Жахан элчи жазган ыйык Инжил

Кириш сөз

______________________________________________________________

Бул китеп бүткүл адамзаттын күнөөлөрүн мойнуна алып курман болуп, кайра тирилген тарыхый Инсан — Иса Пайгамбар жөнүндө.

Жахан бүткүл адамзатты күнөөкөр деп эсептейт, башкача айтканда президентпи же чабанбы, мусулманбы же христианбы, окумуштуубу же сабатсызбы, миллионерби же кембагалбы, дегеле бардык адам аттуу күнөөкөр, Кудайдын каарына калган дейт. Ошондой эле күнөөнүн жазасынан куткарыла турган жолдун бар экенин баяндайт.

______________________________________________________________

Кудайдын түбөлүктүү Сөзү жөнүндө
(1:1-3)

Адегенде Cөз болгон, Cөз Кудай менен болгон жана Кудай Сөз болгон. Сөз адегенде Кудай менен болгон. Баары Сөз аркылуу жаратылган. Баары ошол ошол Сөз аркылуу пайда болгон жана пайда болгон нерселердин эч бири өзүнөн өзү пайда боло калган эмес.

Кудайдын Нуру жана бул дүйнөнүн караңгылыгы
(1:4-13)

Сөздө өмүр болгон жана ошол өмүр адамдардын нуру болгон. Нур караңгыда жаркырап, жанып турса да, аны караңгы басып кала албаган.

Кудай тарабынан жиберилген бир Яхья аттуу киши болгон. Ал сөзү аркылуу адамдардын баары ишене алышсын деп, Нур тууралуу айтып берүү үчүн күбө катары келген. Яхья өзү Нур болгон эмес, ал Нурдун күбөсү болуу үчүн гана келген...

Бул дүйнөгө келген ар адамга жарыгын чача турган чыныгы Нур келе жатты. Бул дүйнөдө ошол Нур бар болчу, ал ошол Нур аркылуу жаратылган эле, а бирок да ал Нурду тааныбады.

Нур өз элине келди, бирок өз эли аны кабыл албады. Ал эми кабыл алып, ишенгендерге ал Кудайдын балдары болуу бийлигин берди. Алар кандан да, денеден да, эркектин каалоосунан да эмес, алар - Кудайдан туулгандар.

Сөздүн адамга кейпин кийиши жөнүндө
(1:14-18)

Мээрим менен акыйкатка толгон ошол Сөз адам кейпин кийип, арабызда өмүр сүрдү. Биз Кудайдын жалгыз Уулунукундай улуулукту ошондон көрдүк. Яхья ал тууралуу адамдарга, кыйкыра жар салып жүрдү:

— “Аркамдан Келаткан озуп кетти, анткени ал менден мурда эле бар болгон” деп, ушул киши тууралуу айткан болчумун!

Анын жеткилеңдигинен баарыбыз ырайымдын үстүнө ырайым алып жатабыз. Мыйзам Муса аркылуу берилген, ал эми Ырайым менен Акыйкат болсо Иса Машаяк аркылуу келди.

Чындыгында, Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес! Жападан жалгыз Кудайды бизге Атасынын ичиндеги Машаяк түшүндүрүп берди.

Яхьянын өзү жөнүндө берген күбөлүгү
(1:19-28)

Иерусалимдик яхудейлер диний кызматкерлер менен левиттердин* бир нечесин Яхьянын ким экендигин билип келүү үчүн жиберишти. Яхья өзүнүн ким экенин жашырбастан аларга:

— Мен Машаяк эмесмин! — деп, ачык айтты. Тигилер:

— Анда эмне, Илияс пайгамбарсыңбы? — дешти. Яхья:

— Жок! — деп жооп кайтарды. Тигилер:

— Балким, (келе турган) Пайгамбар сен чыгарсың? — деп сурашты.

— Жок! — деди Яхья.

— Бизди жибергендерге жообуңду айта баралы, ким экениңди айтып койчу? Өзүңдү ким деп эсептейсиң? Ошондо Яхья Исаия пайгамбардын сөзүн келтирип жооп берди:

— “Мен чөлдө зарлаган үнмүн. “Теңирге жол даярдагыла!””

Жиберилгендердин арасынан парызчылдар тобуна киргендеринен бирөө:

— Сен Машаяк да, Илияс да, келе турган Пайгамбар да болбосоң, анда неге элди сууга чөмүлдүрүп жатасың? — деди. Яхья:

— Мен жөн гана сууга чөмүлдүрөм, бирок араңарда силер билбеген БИРӨӨ бар. Менден кийин ошол келет. Мен анын чарыгынын боосун чече турган кул болууга да татыксызмын.

Бул окуя Яхья адамдарды сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүргөн Иордан дарыясынын жанындагы Бетабара айылынын тушунда болуп өттү.

Кудайдын козусу
(1:29-34)

Кийинки күнү Яхья өтүп бараткан Исаны көрүп:

— Карагыла, адамзаттын күнөөсүн мойнуна ала турган Кудайдын Козусу келатат! “Аркамдан Келаткан озуп кетти, анткени ал менден мурда эле бар болгон” деп ушул киши тууралуу айткан болчумун. Мен бу кишини мурда таанычу эмесмин, бирок адамдарды сууга чөмүлдүрүп жүргөндөгү максатым: аны элге таанытуу болчу, — деди. Яхья дагы мындай деди:

— Мен Ыйык Рухтун көгүчкөн сымал көктөн түшүп келип, анын үстүндө турганын көрдүм. Эгерде мени адамдарды сууга чөмүлдүрүүгө Жиберген: “Кимге Ыйык Рух асмандан түшүп келгенин көрсөң, адамдарды Ыйык Рухка ошол чөмүлдүрөт!” — деп айтпаган болсо, мен да аны тааный алмак эмесмин. Мен Ыйык Рухтун кимге түшкөнүн көрдүм, ошондуктан анын Кудай Уулу экенин күбөлөндүрүп жатам, — деди.

Идрис менен Петростун чакырылышы
(1:35-42)

Кийинки күнү Яхья эки шакирти менен сүйлөшүп турган. Аңгыча жанынан өтүп бараткан Исаны көрө калып:

— Карагыла, Кудайдын Козусу ушул! — деди. Шакирттери бул сөздү угаары менен Исанын артынан түшүштү. Ошондо Иса артына кылчая карап, алардын келе жатканын көрдү да:

— Силерге эмне керек? — деди. Алар:

— Рабби, сиз каерде жашайсыз? — деп сурашты. Иса:

— Жүргүлө, көрүп кеткиле! — деп жооп берди. Алар Иса менен бирге барып, кайда жашаганын көрүштү да ошол күндү аны менен чогуу өткөрүштү. Убакыт түштөн ооп калган болчу. Яхьянын айтканынан улам Исанын ээрчип кеткендердин бири Ысман Петростун агасы Идрис болчу. Идрис адегенде иниси Ысманга барып:

— Биз Машаякка жолуктук! — деп, анын Исага ээрчитип келди. Иса Ысманга тике карап:

— Сен — Жүнүс уулу Ысмансың. Мындан ары атың “Кефас” болсун! — деди.

Филип менен Натанаилдин чакырылышы
(1:43-51)

Кийинки күнү Иса Галилеяга барууну чечти да Филипоско барып:

— Мени ээрчи! — деди. (Филипос Идрис менен Петрос сыяктуу эле Бетсаида шаарынан эле.) Ал Натанаилди таап:

— Биз Муса жана башка пайгамбарлар өз китептеринде жазып кеткенге жолуктук. Ал назареттик Жусуптун уулу Иса экен! — деди. Бирок Натанаил:

— Ай койчу, Назареттен да бир жакшы нерсе чыкмак беле? — деп ишенбеди.

— Анда барып, өз көзүң менен көрүп келбейсиңби! — деди ага Филипос.

Келе жаткан Натанаилди көргөндө Иса:

— Мына, ичинде кытмырлыгы жок накта израилдик келатат! — деди.

— Сен мени кайдан билесиң? — деди таңкалган Натанаил. Иса:

— Филипос чакырардан мурда эле анжирдин түбүндө турганыңда көргөм, — деди. Ошондо Натанаил:

— Устат, сен — Кудайдын Уулусуң! Сен — Исраилдин Падышасысың, — деди.

— Сен “анжирдин түбүндө турганыңда көргөм” дегенимден ишенип жатасың, — деди ага Иса, — али мындан улуу иштерди көрөсүң. Силерге бир чындыкты айтып коеюн: көк ачылып, Кудайдын периштелеринин Адам Уулунун* үстүнө түшүп-чыгып жатканын көрөсүңөр.

Суунун шарапка айланышы
(2:1-11)

Ушул окуялардан эки күн өткөндө Галилея аймагынын Кана деген шаарчасында үйлөнүү тою болду. Исанын энеси ошол жакта эле. Өзү да шакирттери менен бирге тойго чакырылды.

Тойдо шарап түгөнүп калды. Ошондо Исанын энеси Исага кайрылып:

— Булардын шарабы түгөндү, — деди. Иса:

— Эй аялзаты, буга экөөбүздүн кандай тиешебиз бар? Менин саатым али келе элек! — деп жооп берди.

Бирок энеси тойдогу кызматчыларга: “Эмне десе ошондой кылгыла!” — деди.

Ошол жерде даарат алууга даярдалган, ичине жүз литрдей суу сыйчу таш идиштер турган. Иса кызматчыларга ошол идиштерди суу менен толтуруунун буюрду. Алар мелт-калт кылып толтурушканда: “Эми, сузуп, тойбашыга алып баргыла!” — деди. Кызматчылар тойбашыга алып барышты. Тойбашы шарапка айланган суудан ооз тийди да (ал бул шараптын кайдан келгенин билген эмес, суу сузуп алышкан кызматчылар гана билишкен) күйөөнү чакырып: “Адегенде шараптын жакшысын, анан коноктор кызып калышканда начарын беришет. А сен болсо жакшысын ушул убакка чейин сактаптырсың”, — деди.

Иса ушинтип Галилеялагы Канада укмуштарынын башталышына жол коюп, өзүнүн улуулугун көрсөттү. Шакирттери да анын ким экенине ишеништи.

Иса ийбадатканада
(2:12-25)

Ушундан соң Иса Капернаумга кетти. Энеси, бир туугандары, шакирттери да аны менен бирге барышып, анда бир нече күн жашап турушту. Курман айт* жакындап калганда Иерусалимге келди. Ибадатканадан өгүздөрдү, койлорду, көгүчкөн сатып отургандарды жана акча алмаштыруучуларды көрдү. Аркандан камчы жасап алып, баарын ибадатканадан кууп чыкты. Койлору менен өгүздөрдүн да айдап чыкты. Акчаларын чачып, столдорун оодарып салды. Көгүчкөн саткандарга: “Жоготкула мунуңарды! Атамдын үйүн сооданын үйүнө айлантпагыла!” — деди. Ошондо шакирттери Забурдагы: “Үйүңдү кызганып, ичим өрттөндү” деген пайгамбарчылык сөздү эстешти.

Яхудейлер болсо:

— Мындай кылууга кандай акың бар? Бизге кандай белги көрсөтүп, ушундай иш кылууга укугуң бар экенин далилдей аласың?— дешти. Иса аларга:

— Бул ийбадаткананы бузсаңар, мен аны үч күндө кайра тургузам! — деп жооп берди.

— Бул ийбадаткана кырк алты жылдан бери курулуп келе жатат. Сен аны үч күндө кайра тургузмакчысыңбы?

(Иса болсо ийбадаткана деп өзүн айткан эле. Кийин Иса кайра тирилгенде бул сөздөр шакирттеринин эсине түшүп, Ыйык Жазмалар менен Исанын сөзүнө ишенишкен.)

Курман айтта Иса Иерусалимде болуп, көп укмуштуу иштерди жасады. Жасаган укмуштарын көп адамдар көрүшүп, ага ишеништи. Бирок адамдардын табияты кандай экенин, ичтеринде эмне жатканын бирөөлөрдүн кеңешисиз эле абдан жакшы билген Иса аларга өзүн ишенип тапшырбады.

Кудайдын Рухунан туулгандар
(3:1-21)

Парызчылдар арасында яхудей башчыларынын бири — Никодим деген киши бар эле. Ал Исага түн жамынып келип:

— Устат, сизди Кудайдан келген мугалим деп билебиз, анткени Кудай колдобосо сиз кылып жаткан укмуштар эч кимдин колунан келбейт, — деди.

— Сизге бир чындыкты айтып коёюн, — деди ага Иса, — жогортон туулбаган адам Кудайдын падышачылыгын көрө албайт.

— Адам карыганда кантип кайра туулмак эле? Экинчи ирет курсакка кирип, кайра туулмакпы?

— Сизге мен чындыкты айтып жатам: суу жана Рухтан туулбаган адам Кудай падышачылыгына кире албайт, анткени денеден дене, Рухтан рух туулат. “Жогортон туулууга тийишсиз!” дегениме таңыркабаңыз. Мисалы, шамал кай жерде кааласа, ошол жерде согот. Үнүн уакканың менен кайдан келип, кайда кеткенин билбейсиң. Рухтан туулган адам менен да ушундай болот.

— Муну кандайча түшүнсө болот?

— Исраилдин мугалими болуп туруп, ушуну түшүнбөйсүзбү?! Сизге чындыкты айтып коёюн: биз билгенибизди айтып, көргөнүбүздү сүйлөйбүз, а сиздер биздин сөзүбүздү кабыл албай жатасыздар. Мен сиздерге жердеги нерселер тууралуу айтсам ишенбейсиздер, анан көктөгү нерселер тууралуу айтсам кантип ишенесиздер? Көктө жашап, жерге түшүп келген Адам Уулунан башка эч ким көккө чыгып барган эмес. Муса чөлдө таяктын башына илип, жогору көтөрүп койгон жылан сыяктуу, ишенген адам куурабай, түбөлүк өмүргө ээ болуусу үчүн Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш. Анткени Кудай бул дүйнөнү ушунчалык катуу сүйгөндүктөн

ар бир ишенген адам тозокко түшпөй, тескерисинче түбөлүк өмүрлүү болсун деп жалгыз Уулун курмандыкка берди. Бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, ал аркылуу куткаруу үчүн берди. Кудай Уулуна ишенген адам акыретте сотко келбейт, ал эми ишенбеген адам болсо эмитен эле айыптуу, анткени Кудай жалгыз Уулун жиберип жатса, ал ишенбей койду. А сот дегенимдин мааниси мындай: бул дүйнөгө Кудайдын Нуру келди, бирок адамдар Нурдан көрө караңгылыкты артык көрүштү. Анткени алардын кылган иштери жаман болчу. Ар бир жамандык кылган адам жарыкты жек көрөт. Кылган иштери ашкере болбосун үчүн ага барбайт. Себеп дегенде анын кылган иштери жаман. Ал эми ак жашаган адам кылган иштери ачык болуш үчүн жарыкка барат. Анткени анын иштери Кудайга жагат.

Яхья жана Иса
(3:22-36)

Ушундан соң Иса шакирттери менен Яхудияга барып жашап, адамдарды сууга чөмүлдүрүп жүрдү. Яхья да Салим айылынан көп алыс эмес Энондо чөмүлдүрүп жүрдү. (Анткени ал жерде суу көп болчу). Адамдар келишип, чөмүлдүрүлүп жатышты. Яхья али түрмөгө камала элек болчу.

Бир күнү Яхьянын шакирттери менен бир яхудейдин ортосунда адалдануу расмиси туурасында талаш чыгып кетти. Шакирттери Яхьяга келишип:

— Устат, Иорданда сиз менен бирге болгон киши да адамдарды сууга чөмүлдүрүп жүрөт. Бизге ал жөнүндө өзүңүз да айтып бергенсиз, — дешти. Яхья:

— Адамга асмандан бийлик берилбесе, өзү эч нерсени кабыл ала албайт. “Мен Машаяк эмесмин, тек гана Кудай мени андан мурда жиберген” дегениме өзүңөр күбөсүңөр. йлөнүп жаткан — бул күйөө, ал эми анын жанында туруп алып сөзүн тыңшап турган күйөө жолдош болсо досунун үнүн укканына кубанат. Азыр менин кубанычым ашып-ташып турат. Иса өсүп, мен пасайышым керек. Көктөн келген — баарынан улуу, ал эми жердеги болсо жердиктерге таандык, ошондуктан жердеги нерселер тууралуу кеп кылат. Көктөн келген баарынан улуу. Ал уккан-көргөн нерселери тууралуу сүйлөп жатса айткандарын эч ким кабыл албай жатат. Бирок ким кабыл алса, ушундай кылуусу менен Кудайдын акыйкат экенин ырастайт.

