөмүлүп, Филиптин артынан калбай ээрчип жүрдү. Болуп жаткан улуу укмуштар менен кереметтүү жышаандарды көргөн ал абдан таң калды. 14 Иерусалимде калышкан элчилер самариялыктар Кудайдын сөзүн кабыл алганын угушуп, аларга Петир менен Жаканды жөнөтүштү. 15 Алар келишип, самариялыктар Ыйык Рухту кабыл алышы үчүн сыйынышты. 16 Анткени Ыйык Рух али алардын бирине да түшө элек эле. Алар Эгебиз Исанын гана урматына сууга чөмүлүшкөн болчу. 17 Ошондуктан элчилер, колдорун алардын үстүнө коюп, батасын беришти жана алар Ыйык Рухту кабыл алышты. 18 Симон сыйкырчы болсо элчилер кол коюп сыйынганда Ыйык Рух берилип жатканын көрүп, аларга акча алып келип мындай деди: 19 — Кол коюп сыйынган адамым Ыйык Рухту кабыл ала тургандай кылып, мага да силердикиндей кудурет бергилечи. 20 Бирок Петир ага айтты: — Эй, сен акчаң менен жерге кир! Кудайдын бекер берген белегин акчага алмаштыргың келдиби. 21 Бул кызматка сенин эч кандай тиешең да, акың да жок, анткени Кудай алдында ниетиң бузук. 23 Ач көздүк менен арамдыктын ченгээлинде калганыңды көрүп турам! 24 Симон болсо мындай деп жооп кайтарды: — Айткан сөзүңөр мага тийбесин деп, мен үчүн Эгебизге сыйынып койгула! 25 Элчилер болсо өздөрү күбө болгон Кудайдын кереметтерин айтышып, Эгебиздин сөзүн жар салышып, кайрадан Иерусалимге бет алышты. Жолду ката Самариянын көп айылдарында жакшы кабарды жарыялашты.

Эфиопиялык вазирдин ишенимге келиши

26 Ал эми Филипке болсо Эгебиздин периштеси мындай деди: — Ордуңан тур да, түштүк тарапта жаткан ээн талаадагы, Иерусалимден Газа шаарына карай кеткен жолго чык! 27 Филип ордунан турду да периште айткан жакка жөнөдү. Ошол кезде Иерусалимге зыярат кылганы келген эфиопиялык бир киши кайра өз жерине кайтып бараткан. Ал Эфиопия ханышасы — Кандакиянын вазири, анын бардык казыналарына башчылык кылып турган киши эле. 28 Вазир өз арабасында Исайя пайгамбардын китебин окуп бараткан. 29 Ыйык Рух Филипке: — Бар да, ушул арабага катарлаш бас, — деди. 30 Филип арабага жакын басып келип, вазирдин Исайя пайгамбардын китебинен окуп жатканын укту да, андан: — Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы? — деп сурады. 31 Ал: — Түшүндүрүп бере турган адам болбосо, өзүм кайдан түшүнмөк элем? — деп жооп берди. Ал ушундай деди да, Филиптин арабага чыгып, жанына олтуруусун өтүндү. 32 Анын ыйык жазмадан окуп олтурган жери бул эле: "Аны кой сыяктуу союга жетелешти. Ал жүнүн кыркып жаткандардын алдында унчукпай жатып берген козу сымал ооз ачпады. 33 Аны кордошту, адилеттик менен сот жүргүзгүлөрү келген жок. Бирок анын замандаштарынын ага кылган жамандыктары жөнүндө эми ким баяндап берет? Себеби анын жер бетиндеги өмүрү бүттү". 34 Вазир Филипке кайрылып: — Сенден өтүнүч, айтып берчи: пайгамбар ким тууралуу айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү? — деди. 35 Филип ыйык жазманын ушул жеринен баштап, ага Иса жөнүндөгү жакшы кабарды айтып берди. 36 Жолду ката маектешип баратышкан булар сууга туш болушту. Аны көргөн вазир: — Мына, сууга да келип калдык, менин сууга чөмүлүү расмисинен өтүүмө эмне жетишпейт? — деди. 37 Ага Филип: — Эгер чын жүрөктөн ишенсеңиз, өтсөңүз болот, — деди. 38 Анан экөө тең сууга киришти. Филип вазирди чөмүлдүрүү расмисинен өткөрдү. 39 Алар суудан чыгышканда вазирге Ыйык Рух түштү, ал эми Филипти болсо Эгебиздин периштеси алып кетти. Ошондуктан ал вазирге көрүнбөй калды. Вазир кубаныч менен жолун андан ары улантты. 40 Ал эми Филип Азот шаарында пайда болуп, Кесарияга келгенче жолду ката бардык шаарларга жакшы кабарды жарыялап жүрдү.

Элчилер 9

Саулдун ишенимге келиши

1 Саул Эгебиздин шакирттерин өлтүрөм, житирем деп коркутуп-үркүтүп, башкы дин кызматчынын алдына барды. 2 Анда Исанын жолуна түшкөндөрдү аял–эркегине карабай байлап, Иерусалимге алып келүүгө жиберилди деген, Дамаск шаарындагы синагогалардын жетекчилерине арналган тил кат жаздырып алды. 3 Ошентип ал Дамаск шаарына жакындап калганда капыстан асмандан бир нур төгүлүп, айланасын жарык кылып жиберди. 4 Саул жерге жыгылды да, ага кайрылган үндү укту. — Саул, Саул! — деди ошол үн. — Эмнеге мени куугунтуктап жүрөсүң?! 5 Саул ага: — Оо, Кудурет, сиз кимсиз? — деди. Ошондо Эгебиз мындай деди: — Мен сен куугунтуктап жүргөн Исамын. 6 Тур да шаарга кир. Эмне кыла тургандыгыңды сага айтып беришет. 7 Аны менен бара жаткан кишилер аң-таң болушуп, үн-сөзсүз туруп калышты. Алар үндү угушкан менен айланадан эч кимди байкашкан жок. 8 Саул өйдө болуп, көзүн ачканда эч нерсени көрө албады. Ошондуктан жанындагы адамдар аны колунан жетелешип, Дамаскка алып келишти. 9 Саул үч күн бою эч нерсе көрө да, жей да албады. 10 Дамаскта Исанын Анания аттуу шакирти жашачу. Эгебиз ага аян берип, ошондо аны: — Анания! — деп атынан чакырды. Ал: — Лаппай, Эгем! — деди. 11 Жараткан Эгебиз ага мындай деди: — Ордуңан туруп, Түз аттуу көчөгө бар да, Иуданын үйүнө кирип, тарстык Саулду сура. Ал азыр сыйынып жатат. 12 Саул болсо аяндан Ананиянын ага келип, көзү ачылсын үчүн колун коюп сыйынып жатканын көрдү. 13 Анания Эгебизге мындай жооп берди: — Эгем, бул кишинин Иерусалимде сенин үмөттөрүңө жасаган жамандыктары тууралуу көп адамдардан уккан элем. 14 Эми ал бул жерге келиптир. Колунда "Исага табынгандардын баарын кармап келүүгө укуктуу" деген башкы дин кызматчылардан жаздырып aлган кагазы бар экен. 15 Бирок Эгедер ага айтты: — Баргын! Ал менин тандаган элчим. Менин атымды элдерге айтып, падышаларга маалым кылып, Израилдин урпактарына жарыялайт. 16 Мен үчүн канча азапты башынан өткөрүүгө тийиш экендигин өзүм ага ачып берем. 17 Анания барды да, Иуданын үйүнө кирип, Саулдун башына колун коюп, мындай деди: — Боордошум, Саул! Көзүң ачылып, Ыйык Рухту кабыл алышың үчүн жолуңан көрүнгөн Эгебиз Иса мени сага жиберди. 18 Ошол замат Саулдун көзүн каптаган чел кабык сыяктуу парда түшүп, кайрадан көрүп калды. Ал ордунан туруп, чөмүлдүрүү расмисинен өттү. 19 Анан тамак жеп, кубаттанды. Ушундан соң Саул Исанын шакирттери менен бир нече күн Дамаскта болду. 20 Ошол жердеги синагогаларга барып, Исанын Кудай Уулу экендигин айта баштады. 21 Уккандар таң калышып: — Бул киши Исага ишенгендерди Иерусалимде куугунтуктап, мында да, аларды кармап, башкы дин кызматчыларга алып баруу максаты менен келбеди беле? — деп жатышты. 22 Саул болсо уламдан-улам күчүнө келип, Дамаскта жашаган иудейлерге Исанын Машайак экендигин далилдеп, алардын айласын кетирди. 23 Бир топ убакыт өткөндө иудейлер аны өлтүрүүнү чечишти. 24 Бирок Саулга алардын мындай ниети билинип калды. Иудейлер аны өлтүрүү үчүн күнү-түнү шаар дарбазасынын айланасынан кетпей, аңдып жүрүштү. 25 Саул Исага ишендирген адамдар болсо аны себетке салып, түн ичинде шаардын сепилинен сыртка түшүрүп коюшту. 26 Саул Иерусалимге келип, шакирттердин катарына кошулгусу келди. Бирок алар Саул да Исанын шакирти болуп калганына ишенишпей, андан коркушту. 27 Ошондо Барнабас Саулду элчилердин алдына ээрчитип келди да, анын Дамаскка бараткан жолдо Исаны кандайча көргөнүн, Исанын ага айткан сөздөрүн жана Саул Иса жөнүндө коркпостон жар салганын айтып берди. 28 Саул алар менен бирге бүткүл Иерусалимде Эгебиз Исанын атын тайманбастан ачык жарыялап жүрдү. 29 Ал тургай, грек тилинде сүйлөгөндөр менен да Иса жөнүндө талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүнүн амалын издешти. 30 Бул тууралуу Исанын үмөттөрү билип калып, аны Кесарияга алып барып, Тарска жөнөтүп жиберишти. 31 Ошентип, бүткүл Иудея, Галилея жана Самария аймактарындагы ишенүүчүлөрдүн жамааттары тынчтыкта жана Эгебизди урматтоо менен жашап, өсүп-өнүп жатышты. Ыйык Рух колдоп, катарлары көбөйдү.

Энеас менен Доркас

32 Өлкөнүн чар тарабын кыдырып жүргөн Петир Лидда шаарында жашаган Исанын үмөттөрүнө да келди. 33 Ал жерге келгенде, сегиз жылдан бери төшөктөн тура албай шал болуп ооруп жаткан Энеас аттуу бир кишиге жолукту. 34 Петир ага кайрылып, мындай деди: "Энеас, сени Иса Машайак айыктырып жатат. Өйдө тур да төшөнчүңдү жыйна!" Энеас болсо ошол замат ордунан туруп кетти. 35 Муну Лидда менен Сарон шаарларында жашагандардын баары көрүшүп, Эгебизге дитин бурушту. 36 Яппа шаарында Исага ишенген Табита аттуу аял жашачу. Анын аты грекче Доркас болуп калат. Ал жакшылык кылгандан талбаган, кедейлерге колу ачык адам эле. 37 Ошол күндөрү ал катуу ооруп, каза болуп калды. Анын сөөгүн жууп, кепиндеп, үстүнкү кабаттагы бөлмөгө коюп коюшту. 38 Лидда шаары Яппага жакын жайгашкандыктан Исага ишенгендер Петирдин Лиддада экенин угушкан соң, эки киши жиберишип: "Бизге тезирээк келиңиз," — деп жалбарышты. 39 Петир дароо эле алар менен бирге Лиддага жөнөдү. Келери менен аны сөөк жаткан бөлмөгө алып барышты. Бөлмөгө киргенде жесир аялдар курчап алышып, Доркас көзү тирүүсүндө тигип берген кийим-кечектерин ага көргөзүшүп, боздоп ыйлашты. 40 Петир баарын сыртка чыгарып, өзү болсо тизелеп, Кудайга сыйынды. Анан өлүккө кайрылып: "Табита, тургун!" – деди. Аял көзүн ачып, Петирди көрдү да, өйдө болду. 41 Петир колунан кармап, бутуна турганга жардамдашты. Анан Исага ишенгендер менен жесирлерди чакырып, тирилип кеткен Табитаны көргөздү. 42 Бул иш бүткүл Яппага белгилүү болуп, көптөгөн адамдар Эгебизге ишеништи. 43 Петир бир нече күн Ысман аттуу булгаары иштетүүчүнүн үйүндө жашап, Яппада туруп калды.

Элчилер 10

Корнелийдин Петирди үйүнө чакырышы

1 Кесария шаарында Корнелий деген бир киши жашачу. Ал "Италия кошууну" деп аталган аскер бөлүмүндө жүз башы эле. 2 Бул динчил, бүт үй-бүлөсү менен Кудайдан ыйбаа кылган адам эле. Ал иудейлерге көп кайрым кылып, дайыма Кудайга сыйынчу. 3 Күндөрдүн биринде Корнелий күндүзгү саат үчтөрдө бир аян көрдү. Ага Кудайдын периштеси келип: — Корнелий!— деп атынан чакырды. 4 Корнелий аны көргөндө коркконунан: — Оо, Кудурет! Эмне болуп кетти? — деп жиберди. Периште ага мындай деди: — Кембагалдарга кылган кайрымың менен сыйынууларыңды Кудай кабыл кылып, сени эстеди. 5 Эми Яппага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр. 6 Ал азыр деңиздин жээгинде жашаган тери ийлегич Ысман деген кишинин үйүндө. 7-8 Корнелий менен сүйлөшкөн периште көздөн кайым болгондо, ал үй кызматчыларынан экөөсүн жана дайыма жанына алып жүрчү Кудайга табынган бир жоокерин чакырып алып, болгон окуяны толугу менен айтып берди да аларды Яппага жөнөттү.

Петирдин аяны

9 Алар бир күндүк жолду басып өтүшүп, экинчи күнү түшкө маал шаарга жакындашты. Ушул убакта сыйынуу үчүн Петир тамдын төбөсүнө чыккан эле. 10 -11 Ал ачка болуп, тамактангысы келди. Тамак даярдалып жаткан маалда эстен танып, аян көрдү. Аянда асман ачылып, төрт бурчунан байланган дасторкон сыяктуу бир нерсенин түшүп келе жатканын көрдү. 12 Анын ичинде ар кандай төрт аяктуу жаныбарлар, бака-жыландар, канаттуулар бар эле. 13 Ошондо бир үн чыкты: — Тур, Петир, буларды союп же! 14 Бирок Петир макул болбой: — Жок, Эгем, болбойт! Мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин! — деди. 15 Ошондо баягы үн экинчи ирет кайталанды: — Кудай адалдаганды арам дебе! 16 Бул көрүнүш үч жолу кайталанды да баягы дасторконго окшогон неме кайрадан асманга көтөрүлүп кетти. 17 Петир көргөн көзүнө ишене албай, бул эмне болуп кетти деп, деңдароо болуп турган маалда Корнелийден келген кишилер дарбазага жакындап, Ысмандын үйүн сурап жатышыптыр. 18 Алар үнүн катуу чыгарышып: — Петир аталган Ысман ушул жерде болду бекен? — деп сурашты. 19 Петир аян көрүп турган маалда Ыйык Рух ага мындай деген эле: — Сени үч киши издеп келди! 20 Тур да төмөн түшүп, эч шектенбестен алар менен бирге жөнө! Анткени аларды сага мен жибергем. 21 Петир ылдый түшүп, келген кишилерди тосуп алды. Аларга: — Силер издеп жүргөн киши менмин. Кандай иш менен келдиңер эле? — деди. 22 Алар мындай деп жооп беришти: — Бизди Корнелий аттуу жүзбашы жиберди. Ал динчил, Кудайдан ыйбаа кылган адам. Атпай иудей элинин арасында анын кадыр-баркы чоң. Ошол кишиге Кудайдын касиеттүү периштеси көрүнүп, үйүнө сени чакырып, сөзүңдү уксун дептир. 23 Ошондо Петир аларды үйгө киргизип, коноктоду.

Петирдин Корнелийдин үйүнө келиши

Эртеси Петир алар менен бирге жолго чыкты. Яппадан келген боордоштордун кээ бирлери ага кошулду. 24 Алар кийинки күнү Кесарияга келишти. Корнелий болсо өзүнүн туугандары менен жакын досторун чакырып, аларды күтүп олтурган эле. 25 Петир үйгө келгенде Корнелий утурлай чыгып, бутуна жыгылды. 26 Петир болсо ага: — Кой, тур, мен деле адаммын, — деп, өйдө тургузду. 27 Аны менен кобурашып үйгө киргенде, көп адамдар чогулуп олтурушуптур. 28 Петир аларга кайрылып мындай деди: — Билесиздерби, биздин диний мыйзамыбыз боюнча иудей адамына башка элдиктер менен байланышууга, алар жашаган жайга барууга болбойт. Бирок бир да адам арам эместигин Кудай мага түшүндүрдү. 29 Ошондуктан чакырылар менен, шыр эле түптүз силерге келдим. Эми суроо берейин: кандай иш менен мени чакырдыңыздар эле? 30 Корнелий мындай деп жооп берди: — Yч күн мурун мен ушул убакта, күндүзгү саат үчтөрдө үйүмдө сыйынып олтургам. Аңгыча эле бет алдымда жаркыраган кийимчен киши пайда болду да: 31 "Корнелий! Yнүң Кудайга жетип, адамдарга кылган кайрымдарың эске алынды. 32 Яппага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр. Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысмандын үйүндө", — деди. 33 Муну угарым менен дароо сизге киши жибердим. Сиз келип, жакшы иш кылдыңыз. Эми Кудайдын сизге айткан сөзүн төкпөй-чачпай бизге айтып бериңиз. Ошол үчүн баарыбыз Кудай алдында күтүп турабыз. 34 Петир мындай деп сөзүн баштады: — Кудайда бет карамачылык жок экен. Буга чындап көзүм жетти. 35 Кудайдан ыйбаа кылып, aк жашаган адам кандай гана улуттан болбосун ага жагат экен. 36 Кудай Иса Машайак аркылуу өзү менен тынчтыкка чакырып, Израил элине кабар берди. Ушул Иса Машайак баарынын Эгеси экен. 37 Жакыя жар салган чөмүлдүрүү расмисинен кийин Галилеядан башталып, бүткүл Иудея аймагында болуп өткөн окуяны сиздер билесиздер. 38 Кудайдын назареттик Исаны Ыйык Рухка толтуруп кудуреттүү күчкө кантип эгедер кылганы сиздерге маалым. Ошондуктан ал адамдарга жакшылык жасап, ибилистен запкы тарткандарды айыктырып жүрдү. Анткени Кудай аны колдоп турду. 39 Бүтүндөй иудей жеринде, ошондой эле Иерусалимде анын кылган иштерине биз да күбөбүз. Алар аны жыгачка керип өлтүрүштү. 40 Мына ошол Исаны Кудай үч күндөн кийин кайра тирилтип, адамдарга көрсөттү. 41 Бирок баарына эмес. Тек, Кудай өзү алдын ала эл арасынан тандап алган күбөлөрүнө, ал кайра тирилгенден кийин аны менен чогуу бир дасторкондон жеп-ичип, бирге жүргөн бизге гана көрсөттү. 42 Иса болсо бизге өзүнүн өлгөндөр менен тирүүлөрдү соттой турган Кудайдын белгилеген Соту экенин адамдарга жарыялоону жана кепилдикке өтүүнү буйруду. 43 Исанын ысмынын урматы үчүн ага ишенген ар бир адамдын күнөөсү кечирилет деп бардык пайгамбарлар да күбөлүкө өтүшкөн. 44 Петир ушул сөзүн айтып жаткан маалда аны угуп тургандардын баарынын үстүнө Ыйык Рух түштү. 45 Петир менен бирге келген еврей улутундагы ишенүүчүлөр Ыйык Рухтун ыроологон ырыскысы башка улуттагыларга да берилгенине таңданышты. 46 Анткени алардын башка тилдерде сүйлөп, Кудайды даңазалап жатканын угушту. Ошондо Петир мындай деди: 47 "Биз сыяктуу эле Ыйык Рухту алган адамдардын сууга чөмүлүү расмисинен өтүүсүнө ким кедерги боло алат?" 48 Анан аларга Иса Машайактын урматына чөмүлдүрүү расмисинен өтүүнү буюрду. Ушул окуядан соң алар Петирден бир нече күн өзүлөрү менен бирге болуп кетүүсүн суранышты.

Элчилер 11

Петирдин актануусу

1 Иудеядагы элчилер менен боордоштор Кудайдын жакшы кабарын башка улуттун адамдары да кабыл алганын угушту. 2 Петир Иерусалимге кайтып келгенде Исага ишенген еврейлер ага нааразы болушуп: 3 — Сен сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы адамдарга барып, ошолор менен бирге тамак ичипсиң, — дешти. 4 Ошондо Петир аларга болгон окуянын баарын катар-катары менен баяндап, айтып берди. 5 — Мен Яппа шаарында сыйынып отурган элем, — деди ал. Эс-учумду жоготуп койгон экем, ушундай абалда бир аян көрдүм. Анда чоң дасторконго окшош бир нерсе төрт бурчунан буулган боюнча асмандан келип, алдыма түштү. 6 Ичин караганымда төрт аяктуулар, сойлоочулар жана жапайы канаттуулар бар экен. 7 Анан: "Петир, тур да союп же!" — деген добушту уктум. 8 А мен ага: "Жок, Эгем, мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин" —дедим. 9 Жанагы үн дагы чыгып: "Кудай адалдаганды арам дебегин!" — деди. 10 Бул үч жолу кайталанып, кайра көккө көтөрүлүп кетти. 11 Ошол кезде Кесариядан мага жиберилген үч киши келип, дарбазамдын жанында турган экен. 12 Ыйык Рух болсо: "Эч ойлонбостон буларга кошулуп, жолго чык!" — деди. Ошентип, бул Яппадан келген алты боордошум да мени менен бирге барып, ошол Корнелий деген кишинин үйүнө кирдик. 13 Ал болсо үйүндө көзүнө көрүнгөн периштенин эмне дегенин бизге айтып берди. Периште ага: "Яппага киши жиберип, Ысман Петир деген кишини чакырт! 14 Ал сени жана сенин бүт үй-бүлөңдү куткарып ала турган сөздү айтып берет", — дептир. 15 Мен сүйлөй баштаганда Ыйык Рух мурда бизге түшкөндөй алардын үстүнө да түштү. 16 Ошондо Эгебиздин мындай деген сөзүн эстедим: "Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн, силер болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр". 17 Ошондуктан Кудай Эгебиз Иса Машайакка ишенгенибизде бизге берген ырыскысын буларга да ыраа көрсө, анда Кудайга каршы чыккандай мен ким элем. 18 Бул сөздү угуп, алар тынчып калышты. "Кудай бөтөн улуттарды тобо кылдырып, түбөлүк өмүрдү аларга да берет турбайбы", — деп Кудайды даңкташты.

Антиохиядагы жамаат

19 Стефан өлгөндөн кийин куугунтукка учурап, чачырап кеткен шакирттер Финикияга, Кипр аралына жана Сириядагы Антиохия шаарына чейин жетип, жакшы кабарды еврейлерге гана айтып жүрүштү. 20 Бирок Антиохия шаарына келген кээ бир кипрлик жана киренейлик кишилер Эгебиз Иса тууралуу кабарды башка улуттун адамдарына да жеткизишти. 21 Эгебиздин кудурети алар аркылуу иштегендиктен көп адамдар тобо кылышып, Кудайга ишеништи. 22 Бул тууралуу кабар Иерусалимдеги жамаатка жетип, алар Антиохияга Барнабасты жиберишти. 23 Ал келип, Кудайдын ырайымын көрүп, абдан кубанды. Эгебизге чын жүрөктөн берилип, аны менен тыгыз байланышта болууну бардык ишенгендерге насааттады. 24 Барнабас Ыйык Рухка толгон, ишеними күчтүү, жакшы киши эле. Ал Эгебизге көптөгөн кишилерди ишендирди. 25 Анан Барнабас Саулду издеп Тарска кетти. 26 Аны жолуктуруп, Антиохияга ээрчитип келди. Андагы жамаатта экөө бир жыл болушуп, көп адамдарга насаат айтып жүрүштү. Ошентип, Антиохияда Исага ишенгендер биринчи жолу Машайакчылар деген атка конушту. 27 Ошол кезде Иерусалимден Антиохияга бир нече пайгамбарлар келишти. 28 Алардын арасынан Агаб дегени ордунан туруп, Ыйык Рух берген аян менен жакын арада бүт жер жүзүндө катуу ачарчылык болорун айтты. Бул ачарчылык кийин, Рим императору Клавдийдин тушунда болду. 29 Ошондо ишенгендердин ар бири колунан келишинче Иудеядагы Исага ишенген боордошторуна жардам жиберүүнү чечишти. 30 Бул чечимди ишке ашырып, белектерин Барнабас менен Саул аркылуу Иерусалимдеги жамаат аксакалдарына жөнөтүштү.

Элчилер 12

Жакыптын өлүмү жана Петирдин түрмөдөн чыгарылышы

1 Ошол кезде Ирод падыша жамааттын мүчөлөрүнүн бир нечесине жамандык кылып, аларды куугунтуктай баштады. 2 Ал Жакандын бир тууган агасы Жакыпты кылычтап өлтүрдү. 3 Бул кылганы иудейлерге жагып жатканын көрүп, Петирди да карматты. Калама майрамы болуп жаткан кез эле. 4 Ал аны карматып, зынданга олтургузду да, төрт жоокерден турган төрт топко кайтартып койду. Ал Петирди Куткарылуу майрамы бүткөндө эл алдына алып чыгып соттойм деп ойлоду. 5 Ошентип Петир зынданда кайтарууда жатты. Бул убакта ишенгендер ал үчүн Кудайга жалынып жатты. 6 Ирод элге алып чыккысы келген күндүн алдындагы түнү Петир эки жоокердин ортосунда эки жагынан чынжыр менен байлануу уктап жаткан эле. Зындандын оозун кароолчулар кайтарып турушкан. 7 Бир убакта капыстан эле Эгебиздин периштеси пайда болуп, зындандын ичи жарык болуп кетти. Периште Петирди капталга түртүп ойготту да: — Тур, тезирээк! — деди. Петирдин колундагы чынжырлар шыпырылып түшүп калды. 8 Ошондо периште мындай деди: — Белиңди байлан да, бутуңду кий. Петир айтканын кылды. Андан соң дагы мындай деди: — Чапаныңды кийип, артыман түш! 9 Периштенин жасап жатканы өңүмдөбү же аян көрүп жатамбы деп ойлогон Петир аны ээрчип сыртка жөнөдү. 10 Түрмөнүн биринчи, анан экинчи бөлүгүндөгү кароолчунун жанынан өтүп, шаарга алып чыга турган темир дарбазага келишти. Дарбаза аларга өзүнөн өзү ачылып кетти. Алар зындандан сыртка чыгышып, бир көчөгө келишкенде күтүлбөгөн жерден периште көздөн кайым болду. 11 Ошондо Петир өзүнө келип: — Эгем өзүнүн периштесин жиберип, Ироддун колунан жана иудейлердин мага каалаган жамандыгынан мени куткарды, — деди. 12 Ал эсин жыйып, Марк деп аталган Жакандын энеси Мариамдын үйүнө келди. Аныкында көп боордоштор чогулуп, сыйынып олтурушкан эле. 13 Петир үйдүн дарбазасын тыкылдатканда үйдөн Рода аттуу малай кыз чыгып, дарбазага кулагын тосту. 14 Петирди үнүнөн тааныган соң кубанганынан дарбазаны ачканды унутуп, үйгө жүгүрүп кирди да: — Петир дарбазанын алдында турат! — деп сүйүнчүлөдү. 15 Yйдөгүлөр ага: — Акыл-эсиң жайындабы?! — дешти. Бирок кыз айтканынан кайтпады. Ошондо тигилер: — Бул Петирдин периштеси! — дешти. 16 Бул арада Петир дарбазаны тыкылдатып тура берди. Дарбазаны ачышканда Петирди көрүп, айран-таң калышты. 17 Петир болсо акырын деп колу менен белги берип, Эгебиздин кантип аны зындандан алып чыкканын айтып берди. Анан бул тууралуу Жакыпка жана башка боордошторго кабарлап койгула деп өтүндү. Ушундан соң үйдөн чыгып, башка жакка жөнөдү. 18 Таң атканда зындан кайтарган жоокерлердин арасында Петирдин жоголгонуна байланыштуу чоң тополоң болду. 19 Ирод болсо Петирди издеп таба албаган соң, кароолчуларды жоопко тартып, өлтүрүүнү буюрду. Ушундан соң ал Иудеядан чыгып, Кесарияга барды да, ал жакта туруп калды.

Ироддун өлүмү

20 Тир менен Сидон шаарларынын элине Ироддун кыжыры келип жүргөн эле. Тигилер болсо өз ара сүйлөшүп, ага келишти да, падышанын кызматкери Властты өзүлөрү тарапка тартышып, Иродду тынчтыкка келүүгө чакырышты. Анткени алар жашаган аймак падышага караштуу аймактан азык-түлүк алып турчу. 21 Болжошкон күнү Ирод падышалык кийим кийип, тактысына олтурду да, алар менен сүйлөшө баштады. 22 Угуп турган эл: "Бул үн адамдыкы эмес, Кудайдыкы!" — деп кыйкырып жатты. 23 Бирок Кудайга тиешелүү даңкты Кудайга бербегени үчүн аны күтүлбөгөн жерден Эгебиздин периштеси жазалады. Иродду ичиндеги курттары жеп, ал өлдү. 24 Кудайдын кабары туш-тушка тарап жатты. 25 Ал эми Барнабас менен Cаул тапшырылган милдеттерин аткарган соң, Марк аталган Жаканды алышып, Иерусалимден Сириядагы Антиохияга келишти.

Элчилер 13

Барнабас менен Саулдун атайын кызматы

1 Антиохия шаарындагы жамаатта бир нече пайгамбарлар менен устаттар бар эле. Булар: Барнабас, Негр аталган Симеон, киринеялык Лукиос, Ирод Антипас менен бирге өскөн Манаин жана Саул. 2 Алар орозо кармап, Эгебизге ибадат кылып жүрүшкөндө Ыйык Рух мындай деди: "Мен Барнабас менен Cаулду атайын бир кызматка чакырып алганмын, ошондуктан аларды мага бергиле". 3 Ошондо алар орозо тутуп, ал экөөнө бата тилеп сыйынышкан соң, Кудайдын кызматы үчүн бөлүп коюшту.

Кипр аралында

4 Ыйык Рухтун буйругу боюнча жөнөтүлгөн булар Селевкияга барышып, андан ары кеме менен Кипрге кетишти. 5 Саламин шаарында болушуп, иудей синагогаларында Кудай сөзүн жар салышты. Жардамчы катарында жанына алышкан Жакан да алар менен бирге жүрдү. 6 Алар Кипр аралын баштан аяк aралап өтүшүп, Пафос деген жерге келишкенде бир Бариса деген иудейге кезигишти. Ал жалган пайгамбарчылык кылган сыйкырчы болчу. 7 Ал Сергий Саул аттуу аймак акими менен жүргөн. Аким акылдуу киши болор эле. Ал Кудайдын сөзүн угуу үчүн Саул менен Барнабасты чакыртып, киши жиберди. 8 Бирок жанагы Елимас деген сыйкырчы (тигинин аты грекче ушундай) акимдин ишенип калуусун каалабай, аларга тоскоолдук кылды. 9 Бирок Ыйык Рухка толуп турган Саул (дагы бир аты Паул) аны тике карап, мындай деди: 10 —Эй, алдамчылык менен адепсиздикке ичи толгон, бардык адилеттиктин душманы болгон ибилистин баласы! Эгебиздин түз жолун бурмалаганыңды качан коёсуң? 11 Азыр Эгебиздин кудуретин көрөсүң, көзүң көпкө көрбөй кашайып кал! Күтүлбөгөн жерден Елимастын көзү чындап эле байланып, карайлап калды. Эки жагына кайрылып, колу менен сыйпалап, жетелей турган адам издей баштады. 12 Ошондо бул окуяны көргөн аймак акими Эгебиз жөнүндөгү таалимге таң калып, ага ишенди.

Писидия аймагындагы Антиохияда

13 Паул менен анын жанындагылар Пафостон кеме менен чыгышып, Памфилиянын Перге деген шаарына келишти. Ошол жерден Жакан алардан бөлүнүп, кайра Иерусалимге кайтты. 14 Паул менен Барнабас болсо Пергени аралап өтүшүп, Писидия аймагындагы Антиохияга келишти. Ишемби күнү синагогага киришти. 15 Тоорат менен пайгамбарлар жазмасы окулуп бүткөн соң, синагога башчылары Паул менен Барнабаска киши жиберишип, мындай дешти: — Боордоштор, элге айта турган насыят сөзүңөр бар болсо, айткыла. 16 Паул ордунан туруп колу менен ишарат кылып, элди тынчтыкка чакырды да, сүйлөй баштады: — Урматтуу агайындар! Урматтуу башка улуттук боордоштор! Кулак салып, угуп алыңыздар. 17 Ушул Израил элинин Кудайы биздин ата-бабаларыбызды өзүнө тандап алып, Мисир жеринде келгин катары жашап жаткан кезинде аларга жөлөк болуп, өркүндөтүп өстүрдү. Анын кудуреттүү колу менен Мисирден алып чыкты. 18 Андан кийин кырк жылга жакын чөлдө сынады. 19 Ошондон кийин Канаан жериндеги жети элди кыйратып, алардын жерин мурас катары аларга берди. 20 Ушулардын баары төрт жүз элүү жылга созулду. Андан соң Кудай аларга Самуил пайгамбардын убагына чейин бийлерди берип, алар элди башкарды. 21 Андан кийин алар падыша сурашканда Кудай Бенжамин уруусундагы Кистин уулу Саулду берди. Ал кырк жыл аларга падышачылык кылды. 22 Анан: "Менин көңүлүмө жаккан адамды таптым. Ал — Эссейдин уулу Дөөт. Ал менин каалаганымдын баарын аткарат"— деп, Саулду тактан алып, Дөөттү шайлады. 23 Кудай өзүнүн убадасы боюнча мына ушул кишинин тукумунан Израилдин Куткаруучусу Исаны чыгарды. 24 Анын келер алдында Жакыя бүт Израил элин тобо келтиртип, сууга чөмүлүү расмисинен өтүүгө чакырып, жар салды. 25 Ал өз вазийпасын аткарып бүткөндө, элге: " Мен силердин оюңар боюнча мен киммин? Мен силер ойлоп жатканыңар эмесмин. Менден кийин келе жатканга көңүл бургула, мен анын бут кийимин чечүүгө да татыксызмын", — деди. 26 Агайын-туугандар, Ибраимдин урпактары жана Кудайдан корккон пенделер! Бул куткаруучу сөз бизге айтылган болчу. 27 Иерусалимдиктер менен алардын башкаруучулары муну түшүнүшпөй, Исаны соттошуп, ар ишембиде окулуучу пайгамбарлар китебинде жазылганды жүзөгө ашырышты. 28 Алар өлүмгө татыктуу бир да себеп табышпаганына карабай Пилаттан аны өлтүрүүсүн талап кылышты. 29 Анан, ал тууралуу жазылгандардын баарын аткарып бүтүшкөн соң, анын сөөгүн жыгачтан түшүрүшүп, көргө коюшту. 30 Бирок Кудай аны өлүмдөн тирилтип алды. 31 Мындан соң аны Галилеядан Иерусалимге ээрчип келгендер көп күндөр бою көрүп жүрүштү. Алар азыр аны эл алдында күбөлөндүрүп жатышат. 32 Кудай Исаны өлүмдөн тирилтип, аталарыбызга берген убадасын алардын балдары — бизге аткарып бергенин силерге азыр Баранабас экөөбүз сүйүнчүлөп турабыз. 33 Бул тууралуу Забурдун экинчи ырында мындай деп жазылган: "Сен менин Уулумсуң, бүгүн сага мен Ата болдум". 34 Кудай аны өлүмдөн тирилткендиги, демек, эми эч качан чирий турган денеге айланбастыгы тууралуу мындай деген: "Мен сага Дөөткө убада кылган ыйык ишенимдүү баталарымды берем". 35 Ошондуктан дагы бир жерде мындай дейт: "Сен өзүңдүн ыйыгыңды чиритпейсиң". 36 Дөөт өз убагында Кудайдын эркин аткарып, элине кызмат кылып бүткөндө көз жумуп, ата-бабасы жаткан жерге коюлуп, денеси чириген. 37 Ал эми Кудай кайрадан тирилтип алган киши болсо чириген жок. 38 Ошондуктан, силерге белгилүү болсун, агайын-туугандар, мына ушул кишинин урматына силердин күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат. 39 Мусанын мыйзамы аркылуу акталбаган бардык күнөөлөрүңөр бул кишиге ишенүү аркылуу акталат. 40 Ошондуктан сак болгула! Пайгамбарлар айтып кеткен сөздөр силердин башыңарга келбесин. 41 Алар мындай дешкен: "Эй, Кудай сөзүн жек көрүп, шылдыңдагандар! Оозуңар ачылып, таң калып, шоруңар курусун! Мен силердин жашооңордо бирөө айтып берсе да, өзүңөр ишене албагандай бир керемет иш кылам". 42 Барнабас менен Паул синагогадан чыгып жатканда, алардан келерки ишембиде да ушул эле темада сүйлөп беришин суранышты. 43 Чогулуш бүткөндө көптөгөн иудейлер жана иудей динине өтүп, Кудайга кызмат кылган улуту башка адамдар Паул менен Барнабасты ээрчип жөнөштү. Паул менен Барнабас болсо алар менен аңгеме куруп: "Ырайымдуу Кудайдын жолунда жүрө бергиле" деп кеңештерин беришти. 44 Кийинки ишембиде Жараткан Эгебиздин сөзүн угуу үчүн дээрлик бүт шаар эли чогулду. 45 Бирок иудейлер ушунчалык көп эл чогулганына ичтери тарып, көрө алышпады. Ошондуктан Паулдун сөзүнө каршы чыгып, ага тил тийгизишти. 46 Паул менен Барнабас аларга тайманбастан мындай дешти: "Кудайдын сөзү биринчи силерге айтылышы керек эле, бирок силер аны четке кагып, өзүңөрдү түбөлүк өмүргө татыксыз кылып жатасыңар. Ошон үчүн, мына, эми биз башка улуттарга кайрылып, айтып жатабыз. 47 Анткени Эгебиз бизге: "Жер чегине чейин адамдардын баары күнөөлөрүнүн жазасынан кутулуу үчүн мен сени башка элдерге жол көрсөтүүчү нур кылып койдум", — деп буйрук берип кеткен". 48 Бул сөздү угушкан башка улуттагылар кубанышып, Эгебиздин сөзүн даңктап жатышты. Алардын арасындагы түбөлүк өмүргө буюрган көп адамдар ишенимге келишти. 49 Ошентип Эгебиздин сөзү өлкөнүн туш тарабына тарады. 50 Бирок иудейлер диний ырым-жырымдарды катуу кармаган шаардын атактуу аялдары менен башчыларын Паул менен Барнабаска каршы тукурушуп, аларды куугунтукка алышты. Алар эки элчини шаардан кууп чыгышты. 51 Эки элчи болсо аларга наалат катары буттарынын чаңын күбүп, Икония тарапка кетип калышты. 52 Антиохиядагы шакирттер кубаныч менен Ыйык Рухка толуп, өсө беришти.

Элчилер 14

Листра шаарында

1 Икония шаарында Паул менен Барнабас адаттагыдай иудей синагогасына барышты да сөз сүйлөштү. Ошондо көптөгөн иудейлер менен иудей эместер ишенимге келишти. 2 Ал эми Кудай сөзүнө баш ийбеген иудейлер болсо башка улуттагыларды ишенгендерге каршы тукуруп, дүрбөлөңгө салышты. 3 Ошондуктан эки элчи көп убакыт бою ошол жерде болуп, Эгебиз тууралуу тайманбастан ачык сүйлөшүп, анын берекелүү сөздөрүн айтышты. Кудай болсо алар аркылуу кереметтүү жышаандарды жана укмуштарды жаратып жатты. 4 Шаар эли экиге бөлүнүп, бир тобу иудейлер тарапта болсо, бир тобу элчилер тарапта болушту. 5 -6 Башка улуттун адамдары Иудей башчылары менен биригип алышып, элчилерди кордоп, таш бараңга алмакчы болуп жулунганын байкаган элчилер Ликаония аймагындагы Листра менен Дербе шаарларына жана алардын айланасындагы жерлерге кетип калышты да, 7 жакшы кабарды ошол жакта таратып жүрүштү.

Листра менен Дербеде

8 Листрада эки буту тең шал болгон бир адам отурчу. Ал тубаса оорулуу болгондуктан эч качан басып көрбөгөн. 9 Бу киши Паулдун сөзүн угуп олтурган. Паул ага тике карады да, анын айыгып кетүүгө жете турган ишенимин көрүп: 10 "Кана, тур бутуңа!" — деп кыйкырды. Ошондо ал секирип туруп, басып кетти. 11 Паулдун кылганын көргөн эл Ликаон тилинде: "Булар бизге адам кейпинде түшүп келген теңирлер!" — деп кыйкыра башташты. 12 Алар Барнабаны Зевс деп, ал эми сөздү дайыма баштап сүйлөп жүргөндүктөн Паулду Гермес аташты. 13 Шаардын сыртындагы грек кудайы Зевстин ибадатканасынын дин кызматчысы эл менен бирге аларга курмандык чалмакчы болуп, букалар менен гүлдөрдү шаар дарбазасына алып келди. 14 -15 Барнабас менен Пабыл муну укканда, үстүндөгү кийимдерин тытып жиберишип, элдин арасына чуркап киришти. "Эл журт! Эмне кылганы жатасыңар? — дешти алар. — Биз деле силерге окшогон пендебиз. Силерди бул пайдасыз нерселерге табынбай, асман-жерди, деңизди жана алардын ичиндегинин баарын жараткан тирүү Кудайга ишенсин деген жакшы кабарды айтып жүрөбүз. 16 Өздөрү каалагандай жашаган бардык улуттарды ал мурдагы замандарда тим койду. 17 Ошондой болсо да бизге асмандан жамгырын жаадырып, түшүм мезгилдерин берип, ырыскыбызды үзбөй, көңүлүбүздү куунак кылып, ушул жакшылыктары менен өзүн күбөлөндүрүп келди". 18 Элчилер ушундай деп, аларды өздөрүнө курмандык чалуудан араң токтотушту. 19 Ушундан соң Антиохия менен Икониядан келген иудейлер элди өздөрү тарапка тартып алып, Паулду таш бараңга алышты. Анан өлдү го деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты. 20 Бирок айланасына шакирттер чогулганда, Паул ордунан турду да, кайра шаарга кирди. Эртеси күнү ал Барнабас менен бирге Дербеге кетип калды.

Элчилердин Сириядагы Антиохияга кайтып келиши

21 Элчилер Дербеде жакшы кабарды таратып, көптөгөн адамдарды Исанын шакирти кылды. Андан соң Листра, Икония жана Антиохияга кайтып келишти. 22 Кайда барбасын, ишенгендерди: "Ишенимиңерди сактап жашагыла, Кудай падышачылыгына далай азаптарды баштан кечирип киребиз"— деп кайраттандырышты. 23 Ар бир ишенгендер жамаатына жамаат аксакалдарын дайындашып, орозо кармап сыйынышып, аларды өздөрү ишенип калган Эгебизге тапшырышты. 24 Андан кийин эки элчи Писидиядан өтүп, Памфилия аймагына келди. 25 Пергеде Кудайдын сөзүн жарыялап, Анталия шаарына түшүштү. 26 Анталиядан кемеге отуруп, Антиохияга бет алышты. Антиохияда алар бул иш үчүн ырайымдуу Кудайдын колуна тапшырылган эле. Алар аны аякташты. 27 Келишкенде, ишенгендерди жыйнап, Кудай алар аркылуу эмнелерди кылганын жана башка элдерге ишенимдин эшигин кандайча ачып бергенин айтып беришти. 28 Андан кийин бир топ убакыт ошол жерде алар менен бирге болушту.

Элчилер 15

Иерусалимдеги кеңеш

Сүннөткө олтургузуу маселеси

1 Иудеядан түшүп келген кээ бир адамдар Антиохиядагы ишенгендерге: "Эгер Муса пайгамбардын мыйзамы боюнча сүннөткө олтурбасаңар, анда куткарыла албайсыңар", — деп окута башташты. 2 Паул менен Барнабас алар менен бир далайга чейин талашып-тартышты. Акыры антиохиялыктар Паул менен Барнабаска бир нече адам кошуп, бул маселени башка элчилер менен жамаат аксакалдарынын алдында тактоо максатында аларды Иерусалимге жиберүүнү чечишти. 3 Ишенүүчүлөр жамаатынын тапшырмасы менен сапарга чыгышкан булар Финикия жана Самария аймагы аркылуу жол жүрүп, андагы ишенгендерге башка улуттагы адамдардын кандайча Кудай жолуна түшкөндөрүн айтып, абдан кубантышты. 4 Иерусалимге келгенде ишенгендер жамааты, элчилер жана жамаат аксакалдары аларды жылуу кабыл алышты. Паул жана анын жолдоштору Кудайдын алар аркылуу эмнелерди кылганын айтып беришти. 5 Бирок алардын арасындагы мурда фарисей тобуна киргендери ордунан туруп: "Башка улуттагыларды сүннөткө олтургузуп, Муса пайгамбардын мыйзамына баш ийүүнү буйруш керек" — дешти. 6 Ошондо элчилер менен жамаат аксакалдары бул маселени чечүүгө чогулушту. 7 Көптөгөн суроолордон соң Петир ордунан туруп, мындай деди: "Агайындар! Мындан бир нече убакыт мурда башка улуттагыларга жакшы кабарды жеткирип, ишенимге келтирүүгө Кудай сиздердин араңыздардан мени тандаган эле. Муну сиздер жакшы билесиздер. 8 Жүрөктүн түпкүрүндөгү сырларды билген Кудай бизге берген Ыйык Рухту аларга да берүү менен өзүнө кабыл алганын көрсөттү. 9 Исага ишенгендиги үчүн дилин тазалап, биз менен тең кылды. 10 Анда эмнеге сиздер Кудайды сынап, биз өзүбүз да, ата-бабаларыбыз да көтөрө албаган оор жүктү Исанын шакирттерине жүктөгөнү жатасыздар? 11 Алар деле биз сыяктуу Эгебиз Исанын ырайымы аркылуу ишенимге келип, куткарылышты". 12 Петирдин сөзүнөн кийин жымжырттык өкүм сүрүп, башка улуттардын арасында Барнабас менен Паул аркылуу кылган Кудайдын кереметтүү жышаандары менен укмуштары тууралуу алардын айткандарына кулак төшөштү. 13 Алар сүйлөп бүткөндө Жакып мындай деди: "Агайын туугандар! 14 Ысман өз сөзүндө Кудайдын башка улуттагылардын арасынан өз адамдарын тандап, аларга өзүн таанытып, кылган камкордугу тууралуу айтып өттү. 15 Пайгамбарлар китебинде жазылган сөздөр да буга дал келет: 16 "Кийин мен кайра келем, Дөөттүн кулаган падышалыгын кайра тургузам. Урандыларын алып, кайра куруп чыгам. 17-18 Башка элдер да Кудайды издесин деп ушундай кылам. Ошондо мага таандык башка улуттардын баары: "Мурда айтып кеткендей, Эгебиз сөзүн аткарып жатат" дешет. Ар улуттан чыккан менин адамдарым алдыма келишет". 19 Менимче, башка улуттан Кудай жолуна түшкөндөргө орунсуз талап коюп, кабатыр кылбашыбыз керек. 20 Андан көрө кат жазып, "буркандарга арналып, курмандыкка чалынган арам оокаттан жебегиле, бузуктуктан сактангыла, арам өлгөн малдын этин жана канды жебегиле" деген насаатыбызды айталы. 21 Анткени Муса пайгамбардын мыйзамында жазылган бул эрежелер илгертен бери ишемби сайын ар бир шаардагы синагогаларда окулуп келе жатат".

Исанын башка улуттагы шакирттерине кат

22 Ошентип элчилер, жамаат аксакалдары жана ишенүүчүлөр жамааты арасынан бир нече адамды тандап, Паул менен Барнабаска кошуп, Антиохияга жиберүүнү туура көрүштү. Алар Барсаба деп аталып кеткен Иуда менен Силаны тандашты. Булар жамаатта кадыр-баркка ээ адамдар болушкан. 23 Алып бара турган каттын мазмуну төмөнкүдөй эле: "Ушул катыбызды андагы Антиохия, Сирия жана Киликиядагы бардык иудей эмес боордошторубузга арнайбыз. Катты Иерусалимдеги элчилерден, жамаат аксакалдарынан жана жамы ишенген боордошторуңардан деп билгиле. 24 Угушубузга караганда биздин арабыздан чыккан кээ бир адамдардын сөзү тынчыңарды алып, көңүлүңөрдү чөгөрүптүр. Бирок биз алардын барып, андай кылышын тапшырган эмеспиз. 25 Ошол себептен биз өз ара акылдашып, бир пикирге келдик да, арабыздан бир нече адамды тандап, аларды азиз боордошторубуз Барнабас менен Паулга кошуп, силерге жиберүүнү оң көрдүк. 26 Бул экөө Эгебиз Иса Машайак үчүн жанын да аябаган адамдар. 27 Ошондой эле Иуда менен Силаны да жиберип жатабыз. Алар да силерге ушул жазылгандарды оозеки айтып беришет. 28 Ошондуктан Ыйык Рухка да, бизге да эң зарыл көрүнгөн төмөнкү эки-үч нерседен башканы талап кылбоону туура деп таптык: 29 буркандарга чалынган курмандыктан ооз тийбегиле, кан менен арам өлгөн малдын этин жебегиле жана бузукчулуктан денеңерди сактагыла. Ошондо жакшы иш жасаган болосуңар. Саламатта калгыла". 30 Ошентип бу кишилер жолго чыгып, Антиохияга келишти. Андагы ишенгендердин жамаатын чогултуп, катты беришти. 31 Алар катты окуп, андагы насыят сөздөргө ыраазы болуп кубанышты. 32 Өздөрү пайгамбар болгон Иуда менен Сила сөз сүйлөп, боордошторго көп жакшы насааттарын айтып, көңүлдөрүн көтөрүштү. 33 Бир нече убакыт алар менен болгон соң, боордоштор аларды жылуу-жумшак келген жагына узатып коюшту. 34 -35 Ал эми Паул менен Барнабас болсо Антиохияда калышты.1 Алар башка дагы көптөгөн ишенүүчүлөр менен бирге Эгебиздин сөзүн сүйлөп, элге жарыялашты.

Паул менен Барнабастын ортосундагы пикир келишпестик

36 Бир нече күн өткөндө Паул Барнабаска: "Эми кайтып барып, биз мурда Эгебиздин жакшы кабарын айткан шаарлардагы боордошторубуздун ал-акыбалы кандай болду экен, ошону көрүп келели", – деди. 37 Барнабас Марк аталган Жаканды да өзүнө кошуп алгысы келди. 38 Бирок Паул буга каршы болду. Анткени Марк мурда алар менен бирге Кудайдын кызматына баргысы келбей, Памфилиядан таштап кеткен эле. Ошондуктан Паул мындай адамды кошкусу келген жок. 39 Натыйжада, алардын арасында абдан катуу пикир келишпестик пайда болуп, Паул менен Барнабас бири-биринен бөлүнүштү. Барнабас өзү менен бирге Маркты алып, Кипрге сүзүп кетти. 40 Паул болсо өзү тандаган Силаны жанына алып, боордоштор тарабынан ырайымдуу Кудайдын колуна тапшырылган соң, жөнөп кетти. 41 Ал Сирия жана Киликия аймактарын аралап, андагы ишенгендер жамааттарындагы адамдардын ишенимин бекемдеди.

Элчилер 16

Паулдун экинчи сапары

Тимотейдин элчилерге кошулушу

1 Паул Дербеден өтүп, Листрага келди. Ал жерде Исанын Тимотей аттуу шакирти бар болчу. Анын энеси Исага ишенген еврей, ал эми атасы болсо грек эле. 2 Тимотейди Листра менен Икониядагы боордоштор макташчу. 3 Аны Паул өзү менен сапарга кошуп алгысы келип, ошол жердеги иудейлерге еврей экенин билгизүү үчүн сүннөткө олтургузду. Анткени алар анын атасынын грек экенин билишчү.

Филипия шаары менен Самофракия аралы тарапка

4 Алар шаардан шаарга кыдырып, Иерусалимдеги элчилер менен жамаат аксакалдарынын чечимдерин сактоону айтышты. 5 Ошентип ишенүүчүлөрдүн жамааттары ишенимден кубат алып, күн сайын саны арбып жатты.

Паулдун аянындагы европалык киши

6 Ыйык Рух Азияда сөз айтууга тыюу салгандыгынан улам алар Фригия менен Галатия аймактарын аралап, сапарын улантышты. 7 Мусия аймагынын чек арасына жакындашканда, Битинияга барууга ниеттеништи, бирок Исанын Руху уруксат бербеди. 8 Ошондуктан Мусияны аралап өтүп, Троаска түшүп келишти. 9 Ошол жерден түн ичинде Паул аян көрдү. Анда бир македониялык киши: "Македонияга өтүп келип, бизге жардам бере көр!" — деп Паулга жалбарды. 10 Паул көргөн аяндан кийин Кудай бизди Македонияга жакшы кабар таратууга чакырып жатат деген жыйынтыкка келип, дароо эле ошол жакка бет алдык.

Филиппиядагы Лидиянын ишенимге келиши

11 Троас шаарынан кемеге түшүп, биз түптүз Самофракия тарапка бет алдык да, эртеси күнү Неаполь шаарына жеттик. 12 Андан Филиппияга жөнөдүк. Филиппия – Македония аймагына киргендеги биринчи шаар жана Рим империясынын колониясы1 . Биз бул шаарда бир нече күн туруп калдык. 13 Биз шаардын сыртында иудейлер сыйына турган жер бар болуш керек деп ойлоп, дарыянын жээгине бардык. Олтуруп алып, ал жерге келген бир нече аял менен сүйлөшө баштадык. 14 Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, Кудайга ишенген Лидия аттуу бир аял бар эле. Ал кооз кырмызы кездеме сатуучу. Эгебиз анын жүрөгүн жибитип, Паулдун айткандарына назар салдырды. 15 Ал жана анын үйүндөгүлөр сууга чөмүлдүрүү расмисинен соң, бизди конокко чакырды. "Эгер мени Эгебизге ишенди деп эсептесеңер, анда үйүмө кирип мейман болуп кеткиле" — деп өтүнүп атып, бизди көндүрдү.

Көзү ачык кыздан жиндин чыгышы

16 Бир күнү сыйына турган жайга баратканыбызда, алдыбыздан көзү ачык бир кыз тосуп чыкты. Бул малай кыз көзү ачыктыгы менен кожоюндарына көп киреше түшүрчү экен. 17 Ал биздин аркабыздан калбай: "Булар кудуреттүү Кудайдын кызматчылары, силерге күнөөдөн кутулуу жолун көргөзөт!" — деп кыйкырып, ээрчип алды. 18 Ал мунусун көп күндөр бою кайталай берди. Ошондо Паулдун ачуусу келип, кызды кыйкырткан жинге кайрылып: "Иса Машайактын атынан буйрук кылам: бул кыздан чык!" — деди. 19 Жин ошол замат андан чыгып кетти. Кыздын кожоюндары пайдасынан кол жууганын көрүшкөндө, Паул менен Силаны кармап алып, борбордук аянттагы башкаруучулардын алдына сүйрөп келишти да, 20 аларга: — Бул еврейлер шаарыбыздын элин дүрбөлөңгө салып жүрүшөт. 21 Булар үгүттөп жүргөн нерселер биздин, римдиктердин, салтына туура келбейт. Аларды бизге кабыл алууга да, аткарууга да болбойт! — дешти.

Паул менен Силанын түрмөдөн бошотулушу

22 Топтолгондор Паул менен Силага атырылганда, башчылар алардын кийимдерин тыттырып туруп, сабоого буйрук беришти. 23 Абдан катуу сабашкан соң, зынданга таштап салышты да, сакчыга жакшылап кайтарууну буйрушту. 24 Сакчы аларды түрмөнүн эң төркү бөлүгүнө алып кирип, буттарын кишендеп койду. 25 Түн ортосу ченде Паул менен Сила Кудайга сыйынып, ага ырдай башташты. Түрмөдөгүлөр болсо аларга кулак салышты. 26 Бир убакта жер абдан катуу титиреп, түрмөнүн пайдубалы термеле түштү. Ошондо бардык эшиктер ачылып, бүт байлоолору чечилип кетти. 27 -28 Сакчы ойгонуп кетип, эшиктердин ачылып кеткенин көрдү. Ал түрмөдөгүлөр качып кетишиптир деп ойлоду да, канжарын сууруп алып, өзүн өлтүргөнү жатканда, Паул ага: "Эй, токто! Биз мындабыз!" — деп кыйкырып жиберди. 29 Сакчы коркконунан калтырап-титиреп, Паул менен Силанын алдына жыгылды. Анан от сурап алып, 30 аларды сыртка ээрчитип чыкты да, мындай деди: — Мырзалар, эмне кылсам куткарылам? 31 — Эгебиз Исага ишен, ошондо өзүң жана үйүңдөгүлөрдүн баары куткарыласыңар, — деп жооп беришти алар. 32 Анан ага жана анын үй-бүлөсүнө Эгебиздин сөзүн айтып беришти. 33 Сакчы түн болгонунуна карабай Паул менен Силанын жараларын жууп берди да, дароо бүт үй-бүлөсү менен бирге сууга чөмүлдүрүлдү. 34 Анан үйүнө киргизип, дасторкон жайды. Сакчынын үйүндөгүлөрүнүн баары Кудайга ишенип, чоң кубанычка бөлөнүштү.35 Таң атканда шаар башчылары: "Алиги кишилерди бошоткула!" —деп кароол башчыларынан айттырып жиберишиптир. 36 Сакчы бул буйрукту Паулга жеткизди. —Шаар башчылары киши жиберип, силерди боштондукка чыгарышсын дешиптир, — деди ал. — Ошондуктан силер тынч эле кете берсеңер болот. 37 Бирок Паул аларга мындай жооп берди: — Бизди, Рим атуулдарын, сурак-соту жок, эл алдында уруп-сабап туруп, зынданга салышты. Эми акырын гана чыгарып коюшат бекен? Жок, өздөрү биздин алдыбызга келип, бошотушсун. 38 Кароол башчылары бул сөздөрдү кайрадан шаар башчыларына жеткиришти. Паул менен Силанын Рим атуулдары экенин укканда, алар коркуп кетишти да, 39 келип кечирим сурашты. Анан сыртка чыгарып, шаардан кетип калгыла деп өтүнүштү. 40 Паул менен Сила түрмөдөн чыгып, Лидияныкына барышты. Ал жерден боордоштор менен көрүшүп, алардын көңүлдөрүн көтөрүп, анан сапарын улашты.

Элчилер 17

Тесалоника шаарындагы куугунтук

1 Паулдар Амфиполия жана Апполониядан өтүшүп, Тесалоникага келишти. Анда иудейлердин синагогасы бар эле. 2 -3 Паул адатынча үч ишемби катары менен синагогага келип, аларга Машайактын курман болуп, анан кайрадан тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу ыйык жазмалардагы ишенимдүү далилдердин маанисин ачып, түшүндүрүп берди. "Мен ушунда жазылган Исаны силерге айтып берип жатам", — деди ал. 4 Бир топ адам ишенимге келип, Паул менен Силастын айтканын кабыл алышты. Алардын арасында Кудайга табынган еврей эместер жана шаардын атактуу аялдары бар эле. 5 Бирок иудейлер көрө албастык кылып, базардагы бейбаштардын бир нечесин топтоп, шаарды дүрбөтүштү. Алар Жасондун үйүнө жулунуп жетип келип, андан Паул менен Силаны топураган элдин алдына чыгарууну талап кылышты. 6 Бирок аларды таппай, Жасонду шаар башчыларынын алдына жулкулап, сүйрөп келишти. Алар: — "Элди бөлүп-жарган булар биз жакка да жетип келишиптир. 7 А мына бул Жасон болсо, аларды үйүнө киргизиптир. "Иса деген башка дагы бир падыша бар!" дешип Рим императорунун бийлигине каршы чыгып жатышат! — деп бакырышты. 8 Муну укканда жыйылган эл менен шаар башчыларынын тынчы кетти. 9 Анан Жасон менен анын жанындагылардан акча алып, үйлөрүнө коё беришти.

Бероя шаарындагы жылуу мамиле

10 Ошол эле түнү Паул менен Силаны ишенүүчүлөр тезинен Берояга жөнөтүштү. Паул менен Сила Берояга жетери менен иудей синагогасына барышты. 11 Бул жердиктер Салоникадагыларга караганда бир топ акыл-эстүүрөөк экен. Алар Кудайдын кабарын чын ыкласы менен кабыл алып, ырас эле ушундай бекен дешип, ыйык жазмаларды күндө ынтызарлык менен карап, териштирип окушаар эле. 12 Ошондуктан алардын көбү ишенимге келишти. Арасында башка улуттагы аттуу-баштуу аял-эркектер да бир топ болчу. 13 Паул Берояда да Кудай сөзүн жарыялап жүрөт деп уккан Тесалоникадагы иудейлер ал жакка жетип келип, элди дүрбөлөңгө салышты. 14 Ошондо ишенгендер Паулду болушунча деңиз тарапка, алыс кетип калууга көндүрүштү. Сила менен Тимотей болсо ал жакта калды. 15 Паулду коштогондор аны Афинге чейин узатып барышты. Паулдан: "Сила менен Тимотей тезирээк мага келип калышсын!" деген тапшырманы алышкан соң, жолго чыгышты.

Паул философтордун арасында

16 Паул Афинада Сила менен Тимотейди күтүп жүрүп, шаардын жасалма буркандарга толуп кеткенин көрүп, көңүлү ирээнжип, абдан ачууланды. 17 Ошондуктан ал синагогада иудейлерге Кудайга табынган башка улуттун адамдарына, ошондой эле борбордук аянтта аны уккусу келгендерге күн сайын Кудайдын кабарын айтып жүрдү. 18 Ошондо эпикурей жана стоик философиясын жактаган мугалимдер аны менен талаша кетишти. Айрымдары: “Мына бу “булбул” эмне деп сайрап жатат?” – дешсе, айрымдары: "Бул биз билбеген кудайга үгүттөп жүрөт окшойт!" – дешти. Анткени Паул Иса жана анын кайра тирилүүсү тууралуу айтып жүргөн. 19 Анан Паулду Ареопаг аянтына алып келишти да: "Бу сен таратып жүргөн жаңы окуу жөнүндө билсек болобу? 20 Мурда такыр кулагыбыз укпаган кызык кепти сенден угуп жатабыз го? Ошонун маанисин түшүндүрүп бер!" – дешти. 21 Афиндиктер менен ошол шаарда жашаган чет элдиктер убактыларын жаңы ойлорду айткандан жана уккандан башка эч нерсе менен өткөзүшчү эмес эле. 22 Ошондо Паул Ареопаг аянтында көпчүлүктүн алдына чыгып, мындай деп сөз сүйлөдү: – Кымбаттуу Афиндик агайындар! Сиздердин абдан динчил экениңиздерди байкадым. 23 Силер табынган жайларды аралап жүрүп, "Белгисиз Кудайга" деген жазуусу бар курмандык чала турган жерлерди көрдүм. Мына ошол өзүңөр билбей туруп, табынып жүргөн Кудайды мен азыр силерге айтып берейин. 24 Кудай ааламды жана андагынын баарын жаратып, асман-жердин ээси болуп туруп, адам баласынын колунан жаралган храмдарда жашабайт. 25 Адам баласынын колунан келчү кызматтарга да муктаж эмес. Тескеринче, баарына өмүр, дем берип, муктаждыктарын канаатандырып турган ошол. 26 Бүткүл жер жүзүнө таралсын деп, бир адамдан бардык улуттарды чыгарган. Алардын өмүр сүрүү мөөнөттөрү менен жашай турган жерлеринин чегин алдыртан аныктап койгон. 27 Адамдар аны издешсин, сезишсин деп ушундай кылган. А бирок, чынында, Кудай биздин эч кимибизден алыс эмес. 28 Биз анын кучагында жашап, анын ичинде кыбырап, тиричилигибизди кылып, анын жүрөк толтосунда турабыз. Силердин айрым акыныңар айткандай: "биз да анын уругубуз". 29 Демек, биз Кудайдын уругу болуп туруп, Кудайдын табиятын алтын-күмүшкө, ташка теңеп, аны пенденин акылы менен өнөрүнөн жаралган нерсеге окшош деп ойлобошубуз керек. 30 Кудайды тааныбастыктын, караңгылыктын дооруна көз жумуп, Кудай азыр бардык жерде, бардык адамдарга: "Мага кайрылгыла!" — деп жарыялап жатат. 31 Анткени ал өзү дайындаган бир Адамынын колу менен бүт жер жүзүнө адилет сот жүргүзө турган күндү белгилеп койгон. Бүткүл адамзаттын алдында мунун далили катары ошол адамды өлүмдөн тирилтти". 32 Өлүмдөн тирилүү тууралуу укканда, кээси мыйыгынан күлсө, кээси мунуңду кийин дагы угабыз дешти. 33 Ошондо Паул алардан кетип калды. 34 Бирок бир нече киши анын айтканына кошулуп, ишенимге келишти. Ишенгендердин арасында Ареопагдын мүчөсү – Дионис, Дамарис деген аял жана башкалар бар эле.

Элчилер 18

Коринф шаарында

1 Ушундан соң Паул Афинден чыгып, Коринфке келди. 2 Коринфте Аквилла деген бир еврейге кезикти. Ал өзү Рим империясына караштуу Понт деген шаарда төрөлгөн киши болчу, бирок император Клавдийдин: "еврейлердин баары Римден кетишсин!" деген буйругунан улам жакында эле Италиядан аялы Прискилла экөө көчүп келишкен эле.3 Паул аларды көргөнү барып, кесиптеш болгондуктан, алар менен бирге чатыр жасап, чогуу туруп калды. 4 Анан ар ишемби сайын синагогага барып, еврейлерди да, башка улуттагыларды да ишенимге алып келүүгө аракеттенди. 5 Македониядан Сила менен Тимотей келгенде, Паул бардык убакытын жакшы кабар таратууга арнап, иудейлерге Исанын Машайак экенин далилдеп жүрдү. 6 Качан гана алар каршы чыгып, тил тийгизгенде: “Өз убалыңар өзүңөргө, мен силер үчүн жооп бербейм! Эми мен башка улуттагыларга барам” — деди, чапанынын чаңын кагып. 7 Ошентип, алардан кетип, Исанын Титус Юстус деген еврей эмес шакиртинин үйүндө жашап калды. Анын үйү синагоганын жанында эле. 8 Синагога башчысы Крисп бүт үй-бүлөсү менен Эгебиз Исанын жолуна түштү. Ошондой эле Коринфте жашаган башка дагы көптөгөн адамдар жакшы кабарды эшитип, ишенимге келишип, сууга чөмүлдүрүлүштү. 9 Бир түнү Паул аян көрдү. Эгебиз ага: "Коркпо, Паул, сүйлөй бер, эч токтобо. 10 Мен сени менен бирге болом. Эч ким сага зыян кыла албайт, себеби бул шаарда менин адамдарым көп", — деди. 11 Ошондуктан Паул Кудайдын сөзүн окутуп, бир жарым жылдай ошол жерде жашап калды. 12 Ахаия аймагына Галлион губернатор болуп турган кезде, иудейлер чогулуп алып, Паулду кармап, сот мекемесине сүйрөп алып келишти. 13 "Бул адам биздин касиеттүү диний мыйзамыбызга туура келбеген жол менен Кудайга табынууну үгүттөп жүрөт", — дешти алар. 14 Паул эми эле сүйлөйүн дегенде Галлион иудейлерге: Эгер бул киши бир кылмыш кылды же тартип бузду десеңер арызыңарга көңүл бурмакмын. 15 Бирок биерде кайсы бир мага тааныш эмес сөздөр, ысымдар жана өзүңөрдүн мыйзамыңар жөнүндө кеп болуп жаткан соң, аны өзүңөр талдап чыккыла. Мен мындай маселени карагым келбейт”, — деди. 16 Ушундай деп, аларды мекемеден айдап чыкты. 17 Анан баары синагога башчысы Сосфенди кармап алып, мекеменин так астында ура кетишти. Галлион болсо билмексенге салып, аларды карап да койгон жок.

Прискилла, Аквилла жана Аполос

18 Паул Коринфте бир топ убакыт турган соң ал жердеги боордоштор менен коштошуп, Прискилла менен Аквилланын коштоосунда Сирия тарапка кеме менен жөнөп кетти. Кудайга берген назир антын1 сактап, Кенхреяда чачын алдырды. 19 Эфеске келишкенде Паул Прискилла менен Аквилладан бөлүндү. Ал синагогага барып, иудейлер менен чындыкты талашты. 20 Алар Паулдун көбүрөөк убакытка калуусун суранышты, бирок ал: 21 "Кудайдын эрки болсо дагы келермин" – деп көнбөдү. Анан Эфестен кемеге отуруп, жөнөп кетти. 22 Кесарияга жеткенде жамаатка барып, боордоштор менен учурашкан соң, Антиохияга жөнөдү. 23 Антиохияда бир нече убакыт туруп, анан Галатия жана Фригия аймактарын аралап, Исанын шакирттеринин ишенимин чыңап жүрдү.

Аполостун күбөлүгү

24 Аңгыча александриялык Аполос деген бир иудей Эфеске келип калды. Ал ыйык жазмаларды мыкты билген, өзү билимдүү киши болор эле. 25 Эгебиз жөнүндөгү окуудан сабак алган бул киши Жакыянын чөмүлдүрүүсүн гана билсе да, Иса жөнүндө өз көзү менен көргөндөй күйүп-бышып айтып жүрдү. 26 Аполос синагогада тайманбастан ачык сүйлөй баштады. Прискилла менен Аквилла анын сөзүн угушканда конокко чакырышып, Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп беришти. 27 Анан, Ахаияга кетейин дегенде, эфестик боордоштор ага кол кабыш кылып, ахаиялык Исага ишенгендерге Аполосту кабыл алгыла деген кат жазышты. Аполостун Ахаияга келгени, андагы Кудайдын ырайымы менен ишенгендер үчүн зор жардам болду. 28 Анткени ал ыйык жазмалардан Исанын Машайак экенин далилдеп, эл алдындагы айтыштарда иудейлердин жаңылыштыктарынын бетин ачты.

Элчилер 19

Паул Эфес шаарында

1 Аполос Коринфте жүргөн убакта Паул тоолуу аймактарды аралап өтүп, Эфеске келди. Эфесте бир нече Исага ишенгендерге жолугуп,2 алардан: — Силер Исанын жолуна түшкөндө Ыйык Рухту кабыл алдыңар беле? – деп сурады. Алар: — Жок, биз Ыйык Рух бар экенин уккан да эмеспиз, — деп жооп беришти. 3 — Анда кандай ишеним менен сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттүңөр эле? — деди Паул. Алар: — Жакыянын айтканы боюнча ишенип, — дешти. 4 Ошондо Паул аларга мындай деди: — Ооба, Жакыя адамдарды тобо кылууга чакырып, сууга чөмүлдүргөн. Бирок ал: "менден кийин келе жатканга ишенишиңер керек" деген. Кийин келе жаткан Иса болчу. 5 Алар муну укканда Эгебиз Исага ишенип, анын атынан сууга чөмүлдүрүлүштү. 6 Анан Паул сыйынып, колун тийгизгенде аларга Ыйык Рух түштү. Алар башка бир тилдерде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташты. 7 Алардын жалпы саны он эки кишиге жакын эле. 8 Паул үч ай бою синагогага тынбай барып, анда Кудай падышачылыгы тууралуу сөз сүйлөп, ишенимдүү далилдерди келтирип, Кудайдын сөзүн тайманбастан ачык айтып жүрдү. 9 Бирок кээ бир адамдар бой көтөрүп, кабыл алгысы келбеди. Алар көпчүлүктүн алдында Кудай жолуна каршы чыгып тил тийгизишти. Ошондуктан Паул алардын арасынан Исага ишенгендерди бөлүп алып, аларга күн сайын Тиран деген мектепте сабак өттү. 10 Эки жылдан ашык убакыт бою Паул ушундай кылды. Азияда жашаган иудейлер менен башка улуттагылардын баарына Эгебиздин сөзү жетти.

Кудайдын кудурети жана отко ыргытылган бал китептер

11 Кудай Паулдун колу менен кудуреттүү, өзгөчө укмуш иштерди кылып жатты. 12 Ал тургай жоолугу менен белине байланган алжапкычтарын оорулууларга тийгизгенде, алар айыгып, жиндерден куткарылып жатышты. 13 Ошол жерде эл аралап, жин кубалап жүргөн бир нече иудей бар эле. Алар да Эгебиз Исанын атынан жиндерди кубалаганга аракет кылышып, “Паул жарыялап жүргөн Исанын атынан буйрук берем, бул кишиден чыгып кеткиле!” — деп көрүштү. 14 Алардын арасында дин кызматчы Скеба аттуу бир иудейдин жети уулу да бар эле. 15 Бир күнү жин аларга: "Исаны билем, Паулду тааныйм, а силер кимсиңер?" — деди. 16 Ичинде жини бар адам ушундай деп, алардын үстүнө секирип минип, сабап кирди. Ошондо алар үйдөн жыпжылаңач, жарадар абалда качып чыгышты. 17 Бул окуя Ефесте жашаган бардык иудейлерге жана иудей эместерге белгилүү болуп, баарынын жүрөгүнүн үшүн алды. Ал эми Эгебиздин зоболосу болсо дагы көтөрүлдү. 18 Ишенимге келгендердин көбү күнөөлөрүн ачык айтып моюндарына алып жатышты. 19 Бир топ киши бал китептерин алып келип, элдин көзүнчө отко ыргытышты. Өрттөлгөн китептердин баасын эсептешкенде элүү миң күмүш акча болду. 20 Ошентип, Эгебиздин кудурети менен анын кабары кеңири тарап, күчүнө кирип жатты.

Эфес шаарындагы козголоң

21 Ушул окуялардан соң Паул көңүлүндө Македония менен Акая аймактарынан өтүп, Иерусалимге барууну көздөдү. "Ал жакта бир аз болгон соң, Римге да барышым керек", — деп ниет кылды. 22 Жанындагы эки шеригин: Тимотей менен Эрастты Македонияга жиберип, өзү Азия аймагында калып калды. 23 Ошол кезде Эфесте Эгебиз Исанын жолуна каршы бир топ олуттуу козголоң чыгып кетти. 24 Аял кудай Артемиданын храмынын күмүш айкелдерин жасаган Деметир деген бир уста бар эле. Бул иши менен ал көп жумушчуларга пайда келтирчү. 25 Ошол жумушчуларды жана башка ушундай иш менен алек болгон адамдарды топтоп алып, ал мындай деди: "Жигиттер, бул соодадан бизге кандай пайда түшүп жатканы силерге маалым. 26 Бирок алиги Паул деген неменин эмне кылып жатканын айтпаса деле өзүңөр көрүп-билип турасыңар. Ал: "адам колунан чыккан нерселер кудайлар эмес!" деп элдин баарын айнытып жатат. Ал бул сөзүн Эфеске гана эмес, дээрлик бүткүл Азияга жайып жибериптир. 27 Бул биздин ишибизди жаман атка калуу коркунучуна гана дуушар кылбастан, аял кудай Артемиданын ыйбадатканасынын беделин түшүрүп, бүткүл Азия, ал тургай бүт дүйнө жүзү табынган улуу аял кудайдын өзүнүн да кадырын кетирет". 28 Муну укканда тигилер катуу ачууланышты. "Эфестик улуу Артемидага даңк!"— деп, кайра-кайра бакырып жатышты. Шаар ичи бир паста астын-үстүн болуп кетти. Алар Паул менен бирге жүргөн эки македониялыкты: 29 Гай менен Аристархты кармап алып, стадионго сүйрөп жөнөштү. 30 Паул ээликкен элдин алдына чыгып, сөз айтмакчы болду эле, бирок ишенгендер жол беришкен жок. 31 Ал тургай Паулдун достору болгон Азия аймагындагы чоң кызматтагы адамдар да «стадионго барба» деген өтүнүч менен ага киши жиберишти. 32 Бул арада тополоңдун арасынан бири мындай десе, экинчиси тигиндей деп бакырып, ызы-чуу болуп жатышты. Көпчүлүгү эмнеге чогулганын өздөрү да түшүнүшкөн жок. 33 Эл арасынан кимдир бирөөлөр буга Искендер деген киши жооптуу дешкенде, иудейлер аны алга түртүп чыгарышты. Искендер алдыга чыгып, колу менен ишарат кылып, өзүн актап сөз сүйлөмөкчү болду. 34 Бирок анын иудей экенин билишкенде топураган эл бир добуштан: “жашасын эфестик улуу Артемида! “ — деп эки саат бою кыйкырып турду. 35 Ошондо шаар акимиатынын кызматчысы элди тынчтандырып, мындай деди: "Кымбаттуу эфестиктер! Улуу Артемиданын храмы үчүн кам көргөн Эфес шаарын жана андагы көктөн түшкөн касиеттүү айкелди ким билбейт? 36 Бул чындыкты эч ким жокко чыгара албайт. Ошондуктан сабыр кылып, шашылып эч иш кылбагыла. 37 Силер бу кишилерди мында алып келипсиңер. Бирок алар храмыңардын да эч нерсесин уурдашпаптыр, аял кудайыңарга да тил тийгизишпептир. 38 Эгер Деметир менен анын кесиптештеринин кимдир бирөөгө нааразылыгы болсо, сот мекемелеринин эшиги ачык. Арыз–муңун ошондо иштеген чоңдорго айтып, чечишсин. 39 Ал эми силердин мындан башка талабыңар бар болсо, ал мыйзамдуу чогулушта чечилет. 40 Ансыз деле бүгүнкү окуянын айынан жогору жактагы чоңдор бизди шаарыңарда козголоң болуптур деп бизди айыпка жыгышы мүмкүн. Башыбызда ушундай коркунуч турат. Бүгүнкү тополоң үчүн жооп берип, өзүбүздү актай турган эч шылтообуз да жок". 41 Шаар мекемесинин кызматкери ушундай сөз сүйлөп, чогулгандарды таратып жиберди.

Элчилер 20

Паул Македония менен Грецияда

1 Тополоң токтогон соң, Паул ишенгендерди чогултуп, аларга насааттарын айтты. Анан Македония тарапка жөнөп кетти. 2 Ал ошол тараптагы аймактарды аралап, ишенгендерге көптөгөн насааттарын айтып, анан Грецияга келди. 3 Грецияда үч айдай болгон соң, кеме менен Сирияга сүзүп кетүүгө ниеттенип турганда иудейлердин өлтүрөбүз деген оюн билип калды. Ошондуктан кайра артка Македония аркылуу кетүүнү чечти. 4 Аны бероялык Пурдун уулу Сопатр, тесалоникалык Аристарх менен Секундос, дербелик Гай менен Тимотей, азиялык Тикий менен Тропим узатып барышты. 5 Алар бизден мурда Троя шаарына барып, бизди ошол жерден күтүп турушту. 6 Биз Калама майрамы бүткөндө Филиппиядан сүзүп чыктык да, беш күндөн кийин Трояга келип, аларга кошулдук. Трояда жети күн турдук.

Паулдун акыркы жолу Троя шаарында болушу

7 Дем алыш күндөрдүн биринде Эгебизди эскерүү кечесин өткөрүү үчүн чогулдук. Кечеде Паул элге таалим берди. Эртеси күнү жөнөп кете тургандыктан түн жарымына чейин сүйлөдү. 8 Биз эки кабат үйдүн көптөгөн шамдар менен жарык кылынган үстүнкү кабатындагы залына чогулган элек. 9 Евтих деген бир тестиер бала терезенин текчесине чыгып алып, угуп олтурган. Паулдун таалими узакка созулгандыктан, анын көзү илинип кетиптир. Бир убакта катуу уйку басып, текчеден кулап түштү. Башын көтөрүшсө, өлүп калыптыр. 10 Паул төмөн түшүп, баланын үстүнө жатып, бек кучактады да: "Кабатыр болбогула, бала тирүү!" — деди. 11 Анан кайра экинчи кабатка чыгып, чогулгандар менен бирге тамактанды. Алар менен көпкө чейин, таң сүргөнчө маектешип отурган соң, жолго чыкты. 12 Ошол арада баягы баланы тургузуп, үйүнө аман-эсен жетелеп кетишти. Муну көрүп, алардын көңүлдөрү көтөрүлө түштү.

Троядан Милетке

13 Паул Троастан Асоско жөө бармакчы болду. Ошол себептен биз алдыга кетип, аны Асостон тосуп алалы деп, кемеге отурдук. Муну Паул өзү ушундай ойлонуштурган болчу. 14 Ошентип, аны менен Асостон кезиктик да, чогуу Митулене шаарына сүзүп келдик. 15 Кийинки күнү андан кемеге олтуруп, Кийос аралынын тушуна жеттик. Yчүнчү күнү Самос аралын жандап өтүп, төртүнчү күн дегенде Милет шаарына келдик. 16 Паул Азияда убактысын коротпоюн деп, Эфеске тийбей өтүп кетти. Анткени ал Түшүм майрамын мүмкүн болсо Иерусалимде тосоюн деп, шашып жаткан эле.

Эфес шаарындагы жамаат аксакалдары менен коштошуу

17 Паул Милетустан Ефеске киши жиберип, жамаат аксакалдарын чакыртып 18 алып, аларга мындай деди: "Мен Азия жерине кадам шилтеген биринчи күнүмдөн тартып, ушул убакка чейин силер менен кандай жашаганымды өзүңөр билесиңер. 19 Иудейлердин арам ойлуу максаттарынан улам көп азаптарга чыдап, көз жашым төгүп, Эгебизге толук моюн сунуу менен кызмат кылдым. 20 Пайдалуу нерселерден эч нерсени айтпай калбайын деп, көпчүлүктүн алдында да, үймө-үй кыдырып да айтып, силерге таалим берип жүрдүм. 21 Кудайга кайрылып, Эгебиз Исага ишенүүнү еврейлерге да, башка улуттагыларга да тартынбай жарыяладым. 22 Эми, мына, Ыйык Рухка жетеленип, Иерусалимге баратам. Мени анда эмне күтүп турганын билбейм. 23 Билгеним — кайсы шаарга барбайын, кишен менен азап башымда. Муну Ыйык Рух мага аян кылууда. 24 Бирок көздөгөн максатым менен Кудайдын ырайым тууралуу жакшы кабарын тартынбай айт деген Эгебиз Исадан алган кызматымдын аягына чыгайын дегенде, жанымды да аябайм. 25 Дагы бир нерсе мага маалым: силердин араңарда Кудайдын өкүмдарлыгын жарыялап жүргөн мени мындан ары көрбөйсүңөр. 26 Ошондуктан бүгүн силерге эскертип кетейин: мен бир да адамдын түбөлүк өмүрдөн айрылып калганы үчүн жооптуу эмесмин. 27 Анткени Кудайдын ой-максаттарынан кымындай да калтырбастан силерге баарын айтып бердим. 28 Өзүңөрдү карагыла жана Ыйык Рух силерге аманат кылган Кудайдын оторуна көз салгыла. Кудай өз Уулунун канын төгүп, ошонун баасы менен тапкан жамаат үчүн кам көргүлө. 29 Мен кеткенден кийин оторду аябаган канкор карышкырлар араңарга сүңгүп кирерин билем. 30 Тескери сүйлөп, Исанын шакирттерин ак жолдон айныткандар өз араңардан да чыгат. 31 Ошондуктан сак болгула. Күн-түн дебей, ар бириңер үчүн көз жашымды төгүп, окутканымды эстен чыгарбагыла. 32 Эми, боордошторум, мен силерди Эгебиздин колуна жана анын ырайымдуу сөзүнө тапшырам. Ал сөз ишенимиңерди бекемдеп, Кудай өз адамдарынын баарына насип кылган ак баталуу мурастарын силерге да бере алат. 33 Мен эч кимдин акчасына, кымбат баалуу кийимине суктанып, көз артпадым. 34 Тескерисинче, өзүмдүн, ошондой эле жолдошторумдун муктаждыктары үчүн мына бул колдорум менен мээнет кылдым. Муну силер өзүңөр деле жакшы билесиңер. 35 Ушундай эмгек кылып, кандайча алсыздарга кол кабыш кылышыңар керектигин жана "алгандан көрө берген бактылуу" деп айткан Эгебиз Исанын сөзүн эстеп жүрүшүңөр үчүн мен силерге баарын көрсөттүм". 36 Паул ушундай деп, тизеледи да ишенүүчүлөр менен бирге сыйынды. 37 Баары буркурап ыйлап, мойнуна асылып, бетинен өпкүлөштү. 38 Баарынан да Паулдун “мени мындан ары көрбөйсүңөр” деген сөзү алардын сай-сөөгүн сыздатты. Анан алар Паулду кемеге чейин узатып барышты.

Элчилер 21

Паулдун Иерусалимге сапар тартышы

1 Биз Эфестеги ишенгендер менен коштошуп, кеме менен түптүз Кос аралына келдик. Эртеси күнү Родос аралына, андан чыгып, Патара шаарына сүзүп бардык. 2 Патарадан Финикияга бара турган кемени таап, сүзүп кеттик. 3 Кипр аралы көрүнгөндө, аны солго калтырып, Сирияга бет алдык. Тир шаарында кемеден жүк түшүрүлө тургандыктан, жерге түштүк. 4 Шаардан Исанын шакирттерин таап, жети күндөй алар менен бирге болдук. Алар Ыйык Рух берген аян менен Паулду Иерусалимге барба дешти. 5 Бирок биз убактыбыз аяктаганда жолго чыгып, сапарыбызды уланттык. Бардык ишенгендер аялдары, бала-чакасы менен бирге бизди шаардан узатып чыгышты. Деңиз жээгине жеткенде тизе бүгүп, чогуу сыйындык. 6 Бири-бирибиз менен коштошуп, биз кемеге түштүк, алар болсо үйлөрүнө кайтышты. 7 Тирден сүзүп чыгып, Птолемей шаарына келдик. Шаардан боордошторубузга жолугуп, алар менен бир күн болдук. 8 Кийинки күнү ал жерден чыгып, Кесария шаарына келдик. Жети кызматчынын бири — жакшы кабар жарчысы болгон Филиптин үйүнө барып, аныкында болдук. 9 Филиптин турмушка чыга элек төрт кызынын пайгамбарлык касиети бар экен. 10 Кесарияда бир нече күн турганыбызда, Иудеядан Агаб деген бир пайгамбар адам келди. 11 Ал бизге жолугары менен Паулдун курун алды да, өзүнүн колу-бутун байлап, мындай деди: —Ыйык Рух айтат: Иерусалимдеги иудейлер бул курдун ээсин ушундай кылып байлап, бөтөн улуттагылардын колуна тапшырышат. 12 Бул сөздү укканда биз ошол жердегилер менен бирге Паулга: Иерусалимге барбачы! — деп жалбардык. 13 Бирок ал: Бул эмнеңер? Эмне үчүн ыйлап, жүрөгүмдү эзесиңер? Мен Эгебиз Иса үчүн байланмак тургай, Иерусалимде өлүмгө да даярмын,— деди. 14 Паулду көндүрө албаган соң: — Мейли эми, Эгебиздин эркиндей болсун, — деп тим болдук. 15 Ошол күндөрдөн кийин буюм-тайымдарыбызды жыйнап, Иерусалимге жөнөдүк. 16 Кесариялык ишенгендердин бир нечеси биз менен чогуу чыгышкан эле. Алар бизди Исанын алгачкы шакирттеринин бири болгон кипрдик Мнасондун үйүнө баштап барышты. Ошентип, биз аныкында жашап калдык.

Паулдун Иерусалимге келиши

17 Иерусалимде бизди боордоштор жылуу кабыл алышты. 18 Кийинки күнү Паул менен бирге Жакыпка бардык. Жамаат аксакалдарынын баары ошол жерге чогулуп калышыптыр. 19 Алар менен учурашып, ал-жайды сурашкандан кийин Паул өзү аркылуу башка улуттагылардын арасында кылган Кудайдын иштерин төкпөй-чачпай айтып берди. 20 Алар Паулдун сөзүн уккандан кийин, Кудайды даңкташты. Анан Паулга мындай дешти: "Боордошубуз Паул, канча миңдеген иудейлер ишенимге келгенин көргөндүрсүң. Алардын баары Тоорат мыйзамы дегенде эт-бетинен кеткендер. 21 Ошолордун айтымында, сен башка жерлерде жашаган бардык иудейлерге барып, аларга: "Тоорат мыйзамынан чыккыла, балдарыңарды сүннөткө олтургузбагыла, иудейлердин салтын кармабагыла!" деп үгүт жүргүзүптүрсүң. 22 Эми, албетте, алар келгениңди угушат. Анан чатак чыгат. Анда эмне кылдык? 23 Ошондуктан биздин айтканыбызды ук: бизде өздөрүн назирликке арнаган төрт киши бар. 24 Сен ошолорго кошул да алар менен бирге Тоорат мыйзамынын талабы боюнча тазалануу расмисинен өт. Назирлик мөөнөттөрү аяктаганы билинип, чачтарын алууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн алардын бардык чыгымдарын сен көтөр. Ошондо сен Тооратты сактап жүргөнүң жана сен тууралуу айтылган сөздөрдүн натуура экени баарына билинет. 25 Башка улуттагы ишенүүчүлөргө болсо биз чечимибизди жазып жибердик: алар буркандарга атап чалынган курмандык менен арам өлгөн малдын этинен жана кандан жебеши керек, ошондой эле бузуктук кылбашы керек". 26 Эртеси күнү Паул ошол адамдарды жанына алып, алар менен бирге тазалануу расмисинен өттү. Андан соң ыйбадатканага барып, тазаланыш убактысы качан аяктарын, ар бири үчүн качан курмандык чалынарын дин кызматкерлерине маалым кылды.

Паулдун кармалышы

27 -28 Арадан бир жума өтпөй Азиядан келген иудейлер Паулду ыйбадатканадан көрүп, ага кол салышты. Элди ызы-чуу кылып: "Агайындар, жардам бериңиздер! Биздин элибизди, Тоораттагы ыйык мыйзамды жана касиеттүү ыйбадатканабызды көрүнгөн жерде жамандап, тил тийгизип жүргөн киши ушул. Ал тургай ыйбадаткананын ичине башка улуттагыларды алып кирип, бул ыйык жайды арам кылды", — деп бакырышты. 29 Анткени алар мурдараакта шаарда Паул менен жүргөн башка улуттагы эфестик Тропимди көрүшүп, Паул аны ыйбадатканага алып кирди деп ойлошкон. 30 Шаар кыймылга келип, эл дүрбөдү. Паулду кармап, ыйбадаткананын сыртына сүйрөп чыгышты. Ошол замат дарбазалар жабылды. 31 Эл Паулду сабап, өлтүргөнү жатканда Иерусалимдеги бул тополоң тууралуу кабар римдик миң башыга жетти. 32 Ал жоокерлери менен жүз башыларын алып, дароо жетип келди. Тигилер миң башыны көргөндө, Паулду сабаганын токтото калышты. 33 Миң башы жакын басып келип, Паулду жоокерлерине карматты да, кош чынжыр менен байлоону буйруду. Анан элден Паулдун ким экенин, кандай кылмыш кылганын сурады. 34 Тополоң түшкөн элдин арасынан бири а десе, бири бу деп, ар нерсенин башын айтып, кыйкырып жатышты. Миң башы ызы-чуудан иштин жайын биле албай, Паулду сепилге алып барууну буюрду. 35 Паул сепилдин тепкичтерине жетип калганда ачууланган эл туш-тараптан кыскандыктан улам жоокерлер Паулду көтөрүп алышты. 36 Анткени аны ээрчиген көпчүлүк: "Буга өлүм!" — деп кыйкырып жатты. 37 Сепилге кирип баратышканда Паул миң башыга грекче кайрылып: —Менде сөз бар, сизге айтсам болор бекен? — деди. —Сен грекче билесиңби? – деди миң башы таңыркай. — 38 Анда бир нече күн мурда көтөрүлүш чыгарып, төрт миңдей еврей улутчулдарын чөлгө ээрчитип, качып кеткен мисирлик сен болуп жүрбө!? 39 Паул: —Мен Киликиянын абдан белгилүү Тарс деген шаарында төрөлгөн иудеймин. Сизден суранам, элге бир нече сөз айтып калууга уруксат бериңиз, — деди ага жооп берип. 40 Миң башы уруксат бергенде, Паул тепкичте турган жеринен колу менен ишарат кылып, сүйлөөгө камынды. Эл тынчый түштү. Ошондо Паул еврей тилинде сүйлөй баштады.

Элчилер 22

Паулдун иерусалимдик айыптоочулардын алдындагы сөзү

1 "Урматтуу агайындар жана аталар! Мен өзүмдү актап айтып турган сөзүмө кулак салгыла!" — деди. 2 Тигилер Паулдун еврей тилинде кайрылып жатканын укканда ого бетер тынчый түшүштү. Паул сөзүн улады: 3 "Мен иудеймин, туулган жерим Киликиянын Тарс деген шаары, бирок ушул шаарда чоңоюп, белгилүү дин мугалими — Гамалиилдин кол алдында тарбияландым. Ата-бабабыз туткан мыйзамды кылдаттык менен карманып, ушул турган сиздер сыяктуу эле Кудайга өтө катуу берилген адам элем. 4 Исанын жолун жолдоочуларды эркек-аял дебестен байлап келип, түрмөгө каматып, өтө катуу куугунтуктачумун. 5 Мына, башкы дин кызматчы менен синедриондун бардык мүчөлөрү буга күбө. Мен булардан тил кат жаздырып алып, Исанын шакирттерин Иерусалимге байлап келип, жазалатам деген максатта Дамаскка бараткам. 6 Дамаскка жакындаганымда убакыт түшкө маал болчу. Капыстан көктөн бир нур төгүлүп, айланамды жапжарык кылып жиберди. 7 Мен жерге кулап түштүм. Ошондо баягы нурга бөлөнгөн неменин мага: “Саул, Саул, эмне үчүн мени куугунтуктап жүрөсүң?”—деген үнүн уктум. 8 Мен: “Оо, Кудурет, сиз кимсиз?” — дегенде, ал: “Мен сен куугунтуктап жүргөн назареттик Исамын” — деди. 9 Жанымдагылар жарыкты көрүшүптүр, бирок мага сүйлөгөн үндү угушпаптыр. 10 Мен ага: “Эми мен эмне кылайын, Эгем?”— дедим. Ошондо Эгем мага мындай деди: “Өйдө бол да, Дамаскка кир. Эмне кылыш керек экендигиңдин баарын ошол жерден айтып беришет”. 11 Ошол нурдан көзүм тунарып, көрө албай калган экем, жанымдагылар колуман жетелеп, Дамаскка алып келишти. 12 Дамасктагы иудейлердин арасында кадыр-барктуу, динге абдан катуу берилген Ананиас аттуу бир киши бар экен. 13 Ошол киши жаныма келип: “Иним Саул, көзүң ачылсын!” — деди. Ошондо дароо көзүм ачылып, а кишини көрдүм. 14 Ал мага мындай деди: "Биздин ата-бабабыз сыйынган Кудай сени өз эркин билсин, адилеттүү Кызматчысын көрсүн, анын сөзүн уксун деп тандаптыр. 15 Сен эми уккан-көргөнүңдү бардык адамдарга айтып бересиң. 16 Кана, эмнени ойлонуп турасың? Ордуңан туруп, Исанын атын оозанып, сууга чөмүлүп, күнөөлөрүңдөн тазар!"

Паулдун башка улуттагы элдерге жакшы кабар айтуу үчүн дайындалышы

17 Мен Иерусалимге кайтып келген соң, ыйбадатканада сыйынып жатып, өзүмдү жоготуп коюптурмун. 18 Ошондой абалда Эгем Исаны көрдүм. Ал мага: "Саул, сен тез арада Иерусалимден чыгып кет. Бул жердегилер мен жөнүндөгү күбөлөндүрүүңдү кабыл алышпайт!" — деди. 19 Мен: "Эгем, сага ишенгендерди зынданга салып, синагогаларда уруп-сабаганымды алар жакшы билишет да. 20 Сенин күбөң Стефанды таш бараңга алып жатышканда, мен да бар элем. Ал тургай ошого курсант болуп, өлтүрүп жаткандардын кийимин кайтарып тургам" — дедим. 21 Ошондо ал мага мындай деди: "Кой, сен азыр бул жерден кетип кал. Мен сени алыстагы элдерге жиберем". 22 Ушул убакка чейин Паулга кулак төшөп отурган эл анын акыркы сөзүн угаары менен чуулдап кирди. "Жер менен жексен кылыш керек мындайды! Көзүн тазалаш керек!" — деп бакырышып, 23 чапандарын чечип ыргытышып, ошердин чаңын асманга сапырышты. 24 Ошондуктан миң башы Паулду сепилге алып кирди. Элдин Паулга мынчалык катуу каршы болгонунун себебин билүү үчүн, аны сабоого буйрук берди. 25 Желдеттер кайыш менен байлап жатканда, Паул жанында турган жүз башыга: “Рим атуулун сурак-сотсуз сабаганга кандай укугуңар бар?” — деди. 26 Жүзбашы муну укканда миң башыга келип: “Сиз эмне кылганы жатасыз, бу киши Рим атуулу турбайбы”, — деди. 27 Миң башы Паулга басып келип: “Сен эмне, Рим атуулусуңбу?” — деп сурады. “Ооба”, — деди Паул ага. 28 Миң башы: “Мен бул атуулдукту көп акчага сатып алган болчумун” — деди. Паул: “А мен болсом төрөлгөндөн эле Рим атуулумун”, — деп жооп берди. 29 Ошондо Паулду суракка алмакчы болгондор дароо кетенчиктей калышты. Миң башы Паулдун Рим атуулу экенин аныктаганда, аны байлатып салганынан улам, өзү да сестейе түштү. 30 Эртеси миң башы Паулдун кишендерин чечтирип, иудейлер эмне себептен айыптап жатканын жакшылап билгиси келди. Бул үчүн башкы дин кызматчылар менен синедрион мүчөлөрүнө чогулууну буйруду. Андан соң Паулду сепилден ылдый алып түшүп, алардын алдына тургузду.

Элчилер 23

Паулдун синедрион алдында сүйлөгөн сөзү

1 Паул синедриондун мүчөлөрүнө тике карап: Агайындар, мен ушул күнгө чейин Кудай алдында таза абийирим менен жашап келе жатам, — деди. 2 Муну уккан башкы дин кызматчы Ананиас жанында тургандарга: —Тигинин оозун талкалагыла! — деп буйруду.3 Ошондо Паул ага: Эй, акталган дубал, сени Кудай талкалайт! Сен мени Тоорат мыйзамы боюнча соттогону жатып, эмне менин оозумду талкалатып, кайра өзүң ошол мыйзамды бузганы турасың? — деди. 4 Жанында тургандар: Эй, сен Кудайдын башкы дин кызматчысына да ушундай сүйлөйсүңбү! — дешти. 5 Паул: Боордоштор, анын башкы дин кызматчы экенин билсем, мындай демек эмесмин. Анткени Тооратта: — Өз элиңдин башчысына жаман сөз айтпа! деп жазылган, — деди. 6 Паул алардын кээси садукей, кээси фарисей тобунан экенин билип, үнүн бийик чыгарып, синедрионго: “Боордоштор, мен өзүм фарисеймин, атам да фарисей. Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам!” — деди. 7 Паул ушундай дегенде, фарисейлер менен саддукейлердин ортосунда талаш чыгып, синедрион экиге бөлүнүп кетти. 8 Анткени саддукейлер өлгөндөрдүн кайра тирилишине, периштелер менен рухтардын бар экенине ишенишпейт. Фарисейлер болсо булар бар деп ишенишет. 9 Ушул себептен талаш кызып, өздөрүнчө уу-дуу болуп кетишти. Ошондо фарисей дин мугалимдеринен бир нечеси алдыга чыгып: “Биз бу кишиден эч кандай жамандык таба албадык. Балким, чындап эле ага кайсы бир рух же периште сүйлөгөндүр!” — дешти кызууланып. 10 Жаңжал барган сайын күчөй берди. Эл Паулду тытмалап салабы деп корккон миң башы жоокерлерине ылдый түшүп, Паулду алардын арасынан сууруп чыгып, сепилге киргизүүнү буйруду. 11 Ошол түнү Эгебиз Иса Паулга келип, мындай деди: "Коркпо, Паул! Сен Иерусалимде мен тууралуу кандай күбөлүк берген болсоң, Римде да ошондой күбөлүк берүүгө тийишсиң".

Иудейлердин Паулду өлтүрөбүз деген ою

12 Эртеси күнү таң эрте бир топ иудейлер чогулуп, Паулду өлтүрмөйүн оозубузга наар албайбыз деп антташып, жашырын бүтүмгө келишти. 13 Ушундай максат коюп, өз ара антташкандардын саны кырктан ашып кетти. 14 Алар башкы дин кызматчылар менен эл аксакалдарына келишип: "Биз Паулду өлтүрмөйүн эч нерсе жебейбиз деп антташтык. 15 Эми сиздер синедриондун мүчөлөрү менен бирге миң башыга барыңыздар да, Паулдун маселесин жакшыраак карап чыгабыз деген шылтоо менен аны өзүңүздөргө алдырыңыздар. Биз болсо аны бул жакка жеткиче жолдон өлтүрүп салууга даярбыз", — дешти. 16 Алардын бул оюн Паулдун жээни угуп калып, сепилге жүгүрүп келди да, ичине кирип, Паулга айтып берди. 17 Ошондо Паул жүз башынын бирин чакырып алып, ага: —Бу баланы миңбашыга алып барууңузду суранам. Ага айтаар сөзү бар экен, — деди. 18 Жүз башы баланы миң башыга ээрчитип барып, ага: —Камактагы Паул мени чакырып, бул баланы сизге алып барууну өтүндү. Мунун сизге айта турган сөзү бар экен, — деди. 19 Миң башы баланы колунан алып, четке чыгарды да: —Эмне сөзүң бар эле? — деди. 20 Бала: —Иудейлер өз ара макулдашып, Паулдун маселесин аныгыраак текшеребиз деген шылтоо менен эртең аны синедриондун алдына чыгарып берүүңүздү суранганы келишти.21 Сиз макул болбоңуз. Себеби кырктан ашык адам Паулду аңдып, жолдо бекинип жатышат. Алар аны өлтүрмөйүн оозубузга эч нерсе албайбыз деп өз ара антташып алышкан. Ошолор азыр сиздин уруксатыңызды күтүп, даяр турушат, — деди. 22 Миң башы: —Муну башка эч кимге айтпа! — деп баланы коё берди.

Паулдун Кесариядагы губернатор Феликске жиберилиши

23 Миң башы эки жүз башысын чакырып алып, мындай буйрук берди: "Кечки саат тогузга Кесарияга барганга эки жүз жоокерди, жетимиш атчан аскерди жана эки жүз жаачыны даярдагыла. 24 Паулду губернатор Феликстин алдына аман-эсен жеткириш үчүн көлүк камдагыла!" 25 Анан төмөндөгүдөй кат жазды: 26 "Клавдий Лисийден улуу урматтуу губернатор Феликске салам кат. 27 Бул кишини иудейлер кармап алып, өлтүргөнү жаткан жеринен анын Рим жараны экенин билип, жоокерлерим менен жете барып, алардын колунан куткарып калдым. 28 Кандай айып тагышканын билейин деп, синедрионго салдым. 29 Алар муну өздөрүнүн диний мыйзамына байланыштуу маселе боюнча айыпка жыгып жатышыптыр. Бирок өлтүрүүгө же түрмөгө камоого ылайык эч айып таппадым. 30 Эми, иудейлердин бул кишиге каршы уюштурган оюн билип калып, дароо сизге жиберип отурам. Бул кишини айыптагандарга болсо, айтар сөзүңөрдү өзүңүздүн алдыңызда айткыла деп буйрудум. Саламатта болуңуз". 31 Жоокерлер буйрукту аткарып, ошол түнү Паулду Антипатриске алып барышты. 32 Эртеси Паул менен бирге андан ары баруу үчүн атчандарды калтырып, өздөрү сепилге кайтышты. 33 Алар Кесарияга келип, Паулду губернатордун алдына алып барышты да, катты колуна тапшырышты. 34 Губернатор катты окуп чыгып, Паулдун кайсы аймактан экенин сурады. Паулдун Киликиядан экенин билген соң, ага: 35 "Сени айыптагандар келсин, ишиңди ошондо карайм", — деди. Анан жоокерлерине: "Бул киши Ироддун сарайында кайтарууда болсун", — деп буюрду.

Элчилер 24

Паул губернатор Феликстин алдында

1 Арадан беш күн өтүп, башкы дин кызматчы Ананиас менен бир нече иудей аксакалдары Тертулл деген бир юристти алып, Кесарияга келишип, Паулду каралай турган арыздарын губернаторго беришти. 2 Паулду сот залынын ичине чакырышканда, Тертулл айыптоо сөзүн мындайча баштады: "Сиздин башкарууңуздун алдында биз аман-эсен, бейпил жашап келе жатабыз. Элибиздин турмушу жакшырып, көптөгөн өзгөрүүлөр кирүүдө. Буга сиздин көрөгөчтүгүңүз, көсөмдүгүңүз себеп. 3 Биз бул кылгандарыңыздын баарын качан болбосун, кайда болбойлу чоң ыраазычылык менен мойнубузга алабыз, улуу урматтуу Феликс. 4 Мен сиздин убактыңызды алып, бекер убара кылгым келбейт. Ошондуктан өзүңүзгө мүнөздүү болгон чоң сабырдуулугуңуз менен бизге бир аз көңүл буруп, угуп коюшуңузду өтүнөм. 5 Биз мына бул кишини эл үчүн жугуштуу оору сыяктуу коркунучтуу деп таптык. Анткени бүткүл дүйнөдөгү еврейлерди көтөрүлүш чыгарууга үндөгөн эл бузар жана "назареттиктер" деген диний сектанын жетекчиси ушул экен. 6 Ал тургай биздин касиеттүү ыйбадатканабызды да арамдамакка аракет кылган жеринен биз токтотуп калдык. 8 Муну өзүңүз сурап көрсөңүз, биздин айткандырыбыздын аныгын билесиз". 9 Ошердеги иудейлер да бир ооздон «айткандары ырас» дешип, Тертулусту колдоп кетишти.

Паулдун губернатор Феликстин алдында сүйлөгөн сөзү

10 Губернатор кезек берип, сүйлө деп ишарат кылган соң, Паул сөзүн мындайча баштады: "Сиздин көп жылдардан бери бул элди сурап келатканыңызды билем, ошондуктан сиздин алдыңызда мен өзүмдү актап сүйлөөгө мүмкүнчүлүгүмдүн бар экенине кубанычтамын. 11 Ибадат кылуу үчүн Иерусалимге келгениме он эки күн болду. Муну өзүңүз да тактап билсеңиз болот. 12 Ыйбадатканада болгонумда да, синагогаларды кыдырып жүргөнүмдө да бирөө-жарым менен талашып-тартышып жатканымды же шаардын ичинде элди чогултуп алып, көтөрүлүшкө үндөгөнүмдү булар көрүшкөн жок. 13 Сиздин алдыңызда мага таккан азыркы айыптарын өздөрү да далилдей алышпайт. 14 А менин сиздин алдыңызда моюнга алып, ачык айтарым – булар "диний секта" деп аташкан Кудайдын жолунда ата-бабабыз сыйынган Кудайга кызмат кылып жүргөнүм. Мен Тоорат менен пайгамбарлар жазууларында айтылгандын баарына ишенемин. 15 Бул олтурган айыптоочуларым сыяктуу эле мен да адилдер менен күнөөкөрлөрдүн кайра тирилерине ишенип, Кудайга үмүтүмдү артамын. 16 Ошондуктан Кудай алдында да, пенде алдында да ар дайым абийиримди таза сактап жүрүүгө аракеттенем. 17 Иерусалимге келе элегиме көп жыл болду. Бу сапар еврей боордошторума акча жеткизип, Кудайга арнап курмандык чалайын деген тилек менен келгем. 18 Ушундай максат менен ыйбадатканада тазалануу расмисинен өтүп жүргөн жеримден булар мени көрүшкөн эле. Жанымда эч кандай эл да, тополоң да жок болчу. 19 Ошол жерде мени Азия аймагынан келген иудейлердин бир нечеси көрүшкөн. Алардын мага каршы бир нерсеси болсо, анда азыр ушул жерге келип, сиздин алдыңызда айтышат эле го. 20 Же бул жерде тургандар өздөрү айтышсын: синедриондун алдында турганымда менден кандай күнөө табышты эле? 21 А балким, ошондогу: "Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам!" – деп катуу кыйкырганым үчүн күнөөлүү чыгармын?" 22 Ошондо Эгебиз Исанын жолунан жакшы кабардар болгон Феликс иудейлерге кайрылып: "Бул чатагыңарды миң башы Лисиас келгенде чечем", – деп кийинкиге калтырды. 23 Паулду жүз башыга тапшырып: "Муну камап ташта, бирок жеңилдик берилсин, жоро-жолдоштору менен кезигишине тыюу салынбасын!" – деп буюрду. 24 Арадан бир нече күн өткөндө Феликс Друсилла аттуу еврей аялы менен келип, Паулду алдыртты да, анын Машайак Исага болгон ишеними тууралуу сурап, сөзүнө кулак салды. 25 Бирок Паул адилеттик жөнүндө, напсини тыюу жөнүндө жана келечекте боло турган Кудайдын сурагы тууралуу сөз кылганда, Феликстин жүрөгү түшүп: "Азырынча бара бер, кийин убакыт таап, чакыртам", – деп аны кетирди. 26 Ал пара береби деп үмүттөнүп, Паулду улам-улам чакыртып, аны менен сүйлөшүп турду. 27 Эки жылдан кийин Феликстин ордуна Порций Фест губернатор болду. Ал эми Феликс иудейлердин көңүлүн алуу максатында Паулду камакта калтырып кетти.

Элчилер 25

Паулдун губернатор Фесттин алдында суракка алынышы

1 Фест губернатор болуп дайындалган аймакка келгенине үч күн болгондон кийин Кесариядан Иерусалимге барды. 2 Иерусалимде дин башчылары менен эл башчылары ага келишип, Паулду каралап, жалаа жабышты. 3 "Бизге жакшылык кылып, аны Иерусалимге которуп бериңиз", – деп өтүнүштү. Мындай өтүнүчүнүн себеби: Паулду Иерусалимге алып келе жатышкан жеринен кол салышып, өлтүрөбүз деп, өздөрүнчө сүйлөшүп алышкан болчу. 4 Бирок Фест Паулдун азыр Кесарияда камакта экенин, өзүнүн да жакында ошол жакка кайтайын деп турганын айтты. 5 "Барчу адамдарыңар мени менен бирге барсын да, алиги кишинин кылмышы болсо, ошерден айтсын", – деди ал. 6 Фест алар менен беш-он күн турган соң, Кесарияга кайтты. Эртеси күнү сот орундугуна олтуруп, Паулду алдыртты. 7 Паулду алып келишкенде, Иерусалимден келген иудейлер аны тегеректеп алышып, көптөгөн оор айыптарды тагышты, бирок айткандарын өздөрү далилдей алышпады. 8 -9 Паул өзүн коргоп: "Мен иудей мыйзамына да, касиеттүү ыйбадатканага да, Кесарияга да каршы эч кандай күнөө кылган жокмун", – деп сүйлөй баштаганда, иудейлерге жагынгысы келген Фест: "Сени Иерусалимге алып барып, бул айыптар боюнча ошол жерден суракка алышымды каалайсыңбы?" – деди. 10 Паул: "Мен азыр Рим императорунун сотунун алдындамын, ошондуктан ушул жерде соттолушум керек. Менин иудейлерге эч кандай жамандык кылбаганымды сиз жакшы эле билип турасыз. 11 Эгер кылган болсом, анда өлүмдөн баш тартпас элем. Бирок эгерде булардын мага койгон айыптары негизсиз болсо, анда мени эч ким алардын колуна салып бере албайт. Мен императордун сотун талап кылам", – деди. 12 Фест кеңешчилери менен акылдашкан соң, Паулга: "Сен императордун сотун талап кылдың, ошондуктан императордун алдына барасың", – деди. 13 Арадан бир нече ай өткөндө, Фестти куттуктап, падыша Агриаппа карындашы Вереника менен Кесарияга келди. 14 Алар бир топ күн турганда, падышага Фест Паулдун иши тууралуу айтып берди: "Бул жерде Феликс камакта калтырып кеткен бир киши бар. 15 Мен Иерусалимде болгонумда, иудей башкы дин кызматчылары менен аксакалдары аны айыпташып, менден өлүмгө өкүм чыгарып берүүмдү суранышкан эле. 16 Мен аларга: "Рим салты боюнча айыпталган адамды айыптоочулары менен бетме-бет сүйлөштүрбөй жана коюлган айыптардан актанууга сөз бербей туруп, өлүмгө өкүм чыгарууга болбойт"– деп жооп бердим. 17 Ошондуктан алар мени менен бирге бул жерге келишкенде, маалкатпастан, эртеси күнү эле сот орундугуна отуруп, ошол кишини алып келүүнү буюрдум. 18 Бирок аны айыптагандар мен күткөндөй айыптардын бирин да мойнуна коё алышпады. 19 Тескерисинче, алардын бу киши менен талашканы өздөрүнүн динине байланыштуу маселелер менен кайсы бир Иса деген өлгөн киши жөнүндө экен. Паул аны тирүү деп жатат. 20 Мен бул маселени кантип чечишти биле албадым. Ошондуктан андан: "Бул маселени Иерусалимге барып, ошол жактан чечсек кандай болот?" деп сурадым. 21 Бирок ал өзүнүн маселесин император чечсин деп талап кылган соң, императорго жөнөткүчө аскерлерге кайтартып койдум". 22 Агриаппа Фестке: "Ошо кишини мен да уккум келип турат", – дегенде, Фест: "Анда эртең эле угасыз", – деди.

Паул падыша Агриаппанын алдында

23 Эртеси күнү падыша Агриаппа карындашы Вереника экөө чоң үлпөт менен келип, миң башылар менен шаардын атактуу адамдарынын коштоосунда сот залына кирди. Фесттин буйругу менен Паулду алдыртышты. 24 Биринчи сөздү Фест алды: "Урматтуу падыша Агриаппа жана ушул жерде биз менен бирге отургандар! Иерусалимде да, бул жерде да иудейлердин баары алдыңыздарда турган мына бул кишинин үстүнөн мага арызданышты. Алар бул кишини өлүм жазасына тартыш керек деп менден талап кылып, жанымды койбой чуулдашты. 25 Мен болсом андан өлүмгө кескендей айып таппадым. Бирок бул киши өзү император Августтун сотун талап кылгандыктан, аны ошого жиберүүнү чечтим. 26 Ал эми улуу даражалуу өкүмдарга жаза турган, бул кишиге байланыштуу маалымат менде азыр жок. Ошондуктан аны сиздерге, баарынан да, урматтуу Агриаппа падыша, өзүңүздүн алдыңызга алдырып олтурам. Тергеп бүткөн соң, жазганга маалымат топтолор. 27 Анткени камактагы адамдын айыптарын аныктабай туруп, императорго жиберүү, менимче, жарабаган иш".

Элчилер 26

Паулдун Агриаппа падышанын алдындагы сөзү

1 Агриаппа Паулга: "Өзүңдү актап сөз айтууга уруксат", – деди. Ошондо Паул колун өйдө көтөрүп, жыйналгандар көңүл бурган соң, өзүн актап сүйлөй баштады: 2 "Урматтуу падышам, иудейлер койгон айыптардан бүгүн сиздин алдыңызда өзүмдү коргоп, сөз сүйлөп турганыма кубанычтамын. 3 Анткени сиз иудейлердин бардык салт-санаасы менен талаш-тартыштарын жакшы билесиз. Ошондуктан мени чыдамдуулук менен угуп коюшуңузду суранам. 4 Жашымда өз жеримде, кийин Иерусалимде кандай жашаганым жалпы еврей калкына белгилүү. 5 Анткени алар мени мурдатан таанышат, атүгүл, эгер чындыкты моюнга алгылары келишсе, мен биздин динибиздин эң күчтүү агымы – фарисейчиликтин мыйзамдары боюнча жашап келгендигимди да айтып бере алышат. 6 Азыр болсо мен Кудайдын биздин ата-бабаларыбызга берген убадасына ишенип, үмүт артканым үчүн соттолуп жатам! 7 Биздин он эки уруубуз да ошол убада качан аткарылар экен деп, күн-түн дебей, тынбастан Кудайга ибадат кылышууда. Мен да ошондой үмүт кылганым үчүн иудейлердин айыптоолоруна кириптер болдум, оо падышам. 8 Эмне үчүн сиздер Кудайдын өлгөндөрдү кайра тирилтерине ишенбейсиздер? 9 Мурда мен да назареттик Исанын наамына каршы күрөшүүнү өз парызым деп ойлочумун. 10 Муну Иерусалимде аткарып да жүрдүм. Башкы дин кызматчылары уруксат алып, Исанын үмөттөрүнүн канчаларын түрмөгө каматып, аларды өлтүрүп жаткандарды кубаттадым. 11 Синагогадан синагогага барып, аларды далай кыйнап, Исанын атына тил тийгизип, аны кордоого мажбурладым. Ушунчалык катуу өчөшкөндүктөн чет жердеги шаарларга барып алып да, алардын сары изине чөп салып, куугунтукка алгам. 12 Бир жолу ушундай максат менен башкы дин кызматчылардан аларды байлап, Иерусалимге алып келүүгө укук бере турган буйрук кат жаздырып алып, Дамаскка бараткам. 13 Түш ченде жолдо элем. Оо падышам, аңгыча күндөн да жарык бир нур көктөн жарк эте түштү. Ошол нур менин да, шериктеримдин да айланасын жарык кылып жиберди. 14 Баарыбыз жерге жыгылдык. Анан мага еврей тилинде сүйлөгөн бир үн угулду. "Саул, Саул, – деди ошол үн, – неге мени куугунтуктап жүрөсүң? Эгеңдин эркине каршы чыксаң, өзүңө кыйын". 15 Мен: "Сиз кимсиз, оо Кудурет?" – деп сурадым. "Сен куугунтуктап жүргөн Исамын, – деп жооп берди Эгем Иса. – 16 Өйдө тур, cени өзүмө кызмат кылууга дайындаш үчүн сага көрүндүм. Мындан ары бүгүнкү көргөнүң тууралуу адамдардын алдында күбөлүк бересиң, аларга мен сага көрсөтө турган нерселерди жеткизесиң. 17 Мен сени өз элиңе жана бөтөн элдерге жиберип, алардын сага кыла турган кыянаттыктарынан куткарам. 18 Сен алардын көзүн ачып, караңгыдан жарыкка, шайтандын бийлигинен Кудайдын бийлигине кайтарасың. Алар мага ишенип, күнөөлөрү кечирилип, Кудайдын тандаган адамдарынын арасынан орун алышсын!" 19 Ошентип, падышам, асмандан келген аянда айтылган сөзгө баш ийбей коюга дитим барбады. 20 Андыктан адегенде Дамасктагыларды, анан Иерусалим менен бүткүл Иудеядагыларды, кийин иудей эместерди тобо келтирүүгө чакырып, анысын иш жүзүндө көрсөтүп жашоого үндөдүм. 21 Ушундай кылганым үчүн иудейлер мени ыйбадатканада жүргөнүмдө кармап алып, өлтүрмөкчү болушту. 22 Бирок Кудай ушул күнгө чейин мени сактап, коргоп келди. Ошондуктан азыр да мына бул олтурган улуу-кичүүнүн алдында күбөлүк берип, бул жерде турам. Менин айткандарым Муса жана андан башка пайгамбарлардын алдын ала айткандары менен бирдей. 23 Тагыраак айтканда, Машайак өлтүрүлүп, кийин өлгөндөрдүн ичинен түбөлүк өлбөстүккө биринчи болуп кайра тирилип, анан еврейлер менен башка элдерге куткарылуу нуру тийгенин жарыя кылыш керек болчу". 24 Паул ушул жерге келгенде Фест үнүн катуу чыгарып, сөзүн бөлүп: — Эй, Паул, сен дөөрүп жатасың! Ашыкча көп окуп, айнып калыпсың! – деди. 25 — Мен дөөрүгөн жокмун, улуу урматтуу Фест, – деди Паул жооп кайтарып, – менин айткандарым акыйкат жана жөндүү. 26 Падыша мунун баарын билет, ошондуктан анын алдында ачык айтып жатам. Бул окуялардын эч бири андан жашырын болгон эмес деп ойлойм, анткени алар адам көрбөй кала турган булуң-бурчта өткөн эмес. 27 –Падыша Агриаппа, сиз пайгамбарларга ишенесизби? Билем, ишенесиз. 28 Ошондо Агриаппа Паулга: –Кыска убакыттын ичинде мени Исанын Машайак экенине ишендирип сала аласыңбы? – деди. 29 Паул: –Кыска убакытта болобу, узак убакытта болобу, сиз гана эмес, мына бул бүгүн мени угуп тургандардын баары мендей болушун Кудайдан тилейм, бирок, албетте, кишенсиз. 30 Паул ушундай дегенде, падыша Агриаппа ордунан турду. Аны менен бирге губернатор Фест, падышанын карындашы Вереника жана залда отургандардын баары жапырт ордуларынан турушту. 31 Залдан чыгып баратканда, бири-бирине: –Бул кишинин өлүмгө кескидей же түрмөгө камагыдай айыбы жок экен, –дешти. 32 Агриаппа Фестке: – Эгер өзү императордун өкүмүн талап кылбаганда, бошотуп жиберсе болор эле, – деди.

Элчилер 27

Паулдун Римге сапар тартышы

1 Биздин Италияга сүзүп кетерибиз аныкталган соң, алар Паул менен дагы бир нече камактагыларды "Император кошуну" деп аталган аскер бөлүгүнүн жүз башысы болгон Юлий деген кишинин колуна тапшырышты. 2 Биз Адрамит шаарынан чыгып, Азия аймактарын бойлоп өтө турган кеме менен сүзүп жөнөдүк. Тесалоникадан келген македониялык Аристарх да биз менен кошо чыкты. 3 Эртеси күнү Сидон шаарына келдик. Юлий Паулга ырайым кылып, ага достору менен жолугуп, муктаж болгон нерселерин камдап алууга уруксат берди. 4 Ал жактан чыкканда, ачык деңизде бет маңдайыбыздан шамал сокконунан улам Кипр аралын пааналап сүзүп отурдук. 5 Киликия менен Памфилия аймактарын жандап өтүп, Ликия аймагындагы Мира шаарына келдик. 6 Жүз башы ал жерден Италияга кете турган александриялык кемени таап, бизди ошого салды. 7 Бир нече күн бою зор кыйынчылыктар менен араң сүзүп отуруп, акыры Книд деген шаарга жакындадык. Бирок кургакка жеткенге бет маңдайыбыздан соккон шамал мүмкүнчүлүк бербегендиктен, багытыбызды өзгөртүп, Крит аралынын далдаасынан Салмона тумшугун айланып өттүк. 8 Жээкти бойлоп сүзүп, Ласея шаарына жакын жайгашкан "Жакшы порт" аттуу жерге араңдан зорго жеттик. 9 Биз ал жерде көп убакыт туруп калгандыктан, андан ары кеме менен сүзүү коркунучтуу болуп калган эле. Анткени Орозо күнү деген майрам да өтүп кеткен убак болчу. Ошондуктан Паул кемедегилерге: 10 "Туугандар, менимче мындан ары жолго чыгуу кеме жана жүк үчүн гана эмес, өмүрүбүз үчүн да кооптуу", — деп эскертти. 11 Бирок жүз башы Паулга караганда кеменин кожоюну менен капитанга көбүрөөк ишенчү. 12 Анын үстүнө бул жердин шарты кыштаганга ыңгайсыз болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү да мында кыштагандан көрө сапарды улап, мүмкүн болсо Финик портуна жетүүгө аракет кылууга көңүлдөнүштү. Финик бул Крит аралындагы түштүк-батыш менен түндүк-батышты караган порт шаары эле.

Деңиздеги бороон-чапкын

13 Түштүктөн сыдырым жел жүрө баштаганда кемечилер максатыбызды ишке ашыра алат окшойбуз деп ойлоп, кемени якорунунан бошотушту да, жээк бойлой сүзүп жөнөштү. 14 Бирок көп өтпөй арал тараптан "Түндүк-Чыгыш" аталган абдан катуу шамал башталды. 15 Шамал күчөп келип, кемеге бир тийди эле, биз кеменин тумшугун бороонго каршы кармай албай, акыры бардык аракетибизди таштап, толкундардын айдоосуна багынып, шалдайып отуруп бердик. 16 Кауда деген бир чакан аралдын шамалдан далдараак жагынан өтүп баратканыбызда, кеменин артына байланган кайыкты зор кыйынчылык менен эптеп атып кеменин үстүнө тартып алганга үлгүрдүк. 17 Кайыкты чыгарган соң, кемени аркандар менен чырмап, таңып салышты. Кемечилер Ливиянын бет-маңдайындагы тайыз жерлердеги кумга тыгылып калбайлы деп чочулашып, парустарды түшүрүштү да, кемени шамалдын эркине коюшту. 18 Бороон болсо токтобостон сого берди. Ошондуктан эртеси күнү кемедеги жүктү сууга ыргыта башташты. 19 Yчүнчү күнү болсо, кеменин жабдыктарын ыргыта башташты. 20 Көп күн бою күндү да, жылдыздарды да көрө албадык, а бороон болсо басаңдабады. Акырында аман каларыбыздан түңүлдүк. 21 Кемедегилер көптөн бери наар сызбады. Акырында Паул алардын ортосуна чыгып, мындай деди: "Туугандар, мени угуп, Криттен кетпегениңерде мындай кыйынчылыктарга туш болуп, зыян тартмак эмеспиз. 22 Эми, кайрат кылгыла, себеби кемеден башка эч кимиңер зыян тартпайсыңар. 23 Анткени мен кызмат кылган Кудай Эгемдин периштеси түндө жаныма келип: 24 "Паул, коркпогун, сен императордун алдына барышың керек. Ырайымдуу Кудай сен үчүн сапарлаштарыңдын баарынын өмүрүн сактап калат", — деди. 25 Ошондуктан, туугандар, ындыныңарды өчүрбөгүлө. Мен Кудайдын убадасына ишенем. 26 Менимче, шамал кемени бир аралга сүрүп таштайт болуш керек".

Кеменин кыйрашы

27 Арадан эки жума өтүп, биз дале Адриатика деңизинде шамалдын айдоосунда бараттык. Түн жарымына жакын кемечилер бир аралдын тушунан өтүп баратканыбызды сезип, 28 суунун тереңдигин өлчөп көрүшсө, кырк метр чыкты. Бир аз убакыт күтүп, дагы өлчөштү эле, отуз метр болду. 29 Суунун түбүнөн оркоюп чыгып турган аскаларга урунуп алуудан коркуп, кемечилер якордон төртөөнү сууга ыргытышты да, батыраак таң атса экен деп, Кудайдан тилешти. 30 Анан кемечилер качууга камданышып, якорду кеменин тумшугунан таштайбыз демиш болуп, кайыкты сууга түшүрө баштаганда, 31 Паул жүз башыга кайрылып: "Эгер алар кемеде калышпаса, анда сиздер кутула албайсыздар!" — деди. 32 Ошондо жоокерлер аркандарды кыя чабышып, кайыкты сууга бош түшүрүп жиберишти. 33 Таңдын атышына аз калганда Паул кемедегилерге: "Эки жумадан бери наар сызган жоксуңар. 34 Эй, айланайындар, тамактанып алгылачы, аман калышыңар үчүн тамактанышыңар керек. Көп корко бербегиле, эч кимиңердин башыңардан бир да тал чачыңар түшпөйт", — деди. 35 Паул ушундай деген соң, бир нанды колуна алды да, баарынын көзүнчө Кудайга ыраазычылыгын айтып, сындырып, жей баштады. 36 Ошондо баары кайрат кылып, тамактанганга киришти. 37 Кемеде баарыбыз болуп эки жүз жетимиш алты киши бар элек. 38 Алар каалашынча тамактанып бүткөндө, кемедеги буудайды деңизге ыргытышып, кеменин жүгүн жеңилдетишти. 39 Таң сүргөндө кемечилер кайсы жерге келгенин ажырата алышпаса да, бир кумдуу булуңду байкашты. Ылаажы болсо кемени булуңга киргизели деп, ошонун аракетинде болушту. 40 Якорлорду байлаган аркандарды кыркып, ошону менен бир убакта рулду байлаган аркандарды да чечип жиберишти. Анан кеменин тумшугундагы парустарды шамалга тосушуп, шамалдын күчү менен кемени кургактыкка айдашты. 41 Бирок кургактыкка жетпей кеме тайыз жердеги кумга тыгылып калды. Кеменин тумшугу кумга батып калгандыктан, куйругу толкундардын күчүнөн кычырап, сына баштады. 42 Ошондо аскерлер камактагылардын бирөө-жарымы сүзүп качып кетпесин деп, аларды өлтүрмөкчү болушту. 43 Бирок жүз башы Паулду сактап калгысы келип, алардын бул оюн ишке ашыртпады. Ал сүзгөндү билгендер биринчи болуп сууга секирип, жээкке чыксын деген буйрук берди. 44 Калгандарынын кээси тактай минип, кээси кеменин сыныктарын кучактап, жээке сүзүп жөнөштү. Ошентип, кемедегилердин баары аман-эсен жээкке чыгышты.

Элчилер 28

Мальта аралында

1 Аман калган бизге аралдын Мальта деп аталары белгилүү болду. 2 Анда жашаган уруунун адамдары бизди өзгөчө жылуу кабыл алышты. Жамгыр жаап, күн суук болгондуктан, от жагып, баарыбызды чакырышты. 3 Пабыл отун чогултуп келип, отко салганы жаткан. Күтүлбөгөн жерден отундун арасынан бир уулуу жылан чыга калып, Паулдун колуна оролду. 4 Аралдыктар Паулдун колунда асылып турган жыланды көрүшкөндө, өз ара: "Карасаңар, бул адам анык киши өлтүргүч, деңизге чөкпөй аман калса да, Ак тирүү калтыргысы келбеди", — дешти. 5 Бирок Паул эч зыян тартпастан жыланды отко силкип таштады. 6 Тигилер болсо Паул эми шишип чыгат го же күп этип кулап түшүп өлүп калат болуш керек деп күтүп турушту. Бирок бир топ күтүп, эч кандай деле адаттагыдан сырткары нерсе болбогонун көргөн соң, ойлорун өзгөртүп: "Бул – кудай экен!" — дей башташты. 7 Ал жерден анча алыс эмес жерде ошол аралдын башчысы — Публий деген кишинин талаасы бар эле. Ал бизди жылуу кабыл алып, үч күн бою коноктоду. 8 Публийдин атасы ич өткөк менен ооруп, ысытма болуп төшөктө жатыптыр. Паул анын бөлмөсүнө кирип, башына колун коюп, сыйынды да, айыктырды. 9 Анын айыкканы билингенде, аралдагы башка оорулуулардын баары келе башташты жана айыгып кетип жатышты. 10 Алар бизге абдан чоң урмат-сый көргөзүшүп, көптөгөн белектерди беришти, кетерибизде жолго керектөөчү нерселерибиздин баарын кемебизге салып коюшту.

Мальтадан Римге

11 Yч айдан кийин Александриядан келип, ошол аралда кыштап калган "Эгиз кудай" деген жазуусу бар кемеге түштүк да сүзүп кеттик. 12 Сиракуза деген шаарга барып, анда үч күн турдук. 13 Анан сүзүп чыгып, Ригия шаарына келдик. Бир күндөн кийин түштүктөн соккон шамалдан пайдаланып, эки күндүн ичинде Путеол шаарына жетип бардык. 14 Ал жерден бир нече боордошторубузду таптык. Алар: "Бир жума биз менен болуңуздар", — деп суранып, бизди көндүрүштү. Анан Римге жөнөдүк. 15 Римдеги боордошторубуз кабарыбызды угуп, Аппия базары жана Yч мейманкана деген жерлерге чейин келип, алдыбыздан тосуп чыгышыптыр. Паул аларды көргөндө, көңүлү көтөрүлүп, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди.

Паулдун Римдеги кызматы

16 Римге киргенибизде жүз башы Паулга өзүнчө жашоого уруксат кылып, бир жоокерге кайтартып койду. 17 Yч күндөн кийин Паул иудейлердин атактууларын бир жерге чакырды. Алар чогулганда, мындай деди: "Боордоштор, мен элибизге жана ата-бабаларыбыздын салтына каршы эч нерсе кылбасам да, Иерусалимде кармалып, римдиктердин колуна тапшырылдым. 18 Римдиктер да мени тергеп көрүп, өлүмгө кескидей эч бир күнөө таба алышпагандыктан, бошотмокчу болушту. 19 Иудейлер каршы чыгышканда, аргасыздан Рим императорунун өкүмүн талап кылдым. Бирок мен муну өз элимдин бетине көө жабайын деген ниетте кылган жокмун. 20 Ушул себептен мен сиздерди чакырып, орой көз чарай сүйлөшөйүн дедим. Анткени мен элибиз үмүт арткан нерсеге ишенгендигимдин айынан мына бул чынжырга таңылып, камактамын". 21 Ошондо алар мындай деп жооп беришти: "Сен жөнүндө биз Иудеядан эч кандай кат-кабар алган жокпуз. Ал жактан келген боордошторубуздун да эч кимиси сен жөнүндө жаман кабар билдирбеди. 22 Мейли, ошондой болсо да сенин пикириңди угалы, анткени жанагы сектаңа бардык жерде эл каршы болуп жатканы бизге маалым". 23 Алар Паул менен сүйлөшүү үчүн бир күндү белгилешти. Ошол күнү Паул жашаган жайга көптөгөн адамдар келишти. Паул аларга эртеден кечке чейин Кудай падышачылыгы тууралуу айтып, Муса пайгамбар менен башка пайгамбарлардын китептеринин негизинде Исанын ким экенин түшүндүрүүгө аракет кылды. 24 Анын сөзүнө ишенгендер да, ишенбегендер да болду. 25 Ошондуктан келгендер өз ара бир пикирге келе алышпай, экиге бөлүнүштү. Алар кете баштаганда, Паул дагы мындай деди: "Силердин аталарыңарга Ыйык Рух Исайа пайгамбардын оозу менен туура айтыптыр: 26 "Мына бул элге бар да, айткын: "Силер уккан менен түшүнбөйсүңөр, Караган менен көрбөйсүңөр". 27 Анткени бул элдин дилин дат басып, Кулагы оорлошуп, Көзү тунарып калган. Антпесе көзү көрмөк, Кулагы укмак, Көкүрөгү менен сезмек, Мага кайтып келишмек. Анан мен аларды айыктырмакмын”. 28 Ошондуктан бир нерсени билип алгыла: Кудай эми куткаруучу сөзүн башка улуттарга жиберет. Алар кулак салышат". 29 Паул ушундай дегенде, иудейлер бири-бири менен талашып, жаңжалдашып, тарап кетишти. 30 Паул эки жыл бою ижарага алган үйүндө жашап, аны көргөнү келгендердин баарына эшиги ачык болду. 31 Ал Кудай падышачылыгын жарыялап, Эгебиз Иса Машайак тууралуу тайманбастан айтып, элге эркин таалим берип жүрдү.

Рим 1

Кат башы

(1:1-7) Машаяк Исанын кулу жана Кудай өзүнүн жакшы кабарын жарыялоого тандап, чакырып алган элчиси Паулостон... Ыйык Жазмаларда айтылгандай Кудай көп жылдар мурда пайгамбарлары аркылуу өзүнүн жакшы кабарын жиберери туурасында убада кылган. Бул жакшы кабар анын Уулу Теңири Машаяк Иса жөнүндө. Адамдык жагынан алганда ал Дөөттүн тукуму. Ыйык Кудайлык жагынан алганда болсо Кудайдын Уулу. Кудай аны зор кудурет менен өлүктөрдөн тирилтип алгандыгы буга кепил. Бардык улуттагы адамдарды Кудайга ишенүүгө жана ага баш ийүүгө алып келүү үчүн Жараткан Эгебиз Машаяктын урматына элчи болуу артыкчылыгын мага ыйгарды. Римдиктер, Машаяк Исага таандык болууга Кудай тарабынан чакырылган улуттардын арасында силер да барсыңар. Ошондуктан Кудай сүйгөн жана өз эли болууга чакырып алган силерге Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк ырайымын төгүп, тынчтыгын ыроолосун деп, кат жазып олтурам.

Ыраазычылык сыйынуусу

(1:8-15) Биринчиден, баарыңар үчүн Иса Машаяк аркылуу Кудайга рахмат айтамын, анткени бардык жерде силердин ишенимиңер тууралуу угулуп жатат. Менин чындыкты айтып жатканыма Уулу тууралуу жакшы кабарды таратып, чын жүрөгүм менен кызмат кылып жүргөн Кудайдын өзү күбө. Сыйынган сайын силерди эстээримди ал билет. Мен Кудайдан өзүнүн ак тилегине шай кылып, акыры ушул убактарда силерди бир көрүп келүүмдү мүмкүн кылуусун сурануудамын. Анткени мен силерди абдан сагындым. Силерди бекем ишенүүчүлөрдөн кылуу үчүн Кудайдан алган рухий баталарым менен бөлүшкүм келет. Айтайын дегеним: силер да, мен да бир убакта бири-бирибизге жардам болуп, силер менин ишенимимден, мен силердин ишенимиңерден кубат алуу. Эсиңерде болуш керек, кымбаттуу боордошторум, мен силерге далай жолу барууну пландаштырып, бирок дайыма бир нерсе чыгып калып эле оюм ишке ашпай жатты. Башка элдерден кандайдыр бир рухий жемиш алып жатканымдай силерден да тапкым келет. Анткени мен бардык адамдардын алдында милдеттүүмүн. Грекпи, варварбы, билимдүүбү, караңгыбы мага баары бир. Ошондуктан Римде жашаган силерге да мен жакшы кабарды таратууга абдан ынтызаармын.

Жакшы кабардын кудурети

(1:16-17) Мен жакшы кабардан уялбайм. Анткени жакшы кабар ишенгендердин баарын куткаруу үчүн болгон Кудайдын кудурети; биринчиден, еврейлер үчүн, экинчиден башка улуттагылар үчүн. Анткени жакшы кабарда Кудай адамдарды өзү менен кандайча элдештирип, актаары тууралуу айтылган. Кудай адамдарды башынан аягына чейин ишеним менен гана актай алат. Ыйык Жазмаларда айтылгандай “адил адам ишеним менен тирүү болот”.