Ким Кудайдан келсе, ал Кудайдын сөзүн сүйлөйт, анткени Кудай ага Ыйык Рухту ченемсиз берет.

Кудай Ата өз Уулун абдан жакшы көрөт, ошондуктан баарын Уулунун колуна тапшырган. Кудай Уулуна ишенген ар ким түбөлүк өмүрлүү, ал эми ага баш ийбегендер өмүрдөн кур жалак калып, Кудайдын каарына кабылышат.

Иса жана самариялык келин
(4:1-26)

“Яхьяга караганда Иса көп адамдарды сууга чөмүлдүрүп, шакирттери көбөйүп жатыптыр” деген имиштин парызчылдарга жеткенин укканда Иса Яхудиядан чыгып, Галилеяга бет алды. (Бирок, чындыгында, адамдарды Иса өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүшчү.) Жолдо Самария аркылуу өтүү керек болуп, Сихарь шаарына келди. Жакып уулу Жусупка берген талаа ушул шаардын жанында жайгашкан. Талаада “Жакыптын кудугу” деген кудук бар эле. Иса жолдон чаалыгып, кудуктун жанына көчүк басты. Убакыт түшкө маал болуп калган. Аңгыча самариялык бир келин суу алганы келди. Иса андан:

— Суу сузуп берчи, — деп өтүндү. (Шакирттери болсо шаарга тамак-аш сатып келүү үчүн кетишкен.) Аял:

— Сиз яхудей болуп туруп, менден, самариялыктан, кандайча суу сурап жатасыз?* — деп жооп берди.

— Эгерде сен Кудайдын белеги менен “суу сузуп берчи” деп сурагандын ким экенин билсең, анда өзүң андан сурамаксың, ошондо ал сага мүрөк* суусун бермек.

— Мырза, сузуп аларга эч нерсеңиз жок экен, кудук болсо терең. Анан кайдан сиз мүрөктүн суусун алмакчысыз? Сиз эмне, өзү, балдары, малы суу ичкен жана мына бул кудукту бизге берген атабыз Жакыптан да чоңсузбу?

— Бул сууну ичкен ар ким, кайра суусайт, ал эми ким мен бере турган сууну ичсе, ал эч качан суусабайт. Мен берген суу анын ичинен түбөлүк өмүргө агуучу суунун булагы болуп калат.

— Мырза, эч качан суусабас үчүн жана бул жакка суу алганы келбес үчүн ошол суудан мага бериңизчи.

— Анда бар да, күйөөңдү чакырып кел.

— Менин күйөөм жок.

— Ооба, күйөөм жок деп чындыкты айттың, анткени мурда сенин беш күйөөң болгон, бирок азыркың күйөөң эмес. Сен чындыкты айттың.

— Оо мырза! Сиз пайгамбар экенсиз, муну мен көрүп турам! Биздин ата-бабаларыбыз Кудайга мына бул тоонун үстүндө ибадат кылышчу, бирок сиздер, яхудейлер, Иерусалимде ибадат кылыш керек дейсиздер.

— Мага ишенип кой, аял, адамдар Кудай Атага мына бул тоодо да, Иерусалимде да табынбай кала турган заман келе жатат. Силер, самариялыктар, кимге табынып жатканыңарды билбейсиңер, а биз, яхудейлер, билебиз, анткени куткарылуу биз аркылуу ишке ашат! Адамдар чын жүрөктөн, Ыйык Рухтун жетегинде Кудай Атага таат-ибадат кыла турган убакыт келе жатат, ал тургай келип да калды. Кудай Ата ушундай табынуучуларды издейт. Кудай — Рух, ошондуктан ага ибадат кылгандар чын жүрөктөн Ыйык Рухтун жетегинде табынышы керек.

— Мен Машаяктын келерин билем. Ал келгенде бизге баарын түшүндүрүп берет.

— Ошол — менмин, сени менен сүйлөшүп жатканмын, — деди ага Иса.

Оруу-жыюу маалы тууралуу ибарат
(4:27-38)

Ушул убакта шакирттер келишип, Исанын аял менен сүйлөшүп жатканына абдан таң калышты. Бирок эч кимиси аялга: “Сага эмне керек?” — деп, ал эми Исага: “Самариялык аял менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?” — дешкен жок.

Аял болсо баканын таштай сала шаарга жүгүрүп барып: “Жүргүлө, башыман өткөндүн баарын айтып берген адамды көрүп келгиле! Балким, биз күткөн Машаяк ошолдур?” — деп жар салды.

Сихардыктар сыртка чыгышып, Исага жөнөштү. Бул убакта шакирттер Исадан:

Устат, тамак жеп ал, — деп өтүнүп жатышкан эле. Иса аларга:

— Менде силер билбеген бир “тамак” бар, — деп жооп берди. Шакирттери бири-биринен: “Бирөө тамак апкелип бердиби?” — деп сурашты.

— “Менин тамагым, — деди Иса, — мени жибергендин каалоосуна баш ийүү жана анын ишин аткаруу. Силер: “оруу-жыюу дагы төрт айдан кийин башталат” дейсиңер, а мен айтам: “көзүңөрдү ачып, жакшылап талааларды карагылачы, эгин кандай агарып, орууга дапдаяр болуп бышып калды”. Оргондор акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн жемиш чогултуп жатышат. Ошентип, сепкен да, оргон да чогуу кубанышат. “Бири себет, экинчиси жыйнап алат” деген сөз чын. Мен силерди силер сээп эмгектенбеген талаадагы түшүмдү орууга жибердим. Анда башкалар иштеп, мээнет кылышкан, а силер болсо алардын мээнетинин пайдасын көрүп жатасыңар.

Аялдын күбөлүгү
(4:39-42)

Көптөгөн сихардыктар аялдын: “баштан өткөргөнүмдүн баарын айтып берди” деген сөзүнөн Исага ишенип калышты. Ошондуктан самариялыктар Исага келишип, конокко чакырышты. Иса алардын шаарында эки күн турду. Эки күндүн ичинде дагы көптөгөн адамдар Исанын сөзүнөн ишенимге келишип, жанагы келинге: “эми биз сенин сөзүңдөн улам эмес, Исанын өз оозунан угуп ишенип, чынында эле бул дүйнөнүн куткаруучусу ошол экенин билдик”, — дешти.

Пайгамбар өз мекенинде сыйлуу болбойт
(4:43-45)

Эки күн өткөндө Иса Самариядан чыгып, Галилеяга жөнөдү. “Пайгамбардын өз мекенинде кадыры болбойт” деп өзү айткандай Галилеяга келгенде алар жылуу тосуп алышты. Бир чети галилеялыктар да Курбан айтка Иерусалимге барып, Исанын кылган бардык укмуштарын көрүшкөн. Ошентип Иса сууну шарапка айланткан Галилеядагы Канага кайра келди.

Падыша кызматчысынын баласынын айыктырылышы
(4:46-54)

Капернаумда уулу ооруп жаткан бир падыша кызматчысы жашачу. Ал Исанын Галилеядан келгенин угуп, алдына барып: “Балам өлүм алдында жатат, үйгө келип, айыктырып бериңиз” деп өтүндү.

— Укмуштар менен кереметтерди көрмөйүн эч кимиңиздер мага ишенбейсиздер, — деди Иса ага. Кызматчы:

— Таксыр, уулум өлүп кала элегинде келиңизчи! — деп жалбарды. Ошондо Иса:

— Бара бериңиз, балаңыз айыгат! — деди. Ал Исага ишенип, үйүнө жөнөдү. Алдынан кулдары тосуп чыгышып:

— Уулуңуз айыгып кетти, — деп сүйүнчүлөштү. Кызматчы:

— Саат канчада оорусу жеңилдеди? — деди. Кулдары:

— Кечээ саат жетиде ысыгы кайтты, — деп жооп берди.

Кызматчы бул убакыттын Иса ага: “балаңыз айыгат” деген саат экенин билди. Ошондо ал бүт үй-бүлөсү менен Исага ишенди.

Бул Исанын экинчи укмуштуу иши болду. Муну ал Яхудиядан Галилеяга кайтып келгенде жасады.

Шал ооруулуунун айыгышы
(5:1-9)

Ушундан cоң яхудейлердин майрамы болуп, Иса Иерусалимге келди. Иерусалимдин “Кой дарбазасы” деп аталган дарбазасынын жанында, койлорду жуутка сала турган көлмө бар эле. (Ал көлмө еврейче Бетезда деп аталат.) Көлмөнүн айланасында үстү жабык беш бастырма жайгашкан. Ошолордун ичинде суунун толкуусун күтүп, оорулуулар, сокурлар, чолоктор, шал болуп ооругандар жана башка көптөгөн ноокастар жатышчу. Анткени Теңирдин периштеси мезгил-мезгили менен көлмөгө түшүп, сууну толкутуп турчу экен. Ошондо ким биринчи болуп сууга кирсе, кандай гана оорууга чалдыкпасын, айыгып кетчү. Ушул жерде отуз сегиз жыл бою ооруп, төшөктө жаткан адам бар эле. Иса аны көрүп, көптөн бери жатканын түшүндү.

— Сакайгың келеби? — деди ага Иса. Тиги киши:

— Ооба таксыр, бирок суу толкуганда мени алып түшөөр адам жок. Эптеп жеткиче эле башка бирөө озунуп түшүп алат, — деп жооп берди. Ошондо Иса:

— Тур, төшөгүңдү көтөр да бас! — деди. Тигил адам ошол замат айыгып, төшөгүн колуна көтөрүп, басып кетти.

Ишемби күнү
(5:9-18)

Бул иш ишемби күнү болгон эле. Ошондуктан яхудейлер айыккан кишиге:

— Бүгүн ишемби, сен төшөгүңдү көтөрбөшүң керек! — дешти.

— Мени айыктырган киши “төшөгүңдү көтөр да бас!” деди.

— Сага “төшөгүңдү көтөр да бас” деген ким ошол?

Иса ошол жерде турган элдин арасына сиңип кеткендиктен айыккан адам аны жакшы тааныбай калган. Кийин Иса аны ыйбадатканадан көрүп:

— Мына, эми айыктың, баштагыдан да оор ахвалга туш болбоо үчүн мындан ары күнөө кылба! — деди. Айыккан киши болсо барып, аны айыктырган кишинин Иса экенин яхудейлерге жарыя кылды. Ошондо яхудейлер Исаны куугунтукка ала башташты. Мындай ишти ишемби күнү кылгандыгы үчүн өлтүрүүнүн амалын издешти. Иса аларга:

— Атам ушуга чейин тынбай эмгектенип келүүдө, ошондуктан мен да тынбайм, — деди.

Яхудейлер Исанын ишемби күндүн эрежесин гана бузуп тим болбостон, өзүн Кудайга теңеп, Кудайды Атам дегени үчүн мурдагыдан да катуу ачууланышып, тезирээк өлтүрүүнүн жолун издешти.

Кудай Уулу берүүчү өмүр
(5:16-30)

Ошондо Иса мындай деди:

— Мен силерге чындыкты ачык айтып коеюн: эмгектенип жаткан Атасын көрбөсө, Уулу өз алдынча эч нерсе жасай албайт, анткени Атасы эмне иш жасаса, Уулу да ошону жасайт. Себеби Атасы Уулун сүйөт жана ага өзү жасаган иштеринин баарын көргөзүп берүүдө. Келечекте мындан да улуу иштерди көрсөтөт, ошондо силер таң каласыңар. Анткени өлүктөрдү тирилтип, жан салган Атасы сыяктуу Уулу да каалаганына жан салат. Атам өзү эч кимди соттобойт, бирок бүт адамдар мени Атамдын өзүн урматтагандай урматтасын үчүн бардык сотту мага өткөрүп берген. Мени урматтабаган адам, мени жиберген Атамы да урматтабайт. Силерге өтө маанилүү чындыкты айтып коеюн: менин сөзүмө баш ийип, мени жибергенге ишенген адам түбөлүк өмүрлүү болот жана кыяматта сотко тартылбайт. Ал адам өлүмдөн өмүргө өтүп кеткен адам. Силерге чындыкты

айтып жатам: өлүктөр Кудай Уулунун үнүн угуп, тириле турган мезгил келе жатат, ал тургай келип калды. Өзү өмүр бере турган кайнар булак болгон сыяктуу Атам мени да ошондой булак кылды. Ошондой эле мага сот жүргүзүү бийлигин да берди. Анткени мен — Адам Уулумун. Бул сөзүмө таң калбагыла, анткени көрдө жаткандар Кудай Уулунун үнүн угуша турган убакыт келе жатат, ошондо жакшылык кылгандар чыныгы өмүргө кирүү үчүн, ал эми жамандык кылгандар болсо соттолуу үчүн кайра тирилишет. Мен өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Атам кандай десе, ошондой соттойм. Менин сотум адилеттүү, анткени мен өзүмдүкүн эмес, мени жөнөткөн Атамдын каалоосун издейм.

Исанын күбөлөрү
(5:31-47)

Эгер мен өзүм тууралуу өзүм гана күбөлүк берип жаткан болсом, анда менин күбөлүгүм акыйкатка жатмак эмес. Бирок мен жөнүндө күбөлүк берип жүргөн дагы Бирөө бар. Мен анын күбөлүгүнүн акыйкат экенин билем.

Ырас, силер Яхьяга киши жиберип, анын мен тууралуу берген акыйкаттуу күбөлүгүн уктуңар. Мен пенденин күбөлүгүнө муктаж болбосом да муну силердин куткарылып калууңар үчүн айтып жатам: Яхья жаркырап жанып, нурун чачкан шам болчу. Силер болсо анын нурунда убактылуу гана шаттангыңар келди. А менин күбөлүгүм аныкынан күчтүү. Азыр жасап жаткан иштеримди Атам мага аягына чык деп берген. Ушул иштерим — мени Атам жибергендигине күбө. Ошондой эле мени жиберген Атамдын өзү да мен жөнүндө күбөлүк берген. Бирок силер эч качан анын үнүн да уккан эмессиңер, жүзүн да көргөн эмессиңер, сөзүн да дилиңерге жазган эмессиңер. Ошол себептен силер анын жибергени — мага ишенбейсиңер.

Ырас, силер Ыйык Жазмаларды казып, ошолор аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар, бирок алардын мен жөнүндө күбөлүк бергендигин билбейсиңер. Чыныгы өмүргө ээ болуу үчүн мага келгиңер келбейт. Мен урмат-сыйды адамдардан күтпөйм, анткени силердин ичиңерде Кудайга болгон сүйүүнүн жок экенин билем. Атамдын атынан келсем да кабыл албай жатасыңар, а бирок башка бирөө өзүнүн атынан келгенде, аны кабыл аласыңар. Бири-бириңерден урмат-сыйды кабыл алып, бирок жалгыз Кудайдан гана боло турган чыныгы урмат-сыйды издебесеңер, кантип менин Кудайдан келгендигиме ишене аласыңар?

Мен силерди Атамдын алдында айыптайт деп ойлобогула, силерди айыптай турган башка бирөө бар. Ал өзүңөр таянып, үмүт арткан Муса. Эгерде силер Мусага чындап эле ишенсеңер, анда мага да ишенет элеңер, себеби анын жазгандары мен жөнүндө. Эгерде анын жазгандарына ишенбесеңер, анда кантип менин айткандарыма ишенесиңер?

Беш нан жана эки балык менен миң кишинин тоюшу
(6:1-15)

Ушундан соң Иса Галилея деңизинин (б.а. Тиберия деңизи) аркы өйүзүнө өттү. Исанын ооруларды укмуштуудай жол менен айыктырганын көрүшкөн калың эл аны ээрчип, кошо жөнөдү.