Адамзаттын айыбы

(1:18-32) Адамдардын кылган бардык күнөөлөрү менен жамандыктарына асмандан Кудайдын каары төгүлүп турат. Анткени алардын жаман жолдору акыйкаттын ачыкка чыгышына бөгөт болуп жатат. Кудай аларды жазалайт, анткени Кудай тууралуу билүүгө мүмкүн болгон нерселердин баары аларга маалым, баарын Кудай өзү белгилүү кылган. Аалам жаратылган убактан тартып эле Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттары — анын түбөлүк кудурети менен кудайлык табияты ачык эле көрүнүп турат. Аларды Кудай жараткан нерселерден аныктап алса болот. Ошондуктан адамдар “билбедик, көрбөдүк” деп актанууга шылтоолору жок. Алар Кудайды билишет, бирок татыктуу урмат-сый көрсөтүшпөйт, рахмат айтышпайт. Анын ордуна ой-санааларын толугу менен жарактан чыгарышып, көкүрөктөгү көздөрүн караңгылыкка бастырып, карайлап калышкан. Алар өздөрүн акылдуубуз дешет, бирок чындыгында наадандар. Түбөлүктүү Кудайга табынуунун ордуна өлө турган пенденин, ит-куштун эстеликтерине кызмат кылышат. Ошондуктан Кудай аларды өздөрүнүн булганыч ой-санааларындагы кумарлардын кучагына таштап салды. Алар бири-бири менен айтууга ооз барбаган шерменде иштерди кылышат. Кудай тууралуу чындыкты калпка алмаштырып алышты. Кудайдын өзүнө табынгандын ордуна анын колунан чыккан нерселерге табынып, ошолорго кызмат кылып кетишти. А мактоого бир гана Кудай татыктуу эмеспи! Ооба, так ошондой! Ушундай иштери үчүн Кудай аларды уяттуу кумарларынын койнуна таштап салды. Аялдары табигый жыныстык мамилелерди табигаттан тышкаркы жолдорго буруп кетишти. Эркектери да алардан калышпай аялдарга болгон табигый жыныстык катнашты коюп, бири-бирине кумарланып, өлүп баратышат. Алардын жосуну курусун, бири-бири менен шермендечилик иштерди кылышып, натыйжада өздөрүнө татыктуу жазаларын иштеп таап жатышат. Кудай тууралуу чыныгы билимди көңүлдөрүнө сактоону четке кагышканы үчүн Кудай аларды бузулган ой-санааларынын бийлигине таштап салды. Ошондуктан алар кылууга тыюу салынган иштерди жасап жатышат. Адепсиздиктин, жамандыктын, ач көздүктүн, ыймансыздыктын баардык түрлөрүнө ичтери толгон. Көрө албастыкка, ичи тарлыкка, канкордукка, уруш-жаңжалга, алдамчылыкка, арам ойлорго толугу менен берилип кетишкен. Бири-бирин ушактап, жалаа жабышат. Кудайды болсо жек көрүшөт. Алар көпкөндөр, менменсигендер, ооз көптүргөн мактанчаактар, жамандык кылганга усталар, ата-энелерине баш ийбеген тоңмоюндар, абийирсиздер, сөзүнө турбагандар, башкаларга кайрым кылганды, боор ооруганды билбегендер. Алар Кудайдын мыйзамы боюнча ушундай кылган адамдар өлүм жазасына тартылууга татыктуу экенин билишет. Ошентсе да мындай иштерди кылганын коюшпайт; коюшмак тургай кылып жаткандарды колдошот.

Рим 2

Кудайдын соту

(2:1-16) Эй досум, сен башкаларды соттоп жүрөсүңбү? Анда ким болсоң да сага кечирим жок! Анткени башкаларды соттоп жатсаң, алар сыяктуу эле өзүң да жаман иштерди кылып жатасың, ошондуктан сен өзүңдү өзүң айыптап жатасың. Мындай иштерди кылгандарды соттоп, Кудай туура кылганын биз билебиз да туурабы? А сен, досум, так ошол иштерди кылып, башкаларды соттойсуң да, өзүң Кудайдын сотунан качып кутулам деп ойлойсуңбу? Же, балким, Кудайдын боорукердигин, кечиримдүүлүгүн жана көтөрүмдүүлүгүн жактырбаганыңбы бул кылганың? Кудайдын боорукер экенин, албетте, сен жакшы билесиң, анткени ал сени күнөөлөрүңдөн тобо кылдырууга аракет кылууда. А сен болсо жүрөгүңдү таштай катырып, Кудайдын каары төгүлгөн адилеттүү соту болоор күнүндөгү өз жазаңды оордотуп жатасың. Анткени Кудай ар бир пендесине алардын кылган иштерине жараша шыбагасын берет. Кээ бирөөлөр жакшылык кылгандан кайтпай, чыныгы даңкка, чыныгы урмат-сыйга жана өчпөс өмүргө умтулуп жашап жүрүшөт. Мындай пенделерине Кудай түбөлүк өмүр берет. Кээ бирөөлөр өзүмчүл, жамандыкты жасоо үчүн акыйкатты четке кагышат. Андайларга Кудайдын кыжыры кайнап, каары төгүлөт. Жамандык кылгандардын баарын — биринчиден еврейлерди, анан башка улуттагыларды — азап менен кыйынчылык күтүп турат. Анткени Кудай эч кимге тартпай, баарын бирдей мыйзам менен соттойт. Башка улуттагыларда Мыйзам жок, ошондуктан алар мыйзамсыз куурашат. Еврейлерде болсо бар, ошондуктан алар Мыйзам боюнча соттолушат. Анткени Мыйзамды угуп эле тим болгондон эмес, андагы осуяттарды аткаргандан улам адамдар акталышат. Ооба, башка улуттар Мыйзам жок туруп, бирок табигый туюму аркылуу Мыйзамдын осуяттарын сезип, андагыларды аткарышканда, Мыйзам аларда жок болсо да өздөрүнө өздөрү мыйзам. Бул алардын жүрөктөрүндө Мыйзамдын осуяттарынын жазылуу экендигин көрсөтүп турат. Алардын абийир-уяты да кээде айыптап, кээде коргоп, ушундай экенин ырастап турат. Мен таратып жүргөн жакшы кабардын окутуусу боюнча Кудай Иса Машаяк аркылуу бардык адамдардын жашырын сырларын ачыкка чыгарып, соттогон күндө ушундай болот.

Яхудейлер жана Мыйзам

(2:17-3:8) Силер тууралуу эмне десем? Силер өзүңөрдү: “Биз яхудейбиз!” дейсиңер. Силер Мыйзамга баш ийип, Кудай менен мактанасыңар. Силер Кудайдын силерден эмнени күткөнүн билесиңер. Эмне туура экенин Мыйзамдан окуп үйрөнүп алгансыңар. Өзүңөрдүн сокурларга жетекчи, караңгыда жашагандарга нур, наадандарга таалим-тарбиячы, сабатсыздарга мугалимбиз деп эсептейсиңер. Мыйзам аркылуу чыныгы билим менен акыйкаттын толук мазмуну бизде деп бекем ишенесиңер. Эй, башкаларды окуткандар, эмне үчүн өзүңөрдү окутпайсыңар? Элге “уурдаба!” деп таалим айтасыңар да, эмне үчүн өзүңөр уурдайсыңар? “Бузуктук кылба!” дейсиңер да, эмне үчүн өзүңөр бузукулук кыласыңар? Буркандарды жек көргөнүңөр менен ыйбадаткананы талап-тонойсуңар. “Кудайдын Мыйзамы бизде!” деп мактанасыңар да кайра ошол Мыйзамды бузуп, Кудайды кордойсуңар. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Яхудейлер, силердин айыңардан Кудай башка улуттагы элдерден тил угууда!” Силер Мыйзамга баш ийсеңер, анда сүннөткө олтурганыңар пайдалуу. Баш ийбесеңер эч качан сүннөткө олтургузулбагандайсыңар. Сүннөткө олтурбаган башка улуттук адам Мыйзамдагы осуяттарга баш ийсе, анын сүннөткө олтурбадың деп, Кудай сыйлабай коймок беле? Ошондуктан силер, яхудейлер, колуңарда жазылуу Мыйзам бар болсо да, сүннөткө олтурган болсоңор да, баары бир ошол Мыйзамды бузганыңар үчүн башка улуттуктар тарабынан айыпка жыгыласыңар. Ал эми алар болсо, сүннөткө олтурбаган болсо да, Мыйзамга баш ийип жатышат. Акырында, чыныгы сүннөткө олтургузулган анык яхудей деп кимди эсептөөгө болот? Сыртынан эмес, ичинен яхудей болуп, жүрөгү сүннөтөлгөн адамды чыныгы яхудей десе болот. Ал эми жүрөктөрдү сүннөттөө — бул жазылган мыйзамдын эмес, Кудай Рухунун иши. Мындай адам пенденин эмес, Кудайдын мактоосуна татыйт. Анда эмне, яхудейлер башка улуттагылардан артыкпы? Же сүннөткө олтургузуунун кандайдыр бир артыкчылыгы барбы? Албетте, бүт жагынан алганда артыкчылыгы бар! Биринчиден, Кудай өзүнүн кабарын яхудейлерге ишенип тапшырды. Ырас, алардын кээси Кудай алдында ак болбоду. Демек, алар ак болбосо, эмне, Кудай ишенимдүү эмеспи? Албетте андай эмес! Бүт адамзат калпычы болсо да, Кудай ишенимдүү бойдон кала берет. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Сөзүң түз болсун! Айыптагандар сенден кынтык таппасын!” Биздин жаман иштерибиз Кудайдын адилеттүү экенин дагы ачыгыраак көрсөтүп атса эмне кылышыбыз керек? Бизди жазалап жатканда Кудай туура эмес иш кылып жатат дешибиз керекпи? (Мен адамдардын пенделик сөзүн айтып жатам.) Эч качан! Кудай адилеттүү болбосо, биз бул дүйнөнү кантип айыптай алабыз? Эгер менин адилетсиздигим аркылуу Кудайдын адилеттүүлүгү макталып, анын даңкы чыкса эмне үчүн мени алиге чейин күнөөкөр деп айыптайт? Же: “жакшылык көрүнсүн үчүн жамандык кыла берели!” деп айтууга болобу? Кээ бирөөлөр так ушундай деп, мага тил тийгизип жүрүшөт! Кудай аларга тиешелүү шыбагасын берет!

Рим 3

Кудай алдында эч бир пенде ак эмес!

(3:9-20) Эми кандай болот, башкалардын алдында биздин, яхудейлердин, артыкчылыгыбыз барбы? Эч кандай! Яхудейлер да, башка улуттагылар да — баары бирдей күнөөнүн бийлигинде экенин мен көрсөттүм. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: "Бир да адилеттүү жок! Акылдуу болуп, Кудайга табынган эч ким жок! Баары Теңирден тескери кетишти, Баары туура эмес жакка кетишти. Баары ак иш кылгысы келбейт, бирөөсү да. Ооздору оозу ачылган көрүстөн! Тилдери калпты ышкыртып, Жыландын уусу тамып, Каргыш менен заарга толгон. Буттары кан төгүүгө тез, Баскан жолдору кыйроо. Тынчтыктын жолун билишпейт. Кудайдан коркушпайт". Мыйзамдагынын баары Мыйзам менен жашагандарга колдонуларын биз билебиз. Ошондуктан эч ким кың дей албайт. Бүт адамзат Кудай алдында айыптуу. Анткени Мыйзамдын талаптарын аткаруу аркылуу эч ким Кудай алдында актана албайт, тескерисинче Мыйзам адамдарга алардын күнөөлөрүн ачып көрсөтөт.

Кудай алдында кантип акталууга болот?

(3:21-31) Кудай өзү менен кантип элдешүүгө боло турган жолду адамдарга ачып берди. Муса жана башка пайгамбарлар айтып келишкен Кудайдын чындыгы азыр белгилүү болду. Ал чындык Кудай адамдарды Иса Машаякка болгон ишенимдери аркылуу гана актай алаары. Машаякка ишенгендерди баары үчүн Кудай актайт. Анткени адамдардын баары бирдей, баары күнөөкөр, баары Кудайдын куткаруучу жолунан алыста. Кудайдын аларга ырайым кылып, Машаяк Иса аркылуу куткарылуу жолун белек кылганынан гана адамдар анын алдында актала алышат. Иса Машаяк кана аларды күнөөдөн бошотот. Кудай Машаякты өзүнүн каарын басып, күнөөлөрдү төлөөчү курмандык кылып көрсөттү. Анын каны күнөөлөр үчүн төгүлүп, курман болгондугуна ишенгендерди Кудай кечирет. Эмне үчүн Кудай ушундай кылды? Өзүнүн адилеттүү экенин көрсөтүү үчүн. Илгери ал адамдардын күнөөлөрүн үстүртөн карап, көтөрүп, чыдап келген. Азыр болсо өзүнүн адилет экенин көрсөтүү үчүн алардын күнөөлөрү менен иш алышып жатат. Ушунусу менен Кудай өзүнүн адилеттүү экенин, ошондой эле Исага ишенген адамдарды да актай тургандыгын көрсөтүүдө. Ушундай болуп аткан соң эмнебиз менен мактана алабыз? Эч нерсебиз менен мактана албайбыз! Эмне үчүн? Соопчулук кылганыбыз менен актала алабызбы? Жок! Ишеним менен гана актала алабыз. Ошентип, адам баласы Мыйзамга баш ийүүчүлүк аркылуу эмес, ишеним менен гана Кудай алдында актала алат экен. Андай болбосо эмне, Кудай яхудейлер үчүн гана Кудай бекен? Башка улуттуктар үчүн да Кудай эмеспи? Албетте, ал башка улуттагылар үчүн да Кудай! Кудай бирөө, ошондуктан ал яхудейлерди да, башка улуттагыларды да алардын ишениминин негизинде гана актайт. Анда биз эмне, ишеним аркылуу Мыйзамды жокко чыгарып жатабызбы? Жок, тескерисинче биз аны колдоп жатабыз.

Рим 4

Ибрайымдын мисалы

(4:1-12) Анда бабабыз Ибрайым тууралуу эмне деп айта алабыз? Ал эмне тапты? Эгер ал кылган иштеринин натыйжасында Кудай менен элдеше алган болсо, андан анын мактана турган жөнү бар, бирок Кудай алдында эмес! Ыйык Жазмаларда “Ибрайым Кудайга ишенди, ошондуктан Кудай аны адилеттүү деп эсептеди ” деп жазылган. Мисалы, эгер бирөө эмгек кылса, анда ал тиешелүү айлыгын сыйлык катары эмес, эмгек акы катарында алат. Ал эми эгер ким Кудай алдында акталуу үчүн өзүнүн сооп иштерине таянбай, айыптуунун айыбын ала турган Кудайга ишеним артса, анда ал ошол ишенимине жараша акталат. Мына ошол үчүн Даут пайгамбар кылган иши боюнча эмес, ишенимине жараша Кудай алдында акталган адам бактылуу деген. Ооба, ушундай деген: "Каталары кечирилгендер бактылуу, Күнөөлөрүнөн акталгандар бактылуу. Жараткан Эгебиз күнөөлөрүн мойнуна койбогон адам бактылуу!" Ушул Даут айткан бакыт сүннөткө олтургузулгандарга гана таандыкпы? Андай эмес! Бул бакыт сүннөткө олтурбагандарга да арналган. Анткени биздин Мыйзамыбызда “Ибрайым Кудайга ишенди, ошондуктан Кудай аны адилеттүү деп эсептеди” деп жазылып турат. Бул окуя качан болду эле? Ибрайым сүннөткө олтургузулганга чейинби же кийинби? Чейин, кийин эмес! Ибрайым кийинчерээк сүннөткө олтургузулган жана ишеними аркылуу актаганынын белгиси катарында Кудай ага сүннөткө олтурузуу расмисинен өтүүнү буйруган. Ошондуктан Ибрайым Кудай тарабынан адилеттүү адам катары кабыл алынган адам жана Кудайга ишенгендердин баарынын атасы, ал тургай сүннөткө олтургузулбаган ишенүүчүлөрдүн да. Ошондой эле Ибрайым сүннөттөлгөндөрдүн да атасы, башкача айтканда, сүннөттөлүп кана тим болбой, атабыз Ибрайым сүннөткө олтургузула элегиндеги ишенимдей ишеним менен жашаган “яхудейлердин” да атасы.

Кудайдын убадасы

(4:13-25) Кудай Ибрайымга жана анын урпактарына дүйнө жүзүн мурас кылууну убадалаган. Бул убада Ибрайымга анын Мыйзамга баш ийгендиги үчүн эмес, анын Кудайдын сөзүнө болгон ишеними аркылуу акталгандыгы үчүн берилген. Эгер адамдар Кудайдын берген убадасын Мыйзам боюнча жашоо аркылуу ала турган болушса, анда ишенимдин эмне кереги бар да, убададан не пайда? Мыйзамдын айынан каардуу жаза бар, анткени эгер мыйзам болбосо, анда кылмыш деген да түшүнүк болмок эмес. Ошондуктан Кудайдын убадасы ишенимге негизделет. Демек, ал Кудайдын бекер белеги катары Ибрайымдын бардык урпактарына — Мыйзамды тутуп жашагандарга гана эмес, Ибрайым сыяктуу Кудайга ишенип жашагандарга да берилген. Анткени “мен сени көп улуттардын түп атасы кылам” деп Ыйык Жазмаларда айтылгандай Ибрайым баарыбыздын атабыз. Ошондуктан Ибрайым ишенимин арткан, өлүктөрдү кайра тирилткен, жоктон бар кылган Кудайдын көз карашы боюнча алсак, анда убада жакшы. Ибрайым үмүт кылууга эч кандай негиз жок кезде да Кудайга бел байлап, ошого ишенгендиктен “көптөгөн улуттардын атасы” болуп калды. Ыйык Жазмаларда жазылгандай анын урпактары “асмандагы жылдыздардай” көбөйдү. Жашы жүзгө таяп, бели бекчейип, көзү чекчейип, өлүктөн айырмасы жок болуп калган денесин ойлоп, ишенимин азайтпады; согончогу канабаган кемпири Сарраны карап, ишениминен тайбады. Кудайга болгон ишеними түгөнбөдү. Кудайдын берген убадасынан күмөн санабады. Ишениминен кубат алып, Кудайга шүкүрчүлүк айтканын токтотподу. Кудай өз сөзүнө бек турарына толук ишенди. Ушул себептүү “Ибрайым Кудайга ишенди, ошондуктан Кудай аны адилеттүү деп эсептеди” деп жазылган. “Кудай аны адилеттүү деп эсептеди” деген сөз ага гана эмес, биздин Теңирибиз Исаны өлүктөрдөн тирилткен Кудайга ишенүү аркылуу адилеттүү деп эсептелинген бизге карата да айтылган. Анткени биздин күнөөлөрүбүз үчүн Иса өлүп, бизди Кудай алдында актоо үчүн ал кайра тирилген.

Рим 5

Кудай алдында ак болуу

(5:1-11) Ишеним аркылуу Кудай алдында акталган соң, Теңири Машаяк Иса аркылуу аны менен ынтымагыбыз да бар. Теңири Иса бизге Кудайдын ырайым эшигин ачып берди. Биз ошол эшиктен кирип, Кудайдын ырайымынын алдында жашап жатабыз. Андыктан Кудайдын улуулугунан бөлүшөбүз деген үмүт менен мактаналы. Ошону менен катар эле кыйынчылыктарыбыз менен да мактаналы. Анткени кыйынчылыктан чыдамкайлык, чыдамкайлыктан тажырыйба82 , тажырыйбадан үмүт жараларын биз билебиз. Бул үмүт бизди сызга отургузбайт, анткени белек катары берген Ыйык Руху аркылуу Кудай биздин жүрөгүбүзгө өз сүйүүсүн куюп койгон. Себеби биз алсыз кезибизде, Кудай белгилеген убакта, Машаяк биздей күнөөкөрлөр үчүн өлгөн. Жакшы адам үчүн өз жанын кыюуга барган адамды элестетүү чынында кыйын; адил, адамгерчиликтүү инсан үчүн жанын кыйган адам чыкса чыгаттыр. А бирок, карабайсыңарбы, Машаяк биз күнөөкөр кезибизде, биз үчүн өлдү. Кудай бизди канчалык катуу сүйөөрүн ушундайча көрсөттү. Ошол Машаяктын каны аркылуу биз Кудай алдында акталдык. Демек, Машаяк бизди Кудайдын каарынан да сактап калаары канчалык айкын. Биз Кудайга душман элек, бирок ал Машаяктын өлүмү аркылуу өзү менен достоштурду. Биз азыр Кудайдын досубуз, демек, Машаяктын тирүүлүгү аркылуу Кудайдын каарынан куткарылаарыбыз канчалык айкын. Бул гана эмес, Кудайдын Теңири Иса Машаяк аркылуу кылган ишинен улам кубанычыбызды койнубузга батыра албай жүрөбүз, анткени ал бизди Машаяк аркылуу өзүнө дос кылып алды.

Адам ата жана Иса Машаяк

(5:12-21) Күнөө бул дүйнөгө бир адам аркылуу кирген. Анын күнөөсү ажалды ээрчите келген. Жыйынтыгында ажал бүткүл адамзатка тарап кетти, анткени адамдардын баары күнөө кетирген. Мыйзам бериле элегинде эле бул дүйнөдө өлүм өкүм сүрүп турган, бирок Мыйзам жок жерде күнөөлөр үчүн жаза да жок эмеспи. Ошентсе да Адам атанын заманынан тартып, Муса пайгамбардын заманына чейин адамзаттын үстүнөн өлүм бийлигин жүргүзүп турган. Кудайдын буйругун бузган Адам атаныкындай күнөө кетирбегендер да анын бийлигинин астында жашашкан. Адам ата келе турган Машаяктын образы болгон. Бирок Кудайдын белеги менен Адам атанын күнөөсү бирдей эмес. Бир адамдын күнөөсүнүн айынан көптөгөн адамдардын өлгөнү чындык. Ал эми Кудайдын ырайымы болсо андан да улуураак, демек, ал бир адам — Иса Машаяктын ырайымы аркылуу көптөгөн адамдарга канчалык зор белек берет. Ошондуктан Кудайдын белеги менен бир адамдын күнөөсүнүн айырмасы бар. Бир адамдын күнөөсү үчүн Теңир “айыптуусуң!” деген өкүм чыгарды да, адамзаттын ушунчалык көп күнөөлөрү үчүн “акталдың” деген белегин тартуу кылды. Бир адамдын күнөөсүнөн улам ошол адамдын айынан өлүмдүн өкүм сүрө баштаганы чындык; бирок бир адам — Иса Машаяктын кылган ишинин жыйынтыгы андан канча эсе зор! Кудайдын чексиз ырайымына ээ болуп, бекер белеги аркылуу акталгандар Машаяк аркылуу өмүрдө салтанат курушат. Демек, бүткүл адамзат бир күнөөдөн айыпка жыгылса, анда алар бир адилеттүү иштен акталып, чыныгы өмүрлүү да боло алышат. Ошондой эле адамдардын баары бир кишинин баш ийбестигинен улам күнөөкөр болушса, анда алар бир адамдын баш ийүүчүлүгүнөн Кудай алдында актала алышат. Мыйзам кийинчерээк, кылмыштар көбөйүп кеткенде чыккан. Ал эми күнөө көбөйгөндө, Кудайдын ырайымы андан бетер көбөйө баштаган. Демек, өлүмдүн жардамы менен күнөө башкарып турган сыңары, адилеттиктин жардамы менен Кудайдын ырайымы башкарып турат. Кудайдын ырайымы бизди Теңири Иса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө жетелейт.

Рим 6

Күнөө үчүн өлүп, Машаяк үчүн тирүү болуу

(6:1-14) Демек, анда эмне деп айтышыбыз керек? Кудайдын ырайымы көбөйөт экен деп күнөөдө жашашыбыз керекпи? Албетте жок! Биз күнөө үчүн өлгөнбүз, анан кантип кайрадан анда жашай алмак элек! Анткени силер жакшы билесиңер: биз Машаяк Иса менен бир болуу үчүн сууга чөмүлдүрүлгөнүбүздө анын өлүмү менен да бир болуу үчүн чөмүлгөнбүз. Ошондуктан сууга чөмүлүп жатып, Иса менен кошо көмүлгөнбүз да анын өлүмүнө ортоктош болгонбуз, демек, Кудай Атабыздын зор кудурети менен Машаяк өлүмдөн кайра тирилгендей биз да жаңы өмүргө өтүп, анда жашай алабыз. Анткени эгер биз Машаяк менен анын өлүмү аркылуу бириккен болсок, анда кайра тирилүүсү аркылуу да биригишибиз керек. Күнөөкөр тибиятыбыздын күчү жоюлсун үчүн биздин эски табиятыбыз Машаяк менен бирге анын айкаш жыгачына керилип, өлтүрүлгөн. Ошондуктан биз мындан ары күнөөгө кул болбошубуз керек. Анткени адам өлгөндө, ал күнөөнүн күчүнөн боштондукка чыгат. Демек, биз Машаяк менен бирге өлгөн соң, аны менен бирге өмүр сүрөөрүбүзгө да ишенебиз. Себеби биз билебиз: Машаяк өлүмдөн кайра тирилтилген жана эми эч качан кайра өлбөйт, өлүм эми эч качан ага бийлигин жүргүзө албайт. Көрдүңөрбү, анын бир кездеги өлүмү күнөө үчүн болгон, ал эми азыр өмүр сүрүп жатканы болсо Кудай үчүн. Силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүкпүз, ал эми Кудай үчүн биздин Теңирибиз Машаяк Иса менен бирге тирүүбүз деп эсептегиле. Күнөөлүү табиятыңарга моюн сунуп калбашыңар үчүн күнөө эч качан силердин пенделик каалоолоруңардын үстүнөн бийлик жүргүзбөсүн! Алты саныңардын эч бирин арамдыктын куралы болгон күнөөгө бербегиле, тескерисинче өлүктөрдөн тирилгендер катары өзүңөрдү Кудайга арнагыла. Дене мүчөлөрүңөрдү адилеттиктин куралы катары колдонсун үчүн ошого бергиле. Күнөө мындан ары силердин өкүмдарыңар болбошу керек. Анткени силер Мыйзамдын эмес, Ырайымдын алдында жашап жатасыңар.

Адилеттиктин кулдары

(6:15-23) Жогоруда айтылгандан кандай жыйынтыкка келебиз? Мыйзам алдында эмес, ырайым алдында деп эле күнөө кыла берелиби? Жок! Өзүңөрдү кимге кул сыяктуу моюн сундурсаңар, ошонун кулу экениңерди билбейсиңерби? Ошонун сыңарындай силер же өлүмгө алып баруучу күнөөгө кулсуңар, же адилеттике алып баруучу Кудайга баш ийүүчүлүктүн кулусуңар. Кудайга шүгүр, анткени силер бир кезде күнөөнүн кулу болуп келсеңер да, азыр чын жүрөктөн өзүңөр кабыл алган таалимдердеги чындыктарга баш ийдиңер! Күнөөдөн бошотулуп, адилеттикке кул болдуңар. (Силердин табигый алсыздыгыңардан улам мен карапайым сөздөрдү колдонуп айтып жатам.) Бир кезде дене мүчөлөрүңөрдү арамдык менен адепсиздик кылуу үчүн мыйзамсыз иштерге кандай берген болсоңор, азыр да адилеттик кылуу үчүн ыйык иштерге ошондой бергиле. Күнөөгө кул болуп жүргөнүңөрдө адилеттиктен бош элеңер. Азыр эстегенде уялып жаткан ошол уяттуу кылыктардан эмне пайда таптыңар? Ал кылыктардын жыйынтыгы өлүм! Силер күнөөдөн бошотулуп, Кудайга кул болдуңар! Демек толугу менен Кудайга арналган өмүрдү утуп алдыңар, ал эми мунун жыйынтыгы түбөлүк өмүр болот. Анткени күнөөнүн жазасы — өлүм, ал эми Кудайдын сунуш кылган белеги — Теңири Машаяк Иса менен бирге түбөлүк өмүр сүрүү.

Рим 7

Никеден алынган мисал

(7:1-6) Боордоштор, силер мыйзам адамдын көзү тирүү кезинде күчүндө болорун жакшы билесиңер. (Мен Мыйзам колунда барларга айтып жатам.) Мыйзам адамдар тирүү кезинде гана башкарып турат. Мисалы, турмуштагы аял күйөөсүнө күйөөсү өлөөр өлгөнчө Мыйзам боюнча байланган. Күйөөсү өлүп калса гана аны күйөөсүнө байлаган Мыйзамдан бошонот. Ошондуктан эгер ал күйөөсү тирүү кезинде башка эркек менен жашап алса, ал сойку эсептелет. Эгер күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, анда ал Мыйзам боюнча башы бош эсептелет да башка кишиге турмушка чыкса бузукулук кылбайт. Боордошторум, силер да жогоруда айтылгандай Машаяктын денесинин мүчөлөрү болгондугуңардан Мыйзам үчүн өлдүңөр. Азыр силер Кудайдын кызматына пайдалуу боло алышыңар үчүн кайра тирилтилген Машаякка таандыксыңар. Анткени биз адамдык табияттын каалоолорунун жетегинде жашап жүргөн кезибизде, Мыйзам айгинелеп турган жана аягы өлүмгө алып барып тыккан күнөөлүү кумарлар денебизде бийлик жүргүзчү. Азыр болсо бизди байлап турган Мыйзам үчүн өлүп, андан бошонуп чыктык. Ошондуктан эски адатыбыз боюнча китепке жазылган Мыйзамга эмес, дилибиздеги Ыйык Рухка кызмат кылалы.

Мыйзам жана күнөө

(7:7-13) Анда эмне, “Мыйзам — бул күнөө” дейлиби? Албетте, андай эмес! Анткени күнөөнүн эмне экенин мага Мыйзам ачып берди. Эгерде Мыйзамда “көз артпа!” деген осуят жок болсо, анда мен көз артуу дегендин маанисин түшүнмөк да эмесмин; бирок күнөө ошол осуяттан шылтоо таап, жандүйнөмө ар кандай күнөөлүү каалоолорду туудурду, анткени Мыйзам жок жерде күнөө да өлүк. Мен өзүм да бир кезде Мыйзамдан сырткары жашагам, бирок осуят келгенде, күнөө ордунан секирип тура калды да, мени өлтүрдү. Ошентип, өмүр берүү үчүн айтылган осуят менин өлүшүмө кызмат кылды. Анткени күнөө осуяттан шылтоо таап, мени азгырды да осуят аркылуу мени өлтүрдү. Ошондуктан Мыйзамдын өзү ыйык, осуят да ыйык, туура жана жакшы; анда эмне, жакшы нерсе мени өлүмгө алып келди деш керекпи? Андай эмес! Мени өлүмгө алып келген өлүм болчу. Ал жакшы нерсени колдонуп туруп, мага өлүм алып келди. Ушундан улам анын чыныгы табиятынын кандай экени белгилүү болуп калды. Ошондуктан күнөө кандай коркунучтуу экени осуят аркылуу көрүндү.

Биздин ичибиздеги жаңжал

(7:14-25) Биз Мыйзамдын Кудай Рухуна суугарылганын билебиз. Рухка суугарылбаган бул менмин; менин күнөөгө кулчулукка сатылган табиятым. Эмне кыларымды билбей башым маң, анткени кылсам деп каалаганымды кылбайм да, жек көргөн нерсемди жасайм, себеби кылбайын дегенимди кылам. Ушундан улам Мыйзамдын адилет экенине макулмун. Ошондуктан ушундай ишти кылып жаткан чынында мен эмес экем, менин ичимде жашаган күнөө экен. Мен өзүмдүн ичимде, башкача айтканда менин пенделик табиятымда, жакшы нерсе жашабасын билем. Анткени жакшылык кылайын деген ниетим бар болсо да кыла албайм. Кылам деген жакшылыкты кылбастан, анын ордуна кылгым келбеген жамандыкты кылам. Демек, эгер каалабаган нерсемди жасап жатсам, анда аны мен өзүм эмес, менин ичимде жашаган күнөө жасап жатат. Ошентип, мен мындай деген бир мыйзамды байкадым: жакшылык кылгым келип турганда, дароо жамандык жолуман торой чыгат. Дилимде Кудайдын мыйзамдарынан рахат алам, бирок денемде менин акылымдын мыйзамына каршы чыккан жана боюмдагы күнөөлүү мыйзамга мени туткун кылып турган башка мыйзамды көрүп турам. Мен бир байкуш адаммын! Ким мени ушул ажалга башы байланган денеден куткарып алат? Теңири Иса Машаяк аркылуу бизди куткарып ала турган Кудайга рахмат. Көрсө менин ахвалым ушундай экен: мен өзүм Кудайдын Мыйзамына акыл-эсим менен гана кызмат кыла алат экем да, пенделик табиятым менен күнөөнүн мыйзамына кызмат кылат экем.

Рим 8

Кудайдын Рухунун жетегиндеги жашоо

(8:1-17) Машаяк менен ынтымакта жашап жаткандарга азыр эч кандай өкүм жок. Анткени Машаяк менен бирге жашоону алып келүүчү Рухтун мыйзамы күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан менин башымды бошотту. Адам табиятынын алсыздыгына байланыштуу Мыйзам кыла албаганды Кудай өзү ишке ашырды. Ал өз Уулун жиберип, күнөөнүн үстүнөн сот жүргүзүп, ага өкүм чыгарды. Уулу күнөөнү алып таштоо үчүн күнөөкөр адам кейпинде келди. Адамдык табияттын эмес, Рухтун каалосу боюнча жашап жаткан бизде Мыйзамдын адилеттүү талаптары толугу менен канагаттансын үчүн Кудай ушундай кылды. Адамдык табияттын каалоолоруна жетеленип жашагандар дененин, ал эми Рухтун жетегинде жашагандар Рухтун каалоору тууралуу ойлонушат. Дененин каалоолоруна жетеленип жашоо өлүмгө, ал эми Рухтун каалоолоруна жетеленип жашоо чыныгы өмүргө жана тынчыкка алып келет. Ошондуктан адамдар дененин каалоолоруна жетеленип жашашканда Кудайга душман болуп калышат. Анткени алар Кудайдын мыйзамына баш ийишпейт, ийе да алышпайт. Адамдык табиятка баш ийип жашагандар Кудайга жага алышпайт. Бирок силер дененин каалоолоруна жетеленип жашап жаткан жоксуңар. Силер Рухка жетеленип жашап жатасыңар. Эгер Кудайдын Руху ичиңерде бар болсо... Ал эми Машаяктын Руху жок адам ага таандык эмес; бирок эгер Машаяк ичиңерде жашап жаткан болсо, анда силердин рухуңар тирүү. Анткени денеңер күнөөнүн айынан өлө турган болсо да өзүңөр Кудай менен элдешкенсиңер. Эгер Исаны өлүмдөн кайра тирилтип алган Кудайдын Руху силердин ичиңерде жашаса, анда Машаякты өлүмдөн тирилтип алган ошол Кудай ичиңерде жашап жаткан Руху менен силердин да өлө турган денеңерди кайра тирилтип алат. Ошондуктан, боордошторум, дененин каалоолору менен жашагандай, биз ага милдеттүү эмеспиз. Анткени эгер силер адамдык табиятыңардын каалоолору боюнча жашай турган болсоңор, анда өлүмгө баратканыңар; бирок өзүңөрдөгү күнөөнүн иш-аракеттерин өлтүрсөңөр, анда өмүргө баратканыңар. Кудайдын балдары Кудайдын Рухуна жетеленишет. Анткени силер кайрадан коркуп жашоо үчүн кулчулуктун рухун эмес, уул кылып алуучу Кудайдын Рухун кабыл алдыңар. Ошол Рухтун кудурети менен биз Кудайга “Ата, Ата!” деп кайрылып жатабыз. Кудайдын балдары экенибизди жарыялоо үчүн биздин рухубузга Кудай Руху өзү кошулуп жатат. Демек, эгер биз Кудайдын балдары болсок, анда анын мурасчысы да болобуз, б.а. Машаяк менен мурасташпыз. Анткени эгер биз Машаяктын тарткан азаптарын аны менен тең бөлүшсөк, анда анын салтанаттуу улуулугун да аны менен тең бөлүшөбүз.

Келечектеги сыйлыгыбыз

(8:18-25) Азыр тартып жаткан азаптарыбыз келечекте бизге ачыла турган салтанаттуу улуулук менен салыштырганда анын ашыгына да чыкпай калат деп эсептейм. Кудай өз балдарына ачып бере турган улуу иштерди бүткүл жаратылыш да зарыга күтүп жатат. Себеби жаратылыш өзүнүн эмес, аны багындырган Кудайдын эрки менен мына бул утурумдук тагдырдын салганына баш ийди. Ошондуктан жаратылыштын өзү да чирүүнүн кулчулугунан Кудайдын балдарынын салтанаттуу улуулугуна өтөт деген үмүттө болгон. Анткени биз көрүп тургандай ушул убакка чейин бүткүл жаратылыш да толгоо тарткан аялдай онтоп, кыйналып жатат. Жаратылыш эле эмес, Рухтун тунгуч жемишин алган өзүбүз да, ичибизден сыздап, Кудай бизди балдары катары өзүнө ала турган, ошентип бүт денебизди бул утурумдук дүйнөнүн бийлигинен куткарып, алып кете турган күнүбүздү зарыга күтүүдөбүз. Куткарылган күндөн бери ушул үмүттү аркалап келүүдөбүз. Эгер биз үмүтүбүздү көзүбүз менен көрө турган болсок, анда ал үмүт болбой калбайбы. Көзүбүз көрүп турган нерседен кимибиз үмүттөнүп жүрүппүз! А эгер көрбөгөн нерседен үмүттөнсөк, анда аны чыдамкайлык менен күтөбүз.

Бизди Кудайдын Руху колдойт

(8:26-30) Ошону менен катар эле биздин алсыздыктарыбызда Рух бизге жардам берет. Биз кантип сыйынышты да жакшы билбейбиз. Ошондо Рух жардамга келип, Кудай менен биздин ортобузга түшүп, сөз менен айтып бере алгыс үшкүрүктөр менен ага жеткизет. А биздин купуя сырларыбызды билген Кудай болсо Рухтун эмне дегенин түшүнөт, анткени ал Кудай адамдарынын таламын талашып, анын эркине дал келген өтүнүчтөр менен кайрылат. Өзүнүн сүйгөн адамдары үчүн, өзүнүн максатына ылайык чакырып алгандар үчүн Кудай бардык иштерди алардын пайдасына бурат. Анткени ал алдын ала билип алган адамдарды Уулуна окшош болсун, ошентип Уулу көптөгөн боордошторунун тунгучу болсун деп, алдын ала белгилеп койгон. Кудай кимдерди мурунтан белгилеп койгон болсо, азыр аларды чакырып алды; чакырып алгандарын актап, өзүнүн улуулугу менен бөлүштү.

Кудайдын сүйүүсү

(8:31-39) Ушулардын баарынан соң эмне дей алабыз? Эгер Кудай өзү биз тарапта болсо, анда ким бизге каршы чыга алат? Уулун аябай, баарыбыз үчүн курмандыкка берген Кудай каршы болмок беле бизге? Өз Уулун берген Кудай башкасынын баарын да бекер бербейт бекен? Кудайдын тандаган адамдарына ким айып тага алат? Кудай өзү аларды айыпсыз деп жарыялап жатпайбы! Анда ким аларды айыптай алмак эле? Өлүп, андан соң кайра тирилип, биз үчүн арачы болуп, Кудайдын оң колу жагында олтурган Машаяк Исабы? Демек, ким бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ажырата алат? Кайгыбы, же кыйынчылыкпы, же куугунтукпу, же ачарчылыкпы, же жокчулукпу, же коркунучпу, же өлүмбү? Ыйык Жазмаларда айтылгандай “сен үчүн биз ар убак өлүм алдында турабыз; бизди союлууга бараткан койдой эсептешет”. Жок, бизди эч нерсе Машаяктын сүйүүсүнөн ажырата албайт! Бизди сүйгөн ошонун күчү менен жогоруда аталган нерселердин үстүнөн толук жеңишке ээбиз. Бизди анын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албастыгына мен толук ишенемин: өлүм да, өмүр да, периштелер да, рухий күчтөр да, азыркы убакыт да, келечек да, жогору жактагы дүйнөлөр да, төмөн жактагы дүйнөлөр да — дегеле жаратылгандан эч нерсе бизди Теңирибиз Машаяк Иса менен байланыштуу болгон Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата албайт.

Рим 9

Кудай жана Кудайдын эли

(9:1-18) Мен өзүмдүн элим үчүн, боордош, кандаштарым үчүн канчалык кайгырам, жүрөгүм жараланып, тынбай сыздайт! Ооба, мен силерге чындыкты айтып жатам; мен Исага караштуумун, ошондуктан калп айтпайм. Калп айтып жатпаганымды Ыйык Рух башкарган абийирим да ырастап жатат. Алардын ордуна мен Кудайдын өкүмүн көтөрүп, Машаяктан ажырап калсамчы дейм. Алар Кудайдын эли; Кудай аларды өзүнө бала кылып, өзүнүн улуулугун аларга ачып берген. Кудай ошолор менен келишим түзүп, Ыйык Мыйзамды ошолорго берген; Алар Кудайга туура табынышат; Кудай көптөгөн нерселерди ошолорго берем деп убада кылган; Алардын ата-бабалары абдан белгилүү инсандар, ал тургай Машаяк да, адамдык жагынан алганда ошолордун улутунан. Баарынын үстүнөн бийлик кылып турган Кудайга түбөлүктөн түбөлүккө алкыш болсун! Ооба, так ошондой болсун! Мен Кудайдын убадасы күчүн жоготту деп айтып жаткан жокмун, анткени Исраил элинин баары эле Кудайдын эли эмес. Ошондой эле Ибрайымдын урпактарынын баары эле Кудайдын балдары эмес. Кудай Ибрайымга: “Мен убада кылган урпактарды Исхак аркылуу берем”, — деген. Демек, жөнөкөй жол менен төрөлгөндөр Кудайдын балдары эмес дегенди билдирет. Кудайдын убадасынын аткарылышы катары төрөлгөндөр гана чыныгы урпак болуп эсептелет. Анткени Кудай мындай деген сөздөрдү айтып убада берген: “Ушул эле убакта кайра келем, ошондо Сарра уул төрөйт”. Ушуну менен бүтүп калбайт. Анткени Рабиганын да эки баласы бир атадан — биздин атабыз Исхактан төрөлгөн. Ошентсе да бир баласынын тандалганы толугу менен Кудай өзүнүн максатынын жыйынтыгы катарында болсун деп, Рабигага: “Улуусу кичүүсүнө кызмат кыла турган болот”, — деген. Кудай муну алар төрөлө электе, жакшы да, жаман да эч нерсе кыла электе айткан. Ошентип, Кудайдын тандаганы алардын кылган эч бир ишине жараша эмес, өзүнүн эркине жараша болгон. Ыйык Жазмаларда айтылгандай, Кудай: “Мен Жакыпка мээрим төгүп, Исавды болсо жек көрдүм”, — дейт. Анда биз Кудайды адилетсиз дей алабызбы? Эч качан андай дей албай-быз! Анткени ал бир кезде Мусага: “Мен кимге кааласам, ошого ырайым кылам, кимге кааласам, ошого боор тартам”, — деген. Ошондуктан бардык нерсе адамдын каалаганынан, же кылган ишинен, Кудайдын ырайымынан көз каранды. Анткени Ыйык Жазмаларда Египет падышасына карата мындай деп айтылган: “Өзүмдүн кудуретимди көрсөтүү үчүн жана бүт дүйнө жүзүнө даңкымы чыгарууга колдонуу үчүн мен сени падыша кылып шайладым”. Демек, Кудай кимге кааласа, ошого мээрин төгөт да, кимди кааласа, ошону тоңмоюн кылат.

Кудайдын каары жана ырайымы

(9:19-29) Балким араңардан мага: “Эгер Кудай ушундай кылса, анда ал дагы эмне үчүн айыптайт, анткени ким анын эркине каршы чыга алмак эле?” дегендер чыгаттыр. Эй, пенде, Кудай менен талашкыдай сен кимсиң! Кумара өзүн жасаган устага: “эмне үчүн мени ушундай жасап койдуң!” дей алабы? Уста ылайдан эмне жасайм десе өзү билет. Бир эле ылайдан эки кумара жасап, бирөөн сый үчүн, экинчисин күндөлүк жумуш үчүн урунса да өз эрки. Ошонун сыңарындай Кудайдын кылгандары да туура. Ал өзүнүн каарын көрсөтүп, кудуретин маалым кылгысы келсе да, анын кыжырына тийип, кыйроого башы байлангандардын бейбаштыктарын чыдап, көтөрүп келген. Ошондой эле ал биздин арабыздан өзүнүн улуулугун кабыл алууга даярдалгандардын үстүнө чексиз мээримин төгүп, ошол мээриминин ачыкка чыгышын да каалаган. Себеби биз анын тандаган элибиз; жеке эле еврейлерден эмес, башка улуттардан да чыккандарбыз. Кудай Осия пайгамбардын китебинде мындай деген: “Менин элим болбогон элди “булар менин элим” деп атайм. Мен сүйбөгөн элди “булар менин сүйүктүүлөрүм” дейм. Аларга: “Силер менин элим эмессиңер” дегенжерде аларды: “Силер тирүү Кудайдын балдарысыңар” деп айта турган болушат. Ошондой эле Исаия да Исраил тууралуу: “Исраил эли деңиз жээгиндеги кумдай көп болсо да алардын аз гана калдыгы куткарылат, анткени Кудай бул дүйнө менен тез арада эсептешип, чечкиндүү түрдө ишин бүтүрөт”, — дейт. Ошондуктан бир кезде Исаия пайгамбар алдын ала айткандай: “Эгерде кудуреттүү Кудай таала бизге ошол тукумду калтырбаганда, биз Содом сыяктуу тыптыйпыл болмокпуз, Гоморра сыяктуу куурамакпыз.”

Паулостун Исраил эли үчүн сыйынуусу

(9:30-10:4) Ошентип, Кудай алдында акталууну издебеген бөтөн улуттар, ишеним аркылуу акталып кетишти, ал эми Кудайдын тандаган эли болсо, Мыйзам аркылуу акталууну издеп жүрүп, аны таппады. Эмне үчүн? Анткени алар акталууну ишенимден эмес, кылган иштеринен издешти. Ошондуктан алар “мүдүрүлтчү ташка” мүдүрүлүштү. Бул тууралуу мындай деп жазылган: “Мен Теңир Тоого адамдарды мүдүрүлтүп жыга турган аска ташты коем; бирок ким ага ишенсе өкүнбөйт”. Боордошторум, менин өз улутумдагылардын куткарылып калышын канчалык кааларымды билесиңерби? Алар үчүн Кудайга канчалык көп сыйынарымды билесиңерби? Алар Кудайга абдан катуу берилишет деп мен силердин алдыңарда ырастай алам, бирок алардын берилгендиги чыныгы билимге негизделген эмес. Алар Кудайдын адамдарды өзү менен элдештире турган жолун таанып билишпеди, анын ордуна өздөрү ойлогондой жолду коюуга аракеттенип жатышат; ушунусу менен алар адамдарды актай турган Кудайдын жолуна баш ийбей коюшту. Анткени ар бир ишенген адам Кудай алдында акталсын үчүн Машаяк Мыйзамдын аягына чыкты.

Рим 10

Куткарылуу бардыгына тиешелүү

(10:5-21) Адамдардын Мыйзамга баш ийүү аркылуу Кудай алдында актала тургандыгы тууралуу Муса мындай деп жазган: “Мыйзамдагы осуяттарга баш ийген адам аман калат”. Ал эми Ыйык Жазмаларда болсо, адамдардын ишеним аркылуу Кудай алдында актала ала тургандыгы тууралуу мындай деп жазылган: “Сен өзүңчө: “Ким асманга чыгып барат?” (Машаякты төмөн алып түшүү үчүн) дебегин! “Ким туңгуюкка түшүп барат?” (Машаякты өлгөндөрдөн алып чыгуу үчүн) да дебе! Ыйык Жазмалар мындай дейт: “Кудайдын сөзү сага жакын: ал сенин тилиңдин учунда жана жүрөгүңдө”, б.а. ал биз жарыялап жүргөн ишеним кабарынын өзү. Эгерде сен Исаны Теңириң катары таанып, ачык айтсаң жана Кудайдын аны өлүмдөн тирилткенине ишенсең, анда куткарыласың. Анткени биз Кудай алдында ишенимибиз аркылуу гана күнөөлөрүбүздөн актала алабыз; ачык таануубуз аркылуу гана куткарыла алабыз. Ыйык Жазмаларда: “Кудайдан жардам сурап кайрылган адам уятка калбайт!” — деп айтылган. Бул бардык адамдарга тиешелүү, анткени еврейлер менен башка улуттагылардын бул жерде эч кандай айырмасы жок. Бардыгынын Кудай Эгеси бир. Ал өзүнүн ысмын чакыргандардын баарына бирдей бай баталарын берет. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Теңирден жардам сурап кайрылган ар ким куткарылат”. Ал эми өздөрү ишенишпегенге кантип жардам сурап кайрылышмак эле? Али уга элек бирөөгө кантип ишенишмек эле? Кабар тараткан бирөө болбосо кайдан ал тууралуу угушмак эле? Эгер кабарчылар жиберилбесе, анда кабар кантип таратылмак эле? Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Сүйүнчү жарыялаган чабармандардын таскагы кандай жакшы!” Бирок баары эле жакшы Кабарды кабыл алышпады. Исаия пайгамбардын өзү мындай деп айткан жери бар: “Теңирим, биздин кабарыбызга ким ишенди?” Ошондуктан ишҮеним уккан кабардан келет, ал эми кабар болсо Машаякты жарыялаганда таралат. Мен мындай суроо берейин: алар чындап эле Кабарды угушкан жокпу? Албетте алар угушкан, анткени Ыйык Жазмаларда жазылып турат: “Алардын үнү бүткүл дүйнөнү аралап өттү. Алардын сөздөрдү жердин уч-кыйырына чейин жетти”. Дагы бир суроо берип көрөйүн: Жакыптын эли түшүнбөй калыштыбы? Буга Мусанын өзү биринчи болуп жооп берет: “Эл аты болгону менен, эл сыягы жок башка улутту колдонуп, менин элимдин ичин күйдүрөм. Аң-сезими төмөн элди колдонуп, менин элимдин кыжырын келтирем”. Исаия болсо Мусадан да катуу кетет: “Мен өзүмдү мени издебегендерге таптырдым, менин атымды чакырбагандарга ачылдым”. Бирок Жакыптын элине карата ал мындай дейт: “Тоңмоюн, көк бет элди чакырып, күнү бою колумду созуп турдум”.

Рим 11

Кудайдын Исраилге карата болгон ырайымдуулугу

(11:1-12) Анда менде суроо бар: “Кудай өз элин четке кактыбы? Жок! Мен өзүм исраилдикмин, Ибрайымдын тукумунанмын, Бенжамин уруусунан чыккам. Кудай тээ башында тандап алган өз элин четке каккан жок. Ыйык жазмалардагы Илиястын Исраилге каршы даттанган жерин силер билесиңер: “Теңирим, алар сенин пайгамбарларыңды өлтүрүштү, сага курмандык чалчу жайларды оодарып ташташты. Жалгыз мен гана калдым, бирок мени да өлтүрүүнүн амалын издеп жүрүшөт”. Кудай ага эмне деп жооп берди эле? Ал: “Мен өзүмө Баалга табынбаган жети миң кишини сактап койгом!” — деп жооп берген. Азыр да ошондой: Кудай ырайымдуу болгондуктан анын тандап алгандарынан бир азы ушул күнгө жетти. Кудай адамдарды алардын кылган иштеринин негизинде эмес, ырайымдуулугунун негизинде тандайт. Анткени, эгерде ал адамдардын кылган иштерине жараша тандай турган болсо, анда анын ырайымдуулугу чыныгы ырайымдуулук болбой калмак. Анда кандай болуп калат? Исраилдиктер издеп келишкен нерсесин табышкан жок! Кудай тандаган аз гана топ таба алышты. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: "Кудай алардын ниеттери менен жүрөктөрүн мокотуп салды; ушул күнгө чейин алар уга да, көрө да алышпайт". Дөөт болсо мындай дейт: "Алар майрамдары менен мамыраң калышсын! Майрамдары өздөрү түшө турган тузак, капкан, тор болсун! Алар оңкосунан сайылып, жазасын алышсын! Бели бекчейип, көзү чекчейип, кашайып калышсын!" Анда менде суроо бар: яхудейлер мүдүрүлүшкөн боюнча таптакыр турбай, кыйрап калышабы? Жок! Яхудейлердин мүдүрүлүп кеткенинен улам, алардын ичин күйдүрүү үчүн башка элдерге куткарылуу жолу ачылып олтурат. Яхудейлердин мүдүрүлгөнү бул дүйнөнү батага маарытып, алардын рухий жактан жакырданышы башка элдерди батага байытса, анда, демек, алардын толук куткарылышы, бул дүйнөгө канчалык мол баталарды алып келет!

Башка улуттагы элдердин куткарылуусу

(11:13-24) Башка улуттагылар, азыр мен силерге кайрылып жатам: башка улуттагылардын элчиси катары мен өзүмдүн кызматым үчүн сыймыктанам. Балким мунум аркылуу өз улутумдагылардын ичин күйдүрүп, алардын кээ бирин куткарууга кудуретим жетээр. Анткени алардын четке кагылышы адамзаттын Кудай менен элдешүүсүнө себеп болсо, анда алардын кабыл алышы эмне болот? Өлүктөр үчүн өмүр болбойбу! Алгачкы үзүмү Кудайга багышталып жуурулган камыр бүт бойдон ыйык! Тамыры Кудайга багышталган дарактын бутактары да ыйык! Эгерде май дарактын кээ бир бутактары сынып калса, жапайы май дарактын бутактарын улап коюшат. Силер, башка улуттуктар, ошол жапайы май дарагы сыяктуу яхудейлердин күчтүү рухий жашоосунан тамактанып жатасыңар. Ошондуктан бой көтөрүп, сынып калган бутактай болгондорду жек көрбөгүлө. Анткени силердин бой көтөрө тургандай эч кандай себебиңер жок! Силер болгону бутактарсыңар; силер тамырды эмес, тамыр силерди кармап турат. А балким: “Мен уланышым үчүн жанагы бутактар сындырылган болчу!” — дээрсиңер. Ооба, бул ырас. Алар ишенбегендиктеринен сындырылышты, а сен болсо, ишенгендигиңден кармалып турасың, бирок менменсип кетпестен, абайла. Кудай табигый бутактарды аябаган соң, силерди аяп коёт дейсиңби? Кудайдын канчалык боорукер да, так, катаал да экенин ушундан билсек болот. Ал жыгылгандарга карата так, катаал, бирок силерге карата боорукер, кайрымдуу. (Албетте эгер анын боорукердиги менен кайрымдуулугун баалай билсеңер. А эгер баалабасаңар силер да кесилип ташталасыңар.) Эгер яхудейлер ишенбестигин ташташса, анда кайра ордуна келтирилет. Бул да Кудайдын колунан келет. Эгерде жапайы май дарагынан кыйыштырылган силер, башка улуттагылар, табигый, жакшы май даракка улантылган болсоңор, анда табигый бутактар болгон яхудейлердин өздөрүнүн тамырына кайра улантылышы андан бетер мүмкүн.

Кудай бардык адамдарга кайрымдуу

(11:25-36) Боордошторум, өзүңөрдү өтө эле өйдө ойлоп кетпешиңер үчүн мен силерден бир сырды жашырбай айтып койгум келип турат: исраилдиктердин тоңмоюндугу түбөлүк эмес, чыныгы Кудайга келе турган башка улуттагылардын саны толгуча гана созулат. Бүткүл Исраил ушундайча куткарылат. Ыйык Жазмаларда Кудай мындай дейт: “Куткаруучу Теңир Тоодон келет да Жакыптын урпактарынан бардык адепсиздиктерди алып таштайт. Алардын күнөөлөрүн алып таштаганымдан кийин мен алар менен ушул келишимди түзөм”. Еврейлер Жакшы Кабарды четке кагышкандыктан Кудайга кас болуп, бирок натыйжада силер, башка улуттуктар, пайда көрүп жатасыңар. Анткен менен Кудай алардын ата-бабаларын тандап алган, ошондуктан аларга дос. Себеби Кудай убадасынан жана тандап алгандарынан эч качан баш тартпайт. Силер, башка улуттагылар, мурда Кудайга баш ийген эмес болчусуңар, бирок азыр яхудейлердин баш ийбестигинен улам Кудайдын ырайымына ээ болуп жатасыңар. Ошонун сыңарындай Кудайдын кайрымы силерге тийсин үчүн яхудейлер ага моюн сунбай жүрүшөт. Андыктан яхудейлер өздөрү да Кудайдын кайрымына муктаж.

Кудайга даңк!

(11:33-36) Оо, Кудай, сенин байлыктарыңдын сырлары кандай терең! Ооба, Теңирибиздин акылмандыгы менен билими кол жеткис! Анын чечимдерин ким айтып бере алат? Анын жолдорун ким түшүндүрө алат? Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Теңирибиздин ой-ниеттерин ким биле алат? Ким ага кеңеш бере алат? Ким Кудайды карыз кылып, алдын ала бир нерсесин берди эле? Эч ким! Анткени баардыгын Кудай жараткан, баары ал аркылуу жана ал үчүн бар болуп турат. Ага түбөлүк даңк! Оомийин!

Рим 12

Кудайга арналган өмүр

(12:1-21) Ошондуктан, боордошторум, Кудайдын бизге төккөн чексиз мээрими үчүн өзүңөрдү анын кызматына багышталган, көңүлүнө жаккан тирүү курмандык катары арнагыла деп суранам. Кудайга арнай турган чыныгы курмандыгыңар ушул болот. Бул дүйнөнүн көз карашы боюнча жашабагыла, анын ордуна Кудай ой-ниеттериңерди толугу менен өзгөртүшүнө жол бергиле. Ошондо силер анын эркин ажырата таанып, эмненин жакшы, Кудайга жагымдуу жана жеткилең экенин биле аласыңар.

Ишенүүчүлөр жамаатына Кудайдан бериле турган шыктар

(12:3-8) Кудайдын мага берген чоң белегине таянып, мен силердин ар бириңерге мындай демекчимин: өзүңөр тууралуу ашыкча пикирде болбостон, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимге жараша ойлогула! Бир дененин көптөгөн мүчөлөрү бар жана ошол мүчөлөрдүн ар бири өзүнчө бир милдетти аткарып турат. Ошонун сыңарындай биз көп болсок да, Машаякта бир Денени түзүп турабыз жана бир денедеги ар кандай мүчөлөр сыяктуу эле, биз да бири-бирибиз менен байланыштабыз. Ошондуктан биз өзүбүздүн ар түрдүү жөндөмдөрүбүздү Кудайдын бизге берген ак тилегине жараша колдонушубуз керек. Эгерде Кудай бизге пайгамбарчылык кылуу жөндөмүн белек этсе, анда бизге берилген ишенимге жараша аны колдонушубуз керек; кызмат кылуу жөндөмүн берсе, кызмат кылышыбыз керек; окутуу жөндөмүн берсе, окутушубуз керек; бирөөлөрдү колдоо жөндөмүн берсе, аны да колдонушубуз керек. Муктаж болгондорго жардам тараткыч болсоң, ак пейил менен милдетиңди аткар; жетекчи болсоң, бүт күчүңдү үрөп, жакшы иште. Кайрымдуулук кылуучулардан болсоңор, кубаныч менен кылгыла.

Ыйык Рухтун колдоосундагы өмүр

(12:9-21) Сүйүү аруу болсун. Жамандыкты жек көрүп, жакшылыкка жанашкыла. Бири-бириңер менен ысык сүйүүдө болгула жана бири-бириңерди озунуп урматтагыла. Катуу иштегиле, эринчээк болбогула. Кудайга жүрөгүңөрдү толугу менен арнап, ал үчүн дайыма жалындап, кызматын кылгыла. Келечегиңерди ойлоп, үмүтүңөрдү үзбөй, көңүлүңөрдү жубаткыла. Кыйынчылыктарга дуушар болуп турганыңарда, чыдагыла. Сыйынгандан талбагыла. Колуңарда барды башка муктаж болгон боордошторуңар менен бөлүшүп, сапардагыларга эшигиңер ачык болсун. Силерди куугунтуктагандарга батаңарды бергиле; ооба, каргабагыла, тескерисинче батаңарды бергиле! Кубангандар менен кошо кубангыла да, ыйлагандар менен кошо ыйлагыла. Өз ара ынтымактуу болгула. Өзүңөрдү көтөрбөстөн, кичи пейил болуп, момундардан үлгү алгыла. Өзүңөрдү өтө эле өйдө ойлоп, акылдуусунбагыла. Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле. Жакшы деп эсептелген нерсени кылганга тырышкыла. Кекчил болбогула, сүйүктүүлөрүм, муну Кудайга тапшырып, ошонун каарына калтыргыла. Анткени Ыйык Жазмаларда: “Мен өч алам, сазайын мен берем!” деген Теңирибиздин сөзү бар. Кекчил болгондун ордуна Ыйык Жазмаларда жазылгандай: “Душманыңар ачка болсо, тойгузгула; суусаса, суусунун кандыргыла; анткени ушундай кылганыңар менен алардын абийирине тийип, уятын ойготосуңар”. Жамандыкка жеңдирбей, жамандыкты жакшылык менен жеңгиле.

Рим 13

Өкмөт алдындагы милдеттер

(13:1-7) Өкмөт башчыларына баары баш ийиши керек, анткени Кудайдан болбогон бийлик жок. Азыркы бийликтердин баарын Кудай орноткон. Ошондуктан бийликке каршы чыккандар Кудайдын орноткон тартибине каршы чыгышат. Андайлар өздөрүнүн башына өздөрү жазаны келтиришет. Анткени башчылар жакшы иштерди жасагандар үчүн эмес, жамандык жасагандар үчүн коркунучтуу. Башчылардан коркпой жашагың келеби? Анда жакшы иштерди кыл, ошондо алардын мактоосунда болосуң, анткени алар сага жакшы болсун үчүн коюлган Кудайдын кызматчылары. Ал эми жамандык кылсаң, анда алардан корко бер, анткени алар бекеринен курал көтөрүп жүрүшпөйт. Алар Кудайдын кызматчылары, ошондуктан жамандык кылгандардын сазайын колуна беришет. Ушул себептен, силер башчыларга баш ийишиңер керек — жазаланып калбайын деп эле эмес, абийириңердин таза, жүзүңөрдүн жарык болушу үчүн да. Ошондуктан силер салык төлөйсүңөр, анткени башчылар ар дайым өздөрүнүн милдеттерин кылуу менен алектенишип, Кудайдын кызматын аткаргандар. Андыктан аларга бере турган үлүшүңөрдү төлөгүлө; өзүңөрдүн жекече салыгыңарды, мал-мүлкүңөр үчүн төгө турган салыктарды бергиле; аларга тиешелүү урмат-сый көрсөткүлө.

Бири-бириңердин алдыңардагы милдеттериңер

(13:8-14) Өз ара сүйүүдөн башка эч кимге эч нерсе карыз болбогула. Ким ушундай кылса, анда ал Мыйзамды аткарганы. Анткени “Бузуктук кылба, киши өлтүрбө, уурдаба, бирөөнүн бирдемесине көз артпа” деген жана башка осуяттардын баары “өзгөлөрдү өзүңдү сүйгөндөй сүй” деген бир осуятка негизделген. Эгерде силер башкаларды сүйсөңөр, анда эч качан аларга жамандык кылбайсыңар. Сүйүү — бул Мыйзамды толугу менен аткаргандыкка жатат. Силер ушундай кылышыңар керек, анткени уйкудан ойгоно турган убактыбыз келип калды. Анткени куткарыла турган күнүбүз биринчи ишене баштагандагы убактыбызга караганда азыр жакындап калды. Түн өтүп, күн чыгып келе жатат. Караңгыга караштуу иштерди кылганды токтотолу да жарыктын куралдарын алалы. Күндүзгү күндүн жарыгында жүргөндөр катары жүрүш-турушубуз үлгүлүү болсун. Чектен чыкпайлы, ичкиликке берилбейли, бузуктук менен адепсиздикти кылбайлы, урушчаак, сугалак, көрө албас, ичи тар болбойлу. Анын ордуна Теңири Иса Машаяктын куралдарын алып, күнөөкөр табиятыбыз менен анын каалагандарына көңүл бурганды токтотолу.

Рим 14

Бири-бириңерди айыптабагала

(14:1-23) Ишенимде алсызды анын жекече ой-пикири менен талашпастан кабыл алгыла. Кээ бир адамдын ишеними бардык тамактарды жегенге уруксат берет, ал эми ишеними алсыз адам жашылчадан жасалган тамактарды гана жейт. Баарын жегенге болот деп эсептеген, баарын жебегенди кемсинтпесин, ал эми баарын эле жей бергенге болбойт деп эсептеген, баарын жегенди соттобосун, анткени Кудай аны кабыл алды. Бирөөнүн кызматчысын соттогудай сен кимсиң? Ал ишенимде түз турабы, же жыгылып калдыбы, муну талдап чече турган анын өзүнүн Ээси бар. Кудай аны өйдө тургузат, анткени аны тургузганга Кудайдын кудурети жетет. Кээ бир адамдар кайсы бир күндү маанилүү деп эсептеп, башка күндөрдөн өйдө коюшат, ал эми кээ бир адамдар үчүн бардык күндөр бирдей. Ошондуктан ар бирибиздин жекече пикирибиз өзүбүздө кала берсин. Кайсы бир күндү өйдө коюп урматтагандар, Теңирдин урматына ушундай кылышат, күндөрдүн баары бирдей деп эсептегендер да Теңирдин урматына ушундай кылышат. Баарын жегендер да Теңирибиздин урматына жешет, анткени алар тамак үчүн Кудайдан бата тилешет. Ал эми баарын жегенге болбойт деп эсептегендер да Кудайдын урматына ушундай деп эсептешет, анткени алар да Кудайга шүкүрчүлүк келтиришет. Эч кимибиз өзүбүз үчүн гана жашабайбыз да, өзүбүз үчүн гана өлбөйбүз. Жашасак, Теңирибиз үчүн жашайбыз, өлсөк да Теңирибиз үчүн өлөбүз. Демек, жашасак да, өлсөк да — баары Теңирибиз үчүн. Машаяк тирүүлөрдүн да, өлүүлөрдүн да Теңири болуу үчүн өлүп, кайра тирилди. Ошондуктан силер, жашылча жемиштерди гана жегендер, эмне үчүн башка боордошторуңарды соттойсуңар? Ал эми силер, баарын жегенге болот дегендер, эмне үчүн боордошторуңарды кемсинтесиңер? Баарыбызды соттоочу Кудайдын алдына баарыбыз барабыз. Анткени Ыйык Жазмаларда: “Мен дайыма тирүү Кудаймын, баары менин алдыма келип чөгөлөшөт. Баары менин Кудай экенимди таанышат”, — деп жазылган. Демек, ар бирибиз Кудай алдында өзүбүз үчүн жооп беребиз. Ошондуктан бири-бирибизди соттогонду токтотолу, андан көрө башкалардын азгырылып жыгылышына же күнөөгө батышына себеп боло турган нерселерди кылбоону ойлойлу. Менин Теңири Иса менен болгон тыгыз байланышым эч кандай тамак өзүнөн өзү арам эмес экендигине мени терең ишендирип турат, бирок эгер бирөө кандайдыр бир тамактын түрүн арам деп эсептесе, анда ошол тамак ал үчүн арам. Эгерде боордошуңарды жеген тамагыңардан улам капа кылсаңар, анда сүйүү менен иш кылбаганыңар. Машаяк өмүрүн берип, куткарып алган адамдарды жеген тамагыңар менен жолдон азгырбагыла! Жакшы атыңарга доо кетпесин! Анткени Кудай Падышачылыгы ичкен же жеген нерселерден турбайт, ал Ыйык Рух берүүчү адилдиктен, тынчтыктан жана кубанычтан турат. Машаякка ушул жол менен кызмат кылгандар Кудайга жагышат жана башкалардын колдоосуна ээ болушат. Ошондуктан арабызга ынтымак жана бири-бирибизге күч-кубат бере турган нерселерге умтулалы. Кудайдын иштерин тамактын айынан бузбайлы. Баарын жесе болот, бирок бирөөнү күнөөгө азгыра турган тамакты жеген туура эмес. Эгерде эт жеш, шарап ичиш, же башка бир иштер боордошторубузду ишенимден тайгызса, же күнөөгө азгырса, же рухий жактан алсыратса, анда андай нерселерден алыс болгон жакшы. Бул маселеге байланыштуу ой-пикирлериңди өзүң менен Кудайдын ортосунда сакта. Туура деп эсептегенде уят-абийири айыптабагандар бактылуу. Ал эми бул адалбы, же арамбы, деп жеп жаткан тамагынан арсар болгондорду Кудай соттойт, анткени алардын кылган иштери ишенимге негизделген эмес. Ал эми ишенимге негизделбегендин баары күнөө. Мен Иса Машаяк тууралуу айткан жакшы кабарга деген ишенимиңерди бекемдөөгө Кудайдын кудурети жетет. Бул кабар мурда жашырын сыр болуп келген менен, азыр ачылып жатат. Машаякка ишенип, ага моюн сунгандар үчүн, бул кабар түбөлүк Кудайдын буйругу боюнча Пайгамбарлар жазмаларынын таратылышы аркылуу бардык элдерге жарыяланууда. Жалгыз гана Даанышман Кудайга, Иса Машаяк аркылуу түбөлүктөн түбөлүккө даңк!

Рим 15

Өзүңөргө эмес, өзгөлөргө жакканга аракет кылгыла

(15:1-6) Биз, ишенимде күчтүүлөр, ишенимде алсыздарга жардам беришибиз керек. Биз өзүбүзгө эмес, боордошторубузга жагууга аракет кылып, аларга жакшы болсун үчүн, алар ишенимде өссүн үчүн тырышышыбыз керек. Анткени Машаяк да өзүнө жагынганга тырышкан эмес. Ыйык Жазмаларда: “Сени сөккөндөрдүн тили мага да тийди”, — деп жазылгандай, Кудайды сөккөндөрдүн тили Машаякка тийген. Ыйык Китеп Кудай берүүчү чыдамкайлык, кайрат аркылуу үмүтүбүздү сактап жүрүүбүз үчүн жана анда айтылгандардын баары бизге сабак болсун үчүн жазылган. Чыдамкайлык менен кайрат берүүчү Кудай араңарда ынтымак орнотуп, Машаяк Исанын окутуусунда бир ойдо болууну тартууласын. Ошентип, баарыңар бир ооздон Теңири Иса Машаяктын Атасын даңктагандай болгула.

Башка улуттагы элдерге жакшы кабар

(15:7-13) Машаяк силерди кандай кабыл алган болсо, силер да бири-бириңерди Кудайдын урматы үчүн ошондой кабыл алгыла. Мен силерге айтып коёюн: Кудайдын ишенүмдүүлүгүн текшерүү үчүн, анын ата-бабаларыбызга берген убадаларын иш жүзүнө ашыруу үчүн жана ырайымдуу Кудайды башка улуттагылар да мактасын үчүн Машаяк өз өмүрүн яхудейлерге кызмат кылууга арнады. Ыйык Жазмалардын биринде: “Ошондуктан мен сени башка улуттагылардын арасында даңктаймын. Мен сага мактоо ырларын айтамын,” деп жазылган. Дагы бир жеринде: “Башка улуттуктар, Кудайдын эли менен бирге шаттангыла!” “Бардык башка улуттагы элдер, Жараткан Эгебизди даңктагыла! Бардык калктар, Жараткан Эгебизди мактагыла!” деп жазылган. Исаия пайгамбар болсо: “Ессейдин тукумунан бирөө чыгат. Ал башка улуттагыларга башчылык кылат. Башка улуттагы элдер ошого үмүттөрүн артышат”, — деп жазылган. Ыйык Рухтун кудурети менен ишенимиңер өсө бериши үчүн үмүттүн булагы болгон Кудай силерди ага деген ишенимиңер аркылуу кубанычка бөлөп, араңарга ынтымак берсин.

Паулостун катуу айткандыгынын себеби

(15:14-21) Боордошторум, силердин жакшылыкка бай, билимиңер жеткилең жана бири-бириңерге таалим бере ала турганыңарга мен өзүм да терең ишенем. Ошондой болсо да бул катымда бир нече маселелерди силердин эсиңерге салып жатып, бир аз катуу кетип койдум. Кудай мага башка улуттуктар үчүн Машаяк Исанын кызматчысы болуп кызмат кылуу артыкчылыгын бергендиктен ушундай кылдым. Башка улуттагылар Ыйык Рух аркылуу Кудайга багышталган жана Кудай кабыл ала турган курмандык катары болсун үчүн мен Кудайдан келген жакшы кабарды таратууда дин кызматкери сыяктуу кызмат кылып жүрөм. Ошондуктан Кудай үчүн кылып жаткан кызматым менен Иса Машаяк аркылуу сыймыктанам. Мен башка улуттагыларды Кудайга кайрылтууда мен аркылуу кылган Машаяктын иштери туурасында гана сүйлөйм жана муну сүйлөгөндөн тартынбайм. Ал муну сөз менен да, иш менен да, укмуштар жана кереметтердин кудурети менен да, Кудай Рухунун күчү менен да кылды. Ошондуктан Иерусалимден тартып, Иллирикумга чейинки жолумда мен Машаяк тууралуу толук жакшы кабарды жарыя кылып келдим. Башка бирөө койгон негиздин үстүнө курбайын деген максатта Машаяк тууралуу жакшы кабар жете элек жерлерге жарыялаганга тырыштым. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “ал тууралуу мурда кабардар болбогондор көрүшөт, укпагандар түшүнүшөт”.

Паулостун Римге барууга ниеттенгени

(15:22-33) Ошондуктан силерге барам деп көп жолу аракет кылып, бара албай калып жаттым. Бирок эми бул аймактарда жумушумдун аягына чыккандыгымдан, ошондой эле көп жылдардан бери силерди көрүүнү самап келгендигимден, силерге барсам деген тилегиме жетейин деп турам. Испанияга бараткан жолумда силерге тиймекмин. Силерди көрүп, сагынычымды жазган соң, берген жардамыңарды алып, андан ары жөнөсөм деп ойлоп жүрөм. Азыр болсо Иерусалимдеги Кудайдын адамдарына кызмат кылганы баратам. Анткени Македония менен Ахаиядагы жамааттар Иерусалимдеги Кудайдын адамдарынын арасындагы жакырларга жардам бериш керек деп чечишип, зор ынтаа менен акча чогултушту. Бул чечимге алар өздөрү келишти. Чынын айтканда иерусалимдиктерге жардам берүү алардын парызы. Анткени яхудейлер өздөрүнүн рухий жактан алган баталарын башка улуттуктар менен бөлүшүп жаткан соң, башка улуттагылар да алар менен материалдык жактан алган баталарын бөлүшүүгө тийиш. Алардын мага берген ушул тапшырмасын аткарып, ишенимдеринин жемиши — чогулткан акчаларын толугу менен жеткирип берген соң Испанияга аттанып, жол бою силерге да кайрыла кетишим керек. Силерге кайрылганымда Машаяктын жакшы кабарын таратканымдан тапкан мол баталарымды ала барарыман эч күмөн санабайм. Ал эми азыр болсо, боордошторум, Теңири Иса Машаяктын жана Рух берүүчү сүйүүнүн урматына силерден өтүнөм: мага кошулуп, мен үчүн Кудайга сыйынгыла. Яхудиядагы ишенбегендерден аман-эсен болушум үчүн жана Иерусалимдеги кызматым ал жактагы Кудайдын адамдары тарабынан кабыл алына тургандай болушу үчүн сыйынгыла. Ошентип, Кудай кааласа силерге маанайым жарык келип, көңүлүм тынчысын. Тынчтыктын булагы болгон Кудай баарыңарга жар болсун. Оомийин.

Рим 16

Жекече саламдар

(16:1-16) Мен силердин алдыңарда Кенхреядагы жамаатын кызматчысы карындашыбыз Фева тууралуу жакшы күбөлүк берип кетким келет. Аны Кудайдын адамдары катары Теңирибиздин урматына кабыл алгыла да, силерде эмнеге муктаж болсо, баарын толтуруп бергиле. Анткени ал өзү да көп кишилерге, анын ичинде мага да жардам берди. Машаяк Исанын ишиндеги кызматташтарым Прискилла менен Акылга да салам деп койгула. Алар мен үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышты. Аларга мен эле эмес, бардык башка улуттагы жамааттар да ыраазы. Ошондой эле алардын үйүндө чогулган жамаатка да салам айткыла. Менин кымбаттуу досум Эпенетуска да салам дегиле. Кичи Азияда Машаякка биринчи болуп ошол ишенген. Силер үчүн абдан катуу эмгектенген Марияга салам айткыла. Түрмөдө бирге олтурган менин улутташтарым Андроник менен Юнийге да салам жолдойм. Элчилер аларды абдан жакшы таанышат. Машаяк жолуна да алар менден мурда түшүшкөн. Менин Теңирибиздин атынан сүйгөн Ампилат досума салам айткыла. Машаяктагы кызматташыбыз Урбанга, ошондой эле менин сүйүктүү досум Стахуска да салам дегиле. Далай нерселерден өтүп, Машаякка берилгендиги сыналган Апеллеске салам айткыла. Аристобулдун үйүнө караштууларга да салам дегиле. Улутташым Иродионго, ошондой эле Наркиссанын үйүндөгү боордошторубузга салам айткыла. Теңирибиз үчүн эмгек кылып жүргөн Трифена менен Трифоско салам деп койгула. Теңирибиз үчүн абдан көп кызмат кылган сүйүктүү досум Персидага да салам айткыла. Теңирибиздин тандап алган кызматчысы Руфус менен менин өз энемдей болуп калган анын энесине да салам дегиле. Асинкритке, Флегонго, Гермеске, Патробаска, Гермаска жана да алар менен бирге турушкан башка боордошторубузга салам айткыла. Филолог менен Юлияга, Нерей менен анын карындашына, Олимпаска жана алар менен бирге турушкан Кудайдын адамдарынын баарына салам дегиле. Машаяктын сүйүүсү менен бири-бириңерди өбүшүп саламдашкыла. Машаяктын жамааттарынын баары силерге салам айтып жатышат.

Акыркы насааттар

(16:17-23) Боордошторум, араңарды бөлүп-жаруучулардан, ишенимден тайдыруучулардан жана силер кабыл алган таалимдерге каршы чыккандардан сак болушуңарды өтө суранам. Алардан оолак болгула! Анткени алар Теңири Машаякка эмес, өздөрүнүн курсагына кызмат кылышат. Тилдеринен бал тамгызып, ширин сөздөрү менен тажырыйбасыз адамдарды алдоочулар ошолор. Силердин жакшы кабарга абдан берилгендигиңер баарына маалым, ошол себептен силер үчүн мен кубанып жатам. Мен силердин жакшылыкка акылман, бирок жамандыкка карапайым болушуңарды каалайм. Тынчтыктын Кудайы жакында шайтанды бут алдыңарга жыгат. Теңири Иса Машаяк силерге жар болуп, ырайымын төксүн. Кызматташым Тимотеос да силерге салам жолдоп олтурат. Ошондой эле улутташтарым Лукий, Ясон, Сосипатер да салам айтып жатышат. (Ушул катты жазган мен — Тертий да Теңирибиздин атынан силерге салам айтам.) Мени үйүнө жашатып жаткан жана үйүн жамааттын чогулушу үчүн берген Гаюс да силерге салам айтып жатат. Шаардык казына башчы Ераст менен боордошубуз Кварт да саламдарын айтып жатышат.

Соңку сөз

(16:25-27) Мен Иса Машаяк тууралуу айткан жакшы кабарга деген ишенимиңерди бекемдөөгө Кудайдын кудурети жетет. Бул кабар мурда жашырын сыр болуп келген менен, азыр ачылып жатат. Машаякка ишенип, ага моюн сунгандар үчүн, бул кабар түбөлүк Кудайдын буйругу боюнча Пайгамбарлар жазмаларынын таратылышы аркылуу бардык элдерге жарыяланууда. Жалгыз гана Даанышман Кудайга, Иса Машаяк аркылуу түбөлүктөн түбөлүккө даңк!

1 Коринф 1

1 Коринф 2

1 Коринф 3

1 Коринф 4

1 Коринф 5

1 Коринф 6

1 Коринф 7

Мага жазган катыңардагы суроолорго жооп берейин

(7:1-7) Өзүңөр айткандай үйлөнбөй, бой жүргөн эле жакшы. Бирок бу дүйнөдө бузуктук көп, ошондуктан ар бир эркектин өз аялы, ар бир аялдын өз күйөөсү болсун. Эркек аялынын, ал эми аял болсо күйөөсүнүн алдындагы жубайлык милдетин аткарып, бири-биринин муктаждыктарын канагаттандырып туруусу парыз. Аял өз денесине өзү ээ эмес, анын денесинин ээси — күйөөсү; так ушундай эле күйөөсү да өз денесине өзү ээ эмес, анын денесинин ээси — аялы. Убактыңарды сыйынууда өткөрүү максатында алдыртан өз ара макулдашып албасаңар, эч качан бири-бириңерди чанбагыла. Эгер ушундай деп келишкен болсоңор, анда сыйынуу мөөнөтүңөр бүткөндө кайрадан бирге болгула. Ошондо өзүңөрдү кармай албастыктын айынан шайтандын азгырыгына түшпөйсүңөр. Мен муну буйрук катары эмес, уруксаат катары гана айтып жатам. Чындыгында баарыңардын мендей болушуңарды каалар элем, бирок ар кимдин Кудайдан алган жөндөм-чамасы ар башка: кээ бир адамдар бул жөндөмдү алган болсо, кээ бир адамдар тиги жөндөмдү алышкан.

Бойдокторго жана жесирлерге насаат

(7:8-9) Ал эми бойдоктор менен жесирлерге айтарым — силердин мен сыяктуу жалгыз бой бойдон калганыңар өзүңөргө жакшы болот. Бирок өзүңөрдү кармай албасаңар, анда үйлөнгүлө же турмушка чыккыла — кумарлардын кучагында куйкалангандан көрө, үйлөнүп же турмушка чыгып алганыңар жакшы.

Никедегилерге буйрук

(7:10-11) Никедегилерге болсо менде буйрук бар, муну өз оюмдан чыгарган эмесмин, Теңирибиз буйруган: аял күйөөсүн таштабасын! Эгерде таштаса болсо бой өтсүн же кайра күйөөсү менен жарашсын. Күйөөсү болсо аялы менен ажырашпасын!

Ажырашууга байланыштуу насааттар

(7:12-16) Башкаларга болсо мындай демекчимин (мен өзүм, Теңирибиз эмес): машаяк адам машаяк эмес аялга үйлөнгөн болсо жана аялы аны менен жашаганга макул болсо, анда ал аялы менен ажырашпашы керек. Ошондой эле машаяк аял да машаяк эмес күйөөсү бар болуп, күйөөсү аны менен бирге жашаганга макул болсо, күйөөсү менен ажырашпасын. Анткени ишенбеген күйөө ишенген аялы аркылуу ыйыкталат, ал эми ишенбеген аял болсо ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Мындай болбогондо балдарыңар арам болмок. Азыр болсо алар ыйык. Бирок эгер машаяк эмес бирөө жубайынан кеткиси келсе, кете берсин. Мындай учурда боордошубуз никеге байлануу эмес. Кудай бизди тынчтыкта жашоого чакырып алган… Сен, аял, күйөөңдү куткарып кала албасыңды кайдан билесиң? Же сен, күйөө, аялыңды куткарып кала албасыңды кайдан билесиң?

Кудай эркиндегидей жашагыла

(7:17-24) Бир гана нерсе: ар бириңер Кудайдын берген жөндөмүнө жараша өмүр сүрүп, силерди өзүнө чакырып алганда кандай абалда болсоңор, ошол бойдон калгыла! Мен машаяктар жамааттарынын бардыгына ушундай буйрук кылам. Ишенимге келерде сүннөттөлгөн белеңер? Анда сүннөткө олтурбагандардай болбогула! Ишенимге келерде сүннөттөлбөгөн белеңер? Анда сүннөткө олтурбагыла! Сүннөткө олтуруу да, олтурбоо да маанисиз, маанилүүсү — Кудайдын буйруктарын сактоо. Ар бир адам Кудай чакырып аларда кандай абалда болсо ошол боюнча калсын! Кудай чакырып аларда кул белең? Анда түйшүк тарта бербе. Бирок эгер эркин болууга мүмкүнчүлүгүң болсо, анда жакшысын тандап ал. Анткени Машаяк менен бир болууга чакырылган кул — бул Теңирибиз эркиндикке чыгарган кул. Ушул сыяктуу эле Теңирибиз чакырарда эркин болгон адам — эми Машаяктын кулу. Силерди Кудай чоң кун төлөп сатып алган, ошондуктан адамдардын кулу болбогула. Боордоштор, Кудай чакырып аларда кандай абалда болсоңор ошол бойдон калгыла.

Бойдоктор жана жесирлер тууралуу

(7:25-40) Эми катыңардагы бойдоктор жана жесирлер тууралуу суроолоруңарга жооп берейин: Менде бул тууралуу Теңирибизден эч кандай буйрук жок, бирок Кудайдын ырайымы менен ишенүүгө татыктуу болгон адамдардын бири катары мен өз пикиримди айта кетейин. Азыркы кыйынчылыктарга байланыштуу, менимче, адамга ал кандай абалда болсо ошол бойдон калганы жакшы. Аялың барбы? Анда аялыңан бошонууну издебе. Жокпу? Анда аял издебе. Үйлөнсөңөр деле күнөө кылбайсыңар. Күйөөгө тие элек аял да турмушка чыкса күнөө кылбайт. Бирок бул жашоонун түйшүктөрүнөн кыйналасыңар. А мен силерди аяйм. Менин айтайын дегеним, боордошторум, убакыт кыска, ошондуктан үйлөнгөндөр үйлөнбөгөндөрдөй болушу керек. Боздогондор, боздобогондордой, каткырып күлгөндөр күлбөгөндөрдөй, бир нерсе сатып алып жаткандар, сатып алган нерсесине ээ болбогондой, бул дүйнөдөн пайдалангандар, пайдаланбагандардай жашашсын. Себеп дегенде бул дүйнөнүн образы өтүп кетип баратат. А мен силердин түйшүктөн бош болушуңарды каалайм. Үйлөнбөгөн адам Кудайдын иши менен алек болот, ал эми аялы бар адам болсо бул дүйнөгө таандык болгон көр тириликтин түйшүгүн тартып, аялынын көңүлүнө жагуу менен алек болот. Күйөөсү бар аял менен турмушка чыкпаган аялдын же кыздын да айырмасы бар. Турмушка чыкпаган аял же кыз денеси менен да, руху менен да ыйык болуп, Кудайга жагуу үчүн Кудайдын иштери менен алек болот. Ал эми күйөөсү бар аял болсо бул дүйнөгө таандык болгон көр тириликтин түйшүгүн тартып, күйөөсүнүн көңүлүнө жагуу менен алек болот. Мен муну силердин пайдаңар үчүн айтып жатам. Силерге кандайдыр бир чектөөлөрдүн каамытын кийгизүү максатында эмес, тескерисинче, эч нерсеге алаксыбастан толугу менен өзүңөрдү Теңирибиздин кызматына арнап, туура жана жөндүү иштерди кылууңарды каалайм… Кимде ким кайсы бир аялзатына карата кылып жаткан мамилесинен оңтойсузданып, ал аялга болгон тартылуусу өтө күчтүү болуп бараткандыктан ага үйлөнүү зарылчылыгын сезсе, анда ал, өзү ойлогондой, үйлөнсүн. Мында эч кандай күнөө жок. Бирок эгер ал мындай кылууга мажбурланбай, үйлөнбөөгө ниеттенип, каалоолорун толук башкара аларын билип, эмне кылууну өзүнчө чечип алган болсо жана ага үйлөнбөсө, анда ал жакшы кылат. Демек, үйлөнгөн адам жакшы иш кылат, ал эми үйлөнбөгөн болсо андан да жакшы иш кылат. Аял күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө ага Мыйзам аркылуу байланган. Эгерде күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, анда кимге кааласа, ошого турмушка чыга берсе болот, бирок турмушка чыга турган кишиси Машаяктын үмөтү болушу керек. Бирок менимче, мындай аял турмушка чыкпаса бактылуураак болот. А мен болсом, менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.

1 Коринф 8

1 Коринф 9

1 Коринф 10

1 Коринф 11

1 Коринф 12

Ыйык Рух белек катары берген шык-жөндөмдөр тууралуу

(12:1-11) Эми, Ыйык Рухтун берген белек-шыктары тууралуу суроолоруңарга жооп берейин: Бул тууралуу билип алышыңарды каалайм, боордошторум. Кудайсыз өмүр сүрүп жүргөнүңөрдө сүйлөй албаган, жансыз буркандарга табынууга кандайдыр бир күч ар кандай жолдор менен силерди жетелеп барчу. Силерге айтып койгум келет: Кудай Рухунун жетегиндеги адам эч качан Исага тил тийгизбейт жана Ыйык Рухтун жетегинде болбосо эч бир адам: “Оо, Теңири Иса!” дей албайт. Адамдарга бир эле Рух ар кандай белек-шыктарды тартуулайт. Адамдар бир эле Кудайга ар кандай жол менен табынышат. Бардыгында бардык иштерди кылган бир эле Кудай, бирок анын адамдар аркылуу кылган иш-аракеттери ар башка. Ыйык Рухтун кайсы бир адам аркылуу кылган өзгөчө иш-аракети бардыгынын пайдасы үчүн кылынат. Ыйык Рух бирөөгө акылмандыкка сугарылган сөз берсе, бирөөгө чыныгы билимге сугарылган сөз берет. Ошол эле Рух бирөөгө өзгөчө ишеним берсе, бирөөгө айыктыруу жөндөмүн берет. Бирөөгө кереметтүү иштерди жасоо кудуретин берсе, бирөөгө Кудайдын кабарын айтуу жөндөмүн берет. Дагы бирөөгө жөндөмдөрдүн Ыйык Рухтанбы же жокпу, ошону ажырата билүү жөндөмүн берет. Бирөөгө тилдерде сүйлөө жөндөмүн берсе, бирөөгө анын айтканын түшүндүрүп берүү жөндөмүн берет. Бирок мунун баарын кылган бир эле Рух. Ал өзү каалагандай ар бир адамга ар кандай жөндөмдөрдү берет.

Дене бирөө, бирок ал ар башка мүчөлөрдөн турат

(12:12-30) Машаякты көп мүчөлөрдөн турган бир дене менен салыштырса болот. Ал ар түрдүү мүчөлөрдөн турса да бир эле дене. Ошонун сыңарындай биз баарыбыз тең — сүннөттөлгөн элденбизби же сүннөттөлбөгөн элдерденбизби, кулбузбу же эркин адамбызбы — бир Рух тарабынан бир денеге чөмүлгөнбүз жана бир Рухтан ичкенбиз. Анткени дене бир эле мүчөдөн турбайт. Дене көптөгөн мүчөлөрдөн турат. Эгер бут: “Мен кол болбогондуктан денеге тиешелүү эмесмин!” — десе, анда ал денеге тиешелүү болбой калабы? Эгерде кулак: “Мен көз болбогондуктан денеге тиешелүү эмесин!” — десе, анда ал денеге тишелүү болбой калабы? Эгерде дененин баары эле көз болуп алса, анда ал каери менен угат? Эгерде дененин баары эле кулак болуп алса, анда ал каери менен жыт билет? Бирок Кудай ар бир мүчөнү денеге өзү каалагандай кылып жайгаштырып койгон. Эгерде баары эле бир мүчө болуп алганда дене болмок эмес! Ошонун сыңарындай мүчөлөр көп, бирок дене бирөө гана. Ошондуктан көз колго: “Сенин мага керегиң жок!” — дей албайт. Баш бутка: “Мен сага муктаж эмесмин!” — дей албайт. Тескерисинче, алсыз сыяктуу көрүнгөн дене мүчөлөрүбүзсүз, бизге абдан зарыл; башка мүчөлөрүбүзгө караганда кадыры ылдыйыраак деп эсепген мүчөлөрүбүздү өтө бөпөлөп, аяр мамиле кылабыз. Көрксүз көрүнгөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө мамиле кылып, жаап алабыз. Көрктүү көрүнгөн мүчөлөрүбүз болсо мындай кылууга муктаж эмес. Көңүл бурууга муктаж болгон мүчөлөрүбүздү көбүрөөк бапестешибиз үчүн Кудай биздин денебизди ушундайча жасап койгон. Ошондуктан денеде бөлүнүү деген жок болуп, анын мүчөлөрү бири-бирине камкордук менен бирдей мамиле кылышы керек. Демек, бир мүчө кыйналып жатса, аны менен кошо бардык мүчөлөр чогуу кыйналышат, бир мүчө макталып жатса, аны менен кошо бардыгы кубанышат. Ошонун сыңарындай силер Машаяктын Денесисиңер, ал эми жалгыз жалгыздан болсо, анын мүчөлөрүсүңөр. Жамаатта Кудай баарын өз-өз ордуна жайгаштырган: биринчи орунга — элчилерди, экинчи орунга — пайгамбарларды, үчүнчү орунга — мугалимдерди, андан ары ал кээ бирөөлөргө укмуштарды көрсөтүү, айыктыруу, жардамчылык, жетектөө, тилдерде сүйлөө шыгын берди. Булардын баары эле элчилер, же пайгамбарлар, же мугалимдер эмес. Баары эле эле укмуштарды көрсөтүү, айыктыруу, тилдерде сүйлөө, же аны түшүндүрүп берүү жөндөмдөрүнө ээ эмес! Ошондуктан жүрөгүңөрдү улуураак жөндөмдөргө бургула.

Чыныгы сүйүү

(12:31-13:1-3) Бирок, мен силерге эң сонун жолду көрсөтө кетким келет: Эгерде мен адамдардын гана эмес периштелердин тилдеринде да сүйлөй алсам, бирок жүрөгүмдө эч кандай сүйүү жашабаса, анда менин сүйлөгөн сөзүм жез табактын даңгырагынан же коңгуроонун чыңкылдаганынан айырмасы жок. Эгерде менде пайгамбарчылык кыла ала турган жөндөм гана эмес билимдин баары болуп, изилдене элек сырлардын бүт баарын билсем, ал тургай тоолорду жылдырып жибере тургандай ишенимим бар болсо, бирок көкүрөгүмдө эч кандай сүйүү жашабаса, анда мен эч ким эмесмин. Эгерде мен колумдагы болгон байлыгымдын баарын толук таратып жиберсем, ал тургай денемди өрттөөгө берип салсам, бирок да жандүйнөмдө сүйүү жашабаса, анда мындан мага кыпындай да пайда болбойт.

1 Коринф 13

Чыныгы сүйүүнүн сапаттары

(13:4-7) Чыныгы сүйүү чыдамдуу, Берилип сүйөт, кайрымдуу, Көз артпайт, ичи тарыбайт, Өзүн өзү көтөрбөйт, Кыйынсынып, мактанбайт, Бейбаштанып, чаң cалбайт. Керт башын гана ойлонуп, Өзүнүкүн издебейт. Кыжырланбайт, кекенбейт. Жамандыкка сүйүнбөйт, Акыйкатка сүйүнөт. Таштап кетпейт эч качан, Бардыгында ишенет, Эч качан үмүтүн үзбөйт, Баарын чыдап көтөрөт.

Утурумдук жана түбөлүктүү баалуулуктар

(13:8-13) Пайгамбарчылыктар токтойт, тилдерде сүйлөө бүтөт, билимдер өтүп кетет, бирок чыныгы сүйүү түгөнбөстөн түбөлүккө кала берет. Анткени биздин пайгамбарчылык жана тилдерде сүйлөө жөндөмдөрүбүз толук эмес, жарым-жартылай гана. Ал эми жеткилең жана толук нерсе келгенде, жарым-жартылай нерселердин баарынын кереги жок болуп калат. Мен бала кезимде баладай сүйлөп, баладай ой-жүгүртүп, баладай түшүнчүмүн, бирок балакатка жеткенимде балалыкты таштадым. Биздин азыр көрүп турганыбыздын баары күзгүдөн чагылган күңүрт караандай. А кийин болсо бетме-бет көрөбүз. Азыркы билгендерим жарым-жартылай гана. А кийин болсо Кудай мени толук, жеткилең билгендей менин да билимим жеткилең болот. Азырынча төмөнкү үч нерсе жашап жатат: ишеним, үмүт жана сүйүү. Ушул үчөөнүн эң маанилүүсү жана улуусу — сүйүү.

1 Коринф 14

Дагы бир ирет Ыйык Рух белек кылган жөндөм-шыктар тууралуу

(14:1-19) Чыныгы сүйүүгө умтулгула. Ыйык Рух бере турган жөндөмдөргө жеткенди самагыла, айрыкча Кудайдын кабарын жар салуу жөндөмүнө. Ким тилдерде сүйлөсө, ал башкаларга эмес, Кудайга сүйлөйт, анткени аны эч ким түшүнбөйт. Ал болсо, жашырын сырларды руху менен сүйлөйт. Ал эми Кудайдын кабарын жарыя кылган адам болсо, адамдарга сүйлөйт да, аларга жардам берип, чыйралтып, сооротот. Тилдерде сүйлөгөн адам өзүнө гана жардам берет, ал эми Кудайдын кабарын жарыялагандар бүткүл жамаатка жардам берет. Баарыңардын тилдерде сүйлөшүңөрдү каалайм. Бирок, Кудайдын кабарын айтуу жөндөмүнүн силерде бар болушун андан бешпетер каалайм. Анткени Кудайдын кабарын айткан киши тилдерде сүйлөгөн кишиден алда канча баалуураак. (Албетте, эгер бүткүл жамаатка пайдалуу болсун үчүн айткандарын чечмелеп түшүндүрүп бере алса.) Боордошторум, Кудайдан эч кандай ачылыш-аян, эч кандай билим, эч кандай таалим алып барбай эле тилдерде сүйлөп кирсем, андан силерге не пайда? Мисалы, мына бул жансыз эле чоорду же арфаны алып көрөлү — эгер бул аспаптар кандайдыр бир белгилүү үн чыгарышпаса, анда алардын кайсынысында эмне тартылганын же чертилгенин кайдан билмек элек? Эгерде сурнайды белгилүү бир ирет менен чалбаса, ким согушка даярданмак эле? Ошонун сыңарындай силер тилиңер менен түшүнүксүз эле бирдемелерди булдуруктап атсаңар, аныңарды ким түшүнөт? Силердин сүйлөгөнүңөр бекер талаага кетет. Карагылачы, дүйнөдө канча деген түрлүү-түрлүү сөздөр бар, алардын биринин да мааниси жогу жок. Эгер мен сөздөрдүн маанисин түшүнбөсөм, анда мен сүйлөп жаткан адам үчүн чет элдик сыяктуумун, ал эми сүйлөп жаткан адам болсо мен үчүн чет элдик сыяктуу. Силер рухий жөндөмдөрдү самап, алар аркылуу жамаатты байытууга умтулгула. Андыктан тилдерде сүйлөөчү адам, эмнени айтканын чечмелеп, түшүндүрүп бере ала турган жөндөмдү бер деп сыйынсын. Себеби эгерде мен тилдерде сыйына турган болсом, анда менин рухум да кошо сыйынганы менен акылым сыйынууга катышпай калат. Анда эмне кылышым керек? Мен рухум менен сыйынам, бирок ошондой эле акылым менен да сыйынам. Мен рухум менен ырдайм, бирок ошондой эле акылым менен да ырдайм. Эгерде силер рухуңар менен гана Кудайга рахмат айтып жаткан болсоңор, анда чогулушуңарга тыштан келген жөнөкөй адам силердин рахматыңарга кошулуп, кантип “оомийин” дей алат? Ал силердин айткандарыңарга түшүнбөйт! Сенин Кудайга айткан рахматың абдан жакшы болгон күндө да, башкаларга пайдасы тийбей калат. Кудайга шүгүр, мен тилдерде сүйлөө боюнча эч кимиңерге алдыман ат салдырбайм. Бирок чогулушта миң сөз тилдерде сүйлөгөндөн көрө, башкаларга пайдалуу болсун үчүн түшүнүктүү беш эле сөздү сүйлөөнү артык көрөм.

Тилдердин функциясы

(14:20-22) Боордоштор, акылыңар жаш балдардыкындай болбосун! Жамандыкка карата жаш балдардай бейкүнөө болгула, бирок ой жүгүртүүңөр рухий жактан бышып жетилген адамдардыкындай болсун. Ыйык Жазмаларда: “Түшүнүксүз тилде сүйлөгөн эл аркылуу мен өз элиме сүйлөйм” дейт Теңир. Мен чет элдиктердин оозу менен сүйлөйм, ошондо да менин элим мени укпай коёт”, — деп жазылган. Демек, тилдерде сүйлөө жөндөмү ишенгендер үчүн эмес, ишенбегендер үчүн далил белги, ал эми Кудайдын кабарын жар салуу ишенбегендер үчүн эмес, ишенгендер үчүн далил белги.

Машаяктар жыйынындагы тартип

(14:23-33) Эгерде бүт жамаат бир жерге чогулуп алып баарыңар тең тилдерде сүйлөп жатканыңарда ишенбеген же билбеген бирөө сырттан кирип келсе “буларга жин тийген го!” дебейби? Бирок эгер баарыңар Кудайдын кабарын айтып жатканыңарда сырттан ишенбеген же билбеген бирөө кирип келсе, анда ал силерден уккан сөздөрдөн улам күнөөкөр экенин билип, баарыңар тарабынан бирдей соттолуп жатканын сезип, жашырын сырлары сыртка чыгып, чөк түшүп: “Араңарда чындап эле Кудай бар экен!” деп Кудайга таазим кылат. Демек, менин айтайын дегеним бул, боордоштор: Кудайга таат-ибадат кылганы чогулганыңарда бирөөңөрдө рухий ырлар болот, бирөөңөрдө таалим сөзү, дагы бирөөңөрдө Кудайдан алган аян, дагы бирөөңөрдө тилдерде сүйлөө жөндөмү, дагы бирөөңөрдө ошол тилдерди чечмелеп, түшүндүрүп берүү жөндөмү болот, бирок ушулардын баары жамаатын өсүп-өнүгүшүнө колдонулушу керек. Эгерде кимдир-бирөөлөр тилдерде сүйлөгөнү жатса, кезек менен, биринин артынан бири сүйлөшсүн, бирок тилдерде сүйлөгөндөрдүн саны анда эки-үч кишиден ашпасын жана кимдир-бирөө алардын айткандарын чечмелеп берсин. Бирок эгерде чечмелей турган адам жок болсо, анда тилдерде сүйлөөчү киши үнүн чыгарбастан өзүнө жана Кудайга гана сүйлөсүн. Кудайдан кабар алгандардан да экөө же үчөө эле сүйлөсүн, калгандары алардын айткандарын талкуулашсын. Бирок эгерде жыйында олтургандардан кимдир бирөө Кудайдан кабар алса, сүйлөп жаткан адам токтосун. Ар бир адам үйрөнүп, ишенимде бекемделсин үчүн баарыңар бириңердин артыңардан бириңер Кудайдын кабарын айта аласыңар. Бирок Кудайдын кабарын айтуу руху сүйлөп жаткандын башкаруусунда болуш керек, анткени Кудай башаламандыктын эмес, тынчтыктын жана ынтымак-ырашкердиктин Кудайы.

Жамаат жыйналыштарындагы аялдардын орду

(14:33-35) Кудай адамдарынын бардык жамааттарындагы тартип боюнча жыйналыштарда аялдар тынч олтурушсун. Аларга сүйлөгөнгө тыюу салынган. Тооратта айтылгандай алар момун болушсун. Эгерде бир нерсени билип алгысы келсе, анда үйлөрүнө барганда күйөөсүнөн сурап алышсын. Аялдардын жамааттын жыйналышында сүйлөгөнү уят.

Жамаат жыйналышындагы тартип боюнча соңку сөз

(14:36-40) Эй коринфтиктер, эмне Кудайдын сөзү силерден чыкты беле? Же Кудайдын сөзү жалгыз эле силерге келдиби? Эгерде кимиңер өзүн Кудайдын кабарчысымын же Кудайдан кандайдыр бир өзгөчө жөндөм алгам деп ойлосо, анда менин силерге жазып жатканым Эгебиздин буйругу экенин түшүнүп алышы керек. Эгерде ал бул айтканыма көңүл бурбаса, анда анын өзүнө да көңүл бурулбасын! Ошондуктан, боордошторум, көңүлүңөрдү Кудайдын кабарын жар салууга умтулткула, бирок тилдерде сүйлөөгө тыюу салбагыла. Бирок баары тең тартипте жана өз-өз ордунда болушу керек.

1 Коринф 15

Машаяктын кайра тирилиши тууралуу

(15:1-11) Эми, боордошторум, мен силерге айткан жакшы кабар тууралуу эсиңерге сала кетейин. Силер аны кабыл алып, ишенимиңерди ошого бекем негиздедиңер. Ал мен силерге айтып берген кубанычтуу кабар. Эгерде силер ошону бекем кармансаңар, ошол аркылуу куткарылгансыңар, антпесе, ишенип калгандыгыңардан эч кандай пайда болмок эмес. Мен алгач өзүм кабыл алган өтө маанилүү кабарды силерге өткөрүп бердим. Ал кабар мындай болчу: — Ыйык Жазмаларда жазылгандай, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн жана көргө коюлган; — Ыйык Жазмаларда жазылгандай, көргө коюлгандан кийин үчүнчү күнү кайра тирилип кеткен; — Андан кийин ал Петроско жана он эки элчиге көрүнгөн; — Андан кийин ал беш жүзгө жакын бурадарларга бир убакта көрүнгөн, алардын кээ бирөөлөрүнүн көзү өтүп кеткен менен көпчүлүгү азыр да тирүү; — Анан ал Жакыпка, ошондой эле элчилерге баарына көрүнгөн; — Ушулардын баарынан кийин ара төрөлгөн бала сыяктуу болгон мага да көрүнгөн. Себеби мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл элчи деп аталууга да татыктуу эмесмин, анткени мен убагында Кудайдын жамаатын куугунтуктаганмын. Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошомун, анын мага төккөн ырайымы талаага кеткен жок, анткени башка элчилердин баарын мен көп мээнет кылдым десем, балким, так болбос, андыктан менин ичимде жашаган Кудайдын ырайымы дешим керек. Ошентип, силерге бул кабарды мен айттым беле же аларбы, баары бир, биз баарыбыз айткан жана силер ишенип калган ошол кабарды айтканды уланта бермекчибиз.

Биз кайра тирилебиз

(15:12-34) Биз Машаяк өлүмдөн кайра тирилип кеткен деп кабар таратып жүрсөк, анда кандайча силердин араңардан кээ бирөөлөр өлгөндөр кайра тирилбейт дешет? Эгер алардын айтканындай боло турган болсо, анда демек, Машаяк кайра тирилбептир да! Эгер Машаяк кайра тирилбесе, анда биздин таалимибиз да, силердин ишенгениңер да куру бекер! Баарынан да биз Кудай тууралуу калп айтып жүргөндөр болуп калабыз, анткени биз Кудай Машаякты өлүмдөн тирилтти деп жүрбөйбүзбү. Бирок эгерде өлүмдөн тирилүү жок экени чын болсо, анда Кудай Машаякты кайра тирилткен жок. Анткени эгер өлүктөр кайра тирилбесе, анда демек, Машаяк да кайра тирилген эмес. Эгерде Машаяк кайра тирилбесе, анда силердин ишенимиңер туура эмес, а силер болсо күнөөлөрүңөрдөн кутулган жоксуңар. Демек, Машаякка ишенип жүрүп, каза болгондордун баарынын шору катты. Эгерде Машаякка бул жашоодо гана таянсак, анда жер бетиндегилердин бардыгынан аянычтуусу бизбиз. Бирок өлгөндөрдөн түбөлүк өмүр үчүн кайра тирилгендеринин туңгучу катары Машаяк өлүмдөн кайра тирилип кетти! Бул чындык! Анткени бир киши аркылуу бул дүйнөгө ажал киргендей, өлүмдөн тирилүү да дагы башка бир киши аркылуу келди. Анткени адамдардын баары Адам атага болгон байлынышынан улам өлгөндөй, Машаякка болгон байланышынан улам кайра тирилишет. Бирок ар бири өз-өз орду менен тирилет: элде башта Машаяк, андан соң ал кыяматта кайра келгенде ага караштуулар. Андан соң акыр заман болот. Машаяк бардык рухий башкаруучуларды, бийликтерди жана күчтөрдү жеңип, Падышачылыкты Кудай Атасына берет. Анткени Кудай Машаяктын бардык душмандарын анын бут алдына жыгып бермейинче башчылык кылышы керек. Жок кылына турган акыркы жоо — ажал. Анткени Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Кудай баарын анын бут алдына жыкты”. Албетте, баарын деген сөз баарын Машаяктын бутуна жыгуучу Кудайдын өзүн камтыбайт. Бирок баары Машаяктын башчылыгына баш ийдирилген соң, анан, Уулдун өзү да ага баарын баш ийдирген Кудайга баш ийет. Анан Кудай баарынын үстүнөн толук бийлик кылат. Антпесе, жанагы өлгөндөр үчүн чөмүлдүрүлүп жүргөндөр тууралуу эмне десе болот? Алар эмнеге үмүт кылышат? Эгер өлгөндөр эч кайра тирилишпесе, анда ошол адамдар эмне үчүн өлгөндөр үчүн чөмүлдүрүлүп жүрүшөт? А бизге келе турган болсок, эмнеге биз саат сайын коркунучка карабай өмүрүбүздү тобокелдикке салып жүрөбүз? Боордоштор, мен күндө ажал менен бетме-бет жолугам! Силердин араңардагы, жашообуздагы жана Теңири Машаяк Исадагы сыймыгым муну ачык айтканга мүмкүнчүлүк берүүдө. Эгерде мен жанагы “Эфестик айбандар” менен жөн гана адамдык эле ойлор үчүн согушкан болсом, анда кандай пайда таптым? Эгерде жүрүп жаткан сөздөрдөй кайра тирилүү болбосо, анда келгиле: “жеп-ичип жыргайлы, анткени эртең баары бир өлөбүз да”. Акмак болбогула! “Жамандарга жакындашсаң, жамандыгы жугат”. Эсиңерге келип, күнөө кылууну токтоткула! Мен силерге уятыңарды ачык айтып коёюн: араңарда Кудайды тааныбагандар бар.

Дененин кайра тирилүүсү

(15:35-58) Бирөө айтаар: “Өлгөндөр кантип тирилишмек эле?” “Тирилишсе алардын денеси кандай болот?” деп. Эй наадан, сен жерге урук эккениңде ал өлмөйүнчө кайра өнүп чыкпайт! Эккениң буудайдын уругубу же башканыкыбы, жөн эле урук, келечекте өсүп чыга турган толук дандуу түшүм эмес. Кудай ошол урукка өзү каалагандай дене берет; ал ар бир урукка өз-өзүнүн денесин берет. Тирүү жандардын баарынын денеси бирдей эмес: адамдардын денеси бир башка, айбандардыкы бир башка, канаттуулардыкы бир башка, балыктардыкы бир башка. Асман телолору бар, жер телолору да бар. Күндүн көркү өзүнчө бир башка болсо, айдын көркү өзүнчө бир башка, жылдыздардыкы болсо дагы өзүнчө бир башка, ал тургай жылдыздардын арасында да көркү боюнча айырмасы барлары бар. Өлгөндөр тирилгенде да ушундай болот. Дене көмүлгөндө, ал чирийт, ал эми кайра тирилгенде болсо эч качан чирибес денеге айланат. Көмүлгөндө көрксүз, алсыз, ал эми кайра тирилгенде болсо ал көрктүү жана чымыр болот. Көмүлгөндө табигый дене болсо, кайра тирилгенде рухий денеге айланат. Ыйык Жазмада айтылгандай: “Кудай биринчи кишини, Адам атаны, тирүү жан кылып жаратты”, ал эми акыркы киши болсо өмүр берүүчү Рух. Биринчи рухий дене эмес, табигый дене келет, анан ал рухий денеге алмашат. Жерден жаратылган биринчи адам жерден келген, ал эми экинчи Адам болсо асмандан келди. Жерге таандыктар жерден жаратылган адамга окшош болушат, ал эми асманга караштуулар асмандан келген Адамга окшош болушат. Биз азыр жерден жаратылган адамдын образын кийип жүргөнүбүздөй, келечекте асмандан келген Адамдын образына кийинебиз. Айтайын дегеним, боордошторум, кан менен эттен турган дене Кудайдын падышачылыгын мураска ала албайт. Ошондой эле чирий турган нерсе, чирибес нерсени мурастай албайт. Бир жашырын сырды силерге айтып коёюн: биз баарыбыз өлбөйбүз, бирок акыркы сурнай чалынганда ошол замат, көз ирмемде баарыбыз өзгөрүп кетебиз. Анткени ошол сурнай тартылганда өлгөндөр кайрадан өлбөс болуп кайра тирилишет жана биз баарыбыз өзгөрүп кетебиз. Анткени чирий турган нерсе чирибей турган нерсеге алмашышы керек; өлө турган нерсе өлө албай турган нерсеге өтүшү керек. Ошентип ушул нерсе ишке ашып, чирий турган нерсе чирибей турган нерсеге алмашканда, Ыйык Жазмалардын айткандары ордуна келет: “ажал жеңилет, жеңиш толугу менен орнойт!” "Ажал, кана сенин уу тишиң? Өлүм, кана сенин жеңишиң?" Ажал өзүнүн уусун күнөөдөн алат, ал эми күнөөнүн кудурети Мыйзамга негизделген. Бирок бизге Теңири Иса Машаяк аркылуу жеңиш берген Кудайга алкыш жана даңк болсун! Ошондуктан, сүйүктүү боордошторум, ишенимде бекем жана туруктуу болгула! Ар дайым Теңирибизге кызмат кылуу менен алектенгиле, анткени Теңирибизге кылган эч бир кызматыңар бекер талаага кетпейт.

1 Коринф 16

2 Коринф 1

2 Коринф 2

2 Коринф 3

2 Коринф 4

2 Коринф 5

2 Коринф 6

2 Коринф 7

2 Коринф 8

2 Коринф 9

2 Коринф 10

2 Коринф 11

2 Коринф 12

2 Коринф 13

Галата 1

Саламдашуу

(1:1-2) Адамдар тарабынан эмес, Иса Машаяк менен аны өлгөндөн тирилтип алган Кудай Атабыз тарабынан элчилик кызматына дайындалган Паулостон жана менин жанымдагы боордошторумдан Галатиядагы машаяктар жамаатына салам кат. Силерге Кудай Ата менен Теңири Иса Машаяк ырайым кылып, ынтымак ыроолосун! Атабыздын эрки боюнча бизди азыркы жаман замандан куткарайын деп, Иса Машаяк өзүн биздин күнөөлөрүбүз үчүн курман кылды. Ага түбөлүктөн түбөлүккө даңк! Оомийин.

Башка жакшы кабар жок

(1:6-10) Машаяктын ырайымы аркылуу өзүнө чакырган Теңирден ушунчалык тез баш тартып, башка бир “жакшы кабарга” жүз буруп кеткениңерге таңмын. Башка “жакшы кабар” жок! Маселе силерди адаштырып, Машаяк тууралуу кабарды бурмалагысы келген кээ бир адамдарда болуп турат. Биз тургай, көктөн бир периште түшүп келип, биз силерге мурда угузганга кайчы келген “жакшы кабарды” айтса, ага каргыш тийсин! Мурда айткандарыбызды дагы кайталаймын: эгерде бөлөк бирөө силерге өзүңөр кабыл алган жакшы кабарга кайчы келген кабарды таратып жүрсө, андайды каргыш урсун! Муну мен адамдарга же Кудайга жагынуу үчүн айтып отурган жерим жок, мен адамдарга жагынууга тырышпаймын, эгер антсем, анда Машаяктын кызматчысы боло алмак эмесмин!

Паулостун өзүнүн Кудай тарабынан элчиликке дайындалганы тууралуу далили

(1:11-24) Боордоштор, силерге айтамын: мен айткан жакшы кабар адам оюнан чыккан эмес! Аны эч бир адамдан уккан да, үйрөнгөн да эмесмин, тескерисинче, Иса Машаяктын түздөн түз билдирүүсү аркылуу кабыл алгам. Менин яхудей салттарын мурда кандай карманганымды жана Кудайдын жамаатын ашына куугунтукка алып, жок кылууга тырышканымды силер уккансыңар. Мен яхудей динин карманууда өз улутумдагы көптөгөн теңтуштарымды чаңымда калтырып, ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган салт-санааларды эт-бетимен кетип жактап келгем. Антсем да мени курсакта жатканымда эле, зор ырайымы менен чакырып алган Кудай өз каалоосу менен Исанын өз Уулу экендигин ачып берип, ал тууралуу жакшы кабарды еврейлерден башка калктарга таратууга буйруду. Ошондо мен бул тууралуу эч бир адамдан акыл сураган жокмун, Иерусалимге барып, менден мурун элчи болгондор менен да акылдашкан эмесмин. Тескерисинче, түздөн-түз Аравия аймагына аттанып, ал жактан Дамаскка кайтып келдим. Үч жыл өткөндөн кийин гана Петрос менен учурашуу үчүн Иерусалимге барып, анын жанында он беш күн болдум. Башка элчилерден ошол кезде Теңирибиздин бир тууган иниси Жакыптан башкасын көргөн эмесмин. Бул жазгандарым, Кудай күбө, жалган эмес. Андан соң Сирия менен Киликияга бардым. Ал эми Яхудия аймагындагы машаяк жамааттары ал убакта мени тааныша элек эле. Алар тек гана: “Бизди мурун куугунтукка алган адам, өзү жер менен жексен кылмак болгон ишенимди азыр кайра үгүттөп жүрөт” дегенди угуп, менин ниетимди өзгөрткөндүгү үчүн Кудайды даңкташты.

Галата 2

Элчилердин Паулоско колдоо көрсөтүүсү

(2:1-10) 14 жылдан кийин Иерусалимге дагы бардым. Бул жолу Барнаба менен бирге жөнөп, Титосту да ээрчитип алдым. Бул сапарга Теңирибиздин берген аяны менен чыктым. Мен алгач жамааттын беделдүү кишилери менен жекече сүйлөшүп, аларга, башка улуттун адамдарына өзүм таратып жүргөн жакшы кабардын мазмунун айтып бердим. Мындагы максатым, азыркы жана мурдакы эмгектеримдин талаага кетпөөсү эле. Ал эми алар менин айткандарыма толук макул болушту, ал тургай жанымдагы Титосту, анын грек экенин билишсе дагы, сүннөткө олтурсун деп зордошкон жок. Муну эки жүздүүлүк менен жамаатка кирип кеткен жалган “боордоштор” гана талап кылышты. Алар Иса Машаяктын жолундагы биздин эркиндигибизди аңдышып, Мыйзамга багындыруу үчүн ишенүүчүлөр жамааттарына уурданып кирип алышкан эле. А бирок биз жакшы кабардын чындыгы силерде тап-таза тейде калсын деп, алардын айткандарына бир мүнөт да көнүп, багынбадык. Ал эми аттуу-баштуу делген адамдарына келсек (алардын кандай экени мен үчүн ыпым мааниси жок, анткени Кудай адамдын сыртына карабайт) алар мага башкача милдеттерди жүктөшкөн эмес. Тескерисинче, жакшы кабарды еврейлерге жеткизүү Петроско кандай тапшырылган болсо, мага да башка калктарга жакшы кабарды угузуу ошондойчо эле аманатталгандыгына көздөрү жетти. Анткени Петростун яхудейлер арасындагы кызматын колдогон Кудай мени да башка калктардын арасындагы кызматыма жар болду. “Жамааттын Тирөөчтөрү” деп эсептелишкен Жакып, Петрос жана Жахан Кудайдын мага берген тапшырмасын билишип, мени менен жана Барнаба менен кол алышып, кызматташ экендигибизди бекемдедик. Ошону менен биз башка улуттарга, ал эми алар еврейлерге барышсын деп келиштик. Алар бизден тек гана муктаж болгон ишенүүчүлөргө көмөктөшүүнү унутпообузду суранышты, а мен өзүм да ушуну аткарууга ынтызаармын.

Петростун айыбынын ашкерелениши

(2:11-14) Бирок Петрос Антиохияга келгенде мен ага элдин көзүнчө каршы чыктым, анткени анын кылыгы айыптоого татыктуу эле... Иерусалим жыйынынын жетекчиси Жакып тарабынан жиберилген бир нече яхудейлер келгенге чейин ал сүннөткө олтурбаган башка улуттагы машаяктар менен бир дасторкондон тамак жеп жүргөн болчу. Ал эми сүннөттөөнү талап кылган алиги яхудейлер баргандан кийин, Петрос алардан жалтанып, башка улуттагы ишенүүчүлөрдөн тарткынчыктап, алардын алдында алдастай баштады. Ушундай кылуусу менен жамааттагы башка яхудейлер да эки жүздүүлүгүн таанытышты, атүгүл Барнаба да алардын эки жүздүүлүгүнө кирип, адашып кетти. Мен алардын жакшы кабардын чындыгына жараша иш кылбай жатканын көргөндө, баарынын алдында Петроско мындай дедим: — Сен өзүң яхудей болуп туруп, бирок ушул убакка чейин яхудейлердей эмес, өзүң менен бирге турган башка улуттун ишенүүчүлөрү сыяктуу эле жашап келдиң. Анан эми аларга яхудей салттарын кармоону таңууламакчысыңбы?

Адамдар иштери аркылуу эмес ишеним аркылуу куткарылышат

(2:15-21) Яхудей болуп туулган биз “башка улуттагы күнөөкөрлөрдөй” болбосок дагы, адамдар Мыйзам аркылуу эмес, Иса Машаякка ишенүү менен гана актала тургандыгын билебиз. Ошондуктан биз Мыйзамды аткаруу аркылуу эмес, Машаякка ишенүү аркылуу акталыш үчүн ишенимибизди Машаяк Исага арттык. Анткени Мыйзамды аткаруу менен “эч бир адам актала албайт”. Эгерде Машаяк аркылуу акталгыбыз келген биз яхудейлердин салтын кармабаганыбыз үчүн дале күнөөкөр деп эсептелсек, анда эмне, Машаякка деген ишенимибиз бизди баары бир күнөөлүү бойдон калтырып жатабы? Жок! Анткени Мыйзамды аткаруу аркылуу акталабыз деген ойду жокко чыгарып келген мен аны кайрадан калыбына келтирсем, анда өзүмдү Мыйзамды бузган күнөөкөр деп көрсөткөн болоор элем. Адам өлгөндө Мыйзамга баш ийүүдөн бошогон сыяктуу, мен да Мыйзам боюнча өлүмгө кесилип, аны аткаруудан бошотулдум. Андагы максат – менин Кудай үчүн өмүр сүрүүм. Мен Машаяк менен бирге айкаш жыгачка кадалып өлдүм, ошондуктан мындан ары мен эмес, мен аркылуу менин дилимдеги Машаяк жашап жатат. Мындан аркы денемдеги өмүр сүрүүм – бул Кудайдын Уулуна болгон ишенимимдин аркасындагы өмүр. Ал мени сүйгөндүктөн өзүн мен үчүн курман кылган. Ушинтип Кудайдын ырайымын жокко чыгарбай, ошого гана таянамын. Ал эми эгерде Мыйзамды аткаруу аркылуу Кудай алдында актала ала турган болсок, анда Машаяк өзүн бекер эле өлүмгө кыйган!

Галата 3

Акталуу жолу

(3:1-14) Оо, аңкоо галаттыктар ай, ким силердин көзүңөрдү байлап кетти? Иса Машаяктын айкаш жыгачтагы өлүмүн көз алдыңардан кетпестей кылып сүрөттөп бердим эле го! Мага бир нерсени айтып койгулачы: Ыйык Рухту кандайча кабыл алдыңар эле: Мыйзамды аткарыппы, же жакшы кабарды угуп, ишениппи? Рухтун кудурети менен баштап, эми пендечилик менен аяктагандай ушунчалык аңкоо белеңер? Баштан өткөргөнүңөрдүн баары талаага кеттиби? Оо, чындап эле бекер эле кетсе гана! Өз Рухун берип, араңарда керемет иштерди жасаган Кудай Мыйзамды аткаргандыгыңардан араңарда ушундай кылып жатабы, же жакшы кабарды угуп, ишенгениңерденби? Ибрайым Кудайга ишенгендиктен анын алдында акталган. Демек, ишенгендер гана Ибрайымдын анык урпактары экендигин билип алгыла. Ыйык Жазмалар да Кудай башка улуттарды ишеним аркылуу актаарын алдын ала билдирип, Ибрайымга “сен аркылуу бардык элдерге батам тиет” деген. Ошондуктан ишенүүчүлөр ишенимдүү Ибрайым менен катар Кудайдын батасын алышат. Ал эми Мыйзамга таянгандар каргыштын астында! Анткени “Мыйзам китебинде жазылгандын баарын дайыма тынбай аткарбаганга каргыш тийсин!” деп жазылган. Демек, Мыйзамды аткаруу менен эч ким Кудай алдында актала албагандыгы түшүнүктүү, ошондуктан “ишеним аркылуу гана акталган адам чыныгы өмүр сүрөт". Ал эми Мыйзамдын ишенимге эч тиешеси жок, бирок "ким Мыйзамды толук аткарса, ал Мыйзам аркылуу аман болот”. Ал эми айкаш жыгачка кадалган Машаяк бизге тийиштүү каргышты өзүнө алып, бизди Мыйзамда айтылган каргыштан куткарды! Себеби “жыгачка асылган ар-ким каргышка калган” деп жазылган. Демек, Ибрайымга берилген ак-бата Иса Машаяк аркылуу башка улуттарга да тарап, убадаланган Ыйык Рухту ишеним аркылуу баарыбыз кабыл алуубуз үчүн Машаяк бизди каргыштан куткарып алды.

Мыйзам жана убада

(3:15-25) Боордоштор, күндөлүк жашоодон эле мисал келтирейинчи: керээздин күчүн жоюуга же ага бир нерсе кошууга болбойт, туурабы? Мында да ошондой: Теңир убадасын Ибрайымга жана анын урпагына берген. “Урпактарына” деп көптүк түрдө эмес, “урпагына” деп жекече түрдө айтылган. “Урпагы” бирөөнү гана билдирет. Ал – Машаяк. Айтайын дегеним бул: төрт жүз отуз жылдан кийин берилген Мыйзам Кудай мурда бекиткен келишимдин күчүн, тактап айтканда, анын Ибрайымга Машаяк тууралуу берген Убадасынын күчүн жое албайт! Анткени эгерде мурас мыйзам боюнча калтырылса, анда ал убада боюнча болбой калат, бирок Кудай мурасты Ибрайымга Убада боюнча берген. Мыйзамдын аткара турган кызматы кандай? Ал кийинчерээк, кылмыштардын көбөйгөндүгү себебинен берилген. Теңирдин убадасында көрсөтүлгөн Ибрайымдын урпагы Машаякка байланыштуу. Ошол келгиче, Мыйзам күчүндө турган. Периштелер муну калкка арачы болгон Муса пайгамбар аркылуу жеткизген. Ал эми жеке бирөө үчүн арачынын кереги жок, бирок ошондой болсо да убада Ибрайымга бир Кудайдын өзү тарабынан берилген.

Мыйзамдын максаты

(3:21-29) Демек, Мыйзам Кудайдын убадаларына каршыбы? Жок! Себеби, эгерде чыныгы өмүр бере ала турган мыйзам берилген болсо, анда адилдик чындап эле ошол мыйзамдан болмок. Бирок ишенгендерге убада Иса Машаякка ишенүү аркылуу берилсин үчүн Ыйык Жазмалар бүткүл адамзатты күнөөнүн түрмөсүнө камады. Азыркы ишеним заманы туулуп, келүүгө тийиштүү болгон Машаякка ишене алганча, биз Мыйзамдын кайтаруусу алдында болуп, анын туткунунда жүрдүк. Башкача айтканда, Мыйзам биз үчүн жаш балдарды жетектеген тарбиячы сыяктуу болуп, бизди Машаякка жетелеп келди, ошентип ага ишенип, акталдык. Ал эми, ишенимдин заманы туулгандан кийин “тарбиячынын” карамагынан чыктык.

Кул жана уул тууралуу

(3:26-4:7) Эми баарың Иса Машаякка болгон ишенимиңер аркылуу Кудайдын уулдарысыңар. Машаяктын урматына чөмүлдүрүлгөн силер, баарыңар тең Машаяктын рухий касиеттерине бөлөнгөнсүңөр. Эми еврей да, башка улуттагы адам да, эркин да, кул да, эркек да, аял да жок, себеби баарыңар тең Иса Машаякта бирсиңер. Демек, эгер силер Машаякка караштуу болсоңор, анда Ибрайымдын урпагысыңар жана Кудайдын убадасы боюнча мураскорусуңар. Дагы бир нерсени айтып коеюн: бардык байлыктын ээси болгон менен бала наристе кезинде кулдан айырмасы жок. Ал атасы белгилеген убакытка чейин аны баккандар менен үй башкаруучулардын кол алдында болот. Биз да рухий жактан баладай болгон чагыбызда бул дүйнөнүн табигый башталгыч илимдеринин кулдугунда болдук. Ал эми Кудай болсо белгилеген убакыты жеткенде Уулун жиберди. Уулу аялзатынан туулуп, Мыйзам астында жашагандарды куткарып, бизди Кудайга уул кылдыруу үчүн ошол Мыйзамга баш ийип жашады. Эми силер Кудайдын уулдары болуп калгандыгыңардан, силердин жүрөгүңөргө Кудай өз Уулунун Рухун салды. Бизди “Ата!” — дегизип, Кудайга сыйындырып жаткан ошол Рух. Ошондуктан силер эми кул эмес, уулсуңар. Ал эми уул болсоңор, анда демек, Иса Машаяк аркылуу Кудайдын мураскорусуңар.

Галата 4

Паулостун галатиялыктар үчүн кам көрүүсү

(4:8-20) Мурда Кудайды билбей, жалган кудайларга кызмат кылып келдиңер. Алар чынында Кудай эмес. Ал эми азыр болсо Кудайды таанып алгандан кийин, тагыраак айтканда, Кудайдан таанып-билүүнү алгандан кийин, эмне үчүн кайра терс бурулуп, кудуретсиз, кедей, табигый башталгыч илимдерге жүз буруп, аларга кул болгуңар келет? Күндөрдү, айларды, мезгилдер менен жылдарды карманасыңар? Силерге кылган эмгегим талаага кеттиби деп, силер үчүн корком. Боордошторум, силерден өтүнөмүн: мен сыяктуу болгула, убагында мен да силер сыяктуу болгом. Силер менин жеке өзүмө эч кандай жамандык жасаган жоксуңар. Силерге жакшы кабарды алгач ирет жарыялаганымда ден-соолугумдун начар болгонун билесиңер. Бирок да денемин оорусунан жийиркенип, тетири карап кетпей, тескерисинче, мени Кудайдын бир периштесиндей, керек болсо Иса Машаяктын так өзүндөй кабыл алдыңар. Силер ошондо абдан бактылуу элеңер. Ошол кубаныч кайда кетти? Ошол кезде, мүмкүн болсо, өз көзүңөрдү оюп алып мага берүүгө даяр элеңер го! Буга мен өзүм күбөмүн. Ал эми азыр болсо силерге чындыкты айтканым үчүн душманыңар болуп чыктымбы? Силерге катуу кызыгып жатышкан жанагы кишилердин ниеттери жакшы эмес. Алардын бардык каалаганы силерди менден ажыратып, силер алардын өздөрүнө кызыгып калышыңар. Жакшы нерсеге мен силердин араңарда турганда эле эмес, ар дайым кызыкканыңар жакшы. Балдарым ай, толгоо азабын тартып жаткан энедей мен дагы эле силер тууралуу убайым жеп, кыйналып жүрөмүн. Кулк-мүнөзүңөрдөн Машаяктын түспөлү даанараак көрүнгөнчө силер үчүн толгоо азабын тарта берет окшойм. Аттиң, азыр жаныңарда болгонумда гана! Силер менен башкача сүйлөшөт элем. Анткени мен силерди түшүнө албай жүрөм.

Агар менен Саранын мисалы

(4:21-31) Эй, Мыйзамга багынгысы келгендер, мага жооп бергилечи: Мыйзамда айтылганды билбейсиңерби? Анда Ибрайымдын эки балалуу болгондугу жазылган: бирөөсү күңдөн, экинчиси эркин аялынан. Күңдүн уулу кадимкидей эле жол менен төрөлгөн, ал эми эркин аялдан төрөлгөнү Кудайдын берген убадасы боюнча керемет менен дүйнөгө келди. Мунун башка жагы да бар, эки аял эки түрлүү келишимди билдирет: бирөөсү баласын кулчулукта төрөгөн Агар, ал — Синай тоосунда түзүлгөн келишимди билдирет. Анткени Аравиядагы Синай тоосун көрсөткөн Агар азыркы Иерусалим сыяктуу, себеби ал шаар өз калкы менен али да кулчулукта. Ал эми асмандагы Иерусалим болсо эркин, биздин баарыбыздын Энебиз ошол. Анткени пайгамбарлар жазмаларында: “Кубангын, согончогу канабаган аял! Толготуп көрбөгөн аял, шаттан! Анткени күйөөсү барга караганда, калтырылган аялдын балдары көбүрөөк болот!” — деп алдын ала айтылган. Биз, боордоштор, Исхакка карата айтылган убаданын балдарыбыз. Ошол кезде адаттагыдай жол менен дүйнөгө келген бала Рухтун күчү менен төрөлгөн инисин кубалаган, азыр да так ошондой. Ыйык Жазмалар эмне дейт? “Күңдү баласы менен кошуп кууп жибер, анткени күңдүн уулу эркин аялдын уулу менен мурасташ болбойт!” Ошондуктан, боордошторум, биз “күңдүн” эмес, “эркин аялдын” урпактарыбыз!

Галата 5

Машаяк аркылуу келген азаттык

(5:1-12) Машаяк бизди эркин өмүр сүрсүн деп азаттыкка чыгарды. Эми ошого бек туруп, кулдуктун каамытын кайра кийбегиле! Мен, Паулос, силерге мындай деп айтам: эгер Кудай алдында акталуу үчүн сүннөткө олтурсаңар, анда силерге Машаяктан эч бир пайда болбойт! Сүннөткө олтура тургандардын эсине дагы бир ирет сала кетейин: Кудай алдында акталуу үчүн сүннөткө олтурган адам Мыйзамдын бардык эрежелерин толук аткарышы керек! Эй, Мыйзам менен актангангысы келгендер! Силер Машаяктан кур жалак калдыңар! Кудайдын ырайымынан айрылдыңар! Ал эми биз ишеним жолу менен Кудай алдында акталгандыктан, мунун Машаяк кайра кайтып келгенде ачык жарыялануусун Ыйык Рух аркылуу үмүт этип, күтүүдөбүз. Иса Машаякта сүннөткө олтуруу менен олтурбоонун эч кандай мааниси жок; маанилүүсү — сүйүүдө аракеттенген ишеним. Аттиң ай, жакшы эле бараттыңар эле! Чындыкка баш ийүүдөн силерди ким токтотту? Силерди өзүнө ишендирип алган ким? Ал силерди өзүнө чакырган Кудай эмес! Бир кумалак бир карын майды чиритет. Ошондой болсо да жакшы кабардан башка ой-пикирлерди карманбайсыңар деп Теңирибизге ишенем. Силерди оолуктуруп, адаштырып жүргөн адам ким болсо да жазасын алат. Ал эми мага келсек, боордоштор, эгер мен азыр сүннөткө олтургузуу керек деп таалим берип жүрсөм, анда эмне үчүн куугунтуктамын? Сүннөткө олтуруу тууралуу окутууну таратып жүргөн болсом айкаш жыгачтан улам келип чыккан жаңжалдар токтомок эле го. Атаңын көрү ай, араңарда дүрбөлөң салгандар жыйыныңардан биротоло кетип калсачы! Кетмек тургай маа десе өздөрүнүкүн таптакыр эле шылый чаап ыргытып жиберишсин!

Машаяктагы эркиндик

(5:13-15) Боордоштор, Кудай силерди эркиндикке чакырды. Бирок бул эркиндикти күнөөлүү кумарларыңарды канааттандыруу үчүн шылтоого айландырбагыла, тескерисинче, бири-бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла! Анткени бүткүл Мыйзам “өзгөлөрдү өзүңдөй сүй!” деген бир сүйлөмдө камтылган. Бири-бириңерди жемелеп – жеп, өзүңөрдү өзүңөр тытып жок кылып салуудан абайлагыла!

Ыйык Рухтун жемиши жана адамдын күнөөлүү табиятынын иштери

(5:16-26) Ал эми мен мындай деймин: Ыйык Рухтун жетегинде жашагыла, ошондо күнөөкөр табиятыңардын каалоолоруна жетеленбейсиңер. Анткени адамдык күнөөкөр табияттын каалаганы Ыйык Рухка каршы, ал эми Ыйык Рухтун каалаганы болсо адамдык табиятка каршы! Бул экөө бири-бирине карама-каршы, ошондуктан каалаганыңарды кыла албайсыңар. Эгерде Ыйык Рухтун жетегинде жүрсөңөр, Мыйзамдын астында эмессиңер. Адамдык табияттын каалоолору белгилүү, алар булар: нике бузуу, бузуктук, арамдык, суктук, жалган кудайларга табынуучулук, көз боочулук, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуу, талаш-тартыш, пикир келишпестик, жалган окуулар, жек көрүү, канкордук, аракечтик, бейбаштык жана башка ушул сыяктуулар. Булар туурасында мурда да эскерткем, дагы эскерте кетейин: мындайларды ээрчигендерге Кудай падышалыгынан орун жок. Ыйык Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, жакшылык, кайрымдуулук, ишеним, токтоолук, сабырдуулук, ынсап, өзүн кармагандык. Эч бир мыйзам буларга каршы эмес. Ошону менен катар Иса Машаякка караштуулар күнөөлүү табияттарын анын каалоолору, кумарлары менен кошо айкаш жыгачка керип, мык менен биротоло кагып салышкан.

Ынтымакта жашагыла

(5:25-26) Ыйык Рух бизге чыныгы өмүрдү берди, ошондуктан биз анын жетегинде жашашыбыз керек. Керт-башыбыздын кызыкчылыгын ойлоп, өзүбүзгө курулай даңкты издебейли, бири-бирибиздин кыжырыбызга тийбейли, бири-бирибизге көз артпайлы!

Галата 6

Бири-бириңердин жүгүңөрдү көтөрүшкүлө

(6:1-10) Боордоштор, бирөө күнөө жасап койсо, анда силер, Ыйык Рухта өсүп жетилгендер, аны Ыйык Рухтун жетектөөсү менен түз жолго салгыла. Муну кылып жатып, өзүңөрдү байкагыла, ага кошулуп азгырылып кетпегиле! Бири-бириңердин жүгүңөрдү көтөрүшкүлө, ошентип Машаяктын осуятын орундатасыңар. Кимде-ким эч нерсеге татыбай туруп, өзүн “мен кыйынмын” деп эсептесе ал өзүн алдайт. Ар ким өз ишин текшерсин, ошондо өзүн башкаларга салыштырбай, өзүнүн жетишкендиктери менен мактана алат. Анткени ар бир адам өз түйшүгүн өзү көтөрөт. Кудай сөзүнөн таалим алуучулар колунда барын устаттары менен бөлүшсүн! Алданбагыла, Кудай шылдың болбойт! Адам эмнени сепсе, ошону орот. Адам табигый каалоолорунун талаасына сепсе, андан өлүмдүн түшүмүн жыйнап алат, ал эми Рухтун талаасына сепкен адам түбөлүк өмүрдүн түшүмүн жыйнап алат. Жакшылык кылуудан эч талбайлык! Себеби мындан чарчап, баш тартпасак, тийиштүү убагы келгенде жемишин жыйнап алабыз. Ошондуктан мүмкүнчүлүк барда бардык адамдарга, өзгөчө ишенимибиз боюнча боордош болгондорго, жакшылык кылалы!