Иса дөбөгө чыгып, аркасынан кошо чыккан шакирттери менен сүйлөшүп отурду. Яхудейлердин курман айт деген диний майрамы жакындап калган убак эле. Иса ылдый көз чаптырып, келе жаткан калың элди көрдү. Анан Филипке кайрылып:

— Булардын баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алышыбыз керек? — деди. Иса эмне кылыш керек экенин өзү билип турса да Филипти сынаш үчүн ушундай деген эле.

— Эки жүз динарийге нан сатып ала турган болсок да булардын ар бирине бир сындырымдан тийбей калат, — деп жооп берди ага Филип. Шакирттеринин бири, Ысман Петростун иниси Идрис Исага:

— Бул жерде бир бала жүрөт, анын беш арпа наны менен эки балыгы бар экен... А бирок мынчалык көпчүлүккө алар жук болмок беле? — деди.

— Элди жайгаштыргыла! — деди Иса. Беш миңге жакын адам ошол жердеги көкчүмөлгө жамбаштап жатып калышты. Иса нандарды алып, Кудайга ыраазычылык айтты да шакирттерине бөлүп берди. Шакирттери элге таратышты. Балыктан да каалагандарынча таратып беришти.

Эл тойгондо, Иса шакирттерине:

— Ысырап кылбастан калган нанды чогултуп алгыла! — деди. Чогултушканда беш арпа нандан он эки себет толо артып калды. Ошондо Иса жасаган ажайыпты көргөн адамдар:

— Дүйнөгө келүүгө тийиш болгон Пайгамбар нак ушул, — дешти. Ушундай деп, ошол замат өздөрүнө падыша кылып шайлап алууга ниеттеништи. Алардын бул оюн туйган Иса кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калды.

Деңиз үстүнөн баскан караан
(6:16-22)

Кеч киргенде шакирттери деңизге түшүп келишти да кайыкка отурушуп, деңиздин аркы жагына, Капернаумга сүзүп жөнөштү. Караңгы кирип бараткан. Иса болсо кечигип, келбей жатты. Аңгыча бороон башталып, деңиз толкундады. Жээктен беш-алты чакырым узашканда деңиздин үстү менен кайык тарапты карай келаткан караанды көрүп, жүрөктөрү түшүп калды. Иса: “Бул мен, коркпогула!” — деди. Исаны кайыкка түшүрүп алайын дешкенде кайык дароо сүзүп бара жаткан жээкке жетип калды.

Исаны издеген эл
(
6:22-59)

Кийинки күнү деңиздин чыгыш жээгинде калган эл Исанын шакирттери түшкөн жалгыз кайыктан башка кайык жок экенин көрүштү. Исанын шакирттери менен бирге кайыкка түшпөгөнүн, шакирттери өздөрү эле сүзүп кеткенин эстешти. Ушул убакта Теңирдин батасынан кийин нан жеген жерге Тибериядан дагы башка кайыктар сүзүп келишти. Иса менен шакирттеринин бул жакта жок экенин көргөн эл кайыктарга түшүп, Исаны издеп, Капернаумга сүзүп жөнөштү. Исаны деңиздин аркы жагынан табышкан алар:

— Устат, бул жакка качан келдиңиз? — дешти.

— Силерге ачуу чындыкты айтам, — деди аларга Иса, — силер мени укмуштарды көргөндүгүңөрдөн эмес, курсагыңар тойгондугунан издеп жүрөсүңөр. Чирий турган тамакка умтулбастан, түбөлүк өмүр бере турган тамакка умтулбайсыңарбы! Ал тамакты Адам Уулу берет, анткени Кудай Ата ага өзүнүн мөөрүн басып, ушундай кылууга бийлик берген.

— Кудай бизден кандай иштерин кылуубузду күтөт?

— Анын Жибергенине ишенгиле, Кудайдын иши ушул!

— Сиз кандай укмуш жасай аласыз, биз көрүп анан ишенели? Эмне кыла аласыз? Мисалы, Ыйык Жазмаларда “ал аларга нанды көктөн түшүрүп берди” деп жазылгандай, биздин ата-бабаларыбыз чөлдө нан жешкен.

— Силерге бир чындыкты айтып коеюн: силерге Муса эмес, менин атам чыныгы нанды көктөн берип келүүдө. Анткени Кудай берген нан деп көктөн түшүп, бул дүйнөгө Өмүр Берүүчүнү түшүнүш керек.

Ошондо эл:

— Таксыр, бизге дайыма ошондой нандан берип турсаңыз, — дешти.

— Мен — өмүр нанымын. Мага келген адам ач калбайт. Мага ишенген эч качан чаңкабайт. Бирок, мен силерге мурда айткандай: “мени көрдүңөр, бирок ишенбейсиңер”. Атамдын берген кишилеринин баары мага келет. А мен болсом келген адамды кубалайбам, анткени көктөн өзүмүн эмес, мени жиберген Атамдын каалоосун аткаруу үчүн түштүм. Мени Жибергендин каалоосу болсо — мага берген адамдарынын эч кимисин жоготпой, баарын акыркы күнү кайра тирилтүүм. Анткени мени жиберген Атамдын каалоосу — азыр анын Уулун көрүп, айткандарына ишенгендердин баарынын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аларды акыр заманда кайра тирилтем.

Исанын “Мен — көктөн түшкөн нанмын” дегенине яхудейлер нааразы болушуп, күңкүлдөй башташты:

— Эй, бул жанагы эле Жусуптун баласы Иса эмеспи? Ата-энесин биз тааныйбыз го! Анан кандайча “мен көктөн түштүм” дейт?

— Күңкүлдөбөгүлө, — деди аларга Иса, — эгерде мени жиберген Атам тартпаса эч ким мага келе албайт. Мага келген адамды акыркы күнү тирилтип алам. Бир пайгамбардын китебинде: “Кудай алардын баарына таалим берет” деп жазылган. Атамды угуп, андан таалим алган ар ким мага келет. Көктөн түшкөн менден башка эч ким Кудай Атаны көргөн эмес. Аны бир гана мен көргөм. Силерге чындыкты айтып жатам: мага ишенген адам түбөлүк өмүрлүү. Мен — өмүр нанымын. Силердин аталарыңар чөлдө гүлазык жешкен, бирок кийин өлүшкөн. Ал эми көктөн түшкөн нанды жеген болсо өлбөйт. Көктөн түшкөн нан ушундай. Көктөн түшкөн тирүү нан — менмин. Мени “жеген” түбөлүк өмүр сүрөт. Мен берчү нан — бул менин денем, мен аны бул дүйнөнүн куткарылышы үчүн берем.

Муну угуп турушкан яхудейлер:

— Кантип бул бизге жегенге өз денесин бере алат? — деп өз ара күңкүлдөй башташты. Иса аларга:

— Силерге мен бир чындыкты айтып коеюн: эгерде силер Адам Уулунун денесин “жебей”, канын “ичпей” турган болсоңор, анда өмүрлүү болбойсуңар. Менин денемди жеп, канымды “ичкен” түбөлүк өмүрлүү болот жана мен аны акыркы күнү кайра тирилтем. Чыныгы тамак — бул менин денем, ал эми чыныгы ичимдик — менин каным. Менин денемди жеп, канымды ичкен адам мени менен жакын мамиледе болуп турат, а мен болсом аны менен жакын мамиледе болом. Мени түбөлүк тирүү Атам жөнөттү. Мен Атам аркылуу өмүр сүрөм. Ошонун сыңарындай мени жеген да мен аркылуу өмүр сүрө турган болот. Мына, көктөн түшкөн нан ушундай. Силердин аталарыңар манна жешкен жана каза болушкан. Ал эми бул нан андай эмес, бул нанды жеген түбөлүк өмүр сүрөт.

Иса бул сөздөрдү Капернаумдагы синагогада айтты.

Тирүү сөздөр
(6:6
0-71)

Исанын бул сөзүн укканда көптөгөн шакирттери нааразы болушту:

— Кызыктай сүйлөп салды! Ким муну уга алат? — дешти.

Иса шакирттеринин нааразычылыгын туюп:

— Ушул сөздөрүм силерди айнытып жатабы? Анда Адам Уулунун келген жагына көтөрүлүп баратканын көргөндө эмне болосуңар? Өмүрдү Рух берет, пенденин колунан эч нерсе келбейт. Менин силерге айтып жаткан сөздөрүмдүн маңызы — рух жана өмүр. Бирок араңарда кай бирөөлөрүңөр ишенбейсиңер, — деди. (Иса кимдердин ишенбегенин жана кимдин чыккынчылык кыларын башынан эле билчү.) Дагы мындай деп кошумчалады:

— Ушундан улам силерге: “эгерде адамды Атам тартпаса эч ким мага келе албайт” деген элем.

Ушул убактан тартып шакирттеринин көбү Исадан четтеп, жанында жүрбөй калышты. Ошондо Иса “он экиге” кайрылып:

— Силердин да кеткиңер келген жокпу? — деди. Ысман Петрос:

— Таксыр, сенден кетип кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берчү сөздөрү сенде. Сенин Машаяк — тирүү Кудайдын Уулу экениңе ишенип, көзүбүз жетти, — деп жооп берди. Иса:

— Мен силерди он эки кылып тандап албадым беле, ыраспы? Бирок араңардагы бирөө — шайтан! — деди. Иса Жүйүт жөнүндө айткан болчу. Анткени ал “он экинин” бири болгону менен кийин Исаны сатып кеткен.

Иса жана анын инилери
(7:1-9)

Ушундан кийин Иса Яхудияга барбай Галилея аймагында жүрдү, анткени яхудейлер аны өлтүрүү амалын издеп калышкан. Яхудейлердин “чөп алачык” аталган майрамы жакындап келаткан. Бир күнү инилери:

— Яхудияга барбайсыңбы! Ошол жактагы шакирттериң да укмуштарыңды көрүшсүн. Эл көзүнө түшкүсү келген киши иштерин көмүскөдө кылбайт. Ушунчалык иштерди кылып жатасың, өзүңдү дүйнөгө тааныт! — дешти. (Исага өзүнүн бир туугандары ишенишчү эмес.)

— Менин саатым али чыга элек, — деди Иса аларга жооп берип, — а силер үчүн убакыт дайым даяр. Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, а мени жек көрөт. Себеп дегенде мен анын иштеринин жаман экенин ашкерелеп жатам. Силер майрамга бара бергиле, мен азыр барбайм, анткени менин убактым али келе элек.

Ушундай деп Иса Галилеяда калып калды.

Иса чөп алачык майрамында
(7:10-24)

Иса майрамга инилеринин артынан, эл көзүнөн далдаа келди. Майрам болуп жатканда яхудейлер “кайда жүрөт ал?” дешип, Исаны издешти. Иса тууралуу эл арасында ар кандай күбүр-шыбырлар жүрүп жатты. Бир даары “жакшы киши” дешсе, бир даары “элдин башын айланткан неме” дешти. Кантсе да яхудей башчыларынан коркуп, эч кимиси оюн эл алдында ачык айтышпады.

Майрам ортолоп калганда Иса ибадатканага кирип, сөз сүйлөдү. Сөзүн уккан яхудейлер:

— Бул эч жерден окубай туруп, Ыйык Жазмаларды кайдан билип алган? — деп, таң калышты.

— Сөздөрүм өзүмдүкү эмес, мени Жөнөткөндүкү, — деди аларга Иса, — Кудайдын каалоосун аткаргысы келген адам бул сөздөрүмдүн — Кудайданбы, же өзүмөн чыгарып айтып

жатамбы, — билип алат. Ким өзүнүн атынан сүйлөсө, ал өзүнө атак издейт, ал эми ким аны жөнөткөндүн даңкын издесе, анда анын сүйлөгөнү акыйкат жана анда адилетсиздик жок. Муса силерге Мыйзамды бербеди беле? Бирок эч кимиңер Мыйзамды сактабайсыңар. Андай болбосо эмне үчүн мени өлтүрөбүз деп жатасыңар? Эл ага:

— Сага жин тийген жокпу? Ким сени өлтүрөм деп жатат? — деди.

Иса сөзүн улантты:

— Ишемби күнү бир керемет иш кылып койсом, баарыңар таң калып жатасыңар. Муса балдарыңарды сүннөткө олтургузууну буюрган (бирок, чынында муну Муса эмес, андан мурунку ата-бабалары баштаган), ошондуктан балдарыңарды олтургузганда ишембиге карабайсыңар. Эгерде силерге Мусанын Мыйзамы бузулбоосу үчүн баланы ишембиде сүннөткө олтургузганга мүмкүн болсо, анда эмне үчүн ишембиде адамды толук бойдон айыктырып койгонум үчүн мага кыжырланып жатасыңар? Сыртына гана көңүл бура бербей, калыс карап, туура чечим чыгаргыла! — деди.

Машаяк ушулбу?
(7:25-36)

Ошондо иерусалимдиктерден бирөө:

— Өлтүрөбүз деп издеп жүрүшкөн киши го мынабу? Мына, ачык эле эл алдына чыгып, сүйлөп жатат, эч ким эч нерсе деген жок. Же, чындап эле башчыларыбыз да анын Машаяк экенине ишенип калыштыбы? Бирок биз анын кайдан келгенин, кай жерлик экенин билебиз да. Машаяк келгенде болсо, анын кайдан келгенин эч ким билбей калат эмеспи, — деди. Ошондо Иса ибадатканада үнүн катуу чыгарып:

— Ырас, силер мени тааныйсыңар жана кай жерлик экенимди да билесиңер. Мен өзүмдөн өзүм келип калган жокмун, мени Акыйкат жиберди, силер болсо аны тааныбайсыңар. А мен тааныйм, анткени мен ошондон келдим. Мени жиберген ошол, — деди.

Ошондо яхудейлер Исага кол салгысы келишти, бирок даай алышпады, анткени Исанын сааты али чыга элек болчу. Эл арасынан көп адамдар:

— Машаяк келгенде бу кишиден артык укмуш иштерди кылмак беле, — деп ага ишеништи. Мындай күбүр-шыбырлар парызчылдардын кулагына жетти. Ошондо алар диний жетекчилер менен бирге кеңешип, Исаны кармап келүүгө адамдарын жиберишти. Аларга Иса:

— Араңарда дагы бир аз болом, анан мени Жөнөткөнгө кетем, силер мени издеп, таппайсыңар, мен кеткен жакка келе албайсыңар, — деди.

Ошондо яхудейлер бири-бирине карап: “Биз таппай калгыдай кай жакка кетем деп жатат бул?

Башка элдердин арасына тарап кеткен яхудейлерге барып, таалим берем дегениби? Издеп, таппайсыңар, мен кеткен жакка келе албайсыңар дегенин кандай түшүнсө болот?” — дешти.

Мүрөктүн суусу
(7:37-53)

Майрамдын акыркы жана эң салтанаттуу күнү Иса эл алдына чыгып, катуу үн менен:

— Ким чаңкаса, мага келип ичсин! Ыйык Жазмаларда айтылгандай: мага ишенгендин ичинен мүрөктүн суусу шаркырап агат! — деди. Исанын бул сөзүнүн төркүнү кийинчерээк ага ишенгендер кабыл ала турган Ыйык Рухта жаткан эле. Анткени Иса азырынча жогору көтөрүлүп, улуулукка бөлөнө элек болгондуктан аларга Ыйык Рух бериле элек болчу. Исанын бул сөзүн уккан көп адамдар: “Бул киши чындап эле пайгамбар!” — дешти. “Бул Машаяктын өзү!” — дегендер да болушту. “Машаяк Галилеядан чыкмак беле? Ыйык Жазмаларда “ал Дауддун уругунан төрөлөт, анын шаары — Бетлеемден чыгат”, деп жазылып турбайбы,” — дешти кээ бирөөлөр. Ошентип эл ичинде Иса тууралуу ар кандай карама-каршы пикирлер болду. Кээ бир адамдар Исаны кармаганга ниеттеништи, бирок батынышпады. Акыры баягы диний жетекчилерден келгендер кайра кайтып барышты.

— Эмне үчүн аны кармап бул жакка алып келген жоксуңар? —дешти жетекчилер булардан.

— А кишидей сүйлөгөн кишини ушул убакка чейин көргөн эмеспиз, — деп жооп беришти жиберилгендер.