Соңку сөз

(6:11-18) Карагылачы, бул чоң тамгалар менин өз колум менен жазгандарым! Сүннөткө олтурганы менен мактангысы келгендер, Машаяктын айкаш жыгачы үчүн куугунтукка алынбоо үчүн гана силерди сүннөткө олтургузууга мажбурлап жатышат. Анткени алар өздөрү деле Мыйзамды сакташпайт, бирок силерди сүннөткө олтургузгандыгы менен мактаныш үчүн сүннөткө олтурушуңарды каалашат. А мен Теңири Иса Машаяктын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Анын өлүмү аркылуу мен үчүн бул дүйнө айкаш жыгачка керилген, ал эми мен бул дүйнө үчүн айкаш жыгачка керилгем. Анткени Машаяк Исада сүннөткө олтуруунун да, олтурбоонун да мааниси жок, маанилүүсү жаңы табиятка ээ болуу. Ушул эреже менен өмүр сүргөндөргө жана бардык Кудайдын адамдарына Жараткан тынчтык берип, кайрым кылсын. Мындан ары эч ким мага түйшүк артпасын, анткени денемдеги жарааттар Исанын кызматчысы экенимдин далили! Ылайым Теңири Иса Машаяк силерге жар болсун, боордошторум! Оомийин.

Эфес 1

Кат башы

(1:1-2) Кудайдын каалоо-тилеги менен Иса Машаяктын элчиси болуп дайындалган Паулостон Эфестеги Машаяк Исага ишенимдүү өмүр сүргөн ыйыктарга... Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк силерге ырайымын ыроолоп, тынчтыгын берсин.

Кудайдын куткаруу жолу

(1:3-14) Теңири Иса Машаяктын Атасы болгон Кудайга алкыш айталы! Анткени ал бизге Машаяк аркылуу батасын берип, асмандагы түркүн-түркүн рухий баталарын жаадырды. Өзүнүн алдында ыйык жана эч кемтиксиз эл болуп жүрсүн деп ааламды жаратаардан мурда эле ал бизди Машаяк менен бирдикте тандап алган. Бизди сүйгөндүктөн Иса Машаяк аркылуу өзүнө бала кылып алууну күн мурунтан белгилеп, пландаштырган. Ооба, Кудайдын ак тилеги ушундай болгон. Ошондуктан өзүнүн сүйүктүү Уулу аркылуу бизге берген кереметтүү жана зор ырайымы үчүн аны алкайлы. Анткени биз Машаяктын курман болуп, кан төгүүсү аркылуу карызыбыз төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилип, азаттыкка чыктык. Ушундай чексиз зор ырайымын бизге мол жаадырган Кудай кандай улуу! Ал өзүнүн терең даанышмандыгы жана зор түшүнүгү менен алдына койгон максатына жетти жана Машаяк аркылуу аягына чыгарам деп чечкен жашырын планын бизге ачып берди. Ал ошол планын белгилүү убакыт жеткенде ишке ашырып, бүткүл ааламдагы, асман менен жердегинин баарын Машаяктын бийлигинин астына апкелип, бириктирет. Баардык нерселер Кудайдын оюндай жана чечиминдей жасалган; ал бизди да Машаяк менен бирге өз калкы болууга тээ башында ойлоп койгон максатынын негизинде алдын ала тандап койгон. Ошондуктан башкалардан мурда Машаякты күтүп келген биз (еврейлер) Кудайды даңкташыбыз керек. Акыйкат сөзү болгон жана силерге куткарылуу алып келген жакшы кабарды укканыңарда силер да (башка улуттагылар) Машаякка кошулдуңар. Ишенгениңерде Кудайдын менчигине өткөндүгүңөрдүн ээн-белгиси катарында силерге Ыйык Рух берилди. Ыйык Рух — бул Кудайдын бизге бере турган мурасын гарантиялап турган алгачкы салым. Ошол мурасты биз Кудай өзүнө караштууларды түгөл куткарганда толугу менен алабыз. Ошондуктан Кудайдын улуулугун даңктайлы!

Машаяктын даражасы

(1:15-23) Ошол себептүү мен силердин Теңири Исага бек ишенип, анын бардык адамдарына карата болгон сүйүүңөрдү эстеп, сыйынган сайын силер үчүн Кудайга дайыма ыраазычылык айтып келатам. Ошондой эле Теңири Иса Машаяктын Кудайы болгон улуу Атабыздан өзүн жакыныраак таанып билүүңөр үчүн силерге Ыйык Руху аркылуу даанышмандык менен түшүнүк берсе экен деп тиленем. Кудайдын жарыгын көрүү үчүн көкүрөгүңөрдүн ойгонушун, өзүңөрдү кандай үмүткө чакырылганыңарды, Кудай өз калкына кандай кереметтүү жана бай убадаларды бергенин билишиңерди сурайм. Ооба, ишенгендердин ичинде аракет этүүчү анын кудурети кандай зор. Кудай ушул керемет кудуретин Машаякты өлгөндөн кайра тирилтип, көктөгү өзүнүн оң жагындагы орунга көтөрүп, отургузуп койгондо колдонду. Азыр Машаяк ошерде олтуруп алып, асмандагы бардык өкүмдарларды, бийликтерди, күчтөрдү жана эгедерлерди башкарып олтурат. Анын даражасы бул жана тигил дүйнөдөгү бардык атак-даражалардан бийик. Кудай баарын Машаяктын бут алдына таштап, аны бардыгынын эң жогорку Эгедери катары ишенүүчүлөр жамаатына берди. Ишенүүчүлөр жамааты болсо бардык жерде бардыгын толтуруп турган Машаяктын толуктугу жана анын Денеси.

Эфес 2

Машаяктагы өмүр

(2:1-10) Кудайга баш ийбегениңерден жана күнөөнүн кесепетинен улам мурда силер рухий жактан өлүк элеңер. Ал убакта силер бул күнөөкөр дүйнөнүн жолунда өмүр сүрүп, Кудайга багынбагандарды башкарып, абада өкүм сүргөн шайтандын падышалыгынын башчысынын жетегинде жүрдүңөр. Чындап эле баарыбыз тең мурда ошолор сыяктуу күнөөлүү табиятыбыздын каалоосуна багынып жашап келгенбиз; денебиз менен акылыбыздын каалоо-кумарларынан чыкчу эмеспиз. Ошол табиятыбыздан улам биз да башкалардай эле Кудайдын каарына калган болчубуз. Бирок Кудайдын ырайымы канчалык мол да сүйүүсү канчалык күчтүү! Ал тил албастыктан улам рухий жактан өлүк болгон кезибизде бизди Машаяк менен бирге тирилтип алды. Кудай ырайымдуу болгондуктан силер куткарылдыңар. Ал бизди Машаяк менен бирге өлүмдөн тирилтип, анан Машаяк менен бирге көктө олтуруу укугун берди. Иса Машаяктагы бизге көрсөткөн сүйүүсүндөгү ырайымынын чексиз экендигин келечек урпактарга айкын кылуу үчүн ал ушундай кылды. Силер Кудайдын ырайымы менен Машаякка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылдыңар. Куткарылуу өзүңөрдүн иш-аракетиңердин натыйжасынан келген жок! Эч ким: “мен ушундай иштерди кылгандыгымдан улам куткарылдым!” деп төшүн кагып, таноосун дердейтпесин үчүн Кудай куткарылууну белек катары бекер эле тартуу кылды. Анткени биздин жаратуучубуз Кудай, ал бизди өзү алдын ала даярдап койгон жакшы иштерди кылсын үчүн Иса Машаяк менен бирдикте жаратты.

Машаяк ар кандай улуттардагы үмөттөрүн биримдикке алып келди

(2:11-22) Ошондуктан эсиңерде болсун: силер башка улуттук болуп туулгансыңар, этинен эт кесилип сүннөттөлгөн еврейлер силерди “сүннөттөлбөгөндөр” деп кемсинтип келишкен. Ал убакта силер Машаяктан бөлүнгөн, Кудайдын тандаган элинен четте, Кудайдын өз эли менен түзгөн келишимдерине негизделген убадаларынан кур жалак элеңер. Бул дүйнөдө түбөлүктөн үмүтүңөр жок кудайсыз болуп жашап келдиңер. Бирок азыр, мурда Кудайдан алыста жашап жүргөн силер, Иса Машаяктын каны аркылуу ага жакын болуп калдыңар. Анткени Машаяк өзү ынтымак алып келип, еврейлер менен башка улуттагыларды бир эл кылды. Ал өз денесин курман кылып эки топту бөлүп турган дубалды талкалап, жок кылды. Машаяк өзүнүн денесин курман кылуу менен яхудейлердин Мыйзамын анын буйрук-эрежелери менен бирге күчүнөн ажыратты. Ушундайча ал еврейлерден жана башка улуттуктардан турган эки топтон өзү менен бирдикте болгон бир жаңы эл жаратып, аларды ынтымакка алып келди. Айкаш жыгачтагы курмандыгы менен экөөнүн кастыгын жоюп, эки элди бир Денеге бириктирип, аларды Кудай менен элдештирди. Кудайдан алыс жүргөн силерге жана жакыныраак турган бизге келип, тынчтык тууралуу жакшы кабарын жарыя кылды. Ошондуктан Машаяк аркылуу силер да, биз да Кудай Атанын алдына бир Рухта бара алабыз. Эми мындан ары силер, башка улуттуктар, бөтөн же келгин эмессиңер, силер ыйыктар менен бирге Кудай падышачылыгынын атуулдарысыңар жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүсүңөр! Силер да элчилер менен пайгамбарлар тарабынан салынган Кудай үйүнүн пайдубалына коюлдуңар. Ал үйдүн негизги бурч ташы Иса Машаяктын өзү. Силер ошол бурч Ташынын катарындасыңар. Ал бүткүл имаратты бириктирип кармап, Жараткан Эгеге арналган ыйык үйгө өстүрүп чыгарып жатат. Башкалар менен бирге силер да ошол таштын үстүндө курулуп, Ыйык Руху аркылуу жашай турган Кудайдын турагына айландыңар.

Эфес 3

Паулостун башка улуттарга кылган кызматы

(3:1-13) Ошондуктан мен, Паулос, башка улуттук силер үчүн Машаяк Исанын туткуну болуп калдым. Кудай ырайым кылып, силер үчүн ушу милдетти аткарууну мага жүктөгөнү тууралуу силер албетте уккансыңар. Кудай өзүнүн жашырын сырын мага ачып берди. (Мен бул тууралуу кыскача жазып койдум, эгерде силер менин катымды окуй турган болсоңор, анда Кудайдын Машаяк аркылуу ачып берген сыры тууралуу менин түшүнүгүмдү аңдай аласыңар.) Бул сыр адамзаттын мурдагы урпактарына айтылган эмес, бирок азыр Кудай аны Руху аркылуу өзүнүн ыйык элчилери менен пайгамбарларына ачып берди. Сырдын мазмуну мындай: башка улуттагылар жакшы кабардын аркасында еврейлер менен бирге Кудайдын баталарына шыбагалаш. Алар да бир эле Дененин мүчөсү болгондуктан Кудайдын Машаяк Иса аркылуу берген убадаларын еврейлер менен бөлүшөт. Кудайдын кудурети менен мага берилген белек аркылуу мен ошол жакшы кабардын кызматчысы болуп калдым. Кудай адамдарынын бардыгынын эң кичинеси болгонума карабай, Машаяктын чексиз зор байлыктары тууралуу жакшы кабарды башка калктарга угузуу артыкчылыгын жана бардык элдерди Кудайдын жашырын планы кандайча ишке ашканын көрсөтүү тапшырмасын ал мага берди. Бардыгын жараткан Кудай бул сырын мурдагы өткөн замандарда жашырып келген. Өзүнүн акылмандыгын асмандагы башкаруучулар менен бийлөөчүлөр машаяктар жамааты аркылуу ар тараптан үйрөнө алсын үчүн ал ушундай кылды. Кудай ушу түбөлүк максатын Теңири Машаяк Иса аркылуу ишке ашырды. Эми биз ишеним менен Иса Машаяк аркылуу көктөгү Атабызга даап барып, жакындай алабыз. Ошондуктан өтө суранамын: силер үчүн тарткан азаптарыман улам ындыныңар өчпөсүн. Мунун баары силердин пайдаңар үчүн болуп жатат.

Паулостун ишенүүчүлөр үчүн сыйынышы

(3:14-21) Ошол себептен мен Кудай Атабыздын алдына чөк түшүп, силер үчүн бата тилеп, сыйынам. Асман-жердеги бардык элдер өздөрүнүн чыныгы аттарын ошондон алышат. Дилиңерде бекем болушуңар үчүн Кудай Ыйык Руху аркылуу өзүнүн улуу байлыгынан силерге күч-кудурет берсин. Ишенимиңер аркылуу Машаяк жүрөгүңөргө орноп, өмүрүңөр анын сүйүүсүнө тамыр жайып, негизделсин. Ушундайча бардык ыйыктар менен бирге Машаяктын сүйүүсүнүн канчалык кең жана чексиз, терең жана бийик экенин түшүнүп, адам акылы жетпеген ошол сүйүүнү таанып билип, ошол аркылуу Кудайдын касиеттеринин толуктугуна жандүйнөңөр бөлөнсүн! Ал эми Теңирибиз биздин ичибизде аракет кылган өзүнүн кудурети аркылуу биз сурагандан же болбосо ойлогондон алда канча көп нерселерди жасай алат. Машаяк Исанын жамааты укумдан тукумга, кылымдардан кылымга Ошону даңктасын! Оомийин.

Эфес 4

Денедеги биримдик

(4:1-16) Ошондуктан, Теңирибизге кызмат кылганым үчүн түрмөдө жаткан мен Кудай силерди кандай максатта чакырса, ошого ылайык өмүр сүргүлө деп суранамын. Ар дайым момун, кичи пейил, сылык, чыдамдуу болгула. Бири-бириңерге көтөрүмдүү болуп, сүйүү көрсөткүлө. Силерди өз ара ынтымакташтырып турган Ыйык Рух берген биримдикти сактаганга тырышкыла. Кудай силерди бир үмүткө чакырган, ошондой эле биз бир Дененин мүчөсүбүз жана бир Рухтун жетегиндебиз. Баарыбыздын Теңирибиз бир. Барыбыздын ишенимибиз да, чөмүлгөнүбүз да бирдей. Баарыбыздын Кудайыбыз жана Атабыз бир, ал баарыбыздын Эгебиз, ал баарыбыз аркылуу иштейт жана баарыбыздын жүрөгүбүздө. Машаяк баарыбызга өзгөчө бир шыктарды белек кылган. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Ал эң бийик жайга чыгып барып, туткундарды кармап, адамдарга белектерди тартуулады”, — деп жазылган. “Чыгып барды” деген сөздүн мааниси кандай? Ал Машаяк алды менен жердин түбүнө түшкөндүгүн көрсөтүп турат. Демек “түшкөн” деген бул бүт ааламды өзүнүн турушу менен толтуруш үчүн “жети кабат” асмандан да өйдө чыккандын өзү. “Адамдарга белектерди тартуулаган” ошол; ал бирөөлөрдү элчи, бирөөлөрдү пайгамбар, бирөөлөрдү жакшы кабарды таратуучу, бирөөлөрдү жыйындын руханий багуучусу же болбосо окутуучусу кылып дайындады. Машаяктын Денеси өсүп-өнүгүшү үчүн бардык ыйыктарды кызмат ишине даярдоо үчүн ал ушундай кылды. Баарыбыз Кудай Уулуна болгон ишенимде жана аны таанып-билүүдө биримдикке ушундайча келишибиз керек. Биз Машаяктын баралына жетип, бышкан адамдардан болушубуз керек. Ошондо бирөөлөрдү ар кандай айлакерлик менен азгырган адамдардын ар кандай окууларынын шамалына термелип, аркасынан чуркап кызыккан жаш балдардай болбойбуз. Тескерисинче, биз сүйүү Руху менен бири-бирибизге чындыкты сүйлөп, Дененин Башы болгон Машаякка карай ар-тараптуу өсүшүбүз керек. Ошонун башчылыгы астында ар түрдүү омуртка-жиликтер аркылуу өз ара байланышып жана туташып, ар бир мүчөсү өз милдетин аткарып турган дене сыяктуу биз да ар бирибиз сүйүүдө өсүп-өнүгөбүз.

Эски жана жаңы жашоо

(4:17-24) Ошондуктан Теңирибиздин атынан силерге эскертемин: мындан кийин ой-санаасы түккө турбаган, акыл-сезимдери караңгы кудайсыз элдердей өмүр сүрбөгүлө! Кудай берчү өмүрдөн алардын эч кандай үлүшү жок, анткени алар наадандар жана тоңмоюндар. Алар уят-абийирин толугу менен жоготуп, ар кандай адепсиздиктерге берилишип, шермендечиликтерди кылуудан тартынышпайт. А силер болсо Машаяк тууралуу мындай таалим алган эмессиңер! Силер анын айткандарын угуп, анын жолун жолдогондор катарында Исадагы акыйкатка үйрөтүлгөнсүңөр. Ошондуктан алдамчы кумарлар менен өмүрүңөрдү кууратып келген эски адамдык табиятыңарды эми көмүп салгыла! Акыл-сезимиңерди толугу менен жаңырткыла. Кудайдын табиятына окшоштурулуп, өзүн түз жана ыйык жашоого арнаган жаңы адамдын табиятын кийгиле.

Жаңы кулк-мүнөз

(4:25-32) Ошондуктан жалганчылыкты таштап, бири-бириңерге чындыкты сүйлөгүлө, анткени биз бир Дененин мүчөлөрүбүз! Ачуулансаңар, ачууңардын силерди күнөөгө батырышына жол койбогула жана күндү ачууланган тейитте батырбагыла. Шайтанга орун бербегиле! Ким мурда ууру болгон болсо, эми уурулукту таштасын, адал эмгек кылып, тапканын муктаж болгондор менен бөлүшө алгыдай болсун. Оозуңардан эч бир чирик сөздөр чыкпасын, жакшы сөз гана чыгып, керек болгон учурларда уккандарга жакшылык апкелип, алардын рухун өстүрсүн. Ошондой эле Ыйык Рухту капа кылбагыла! Анткени Ыйык Рух — бул Кудайдын силер анын менчиги экениңерди билдирген эн-белгиси, силер үчүн толук эркиндикке чыга турган күн келеринин гарантиясы. Эч кандай ачуу, кыжырлануу, жаалдануу, кыйкырык, жаман тилдүүлүк, кордоо, жек көрүү силерде болбосун. Булардын ордуна бири-бириңе кайрымдуу, мээримдүү болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу кечирди, ошондуктан силер да өз ара кечиришкиле.

Эфес 5

Ак жашагыла

(5:1-7) Силер Кудайдын сүйүктүү балдарысыңар, ошондуктан Кудайга окшош болууга умтулушуңар керек. Машаяктын бизди сүйүп, биз үчүн өзүн курман кылгандай, силер да бири-бириңди сүйүп өмүр сүргүлө! Анын бул курмандыгы Кудайга жаккан жагымдуу жыт курмандыгы сыяктуу болду. Силер Кудайдын ыйык элисиңер, ошондуктан араңарда бузуктуктун, ар кандай адепсиздик менен ач көздүктүн аты да аталбасын. Ошондой эле сөгүнүп-сагынган, пайдасыз, жөнү жок калжаңдаган сөздөр силерге жарашпайт. Мунун ордуна Кудайды алкаганыңар жакшы. Эч бир жүрүшү бузукка, адепсизге жана ач көзгө (анткени ач көздүк — бул жалган теңирлерге табынуучулуктун бир түрү) Машаяктын жана Кудайдын падышалыгында орун жок. Бирөөлөрдүн акылсыз сөздөрүнө кирип, алданбагыла! Себеби Кудайга моюн сунбагандарга ушу күнөөсү үчүн каардуу сот күнү келет. Ошондуктан алар менен байланышпагыла!

Теңирдин нурунда жашоо

(5:8-20) Мурда силер караңгы элеңер, азыр болсо Теңирибиз менен байланышып, жарыксыңар. Ошондуктан эми жарыктын адамдарындай жашашыңар керек! Ал эми жарыктагы өмүр болсо ар кандай жакшылыктын, адилдиктин жана акыйкаттын жемиштерин берет. Кудайга эмне жагаарын билгенге умтулгула. Караңгынын адамдарындай эч бир пайдасыз иштерди кылбагыла. Анын ордуна аларды жарыкка алып келгиле. (Ачык айтканда алардын жашырын кылган иштерин айтууга ооз да барбайт.) Ал эми караңгылыкка жарык чачыраса, андагынын баары ачык көрүнөт. Анткени ачыкка чыккандын баары жарык болуп калат. Мындай деп айтылган: "Эй уйкучу, ойгон! Өлүмдөн тирил! Ошондо Машаяк сага нурун чачат”. Ошондуктан жашооңорго назар салгыла. Наадандардай эмес, акылмандардай болгула. Бардык мүмкүнчүлүгүңөрдү жакшылык жасоого жумшагыла. Анткени биз жашап жаткан убак жакшы эмес. Ошондуктан акылсыз болбой, Кудайдын силерден эмнени күткөнүн билгенге тырышкыла. Ичкиликке берилбегиле, анткени ичкилик бузукулукка батырат. Анын ордун Ыйык Рухка берилгиле. Бири-бириңерге Забур, Кудайды даңктоо, гимн жана рухий ырлардын сөздөрүнөн айтып, Теңирибизди чын жүрөктөн мактап, ырдагыла. Бардыгында Кудай Атага Теңири Иса Машаяктын атынан рахмат айткыла!

Үй бүлөдөгү жашоо эрежелери

(5:21-33) Машаяктын урматына бири-бириңерге баш ийгиле! Аялдар, силер күйөөлөрүңөргө Теңирибизге моюн сунгандай баш ийгиле! Анткени ишенүүчүлөр жамаатынын башчысы Машаяк болгон сыяктуу, аялдын башчысы анын күйөөсү. Машаяк Жамааттын куткаруучусу, ал эми Жамаат болсо Машаяктын Денеси. Жамаат Машаякка кандай моюн сунса, аялдар да бардыгында күйөөлөрүнө ошондой моюн сунууга тийиш. Күйөөлөр, Машаяк өз жамаатын кандай сүйсө, силер да аялыңарды ошондой сүйгүлө! Кудай сөзүнүн кудурети менен жууп, ыйыкташ үчүн Машаяк өз жамааты үчүн жанын кыйды! Жамаатты эч бир так, кынтык жана башка кемчиликсиз, ыйык жана аруу кылып анын бардык сулуугунда өзүнүн алдына алып келүү үчүн ал ушундай кылды. Күйөөлөр аялдарын өзүнүн денесиндей сүйүшү керек. Аялын сүйгөн өзүн да сүйөт. Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче аны бапестеп багат. Машаяк да өз жамаатын ошентет, анткени биз анын Денесинин мүчөлөрүбүз. Ыйык Китепте айтылгандай: “ошондуктан эркек ата-энесин таштап, аялына жармашып калат да экөө бир денени түзүшөт”. Бул сыр өтө терең, мен муну Машаякка жана жамаатка карата айтып жатам. Бирок мунун силерге да тиешеси бар: ар бир эркек аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, ал эми ар бир аял өзүнүн күйөөсүнөн ыйбаа кылып, аны сыйласын.

Эфес 6

Ата-энелер менен балдарга насаат

(6:1-4) Балдар, силер ата-энеңерге баш ийишиңер керек. Бул силердин Кудай алдындагы парызыңар. Адилдиктин талабы ушундай. Кудай убадасы менен кошуп берген биринчи осуят ушул. Ал: “Ата-энеңди сыйла, ошондо бактылуу болуп, мен берген жерде узак өмүр сүрөсүң”, — деген. А силер, аталар, балдарыңардын ачуусуна тийбей, тескерисинче аларды Кудай жолуна тарбиялап өстүргүлө.

Кожоюндарга жана кулдарга насаат

(6:5-9) Кулдар, силер өз кожоюндарыңарга моюн сунуп, алардан ыйбаа кылып, аларга Машаякка кызмат кылып жаткандай чын жүрөктөн кызмат кылгыла. Адамдарга жагалдангандардай көзү барда гана эмес, Машаяктын кулдарындай Кудайдын эркин жандилиңерден аткарып, адамдарга эмес Кудайга кызмат кылып жаткандай чын дилден кызматыңарды өтөгүлө. Кул болобу, башы бошпу эмне жакшы иш кылса да Кудайдан сыйлыгын аларын билгиле. Ал эми кожоюндар, силер да кулдарыңарга ушундайча мамиле кылып, коркутуп-үркүтүүңөрдү ары жыйыштырып, өзүңөрдүн да көктө Кожоюнуңар бар экенин жана ал адамдардын ээлеген даражасына карабай тургандыгын көңүлдүн чордонунан чыгарбагыла.

Шайтандын аскерине каршы согуш

(6:10-20) Акырында айтаарым бул: Теңир менен тыгыз байланышта жүрүп, анын кудуретинен кубат алып, күчкө толгула! Шайтандын ар кандай айлакерлигине каршы тура алгыдай болуу үчүн Кудайдын бардык куралдарын алгыла. Анткени биздин согуш кан менен эттен турган адам баласына каршы эмес, бул караңгы дүйнөдө өкүм сүргөн рухий күчтөргө, анын башчылары менен өкүмдарларына, асмандагы көрүнбөгөн кара күчтөргө каршы. Ошондуктан каран күн келгенде душмандын чабуулуна каршы туруп, баарын жеңип чыгып аман калгыдай болууңар үчүн Кудайдын бардык курал-жарактарын азыртан алгыла. Чындыкты кур сыяктуу белиңерге байланып, адилдикти зоот сыяктуу төшүңөргө тагынып, тынчтыктын жакшы кабарын таратууга бут кийимиңерди кийип, даяр тургула. Ар дайым ишенимди калкан сыяктуу көтөрүп жүргүлө, ошондо амалкөй шайтандын бардык оттуу жебелерин өчүрө аласыңар. Ошондой эле куткарылуу туулгасын кийип, Ыйык Рухтун кылычы болгон Кудай сөзүн алгыла. Мунун баарын Кудайдан жардам сурап сыйынууда кылгыла. Ар дайым Ыйык Рух менен сыйынгыла. Дайым сергек болуп, солгундабагыла. Кудай адамдарынын баары үчүн ар дайым сыйынгыла! Ошондой эле мен үчүн да сыйынгыла! Сүйлөгөнгө даяр турган кезимде Кудай мага кабарын берип, аны тайманбастан ачык сүйлөйүн жана жакшы кабардын сырын жеткире алгандай болоюн. Мен ошол жакшы кабардын урматына азыр түрмөдө жатсам да элчи болуп жүрөм. Мен милдетимди жакшы аткарып, жакшы кабарды тайманбастан айта алышымды сурап, Кудайга сыйынгыла.

Соңку сөз

(6:21-24) Менин ал-ахвалым менен иштеримдин кандай болуп жатканын сүйүктүү боордошубуз жана Теңирибиздин ишенимдүү кызматкери —Тихикустан угасыңар. Мен аны бул жердеги биздин баарыбыздын ал-жайыбызды айтып берип, силерди чыйралтсын деген максатта атайын жиберип жатам. Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк бардык боордошторубузга тынчтык, сүйүү жана ишеним берсин! Теңири Иса Машаякты көөнөрбөс сүйүү менен сүйгөндөрдүн баарына Кудай жар болуп, ырайымын төксүн. Оомийин.

Филипия 1

Кат башы

(1:1-11) Машаяк Исанын кызматкерлери Паулос менен Тимотеостон Филиппиядагы бардык Машаяк Исанын үмөттөрүнө, анын арасында жамаат аксакалдары менен алардын жардамчыларына... Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк баарыңарга ырайым кылып, ынтымак берсин. Силерди эстеген сайын Кудайыма ыраазычылыгымды айтам. Ар дайым баарыңар үчүн сыйынганымда, кубанычка бөлөнөм. Анткени тээ башынан ушул күнгө чейин силер мени менен кызматташ болуп келдиңер. Ошондуктан силерде жакшы ишти баштаган Кудай, Машаяк Исанын кайта келе турган күнүнө чейин өтөсүнө чыгарына мен терең ишенем. Андыктан сүйүүңөрдүн ашып-ташып, таза билим менен жеткилең акыйкатка жуурулушуп өсө бериши үчүн сыйынам. Ошондо эмненин жакшы экенин ажырата билип, Машаяктын кайтып келген күнүндө бардык булганыч менен кемчиликтерден таза болосуңар. Жашооңор Кудайдын даңкын чыгарып, зоболосун көтөрө турган, Иса Машаяктан гана келе турган адилеттүүлүктүн жемиштерине толот.

Паулостун жакшы кабар таратканы үчүн тарткан азабы

(1:12-30) Боордошторум, менин башыман кечиргендерим Кудайдын кабарынын жакшы тарашына гана түрткү болгонун билишиңерди каалар элем. Анткени менин Машаяк үчүн түрмөдө жатканым ак сарайдагылар менен башкалардын баарына маалым болду. Көптөгөн боордошторумду Кудайдын кабарын кайрат менен коркпостон жарыялаганга чыйралтты. Албетте, алардын кээ бири көрө албастык менен атаандашчылдыктан улам үгүт таратып жүрүшөт. А бирок чын жүрөктөн ак ниет менен тараткандары да бар. Булар жакшы кабарды жактаганым үчүн түрмөгө түшкөнүмдү билип, сүйүүнүн негизинде үгүт жүргүзүшсө, тигилер чын жүрөктөн эмес, өз кызыкчылыгын көздөп, түрмөдө жаткан мени кыйнайын деген ниет менен үгүт жүргүзүшүүдө. А бирок айырмасы канча! Ак ниеттенби же жокпу, кандай жол менен болсо да Машаяктын жарыяланып жатканы маанилүү. Мен ошого кубанам жана кубана бермекчимин! Анткени мен билем: силердин сыйынууларыңар менен Исанын Руху берген жардам мени боштондукка чыгарат. Жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү эңсөөм менен үмүтүм — эч качан мойнумдагы милдетти аткара албай калбай, уят болбой, ар дайым (айрыкча азыр) кайратыман кайтпай, тирүү болсом да, өлсөм да бүткүл турпатым менен Машаяктын зоболосун көтөрүү. Өмүр деген эмне? Мен үчүн өмүр — бул Машаяк, ал эми өлүм болсо — утуш. Бирок эгер тирүү болсом, анда дагы көбүрөөк үзүрлүү иш кылам. Демек, кайсынысын тандашым керек? Билбейм! Эки нерсени кармап, кайда барарымды билбей башым маң. Бул жашоодон кетип, Машаяк менен болуу мен үчүн алда канча жакшы дечи, бирок силер үчүн тирүү болуп турушум андан да маанилүүрөөк. Ооба, мен буга терең ишенем, ошондуктан дагы өмүр сүрөөрүмдү билем. Силердин ишенимде өсүшүңөр жана кубанычыңар үчүн баарыңар менен бирге араңарда кала берем. Ошондо кайрадан араңарга барганымда силер мени менен сыймыктанып, Машаяк Исадагы кубанычыңар ашып-ташат. Эмне болсо да Машаяктын жакшы кабарына татыктуу өмүр сүргүлө. Ошондо качан болбосун силерге келгенимде болобу, же башка жакта жүрүп, силер тууралуу укканымдабы, силердин ынтымакта жашап атканыңарды, силерге каршы чыккандардан эч бир коркпостон жакшы кабардагы ишенимде бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып жүргөнүңөрдү түшүнөм. Бул силерге каршы чыккандардын ойрон болорун, ал эми силердин болсо жеңишке жетериңердин далили болот. Анткени силердин артыңарда Кудайдын өзү турат. Силердин бешенеңерге Машаякка ишенүү артыкчылыгы гана эмес, ал үчүн азап тартуу да жазылган. Силер мен башыман өткөргөн күрөштү көрдүңөр жана азыр да күрөшүп жатканымды угуп жатасыңар. Бул күрөш силерге да тиешелүү.

Филипия 2

Машаяк менен жашоо

(2:1-30) Эгерде Машаяк менен болгон мамиледен кандайдыр бир кайрат, анын сүйүүсүнөн кандайдыр бир сооронуч, Ыйык Рухунан кандайдыр бир тилектештик, кайрымдуулук, боорукердик тапсаңар, анда бир пикирде болуп, бир сүйүүнү бөлүшүп, бир рух жана бир максатты карманып, менин кубанычымды толуктагыла. Кара баштын кызыкчылыгын көздөбөгүлө, атаандашпагыла, кичи пейил болуп, башкаларды өзүңөрдөн өйдө койгула. Ар бириңер өзүңөрдү гана ойлобостон, башкалардын да кызыкчылыгын көздөгүлө. Силердин көз карашыңар Машаяк Исаныкындай болуш керек. Ал өзү Кудайдын табиятын алып жүрсө да, Кудай менен теңмин деп кыйынсынбады. Тескерисинче өзүн ушунчалык кемсинтип, кулдун кейпин кийип, пендеге окшотту. Адам кебетесинде келип, өзүн пас кармап, өлгөнгө чейин — болгондо да айкаш жыгачка кадалып өлтүрүлгөнгө чейин момун болду. Ошондуктан Кудай аны көккө көтөрүп, мартабасын баарынан бийик кылып, бардык ысымдардан жогорку ысымды берди. Асман менен жердеги жана жер астындагылардын баары анын алдында тизе бүгүп, ар бир тил анын Теңир экенин ачык айтып, Кудай Атанын даңкын чыгарсын үчүн ушундай кылды. Ошондуктан, сүйүктүүлөрүм, ушул убакка чейин менин көзүм барында моюн сунуп келгениңердей, мен жокто андан бетер момун болуп, Кудайдан коркуп, аны терең сыйлоо сезими менен куткарылууңардын өтөсүнө чыккыла. Анткени өзүнүн жакшы тилегине шай келген иштерди кылуу үчүн силерге каалоо берип, иш-аракетке түртүп жаткан ошол. Эмне кылсаңар да наалыбай, талашып-тартышпай жасагыла. Өзүңөрдү кемчиликсиз, таза кармап, азыркы бузулган, күнөөкөр тукумдун арасында ааламга жарыгын чачкан жылдыздар сыяктуу, эч кынтыксыз Кудайдын балдары болгула. Кудайдын өмүр берүүчү сөзүн сактап жашагыла! Машаяк келген күндө аракет-мээнетимдин талаага кетпегенине сыймыктангандай болоюн. Мейли, менин каным курмандык чалчу жайдын үстүнө куюлган шараптай төгүлүп, силердин ишенимиңерден чыккан курмандык болсун! Мен ошондо да ыраазы болуп, силердин кубанычыңарга кошулам. Ошол сыяктуу силер да менин кубанычыма ортоктош болушуңар керек. Теңири Иса кааласа жакын арада Тимотеосту силерге жиберейин деп атам. Силерден жаңылыктарды угуп, менин да көңүлүм көтөрүлсүн. Чын жүрөгү менен силердин камыңарды ойлогон андан башка адамым жок. Анткени башкалардын баары эле Иса Машаяктын эмес, кара башынын камын ойлогондор. Ал эми Тимотеосту болсо силер жакшы билесиңер: ал жакшы кабар кызматында мага балам сыяктуу жардам берип, өзүнүн ким экенин көрсөттү. Ошондуктан сотто ишимдин кандай чечилерин билерим менен аны силерге жөнөтсөм деген үмүттөмүн. Өзүм да жакын арада силерге барып калам деп, Кудайга терең ишенемин. Ошондой болсо да мен үчүн кам көрсүн деп силер тараптан жиберилген боордошум, жардамчым жана кызматташым Епафродитосту кайра силерге жөнөтүүнү зарыл деп таптым. Анткени ал силерди абдан сагынды жана катуу ооруп калганы жөнүндөгү кабардын силерге жеткенине капа болду. Чындап эле ал катуу ооруду. Бирок Кудай ага ырайым кылды. Ага эле эмес кайгыма кайгы кошулбасын деп мага да боору ооруду. Ошондуктан анын силерге барышын баарынан да мен көп каалайм. Силер анын жүзүн кайрадан көрүп, сүйүнгүлө, ошондо менин жаным жай алат. Аны Теңирибиздин урматына кубаныч менен тосуп алгыла. Силер мындай адамдарды сыйлашыңар керек, анткени ал Машаяктын иши үчүн бир өлүмдөн калды. Силер мага бере албай калган жардамды толукташ үчүн ал өз өмүрүн чоң тобокелге салды.

Филипия 3

Динчилдик эмес, ишеним маанилүү

(3:1-21) Боордошторум, баарынан да Теңирибиз менен бирге кубанып-шаттангыла! (Бул насаат силерге керектүү болгондуктан анын кайра-кайра эле силерге кайталап жаза берүү мага оор эмес.) Жанагы иттерден сак болгула! Денесин кескилегендерден абайлагыла! Анткени чыныгы сүннөткө олтургузулгандар биз — Кудай Рухунун жетегинде табынгандар, Машаяк Исаны урматтагандар жана денеге таянбагандар. Керек болсо, менин денеге да таянып, укуктарым менен мактанганга турган себептерим көп! Чындап эле! Эгер табигый укуктарга таянганга мүмкүн болсо, анда мен эч кимге караандатпайм: сегизинчи күнү сүннөткө олтургузулгам, Исраилдин тукумунанмын, (болгондо да Бенжамин уруусунанмын,) еврейдин еврейимин, яхудей жолунда болсо, жеткен парызчылмын, өз динимди жактайм дегенде Машаяктын жамаатын далай куугунтукка алган кишимин, Мыйзам жагынан алганда эч кынтыгым жок. А бирок мурда менде кандай артыкчылык бар болгон болсо, азыр Теңири Машаяк Исаны таанып-билүүнүн ченемсиз баалуулугу менен салыштырганда алар түккө да турбайт деп эсептейм. Ошондуктан Машаяк үчүн денеге байланыштуу артыкчылыктарымдын баарын кечип салдым. Бул жашоодон Машаякты утуп алып, аны менен ысык мамиледе болуш үчүн алардын баарын таштанды деп эсептейм. Ушул максатта диний мыйзамга негизделген такыбаалыгыма эмес, Машаякка таянуу аркылуу келген, ишенимдин негизинде Кудай тарабынан берилген такыбаалыкка ээ болгум келет. Мен Машаякты жана анын кайра тирилтүүчү кудуретин билип, тарткан азаптарына ортоктош болгум келет. Кыяматтагы тирилүүгө жетүү үчүн ага окшоп өлгүм келет. Ушундайча кайра тирилүүгө жетермин деп үмүттөнөм. Мен ал даражага али жете элекмин. Жеткилең болуп калдым деген да жерим жок, бирок менин умтулуум — Машаяк Иса мага жеткендей, мен да ага жетүүм. Боордоштор, мен өзүмдү максатыма жеттим деп эсептебейм, бирок өткөндү унутуп, алдыдагы байгеге умтулуп, Кудайдын Иса Машаяк аркылуу бере турган сыйлыгына жетүүгө тырышып жүрөм. Ошондуктан араңардан ким жеткилеңдикке жеткен болсо, мен сыяктуу ой жүгүртсүн. А эгер кандайдыр бир нерсеге башкача көз карашта болсоңор, аны да Кудай ачып берет. Эмне болсо да, кандай деңгээлге жетишкен болсок, ошондой жашайлы. Боордоштор, үлгүнү менден алып жашагыла, ошондой эле биз силерге калтырган үлгү боюнча жашап жаткандардын жашоосун байкагыла. Мен мурда айтканымды кайрадан көз жашымды төгүп, кайталап жатам, анткени көп адамдар Машаяктын айкаш жыгачтагы курмандыгынын душмандары сыяктуу жашоодо. Алардын келечеги — тозок, кудайы — курсак, мактанычы — шермендечилик. Булар болсо бул жалган дүйнөнүн өтүп кетчү лаззаттары гана. А биздин мекенибиз асманда. Куткаруучу Теңирибиз — Иса Машаякты ошол жактан күтүп жатабыз. Ал бардык нерселерди багынта турган күчү менен биздин өлө турган денелерибизди өзгөртүп, өзүнүн улуу денеси сыяктуу кылат.

Филипия 4

Насааттар

(4:1-9) Ошондуктан, боордошторум, сүйүктүүлөрүм, менин сагынычым, кубанычым жана сыймыгым, силердин Теңирибиз менен бирге жашоону уланта беришиңер кандай маанилүү! Карындаштарым Еводия менен Сүнтүхеден өтө суранам: Теңирибизге моюн сунуп, ынтымакка келгиле. Эй, каамытташым, сенден суранам: жакшы кабар таратуу күрөшүндө Клементос жана башка кызматташтарымдын катарында талбай эмгек кылышкан бул аялдарга ынтымакка келүүгө жардам кыл. Булардын аттары өмүр китебинде жазылуу. Теңир менен бирге ар дайым кубангыла. Дагы айтам: кубангыла! Силердин момундугуңар баарына көрүнсүн. Теңирибиздин келе турган убагы жакындап калды. Эч нерседен түйшүк тарпагыла, бирок бардык сыйынууларыңарда Кудайга шүкүрчүлүк келтирүү менен бирге өтүнүчүңөрдү айткыла. Ошондо пенденин түшүнүгүнөн алда канча жогору турган Кудайдын тынчтыгы акыл-сезимиңерди Машаяк Иса аркылуу тынчтандырат. Акырында айтарым, боордошторум, эмне акыйкат болсо, эмне татыктуу болсо, эмне туура болсо, эмне таза болсо, эмне жарашыктуу болсо, эмне сүйкүмдүү болсо, дегеле эмне жакшы жана мактаганга татыктуу болсо, акыл-сезимиңерди ошолор менен толтургула. Менден эмнени үйрөнгөн, уккан жана көргөн болсоңор, ошону иш жүзүндө колдонгула. Ошондо тынчтыктын Кудайы силер менен бирге болот.

Паулдун филипиялыктардын белектерине ыраазычылыгы

(4:10-20) Силер акырында кайрадан мен үчүн кам көрө баштаганыңарга абдан сүйүндүм. Силер мурда деле кам көрүп келгенсиңер, бирок шарт жок болгондуктан мага жете албадыңар. Муну мен азыр муктаж болуп, кыйналып жатканымдан айтып жаткан жерим жок, анткени мен бардык жагдайларда колумда барга канагат кылганды үйрөндүм. Муктаждык деген эмне экенин, молчулук деген эмне экенин жакшы билем. Кандай гана абалда болбоюн: курсагым ток болгондо да, ач болгондо да, молчулукта да, жокчулукта да — бардыгында жашоонун сырын билип алдым. Мага Машаяк берип турган кубат менен баарын жасай алам. Кандай болсо да менин кыйынчылыктарымы бөлүшкөнүңөр — соопчулук. Анын үстүнө силер, филипиялыктар, билесиңер: мен Македониядан чыгып, араңарда жакшы кабар тарата баштаган алгачкы күндөрдө силерден башка бир да жамаат менин бар-жогум менен иши болбоду. Ал тургай Салоникада жүргөнүмдө да силер улам-улам жардам жиберип турдуңар. Чынында мен материалдык белектен да руханий дүйнөңөрдөгү силерге пайдалуу жемиштердин көбөйүшүн күтөм. Силер менин муктаждыгымды толук канаатандырдыңар, ал тургай ашыгы менен бердиңер. Жыттуу жана Кудайга жаккан курмандыктай болгон белегиңерди Епафродитостун колунан алып, аябай ыраазы болдум. Кудайым эмне муктаждыгыңар болбосун, өзүнүн улуу байлыктарынан алып, Машаяк Иса аркылуу баарын берет. Биздин Кудай Атабызга түбөлүк даңк болсун! Ооба ошондой болсун.

Саламдар

(4:21-23) Машаяк Исага караштуу ыйыктардын баарына салам дегиле. Жанымдагы боордошторум силерге салам жолдоп жатышат. Кудай адамдарынын баары силерге салам деп жатышат, айрыкча мурда императордун чарбасында иштегендер. Теңири Иса Машаяктын ырайымдуу руху жүрөгүңөрдөн түнөк тапсын! Оомийин.

Колоса 1

Саламдашуу

(1:1-2) Кудайдын эрки менен Машаяк Исанын элчиси болгон мен — Паулос, боордошубуз Тимотей экөөбүз Колосса шаарындагы Машаякка чындили менен берилген Кудайдын адамдарына салам айтабыз... Силерге Кудай Атабыз берекесин төгүп, тынчтыгын ыроолосун!

Кудайга ыраазычылык

(1:3-14) Силер үчүн сыйынганыбызда Теңири Иса Машаяктын Атасы — Кудайга дайыма ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Анткени Машайак Исага болгон ишенимиңерден жана Исанын ыйык кызматчыларынын баарына көрсөткөн мээримиңерден кабардарбыз. Бул ишеним менен мээримдин булагы — силер үчүн асманда даярдалып коюлган Үмүт. Ошол үмүт силерге жеткен акыйкаттын сөзү — Инжилдин жакшы кабарында бар. Силер Кудайдын ырайымы тууралуу угуп, анын бардык чындыктарынан түшүнгөн күндөн бери жакшы кабар араңарда тамыр жайып, батасы тийип жаткандай, ал азыр бүт дүйнөгө жайылып, жемишин берип жатат. Ырайымдуу Кудайдын сөзүнөн силерге таалим берген Машаяктын ишенимдүү кызматкери, биздин сүйүктүү кызматташ бурадарбыз Эпафрас, силердин Ыйык Рухтан алган зор мээримиңер тууралуу бизге кабар кылды. Ошону уккан күнүбүздөн бери силер үчүн тынбай сыйынуудабыз. Кудайдан тиленерибиз бул: анын эркин жакшылап түшүнүшүңөр үчүн силерге ал өзүнүн акыл-эсинен берсин. Кудайга татыктуу мамиледе болуп, бардык жагынан ага жагып, ар кандай сооп иштерди кылып, Кудайды таанып-билүүдө өсүүңөрдү каалайбыз. Чыдамкай, айкөл болуу үчүн анын улуу кудуретине өзүңөрдү бекемдеп, кубаныч менен Кудай Атабызды алкыштагыла. Бизди жарыктын хандыгында жашаган ыйыктардын мурасынан бөлүшүүгө чакырып алган жана караңгылыктын бийлигинен куткарып, өзүнүнүн сүйүктүү Уулунун падышачылыгына киргизген ошол. Анын сүйүктүү Уулу менен бирдикте болуу аркылуу күнөөлөрүбүздүн куну кечирилди.

Пенде жана Машаяк

(1:15-24) Иса көрүнбөгөн Кудайдын элеси. Ал бардык жаратылгандардын туңгучу. Анткени асмандагы болобу, жердеги болобу, көрүнгөнбү, көрүнбөгөнбү — баарын: падышаларды да, падышачылыктарды да, бийлик башындагыларды да, бийликтерди да Уулу жараткан. Булардын баарын Кудай Уулу аркылуу жана Уулу үчүн жаратылган. Уулу баарынан мурда эле бар болгон. Кудайдын Уулу менен тыгыз байланыш аркылуу гана бардык жаратылган нерселер өз-өз ордунда болот. Иса дененин башы. Дене болсо ишенүүчүлөр жамааты. Иса өлүктөрдөн тирилүүнүн башталышы жана туңгучу. Ошондуктан ал баардыгында биринчи. Анткени Кудай анын бардык жагынан жеткилең болушун каалады жана ал аркылуу баары менен элдешкиси келди. Ошол максатта анын айкаш жыгачта аккан каны аркылуу асмандагы жана жердеги бардык нерселер менен тынчтыкка келди. Бузуку жүрүш-турушуңардан жана ниетиңердин Кудайга каршы болгонунан улам мурда ал силердин четке каккан. Бирок азыр Машаяктын адамдык денесинин өлүмү аркылуу силерди өзүнө кайра элдештирди. Өзүнүн алдында силерди ыйык, кынтыксыз жана айыптардан бош кылуу үчүн ушундай кылды. Бирок силер ишенимде бекем болуп, жакшы кабардагы үмүттөн тайбай, анда түз турушуңар керек! Бул кабарды силер уккансыңар. Ал ааламдагы бардык макулуктарга жарыя кылынган. Мен мына ошол жакшы кабардын кызматчысы болуп калдым.

Паулостун Машаяк үчүн кылган кызматы

(1:24-2:5) Азыр мен силер үчүн азап тартканыма кубанып жатам. Анткени өзүмдүн денемдеги азаптарым аркылуу өз денеси болгон жамаат үчүн азыр да тартып жаткан Машаяктын азабын толуктоого жардам берип жатам. Мени жамаатка кызматчы кылып шайлаган Кудайдын өзү. Ал мага бул тапшырманы силердин пайдаңар үчүн жүктөдү. Өткөн замандарда бардык адамзаттан жашырып келип, эми өзүнө караштууларга ачып берген жакшы кабарды толук жеткир деди. Кудайдын максаты бардык адамдарга арналган бай жана улуу сырларын өз адамдарына белгилүү кылуу. Ал эми сырдын мааниси Машаяктын силер менен бир экени. А Машаяктын силер менен бир экени болсо, силердин Кудайдын улуулугу менен бөлүшө турганыңарды билдирет. Ошондуктан биз Машаякты баарына жарыялап жүрөбүз. Алыбыздын жетишинче аларды эскертип, үйрөтүп, ар бирин Машаяк менен мамиледе жетилген адам катары Кудай алдына алып келүүгө аракет кылып жатабыз. Мына ушуну жүзөгө ашыруу үчүн мен Машаяк берген кудуретти колдонуп, жандүйнөмдө иштеп жаткан анын күчү менен баш көтөрбөй эмгек кылып, талыкпай күрөшүүдөмүн. Силер менен Лаодикиядагылар үчүн жана менин жүзүмдү алиге чейин көрүшө элек бардык боордошторум үчүн канчалык тырышып, эмгектенип жүргөнүмдү билсеңер экен дейм. Мен эмне үчүн тырышып жүрөм? Силер үчүн, силердин күч-кайратка толуп, бири-бириңерди сүйүп, ынтымакташ болуп, ошентип Кудайдын Машаякка байланыштуу терең сырларын түшүнүп, жакшылап таанышыңар үчүн ушинтип, далбас уруп жүрөм. Кудайдын акылмандыгы менен билиминин ачкычы Машаякта. Булардын баарын силерге эмне үчүн айтып жатам? Акылдуу сыяктанып, ичке жылып кире турган жалган сөздөр менен эч ким силерди алдап кетпесин үчүн. Азыр жаныңарда болбосом да, рухум менен араңардамын. Ынтымагыңарды, Машаякка болгон бекем ишенимиңердин натыйжасын көрүп, кубанып жатам.

Колоса 2

Машаяктагы өмүрдүн толуктугу

(2:6-19) Силер Машаяк Исаны Теңир катары кабыл алдыңар, ошондуктан анын менен ынтымакта жана ысык мамиледе болгула. Мурда өзүңөр уккан таалимдердегидей тамырларыңарды Машаякка терең жайгыла, жашооңордун пайдубалы ошол болсун, ишенимиңерде бекем тургула жана Кудайга дайыма ыраазычылык айткыла. Абайлагыла, бирөөлөр силерди кайдагы бир болбогон философиялар, пайдасыз билимдер менен адаштырып кетпесин. Мындай нерселер Машаяктан эмес, адамдык чолок ойдон, ааламды башкарып турган арам күчтөрдөн келет. Ал эми Кудайдын табияты толугу менен Машаякта жашайт. Силер Машаяк менен жакын мамилеге өтүп, чыныгы өмүрдү толугу менен алдыңар. Машаяк болсо бардык күчтөр менен башкаруучулардын үстүнөн бийлик кылып турат. Ошондой эле Машаяк менен абдан жакын мамилеге өткөндүгүңөрдөн “сүннөткө олтурдуңар”. Пенденин колу менен эмес, Машаяктын колу менен сүннөткө олтурдуңар. Ал силердин күнөөлүү табиятыңарды, мындайча айтканда, кесип таштап, анын бийлигинен бошотту. Анткени силер сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөнүңөрдө Машаяк менен бирге өлдүңөр. Ошондой эле чөмүлдүрүүдөн соң Кудайдын Машаякты өз кудурети менен кайра тирилтип алганына болгон ишенимиңер аркылуу Машаяк менен бирге кайра тирилдиңер. Мурда силер Кудайдын осуяттарын аттап, Мыйзамды билбеген бутпарастар болгонуңардан рухий жактан өлүк болчусуңар. Бирок Кудай силерди Машаяк менен бирге кайрадан тирилтип алды. Бардык күнөөлөрүбүздү кечирди. Бизди күнөөлөп, өкүм чыгарып турган күнөөлөрдүн тизмеси жазылган баракты Машаяк курман болгон айкаш жыгачка кадап, толугу менен өчүрдү. Руханий күчтөр менен бийликтерди ошол айкаш жыгачта Машаяк ушундайча жеңди. Өзүнүн салтанаттуу жеңиши аркылуу аларды туткундаганын бүт ааламга көрсөттү. Ошондуктан муну ичпегиле, тигини жебегиле, бул күндү майрамдагыла, тиги күндү атайын таат-ибадат кылгыла деп эч ким силерди башкарбасын. Булардын баары келечекте боло турган нерселердин көлөкөсү гана. А ошол көлөкөнүн ээси - Машаяк. Кандайдыр бир аян-көрүнүштөрдү көргөндүгүн айтып өздөрүн рухий жактан бийик санагандар, калп өзүн-өзү тыюучулук менен периштелерге табынууну талап кылгандар силерди айыптабасын. Андайлар өздөрүнүн пенделик чолок акыл-сезимдеринин жетегинде, дененин башы болгон Машаяктан четтеп кетишкен. Анткени өз ара муун-тарамыштар менен тогошуп, байланышкан дененин өсүшүн баш башкарып турганындай, бүткүл жамаатты Кудайдын каалосуна жараша Машаяк башкарып турат.

Күнөө үчүн өлүп, жаңы жашоо үчүн кайра тирилүү

(2:20-3:4) Силер Машаяк менен бирге өлүп, бул ааламды башкарып турган кара күчтөрдөн бошотулбадыңар беле! Эмне үчүн анда бул дүйнөгө караштуулардай жашап жатасыңар? Эмне үчүн “Тигини кармаба!” “Бул арам!” “Алдагыга колуңду тийгизбе!” деген сыяктуу эрежелерге баш ийип, жашап жатасыңар? Булардын баары бир колонгондон соң жараксыз болуп кала турган нерселер го! Жогоруда айтылгандардын баары адамдык эрежелер! Албетте, мындай эрежелер өзүн-өзү тыюуга, периштелерге табынууга, денени тарбиялоого негизделгендиктен акылга сыярлык, жакшы сымал сезилиши мүмкүн, бирок чындыгында алар адамдын күнөөлүү кумарларын тыя албайт. Силер Машаяк менен бирге кайра тирилдиңер, ошондуктан жердик эмес, асмандык нерселер тууралуу ой жүгүрткүлө. Ал жакта Кудайдын оң кол тарабында Машаяк тактысында олтурат. Ой-сааналарыңарды бул жактагыларга эмес, ошол жактагыларга бургула. Анткени силер өлүп, өмүрүңөр Кудайдагы Машаяктын ичине катылып коюлган. Силердин чыныгы өмүрүңөр - бул Машаяктын өзү. Ошондуктан ал келгенде силер да кошо келип, анын улуулугуна ортоктош болосуңар.

Колоса 3

Эски жана жаңы өмүр

(3:5-17) Силер бузукулук, уят жүрүш-турушту, көз артуучулук, күнөөлүү ышкылар жана ач көздүк (анткени ач көздүк — бул жасалма кудайга табынуунун бир түрү) сыяктуу табиятыңарда баш көтөрүп, аракеттенген жердик каалоолорду өзүңөрдө өлтүрүшүңөр керек. Ушундай иштердин айынан өзүнө баш ийбегендерге Кудай каарын төгөт. Жашооңордун үстүнөн бул иштер үстөмдүк кылып турган бир убакта силер өзүңөр да ошолор сыяктуу өмүр сүрчүсүңөр. Бирок азыр ушуга окшогон иштердин баарын: ачууланууну, арам ойлорду, кекчилдикти, күнөөлүү каалоолорду, ач көздүктү (ачкөздүк — бул жалган кудайга табынуучулук) ташташыңар керек. Эч качан оозуңардан сөгүнүп-сагынган сөздөр чыкпашы керек. Бири-бириңерди алдабагыла, анткени силер эски табиятыңарды анын бардык адаттары менен кошо чечип салып, жаңы табиятты кийдиңер. Ушул жаңы табиятыңар өзүнүн Жаратуучусу тарабынан тынбай анын табиятына окшош болуу үчүн жаңыланып турат. Натыйжасында башка элдер менен яхудейлердин, сүннөткө олтургузулгандар менен олтургузулбагандардын ортосунда айырмачылык жоюлду. Эми варварбы, скифпи, кулбу, эркинби эч кандай бөлүнүү жок. Машаяк баары жана баарында. Ошондуктан Кудайдын тандалган, ыйык, сүйүктүү адамдары катарында боорукердикти, айкөлдүктү, момундукту, жооштукту жана көтөрүмдүүлүктү кийим сыяктуу кийип алгыла. Бири-бириңерди кабыл алып, өз ара таарынычтарыңарды кечиришкиле. Силерди Теңирибиз кандай кечирсе, силер да бири-бириңерди ошондой кечиргиле. Жогоруда атап өткөндөрүмдүн үстүнө алардын баарын жеткилең биримдикке жеткирип, бекем байлап турган сүйүүнү кошуп алгыла. Машаяктын тынчтыгы жандүйнөңөрдү башкарып турсун. Анткени силер бир дененин мүчөлөрү сыяктуу тынчтыкка чакырылгансыңар. Ошондой эле дайыма ыраазы болгула. Машаяктын сөзү бүткүл байлыктары менен бирге жүрөгүңөрдө жашасын. Бардык акылмандык менен бири-бириңерге насаат айтып, жакшы жолдорго багыт бергиле. Забурларды, руханий жана Кудайга арналган ырларды ырдагыла. Ырдаганыңарда чын жүрөктөн Кудайды даңктагыла. Эмне кылсаңар да — сөз жүзүндөбү, иш жүзүндөбү — Теңири Исанын урматына кылгыла. Ал аркылуу Кудай Атага рахматыңарды билдиргиле.

Жаңы жашоодогу жекече мамилелер

(3:18-4:1) Аялдар, күйөөлөрүңөргө баш ийгиле! Машаякка ишенген аялдар ушундай кылганы оң. Күйөөлөр, аялдарыңарды сүйгүлө жана аларга катаал мамиле кылбагыла! Балдар, ата-энеңерге бардыгында баш ийгиле, анткени Теңирибиз ушундай кылышыңарды каалайт. Аталар, балдарыңарды ачуулантпагыла, жүүнү бош болуп калбасын. Кулдар, жердеги кожоюндарыңарга баарында баш ийгиле! Алардын көзүнчө жана жагыныш үчүн гана эмес, чын жүрөктөн жана Теңирибизди урматтоо сезиминен улам ушундай кылгыла. Эмне кылсаңар да чын дилиңерден, адамдар үчүн эмес, Кудай үчүн иштеп жаткандай жасагыла. Кудай силерге сыйлык катары сактап турган мурасты берерин унутпагыла. Анткени силер Теңири Машаяк үчүн кызмат кылып жатасыңар. Ким туура эмес иштерди кылып жүрсө, иштерине жараша шыбагасын алат. Кудайдын бет карамачылыгы жок. Кожоюндар, кулдарыңарга аяр жана адилет мамиле кылгыла, өзүңөрдүн да асманда Кожоюнуңар бар экенин унутпагыла.

Колоса 4

Дагы насааттар

(4:2-6) Сыйынууда талыкпагыла, мактоону Кудайга айтып, кантип сыйынып жатканыңарды байкагыла. Ошондой эле биз үчүн да сыйынып тургула. Кудай биз таратып жүргөн кабарга жол ачсын. Биз Машаяктын сырларын жар салууга мүмкүнчүлүк алалы. Мен ошондой кылганым үчүн азыр түрмөдө жатам. Жакшы кабарды кандай жарыялоого тийиш болсом, ошондой жарыялай алуум үчүн сыйынып тургула. Сырттагыларга акылмандык менен мамиле кылгыла. Бардык мүмкүнчүлүгүңөрдү пайдалуу колдонгула. Сүйлөгөн сөзүңөр ар дайым сыпайы, жөндүү болсун, ошондо кимге кандай жооп беришти билесиңер.

Акыркы саламдар

(4:7-18) Тихикус мен тууралуу жаңылыктардын баарын силерге айтып берет. Ал биздин сүйүктүү боордошубуз, Кудайдын ишенимдүү кызматкери, Теңирибиздин жолунда кызматташыбыз. Мен аны биздин ал-ахвалыбызды билдирип, көңүлүңөрдү көтөрсүн деген максатта силерге жөнөтүп жатам. Силердин жердешиңер болгон биздин ишеничтүү жана кымбаттуу боордошубуз Онисим да аны менен бирге барат. Алар биздеги болуп өткөн окуялардын баарын силерге айтып беришет. Мени менен түрмөдө олтурган Аристархус силерге салам жолдоп жатат. Барнабанын бөлөсү Марк да ага кошулууда. (Силерге ал тууралуу мурда айтылган. Ал силерге келсе, жакшылап тосуп алгыла.) Юстус аталган Иса да силерге салам айтып олтурат. Яхудейлердин арасынан ушул үчөө гана Кудай Падышылыгы үчүн кызмат кылып жүрүшөт. Булар мен үчүн чоң жардам катары болушту. Дагы бир жердешиңер болгон Машаяк Исанын кызматкери Епафрастан да салам. Силердин ишенимде бекем, рухий жактан жетилген куракка келген, баралга толгон жана Кудайдын эркине бардыгында баш ийген машаяктардан болушуңар үчүн ал абдан көп сыйынат. Анын силер үчүн, ошондой эле Лаодикия менен Иераполдогу боордошторубуз үчүн катуу эмгек кылып жүргөнүнө мен өзүм күбөмүн. Биздин сүйүктүү дарыгерибиз Лукас менен Димас да силерге өз саламдарын айтып олтурушат. Лаодикиядагы боордошторубузга, ошондой эле Нимфанга жана анын үйүндө чогулуп жүргөн ишенүүчүлөр жамаатына салам айтып койгула. Бул кат силерде окулган соң, Лаодикияда да окулушуна кам көрүп койгула, ал эми лаодикиялыктарга жазган катымды силер алып окугула. Архипке айтып койгула: Теңирибизден алган ишти аягына чыгарганга тырышсын! Мен, Паулос, мынабуну өз колум менен жазып жатам: Паулостон салам. Менин түрмөдө экенимди эсиңерден чыгарбагыла. Кудайдын ырайымы араңарда болсун.

1 Салоника 1

Саламдашуу

(1:1) Паулос, Силас жана Тимотеостон Кудай Атабызга жана Теңири Иса Машаякка караштуу Салоникадагы жамаатка салам кат. Кудайдын ырайымы менен тынчтыгы араңарда болсун.

Салоникалыктардын өмүрү жана ишеними

(1:2-10) Биз силер үчүн ар дайым Кудайга рахмат айтабыз жана сыйынганыбызда ар дайым силерди эстейбиз. Анткени силер ишенимиңерди иш жүзүндө кантип көрсөткөнүңөрдү, сүйүүңөрдүн күчтүүлүгүнөн улам канчалык оор эмгек кылганыңарды жана Теңири Иса Машаяктан күткөн үмүтүңөрдүн чоң экендигин Кудай Атабыздын алдында көңүлүбүзгө сактап жүрөбүз. Сүйүктүү боордоштор! Кудайдын силерди сүйөөрүн жана силерди өзүнүн адамдары кылуу үчүн тандап алганын билебиз. Себеби биз силерге жакшы кабарды сөз менен гана эмес Ыйык Рухтун кудурети менен жана зор ишеним менен да жеткиздик. Силерге пайдалуу болсун деп, араңарда кандай өмүр сүргөнүбүздү билесиңер. Силер бизден жана Теңирибизден үлгү алдыңар. Көп азаптарды тартканыңарга кайыл болуп, биздин кабарыбызды Ыйык Рухтан келе турган чоң кубаныч менен кабыл алдыңар. Ошентип Македония менен Ахаия аймактарындагы машаяктардын баарына үлгү болдуңар. Теңирибиз тууралуу кабар силерден Македония менен Ахаияга гана тарап токтоп калган жок. Кудайга деген ишенимиңер тууралуу сөз бардык жактарга жеткендиктен, биз эч нерсе деп кошумчалай албайбыз. Анткени силерге барганыбызда бизди ысык кабыл алганыңар, жалган теңирлерден баш тартып Кудайга кайрылганыңар элдин оозунда. Эми силер тирүү жана чыныгы Кудайга кызмат кылып, анын асмандан кайра келе турган Уулу — Исаны күтүп жатасыңар. Кудай аны өлгөндөн кийин кайра тирилткен. Бизди келечектеги каардуу жазадан куткарып кала турган ошол.

1 Салоника 2

Элчилердин Салоникадагы кызматы

(2:1-16) Боордоштор, биздин силерге барганыбыз кур-бекер болбогонун өзүңөр билесиңер. Барарыбыздын алдында Филипияда азап-чегип, кордук көргөнүбүздү да билесиңер. Бирок каршылыктардын көп болгонуна карабастан Кудай бизге өзүнөн келген жакшы кабарды силерге айтууга кайрат берди. Анткени биздин окутуубузда адашуу да, арам ойлор да, кытмырлык да жок. Биз ар дайым Кудайдын эркине жараша сүйлөйбүз, анткени ал жакшы кабарын бизге ылайык көрүп, тапшырды. Биз пендеге эмес, жүрөк түпкүрүндөгү сырларыбызды сынап турган Кудайга жагууга аракеттенебиз. Силерге келгенде жагыналы деп сүйлөгөн жокпуз, муну өзүңөр да билесиңер, керт башыбыздын пайдасын ойлогон эмеспиз, буга Кудай күбө. Биз өзүбүзгө силерден да, башкалардан да, дегеле эч бир адам аттуудан даңк издебейбиз. Машаяктын элчилери катары силерге талап коюп келсек да болмок, бирок өз балдарына кам көргөн мээримдүү энедей араңарда момун жүрдүк. Силерди сүйгөндүгүбүздөн силер менен жакшы кабарды гана бөлүшпөй, өмүрүбүздү да бөлүшүүгө даяр болдук. Силер биз үчүн кандай кымбатсыңар! Боордоштор! Бар күчүбүздү салып, мээнет кылганыбыз, албетте, силердин эсиңерде. Силерге эч кандай оордугубуз тийбесин деп, күнү-түнү иштеп жүрүп, ошол эле убакта Кудайдын жакшы кабарын да жеткирдик. Кудайга ишенген силердин алдыңарда өзүбүздү адил, таза жана кынтыксыз кармадык, буга силер да, Кудай да күбө. Ар бириңе балдары үчүн кам көргөн ата-энедей мамиле кылганыбызды билесиңер. Биз силердин көңүлүңөрдү көтөрүп, кайрат айтып, өзүнүн Падышачылыгындагы улуулугу менен бөлүшүүгө чакырган Кудайга жаккандай жашагыла деп сурандык. Кудайга ар дайым рахмат айтканыбыздын башка себеби да бар. Биз силерге Кудайдын кабарын таратканда силер аны пенденин сөзүндөй эмес, Кудайдын сөзүндөй угуп, кабыл алдыңар. Чынында эле ал ошондой. Кудайдын сөзү ишенгендердин ичинде өзүнүн ишин иштейт. Себеби силер, боордоштор, Кудайдын Иса Машаякка ишенген Яхудиядагы жамааттарына окшош болдуңар: өз улутташтары болгон яхудейлерден алар кандай кордук көрсө, силер да өз улутташтарыңардан ошондой запкы тарттыңар.Яхудейлер боордошторубузга жамандык кылмак тургай, Теңири Иса Машаякты өлтүрүп, Кудайдын пайгамбарларынын көзүн тазалашкан. Бизди куугунтукка алышкан да ошолор. Алардын кылгандары Кудайга да жакпайт, адамдарга да каршы. Алар куткарылуу бере турган Кудайдын жакшы кабарын башка улуттагыларга айтууну токтотууга да аракет кылышты. Ушунусу менен ар дайым күнөө кылып жүрүшкөн алар күнөөлөрүнүн казанын толтурушту. Ошондуктан азыр алардын төбөсүндө Кудайдын каары кара булуттай каптап турат.

Паулостун Салоникалыктарга болгон сагынычы

(2:17-20) Биз болсок, боордоштор, бир аз убакыт силерден ажыраганга — бирок оюбузда эмес, көзүбүз менен гана көрбөй калганыбызга — силерди ушунчалык сагынып, куса болуп, кайрадан көргүбүз келди. Ооба, биз силерге кайра баргыбыз келди. (Мен өзүм бир нече жолу силерге барайын деп аракет кылдым, бирок буга шайтан тоскоолдук кылып туруп алды.) Анткени биздин силерден үмүтүбүз чоң, силер биздин кубанычыбызсыңар, Теңири Иса Машаяк кайтып келген кезде башыбызга кийип алып мактана турган таажыбызсыңар. Чындап эле биздин сыймыгыбыз менен кубанычыбыз силерсиңер.