— Силер да азгырылып кеткен жоксуңарбы? Жетекчилер менен парызчылдардын арасынан ага ишенген бирөө-жарым барбы? Жок! А бул эл Мыйзамды билбей каргышка калган эл! — дешти аларга парызчылдар. Ошол жерде турган Никодим мындай деди:

— Алгач угуп чыкпай, кылган ишин тактап териштирбей туруп, адамды айыптаганга Мыйзам жол бербейт. (Мурда түн жамынып Исага келип кеткен Никодим ушул.) Парызчылдар:

— Сен да галилеялык эмессиңби деги? Ыйык Жазмаларды жакшылап оку, ошондо Галилеядан пайгамбар чыкпай турганын көрөсүң, — дешти.

Ушундан соң баары үй-үйлөрүнө тарашты.

Сот жана ырайым
(8:1-11)

Иса болсо Май Дарактуу Тоо деп аталган дөбөдө түнөп, эртеси кайрадан ийбадатканага түшүп келди. Көптөгөн адамдар ага келип жатты. Иса олтуруп алып, таалим берди. Ошол кезде уламалар менен парызчылдар бузуктук кылып жаткан жеринен кармалган аялды Исанын алдына желкеден алып,

сүйрөп келишти да ортого салышты.

— Устат, — дешти алар Исага, — бул аял бузуктук кылып жаткан жеринен кармалды. Муса Мыйзамда мындайларды ташбараңга алыш керек деп жазып кеткен. Буга сиз кандай дейсиз?

(Исаны сынап, бир кынтык таап айыпка жыгыш максатында ушундай суроону беришти.) Иса болсо башын жерге салып, аларга көңүл бурбай, жер чийгилеп отура берди. Тигилер улам-улам демитип сурай беришкенде башын көтөрүп:

— Кимиңерде күнөө жок болсо, ошол биринчи таш ыргытсын! — деди да кайрадан башын салып жерди чукулаганын улантты. Мындай жоопту укканда тигилердин улуулары кете башташты, алардын аркасынан кичүүлөрү да тарап кетишти. Акырында Исанын жанында ортодо турган аял гана калды. Ошондо Иса башын көтөрүп, аялдан башка эч кимдин калбай калганын көрүп:

— Аял, айыптоочуларың кана? Эч кимиси сени соттогон жокпу? — деди. Аял:

— О таксырым, эч кимиси! — деди. Ошондо Иса:

— Мен да соттобойм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба! — деди.

Иса — бул караңгы дүйнөгө жарык чачуучу Нур
(8:12-19)

Бир жолу, Иса эл алдында таалим берип жатканда мындай деген сөздөрдү айтты:

— Мен бул дүйнөнүн нурумун. Мени ээрчиген адам караңгыда жүрө бербестен өмүр нуруна ээ болот. Ошондо парызчылдар:

— Сен өзүң жөнүндө өзүң күбөлүк берип жатасың, мунуң жарабайт! — дешти. Иса:

— Эгерде мен өзүм жөнүндө күбөлүк берсем да күбөлүгүм акыйкат, анткени мен кайдан келгенимди жана кайда бара жатканымды билем, а силер болсо менин кайдан экенимди жана кайда бара жатканымды билбейсиңер. Силер пенделик көз караш менен чечим чыгарып, соттоп жатасыңар, а мен эч кимди соттогон жерим жок. Соттосом да сотум акыйкат болмок, анткени мен жалгыз эмесмин. Мени жиберген Атам менен биргемин. “Эки адамдын күбөлүгү акыйкат” деп Мыйзамыңарда да жазылган го. Мен жөнүндө өзүм жана мени жиберген Атам күбөлөндүрүп жатат, — деп жооп берди. Ошондо тигилер:

— Кана сенин атаң? — дешти. Иса:

— Силер мени да, Атамды да тааныбайсыңар. Эгерде мени тааныган болсоңор, анда Атамды да таанымаксыңар, — деп жооп берди.

Исанын келген жана кайта бара турган жайы
(8:20-29)

Иса бул сөздөрдү ибадаткананын ичинде, акча салган сандыктын жанында айтып жатса да эч ким аны кармап кеткен жок, анткени анын сааты али чыга элек эле. Иса дагы мындай деди:

— Мен кетем, а силер мени издейсиңер жана күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр. Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар. Ошондо тигилер:

— Бул эмне, өзүн өзү өлтүрөйүн деп калганбы?“Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар” дегени эмнеси? — дешти.

— Силер жердиксиңер, а мен Көктөнмүн. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, а мен болсом бул дүйнөдөн эмесмин. Ошондуктан силерге “күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр” дедим. Эгерде силер мен өзүмдү ким деп эсептеп жатсам — ошол экениме ишенбей койсоңор, анда чын эле күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр.

— А кимсиң сен?

— Башында силерге киммин десем, так ошонун өзүмүн! Силерди айыптоо үчүн сөзүм көп, бирок мени жиберген адилеттүү, мен ошондон уккандарымды бул дүйнөгө айтып жатам.

Иса Атасы тууралуу айтып жатканын тигилер түшүнүшкөн жок. Ошондо Иса аларга:

— Адам Уулун өйдө көтөргөнүңөрдө, ошондо, мен азыр өзүмдү ким деп жатсам, так ошонун өзү экенимди жана өзүмдөн эч нерсени кылбасымды, Атамдын сөзүн гана айтканымды түшүнөсүңөр. Мени Жиберген жанымда. Атам мени жалгыз калтырган жок, анткени мен дайыма анын көңүлүңдөгүсүн жасайм, — деди.

Чыныгы эркиндик
(8:30-59)

Иса ушундай деп сүйлөп жатканда көп адамдар ага ишеништи. Иса ишенип калган яхудейлерге:

— Эгер менин айткандарымды аткарып жашасаңар, анда силер менин чыныгы шакирттерим болосуңар жана чындыкты таанып- билесиңер, ошол чындык силерди эркиндикке чыгарат, — деди. Эркиндикке чыгасыңар дегенди укканда яхудейлер:

— Биз Ибрайымдын тукумубуз, эч качан эч кимге кул болгон эмеспиз. “Эркиндикке чыгасыңар” дегениң эмнең? — дешти.

— Силерге чындыкты айтып жатам: ким кандай күнөө кылса, ал ошол күнөөнүн кулу. Ал эми үйдө кул эмес, уул түбөлүк жашайт, ошондуктан, эгер силерди Кудай Уулу бошотсо, анда чындап эркин болосуңар. Ибрайымдын уругу экениңерди билем, а бирок мени өлтүрөбүз деп жатасыңар, анткени көкүрөгүңөрдө менин сөзүмө жай жок. Мен Атамдан көргөнүмдү айтып жатам, а силер болсо өзүңөрдүн атаңардан көргөнүңөрдү кылып жатасыңар.

— Эй, оозуңа кара, биздин атабыз — Ибрайым.

— Эгерде силер Ибрайымдын балдары болсоңор, анда анын кылган иштерин кылат элеңер. Бирок силер азыр Кудайдан уккан чындыкты айткан мени өлтүрүү жолун издеп жүрөсүңөр, а Ибрайым мындай кылган эмес. Силер өзүңөрдүң атаңардын кылган иштерин жасап жатасыңар.

— Биз аягы суюктуктун натыйжасында төрөлгөн балдардан эмеспиз. Биздин бир гана Атабыз бар, ал — Кудай.

— Эгер силердин Атаңар Кудай болсо, анда мени жакшы көрмөксүңөр, анткени мен Кудайдан келдим. Мен өзүмдөн өзүм келген жокмун, мени Кудай жиберди. Эмне үчүн айткан сөзүмдүн маанисине түшүнбөй жаткасыңар? Себеби силер аны уга албайсыңар. Силердин атаңар — иблис. Ошол атаңардын күнөөлүү каалоолорун аткаргыңар келет. Ал болсо башынан эле канкор болчу, ошондуктан акыйкат менен бирге боло албады, анткени анда акыйкат жок. Ал калп айтып атканда, калп ага өз эне тилинде сүйлөгөндөй жарашып калат, себеби ал калпычы жана бардык калптын атасы. А мага ишенбегендигиңердин себеби — менин чындыкты айтып жаткандыгымдан. Кана, кимиңер “сен күнөө кылдың!” деп бетиме айта аласыңар? А эгер айта албасаңар, менин чындыкты айтып жатканымды билсеңер, анда неге мага ишенбейсиңерө Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөзүн угат. Силер Кудайдан болбогондугуңардан улам укпай жатасыңар!

— “Сен самариялыксың, ичиңде жин бар” — дегенибиз чын экен.

— Менин ичимде жин жок! Мен Атамды урматтайм, а силер болсо менин кадырымды жерге тепселеп жатасыңар. Бирок мен өзүмө даңк издеп жүргөн жерим жок. Издөөчү жана Соттоочу башка. Силерге чындыкты айтып жатам: менин сөзүмдү сактаган адам эч качан өлүм бетин көрбөйт.

— Эми так билдик, сенин ичиңде чындап эле жин бар экен. Ибрайым да, башка пайгамбарлар да өлгөн, а сен болсо “сөзүмдү сактаган эч качан өлүм бетин көрбөйт” дейсиң. Эмне, сен ыраматылык атабыз Ибрайымдан да чоңсуңбу? Керек болсо сен эмес улуу пайгамбарлар да өлүшкөн. Өзүңдү кимге теңеп жатасың?

— Эгерде мен өзүмө даңк издеп жаткан болсом, анда менин даңкым эч нерсеге арзыбаган даңк. Менин даңкымды силер “Кудайыбыз” деп атаган Атам чыгарып жатат. А силер аны таанып-билген эмессиңер, а мен билем. Эгерде тааныбайм десем, анда силерге окшогон жалганчы болмокмун. Бирок мен аны тааныйм жана сөздөрүн сактап жүрөм. Силердин түп атаңар Ибрайым да менин күнүмдү көргөнгө куштар эле. Ал көрүп, курсант болду.

— Эй, сен элүүгө чыкпай атып, Ибрайымды көргөм дегениң кандай?

— Силерге чындыкты айтып жатам: Мен Ибрайымдан мурда эле бар болгом. Ошондо Исаны ташбараңга алып өлтүрүү үчүн колдоруна таш алышты, бирок Иса аларды аралап өтүп, ибадатканадан чыкты да көздөн далдаа болду.

Тубаса сокурдун сакайышы
(9:1-12)

Иса бара жатып, бир сокур адамды көрдү. Бу киши тубаса сокур эле.

— Устат, өзүнүн күнөөсүнөн улам сокур болуп төрөлгөнбү же ата-энесинин күнөөсүнөнбү? — деп шакирттери ага суроо беришти.

— Өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсүнөн эмес, — деди Иса аларга жооп берип, — ал аркылуу Кудайдын керемет иши көрүнсүн үчүн ушундай болгон. Күн тийип турганда мени Жибергендин иштерин кылууга тийишмин, эч кандай иш кылууга болбой кала турган караңгы түн келет. Мен бул дүйнөдө экенимде, бул дүйнөнүн нурумун.

Иса ушундай деп, жерге түкүрдү да түкүрүгүнөн ылай жасап, сокурдун көзүнө сүйкөдү. Анан ага:

— Силоам көлмөсүнө барып, жуунуп кел! — деди.(Силоам деген сөз Жиберилген дегенди билдирет). Сокур барып жуунду да көзү көрүп кайтты. Ошондо кошуналары менен анын мурда сокур болгонун көргөндөр: “Баягы кайыр сурап отурган киши го бул?” — дешти. Бир даары: “Ооба, ошол экен,” — дешсе, бир даары: “Жок ал эмес, жөн эле ошого окшош киши экен”, — дешти. Айыккан адамдын өзү болсо: “Ошол кайыр сурап отурган сокур менмин”, — деди. Ошондо андан:

— Анда кантип көзүң көрүп калды? — деп сурашты.

— Иса деген киши түкүрүктөн ылай жасап, көздөрүмө сүрттү, анан “Силоам көлмөсүнө барып, жуунуп кел” деди. Жуунуп, мына, көрүп келдим.

— А кана ошол киши?

— Билбейм.

Парызчылдардын айыккан адамды суракка алышы
(9:13-34)

Мурда сокур болгон бул кишини парызчылдарга алып келишти. Иса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн — ишемби күнү эле. Парызчылдар да анын кандайча көргөнүн сурашты.

— Ошол киши менин көздөрүмө ылай сүйкөдү, мен жууп келип, эми мына көрүп турам, — деп жооп берди ал. Ошондо парызчылдардын кээ бирөөлөрү: “Бул киши Кудайдан эмес, анткени ишемби күндүн эрежесин бузуп жатат”, — дешсе башкалары: “кантип күнөөкөр адам ушундай кереметтерди кыла алат?” — дешти. Ошентип, талаш чыкты.

Кайрадан сокурдан:

— Ошол киши тууралуу өзүң кандай ойдосуң? Ал сенин көзүңдү айыктырбадыбы? — деп сурашты.

— А киши пайгамбар, — деп жооп берди сокур.

Ошондо, яхудейлер ишенишпей мурда сокур болуп, азыр көзү көрүп калган кишинин ата-энесин чакыртышты. Анан алардан:

— Сокур төрөлдү деген балаңар ушулбу? А кандайча ал азыр көрүп калды? — деп сурашты.

— Бул биздин балабыз экенин, сокур төрөлгөнүн билебиз. А бирок азыр кандайча көрүп калганын, ким көзүн айыктырганын билбейбиз. Өзү жаш бала эмес ко, өзүнөн сураңыздар, өзү жөнүндө өзү айтып берсин!

Ата-энеси яхудей башчыларынан коркконунан ушундай дешти, анткени алар Исаны Машаяк катары тааныган адам синагога коомунан чыгарылсын деген чечим чыгарышкан. Ошондуктан анын ата энеси: “өзү жаш бала эмес ко, өзүнөн сураңыздар” дешти. Ошондо парызчылдар мурда сокур болгон кишини кайрадан чакырып алып:

— Кудай алдында ачык айт, биз жанагы кишинин күнөөкөр экенин билебиз, — дешти.

— Күнөөкөрбү, жокпу билбейм, билгеним — мен мурда сокур болчумун, азыр болсо көрүп турам.

— Айтчы, ал сага эмне кылды? Кантип көзүңдү айыктырды?

— Мен сиздерге жообумду айттым, а сиздер болсо укпай койдуңуздар, дагы эмнени уккуңуздар келип жатат? Же сиздер да анын шакирттери болгуңуздар келип жатабы?

— Анын шакирти сенсиң, а биз Мусанын шакирттерибиз. Кудай Муса менен сүйлөшкөнүн билебиз. А мунун кайдан экенин билбейбиз! — дешти алар зекире.

— Мына ушунуңуздар — анын кайдан экенин билбегениңиздер таң калыштуу экен. Ал болсо менин көздөрүмдү ачып берди. Биз Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпасын билебиз. Ким Кудайды урматтап, эркин аткарса, ал ошону угат. Кимдир бирөөнүн тубаса сокурдун көзүн ачкандыгын эч ким, эч качан уккан эмес. А киши Кудайдан келбесе эч нерсе колунан келмек эмес.

Ошондо алар:

— Эй, сен күнөөнүн натыйжасында төрөлгөнсүң, эми бизди окутмакчысыңбы? — дешти да, аны ибадатканадан кууп чыгышты.

Көкүрөгү сокурлар
(9:35-41)

Иса муну укканда ага жолугуп:

— Сен Кудай Уулуна ишенесиңби? — деди.

— Таксыр, ишенейин, бирок айтыңызчы ал ким?

— Аны сен азыр көрүп турасың, ал сени менен сүйлөшүп жатат. Ошондо айыккан адам:

— Ишенем, Теңир! — деп, Исага таазим кылды.

— Көрбөгөндөр көрүп, көргөндөр сокур болуп калсын деп соттоо үчүн мен бул дүйнөгө келдим, — деди Иса. Муну укканда анын жанында турган парызчылдардын бирөөсү:

— Эмне, биз да сокурбузбу? — дешти.

— Эгер сокур болсоңор, күнөөңөр мойнуңарда болмок эмес, бирок “көзүбүз ачык” деп кекирейгениңерден улам күнөөңөр мойнуңарда кала берет, — деди Иса аларга.

Чабан тууралуу ибарат
(10:1-5)

— Силерге бир чындыкты айтып коеюн: ким кой короого эшигинен кирбестен, башка жагынан ашып түшсө, ал ууру-кески. Эшик менен кирген болсо чабан. Күзөтчү ага эшикти ачып берет. Койлору да анын үнүн таанышат. Ал өзүнүн койлорун атынан атап чакырат да, сыртка алып чыгат. Алып чыгып, алдынан баштап басат, койлору болсо аны ээрчишет, анткени анын үнүн таанышат. Чоочунду ээрчишпей, качышат, анткени чоочун үндү таанышпайт.

Бейиштин эшиги тууралуу ибарат
(10:6-10)

Иса аларга ушул ибаратты айтып бергенде алар анын маанисине түшүнүшкөн жок. Ошондуктан Иса кайрадан мындай деди:

— Мен силерге чындыкты айтып жатам: мен койлорго эшикмин. Мага чейин келгендердин баары ууру-кескилер болушкан, бирок койлор аларды угушкан эмес. А мен - эшикмин. Ким мен аркылуу кирсе, анда ал куткарылат. Кирип-чыгып, жайыт табат. Ууру уурдоо, өлтүрүү жана кууратуу үчүн гана келет. А мен болсо өмүр берүү үчүн, болгондо да ашып- ташыган берекелүү өмүрдү берүү үчүн келдим.

Чабан жана ага жалданган койчулар
(10:11-18)

Мен — жакшы Чабанмын. Жакшы чабан өзүнүн койлору үчүн жанын берүүгө даяр, ал эми жалчы чыныгы койчу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал келе жаткан карышкырды көргөндө койлорду таштай качат. Карышкыр койлорду кырып, туш-тушка кубалайт, а жалчы болсо качып кетет, анткени ал жалчы, ошондуктан койлор үчүн ичи ачышпайт.

Мен — жакшы Чабанмын. Мен өзүмдүн койлорумду тааныйм. Койлорум да мени таанышат. Атам мени тааныгандай, мен да Атамды тааныйм жана койлорум үчүн жанымды берем. Менин дагы башка койлорум бар. Алар бул короодон эмес.

Ошондуктан аларды да алып келишим керек. Алар да менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо, бир Чабан болот.

Мен өз өмүрүмдү кайра кабыл алуу үчүн берем, ошондуктан Атам мени жакшы көрөт. Эч ким өмүрүмдү зордоп, тартып алып жаткан жери жок, мен аны өз ыктыярым менен берип жатам. Өз өмүрүмдү берип салууга да, кайрадан кабыл алууга да бийлигим бар. Бул Атамдын мага: “Сен ушундай кылышың керек!” деп айткан буйругу.

Исанын ким экендиги тууралуу талаш
(10:19-27)

Исанын бул сөздөрүнөн яхудейлердин арасында кайрадан талаш чыкты. Бир тобу: “Буга жин тийиптир, дабдырап атат. Эмне муну угуп турсыңар?” — десе дагы башкалары: “Бул сөздөр жиндинин сөздөрү эмес, жин сокурдун көзүн ача алмак беле?” — дешти.

Яхудейлердин ишенбестиги
(10:22-42
)

Кыш мезгили эле. Иерусалимде “Ибадаткананы Кудайга арноо” деп аталган майрам өтүп жаткан. Иса ибадаткананын “Сулаймандын короосу” деп аталган жеринде ары-бери басып жүрдү. Ошондо яхудейлер аны курчап алышып:

— Дагы канчага чейин башыбызды катырасың!? Машаяк болсоң ачык айт! — дешти. Иса аларга мындай деп жооп берди:

— Айткам, бирок силер ишенбей жатпайсыңарбы. Атамдын урматына жасап жаткан укмуштуу иштерим мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатат, бирок силер ишенбейсиңер, анткени силерге айтканымдай силер менин койлоруман эмессиңер. Менин койлорум үнүмдү таанышат. Мен да аларды тааныйм. Алар мени ээрчишет. Мен аларга түбөлүктүү өмүр берем. Алар эч качан куурашпайт. Аларды эч ким менин колуман уурдап кете албайт. Аларды мага берген Атам баарынан улуу. Эч ким Атамдын колунан аларды уурдап кете албайт. Атам экөөбүз бирбиз.

Ушул жерден яхудейлер аны ташбараңга алганга даярданышты. Ошондо Иса аларга:

— Мен силерге Атамдан көп жакшы иштерди көрсөттүм. Эми кайсынысы үчүн мени ташбараңга алгыңар келип жатат? — деди.

— Сени жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акаарат келтиргениң үчүн, адам болуп туруп өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн ташбараңга алалы деп атабыз!

— “Силерди мен кудайларсыңар дедим” деп өзүңөрдүн Мыйзамыңарда деле жазылып турбайбы? Демек, Мыйзамда Кудайдын Сөзү айтылгандарды “кудайлар” деп айтылса Ыйык Жазма бузулбайт экен да туурабы? Анда кантип Атам атайын тандап алып, бул дүйнөгө жиберген мен: “Мен — Кудайдын Уулумун”, десем силер: “Сен Кудайга акаарат айтып жатасың!” — дейсиңер?

Эгерде мен Атамдын иштерин аткарбай жатсам, анда мейли ишенбей эле койгула. Эгерде аткарып жатсам, анда менин өзүмө ишенбесеңер да Атамдын мени менен жана менин Атам менен бир экендигин түшүнүп, текшерип алуу үчүн жок дегенде менин кылган иштериме ишенишиңер керек.

Кайрадан Исаны кармоонун жолун издешти, бирок Иса аларды таштап, ары басып кетти. Мурда Яхья чөмүлдүрүп жүргөн жерге кайра келип, ошол жерде калып калды. Ага келген адамдардын аягы суюлбады. Алар:

— Яхья эч кандай деле укмуш иш жасабаса да бул киши тууралуу айткандарынын баары чын экен, — дешти. Көп адамдар ошол жерге келип, Исага ишеништи.

Элазардын кайра тирилиши
(11:1-45)

Бетания айылында жашаган бир Элазар деген киши катуу ооруп жатты. Мария менен анын сиңдиси Марипа да ошол айылда турушчу. Устатты май менен майлап, бутун чачы менен аарчыган аял Элазардын карындашы — ушул Мария эле.

“Устат, сиздин жакшы көргөн жакын адамыңыз ооруп, төшөккө жатып калды”, деп айттырып, эже-сиңди Исага кабар жиберишти. Иса муну укканда: “Бул ооруунун арты кайырлуу болот. Бул ооруу Кудайдын даңкы чыксын үчүн, Кудай Уулунун зоболосу көтөрүлүүсү үчүн берилиптир”, — деди. Иса Марипаны да, сиңдисин да, Элазарды да абдан жакшы көрчү. Ошондуктан Элазардын ооруп жатканын укканда, турган жеринде дагы эки күн калып калды.

— Жүргүлө, Яхудияга кайра баралы, — деди эки күн өткөндө шакирттерине.

— Устат, жакында эле яхудейлер сизди ташбараңга алмакчы болушпады беле? Кайра баралы дегениңиз кандай? — дешти шакирттери. Иса аларга:

— Күндүзү он эки саат бар эмеспи? Күндүз жүргөн мүдүрүлбөйт, анткени бул дүйнөнүн жарыгын көрүп турат, ал эми түндө жүргөн мүдүрүлөт, анткени түндө жарык жок, — деди да:

— Элазар досубуз уктап калыптыр. Мен аны ойготуу үчүн барганы жатам, — деди. Ошондо шакирттери:

— Теңир, эгер уктап калса, анда жакшы болуп кетет, — дешти.

Иса анын өлүмүн айтып жаткан, шакирттери болсо жөнөкөй уйку тууралуу айтып жаткан экен деп ойлошту. Ошондо Иса ачык айтты:

— Элазар каза болду. Эми, барганыңарда өз көзүңөр менен

көрүп, ишенип каласыңар деп, силер үчүн ал жакта болбогонума кубанып жатам. Жүргүлө баралы.

Ошондо Томас (Томастын дагы бир аты Эгиз) шакирттерге:

— Жүргүлө, биз да барып, аны менен бирге өлөлү! — деди.

Иса келип, Элазардын төрт күндөн бери көрдө жатканын билди. Бетания болсо Иерусалимден алыс эмес, андан он беш чакырымдай гана аралыкта жайгашкан айыл эле. Мария менен Марипага көптөгөн яхудейлер көңүл айтууга келишти. Марипа Исанын келе жатканын угуп, алдынан тосо чыкты. Мария болсо үйдө калды. Марипа Исага келип:

— Устат, бул жерде болсоңуз, агам өлмөк эмес, бирок азыр да Кудай суранганыңызды берерин билем, — деди. Иса:

— Агаң кайра тирилет, — деп жооп берди.

— Билем, акыр заманда, кыяматта кайра тирилээрин билем, — деди Марипа.

— Кыямат менен өмүр — менмин, мага ишенген адам, өлсө да кайра тирилет. Ал эми өмүр сүрүп, мага ишенимин арткан адам эч качан өлбөйт. Ушуга ишенесиңби?

— Ооба Устат, сиздин бул дүйнөгө келген Машаяк, Кудай Уулу экениңизге ишенем. Марипа ушундай деп, кайра артына барды да сиңдиси Марияны жашыруун чакырып алып: “Устат келиптир, сени чакырып жатат”, — деди. Мария бул сөздү угар замат шашылыш түрдө ордунан туруп, Исага жөнөдү. Иса кыштакка али кире элек эле. Ал Марипага жолуккан жерде турган. Марияга көңүл айтып үйдө отурган яхудейлер болсо, анын шашылыш чыгып кеткенин көрүп, аркасынан жөнөштү. Марипа көргө барып ыйлаганы кетти го деп ойлошкон эле. Мария болсо Исанын алдына келип, бутуна жыгылды:

— Устат, бул жерде болгонуңузда агам өлбөйт эле, — деди. Мариянын жана аны менен кошо келген яхудейлердин ыйлап жатканын көргөндө Исанын өзүнүн да каңырыгы түтөп кетти.

— Аны кай жерге койдуңар? — деди Иса. Тигилер:

— Жүрүңүз көрсөтөлү, — дешти. Иса жашып кетти. Ошондо яхудейлер:

— Карачы, Элазарды кандай жакшы көргөнүн! — дешти. Кээси:

— Сокурдун көзүн ачкан мунун колунан Элазарды да өлбөс кылып коюу келбейт беле? — дешти. Иса болсо кайрадан ичинен сыздап, көргө барды. Көр аскадан оюп жасалган үңкүрдө эле. Оозунда таш жаткан.

— Ташты алып салгыла! — деди Иса.

— Устат, денеси жыттанып кетти го, жатканына төрт күн болуп калды, — деди Марипа. Иса ага:

— Эгерде ишене турган болсоң Кудайдын улуулугун көрөсүң дебедим беле? — деди.

Ошентип, маркумдун көрүнүн оозундагы ташты алып коюшту. Иса көктү карап:

— Атаке, мени уккандыгың үчүн сага ыраазымын. Угарыңды мурда эле билгем, бирок муну мени сенин жибергениңе ишенип калсын деп, жанымда турган эл үчүн айттым, — деди да катуу үн менен:

— Элазар, тышка чык! — деп кыйкырды. Ошондо колу буту кепинге оролгон киши чыга келди. Башы да жоолук менен таңылуу эле. Марияга келген яхудейлердин көбү Исанын кылган ишин көрүп, ага ишенип калышты.

Диний кеңештин чечими
(11:46-57)

Кээ бир яхудейлер парызчылдарга барып, Исанын кылганын айтып беришти. Бул окуяны укканда яхудей муфтийлери менен парызчылдар жогорку кеңешти чогултуп:

— Эмне кылалы? Бу киши көп укмуштарды кылып жатат. Эгерде ушул бойдон тим койсок, элдин баары ага ооп кетет. Анан римдиктер келип, эл-жерибизди ээлеп алат, — дешти. Алардын арасында ошол жылга муфтий шайланган Каяпа дегени жогорку кеңешке кайрылып:

— Силер эч нерсени аңдабайсыңар, элдин баары кырылып калгандан көрө эл үчүн бир адамдын өлгөнү артык экенин ойлоп койсоңор боло! — деди. Имам муну өз оюнан чыгарган жок, бирок ошол жылга муфтий шайланган ал Исанын яхудей эли үчүн жана яхудейлер үчүн гана эмес туш-тушка тараган бардык Кудайдын балдарын бир бүтүн кылып жыйноо үчүн өлө турганына пайгамбарчылык кылып койгонун өзү да байкабай калды.

Ушул күндөн тартып, Исаны өлтүрүүнү чечишти. Ошондуктан Иса яхудейлердин арасында ачык жүрбөй, чөлгө жакын жерде жайгашкан Эфраим аттуу шаарга кетип, ошол жакта шакирттери менен калып калды.

Яхудейлердин Курбан айты жакындап калган. Өлкөнүн булуң-бурчтарынан көп адамдар майрам алдында, тазалануу расмисинен өтүү үчүн Иерусалимге келишти. Келип, Исаны издешти. Ибадатканада турушканда өз ара:

— Кандай ойдосуңар? Ал да майрамга келет болду бекен? — дешти. Имамдар менен парызчылдар болсо: “Кимде-ким анын турган жерин билип калса, кабарлап койсун!” деген чечимди жарыя кылышты.

Мариянын курмандыгы
(12:1-11)

Майрамга алты күн калганда Иса Бетанияга келди. Бетания Иса Элазарды тирилткен айыл эле. Ошол жерде Исага кечки тамак даярдашты. Марипа кызмат кылып, ал эми Элазар болсо көптөгөн адамдардын катарында Исанын жанында жамбаштап жатты. Мария бир кадак сумбулдан жасалган кымбат баалуу атыр менен Исанын буттарын майлап, чачы менен аарчыды.

Үйдүн ичи жыпар жытка толуп чыкты. Ошондо шакирттеринин бири, кийин чыккынчылык кыла турган Жүйүт:

— Бул майды үч жүз динарийге сатып туруп, жакырларга таратып берсе болбойт беле? — деди. Жүйүт муну жакырлар үчүн кам көргөндүгүнөн эмес, ууру болгондугунан айткан эле. Ал мойнуна баштык асынып алып, ага салган акчаларды көтөрүп жүрчү.

— Тим койгула, — деди Иса, — муну ал менин көргө коюла турган убагыма сактап келиптир. Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а мен дайыма эле силер менен жүрө бербейм.

Көптөгөн яхудейлер Исанын дайнын билип, Исаны гана эмес, Иса тирилткен Элазарды да көргөнү келишти. Имамдар болсо Элазарды да өлтүрөбүз деп чечишти, анткени анын айынан яхудейлердин көбү келип, Исага ишенип калып жатышты.

Исанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши
(12:12-19)

Кийинки күнү майрамга чогулган калың эл Исанын Иерусалимге келе жатканын угуп, пальма бутактарын колдоруна кармашып, астынан чыгышты.

— Эгебизге даңк! Эгебиздин урматына келе жаткан Исраилдин Падышасына алкыш! — деп чуулдашты.

— Иса бир такыйды таап, минип алган эле. Ыйык Жазмада да бул тууралуу: “Эй Иерусалим, коркпогун! Карачы, сенин Падышаң тай эшек минип келатат” деп жазылган. Шакирттери бул жазылганды башында түшүнгөн эмес. Иса кайра тирилип, көккө көтөрүлүп кеткенде гана бул сөздөрдүн Иса тууралуу жазылып, элдин ушундайча тосконун эстешти. Иса менен мурда болгон эл анын Элазарды көрдөн чакырып алганын жана аны өлгөндөрдөн кайра тирилткенин күбөлөндүрүштү. Ушул укмуштарды уккан эл Исанын алдынан тосуп чыкты. Парызчылдар болсо бири-бирине:

— Эй, карабайсыңарбы, эч нерсеге жетишпей калдыңар! Аны бүт дүйнө ээрчип кетти! — дешти.