1 Салоника 3

Тимотеостун Салоникага жиберилиши

(3:1-5) Ошондуктан силерди көрбөгөнгө андан ары чыдай албай Силас экөөбүз Афинада калып, Тимотеос боордошубузду силерге жиберүүнү чечтик. Тимотеос Машаяктын жакшы кабарын биз менен бирге таратып, Кудай үчүн кызмат кылып жүргөн боордошубуз. Биз аны силерге азыркы болуп жаткан кыйынчылыктардан улам эч кимиңердин кайра артка кетип калбашыңар үчүн силерди кубаттандырып, ишенимиңерди бекемдеш үчүн жибердик. Биздин маңдайыбызга азаптардын жазылгандыгын силер өзүңөр деле билесиңер. Анткени биз мурда араңарда жүргөнүбүздө эле азап тартабыз деп алдын ала айтканбыз. Азыр өзүңөр көрүп тургандай, айтканыбыз келди. Ошондуктан мен Тимотеосту жиберген болчумун. Мен андан ары чыдоого дарманым жетпеди, ошондуктан силердин ишенимиңердин абалы тууралуу билгим келди. Ырасында, шайтан азгырып, кылган эмгегибиздин баары талаага кетишине жол берүүгө болбойт эле.

Тимотеос алып келген кубанычтуу кабар

(3:6-13) Азыр Тимотеос силерден келип, ишенимиңер менен сүйүүңөр тууралуу жүрөк жылыткан жакшы кабар алып келди. Силердин бизди ар дайым жакшы маанай менен эскерип, биз сыяктуу эле силер да бизди көрсөк деп сагынып жүргөнүңөрдү айтты. Ошондуктан,боордоштор, башыбызга кыйынчылык түшүп, куугунтук жеп жүргөн кезибизде силердин ишенимиңерди угуп, чыйралдык. Эми биз чыныгы өмүрдү сүрүп жатабыз, себеби силердин Кудай менен мамилеңер жакшы экен. Бизди силер жөнүндө кубантып койгон Кудайга миң мертебе рахмат айтсак да аз. Силерди кайрадан көрүп, ишенимиңердин кем-карчын толтурсак экен дегенде ак эткенден так этип, күнү-түнү сыйынуудабыз. Кудай Атабыздын өзү менен Теңири Иса силерге барчу жолду ачып берсин. Силердин бири-бириңерге жана бардык адамдарга деген сүйүүңөрдү Теңирибиз биздин силерге деген сүйүүбүз сыяктуу өстүрүп, арттыра берсин. Кудай кубат берип, Теңири Иса өзүнүн бардык ыйык периштелери менен кайтып келгенде Кудай Атабыздын алдында жүзүңөр жарык, өзүңөр ыйык болгула.

1 Салоника 4

Кудайга ылайыктуу өмүр сүрүү

(4:1-12) Анан дагы, боордоштор, биз силерге Кудайга жагуу үчүн кандай өмүр сүрүү керек экенин үйрөттүк. Силер азыр ошондой жашап жатасыңар. Ошондуктан мындан ары да ошондой жашай бергиле деп, Теңири Иса Машаяктын атынан суранып, өтүнөбүз. Силерге Теңири Исанын бийлигин колдонуп кандай насааттарды бергенибизди билесиңер. Кудай силердин ыйык, бузуктуктан оолак жашооңорду каалайт. Ар бириңер өз денеңерди ыйык, таза күтө билгиле. Кудайды тааныбаган улуттарга окшоп күнөөлүү кумарларга берилбегиле. Кара баштын пайдасы үчүн, боордошторуңарды алдабагыла! Силерге мурда айтып, эскерткенибиздей, Теңирибиз мындай күнөөлөрдүн баарынын жазасын берет. Себеби Кудай бизди арам эмес, адал өмүр сүрүүгө чакырган. Ошондуктан ким бул насыяты четке какса анда ал адамга эмес, силерге Ыйык Рухун берип жаткан Кудайга каршы чыгат. Эми боордоштук сүйүү тууралуу мен жазбай эле коеюн, анткени силер бири-бириңерди кантип сүйүүнү өзүңөр деле Кудайдан үйрөнүп алдыңар. Македониядагы бардык боордошторуңарга болгон сүйүүңөр буга далил. Мындан ары да ушул жаатта алгалай беришиңерди тилейбиз. Тынч жашоону көздөп, ар кимиң өз-өз ишиңерди кылып, биз айтып кеткендей өз колуңар менен наныңарды таап жегиле. Ушундай кылсаңар сырттагылардын сыйына жетесиңер да, эч кимге көз каранды болбойсуңар.

Теңирдин кайтып келиши тууралуу

(4:13-18) Боордоштор, каза болгондордун тагдыры туурасында эч нерсе билбей калышыңарды биз каалабайбыз. Ошондой эле түбөлүктөн үмүтү болбогон башка адамдар сыяктуу, алар тууралуу көп эле кайгыра беришиңерди да каалабайбыз. Биз Исанын өлүп, анан кайра тирилип кеткенине ишенебиз. Ошондуктан Исага ишенип жүрүп каза болгондорду Кудайыбыз Иса менен кошо кайрадан өмүргө алып келерине да ишенебиз. Теңирибиздин өз сөзү боюнча мындай болот: биз, Теңири Иса кайтып келгенге чейин каза боло электер, бизден мурда көз жумгандардан озбойбуз. Анткени Теңири Исанын өзү көктөн түшүп келгенде, адамдар катуу добуш менен чыккан буйрукту, периштелердин башчысынын үнүн жана Кудайдын сурнайынын тартылганын угушат. Ошондо эң алды менен бу дүйнөдө Машаякка ишенип жүрүп, өлгөндөр кайра тирилишет. Андан соң, ошол убакта көзүбүз тирүү жүргөн биз, абада Теңири Иса менен кездешүү үчүн, алар менен кошо булуттардын ичине чогултулабыз. Ошентип, түбөлүктөн-түбөлүккө Теңири Иса менен бирге болобуз. Ошондуктан ушул сөздөрдү айтып, бири-бириңерди жубаткыла.

1 Салоника 5

Даяр болгула, Теңири Иса келе жатат

(5:1-11) Боордоштор, келечекте боло турган убакыттар менен мезгилдер тууралуу силерге жазып отуруштун кажети жок. Анткени Теңири Исанын кайта кайтып келе турган күнү түн жамынган уурунун келиши сыяктуу болорун өзүңөр деле абдан жакшы билесиңер. Адамдар “тынчтык жана бейкуттук” деп сайрай баштаганда, капыстан башталган толгоо сымал, кырсык күтпөгөн жерден басат да, эч ким андан качып кете албай калат. Бирок силерди, боордоштор, ошол Күн ууру сыяктуу басып кала албайт, анткени силер караңгыда эмессиңер. Силер баарыңар тең Нур менен Күндүн адамдарысыңар. Биз түнгө же караңгыга караштуу адамдардан эмеспиз. Ошондуктан башкаларга окшоп уктабай, сергек жана сак жүрөлү. Анткени адамдар уктай турган убак — бул түн, аракечтер арак иче турган убак да түн. Бирок биз күндүзгө караштуубуз, ошондуктан өзүбүздү кармап жүрөлүк. Биз ишеним менен сүйүүнү зоот катары, куткарылуу үмүтүн туулга катары кийип алышыбыз керек! Кудай бизди өзүнүн каарына туш кылуу үчүн эмес, Теңири Иса Машаяк аркылуу куткарылууну мурастап алуубуз үчүн тандаган. Тирүү болобузбу, же каза болуп калабызбы, кандай болсо да, Машаяк менен бирге жашообузду мүмкүн кылуу үчүн ал биз үчүн жанын кыйган. Ошондуктан мындан ары да бири-бириңерди жубатып, бири-бириңерге жөлөк-таяк болууну таштабагыла.

Акыркы насааттар жана саламдар

(5:12-28) Боордоштор, араңарда мээнет кылып, силерди Теңир жолунда кантип жашоо керектигине жетектеп жана насыяттап жүрүшкөндөргө татыктуу сый көрсөткүлө. Алардын кылып жаткан ошол иштери үчүн терең урматтоо менен мамиле кылгыла. Өз ара ынтымактуу болгула. Боордоштор, силерден дагы муну өтүнөбүз: бекерчиликке берилип, эч нерсе кылгысы келбегендерге эскертүү жасагыла. Коркунчаактарга дем бергиле. Жардамга муктаждарга көмөктөшкүлө. Бардык адамдарга чыдамдуу болгула. Абайлагыла, араңардан эч кимиңер жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбасын. Дайыма бири-бириңерге жана бардык адамдарга кайрымдуу болгонго умтулгула. Ар дайым көңүлүңөр жайдары болсун, сыйынгандан талбагыла, кандай гана абалда болсоңор да, Кудайга шүкүрчүлүк келтиргиле, анткени Машаяк Исадагы силерден Кудай ушуну күтөт. Ыйык Рухтун отун өчүрбөгүлө, пайгамбарчылыкка кыйгач карабагыла. Бардыгын текшерип көрүп, жакшысын кармагыла. Жамандыктын бардык түрлөрүнөн качкыла. Тынчтыктын Кудайы өзү силерди ыйыктагандан ыйыктай берсин. Ылайым силердин рухуңар, жаныңар жана денеңер толугу менен Теңири Иса Машаяктын келишине эч кынтыксыз болуп сакталсын. Силерди чакырып алган Кудай муну кылат, анткени ал ишенимдүү. Боордоштор, биз үчүн да сыйынып тургула! Бардык боордошторубузду бир туугандык ыйык сүйүү менен бетинен өөп, бизден салам айтып койгула. Бул катты бардык боордошторго окуп бергиле деп, мен Теңирибиздин атынан буйрук берем. Теңири Иса Машаяктын ырайымы ылайым араңарда болсун.

2 Салоника 1

Кат башы

(1:1-2) Паулос, Силас жана Тимотеостон Кудай Атабызга жана Теңири Иса Машаякка караштуу Фессалоникадагы машаяктар жамаатынын мүчөлөрүнө салам кат. Кудай Атабыздан жана Теңири Иса Машаяктан силерге ырайым менен тынчтык болсун.

Кудайдын ак соту

(1:3-12) Боордоштор, ар дайым силер үчүн Кудайга рахмат айтуу биздин парызыбыз. Чындап эле ушундай кылышыбыз керек, анткени силердин ишенимиңер уламдан улам өсүп, бири-бириңерге болгон сүйүүңөр жетилип баратат. Ошондуктан биз Кудай жамааттарынын арасында силерди айтып мактанабыз. Башыңардан өткөрүп жаткан куугунтуктар менен кыйынчылыктарга карабай, солк этпестен баарына чыдап, ишенимиңерди таштабай келатканыңарды айтып, мактанып жүрөбүз. Ушулардын баары Кудайдын соту адилеттүү экенин көрсөтүп турат. Жыйынтыгында, ал өзүнүн Падышачылыгы үчүн азап чеккен силерди, ошол Падышачылыгына кирүүгө ылайыктуу деп эсептейт. Кудай адилеттүү, анткени силерди кыйнагандардын сазайын колуна берет, ал эми кыйынчылык көрүп жүргөн силерге, биз менен кошо жыргалды берет. Бул Теңири Иса Машаяк өзүнүн кудуреттүү периштелери менен бирге жалындаган отко оронуп, асманда пайда болгондо болот. Алар Кудайды тааныбагандарды жана Теңири Исанын жакшы кабарына баш ийишпегендерди жазалашат. Иса өзүнүн ыйыктарынан сый жеп, ишенгендеринин арасында урматтоого ээ болуу үчүн келген Ошол Күндө Кудайды тааныбагандар менен Исанын жакшы кабарына баш ийбегендер Теңирибиздин алдынан жана анын улуу кудуретинен тыштагы түбөлүк кыйроонун жазасын алып, азап тартышат. Ошол ишенгендердин арасында силер да барсыңар, анткени силер биз айткан кабарга ишендиңер. Ошондуктан биз ар дайым силер үчүн сыйынабыз. Кудайдан силерди кандай Өмүргө чакырган болсо, ошондой өмүр сүрүүгө татыктуу кылышын тиленебиз. Кудай өз кудурети менен силердин бардык жакшы тилектериңерди ишке ашырып, ишеним менен баштаган иштериңердин өтөсүнө чыгарсын. Ушундайча силер аркылуу Теңири Исанын аты даңкталып, ал эми силер болсо Теңирибиз аркылуу анын улуулугуна бөлөнсөңөр экен дейбиз. Анткени Кудайыбыз менен Теңирибиз Иса Машаяктын эрки ушундай.

2 Салоника 2

Акыр заман алдында Тажаал чыгат

(2:1-12) Теңири Иса Машаяктын кайтып келүүсүнө жана биздин анын алдына жыйналуубузга байланыштуу болсо, бурадарлар, силерден муну суранабыз, кандайдыр бир пайгамбарчылдыкка ишенип, же биздин атыбыздан айтылган же жазылган “Теңири Машаяктын күнү келип калыптыр” деген жалган кабарларга жибип, жеңил ойлуулук кылып, акылыңардан азбагыла. Эч ким силерди эч кандай жол менен алдап кетпесин. Анткени толугу менен кудайбезерчилик орун алып, тозокко башы байланган жана Кудайдын мыйзамына каршы чыккан күнөөнүн адамы ачыкка чыкмайын, ал күн келбейт. Ал адамдар сыйынган бардык рухтар менен табигаттан тышкаркы күчтөргө каршы сүйлөп, алардын баарынан өзүн жогору коёт. Ал тургай Кудайдын ибадатканасына кирип, анда олтуруп алат да, өзүн Кудаймын деп жарыялайт. Араңарда болгонумда бул тууралуу мен силерге айтып бергеним эсиңердеби? Силер азыр аны өз убагы келгичекти болтурбай кармап турган кандай Күч экенин билесиңер. Анткени мыйзамсыздыктын тымызын күчү азыр аракетте, бирок аны азыр кармап турган Күч алды менен жерден алынышы керек, ошондо баягы Күнөөнүн адамы ачыкка чыгат. Бирок Теңирибиз Иса келгенде аны оозунан чыккан деми менен өлтүрүп, көздү тунарткан жарыгы менен аны талкалайт. Күнөөнүн адамы шайтандын күч-кудурети менен келип, ар түрдүү айлакер керемет-укмуштарды көрсөтөт жана тозокто куурай тургандарды ар кандай адепсиздиктер менен алдайт. Алар тозокко кетишет, анткени куткара турган чындыкты сүйүүнү кабыл албай, андан баш тартышты. Ошондуктан алар жалганга ишене беришсин үчүн Кудай аларга адашуунун рухун коё берет. Натыйжада, акыйкатка ишенбей, күнөөдөн ырахат тапкандардын баары соттолушат.

Бекем болгула

(2:13-17) Теңирибиз сүйгөн боордошторубуз, биз силер үчүн Кудайга ар дайым алкыш айтууга тийишпиз, анткени Кудай Рухунун ыйыктоочу иши жана акыйкатка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылып калууңар үчүн ал силерди биринчи тандап алган. Ал муну биздин силерге айткан жакшы кабарыбыз аркылуу кылды. Теңири Иса Машаяктын атак-даңкынан өз энчиңерди мурастап алышыңар үчүн чакырды. Ошондуктан, боордоштор, ишенимиңер бекем болуп, биз сөз түрүндө да, кат түрүндө да үйрөткөн чындыктарды сактап жашагыла. Бизди сүйгөн, ошондой эле ырайымдуулугу менен кажыбас кайрат, үзүлбөс үмүт берген Теңири Иса Машаяктын өзү силерге кубат берип, ар дайым жакшылыкты жасаганга жана сүйлөгөнгө чыңалтсын.

2 Салоника 3

Сыйынуу муктаждыктары

(3:1-5) Акырында, сүйүктүү боордоштор, Теңирибиздин Жакшы Кабары силердин араңардагыдай тез таратылып, урмат менен кабыл алгыдай болсун деп биз үчүн сыйынгыла. Ошондой эле Кудай бизди адепсиз, начар адамдардан куткарсын деп да сыйынгыла, анткени баары эле Жакшы Кабарга ишене бербейт. Бирок Жараткан Эгебиз ишенимдүү, ошондуктан ал силерге кубат берип, шайтандан сактайт. Теңирибиз силер тууралуу бизге толук ишеним берип жатат, ошондуктан силер биздин айткандарыбызды аткарып жатканыңардан шегибиз жок. Теңирибиз көңүлүңөрдү Кудайдын сүйүүсүн тереңирээк түшүнүүгө буруп, силерге Машаяктагы чыдамкайлыкты берсин.

Бекерпостукка каршы эскертүү

(3:6-15) Боордоштор, биз силерге Теңири Иса Машаяктын атынан буйрук кылабыз: бекерпоздукка берилип, биз берген таалимдер боюнча жашабаган ар бир бурадардан оолак болгула. Анткени силер бизден үлгү алышыңар керек экенин айтпасак да билесиңер. Биз силердин араңарда жүргөнүбүздө иштебей бекер жүргөн эмеспиз. Бирөөнүн нанын акысыз жебедик. Тескерисинче, биз маңдай терибизди төгүп, эмгек кылдык. Эч бириңе өлүгүбүздү артпайлы деп, күнү-түнү иштедик. Биз муну силерден колдоо алууга укугубуз жоктугунан кылган жокпуз, силерге үлгү болуу үчүн ошенттик. Араңарда жүргөнүбүздө: “Ким иштебесе, ал тиштебесин” деген эрежени айтып жүрдүк. Биз силердин араңарда бекерчиликке берилип жүргөндөр бар экенин уктук. Алардын башкалардын иштерине кийлигишкенден башка иши жок экен. Андайларга биз Теңири Иса Машаяктын атынан буйрук берип, эскертебиз: эсине келип, өз нанын таап жешсин! А силер болсо, боордоштор, жакшылык жасагандан талбагыла. Эгер биздин ушул катта жазган насааттарыбызга кимде-ким баш ийбесе, анда ага атайын эскертүү жасагыла. Уятына келишсин үчүн аны менен мамиле кылбагыла. Бирок аны душман катары эсептебей, ишенгендер катары эскертүү жасагыла.

Саламдар

(3:16-18) Эми, тынчтыктын Эгеси өзү силерге ар дайым бардыгында бейкуттук берсин. Бардыгыңарга Теңирибиз жар болсун. Мынабу сөздөрдү мен өз колум менен жазып жатам: Паулостон салам. Бул менин кат жазуу адатым. Ар бир катымдын аягына коюучу белгим. Баарыңарга Теңири Иса Машаяктын ырайымы төгүлсүн.

1 Тимотей 1

1 Тимотей 2

1 Тимотей 3

1 Тимотей 4

1 Тимотей 5

1 Тимотей 6

2 Тимотей 1

Саламдашуу

(1:1-2) Кудайдын эрки менен Машаяк Исанын элчиси болгон жана Кудайдын берем деп убада кылган Машаяк Исадагы түбөлүк өмүрүн кабыл алган Паулостон менин сүйүктүү уулум Тимотеоско салам кат. Кудай Атабыз менен Теңири Машаяк Иса сага боорукердиги менен мээримин төгүп, тынчтыгын ыроолосун.

Тимотеостун ишеними үчүн ыраазычылык

(1:3-5) Ата-бабаларым сыяктуу, кызмат кылып жүргөн Кудайыма сен үчүн таза абийирим менен күнү-түнү рахматымды айтып, сыйынууларымда ар дайым сени эстейм. Кетээримдеги көз жашыңды эстеп, сени кайрадан көрүп, сагынчымды жаза турган күндү самайм. Сенин чын жүрөктөн Кудайга болгон ишенимиңди эстейм. Ал ишеним мурда чоң энең Лоида менен өз энең Евникада бар эле, азыр болсо сенин да жүрөгүңдөн орун алганына толук ишенем.

Кудайдын күчүнө таянып, милдетиңди ынтаа коюп орунда!

(1:6-14) Ошол себептен сага эскертем: мен үстүңө колумду коюп, милдетиңе дайындаганда сага берилген Кудайдын оттуу белегин кайра жандыр! Анткени Кудай бизге коркунучтун эмес, күчтүн, мээримдин жана сабырдуулуктун Рухун берген. Ошондуктан Теңири Иса Машаякты күбөлөндүрүүдөн эч качан тартынба. Теңири Иса үчүн түрмөдө олтурган мен үчүн да уялба; тескерисинче, Кудай берген күч-кубатка таянып, Жакшы Кабар үчүн тартып жаткан менин азаптарымды бөлүш. Кудай бизди куткарып, ыйык өмүр сүрүүгө чакырды; ал муну кылган сооп иштерибиз үчүн эмес, өзүнүн максаты менен ырайымына жараша кылды. Ал Иса Машаяк аркылуу бизге ырайым кылууну убакыт санагы башталардан мурда эле ниеттенген болчу. Азыр ошону куткаруучубуз Иса Машаяктын келиши менен ачык көрсөттү: Машаяк өлүмдүн күчүн жоюп, жакшы Кабар аркылуу чындык, эч качан өчпөй турган өмүрдү жарыкка алып келди. Теңир мени ушу жакшы Кабарды калктарга жарыялоочу, элчи, устат да кылып дайындады. Азыркыдай азаптарды уялбай көтөрүп жүргөндүгүмдүн себеби ушунда. Мен кимге ишенгенимди билемин жана Тигил күн үчүн менин ага тапшырган нерсемди сактап бере аларына терең ишенемин. Менден уккандарыңды жакшы илимдин үлгүсү иретинде Иса Машаякка деген ишеним жана сүйүү менен бек карма. Өзүңө тапшырган асыл аманатты өмүрүбүздөн орун алган Ыйык Рухтун жардамы аркылуу сактагын!

Паулос менен бирге калгандар жана аны таштап кеткендер

(1:15-18) Кичи Азия аймагындагы ишенүүчүлөрдүн дээрлик баары мени таштап кеткенин билесиң, алардын арасында Фигел менен Ермоген да бар. Теңирибиз Онисифордун үйүндөгүлөрүнө батасын берсин; ал көп ирет көңүлүмдү жубатып, кайрат берип, түрмөдө олтургандыгымдан эч кандай уялган жок. Тескерисинче, Римде болгонумда эринбестен, мени издеп жүрүп таап алды. Теңири Иса кайра кайткан күнү ага мээримин көрсөтсүн! Анын мага Эфесте да кандай көмөктөшкөнүн өзүң жакшы билесиң.

2 Тимотей 2

Өзүңө тапшырылган ишти аткар

(2:1-13) Ал эми сен, уулум, Иса Машаяктагы мээримдин астында чыңдала бер. Менден уккандарыңды көптөгөн күбөлөрдүн алдында айтып, башкаларга да таалим берүүгө жөндөмү бар, ишенимдүү адамдарга өткөрүп бер! Иса Машаяктын жакшы жоокери катарында кыйынчылыктарды биз менен кошо тартыш! Эсиңде болсун: эч бир жоокер, колбашчысынын көңүлүнө жагуу үчүн турмуштук иштер менен чырмалбайт. Ошондой эле, балбан күрөш тартибин бузса, жеңиш таажысына жетпей калат. Жыйналган жемиштин түшүмүн эң алды менен маңдай терин төгүп, мээнет кылган дыйкан алууга тийиш. Айткандарым тууралуу ой жүгүрт, анткени Кудай сага булардын баарын түшүнүүгө жөндөм берет. Дауттун урпагынан чыккан, өлгөндөн кайра тирилген Теңири Иса Машаяк ар дайым эсиңде болсун! Менин айта турган сөзүм ушул. Мен ушул сөз үчүн азап чегип, кылмышкердей кишенделгеним менен Кудайдын сөзүн кишендөөгө мүмкүн эмес! Ошондуктан мен Теңирдин тандаган адамдары үчүн, алар да Иса Машаяк аркылуу куткарылып, түбөлүк улуулукка бөлөнсүн деп, баарына чыдап жатам. “Эгер Машаяк менен бирге өлгөн болсок, анда аны менен бирге өмүр сүрө турган болобуз. Эгер ал үчүн кыйынчылыктарга чыдасак, анда аны менен бирге падышалык да кылабыз. Ал эми эгер Машаяктан баш тартсак, ал да бизден баш тартат. Биз ишенимден тайсак да ал ишенимдүү бойдон кала берет, анткени ал өзүнөн баш тарта албайт”. Бул өтө таамай айтылган ак сөз.

Маанисиз айтыштарды тый!

(2:14-25) Ушуларды баарынын эсине түшүрүп, ар кандай сөздөр кайым айтышпагыла деп, Кудай алдында жакшылап эскерт. Андай айтыштардан жакшылык чыкпай, уккандардын ишенимине шек келтирет. Сен уяткарууга зарылчылыгы жок, чындык сөзүн туура карманган кызматчы катары өзүңдү Кудайга жаккандай кылууга дилгирлен. Жарабаган, кур сөздөрдөн оолак жүр, буларды айткандар Кудайдын ак жолунан алыстагандан алыстап, сөздөрү жугуштуу жарадай жайыла берет. Ошолордун арасында Именей менен Филип да бар. Алар чындык жолунан тайып, “кыямат өтүп кетти” деп, кээ бирөөлөрдүн ишенимдерин кыйратышууда. А бирок Кудайдын салган негизи бекем, анда мынабу сөздөр мөөрдөй чегилип жазылган: “Теңири Иса өзүнүн адамдарын жакшы билет” жана “Теңири Исанын атын оосанган ар ким жамандыктан четтесин!” Бир чоң үйдө алтын күмүштөн гана эмес, жыгач менен чоподон жасалган идиш-аяктар да бар: алардын бирөөлөрү өзгөчө сый иштер үчүн, башкалары өтө жөнөкөй максаттарда колдонулат. Ошонун сынарындай, ким өзүн булардан оолак таза кармаса, ошол сый идиш сыяктуу Кожоюнуна багышталып, ар бир жакшы иштер үчүн колдонулууга даяр болот. Жаштык кумарларынан кач! Таза жүрөк менен Теңирибизге сыйынгандарга кошулуп, алар менен бирге адилдик, ишеним, сүйүү жана тынчтыкка умтул. Акылсыз, маанисиз айтыштардан оолак бол, анткени сен алардын чыр чыгарарын билесиң. Жараткан Эгенин кызматчысы чыр болбошу керек, ал баарына бирдей мамиле кылган, окутканга жөндөмдүү, таарынчаак эмес адам болуусу кажет. Кудай чындыктын билимине жетелеп келип, аларга ниеттерин өзгөртүүнү белек кылар деген үмүт менен каршы болгондорду момундук менен насаатташ керек. Алар балким акылга келип, өзүнүн эркине багындыруу үчүн кармап алган шайтандын тузагынан бошонуп, кутулушаар.

2 Тимотей 3

Арам ойлуулардан оолак бол

(3:1-9) Эсиңде болсун: акыркы убактарда заман абдан жаман болот. Адамдар өзүмчүл, акча жандуу, мактанчаак, текебер, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбеген, жакшылыкты билбеген, ыйык эмес, мээримсиз, кечиримсиз, тили жаман, өзүн-өзү кармабаган, кара мүртөз, жакшылыкты жек көргөн, чыккынчы, бетпак, менменсиген, Кудайдан көрө жан-жыргалын артык көрө турган болушат. Алар сыртынан Кудайга жаккандай болуп көрүнгөнү менен, анын кудуретин танышат. Мындай адамдарга кошулба! Алар үйлөргө жылып кирип алып, жеңил ойлуу аялдардын көнүлүн ээлеп, төбөсүнө чыгышат. Ал аялдар күнөөгө белчесинен батып, түрлүү кумарлануулардын жетегинде. Алар окуй беришет, окуй беришет, бирок эч качан чындыкка жете алышпайт. Мусага каршы чыккан Яний менен Ямбрий сыяктуу, мындайлар чындыкка каршы. Алар акылдан айныгандар, ишенимдери болсо жасалма, ташка жарабаган ишеним. Алар алыс узабайт, анткени алардын акылсыздыгы барына айкын болот. Убагында Яний менен Ямбрий да ошондой болгон.

Ишенимди таза тут

(3:10-17) Ал эми сен болсоң мени ээрчип жүрүп, менин окутуум, жүрүш-турушум менен өмүрдөгү максатымды үлгү тутуп, ишенимим, чыдамкайлыгым жана сүйүүмдү, куугунтук жеп, азап чеккен кездеримде көрсөткөн бекемдигимди өз көзүң менен көрдүң. Антиохия, Икония менен Листрада мени менен эмне болгондун баарын, ошол шаарларда кандай куугунтуктоону башыман кечкенимди билесиң. Теңирибиз мени ошолордун баарынан куткарды. Чындыгында, Иса Машаякка ишенип, Кудайга жаккан өмүр сүргүсү келе тургандардын баары тең куугунтукталышат. Кара ниеттер менен алдамчылар мурункудан бетер жамандык жасап, өздөрү да алданып, өзгөлөрдү да алдай берет. А сен болсоң үйрөнүп, көзүң жеткен нерсеге ак бол, анткени сен мугалимдериңдин ким экенин билесиң. Анын үстүнө бала кезиңен эле Ыйык Жазмалар менен таанышсың. Алар сага акыл үйрөтүп, Иса Машаякка деген ишенимиң аркылуу куткарылууга алып келе алат. Анткени Ыйык Жазмалардын баары Кудайдын Деми менен жазылган. Андыктан таалим берүүгө, ашкерелөөгө, оңдоого, бардык адилдикке тарбиялоого пайдалуу. Ушундайча Кудайдын адамы бардык жакшы ишке даярдалып, белен турат.

2 Тимотей 4

Кудайдын сөзүн тарат

(4:1-8) Кудай жана кайтып келип, Падышалык курганда тирүүнү да, өлгөндү да соттоочу Иса Машаяктын алдында сага дагы бир ирет эскертемин: Кудай сөзүн жарыяла! Убагы келип турса да, келбей турса да дайым даяр бол буга! Абдан сабырдуулук менен жана кылдат насааттар менен ашкереле, тыюу сал, кубатта! Анткени адамдар оң окутууну кабыл албай турган убак келет. Алар өздөрүнүн каалоолорунун жетегинде жүрүп, өздөрүнө гана жага турган, кулактарынын кычуусун кандыра турган сөздөрдү айта турган мугалимдерди көп-көп чакырып, ошолорду уга турган болушат. Ошентип чындыкка кулак салбай, жомокторду угушат. Ал эми сен ар дайым кыраакы, азапка чыдамдуу бол. Жакшы кабарды таратуунун милдетин аткарып, кызматыңды орундата бер! Анткени курмандык шарабындай төгүлө турган убагым жакындап, бул жактан аттанаар маалым келип калды. Мен жакшы күрөшкө катыштым. Байгеге чыгып, маарага жеттим, ишенимди сактап калдым. Эми мени адилдиктин таажысы күтүп турат, аны мага ошол күнү адилдиктин Төрөсү — Теңирибиз берет; мага гана эмес, анын кайра кайтып келишин саргая күткөндөрдүн баарына берет.

Насааттар жана өтүнүчтөр

(4:9-18) Мага тез арада келүүгө тырыш. Себеби Димас бу күнөөкөр дүйнөнү сүйүп, а мени таштап, Фессалоникага кетип калды; Крискент Галатияга, Титос Далматияга кетти. Азыр менин жанымда жалгыз гана Лукас. Маркты таап, өзүң менен бирге ала кел, анткени ал менин кызматыма керек. Тихикусту Эфеске жибердим. Троядада Карптын үйүнө таштап кеткен плащымды, ошондой эле китептеримди ала кел, айрыкча жаргак териге жазылгандарын. Темир уста Искендер мага көп зыян кылды. Аны кылган жамандыктары үчүн Теңирибиздин өзү жазаласын. Сен да андан сак бол, анткени ал биздин кабарыбызга абдан каршы болду. Алгачкы жолу суракка алынганымда мени жактоо үчүн эч ким келген жок, баары мени таштап кетишти. Мейли, бирок бул алардын өздөрүнүн башына келбесе экен. Баары таштап кетсе да Теңирибиз мага жар болуп, башка улуттагылардын баары угуп калуусу үчүн Жакшы Кабарды толук жарыялоого күч-кубат берип, мени арстандын, алкымынан куткаргандай, ажалдан аман алып калды. Теңирим мени ар кандай жамандыктан куткарып, асман падышалыгына аман-эсен алып барат. Ал түбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын! Ылайым так ушундай болсун!

Кат аягы

(4:19-22) Прискилла менен Акылга, ошондой эле Онисифордун үйүндөгүлөрүнө салам деп кой. Ераст Коринфте калды, Трофимди ооруп калганынан Милетте калтырдым. Кыш түшкөнчө келүүгө тырыш. Еввул, Пуд, Лин, Клавдия жана бардык боордошторубуз сага салам жолдоп жатышат. Жараткан Эгебиз жар болуп, сага дем берсин. Кудай силерге ырайымын төксүн.

Тит 1

Кат башы

(1:1-4) Кудайдын кулу жана Иса Машаяктын элчиси Паулостон. Мен Кудайдын тандаган адамдарынын ишенимдерине жардам берип, аларды биздин (яхудейлердин) динибиздеги түбөлүк өмүргө болгон үмүткө негизделген чындыктарга үйрөтүү үчүн жиберилгем. Калп айтпаган Кудай бизге мындай өмүрдү убакыт санагы башталаардан мурда эле берем деп убада кылган. Анан убагы келгенде аны өзүнүн жакшы кабары аркылуу ачып берди. Бул тапшырма мага берилген, ошондуктан мен аны куткаруучу Кудайыбыздын буйругу менен жарыялоодомун. Мен бул катымды жалпыбызга тишелүү ишенимдеги чыныгы уулум Титоско арнайм. Кудай Атабыз менен куткаруучубуз Машаяк Иса сага ырайымын төгүп, аманчылыгын берсин.

Титостун Крит аралындагы кызматы

(1:5-15) Мен сени Критте калтырганымдын себеби ал жактагы бүтпөй калган иштерди аягына чыгарып, ар бир шаардагы машаяктар жамаатына аксакал-жетекчилерди шайлашың керек болчу. Менин айткандарымды эсиңден чыгарба: жамаат башчысы кынтыксыз таза, бир гана аялы бар, бала-чакасы жүрүш-түрүшү бузук, тоңмоюн деген аттан алыс жана Машаякка ишенгендерден болушу керек. Жетекчи Кудайдын ишине жоопкечиликтүү болгондуктан, ал кынтыксыз болууга тийиш. Менменсиген, кызуу кандуу, аракеч, ажаан жана акчадегенде жата калган адам болбошу керек. Меймандос, жакшы нерсени сүйгөн, сабырдуу, такыбаа, ыйык, адептүү, ишенүүгө боло турган жана Машаякка болгон ишеним илиминин негиздерине дал келе турган кабарды бекем карманган адам болушу керек. Ушундай болсо ал туура илим менен башкаларга кайрат берип, ал илимге каршы чыккандардын катасын ачып көрсөтө алат. Анткени каршы чыкканды жакшы көргөн, болбогон кур сөздөрү менен башкаларды адаштырган адамдар көп, айрыкча яхудей дининен келгендердин арасында. Алардын ооздорун жап кылыш керек, анткени алар арам пайданы көздөп, окутууга тийиш болбогон таалимдери менен көптөгөн үйлөрдү бузуп жатышат. Ал тургай ошол криттиктердин өздөрүнөн эле чыккан, алар пайгамбар деп эсептеген бирөөсү мындай деп чындыкты айткан: “криттиктер — дайыма жалганчылар, адепсиз айбандар, жатып ичерлер”. Ушул себептен сен аларды катуу урушуп коюшуң керек: ишенимдери соо болуп, яхудейлердин мифтери менен чындыкты четке каккан адамдар чыгарган пенделик осуяттарды сактаганды токтотушсун. Адал адамдарга баары адал, ал эми ниеттери бузулуп, уят-абийирлери какачтап кеткен булганч, ишенбеген адамдарга баары арам. Алар “биз Кудайды тааныйбыз” дешет, бирок кылган иштери Кудайга каршы экенин көрсөтүп турат. Алардын ичи жек көрүүгө, баш ийбестикке толуп, өздөрү эч бир жакшы нерсеге жарабай калышкан.

Тит 2

Ишенимдин негиздери

(2:1-15) А сен болсо, Титос, туура илимге дал келе турган нерселерди сүйлөшүң керек. Кары кишилерди сабырдуу, сыйга татыктуу, өзүн-өзү кармай билген адамдардан болууга чакырып, аларды ишенимде, сүйүүдө жана чыдамкайлыкта туруктуулукка үндө. Ошондой эле кары аялдарды да Кудайга өзүн арнаган адамдардай жашоого чакыр. Алар узун тил эмес, ичкиликке берилбеген, жакшы нерселерге окуткан аялдардан болушсун. Ошондо жаш келиндерди өз күйөөсү менен балдарын кантип сүйүүгө, кантип нысаптуу, таза, күйөөсүнө баш ийген жакшы аялдардан болууга үйрөтө алышат. Ушундай болсо эч ким Кудайдын сөзү тууралуу жаман сөз айта алышпайт. Ошондой эле жигиттерди да өздөрүн кармана билгенге чакыр. Сен өзүң бардыгында үлгү болушуң керек. Таалимдериң олуттуу болуп, чын жүрөктөн чыксын. Бизди жамандаганга эч нерсе табалбай душмандарың өздөрү уят болушсун үчүн сын такканга шылтоо табылбай турган сөздөрдү колдонуп сүйлө. Кулдар кожоюндарына баш ийишип, бардыгында аларга жакканга аракет кылышсын. Кожоюндарына каршы сүйлөп, же алардан уурдоого барбасын. Тескерисинче, алардын алдында чынчыл, ишенимдүү экендерин көрсөтүүгө милдеттүү. Ошондо алардын үлгүлүү жүрүш-турушунан улам куткаруучу Кудайыбыздын илимин баары сыйлай турган болушат. Анткени Кудай бардык адамдарды куткарганы келүүсү менен бизге өзүнүн канчалык ырайымдуу экенин көрсөттү. Ошол ырайымдуулук бизге кудайсыз жашоону жана бул дүйнөгөтаандык болгон күнөөлүү кумарларды таштап, бул заманда сабырдуу, адал, кудайды сыйлаган өмүр сүрүүнү насааттайт. Биз улуу Кудайыбыздын жана куткаруучубуз Иса Машаяктын салтанаттуу улуулугу пайда боло турган ак баталуу Күнгө үмүтүбүздү артып, аны күтүп жатабыз. Анткени ал бизди бардык адепсиздиктерден куткаруу үчүн, анын өзүнө гана таандык, жакшылык кылууга ар дайым умтулган адамдардан кылуу үчүн өз өмүрүн биз үчүн курман кылды. Сен мына ушуларды окутушуң керек! Колдоо көрсөткөнүңдө жана ашкерелегениңде бардык бийлигиңди колдон. Өзүңдү өйдөдөн караганга эч кимге жол бербе.

Тит 3

Машаяктардын милдеттери

(3:1-11) Сага караштуу адамдар башчылар менен бийликтегилерге баш ийип, аларга моюн сунуп, жакшылык кылганга дайым даяр болууну аларга эскертип тур. Эч ким тууралуу жаман сөз айтпоону, бирок тынч, досчул болуп, бардык адамдарга момундук менен мамиле кылууну насаатта. Анткени биз өзүбүз да бир кезде акылсыз, баш ийбеген жана алдамчы болчубуз. Ар кандай кумар-ышкылардын кулу элек. Башкаларга жек көрүндү болуп, өзүбүз да башкаларды жек көрүп жүрүп, өмүрүбүздү жек көрүү менен көрөалбастыкка короттук. Бирок куткаруучу Кудайыбыздын кайрымдуулугу менен сүйүүсү бизге ачылганда ал бизди куткарып алды. Кылган жакшы иштерибизден эмес, өзүнүн боорукер, мээрбандыгынан улам Ыйык Руху аркылуу бизди куткарды. Ыйык Рух бизди кайрадан төрөлтүп, жууп тазалап, жаңы өмүр берди. Кудай бизге куткаруучубуз Иса Машаяк аркылуу өзүнүн Рухун мол жаадырды. Ошол Иса Машаяктын ырайымы аркылуу биз Кудай алдында актала алабыз жана үмүт артып жүргөн түбөлүк өмүрдүн мурасчыларынан боло алабыз. Бул сөздөр чындык. Кудайга ишенип калгандар өздөрүн изги жана бардыгына пайдалуу жакшы нерселерге арнап жүргөнүн текшерип тура алсын үчүн жогоруда айтылган сөздөргө тереңирээк көңүл бурушуңарды каалайм. Жарабаган талаш-тартыштардан, бүтпөгөн санжыралардан, чыр-чатактардан жана Мыйзамга байланыштуу айтыштардан кач, анткени булар кыпындай да пайдасы жок, арзыбаган нерселер. Бөлүп-жарганды сүйгөн кишиге бир-эки жолу эскертүү жаса да, укпаса аны менен мамилени толук үз. Мындайлар бузулган адамдардан экенин сен билесиң, кылган иштери алардын күнөөлүү экендигин ырастап турат.

Акыркы насааттар

(3:12-15) Артемус менен Тихикусту сага жөнөткөнүмдөн кийин мүмкүн болушунча тезирээк мага Никополго келгенге аракет кыл, анткени мен ошол жерде кыштоону чечтим. Зенас мыйзамчыл менен Аполлостун сапарга аттанышына жардам кылганга аракет кыл жана алардын жолго керектүү бардык нерсеси жетиштүүбү, ошону текшер. Биздин адамдарыбыз чыныгы муктаж болгондорго жардам көрсөтө алуу үчүн убактыларын жакшылык жасоо менен өткөргөндү үйрөнүшү керек. Алар пайдасыз өмүр сүрбөө керек. Жанымдагылардын баары сага салам жолдоп жатышат. Бизди сүйгөн ишенимдештерибизге бизден салам айтып кой. Баарыңарга Кудайдын мээрими төгүлүп турсун.

Филемон 1

1 Машаяк Иса үчүн түрмөдө жаткан Паулостон жана боордошубуз Тимотеостон сүйүктүү кызматташыбыз болгон сизге, кымбаттуу Филемон, сиздин үйүңүздөгү жамаатка, эжекебиз Апияга, ишенимдеги жоокерибиз Архипке салам жолдойбуз. 2 Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк баарыңарга ырайым кылып, ынтымак ыроолосун. 4 Боордошум Филемон, ар дайым Кудайга сыйынганымда сени эстеп, Кудайга рахматымды айтам. Анткени Кудай адамдарынын баарына көрсөткөн мээримиң менен Теңири Иса Машаякка болгон ишенимиң тууралуу кабардар болуп атам. 5 Ишенимдешиң катары, ортобуздагы кызматташтыгыбыз, Иса менен бирдиктеги жашообузда ээ болгон ар батанын терең маанисин түшүнүүгө алып келсе экен деп сыйынам. Сенин сүйүүң, кымбаттуу боордошум, мени кубанычка бөлөп, кайрат берди! Сен Кудай адамдарынын баарын чыйралттың! 8 Ушул себептен Машаяктын жолундагы боордошуң катары сенден милдеттүү түрдө талап кыла, чоң сүйлөсөм деле болмок. 9 Бирок сени сүйгөн себебимден талап кылгандын ордунаөтүнүч менен кайрылып олтурам. Мен, Паулос, аксакал эле эмес, Машаяк Иса үчүн түрмөдө жаткан адам катарында өтүнүп жатам. 10 Менин өтүнүчүм — Онисим балам тууралуу. Ооба, ал чындап эле менин түрмөдө жатканымда тапкан балам. 11 Бир убакта анын сага пайдасы жок болчу, бирок азыр ал экөөбүзгө тең пайдалуу болуп калды. 12 Мен Онисимди сага кайра жөнөтүп жатып, аны менен кошо жүрөгүмдү сууруп бергендей болуп олтурам. 13 Жакшы Кабарды таратканым үчүн түрмөдө олтурганымда, сенин ордуңду басып, мага жардам берсин деп, аны жанымда калтырсам жакшы эле болмок. 14 А бирок кылган бардык жакшылыктар таңуулоо сыяктуу эмес, ыктыярдуу түрдө болсун үчүн сенин макулдугуңсуз эч нерсе кылгым келбеди. 15 Балким Онисимдин сенден убактылуу кеткени, аны кул катары эмес, кулдан артык, сүйүктүү боордошуң катары кайра биротоло кабыл алууң үчүн болгондур. 16 Мен үчүн ал абдан кымбат адам, бирок мага караганда сен үчүн кул катарында жана Теңирдеги боордошуң катарында алда канча кымбатыраак. 17 Ошондуктан эгерде мени кызматташым деп эсептесең, анда аны мени кабыл алгандай кабыл ал. 18 Эгерде сага бир жамандык кылып, же бир нерсе карыз болуп калган болсо менин эсебиме жазып кой. 19 Мен, Паулос, муну өз колум менен жазып жатам. МЕН САГА ТӨЛӨП БЕРЕМ. (Сен мага өз өмүрүң менен карыз экениңди айтып жатканым жок.) 20 Ошондуктан, боордошум, Теңири Исанын аркасы менен сени бир колдонуп алууга уруксат этип, Машаяктагы жүрөгүмдү кубантып койчу. 21Сенин кичи пейилдигиңе ишенип, ал тургай мында сурангандарымдан да көптү кыларыңды билген мен ушул катты жазып олтурам. 22 Дагы бир нерсе: мен үчүн бир бөлмөңдү даярдап кой, себеби сыйынууларыңарга жооп берип, Кудайым мени жакында араңарга алып бараар деген үмүтүм бар. 23 Иса Машаяк үчүн түрмөдө олтурган кызматташым Епафрас да силерге салам жолдоодо. Кызматташтарым Марк, Аристархус, Демас жана Лукас да аларга кошулушууда. Силерге Теңири Иса Машаяк ырайымын ыроолосун.

Hebrews 1

Hebrews 2

Hebrews 3

Hebrews 4

Hebrews 5

Hebrews 6

Hebrews 7

Hebrews 8

Hebrews 9

Hebrews 10

Hebrews 11

Hebrews 12

Hebrews 13

Жакып 1

Кат башы

(1:1) Кудайдын жана Теңири Иса Машаяктын кулу Жакыптан туш-тушка чачырап кеткен он эки урууга салам.

Ишеним жана акылмандык

(1:2-8) Боордошторум, ар кандай азгырык-сынактарга туш болгонуңарда аларды дайыма чоң кубаныч менен кабыл алып жүргүлө. Анткени ишенимиңер сыноодон өтүп, көтөрүмдүүлүгүңөрөсөт. Силер эч кандай кемчиликсиз, бардыгында жеткилең болууңар үчүн көтөрүмдүүлүк өз ишинин аягына чыгышы керек. Эгерде араңардан бирөөңөргө акылмандык жетишпей жаткан болсо, анда ал марттык менен жемелебестен баарына берүүчү Кудайдан сурасын. Ошондо Кудай ага акылмандыкты берет. Бирок кыпындай да шек санабай ишеним менен сурасын, анткени арсарланган адам шамалга көтөрүлүп, анан чачырап кеткен толкун сыяктуу. Мындай адам Кудайдан бир нерсе алам деп ойлобой эле койсун. Эки ойлуу болуп, арсарланган адам бардык иштеринде бекем эмес.

Байлык жана жакырлык

(1:9-11) Бу дүйнөдө коомдун пас катмары деп аталгандарга кирген бурадар, Кудай аны канчалык өйдө баалагандыгына кубанганы жакшы, ал эми бай бурадар анын байлыгы Кудайдын көз карашы боюнча эч бааланбаганын билсе, муну туура кабыл алсын. Анткени, назили байлык дегениң талаада өскөн гүл сыяктуу тез эле соолуп калат. Күн чыгып, мээ кайнаткан ысыгы менен чөптү кууратат да, гүлүн түшүрүп, сырткы сулуулугунан ажыратат. Ошонун сыңарындай бай адам да байлыктын артынан кууп жүрүп, куурайт.

Сыноо жана азгырык

(1:12-18) Азгырык-сынактарды башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу, анткени ал сыноодон өтүп, Кудай өзүн сүйгөндөргө убада кылган өмүр таажысын сыйлыкка алат. Азгырыкка дуушар болгондо: “Бул азгырык Кудайдан!” деп эч ким айтпасын! Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана өзү да эч кимди азгырбайт. Бирок ар ким өзүнүн күнөөлүү каалоолоруна жетеленип, ошолорго кызыгып азгырыкка дуушар болот. Андай каалоо күнөөнү тууйт. Ал эми жасалган күнөө болсо, өлүмгө алып келет. Алданбагыла, сүйүктүү боордошторум, жакшы тартуулар менен жеткилең белектердин баары көктөн, нурлардын Атасы болгон Кудайдан келет. Ал эч качан өзгөрбөйт, андаөзгөрүүнүн көлөкөсү да жок. Ал өз каалоосу менен жараткандарынын туңгучу болуубуз үчүн бизди акыйкаттын сөзү аркылуу бул жашоого алып келди.

Угуу жана аткаруу

(1:19-27) Ошондуктан, менин сүйүктүү боордошторум, ар бир адам укканга тез, ал эми сөз сүйлөө менен ачууга жай болушу керек. Анткени пенденин ачуусу Кудай каалаган адилдикти жасабайт. Андыктан ар кандай начар адаттар менен адепсиз кылыктарды ары жыйыштырып, жаныңарды сактап калууга кудурети бар насаат сөздү момундук менен кабыл алгыла. Ошол сөздү угуп, анан аткарбай, өздөрүн өздөрү алдагандардан эмес, аткаруучулардан болгула. Анткени сөздү угуп, бирок аткарбаган адам жүзүн күзгүдөн карап, анан ары карай бурулуп, кандай экенин ошол замат унуткан адамдай. Бирок ким адамдарды эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамга жакшылап көңүл буруп, унутчаак угуучудай болбой, андагы жазылгандарды сактап, иш жүзүндө аткарса, анда анын кылган иштерине Кудай батасын берет. Араңардан бирөө өзүн такыбаамын деп ойлоп, бирок тилин башкара албаса, анда ал өзүн өзү алдаганы. Анын такыбаалыгы ташка да жарабайт. Кудай Ата таза жана чыныгы такыбаалык деп жетим-жесирлердин кыйынчылыктарына кол кабыш кылып, бу күнөөкөр дүйнөдө булганбай жашоону эсептейт.

Жакып 2

Өң карама болбогула

(2:1-13) Боордошторум, улуулуктун ээси болгон Теңири Иса Машаякка ишенүүчүлөр катарында адамдардын сырткы көрүнүшүнө карап, бет карамалык кылбастан мамиле жасагыла. Мисалы, чогулушуңарга алтын шакек тагынып, кычырап кийинген адам кирип калды дейли. Ошону менен катар эле жупуну кийимчен адам да келсин. Анан, силер тигил бай кийимченге кайрылып: “Аксакал, кош келиңиз, төргө өтүңүз”, — деп жапылдап, ал эми кедейге болсо: “Эй, сен ошол жерде туруп тур, же бери бас, менин аяк жагыма отур”, — десеңер, анда өзүңөрдүн араңарды бөлгөнүңөрдөн жана таза эмес ниет менен ой жүгүрткөнүңөрдөн улам айыптуусуңар. Угуп алгыла, сүйүктүү боордошторум, ишенимде бай болуп, мени сүйгөндөргө убада кылган Падышачылыгымдын мураскерлери болушсун деп, Кудай бул дүйнөдөгүкембагалдарды тандап алган. А силер болсо кембагалды сыйлабайсыңар! Силерди кысымга алып, сотко сүйрөгөндөр байлар болбогондо кимдер? Силерге берилген жакшы наамды жаманатты кылып жатышкан да ошолор го! Эгерде силер Ыйык Жазмаларда “өзгөлөрдү өзүңдөй сүй!” деп айтылган Падышачылыктын мыйзамына баш ийсеңер, анда туура иш кыласыңар. А эгер эки жүздүүлөнсөңөр, анда күнөө кылып, Мыйзам алдында кылмышкерсиңер. Эгерде кимде ким Мыйзамды толугу менен сактап, анан бир эле жеринен чалынса, анда ал Мыйзамды толугу менен бузду деп эсептелет. Анткени “Бузуктук кылба!” деген осуятты берген Кудай “Киши өлтүрбө!” деген осуятты да берген. А эгер сен бузуктук кылбасаң, бирок киши өлтүрсөң, анда сен баары бир кылмышкерсиң. Эркиндикке чыгара турган мыйзам аркылуу соттолуучу адамдардай сүйлөгүлө жана иш кылгыла. Анткени ырайымдуулук кылбаган ар кимге ырайымсыз сот болот! Ырайым Соттон бийик турат!

Ишеним жана иштер

(2:14-20) Боордошторум, эгерде ишенем деп, бирок ишенимин далилдеп турган иштери болбосо, андай адамдын ишениминен не пайда? Мындай ишеним анын өзүн сактап кала алабы? Эгерде ага-иниңерден же эже-карындаштарыңардан бирөөнүн кийгенге кийими, жегенге наны жок олтурса, а силердин бирөөңөр: “Силерди Кудай жалгасын, жылуу кийинип, жакшы тамактангыла!” деп, бирок эч нерсе бербесе, анда анын сөзүнөн эмне пайда? Эч кандай пайдасы жок! Ошонун сыңарындай ишсиз ишеним өлүк! Бирок бирөөлөр мындай деп чыгышы мүмкүн: “Сенин ишенимиң бар, а менин иштерим бар!” Андай болсо иштери жок ишенгенди көрсөтүп берчи, мен сага иштеримен ишенимди көрсөтүп берейин. Сен бир Кудай бар экенине ишенесиң; мунуң жакшы, бирок жин-шайтандар деле буга ишенишет, ал тургай бир Кудайдын бар экенинен коркуп, калчылдашат. Ай, акылсыз наадан, ишсиз ишеним өлүк экенин билгиң келеби сенин?

Ишеним иштер менен толук

(2:21-26) Биздин түп атабыз Ибрайым Кудай алдында эмнеси менен акталды эле? Өз баласы — Исхакты курмандык чалчу жайга жаткырып, ишенимин далилдеген иши менен. Көрдүңбү, анын ишеними ошондой ишке түрткөн, ошентип, анын ишеними иштери менен толукталган. Ошондуктан Ыйык Жазмадагы: "Ибрайым Кудайга ишенген, анын бул ишеними анын адилеттиги катары эсептелген жана Ибрайым Кудайдын досу атка конгон" деп айтылган пайгамбарчылык сөз ордуна келет. Көрдүңөрбү, адам баласы жалгыз гана ишеними менен эмес, иштери менен да Кудай алдында акталат. Рахав сойку деле чалгынчыларды жашырып калып, анан аларды башка жол менен чыгарып жиберип, ушул кылган иши менен акталбады беле? Демек, жансыз дене өлүк болгон сыяктуу эле ишсиз ишеним да өлүк.

Жакып 3

Тил туурасында

(3:1-12) Боордошторум! Баарыңар эле окутуучу боло бербегиле. Анткени өзүңөр билгендей, биздин, окутуучулардын, сотубуз катаалыраак болот. Баарыбыз тең көп эле күнөө кетиребиз.Тилинен жаңылбаган адам бүт денесин башкара алган жеткилең адам. Өзүбүзгө моюн сундуруш үчүн аттарга ооздук салабыз да аларды толугу менен башкарабыз. Кемелер да канчалык чоң болсун, канчалык катуу шамалдарга айдалсын, кипкичинекей гана рулдун жардамы менен кемечинин каалаган жагына сүзөт. Тил да ошондой, өзү кичинекей эле орган болсо да көп нерсени кылып жиберет. Дүпүйгөн токой кипкичинекей оттон жок болуп кетиши мүмкүн. Тил да ошол оттой. Тил — бул катачылыктын дүйнөсү. Адамдын денесинен орун ээлеп алып, бүт табиятын булгап, анын бүт жашоо багытын отко коюп, өзү да тозоктун отуна малынып турат. Биз, адам баласы, бардык айбандарды, канатууларды, бака-жыландарды, деңиз жаныбарларын багындыра алабыз жана багындырдык. Ал эми тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил — бул өлтүрө турган ууга чыланган багынгыс жамандык. Тил менен Кудай Атаны алкайбыз да, кайра эле ошол тил менен Кудайга окшоштурулуп жаратылган адамдарды каргайбыз. Алкыш да, каргыш да бир эле ооздон чыгып турат. Боордошторум, мындай болбош керек! Бир булактын көзүнөн таттуу да, ачуу да суу бирдей агып чыга алабы? Анжир дарак, алма бербейт, жүзүм сабагы анжир байлабайт, ошол сыяктуу эле бир булак туз суу менен таза сууну бирдей агыза албайт.

Көктөн түшкөн акылмандык

(3:13-18) Араңарда даанышман, түшүнүктүү адам бар болсо, анда ал даанышмандыгын үлгүлүү жүрүш-турушу, момундугу жана акылмандык менен жасалган иши менен көрсөтсүн. А эгер көрө албас, ичи тар, ачуулуу жагыңар бар болсо, анда мактанып, Акыйкаттын алдында күнөө кылбагыла. Мунуңар көктөн түшүүчү акылмандык эмес! Ал бул дүйнөнүкү, пенделик сезимдерге жана шайтанга таандык “акылмандык”. Анткени башаламандык менен бардык жамандык, көрө албастык менен ачуу бар жерде. Көктөн түшкөн акылмандык биринчиден аруу, анан тынчтыкка умтулган, момун, кичи пейил, мээрим менен жакшы жемиштерге мол, адилеттүү жана ак болот. Жакшылык — бул элчилердин тынчтыкта сепкен уруктарынан өсүп чыккан түшүм.

Жакып 4

Бул дүйнө менен достук

(4:1-10) Араңардагы кастык менен талаш-тартыштын себеби кайдан? Ичиңерде согуш жүргүзүп жаткан күнөөлүү каалоолоруңардан эмеспи? Бир нерселерди каалайсыңар, бирок албайсыңар, ошондуктан өлтүрүүгө даярсыңар. Бир нерселерди ашыкча эңсейсиңер, бирок жетпейсиңер, анан бака-шака түшүп чырдашып, кырылышып эле жатып каласыңар. Силер каалаганыңарды албайсыңар, анткени аны Кудайдан сурабайсыңар. Сураганыңарда, адал ниет менен сурабагандыктан, ала албайсыңар. Анткени өзүңөрдүн күнөөлүүкаалоолоруңарды канаатандыруу максатында сурайсыңар. Эй, Кудайга ак эместер! Бул дүйнө менен болгон достук — Кудайга карата кастык экенин билбейсиңерби? Ким бул дүйнөгөдос болгусу келсе, Кудайга душман болуп калат. “Ичиңерде жашаган Кудайдын Руху силерди ушунчалык сүйгөндүктөн, жамандыктан кызганат” деп Ыйык Жазмада бекеринен жазылыптырбы? Бирок Кудайдын ырайымы кызганычынан күчтүү, андыктан: “Кудай текеберлерге каршы, ал эми тил алчаак, момундарга ырайымын төгөт” деп айтылат. Ошондуктан Кудайга баш ийип, шайтанга каршы турсаңар, шайтан силерден качып кетет. Кудайга кадам шилтесеңер, ал да силерге кадам шилтейт. Эй, күнөөкөрлөр, колуңарды жуугула! Эки жүздүүлөр, ниетиңерди оңогула! Кайгыргыла, өкүргүлө, боздогула! Күлкүңөр ыйга, кубанычыңар кайгыга айлансын! Кудайга моюн сунгула, ошондо ал силерди көкөлөтүп көтөрөт!

Ушак тууралуу

(4:11-12) Бири-бириңерди жамандабагыла, боордошторум. Ким боордошун жамандаса , же соттосо, анда ал Мыйзамды жамандайт жана соттойт. А эгер сен Мыйзамды соттоп жатсаң, анда сен Мыйзамды аткарып жашаган адам эмей эле соттун ордуна отуруп алгансың. Мыйзам чыгаруучу да, Сот да жалгыз гана Кудай! Куткаруу да, кууратуу да ошонун колунда. А сен, башкаларды соттогон адам, өзүңдү киммин деп ойлойсуң?

Мактангандыкка каршы эскертүү

(4:13-17) Эми силер, “бүгүн же эртең баланча шаарга барып, анда бир жыл жашап, соода кылып, пайда көрүп келебиз” дегендер, угуп алгыла! Силер бир жыл эмес, эртең эле эмне болуп кетерин билбейсиңер! Силердин өмүрүңөр эмне? Аз гана убакыт көрүнүп, анан жок болуп кеткен буу. “Кудай буюрса, аман болсок, баланча-түгүнчө кыларбыз” дегендин ордуна көпкөндүгүңөрдү көрсөтүп, дардаңдайсыңар. Мындай дардаңпоздуктун баары күнөө. Ким жакшылык кылуу керек экендигин түшүнүп туруп, кылбаса, ал күнөөлүү болот.

Жакып 5

Байларга эскертүү

(5:1-6) Байлар, менин сөзүмдү тыңдап алгыла! Силердин үстүңөрдө турган кырсыгыңардан улам боздоп ыйлагыла! Байлыгыңар чирип, кийимиңерди күбө жеп кеткен. Алтын-күмүшүңөрдүдат басып, алардын даты силерге каршы күбө болуп, от сыяктуу денеңерди жалмайт. Силер байлыкты акыркы күндөргө топтодуңар. Талааларыңарга иштетип, эмгек акысын төлөбөгөндүктөн жумушчуларыңар Кудайга арыз-муңдарын айтып жатышат. Кудуреттүү Кудайдын кулагына алардын муң-зары жетти. Жер бетинде шапар тээп, жыргап жашадыңар. Өзүңөрдү союла турган күнүңөргө бордоп семирттиңер. Силерге каршылык кылбаганды соттоп, өлтүрдүңөр.

Кыйынчылыктарга чыдагыла

(5:7-12) Ошентип, боордоштор, Теңирибиз келгенге чейин чыдамкай болгула. Дыйкандарды карасаңар, алар талааларынан кымбат түшүмдү алганга чейин кандай чыдашат. Күз жамгыры менен жаз нөшөрүн сагына күтүшөт. Ошол сыяктуу силер да чыдамкай болгула, ишенимиңерди бекемдегиле, анткени Теңирдин келе турган убагы жакындап калды. Боордоштор, Кудайдын сотуна кириптер болбоо үчүн бири-бириңердин үстүңөрдөн арызданганды токтоткула! Сот босогодо турат. Боордошторум, азаптарда чыдамкай болуунунүлгүсүн Эгебиздин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан алгыла. Биз аларды бактылуу деп эсептейбиз, анткени алар чыдамкайлык менен баарын жеңип чыгышты. Силер Аюб пайгамбардын чыдамкайлыгы тууралуу жана Теңир акырында ага кандай кылганы жөнүндө уккансыңар, анткени Теңир абдан кайрымдуу, боорукер. Баарынан да, боордошторум, асман менен да, жер менен да, дегеле эч нерсе менен карганып, ант бербегиле. Ооба дей турган учурда жөн гана “ооба” дегиле, жок дей турган учурда жөн гана “жок” дегиле. Ушундай кылсаңар, Кудайдын сотуна тартылбайсыңар.

Сыйынгыла

(5:13-18) Араңарда көйгөйү барыңар болсо, сыйынсын. Шайырыңар бар болсо, Кудайды мактоо ырларын ырдасын. Араңарда бирөө ооруп калса, жамааттын аксакал-жетекчилерин чакырсын. Алар келип, сыйынып, Теңири Исанын атынан майлашат. Ушул ишенимдин сыйынуусу оорулууну айыктырат. Теңир аны кайра тургузат. Күнөө кетирген болсо, кечирилет. Бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү айтып, айыгуу үчүн бири-бириңерге сыйынгыла. Адил адамдын сыйынуусу күчтүү жана көп нерсени кыла алат. Илияс пайгамбар силер сыяктуу эле адам болгон. Ал жамгыр болбосун деп, Кудайдан өтө суранып, сыйынгандан кийин үч жарым жыл бою жамгыр жааган эмес. Анан кайрадан сыйынганда асмандан жамгыр куюп, жерден эгин өсүп чыккан.

Адашып кеткен бурадарларды оң жолго салгыла

(5:19-20) Боордоштор, араңардан бирөө акыйкат жолунан тайып кетсе, анан аны бирөө кайра оң жолго кайтарса, анда муну билип алгыла: күнөөкөрдү ката жолунан кайтарган, анын жанын сактап калат жана көптөгөн күнөөлөрүн жаап коёт.

1 Петир 1

Кат башы

(1:1-2) Иса Машаяктын элчиси Петростон Понт, Галатия, Каппадокия, Кичи Азия, Вифиния аймактарына чачырап, качкындар катарында жашап жаткан Кудай адамдарына салам кат. Силер Кудай Атанын ой-тилеги боюнча тандалып, Иса Машаякка баш ийүү үчүн жана анын канына жуулуу үчүн Ыйык Рух аркылуу ыйыкталгансыңар. Ылайым араңарда Кудайдын ырайымы менен ынтымагы кызый берсин.

Тирүү үмүт

(1:3-12) Теңири Иса Машаяктын Кудай Атасына алкыш айталы! Ал абдан ырайымдуу болгондуктан Иса Машаякты өлүмдөн тирилтип, бизге жаңы өмүр тартуулады. Бул өмүр тирүү үмүт берип тургандыктан, Кудай келечекте өз адамдарына энчилеп берүү үчүн даярдап койгон улуу байлыктарына көзүбүздү кадайбыз. Ал ошол байлыктарды асманда сактап турат. Ал жакта эч нерсе чирибейт, баары таза жана эч качан соолубайт. Алар Кудайдын кудурети менен ишеним аркылуу куткарылууга аман-эсен сакталып турган силер үчүн. Ошол Куткарылуу акыркы убак келгенде ачылууга даяр. Башыңардан өткөрүп жаткан ар кандай сыноолордон улам азыр бир аз кайгырып турушуңар керек болсо да, ошол Куткарылууну ойлоп кубангыла. Бул кыйынчылык-сыноолордун максаты ишенимиңердин таза экенин далилдөө. Ал тургай бузула турган алтын деле от менен сыналат. Ошонун сыңарындай силердин алтындан алда канча баалуу ишенимиңер да таза болуу үчүн сынактан өтүшү керек. Анан Иса Машаяк келген күндө мактоого арзып, шаңга бөлөнүп, урмат-сыйга ээ болосуңар. Силер аны көргөн эмес болсоңор да сүйүп, көрбөй турсаңар да ишенип жүрөсүңөр. Ошондуктан сөз жеткиз улуу кубанычка бөлөнөсүңөр, анткени силер жаныңарды куткара турган кабарды кабыл алып жатасыңар. Исага ишенгениңердин максаты ошол. Ыйык Жазмаларды кылдаттык менен, казып изилдеген пайгамбарлардын максаты мына ушул Куткарылууга байланыштуу болгон жана Кудайдын келечекте силерге бере турган ушул Белеги тууралуу пайгамбарчылык кылышкан. Алар куткарылуу күнүнүн качан жана кандайча келерин аныктаганга аракет кылышкан. Алардын ичинде жашаган Машаяктын Руху ушул күнгө көрсөтүп, алгач Машаяктын азап тарта турганын жана анын артынан улуулукка бөлөнө турганын алдын ала айткан. Көктөн жиберилген Ыйык Рухтун кудурети менен жарыя кылынып, азыр силер угуп жаткан ошол пайгамбарлардын жакшы кабарындагы нерселер, алардын өз пайдасы үчүн эмес, силер үчүн экенин Кудай аларга ачып берген. Ошол нерселерди ал тургай периштелер да түшүнгүсү келишкен.

Ыйык жашоого чакыруу

(1:13-25) Ошондуктан акылыңарды аракетке даяр кармап, сергек болуп, Иса Машаяк келгенде бериле турган баталарга тереңирээк үмүттөнгүлө. Кудайга баш ийип, жашоо образыңардын аны тааныбаган кезиңердеги каалоолоруна түшүп кетишине жол бербегиле. Тескерисинче, силерди чакырып алган Кудай сыяктуу бардык иш-аракеттериңерде ыйык болгула. Ыйык Жазмаларда Кудай: “Ыйык болгула, анткени мен ыйыкмын”, — деген. Силер Кудайга сыйынып жатканыңарда аны Ата деп атайсыңар. Ал адамдардын баарын алардын ар биринин кылган иштерине жараша эч кимисине тартпастан, бирдей стандарт менен соттойт. Ошондуктан жер бетиндеги калган өмүрүңөрдү аны сыйлап жүрүп өткөргүлө. Анткени ата-бабаңардан мураска калган бул убайымдуу жашоодон силерди куткаруу үчүн кандай кун төлөнгөнүн силер билесиңер. Ал жок кылып салууга боло турган алтын-күмүш сыяктуу эмес, эч кандай кемчилиги, кынтыгы жок козудай болгон Иса Машаяктын кымбат баалуу курмандыгы. Аны Кудай аалам жаратылгандан мурда эле тандап алып, силер үчүн ушул акыркы убактарда ачып берди. Силер ошол аркылуу Кудайга ишенесиңер жана ошол аркылуу ишенимиңер менен үмүтүңөр Кудайга байланган. Акыйкатка тил алчаак болуп, өзүңөрдү тазалап, бири-бириңерге астейдил мээримдүү болгула, анткени силерде таза сүйүүгө ээсиңер. Кудайдын тирүү жана түбөлүктүү сөзү аркылуу өлө турган эмес, өлбөй турган ата-энелердин балдары катары кайрадан туулдуңар. Ыйык Жазмаларда жазылгандай: “Адамзаттын баары чөп сыяктуу жана алардын пенделик атак-даңкы ошол чөптүн гүлү сыяктуу. Чөп куураса, гүлдөрү да түшүп калат. А бирок Теңирдин сөзүтүбөлүккө жашай берет". Бул сөз силерге жарыяланган Жакшы Кабардын өзү.

1 Петир 2

Тирүү таштар жана Кудайдын ыйык эли

(2:1-10) Ошондуктан куткарылууга жетиш үчүн бардык жамандыкты, кытмырлыкты, эки жүздүүлүктү, көрө албастыкты, булганыч сөздөрдү таштап, жаңы төрөлгөн наристелер сыяктуу болуп, сөздүн уузун сүйгүлө. Анткени силер Эгебиздин жакшы экенин билип калдыңар. Адамдар тарабынан жараксыз деп четке кагылып, бирок Кудай тарабынан кымбатка бааланып тандалып алынган Теңирибизге келгиле. Иса Машаяк аркылуу Кудайга рухий жана адал курмандыктарды сунуш кылуу үчүн ыйык дин кызматкерлери катарында кызмат кыла турган Рухий Үйдүн курулушуна пайдаланылуучу тирүү таштардан болгула. Анткени Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Мен бир баалуу ташты тандап алдым, мен аны курулуштун негизги ташы катары коём, ага ишенген адам эч качан өкүнбөйт”. Бул таш силер үчүн абдан баалуу. Ал эми ишенбегендер үчүн ал “куруучулар жарабайт деп четке ыргытып жиберген, бирок баарынан керектүү нерсеге айланып кеткен таш”. Ыйык Жазма дагы бир жеринде мындай дейт: “Бул — адамдарды мүдүрүлтө турган Таш, аларды кулата турган Аска”. Алардын мүдүрүлгөнүнүн себеби Кудайга ишенишпегендигинде. Аларга деген Кудайдын эрки ушундай болчу. А силер болсо тандалган элсиңер, Падышанын диний кызматкерлерисиңер, ыйык элсиңер, Кудайдын кереметтүү иштерин жар салууга тандалган Кудайдын адамдарысыңар. Ал силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып сонун жарыгына чакырып алды. Бир кездерде силер анын эли эмес болчусуңар, азыр болсо элисиңер. Бир кездерде Кудайдын ырайымын билчү эмессиңер, азыр болсо анын ырайымын кабыл алдыңар.

Кудайдын кулдары

(2:11-17) Сүйүктүүлөрүм, бул дүйнөнүн келгиндери жана коноктору катары мен силерден суранам: ар дайым адамдын жанына каршы чыккан табигый каалоо-кумарларга берилбегиле! Кудайды тааныбагандардын арасында жашап жаткан силердин жүрүш-турушуңар үлгүлүү болсун. Силерди бузукулар деп ушактап жүргөндөр жакшы иштериңерди көрүп, Кудай келген күндө аны даңктоого аргасыз болушсун. Эң чоң бийлиги бар — императорго болобу, анын жамандык кылгандарды жазалап, жакшылык кылгандарды мактасын үчүн шайлаган акимдерине болобу, иши кылып, бардык адамдык бийликтерге Теңирибиздин урматы үчүн баш ийгиле. Кудай акылсыз адамдардын болбогон сөздөрдү сүйлөгөн оозун жакшы иштериңер менен жап кылынышын каалайт. Эркин адамдар катары жашагыла, бирок ошол эркиндигиңерди ар кандай жамандыкты жаап жашыруу үчүн колдонбогула. Тескерисинче, Кудайдын кулдары катары адал өмүр сүргүлө. Айланаңардагы адамдардын баарын сыйлагыла, боордошторуңарды сүйгүлө, Кудайдан корккула, падышаны урматтагыла.

Азап чегүүнүн үлгүсү

(2:18-25) Кулдар, силер кожоюндарыңарга моюн сунуп, аларды терең урматташыңар керек. Боорукер, ак көңүлдөрүн гана эмес, каардуу, катаалдарын да сыйлагыла. Кудай деп жүрүп, ак жериңерден азап тартсаңар, бул үчүн ал силерге батасын берет. Ал эми жамандык кылганыңар үчүн таяк жеп, азап тартсаңар, силерге кандай мактоо айтылмак эле? Бирок, эгерде адил иш жасаганыңар үчүн азап тартсаңар, Кудай силерге батасын берет. Кудай силерди ушуга чакырган, анткени силер Машаяктан үлгү алышыңар үчүн ал өзүсилер үчүн азап тартып, үлгү калтырып кеткен. Ал бир да күнөө кылган эмес жана эч ким анын оозунан калп сөз чыкканын уккан эмес. Аны жаман сөздөр менен кордоп жатышканда, жаман сөздөр менен жооп кайтарган эмес. Азап тартып жатканда коркуткан эмес, тескерисинче баарын адилеттүү Сот болгон Кудайга тапшырган. Биз күнөө үчүн өлүк, адилдик үчүн тирүү болушубуз үчүн Машаяк биздин күнөөлөрүбүздү өз денесинде айкаш жыгачка алып барып, кадап салган. Ошонун жарааттары менен силер айыктыңар. Силер жоголгон койлор сыяктуу болчусуңар, бирок азыр жаныңардын Кайтаруучусу жана Сактоочусуна кайра келдиңер.

1 Петир 3

Эрди-катын мамилеси тууралуу

(3:1-7) Кимиңердин күйөөңөр Кудай Сөзүнө ишенбесе, жүрүш-турушуңар аркылуу ишенимге багынышсын үчүн силер, аялдар, өз күйөөңөргө баш ийгиле. Ошондо аларга таалим берип олтурбайсыңар, анткени алар жүрүш-турушуңардын кандай таза, кандай ыймандуу экенин көрүшөт. Чачыңарды өрүп, кымбат баалуу чачпактарды тагынып, кычырап кийинип, сыланып сыйпанып, сыртыңарды эле сулуулай бергенге тырышпастан ички, момун жана токтоо мүнөз күтүп, түбөлүктүү сулуулукка умтулгула. Кудай мына ушундай сулуулукту жогору баалайт. Илгери Кудайга үмүт арткан ыйык аялдар да өз күйөөсүнө баш ийүү аркылуу сулуулугун арттырышкан. Мисалы, Сарра күйөөсү Ибрайымды “төрөм” деп атап, ага баш ийген. Эгерде жакшылык кылып, эч нерседен коркпосоңор, силер да азыр ошол Сарранын кыздарысыңар. Күйөөлөр, силер да аялыңарга эстүүлүк менен мамиле кылып, назик идиштердей аяр күткүлө. Аларды сыйлагыла, анткени алар да силер менен бирге Кудайдын өмүр белегин алышат. Сыйынууларыңарга эч нерсе жолтоо болбосун үчүн ушундай кылгыла.

Ак жерден азап тартуу

(3:8-22) Акырында, баарыңар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуу болгула. Бири-бириңерди сүйгүлө, бири-бириңерге кайрымдуу, кичи пейил болгула. Жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбагыла; каргышка каргыш менен жооп бербегиле, тескерисинче аларга батаңарды бергиле, анткени Кудай силерди өзүнө чакырып алганда силерге батамды берем деп убада кылган. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Эгерде өмүрдөн рахат алып, жыргал күндөрдү көргүңөр келсе, анда жамандыкты айткандан сак болуп, кытмыр сөздөн оолактагыла. Жамандыктан бурулуп, жакшылык жасагыла. Бүт күчүңөр менен тынчтыкка умтулгула. Анткени Теңирибиздин көзүадилдерди карап турат жана алардын сыйынууларын угат, ал эми жамандык кылгандарга ал каршы”. Эгерде жакшылык жасаганга умтулсаңар, ким силерге зыян кыла алмак эле? Эгерде туура иш жасаганыңар үчүн кордук тартсаңар, анда бактылуусуңар! Эч кимден коркпогула да, жүрөкзаада болбогула. Андан көрө чын жүрөктөн Машаяктан ыйбаа кылып, аны Теңириңер катары урматтагыла. Жүрөгүңөрдөгү Үмүт тууралуу сурагандарга аны ар дайым түшүндүрүп айтып берүүгө белен болгула. Бирок муну момундук жана сылыктык менен кылгыла. Тил угуп жатканыңарда, силерди жамандап жаткандар Машаяктын үмөттөрү катарындагы жакшы жүрүш-туруштарыңарды көрүп, айткан сөзүнөн өздөрү уят болушсун үчүн абийириңерди таза сактагыла. Жамандык жасап алып, анын азабын тарткандан көрө, Кудайдын эркине туура келсе, жакшылык жасап, азап тарткан артыгыраак. Анткени Машаяк баарынын күнөөлөрү үчүн, бир жолу азап тартып, өлдү. Силерди Кудайга жетелеп келүү үчүн жакшы адам катары күнөөкөрлөр үчүн жанын кыйды. Адамдар аны өлтүрүштү, бирок Кудайдын Руху кайра тирилтип алды. Ошол Рух аркылуу ал тээ илгери Нук пайгамбардын тушунда, чоң сандык сыяктуу кеме курулуп жаткан кезде, Кудай чыдамкайлык менен күтүп жатканда баш ийбей коюшкан түрмөдөгү рухтарга барып, кабар жеткирген. Кемедеги аз гана адамдар — болгону сегиз киши эле суудан аман калышкан. Ошол суу азыр силерди куткарган чөмүлдүрүүрасмисин көрсөтүп турган символ катары болгон. Бул расим болсо, дененин кирин жууп кетирүүнү эмес, Кудайга таза абийир менен берилген убаданы билдирет. Ал силерди асманга кеткен жана Кудайдын оң кол жагында олтуруп алып, бардык периштелерди, өкүмдарларды жана күчтөрдү башкарып турган Иса Машаяктын кайра тирилүүсү аркылуу куткарып алат.

1 Петир 4

Жаңыча жашоо

(4:1-6) Машаяк денеси менен азап тарткан, андыктан силер да оюңарды ал ойлогондой ой менен куралдантышыңар керек. Мындан аркы жердеги жашооңорду пенделик каалоолордун эмес, Кудайдын башкаруусунда өткөрүшүңөр керек. Кудайсыздар каалаган нерселерди кылып жүрүп, өткөргөн өмүрүңөр жетишет! Ушул убакка чейин адепсиздикке, күнөөлүүкумарларга, ичкиликке, аракка тоюп алгандан кийинки акмакчылыктарга, той-тамашаларга, шермендечилик жол менен жалган кудайларга табынуучулукка берилип, өмүрүңөрдүсарптадыңар. Азыр болсо кудайсыз элдерге окшоп, алардын жапайы, акылсыз жашоолоруна кошулбаганыңарга алар таң калып, баштары маң. Ошондуктан алар силерди жамандап жатышат. Бирок алар тирүүлөр менен өлүүлөрдү соттоого даяр турган Кудай алдында өздөрүнүн жашоосу үчүн жооп беришет. Мына ошол себептен адамдык жагынан денеси соттолуп, руху менен Кудайдай жашай алсын үчүн өлүктөргө да Жакшы Кабар жеткирилген болчу.

Кудай белек эткен шыктарды туура пайдалануу тууралуу

(4:7-11) Бардык нерселердин аягы жакындап келатат. Сыйына алышыңар үчүн ар дайым өзүңөрдү кармай билип, сергек болушуңар керек. Баарынан да бири-бириңерди талбай сүйгүлө, анткени сүйүү көптөгөн күнөөлөрдү жаап коёт. Бири-бириңерге наалыбастан эшигиңерди ачык койгула. Ар бириңер Кудайдын ар түрдүү шыктарын жакшы пайдалана билген адам катарында Кудайдан алган өзгөчө шыгын башкаларга пайда келтирүү үчүн колдонушу керек. Бардыгында Иса Машаяк аркылуу Кудай макталсын үчүн сөз сүйлөөчүңөр Кудайдын сөзүн сүйлөгөндөй сүйлөсүн, кызмат кылуучуңар Кудай берген кубатка жараша кызмат кылсын. Түбөлүктөн түбөлүккө күч-кудурет менен атак даңк ошол Кудайга берилсин. Ооба, ошондой болсун!.

Машаяк үчүн азап тартуу

(4:12-19) Сүйүктүүлөрүм! Жан ооруткан азаптуу сыноолордон өтүп жатканыңарга силер үчүн кандайдыр бир кызыктай нерселерге туш болуп калган сыяктуу таң калбагыла! Тескерисинче, Машаяктын улуулугу ачылганда кубанычыңар толук болсун үчүн, анын азаптарын бөлүшүп жатканыңарга сүйүнгүлө. Машаяктын үмөттөрү катарында кордук тартсаңар, анда бактылуусуңар, анткени улуулуктун Руху болгон Кудайдын Руху ошол учурда силердин үстүңөрдө турат. Азап тарсаңар, киши өлтүргүч, колу туткак же башка кылмыштардын түрлөрүн кылуучу, ал тургай тажатма адам катары азап тартпашыңар керек. Ал эми машаяктар катары азап тартып жатсаңар, анда уялбагыла, тескерисинче Кудайдын аты менен аталып жүргөндөр катары Кудайды даңктагыла. Сот баштала турган убак келип калды жана ал сот Кудайдын үй-бүлөсүнөн башталат. Эгерде ал бизден баштала турган болсо, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин тагдыры не болот? Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “адил адам араң кутулса, анда кудайсыз менен күнөөкөр кантет?" Ошондуктан Кудайдын эрки боюнча азап тартып жаткандар өздөрүн ишенимге бек болгон Кудайга тапшырып, жакшылык кылууну таштабашы керек.

1 Петир 5

Кудайдын оторуна ак пейилден, астейдил кам көргүлө

(5:1-4) Силер сыяктуу эле Машаяктын жамаатынын аксакалы, анын азаптарынын күбөсү жана келечекте айкын боло турган улуулугуна шыбагалаш адам катары силерди карамагыңардагы Кудайдын оторун эрксиздиктен эмес, өз эркиңер менен, Кудай каалагандай, ыктыярдуу түрдө, ынтаа коюп кайтарууга чакырамын. Бул ишиңерди акча үчүн болгон арамзаа каалоодон эмес, ак пейилден кылгыла. Силердин камкордугуңарга берилген Отордун үстүнөн үстөмдүк кылып, башкарууга эмес, ага үлгү болууга умтулгула. А качан Отордун Башчысы келгенде, сыйлыгыңарга эч качан эскирбеген даңк таажысын аласыңар.

Жамаат аксакалдарынын тилин алгыла

(5:5-11) Ошондой эле жаштар, силер жамаат аксакалдарына баш ийишиңер керек. Бири-бириңерге кызмат кылып, дилиңерди кичи пейилдиктин кийимине кийинткиле, анткени Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Кудай менменсингендерге каршы, бирок момундарга ырайымдуу". Убагы келгенде силерди өйдө көтөрүп алсын үчүн Кудайдын кудуретүү кол алдында өзүңөрдү жоошуткула. Бардык түйшүктөрүңөрдү Кудайга бергиле, анткени ал силер үчүн кам көрөт. Соо жана сергек болгула, анткени силердин душманыңар — азезил кимди жутуп алсам экен деген ач арстандай айкырып айланаңарда жүрөт. Ошондуктан бекем ишеним менен ага каршы тургула. Бүт дүйнөдөгү боордошторуңар да так ушундай эле азаптарды баштан өткөрүп жатканын билип жүргүлө. Анткени бир аз азап тартканыңардан кийин өзүнүн Машаяктагы улуулугу менен бөлүшүүгө чакырган жана бардык улуулуктун ээси болгон Кудай силерди жеткилеңдикке жеткирип, бекемдеп, чыңап, пайдубалыңарды былк этпес кылат. Бардык бийлик түбөлүккө Кудайга берилсин! Ооба, так ушундай болсун!

Соңку сөз жана саламдар

(5:12-14) Бул кыскача катымды Силаска жаздыртып жатам. Мен аны Машаяктагы ишеничтүү боордошум деп эсептейм. Силерге дем берип, бул катымдагы айтылгандар Кудайдын акыйкатуу ырайымынан экенин айткым келет. Ошондуктан мындагы айтылгандарды бекем кармагыла. Өзүңөр сыяктуу эле “Вавилондогу” Кудайдын тандап алган жамаатынан силерге салам. Ошондой эле менин уулум Марк да салам айтып жатат. Бири-бириңерге Машаяктагы ыйык сүйүү менен салам бергиле. Ылайым Кудай Машаякка караштуу силердин баарыңарга тынчтыгын берсин.

2 Петир 1

Кат башы

(1:1-2) Иса Машаяктын кулу жана элчиси Ысман Петростон Кудайыбыздын жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын адилеттиги аркылуу биздики сыяктуу эле ишенимди кабыл алгандарга салам кат. Ылайым араңарда Кудайды жана Теңири Иса Машаякты таанып-билүү аркылуу ырайым, тынчтык жана сүйүү мол болсун.

Кудайдын чакырыгы жана тандоосу

(1:3-15) Кудай өзүнүн улуулугу жана айкөлдүгү аркылуу бизди чакырып алды. Кудайдын кудурети бизге өзүн таанып-билүүбүз аркылуу такыбаа өмүр сүрүүгө керек болгон нерселердин баарын берди. Ушундай жол менен ал бизге өзүнүн улуу жана кымбат баалуу убадаларын аткарып берип, ошолор аркылуу бул дүйнөдөгү бузуку кумарлардан качып, ыйык табиятка ээ болуубузга шарт түздү. Ошондуктан өзүңөрдүн ишенимиңерге жакшылыкты, жакшылыкка билимди, билимиңерге сабырдуулукту, сабырдуулугуңарга көтөрүмдүүлүктү, көтөрүмдүүлүгүңөргө момундукту, момундугуңарга туугандык ысык сезимди, туугандык ысык сезимге сүйүүнү кошуп алууга тырышкыла. Ушул керектүү сапаттар силерде мол болсо, анда Теңири Иса Машаякты таанып билүүдө ийгиликсиз жана жемишсиз калбайсыңар. Кимде бул сапаттар жок болсо, анда ал мурдунун учунан алысты көрө албаган, өткөндөгү күнөөлөрүнөн тазалангандыгын унутуп койгон адам. Ошондуктан, боордошторум, өзүңөрдүн Кудай тарабынан чакырылып жана тандалып алынгандыгыңарды күндөн күнгө бекемдей бергиле. Эгерде ушундай кылсаңар эч качан ишенимиңерден тайбайсыңар. Ушундайча Теңирибиз жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын түбөлүктүү падышачылыгына кирүүгө толук укук аласыңар. Силер буларды билсеңер да, тамырыңарды азыркы силердеги чындыктарга бекем жайган болсоңор да, аларды кайта-кайта эсиңерге сала бермекчимин. Мына бул денеде жашап жатканымда ушуларды айтып, силердин эсиңерди улам-улам жаңыртып турууну туура эсептейм, анткени Теңири Иса Машаяк мага ачып бергендей, мен жакында бул денеден чыгарыларымды билем. Ошондуктан мен кеткенден кийин жогоруда айтылганды ар дайым эскерип турууңарга мүмкүнчүлүк жасап берүүгө колумдан келишинче тырышам.

Исанын улуулугун өз көзү менен көргөндөрдүн күбөлүктөрү

(1:16-18) Иса Машаяктын кудурети менен кайра келиши тууралуу силерге айтып бергенибизде өтө чебердик жана айлакердик менен адам оюнан чыккан мифтерди колдонгонубуз жок. Биз анын шаң-салтанатын өз көзүбүз менен көргөнбүз. Ал Кудай Атадан урмат-сый менен улуулукту кабыл алып жатканда жана улуулуктун Улугунан: “Бул менин сүйүктүүУулум. Мен ага абдан ыраазымын”, деген сөз айтылганда анын жанында болчубуз. Ыйык тоонун үстүндө, анын жанында турганыбызда, асмандан ушул үн чыккан жана бул үндү бизөз кулагыбыз менен укканбыз.

Пайгамбарлардын күбөлүктөрү

(1:19-21) Ушундан улам биз пайгамбарлар жарыя кылган ошол кабардын акыйкат экенин мурдагыдан да тереңирээк билип калдык. Силер да ошол пайгамбардык сөзгө көңүл бурсаңар жакшы кыласыңар, анткени куткарылуу күнүнүн таңы атып, жүрөгүңөрдө чолпон жылдыздын жарыгы жаркырамайынча ал кабар караңгыда нурун чачкан шам сыяктуу. Анын үстүнө силер билип алышыңар керек: Ыйык Жазмадагы пайгамбарчылыкты эч ким өз күчү менен чечмелей албайт. Анткени эч бир пайгамбарчылык адамдын өз каалоосунан гана айтылган эмес. Кудайдан келген кабарды айтып жатканда, пайгамбарлар Ыйык Рухтун жетегинде болушкан.

2 Петир 2

Жалган окууну алып келген бузукулар

(2:1-22) Илгери эл арасынан жалган пайгамбарлар чыгышкандай, силердин араңардан да жалган окутуучулар чыгышат. Адамдарды ак жолдон адаштырган окутууларды тымызын киргизишкен ошол бузуку адамдар өздөрүн куткарып алган Устатын танышып, ошонун натыйжасында күтпөгөн жерден өздөрүнүн башына өздөрү кырсык келтиришет. Көп адамдар алардын шерменде жолдоруна кирип кетип, чындыктын Жолунун атына доо кетиришет. Ач көздүктөн улам ойлорунан чыгарып алган кытмыр тамсилдери менен силерди колдонуп, пайда таба турган болушат. Алардын соту эбак эле даярдалып коюлган, алардын ойронун чыгара турган Кудай уктап калган жок. Кудай күнөө кетирген периштелерди аябастан туңгуюкка ыргыткан. Алар тозокто Сот күнүн күтүп, чынжырда жатышат. Кудай байыркы кудайсыз адамдардын дүйнөсүн аябастан, топон суу каптатып жок кылды. Ал ошондо адилеттиктин жарчысы болгон Нукту жана андан башка дагы жети адамды гана куткарып калган. Кудай Содом жана Гоморра шаарларын соттогондо от менен ойрондоп, кудайсыздарын тагдыры кандай болорунун мисалы катары койгон. Ошондо ал Мыйзамга баш ийбеген адамдардын адепсиз кылыктарынан кысылып кыйналган адил адам — Лутту куткарып калган. А киши адепсиздердин арасында жашап, алардын булганыч иштерин угуп-көргөндө, ар күнү жаны кыйналып, өлөөрчө азап тарткан. Ошондуктан Теңирибиз адил адамдарды азгырыктардан кантип куткарууну да, адепсиздерди (айрыкча өздөрүнүн кир кумар-ышкыларына жетеленип, Кудайдын бийлигин четке каккандарды) Сот күнүнө кантип кармап турууну да жакшы билет. Жанагы жалган окутуучулар ооз көптүрүп, чоң сүйлөгөндү сүйгөн зөөкүрлөр, алар көктөгү улуу бийликке баш ийбестен, тескерисинче, акараат айтып, сөгүшөт. Алардан алда канча күчтүү да, кудуреттүү да болгон периштелер да аны Теңирибиздин алдында сөгүп, айыпташкан эмес. Кармап алып, сойгонго туулган айбандар сыяктуу бул адамдар өздөрүнүн табигый туюм сезимдеринин жетегинде жашашат. Акылы менен түшүнө албаган нерселердин баарын өйдөдөн карап, тил тийгизишет. Ошондуктан алар жапайы айбандар сыяктуу кырылышат жана өздөрү жараткан азаптарга түшүшөт. Алар жанкумарларын чак түштө кандырганды сүйүшөт. Алар силердин араңарга кирип алып, чогуу тойлошуп, өздөрүнүн алдамчылыктарынан рахат алган шерменделер жана арамылар. Бузукулук дегенде көздөрү кызарып, күнөөгө эч качан тоюшпайт. Алсыздарды торго түшүрүшөт. Мындайлар Кудайдын каргышына калгандар! Алар түз жолду таштап, адашып кеткендер! Алар Беордун баласы Балаамдын изине түшүп адашып кеткендер. (Балаам арам акчаны сүйүп калганда бул арамдыгы ашкере кылынган: анын эшеги адам тилинде сүйлөп жиберип, пайгамбардын акылсыз аракетин токтоткон.) Кургап калган булактар, шамалдын айдоосундагы булуттар. Алардын келечеги — түбөлүк түндүн караңгылыгында. Алар маңызсыз сөздөрдү былжырап, адашкандардын артынан эми эле кайткандарды кайрадан дене кумарларынын торуна салышат. Өздөрү кул болуп жүрүп, башкаларга эркиндик беребиз деп убада кылышат. Анткени ким эмнеге жеңилсе, ошонун кулу. Эгедерибиз жана Куткаруучубуз Иса Машаякты таанып-билүү аркылуу бул дүйнөнүн булганыч иштеринен кутулуп, анан кайрадан аларга баш ийип беришкендер үчүн акыркы абалы мурдагыдан бешбетер жаман болот. Берилген Ыйык Осуяттан баш тартып, кайрадан артка кеткенден көрө, чындыктын жолун билбей эле коюшса болмок. Мындай бир макал бар: “Ит кусуп туруп, кайра эле кусундусун жалайт, жуулган чочко кайра эле ылайга оонайт”. Алар кудум ушул макалдагыдай.

2 Петир 3

Кудайдын келери тууралуу убада

(3:1-10) Сүйүктүү боордошторум, бул менин силерге жазган экинчи катым. Эки катымда тең жогоруда айтылгандарды эсиңерге салуу менен ниетиңерди таза ойлорго ойготууга аракеттендим. Тээ илгери ыйык пайгамбарлар тарабынан айтылган сөздөрдү жана элчилериңер тарабынан силерге айтылган Куткаруучу Теңирибиздин осуяттарын эстешиңерди каалайм. Баарынан да акыркы убактарда өздөрүнүн кумар-ышкыларынын башкаруусу алдында жашаган кээ бир адамдардын пайда болорун билип алышыңар керек. Алар силерди шылдыңдап: “Келем дебеди беле, канакей? Ата-бабаларыбыз өлүшсө да, баардыгы дүйнө жаралганда кандай болсо, ошол эле бойдон турат ко?” дешет. Алар көптөгөн жылдар мурда асман-жер Кудайдын сөзү аркылуу жаралгандыгын атайлап байкамаксанга салышат. Жер суудан жана суу аркылуу жаратылган, кийин, ошол суу байыркы дүйнөнү басып калып, кыйраткан. Ал эми азыркы турган асман менен жер да ошол эле сөз аркылуу от менен ойрондоо үчүн сакталууда. Кудай аларды баш ийбеген кудайсыздардын үстүнөн сот жүргүзүп, тозокко ыргыта турган күнүнө сактап турат. Бир нерсени билип жүргүлө, сүйүктүү боордошторум, Теңирибиздин бир күнү миң жылдай, миң жылы бир күндөй. Кээ бирөөлөр ойлогондой Теңирибиз убадасын аткарууну создуктуруп жаткан жок, бирок эч кимдин тозокто куурашын каалабай, баары тобо кылууга келишсин деп, бизге чыдап жүрөт. Теңирибиздин соттоочу күнү ууру сыяктуу күтпөгөн саатта келет. Ошол күндө асман ызылдаган бойдон жок болуп кетет, ай-жылдыздар өрттөнүп, жер жана андагылардын баары теңойрондолот. Эгерде баары ушундайча ойрондолсо, анда демек, силер кандай адамдардан болушуңар керек, боордоштор?

Теңирдин келер убагын күтүп жүргөн адамдардын жашоосу

(3:11-18) Кудайдын ошол күнүн карап жашап жаткандар катары ыйык өмүр сүрүп, жашооңорду ага арнооңор менен Ошол Күндүн келишин тездеткиле. Ал күн — асман өрттөлүп, андагылар ысыктан улам ээрип жок боло турган күн. Бирок Кудай бизге адилеттик жашай турган жаңы асман менен жаңы жерди убада кылган. Биз ошону күтүүдөбүз. Демек, сүйүктүү боордошторум, ошол күндү күтүп жаткандар катары Кудай алдында таза жана кынтыксыз жашоого тырышып, аны менен ынтымыкта болууга умтулгула. Сүйүктүү бурадарыбыз Паулос өзүнүн силерге жазган катында Кудайдан берилген акылмандык менен айтып кеткендей “Теңирибиздин көтөрүмдүүлүгүн биздин куткарылуу мүмкүнчүлүгүбүз” деп түшүнгүлө. Бул туурасында ал бардык каттарында ушундайча айтат. Анын каттарындагы кээ бир нерселерди түшүнүш абдан кыйын. Ошондуктан алардын маанисин кээ бир наадан, туруксуз адамдар туура эмес чечмелешет. Алар башка Ыйык Жазмаларды деле ошондой кылып жүрүшөт. Ушунусу менен өз башына өздөрү балээүйүп жатышат. Силер болсо, сүйүктүү боордошторум, муну алдын ала билип калдыңар. Ошондуктан бейбаш адамдардын жаңылыштыктарынан улам башыңар айланып, түз жолдон тайып кетпешиңер үчүн сак болуп, Теңирибиз жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын ырайымы менен билиминде өркүндөп өсө бергиле. Азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө ошого даңк! Оомийин.

1 Жахан 1

Кудайдын Сөзү туурасында

(1:1-4) 1Аалам жаратыла электен мурдатан бери эле жашап келаткан түбөлүктүү Өмүр Сөзү тууралуу баян этмекчимин... Биз анын сөзүн угуп, өзүн көргөнбүз, кол алышып, жанында жүргөнбүз. 2Ооба, Өмүрдүн Булагы көзгө көрүндү, биз аны көрүп, силерге да айтып берип жатабыз. Мурда Атабыздын жанында болгон ошол Өмүр Сөзү бизге өзүн көрсөттү. 3Силер да биз менен мамиледе болууңар үчүн биз уккан-көргөнүбүздү силерге жарыялап отурабыз. Анткени биз өзүбүз да Кудай Ата жана анын Уулу Иса Машаяк менен ысык мамиледебиз. 4Чыныгы кубанычка чогуу бөлөнөлү деген ниет менен силерге да кат жазып олтурабыз.

Нур жана караңгылык

(1:5-10) 5Бурадарлар, Кудай жаркыраган нур сыяктуу, анда эч кандай караңгычылык жок. Азыр силерге ушул Жакшы Кабарды жарыялап жаткан биз, муну анын Уулунун өзүнөн укканбыз. 6Өзүбүз караңгыда жүрүп, анан: “Кудай менен мамилем жакшы!” десек, анда калп айтып, акыйкатка жатпаган иш кылып жатабыз! 7Ал эми Кудайдын өзү сыяктуу нурда жүрсөк, анда бири–бирибиз менен мамилебиз жакшы болот жана анын Уулу Исанын каны бизди күнөөлөрүбүздүн баарынан тазалап турат. 8Эгер, күнөөлөрүбүздү моюнга албасак, анда өзүбүздү алдап, акыйкаттан сырткары жашап жаткандыгыбыз. 9Күнөөлөрүбүздү болгонун болгондой ачыкка чыгарсак, анда Кудай бизди күнөөлөрүбүздүн жазасынан куткарып, бардык жамандыктан арылтат. Себеби Кудай өз сөзүнө турат, ошону менен бирге эле ал адилет. 10Эгер “күнөөбүз жок” десек, анда мунубуз менен Кудайды жалганчы дегенибиз, демек, Кудайдын ыйык сөзүнө жандүйнөбүздөн орун берген эмеспиз.

1 Жахан 2

Күнөөлөрүбүздүн куну төлөндү

(2:1-2) Балдарым, мен бул катымды силер күнөө кылбасын деп жазып олтурам. А эгер араңардан бирөө жаза басып, күнөө кетирип алса, анда Кудай Атабыздын алдында бизди арачылап кала турган Иса Машаяк бар. Анын өлүмү биздин күнөөлөрүбүздүн куну, биздин гана эмес бүткүл адамзаттын күнөөлөрүнүкү.

Кудай адамдарынын жолу

(2:3-6) Эгерде биз Кудайдын осуяттарына баш ийсек, анда демек биз аны тааныйбыз. Тааныйм деп, бирок анын осуяттарына баш ийбесек, анда калпычыбыз, демек бизде акыйкат жок. 5Ал эми Кудайдын осуяттарына баш ийип өмүр сүрсөк, анда биздин жүрөгүбүздө Кудайга деген сүйүү акыйкатта бышып жетилген. Кудай менен ысык мамиледе жашоо мындайча текшерилет: 6“Мен Кудай менен ысык мамиледемин деген адам Иса жашап өткөндөй жашасын!”

Бири-бириңерди жакшы көргүлө!

(2:7-17) Сүйүктүү балдарым, мен силерге жазып жаткан бул осуят жаңы эмес, ал тээ мурдатан эле араңарда жашап келген эски осуят. Аны силер башында эле уккансыңар. Бирок экинчи жагынан алып караганда мен силерге жаңы осуят жазып жатам, анткени анын акыйкаттыгы Исадан да, бизден да көрүндү. Себеби азыр караңгылык качып, чыныгы нур жарыгын чачып келатат. Эгерде биз: “Биз жарыкта жашап жатабыз!” деп, а бирок бири-бирибизди жек көрсөк, анда дале караңгыдабыз. Жарыкта жашаган адам жанындагы адамды сүйөт, андай адам башкаларды күнөөгө түртпөйт. Эгерде биз бири-бирибизди жек көрсөк, демек караңгыдабыз. Кайпастап, кайда баратканыбызды билбейбиз, анткени караңгылык көзүбүздү көр кылып салган. Балдарым, мен бул катты силерге арнап жазып отурам, себеби Кудай силердин күнөөлөрүңөрдү Исанын урматына кечирип койгон. Аталар, мен бул катты сиздерге арнап жазып отурам, себеби сиздер аалам жаратыла электен эле бар болгон Машаякты билесиздер. Жаштар, мен бул катымды силерге арнап жазып олтурам, анткени силер иблистин азгырыгын жеңдиңер. Балдарым, мен бул катты силерге жазып олтурам, себеби силер Кудай Атанын ким экенин таанып калдыңар. Урматтуу Аталар, мен бул катты сиздерге жаздым, себеби сиздер аалам жаратыла электе эле бар болгон Машаякты билесиздер. Жаштар, мен бул катты силерге жаздым, анткени силер ишенимде бекемсиңер. Кудайдын сөзү силердин жүрөгүңөрдө жашап жатат, ошондуктан иблистин азгырыгын жеңип чыктыңар. 15Бул жалган дүйнөгө жана анын эч нерсесине жүрөгүңөрдү бербегиле. Анткени бул күнөөкөр дүйнөнү сүйгөн адамдын жүрөгүнө Кудай Атабызга карата болгон сүйүү байыр албайт. Анткени бул күнөөкөр дүйнө дене менен көздүн кумарларынан жана байлык менен мактанып, көпкөндүктөн турат. Булар болсо Кудай Атабыздан келчү нерселер эмес, алар бул күнөөкөр дүйнөдөн. Бул дүйнө да, анын ыплас ышкылары да өтүп кетет. Ал эми Кудайдын эркин аткарып өмүр сүргөн адам түбөлүк жашайт.

Акыр заман тууралуу

(2:18-19) Балдарым, акыр заман босогодо турат. Тажаал чыгат деп мурда укканыңардай эле, азыр дүйнөдө көптөгөн тажаалдар пайда болушту. Ушундан улам акыр замандын босогодо турганын билебиз. Ошол тажаалдар өзүбүздүн эле ичибизден чыгышты. Бирок алар эч качан бизге таандык болушкан эмес! Эгер бизге таандык болушса арабызда калышмак. Бирок алар бизден чыгып кетишти, ушундан улам баары эле бизге таандык эмес экендиги ачыкка чыкты.

Рухтарды ажырата билүү тууралуу

(2:20-23) Силер Ыйык Рухтун белегин кабыл алгансыңар, андыктан баарын билесиңер. Мен бул катты силерге Акыйкатты билбегендигиңерден жазган жокмун! Силер Акыйкаттын Ким экенин билесиңер, ошондой эле жалгандын баары Акыйкаттан келбестигин да билесиңер. Исанын Машаяк экенин танган жалганчы болбогондо ким? Ата менен Уулду танган Тажаал дал ошол! 23Кимде ким Уулду танса, мунусу менен Атаны да танганын көрсөтөт. Ал эми Уулду кабыл алган адам аны ачык тааныйт, демек ал мунусу менен Атаны да кабыл алганын көрсөтүп турат.

Бузукулардын тилине кирбегиле!

(2:24-26) Башында уккан жакшы кабарга шай өмүр сүргүлө. Ошол кабар жүрөгүңөрдөн орун алса, анда силер көктөн келген Уул менен Жараткан Атага жакын болосуңар. А Кудай болсо бизге түбөлүк өмүрдү убада кылган. Мен муну жазгандагы ниетим — силерди ак жолдон адаштыргандардан коргоо.

Кудайдын билими

(2:27-29) Не болсо да силер Кудайдан өзгөчө билим алгансыңар. Азыр ошол билим силерде бар, ошондуктан бирөөлөрдүн окутууссуна зар эмессиңер. Ошол билим азыр силерге баарын окутуп жатат, ал жасалма эмес, анык чыныгы билим. Ал силерди мурда кандай окутса, ошол окууну кармап жашагыла. 28Балдарым, Иса келген күнү жер карабай, жүзүбүз жарык болсун десеңер, дайыма аны менен бир болгула. Силер Машаяктын адил экенин билесиңер, андыктан ак жашаган адам Кудайдын баласы экенин да билишиңер керек.

1 Жахан 3

Биздин Атабыз — Кудай

(3:1-10) Кудай Атабыздын бизге төккөн мээримин карагылачы: анын ушунчалык бизди катуу сүйгөндүгүнөн улам биз Кудайдын балдары аталдык. Ооба, биз чынында эле Кудайдын балдарыбыз. Эмне үчүн бул дүйнө бизди түшүнбөйт? Анткени ал Кудайды түшүнбөйт. Сүйүктүүлөрүм, биз Кудайдын балдары болуп калдык, келечекте дагы ким болорубузду азырынча билбейбиз. Бирок бул сыр ачылганда Исага окшошуп каларыбызды билебиз, анткени анын кандай экенин өз көзүбүз көрөбүз. Ким Машаяктан ушуну үмүттөнүп жашаса, өзүн күнөөдөн таза кармап өмүр сүрөт. Анткени Иса таза өмүр сүргөн. 4Ким күнөө кылса, ал Кудайдын мыйзамын бузган кылмышкер, анткени күнөө — бул кылмыш. Силер билесиңер: Иса күнөөлөрдү жок кылыш үчүн келген, өзүндө болсо эч кандай күнөө болгон эмес. Иса менен бир жашаган адам күнөө кыла бербейт. Уламдан улам күнөө кыла берген адам Исаны түшүнгөн да, таанып-билген да эмес. 7Балдарым, бирөөлөрдүн силерди түз жолдон буруп кетүүсүнө жол бербегиле. Түз жашаган адам Исанын өзү сыяктуу түз болот. Күнөөдөн баш тарткысы келбеген адам шайтандан, анткени тээ башынан бери эле күнөө кылып келаткан ошол. Шайтандын арам иштерин бузуу үчүн Кудай Уулу бул дүйнөгө келди. Жүрөгүндө Кудайдын сөзү жашагандыктан, Кудайдын баласы күнөөдө жашай бербейт. Жашай да албайт, анткени ал Кудайдын баласы. 10Кудайдын балдары менен шайтандын балдарынын айырмасы мындай: ким түз жашабаса, баарынан да жанындагы адамга мээрими болбосо, анда ал Кудайдын баласы эмес.

Боордоштук сүйүү жөнүндө

(3:11-24) Биз бири-бирибизди сүйүшүбүз керектигин силер эң башында эле уккансыңар. Бир тууган инисин канын төккөн шайтандын баласы Кабыл сыяктуу болбойлу! Ал өзүнүнүн жатындашын эмне үчүн өлтүрүп салды? Анткени анын кылган иштери жаман болчу, ал эми инисиники жакшы эле. Боордошторум, эгер бул дүйнө силерди жек көрсө, мында эч кандай таң калыштуу нерсе жок! Биз болсо бири-бирибизди сүйөбүз, анткени өлүмдүн бийлигинен өмүрдүн бийлигине өтүп кеткенибизди билебиз. Ал эми ким боордошторун сүйбөсө, ал дале ажалдын чеңгээлинен бошоно элек. 15Боордошун жек көргөн адам киши өлтүргүч менен барабар. Ал эми эч бир киши өлтүргүчкө Кудай түбөлүк өмүрдү бербесин силер жакшы билесиңер. Сүйүү деген өзү эмне? Иса биз үчүн өзүн курман кылды. Мына, сүйүүнүн эмне экенин ушундан билсек болот. Ошондуктан биз да боордошторубуз үчүн курман болууга даяр болушубуз керек. Эгер колунда бар адам өз боордошунун кыйналып жүргөнүн көрүп туруп, боорун таш кылып алса, анда кантип анын жүрөгүндө Кудайга болгон сүйүү жашасын? 18Балдарым, тил учунан эле сүйөм дебей, аны иш жүзүндө да көрсөтүп, сүйгөнүбүздүн чын экенин далилдейли. Биз өзүбүздүн акыйкаттуу Кудайдан экенибиздин ушундан билип, жаныбызды жай алдырабыз. Эгерде бизди ичибизден уятыбыз ашкерелеп жатса, анда Кудай биздин уятыбыздан канча бийик, андыктан ага баары маалым. Сүйүктүү балдарым, эгерде бизди уятыбыз ичибизден айыптабаса, анда Кудай алдында жүзүбүз жарык болот. Сураганыбыздын баарын алабыз. Эмне үчүн? Анткени биз анын осуяттарына баш ийип, эркин аткарып жүрөбүз. Биз Кудайдын Уулу — Иса Машаякка ишенишибиз керек. Исанын бизге берген буйругунда айтылгандай, биз бири-бирибизди сүйүшүбүз керек. Бул — Кудайдын осуяты. Кудайдын осуяттарын сактап жашаган адам Кудай менен, ал эми Кудай болсо аны менен бир жашайт. Кудайдын биз менен бирге жашап жаткандыгын болсо анын берген Руху аркылуу билебиз.

1 Жахан 4

Окуткандарды текшергиле

(4:1-6) Сүйүктүү балдарым, көрүнгөн адамдарга эле ишене бербегиле! Адегенде алар Кудайданбы же жокпу, текшергиле. Анткени дүйнөдө көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болушту. Кудайдын Руху бар адамды мындан билсеңер болот: Иса Машаяктын адам кейпинде келгенин ачык тааныган адам Кудайдан, ал эми андай кылбаган адам Кудайдан эмес, тажаалдан. Силер мурда тажаал келерин уккансыңар. Ал келип, азыр бул дүйнөдө жүрөт. Балдарым, силер Кудайдансыңар, тажаалды жеңдиңер, анткени силердин жүрөгүңөрдө жашаган Рух бул дүйнөгө тиешелүү адамдарда жашагандын рухунан күчтүү. Тигил бузуку мугалимдер бул дүйнөгө таандык, ошондуктан бул күнөөкөр дүйнөнүн сөзүн сүйлөшөт, ошондуктан бул дүйнөнүн адамдары аларга кулак төшөйт. А биз Кудайданбыз. Ошондуктан бизге Кудайды тааныгандар кулак төшөйт. Кудайга караштуу эместер бизге кулак төшөбөйт. Акыйкаттын Рухун адаштыруучунун рухунан ушундайча ажырата алабыз.

Кудай сүйүү

(4:7-21) Сүйүктүү балдарым, бири–бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү — бул Кудайдан келүүчү нерсе. Кимде сүйүү бар болсо ал Кудайдын баласы жана Кудайды тааныйт. Кимде сүйүү жок болсо, ал Кудайды тааныбайт, себеби Кудай — сүйүү. Уулу аркылуу биз өмүрлүү болушубуз үчүн Кудай бул дүйнөгө өзүнүн жалгыз Уулун жиберди. Кудайдын бизди кандай сүйөөрүн ушундан билдик. Чынында Кудайды биринчи сүйгөн биз эмес, ал бизди биринчи сүйүп, күнөөлөрүбүздүн куну катары Уулун жөнөттү. Сүйүүнүн чыныгы маанисинин төркүнү ушунда жатат. Сүйүктүү балдарым, Кудай бизди ушундай сүйсө, демек, биз да бири–бирибизди сүйүшүбүз парыз. 12Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес. Бирок эгер биз бири–бирибизди сүйсөк, анда Кудай биз менен жашап жатканы жана анын сүйүүсү биздин жандүйнөбүздө баралына жеткени. Ал эми өзүбүздүн аны менен жана анын биз менен бирге жашап жатканын Кудайдын бизге берген Ыйык Рухунан улам билебиз. Биз Исаны көрүп, башкаларга Кудай Атабыздын өз Уулун бул дүйнөнү куткаруу үчүн жибергенин башкаларга айтып, күбөлүк берүүдөбүз. Исанын Кудай Уулу экенин таанып, ачык айткан ар ким менен Кудай ысык мамиледе болот, ошондой эле мындай адамдын өзү да Кудай менен абдан ысык жашайт. А биз болсок Кудайдын бизге деген сүйүүсүн түшүнүп, ошол сүйүүгө ишендик. Кудай — сүйүү. Ким сүйүп жашаса, ал Кудай менен, ал эми Кудай аны менен ысык мамиледе болот. Ошондо биздеги сүйүү бышып жетилип, кыяматтагы сот күнүндө Кудай алдында жүзүбүз жарык болот. Сүйүү бар жерде коркунуч болбойт. Жеткилең сүйүү бардык коркунучту кууп чыгат. Демек ким корксо, анда сүйүү бышып жетилген эмес, анткени коркунучтун өзү эле жаза жана жазага байланыштуу. Кудай бизди биринчи сүйдү, ошондуктан биз да бири-бирибизди сүйөлү. “Мен Кудайды сүйөм” деп, бирок боордошун жек көргөн адам калпычы, анткени көзү көрүп турган боордошун сүйбөгөн, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүйө алат? Исанын бизге калтырган осуяты бул: “Кудайды сүйгөн адам жанындагы адамды да сүйсүн!”.

1 Жахан 5

Ишенимдин күчү

(5:1-5) Исанын Машаяк экенине ишенген адам Кудайдын баласы болуп эсептелет. Ким атасын сүйсө, ал анын баласын да сүйөт. Ошонун сыңарындай биз Кудайды сүйсөк жана анын осуяттарына баш ийсек, анда анын балдарын да сүйөбүз. Кудайдын осуяттарын сактаганыбыз, аны сүйгөндүгүбүз. Кудайдын осуяттарын сактоо болсо анча деле оор эмес. Кудайдын балдары бул дүйнөнүн азгырыктарын жеңет. Кантип жеңет? Ишеним менен. Чынында эле Исанын Кудай Уулу экенине ишенген адамдан башка бу дүйнөнүн күнөөлөрүн ким жеңе алат?

Кудайдын күбөлүгү

(5:6-13) Суу менен канга чөмүлүп бизге келген— бул Иса Машаяк. Ал сууга гана эмес, суу менен канга чөмүлгөн. Буга акыйкаттын өзү болгон Ыйык Рух күбө. Ошондуктан ааламда үч күбө бар: Рух, суу жана кан. Yчөө тең бир нерсе тууралуу күбөлүк беришет. Биз пенделердин күбөлүгүн кабыл алып жүрөбүз, а бирок Кудайдын күбөлүгү алардыкынан канча абройлуу! Эмне үчүн? Анткени Кудайдын күбөлүгү анын өз Уулу тууралуу. Кудай Уулуна ишенген адамдын жүрөгүндө Кудайдын күбөлүгү жашайт. Кудайдын өз Уулу тууралуу берген күбөлүгүнө ишенбөө, Кудайды калпычы дегендик менен барабар. Кудай берген күбөлүктүн мааниси мындай: Кудай бизге түбөлүк өмүрдү берди. Бул өмүр анын Уулу менен бир жашоодон турат. Кимдин жүрөгүндө Кудай Уулу жашаса, ал түбөлүкгө ээ, ал эми жүрөгүндө Кудай Уулу жашабаган адам түбөлүк өмүргө ээ эмес. Мен бул катты силерди Кудай Уулуна ишенүү аркылуу түбөлүк өмүрлүү болгонуңарды билип алышсын деп жаздым.

Каттын соңу

(5:14-21) Кудай алдында биздин жүзүбүз жарык, анткени анын эркине шай келген эмнени сурасак да, ал бизди угаарын так билебиз. Эмне сурасак да бизди угаарын билсек, демек, сураганыбызды алдык деп билебиз. Ким бурадарынын өлүмгө жеткирбей турган күнөө кылып жатканын көрсө, анда ага өмүр бере турган Кудайга сыйынсын. Мен өлүмгө жеткирбей турган күнөө тууралуу сөз кылып жатам. Өлүмгө жеткирүүчү күнөө башка. Андай күнөө жөнүндө сыйынсын деген жокмун. Чындыгында, адилетсиздиктин баары эле күнөө, бирок өлүмгө жеткизбей турган да күнөө болот. 18Кудайдын баласы күнөөнү улам-улам эле кайталап жасай бербейт. Ал күнөөдөн өзүн оолактатып, шайтандын ага зыян кылуусуна жол бербейт. Биз Кудайданбыз, ал эми бүт дүйнө болсо шайтандын кол алдында калган. Биз муну билебиз. Биз дагы бир нерсени билебиз: Кудай Уулу келип, биздин акыл-сезимибизди ойготту! Ошондуктан акыйкаттын кандай экенин жакшылап тааныйлы! Ошол Акыйкат менен бирге жашайлы! Ал эми акыйкат болсо — Иса Машаяк. Ал анык Кудай жана Түбөлүк Өмүрдүн өзү. Балдарым, жалган кудайлардан оолак болгула!

2 Жахан 1

Кат башы

(1-3) Карыядан сүйүктүү Мырзайымга жана анын балдарына салам кат. Мен Сизди чын жүрөктөн сүйөм. Жалгыз мен эле эмес, Акыйкатты билип калгандардын баары Сизди сүйүшөт. Себеп дегенде арабызда Акыйкаттын өзү өмүр сүрүп жатат, ал акыретте да түбөлүк биз менен болот. Ата менен анын акыйкатта сүйгөн Уулу Иса Машаяк баарыбызга ырайымын төгүп, сүйүүсүнө бөлөп, ырыс-ынтымагын берсин.

Чындык жана сүйүү

(4-6) Атабыз осуяттагандай акыйкат жолунда жүргөн балдарыңызды көргөнүмдө өтө сүйүндүм. Ошондуктан, сүйүктүү Мырзайым, азыр Сизден бир нерсени көптөн көп сурана кетейин: биз бири-бирибизди сүйөлү. Мен Сизге жаңылыкты жазып жаткан жокмун. Менин жазып жатканым: баарыбызга башынан эле белгилүү болгон байыркы буйрук. Сүйүү дегеним — бул Кудайдын буйруктарына баш ийип өмүр сүрүү. Өзүңүздөр деле тээ башында укканыңыздардай ал сиздерге сүйүүдө жашоону осуяттап кеткен.

Адаштыруучулардан абайлагыла

(7-11) Адам кейпинде келген Иса Машаякты таанып-билбеген азгыруучулар ааламга жайнап кетти. Алар адаштыруучулар жана Машаяктын кас-душманы. Кылган эмгегиңиздер талаага кетпей, сыйлыкты толугу менен алуу үчүн өзүңүздөргө этият болуңуздар! Машаяктын окутуусу боюнча жашабай, аны бурмалаган адамда Кудай жок. Ким Машаяктын окутуусу боюнча жашаса, анда Ата да, анын Уул да бар. Машаяктын окутуусун алып келбегендерди үйүңүздөргө кабыл албаңыздар, атүгүл андайлар менен учурашпаңыздар. Алар менен учурашкандык — алардын бузуку иштерине шериктештик.

Кат аягы

(12-13) Сиздерге айтайын дегеним көп. Ошондуктан сыя менен папирусту чукулап олтурбастан араңыздарга барып, жүз көрүшүп, маңдай-тескей олтуруп алып Сиздер менен чер жаза маектешсем деп дегдеп келем. Сүйүктүү сиңдиңиздин балдарынан Сизге чоң салам.

3 Жахан 1

Кат башы

(1-4) Карыя астейдил берилип сүйгөн урматтуу Гаюска салам айтат... Кымбаттуу Гаюс, сенин рухий жашооңдо болуп жаткан ийгиликтердей эле ал-ахвалыңдын жакшырып, сак-саламат болушуңду тилейм. Силерге барып келген бурадарлардан Кудайдын чындыгына бар ыкласың менен берилип, ошол чындыкка баш ийип жашап жатканыңды айтышканда кубанычым койнума батпай кудуңдадым. Мендей карыя үчүн ишенимдеш бaлдарымдын ак жашап жатканын уккандан артык кубаныч барбы?

Гаюстун кызматы

(5-8) Кымбаттуу Гаюс, сапардагы боордошторубузга кызмат өтөп атыпсың, мунуң эң жакшы. Алар мага келишип, сенин сүйүүңдү жамаат чогулганда саймедиреп беришти. Сенин бул ишиң Кудайга жагат! Мындан ары да сапардагы боордошторубузга жардам бергениңди эч таштаба. Aлар кудайсыздардан эч нерсе алышпастан, Теңирибиздин ысмы үчүн сапарга чыгышкандар. Андыктан мындай боордошторубузду колдоо жоопкерчилигин мойнубузга алышыбыз абзел. Ошондо биз Акыйкаттын чыныгы кызматчыларынан болобуз.

Мансапкорлук жана Кудайга кызмат

(9-12) Мындан мурда да мен силер жактагы жамаатка кат жазган болчумун. Бирок силердеги башкарганды сүйгөн мансапкор Диотрефес аны таназарына албай койду. Эми барсам, анын кылган иштеринин баарын: бизди сөккөнүн, калп айткандарын, анысы аз келгенсип бурадарларыбызды же өзү кабыл албай, же кабыл алгысы келгендерге уруксат бербей, бут тосуп, атүгүл жамааттан чыгарып жаткандыгын эсине салам. Кымбаттуу Гаюс, сен жамандыкты эмес жакшылыкты туура. Ким жакшылыкты жасаса, ал Кудайдан. Ким жамандык жасаса, ал Кудайды таанып-билген эмес. Деметриос тууралуу баары жакшы ойдо. Анын акыйкатка шай келген жашоосу мунун тастыктап турат. Ал тууралуу биздин да пикирибиз жакшы. Сен биздин чындыкты сүйлөй турганыбызды билесиң.

Соңку сөз

(13-15) Айтайын деген сөзүм көп. Ошондуктан калем сап менен сыя челекти чокуп олтургандан көрө, буюрса, жакын арада жүзүңдү көрүп, сени менен маңдай тескей олтуруп алып, чер жазышсам деп самап жүрөм. Андыктан аманчылыгыңды тилеп, катымды аяктайм. Сага бул жактагы досторуңдан салам. Жаныңдагы досторубуздун ар биринин атын атап, бизден салам айтып чык.

Яхуд 1

Саламдашуу

(1-2) Иса Машаяктын кулу, Жакыптын бир тууган иниси Яхуддан бул дүйнөдөн чакырылып алынгандарга, Кудай Атабыздын сүйүүсүнө ээ болгондорго жана Иса Машаяктын коргоосунда жашап жаткандарга салам кат. Араңарда ырайымдуулук, тынчтык жана сүйүү мол болсун.

Бузукулар

(3-16) Сүйүктүүлөрүм! Жалпыбызга тиешелүү куткарылуу тууралуу ушунчалык жазгым келсе да, бул ирет Кудай өзүнүн адамдарына бир жолу жана түбөлүккө берген ыйык ишеним үчүн күрөшүү тууралуу акыл–насаат кебимди айтып кетүүнү эп көрүп турам. Себеби, тээ мурда эле Ыйык Китептерде жазылган сотко дайындалган, ыймансыз, биздин Кудайыбыздын ырайымын бузукулук кылуу үчүн шылтоого айланткан, жападан жалгыз Эгебиз жана Теңирибиз болгон Иса Машаякты чанган кээ бирөөлөр араңарга акырын кирип алыптыр. Азыр мен айта турган сөздүн баарын силер билесиңер. Ошондой болсо да буларды эсиңерге сала кетким келип турат: Кудай өз элин Египеттен алып чыккан да, кийин ишенбегендерин чөлдө кырып салган. Ошондой эле чектен чыгып, турагын таштап кеткен периштелерди да бекем чынжырлар менен байлап, кыяматта болчу сотко камдап, караңгыда кармап турат. Ушул периштелер сымал бузуктукка берилип, ар кандай ыплас ышкыларга батып кетишкен Содом менен Гоморранын жана алардын тегерек-четинде жайгашкан шаарларында жашагандарды эстегилечи. Алар түбөлүк өчпөс отто жазасын тартып жатышат. Булар башкалар үчүн эскертүү. Ошолор сыяктуу, жанагы араңарга жылмышып кирип алган “кыялкечтер” да өз денелерин булгап, Кудайдын бийлигин четке кагып, рухий күчтөргө тил тийгизип жүрүшөт. Алар эмес баш периште Михаэл да мындай кылган эмес! Ал Муса пайгамбардын сөөгү тууралуу иблис менен талашып жатканда ага тил тийгизип, айыптоого дааган эмес. Ал: ”Сени Теңир сот-тосун!”— деп гана тим болгон.Булар болсо акылы жетпегендин баарын сөгүшөт. Ал эми айбандар сыяктуу болуп, туюму менен түшүнгөн нерселерди болсо, өздөрүн бузуу үчүн колдонушат. Алардын шору катат! Алар Кабылдын жолунда. Балаамга окшоп, дүнүйөкорлукка азгырылып, Карах сымал каршы чыгып жүрүп, шорлору куруйт. Араңарда отуруп алып, уялбастан силер менен чогуу ичип–жеп, сүйүү майрамдарыңардын көркүн бузуп турган кара тактар ушулар. Булар өз курсагынын гана камын ойлогон койчулар. Бир тамчы суу бербеген, шамалдын айдоосундагы булуттар, күз келсе да жемиш бербеген, тамыры менен жулунуп, какчыйып куурап калган дарактар, деңиздин албуут толкундарындай, шерменделигин көккө чачыратып, көбүктөнткөндөр, келечегине түбөлүк караңгылык даярдалып, күтүп турган адашкан жылдыздар. Адам атадан жетинчи киши Энох пайгамбар булар жөнүндө: “Абайлагыла, мүлдө адамзаттын үстүнөн сот жүргүзүү үчүн, адепсиздердин бардык арам иштериндеги бузукулуктарын, ыйманын жеген күнөөкөрлөрдүн оозунан чыккан сөздөрүн ашкере кылуу үчүн Кудай өзүнүн ыйык периштелери менен келатат!” — деп пайгамбарчылык кылган. Мындайлар эч нерсеге ыраазы болбогон нааразылар, ыплас ышкыларына жетеленгендер. Ооз көптүргөн кур чечендер. Пайда түшө тургандарга гана жагалданган кошоматчылар.

Эскертүү жана акыл-насаат

(17-25) Сүйүктүүлөрүм, силер болсо Теңири Иса Машаяктын элчилеринин алдын ала көрө билип, силерге: “Акыркы замандарда өздөрүнүн ыплас ышкыларынын жетегинен чыкпаган бетпак шылдыңкөйлөр чыгат”, — дегенин эстегиле. Силерди бөлүп жарган ушулар. Алар өздөрүнүн табигый туюмдарынын кулдары. Аларда Ыйык Рух жок. А силер болсо, сүйүктүү бир боорлорум, Ыйык Рухтун жетегинде сыйынып, эң ыйык ишенимиңерди чыңагыла. Түбөлүк өмүр берүүчү Иса Машаяктын ырайымын күтүп, өзүңөрдү Кудайдын мээриминде сактагыла. Ишене албай арсар ойдо тургандарга боорукердик көрсөткүлө. А кээ бир адамдарды болсо оттон сууругандай жамандыктан куткаргыла. Кээсине коркунуч менен абайлап, атүгүл алардын денеси тийип, булганган кийимдерин да жек көрүү менен куткарып, аларга боорукердик кылгыла.

Кудайга шүкүрчүлүк келтирүү

(24-25) Силерди жыгылуудан сактап, өзүнүн салтанаттуу келишинде кынтыксыз, жүзүңөрдү жарык кылуучу жападан жалгыз куткаруучу Кудайыбыз Иса Машаяк аркылуу даңкталсын! Улуулук, кудурет жана бийлик мурда, азыр жана кылымдардан кылымга ошонуку болсун! Оомийин.

Аян 1

Кириш сөз

1 Бул аянды берген Иса Машаяк. Кудай өзүнүн кулдарына жакын арада эмне болорун маалым кылуу үчүн периштесин жиберип, кызматчысы Жаханга аян кылган. 2 Жахан болсо эмнени көрсө ошонун баарын: Кудайдын сөзү менен Иса Машаяктын күбөлүк сөзүн ушул китепте жазып калтырды. 3 Ушул пайгамбардык сөздөрдү окуган, уккан жана жазылгандарды сактаган адам бактылуу, анткени убакыт аз калды.

Азия аймагындагы жети Жамаатка кабар

4 Азия аймагында жашаган жети Жамаатка Жахан мындай деп жазат: “Учурда да, өткөндө да, келечекте да Жашоочудан жана анын тактысынын алдында турган жети рухтан, 5 ошондой эле ишенимдүү күбө, өлгөндөрдөн тирилгендердин тунгучу, жер бетиндеги падышалардын ээси — Иса Машаяктан силерге ырайым жана ынтымак буюрсун. Машаяк бизди сүйүп, күнөөлөрүбүздү каны менен жууп кетирип, 6 өзүнүн Атасы — Алла таалага диний кызматчылар кылды. Кылымдардан кылымга урмат жана даңк ошого берилсин. Оомийин!” 7 “Карагыла, тигине Келе жатат Машаяк Булуттарга оронуп. Көрүшөт аны бүт баары: Айкаш жыгачка кадап, Өлтүргөндөр дагы. Ошондо боздоп ыйлашат, Ааламдагынын баары”. Ооба, ырас эле ошондой болот! 8 Азыр да, мурда да, келечекте да бар боло турган кудуреттүү Кудай Эгебиз мындай дейт: “Альфа жана Омега менмин!”

Машаяктын көрүнүшү

9 Мен, Иса Машаякка болгон ишеним үчүн азапты да, кийин аны менен бирге падышачылык кылууну да, Иса үчүн тарта турган оош-кыйыштарды да силер менен чогуу бөлүшө турган бурадарыңар Жахан, Кудайдын сөзү жана Машаяктын күбөлүгү үчүн Патмос деген аралга айдалган элем. 10 Жекшемби күнү менин жандүйнөмдү Рух бийлеп турганда, арт жагымдан сурнайдын үнүндөй зоңкулдаган угулду. Ошол үн мындай деди: 11 “Эмнени көрсөң баарын төкпөй-чачпай жаз да Азиядагы жети Жамаатка: Ефеске, Смирнага, Пергамга, Тиатирага, Сардиске, Филаделфияга жана Лаодикияга жибер!”

Машаяктын улуулугу жана даражасы

12 Мага ким сүйлөп жатканын көрүү үчүн кылчайып караганымда көзүмө алтындан жасалган жети шамдал урунду. 13 Алардын арасында “Адам Уулу” Иса сыяктанган, этеги согончогуна жеткен чапан кийип, алтын кемер тагынган бирөө туруптур. 14 Анын чачы-башы аппак кар түспөл жүндөй болуп, көздөрү оттой жалындап турду. 15 Буттары меште кызып турган жездей жылтылдап, добушу көптөгөн дарыялардын шоокумундай шуулдап жатты. 16 Оң колуна жети жылдызды кармап, оозунан эки миздүү канжар жалаңдап турду. Бети болсо чак түштө нурун төгүп турган күндөй балбылдап турду. 17 Мен аны көргөндө алдына сулап түштүм. Ал болсо жонума оң колун коюп: “Менден коркпо! Алгачкы жана Акыркы менмин. 18 Мен тирүүмүн. Мурда өлүк элем, эми болсо кылымдардан кылымга тирүү болом. Ажал менен тозоктун ачкычтары менде. 19 Ошондуктан эмнени көргөн болсоң, азыр эмнени көрүп турсаң жана кийинчерээк эмне боло турган болсо — төкпөй-чачпай түгөл жаз! 20 Оң колумдан сен көргөн жети жылдыз менен жети алтын шамдалдын сыры мындай: жети жылдыз — бул жети Жамааттын периштелери, ал эми жети шамдал — бул жети Жамаат”.

Аян 2

Ефестеги Жамаатка кабар

1 Ефестеги Жамаатын периштесине мындай деп жаз: “Жети жылдызды оң колуна кармап, өзү жети шамдалдын арасында Жүргөн айтат: — 2Мен сенин иштериңди, оор эмгегиңди жана көтөрүмдүү-лүгүңдү билем. Сен начар адамдар менен макул боло албайсың. “Биз Машаяктын элчилерибиз!” дегендерди текшерип, алардын жалганчы экенин да аныктадың, 3 көп сыноолорду баштан өткөрүп, чыдап, менин ысмымдын урматына талбай эмгектендиң. 4 Ошондой болсо да менин сага каршы болууга бир жөнүм бар: анткени сен биринчи сүйүүңдү таштап кеттиң! 5 Кай жерден жаза тайдың? Эсте! Күнөөңдү мойнуңа алып баш тарт да баштагы изги иштериңди улант. Эгер мындай кылбасаң, жакында сага барам да шамдалыңды жулуп ыргытам! 6 А бирок сенин бир нерсең — николаиттердин иштерин жек көргөнүң мага жагат. Алардын иштерин мен да жек көрөм. 7 Кимдин уга турган кулагы бар болсо, Рухтун Жамааттарга эмне дегенин угуп алсын! Жеңип жыкканга Кудайдын бейишинин так ортосунда жайгашкан өмүр дарагынын мөмөсүнөн жегенге уруксат берем”.

Смирнадагы Жамаатка кабар

8 Смирнадагы Жамаатын периштесине мындай деп жаз: “Бул сөздөр өлүп, анан кайра тирилген Алгачкы жана Акыркыныкы: 9 — Мен сенин тарткан кыйынчылыгыңды да жакырчылыгыңды да билем. Бирок сенде чыныгы байлык бар! “Биз яхудейбиз!” деп керкейгендердин сени жамандагандарын да билем. Алар яхудей эмей эле шайтандын жыйыны! 10 Сенин башыңа жакында кыйынчылык түшөт. Алардан коркпо. Шайтан сени сындан өткөрүү үчүн араңардан кээ бирөөлөрдү зынданга салдырып, он күндөй кыйналасың. Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимге бек бол, ошондо жеңүүчү таажы менен сыйлангандай мен да сага түбөлүк өмүрдү белек кылам. 11 Кимдин уга турган кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне деп айтканын уксун. Ким жеңип чыкса ал экинчи өлүмдөн зыян тартпайт”.

Пергамдагы Жамаатка кабар

12 Пергамдагы Жамаатын периштесине мындай деп жаз: “Бул сөздөр эки миздүү курч канжары бардыкы: 13 Мен сенин кай жерде жашап жатканыңды билем: сен Шайтан бийлик кылган жерде жашап жатасың. Ошондой болсо да менин ысмымды туу тутуп жүрөсүң. Шайтан аралаган ошол силердин шаарыңарда менин ишенимдүү күбөм — Антипас өлтүрүлгөн күндөрдө да мага болгон ишенимден баш тартып кеткен жоксуң. 14 А бирок бир аз нерселерде мен сага каршымын: сенин ичиңде Балаамдын окутуусун кармангандар бар. Ал Балакты израилдиктерге каршы тукуруп, аларды буркандарга чалынган курмандыктарды жегенге жана бузукулук кылганга азгырууга үйрөткөн. 15 Ошонун сыңарындай сенин ичиңде николаиттердин окутуусун кармангандар да бар. Мен алардын окутуусун жек көрөм. 16 Сен күнөөлөрүңдү моюнга алып, алардан баш тарт, антпесең жакында сага барам да оозумдагы кылыч менен аларга каршы согуш ачам. 17 Кимдин кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне дегенин уксун! Жеңип чыкканга жашырылып коюлган маннадан ооз тийгизем. Ошондой эле ага бир ак таш берем. Таштын боорунда бир ат жазылуу болот. Ал атты кабыл алгандан башка эч ким билбейт”.

Тиатирадагы Жамаатка кабар

18 Тиатирадагы Жамааттын периштесине мындай деп жаз: “Бул сөздөр көздөрү оттой жалындап, буттары жездей жаркырагандыкы: 19— Мен сенин иштериңди билем: сенин сүйүүң, кызматың, ишенимиң, чыдамкайлыгың жана азыркы кылып жаткан иштериң алгачкы кылгандарыңдан да арбын экени мага маалым. 20 Бирок да бир аз иштериңде мен сага каршымын: сен өзүн пайгамбар эсептеген Жезебе деген аялга жол бересиң. Ал менин кызматчыларымды бузуктукка жана буркандарга чалынган тамактарды жегенге азгырып жүрөт. 21 Мен ага бузукулугунан баш тартууга убакыт бердим эле, бирок ал баш тартпады. 22 Ошондуктан мен аны азап төшөгүнө жыгам да аны менен бирге бузукулук кылгандарды күнөөлөрүнөн баш тартканга чейин эзем. 23 Анын балдарын өлтүрөм, ошондо бардык Жамааттар менин жүрөк түпкүрүндөгү купуя сырларды сынаган Машаяк экенимди билишет. Ар бириңер кылган ишиңерге жараша шыбагаңарды аласыңар. 24 Ал эми Жезебенин окутуусун кармабаган жана Шайтандын “терең сырлар” аталган илимине үйрөнбөгөн Тиатиранын калган мүчөлөрү болгон силерге болсо мен мындай дейм: мен силердин башыңарга башка жүк салбайм. 25 Мен келгиче азыр эмнеңер бар болсо ошону бекем карманып жашап тургула. 26 Ким менин иштеримди аягына чейин карманып жеңип чыкса, мен ага элдердин үстүнөн болгон бийликти берем. Мен Атамдан кандай бийлик алган болсом ал да ошондой бийлик менен 27 “ темир аса таяк менен бийлик жүргүзүп, аларды карападай быркыратат”. 28 Ошондой эле мен ага таң жылдызын берем. 29Кимдин кулагы бар болсо Рухтун диний коомдорго эмне дегенин уксун!