Машаякка ишенген бейишке чыгат
(12:20-36)

Табынуу үчүн майрамга келгендердин арасында грек тилинде сүйлөгөн да бир нече адамдар бар эле. Алар Галилеянын Бетсаида деген шаарынан чыккан Филипке басып келишип43 :

— Мырза, биз Исаны көрөлү дедик эле, — дешти. Филип муну Идриске айтты. Анан экөө Исага жеткизишти. Иса аларга мындай деди:

— Адам Уулунун улуулукка бөлөнөөр маалы келди. Силерге чындыкты айтып жатам: буудайдын даны жерге түшүп, өлбөсө, анда жалгыз бойдон калат, а эгерде өлсө, анда мол түшүм берет.

Жансакты жанынан айрылат, ал эми бул дүйнөдө мен үчүн жанын аябаган аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат. Ким мага кызмат кылса, мени ээрчисин. Мен болгон жерде кызматчым да болот. Мага кызмат кылганды Атам кадырлап, барктап алат. Азыр абдан жүрөгүм сыгылып турат. Дагы эмне дейинө Ата, мени ушул сааттан кутказ дейинби! Жок, мен ушул саат үчүн атайын келгем. Ата, улуулугуңду көргөз.

Иса ушундай дегенде көктөн:

— “Улуулугумду көргөзгөм, дагы көргөзөм”, — деген үн чыкты. Муну угуп турган элдин кээ бири:

— Күн күркүрөдү, — дешсе, башкалары:

— Ага периште сүйлөдү, — дешти. Ошондо Иса мындай деди:

— Бул үн мен үчүн эмес, эл үчүн. Бул дүйнө эми соттолот. Эми бул дүйнөнүн Башчысы сыртка куулат, бирок жерден өйдө көтөрүлгөнүмдө баарын өзүмө тартам. (Иса өзүн кандай өлүм күтүп турганын ушундайча кыйытып айтты). Эл ага:

— Биз “Машаяк түбөлүк өмүр сүрөт” деп уккан элек. Анан кандайча сиз Адам Уулу өйдө көтөрүлүүгө тийиш дейсиз? Адам Уулу дегениңиз өзү ким?” — деди. Ошондо Иса аларга айтты:

— Нур дагы бир аз силер менен бирге болот. Караңгы басып калбоо үчүн, Нур барда жүрө тургула. Анткени караңгыда жүргөн адам кайда жүргөнүн билбейт. Нур жаныңарда турганда ага ишенгиле, ошондо Нурдун уулдарынан болосуңар.

Яхудейлердин ишенбестиги
(12:37-50)

Иса ушундай деди да, четтей басып, алардын арасынан кетип калды. Көз көрүнөө ушунча көп укмуштарды жасаса да алар Исага ишенишпеди.

“Теңир, айткандарыбызга ким ишенди,

Кудуретиңди ким түшүндү?”

— деп айткан Исаия пайгамбардын сөздөрү аткарылсын үчүн ушундай болду.

Алардын ишене албаганынын себеби: Исаия пайгамбар дагы бир жерде айткандай:

“Теңир бул элдин көзүн сокур кылды,

жүрөктөрүн таштай катырып салды!.

Көздөрү көрбөйт, акылы жетпейт,

айыктырайын десем, мага кайрылышпайт!".

Исаия ушундай деген, анткени ал анын улуулугун көрө билген, ошондуктан ал тууралуу ушинтип айткан. Канткен менен эл башчыларынан да көп адамдар Исага ишенип калышты, бирок синагога коомчулугунан чыгарылып калбоо үчүн ишенимдерин парызчылардын алдында ачык айта алышпады, анткени Кудай бере турган урматтан көрө адамдардын урматтоосун көбүрөөк ссүйүштү.

Иса үнүн бийик чыгарып, мындай деди:

— Мага ишенген мага гана эмес, мени Жибергенге да ишенет. Мени көргөн мени Жибергенди да көрүп турат. Мага ишенген ар бир адам караңгыда калбасын үчүн мен бул дүйнөгө Нур сыяктуу болуп келдим. Ким менин сөзүмдү угуп, ишенбесе, мен аны соттобойм, анткени мен бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келдим. Мени четке каккан жана менин сөздөрүмдү кабыл албаган адамдын соттоочусу өзүндө. Ал мен айткан сөз, ошол сөз аны акыркы күндө соттойт, анткени мен аны өз оюмдан чыгарып сүйлөгөн эмесмин, аны мени жиберген Атам сүйлөгөн. Ооба, эмне деп, эмнени сүйлөөнү Атам мага буйрук кылган. А мен Атамдын буйругу түбөлүк өмүргө алып барарын билем. Ошондуктан айткан сөздөрүмдүн баарын мага Атам айт деп берген.

Кызмат кылуунун үлгүсү
(13:1-17)

Курбан-айт жакындап келе жатты. Атасына аттанаар сааты келгенин билген Иса бул дүйнөдө жашап жаткан пенделерин чексиз сүйгөндүгүн көргөздү...

Иса шакирттери менен кечки тамакта олтурушкан. Буга чейин шайтан Жүйүттүн көңүлүн Исага чыккынчылык кылууга буруп койгон эле. Атасы баарын анын колуна бергенин жана өзүнүн Кудайдан келип, кайра ага кайтып бара жатканын билген Иса дасторкондон туруп, чапанын чечти да сүлгүнү белине байлады. Анан чылапчынга суу куюп, шакирттеринин буттарын жууп, белиндеги сүлгү менен сүртө баштады. Ысман Петростун тушуна келгенде ал:

— Койчу Устат, кантип мен сага бутумду жуугузайын? — деди.

— Эмне кылып жатканымдын маанисин сен азыр билбейсиң, бирок кийин түшүнөсүң, — деди Иса ага.

— Жок, мен эч качан бутумду сага жуудурбаймын!

— Эгер жуубасам, мени менен шыбагалаш боло албайсың.

Ошондо Ысман Петрос:

— О Устат, андай болсо бутумду эле эмес, колдорумду да, башымды да жуу, — деди. Иса:

— Жуулган кишинин буттарын гана жууш керек, анткени ал бүт бойдон таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес, — деди. Исанын мындай дегенинин себеби ким ага чыккынчылык кыларын билчү, ошондуктан “силер тазасыңар, бирок баарыңар эмес” деди. Шакирттеринин буттарын жууп бүтүп, чапанын кийди да кайрадан жамбаштап жатты.

— Силер үчүн эмне кылганымды түшүндүңөрбү? — деди. Мени “Устат”, “Мугалим” деп атайсыңар, мунуңар туура, анткени мен ошомун. Ошентип, эгер мен Мугалим жана Устат болуп туруп, буттарыңарды жуусам, анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Мен силерге кандай кылсам силер да бири- бириңерге ошондой кылып жүргүлө деп, үлгү көрсөттүм. Силерге чындыкты айтып жатам: кул өзүнүн ээсинен, элчи өзүн жибергенден өйдө эмес. Эгерде силер муну түшүнүп, турмушуңарда аткарсаңар, анда бактылуу болосуңар.

Чыккынчы
(13:18-30)

Мен баарыңар тууралуу айтып жаткан жокмун. Мен өзүм тандап алган адамдарымды билем. Бирок “өзүм менен бир нанды бөлүшүп, жанымда жүргөн адамым мени боорго тепти” деген Ыйык Жазмалардагы сөз орундалыш керек. Муну силерге айткандарым аткарылганда менин дал ошонун өзү экениме ишенип калсын деп, алдын ала айтып жатам.

Силерге чындыкты айтып жатам: ким мен жибергенди кабыл алса, ошонусу менен ал мени кабыл алат, ал эми ким мени кабыл алса, анда мени Жибергенди да кабыл алат, — деди. Ушуну айткан соң Исанын көңүлү чөгүп, ичинен кыйналып кетти. Анан шакирттерине:

— Силерге чын айтып жатам: араңардан бирөө мени сатып кетет, — деди. Шакирттери Исанын ким жөнүндө айтып жатканын жакшы түшүнүшпөй бири-бирин карашты. Бир шакирт Исанын катарында жамбаштап жаткан. Иса бул шакиртин өзгөчө жакшы көрөр эле. Ысман Петрос ошол шакиртке Иса кимди айтып жатканын сура деп ымдап, белги берди. Тиги шакирт Исага башын буруп:

— Устат, ким ал? — деп сурады. Иса:

Кимге бир сындырым нанды табакка малып сунсам, ал ошол, — деди да бир сындырым нанды табакка малып туруп, Жүйүткө сунду. Сунган нанды оозуна салары менен Жүйүттүн акыл-сезимин шайтан бийлеп алды. Ошондо Иса ага:

— Кыларыңды батыраак кыл! — деди. Ошерде жаткандардын эч кимиси Исанын эмне үчүн ушундай дегенинин маанисин түшүнүшпөдү. Жүйүт акча салчу баштык асынып жүргөн себебинен кээ бири “майрамга керек нерселерди сатып кел!” же “жакырларга бирдеме бер!” десе керек, деп ойлошту. Жүйүт нанды жээр замат сыртка чыгып кетти. Сыртта болсо көзгө сайса көрүнгүс, караңгы түн эле...

Жаңы осуят
(13:31-38)

Жүйүт чыгып кеткен соң Иса мындай деди:

— Эми, Адам Уулунун улуулугу ачылат, аны менен бирге Кудайдын да улуулугу көрүнөт. Эгерде Адам Уулу менен бирге Кудайдын улуулугу ачылса, анда Кудай да аны өзү менен бирге улуулукка бөлөйт. Бул жакын арада ишке ашат. Балдарым, мен эми силер менен аз гана убакыт бирге болом. Кийин мени издейсиңер. “Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар” деп яхудейлерге айткан сөзүмдү азыр силерге айтам. Мен силерге жаңы осуят калтырам: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди кандай сүйсөм, силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө! Менин шакирттерим экениңерди башкалар бири-бириңерди сүйгөндүгүңөрдөн билишет.

Ошондо Ысман Петрос:

— Устат, сен кайда кеткени жатасың? — деди. Иса ага:

— Мен кеткен жакка сен азыр бара албайсың, бирок кийинчерээк аркамдан келесиң, — деп жооп берди. Петрос:

— Устат, мен эмне үчүн азыр сенин аркаңдан бара албайм? Керек болсо сен дегенде жанымды курман кылам, — деди.

— Мен үчүн жаныңды курман кыласыңбы? — деди ага Иса, — сага чындыкты айтып коёюн: корооз чакырганча менден үч жолу баш тартып кетесиң.

Кудайга алып баруучу жол
(14:1-14)

Коркпогула, Кудайга ишенгиле; ошондой эле мага да ишенгиле. Атамдын үйүндө орун көп, андай болбосо силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдоо үчүн бара жатам. Даярдап бүткөндө кайра келем да мен жашаган жакта силер да жашооңор үчүн силерди алып кетем. Мен бара жаткан жайга алып бара турган жолду болсо силер билесиңер. Ошондо Томас:

— Устат, биз сиздин кайда жөнөп баратканыңызды билбейбиз, анан ал жакка алып бара турган жолду кайдан билмек элек? — деди.

— Мен жол, чындык жана өмүрмүн. Менден башка Атама алып барчу жол жок. Эгерде силер мени таанысаңар, Атамды таанымаксыңар. Эми Атамды тааныдыңар жана көрдүңөр.

— Устат, — деди Филип, — Атаңды бизге көргөз, ошондо бизге жетиштүү болот.

— Филип, мен ушунча убакыт силер менен бирге жүрөм, ошондо да сен мени билбейсиңби? Ким мени көрсө, Атамды көргөнү. “Атаңды бизге көргөз”, — дегениң кандай? Мен Атам менен жана Атам мени менен бир экенине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү өз оюмдан чыгарып айткан жокмун. Алар менин көкүрөгүмдө өз иштерин кылып жаткан Атамдыкы. Мен Атам менен, ал эми Атам болсо мени менен бир деген сөзүмө ишенгиле. Сөзүмө ишенбесеңер, жок дегенде кылган укмуштуу иштеримен улам ишенгиле. Силерге чындыкты айтып коеюн: мен кылган иштерди мага ишенген адам да кыла алат, ал тургай андан да зор иштерди кылат, анткени мен Атама бара жатам. Менин атыман Атамдан эмне сурасаңар да аткарам. Уулу аркылуу Кудай Атанын атагы чыксын. Менин атыман сурагыла, орундатам.

Колдоочу Рух
(14:15-31)

Мени сүйсөңөр, анда осуяттарымды аткаргыла! Мен Атамдан суранам, ошондо ал силер менен түбөлүккө бир боло турган башка жардамчыны жиберет. Ал жардамчы — акыйкаттын Руху. Бул дүйнө аны кабыл ала албайт, анткени аны көрбөйт да тааныбайт. Силер болсо тааныйсыңар, анткени ал силер менен жашап жатат жана кийин ичиңерде болот. Силерди жетимсиретпей, кайра келем. Бир аз убакыттан кийин бул дүйнө мени экинчи көрбөйт, а силер болсо көрөсүңөр, анткени мен тирүүмүн, силер да тирүү болосуңар. Ошол күнү менин Атам менен, өзүңөрдүн мени менен, ал эми менин болсо силер менен бир экенимди түшүнөсүңөр. Ким көкүрөгүндө менин осуяттарымды сактап, аларды аткарса, ал мени сүйөт. А мени сүйгөндү болсо, Атам да, мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем. Ошондо Яхуда Исадан:

— Устат, өзүңдү бул дүйнөгө эмес, бизге ачып бергиң келип жатканын кандай түшүнсө болот? — деп сурады. Иса ага мындай деп жооп берди:

— Ким мени сүйсө, сөзүмдү сактайт. Андайды Атам сүйөт. Анан биз келебиз да анын жандүйнөсүн турак жай кылып, жашайбыз. Ким мени сүйбөсө, сөзүмдү сактабайт. Силер угуп жаткан сөздөрдү өз оюмдан чыгарып алган жокмун, аларды мени жиберген Атам берген. Буларды азырынча араңарда турганымда айттым, бирок менин атыман жибере турган Атамдын Колдоочусу — Ыйык Рух силерди бардык нерселерге үйрөтөт жана мен айткандардын баарын эсиңерге салат. Мен силерге тынчтыкты калтырып кетип жатам. Өз тынчтыгымды берип жатам. Берип жаткан тынчтыгым, бул дүйнөнүкүндөй эмес: кабатыр болуп, корко бербегиле. “Мен силерден кетип жатам, кийин кайра келем” дегенимди уктуңар. Мени сүйгөн болсоңор “Атама бара жатам” дегениме кубанмаксыңар, анткени Атам менден улуу. Мына, айткандарым аткарылганда алардын чындык экенине ишенишиңер үчүн буларды алдын ала айтып отурам. Силер менен дагы бир аз гана сүйлөшөм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу жакындап калды. Анын менде эч нерсеси жок, бирок мен Атамды сүйөөрүмдү жана анын буйруктарын айтканын айткандай аткарып жатканымды бул дүйнө билүүгө тийиш. Кой, тургула, кеттик бул жактан.

Жүзүм сабагы
(15:1-17)

— Мен — жүзүм сабагымын, Атам болсо багбан. Ал мендеги ар бир жемиш бербеген бутакты кесип ыргытат, ал эми жемиш бергендерин болсо, дагы көбүоөөк берсин деп тазалайт. Силер мен айткан сөздөр аркылуу тазардыңар. Менде болгула, ошондо мен да силерде болом. Эгерде сабакта болбосо бутак өзүнөн өзү жемиш бербеген сыяктуу эле, силер да менде болбосоңор жемиш бере албайсыңар.

Мен жүзүм сабагы болсом, силер бутактарымсыңар. Эгер кимде ким менде, а мен анда болуп турсам, анда ал мол жемиш берет. Силер менсиз эч нерсе кыла албайсыңар. Кимде ким менде болуп турбаса, ал кыйылган бутак сымал тышка ыргытылат да, куурайт. Мындай бутактарды чогултуп туруп, отко салып, өрттөп жиберишет . Эгерде менде болуп турсаңар жана менин сөздөрүм силерде болуп турса, анда эмне кааласаңар да сурагыла, берилет.

Эгерде жемишти мол бере турган болсоңор, анда Атамдын даңкы чыгат жана менин чыныгы шакирттерим болосуңар.

Мен силерди мени Атам сүйгөндөй сүйөм. Дайыма менин сүйүүмдө болуп тургула. Мен Атамдын осуяттарын сактап, анын сүйүүсүндө болуп турганымдай, силер да менин осуяттарымды сактасаңар менин сүйүүмдө болосуңар. Мен бул сөздөрдү кубанычым силерде болсун үчүн жана ошол кубаныч силерде толук болсун деп айттым. Менин силерге калтыра турган осуятым бул: мен силерди кандай сүйсөм, силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө! Достору үчүн жанын курман кылууга барган адамдыкынан өткөн сүйүү болбойт. Силерге осуяттагандарымды аткара турган болсоңор, анда силер мага доссуңар. Силерди мындан ары кул дебейм, анткени кул мырзасынын иштерин билбейт. Мен силерди досторум деп атайм, анткени мен Атамдан эмне уксам, баарын силерге айтып бердим. Мени силер тандаган жоксуңар, тескерисинче, мен силерди тандап алдым да барып, жемиш берүүңөр үчүн жана ошол жемиштериңер дайыма бар болуп турушу үчүн дайындадым. Ошондо менин атыман эмне сурасаңар да силерге Атам берет. Менин осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө!

Бул күнөөкөр дүйнөнүн кастыгы
(15:18-27)

Эгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, анда анын силерден мурда мени жек көргөнүн эстегиле. Эгерде силер бул дүйнөдөн болгон болсоңор, ал силерди өз адамдары катарында сүймөк. Бирок силер бул дүйнөнүкү эмессиңер. Мен силерди бул дүйнөдөн өзүмө тандап, бөлүп алдым. Ошол себептен бул дүйнө силерди жек көрөт. “Кул ээсинен өйдө эмес” дегенимди эстегиле. Алар мени куугунтукташса, демек, силерди да куугунтукташат. Менин сөзүмдү сакташса, силердикин да сакташат. Ушулардын баарын силерге менин айыман кылышат, анткени алар мени Жибергенди таанышпайт. Эгерде мен бул дүйнөгө келип, күнөөлөрүн ашкере кылбаган болсом, алардын мойнунда күнөө болмок эмес, бирок эми күнөөлөрү үчүн шылтоолору жок. Ким мени жек көрсө, ал менин Атамды да жек көрөт. Мен алардын арасында эч бир пенденин колунан келбеген укмуштарды кылбаган болсом, анда күнөөлөрү болбос эле. Азыр алар кылган иштеримди көрүштү жана мени да, менин Атамды да жек көрүп калышты. Бул Мыйзам китебиндеги “алар мени бекер жек көрүштү” деген сөздүн аткарылышы. Мен силерге Атамдан келе турган Колдоочуну жиберем. Ал акыйкаттын Руху. Ал келип, мен жөнүндө күбөлүк берет. Силер да күбөлүк бересиңер, анткени башынан бери эле мени менен биргесиңер.

Бул дүйнөдө кыйынчылыктарга кезигесиңерык болот
(16:1-4)

Мунун баарын тандаган жолуңардан тайбооңор үчүн айттым. Анткени силерди ибадатканаларынан кууп чыгарышат. Ал турсун силерди өлтүргөн адам: “ушунум менен мен Кудайга кызмат кылып жатам”, — деп ойлогон кез келе жатат. Ооба, ушундай кылышат, анткени Атамды да, мени да алар таанып-билишпеди. Муну айтканымдын себеби — ошол кез келгенде, бул тууралуу алдын ала айтканымды эстешсин дегеним. Башында айткан эмесмин, анткени мен араңарда элем.

Ыйык Рух акыйкат жолуна жетелейт
(16:5-15)

Эми болсо мени Жибергенге кетип жатам, бирок бириңер да мурда: “Кайда кетип жатасың?” — деп сураган жоксуңар. Ошондуктан бул сөздөрүмдөн улам санаага батып, капаланып атасыңар. Мен чындыкты айтып жатам: барганым силерге жакшы болот, анткени эгер барбасам, анда силерге Колдоочу келбейт. А барсам, анда аны силерге жөнөтөм. Колдоочу келгенде күнөө, адилдик жана сот деген эмне экенин бул дүйнөгө ачып, көрсөтүп берет. Бул дүйнөнүн күнөөсү — мага ишенбегендигинде. Адилдик дегеним — силер мени мындан ары көрбөй турган жактагы Атама кетип жаткандыгым. А сот дегенимдин мааниси болсо бул дүйнөнүн башкаруучусунун соттолгону. Айтаар сөзүм али көп, бирок азырынча сөздөрүмдү көтөрө албайсыңар45. Бирок акыйкаттын Руху келгенде, ал силерге чындыктын бардык жолдорун ачып берет. Анткени ал өзүнөн сүйлөбөйт; укканын айтат жана келечекте эмне болоорун силерге ачып берет. Меникинен алат да силерге жеткизип, зоболомду көтөрөт. Атама таандык нерселердин баары меники, ошондуктан “меникинен алат да силерге жеткизет” дедим.

Мен кайра келем
(16:16-33)

Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр.46

Ошондо шакирттеринин арасынан бирөөлөр:

— “Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр” жана “анткени мен Атама баратам” дегенин кандайча түшүнүүгө болот? “Бир аздан кийин” дегени эмнеси? Сөздөрүнө түшүнгөн жокпуз! — дешти.

Иса алардын бул тууралуу сурагысы келгенин көрүп, мындай деди:

— “Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр” дегенимди бири-бириңерден сурап жатасыңарбы? Силерге чындыкты айтып жатам: силер боздоп ыйлайсыңар, ал эми бул дүйнө болсо сүйүнөт. Кайгырасыңар, бирок ошол кайгыңар кийин шаттыкка айланат. Аял ай-күнү жеткендиктен толгоо тартып кыйналат. Наристе төрөлгөн соң, балам бул дүйнөгө келди деп кубанып, тарткан азабын унутуп коёт. Ошонун сыңарындай силер да азырынча кайгырып жатасыңар, бирок мен жакында кайрадан силерди көрөм, ошондо кубанасыңар жана ошол кубанычыңарды эч ким силерден тартып ала албайт. Ал убакта менден эч нерсе тууралуу сурабайсыңар. Силерге чындыкты айтып жатам: менин атыман эмне сурасаңар да Атам берет. Менин атыман ушул убакытка чейин эч нерсе сураган жоксуңар. Сурагыла, ошондо сураганыңарды аласыңар жана кубанычыңар толук болот.

Ушул убакка чейин силерге ибараттыштырып сүйлөп келдим, бирок силерге мындай тилде сүйлөбөстөн, Атам жөнүндө ачык айта турган убак келатат. Ошол убакта менин атыман сурай турган болосуңар. Силер үчүн Атамдан мен суранам деп жаткан жокмун. Атам өзү силерди сүйөт, анткени силер мени сүйдүңөр жана Кудайдан келгендигиме ишендиңер. Мен Атамдан келип, бул дүйнөгө кирдим. Эми болсо бул дүйнөнү таштап, кайра Атама кетип бара жатам.

Ошондо шакирттери:

— Мына эми түз айтып жатасың, эч кандай ибарат айтканың жок. Биз эми эч кимден бир нерсе тууралуу сурап билүүгө муктаж эмес экениңди, ансыз деле бардыгын билериңди билдик, ошондуктан Кудайдан келгендигиңе ишенебиз, — дешти.

— Ишендиңерби! — деди Иса аларга, — мына, баарың туш-тушка качып, мени жалгыз калтырып кете турган саат келе жатат, ал тургай келип да калды, бирок мен жалгыз эмесмин, анткени менин жанымда Атам бар.

Менден көңүлдөрү жайлансын деп, силерге ушул сөздөрдү айттым. Силер бул дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайрат кылгыла! Себеп дегенде мен бул дүйнөнү жеңип чыктым.

Иса жанындагы шакирттери үчүн сыйынат
(17:1-19)

Иса сөзүн аяктап, көктү карап мындай сыйынды:

— Оо Ата, убакыт-саат жетти. Уулуң сенин улуулугуңду көргөзсүн үчүн, Уулуңдун улуулугун көргөз. Өзүң берген адамдардын баарына түбөлүк өмүр бере алсын деп, сен мага бардык адамзаттын үстүнөн бийлик бердиң. Түбөлүк өмүр — бул жалгыз чыныгы Кудай болгон сени жана сен жиберген Иса Машаякты таануу эмеспи. Ооба, мен жерде сенин улуулугуңду

ачып бердим. Аткар деп тапшырган ишиңди аткардым. Оо Ата, эми мени дүйнө жарала электен мурда эле сени менен бирге болгонумдагы улуукка кайрадан бөлө. Бул дүйнөдөн тандап, мага берген пенделериңе сенин атыңды тааныттым. Алар сеники болчу, сен болсо мага бердиң жана алар сенин сөзүңө баш ийишти. Алар мага берилгендин баары сенден экенин азыр түшүнүп калышты. Анткени сенин мага берген сөздөрүңдү айтып бергенимде алар кабыл алышты. Менин сенден келгендигиме чындап түшүнүштү жана мени сенин жибергендигиңе ишеништи. Азыр мен бул дүйнө үчүн эмес, ошолор үчүн сыйынып жатам. Мага берген адамдарың үчүн сыйынып жатам, анткени алар сага таандык. Меникинин баары сеники, а сеникинин баары меники эмеспи. Ошондуктан улуулук мага ошолор аркылуу келди. Эми мен бул дүйнөдөн кетип жатам, бирок алар калат. Мен сага бара жатам. Оо касеттиңден айланайын Атакебай, мага берген пенделериңди, алар да биз сыяктуу бир бүтүн болсун үчүн өз атыңдын урматына сактай көр. Мен бул дүйнөдө алар менен жүргөнүмдө сенин урматың үчүн аларды коргоп жүрдүм. Мага берген адамдарыңдын баарын аман сактадым. Куурагырдын баласынан башка куурабады. (Ылайым Ыйык Жазмалардын айткандары ордунан чыксын.) Ооба, азыр мен сага бара жатам. Мен берген кубаныч алардын жандүйнөсүн толук ээлесин деп, жогорудагы сөздөрдү бул дүйнөдө турганымда айттым. Анткени бул дүйнө аларды жек көрүп калды, себеп дегенде мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес. Сенден аларды “бул дүйнөдөн алып кет” деп эмес, “аларды шайтандан сактай көр” деп суранып отурам. Анткени мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес. Аларды акыйкаттуулуң менен өзгөчө бөлүп, ыйыкта. Акыйкат — бул сенин сөзүң. Сен мени бул дүйнөгө кандайча жиберген болсоң, мен да аларды ошондой жибердим. Алардын да чындап ыйыкталышы үчүн, мен өзүмдү алар үчүн ыйыктыкка багыштайм.

Иса келечектеги шакирттери үчүн сыйынат
(17:20-26)

Алар үчүн гана эмес, алар айткан кабар аркылуу мага ишенип кала тургандар үчүн да суранам: баары бир болушса экен. Оо Ата, сен мени менен жана мен сени менен бир болгонумдай, алар да биз менен бир болушса экен. Мени сен жибергендигиңе бул дүйнө ошол биримдикти көрүп ынанса экен. Алар да биз сыяктуу абдан ысык мамиледе болсун деп, сенин мага берген улуулугуңду мен аларга бердим. Мени жиберген сен экениңди жана сен аларды да мени сүйгөндөй сүйөөрүңдү бул дүйнө билсин үчүн алар жеткилең биримдикке жетишсе экен.

Ата, мага берген адамдарыңдын да мен болгон жерде мени менен бирге болушун каалайм. Сен мени сүйүп, дүйнө жарала электе эле мага берген улуулукту алар да көрсүн дейм.

Оо адил Ата, бул дүйнө сени тааныбады. Бирок мен тааныйм, мени сенин жибергениңе булардын да көздөрү жетти. Мен аларга сенин ким экениңди ачып бердим. Мага арнаган сүйүүң алар менен да бир болсун үчүн, ошондой эле өзүм да алар менен бирдикте болушум үчүн сенин ким экениңди дагы ача бермекчимин.

Исанын кармалышы
(18:1-11)

Иса сыйынып бүтүп, шакирттери менен Кедрон өзөнүнүн ары жак бетине өттү. Ал жакта бир бак бар эле. Шакирттери менен ошол бакка кирди. Ага чыккынчылык кыла турган Жүйүт да бул жерди билчү, анткени мында Иса шакирттери менен тез-тез жолугуп турчу. Жүйүт бир аскер тобун, яхудей муфтийлерин жана парызчылдар тобун ээрчитип келди. Алардын колдорунда шамана47 , чырак жана курал бар эле. Алдында эмне күтүп турганын билген Иса четке чыгып:

Силер кимди издеп жүрөсүңөр? — деди.

— Назареттик Исаны! — дешти алар.

— Ал менмин! (Алардын арасында чыккынчы Жүйүт да турган). Иса “ал менмин!”*48 дегенде, тигилер кетээнчиктеп, жерге жыгылышты. Иса кайрадан:

— Силер кимди издеп жүрөсүңөр? — деди.

— Назареттик Исаны, — деп кайталашты тигилер.

— “Ал менмин” деп айтпадымбы, мени издеп жүрсөңөр, анда бул адамдарды коё бергиле, кете беришсин. “Сен берген кишилердин баарын аман сактап калдым” деген сөзү орундалыш үчүн ал ушундай деди.

Ысман Петростун канжары бар эле. Ал канжарын кынынан сууруп алып, муфтийдин кулунун оң кулагын шылый чапты. (Кулдун аты Малик болчу.)

— Канжарыңды кынына сал! — деди Иса ага, — Атамдын мага берген азап чөйчөгүн ичпей коёюнбу?

Иса яхудей муфтийинин алдында
(18:12-27)

Ушундан соң жоокерлер, миңбашылар жана яхудей эл башчыларынын кызматчыларынан турган топ Исаны кармады да, колунан байлашты. Алгач аны Каяптын кайнатасы Аннаска алып барышты. Аннас ошол жылга муфтий шайланган эле. “Эл үчүн бир кишинин өлгөнү жакшы” деп яхудей башчыларына кеңеш берген киши ушул эле.

Ысман Петрос менен алиги шакирт Исанын аркасынан ээрчишти. Бул шакирт муфтийдин таанышы эле. Ошондуктан Иса менен кошо муфтийдин короосуна кирди. Петрос болсо тышта, дарбазанын артында калды. Имамга тааныш алиги шакирт кайра чыгып, эшик кайтарган аял менен сүйлөшүп, аны киргизип алды. Эшик кайтарган малай аял Петросту көрүп:

— Сиз да тиги кишинин шакирттеринен эмессизби? — деп сурады. Петрос:

— Жок! — деди.

Күн суук болуп калган эле. Кулдар менен кызматчылар от жагып, айланасында жылынып турушкан. Петрос да алардын арасында турду.

Имам Исаны суракка алып, андан шакирттери тууралуу, окутуусу тууралуу сурады.

— Мен эл алдында баарын ачык айттым, — деп жооп берди Иса ага, — ар дайым яхудейлер чогулуучу синагогалар менен ибадатканаларда таалим берип келдим, эч нерсе жашырын айтпадым. Эмне үчүн менден сурап жатасыз? Сөзүмдү уккандардан сураңыз! Эмне деп айткандарымды ошолор жакшы билишет.

— Иса ушундай дегенде жанында турган кызматчылардын бирөөсү аны жаака бир чапты:

— Эй, муфтийге да ушундай жооп бересиңби? Ошондо Иса ага:

— Эгер айтканым туура эмес болсо, аны көрсөтүп бер. Туура болсо, мени эмне үчүн уруп жатасың? — деди.

Ушундан соң Аннас аны байланган боюнча яхудей муфтийи Каяпка жөнөттү. Ысман Петрос болсо дале жылынып тура берди. Кимдир бирөө андан:

— Сен да тигинин шакирттеринен эмессиңби? — деп сурады. Петрос:

— Жок! — деп дагы танып кетти.

Имамдын кызматчыларынын бирөөсү — Петрос кулагын шылый чапкандын тууганы:

— Бакта тигинин жанынан сени көргөн эмес белем? — деди. Петрос дагы танып кетти. Ошол убакта корооз кыйкырды.