Аян 3

Cардиcтеги Жамаатка кабар

1 Сардистеги Жамааттын периштесине мындай деп жаз: “Бул сөздөр Кудайдын жети рухун жана жети жылдызды кармагандын сөздөрү: Мен сенин иштериңди билем. Сен тирүү деп аталганың менен өлүксүң. 2 Өлүмдөн ойгон! Азырынча аман тургандарың менен өлүм алдында тургандарыңды бекемде! Мен сенин иштериңдин Кудай алдында жеткилең экендигин көргөн жокмун. 3 Ошондуктан мурда эмнени кабыл алып, эмнени укканыңды эстегин да күнөөңдү моюнга алып тобо келтир. Эгерде тобо келтирбесең, анда мен сага ууру сымал күтпөгөн жерден келем, менин кайсы убакта келеримди сен билбей каласың. 4 Канткен менен Сардисте сенин кийимдерин булгабаган бир нече адамдарың бар. Алар ак кийим кийип менин жанымда жүрө турган болушат, анткени алар ошого татыктуу. 5 Ким жеңип чыкса ошолор сыяктуу ак кийим киет. Мен алардын ысымдарын эч качан өмүр китебинен өчүрбөйм, тескерисинче Атамдын жана анын периштелеринин алдында ачык тааныйм”. 6Кимдин кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне деп айтканын уксун!

Филадельфиядагы Жамаатка кабар

7 Филадельфиядагы Жамааттын периштесине мындай деп жаз: — Бул сөздөр ыйык, акыйкат жана Дөөттүн ачкычын кармагандын сөздөрү. Ал эмнени ачса, эч ким кайра жаба албайт, эмнени жапкан болсо эч ким кайра ача албайт. 8 Мен сенин иштериңди билем. Мына, мен сенин алдыңан эшикти ачып койдум, аны эч ким жаба албайт. Сен күчтүү болбосоң да, менин сөзүмдү сактап, менин ысмымдан баш тарткан жоксуң. 9 Шайтанга караштуу топтун адамдарына, өздөрү яхудей болбой туруп “биз яхудейбиз” дегендерге мен мындай кылам: алар сенин алдыңа келишип, бутуңа жыгылышат жана мен сени кандай сүйө турганымды билип калышат. 10 Сен менин кабарыма баш ийип, чыдадың. Ошондуктан мен сен жер бетиндегилердин баарынын башына келе турган сыноо саатынан сактайм. 11 Мен жакында келем. Андыктан бар нерсеңди жакшылап карман, ошондо сага сыйлык катары бериле турган таажыны эч ким уурдап кетпейт. 12 Ким жеңип чыкса, аны Кудайымдын ибадатканасына түркүк кылып, түбөлүккө ошол жерге орнотом. Ар бир түркүккө менин Кудайымдын, жана анын шаары — менин Кудайым асмандан түшүрө турган жаңы Иерусалимдин атын жана өзүмдүн жаңы атымды жазып коём. 13 Кимдин кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне деп айтканын уксун!

Лаодикиядагы Жамаатка кабар

14 Лаодикиядагы Жамааттын периштесине мындай деп жаз: 15 Мен сен кылган иштердин баарын билем. Сен же муздак эмессиң, же ысык эмессиң. Аттиң, же муздак, же ысык болсоңчу. 16 Бирок ысык да, муздак да эмес, жылымык болгондугуңдан сени оозумдан бүркүп салам. 17 Сен өзүңдү бай санап, эч нерсеге муктаж эмесмин дейсиң. Бирок өзүңдүн бактысыз, байкуш, жарды, сокур жана жылаңач экениңди билбейсиң. 18 Байышың үчүн көөрүктөн өткөн менин алтынымды сатып ал. Ошондой эле уятыңды жабыш үчүн менден ак кийим сатып алып кий да көздөрүң көрсүн үчүн көз май сатып алып майлан. 19 Мен кимди сүйсөм, ага бетке айтам жана жазалайм. Ошондуктан күнөөлөрүңдөн бурулууга ыклас кыл. 20 Уккула, каалганын артында туруп алып каккылап жатам. Эгерде кимде ким үнүмдү угуп, каалгасын ачса, ичкери кирем да аны менен чогуу тамактанам. 21 Мен жеңип чыгып, Атамдын тактысында олтурганымдай жеңүүчүгө өзүмдүн тактыман орун берем. 22 Кимдин кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне деп айтканын уксун!

Аян 4

Асмандагы такты

1 Ушундан соң мен өйдө карап, асманда бир эшик ачылып турганын көрдүм. Анан баягы үнү сурнайдыкындай болгон мага сүйлөгөн үн мындай деди: “Бул жакка чыгып кел, мен сага мындан кийин эмне боло тургандыгын көрсөтөм”. 2 Ошол замат мен Рухка толуп калдым жана бет алдымда асманда так турганын жана анда бирөө олтурганын көрдүм. 3 Ошол олтургандын көрүнүшү яшма жана сардис таштарындай эле. Тактыны болсо зымырыт сымал көк желе курчап туруптур.

Жыйырма төрт тактыда олтурган жыйырма төрт аксакал

4 Тактынын айланасында дагы башка жыйырма төрт такты бар эле. Аларда болсо ак кийимчен, алтын таажычан жыйырма төрт аксакал олтурушуптур. 5 Такты тараптан чагылган жарк этип, күн күркүрөп, катуу дабыштар чыгып жатты. Тактынын алдында болсо жети шам жалтылдап күйүп турду. Булар Кудайдын жети руху болуучу. 6 Тактынын алдында дагы айнектей тунук, кристаллдай таза болгон көл сыяктуу бир нерсени көрдүм. Ортодо, тактынын айланасында, төрт зат туруптур. Алардын алдында да, артында да жыбыраган көздөрү бар эле. 7 Биринчи зат арстанга, экинчиси өгүзгө окшош, ал эми үчүнчүсүнүн бети болсо адамдын бети сыяктуу, төртүнчүсү учуп бара жаткан бүркүт сыяктуу эле. 8 Ар бир заттын алтыдан канаты бар болуп, канаттары бардык жагынан, алтургай ичинен да жыбыраган көздөргө жык толгон эле. заттар күн-түн дебей, эч тынбастан: “Кудуреттүү Жараткан Теңир ыйык, ыйык, ыйык. Ал мурда да бар болгон, азыр да бар, келечекте да бар болот!” — деп жатышты.

Кудайга таазим

9 Заттар ошол тактыда олтурган, кылымдардан кылымдарга түбөлүк Жашаганды даңктап, мактап, ага рахмат айтып жатышканда 10 жыйырма төрт аксакал тактыда олтургандын алдына жыгылышып, таазим кылышып, тактысынын алдына таажыларын коюп туруп, анан мындай дешти: 11 “Оо биздин Эгебиз жана Теңирибиз, сен урматтоону, даңктоону жана шаң-салтанатты кабыл алууга татыктуусуң. Анткени бардык нерселерди сен жараткансың, бардык нерселер сенин эркиң менен жаратылган жана бардык нерселер сенин эркиң менен бар болуп турат”.

Аян 5

Китеп жана Кочкор

1 Анан мен тактыда олтургандын оң колунан бир түрмөктү көрдүм. Түрмөк ичинен да, тышынан да жазуусу болуп, жети мөөр басылып бекитилиптир. 2 Анан катуу үн менен: “Ким мөөрлөрдү сындырып, түрмөктү ача алат?” — деп жар салган бир күчтүү периштени көрдүм. 3 Тилекке каршы асмандан да, жерден да, жердин астынан да ошол түрмөктү ачмак тургай жөн эле анын ичин карай ала турган эч ким чыкпады. 4 Мен боздодум, анткени түрмөктү ачмак тургай ичине көз жүгүртүп караганга эч ким чыкпады. 5 Анан аксакалдардын бири мага: “Ыйлаба айланайын, кайрат кыл, яхуд уруусунан чыккан арстанды карачы, ал Дөөттөн тукумунан! Ал жеңип чыкты. Түрмөктү ачып, анын жети мөөрүн ошол сыйрый алат”, — деди. 6 Анан мен бир эркек Кочкорду көрдүм. Кочкор төрт заттар менен аксакалдардын курчоосунда турган тактынын ортосунда эле. Ал мага союлган сыяктуу көрүндү. 7 Ал келди да тактыда олтургандын оң колунан түрмөктү алды. 8 Алганда төрт зат менен жыйырма төрт аксакал Кочкордун алдына жыгылышты. Ар биринин колунда бирден арфа бар эле. Алар жытуу заттарга толгон алтын чөйчөктөрдү кармап турушту. (Алтын чөйчөктөр — бул ыйыктардын сыйынуулары) 9 Анан алар жаңы ыр ырдашты: “Сен түрмөктү алып, анын мөөрлөрүн сыйрыганга татыктуусуң, анткени сен союлгансың жана өз каның менен бардык уруулардан, тилдерден, элдерден жана улуттардан Кудайга адамдарды сатып алдың.10 Сен аларды өзүнчө бир падышачылык болуу үчүн жана биздин Кудайыбызга кызмат кыла турган дин кызматчылары болуу үчүн тандап алдың. Алар жер бетинде падышачылык кылышат”. 11 Анан мен көптөгөн, миң-миң, түмөн-түмөн периштелердин үнүн уктум. Алар тактыны, заттарды жана аксакалдарды тегеректеп алышты. 12 Анан катуу үн менен: “Күч-кудуретти, байлыкты, акылмандыкты, кайратты, урмат-сыйды, атак-даңкты жана мактоону алууга союлган Кочкор татыктуу!” — деп ырдап жатышты. 13 Анан мен асмандагы, жердеги, жер астындагы, деңиздеги жана алардын ичиндегилердин баары: “Тактыда олтурганга жана Кочкорго түбөлүккө мактоо, урмат, даңк жана бийлик берилсин!” деп ырдап жатышканын уктум. 14 Ошондо төрт зат: “Оомийин” — дешти. Аксакалдар болсо жерге жыгылып, таазим кылышты.

Аян 6

Алты мөөрдүн сыйрылышы

1 Мен Кочкордун жети мөөрдүн биринчисин сыйрып жатканын байкап турдум. Анан төрт заттын бири күн күркүрөгөндөй добуш менен: “Кел!” — деди. 2 Мен карай салсам, бет алдымда бир ак боз ат туруптур! Чабандесинин жаасы бар экен. Ага бир таажы берилди жана ал жеңүү үчүн чыккан жеңип алуучудай түр менен чыкты. 3 Экинчи мөөрдү сыйрыганда экинчи заттын: “Кел!” — дегенин уктум. 4 Анан кийинки ат чыкты. Ал жээрде ат экен. Аны мингенге жер бетинен тынчтыкты алып, адамдарды бири-бирин кырдыра турган бийлик берилди. Ошондой эле ага чоң кылыч берилди. 5 Үчүнчү мөөрдү сыйрыганда мен үчүнчү заттын: “Кел!” — дегенин уктум. Карасам бет алдымда капкара ат туруп-тур. Аны мингендин колунда эки тараза бар эле. 6 Анан мен төрт заттын арасынан: “Бир хиникс буудай үчүн бир динарий, үч хиникс таруу үчүн да бир динарий, ал эми май менен шарапка зыян кылба!” — деп сүйлөгөндөй болгон бир үндү уктум. 7 Төртүнчү мөөрдү сыйрыганда мен төрт заттын: “Кел!” дегенин уктум. 8 Карай салсам бет алдымда бир куба ат туруптур. Аны мингендин аты Ажал экен, артынан Тозок ээрчип алыптыр. Аларга жердин төрттөн бир бөлүгүн кылыч, ачкачылык, ооруу жана жердин жырткычтары менен кыра турган бийлик берилди. 9 Бешинчи мөөрдү сыйрыганда мен курмандык чалчу жайдын астынан Кудайдын сөзү үчүн жана берген күбөлүктөрү үчүн союлгандардын жандарын көрдүм. 10 Алар катуу үн менен: “Оо ыйык, акыйкат жана кудуреттүү Теңир! Жер бетинде жашагандарды качан соттойсуң? Биздин каныбыздын кунун качан төлөтөсүң?” — деп зарлашты. 11 Анан алардын ар бирине ак кийим берилип, дагы бир аз — алар сыяктуу эле өлтүрүлө турган кызматташтар менен боордоштордун саны толгуча күтө туруулары керектиги айтылды. 12 Алтынчы мөөрдү сыйрып жатканын карап турдум. Ошондо өтө чоң зилзала болду. Күндүн көзү карарып, эчкинин жүнүнөн жасалган зумбал кийингендей болуп калды. Ай толугу менен кыпкызыл кандай боёлду. 13 Жылдыздар бороондон улам термелген анжирдин кечки жемиштериндей болуп жерге күбүлүп түшүп калышты. 14 Асман болсо түрмөк сымал оролуп жок болуп кетти. Бардык тоолор менен аралдар ордуларынан жылды. 15 Анан жердеги падышалар, төрөлөр, аскербашылар, байлар, алдуулар, кулдар жана эркин адамдар тоолордогу аскалардагы үңкүрлөргө жашынышты. 16 Алар тоолор менен аскаларга: “Үстүбүзгө кулап, бизди тактыда олтурган менен Кочкордун каарынан жүзүнөн калкалагылачы!” — дешти 17Каар жаай турган улуу күн келди. Ким ага чыдап тура алат?

Аян 7

Мөөр басылып белгиленген жүз кырк төрт миң киши

1 Ушундан соң жердин төрт бурчунда жерге да, деңизге да, эч кандай даракка да сокпосун үчүн жердин төрт шамалын кармап турган төрт периштени көрдүм. 2 Анан колунда тирүү Кудайдын мөөрү бар бир периштенин чыгыш тараптан келе жатканын көрдүм. Ал жерге жана деңизге зыян кылууга бийлик берилген төрт периштеге катуу үн менен мындай деди: 3“Кудайыбыздын кулдарынын маңдайына мөөр басып бүткүчө жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян кылбагыла!” 4 Анан мен мөөр басылгандардын санын уктум: Исраилдин бардык урууларынан жүз кырк төрт миң. 5 Яхуд уруусунан он эки миң, Рубин уруусунан он эки миң, Гад уруусунан он эки миң, 6 Ашир уруусунан он эки миң, Нафтали уруусунан он эки миң, Манас уруусунан он эки миң, 7 Ысман уруусунан он эки миң, Левит уруусунан он эки миң, Иссахар уруусунан он эки миң, 8 Зебулун уруусунан он эки миң, Жусуп уруусунан он эки миң, Бенжамин уруусунан он эки миң. 9 Ушундан соң карай салсам, бет маңдайымда, тактынын жана Кохунун алдында санаса сан жеткис, ал улуттан, уруудан, калктан жана тилден чыккан эл туруптур. 10 Алар катуу үн менен: “Куткарылуу —бул тактыда олтурган биздин Кудайыбыздын жана курмандыкка чалынган Кочкордун колунан келди”, — деп жатышты. 11 Тактынын, аксакалдардын жана төрт заттын айланасында турган периштелердин баары тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылышып Кудайга таазим кылышты. 12 Алар: “Айтканыңар келсин! Мактоо да, даңк да, акылмандык да, рахмат да, урмат да, бийлик да, кубат да түбөлүктөн түбөлүккө биздин Кудайыбызга ыйгарылсын!” — деп жатышты. 13 Анан аксакалдардын бири менден: “Мына бул ак кийимчендер кимдер? Булар кайдан келишти?” — деп сурады. 14Мен ага: “Таксыр, сиз билесиз”, — деп жооп бердим. Ошондо ал мындай деди: “Булар улуу кайгы күндөрүнөн келишкендер. Алар кийимдерин жууп, Кочкордун каны менен агартышкандар. 15 Ошондуктан алар Кудайдын тактысынын алдында турушат жана анын ыйбадатканасында ага күн-түн дебей кызмат кылышат. Тактыда олтурган болсо өзүнүн боз үйүн алардын үстүнө тигет. 16 Ал эми эч качан ачка болушпайт, эч качан суусашпайт. Күн алардын мээсин куйкалабайт, ысык баштарына өтпөйт. 17 Анткени тактынын ортосундагы Кочкор алардын Чабаны болуп, аларды тирүү суунун булактарына баштап барат. Кудай алардын көзүнөн аккан ар бир жашты сүртүп таштайт”.

Аян 8

Жетинчи мөөрдүн сыйрылышы

1 Кочкор жетинчи мөөрдү ачканда асманда жарым сааттай тынчтык боло түштү. 2 Анан мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм. Аларга жети сурнай берилди. 3Алардан башка дагы бир, алтын чөйчөк кармаган периште келип курмандык чалчу жайдын жанына туруп калды. Ага көп жыпар жыттуу заттар берилди. Муну ал бардык ыйыктардын сыйынуулары менен бирге тактынын алдындагы алтындан жасалган курмандык чалчу жайга коюшу керек. 4 Жыпар жыттуу заттын түтүнү ыйыктардын сыйынуулары менен бирге периштенин колунан чыгып, Кудайдына алдына көтөрүлдү. 5 Анан периште чөйчөктү алды да курмандык чалчу жайдан алынган чок менен аны толтуруп, жерге чачып жиберди. Ошондо күн тарсылдап, дүңгүрөгөн үндөр чыгып, чагылгандар чартылдап, жер титиреди. 6 Анан жети сурнайы бар жети периште сурнай тартууга камынышты.

Биринчи периштенин сурнайы

7 Биринчи периште сурнайын тартканда жерге канга аралашкан мөндүр менен от жаады. Дарактардын үчтөн бир бөлүгү менен бардык көк чөп күйүп кетти.

Экинчи периштенин сурнайы

8 Экинчи периште сурнайын тартканда жалындап күйүп жаткан тоодой болгон бирдеме деңизге кулап түштү. Деңиздин үчтөн бир бөлүгү канга айланды. 9 Деңизде жашагандардын үчтөн бир бөлүгү өлдү жана кемелердин үчтөн бири кыйрады.

Үчүнчү периштенин сурнайы

10 Үчүнчү периште сурнайын тартканда шамдай күйгөн бир чоң жылдыз асмандан кулап түшүп, дарыялар менен булактардын үчтөн бирин басып калды. 11 Жылдыздын аты — Эрмен. Суулардын үчтөн бири ачуу болуп, көп адамдао ошол ачуу болуп калган суудан каза табышты.

Төртүнчү периштенин сурнайы

12 Төртүнчү периште сурнайын тартканда күндүн, айдын жана жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүнө сокку тийип, карайып кетти. Күндүз да, түндө да убакыттын үчтөн бири жарыксыз калды. 13 Ушуларды карап турганымда асмандын ортосунда учуп келе жаткан бүркүттүн мындай деп кыйкырган үнү угулду: “О кокуй күн! каран күн! Калган дагы үч периштенин сурнайларынын үнү жерде жашагандардын шорун кайнатат!”

Аян 9

Бешинчи периштенин сурнайы

1 Бешинчи периште сурнайын тартканда асмандан бир жылдыз жерге кулап түшкөнүн көрдүм. Жылдызга туңгуюктун көңдөйүнүн ачкычы берилди. 2 Ал туңгуюкту ачты эле чоң мештен чыккандай түтүн буралып чыкты. 3 Түтүндөн чегирткелер чыгышты жана аларга чаяндардыкындай күч-кубат берилди. 4 Аларга эч бир өсүмдүк, дарактарга зыян келтирбестен чекесинде Кудайдын мөөрү жок адамдарга гана зыян кылгыла деп айтылды. 5 Аларга адамдарды өлтүрбөстөн беш ай кыйнай турган бийлик кылынды. 6 Ошол күндөрдө адамдар өлүмдү издешет, бирок аны таба алышпайт. Өлгүсү келишет, бирок өлүм алардан качып кетет. 7 Чегирткелердин көрүнүшү согушка тапталган аттардай эле. Баштарында алтындан жасалгандай таажылар бар эле. Беттери болсо адамдардыкындай эле. 8 Чачтары аялдардыкындай, тиштери арстандардыкындай болчу, 9 кийинген зооттору темирден жасалгандай, 10 куйруктары чаяндардыкындай эле. Куйруктары менен чаян чаккандай чага алчу. Аларга беш ай бою зыян кыла турган бийлик берилди. 11 Чегирткелердин падышасы туңгуюктун периштеси эле. Аты еврейче Абаддон, грекче Аполлион. 12 Ошентип биринчи балээ өтүп кетти, бирок аркасынан дагы эки балээ келатканын көрдүм.

Алтынчы периштенин сурнайы

13-14 Алтынчы периште сурнайын тартканда Кудайдын алдында турган алтындан жасалган курмандык чалчы жайдын төрт мүйүзүнөн сурнайчан алтынчы периштеге кайрылып сүйлөгөн бир үндү уктум: 15 ошондо адамдардын үчтөн бир бөлүгүн өлтүрүү үчүн так ушул саатка, күнгө, айга жана жылга даяр турушкан төрт периште бошотулду. 16 Атчан аскерлердин саны эки жүз миллион экен. Мен алардын санын уктум. 17 Мен көргөн көрүнүчтөгү аттар менен чабандестердин көрүнүшү мындай болчу: алардын төшүндөгү зооттору кочкул, кара-көк, күкүрттөй сары. Аттардын башы арстандардыкындай, ооздорунан болсо түтүнгө аралаш от менен күкүрт чачырап турду. 18 Алардын оозунан чыккан ушул үч балекеттен адамдардын үчтөн бир бөлүгү өлдү. 19 Анткени аттардын күчү алардын оозу менен куйруктарында эле. Куйруктары болсо жыландарга окшоп, баштуу эле да ошол баштары менен зыян кылып жүрүштү. 20 Ушул балакеттерден өлбөй калган башка адамдар болсо кылган иштеринен дале баш тартышкан жок. Алар иблистерге жана көрө, уга, баса албаган алтындан, күмүштөн, калайдан, таштан, жыгачтан жасалган буркандарга табынганын токтотушпады. 21 Алар канкордуктарынан, сыйкырчылыктарынан, бузукулуктарынан, уурулуктарынан кайтышпады.

Аян 10

1 Анан мен асмандан булутка чулганып түшүп келе жаткан дагы бир күчтүү периштени көрдүм. Башын көк желе ороп, бети күн сыяктуу жаркырап, буту оттуу мамылар сыяктуу эле.2 Колунда ачылуу китеп бар эле. Ал оң бутун деңизге, сол бутун жерге койду да 3 катуу үн менен, арстандай айкырды эле жети күркүрөк күркүрөп жооп беришти. 4 Алар жооп беришкен замат жазайын деп колума калем алганымда асмандан мага: “Жазба, жети күркүрөктүн айтканын жашырып кой!” — деп сүйлөгөн үн угулду. 5 Анан деңизде жана жерде турган периште колун жогору көтөрүп, 6 түбөлүктөн түбөлүккө жашоочу, асман-жерди, деңизди жана андагынын баарын жараткан Кудайдын аты менен: “Мындан ары убакыт болбойт! 7 Жетинчи периште сурнайын тартканда Кудай өзүнүн пайгамбарларына жарыя кылган жашырын планын ишке ашырат!” — деп ант берди. 8 Анан баягы көктөн чыккан үн мага кайра сүйлөдү: “Бар, деңиз менен жерде турган периштенин колунан түрмөктү алып ач!” — деди. 9 Мен периштеге бардым да: “Мага түрмөкчөнү берчи”, — дедим. Ал мага: “Ме, же, түрмөкчө курсагыңда ачуу болот, бирок оозуңда балдай таттуу болот”, — деди. 10 Мен китепти периштенин колунан алдым да жеп жибердим. Жегенимде ал оозумда балдай таттуу болду, бирок жутуп жибергенден кийин ашказанымда ачуу болуп калды. 11 Анан периште мага кайрылып: “Көптөгөн улуттар, элдер, тилдер жана падышалар тууралуу Кудайдын кабарын сен кайрадан жарыялашың керек”, — деди.

Аян 11

1 Анан мага жер ченегич сыяктуу таяк берилип, мындай деген сөз айтылды: “Бар да Кудайдын ибадатканасы менен андагы курмандык чалчу жайды ченеп, ибадатканада табынып жаткандарды санап кел. 2 Бирок ибадаткананын сырткы короосун эсептебе, анткени ал каапырларга берилген. Ыйык Шаар кырк эки ай бою алардын таман алдында тепселенет. 3Ушундан соң мен аза кийимин кийген эки жарчымды жиберем. Алар бир миң эки жүз алтымыш күн бою менин сөзүмдү жарыялашат”. 4 Алар — жер Кудайынын алдында кызмат кылып турган эки май дарагы менен эки чырак. 5 Бул эки жарчыга зыян кылгысы келген душмандарды, алардын оозунан бүркүлгөн от куйкалайт. 6 Алар Кудайдын сөзүн жарыялап жатышкан кезде жерге жамгыр жаадыртпай коюга, сууну канга айландырууга кудуреттери жетет. Ошондой эле жер бетин каалаган убагында ар кандай балээлер менен да жабырката алышат. 7 Алар Кудайдын сөзүн жар салып бүтүшкөндө туңгуюктан бир жырткыч чыга калып, аларга кол салат да өлтүрөт. 8 Ошондо алардын сөөгү өздөрүнүн Теңири да айкаш жыгачка керилип өлтүрүлгөн, каймана айтканда Содом жана Мисир деп аталган улуу шаардын көчөсүндө жатып калат. 9 Бардык эл, уруу, тил, улуттардан чыккан адамдар алардын сөөгүн сонуркап карашат, көргө койдурушпайт. 10 Жердиктердин табасы канып, бири-бирине белектерди жиберишип, жыргап-куунашат. Себеп дегенде бул эки пайгамбар абдан алардын чыкыйына тийишкен болчу. 11 Анан үч күндөн кийин бул пайгамбарлардын денесин Кудай кайра жан салып, бутуна тургузат. баягы сонургап карагандардын үрөйлөрү учуп, жаны чыгат. 12 Ошондо көктөн: “Бул жакка чыккыла”, — деген катуу добушту угушат да булут минип баягы экөө душмандарынын көзүнчө көккө көтөрүлүп кетишет. 13 Алар чыгып кетээр замат эле катуу зилзала болуп, шаардын ондон бир бөлүгү кыйрап, жети миң адам өлөт. Калган адамзат жандарынан түңүлүп, көктөгү Теңирди даңкташат. 14 Мына, экинчи балээ ушундай болуп өттү. Эми бир аздан соң үчүнчүсү келет.

Жетинчи периштенин сурнай тартышы

15 Ошентип, жетинчи периште сурнайын тартканда көктөн катуу добуштар чыгып: “Бул дүйнөнүн падышачылыгы биздин Теңирибизге жана анын Машаягына өттү. Мындан ары кылымдардан кылымга Машаяк падыша болот!” — деп жатышты. 16-18 Анан Кудайдын алдында өздөрүнүн тактыларында олтурган жыйырма төрт аксакал эт-бетинен кетишип: “Илгертен бери эле бар болгон оо кудуреттүү Алла таала, биз сага ыраазыбыз! Анткени сен азыр улуу күч-кудуретиңди колго алып, тактыга олтурдуң! Кудайсыздар кутуруп кетишкенде сенин каарың келди. Өлүктөргө сот жүргүзүп, ал эми кулдарыңа, пайгамбарларыңа, ыйыктарыңа, сенин ысмыңдан ыйбаа кылган улуу-кичүүгө сыйлык берип, жерди жабыркаткандардын ойронун чыгара турган убагың келди!” — дешип, Кудайга кулдук урушту. 19 Анан көктөгү Кудайдын ибадатканасы ачылып, ичинен осуят сандыгы көрүндү. Чагылгандар чартылдап, кабыр-кубур үндөр чыгып, күн күркүрөп, жер силкинип, катуу мөндүр cабалады.

Аян 12

Аял жана шайтан

1 Ушундан соң көктө бир тири укмуш көрүнүш көрүндү: бир аял күндү көйнөк кылып кийинип, айды бут алдына тепселеп, он эки жылдызды болсо таажы сымал башына коюп алыптыр. 2 Ал ай-күнү жетип, толгоо азабын жеп чаңырып жатты. 3 Аңгыча асмандан дагы бир көрүнүш көрүндү: жети баштуу, он мүйүздүү бир эбегейсиз чоң кыпкызыл ажыдаар пайда болду. Ар бир башында бирден таажычасы бар эле. 4 Ал куйругу менен жылдыздардын үчтөн бирин жерге илештирип кетти. Анан баягы төрөй турган аялдын алдына туруп алып, көз жараары менен баласын жутуп ийгенге камынды. 5 Аял эркек бала төрөдү. (Ал кийин бардык элдерди темирдей катуу бийлик менен башкарат.) Периште аны ажыдарга жуткурбай лып илип кетти да Кудайга жана анын тактысына алып барды. 6 Аял болсо ээн чөлгө качты. Кудай ага ошол жактан орун даярдап, бир миң эки жүз алтымыш күн бактырмак эле. 7 Ушул арада асманда согуш жүрүп, Кудайдын баш периштелеринин бири жана анын шериктери менен ажыдаар жана анын шериктери бири-бирине чабуул коюшту. 8 Бирок да ажыдар туруштук бере албады. Ошондуктан аларга асманда калууга тыюу салынды. 9 Чоң ажыдаар, жанагы Азгыруучу же Шайтан деп аталган жана бүт ааламды алдаган байыркы жылан, бардык шериктери менен кошо ылдый кулатылды. 10 Ушундан соң асмандан бийик чыккан добуш угулду: "Кудайыбыз куткаруучу кудуретин көрсөттү, Кудайыбыздын падышачылыгы келди, Кудайдын Тандаганы өзүнүн бийлигин орнотту. Шайтан биздин адамдарыбызды Кудай алдында күн-түн дебей айыптачу эле. Эми ал төмөн ыргытылды! 11 Бурадарларыбыз Шайтанды Кочкордун каны жана Кудайдын кабары менен жеңишти. Алар өз өмүрлөрүн да берүүгө даяр болушту. 12 Асман кубансын, анда жашагандар да чогуу шаттанышсын. Ал эми жер менен деңизге кайгы. Анткени Азгыруучу жерге ыргытылды. Ал убактысы аз калганы билет, Андыктан ал абдан ачуулуу." 13 Ажыдаар ылдый, жерге ыргытылганын билгенде эркек бала төрөгөн аялга зыян кылууга жулунду. 14 Бирок аял чөлгө учуп кете алсын үчүн ага чоң бүркүттүн канаттарындай болгон кош канат берилди. Аял ал жакта жыландан кутулуп, бир мезгилге, эки мезгилге жана жарым мезгилге чейин багууда болушу керек. 15 Жылан аялды оп тартып алуу үчүн дайрадай болгон сууну бүркүп жиберди. 16 Бирок жер аялга жардам берип, ажыдардын оозунан келген сууну соруп алды. 17 Бул ажыдаардын аялга болгон каарын ого бетер кайнатты. Ошондуктан ал аялдын калган балдарына чабуул койду. Бул балдар — Кудайга баш ийгендер жана Исанын кылган иштерин улантып, анын берген таалимдеринен тайбагандар.

Аян 13

Эки жырткычтын көрүнүшү

1 Ажыдаар болсо деңиз жээгинде турду... Бир оокумда карасам жети баштуу, он мүйүзү бар бир жырткыч деңизден чыгып келе жатыптыр. 2 Анын тулку бою сүлөөсүндүкүнө, буттары аюнукуна, ал эми оозу арстандыкына окшош экен. Ажыдаар кудуретин, тактысын жана зор бийлигин ушул жырткычка өткөрүп берди. 3 Мунун жети башынын бири мага өтө катуу жаракат алгандай көрүндү, а бирок кайра сакайып калды. Жер бетиндегилердин баары жырткычка таңданып, 4 ага өз бийлигин берген ажыдарга таазим кылышты. 5 Жырткыч текебер сүйлөп, өзүн Кудайга теңеп, кырк эки ай башчылык кылды. Кудай унчукпады. 6 Жырткыч Кудайды жана анын атын жаман сөздөр менен сөктү. Мунусу аз келгенсип, Кудайдын турагын жана аны менен бирге көктө жашоочулардын баарына тил тийгизди. 7 Ага Кудайдын ыйык адамдарына чабуул коюп, аларды басып алганга да уруксаат кылынды жана бардык уруулар менен улуттардан чыккандарды, түрлүү-түрлүү тилдерде сүйлөгөн ар кыл элдердин үстүнөн бийлик берилди. 8 Өлтүрүлгөн Кочкордун китебине аалам жаралардан мурда аттары жазылбагандардын баары жырткычка таазим кылышты. 9 Кулагың болсо угуп ал: 10 Кетчүлөр кетет туткунга, Өлчүлөр өлөт кылычтан. Андыктан Кудайдын ыйык адамдары көтөрүмдүү жана ишеничтүү болууга үйрөнүшү керек. 11 Ушундан соң мен дагы бир жырткычты көрдүм. Ал жерден чыгып келе жатты. Кочкордукундай кош мүйүздүү болгону менен ажыдаардай сүйлөйт экен. 12 Ал катуу жаракаты сакайып калган жырткычка кызмат кылып, анын бүт бийлигин жерди жана андагылардын баарын ошого таазим кылдырууга колдонду. 13 Укмуштарды көрсөтүп, баарынын көзүнчө көктөн от түшүргөнгө чейин барды. 14 Биринчи жырткычка кызмат кылып, бүт адамзаттын башын айлантты. Анан кылычтан катуу жаракат алып, бирок өлбөй аман калган баягы биринчи жырткычтын бурканын жасаттырды. 15 Экинчи жырткычка ошол бурканга жан киргизгидей күч берилди. Ошентип, бурканга тил бүттү. 16-17 Адамзаттын баары оң колуна же чекесине мөөр бастырууга мажбур болушту. Улуу-кичүү, бай-кедей, азат-кул дебей баары ушул мөөрдү бастырыш керек болду, антпесе эч нерсе сатып ала да, сата да албай калышмак. Бул мөөрдө болсо жанагы жырткычтын аты же анын атынын саны бар. 18 Ошол жырткычтын номурун түшүнүү үчүн акылмандык керек. Акылдуулар аны чечмелеп алышсын! Ал номур — алты жүз алтымыш алты деген сан, ал эми бул сан болсо бир инсанды билдирет.

Аян 14

Кочкор жана анын жүз кырк төрт миң үмөтү

1 Көз чаптырып карасам, Иерусалимдеги тоонун башында Кочкор туруптур. Анын өзүнүн жана Атасынын ысмы чекелерине жазылган жүз кырк төрт миң киши аны тегеректеп алган. 2 Аңгыча асмандан бир үн чыкты. Ал үн кирген суунун шоокумундай, күн тарсылдагандай, ал тургай комузчулар күү чертип жаткандай эле. 3 Анан жерден куткарылган жүз кырк төрт миң киши ак тактынын, төрт жаныбар заттын жана аксакалдардын алдында жаңы ыр ырдашты. Булардан башка эч ким ал ырды жаттай албады. 4 Булар өздөрүн таза сактап, аялдарга булганбагандар. Кочкордун артынан калбай ээрчигендер. Кудайга жана Кочкорго белек кылуу үчүн адамзаттан терилген тунгучтар. 5 Алар эч качан жалган сүйлөшпөгөн аруу адамдар. 6 Анан мен дагы башка периштени көрдүм. Ал дүйнөдөгү бардык улуттар менен урууларга, ар кандай тилдерде сүйлөгөн элдерге жакшы кабар жарыялаганы көк асмандын ортосунда учуп баратыптыр. 7 Ал мындай деп кыйкырып, жар салды: “Кудайдан ыйбаа кылып, аны урматтагыла! Бардыгы Кудай тарабынан соттоло турган убакыт келди. Асманды, жерди, мухиттерди жана бардык булактарды жараткан Кудайга таазим кылгыла!” 8 Анын артынан дагы бир периште учуп баратты. Ал мындай деп жар салды: “Улуу Вавилон шаарынын таш-талканы чыкты!” 9 Акырында үчүнчү периште жар салды: “Эгерде жырткычка жана анын бурканына табынсаңар, анын мөөрүн чекеңерге же колуңарга бастыртсаңар, 10 анда каар чынысына мелт-калт толтурулган Кудайдын каарынан жасалган шарапты ичип, ыйык периштелер менен Кочкордун алдында күйүп жаткан күкүрттүү отко куйкаланасыңар. 11 Силерди куйкалап жаткан оттун түтүнү түбөлүктөн түбөлүккө созолоно берет. Жырткычка жана анын бурканына табынгандар, анын атынын мөөрүн бастырткандардын жаны күнү-түнү эч жай албайт”. 12 Кудайдын адамдары чыдамкайлыкка үйрөнүшү керек. Алар ошондой эле Кудайдын осуяттарына баш ийип, Исага ишениши керек. 13 Анан мен асмандан: “Муну жазгын, Теңир ишенгендерге алар өлгөндө батасын берет”, — деди. Рух ага мындай жооп берди: “Ооба, алар оор эмгектеринен эс алышат, кылган мээнетинин үзүрүн көрүшөт”. 14 Анан көз салсам жапжарык булут минген бирөө көрүндү. Анын көрүнүшү Адам Уулуна oкшош эле. Алтын таажы кийип, колуна курч орок кармап алыптыр. 15 Анан ибадатканадан дагы башка бир периште чыкты да ага катуу добуш менен мындай деди: “Жер бетинде эгин бышып, оруу-жыюу маалы келди, ошондуктан орогуңду ишке киргиз!” 16 Булут минген неме орогун жерге шилтеди эле эшин орулду. 17 Анан көктөгү табынуучу жайдан курч орок кармаган дагы бир периште чыкты. 18 Анын курмандык чалчу жайдан отко бийлиги жүргөн дагы башка периште чыгып курч орокчонго абдан катуу үн менен: “Жердеги жүзүм бышты! Орогуңду шилте да шиңгилдерин кесип ал!” — деди. 19 Периште жерге орогун салып, андагы жүзүмдү кесип алды да аны Кудайдын улуу каарынын ороосуна ыргытты. 20 Ороо шаардын сыртында эле. Жүзүм шиңгилдери ошол ороого ныгырылганда ороодон аткан кан ат көмөрлүк болуп, үч жүз чакырымдан ашык аралыкты басып калды.

Аян 15

Акыркы балээлер

1 Ушундан соң асмандан дагы башка тири укмушту көрдүм: жети периште калган жети балээни алып келе жатыптыр. Ушул балээлер өтүп кеткен соң Кудайдын каары жанат. 2 Анан от менен жуурулушкан айнек деңиз сыяктанган бир нерсени жана анда турушкан адамдарды көрдүм. Бул адамдар жыркычты жеңип чыгып, анын бурканына табынбай жана жырткычтын атын билдирген сан басылган мөөрдү бастырбагандар экен. Алар Кудайдан алган комуз менен 3 Теңирдин кулу Мусанын жана Кочкордун ырын ырдашты: "Оо, Жараткан Эгебиз, Улуу, укмуш иштериң! Бүт калайык калктардын, Падышасы бир өзүң. Кандай адил, кандай ак, Сенин кылган иштериң. 4 Сенин улуу ысмыңды, Урматтабас жок эч ким, Анткени ыйык бир өзүң! Алдыңа келип, жүгүнүп, Табынат бүткүл жер жүзү! Анткени адилеттигиң, Бардыгына көрсөттүң." 5 Ушундан кийин асмандан дагы бир нерсени байкадым: ибадатканадагы ыйык чатырдын эшиги ачык туруптур. 6 Ошондон жети балээни алып келе жаткан баягы жети периште чыгып келе жатты. Периштелер аппак кийим кийип, алтын кемер курчанып алышкан. 7 Ошондо төрт жаныбар заттардын бирөөсү жети периштенин ар бирине бирден алтын чака берди. Бул чакалар болсо түбөлүктүү Кудайдын каарына толтурулган эле. 8 Ибадаткана бир заматта Кудайдын шаңы менен күчүнөн чыккан түтүнгө толуп, жети периште калган жети балээни төккүчө эч ким анын босогосун аттай албады.

Аян 16

Кудайдын каары толтурулган жети чака

1 Ибадатканадан кимдир бирөө жети периштеге: “Жөнөгүлө, Кудайдын каары толтурулган жети чаканы жерге төккүлө!” — деп катуу үн менен кыйкырды. 2 Биринчи периште чакасындагыны жерге төктү эле ошол замат баягы жырткычтын мөөрү бастырып, анын бурканына таазим кылгандардын денесине былжырап, адамдын итиркейин келтирип көрүнгөн жана сыздатып ооруткан жаралар жайнап чыкты. 3 Экинчи периште чакасындагыны деңизге төктү эле деңиз ошол замат өлгөн адамдын канындай болуп, андагылардын баары кырылды. 4 Үчүнчү периште чакадагысын дарыялар менен булактарга төктү эле алар да ошол замат канга айланышты. 5 Ушундан кийин мен сууга башчылык кылган периштенин мындй дегенин уктум: “О ыйык Кудай, сен ар дайым бар болуп келгенсиң, келечекте да түбөлүккө өмүр сүрөсүң! Жердиктерди ушундайча жазалоого сенин укугуң бар, 6 анткени алар сенин адамдарың менен кабарчыларыңдын канын төгүштү. Аларга кан ичиргениң ажеп болду. Буга алар татыктуу!” 7 Анан курмандык чалчу жай мындай деп кыйкырды: “Ооба, баарынан күчтүү Жараткан Теңирибиз, сен адилеттик менен калыс сот жүргүздүң!” 8 Төртүнчү периште чакасындагыны күнгө жаба чачты. Күн ошол замат адамдарды куйкалай баштады. 9 Бардыгы анын ысыгынан куйкаланып, ушул балээлерди токтотуп коюга бийлиги жүргөн Кудайга каргыш айтышты. Эч кимиси ага кайрылып, анын улуу экендигин даңазалашпады. 10 Бешинчи периште чакадагысын жырткычтын тактысына жаба куйду. Жырткычтын падышачылыгын караңгылык басып, андагылар жаны ооруганына чыдай албай тилдерин чайнашты. 11 Сыздаткан жараларынан улам алар көктөгү Теңирди каргап-шилешти, арам иштерин токтотушпады. 12 Алтынчы периште чакасындагысын улуу Ефрат дайрасына төктү эле ал какшып, чыгыш тараптан келе турган хандарга жол ачылды. 13 Ушундан соң ажыдаардын оозунан кур бакага окшогон бир бузуку жин чыкты. Ошондой эле бирөө жырткычтын оозунан чыкты. Дагы бирөө жалган пайгамбардын оозунан да чыкты. 14 Бул бузуку жиндердин колунан укмуштарды көрсөтүү келет экен. Алар жерди бийлеген падышалардын ар бирине барып, кудуреттүү Кудайга каршы согушка үндөдү. Бирок ал күн Кудайдын улуу жеңишинин күнү болмокчу. 15 Машаяктын айтканын эстегиле: “Менин келишим уурунун келишиндей болот. Аяр болуп, “кийимин” сак кайтаргандар бактылуу. Ошондо алар жылаңач калып, баарынын алдында шерменде болбойт”. 16 Бузуку жиндердин үгүтү менен келген аскерлер еврейче Армагеддон аталган жерге топтолушту. 17 Ушундан соң жетинчи периштеге кезек келип, ал чакасындагыны абага чачты. Ошондо ибадатканадагы тактыдан: “Бүттү!” деген жарлык чыкты. 18 Анан чагылгандар жарк-журк этип, күн тарсылдап, адамзат тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй зилзала болду. 19 Улуу шаар Вавилон үчкө бөлүнүп, башка калктардын калаалары урандыга айланды. Кудай өзүнүн каары аралаш шарап куюлган чыныны Вавилонго ушундайча ичирди. 20 Аралдар чөгүп, тоолор жоголду. 21 Асмандан ар бири элүү килограммга чейин жеткен тобурчактар жаады. Акырында адамдар Кудайды каргай башташты, анткени тобурчактактар аларды ушунчалык катуу жабыркатып жиберди.

Аян 17

Сойку жана жырткыч

1 Бошотулган жети чаканын бирин кармаган периште менин үстүмө учуп келип: “Бул жакка чыгып кел!” — деди. Көп сандаган мухиттердин үстүндө олтурган жанагы шерменде сойкуну Кудай кандайча жазалай тургандыгын мен сага көрсөтөм. 2 Жер жүзүндөгү падышалардын баары аны менен жатып чыгышты. Анын бузукулугу шарап сыяктуу болуп, жердегилердин баарын мас кылды”. 3 Рухтун жетеги менен периште мени чөлгө алып барды. Мен ал жактан кызыл жырткычтын үстүндө олтурган баягы аял-ды көрдүм. Жырткычтын тулку-бою Кудайды кордогон аттарга толуптур. Анын жети башы жана он мүйүзү бар экен. 4 Аял кызыл-тазыл кийим кийип, алтындан, кымбат баалуу асыл таштардан жана акактан жасалган билерик, сөйкөлөрдү тагынып, кулпунуп алыптыр. Колунда кир, жийиркеничтүү иштери мелт-калт болуп куюлган чыны бар экен. 5 Ал эми маңдайында: “Жер жүзүндөгү бардык ыпластык менен бузукулуктун энеси болгон атактуу Вавилон шаары!” — деген жазуу бар эле. Бул — аялдын жашыруун аты. 6 Аялдын көрүнүшүн: “Иса үчүн жанын берген Кудай адамдарынын канын ичип, мас болгон аял!” — деп сүрөттөөр элем. Мен деңдароо болуп, аны таң кала, карап турдум. 7 “Эмне мынчалык таң калдың? — деди ошондо мага баягы периште, — бул аял жана анын астындагы жети баш, он мүйүздүү периштенин сырын мен сага ачып берем. 8 Сен көргөн жырткыч бар болчу, бирок мындан ары жок болот. Ал туңгуюктан кайра чыгат, бирок бул жолу тозокко кетиш үчүн чыгат. Аалам жаралуу доорунан мурдатан эле ысымдары өмүр китебине жазылбаган-дардын баары ага таң калып, бир кезде бар болуп, бирок мындан ары жок боло турган жырткычты сонуркап карап турушат. 9 Кимде акылмандык бар болсо мунун маанисин түшүнүп алсын. Жети баш — бул аял олтурган жети дөбө. Бул баштар ошондой эле жети падышаны да билдирет. 10 Ошол падышалардын жетөө өлдү. Бирөөсү азыр тактыда олтурат, бирөөсү али келе элек. Ал келгенде бир аз убакытка гана падышачылык кылат. 11 Сен көргөн бир кезде бар болгон, бирок мындан ары болбой турган жырткыч жогоруда айтылган жети падышанын бирин билдирет. Ал жакында сегизинчи падыша катары кайра келет, бирок өлүш үчүн келет.12 Жети мүйүз болсо дагы башка жети падышаны билдирет. Алар али бийликке келише элек. Келишкенде жырткыч менен бирге аз эле убакыт башкарышат. 13 Ойлогон ойлору бир болуп, өздөрүнүн күчү менен бийлигин бүт бойдон жырткычтын колуна өткөрүп беришет. 14 Бул падышалар Кочкорго каршы согушка аттанышып, жеңилишет. Анткени Кочкор — теңирлердин Теңири, хандардын Ханы. Анын жолун жолдоочулар болсо тандалган, ишенимге бек адамдар. 15 Сен көргөн сойку олтурган мухиттер болсо бардык улуттардан жана тилдерден чыккан элдер. 16 Жети мүйүз менен жырткыч бул уятсыз аялды жек көрүшөт. Көйнөгүн тытып, жылаңач калтырышат. Этин тытып жеп, ичеги кардын отко ташташат. 17Падышаларга бир ой салып, алардын бийлигин жырткычка өткөрүп берүүнү чечкен — Кудай болчу. Ошондуктан алар Кудайдын айткандары ишке ашканча бул кылган иштерин уланта беришет. 18 Сен көргөн аял — бул дүйнө жүзүндөгү бардык падышаларды башкарып турган атактуу шаар.

Аян 18

Бузуку шаардын ойрондолушу

1 Мен дагы башка бир периштенин көктөн түшкөнүн көрдүм. Ал ушунчалык күч-кудуреттүү болгондуктан, анын шаңына бүт жер жүзү жарык боло түштү. 2 Ошол периште мындай деп кыйкырды: “Оо, ойрондолду! Кудуреттүү Вавилон ойрондолду! Жин-перилердин турагына айланды! Ар кандай кара күч менен ит-куштун уясы болуп калды! 3 Вавилондун арам шарабы бүт элдерди мас кылды! Дүйнөдөгү падышалардын баары аны менен жатып чыгышты. Бардык алып-сатарлар анын кир кумарларынан байышты”. 4 Анан мен асмандан катуу үн менен айтылган дагы башка бир үн уктум: “Оо элим, Вавилондон качкыла! Анын күнөөлөрүнө аралашып, жазасын бөлүшпөгүлө! 5 Анын күнөөлөрү үйүлгөндөн үйүлүп олтуруп, чокусу асманга жетип калды. Анын кылган жамандыктарын Кудай эстеди! 6 Ал өзгөлөргө кандай кылса, силер да анын өзүнө ошондой кылгыла! Кылган жаман иштери үчүн эки эселеп төлөткүлө! Башкаларга ичирген шарабын эки эселеп туруп, өзүнө ичиргиле! 7 Ал сайран куруп, лаззатка батты. Ошончолук шорун катырып, адебин колуна бергиле! Ичинен: “Мен Ханышамын! Жесир эмесмин! Эч качан азап-кайгы дегенди билбейм!’ дегени үчүн 8 ал бир күнү азапка башы малынат! Ачарчылыктан жабыркап, ажалга кабылат! Анын өлүк денеси отко салынат, анткени анын соттоочусу — кудуреттүү Жараткан Теңир”. 9 Аны менен жатып чыккан жана лаззатка баткан падышалардын баары боздошот. Анын өрттөнгөн тарпынан быкшыган түтүндү көрүшкөндө өңгүрөшөт. 10 Анын азаптарынан үрөйлөрү учуп: “О улуу шаар сага не болду!? Бир саатта жазаланып, ойрондолдуңбу!?” — деп оолактан карап турушат. 11 Ааламдагы алып-сатарлардын баары шолоктошот, анткени эми мындан ары анын товарларын эч ким сатып албайт. 12 Анын алтынын, күмүшүн, берметтерин, акактарын, ак шайы-ларын, кызыл кездемелерин, жибегин, кызыл-тазыл кийимдерин, жыпар жыттуу чөптөрүн, пил сөөгү менен жыгачтан, калай, темир, мармардан жасалган зергер буюмдарын, 13атыр, эндик-упа, бет майларын, ичимдиктерин, оливка майларын, унун, буудайын, уй, кой, жылкыларын, арабаларын, кулдарын, ал тургай адамдарынын жандарын эч ким сатып албайт. 14 О Вавилон, көңүлүң көксөгөндүн баары сенден качып кетти! Бардык жыргалыңан, лаззаттарыңан, атак-даңкыңан биротоло кол жуудуң! Эми эч качан аларды кайрадан таба албайсың!” 15 Анын аркасы менен байлыкка тунган соодагерлер эми анын азабын көрүп, үрөйлөрү учту. Боздоп ыйлап, алыстан карап турушту. Анан мындай деп катуу үн менен кошок айтышты: 16 "Кызыл-тазыл кийинип, Алтындарың жаркылдап, Акак, бермет тагынып, Алчактаган шаар элең. Абалың зээнди кейитип, Армандуу күнгө туш болдуң! 17 А кокуй күн, каран күн, Алеки саатын ичинде, Ар байлыктан кол жууп, Азаптуу күнгө туш болдуң!" 18 Анын үстүнөн чыгып жаткан түтүндү көрүшкөндө: “Бул улуу шаардай шаар мурда эч качан болгон эмес!” — деп үшкүрүнүштү. 19 Анан өңгүрөп ыйлап, баштарына күл чачып, мындай дешти: "О кокуй күн, каран күн, О Вавилон — улуу шаар, Шорго башың малынды! Деңизден деңизге сүзүп, Соода кылгандын баары, Байлыгыңдан байычу. А бирок, алеки сааттын ичинде, Айрылдың го баарынан!" 20 “О Көк, буга сен кубангын! О Кудайдын адамдары, элчилери жана пайгамбарлары, буга шаттангыла! Силерге кылган бардык жамандыктары үчүн Кудай аны жазалады!” 21 Анан бир күчтүү периште килейген ташты алды да аны деңизге ыргытып жиберди. “Мына, улуу шаар Вавилон ушундай болуп, ыргытылат да эч качан кайра мурдагы калыбына келбейт. 22 Эми эч качан анда арфа чертилбейи, ыр ырдалбайт, чоор тартылбайт, сурнай жаңырбайт. Эч качан ал шаарга ишкерлер дүкөндөрүн ачышпайт. Ун тартылган тегирмендердин жаагы түбөлүккө жап болот. 23 Эч качан анда шам жагылбайт, жубайлар бири-бирине ант беришпейт. Анын соодагерлери бүт жер жүзүн бийлеп турушчу эле. Ал сыйкырчылыгы менен баардык калктардын башын айланткан болчу. 24 Анын көчөлөрү Кудайдын адамдарынын, пайгамбарларынын жана башка бардык өлтүрүлгөндөрдүн канына суугарылган эле”.

Аян 19

Кудайды мактагандар

1 Ушундан кийин көптөгөн адамдардын кыйкырып жаткандай үн уктум. Алар мындай деп жатышты: "Теңирге шүгүр! Кудайыбыз куткарууга кудуреттүү! 2 Анткени ал адилет жана ак Сот. Жанагы жийиркеничтүү сойку өзүнүн шерменделиги менен жер жүзүн бузду. Ошондуктан Кудай аны жазалады. Кулдарынын кунун төлөттү". 3 Анан баягы адамдар мындай деп кыйкырышты: “Теңирге шүгүр! Бул сойкунун өрттөнгөн денесинен чыккан түтүн эч басылбайт!” 4 Ушундан соң жыйырма төрт аксакал менен жети жаныбар зат Кудайдын тактысынын алдына чөгөлөп, ага жүгүнүштү. Алар: “Оомийин, Кудайга даңк!” — дешти. Кочкордун үйлөнүү тою 5 Тактыдан чыккан үн мындай деди: "Эй, Кудайыбызга табынып, андан ыйбаа кылгандар! Ким болгонуңарга карабай ага мактоо айткыла!" 6 Анан көп адамдардын кыйкырыгы, шаркыратманын шаркыраганы, күндүн күркүрөгөнү — баары бир убакта чыккандай болгон үндү уктум. Ал: “Теңирге шүгүр! Биздин Жараткан Эгебиз баарынан кудуреттүү! Ал азыр тактысына олтурду! 7 Ошондуктан кубаналы, жыргайлы, Ага мактоо айталы. Кочкордун үйлөнүү тою башталды, Анын колуктусу даяр. 8 Ага жаркыраган ак шайы, аземи кийим берилет”. Аземи кийим — бул Кудай адамдары кылган жакшы иштер. 9 “Муну жаз! Кочкордун үйлөнүү тоюна чакырылгандар бактылуу, — деди мага периште, — Кудайдын айткан бул айткандары акыйкат”. 10 Мен периштенин бутуна жыгылып, жүгүнө баштадым. Ошондо периште мени тыйып: “Кой, токтот мунуңду! Мен сен сыяктуу жана Иса тууралуу кабар жарыялашкан башкалар сыяктуу эле Кудайдын кызматчысымын. Иса тууралуу күбөлүк айткандардын баары Кудайдын Деми менен сүйлөшөт. Ошондуктан Кудайдан башка эч кимге табынба”, — деди.

Ак боз ат минген Бирөө

11 Көз чаптырып карасам, асман ачылып, ак боз ат минген бирөө көрүндү. Атчандын ысмы “Ишенимдүү жана Акыйкат” дегенди билдирет экен. Анын чыгарган өкүмү да сонун, согушка аттанганы да ажайып. 12 Көзү от жалынындай күйүп, башына көптөгөн таажы кийип алыптыр. Анын жазылуу аты бар экен, бирок маанисин өзүнөн башка эч ким билбейт. 13Чапаны канга малынган анын аты “Кудайдын Сөзү”. 14 Анын артынан ак боз ат минген, таза кездемеден жасалган ак кийим кийген кошуун келатты. 15 Анын оозунан жер бетиндеги улуттарга каршы согуш ача турган канжар чыкты. Аларды темир таяк менен кайтарып, шиңгилдерин шире сыга турган ороого тепселетип, кудуреттүү Кудай тааланын каарын көрсөтөт. 16 Анын чапанында жана чапанынын өңүрүндө: “Хандардын Ханы, өкүмдарлардын Өкүмдары!” — деген жазуу бар. 17 Ушундан соң күндүн үстүндө турган бир периштеге көзүм кадалды. Ал учуп бараткан канаттуу куштарга мындай деп кыйкырды: 18 “Келгиле, Кудайдын маараке тоюна катышкыла! Хандардын, башкаруучулардын, жетекчилердин, аттардын, атчандардын, кулдардын, чоңдордун жана башкаларын этин жегиле”. 19 Ошондой эле жанагы жырткычты жана дүйнө жүзүндөгү элдердин хандарынын баарынын чогулуп турганын көрдүм. Алар ак боз атчан менен анын колуна каршы согушту. 20Бирок, жырткыч да, баягы жалган пайгамбар да жеңилип, туткунга түштү. Бул жалган пайгамбар жырткычтын мөөрүн бастырып, анын бурканына табындырыш үчүн жырткычтын алдында укмуштарды көрсөтүп, баарынын көзүн боёгон эле. Азыр болсо жырткыч да, бул жалган пайгамбар да күйүп жаткан күкүрт көлгө ыргытылды. 21 Алардын калган колу ак боз атчандын оозунан чыккан канжардан өлүп, тарптары ит-кушка жем болду.

Аян 20

Машаяктын миң жылдык бийлиги

1 Мен периштенин асмандан түшүп келгенин көрдүм. Колунда туңгуюктун ачкычы менен олчойгон чынжыр бар экен. 2 Анан ал ажыдаарды миң жылга байлап салды. Бул баягы иблис жана Шайтан аталган карт жыландын өзү. 3 Анан периште ажыдаарды туңгуюкка ыргытып жиберди. Ажыдаар кайрадан элдин башын айланткыча миң жыл өтүп кетсин үчүн, периште туңгуюктун оозун кулпулап туруп, мөөр басып бекитип койду. Андан кийин ал дагы бир аз убакытка бошотулууга тийиш. 4 Анан мен тактыларды көрдүм. Анда олтургандар сот жүргүзүүгө бийлиги барлар эле. Ошондой эле Иса тууралуу айткандары үчүн жана Кудайдын кабарын таратышкандыгы үчүн өлтүрүлгөндөрдүн жандарын көрдүм. Алар жырткычка, же анын бурканына табынбагандар жана жырткычтын мөөрүн колуна же маңдайына бастырбагандар эле. Алар кайра тирилип, Машаяк мменен бирге миң жыл бийлик жүргүзүшөт. 5 Ушул адамдар биринчилерден болуп кайра тирилишет. Алар Кудайдын өзгөчө батасын алган, ыйык адамдар. Алардын үстүнөн экинчи өлүм өкүмү жүрбөйт. Алар Кудайдын жана Машаяктын диний кызматкерлери катары алар менен бирдикте миң жыл бийлик жүргүзүшөт. 6 Башка өлүктөр миң жыл өткүчө кайра тирилишпеди.

Шайтандын биротоло жеңилиши

7 Миң жыл өткөн соң Шайтан бошотулат. 8 Ал жердин тээ четинде жашаган Ажуж-Мажуждардын мамлекетин алдап, аларды согушка алып чыгат. Алардын жолун жолдогондордун саны көл жээгиндеги кумдай санаса сан жеткис көп болот. 9 Алар жер жүзүн аралап өтүп, Кудай адамдарынын айылы менен сүйүктүү шаарын курчоого алышат. Бирок, асмандан от түшүп, алардын колун толугу менен талкалайт. 10 Анан алардын башын айланткан иблис отко оронуп, күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылат. Иблис мурда ыргытылган жырткыч менен жалган пайгамбарлардын тагдырын бөлүшүп, күн түн дебей, түбөлүккө шору шорподой кайнайт.

Акыркы сот

11 Мен абдан чоң ак тактыны көрдүм. Анда кимдир бирөө олтуруптур. Жер менен асман анын көзүнөн көрүнбөөгө далбасташты, бирок жашынууга жай таба алышпады. 12 Мен ошондой эле бардык маркумдардын ошол ак тактынын алдында турганын көрдүм. Мурда ким болгону айырмасыз, иши кылып, адам атпайдын баары ошол жерде турушту. Аңгыча бир нече китептер ачылды. Ошондой эле өмүр китеби да ачылды. Өлгөндөр ошол китептерде жазылган иштерине жараша соттолду. 13 Деңиз өзүнүн ичиндеги өлүктөрдү чыгарып берди, өлүм менен анын дүйнөсү да өзүндөгү өлүктөрдү ошентти. Ар бир өлүк кылган иши боюнча соттолду. 14 Анан өлүм менен анын дүйнөсү оттуу көлгө ыргытылды. Бул экинчи өлүм. 15 Ысымдары өмүр китебинде жазылбагандардын баары оттуу көлгө ыргытылды.

Аян 21

Жаңы асман жана жаңы жер

1 Мен жаңы асман менен жаңы жерди көрдүм. Мурдагы асман менен жер жок болду. Деңиз да ошондой болду. 2 Анан мен ыйык шаар — Жаңы Иерусалимдин көктөн түшүп келатканын көрдүм. 3 Анан тактыдан бирөө бийик үн менен мындай деди: “Кудайдын боз үйү мындан ары анын адамдары менен бирге болот. Кудай алар менен бир жашап, аларды өзүнө таандык эл кылат. Ооба, Кудай өзүнүн ак өргөөсүнөз элинин арасына тигет. 4 Алардын көз жашын сүртөт. Өлүм-житим, азап-кайгы, ыйлоо, сыздоо деген болбойт. Мурда болгон нерселердин баары өтүп кетет”. 5 Ошондо тактыда олтурган мындай деди: “Мен баарын жаңыдан кайра жаратып жатам. Мен айткандарды жазып кой, алар чын жана ишенимдүү. 6 Баары орундалды! Мен Альфа жана Омегамын, Биринчи жана Акыркымын! Суусагандардын баарына мүрөктүн суусун бекер берем. 7 Ушул белектерди жеңип чыккандардын баарына берем жана мен алардын Кудайы болом, алар болсо менин уулдарым болушат. 8 Ал эми суу жүрөктөр, ишенимсиздер, кара ниеттер, киши өлтүргүчтөр, аягы суюктар, сыйкырчылар, бутпарастар, калпычылар отко оронуп, күйүп жаткан күкүрт көлгө ыргытылат. Экинчи өлүм ушул”.

Ыйык Шаар

9 Мен акыркы жети балээ толтурулган чакаларды кармаган жети периштенин бирин көрдүм. Ал мага келди да: “Бери чыгып кел, сага Кочкордун колуктусун көрсөтөйүн”, — деди. 10Ошондо ал мени Кудайдын Рухунун жардамы менен абдан бийик залкар тоонун чокусуна чыгарды. Анан асмандагы Кудайдан түшүп келаткан ыйык шаар — Иерусалимди көрсөттү. 11 Кудайдын шаңы аны жаркыратып, акак таш сымал туптунук кылып турган эле. 12 Шаардын дубалы бийик жана жазы экен. Анда он эки дарбаза болуп, ар бирин бирден периште кайтарып турду. Дарбазалардын ар биринде Исраилдин он эки уруусунун бир аты жазылуу. 13 Дарбазалардын үчөөсү чыгыш тарапта, үчөөсү түндүк тарапта, үчөөсү түштүк тарапта, үчөөсү батыш тарапта орун алган. 14 Шаар он эки пайдубалдын үстүнө курулуптур. Ар бир пайдубалга Кочкордун он эки элчисинин бирөөсүнүн аты жазылыптыр. 15 Мага сүйлөгөн периштенин колунда алтындан жасалган ченегичти көрдүм. Бул ченегич менен ал шаарды, анын дарбазаларын жана сепилин ченеши керек болчу. 16 Шаардын узун-туурасы бирдей төрт бурчтук формасында эле. Периште ченегичи менен ченеп чыкты эле узуну, туурасы, бийиктиги үч миң чакырымдай болду. 17 Шаардын сепили болсо жетимиш метрдей чыкты. 18 Сепилдин материалы яшмадан, шаардын өзү айнектей тунук таптаза алтындан салыныптыр. 19 Он эки пайдубалдын ар бири асыл таштан жасалган эле. Биринчиси тунук яшмадан, экинчиси көк сапфирден, үчүнчүсү агыш халкедондон, төртүнчүсү жашыл зымырыттан, 20 бешинчиси кыпкызыл сардоникстен, алтынчысы кызыл-жашыл нур чачып, жылтылдап турган акак таштан, жетинчиси саргыч кварцтан, сегизинчиси көгүлтүр бериллден, тогузунчусу сары топаздан, онунчусу алтындын түсүнө окшогон кымбат баалуу таштан, он биринчиси көгүш хиацинттен, он экинчиси көпкөк аметисттен экен. 21 Он эки дарбазанын ар бири чылк берметтен, шаардын көчөлөрү күзгүдөй тунук, таза алтындан жасалыптыр. 22 Ал жактан ибадаткана көзүмө урунбады. Анткени шаар-дын ибадатканасы — баарынын улуу Жараткан Эгенин өзү менен Кочкор. 23 Шаар күнгө да, айга да муктаж эмес экен. 24Элдер ошол шаардын жарыгында жашап, падышалар өздөрүнүн байлыгын алып келишет. 25 Шаардын дарбазалары дайыма ачык турат экен, анткени ал жакта түн болбойт экен. 26Элдердин кооз, улуу мурастары ошол жакка алып келинет. 27 Ал эми эч бир арамдык ал жакка киргизилбейт. Кара ниеттер менен калпычыларга ал жактан орун жок. Ал жакта Кочкордун Өмүр Китебине аты жазылгандар гана жашайт.

Аян 22

Мүрөктүн суусу

1 Периште мага бир таптаза дарыяны көрсөттү. Дарыянын суусу өмүр берет экен. Ал Кудай менен Кочкор олтурган тактыдан агып чыгып, 2 шаардын борбордук көчөсүнүн кап ортосуна куюлуп жатты. Дарыянын эки тарабында тең дарактар өсүп турду. Алар жылдын ар айында ар түрдүү жемиш берет экен. Ал эми жемиштери болсо өмүр берет экен да жалбырактары элдерди айыктыра турган дары катары колдонулат экен. 3-4 Ал шаардын эли каргыштан биротоло арылат, анткени алардын Падышасы Кудай менен Кочкор болот. Алар Кудайга табынышып, аны көрүшөт. Алардын чекелеринде Кудайдын аты жазылуу болот. 5 Эч качан түн кирбейт, эч ким чыракка же күнгө муктаж болбойт. Жараткан Эгенин өзү алардын жарыгы болуп, түбөлүктөн түбөлүккө падышачылык кылышат.

Машаяктын келиши

6 Ушундан соң периште мага дагы мындай деди: “Бул айткандарым акыйкат. Жараткан Эгебиз өз пайгамбарларынын рухун башкарып турат. Чукул арада боло турган нерселерди өз өз кулдарына ачып берүү үчүн периштесин жиберген ошол. 7 Эсиңде болсун, мен жакын арада келем! Бул китептеги кабарга кулак төшөгөндөр бактылуу”. 8 Бул аяндарды өз кулагым менен угуп, өз көзүм менен көргөн соң мен, Жахан, чөк түштүм да, мага ушуларды көрсөткөн периштенин алдына жүзтөмөндөп куладым. 9 Ошондо периште мага мындай деди: “Кой, минтпе! Мен деле сен сыяктуу Кудайдын кулумун. Сенин бурадарларың, же пайгамбарлар, же бул китепте жазылгандарга моюн сунган башка бирөөлөр сыяктуу эле-мин. Сен Кудайга таазим кылышың керек. 10 Бул китепте жазылган кабарларды жашырба. Жакында алар ишке ашат. 11 Жамандар жамандыктарын уланта беришет, кара ниеттер арам ойлорун ток-тотушпайт. Жакшылар болсо жакшылык иштерин токтотушпайт, ыйыктар ыйык бойдон кала беришет”. 12 Анан мага дагы мындай деди: “Мен жакын арада келем! Ошондо ар ким кылган ишине жараша тиешелүү энчисин алат. 13 Мен Альфа жана Омегамын, Биринчи жана Акыркымын.14 Өз “кийимин” жууп алгандар бактылуу. Алардын баары өмүр берүүчү дарактан жегенге укуктуу болушат жана жанагы шаардын дарбазасынан кире алышат. 15 Ал эми шаардын сыртында болсо иттер, сыйкырчылар, адепсиздер, бутпарастар, жалган сүйлөп, натуура иштерди айткандардын баары тең сыртта калат. 16 Ушулардын баарын Жамааттарга айтып, силерге маалып кылуу үчүн мен, Иса, силерге периштемди жөнөттүм. Мен Дөөттүн атактуу Тукумумун жана Таңкы Жылдызмын”. 17 Ыйык Рух жана Колукту: “Ооба, кел!” — дешет. Муну уккандардын баары: “Кел!” — дешсин. Эгер чындыкка суусаган болсоңуз, анда сиз да келиңиз! Мүрөктүн суусун ичкиңиз келсе, тартынбаңыз! Келиңиз да алыңыз! Ал бекер берилет! 18 Бул китептеги пайгамбардык сөздөрдү уккандарга бир эскертүүм бар: Эгерде кимде ким бул китептеги пайгамбарчылык сөзгө бир нерсе кошо турган болсо, анда ушул китепте жазылган балээлер анын башына келет. 19 Эгерде кимде ким бул китептеги пайгамбардык сөздөрдөн бир нерсе алып таштай турган болсо, анда ал бул китепте жазылган өмүр берүүчү дарактын мөмөсүн жегенге жана ыйык шаарга кирүүгө берилген укуктан айрылат. 20 Ушул сөздөрдүн ээси: “Мен жакында келем!” — дейт. Оозуңа май, Теңири Иса, тезирээк келегөр! 21 Теңири Иса баарыңарга ырайым кылса экен!