Иса рим сотунун алдында
(18:28-40)

Исаны Каяптын алдынан рим акиминин мекемесине алып келишти. Таң сүрүп калган. Яхудейлер Курбан айтты булганбай өткөрүү үчүн мекемеге киришпеди. Ошондуктан Пилат өзү аларга чыгып:

— Бу кишиге кандай айып коюп жатасыңар? — деди.

— Бузуку болбосо сизге алып келмек эмеспиз.

— Анда аны алгыла да өз мыйзамыңар боюнча соттой бергиле!

— Биздин адам өлтүрүүгө укугубуз жок.

Өзүнүн кандай өлүм менен өлөөрүн алдын ала айткан Исанын сөзү ушундайча аткарылды. Пилат мекемеге кайра

кирип кетти да Исаны чакыртты. Анан Исага:

— Сен яхудейлердин падышасысыңбы? — деди. Иса:

— Бул сиздин өз оюңузбу же сизге мен жөнүндө башкалар айтып бериштиби? — деди. Пилат:

— Мен эмне яхудей белем, өзүңдүн элиң менен муфтийлериң айтышты. Эмне кылдың эле?

— Менин падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгер бул дүйнөдөн болгондо, кызматчыларым яхудейлердин колуна түшүрбөө үчүн күрөшмөк, бирок эми менин падышалыгым башка жактан.

— Демек, сен падыша экенсиң да!

— Сиз мени падыша деп, туура айтып жатасыз. Чынында эле мен акыйкат тууралуу күбөлөндүрүү үчүн туулгам жана ошон үчүн бул дүйнөгө келгем. Акыйкат тарабындагы ар бир адам менин үнүмө кулак салат. Ошондо Пилат:

— Акыйкат деген өзү эмне? — деди да, кайрадан яхудейлердин алдына чыгып:

— Бул кишиден эч кандай айып таппай турам. Курман айтта силерге бирөөнү бошотуп бере турган адатым бар эмеспи. Силерге “яхудей падышасын” бошотуп берүүмдү каалайсыңарбы? — деди. Ошондо яхудейлер бир ооздон:

— Муну эмес, Бараббаны бошотуп бер! — деп чуулдап жиберишти.

Барабба болсо каракчы эле.

Исанын өлүм жазасына кесилиши
(19:1-16)

Ушундан кийин Пилат Исаны сабатты. Жоокерлер тикенектен таажы жасап, башына кийгизип, үстүнө кырмызы чапан жабышты. Анан: “Жашасын яхудей падышасы!” — дешип, жаагына чаап, кордошту. Пилат яхудейлерге кайрадан чыгып:

— Мына, эч кандай айып таппаганымды силерге билдирүү үчүн муну кайрадан алдыңарга алып чыктым, — деди. Ошондо тикенек таажы кийип, кырмызы чапан жамынган Иса тышка чыкты. Пилат аларга:

— Карагыла, бул адам! — деди.

Имамдар менен алардын кызматчылары Исаны көргөндө:

— Муну жаза жыгачка када! Айкаш жыгачка керип сал! — деп кыйкырышты. Пилат:

— Өзүңөр кадагыла, а мен болсом мындан эч кандай айып тапкан жокмун, — деди.

— Бизде Мыйзам бар. Ошол Мыйзам боюнча бул өлүм жазасына тартылыш керек, анткени бул өзүн Кудайдын Уулумун деп атады!

Бул сөздү укканда Пилат андан бетер коркуп кетти. Кайра мекемеге кирип, Исадан:

— Сен кайдан келдиң? — деп сурады. Иса ага жооп берген жок. Ошондо Пилат:

— Мага жооп бергиң келбей жатабы? Сени жаза жыгачка кадап коюга да, азат кылууга да бийлигим бар экенин билбейсиңби? — деди. Иса ага:

— Жогортон берилбесе, менин үстүмөн эч кандай бийлигиңиз болбойт эле, ошондуктан сизге караганда мени сиздин колуңузга тапшыргандын мойнунда күнөө көбүрөөк, — деп жооп кайтарды.

Ушундан тартып Пилат Исаны бошотуунун жолун издеди. Яхудейлер болсо:

— Эгер аны коё берсеңиз, анда сиз Кайсарга дос эмессиз. Өзүн падыша деп эсептеген ар ким Кайсарга каршы! — деп кыйкырышты.

Пилат муну укканда Исаны сыртка алып чыкты да, өзү Таш Секи деп аталган аянттагы сот орундугуна олтурду. (Бул жердин еврейче аталышы Габбата.)

Бул окуя Курман айттын алдындагы аптанын жума күнүнүн түшкө маал ченинде болду. Пилат яхудейлерге:

— Мына падышаңарды алып чыктым! — деди. Тигилер:

— Алып кет муну! Нары кыл! Керип сал! — чуу көтөрүштү.

— Эмне, падышаңыздарды керип салайынбы? — деди Пилат аларга. Ошондо яхудей муфтийлери:

— Кайсардан башка биздин падышабыз жок! — дешти.

Акыры Пилат Исаны жаза жыгачына кадоо үчүн алардын* колуна тапшырды.

Исанын жаза жыгачка кадалышы
(19:17-27)

Жоокерлер Исаны кармап, алып жөнөштү. Өз жаза жыгачын өзү көтөрүп, Иса Баш Сөөк деген дөбөгө чыкты. (Бул жердин еврейче аталышы Голгота). Ошол жерде Исаны айкаш жыгачка кадашты. Исадан башка дагы эки киши кадалды: бири Исанын оң жагына, экинчисин сол жагына. Пилат тактайга жазуу жазып, айкаш жыгачка кактырып койду. Тактайга “ИУДЕЙ ПАДЫШАСЫ — НАЗАРЕТТИК ИСА” деп жазылган болчу. Исаны айкаш жыгачка кадашкан жер шаардан алыс эмес болгондуктан жана бул жазуу еврей, латын жана грек тилдеринде жазылгандыктан көптөгөн яхудейлер окушту.

Яхудей муфтийлери Пилатка каршы болуп, мындай дешти:

— “Яхудей падышасы” деп эмес, “бул киши өзүн яхудей падышасы атаган” деп жазыңыз. Пилат аларга:

— Эми, жазарымды жазып койдум, — деп жооп берди.

Исаны кадашкан соң, желдеттер анын кийимдерин алышты да ар бирине бир бөлүгү тийгидей кылып, төрткө бөлүштү. Ошондой эле көйнөгүн да алышты. Көйнөгү болсо тигилүү эмес, баштан-аяк токулган көйнөк эле. Ошондуктан өз ара: “Муну жыртпайлы, андан көрө таш салышалы , таш кимге түшсө көйнөк ошонуку болсун” — дешти.

Ыйык Жазмалардагы алдын ала айтылган пайгамбардык сөз аткарылышы үчүн ушундай болду. Ыйык Жазмалардын биринде: “Кийимим бөлүп өз ара, таш салышып жатышат” деп жазылган. Желдеттер так ушундай кылышты.

 

Исанын айкаш жыгачынын алдында энеси, таежеси, Клопанын аялы Мария жана магдалалык Мария турган. Иса энесин жана анын жанындагы өзгөчө жакшы көргөн шакиртинин турганын көрүп энесине:

— Аял, бул сенин балаң болсун! — деди. Анан шакиртине:

— Бул сенин энең болсун! — деди. Ошол сааттан баштап, алиги шакирт Исанын энесин өз үйүнө киргизип алды.

Исанын өлүмү
(19:28-38)

Ушундан соң, Ыйык Жазмалардагы пайгамбарчылыктар-дын ордуна келиши үчүн бардыгы толук аткарылгандыгын билген Иса:

— Суусадым, — деди.

Ошол жерде шарап уксусу толтурулган идиш турган. Желдеттер соргучту ошол уксуска малып, шыргыйга илип, Исанын оозуна такашты. Иса аны ичип:

— Бүттү! — деди да башы шылк этип, жан таслим этти. Бирок ал күн майрамга даярдануучу күн болгондуктан, эртеси боло турган өзгөчө ишембиге денелерди айкаш жыгачтарга илинген бойдон калтырбоо үчүн яхудейлер Пилаттан алардын шыйрактарын сындыра чаап, жерге түшүрүүнү суранышты. Ошондуктан желдеттер басып барып, биринчи, анан экинчи кишинин шыйрактарын сындыра чабышты. Исага жетишкенде, анын өлүп калганын көрүп, сындырышпады. Бир желдет Исанын капталына найзасын малып алды эле ошол замат кан менен суу агып чыкты.

Муну өз көзү менен көргөн киши ушул китепте силерге күбөлүк берди. Анын күбөлүгү чындык. Силер да ишенип калууңар үчүн ал өзүнүн чындыкты айтып жатканын билет. Ыйык Жазмалардагы, “анын сөөгү сынбасын!” деген сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошондой эле Ыйык Жазманын дагы бир жеринде “өздөрү көзөп салганга, көздөрүн кадашат” деген бар.

[Text is missing: 19:38 through 20:18]

Исанын шакирттерге көрүнүшү
(20:19-23)

Ошол жекшембинин кечинде, шакирттер яхудейлерден коркуп, үйдүн эшиктерин жаап алып, чогуу олтурушкан. Аңгыча Иса кирип келип, ортого турду да:

— Салам алейкум! — деди. Анан мык кагылган колдорун жана капталын көрсөттү. Устатын көргөндө, шакирттери абдан сүйүнүп кетишти. Иса аларга экинчи ирет:

— Салам алейкум! Атам мени жибергендей, мен да силерди бул дүйнөгө жиберем! — деди. Ушуну айтып, алардын үстүнө демин үйлөп:

— Ыйык Рухту кабыл алгыла! Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, алар кечирилет, кечирбесеңер алар кечирилбейт! — деди.

Исанын Томаска көрүнүшү
(20:24-31)

Он эки шакирттин Эгиз атка конгон Томас дегени Иса келгенде шакирттердин арасында жок эле. Башка шакирттер ага:

— Биз Устатты көрдүк! — дешти. Ал:

— Мен анын колдорундагы мыктардан калган жарааттарды көрбөсөм, алардын ордуна бармагымды салбасам, капталына колумду тийгизбесем, ишенбейм, — деди.

Ушундан сегиз күн өткөндө шакирттер кайрадан үйдө чогулуп олтурушкан. Ал жерде Томас да бар эле. Эшиктер илинүү болчу. Аңгыча Иса кирип келип, ортого турду да:

— Салам алейкум! — деди. Анан Томага кайрылып:

— Келе бармагыңды, колдорумдун тешигине сал, келе колуңду, капталымды кармап көр, анан ишенбес болбой, ишенүүчү бол! — деди. Ошондо Томас:

— Устатым менин, Кудайым менин! — деди. Иса:

— Сен мени көрүп ишендиң, бирок көрбөй ишенгендер бактылуу, — деди.

Иса шакирттеринин көзүнчө бул китепте жазылбаган дагы башка көптөгөн укмуштарды жасады. Бул жазылгандар болсо силер да Исанын Машаяк жана Кудай Уулу экенине ишенип, ошол ишенимиңер аркылуу анын урматына түбөлүк өмүргө ээ болууңар үчүн жазылды.

Иса шакирттерине үчүнчү ирет көрүнөт
(21:1-14)

Ушундан кийин Иса шакирттерине Тиберия көлүнүн жээгинен дагы көрүндү. Бул мындайча болду:

Ысман Петрос, Эгиз аталган Томас, Галилеянын Канасынан чыккан Натанаил, Зебедейдин балдары жана Исанын дагы эки шакирти чогулушуп, сүйлөшүп олтурушкан. Аңгыча Петрос:

— Кой, мен балык кармаганы кеттим, — деп ордунан туруп жөнөп калды.

— Биз да кеттик, — деп, калгандары да аны ээрчишти. Сыртка чыгып, кайыкка түшүштү. Ал түнү эч нерсе кармай алышпады. Таң сүргөндө Иса жээкте турган, бирок шакирттери аны таанышпады. Иса деңизде тор салып жатышкан шакирттерге:

— Эй, достор, жегенге бирдемеңер бар болду бекен? — деп кыйкырды. Шакирттер:

— Жок, — дешти.

— Торду кайыктын оң капталына салгыла, ошондо кармайсыңар, — деди Иса. Алар Исанын айтканындай салышып, балыктын көптүгүнөн торду тарта албай калышты. Ошондо Исанын өзгөчө сүйгөн шакирти Петроско:

— Бул биздин Устат! — деди. Ысман Петрос “Бул биздин Устат!” деген сөздү укканда кийимин белине байлай калып, деңизге секирди. (Анткени ал чечинип алган болчу) Калган шакирттер болсо анын артынан балыкка толгон торду сүйрөп, кайык менен сүзүп келишти. Алар жээктен алыс эмес, жүз метрдей аралыкта жүрүшкөн. Жээкке чыгышканда жагылган отту, отто асылуу турган балыкты жана нанды көрүштү.

Иса аларга:

— Кармаган балыгыңарды алып келгиле! — деди.

Ысман Петрос барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээке сүйрөп чыкты. Тордо жүз элүү үч балык бар экен. Ушунча көп балык болсо да тор айрылбаптыр.

— Келгиле, тамактангыла! — деди Иса аларга. Шакирттердин эч кимиси андан: “сен кимсиң?”, деп суроого батынышпады, анткени алар бул кишинин өздөрүнүн Устаты экенин түшүнүштү.

Иса келип, нанды алды да аларга берди. Ошондой эле балыктан да берди.

Бул Исанын өзүнүн шакирттерине кайра тирилгенден кийинки үчүнчү жолку көрүнүүсү эле.

Исанын Петроско берген тапшырмасы
(21:15-24)

Тамактанып жатышканда Иса Ысман Петростон:

— Жахан уулу Петрос, чындап эле сен мени буларга караганда артыгыраак жакшы көрөсүңбү? — деп сурады. Петрос:

— Ооба Устат, сүйөөрүмдү сен билесиң, — деп жооп берди. Иса ага:

— Козуларымды багып бер! — деди. Бир аздан соң дагы:

— Жахан уулу Ысман, сен мени чындап жакшы көрөсүңбү? — деди.

Петрос:

— Ооба Устат, сүйөөрүмдү сен билесиң, — деп жооп берди. Иса ага:

— Койлорумду карап жүр! — деди. Иса ага үчүнчү ирет:

— Жахандын уулу Ысман, сен мени сүйөсүңбү? — деди. Исанын үчүнчү жолу андан: “мени жакшы көрөсүңбү?” деп сураганына Петрос таарынып:

— Устат, сен баарын билесиң! Мен сени сүйөөрүмдү да билесиң! — деди.

— Койлорумду бак! — деди ага Иса, — сага мен бир чындыкты айтып коеюн: жаш кезиңде белиңди бууп алып, өзүң каалаган жакка барчусуң. Карыганда болсо колуңду сунуп бересиң, башка бирөө сени белиңден байлайт да каалабаган жагыңа алып барат.

Иса бул сөзүн Петрос кандай өлүмгө дуушар болуп, Кудайдын даңкын чыгарарын кыйытып айтты. Анан:

— Менин аркамдан ээрчи! — деди.

Петрос артын кылчайып карап, Исанын өзгөчө сүйгөн, кечки тамакта ага башын буруп: “Устат, сага чыккынчылык кыла турган ким?” — деп сураган шакирттин келе жатканын көрдү. Көрөрү менен Исадан:

— Устат, а булчу? — деп сурады.

— Мен келгиче анын аман-эсен болушун кааласам да сенин аны менен ишиң канча? Сен менин артымдан ээрчишиң керек! — деди.

Ушундан кийин боордоштордун арасында алиги шакирт өлбөйт экен деген сөз тарап кетти. Бирок Иса Петроско “өлбөйт” деп эмес, “мен келгиче анын аман-эсен болушун кааласам да сенин аны менен ишиң канча?” деген болчу. Мына ошол шакирт күбөлүккө өтүп ушул китепти жазды. Биз анын күбөлүгүнүн чын экенин билебиз.

Соңку сөз
(21:25)

Иса дагы башка көптөгөн иштерди жасады. Эгер алардын баарын толук жазып чыга турган болсо, анда, менимче, жазылган китептерди бул дүйнөнүн өзү да батыра албай калмак.